Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Зинакан Пасанова, 2016. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2016-жылдын 27-июлу

Зинакан ПАСАҢОВА

Жаңы ырлар. 2015-2016

2015-2016-жылдын жазылган жаны ырлар.

 

УУЛУМ ҮЧҮН ДАЙЫМ ЖАШМЫН, СУЛУУМУН
 
Ыр жазам деп, жыйнай албай оюмду,
Үйдө олтурсам, чала байлап жоолукту,
Уулум тартып билгизбестен сүрөткө,
Бөлмөсүнүн төрүнө илип коюптур.
 
Көргүм келип көзү менен аялдын,
Мен өзүмө катаал сынай карадым.
Кабагыма түштү анан көлөкө,
Илгенине сүрөтүмдүн жаманын.
 
Балам, дедим, жакпады бул сүрөтүм,
Жасанбаган түрүм экен күндөгү.
Портретте турсам боло жаркырап,
Жөнөкөй бир аял эмес үйдөгү.
 
“Апа – деди сылап саамай чачымдан, –
Мага дайым сулуу жана жашсыз да.
Жашоом жарык Сиз бар үчүн Умайым,
Бейиш нуру Сиздин таман алдында”,
 
Өз уулуңа жагуу бакыт демекмин
Жасалмасыз бар турушум, келбетим.
Өткөн өмүр өзүң менен бааланат,
Өзөгүмдөн жарып чыккан перзентим.
 
Жаралгандан жан эмесмин ажардуу,
Жолду бастым билинбей көп катары.
“Жакшы” атка конуп-конбо ак жашап,
Тирүүлүктүн берер баасы-балдарың.
 
07.03.2016ж.

 

ӨМҮР
 
Күлүк күндөр көз ирмемдей өтүп бат,
Гүлгүн жаштык көргөн түштөй унутулат.
Күтө билсең тирүүлүктү түшүнүп,
Кереметтүү экен ар бир жаш курак.
Элестөөмдө дүйнө куруп түркүн-түс,
Эртеңимди элеп-желеп күтчүмүн.
Эңсөөлөрдүн теңин жолго калтырып,
Элеп коет экен турмуш түшкүрүң.
Желдей айдап кыялдары жаштыктын,
Кызык кундөр алдыда деп шашыпмын.
Кумарына тойбой жүрсөм өмүрдүн,
Бугун мына алты кырды ашыпмын.
Баскан жолум жеңил эмес, оор болду
Жашоом далай бир бөксөрүп, бир толду.
Жеңилинде:адебимден ашпадым,
Оорчулукта:башты жерге катпадым.
Кыштай кынап турмушумду курупмун,
Бала өстүрүү бакытым деп билипмин.
Бийик коюп көр дүйнөдөн абийирди,
Чындык үчүн артка кайтпай турупмун.
Ата-Журтка бересем аз кубанар,
Айыбым жок, бирок, элден уялар.
Калайыктан ката албасмын кандайым,
...А кимдигим көзүм өтсө ылганаар.
Өмүр, бала, өнөр болду байлыгым,
Түбү сары алтын экен сабырдын.
Сөздөн жасап кете турган өлбөстүк,
Жолду туура... туура тандап алыпмын.
 
11.01.2016ж.

 

ЖАҢЫ ЖЫЛДАГЫ ОЙЛОР
 
Жаркын майрам: жыл узатып, жыл тосуу,
Жомок, кыял, эңсөө – баары аралаш.
Жаңы жылга каалоо айтып, куттуктап,
Алыс-жууктан жоктойт жакшы санаалаш.
Өмүр сүрүп келем өтө жөнөкөй,
Кызматым жок эми тиер керегим.
Эстегендин,куттук айтып ушул кеч,
Жүрөгүндө жүрөрүмдү билемин.
Майда-барат пенделикке жеңилип,
Жакыныма кээде жөнсүз таарынам.
Жаш болсо да башын ийип эңилип,
Жан сиңдилер көңүл таба алышат.
Жалган достор кетер колдун кириндей,
Жашоо өзү ак-карадан жуурулган.
Жоготуулар, мүмкүн,салаар өкүткө,
А жакшыдан дайым эле жолум бар.
Ханзаададай сөөлөт күтө керилип.
Катарымда олтурушса уулдарым:
Мен аларга төгүп энелик мээримим,
Алар мага арнап сыйын-урматын.
Келген жылды босогомдон кийирдим,
Эски жылды жылуу-жумшак узатып.
Өз үйүңдө барга шүгүр келтирип,
Көңүлүң тынч олтуруу да бул бакыт.
 
