Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Айдарбек Сарманбетов, 2016. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2016-жылдын 13-июлу

Айдарбек Имангазиевич САРМАНБЕТОВ

Кыямат жолдору

(повесть)

 

Жазуучунун бул жаңы гана жазылган повестинде каргашалуу да, кандуу да Үркүн, анын келип чыгышы, өтүшү жана соңу тарыхий-документалдуу далилдер менен көлдүк бир үй-бүлөнүн, он беш жашар өспүрүмдүн көзү, тагдыры менен баяндалат. Жүз жылдан кийинки Кытайдагы үркүндүн жаңырыгы автордун ийги табылгасы, баалуу табылгасы болуп саналат.

 

Өздөн чыккан жат жаман,
Өзөктөн чыккан өрт жаман.

Кыргыз макалы 

Улуу жолду улаган табат,
Улуу тарыхты сураган табат.

 

Жолбашат

Бишкектен карт Кытайдын түндүгүнүн борбору Үрүмчүгө эки, Үрүмчүнүн кайра чыгыш-түндүгүндөгү Кулжа шаарына дагы ошончо саат учакта учуп акыры ага да жеттим. Баратканымдагы, Кыргызстан-Кытай чегинен, төө өркөчтөнгөн, текши быгып жаткан ак булуттардан бөлөк жер-тирүүлүк көрүнбөгөн бийиктиктен зуулап учуп өткөндөгү кереметтүү элестер эч унутулбас! Он миңдей метр бийиктиктен! Мурда деле Россия, Түркия, Пакистан окшогон көп өлкөлөргө деле учкам, узак, бирок мындай катуу эргиген эмесмин. Анткени, өз, жаны бирге Ала-Тоомдун үстүнөн учуп баратам! Үстүдө көпкөк, тунук асман, кайрымсыз туңгуюк. Алысты карасаң оп тартып кетчүдөй коогалуу да, айбаттуу. Анткени ал тереңдикте сырдуу чексиздик, түпсүз аалам жатат. Күн гана таза көктүктө тээ, алыстан мунарыктай жаркырап, жалгыз жарыгын чачат. Жердин келберсиген кенендиги, бу, алп табигатта пенделердин алсыз, майдалыгы ошондо гана даана билинет белем! Айрыкча кыргыз тоолору алп, сүрдүү! Айтылуу мухит сүрөттөрүнүн падышасы аталган атактуу Айвазовскийдин алааматтуу тогузунчу валдагы толкундары ушул жерге канабайрам салып өтүп, белгисиз зор күчтөн бир заматта катып, убакыт токтоп  калгандай, ак мөңгүлүү бийик-жапыз кыр-чокулуу тоолор миң кабатталып, самолёттун канаты алдында аста жыла, артта калып жатты. Адамдар менен жаны бирге делген Жер үстүндө өлүмтүгүн арткан бу, баш-аягы жок, алп дүйнөнүн түйшүктүү пенделер менен түк иши жок, алардын бар-жогу ага сокур тыйынчалык белем! Анткени, Жер -  улуу ааламдын бир бүртүгү, алмустактан артынып келаткан өз озуйпасы, өктөм мыйзам-буйругу бар. Адам – андагы убактылуу мейман гана белем...

Ушундай уңгусу терең ойлор менин байыркы да, азыр байманалуу да Кытайга, тактап айтканда Синцзяндын Үрүмчү деген борбор калаасына Кытай өкмөтүнүн Маалымат жана чет өлкөлөр менен байланыш агенттигинин чакыруусу менен сапар тартканымды, алар бир ай бою эли-жерин кыдыртып, көрүп-билгендеримди, кыргыз, казак, уйгур, моңгол, калмак, дунган... окшогон аз сандуу аталган элдердин жашоо-турмушун жазып берүүгө баратканымды эстен чыгарат. Бармак басым кенедей жерди жердеген бир ууч кыргыздарга маани берип, аз болсо да саз делген биздей түптүү элдин бир түгүндөй мени, калеми менен учкаяк кыялынан бөлөк дүйнөсү жок жалаңкат жазуучу, жаңылыкка жут журналистти чакырганына, андан да көптөгөн калемгерлер ичинен мени тандап алгандарына таңданып, анын сырын билүүгө акылым жетпей келет. Улуулук – жөнөкөйлүктө деген ушул белем! Бир жарым миллиарддай эли бар, дүйнөнү таң калтырып күтүрөй өсүп жаткан Кытайдын алты миллионго жетпеген кыргыздарга, алардын арасынан мендей бир тоголок баш кыргызга көңүл салган жупунулугу кантип таң калтырбайт. Эки-үч айдан бери камынып, жана эле, Бишкектен учарымда бу сапарым кандай болор экен, кандай башталып, кантип аяктаар экен деп санаркап жаттым эле, эми анын баары эсимден жуулуп кетти... Анткени, ал, жүрөксүткөн сапар башталды. Артка жол жок...

Саатына миң чакырымдай ылдам учуп, он чакырымдай бийиктиктен адам тургай,  айыл-шаарлар бармак басым калдай караанга айланып, Ала-Тоонун чөйчөгүндө  чалкыган Ысык-Көл болсо мухиттин үзүгүндөй жерде көгөрө жайылып, ат эмес төөнү агызган дайралар чарык жиптин учугундай гана тоо аралай алсыз соёлоп артта калат. Анан эле ажайып сулуулукка суктана терезеге жабыша тигилген мага чуудаланган аппак булуттардан кериле бой созуп, көпкөк асмандын алкагында ак карга чулганган керемет, бийик тоонун чокусу заңкайып турганы капысынан көзүмө уруна калды. Египеддин айтылуу пирамидасынын эң бийигинин (Хеопс беле, кокуй, ал кайдан караандасын!) бурчтанган тик чокусун ак кар, көк муз басып, бу, калкагар бийик тоолордун арасына тим эле адашып келип калгандай. Кыргыз эмесминби, кырк чоросу төш, өзү баш болуп калың кара колун казатка баштап келаткан алп Манастай сезилип кетти мага, ал чоку.

— Хан-Теңири, — деди жана таанышкан жанымдагы атбашылык Муктар деген кырктардагы ишкер жигит мага тийиштүү кыла сүйлөнүп. Анын үнү  толкунданганынан калтырай чыккансыды, жанатан менин ойдолоктоп жатканымды байкап олтурса керек,— касиеттүү Хан-Теңири дечү эле атам... Ошол!.. Тоолордун падышасы! Дайыма көрөм, баарынан бийик, заңкайып бой созуп турганы турган, кайранымдын...

Мен катуу толкунданганыман ага жооп кайтарып үн ката албай тамагым буулуп, каным дүргүп турду. Кыргыз жеринин, тоолорунун, Хан-Теңирисинин кереметин кара! Ааламды челип! Сүрдүү сулуулук... Сүрөттөөгө сөз алсыз!

Үрүмчүдөн Кулжага учуп келатканымда да дал ошондой керемет дагы кайталанды. Жана, эртеде  Хан-Теңири сол тараптан заңкайса, эми да кыйгачтай артка учкандан улам кайрадан эле сол  жактан айбаттуу бой керип турду. Алп Манас Кароол-Чокусунан атпай ааламга баам салып тургандай. Жанында кабат-кабат, бийик-жапыз ак чокулар... Жарык дүйнөгө  жаралгандан тоо менен жаны бир, ой-кырын улактай аралап өскөн мен эмес, ушул эле кытайлык, Пекинден мени тосууга атайын келген өкмөттүк кызматкер кыз (келин экенин кийин билдим) Гуанжинг, кызылсуулук кыргыз келин-тилмечим Айкын да планшет, телефондорун шыркылдатып улам бир терезеге жабыша калып, керемет көрүнүштү түгөтө албай жолдугата сүрөткө тартып келишет. Айрыкча, жумурткадай апакай жүздүү, кытай аялзатына мүнөздүү ничке, саал кылыр, кой  көздөрү жайнаган Гуанжинг сүрөттөрдөн көрүп жүргөн кытайдын накта, назик, сулуу кыздарынын бири өзүнүн ханзу тилинде улам бир тарапка ымдап, сөөмөй сая көрсөтүп Айкынга шыпшына кубанычын бөлүшөт, ажайып сулуулукту көрүп кал, ушундай да керемет болорбу, эми бу жашообузда эч көрбөй каларбыз, кайра кайталанбайт дегенсип чебелектейт. Акжуумал, жылдыздуу Айкын кыргыз кыздарына мүнөздүү сабырдуулук менен ал көрсөткөн тарапты кызыга карап, тигинин тилинде ал көрсөткөн тоонун сырын түшүндүргөнсүйт. Канча тил билсең, ошончо элди билесиң, байлыгың – тил деген элдин накыл кеби чын экен. Тил билбеген жаман тура, малдай болуп, эгер билгенимде кытай кызга нечен кызык сөздөрдү саймедиреп айтып берер элем. Кыязы, ал бул тарапка алгач жолу келсе керек, кубанычын бала сымал жашыра албай, жүзү албырып, чебелектейт. Мен болсо унчукпай ичимден компоюп ой багам: алар суктанып бүтпөй жаткан бу тоолордун зор мекенин – Ала-Тоону биздин бабалар эзелтеден бери мекендеп, төрт тарабынан көз арткан баскынчы  жоолорго бербей, саргара сактап, ээликтеп келишкен, мен ошолордун урпагымын деймин! Силер эми суктанып жаткан бул бийик, керемет тоолор илгертеден эле биздики деп кыйкыргым, төш кагып мактангым келет! Бирок анымды ачык айта албайм, кайра туруп ичимден кан өтүп кетет: бу, тоо мекенибиздин түштүк тарабы кытай менчигине өтүп кеткенине кылым ашып кетпедиби... эссиз ажобуз ыйык Хан-Теңиринин үчтөн бирин эмеле, жакында эле үчкө үлүштөп берип салбадыбы...

Ошондо Түркиянын борбору Анкарадагы түркий жазуучулардын чоң конгрессинде жупуну эле бир түрк жазуучусунун айткан хикаясы эсиме кылт этип түшө калды: бир баскынчы хан кыйды ой менен коңшу ханга талап жиберет экен: экөөбүз тынч жашайлы десең сулуу катыныңды мага бергин, көзүм түшүп жүргөнүнө көп болду, болбосо элиңди чаап алып, тагыңды тартып алып, жериңдин ташын талкан кыламын деп. Башына оор мүшкүл түшкөн хан нечен толгонуп, амал таппай куруганында акыры аялына сырын айтат. Акылгөй аялы да элим үчүн башым курман, жалганында айрылышсак чын дүйнөдө жолугушарбыз деп жоо колуна өтөт. Кыйды баскынчы өзүнүн купуя, арам оюна жетмекке коңшу ханга көп өтпөй эми элде жок байлыгым деген  күлүгүңдү мага бергин, болбосо эли-жериңди жылаан сыйпагандай талкалаймын деп дагы чабаганын жиберет. Дагы да башына балээ түшкөн хан эр жигиттин биринчи канаты акыл кошчу аялы, экинчи канаты күлүк ат дечи эле акылгөй бабалар, бу кески менин эки бирдей канатымдан айрыйын деген экен, эли-жерим үчүн аял, күлүгүм эмес башым курман эмеспи деп, акылы жеткени менен амалы жоктугунан эми айлам канча, азыр жоону чапканга элим алсыз, биримдигибиз жок, көнбөсөм болбостур деп бет келген жоосун тосо чыкканда арка-бел, талыбас канаты болуп келген күлүгүн да ичинен ыйлап, сыртынан сыр бербей анысын да берет. Алкымы ачылып, өзүнүн өктөмдүгүнө маашырланган көөдөк хан дагы бир аздан кийин акыры арамдыгын ачык айтканга кезек келди деп: эми бул кең жайытыңды мага бергин, малымды жаяйын, жерим тарып батпай кетти, айткан шертиме көнсөң жаныңды аман калтырайын, болбосо бозүйүңдү камгактай учуруп, жериңди бүт чаап аламын деп сөз айттырганда коңшу хан дароо: аялым нике кайып эле, дагы буюрганын алармын керт башыма Теңирим буюрса деп кайыл болгон элем, андан соң  күлүгүмдү сен сураганда Камбар ата колдосо жөө калбасмын деп жанымдай көргөн аны да кыйдым эле, мунун бардыгы элим үчүн болучу, эми көөдөк, сен чектен аштың,намысыма катуу тийдиң: ата-бабаларымдан мураска  калган мекенимди, элимдин жерин сурадың, жер менин энчим эмес, мекен – элдики, элимдин жерин мага азууңду Айга кайрап коркутсаң да бере албаймын, мекеним үчүн башым садага, эр болсоң келгин жекеге деп жооп кайтарган экен. Акырында эки хан чабышып, жеңиш элим-жерим деп башын сайган хан тараптыкы болуптур деп сөз бүтүмдөдү эле каны бирге Түрк атанын ошол урпагы. Айткан кебиң даана чындык деп мен жеримди берип салгансып айыптуудай башымды ийгем ошондо ага. Ал айткандай уламыш бизде да айтылат. Алар жүз, миң жылдык жашоодон улам жаралып, жон тери, кара баштан кечилип өткөн соң кийинкилерге накыл катары айтылып калат тура. Нукура чындык, терең акыл...

Азыркы, акыл-эсибиз алда качаңкы, караңгы деген бабаларыбыздан не миң эсе  өсүп кеттик деп мактанган заманда акылсыз ажолорубуз эмне кылышты? Өстүкпү?! Үзөңгү-Кууштай кыргыз элинин куттуу жер байлыгын, Каркырадай эл казынасын карт тарыхына карабай үстөгүнө кошо сатып, Хан-Теңиридей кыргыз элинин гана эмес, бүтүндөй дүйнөнүн кутун үчкө бөлө алдырып, элине жоо жасабас саткындык жасап, качып кетишпедиби? Акыры түбү эмне болушту, ал эссиздердин? Өздөрүн эл түп көтөрүлө кууп салды го, акыл тегереткен пендеге түбөлүгү менен кошо куулушту. Жазасынын жаманы ошол: эми алардын өздөрүнө гана эмес, балдарына, небере-чөбөрөлөрүнө чейин мекенине жол бек. Эл кечирбейт, жерин саткан мекен душманын эзели унутпайт...

Ой тобо, адам ойу деген ченде жок күлүк экен го! Нелерди гана эскербейт! Канчалык доор, замандар өтпөсүн, качанкы жасалган жамандык менен жакшылыктар муундардын дилинде унутулбай замандап,  жаңырыктап келе берет окшобойбу. Ой – тирүү, ой — өлбөйт деген чын белем!

