Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз / Котормолор
© Талгат Кеңесбаев. Бардык укуктар корголгон
© Которгон Айдарбек Сарманбетов, 2016. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2016-жылдын 12-декабры

Талгат КЕҢЕСБАЕВ

Караңгы түндүн жылдызы

Повесть

Казак тилинен которгон Айдарбек Сарманбетов.

Бул повестте Казак элинин адилетсиздикке, заман капшабына каршы чыккан Зука баатырдын бир өмүр мерчеми баяндалат. Казак тилинен которгон Айдарбек Сарманбетов.

 

«Ноктого башыңды салсаң,
кутула албайсың...»

Шәкәрім

 

...Алигинде, найзадай учтуу ташка ийини менен жөлөнүп, күн эңкейген сайын турпаты чоктой кызарган бир алп, бийик карагайлардын арасынан Зуканын айылына найзадай кадала карап кыйлага турду. Керемет көрүнүш эле. Баарын кырдан чыга келген ай шооласы бузду. Ак менен кызыл түс жеңише албай саамга кылк-кылк этип бир азга тунжурай түштү. Жел да жүрбөдү. Чөптөрдүн башы да козголбоду. Бирок, алыскы аска үстүнөн тутам-тутамдап куюлган ак чубак тегеректи биротоло бийлеп баратты.   

Ай жарыктык тууптур. Шаңкайып аппак. Ак шоола жылжый-жылжый айыл кашындагы өзөндүн үстүнөн, ар бир түндүктүн төбөсүнөн саамалдай агылып барат. Үйдүн ичиндегилер алдакачан уйкуга кетишсе да анын кирпиги айкашпай койгон. Өкүнүп, “аттиң, ээр токумду жазданып таалага неге жатпадым экен” деп өзүн жемелеп да алды.

Асмандан ак шоола төгүлүө берди. Алты канат бозүйдүн ичиндеги сандык, буюмдар күмүш жалатып койгонсуп жылт-жылт этет.

Зуке уктай албай нары-бери оонап жатып, акыры ордунан турду да ыйыгына бешмантын иле салып сыртка чыга бергенде кичи уулунун “аба... ата, тайыма мингизчи...” деп уйкусураганы угулду. “Ой, кулунум-ай, айланайын,  сен да кези келгенде ат жалын тартып мингенге жараарсың!” деп, ичтен тап боло сыртка чыкты.

Кудайдын кара асманында самсыган жылдыз толо экен. Кудум күмүш такаларды атайылап чегелеп койгон сымал. Жалт-жулт эткендерин карачы! Толгон Ай ана-мына жарылып кетчүдөй чатырайт. Айлана кулак кескендей тыптынч, мемирейт.

Жел желп этти, алдынан ала дөбөтү чыкты. Куйругун булактатып, жанына келди да соксоюп жерге олтура кетти. “Кансонарды сагынып, куса болуп жүрөсүң го ээ”,— деп анын башынан сылады эле, шыйпаңдап алдынан кетпей койду. “Ай жаныбарым ай, ач бөрүлөр сенин энең менен бир туугандарыңды талап өлтүргөндө кан аралашкан эмчектин сүтүн ээмп жаттың эле. Көзүң да ачыла элек болчу. Солташым бээнин сүтү менен асырап алды. Эки кар басканда Алтайдын кызыл түлкүсүнүн баарын түгөл кырып салдың”.

Ала дөбөтү куйругун булактатып жолун торой берди. “Көлгө барбачы, үйгө кайтчы” деген сымал, үстүнөн аттап кетсе багелегинен тарта тиштеп, кыңшылап жиберди. “Муну кечегилер окутуп койгонбу?” деген ой келди. Кечээ калың туман сээлдей баштаганда айылга кербен келген.

— Мынабу Дихуадан чыгып, Жеменейге бара жаткан элек,— деген уйгур соодагер,— Жолдон саал чыгып кетиппиз, кудайы конокпуз. Анын үстүнө төөлөрүбүз да ташыркап кетишти,— деп теңделген жүктөрүн чечип, айылга арып келишкен болчу.

...Кербенчилер шайыр жигиттер экен. Кудум алты бакан жасагансып, эки ортолоруна аркан керип жиберишти. Анан үстүндө жылаң аяк жүгүрүп, ооздору менен чок чайнап, от бүрккөндөрүнө айылдын балдары, кемпир-чалдары таң калышканын айтпа! Бир чокчо сакал шибе жигити иттер менен адамча сүйлөшүп, не бир ажаан дөбөттөрдү кудум эрке баладай жоошутуп коючу сыйкырын көрсөткөндө уулу Солтан-Шарип: “Ата, мына булар тегин адамдар эмес, чарчоону да билишпейт экен” деген эле. Анын бул сөзүн Зука укмаксанга салып жоопсуз калтырган. Анын үстүнө быйыл элдин куту качып, кардуу кыштан жүдөп чыгышкан эле. Алаксыгандары жакшы.

Кыштын каары катуу болду. Тебин болбой, жылкыны сай-кырлардын карын тептирип, үйүрлөп бөлүп, ийирип багып, айтору, күндүн көзү жылысымак жылт эткенге дейре колдогу малды тоо-таштын түбүндөгү чөбүн жыгач күрөк менен күрөп, күчтөнүп кетпесе де күүсүнөн тайдырбай кыш кырсыгынан эптеп аман-эсен алып чыгышкан.

...Зука жай басып көлдүн жээгине келди. Быйыл кар суусу мол болгондуктан жээги кеңейип, бөйрөгү чыгып калган экен. Жоокерчилик машыгуудан кийин жигиттери менен буякка келип, сууга түшкөндү жакшы көрчү. Суунун жумшак шыбырт-шыбырт этип, адамды жан эргите ар тараптан тынбай сылап, кубаттандырган касиети барлыгын ал дээринен сезчү. Энеден туулгандай дырдай жылаңач чечинди да сууга бой урду. Кулачтап жөнөдү.  Сууга чумуп чыкса жээкте калган ала дөбөтү жан-алы калбай үрөт десең...

“Буга эмне болгон?” Ошондо гана байкап калды, караңдаган төрт адам төрт бурчта турушкан экен. “Булар кимдер?” деп ойлогончо болгон жок, удаама-удаа чалма ыргытып жиберишти. Бирөө оң билегине илине түшсө, бири мойнуна оролду. Жээктегилер арканды катуу булка тартышкандан Зука мууна түшүп, дем ала албай калды. Чымыркана бар күчүн жыйнап арканды өзүнө катуу тартып жиберди эле, тигилердин бирөө сууга күп эте кулап түштү. “Ух!” деп саал дем алгычакты, ала дөбөтү каңшылай үрүп жиберди.

Солтан-Шариптин кулагына үңкүрдүн түбүнөн чыккандай үн угулду. Селт эте ойгонду да ордунан атып туруп, эчтеме түшүнө албай талаага чыкты. Ай сүттөй таза экен. Жан-жагына карады. Казанбай агасы дамбалчан көл тарапка жүгүрүп бараткан экен.

Зука чабалактап, жан аргасын кылып жатты. Түнкү каракчылар арканды жан-жакка тартып, амалын курутуп барат.

Ала дөбөтү чабалактай үрүп жүрөт. Бир балээ болгонун Солтан-Шарип сезе койду. Жаны ачына айкырып жиберди:

— Төлегетей ага! Атам... — колу-буту калтырап, үнү буулуп кетти.

— Ой, эмне болду?

Солтан жалт караса Төлегетай агасы жүгүрүп келаткан экен. Ачык айдын жарыгы көл жээгиндеги кармашты күндүзгүдөй көрсөтүп турду. Адегенде эле Казанбай маңдайлаш бирөөнү тик көтөрүп алды да жерге ыңк эткизе алып урду. Бир жери үзүлүп кеттиби , анысынын онтоосу катуу чыкты. Казанбайдын артынан бычак урганы калган бирөөнү ала канчык секирип барып билегинен капшыра тиштеп, коё бербей сүйрөлдү. Тиги кутулмак болуп тегерене берди эле, ит да аны менен кошо чимирилди. Ошол кезде жүгүрүп жете келген Төлегетай эпкини менен секирип келип эки буттай  көөдөнгө тепкенде, Зукага чалма ыргыткан дөөдөй неме чалкасынан ыргыды. Алда кайдан чыга калган кабелтең жигит жерден жылкынын башындай келген ташты ала коюп Казанбайды урганы жатканда Солтан-Шарип атыла келип анын аркасына жабыша калды да, башын нары-бери бурап жиберди. Ошол кезде Зука жээкке чыга келип, моюнундагы арканды шыпыра ыргытып жиберди да энтиге дем алып, тизелей түштү.

— Эй, тирүүсүңбү?— деди Казанбай ага.

Зука сүйлөй албай, күңкүлдөгөн болду.

— Иттин гана баласы, сениби!— деген Төлегетай Зуканын алдындагы арканды ала коюп тигинде Солтан мойнун бурап жыккан немени бурдай байлап жиберди.

Ай саамга токумдай кара булуттун арасына кирип-чыгып, кайтадан айнектей жалтырады.

— Ой, Зука, амансыңбы? Эмне болду? Булар кимдер?— деген Төлегетайдын суроосуна тизесинен келген сууда олтурган баатыр араң дегенде:

— Булар төртөө,— дегенге жарады энтигип.

— Мында бирөө, тигинде экинчиси,— деди Казанбай.

— Калган экөө кайда?— деген Төлегетай жан-жагына элеңдей карап эч кимди көрө албады. Камыштын башы да козголбойт. Солтан-Шарип атасынын кийимдерин алып барып кийиндирип кирди.

— Айыллды ойготуп албайлык,— деди Зука акырын гана.

— Бул экөөнү байлап таштадык. Ой, мына булар кербенчилер го?!— деп, таң калды Казанбай.

 — Кап, аттигиниң ай-йе, Солташ баламды укканда мындай болбойт эле. Кап, аттигиниң ай...

— Эмне болду?

— Эмне болуп кетти?— дешип айыл тараптан эки-үч адам шашып келатты, Зуке уулуна:

— Тынч эле, балдар ойноп жүрүшүптүр деп тигилерди кайарып жиберчи,— деп шыбырады.