01.01.2016

 

АК ЖААН
 
Айдын беши… Табигаттын мыйзамы –
Жай себелеп эзет күздүн ак жааны.
Жылуу очок... Жан балдарым кашымда,
Жүдөтө албас күздүн беймаал ызгаары.
 
Ай арасы... Октябрдын ак жааны...
Жайнап түшүп жалбырактар бактагы.
Күздүн күүсүн коштоп чертчү жүрөктө,
Күтүү, санаа, кусалык жок... баштагы.
 
Мерес жанмын, эми эч кимди сүйбөгөн
Өзүмдү аяп, сый жашоого үйрөнгөм.
Эзип жааган ак жаандай төгүлүп,
Ойлор гана жылуу-жумшак термеген.
 
Мен билбеген сырлары көп өмүрдүн,
Жоомарт болуп ийип турган кезидир.
Жан дүйнөмдү төкпөгөн да, чачпаган,
Жагып турат мага ак жаан, ушул күз...

 

БҮГҮНКҮ КҮН
 
Сүрөтүн тартып күздүн,
Башталды бүгүнкү күн.
Баркталып өтсө экен,
Башты ийбей санаа-түйшүк.
Баары бир бүгүнкү күн,
Жашоодон улуу белек,
Жаадырап жарык дүйнө,
Күз кийип сары көйнөк.
Гүлдөр да күздү сүйөт,
Албырып ыраңдары.
Жүрөктү жумшак термейт,
Жылуу ой-кыял дагы.
Шиңгилдеп кишмиш жүзүм,
Эзилип бышып турат.
Базарга батпай жемиш,
Токчулук жыты урат.
Жамгырсыз жылуу күндөр,
Жароокер, жоомарт мүнөз,
Жайнатып жолго төшөп,
Дарактар барик күүшөт.
Башталды бүгүнкү күн,
Жашоодон бизге белек.
Сентябрь... аземдүү күз,
Сезимдер шагын ийет...
Шүгүр дейм миң бир ирет.
 
29.09.2015

 

КӨЧӨ МУГАЛИМИ
 
Бурчун ээлеп көчөнүн, көп эл өткөн,
Китеп сатат мени окуткан эжекем.
Эстелиги сымал эсели союздун,
Китептери эски, эски... өңү өчкөн.
 
Жүрөгүмдөн өчпөй калган таалимиң,
Эжекем ов, мыктысы элең маалимдин.
Кандай тагдыр чыгарды экен көчөгө,
Кайсыл заман жоготууда адисин?
 
Жая тизип зым тосмого китебин,
Кайдыгер, суз, жупуну да, жүдөңкү
эжекемди карек даабай кароого,
Качып өтөм... айланып ал көчөнү.
 
Аяй тиктеп, же көз кырына илбестен,
Агат адам... китепке ой бөлбөстөн.
Китеп албай, алтын алчу заманда.
Эжекем ай, бул кылганың не десең?! .
 
Жүрүшпөгөн соодаңызга ойлонбой,
Китептерге көңүл байып толгондой,
Дүйнө капар олтурган сиз ушул жер,
Билген жанга билим жыттуу ордодой.
 
Байпак сатпай, китеп саткан өтүмсүз,
Байлыкка эч кызыкпастан өтүпсүз.
Бааланбаса таза дилиң, ак эмгек,
Бардыгына колду шилтеп кетипсиз.
 
Келээр кездер жан дүйнөнү тыңшаган,
Акчага эмес, ой-сезимге суусаган.
Өтүнөрүм: өзгөрүлбө, эжеке?
Өтөөр– кетээр пейили тар бу заман.
 
13.09.2015ж.

 

БИЛЕМ ЭМИ
 
Өткөн өмүр берсе да улуу сабагын,
Өздү, жатты ылгай албай каламын.
Түбү кыйшык оңолбосун билсем да,
Түз айтылат ак көңүлдөн саламым.
 
Көңүл жакын, жан күйөрүм дечүмүн.
Көп адамга жүрөгүмдөн берилип.
Арабасы жылган сайын өмүрдүн,
Азы калды арасынан терилип.
 
Бук болбойлу болбогонго жол улаш,
Буюрар бизге жаңы, жаңы ызаатташ,
Билем эми: байлык, бийлик дартына
чалынгандан күтпө достук кыйышпас.
 