 

Кулжа, Текесте

Ошондой опол тоодой ой-санаалар менен өксүй жуурулушуп, небак шейит кетишкен карылардан нечен ирет угуп, бала кезимден бери кулагым бышып жүргөн  Кулжа  калаасына да келдим. Аны аралап, кенен баса албай тез эле Текес шаарына бизди күтүп алган  жолтандабас менен жол тарттык. Долбоорубуз ошондой, ар мүнөтү эсептелген, тыкыс экен. Текес шаары тууралуу да далай кептерди уккан элем. Негедир баары эле көзүмө тааныштай көрүнөт. Неге ботом, бул жерде эзели болуп көрбөсөм? Алтымышка жаңы толуп эле акылымдан айнып баратамбы? Андайга жете элек элем го. Качанкы көргөн түштөрүмдүн биринде, же көзү ачыктар айтмакчы кайсыл бир мурдагы жашоомдо бул жерде болгонсуймун. Жок, деп кесе айтат акылым, бул таштак, кунарсыз жерге сен эмес, сенин бабаларың мындан туура жүз жыл мурда арып-азып, жан аралжы издеп, кырылып, мекенинен тентип, аман калгандары жан сактоодон үмүтөтүп келишкен, ошонун заары ата-энеңдин каны менен сенин эс-акылыңа, ушул жер-сууларга сарыгып өткөн деп жаңырыктайт.

Карачы дейт, эс-акылымда дагы бирөө, тетигил жапыз жондо беш-алты эски таш чөмөлөнүп турбайбы, ал тегин жерден эмес, толук жүз жыл өтсө да эч ким ага маани берип тие элек экен, ага кийинки пенделер жетик баам салбаганы үчүн ушул кезге чейин бузулбай аман калган, анда беш жашар кызын эки күндүк өмүрүнө жетерлик бир кесе  талканга атасы куу сакал чалга сатып жиберген, ал байкуш кызым пешенесине жазган тагдыр жарыгын көрөөр, ага чейин мен кызымдын энесин армандап келаткан эли-жерине аман жеткирейин дегендир. А тигил таш дөбөнү карачы, ал өлгөн кишиники эмес, тирүүлөргө коюлган белги болсо керек, чоң тойдо жаштык кумарына алдырып сууга түшүп ойноп-куунап жатышкан кыз-келиндерин зордуктап, кордогон орус паашасынын эки жүздөн ашык аскер-зөөкүрлөрүн жигиттерине өлтүртүп, ташка корумдатып салган баатырлыгы, орустарга башымды ийип, кошулбаймын деген кашкөйлүгү үчүн падышанын көлдөгү төбөлдөрүнө алданган жакын эле  инилери казак-орустарга жол баштап келип, Текестеги туугандарынан башпаанек издеп келген сенин уруулаш агаң Балбай баатырды дал ушул жерден түн жамынып келишип, туткундап кетишкен жер ушулдур дейт дагы бир ой-санаа. Эл оозунда ошентип айтылып келет, тарыхты да ошондой жазылган. Ошондо баатырды мурдагы Жети-Суу, азыркы Алматыдагы түрмөдө орус падышасынын оёндору айлап уу бердирип араң өлтүрүшүп, өчүн алышкан экен. Ууга каршы деп уу коргошун иччү тура, кайран баатыр. Өзүнүн өкүттүү тагдырын алдын ала билип, мурдатан эле даярданып жүргөн белем! Кыргыз элинин үшүн алып, жүрөгүн өлтүрөбүз дешкен бир жарым кылым мурдагы ошол кандыбулоон тарых дилимде дагы бир жан ачыта жаңырыктап өттү.

Эски Текести кайдан билмек элем, жаңысынын заманбап кыйла жаңырганын, дагы да жашарып келатканын баамдадым. Кызыл, көк темир чатырлуу жаңы тамдар, чубалган ничке  жолдор, төрт кырланган эски махаллалар... аралашкан жарым жашыл чакан шаар экен. Биздин Токмок сымал. Жаштар скутер, биздин муун мопед деген электр менен жүрүүчү кичине мотоциклди чоң-кичинесине, аял-эркегине карабай тебишет экен, көчөлөрүндө алар кыжы-кыйма. Ошондой, наркы-терки агылган көпчүлүктүн ичинен ак калпакчан караандарды көрө калганымда көзүмө жылуу көрүнүп, жан тарта каным козголуп, моюн талыганча кайрыла карайм. Кайсыл замандагы кыргыз бабаларынын тукуму болушту экен? Балким бир кылым мурдагы улуу кыргындан агылып, качып келген армандуу урпактарынан болсо керек. Неге түпкү мекени – Кыргызстанга кайра көчүп кетпей жүрүшөт?..

 

Башталды!

Кулжа-Текес жолуңда өзүңдү Балыкчыдан Чырпыкты, Тамчы тарапка бараткандай сезесиң тоо этектей чубалган жолдо баратып. Түндүк тарабындагы таштак, бозоргон адыр-кырлуу кууш капчыгайлардан чубалжый түшкөн жалгыз аяк эски жолдору гана башкача. Аларга көзүм түшүп, санааларым кардуу бороондой удургуп, сапырылат. Балким ошол жолдор менен аксакал-жазуучуларыбыз какшап жазган кайгылуу Какей же арманы аттын башынан чоң Ажар ашуу ашып качып келип, кайра эл-жериме жетейин деп качып, ач  карышкырларга жем болгондур. Артынан жазалоочу орус аскерлери аткылап, кылычтап кырып куба түшкөндө байыркы түп мекенинин бир өңүрү болуп келген ушул Кулжа, Текес, тиягы Аксу, Турпан, Кашкар  тарапка жан аралжы издей качкан элдин далайы чучукка жете күргүштөп аккан муздак дайраларга эмчектеги баладан, аксакалы жайкалган карысына, ак элечектүү байбичелерине чейин бой уруп, сууга агып, алардын онунун беши араң аман чыкса чыгып, калганынын көбү ак кар, көк мөңгүлүү ашуулардан учуп, тоңуп, табигаттын ал каскагы аз келгенсип Кытай тараптын чек кайтарган кытай бекетчилери, чериктери өткөрбөй тоноп, атып, зоолулап... эки ортодо чымындай кырылган байкуш кыргыздардын аман калган азганагы ушул төтө жолдор менен жөө-жалаңдап, торгойдой тозуп, ыргайдай сенделип келишкен чыгар... Анда да азып-ачкан эл ач бел, ак карлуу ашуу, куу жондогу сөөккө жеткен  суук менен андайда күч алып кетчү ичкелте, кагындан каржалып, бирден-жарымдан жолдо калып, боо түшүп кырылып, бу дүйнөдөн тукум курут болуп кетээринде жок дегенде балдарыбыз аман калгай эле деп эл оозунда таранчы делген уйгур, ачкыл чөп, ачуу тамагын саткан дуңган байларына жалданып оту менен кирип, күлү менен чыгып кулдук өмүр кечип, мүшкүлдүү тагдырларына жаны ачынып, ити көрбөгөн кордукту баштан кечирип, кемсинишип, бул жерде да көрүнгөндүн эшигин жыртып, кайыр сурап, тентип, жаш-карысына карабай  ажалын табышкан экен го кайран кыргыз, о-о, арман! Канчасынын асыл башы жат жерде ит-кушка жем болуп, ак кепинделбей, көргө көмүлбөй тоо-талаада калышкан?! Эптеп, туш тараптан тооруган куу ажалдан аман калгандарынын азганагы жаз алды менен жай саратанына, кийинки ызгаардуу кыштагы тайгак жол, таламай заманга, жол азыгынын жоктугуна карабай, эли-жерибизге жетип өлөлү, орус падышасы кулап, эл бийлиги орноптур деген үзүлбөс үмүт байлашып кайрадан мекенине самсышкан тура. Анда да ара жолдо чымындай жаны чыркырап, арттан келген “кожоюндарынын” куугунуна, алдан тайганын аңдып саксакташып, алтургай ачык эле тиш салышкан ач карышкырлар менен жапайы болуп кеткен жолбун иттерге канчасы жем болушкан!  Кыргыз жерине алып барчу жолду кырылган кыргыздардын шагыраган сөөктөрүнөн боолгой таап барышкан зар заман болуптур го, ошондо! Ошондой кыйсыпырдан Кудайдын парманы менен аман калган бир уучу зарлаган ыйык Көлүнө, сары өзөн Чүй, кара топурак Кеминине жетишкендечи, өчөгүшүп калган кай бир кайырдин орустардын айрымдары артынан топтошо кубуп жүрүп таяктап башын жарып, атып өлтүрүп, кулдай кордоп, малай кылып ишке салып, баш көтөргөндөрүн ата-бабасынын жерине батырбай кууп, казактарга чейин тентиткени кайсы кудайга жакчу иш?! Мындай зарзаман болорбу?! Качаңкы калмак жапырыгында да андай алаамат болгон эмес экен деп түтөп калар эле Дорду атам (атам эмес, жездем экен, ал өзүнчө сөз)... Анын айткандары жарым кылым өтсө да али жадымда. Бирде башынан, бирде аяк-ортосунан олуп-чолуп айтчу эле биздей мадырабаштардын  өтүнүчүн майтарбай. Күндүзүбү, түнүбү, жайдын жан кыйнаган саратаныбы, кыштын кычыраган чилдесиби, он жаштын тегерегиндеги ойноок өз балдары гана эмес, биздей жээн-тайларын бала санап теңине албай, же өзүнүн көңүл-ниетине карап жок дебестен мүдөөбүздү дайыма аткарчу эле. Көрсө: атпай журттун ачуу тарыхын жаштайыбыздан кулагыбызга куймактай куюп, жан-дилибизге суудай сиңирип жүргөн тура! Агезде азыркыдай: тирүү жашоодон алаксытар телевизор, интернет же чөнтөк телефон, компьютер оюндары деген жанбузар азгырыктар кайда, алардын бири да кыялга келбеген чала тоют мезгил. Эриккенибиз эле Дорду аталап ага жабышабыз да калабыз. Суйдаң, ак сакал-мурут, барбагай мурун, жүлжүк көз, кызыл-чийкил, нооча бойлуу ал башын жерге сала түнкү төшөгү болсо да үңкүйө олтуруп алып, бүтүндөй тулкун, алтургай демейдеги шаңдуу үнүн, өткүр көздөрүн да толук муң-зарга алдырып, күңгүрөнө кеп салчу...  Убакыт өтө олуп-чолуп айтылган тарыхы толук такталып, эсимде тизмектелип, калыптыр. Тобо! Мени куйма кулак деп калчы эле... эстутумум эс албай, мага да билгизбей уккандарымды өз бетинче иреттей берген окшобойбу. Дилимдин тереңинде үлүлдөй катылып, мухиттин түбүнөн чыбырчыктап чыккан көбүктөй атамдын жан кейиткен аңгеме-дүкөнү ушул кезге дейре дилимде улам жаңырыктап турганы турган...

— Менин кебимди көрүнгөн, жат кишилерге айта бербей өз ичиңерде бекем сактагыла. Жапа тартып каласыңар,— деп сырдуу баштачы ал кебин. Ал кезде Москвадан сойлоп чыкчу уулуу Совет бийлигинин бул кыргынды ачык айттырбай, алы жетишинче жаап-жашырып келгендерин, аны айткандарды ынтымак бузар, улутчул атап куугунтуктап келгенин мадырабаштар кайдан билмек элек,— бул, кыргыз кайгысын ачык айтчу кез да келер, келбей койбойт. Ошондо чыпчыргасын коротпостон жакшылап айткыла.

Дордуну ата деп калышымдын терең тарахы бар. Ал тууралуу өз атам дайыма муңканып айтып калар эле. Көрсө Совет бийлиги орногондо атасы мурда болуш болгондуктан 1938-жылы “эл бийлиги” тарабынан куугунтукталып, Караколдун түрмөсүндө атылып, үч уулуна “эл душманынын баласы” жарлыгы тагылып, өзгөлөрдү кой, өз жандарынан коркушкан  туугандары жектеп, каралашмак тургай ичине батырбай кууган учур болгон экен. Жыл айланбай энеси өлүп, томолой жетим калышканда он үч жашар атам тогуздагы инисин жетелеп, бештеги кенже инисин алып кете албай жакын туугандарына берип, Ак-Суудан эжеси-Дордунун жубайы Жамийлага жөө келген экен. Ошондо Дорду жездеси аларга канат-бутак, тирек болуп чоңойтуп, агасынын кызына үйлөнтүп, биз жаралганда атабыз жездесин ата дедиртип өстүрүптүр. Ыраазычылыгын билдиргени болсо керек... Чоң атабыз болсо “эл душманы” болбой эле, накта элдик киши болгон экен, айтылуу Кыдыр акенин сунушу менен анын ордун басуу, ал аймакка болуш болуу тегин адамдын колунан келмек беле. Элдин өзүнөн кийин уктук: Үркүндө өз элин чоң атам аз чыгым менен Кытайга көчүрүп барып-келип, мурда-кийин айылын турмушка жеңил болот деп Караколго тушташ көчүрүп, айылдагы жалгыз тамын мектеп кылып ачып берип өзү бозүйгө көчүп, Караколдон татар молдо алып келип, балдарды окуттуруп, Совет бийлиги келгенде жаңы заман келиптир, элге оокат болсун деп болгон мал-мүлкүн өз эрки менен өткөрүп берип...  Эми бул өзүнчө тарых, узак сөз го, ов!

Ошол Дорду атам саамга башын жерге сала тунжурап алчу да чечкиндүү кебин баштачы.