— Ойноп... Ойноп жүргөн балдар экенбиз да?— деп жерге былч эте түкүрдү Казанбай,— Солташ, сен ушул жерде кал, мен тигилерди кайтарып жиберейин.

Солтан-Шарип атасын кийиндирип жатып, айдын жарыгында байкап калды, атасынын аркан кыйган күрөө тамыры барсайып чыга түшүптүр.

Солтан-Шарип атасын кийиндирип бүткөндө Казанбайдын азилдеген доошу чыкты.

— Эмне болду силерге? Түн ортосунда бөрүнүн көтүндөй чуулдап? Баргыла айылга. Зуке экөөбүз күрөшүп, аны жыгып салдым. “Кардын башын кар алар, кандын башын кан алар”,— деп, кара күчкө күлгөн болду.

 — Ой, тобо, карыганда силерге эмне болгон? Түн жарымында алышып-жулушуп? Чочуп кетпедикпи,— десе бирөө, экинчи, үнү жоону:

— Казан ага, сизди караңгы түндө байкабай камчы менен бир тартып жибере жаздадым го,— деди кыткылыктай күлүп.

— Бар, жаткыла! Жыгылган күрөшкө тойбойт дегендей, теңтушум менен  азыр дагы бир алышып алайын.

— Түү, буларга айла жок экен го!— жоон үндүү добуш алыстай берди.

Тегеректи тинтип чыккан Төлегетай далдактай жетип келип:

— Тиги албарстылар жинби, шайтанбы дайыны жок,— деди,-  Көрүнчүлөр болсо керек. Азыр айылда жаткан жеринде төөдөй бакыртып сабайын,— деди ызырынып.

— Кой, Төлөш, түн ичинде элди дүрбөтпөйлүк. Таң атар, мынабу экөөнү байлап, ошол жакка алпаргыла. Кылчылбыр салгыла. Алардын ким экенин тактагыла,— деди Зука.

Казанбай жээктеги төө жалбырактан жулуп алып, кыңкыстаган неменин оозуна сугунтту. Экинчисин кулак түпкө бир уруп эстен тандырды.

— Эми Төлегетай, мынабу экөөнү сага тапшырдым. Биз тиги көрүнчүлөргө барып атасын тааныталык,— деди Казанбай.

Солтан-Шарип:

— Мен да барамын,— деди эле,

— Сен үйгө бар,— деди акырын гана ага Зука,— Апаң кабатыр тарып калат.

Солтан-Шерип үн-сөзсүз үйүн көздөй кетти. Эки ийини шөлбүрөп, көңүлү чөгүңкү илкип барат. Ал түндү куралчан үчөө айылдын сыртынан акмалап таң атырышты...

— Кербен козголбоптур, бирок ал иттердин бир да бири жок, жүктөрү очойуп, үйүлүп жатат. Кыбыраган бирөө да жок, баары качып кетиптир,— деп күйүндү Казанбай.

Аялдар жок жоктоп чогула баштаганда Төлегетай Заукага:

— Ыя, бир боорум, түндө сен набыт кетсең биз кантмекпиз?— деди туугандык чын пейилден.

 — Киши өлүм туурасында оозанбоо керек. Аны бир Алла гана билет. Баарыбыз Алланын колундабыз. Кийинки урпактарыбыз биздин артыбыздан куран окуп, атыбызды эскерип, айтып жүрсө биздин дурус өмүр сүргөнүбүз. Өлсөм кара жердин кучагына кетмекмин. Бир нерсеге көзүм жетти. Солташымдын артымдан куран окууруна ишенемин. Адам баласынын көзү тирүүсүндө бул да чоң дем-кубат.

Казанбай ушунда ичинен тап боло түштү. Кечээ Зука үйүндө жай отурган жеринде ага өзү барып “кербенчилердин оюн-зоогун барып көрөлүк” деп азгырганы эсине түшө калган болчу. Зука ошондо саал кыйылып,  тарткынчактаганда көгөрүп туруп албады беле, досу айласыз макул болгон. Эми анысына Казанбай чындап өкүндү. Анткени алар кербенчилерге бара жатышканда:

— Ассалому алейкум, аба!— деп алдыларынан чыккан Солтан-Шарип кош колдой, жылуу жүз менен саламдашкан.

— Валейкум ассалам!— деп кучактаган Казанбай анын клбаат ийининен таптап-таптап койгон,— Зука, карачы мынабул баатырга, айланып кетейин балам, ыраазымын сага. Өткөндөгү көкбөрүдө жарадың, кырааным!

— Солташ, балам, бул кербенчилердин оюну кандай болду экен?— деп Зука асмандата керилган аркан менен нары-бери жүгүрүп жүргөн өзбек жигитине күлө карап,— Адамбы, же шайтанбы мына бул? Астапыралла, көрбөгөндү көрөт экенбиз го,— деген таңданып.

— Ата, ушуларга ичим жылыбай турат,— деген Солтан-Шариптин кооптоно айткан сөзүн укпаган сымал Казанбай айланасын карап, бурулуп кеткен.

 Айылдын кабанаак иттерин көз ачып-жумгуча баш ийдирип, нары-бери   секиртип жүргөн уйгур жигитине таңыркай карады. Ошондо атасынын кабагынын салыңкы экенин байкай койгон Солтан-Шарип сол жакка бурулуп, жанынан узай берди.

— Өзүң айтмакчы, көрбөгөндү көрөт экенсиң го, я алла, иттин тилин билген адам да болот экен го!

— Кербенчилер туманда адашып, айылдын ирегесине келгенинен улам тамак ичип, тыңып алышсын деп макул болгом,— деди Зука.

— Уктум,— деди Казанбай,— Жана Солташ бирдеме дегендей болдубу, же мен калпыс угуп алдымбы?

 — Эк, койчу ошону,— деди Зука,— Ата, ушу Жүкиянын кулк-мүнөзү жакпай турат дейт, кечээ. “Ушул немени келген жагына кайра кайтарып жиберсеңиз жакшы болот эле”— деп мага акыл айтып жатпайбы. Ага жакпагандын баарын кубалай берсем жанымда адам калабы менин?!  Жүкия уйгур болсо да жанымда жүргөн жигитим эмеспи? Анын сөзүнө кирип орус Иванды кубаласам, менден паанек издеп келген Ильхом аканы да куусам эмне болот?.. Менин Зука атыма жарашабы?!

— Солташым жакшы,— деди Казанбай,— Өткөн жолу Акыт анын зиректиги тууралуу жүйөлүү бир сөз айтты эле,— деп келе жатканда жандарына муруттуу соодагер жигит келип, жагалдана сүйлөп калды:

— Манты жеңиздер, уйгур жигити Шарафат манты жасап жаткан эле. Даамын татып көрүңүздөр. Тим эле тил эригидей кылып жасайт,— деп, алды-артка түштү,— Зука ага, жеңебиз үйдө бекен? Бир аз  белегим бар эле.

— Ал кандай белек?— деп Зука гүрүлдөгөндө тиги жалт берип, сөздү башкага буруп, “мантынын даамын татысаңыздар” деп жүгүнө кеткен эле...

 

***

 ... Бозүйдүн көлөкөсүндө камчы өрүп олурган Зука укурук боюндай жердеги беш-алты баланын сүйлөшкөн сөздөрүн даана угуп жатты.

— Өткөн жолу,— деди бабыраган Жаркын,— күүгүм ченде Зука атам: “Эй бала баатыр, тайыңды дайында, мени менен бирге барасың” дегенинен атымды токуй салып колума чокморумду алып, ал кишиге кошулуп жөнөй бердим. Зука атам сөзгө сараң эмеспи, жол бою эчтеме деген жок. Бир дөбөнү ашып түшкөнүбүздөн кийин алдымдагы кула тайым кулагын кайчылаштырып, кошкуруна баштады. “Атакебай, бул неси?” деп коём ичимден. Тоодон кубалашып бир үйүр карышкыр бизге карай келе жатыптыр.

— Ата!— дедим, “мындай туруп туруңуз, мен буларды бир көрөйүн” деп, чокморумду күүлөп, эки-үчөөсүн томолото соктум эле калгандары куйруктарын бутуна кыпчып, тоого кача беришти. Ошондо Зука атам: “Ой балам ов, баатыр турбайсыңбы, эмки жолу жортуулга сени гана ээрчитемин” деп айтты мага.

“Сен барсаң мен калып калмак белем” деп жанындагы кичүүрөгү чыга калган маңкасын оң колу менен солго жанды.

Зука жылмайып алды да алардын көзүнө көрүнбөй үйгө кирип, чепкенин желбегей жамынып, башына байланган бир байлам чытты көзүнө түшүрө тартты. Балдардын жанына акырын барды да сүйлөшүп олтургандарга байкатпай Жаркынды желкесинен ала лып көтөрүп алып, өзөндү карай алып жөнөдү. Өзү билген калмакча сөздөрдү айтып, ар нерсени айта баштады. Жаркын болсо тилин тартар эмес, корккону да түк билинбеди.

 Балдар болсо жерден таш ала коюп, “калмакка” жаадырып киришти.

— Эй, куураган куу калмак, коё бер деймин, Зука атам билсе моюнуңду чилдин мойнундай кылып жулуп алат. Бошот деймин сага, жекеме-жекеге чык, казактын ким экенин сага көрсөтөйүн! Кана, коё бер! Жигиттер, кайдасыңар?!— деген Жаркын жулкунуп жатты. Аңгычакты жанатан Жаркындын сөзүн тыңшап олтурган бир топ бала жете келип, чепкенинин этегинен тарткылай башташты. Башынан бала жандуу Зука акыры чыдай албай күлүп жиберди.

 Буттары жерге тийген Жаркын кулагына чейин кыпкызыл болуп кетсе да:

— Ой, атакебай, сиз белеңиз, бала менен бала болуп кеткенсизби?— деп энтиге сүйлөндү. Чоң адамдай каадалуу сөз айтып, шек алдырбай турган Жаркындын башынан сылады.

— О-го, баатырсың го балам, накта баатырсың!— деди ичи жылып.

— Чын элеби, ата? Уктуңарбы эй, балакайлар, атам мени баатыр деп айтканын?

— Ооба, ооба,— деп, ар тараптан күңкүлдөшкөн балдар чынында эле коркуп алышкан белем. Ошол кезде алардын жанына козунун карынына айран куйган, балдар “ак апа” дешкен аял келип калды.