9.09.2005ж.

 

КУРБУМ
 
Курбум эле жаштык кезден кабылган,
Барктаар элем бийик көрүп баарынан.
Андан өткөн акылы курч жан жоктой,
Ар бир сөзү сезилчү эле даанышман.
 
Жашоого эч түйбөөчүдөй каш-кабак,
Жүрөр эле бактылуудай шатма-шат.
Башкалардын бактысына, а бирок,
Бакылдыгын байкабапмын канча убак.
 
Досум эле кырчын кезде табышкан,
Көрүшпөсөк күндө беш маал чалышкан.
Кычык сөзүн элес албай жаш чакта,
Корком азыр жан кейитип алыштан.
 
Кыйла болду, оор дартка чалдыгып,
Кыйноо тарткан курбумду аяп ачынып,
Көңүл сурап барган сайын, сөз менен
кеги бардай чагып алат акырын.
 
Өмүр бизге берилген бир аманат,
Өттү көбү, жакшы-жаман аралаш.
Өлүм гана оңдоор кийин катаны,
Өзгөрүлбөй жүрсө экен санаалаш.

 

НОСТАЛЬГИЯ
 
Өмүр жылжып ага берет токтобой,
Кечээги күн бүгүнкүңө окшобой.
Өзгөрүлбөс бул турмушта нерсе жок,
Жашаш керек өткөн күндү жоктобой.
 
Бул чындыкка ынансам да капкачан,
Балалыкка сагынчым бар таркабас.
Туулган үйдү жандап агып туруучу,
Булак суудай эч ким аны айта албас.
 
Тоо булагы толкуп агып тынбаптыр,
Жээк бойлоп өскөн жалбыз жыттанып.
Тунук суусу кемибей да, кирдебей,
Май даамынан келет мөңгү муздагы.
 
Бала кезде барганымдай сууга кеч,
Булак доошу өзгөрүүсүз күү чертет.
Шарын тыңшап, арман-көксөм суубайт,
Кусалыгым жашырууга күч жетпейт.
 
Баары өттү: ата-энем, баео чак,
Биздин үй да чөгүп барат бүгүлүп.
Жылда эңсеп келген сайын айылга,
Нени издейм, нени таппай күйүнүп?
 
Туулган үйгө сый конокмун азыр мен,
Тасмал жаят кичүү келин – кожойке.
Ушул үйдө кең дүйнөнү эңсеген,
Секелек кыз элем, тообо. кечээ эле..
 
Агын суулар акпагандай артына,
Балалыкка кайтаар эми жол кайдан?
Туулган үйдү жандап агып туруучу,
Тоо булагы, өзгөрүлбө эч качан!
 
11.07.2015

 

“ЖАШОО ДА ТАТТУУ БАЛДАРЫҢ МЕНЕН...”
 
Катасын таап ишиңден кылган,
Каарымды төгүп сүйлөндүм, уулум.
Кадырың сынып, намыска туулган,
Кабагың салып түнөрдүң, уулум.
Кыйышпас эне-балалык сезим,
Кыл миздүү бычак учунда турду.
Көңүлдү суутуп тоңдуруп салаар,
Ортону жойлоп суук шамал урду.
Тилдедим сени тыя албай тилим,
Уулантар ачуу сөздөрдү иргеп.
Ичимден, бирок, келтирип тообо,
Кудайдан узун өмүрүң тилеп.
Кайтпастай болуп ачуумдан эч бир,
Каалганы катуу жаптым да, кеттим.
Бирок, жол бою тилдеп өзүмдү өзүм,
Жүрөгүм өйдү күнөөлүү сезим.
Жеткенде жаңы көздөгөн жакка,
Чалыпсың, уулум, ал-жайым сурап.
«Жолуңуз шыдыр болдубу, Апа?» ,
Добушуң камкор, жароокер чыгат.
Күбүлүп бардык капалык – ыза,
Сүйлөштүк ысык мээрбандык менен.
Кыйбайт эч сени перзентиң гана,
Жашоо да таттуу балдарың менен.
 