— Кыргыздар ич ара өзүбүз тирешип калсак ортодо калыс, арачы болор, өзгө жоо келсе өбөк-жөлөк болор деп өзүбүз чакырып алган ак падыша өздөн чыккан жат болуп кайра өзүбүзгө жоо болуп чыкпадыбы, атаңгөрү! Андай болот деп ким күтүптүр! Казак менен өзбектерге да ошондой, ойдо жок баскынын жүргүзгөндөн алар да чыдабай алгач ошолор Ташкен, Фарганада, Алматы менен Жаркентте каршы козголуп чыгышыптыр. Бизден биринчи атаке-сарбагыш, солтолор көтөрүлүп, аларга удаа биздин Караколдо уланып кетти. Ал козголоңчулардын баарын орус аскерлери тынчытмак болуп атып, камап, өлтүрүп киргенде кыргыздын түндүк эли жалпы түп көтөрүлүп, чатак ырбап кетти. Корккон эл четинен качып кирди. Аларды аскерлер кууп, жазаламакка артынан түшөт. Тиги, Боомдун нары жагынан атаке-сарыбагыштар алгач кадимки Жантай хандын небереси, Шабдандын уулу Мөкүш ажыны кан шайлап, ал орустарды кыйла кысып, эки миңдей кишилери менен Токмокту камап алы жетпейт, андан көп өтпөй эле солто, саяктар биригип кочкорлук Канаатты кан көтөрүп алышып, жалпысы беш миңдей кол топтолуп падыша аскерлерине төшүн тосо чыгышкан экен. Андан о-о, тиги, Орунбурдан бери Ташкен, Анжияндан Тогуз-Торону басып, биягы Чүйдүн Пишпек, Ак-Суусундагы казак-орустары, тиягы казактардын Жети-Суусунан Кордой менен Кастекти ашып түшкөн ак паашанын жазалагыч казак-орустары Токмокто, андан кийин берки Боомдо такалып калышат. Баарыбир болбойт, күчтүн көз көрүнөө эле аскерлер жакта экенине көзү жеткен кыргыздар Көл, Кочкор тарапка качып, четинен таркап кетишет. Ошондо алыстан келген аскерлер буяктагы казак-орустар, переселен мужуктар менен биригип алып, замбирек, билимоттору менен бешатарларынан окту мөндүрдөй жаадырып, атчандары найза сунуп сайгылап, жөөсү айры-чалгысын көтөрүп чыккан кыргыздарды Каракол, Бучук менен Ак-Белде боо-боо кылып кылычтап кырып жиберишкен экен,— деп кайгылуу тунжурап калар эле атам,— Куралы жок элдин коргонорго чамасы жетпей, амалы куруйт. Тишине чейин куралданган аскерлерине кыргыздын түндүк элин түгөл кырып, калганын Нарынга кубалап жиберип, жерин ээлеп алгыла деген жашыруун буйрук берген экен падыша, кийин билбедикпи, анысын. Ойрон калгыр ошол жазалоочулардын кыргынына чыдабай кетишкен Чүйдүн эли, бөтөнчө Кемин атаке-сарбагыштары түп көтөрүлө үркүп, Боомдон бери качып келатышыптыр деген жүрөк үшүткөн сөз таркады бизге. Орус аскерлери жаралуу аңын кууган чөөлөрдөй алардын артынан куба түшүп, жеткен эле жеринен ондоп, жүздөп гана эмес, айылдап, уруулап ымыркай-карысына карабай атып, кылычтап кыргын салышыптыр. Кийин угулду: кочкорлук Канаат баатыр аскерлер менен кармашып, Токмокко чейин камалап, аны алалбай кайтыптыр. Орустар анын Курман деген кудасын Ысак деген уулу менен кармап алып, дарга асарда Ысак жан аралжы сурап, Канаатты кармап берерге сөз берет. Антпесең өзүңдү, атаңа кошуп өлтүрөбүз деп, аскерлер атасын кепилдикке алып калышат. Ысак Канаатты Сууктан таап, болгонун ачык айтып, эми не айла кылабыз? Сен барбасаң мен да барбайм орустарга, кепил калган Курман атамды да кыям, өзүң чечкин баатыр дегенде Канаат Карынбай деген баласы менен кеңешип орустарга алып баргын деп, Ысактын колуна түшүп бериптир. Аскерлер канды Алматыга алып барып, түрмөгө камап, Ыскак деген баласын Улаколдогу Ак-Терек деген жерде эл көзүнчө дарга асып, экинчи Жапарсадык аттуу уулун Пишпекте атып салышыптыр. Балдары абдан билимдүү, элдик келип, тирикарак болушкан экен...

Андан кийин эле Кочкордун аягындагы надырбек, борукчу, ниязбек уруулары Тезекбай Түлкү уулун, ал эми Жумгалдагы саяктар Көкүмбай Чыны уулун кан көтөрүп, кол курап барып, уруш салышып казак-орустарга жеңилип калышат.

Эрегишкен аскерлер элди айылдап кырып, жалгыз-жарымдарды да соо койбой калышыптыр, көргөн эле жеринен аял-баласына карабай өлтүрүшөт экен. Кекенишкен кыргыздар да ошентип жаалданып жатышыптыр. Эрегиштен эл өлдү болду... деген жүрөк үшүткөн сөздөр күчөп чыкты.

Аптаптуу августтун аягында  атаке-сарыбагыш, Үчүкө, арык тукуму эли, Улакол саяктары, көлдүн батышындагы элдер болуп миңдей киши чогулуп, Боомдон өтүп келген казак-орустардын жүздөйүн Көтмалдыдан  тосушкан экен. Аскерлер тарсылдата аткылап, курчап алып кырмак болгондо найза, айры, союлдан башка куралы жок кыргыздар дүрбөй качып, карапайым эл тескейге селдей агып кириптир деген коогалуу кептер аралады, биздин айылдарды. Нарын, тескей эли Үзөңгү-Куушту ашып, Кытайга кетип жатышканы угулду.  Мурда Беделдин белин кайтарып турган он чакты орус аскерлерин бапалар, жер ченеп жүргөн орустарды саяктар өлтүрүп салышыптыр, орус айылдарын кыргыздар талап-тоноп, кишилерин өлтүрүп, туткундап жатышыптыр деген кеп жеткен. Орустар ошого өчөгүшүп калышкан имиш... О жок, алар мурда эле Чүйдөн баштап кыргыздарды кырып келатыптыр, эми бүтүндөй көлдүн элин кырышат экен дегендер көп. Биринен бири тирукмуш имиштер! Баары эле элтейип жоону күтүп, жол карап, качканга камынып калышты. Ага удаа эле биздин айылдан тээ төмөндөгү, көлгө барып куюлган чоң-кичине Кой-Сууну жээктей салынган орустардын үй-короолору, үйүлгөн чөптөрү түтөп, кызара жалбырттап улам бири өрттөнө баштады. Ал жактан удаалап  мылтыктар тарсылдай атылып, атчан, жөө нары-бери дүрбөгөн кыргыздар ат коюп, там-короолорду аралай чаап, чуркап жүрүштү. Кыргынга өчөгүшкөн кыргыздар дүрбөп, переселен орустардын оокат-үйлөрүн өрттөп, олжолоп, өздөрүн өлтүрүп, катын-кыздарын туткундап жатышыптыр деген сөз таркады.

— Ал эмнеси кокуй, орус болсо да жай жаткан элде не күнөө?

— Ой, эмне аларга жан тартасың, өч алат деген ошо, эрегиштен эр өлөт. Биздин жөн элди алар да кырып жатышпайбы!

— Канга – кан!..

— Эй, каапыр, өчүн алса аскерлеринен алышпайбы? Алардын кегин тим жаткан элден алганы эмнеси? Ушул да салтпы?!— деген ача сөздөр күч.  Переселен деген орус мужуктары — келгенине алды отуз-кырк, арты кечээ эле келишкен переселенецтер-ооп келишкен дыйкандар болчу.

— Эй, сен билбейт экенсиң, жөн-жайды, өткөндө биздин Талканбай бий Кочкордогу жыйынга барып, макулдашып келген, Чүйдө же Көлдүн тескейинде эл көтөрүлсө алар орус кыштактарына өрт коюп бизге белги беришмек да андан бүтүндөй күңгөйлүктөр көтөрүлүшмөк, эгерим күңгөйдө эл биринчи чыкса биз өрт коюп, Ысагалы бий башында болгон  тескейликтер жапатырмак козголушмак экен. Бул өрттөр ошонун белгиси, мүлдө кыргыз козголду! Тиякта казактар да кармашып жатышыптыр, Кудайым бере гөр эми...— деген билермандар да чыкты.

Анан мужуктарың да жөн жатышпай, кыргыздарга ок атып жиберишиптир дейт! Ар биринде катып жүргөн мылтыктары бар эмеспи, өткөндө аларды Куропаткин деген жандыралысы да куралдандырып кетпедиби, ошого эрдемсинишсе керек го, куралдары жок немелерди коркутуп, дагы да жүрөк үшүн алып, тынчытып коёлу дегендери да. Анан каны кызып алган кыргыздар карап турушмак беле?! Курч жүрөк, айрыкча жаштары мужуктардын жаш-карысына карабай өлтүрүп, качкандарынын артынан куба түшүп, уруп-тепкилеп, кай бирлерин найза, айрысы менен сайып да жиберишкен экен. Кай бир ашынып кеткендер орустун катын-кыз, балдарын үйлөрүнө камап, ал тургай колу-бутун байлап туруп чөпкө ыргытып, өрттөп жиберишиптир... ой, орустарың да кыргыздарды жаш-карысына карабай боз үйлөрүнө бекитип от коюп, кээ бирлерин өздөрүнүн картөшкө сактаган жертөлөсүнө айдап барып камап, өрттөшүптүр, баланчаны баласы менен көз көрүнөө атып салыптыр деген үрөй учурган шумдуктуу кептер таркады. Ошондой, ойрондуу күндөр болгон! Чынында эле ошондой болчу...

“Жаман үйдү коногу бийлейт” дегендей өз жерине батпай тентип келген переселен-мужуктар буякта тандаган жерине тамын салып, жакшы жайыттарга кожолук кылып, чочко, малдарын жайып, менчигине тартып алып, жер ээси-кыргыздарга кыр көрсөтүп, кааласа абагына алпарып камап, малы жайыт-короосуна кирип кетсе кайрып беришпей, дооласа башы-көзүн жара сабап, алтургай айып акча салып кийинки кездери чынында эле чектен ашып кетишкен болучу. Жакшы жерлерин тарттырып, өз атажуртунда ыдык көрүшкөн элдин чыдамы биротоло бүткөн белем! Кол куушуруп карап турушмак беле, каалаганарды кыла бергиле деп, дагы чыдамкай, көтөрүмдүү эл экенбиз, ошончосуна түткөн. Андан да жыйырмадан кырк үчкө чейинки күч-кубатка толуп турган эркектердин бирин калтырбай алыстагы согушка бергиле деп опурулгандары жанга батып кетпедиби! Жоо тосууга жараактуулар бүт кетип калса эл-жерди ким коргомок, алардын ата-эне, үй-бүлөсүн ким бакмак?! Жерди ким айдап, маллды кимдер багышмак? Германы менен согушса орустардын өздөрү согушпайбы, кыргыздардын ага тиешеси кандай эле, ботом?! Каяктагы бир германы ким экенин эзели көрүп-билбесе! Мурдагы салык дегендери жон терини биротоло сыйрып бүткөн болчу. Алардан казак, кытай жерине мурдатан эле тентип кетишкен кыргыздар канча?!. Бу, үйүнө киргизсе төрүн тебелеген переселендердин сазайы өттү, баарын кууш керек! Кетсин! — деген өктөм кептер күчөдү. Ошентип биз жүрөксүй дүрбөп, көр-жерлерибизди шашыла чогултуп, белгисиз жолго камына баштадык. Кайда, кантип качабыз, сапарыбыз деги канчага созулат? Кимдер жол көрсөтөт? Кимисинин жетеги менен чыгабыз? Кайсы уруу менен? Барар жерибиз кайсы? Каркыра, андан нары Кытай дешет, ага аман-эсен жетер бекенбиз? Ал жакта кыштап кала алабызбы? Деги аман калаар бекенбиз?! Кайра кайтабызбы? Качан?.. деген түпсүз суроолор баарыбыздын жүрөгүбүздү ачуу өйүйт. Аларга эч ким жооп бере албайт. Айтып берер киши жок. Биздин ишенерибиз эле байкем Иманүсөн болчу. Ал эки-үч курдай Кулжа, Текестин базарына байларыбыздын малдарын айдашып барып-келген. Эптеп жол табар дейбиз...

Бир күнү эле түн ортосуна жакын жер көчкөндөй дүпүрөп, айыл чочуп ойгонду. Шумдугуң кур, бул эмнеси?! Зилзалабы?! Кандай алаамат болуп кетти? Же орустар келип калыштыбы?! – деп элтейдик. Бозүйдөн Сасыке атам, Иманүсөн агам болуп сыртка жүгүрүп чыксак калың караандар төмөндө жөө, атчандары айдаган малдары менен аралашып топурап, кобур-собур күн чыгышты беттей чубаша кетип  баратышыптыр. Качкындар! Күткөн күн келген экен! Кимдир бирөөлөр жолдун ар кайсы жерине дөңгөчтөрдү жалбырттата жагып коюшуптур. Жол багыты көрүнсүн дешкендери го. Ал оттордун жалыны караңгылыкты жалмап, караан ажыраттыргыдай  жалбырттайт. Үркүп бараткандардын улам бири жокторунун атын атап кыйкырышып,  жакындарын издеп, табышпай, уй-койлорун дикилдете айдап, баары ашыгып алышкан. 

— Ой эл! Эмнени күтүп жатасыңар? Көчкүлө!

— Орустар кырып келатат!

— Эртеге калсаңар баарыңарды өлтүрөт!

— Көчкүлө!

— Тез! — деген өктөм кыйкырыктар чыгат көч тараптан.

— Ой кайдасың?!.

— Бол!

— Бачым!

 

Үркүү

Атам Сасыке кырк бешке келген көгала сакал, токтоо, орто бойлуу, олбурлуу киши эле, аялы Айганышты, жыйырмадан жаңы гана оогон Иманүсөндү, он үчтөгү кызы Чөйтакун менен он бешке келип кол арага жарап калган мени шаштырып, карбаластап калды.

— Болгула, баарыңар, элден калып калбайлы. Болору болгон экен, барбардигер, эл башына түшкөндү көрөрбүз... Бол, катын...

— Эк, жооң менен жоболоң калгыр!..— энем жактыра бербей силкинип алды,— Ар кимиң өз кийим-кечеңерди, жылууларын алгыла, чултайлар, кыш жакын, мен жол азыгыңарды камдайын...— Энем бурк эте көзүн жаштап, чала-була кийинип алып, эчтеме түшүнбөй, уйку-соонун ортосунда төшөктө олтурган бир жарым жашар Акунду шашыла ороп-чулгап кийиндирип кирди.— Эртең менен эле чыкпай... түн ичинде балдардын уйкусун бузуп... Таң аткыча каяктагы жоо келмек эле... Аларың деле укташат да!..— деген менен энем атамын айтканын эки кылчу эмес, май чырактын үрүл-бүрүл жарыгында жоолугунун учу менен көз кычыгын аарчып, бышактап,  түйүнчөктөрүн карбаластай түйүп кирди. Акунду жанындагы Чөйтакунга бере салды да чыгданына шашыла  кирип, колуна урунган талкан, карын майларынан куржунга сала баштады. Мындай капыл-тапыл көчүп каларыбызды эч кимибиз күткөн эмес элек, ошондон улам камылгабыз жок болчу. Колго урунганын эле алып жаттык. Баарыбыз түпөйүл тартып, үндөбөй сыртка ашыктык.