— Амансыңбы, кайним?— деп учурашты ал Зука менен.

— Амансызбы, жеңеке?— деп, Зука да былтыр орустар менен болгон кармашта каза тапкан жигиттин энесине урмат көрсөтө саламдашты.

Көк чөпкө чүпүрөктүн үзүгүн жайып жиберип, түйүнчөгүндөгү боорсок менен куруттарын жайнатып жиберген кемпир балдарга айрандан куюп берди да:

— Кайним, ак төөнүн карды жарылды,— деп кара күчкө жылмайган болду,— Сүйүнчү, кайним, үйүңө атайын өзүңө бара жаткан элем, мынабул балдарга айран берип коёюн деп эле бурулуп калдым. Чуулдап жүрүшкөн булар да мына, бүгүн ага болуп калышты! Келиним эркек бала төрөдү! “Өлүү арыстандан тирүү чычкан артык” деген бар эмеспи, кантебиз эми,— деп үшкүрүнүп алды.

— О, бешик бооңор бек болсун, жеңеке! Сүйүнчүңүз узак болсун, сүйүнчүңүз менден.

— Ээ, сүйүнчү да кеппи? Аман болсун! Ырымдап, өзүңө ат койгузуп алсамбы деген элем, кыркын чыгаргандан кийин. Минтип өзүң алдыман чыгып калдың. Жолуңду жолдоп, сен сыяктуу баатыр болсун!

Андайда тим турчу Жаркынбы:

— Апа, менин атымды коюңуз. Өмүр жашы узак болот. Жетим бала дебесеңиз мен да бир атанын баласымын. Мен Тобыкты, анын ичинде Мотышмын,— деп таноосун дердейтти.

— Ырас эле, деди Зука анын өткүрлүгүнө сүйүнө карап,— Ушу бала сөз таап кетти ак жеңе, ушу баатырдын атын койсок ылайык болот дейм. Мен сиздин сүйүнчүңүзгө эки кулундуу бээ, эки саан уй, жыйырма кой берейин. Наристенин шыбагасы болсун! Эртең баарын жыйнап, уулум Солтан-Шарип алдыңызга алпарып берет.

 — Түү ата, аттиң, Догал атамдын айылы алыс эмеспи, мен да бир үйүр жылкы апкелип берет элем,— деген Жаркындын көздөрүнө мөлт-мөлт жаш толо түштү.

— Кой балам, ал эмнеси?— деп, айылдын бүт балдары “ак апа” деген аял аны бооруна басты.— Кудай буюрса неберемдин кыркы чыккан күнү той беребиз, ошондо тай чабышты сен баштайсың Жаркынбай.

 — Чын элеби, ак апа? Сарбаздарым угуп жатасыңарбы?— деп балдарга күлө караганда Жаркындын көздөрүнөн жаш мөлтүлдөй таамп-таамп кетти.

 Зука аял киши менен жылуу коштошту да балдардын башынан бирден сылай айыл четиндеги көөрүгү кызып жаткан устакана тарапка басты. Найман атанын төрт уулу ошол устаканада узанышат. Кылыч, найзалар ошолордун колунан чыгат.

— Ассаломуалейкум, жигиттер!

— Ээ, Зука аа, валейкумассалам, жогору чыгыңыз!

— Арыбаңыз, ага!

— Кымыздан ичиңиз, ага,— деп, бир чара кымыз алып келген Абубакир,— Абилдабек, баатыр олтурганга бирдеме апкел, тизе бүксүн деди инисине.

— Жок, тизе бүкпөймүн, силердин амандыгыңарды эле билейин дегем.

— Мына, ага, мынабыл кылычты карасаңыз,— деди эки көзү оттой жанган Абилдабек,— Кара ташты как бөлөт, чапса миз  кайтпай турган албарс кылыч. Келип калган экенсиз, сизге белегим болсун.

 — Ой, боорум-ай, мунуң не? Мен силерге айтпадым беле, силер жасаган ар бир заттын өз баасы, чоң куну бар деп. Бекерге мен эчтеме албаймын.

— Баатыр, ачууланбаңыз. Биз соода жасап жүргөн сарттар эмес, наймандарбыз. Бизди коргоп жүрөсүз. Бизде да аны түшүнө турган жүрөк, ыкылас бар. Албасаңыз, инимдин ак ниетин баалабасаңыз төшөнчүбүздү колтуктап алып “кайдасың каракуйрук” деп элибиз Шеушекке карай кете беребиз.

 Зука сөздөн алдырып койду.

— Жигиттер ай, мен силерден белек алайын деген ой менен келген эмес элем. Кызык болуп калды го мунун өзү?

— Баатыр,— деди Абубакир,— Менин колумдан чыккан бир буюмду сынап көрүңүзчү. Бул найза темир күрсүнү да, таш менен капталган калканды да тешип өтөт. Сабы кайыңдан жасалып, тузга кайнатылган, өтө эптүү. Кана, сынап көрүңүз. Шилтеңизчи бир, канча жерге чейин ыргыта алат экенсиз,— деп уста шаңкылдай күлдү.

Жепжеңил, учтуу найзаны колуна алган Зуканын көзү оттой жайнап кетти. Артынан ээрчий чыккан найман жигиттерине ыраазычылык менен карап, найзаны алып бир-эки айландырып “быссымылда” деп шилтеди дейсиң... Тарам-тарам билегинин булчуң эттерин  булкулдата найзаны кулачын жая ыргытканда ал абада зуулап барып суунун наркы тарабындагы дөбөнүн төбөсүнө барып дүк эте кадалды.

— О, баатыр! Атка минип, азыр барып алып келе калайын,— деди боз жигит.

— Эмне,— деди көзүн жалт эткизген Абубакир,— Бу сага баланын ишиби, же чаң басып кала тургандай оюнчук жасаптырмынбы мен?!

— Ага, эми бул найзаны бир ай толук жасадыңыз, асылга кызыкпай турган адам болобу?— деген жооп болду.

— Кыскарт,— деди Абубакир, көздөрү жарк-журк этип. Туулганынан тириликтин береке-бирлигин гана ойлой турган Зука акырын гана:

— Ой, Абыке, мунуң бир үйүр жылкылык иш турбайбы,— деди, чын ниеттен ыраазы боло.

— Баатыр, сен берип да келе жатасың, биз алып да келе жатабыз, ниетиңе ырахмат! Мынабул жээним бир кызды жактырып калып, үйлөндүрсөк деген оюбуз бар эле. Алып бара тургандай калың малыбыз жок, эмнесин жашырайын, темир-тезекти көтөрүп бара албайбыз да...

Зука карсылдай күлдү. Анын бул күлкүсү чын ниеттен эле.

— Аттиң, Казанбай досум да карыйын деп калды. Аны да үйлөйүн дедим эле. Бирок, бул жээниң жолдуу экен, жаш дагы, буга үй болорлук түндүк көтөрүп берелик. Тиги, найза сайылган жерди очок кылалык. Ага чейин ырым кылып, ошол жерден найзаны албайлык,— деди.

 — Алла ыраазы болсун, баатырым! Жаштарга сенин батаң даарысын деп кудаларга даярланалы эмесе.

 Зуканын көкүрөгү шаттыкка толуп турду. Бир казак жашоого келип, дагы бир казак үйлөнүп, үй тиккени жатканын ойлоп, чын дилинен кубанып алды.

 Кечээги кербенчилердин кылыгы айыл арасына небак тарап кеткен, уста жигиттер алар тууралуу ырым кылып, сурашпады. Тек, баатырдын аркан кысып, көгөрүп калган жерлерине акырын гана көз чаргытып коюшкан болчу.

— Баатырга кымыз алып келгиле,— деди Абубакир жетине албай.

Чара толтура кымызды шимирип салган Зуканын белине Абдылдабек албарс кылычты байлады. Алар менен коштошуп, бурула берген кезде тиги тоо башынан пулемёттун шак-шак эткен добушу чыкты. Зука аң-таң боло тоо тарапка карап, селейе ордунда катып калды:

 — Бул эмне?

“Бу неси?” деген суроо ичинде үч ирет кайталанды. Жооп ордуна тоо жаңырды. Ал, алтын чайкап жатышкан кытайлардын чуусу болучу. Алар окко учуп, жаралуулары жанталаша кокуйлап жаткан добуштары тоодон ташка жаңырып, дапдаана угулду.

— Атты апкелгиле!

— Атты апкелгиле!— деген добуштар катуу чыкты. Айыл дүрбөдү.

Пулемёттун так-так эткен добушунан үркүп, желедеги кулундар чыңыра кишенеп жиберишти.

— Баатыр! Баатыр, мына ат!— деп, Абдылдабек ээр токулбаган күрөң аттын жонуна көлдөлөң сала алдыга тартты. Зука “Ие, арбактар!” деп каргып минди. Тоого карай тике чапты. Булактан секиртип өткөндө жерге сайылып турган найзаны иле жөнөдү.

Бир капталдан Казанбай жигиттери менен атка минип, Зуканын артынан калбай:

— Терең сайга карай, терең сайга!..— деп кыйкырып келе жатты.

Зука ага жооп катпастан бийик-бийик дөбөлөргө, калдайган аска таштарга тигилет. Бир кырдан ашып түшкөн соң айлана даана көрүндү. Шакылдаган пулемёттун оозунан от чачып жаткандар аска таштын түбүн пааналашкан экен. Алтын чайып, бейгам жүргөн кытайларга ажал отун төгүп жатышыптыр.

Казанбай Зука менен ктарлаша берди.

— Байка, байка!— деди,— Мен алдыга түшөйүн.

— Жок, деди Зука ат үстүнөн кыйкырып,— Мен алдыга түшөйүн, сен жигиттерди абайла!

— Жок, мен барамын, сен абайла!— деп Казанбай атын камчылай берди эле, Зука андан алдыга озуп кетти.

Пулемёт такылдап, Зуканын айланасына ок жаадырып, аны бадалдардын арасына биротоло камады. Казанбай артына караса, тайын жайдак минген

Жаркын чаап келе жатыптыр.