06.07.2015

 

ЖОЛОНГО
(Жолон Мамытовдун туулган күнүндө жазылган ыр)
 
Жашым улам жылган сайын өйдөлөп,
Мен Жолондун эжесиндей өңдөнөм.
Кырк сегиз жаш кыска өмүр жашаптыр,
Ыр калтырып, бирок, эч бир өлбөгөн
 
Бирге болуп ыр дүйнөдө кадамым,
Наамын алдым акын Жолон агамдын.
Ысымында кошо айтылып ысымым,
Тең бөлүшүп тургансыйт ал атагын.
 
Сыйлыгым бар атындагы Жолондун,
“Поэзия!” деген улуу жолдомун.
Албасам да Жолон ага батасын,
Табын сезем акын сүйчү алоо оттун.
 
1.04.2015

 

ЭЛЕГИЯ
 
Оп тартып элди... Бишкектин аэробекети,
Ошко учаар рейстин созулуп саат-мүнөтү.
Узатып келген классташ мырза жанымда,
Окуучу кезди эскерип эздик жүрөктү...
 
Жомоктой кызык өтүптүр биздин жашчылык
Класстын шок балдарын эстеп каткырып...
Сен сүйгөн кыздын, арзыган мени уландын
Аттарын, бирок, айталбай койдук жашырып.
 
Ошол кыз анда сулуу деле эмес окшочу,
Кара каш, кара көздөрү гана шойкомдуу.
Текебер наз... Чылбырдай чачы эки өрүм,
Айылдын нечен уланы сүйүп боздочу.
 
Класста бирге олтурган кызга кат жазып,
Алалбай жообун, аябай өңдөн азгансың.
Окугам далай катыңды ал кыз колунан,
Бырчалап, анан өрттөөчү, өчүн алгансып.
 
Бой жетип эрте, кылыгы менен суусаткан,
Окуусун бүтпөй күйөөгө тийди ыраактан.
Абайлай сурап дагы эле дайнын-дарегин,
Азырга чейин өчпөптүр сүйүүң муңайткан.
 
Айтпадым сага курбумдун жесир калганын,
Тымызын өкүт, тийбеген сага арманын...
Көрүшөм дебе... Көңүлүң аяп кыйылдым,
Кемпирди эмес, элестеп өткүн жаш чагын,
 
Узатып жатып аяолуу назик тиктедиң,
Өмүрдүн “кооздоп” жүзүмө салган издерин.
Балалык чакты эскерип бирге бук жазаар,
Буюрсун бизге жашоонун жарык күндөрүн!
 
“Ушул жаз тагдырымдан мага белек...”
Жазды эңсеп, көктөмдү кууп, кайтып келген,
Куштардын доошу ойготуп таң эртелеп,
Көңүлүм чыккан күндөй турса балкып,
Ушул жаз тагдырымдан мага белек.
 
Бир өмүр каалабаган жолдо бастым,
Бук кылды өткөн жылдар эч пайдасыз.
Бошоткон аргасыздык кишенинен,
Ушул жаз – өмүрүмдүн эң тазасы.
 
Оомат не? Жууса кетер кол кириндей,
Оролот ою арамдар эч билинбей.
Кызматым короп, мүмкүн, татыксызга,
Керегим асылдарга жүрдү тийбей.
 
Күн тийген жердин арсыз күкүгүндөй,
Көп экен пайдасына иш бүтүрөр.
Арылып айланамдан эки жүздүү,
Жакшыдан ызаат көрдүм ушул күндөр.
 
Жерибей өзүңдү өзүң, жолуң тапсаң
Жоодурап жандайт экен жакшылыктар.
Жаңылап жан дүйнөмдү бийиктеткен,
Ушул жаз мага белек тагдырымдан.

 

ЭСКИ ОЙЛОР
 
Өзүнө не тартчу десем күнү-түн,
Өзгөчө экен мага бул шаар сен үчүн.
Өрт жуткузуп ичке толгон кусалык,
Өзүң түгүл шаарың кошо сүйүпмүн.
 
“Бишкек” десем айтылгандай ысымың,
“Тыз” дей түшчү жүрөк арнап ысыгын.
Бирикпеген тун сезимдер эскирип,
Шаарыңдын да кетип барат кызыгы.
 
Эми мага ал бир калаа болгону:
Көркөм көчө, керилген түз жолдору.
Кылчактаткан кыйбастыктын изи жок,
Купулума мурдагыдай толбоду.
 