Атам малдуу киши эле, ага жалгыз чыдап, көтөрө турган сарала бээсин калдая минип, мүйүзүнөн чалып алган музоолуу уюнун арканын ээринин кашына арчындай жетелеп, он чакты койлорун алдыга сала айдап, бизди шаштырып калды.

— Болгула, балдар! Тездегиле! Көчтөн калып калбайлы... карабаскыр орустар кайдагы каранкүндү баштап жиберишти эле!.. Ылдам! Тездейли...

Орустар дегени падыша аскерлерин айтканы болчу. Өзү орусчаны түзүк билген, арасынан дос күткөн киши эле. Капыл-тапыл жолго чыктык. Күз жакындап, ар кайсыл кокту-колотту, жылуу жылгаларды паанектеп жакалай баштаган биздин эл да чуулдап, жапырт көчүп калыптыр. Ызы-чуу, аяк-буяктан жөө-атчан шашылган, бирин-бири издеген, чакырышкан, буйруган, малын тосуп, артына кайыра кыйкырган элге койлордун маараганы, чочуган уй-музоолордун мөөрөгөндөрү аралашып, чуру-чуу түшүп, туш-туштан агылып, алды жанагыл жалпы көчкө кошулуп, аягы көрүнбөй агып келип жатышты. Караңгы түнгө, чаң-тополоң менен биз да аларга кошулуп, жөнөп калдык. Оокат-жайдын баары калды, калдайган боз үйүбүз да. Аны чечкенге убакыт да, унаабыз да жок...

Шашылганда убакыт да кошо шашат көрүнөт, тез эле чай кайнамдай өтүп,  Бостеринин белине жакындай бергиче таң сөгүлө баштады. Оо, аяк-башы көрүнбөгөн көчтүн узундугун да, калыңдыгын да айтпа! Мынчалык ар кошкон көп элди, түп көтөрүлө көчкөн жөө-жалаң көчтү эзели көргөн эмесмин! Аттуу-баштуу, жумшаган кишилери көп бай-бардарлар небак эле алдыга кетишсе керек жол арбытышып, демейде чубашкан ат-төөлөргө жүгүн артып көч башында шаани-шаңдуу жүрүшчү алардын бири да көрүнбөйт. Беш-ондон топтошуп мал-жанын айдап, чабдар атына же жалгыз топоз, уй-торпогуна томпойто көр-жерин артып алган жалаң кембагалдар. Эски куржун, чоң-кичине түйүнчөктөрүн ийнине же жонуна артып, көтөрө албагандарын кой-эчкисине таңып, жетелеп, айдап алгандары андан көп. Чал-кемпирлер менен кыз-келиндер, жазгы көктөгү козудай чурулдашкан балдар топурайт. Карууга жараган эркек аттуулар сейрек. Мындайда тирек болуп, кубат берер алардын көбү неге көрүнбөйт? Кайда кетишкен? Демейде дем-сүр берип турушар эле...

Акунду алдына өңөрүп алган атам алдыда уюбузду жетелеп, аны чыбыгы менен айдап, жонундагы улам бир жагына ооп кеткен таңылган жүктү жүгүрө түздөп, бир колуна Чөйтекени жетелеп алган энем чебелектеп ортодо. Аларды ээрчиген койлорду агам экөөбүз ашыга айдап барабыз.   

— Эй Сасыке! Эминеге балаң менен чакырыкка келбедиң ыя, туу алдына чогулуп жатсак? Оруска уруш салып, Байсорунду алабыз, Кашатка жете кел!— деген олбурлуу, быжыгыр сакал, сүрдүү киши ат башын бура жайлай калып, атама кесе сүйлөп, демитип, көч аралай алдыга чаап кетти. Такымына кысып алган жоон, кызыл четин союлу сороктойт. Тим эле атасынын акысы бардай опурулат, кумсарып, сакал-мурутун сербеңдетип. Атам туттугуп, бирок ага тик бага жооп кайырбады.

— Ушунуку өттү!.. Болгула балдар, тездегиле,— деп койду өзүнчө, арттагы бизге кылчайып. Кеп-сөзгө сараң анын бизди кыйып кете албай жатканы көрүнүп турат, тиги атчан айткан жакка бара албай. Чынында эле жалгыз эш туткан атабыз кетип калса биздин көрөр күнүбүз эмне болот? Кантебиз? Жүрөгүм түпөйүл. Иманүсөн агамдын ак-саргыч жүзү да кумсарып, убайымдуу, үнсүз мелтирейт. Кой оозунан чөп албаган жоош неме уруш дегенден жүрөксүп жатабы? Балким атамдын чечимин күтүп жаткандыр, тигилерге кошулганга. Мындай жосунсуз жорук, калың элди көрө элек карындашым эликтин чаарчыгындай элтеңдей коркуп, энемдин этегине жармашып, аны текилдеп ээрчийт.

Көч күтүрөп, чуулдап, чубап келе берди. Улам бир айылдын эли өйүз-бөйүздөн кошулуп, өзөндөр кошулган дайрадай улам калыңдап барат. Түнү бою жол жүрүп, уйкубуз бузулуп, чарчап-чаалыгып, кардыбыз да ачкандан шашкеге жетпей жүрүшүбүз жайлап калды. Аны байкаган атам бир бадалдын түбүнө токтоп, тамактанып алгыла деп, атынан түштү. А-бу дегиче эле минтип, күн аркан бою көтөрүлүп, саалга тыныгып алалы деп олтура кеткендер жолдон жолугуп жаткан. Биз көлөкөлөй олтуруп, жол бою чулкулдап келаткан чаначтагы муздак жармадан ууртап, нандан бурдай сугунуп кирдик. Аш болбоду, үч-төрт салт атчандын төмөндөн көч улай айгайлап чаап келатканы көрүндү. Баарыбыз аларды үрпөйө карап калдык. Атам менен агам тура калышты.

— Ой кокуй а-алат! Тургула!

— Аскерлер келата-ат!..

— Оруста-ар!..

— Кела-ата-ат!.

— Ка-ач!

— Бо-ол!

— Тургу-ула-а!..— деген алар ат туяктарын дапыратып, көчтү аралай чаап өтүп кете беришти.

— Эмне дейт?! Каройго келди дейби?! Атаңгөрү-ү! Аларыңдын канаты бар беле, кечээ эле Көтмалдыда дешпеди беле?-  атам өзүнчө кобуранып атына шашыла минди, — Болгула балдар,  бу каапырларың оңбогон немелер көрүнөт... шашалык, — коркконубуздан баарыбыз үрпөйө тура жөнөдүк.

— Түндө көчпөй калгандарыбыз эмне болушту экен? Аман калышкай эле, чултайлар...— деди энем, кабатыр тарта. Тууган, жакындарын эстеп жатса керек. Боорукер, аял эмеспи. Шашыла тура жөнөдүк.

Биздин эле эмес, алыс-жакын, алды-арттагылардын баарынын сабыры суз, жүрөксүп жаткандары даана көрүнүп турат. Боолгогон жаман тура, эчтемени ачык көрүп-билбей. Тигинтиптир, минтиптир, баарын кырып-жоюп салыптыр... деген эле имиш, күдүк сөздөр дагы күчөдү. Жүрөк үшүйт. Биз эле эмес, элдин баары коркок эликтей элтеңдешет, артты кылчак-кылчак карашып.

 

Алгачкы кагылыш

Илээлей чубап кете бердик. Арттан куугун келген жок. Санаабыз саал тынчый баштаган эле. Бир маалда алдыдан мылтыктардын тарса-турса атылган үндөрү угулду. Күн шашкеден ооп калган. Бул эмнеси болучу! Биз үрпөйө санааркап, же кайра артка кача алдай, не алдыга жыла албай буйдала түштүк. Эркектер элтейип, аялдар кокуйлап жиберишти. 

— Арттан келип калышпагай эле, аскери!..

— Алдыдан тосуп чыгыштыбы, орустар?!. Караколдо көп эле...

— Эми эмне айла кылабыз?!.

— Ой, жок! Байсорундагы орустарды камап жатышыптыр, биздикилер!

— Ойрон калгыр орустарың чогулуп алып тамына бекинип, өткөзбөй... атышып жатышат дейт!

— Аны кайдан билдиң?..

— Алдыдагылар айтышты...

— А-а...

— Ошондой десең...

— Чын!..

Эл дуу-дуу. Бара-бара бастап барып, көч кайрадан козголду. Алдыдагы атышуулар токтогон жок. Бирде күчөп, саамга басыла калат. Чубалган көч эми тоо тарапка жыландай өрдөп, этектей жөнөдү. Эмнеге? Өр, узак жол эмеспи?.. Кашаттын суусун кечип өтүп, Байсорунга чыга келгенде түшүнүктүү болду. Төмөндөн, алаканга салгандай көрүнгөн өрөөндөгү жыйырма-отуздай топтошкон орус тамдарын тегеректей камаган кыргыздар көрүндү. Эки жүз, үч жүз чамалуу ат-топоз, өкүрөңдөгөн өгүз минген  эркектер алыстан сагаалап, кез-кез улам ат коюп, ар кайсысы бурк эттире көк түтүн бүркө мылтык аткан болуп, тамдар тараптан тарсылдай жапатырмак атылган мылтыктардан айылга аралап кире алышпай артка удургуп, кайра тартышат. Таш, бадалдарга жашынып алып там тарапка алыстан мылтык сунушкан бирин-сериндер да бар. Жөө-жалаңдар топурап, кокту колотко далдаланып алышкан. Кечээ эле ким ойлоптур мындайды...

 Коогалуу дүрбөгөн көч ашыгып, аллалап, тоо этектей чыгыш тарапка агыла берди. Артына да элтеңдей карашат. Күмөнсүп, бири-бирин орой каккан кобур-собурлар чыгат:

— Орустардын арттан кууп келатканы чынбы, же жалган, чуубу?

— Ким билет? Билгениң барбы?..

— Жок, ой...

— Балким бу буйткага, же тиги капчыгайга бекинип, чын-аныгы билингиче күтө турсакпы?

— Чын эле?..

— Кой, андай амал-оюңду! Орустар ойронубузду чыгарып жиберет...

— Бөөдө элди кырасың! Элди азгырба!

Көпчүлүктүн башы маң. Ар кандай күдүк, айла-амалдын жолун издөө... куру үмүт... анык арга табылбайт. Эч кимисинин көнгөн жер, өлөң төшөгүнөн алыстагысы келбейт. Көп ичинде биздин да акылыбыз айран.

Атам түнөрүп, дагы эле алдыда. Бизди кыйып кете албай жатат, ылдыйдагы жоочуларга кошулайын дегени аларга улам-улам көз бакканынан байкалып эле турат. Биз болсо аны караан тутуп, койлорубуз менен ээрчип барабыз. Иманүсөн агам аксап барат. Түндө шаша көчкөндө чулгоосун чала ороп, эки бутун тең жоорутуп алыптыр. Бака жалбырактан таап, жанчып туруп таңып салдым. Жүүнү бош. Атаңгөрү, мен жанагы Байсорунду камап, алалбай жатышкандарга барганымда... орустарды таяк менен эле торойто-торойто чабар элем!

Аңгычакты, артта калган Байсорун тараптагы төмөндөн атышуулар жакындап, жайдак кырга отуз-кырктай атчандар үч арабаны ортого ала калдырата айдап, шашыла чыга келишти. Орустар экен! Баарында сороңдогон мылтыктары бар. Арабада аялдары менен балдары топурайт. Чуулдап, арттан ат коё келген кыргыздарга атчандары да, арабадагылары да мылтыктарынан жапырт ак түтүнүн бурк эттире улам  ок атышат. Алар Байсорунда камалып калган мужуктарга Караколдон жардамга жиберилген орус-татар аскерлери экени кийин билинди. Алар тамдарга бекинип алып атыша коргонуп, кишилери да, ок-дарылары да азая баштаганда мужуктардын аял-балдарын арабага сала Түп, Каракол тарапка качып жөнөшкөн экен. Ошентип, уюша аткылашып жатып, алар куйрук үзө алдыга узап кетишти. Калың куугунду аралата атканда чыгым көп болуп, кайрат-мизди катуу кайтарат тура. Анан да найза-союлчан кыргыздар беш атардын огуна чыдамакпы! Ансыз деле таң аткандан тартып Байсорунду камаганда, эми минтип арттан ат койгон сайын беш-ондон ок жеп жатып, кээси өлүп, көбү жараланып жатып куруп кетишти. Минте берсе дагы канчасы бейажалын тапмак?! Мындай көп чыгым, канды мурда көрбөгөн карапайым элдин кайраты канчага жетмек эле?! Ажал бүркүп тарсылдаган мылтыктын айбат, сүрү да оңой эмес! Кетсе кете беришсинчи ал орустарың, деген сымал кыргыздар. Түптү камалап жатышкан бугу эли аларды Караколго соо өткөрө коюшпас деп, куугунун токтотуп, каргадай качкындарга кол шилтеп коюшту көрүнөт. Куугун топурай токтоп калды.

Ок атышкан бул окуяны көргөн качкын эл элтеймек түгүл, демоту кача селейишип, алапайын таппай шашып калышты. Отуздай орусуң ушунча кыргын салып жатса, жүздөгөнү, миңдегени накта топон-тозок салып жиберишпейби катыгүн! Алардын бадырактай тынбай тарсылдап ок чачкан билимоттору, бир огу менен жүздү жайрата атчу замбиректери бар дейт кокуй! Кээ-кезде алардын жер дүңгүрөтө “дүп!” атылган айбаттуу доошу арттан угула калып, сес алып койгон эле. Ал азезилиң тим эле тоонун да тозун чыгарып жиберет дейт бир эле бүркүп! Аларың арттан жете келсе шорубузду катырбайбы такыр! Курудук ко?! Шашалы!— дегендер күч.

 

Кыргын!

Аяк тарта албай чарчап-чаалыгып, күтүрөгөн көч менен түн оой ачык талаага таш жаздана кулашкан Дордуларды дүпүрөп, жер силкинткен аттардын доошу менен “уу-у! аа-а!”— деп, жер жаңырта тынбай кыйкырган сүрдүү добуш чочута ойготту. Таң супа сала баштаптыр. Кимди ким көргөн тополоң, ызы-чуу. Баары эле туш келди топурап, карбаластай чуркап, кыйкырышып, издешип, элге кошулуп мал-жаны кошо үркүп, калайман түшүп жатыптыр. Атасы үрккөн атын чылбырлап, алы жетпей сүйрөлө дырр! дыррлайт. Бакырып ыйлаган Акунду колтугунда колу-бутун салпактата көтөрүп, Чөйтакунду колунан сүйрөп алган энесинин:

— Какый! Болгула! Орус тийди!!! Качкыла!!! — деген ач айкырыгы Дордуну ойготуп, шаштысын кетирип жиберди, — Ал! Тамакты алгыла! Ой, Иманүсөн! Ойгот, Дордуну! Ойго-от!!! Тепсендиде калбасын!..