— Эй, кайт, кайт артка! Жаркын, артка кайт, кайт деймин мен сага!.. Жаркын болсо анын кыйкырыгын укпай, Зука атасынын артынан Шиликти сайды карай туура чапты. Тытыраган пулемёт эми огун Жаркынды көздөй аткылады. Ошол кезде кыядагы аска ташка карай жөө жүгүргөн Зука боюн жашырууга үлгүрүп калды. Найзасына таянып тоо чокусу жакка тез-тез жөрмөлөп чыга баштады. Чапчаң кыймылдап, тоо илбирси сымал таштан ташка секирип, пулемётчулардын төбөсүнөн дал чыкты. Көзү чалып калды, аска таштын түбүндө төрт адам жаткан экен.

Далдактай чаап келе жаткан Жаркын татыраган пулемётту карай бет алды. Колундагы таягын булгалап, алда неге кыжынып келет, аны калкалай Казанбай туура чапты. Ошо кезде Жаркын минген тайга ок тийип, мүрт кулады. Казанбай жерде кулап жаткан Жаркынды тыйын эңгендей илип алып, Шиликти сайга түшүп кетти. Казанбайдын артынан келген жигиттер асканын башына чыккан Зуканын белгисинен кийин ошол тарапка бет алышты. Пулемёттун октору таштардын бетине от чыгара чабыла тие баштады. Зуу-зуу эткен октордун үнү тоону күчөтө жаңыртып жиберди. Зуканын көзүнө кан толду... Найзаны ташка таяй салып төмөн карай секирди. Айланып, кыялап келип, дүк эте пулемётчулардын дал төбөсүнөн түштү. Алгач башы айланып, көзү караңгылап эчтемени көрө албай калган болчу, качан оң жак кулагынын жанынан өтүп, бармагынын башып тилип өткөн жоонун кыдычынан кийин көзү кайрадан умачтай ачыла түштү. Жаңы эле Абдылдабек берген кылыч менен куу баш орустун башын шылый чаап түшүрдү. Баш төмөнгө урунуп-беринип кулап кете берди. Башсыз денеден кан атат...

Экинчи орус пулемёттун мойнун Зукага бура бергенде ал найзаны сермеп жиберди.  Дал бетке кадала түштү. Башы чабылган орус жерге жыгылбай ары-бери жүгүрдү да күрс эте кулап түштү. Таштын арасына коркконунан тыгылган үчүнчү киши дагдайган уйгур боолчу. Кечээ күнү эле кербен менен келген соодагер сыяктуу көрүндү. Ал колундагы тапанчасын наркы-терки баскылаганы менен Зуканы дал мээлей албай койду. Аңгыча капыс жете келген Казанбай анын үстүнө мышыктай секирип, басып калды. Моюнун бурап-бурап жиберди эле, бечаранын көздөрү алайып, жерге шылк эте кулады. Айылдын жигиттери да жете келишти... Баарынын көзүндө каар. Кан чачырап, жараланган Зукага тике карай алышпай өздөрүн күнөөлүү санап жаткандары көрүнүп турат. “Кыбыр” эткен дабышка жалт карашса, эки таштын ортосунда калч-калч этип олтурган кечээги соодагер казак экен.

— Ок, атаңдын...— деген Казанбай ага умтула берди.

— Токтой турчу,— деди Зука алсыз унчугуп,— Коё тур, азыр,— бармагынан аккан кан кылычтын капталы менен сарыгып, учуна чейин жетиптир.

— Зука ага, мен го, менмин го,— деди жаны мурдунун учуна келген соодагер.

— Азыр, деди Зука тиштенип...

 Эки таштын ортосуна жашынган соодагер казактын маңдайына келип, кылычын көтөрдү.

— Баатыр, жан соога, казакпыз го. Кечээ жеңеме түктүү килемди белек кылган элем го, жанымды кыя көрбөңүз. Муну жасаган сиздин ата жооңуз – Жин Шурын. Эгерде алтын чайкаган кытайларды кырып таштасак, анын баарын сизден көрүшмөк. Муну жасаткан тиги, тетигил кытай,— деп сөөмөйүн чочойтту. Өзү дирт-дирт этип, шымын суулап жиберди. Казанбай “тү, иттин гана баласы” деп жийиркенип, терс бурулду да жерге бир түкүрдү.

— Баатыр, бул айбанды мага бериңиз, кыйнап өлтүрөйүн,— деп ызага буулуккан жигитти Зука токтотту.

 — Ие, иттин гана баласы,— деп кылычын саткын казактын көкүрөгүнө такап,— сен казаксың го,— деди Зука.

— Ооба, ооба, Зука ага, мен казакмын, кечээ жеңеме арабдын килемин апкелип келген мен эмесминби, тааныбай калдыңызбы? Өлтүрө көрбөңүз мени! Үйдө эки балам, оорулуу энем, жаш аялым бар, жан соога... жанымды кыя көрбөңүз. Кечириңиз ага, Жин Шурын мага алтын беребиз дегенинен макул болгон элем.

— Сен казаксыңбы?

— Ооба! Рас, рас ага, казакмын, мен да орто жүзмүн ага!— деп күңкүлдөй ыйлады.

— Орто жүздөн садага кет, иттин баласы! Казактан садага кет! Эркек болбой эшек болгур. Мен сени тирүү калтырамын,— деди Зука.

 — Ой, Зука, эмне деп турасың? Сен өлтүрбөсөң, мен өлтүрөм,— деп Казанбай алдыга умтулду эле, Зука ага зирк этип кетти. “Тура тур, мындай өз элин саткан адамга өлүм деген – жеңил жаза”.

— Иттин гана баласы,— деп Казанбай топту буза жарып келе жатты эле, жанындагы жигиттер аны туш-тушунан кармап калышты.

— Сени өлтүрбөймүн, иттин баласы,— деди Зука тиштенип,— Сага өлүм аз. Шейит болгон казактан садага кет.

 

Зука кылычын көтөрүп, учун анын таноосуна такады. Тиги байкуштун коркконунан эки көзү кылыйып, денеси дирт-дирт этти.

Албарс кылыч жарк эткенде тигинин таңырайган таноосу ыргып кетти. Жараттан кан атып, жерге ыргыган таноону жакынкы ташта конуп олтурган кузгун илип ала терең сай тарапка ызгыды. Тургандардын баары таноонун түбүнө чейин кыра кесилгенин, эки көз бири-бирин жеп жиберүүгө умтулгандай жексурун жүздү көрө сала жүз үйүрүштү.

— Жигиттер кеттик, бул шордууга тийбегиле!— деди Зука.

Казанбайдын жүрөгү айнып, окшуп-окшуп жиберди. Жигиттер таштарды шарыгаратып Зуканын артынан төмөн түшө беришти. Алтын чайкаган кытайлардын башчысы алда неден чочуй кыйкырып, аларга чаңкылдай баштады. Анын корккону ушунчалык десиң, тим эле колу-буту калчылдайт. Бир сөзүн угуп, бирин укпай, эмне деп жатканын түшүнө албай турганда Абдыкерим деген уйгур жигиткайдандыр келе калып тигинин сөздөрүн которо баштады.

— Зука баатыр, эгерде сиз болбосоңуз баарыбызды өлтүрүп, алтыныбызды тартып алышмак дейт го,— деген сөздөрүн Абдыкерим айтканда Зуканын башы айланып турса да, эсин тез жыйып:

— Жигиттер, пулемётту ушул жерде өрттөп салгыла, жанагы айбанга тийбегиле! Бу жерде өлтүрсөңөр бириңди да аябаймын!— деп кесе айтты.

 Кытай үстүндөгү кийимин чечип, Зуканын жарасын таңымыш этти.

— Казанбай,— деди аакырын гана,— Жаркын кайда?

— Окко учту, баатыр. Көкүрөгүндө жаны бар болчу. Шиликти сайда.

— Мени алып бар, ошол жакка.

Жиликтүү сайга эки дос бири-бирин сүйөп жеткенде Жаркын кансырап жатыптыр.

— Зука ата, Зука ата, амансызбы? Сизди бир нерсе болобу деп коркуп кепедимби. Жаңы эле маркум ата-энем жанына чакырып кетишти. Бирок өлбөймүн го, ие. Мен бүгүн гана туулган жокмун да ие, ата. Ушул таң ата гана чыгып кетпегидей жашоого келгемин да. Арбак болушкан ата-энем жаңы эле “биз менен бирге жүрчү, балам, жаныбызда болчу” деп чакырышты. Мен аларга Зука атамдын тирүү экенин көрсөм болду, артыңардан кууп жетемин дедим. Мен убадама турамын, мен жигитмин. Мен атам сыяктуу Алаштын баласымын. Алаштын жолунда садага кетемин, атаке! Тирүү экенсиз ата, шүгүр...

— Тирүүмүн балам. Айланайын, кана көтөрөйүнчү.

— Ата, мени козгобоңузчу. Бетиңизге, колуңузга эмне болгон, атаке? Тек, сизден бир өтүнүч, башыма белги койгондо Жаркын, Тобыкты, Мотыш, Догал деп жазып коюңузчу. Кичинекей Жаркынга жаркын келечек тилеймин атаке,— деген сөздөрүн даана айтты да үзүлүп кете берди. Титиреген колдору менен Зука анын көздөрүн алаканы менен жапты.

 — Жигиттер,— деди үнү акырын чыгып,— “Бөрү баласы ит болбойт” деп кыргыздар айтмакчы, ал, атасы Алаштын арманын аткарамын деген ой  Жаркындын көкүрөгүнө нур болуп куюлуп калган. Жапжаш баланы аруулап коёлук. Баланын кыркы, жылдыгы, башын көтөрүү экөөбздүн, Казанбай моюнубузда.

Казанбай башынан баатыр жигит, доско адал, сөзүнө бекем, өтө таза адам.

Досунун бир ооз сөзүндө зор маани жатканын үнсүз түшүнүп, башын ийди.

Алар айылга каш карайып калганда гана жетишти. Эртеси бешим ченде айылга бир нече атчандар менен Акыт келди. Астында мингени – былтыр Зука белек кылган эликтей күлүк. Куйрук-жалы төгүлүп турат, көмөлдүрүк, куюшканы күмүштөлгөн, турпаты узун, сулуу ат. Жанында эрчиткени – ак чепкен кийген, боз жорго минген, касиеттүү Албандын айтканы кайтпас карыя  Дүрмөкбай.  Жаш жигиттер четинен ийилип салам берип, чылбырларын колдоруна алып, конокторду колтуктан алып түшүрүп жатышты.