Сен жашаган шаарды эми дегдебейм.
Ишим түшсө келип-кетем кайдыгер.
Бет келишсек, билем, кайчы өтөрмүн,
Саламы түз сый тааныштай түр менен,
 
6.06.2015

 

ЭНЕЛЕР ӨКҮМҮ
 
Жүзү курусун кордогон наристени,
Периштесин бейкүнөө бул дүйнөнүн,
Бүт энелер атынан өкүм кылам,
Бачабазга бир гана жаза – өлүм!
 
Кечирим жок балдарды кордогонго!
Келечекке урулган сокку ошол го.
Бүт энелер атынан буйрук кылам:
Бачабазга орун жок бул жашоодо!
 
Бала – көркү өмүрдүн назик гүлдөй,
Тамчысындай булактын таза дүйнө.
 Балапанын коргоосуз таштап салган,
 Каргыш сага ата-эне, кара мүртөз!
 
Бала – адамга берилген улуу мурас,
Тирүүлүктү үзүлгүс турар улап.
Балалыгы кордолгон зомбулукка,
Эртенки муун, эх билбейм, кандай чыгат?
 
12.05. 2015ж

 

ЭНЕ
 
Күндөн мурун эне ачат көздөрүн,
Кышбы, жайбы, кетпейт эч бир өзгөрүп.
Таңкы ырыскы балдарына белендейт,
Жүрөгүнүн ысык табын өткөрүп.
 
Эне үчүн бул жагымдуу убара,
Идиштер да шыңгырашып кубанар.
Мээрим кошуп бышырганы таң эртең,
Дасторкондун көркүн көрккө чыгарар.
 
Эне барда үй да жылуу мемиреп,
Жалынганы таш жүрөктү эритет.
Уул-кызынын амандыгы, бактысы
Ага кымбат бакыт болуп сезилет.
 
Капа кылуу оңой бизге энени,
Бирок, аны жутуп коет ичине.
Түн уйкусун бөлүп тилейт өмүрүн,
Кирип калса балдары көп түшүнө.
 
Энелүү үй качан болсо майрамдай,
Эркелээриң болсо бакыт ээ кандай!
Энеси бар жүрөт дешет картайбай,
Бар болгула, Энекелер ак саамай!
 
18.05.2015

 

УШУЛ ЖАМГЫР...
 
Ушул жамгыр бир мен үчүн жаагандай,
Үйгө камап... Жүргөнүмдө ыр жазбай.
Булуттуу көк, буктуу көңүл биригип,
Ээлеп алды сабыры суз бир маанай.
 
Жөн куйбады ушул нөшөр эртелеп,
Ыргап боюн бүрдөгөн жаш тал-терек.
Ызгаар, суук... туман кетпей узун күн,
Ыраактаган ыр дүйнөмдү эңсетет.
 
Боз мунарык чалган асман ыйласа,
Бүтүн жүргөн көңүл сынып, туйласа,
Бүгүн мага ушул жамгыр ыр берет,
Үйгө камап,
Бирок... кең дүйнөмө сыйбаса.
 
Келтирсем да кээде барга шүгүрдүк,
Жеңсе дагы бүтпөс иштер күнүмдүк.
Ыр өзөнү суусуз какшып калаардай,
Бере албаймын мен өзүмө жеңилдик.
 
1.05.2015

 

ЖОМОК ЖАЗГЫМ КЕЛИП ТУРАТ, НЕГЕДИР...
 
Өмүр жашым биринделип эленип,
“Өттү, кетти...”, – өксүк ойго термелип.
Өз жашоомдун сырын чечээр маалда,
Жомок жазгым келип турат, негедир...
 
Өтсө да эчак ишенчү кез жомокко,
Жомок угаар балдарым да чоңойгон.
Ыр ордуна жазып кирдим жомокту,
Тапканымдай издегеним, жоголгон...
 
“Жомок” дейбиз колго тийбес кыялды,
А кыялсыз көр турмушка чыдачы?..
Сыздай берээр айыкпаган дарт сымал,
Ишке ашпаган үмүттөрдүн ызасы.
 
Жомок гана ишеничти бекемдеп,
Ак ниет жан максатына жетет дейт.
Ак-каранын күрөшүндө акыры,
Адилеттик гана жеңип кетет дейт.
 
Мага жагат жомоктордун каарманы,
Талбай издеп жүрүп табаар таалайын.
Акылмандык ак сакалын жайкалтып,
Калпып берет турмуштун зор сабагын.
 
Өмүр жашым биринделип эленип,
“Өттү, кетти...”, – өксүк ойго термелип,
Өз жашоомдун сырын чечээр маалда,
Жомок жазгым келип турат, негедир...
 