— А-аа!

— Уу-уу!..

— Ур-ра-а!

— Ка-аач!

— Оо-о!..

 Калайман түшкөн эл. Аттар окуранып, кишенеп, мөөрөгөн уйлар, кулак жеп маараган миң сан кой. Төмөнүрөөктөгү көчтүн артына кууп келатышкан аскерлер тийген экен, опур-топур, туш-тушка чачырай качкан кишилер. Башын катып жанталаша качкан элдин артынан атчан аскерлер куба түшүп, чилче таратып, айлана чаап, бирди-жарымдап кылычтап кууп жүрүшөт! Тарсылдатып аткандары да бар. Элдин бир тобу төмөндөгү камыштуу көл жээгин карай качышса, көбү кумурскалардай тырмалаңдап тоо беттеп алышкан. Кимди ким көрдү, чакчелекей! Энелеринин тоо тарапка качканын байкап калган Иманүсөн менен Дорду да түйүнчөктөрүнүн колуна урунганын ала салышып тоо өрдөй жанталаша чуркашты. Атасы  сүйрөлгөн ат да көпчүлүктүн күүсү менен кошо каякка үркүп кеткени белгисиз. Жалаңдаган аскерлер топ аралай улам жакындап келишет. Жүздөй бар. Бирден-жарымдан кайрат көрсөтүп, укурук сунуп, таяк көтөрүп чыккандарды ак-көк кийинген аскерлер жалпайта атып, же топтошо кылычка алып жиберишет. Байкатпай, же беттеше берип так  чокуга тийген калтек, камчыдан бириндеп атчан, кыйылган камыштай шылк кулаган жөө аскерлер да бар. Элден эр чыкпай не болуптур!

— Жайы-ыл!

— Бо-остери-и!

Бириндеп, туш-туштан ураан чакырган жигиттер топтошо калып, шукшурула аскерлерге ат коюшат. Алардын так маңдайынан атылган октон кол сермей чалкадан кетип, жөө аскердин капталдан сайган мылтыгынын узун канжарынан кулап, мерчеген душманына учтап алган укуругун матыра сайып, туш келди таяк шилтеп, жандай чаап, ажал сүрүнө туруштук бере албай кайра артка жалт бергендери да бар. Кудай мындайды башка салбасын! Жалаңдаган кылычын оңду-солду шилтеген аскерлер жаш-карыга, аял-эркекке карабады! Балтыр эти ката элек балдары да, беш көкүл кыздары менен энесинен бөлөк өзгө өбө элек селкилер да, ак элечек энелер менен кош бойлуу келин-кесектер, ак сакалы жайкалган карыялар... бүт кылычталды, иргелбей окко кетти! Шунчалык да мыкаачылык болорбу?! Анчалык элдин күнөөсү не эле?! Жапатырмак жайрап калгыдай!!!

Далбалактай чуркап, корккондорунан жүрөктөрү ооздоруна тыгылган Иманүсөн менен Дорду тайыз коктуга салып, таш-чырпыкка чалынып, жыгылганын далыдан чапчый тургузуп, өпкөсү күйө күйүгүп тоо беттей бүкчүңдөп  чуркай беришти. Атчан аскерлердин бирөө-жарымы качып бараткан бизди көрүп калса арттан куба келип, кылычтап же атып жибереби деп, көпчүлүк сыңары эле экөө бирдей жүрөксүп алышкан. Ата-апалай эчкире ыйлап, адашып калган бала, демигип баса албай, көрүнгөнгө кол созо таш, бадалды пааналап калган кары-картаңдар, ымыркайын бооруна басып, телчигип калган уул-кызын текилдете сүйрөп шаштырган келиндер, үкүлүү топусу жерге тоголонуп, беш көкүлү ничке жыландай денесине чабыла чыңырып чуркаган кыздар, алайган көздөр... төшөнчү, боолору чачылып тоо-ташта калган бешиктер, ичиндеги көр-жери чубуруп чачылган түйүнчөктөр, ээсинин жан кымбатынан каралбай кароосуз ташталган кой-эчкилер, мурунтугун сүйрөгөн торпок, өгүздөр жолдо жамырашат...

Эптеп кокту-колот, капчыгайга жеткен кишилердин айрымы туш келген эле таш, бадалдардын артына, карагай-чердин арасына бөдөнөдөй корголоп,  жашынышып, алдуу, аттуулары куугун жетпесин деп алдыга озо качышып, токтолбой тоо өрдөп, алсыздары күйүгө жолго кулап, жок жоготуп кокуйлап... бул жакта да чуру-чуу. Жөө-жалаң, алсыз, оорулары... малга аралашып жолдо калышкан жалдырап. Адашып калгандары канча?! Уул-кызын, ата-энесин, бир туугандарын... издеп жоктогондору, кыйкырып издегендери  андан көп. Өз жаны кымбат беле, ар пендеге! Жака-белде калгандардын көргөн күнү белгисиз. Не жазымышка тушугушту экен, ал байкуштар? Окко учуп, найза жеп, же кылычталып жан таслим болушту  бекен? Тепсендиде калып, башы-көзү жарылгандыр?.. Тоо ичине киргенден чочуштубу, тоо жандуу эл дагы не амал кылып жиберет деп, же канга тоюштубу, аскерлердин арттан куба түшкөнү болгон жок. Тоосуна жетти дегичекти кыргыздарды таппайсың, булуң-буйткага кирип жок болушат, таш кулатып, дагы башка амалын жасап бөөдө чыгымга салып жибермейи турган иш. Аны орустар жакшы билишет, айрыкча Алайдан. Алымбек датканын аялы Курманжанды балдары менен тутуп алабыз деп, Алайдын капчыгайына эрдемсип кирип барып эле тоо-аскалардан кулаган таш, дарактардын алдында калып, кайра артка тартып, өздөрү араң кутулгандарын унутпай калышсын.

Кеч бешим болгучакты жака тараптан мылтык атуулар басылбай, бештен-ондон топтошуп, жалгыздап келген кары-жаш качкындардын аягы суюлбады, капчыгайда. Жака жакта эзели болуп көрбөгөн кандыбулоон кыргын болгону тууралуу акылга сыйгыс, үрөй учурган кептерди да алар ала келишти. Бир буйткага жашынган жүздөн ашуун бир урук элди жарык дүйнөгө жарала элек бойдогу бала-чакасына чейин бүт кырып салышыптыр падыша аскерлери менен мужуктар. Айтымда, алар Кемин тараптан келишкен сарыбагыштар көрүнөт. Жеткендеринин баарын кылычтап, бешиктеги ымыркайды бешиги менен бөлө чаап, ай-күнү жетип турган алсыз аял-келиндерди да аяшпаптыр. Жана, жан арга издеп төмөн качып, көл жээгиндеги калың камышка жашынган жапалуу элге өрт коюп, баарын тирүүлөй өрттөп жиберишиптир. Бири да аман калган жок дейт, жалмаган жалын, көк түтүн баскан камыштын арасынан чыкканын эле алдынан тосо атып, кылычтап, бүт кырып салышыптыр... Я-аа, Кудай! Бу не деген жазыгың?! Эгер бар болсоң жазыксыз элге боор ооруп, бу таш боор аскерлерге кайрым бербейт белең!!!

Дорду менен Иманүсөн жаңы келгендерден ушундай тирукмуш кептерди угуп, огобетер жүрөктөрү кайтып калды. Энелери эмне болушту экен? Аманбы же бул жактагы буйткалардын биринде корголоп жатышты бекен? Кантип табабыз? Аман-соосун кантип билебиз? Антип суроого тааныштар да көрүнбөйт. Андай катын-калач, бала-бакыра аз бекен? Эми эмине кылмакпыз?! Каякка барабыз?— деген ага-ини жашынган жеринен  чыкпай, үзүл-кесил сүйлөшкөн болуп жата беришти, алаңдашып. Кан көрбөгөн немелер катуу коркуп калышкан болчу. Чыгышса эле орустар баса калып, тытмалап, же аткылап жиберишчидей.

Бактылары бар экен, оңдой берди болуп бети-башы тамтык калбай тытылып, кийимдери  да ит талагандай далбаалаган Сасыке кеч кире өзү атчан түшүп келди, жогортон. Малсаак неме катуу үрккөн атын чылбырлап коё бербей, алда, аябай азап тарткан окшойт. Же дүрбөлөңдүн башында бышыктанып, жалгыз атымды качырып жибербейин деп  колуна ороп алган ноктосунан бошоно албай калганбы, ит билет, өзү да түнөрүп үндөгөн жок. Аны алыстан көрө сала сүйүнүшкөн Иманүсөн менен Дорду өздөрү жашынган топ карагандын арасынан чыга келишти. Аларды көрүп саал каниет тарта түшкөн Сасыке башка сөзгө келбестен:

— Буякта белеңер? Жакшы болбодубу... Энеңдер кайда?— деп, алардын адашып кеткенин уккан соң,— Жакшылап карасаңар болмок, эр жетип эле калбадыңарбы,— деп балдарын зекиген болду да,— Жүргүлө, энеңдерди караңгы кире электе таап алалы,— деп, санаалуу күңк этип, үчөө калган бүлөсүн издеп жөнөштү, төмөн түшө. Балдарын жүрөксүтүп жаткан жалгыз  санаасы да ошол эле, атасынын артынан дикилдей ээрчип жөнөштү. Уул-кызы менен жалгыз Айганыш кантти экен? Тополоңдо адашып кетишпедиби, кашайып. Аман-соо болушса болду. Аялы кыркка жете элек, али жаш, кайрат-кубаты кайта элек эмеспи, кутулгандыр. Кыйсыпырлуу алааматта балдары кантишти экен?! Жүрөктөрү катуу түшүп калышты го, байкуштардын! Соо болушса экен. Аты үркүп кетпгенде алардан адашмак эмес...

Иңир кире баштады. Тоо арасына түн эрте түшөт эмеспи. Жылга-жыбыт, кыр бетинде жалгыз каргадай караңдап, жогун  издеп үмүттүү элеңдеп, өйдө-төмөн чубашкан бирди-жарым кары-жаш, аял-эркектер көп. Жокторун түгөлдөп, топтошкондору андан мол. Тааныш-билиштерин жолуктуруп сураштырган, ачуу үн салып издеп, жакындарынын кайгылуу кабарын угуп алып, кошок кошуп, ботодой боздогондору да бар. 

— Шүк, жаман жорук баштабай, балким башка бирөөгө окшоштуруп алгандыр!

— Ие, мындай калайманда... аман болгусу бардыр...

— Ыйдын арты ый болот, эсиңди жый!— деп, күмөнсүп, алгы үмүт байлап же кара күчкө жубаткан да болушат бири-бирин.

Күзгү салкын кечте алсыз жарыгын чача батып бараткан күнгө чагылышып, муздак айнектей жалтыраган көл азалуу чалкыйт. Жээгиндеги камыштардын ар кай жерден түтөгөнү болбосо жанагыл канабайрымдын изи да жок. Жымжырт. Жоболоңдуу аскерлер Байсорунга кайтып кетишкен көрүнөт, же Түп тарапка өтүшкөнбү, караан үзүшкөн. Жанагы, жоо тийген жакта караңдаган караандар бар экен. Жакындарын издеп жатышса керек. Тапкандары жансыз, жаралуу денелерди жонуна көтөрүп же атына артып алышкан. Ар кай жерде карайып жаткан өлүк, жарадарлар жер жайнайт. Аларды аралап беш-ондон, бирди-жарымдан топтошуп, аралай сандалган кишилер, чачылган мал андан көп. Төшөнчүлөр, кийим-кечелер, кереге-ууктар, бозүйдүн жабуулары, кийиздер... ар кай жерде чубалып, чачылып жайыкта жайнап жатты. Калдайып сынып жаткан түндүктөр да көп.

Дордулар жана, адашып кеткен тегеректи тинтип, түн бою жакындарын издеп жүрүштү. Көрүнгөндөн сураштырып, алды-артка темселешип жүрүп бир коктудан таң супа салганда гана араң табышты. Он чакты киши менен калың төө куйруктун арасына кире качышкан экен. Ачыкка чыккандан коркуп, башын соксойто карап олтуруптур Айганыш. Эрин, балдарын акмалап жатса керек, аман болушса издеп, табышар деп. Уктап калган Акунун алдына алып, кызын колтугуна катып алган. Эрин, балдарын көрө сала жашып кетти:

— Кайда жүрөсүңөр, чултайлар... бизди таштап?..

— Ой, амансыңарбы, айланайындар?— эзели бирөөгө ийип көрбөгөн Сасыке атынан түшө калып катын-балдарын кучактап калды,— кагылайын... карактарым...— үнү каргылдана түштү.

Кеч күздүн салкынында үшүп калышкан экен. Эриндери күрмөөгө келбей, тыңдап сүйлөй алышпайт. Баарынын санаасы тына түшүп, саалга дем басып, Дорду көтөрүп жүргөн түйүнчөктөгү көмөч нандан үзүп, жармадан шам-шум этишти. Атка таңылган күлазык, азыноолак эт-аш, кийим-кечелери салынган куржундары жок болуп чыкты. Кыргындуу тополоң, ат үрккөндө түшүп калган экен. Баарын уйку басып, канчалык дене-бою жанчылып, ооруп турганы менен  кооганын күчтүүлүгүнөн улам жолго чыгышты. Жүрөктөр опколжуп, санаалар удургуйт. Баарынын ушул кыйсыпырлуу жерден алыстап, узап кеткиси келди. Андайлар арбын эле. Көч кайрадан уланып, бара-бара узарып, калыңдай берди.

 

Жол азабы – көр азабы

Андан кийинки жол азабын айтпа! Каяктан жоо чыга калып кыргын салып жиберет деп азга да сеп албай элеңдей жүрөксүп, капысынан атылып, кылычталып кетпейли деген коога менен күндүзү тыным, түнү тынч уйку көрбөй арып-ачып... алдыда не тагдыр күтүп турганын биле албай, белгисиздикти беттеп жүрүүдөн оор эч нерсе жок окшобойбу! Ушундай убайымдуу тагдырга тушуккан эл амалсыз, ажалдуу ашууну беттеп баратты.