— Ассаломуалейкум!

— Алейкумассалам!

Улуулар тарап көздөрүнө жаш алып Зука менен көрүшсө, Акыт досу менен капалуу учурашты.

— “Жакшы бий айылы менен көчүп жүрөт” деген, жакшы кылыптырсың, Акыт,-деп Зука аны кайта-кайта кучактады. Улуулар жак:

 — Келин, баатырыңды Кудай сактап калган экен, угуп жатабыз, бардык жаманчылык ушуну менен чыгып кетсин,— дешти.

— Аман болсун, айланайын!

— Элге жасаган жакшылыктары көп эмеспи.

— Ата-бабасы тектүү адамдар, көктөгү Кудай да, жердеги периште да билет. Бабаң Нурмухамбет акылман болгон экен, атаң Сабит молдону көзүбүз көрүп калды. Маркум кенен эле, акылдын да кени эле.

— Кайнимдин жакшылыгын биз да билебиз,— деп сөздүн нугун башка жакка бургусу келген жеңесинин сөзү эч кимдин көңүлүн бура албады.

Дасторкон жайылып, коноктордун чыканагына кош жаздыктар коюлду. Эки жигит торпоктон кичирээк ирикти босогого алып келип, төрдө олтурган Дүрмекбай аксакалдан бата сурады. Аксакал батасын аянбай берди. Ошол тапта Кызыкенин көзү кечээки күнү “кереги жок” дегенине карабай соодагер жигит таштап кеткен араб килемине түштү. Ордунан атып туруп, килемге жек көрө карап, “улуулар отурат го” дебей, так көтөрүп ала коюп эшик алдына алып чыгып күйүп жаткан оттун ортосуна салып жиберди. Чытырап жанган кургак жыгачтын үстүнө түшкөн кезде ого бетер лапылдап күйө баштады. Босогодон аттай берип Кызыкке ыйлап жиберди.

— Сиздердин жолдоруңузга садага,— деди Кызыке күрсүнүп.

Аны сырттан байкоос салып турган Акыт Кызыкеге ыраазы боло:

— Ырахмат, айланайын, таптың, туура кылдың,— деп безилдеп жиберди.

Кепти башка жакка бургусу келген Казанбай:

— Кызыкенин Солташтын бала кезинен болочок кайын-журтуна жыйнаган дүнүйөсү, күйүнгөнүнөн отко жакканы го, бар балээ ошону менен кетсин,— деп, олтургандарды күлдүрмөк болду эле, бирок сөз аягы күл чөгүңкү аяктаганын өзү да байкабай калды. Ошол кезде:

— Ассаломуалейкум!— деп, уста Абубакир кирип келди. Жанында чымыр жигити бар.

Уалейкумассалам!— деп Зука ордунан атып турду.

— Эй, Акыт, бул жигит Абубакир уста, темирди камырдай ийлеген азамат.

— Аа, айткансың, айткансың. Кел, боорум, төш кагышалык. “Чебердин колу орток” деп казактар бекер айтпаган. Кел, кел!— деп жылуу амандашты.

Экөө төш кагыштырды. Абубакир олтура берип, жанындагы жигитти тааныштыра кетти.

— Зука ага, бул жигит Аягөздөн келген Серикзат деген акын болот. Семейдеги Алашордонун бир жыйынына катышып, Шакерим ажы менен жакын болгону үчүн кызылдар куугунтуктап, артынан түшүптүр.

— Эмне дейт?— дешип, олтургандар үрпөйүп калышты.

— Кызылдар дейсиңби?

— Тиги, Хабар ашуусу аркылуу айылга араң дегенде өтүп, жети күн дегенде Зука баатырдын айылы кайсыл жерде деп сурай-сурай бизге жетиптир. Конок үстүнө конок болгонубузга капа этерсиз. Биз кетелик.

— Ал эмне дегениң, ой, Абиш? Издеп барып өзүм деле салам берет элем го. Алыстан келген экен, куш келгин, боорум!

 Ошондо Зука бир чатак салып жибербегей эле деп жүрөксүгөн Акыттын  жайдарылана:

— Айланайын, төргө өт, жол азабын тарткан экенсиң. Бул үй агаңдын гана эмес, ушул олтурган баарыбыздын үйүбүз. Бул, кечээ ажыга барган нускалуу  адамдын үйү. Бул үйдүн түндүгү ырыскылуу. Ушул үйдө дайыма казактын насиби бар, ынтымагы бар, боорум,— деген сөзүнө Зука ыраазы болуп:

— Акыт агаң өтө жакшы айттты, төргө өт, боорум, төргө өт,— деди.

 Зука менен Акыттын достук ымаласын байкап калган төрдөгү Дүрмекбай:

— Менин Бегалымдай балам экенсиң, кел, менин оң жагыма олтур,— деп төргө чакырды.

Ошол кезде үйгө акырын Төлегетай кирди.

— Ассаломуалейкум, аксакал!

— Аа, Төлеш, амансыңбы, барсыңбы балам,— деди ага Дүрмекбай.

— Аксакал, Бегалыңыз мыкты жигит. Жээниңиз дал өзүңүздү тарткан. Охо, өткөн жолку Шеушектеги жарманкеде күрөшкөнүчү! Оңунан келгенди оң, солунан келгенин сол жамбашка салып жерге чапты го? Тим эле Шакардын өзүндөй! Об-бо, баатыр Шакардын эле өзү! Шакар...

— И, сөз айта отур, балам,— деди Дүрмекбай Серикзатка карап.

— Аксакал, сыйыңызга ырахмат. “Кенен олтуруп, тар сүйлөгөндөн кач” деген бар эмеспи, менин домбура чертип олтуруп, кыңылдап ыр ырдаган адатым бар эле. Уруксат берсеңиздер мага ошол жеңил болот эле,— деп жайдары күлгөн Серикзаттын жүзүнө карап Аркыт ичинен ыраазы болду да:

— Ошент, боорум, тартынба, өз агаңдын үйү.

Максүтбайдын Серикзаты төрдө илинүү турган домбураны колуна алып, наркы-терки чертип олтурду да алдындагы кесе толо кымызды төңкөрүп таштап:

— Хабар ашуусу – казактардын азаптуу ашуусу экен го. Ошол ашууда менин да сөөгүм куурап калуусу мүмкүн эле. ал жерде шейит кеткен жандардан менин жаным артык беле? Алашым үчүн шейит болсом, кандай арманым болмок? Бирок мага андай ак өлүм буюрбады, шакерим ажы: “Эй, Серикзат карагым, акыл – денеге эгилген дан, сугарылса ага да кирет жан, таманыңдын алдында адамдын денеси калбасын” дечи эле. мен адамдын куу сөөгүнүн үстү менен өттүм го! Өзүмдү ал үчүн күнөөлүү санайм,— деп токтоду.

— Кой, боорум, өзүңдү күнөөлөбө. Ушул, тирүү олтурган биздин да күнөөбүз жок. Азыр Алланын эмес, куруган Советтин, кызылдардын иши жүрүп жатат. Казактардын жери элдин көзүнүн курту болгон заман болуп турат го, боорум ов,— деп Зука толкундап кетти.

Ошондо көз жашы сакалынан таамп-таамп кеткен Дүрмекбай “Балам, башта, башта”,— деди акырын гана.

— Ошол Хабар ашуусунан өтүп, Жалаулунун тушундагы бир үңкүрдө камалып жатып, үнүмдү чыгарбай, куурайды домбура кылып, ичтейим эзилип жазган ырым эле, сынап көрөрсүздөр!— деп, Серикзат домбурасын сабап-сабап алды да, талаанын коңур күүсүнө салды.

 

“Башынан асман көчүп, ойногон булут,

 Бабамдын журту эле бу тоо мага.

Таргыл жолборс сымал эр Тарбагатай,

Сен дегенде жүрөктөн ыр созулган.

 

Бу, аскар бели талаамдын,

 Эртеңиңе коогамын.

Кыянатка кыйбаган,

Бооруңда өскөн балаңмын.

 

Кыраан учкан Кызылташ кыя белим,

Капыр-ай, кандай ченге сыяр элең.

 

Майлышат – эр Кабанбай туусун тиккен,

Элиме куттуу мекен, уям элең!

 

  Дасторкондун кашында олтургандар деңиздей толкушту. Ертиштей жайкалышты. Серикзаттын үнүн сыртта олтуруп угушкан айыл адамдары:

— Капыр-ай, биздин айылды айтып жатат.

— Биздин тоону айтып жатабы?

— Эмне дейт, ата-конушубузду айтып жатабы?— деп, акын олтурган бозүйгө жакындай жылышты. Жүзүн жаш жууган Кызыке сыртка чыга жөнөп, бетин чайынып алды да казан-очок башында жүрүшкөн келиндерден куурдактын даяр болгонун угуп, табактарга салгыза кетти.

— Аксакал, элдин агасысыз, сиз Албанга гана эмес, бүткүл казактарга кадырлуу адамсыз. Атамдын көзүн көрүп калдыңыз, атаң өлсө да, атаңды көргөн өлбөсүн деген бар эмеспи. Меен сизге узак өмүр тилеймин, аксакал!

— Ырахмат, ырахмат балам! Чоң ыраазымын,— деди Дүрмекбай.

— Эй Зуке, экөөбүз атага бала болдук, энеге паана болдук. Ушу Дүрмекбай аксакалга ошондо биз эмне болобуз?— деди Акыт жылмая. Анын бул сөзү эркелеген достуктун, көңүлдүн кушу эле. аны баамдай койгон Зука:

— Бул кишилерге балээ эмес, бала болобуз да. Сени билбеймин Акыт, мени менен Казакбай экөөбүз балээ болобуз го, ушу,— деп күлдү.

— Ие, чиркин,— деп күлдү Дүрмекбай,— Каны таза, теги түз Албанда бир сөз бар, “тексизден кордук” деген. Алсыңары экөөңдүн достугуңарга, ичара тууганчылыгыңарга чоң ыраазымын. Баламды алты Алаштын баласы Акыл менен Зукадай болсун деп тилеймин.