26.04.2015ж.

 

АСЫЛДАР
(ыр түрмөктөн)
 
Жашоодо көп азгырыкка жеңилбей,
Жазмыш күткөн таза жана жөнөкөй.
Жакшы адам тунук шоола жарыгын,
Чачат экен башкаларга ченебей.
 
Өмүр ээси, мүмкүн, ал бир жупуну,
Жолугууну, бирок, эңсейм утуру.
Сыйына арзып дал өзүндөй сыпайы,
Төгүп алдым ичке каткан бугумду.
 
Керек мага жылдыз, мээриң төгүшүң,
Ызы-чууда өткөн оопа күн үчүн.
Көңүл калып текеберлүү жандардан,
Кирдегенде угуп кытмыр күлкүсүн.
 
Оо бир кезде тегиз элек, жаш көчөт,
Оюбузда: элге эмгек кылсак деп.
Ортодон көп өткөн жылдар көрсөттү
Ой-максатты турмуш кээде жеңет деп.
 
Мезгил буруп туура жолдон кээ бирин,
Таанылгыстай өзгөрттү го, эх чиркин!
Дили таза чын курбулук мамиле,
Таманында калды байлык, бийликтин.
 
Алыс болсом десем арам ойлуудан,
Котур ташын каткандардан койнуна.
Оомал-төкмөл бул дүйнөдө Жараткан,
Жашап көргүн арасында дейт тура.
 
Мансап, байлык илдетине чалынбай,
Таза адам бүгүн бизге дарыдай.
Чын дилинен чыккан жылуу мамиле,
Чаңкоо басты нават салган чайындай.
 
26.04.2015.

 

“ЭЛДИН БААСЫ ЧЫНЧЫЛ, КАЛЫС, ТАРАЗА...”
 
Көңүл чаппайт сезим ырын жазууга,
Күлкүм муздап, оюм онго чачылат.
Аваз кылган эли даңктап асылдар,
Арабыздан куугунтук жеп жашынат.
 
Өкүмдардык, кылба канча саясат,
Элдин баасы чынчыл, калыс, тараза.
Тирүүсүндө эл оозуна алынар,
Мекенге ак кызматына жараша.
 
Кыргыз журту өттү жолдун далайын
Парасаттуу, иргеп жакшы-жаманын.
Эл ардактап жүрөгүндө сактаган,
Эрендер бар ачкан тарых барагын.

 

“АДАМДАРГА ЖАН ДҮЙНӨМДҮ ТӨШӨПМҮН...”
 
Балалыгым өтүптүр жок кемчили,
Коомай ачып сырдуу турмуш эшигин,
Билип-билбей бой урупмун толкунга,
Баео бойдон балапан ууз сезимим.
 
Максат улуу, багынтчудай Эверест,
Басам дечүм жолдон эч ким өтө элек.
Адамдарга жан дүйнөмдү төшөпмүн,
Адашуудан ачуу сабак алып кеч.
 
Жабыр тартсам кара өзгөй пендеден
Периштедей асылдар да туш келген.
Акыры бир күн сынган көңүл айыгар,
 А асылдар өчпөйт экен жүрөктөн.
 
Жакшы адамдар дили таза, пейли кең,
Жамандык эч колдорунан келбеген.
Жакшылыгы тар дүйнөнү кеңейтип,
Бул ааламды кармап турат термелтпей.

 

ТУУЛГАН КҮНДӨ ЖАЗЫЛГАН ЫР
(11.01.2015)
 
Январь. Жылуу туман, жумшак жамгыр...
Үй жылуу... Дем алыш күн таңы атып.
Уулумдун уйкудагы деми жылуу,
Үлгүргөн мага арнап шоколадын.
 
Шоколад, кошулмасы мейиз, жаңгак,
Алдына жаздыгымдын түнү каткан.
Туулган күн – жылда келчү куттуу күндө,
Баламдын белеги бул – мага жаккан.
 
Жүрөгүм элжиреди майдай эрип,
Жибидим мээримине перзентимдин.
Мен да ал бала чакта жаздыгынын,
Алдына катаар элем эңсөөчүсүн. .
 
Сүйүнчү таап алып жаңы оюнчук,
Сүрөттүү китеп, таттуу же кошулуп.
Балалык таза, чынчыл кубанычы,
Бактылуу кылчу мени кайра туруп.
 