Жолдугата көчкө улам жаңы келип кошулган адамдардан улам жаңы шумдук кабарлар арттан кубалай жете келип жатты. Мындай кайгыда элдин кулагы сак, кабарлар болуп көрбөгөндөй учкаяк болуп кетет эмеспи. Чүйдүн чыгыш тарабынын эли, Кочкор менен тескейликтер Бедел, Көгүрүм, Кайчын, Сөөктү ашып Турпанга, бугу менен саяктар Ак-Шыйрак, Үзөңгү-Кууштан өтүп Какшаалга түшө качыптыр деген сөздөр угулду. Аскерлер алардын артынан түшүп, жеткен жеринен эле атып, кылычтап, арып-ачып... аябай азап тартышкан экен! Аман калгандарын Беделдеги Кытайдын чегин тоскон чериктер болгон мал-мүлкүнө, тыңыраак кийимдерине чейин тоноп алгандары аз келгенсип апийим издеп таңылчак-түйүнчөктөрүн чачып, ырыстуу буюмдарын, аялдардын кулак-моюндарындагы шакек-шуруларына, чачтарындагы чачпактары менен билектеги билериктерине чейин чечип алышыптыр. Кыйды кытайлардан да өз деген эле черик уругу ашып түшүп, көчтү тосуп, көгөрүп өткөрбөй коюшуптур дейт. Каржалып, эки ортодо калган эл союшуңарды, каалаганыңарды берели дешсе маа демектен ар бириң аттын башындай алтын берсеңер да өткөрбөйбүз деп көк беттенишиптир. Ошондо жаны ачынып турган кыргыздар “туулдум – өлдүм, тутандым – көрдүм, акыры келет бир ажал”, орустардан коркуп өлбөгөн силерден өлмөк белек дешип намыстанып, чериктерге моюн бербей, өлөрүнө карабастан уруп-согуп чектен өтүп кетишкен экен. Азап-тозоктор жанына жедеп батып кеткен белем, элдин!

Кыязы, түндүк кыргыздары бүт көтөрүлгөн көрүнөт, орус аскерлеринин кордугуна өчөшкөн Жумгалдын Ак-Чийиндеги эл орустардын кыштагын талкалап, мал-мүлкүн талап алып, катын-балдарын өлтүрүп, кудукка салып жиберишиптир. Ысык-Атадагы Сын-Ташта да ошентип орустардын бал челектерин кыйратып, катын-калачтары менен баарын өлтүрүптүр деген биринен бири шумдук кептер угулду. Бирок кыргыздардын кырылганы олда көп болгон экен. Бир эле урушта Кызарт жактагы Каракол, Бучук, Ак-Белдеги үрккөн элдин эки миңдейин аскерлер кырып салышыптыр. Көк-Жарда тынай элинин үч жүздөйү кылычталыптыр. Айылдап өлтүрүлгөндөрү канча?! Бир эле Кара-Балта жактагы Өтөгөн кыштагынан эки  жүздөй, Талды-Булактан жүз элүү киши өлтүрүлдү дейт. Ак-Суусунда   мужуктар менен алардын катындары үч жүздөн ашуун кишини кармап алышып, байкуштарды сарайга камап коюп, айры менен сайгылап, орок-балталап, таш менен жанчып, баарын өлтүрүп салышыптыр! Момундугун кара кыргыздын! Бас деген жакка басып, кир деген жерине малдай кирип берип... Андан да Сокулуктагы Асылбаштан эки жүздөй кишини козголоң чыгардыңар деп кармап, мал сарайга камап алып бирден чубата чыгарып, жапыз эшиктен эңкейип чыкканын калтек менен каракушун жара чаап өлтүргөнү небак эле дүң болуп элге тарабады беле! Алар ошентип жайралган соң дагы ошончосун Пишпекке айдап бараткан жолдо качты деп атып, калганын жерге жаткырып туруп найза, кылыч менен бишкектеп өлтүрүлгөнүчү, окту ыраа көрбөй! Мындай кейиштүү кептерди уга берип көптүгүнөн башың айланат. Укканга караганда аман-соо калган эл, жер жок калыптыр. Жүрөк үшүйт. Баарынын дилинде бизди да ошентип балээ баспаса экен деген ой. Чүйлүк, кеминдик, көлдүк дебей – баары аралашып, узун бир көчкө айланган. Топ-топ болуп, алды-артына элтеңдеп жол карытышат. Күз келип, күндүзү чыкыроон, түңкүсү суук тарта баштады. Жака-белдер саргайып, тоо кары улам ылдыйлап келет. Кыш эрте түшчүдөй. Олуя чалыш Айганыш да ошентет. Жайчы эмеспи, билгени бардыр. Байсорундагы куугунду айтпаганда Кудай сактап, жамандыктан сырт эле  келаткандай болушкан...       

Түпкө жете келгенде аны бугу, саяк биригип камалап жатышкан экен. Көлдүн тескей учундагы Кызыл-Суусунда да үч миңдей киши чогулуп, орустарды кысып киргенде Караколдон кырк-элүүдөй куралчан ногойлор келип, чиркөөнүн төбөсүнө чыгып алып аткылап, кыргыздар каптаганда тосмолордон өтө алышпай көбү окко учушкан экен, беш миңдей кыдык, саяк, бапа, желдеңдер Ырдыкка келип, саяк Батыркан Ырайымбек уулун кан шайлап алып Караколду камап жатышыптыр дейт. Элдери түп көтөрүлө көчүптүр дейт, дейттер элди аралады. Мурда эле Көл өрөөнүнүн тың чыкмалары оруска каршы чыгып, согуш салып, кууп чыгабыз деп жыйын курганда айтылуу Кыдыр аке “койгула балдар, өзүм барып алардын ордосуна чейин көргөмүн, орустар бирдиктүү, согушчан көп эл, кыргыздар аттын кашкасындай болсок, алар ат түгүндөй жайнаган эл, каршы чыксак куруп кетебиз, алар менен сүйлөшүп оокат кылалык” деген экен. Ошондо  аны “бу, орустун кишиси, ошолордун сөзүн сүйлөп, аларга жан тартып жатат”, “коркок билиш” дешип жактырбай, таназар албай коюшкан экен, акенин ошол айтканы эми башка келип, куруп жатпайбызбы, ошондо акени укканда эмне, минтип тентибейт элек  деп күйүнгөндөр көп. Чүй, Кеминде кыргыз-орус кагышты дегенди уккан Кыдыр аке дароо өзүн ээрчиген арык тукуму, айрыкча анын сарыке элин Кытайдын Кулжа, Текес тарабына көчүрүп кеткен экен, азыр баары аман-соо дейт. Талас, Чүй менен Суусамырдын баш жагы орустар менен кепке келишип, үркпөй эле тынч калышпадыбы. Биздин төбөлдөрдү кудай төбөдөн урбадыбы, өз кызыгын ойлоп, эли эсинен чыгып!— деп армандап, шыпшынгандар андан көп. Ошондой, ойдо жок сөздөргө алдырып, эми не кыларын билбей келаткан оропарада көч күтүлбөс кыргынга учурады. Элдин жарымы билген жолубуз менен Кытайга барабыз деп Түптөн түштүк-чыгышка, Сырт тараптагы Эңилчек, Ак-Шыйракка өтмөк болгондо аларды Кара-Баткактан жүздөгөн аскерлер тосуп чыгып, чабуул коюп киришти! Бу неси, курал-жарагы жок, жай эл экенин көрүп-билип туруп аскерлердин бул не кылганы?! Жоо чапкансып аламандап ат коюп, ураалап, алыстан эле мылтык менен аткылап, билимотун тытыратып, кылычтап киришсе болобу! Мындай кыяматты ким көргөн?! Таягы да жок, кыргый тийген чымчыктардай чачырай качкан элдин кырылганын айтпа! Сазга батып, чыга албай дайынсыз чөккөнү канча?!  Миңге чукул элдин жарымынан көбү шейит кетишти! 

Жол бар деген Иманүсөндүн айтканына ишенип, Каркыра аркылуу кетмек болуп тоо этектей бараткан  Сасыкелер азганак эл менен тоого кире качышты! Антпегенде аман калышмагы арсар эле. Саздагы элдин тымтыракайын чыгарып бүткөн аскерлер алардын артынан түшкөн жок. Он чактысы гана оюн кылмакчы болдубу, алардан бөлүнүп чыгып, бери бурулуп келатканда жакынкы кырдан удаама-удаа мылтык атылып, эки-үчөө аттан кулаганда аскерлер артына тартышты. Баарыбыз түгөл окко учуп кетпейли деп чочушту көрүнөт. Алдыга кеткен негизги тобу Караколду беттеп, караан үзүп бараткан болчу.

Кырдан мылтык аткан жалгыз баатыр – бугунун токой уругунан чыккан Султанбек деген киши экен. Сасыкелер жакындаганда кырдан түшө келди.

— Кудай жазасын бергирлер!— деп кыжынып алыптыр ал,— Жай келаткан элди кырып!..

Элди коргоп алаар баатыр жүрөк эрлер дагы да барлыгына кубанып, сыймыктанып алды эл. Эш тутуп калышты. Сазда калган шейиттерди көмгөнгө ниеттенди эле Султанбек:

— Өлөр кишилер өлдү, эми аларга курандан башка жардам кыла албайсыңар! Жай кезең келгенде сөөктөрү жерге берилер. Убалы жан алгычтарына тийсин! Кудай аларга жазасын берсин. Өз жаныңарды ойлогула. Амандык силерге керек, бала-чакаңардын арбайын көргүлө...— деп айнытып койду.— Токтолбой, тезинен жол арбытып, бу жерден кеткиле! Болбосо тигилер билип калып силер да кырыласыңар!

Аныкы туура болчу. Тукум үзүлүп калбасын! Ансыз да азайып калган эркектер болбосо бала-чаканы ашуудан кимдер алып өтөт?..

Токтоян, Кызыл-Кыядан өткөндө баш-учу көрүнбөй чубурган көчтөн үч-төрткө бөлүнүп топтошуп, миңге жетпеген гана эл калган. Ар кай жерде жакындарын издеп андаалаган, тапкандары сөөгүн кыя албай не кыларын билбей өкүрүп, кошок кошкондору качканга кайыл болуп кала беришти. Тоо-ташта каржалып, жарытып уйку, тыным албай, тыңгылыктуу тамак көрбөгөн көпчүлүктүн арасынан шайы кетип, көчтөн четте калгандары, сандалып, бирин-бири жөлөп-таяган караандар жолдо калып жатышты. Мындай, ар кимдин жаны таттуу болгон башаламандыкта кимди ким карайт. Ар кимдин өз мүшкүлү, өз жакыны күч болчу. Чанда эле жакын-таанышы, же адамдык касиетин али жогото элек кай бирлердин кары-картаңдарга, ата-энесинен айрылып айласы куруган балдарга  кайрылышымыш эткени болбосо, көбүнө жан тартып, караган эч ким жок. Ыйман-ызат унутулду. Дорду менен Иманүсөн алгач андай алсыздарга күйүнүп, аз да болсо сүйөк болушчу эле, эми алардын баарына колдору жетпестигин туюп, тажап, өз арбайларын чаап калышты. Акун иниси менен таңылчак-түйүнчөктөрүн кезектеше көтөрүшүп, кубат-алдан да тайый башташкан...

Ээси башын ала качып, же өлүп, кароосуз ой-түздө жайылып жаткан малдан айрымдар  кармап, союп алып жатышты. Жолго, ашууга кам көрбөсө болбойт. Колунан келип, жигит жумшаган байлар, алдуулар жыйып алып, айдап кетишкенден калган мал канча! Сан жетпейт. Жылдап жыйган мал-оокаттары кыйчалыш кезде жанга эш боло албай талаа-түздө чачылып, жамырап жатат. Мал – бир жуттук деген ошол. Демек, бу аймакта адамдары бар мүлкүн таштай качкан далай кыргын, кагылыштар болгон экен да!  

Сасыкелердин айдап-жетелеген малы, жондоруна арткан жүктөрү менен Байсорундагы тополоңдо эле жок болушкан. Жалгыз аты гана калды. Анысын канчалык сылап-сыйпаганы менен ал да арып, бир күн тыным бербей минип, оор жүк арткандан кабыргалары каржайып араң басып калды. Дагы жакшы, жыйылбай калган талаалардан арпа, таруу сыдырып алып, кочуштап берип келет.

Канчалык адалдыкты тутунган менен болбоду, жарты кап талканы түгөнүп, баарынын шайы кетип калганда Иманүсөн барып бир уйду жетелеп келди. Бөтөн бирөөнүн оокатына эзели көз артышчы эмес эле арам санап, Сасыке менен Айганыш. Айла жок, алдыда ач бел, аяздуу ашуу турат, балдардан да каруу кетти. Арбактардан кечирим сурап, куран окуп, уйду союп алышты. Кеч күз, ээн жерде жүргөн неме семиз экен. Жолдо таап алган казанга шыкай бышырып, жегенин жеп, калганын чийкилей да кошуп жолго деп алып алышты. Жолдугата улам бири сыдырып алышкан азыноолак арпа-таруусун айтпаганда, болгон оокат-азыгы ошол.

 

Ашуу алдындагы ажал

Куш уйку салып эле, алар таң азандан кайра жолго чыгышты. Жоону кайдан деп болбойт. Ач карышкырдай алардын колуна түшкүлүк кылбасын. Ашуу алдында көпчүлүктүн ою бир чыгып, жапатырмак тыным алышкан белем, ашыккан Сасыкелер көчтүн алдыңкы катарында болуп калышты. Алардын колуна кол болуп берер, оорун жерден алган, билегинде каруу-күчү бар эки уулу бар эмеспи. Жол азабынын оорун артып келаткандар да ошолор. Иманүсөн аял алып кетирген эр жигит болсо, Дорду кабыргасы ката элек жаш делген менен чымыр, эр жигиттей зирек, демдүү эле. Килейген бир чанач сууну да тынбай, жонунда көгөрө көтөрүп келаткан да ошол.