— Оомийин, оомийин!— деп, олтургандар кобуранып калышты.

Ошогезде дасторкондун кашында олтурган ак жоолуктуу аялдар козголуп калышты, ичинен Кауия апа:

— Ыя, кайним, жүдөп калыптырсың го,— деди акырын гана. Баары үндөбөй калышты.

Ошондо Зука өткүр көзү менен агасы Төлегетайды жаңдап чакырды. “Эмне дейсиң?” деди ал акырын. Зука “семиз бир тай болсо” деп ага шыбырады. Агасы башын ийкеди да үйдөн дароо чыгып кетти.

Куурдак менен бал кымыз ичип, коноктор бир аз жайланган соң, жаштар олтургандардын колдоруна кумган менен суу куюп, кызматын кылып жатканда эки дос: Зука менен Акыт дөбөнүн үстүнө чыга келишти. Өзара сүйлөшүп жатышты.

— Зука досум ай, айтчы, деги сага эмне керек? Эмне жетпейт сага? Бабаң да, атаң да акылман адамдар болгон. Көрбөгөнгө көз беришкен, сага эмне болду жаралуу арстандай алас уруп? Эл аман, журтуң тынч турганда өзүңө жоо издеп.

— Менби?— деген Зуканын көзү жарк эте түштү,— Менби ушуну жасаган!

— Сенин аракетиңди ыймансыздын аракети дебеймин. Сен баатыр адамсың. Баатыр алабарман болот. Абайла, кызууланба. Мен сага элиңди коргобо деп жаткан жокмун. Мен сага абайла деп жатам. Гоминдандын саясатын сен түздөй албайсың, элдин өз заң-мыйзамы бар!

— Кетсин биздин өрүштүү Алтайдан! Изин көрбөйүн!

— Ээ, кайран өр Алтай, мен кантейин бийигиңди деген экен го. Экөөбүз кечип көрө элек деңиздин түбүндү жатат го сырдын көбү, гоминдандын куйтку саясаты. Эй алаңгазар досум ай! “Куйругу жок, жалы жок, жылан кантип күн көрөр” деген бабаларыбыздын сөзү бар эмеспи. Желге каршы чаптырбайт го мусулман баласы.

— Адам баласы эч качан колуна бекеринен каруу албайт. Ал эми жоолашкан менен жоолашуу, жоону жеңүү адамдын башкы парызы деп билемин,— деди Зука.

— Ислам агабыздын баласы Оспанга берген батаңды терең маанидеги сөз деп билемин. Сеники эрдик. Өзүңдөн кийин болбосун деген жаман ниеттен алыс экениңди көрсөтөт. Сеники кеменгерлик.

— Ээ, Акыт ой, алдымда калам кармаган шакиртим болсо дымырап жүрө берет элем го. Мен адилетсиздикке чыдабаймын.

— Билем, билем! Казактын талаасы кенен эмеспи... Бул дөбө да биздики.

— Күндөрдүн биринде жаттын таманы тебелейби деп коркомун. Мени да чочуткан ошол...

— Ооба, ооба, дурус айтасың, досум! Эмдиги үмүт тиги Мангыстоо талаасындагы пирибиз Бекеттин өмүрүн, Баянаул журтундагы Мешхүр-Жусуптун, Шыңгыстоодогу Абай агабыздын асыл сөздөрүн казак баласы боюна сиңире алар бекен? Менин оюм ошол. Биз ага үлгүрөбүзбү? Алардын сабагынан мусулмандыгыбызды сактай алар бекенбиз? Кабанбай атабыздын казакка ушунча жер алып бергендеги арманын жаш урпактар “бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып”, береке-бирлик орното алышабы?— деди Акыт оор үшкүрүп.

 — Ооба, Акыт ай, менин да оюм ошол. Кечээги хан Кенендин башы кайда? Ошол баштын ичиндеги армандары кайда? Алаштын ардактуусу, менин улуу курдашым Алихан Бөкейхандын казактардын болочогун ойлогону кайда? Кимдин канжыгасына кетти? Күрөшчү болбосок да алардын көкүрөгүнө бир дан эге алабызбы? Мен жатсам-турсам да ошону ойлоймун, досум ов. Казактардын асманын каптаган булут таркайбы? Айтчы. Бул суроону сен берсең, мен жооп бере албасымды билемин... Анткени казактын мындай суроолоруна эч ким жооп бере албай турган заман келди.

Экөө саамга унчукпай калышты. Үнсүздүктү Зука бузду.

— Акыт ой,— деди досунун ийининен капшыра кучактап,— Сенин жүрөгүң казактын кең талаасы сыяктуу. Ал талааны кимдер биздин колубуздан тартып алмак? Кызыбызды күң, уулубузду кул кылмак? Келечегибиз кандай болот? Бул жактан орустар, бу тарабынан бүтүк көздөр эки өпкөдөн кысып баратабы деп коркомун. Ошондой күндө да кысыр кой бооз койлордун алдында туягын бир серпет ко. Күң аялдан кул бала тууларын ар бир казактын баласы билсе экен деймин.

Ошол кезде алдындагы жоргосун чайпалткан Казанбай келип калды.

— Эй, экөөңө эмне болду ой? Үнүңөр катуу чыгып жатат го,— деп атынан түштү,— Жигиттер бир семиз тайды алып келишти. Асый экен, кызыл май боло элегинде баралык. Убал болот.

— Ой, Дүрмекбай аксакал бар эмеспи?— деди Зука.

— Ал аксакал бырылдап уктап жатат. Жүзгө чыгуу оңой дейсиңби,— деди Казанбай.

— Чарчаган го, карыя... Акыт, батаны сен бер,— деди Зука.

Үчөө шашпай айылга келгенде жигиттер бөйрөгү чыккан кызыл тайдын буттарын бууп жатышкан экен. Акыт алаканын жайып, колдорун созо бата бере баштаган кезде тозоң учурган катуу жел жүрүп, анын доошун угузбай алып кетти. Тек, анын бир ооз сөзүн гана жанында тургандар угуп калышты: “ Казагым бирдиктүү болсун! Оомийин!”. Зуканын көкжал жигиттери шапа-шупа кыймылдап, тайды мууздап, терисин эшик алдындагы арабанын үстүнө туздап, жайып ташташты. Акыт үйгө кирбей, алардын ар кыймылын үнсүз карап турду. Көзүндө кубаныч бар эле. “Шүгүр, ушу жаштарыбыз аман болсо, элим да, жерим да, кең талаам да аман болор” деп ичинен ойлоду.

Мукан палван деген жигит келе калып аларга:

— Агалар, мынабуну атам маркум бала кезимде чийки жегизчи эле,— деп тилинген майдан бир кесимден сунуп,— алсаңыздар,— деп калды.

— Бали,— деди Акыт жайдары күлдү,— Биздин жигиттер казактын адатын билет экен го, ыя Зука?!

— Ие, Акытай, бул тиги Буырчынын жигити, Жэдик, анын ичинде Байгара атанын урпагы. Далысы жер жыттабаган балбан.

— Тулпардын турушунан, шумкардын учушунан билинет эмеспи. Көрүнүп турат, Зука, бул боорубуздун балбан экени,— деди Акыт.

Дүрмекбайдын уйкусу канган кезде жаш эт былкылдай бышты. Баштагысындай эмес, Дүрмекбай көңүлдөнүп, жан-жагына жайдары карап: “Аштан алгыла, айланайындар, алгыла!” деп, жаштарга бир-бирден жегизип да койду.

— Аксакал!— деди четте олтурган бир жигит,— Баягыда, сиздин бала кезден бирге өскөн досуңуз Кеңесжан аксакал өз жаназасын өзү окутар алдында “Кеңес ага, кандай арманыңыз бар?” дегенде , ал “Адам баласында арман көп го, мен жашаарымды жашадым, ашаарымды ашадым. Небере-чөбөрөлөрүм ат жалын тартып миништи. Кудайга шүгүр, тилектерим орундалды. Бир гана арманым бар, артымда Дүрмекбай калып бара жатат дептир”,— деген кезде олтурган жаштар бырс-бырс күлүштү.

Жаштардын күлүшкөнү да жөндүү эле. “Отуз тиштен чыккан сөз отуз уруу элге тарайт” деген, Дүрмекбай менен Кеңесжандын ортосундагы тамаша кеп көк жайлоого жайылган калың жылкыдай кишенеп, эл аралай жайылып  кеткен болчу.

Дүрмекбай жагы Кеңесжандын балдарына “силердин атаңар чабал, биздин атабыз көп жашады” дешсе, Кеңесжандын балдары “силердин Дүрмекбай атаңар биздин атабыздан бир мүчөл кичүү экен” дешип, айыл ичинде айтышып, бала бала менен, күйөө күйөө менен, келиндер келин менен тамашалашып кала турган.

 — Ооба, айланайындар, Кеңесжан кең киши эле. Өзгөгө өлүм тилебеген, өзүнө өмүр тилеген адам болчу. Эли менен жерин ойлогон терең адам боло турган. Мыкты аңчы, эликти көзгө аткан мерген эле... – деди Дүрмекбай.

Жаңы эле бырс-бырс күлгөн жаштар тарап уялгандан жер карашты. Эки карыянын эки дүйнөдө тең достугун сактап калганына Зуке ичинен катуу ыраазы болду. Аялы Кызыке жакка карап, көзү менен “бери келчи” дегендей ишарат кылды. Кызыке тектүү элдин кызы. Дүнүйөгө көз артып кызыкпаган адам, болгон тилеги эри менен. Азыр да лып этип жанына жете келди. Зука сабыр кылды. “Аксакалга чапан”. Кызыке үйдөн акырын, билгизбей чыгып кетти да, тез эле күйөөсүнүн оң тизесине бапестеп бүктөлгөн кооз чапанды, тебетейи менен алып келип коё салды. Бул чапандын окуясы бар. Былтыр жазда тээтиги Үрүмчүнүн жарманкесинен кулундуу бээнин кунун берип  алган болчу. Тебетейи кундуздан, жакасы булгундан жасалган керемет чапан эле.