Бат эле кайтты мага ошол каадам,
Балдарым жаздыгыма белек катат.
Уйкудан ойгонгондо колго тийип,
Ууртумда шоколады эрип жатат...
 
11.01.2015

 

“СУРАБАҢЫЗ ЖҮРӨКТҮН БҮТҮНДҮГҮН...”
 
Бүтүндүгүн сурайсыз жүрөгүмдүн,
“Жүрөк бүтүн” деп айтар деги эле ким?
Калбыр кылып аз-аздан кетип бүткөн,
Күнүмдүккө ыпырап кемигеним.
 
Түттүм далай түтөгөн чоң кайгыга,
Ата-энемден, инимден ажыраткан,
Тыз-тыз козгоп ырбатты жүрөк дартын,
Туз куйгандай күйгүзүп ачуу арман.
 
Жоготуудан башкасы түккө турбас,
Майда-барат бир күнү унутулат.
Жүрөктү көп оорутту арсыз жандар,
Жүзүн жаап кубулган кыйдылыктан.
 
Көндүм болуп турмуштун экчегени,
Көп соккуга кебелбей калган кезим.
Жалгандыкты бир гана кечире албайм,
Жасалманы жактырбайм, жерип сезим.
 
Сурабаңыз жүрөктүн бүтүндүгүн,
Сыр боюнча калсынчы Сизге бүгүн.
Суроонуздун жообун азыр эмес, ,
Түшүнөрсүз ырымдан окуп кийин...

 

ЖАҢЫ ЖОЛ
 
Өзгөрүлмө дүйнөнүн көр кызыгын!..
Мен келаткан жолу арып турмуштун,
Жаңы жолго түшүү үчүн жаңылбай,
Тушоом чечип, торду үзүп ыргыттым.
.
Танган кезде кечип эски жолдордон,
Жаңы жолдор өмүрүмдө көп болгон.
Жол башынан баарын кайра баштоого,
Ишеним бар күчтүү жана коркпогон.
 
Кааладымбы, же тагдырдын өкүмү...
Айрылышта турам ойлуу мен бүгүн,
Бараар жагым күүгүм чалып карайса,
Караан тутуп жеңил, тазаүмүтүм.
 
21.11.2014

 

ЭЛ ТАНДАЙТ ӨЗ БААТЫРЫН
 
Көңүл чаппайт сезим ырын жазууга,
Күлкүм муздап, оюм онго чачылат.
Аваз кылган эли даңктап асылдар,
Арабыздан куугунтук жеп жашынат.
 
Өкүмдардык, кылба канча саясат,
Элдин баасы чынчыл, калыс, тараза.
Тирүүсүндө эл оозуна алынар,
Мекенге ак кызматына жараша.
 
Кыргыз журту өттү жолдун далайын
Парасаттуу, иргеп жакшы-жаманын.
Эл ардактап жүрөгүндө сактаган,
Эрендерге тарых ачар барагын.

 

ЖАЗГЫ МААНАЙ
 
Жаз келгенге жаркып турат маанайым,
Жакшылыкка жүрөктү кең ачайын.
Кутман таңды тосоюнчу сүйүнүп,
Таң шоолага куштарланайын.
 
Өктөм турмуш тыйбаса да сынагын,
Өмүр баркын билип калган курагым.
Кейигенден толбоду эч кемтигим,
Жашайм эми ар бир күнгө кубанып.
 
Жаштыгымды жалыны жок өткөргөн,
Жерип турам жашык, уяң өзүмдү.
Күтө албастан чоң сүйүүнү бир келген,
Кызыгы жок сүрүпмүн кыз өмүрдү.
 
Жебе болуп атылбастан мелженген,
Жай келипмин максатыма көздөгөн.
Аман болсо алтын башым…Мен эми
Жарык жанып жашаганды үйрөнөм.
 
Аялмын, чын, таппаган өз бакытын,
Арман кылбайм жазмышыма акындык.
Өксүү тагдыр өчүн алып ыр менен,
Айныгым жок ак жолумдан беттеген.
 
Качкыла эми менден ойлор караңгы,
Күндүн бетин тоскон булут тарагын!
Муңу арылбас пенде болуп бир байкуш,
Бүтүргүм жок өмүрүмдүн аягын!

 

ЖАЗ ЭСТЕТТИ ЖАРКЫН КҮНДӨР БАРДЫГЫН
 
Кыш этегин жыя баштады,
Каары кайтып, бирок суугураак.
Жазды тостум, бирок, көңүл кош,
Жок эле эч менде бул адат.
 