Кыш жакындап, аяздын каары сезилип калган. Дагы жакшы, жолдо ээсиз, чачылып жаткан кийим-кечелердин колдоруна урунган калыңдарын жыйнап алышпаганда суукта даана куурашмак. Манастагы айтылуу Көкөтөйдүн ашы өткөн айтылуу Каркыранын жайыгында аяздын ак кыраңы туруп, суук түшүп калыптыр. Жер тоңо баштап, жайыкты курчаган тоолору текши агарган  кар. А Кытай тараптагы алыскы тоолор болсо кабатталып, заңкайып, сүрдүү. Ашыра койбойм дегендей каардуу жол тосот. Иманүсөн көрсөткөн ашуу тарап да кабарып, тумандуу. Ал жакта анык кыш. Түнү, таңкысын колу-бетти суук каарып, кадыресе суук. Буяктын эли небак көчкөн экен.  Тек, буларчылап Кытайга качышканбы же кокту-колотко жашырынып кирип кетишкенби, белгисиз. Казак тарапка барышпайт, ал жакта да кыргын-сүргүн, баштарын ала качкан алардын өзүлөрү  кыргыздарды боор санап, башпаанек издеп качып келишпедиби.

Ашуунун азабы курусун! Айтса сөз жетпейт. Дагы Кудай чоң сактады Дордуларды, көчтүн алды капчыгайга жете бергенде эле капталдагы белден жоон топ атчан аскерлер сороктой чыга калышты да, түз эле качкындарга ат коюп киришти. Дагы да көнүмүш адетинче тарсылдата мылтыктан аткылап, кылычтарын булгалай кыйкырышып тим эле айбаттуу жоого ат салышкандай! Куралсыз, арып-ачкан момун эл экени менен эч иши болбоду. Көпчүлүк таан тийген таранчылардай туш тарапка чачырап, чуулдай жапырылып кача беришти...

Алдыда болгондон улам Дордулар калың карагай-черлүү капчыгайга кире качууга үлгүрүштү. Канчалык башаламан, коркунуч болсо да алар бири-бирине көз салып, көмөктөшүп, мурдагы тополоңдордон ачуу сабак алып калышкан эмеспи. Баштагыдай ар кими эс-акылын алдырып, өз башын бет келди ала качып, адашышкан жок. Адам баласы баарына көнүп, үйрөнөт тура. Ийнелүү карагай, тикендүү бадалдар канчалык ачыштыра бет-денени тытпасын, өздөрүндөй жанталашкан кишилер менен көпкө жандимилене алга чуркап, качан жогорураактагы аска ташка барып такалганда гана эстерин жыйып, токтошту. Артын карашса төмөн калган капчыгайдын оозу туштагы жайыктын жарымы көрүнүп, атчан аскерлердин койго тийген ач карышкырлардай элдин артынан сая түшө кубалап, туш келди кылычтап жүргөнү көрүндү. Кудай бетин салбасын! Аял-эркекпи, кары-жашпы ылгап коюшпайт. Аёо дегенди билбей, адам кейпинен кетип, жин ургандай. Атасынын өчү бардай ызырынып, туш келгенин кылычташат, аскерлер. Аларга мынчалык мыкаачылыкка ким жол берген? Не мынча жин ургандай ашынып кеттиңер деп сурап коёру жокпу алардан? Башын ката чыңырган баланы да, ымыркайын бооруна кысып жан соогалай качкан келинди да аяшпайт. Боо-боо түшкөн өлүк денелер ар кай жерде карайып, жайрап жатышат. Көргөндүн денеси дүркүрөп, өз көзүңө ишенбейсиң.

Аңгыча топурай качкан кишилерди кубалай чапкан аскерлер капчыгайга да жалаңдай кирип келишти! Оозунан көбүк чыккан атын омуроолото теминишип, мылтык, тапанчасынан тарсылдата атып, чөп чаап ойногонсуп кылычын туш келди шилтешет. Арийне, чөп ордуна талдай дене, топтой баштар эле... Ызы-чуу, жүрөк титиреткен ый, чыркыраган кишилер тоо-токойго баш калкалай кача чуркашат. Таяк-ташын көтөрүп өзүн, же жакындарын коргомок болуп айбат көрсөткөндөрдү бир ок, бир шилтем кылыч менен жерге суналта жыгышат. Ушунча кырылган элдин убал-сообу жокпу?! Малды да акыл-эстүү адам пендеси мынчалык кыргынга албас! Кудай деп чокунгандары кайсы, аскерлериңдин?! Алардын дининде деле ак-караны ылга, адамга күнөө кылба, пенде жанын кыйба... деп жатпайбы! Дин ургурлар!

Дордулар ат кире албайт дегендей чытырман-тикендүү ит мурун, кызыл четин, бадалы  жыш өскөн  асканын астындагы коңулда аңчынын итинен жашынган бөдөнөдөй бүрүшүп олтурушту. Жүрөктөрү жарылып кетчүдөй дүкүлдөйт. Айганыш алаңдап кызы менен Акунду эки колтугуна кысып, коёндой бүжүрөйт. Аларга атылар ок менен шилтенер кылычты алгач өзүнө алууга даяр болуп Сасыке алдыда калкалап алган. Жалаңдаган атчан аскерлер жете келишсе не айла кыларын билбей Иманүсөн менен Дорду алапайын таппай алаңдашат. Тигиндеги таш түбүндө суюк, чокчо сакалчан жалгыз карыя келмесин келтирип күбүрөнөт. Аскерлердиби, же адашып калган кемпир, уул-келиндери көрүнө калбасын дегендей таш үстүнөн моюн созуп улам үмүттүү шыкаалап коёт. Жакындарынын амандыгын Кудайдан тилеп жалбарып жаткандыр. Жана чогуу келатып эле ар кими туш-тушка качып, адашып кетишпедиби. Эми табыша алышар бекен? Же... Карыя жамандыкка жоруй албай келмесин кайталайт. Андан нарыраакта чоң таштын түбүндөгү чүкөдөй бир кемпир беш-алтылардагы небересин чепкенинин этеги менен жаап, бүрүшүп  калган. Эс тута элек бала жамандыкты көрбөсүн, жүрөгү түшүп калбасын дегени го. Алардын эмки көргөн күндөрү кандай болор экен? Небересинин ата-энесин, ага-туугандарын таба алышар бекен? Балким алар небак окко учуп, кылычталып калышкандыр...

Аскерлер токой-черди аралашкан жок. Жолдогу колу жеткендерди толук кылычтап, тоо таяна качып бараткандардын артынан удаама-удаа аткылашты да тапырап, төмөн чапкылап кетишти. Жан аралжы издеп төмөндөгү кыргындан качып келаткандар кайра алардын алдынан чыгып, кыйсыпырлуу кылычына кабылышты. Капчыгайдын оозунан капыл-тапыл атырыла чыккан атчандардан туш-тушка бытырай качып, өлгөндөрү карайып ар кай жерде томпоюп кала беришти. Кайран эл! Кай күнөөң үчүн ушундай азапка калдың эле?! Өзгө элди өзүң чакырып алып, алардын тентип келгендерин аяп, жер-суу берип, кайра алардан өз таламыңды талашканың үчүнбү? Өз мекениңде жашап, тиричилик кылууну эңсегениң үчүнбү? Болгону ата-бабаларың кылымдап канын төгүп, коргоп калган жериңе кайра ээлик кылгың келгени үчүнбү? Каяктагы, кас болмок тургай, эзели атын укпаган эл менен согушка баргың келбегени үчүнбү? Ошонусу үчүн да ачуу жаза тартууң керек беле?..

Баш-аягы көрүнбөй убап-чубап чыккан көчтөн болгону бир айылдай эле киши ашуу ашты. Кулжа менен Текестин тушу экен. Калган эл кеч аштыбы, же жолдо калып, аскерлердин колунан шейит болуштубу, белгисиз. Аларды тактап алар, ага күйүнүп, кызыккан жан болгон жок. Кунун кубаламак кайда?! Ак карлуу, кубарган мерес ашуу, сөөктөн өткөн суук. Бозоргон асман. Сүйлөргө дарман жетпеген ач курсак. Кол созоор мээримден курук кайрымсыздык. Олтурган жеринде тоңуп, тайгак жолдо аскадан учуп өлгөндөр да көп болду. Мал чыгымы андан көп... Эл тарткан азап-тозокторду тескеп айтууга сөз жетпес, ов! Аяздуу ал, ач-бел, куу жондуу ашуудан наркы көргөн күн курусун!..

 

Наркы тарапта

Кулжа – туш келди салынган жер кепелүү, тар көчөлүү чоң кыштак экен. Эл көп. Чаар топулуу таранчы-уйгурлар басымдуу, андан кийин дуңгандар, казактар, моңголдор, атургай илгери чоң уруулардан болгон шибелер да бар. Атын укканда кыргыз каны кайнаган калмактардын айылдары көбүнесе четте, тоо этегиндеги жайыктарда жайгашыптыр. Жунгариясын эки кылымдан ашуун мурда кытайлар талкалап, калганын кыргыз-казак Иледен жойгондон кийин аларды эми биротоло баш көтөрбөсүн деген кыязда туш келди көчүрүп, башын бириктирбей чачыратып салган экен. Азыр алдан тайып калса да, ар кай жерде айылдашып, “эски оорусун” эстеп чек тосумуш этишет. Кыргындан качып келген кыргыздарды өздөрүнө тушташ чектен өткөрбөй өктөмдөнүп, жер кожоюну сымал кожоңдоп, эптеп аман алып калган мал-жандыктарын салыкка, болбосо догун артып тоноп алган да ошолор болушту. Таранчылар менен ушул ойроттордун кордугу баарынан күч болду. Илгерки кыргыздар талкалап, жеринен айдап, мекенсиз калтырган эзелки өчтөрүн ачык айтышпаган менен эми кектешкен сымал. Кезинде экөөнү тең кыргыз басып, баш көтөртпөй келбеди беле, жоолашып. Биринин каганатын талкалап, мекенсиз кылса, экинчисин баатыр Манастан тартып жүрөгүнүн үшүн алып, мизин сындырган эле го! О, оомал-төкмөлү мол замана! Эми ошол эр кыргызың кырылып кете жаздап, кор болуп туру го, эзелки кастарына жалдырап?! Оңбой кал, орус пааша!

Кулжанын дал ортосунда Казанчы деген чоң базары бар. Илгери, бу тараптагы тоолук кыргыздардын эле мал базары экен. Кийинчерээк казан куюп, темир чаап, аяк-чарага, ат жабдык, кылыч-найзага чейин жасаган уйгурлар көбөйгөндөн улам Казанчылар базары атыгып кетиптир. Дорду агасы менен ошол базарда көрүнгөндүн кол баласындай ишин кылып, бирде наабайчы, ашпоз  таранчынын оту менен кирип күлү менен чыкса, бирде кызыл баш дуңгандардын отун, камышын даярдап берип, көк-мөгү сатылганча саксактап берип, же ашкөк, калемпирин жонун жоорута ташып күнүмдүк оокатына жетер азыноолак акы таап алышат. Моңгул, наймандардын кой-эчкилерин базарга айдашып кирип, түн күзөтө кайтарышып, акысына арык-торук козу-улак алган күндөрү да болот. Андайда  майрам! Көбүнчө ал Дордунун колунан келет, дугдуңдап тың, жаштыгына карата курч эмеспи. Андайда айыл четиндеги камыш, тобулгу менен эптеп чүргөп, ичин кийиз, колдо бар чүпүрөк-чапырагы менен тосумуш этип алган алачыкка Сасыкенин бүлөсү түгөл чогулуп, сырттагы таш кемегеге казан-табак асып ысык сорпо-шилең ичип, жашык эт болсо да ич жылытып алышат. О, андай бактылуу күндөр чанда гана! Арам санап, ит-кушкаа ыргытып иер илмийип арык, ара туулган козу-улактын ушунча чоң, табылгыс азык болору түшкө да кирген эмес!

Колдон иш талашып, курсагына жук болор бир үзүм нан таап алууга жанталашкан чоң-кичине качкындар толтура. Бүтүндөй кыргыз, чанда гана казак. Карылары короодо катындын ишин кылып суу ташып от жагып, кызы бөтөнгө күң, уулу кул болгондору канча! Тапканы – чала тоют курсагы же бүлөсүнө бир кочуш талкан. Ал, дагы болсо! Болбосо, өзү өзөк жалгаганына тобо кылат. Алакан жайып кайыр тилеген тентимиштерге эсеп жетпейт. Аларды үйү эмес, жанына жуутпай уруп-тээп, таяктап кубалап, баары селсаяк иттей жек көрүп, жеришет. Кышкы кычыраган сууктан башпаанеги жок, же ач-жылаңачтан жол четинде өмгөктөп өлүп жаткандары, түйүнчөктөй кар алдында төмпөйүп, көмүлбөй жаткандары канча! Багып-караар караан-жөлөгү жок, жалгыз болсо пендеге мүшкүл экен го! Алдан тайып же кеселдеп калсаң бүттү, эч кимдин сени менен иши жок, жалдырап жатып жан бересиң. О, Кудай, андайды жаман деген пенденин да башына түшкүлүк кылбасын!

Сасыке көптүн бири болуп тоо-таштан караган-бадал кыйып, камыш-куурай чогултуп,  бүлөсүнө жылымтык издеп күн кечирген болот, күндөп арткан азыноолагын балдарынан базарга чыгарат. Антпесе, көбүнесе балдарынын колуна иш урунбай ач курсак, үшүп-кайыгып кайтаары, бүлөсүнүн калчылдап, отсуз тоңуп олтуруп калмагы турулуу. Аны да жашырынып жасайт, бул жакта бардык жердин кожоюну, баскан-турганды тескеген мыкчыгерлери бар, алары жөн жерден кыйкым таап акы сурап, берээриң жок болсо кулдап кетер. Сасыкеде, ал өңдүү каратаманда кайдагы пул, каяктагы мал. Баарынан айрылышпадыбы, жолдо, эптеп каткандары талоонго калган. Жан тартар жакын-туугандардан  жан жок. Болгондо не, ар кимдин өз башы арман, кара кайгы болуп калган чак. Демейде жамырап жатчу тезек аттуу жок. Кычыраган кышта кара мал сыртка чыкмак беле. Эскилери небак терилип бүткөн. Кык аттуу нерсе көзгө басар чоң олжого айланып калган, отко жакканды кой, жерге түшөр замат арпа же буудай жеген аттын кыгы менен уйдун жампасын сууга чайкап жиберип азык кылып жеп жиберген ахыбалга жетишкен, кайран эл! Ачкалыкка чыдоо кыйын тура! Андан да шумдуктуу кептер жүрөк түшүрүп, Сасыкени алачыгынан алыс чыгарбайт. Бадал кескен бирөөнү жыга чаап салыптыр, камыш кыйган дагы бирин үй-бүлөсү менен айдап кетиптир, баланча дегендин кызын күңдүккө чыркыратып тартып алып, уулун кулдукка алыптыр... деген эле жүрөк үшүн алган кеп. Жат жердин жабагысы да төрө деген чын белем, каркылдаган каргасы да коркуп койбой үстөм, биякта. Өз элиңден, мекениңден айрылсаң ошол тура, көрүнгөндүн көзүн карап, жалтактап! Колунда барлар же мурдатан бул жерди жердеген кыргыздар менен алыш-бериш болуп келгендер тоо арасында, кабагым-кашым дебей бейгам. Алардын арасында каратаман элине жан тарткан күйүмдүүлөрү да, жергиликтүүлөргө жан тартып, кылт эткениңе доо артып, азыноолак оокатыңды тоноп алган жексурлары да бар. Андайлар аз дечи, дээрлик көпчүлүктүн башына оор мүшкүл, кайрымсыз кайгы түшүп туру. Эчен азап менен бу тарапка эптеп аман жеткендер  ачкачылык менен сууктан, андайда күч алып кетчү оорулар менен жат элдин кордугунан чымындай эле кырылды. Соо калгандары эзели эсине киргис мусапыр турмуш кечиришти.  