— Аксакал!— деди Зука ордунан туруп,— Элдин аксакалысыз, айылыбызга көптөн бери келбей калдыңыз эле, бул чапан сизге,— деп төрдө олтурган Дүрмекбайдын ийинине жапты. Дүрмекбай анын чекесинен төмөн карай кесип өткөн кылычтын тагын көрүп, жүрөгү тыз этти да тамагын кырып:    

— Аман бол, айланайын! “Алган жоомартпы, берген жоомартпы?” деген сөз бар биздин казакта. Сенин айылыңды, амандыгыңды көрүп, карыганда  көңүлүмө кубат берген, бизге жол баштап келген Акыт баламдын ийинине жабайын. Чырагым Акыт, ийиниңде эскирсин ушул чапан! Жашың, өмүрүң узак болсун! Кеменгерсиң! Экөөңдүн достугуңа чийин түшпөсүн,— деп, Акыттын ийинине жаап, башына тебетейди кийгизди да, Зука менен Акытты катар кучактап,— Аман болгула, карактарым, элдин ээси да, эртеңи да силерсиңер!— деди.

Дасторкондун башында олтургандар толкуп кетишти. Зука олтура берип,  балбан Муканга жаныма кел дегендей жаңсады. Лып эте жетип келген ага “Айылдагы тай-тай баскан баладан, тай минип жүргөндөрүнө чейин жыйнап, эшиктин алдына алып кел, аксакалдан бата сурайлык”,— деп шыбырады. Мукан эшиктен эки бүктөлүп, билгизбей чыгып кетти.

Коноктор эт жеп, сорподон кана ичип бүтүшкөн кез келди.

— Аксакал,— деди Зука,— жана сиз Акыт экөөбүзгө достугуңар берекелүү болсун дедиңиз. Рахмат! Алла ыраазы болсун! Агайын аман болсун, достук мага өтө кымбат. Казактардын курк уруусунан менин айылымдан паанек издеп келген адамдар өсүп-өнүп жатышат. Ошолордун урпактарына бата берип коюңуз. Жаштар эшик алдында чогулуп турушат.

— Ап, баракелде, Зука баатырым ай, мунуң даанышмандык. Тектүү атанын уулу эмессиңби. Менин батамда эмне турат дейсиң? Бирок сен менин жышымдын улуулугун сыйлап турасың да. Жол Акыттыкы эмеспи.

— Жогуңуз, аксакал. Албан деген касиеттүү элдин улуусусуз, бар деп ашып кетпейсиз, жок деп тозбойсуз. Жаштарга үлгүсүз, сизден бата албаган урпак кимден бата алмак эле?

— Айтканың жөн, Зука балам. Жоол Акыттыкы болсун, билим менен парасаттын кени ушул балам эмеспи.

— Ата ов,— деди Акыт эркелей сүйлөп,— мени к4артайтып жибердиңиз го.

— Ой, Акыт балам, карылык наадандык эмес, ал — касиет, жаштын нааданынан сактасын Кудай. Сен болсо жокту бар кылган уламасың, Зука баатырым экөөң кеменгерсиңер. Силер аман болгула!— деди Дүркембай.

Алты канат чоң үйдөн Дүрмекбайды Акыт менен Зука колтуктап чыгарган кезде:

— Ата! Ата!

— Ата, бата!

— Ата, бата!..— деп чуулдап жиберишти сырттагы балдар.

Акыт колун көтөрө салганда баары басыла калды. Жымжырт. Баарынын көздөрүндө үмүт оту ойгонуп, жайнап кетти.

— Анда балдар, атаңардын батасын уккула!

Дүрмекбай “Омийин!” деп алаканын жайды да, балдардын көздөрүнө карап бир саамга токтой калды.

Оомийин десең мына, бата –

Кулундан тулпар,

Балапандан шумкар.

Тушоо кесерден азамат,

Билектен күч,

Жүрөктөн ниет,

Саамалдан кымыз,

Асмандан күн,

Жерден жоомарттык, түндөн жылдыз болусун, силерге!

Аман болгула, казактарым,

Бирликтериң менен тирликтериң бир болсун!

Уруу-урууга бөлүнбөй,

Жүз-жүзг— жиликтенбей,

Бир казак болгула, кулундарым!

Оомийин!

— Оомийин!

— Оомийин!

— Оомийин!

Аялдар жак чачыла чычкан кезде бала бүткөндөр чурулдап, башына көтөрүп  жиберишти.

 

***

Ай жарык эле.

Сүттөй жарык эле.

Түндүгү ачык,

Алты канат ак үйдүн ичи ондук чырак жагылбаса да жапжарык эле.

Жапжарык эле...

 

***

Эртеси коноктор кайтууга ниеттенген менен, Зука ар нерсени шылтоолоп чоё берди. Бешим намазы ченде Зука аларды дасторкон башынан козгоду. Дөбө  алдындагы аскердик машыгуу өткөзчү жерге жүз жаштагы Дүрмекбайды абалы эки жигит колтугунан жетелеп келе жаткан эле, карыя нары-бери чапкылап денесин кызытып жүргөн сарбаздарды көрүп тиги экөөнүн колунан чыга берип, өз алдынча кыбырай басып жөнөдү дейсиң... Жан-жыгына “ой, баракелде” деп күлүңдөй карап, “аксакал, атка миниңиз” дегенге карабай:

— Ай, баатырларым ай, бар экенсиңер го!— деп, күбүрөп коёт. Чыйрак. Төбөсү бийик чатырды дөбөнүн башына жайып, төрт жорго менен айылдан табак-табак жылкынын эти менен бал кымызды жөөлөрдөн мурда жеткизип жатышты. Чоң-чоң куш жаздыктар ташталып, баары аземделип коюлган экен.

— Эй, Зука, сени баятан бери сөздү неге созуп олтурат дейм да. Ушундай кереметти көрсөтмөк оюң бар турбайбы,— деп, Акыт күлө сүйлөдү.

— Ака, барыбыз да, нарыбыз да ушул эми. Атайын мактануу үчүн көрсөтөйүн деген жокмун, бешимден кийин жигиттердин “же бел кетер, же белдик үзүлөр” дегендери бар эмеспи. Ошого тушма-туш келип калдыңыздар, айып этпессиздер,— деди Зука.

— Бали, ал эмне дегениң? Сенин сарбаздарыңдын аскерий чеберлигин көрсөк неси айып экен? “Сактыкта кордук жок” деген,— деп Акыт тоо тарапка карады.

Анын мындай мүнөзүн Зука кечээ экөөнүн сүйлөшкөндөгү сөздөрүн акылдан өткөргөндүгүн ичинен сезди. Досунун көрөгөчтүгүнө ыраазы болгону ушунчалык:

— О, Ака, өзүң айтмакчы, сактанганды ким жек көрсүн? Көзүңө түшкөн сарбаз болсо, колуңду какпаймын. Айылдан көчүрүп барып, алдына малын айдатып, түндүгүн көтөрүп беремин. Айтканым айткан. сага оордук салбаймын.

— Баатырым ай, сенин эки сүйлөбөсүңдү билемин да, сенин сарбаздарың бүткүл Алтайга, кала берсе калың казакка паана. Мага сарбаз эмес, бала шакирт берсең болот эле.

— Ой, бали, балапанды уядан учуруу оңой дейсиңби? Боконосу ката элек балдарды сага берсем анда менин ким болгонум? Алсаң абдан такшалган сарбаздарды ал. Сени бала үйрөтө албайт дегеним эмес, эртең эле бу калың журт “шок Зука, бузуку Зука балдарга карабай, шакирттерин айыл-айылга таруудай таратып жатат” деген сөзгө калармын. Анын үстүнө балапанды уядан таратпайт, учурат эмеспи.

 Ошол кезде алардын жанына жоргосун чайпалтып келген Төлегетай жашы улуу болсо да элдин көзүнчө иниси Зукага:

— Баатырым, аскрлер дайын. Машыгууну баштай береликпи?— деди. Жанатан делебеси козголуп келе жаткан Дүрмекбай:

— Башта, балам, башта!— деп, айгайлап жиберди. Төлегетай жымыйып Зукага карады эле, ал көзү менен Акыт жакты ымдады.

— Устат ага,— деди Төлегетай Акытка карап,— Сиз эмне дейсиз?

— Эмне дейин, экөөбүз Дүрмекбайды дем алып олтура турган бир жерге олтургузсаңарчы, ылдамыраак,— деп кабатыр тарткан болду.

Дүрмекбай болсо ыңгайсызданып:

— Ой, карактарым ай, өзүңөр билгиле. “Күлсөң – карыга күл” дегендей, меники жай сөз эмеспи,— деп сөзүнүн аягын жутуп койду.   

Алар дөбөгө келип секинин үстүнө жайгашышты. Алып келинген куш жаздыктар коноктордун капталына төшөлдү. Эшик менен төрдөй жерге жалы төгүлгөн жорго минген Төлегетай жигиттерди эки топко бөлүп, эр оодарыш оюнун баштап жиберди. Бул, оодарыш деп аталганы менен бул тегеректе көпчүлүк көп көрө бербеген оюн болуп чыкты. Ат үстүнөн ийиктей чимирилип жерге түшө калып, жүгүрүп барып экинчи аттын артына секирип минип, ээсин жерге оодарып таштоо бир караган кишиге кызык болгон менен көргөн адамдын делебесин козгоп, коогага салып койчу оюн экен.

— Арасында орус, татар, өзбек көп экен,— деди олтургандардын бири.

Бул сөздү укканы менен зука маани бербеди. Эси-дарты сарбаздардын эле амандыгы, астына минген аттардын буту чорт сынбасын деген ойдун тегерегинде олтурган. Төлегетай добулбасчы жигитке белги берди. Дүңгүрөп добулбас кагылды. Талаа дүң эте силкинди. Тоо-таштар жаңырды.

— Ие, арбактар колдогула!

— Арбак!— дешип, жебелер кайчылаша атылып, найзалар кагылышып кирди.

— Абылай! Абылай! Абылай!— деди Төлегетай.

— Каракерей Кабанбай!— деди аскерлер.

— Канжыгалы Бөгенбай!— деди Төлегетай.

— Баатыр Баян!— деди аскерлер.

— Абылай! Абылай! Абылай!— деп, Төлегетай жоргосун чайпалтып, тегеретип келип ортого токтой калды.

— Эр Жаныбек!— деп ураан салды Дүрмекбай. Аскерлер:

— Эр Жаныбек! Эр Жаныбек! Эр Жаныбек!