Чарчадымбы, же үмүт жок,
Келээр жаздан дайым күтүүчү.
Өмүр эми сыйсыз коноктой,
Өзгөрүүсүз өтөр… өтүүчү.
 
Козгой албайт эми делебе,
Күндөр мага өгөй, мээримсиз.
Бөксөм толбос болсо дегеле,
Жазбы, күзбү… мага бары бир.
 
Деген оюм капыс бузулду,
Сайрап ийсе сүтак асмандан.
Кең асманды чууга толтурду,
Келгин куштар үнү шаттанган.
 
Катарларын бузбай жазды кууп,
Келгин куштар шаңшыйт конбостон.
Авазында чексиз кубаныч,
Аман кайтып алыс жолдордон.
 
Сүтак үнү жазды жар салган,
Келгин куштар курган салтанат.
Көңүлүмдү кетти жаңылап,
Жаркый түштү жашоо кайрадан.
 
Канаттууча неге жокпуз биз?
Бул жашоого кумар канбаган.
Убактылуу берген өмүрдүн,
Улуулугун эч бир танбаган.

 

БЕШИК ЫРЫ
 
1-ыр
 
Алдей, алдей, алдейим,
Ак бешигиңтермейин.
Азаматуулболсодейт,
Апакеңдинтилеги.
 
Бачым укта, бөбөгүм.
Бешигиңе бөлөйүн.
Өйдө болсом өбөгүм,
Ылдый болсом жөлөгүм.
 
Укта, бөпөм, уктагын,
Мамык болсун жуурканың.
Периштелер кайтарып,
Уйкунду эч ким бузбасын.
 
Таттуу уйкуга бөлөнгүн,
Татынакай, бөбөгүм.
Умай эне алдейлеп,
Мээримине бөлөсүн.
 
Балдай ширин түш көргүн,
Бейпил өтсүн түн кечи.
Бактылуу бол, болгондой -
Ата-энеңдинэркеси.
 
Чыгааны бол элиңдин,
Чеби болгун жериңдин.
Чындык сөздү сүйлөгүн,
Чаласы жок кебиңдин.
 
Эмгекчил бол, каралдым,
Эл ишинежарагын.
Ак эмгектен баар таап,
Элдин алгын батасын.
 
2-ыр
 
Энекеңдин жылуу кучагы,
Мемиреп, уулум, уктагын.
Уйкунду коргоп периште,
Ууртуңдан жыттасын.
 
Бешенеңден өбөйүн,
Мээримиме бөлөйүн.
Балтыр этиң толгуча,
Медериң болуп берейин.
 
Ак мамыкты жабайын,
Алпештеп сени карайын.
Ак өргөөңдү көтөрүп,
Тоюңа көрсөм даярдык.
 
Ак жолтой, уулум, садагам,
Акылы жуксун атаңдан.
Агаңдын алып өрнөгүн,
Агарып өскүн батадан.
 
3-ыр
 
Түн кирип, жерди чулгады,
Баары тынчып уктады.
Бешигиңде мемиреп,
Көзүңдү жум сен дагы.
 
Караңгыда бары уктайт,
Чымчыктар конуп бутакка,
Чычкандар кирип ийинге,
Күчүгүң кирет уяга.
 
Балыктар уктайт сүзбөстөн,
Бекинип суунун түбүнө.
Карышкыр гана уктабай,
Жем издейт жортуп күнүгө,
 
Укүдө дагы уйку жок
Көздөрү күйөт жумулбай.
Бактагы гүлгө жашынган,
Аарылар доошу угулбай.
 
Толукшуп толгон Ай жылат,
Уйкуңду коргоп сакчыдай.
Арыктан аккан шылдырап,
Агын суу ырдайт басылбай.
 
Сыдырым согуп желкелет,
Бешигиңди терметет.
Жүзүңдөн сүйүп сүйкүмдүү,
Жылдыздар нурун себелейт.
 
Түшүңдө өсүп чоңойсоң,
Каруу-күчкө толорсуң.
Баралыңа келгенде,
Балбан жигит болорсуң.
 
Укта, бөпөм, уктагын,
Өскүн билбей убайым.
Балдай таттуу балалык,
Бактың болсун ылайым.

 

© Зинакан Пасанова, 2016

 


Количество просмотров: 2112