— Алаш!— деди Зука ордунан атып туруп.

— Алаш! Алаш! Алаш!— деп, бардык аскерлер каз-катар тизилип улап кетишти.

— Баатырлардын урпагы бар экенсиңер!— деп Дүрмекбай ордунан тура калып, колдорун көккө серпип,— Алашым бир болгула! Баатыр болсоңор Алатоодой, Алаш болсоңор Алихандай болгула, оомийин!— деп, бетине бата тартты.

— Оомийин!

— Оомийин!
-Оомийин!— дешип, айлана дүңгүрөп кетти. Алардын доошун аска таштар улап, “Оомийин! “Оомийин! Оомийин!”— деп, Алтай өрөөнүн жаңырта алып кетти.

Олтургандар эми кызуу аңгемеге киришти:

— Тетигил жигит баатыр экен!

— Тигиниси айлакер экен!

— Тетигиниси накта кески экен!— дешип чуулдап жатышты. Дүрбөгөн көпчүлүктү Акыт оң колун көтөрүп тынчтандырды да:

— Кудайга миң бир рахмат, казагымдын биримдигин көрсөттүңөр, жигиттер! Аллага чын ишеним , Аллага чын урмат, Аллага чын таазим! Казакка Зукадай баатыр бергениңе ыраазымын Алла!

— Зука!

— Зука!

— Зука!— деп сарбаздар чуулдап кетишти. “Койгула” дегендей Зука аларга күлө багып колун көтөрдү. Жүз чакты сарбаз меймандар олтурган дөбөгө келип кол беришип амандашты. Кайрадан каны кызый олтурган Дүркембай чарчагансып, жөтөлүп калды эле, жанындагы жигиттердин бири кеседеги кымызды суна коюп, аксакалды тынчтандырды. Казанбай келип Зуканын кулагына бирдеме деп шыбырап калды. Ал болсо акырын жылмая башын ийкеп-ийкеп койду.  

 Алар олтурган жерге элүү ойноктогон тай, жыйырма кулундуу бээ, бир үйүр чымкый күрөң байталды эки жылкычы дүрүлдөтүп айдап келди.

— Акыт!— деген Зуканын үнү заңк этти,— Булар сенин айылыңа көрсөткөн сыйым, аз дебе.

— Ой-бо-ой, Зука, мунуң эмне? Мен сенден эчтеме сураган эмес элем го,  атүгүл ооз ачкан да эмесмин, өзүң жакшы билесиң менин мүнөзүмдү да,— деп, Акыт кыпкызыл болуп кетти,— Албаймын.

— Ие достум, алар сенин жеке өзүңө эмес, элүү тай шакирттериңе, жыйырма кулундуу бээ алардын суусундугуна, бир үйүр күрөң байтал быйылкы согумга болсун. Сунган колумду какпа. Дөбөдөгү башымды төмөнгө түшүрбө. Же, досум эмессиңби?!

Быйыл кыштан жүдөп чыккан айылынын жагдайын жакшы билген Дүрмекбай өзүн сабырлуу тутууга аракеттенип:

— Айланып кетейин Акыт, айылыбызга берилип жаткан шыбагага ырахмат айталык. Булар жаш урпактардын ырысы эмеспи. Зуканын атасы Сабит сени окуткан эле. сабиттин атасы Нурмухамет мага устат болгон. Чегинерибизге жер калбай турат, көтөрүп алпарат белек, туяктуу мал эмеспи, айдасак айылга өздөрү барар. Жаштар кубанар. Жетиле албай тургандар жетилер. Жана гана өзүң айттың го. Аллага ырахмат, Зуканы казактарга берген деп. Ошол Алла берген казактын колун какпа, балам,— деди.

Эки дос ысык кучакташты. Кечки салкын менен айылына көңүлдүү кайтып бара жатты...

 

***

... Жылжып жылдар, жүрүп жолдор кыскарды. Зуканын айылынан не бир кыйынчылыктар, не бир добулдар, куюндар, бороондор, жайлуу күндөр өттү.

 

***

Желден ылдам убакыт зымырап өтүп барат. Кара Ертыш менен өмүр агып барат.

  

***

— Ак жеңем келиптир,— деди Кызыке.

Куранды которуп олтурган Зука “азыр” дегендей ишарат кылып, төргө барып малдаш токунуп олтурду. Кийиз эшикти акырын көтөрүп бала көтөргөн кемпир менен бирге уулу менен келини кирди. Келин босого тарапта калып, жигит:

— Ассаломуалейкум, баатыр ата!— деп, кош колдоп амандашты.

Кызыкенин жанында олтурган келинчек:

— Ата, амансызбы?!— деп башын ийип, колдорун көкүрөгүнө койду.

“Бар бол!” деп ишара кылган Зука муруту түктөлгөн жигитке үңүлө карап:

— О, Жаркынсыңбы?— деди.

— Ооба, ата!— деди үнү заңк-заңк эткен жигит.

— Мынабу ошол Жаркындын күчүгү, бир жашка келди. “Өлүү арстандан тирүү чычкан артык” деген. Алмашкыс атасы эмеспи,— деп күрсүндү аял. “Булар кандай тез өскөн?” деп Зука ичинен ойлонду да:

— Ооба, жеңеке, алы-жайыңыз кандай? Айта олтуруңуз,— деди.

— Баатыр кайним ов, элдин алы-жайына көнүп калыпсың го, акылдашайын деп келдим. Жаштарга батаңды бер, заман ушулардыкы. “Билектүү бирди жыгар, билимдүү миңди жыгар” деген казак атам. Акыттын айылына окууга экөөнү бирдей аттандырганы жатамын. Бул балапанымды болсо боорума басып, өзүң сыяктуу баатыр кылып чыгарсам деймин. Бир казактын баласын тарбыялай турган акылым да, күч-кайратым да жетет. Тек, мынабул балдар катарынан калышпасын, окусун, уруксат эт! Батаңды бер!

Зукан ойлонуп олтуруп калды да:

— Ээ де, далай заман өтүптүр го. Алаштын кыялкеч Жаркыны окко учкан күнү туулган эле бул Жаркын. Карачы, мына, убакыттын учкулун. Азамат болуп калыптыр.

Мындан эки жыл мурда ушул эки жаштын никелерин да кыйган эле. билгендерге келин бала бул уулдан беш жаш улуу жоокер жигиттин жесири болчу. Ошондо ак жеңеси айткан эле: “Жесирди элге теңей турган гана иш. Менин неберем азамат болду. Көзүмдүн тирүүсүндө үйлөнтөйүн деп уруксатыңды сурап турамын” деп.

— Келгиле, алаканыңарды жайгыла!— деди Зука,— Баатыр болсоңор Кабанбайдай болгула! Аман болгула! Жакшы устазга шакирт болууга баратасыңар. Казак талаасын билектин күчү менен эмес, билим менен сактай турган заман келе жатат. Окугула! Жетилгиле! Канат каккыла! Казак талаасы кенен. Оомийин!— деп Зука бетин сылады.

— Оомийин! — деди эки жаш менен ак апа да:

— Айтканың келсин! Деп жүзүн сылады.

 

 ***

...Жылжып жылдар, жүрүп жолдор кыскарды. Зуканын айылынан не бир кыйынчылыктар, не бир добулдар, куюндар, бороондор, жаймажай күндөр өтпөдү. Камчынын сабы сынды, кылычтын мизи кайрылды. Көз жашы көл болду. Кан суу болуп акты.

Бирок.

Бирок.

Өрлүү Алтай чөкпөдү.

Тек күңгүрөндү.

Күңгүрөндү...

  

***

Зука узак жол басты.

Жол тим эле узак болчу.

Чарчабады.

Анын атын казактын ар айылы, ар тоо-ташы, ар өзөн-дайрасы “Зука-Зука” деп айтйштй. Ал Такламакан чөлү, Тибет, Гималай, Кашмир, Түркия жерлери нде де аста айтыла баштады.

 

***

...Жылжып жылдар, жүрүп жолдор кыскарды. Зуканын айылынан не бир кыйынчылыктар, не бир добулдар, куюндар, бороондор, жайма-жай күндөр  өттү.

 

***

Зука өрүштүү Алтайдын башында турат. Зуканын рухун Жин Шурын өлтүрө албаптыр. Өлтүрмөк түгүл сындыра албады. Сындырмак түгүл ийилте албаптыр. Зука ага ийилбей кетти. Анткени алда качан жылдызга айланып кеткен.

Көзгө сайса эчтеме көрүнбөс караңгылык. Эч бир дабыш да жок. Айсыз караңгы асманда бир жарык жылдыз жаркырап турат. Бул өзгөчө жылдыз. Ал жылдыз кара түндө узак-узак жол басып, Такламакан чөлү, Тибет, Афганистан, Иран, Ирак, Россия, Монголия, Гималаай, Кашмир, Түркия, Кытай жерлери аркылуу акырын жылжый Улуутоонун аймагын басып өтүп, Эсилдин агымы менен аркадагы Караөткөл жерине да жетти.

Ошол бир заманда Зука казактын караңгы түнүнүн жарык Жылдызы болгон.

PS: Ал бүгүн да урпактарынын адал ниетинин, тектүүлүгүнүн, бар болуусунун аркасында элдин түбөлүк жарык жылдызына айланды. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган береке-бирликтин аркасында эгемен элдин руханий баатырына айланды.

Баатыр урпагы кайсыл кылымда болсун тектүү...

 

Кыргызчалаган Айдарбек Сарманбетов

 

© Талгат Кеңесбаев

 

Талгат КЕҢЕСБАЕВ – 1961-жылы Чыгыш-Казахстан облусунун Семей районундагы Саржал айылында туулган. Жазуучу. Семей педагогикалык институтун бүтүргөн. Чыгармалары 1980-жылдан тартып ММКларда жарыяланып келет, 1988-жылы Казахстандагы “Жигер” республикалык фестивалынын лауреаты. 1990-жылы “Француз атырынын жыты” алгачкы китеби жарык көргөн. Бир нече китептердин автору. Чыгармалары бир катар чет тилдерге которулган. Түркиядагы Евразия жазуучулар бирлигинин мүчөсү.

 


Количество просмотров: 1632