Энеси Айганыш али борбою ката элек, үчкө караган Акуну менен канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокуттурбай алпештеп келген кызын дагы эле алаканына салып, жат көзүнөн калкалап алачыкта, өлбөстүн күнүн көрүп келет. Үлүшүнө тийген азыноолак азыгын уул-кызына катып берип жүрүп, ач арбактай арыктап, сөөгү эле калган. Мен ичээримди ичип, жээримди жеп, көрөөр ырыскымды көрдүм, эми ушуларым аман болгой эле, элине эсен жетишсе экен деп көктөн тилегени ошол. Улуу уулдары эптеп тагдырларын жазгап кетер, көкүрөк көтөрүп калышпадыбы деп анчейин санаа тартпайт. Ошентсе да эне эмеспи, аларын да кыйбайт, жерине жетип, түгөйүн таап, очор-бачар жашап кетишсе экен деп басса-турса тынбай санаа тартат. Илең-салаң алачыгына кирип-чыгып, идиш-аягын кылдыратымыш этип, баарынын жыртык-тешигин бүтөйт, өзүлөрүнүкүн эле эмес, тааныш-билиштердикин, атургай оңтою келсе уйгур, калмагына карабай кийим-кечелерин жамап-жаскап, жууп берип жарты кесе талкан, тиштем нан таба коёт. Канткен менен оймокчу, уз эмеспи. Өнөрлүү өлбөйт деген ошол. Өзү эле эмес, чалы, баары көтөрүм-арык. Кайыр сурап кайрылган кыргыз баласын да кыйбайт, чымчым талкан болсо да бөлүшүп жиберет. Аның эмне, өзүбүздүн оозго жетпей жатса деп, чунаңдаган кызына “ ээ, чултай, тең болгонду Теңирим сүйөт, алар да биз окшогон шордуу эмеспи, азга болсо да ашказанына жук болсун” деп элдик нускадан оозанып коёт. Жеткен боорукер жан. Кайнененин камырынан дегендей, жокко кайыл, дайыма нускасынан жазбаган, Теңирден башканы оозанбаган жайчыл, эмчи-домчу кайын энесин жазбай тарткан. Өзү да чултайлап сырдуу сүйлөп, анча-мынча сыркоого дуба салып, эмдеп-домдоп шыпаалап, сакайтып коёт. Жакшынын шарапаты дегендей көлдөгү ал касиетин бу жердегилер да баамдап, кайрыла калышат. Алардын баарынын эле кесели санаа, ачкалыктан; каржалдың го кайран элим!— деп көзүн жаштап коёт, билгизбей. Бүлөсүнүн амандыгын кармап келаткан да Айганыш. Анысын ачык айтпай, ичтен дубалайт. Чырмыктап калгандары болсо оң-сол ийнине бурулуп ии, чултай, ошондой де, жогол, жолобо!— деп жер сабап, бычак кезеп коёт. Бүттү, ошону менен оору-сыркоо жок, тез эле тыңып кетишет.

Чөп алачыктын суугун айтпа! Кеч күз менен кыш башындагы кычык-тешиктен сөөккө өтө урган кургак шамалдан кийген кийимчен эле төшөлгөн камышка кулашып, колдо болгон чүпүрөк-чапырактын баарын үстүнө үйүп алып, бири-бирине ыкташып, жылытышып, таң атырышчу. Кар жааганы аз болсо да ыктоо болуп калды, тегеректеги карды чогултуп, алачыктын үстүнө үйүп койсо шамал кирбей калат тура. Алачыктын ичи аңылдабаганы менен сөөккө жеткен суук, от жагылбаса ошол да. Ичи камыш болсо каяктан от жагылсын, өрттөнүп өлүшпөйбү. Айласы кеткенде антип ажалын тапкандар да болду.      

Иманүсөн менен Дорду базардан күнүгө шумдуктуу кабар алып келишет. Айры калпак, жер безерлерди көрө сала ылымсанап жетип барып баарынан эле ындын өчүргөн ыйлуу кеп угушат. Жоону токтотобуз деп каршыгып, же антип-минтип камынгыча, не ишенип-ишенбей жатып жаналгыч жасоолдор кирип келгенде кеч качып калган элди Беделдин наркы бетинен боо түшүрүп кырып, дайрага агызып, ашуудан аша албай калгандары бүт тоңуп өлүшүптүр десе, дагы бирлер Сөөктө мал-жаны менен түгөл камалып, кыргыз калбай кырылыптыр дешет. Айыл, уруу тургай бүтүндөй улут жок калыптыр дегенди укканда амал куруп, кан муздайт. Элибиз жок эмне кылмакпыз? Кандай тозокко туш келдик эле? Кылымдардан кырылбай келген кыргыз ушинтип кыйсыпыр болмок белек, кокуй?! Эми кандай күн болот, кийинкибиз?! 

Күндөрдүн биринде Иманүсөн көзүнөн күлө келип:

— Эне, сүйүнчү!-деди алачыкка баш багып эле. Энеси кызынын башынан сирке сыдырып олтурган болучу.

— И, оозуңа май, чултай! Болсун! Болсун!— деди Айганыш уулуна үмүттүү карап.

— Базарда жүрүп силердин Шалталык бир балага жолугуп калдым...

— И, чултай ...— энеси айылынын атын угуп сыртынана сыр бербегени менен ичтейинде кайнап жүргөн санаасынан жарыла жаздап, уулуна жүзүн бурду. Ал тескейдеги Шалта айылынан Кенжебай дегендин кызы эле,— биздин бүлөдөн кабар уга алдыңбы?..

— Алдым, ошону айтайын деп жатпаймынбы. Атаңыз... таятам Кенжебай бүлөсү менен Беделден аман-эсен ашып, Турпанга өтүшкөн экен...

— Я, кудай... Теңирим колдогон экен...— Айганыш адатынча жакасын кармана күбүрөндү,— анан?..

— Турпанга жакындаганда бир көрүшүп, кийин баары туш келди чачырашып, табышпай калышкан экен...— Иманүсөндүн үнү мокоп, күнөөлүдөй жер тиктеди. Ашууда көптөгөн элдин, анын ичинде ага-туугандарынын далайы орус аскерлеринин окко учуп, сууга акканын, чериктердин ыдыгын айта албай сөзүнө какап турду. Атасынын оң бутуна ок жаңылып, жалгыз атына эптеп чийне тартып, ашуу ашышкан экен. Кичүү баласы тополоңдо бешиги менен сууга агып кетиптир, энеси жарадар эрин атка артып келатканда. Он бештеги уулуна ишенип, көтөртүп койбоду беле... Кийинки көргөн күндөрү кандай болду экен, шордуулардын? Андай арыз-муңду айтканга оозу барбады Иманүсөндүн.

— Ошого да шүгүр... аман болушса болду,— арыганынан алы кетип турган аял кубаттангансып үн катты. Кыз киши төркүнчүл келет дешет эмеспи, жакындарына санаа тартканынан айтылса керек ал кеп. Аял кишинин жүрөгү аялуу келет эмеспи. Ата-энесинин амандыгынан алгач кабар алган Айганыштын көздөрүндө каниеттиктин учкундары тутана түшкөндөй болду. Олуя эмеспи, балким уулунун айта албай жаткандарын сезип-билип койгондур...

 

Үмүт оту жанганда

Кыргыздар Кытайда да тентишти. Арып-ачып, эптеп аман калуунун жолун издегендер Кытайдын түндүк тарабындагы Кашкар, Турпан, Кулжа, Текес, Аксууга батпай, Аксы, Бай, Куча, Шайа Бөгүр, Жаркент, Күнөз, Лупка, чыгышындагы Карашаардан, миңдеген чакырым түштүк-батыштагы тетигил эле атын уккан менен көз көрбөгөн Тибеттин Котон шаарына чейин сандалып кетишти. Ачкалыктан, кирден чоң-кичинесине карабай кишилерди текши  бит-сирке басып алардан котур, келте, чечек деген жугуштуу оорулар чыгып, жайыла каптап, эл эсепсиз кырылды. Какаганга муштаган болуп Котондо кыргындуу оба-чума от алып чыкты. Анча-мынча оокаттуулардын малы делбе чөптөн кырылды. Алар малына жай издеп Жылдыз ашып Күнөзгө чейин жетишти. Ылаажысыз турмуш жанга батып кеткендиктен тыңчыкма тынымсейит, сарыбагыштын жигиттери уйгур, калмактардын малдарын чаап ала баштады. Андай шокторду элине кошуп малдын ээлери карматып, каматып, бийлик куугунга, абакка алды. Уруулар арасында уурулук, каракчылык күчөдү. Бир эле эл бири-бирин уурдады, карактады, ыйман, ынтымак кетти... Ар ким өз арбайын чаап калды. Амалсыздыктан ата-энелер карачечекей балдарын сатып киришти. Сөөккө өткөн суук, ачарчылык барган сайын күчөп барат. Элдин амалы такыр куруду... 

Ушинтип, кыргыздын үмүтү үзүлө жаздап калган кезде жалган курандын башында кубанычтуу кеп аралады. Бирдин айынын орто ченинде ойрон болгур ак падыша кулап, урият болуптур, эл бийликти алып, эми эл-жерибизге кайтсак болот экен!— деген. Ишенип-ишенбейсиң, уккан кулагыңа. Меншебик, Керениский дегени падышага нааразы аскерлер менен каржалган карапайым элди көтөрүп чыгып, ак сарайын басып алып, орус падышасын камакка алыптыр, убактылуу өкүмөт дегени тактыга олтуруп, бардык элге, анын ичинде кыргыздарга да уруят берилиптир, эмне кылсаң өз эркиң, бай-кедей деген тең болот экен, качкандар кайта элине келип жайыт, жериңерди кайтарып алып, оокатыңарды кыла бергиле дептир! Андан да переселен, жер чийген жексурлар токтоптур, орус-кыргыз деген болбой, бирдей тең адам саналышат экен! Мурдагы кыянатчыл орус биристап, оёз дегендери жакшы, калыс адамдарга алмаштылыптыр дегени ойго келбеген кызык болду. Кантип эле ошондой болсун?! Жакшы төбөлдөр да болобу? Алардан каратаман элге боорукери чыгабы? Кызык...

Анан эле көп өтпөй убактылуу өкмөттүн кишилерибиз деген орус, кыргыздар келишип, элдүү жерлерде качкын элге ысык тамак бере башташты дейт. Болгондо да тамагы бекер экен! Мындай укмуш болорбу! Ким көргөн андайды! Тим эле жомоктогудай! Ал, жаңы замандын кишилери да сүйлөшүп алышкансып угулган имиштерди бир ооздон ырастап жатышты. 

Тиги жерде минтиптир, аякта тигинтип айтышыптыр деген имишке ишенчээктер Кулжа, Текес, Кашкар, Какшаал. Ак-Суу... жергелериндеги ач-жылаңачтык жанына батып кеткен   кыргыздар кыштын күчү кайта элегине карабай бириндеп, топтошуп өз жерине агылып кете башташты. Алсыз, андаалаган алардын бир гана тилеги – мекенине жетип, көз кубанта бир көрүп, абасын жыттап, топурагын жазданып жатуу болчу.   

 

Аргасыздык

Жаз жакындаганы жут келди. Бардарлардын кышка деп, камдап алган азык-түлүктөрү азайып, өз ооздорунан артпай, кедей-кембагалдар кап, сандыгынын кагындысын кагып калышты. Анүстүнө, алар мынчалык кумурскадай каптаган качкындардын келишин эч күткөн эмес болучу. Болгондо да карышкырдай ач, жут. Айттырбай келишкен алар да жергиликтүү элдин азыктарына ортоктош, табакташ болуп калышпадыбы. Базарда тамак-аш огеле кымбаттап кетти. Каратаман качкындарда чака тыйын жок, билерик, сөйкөлөрдү кой, жылтыраган топчусуна, бутундагы ырыстуу чокоюна чейин тамакка алмашып салышкан. Ачкалык баарынан кыйын экен го, пендеге! Күнүгө оозу кыбырап турбаса күч-кайратыңан ажырап, акыры өлүмгө тушугат тура. Анан алсыз ата-эне, каның-жаныңдан жаралган балдарың да оозун ачып, үмүттүү жалдырап  турса аларды кантип өлүмгө кыясың?!

Каржалып, сөөгү гана калган кайырчылар менен уурулар күч алды. Алардын кесепетинен кимдигине кызыгып койбой жанына эле келген качкындарды жуутпай кары-жаш, аял-эркегине карабай кубалап, уруп-сокмойго өтүштү, сатармандар. Ачкалыгынан кача албай калгандарды таяктап, тепкилеп өлтүрүү көнүмүш болуп калды. Андайлар ар кай жерде томпоюп, кечинде чоң дөңгөлөктүү уйгур арабасына терип кеткичекти жан берген жеринде жата беришет. Алардын ажалын териштирип, сурап алар эч ким жок. Ит өлүм...

Иманүсөн менен Дорду да базарга жолой албай калышты. Түлөгөн тебетей же небак малакайга айланган калпакчан пенде жакындаса эле:

— Э-э, кет нары! Ит кыргыз!— деп, таяк, чөмүчүбү, өлөрүнө же күйөрүнө карабай колундагысын башына үйүрүшөт ашпоздор. Ит-мышыгына берер калдыгын ыраа көрүшпөй таш боор болуп кетишти баары. Бүлөсүнө эмес, өздөрүнүн ооздоруна салар чымчым талкан, үзүк нан таппай калышты, качкын аттуулар. 

Айла кетти. Карандай суудан бөлөк оозго наар алар эчтеме жок. Суук болсо чучукка жетет. Алгач Айганыш алдан тайып жыгылды. Кыбыр этерге дарманы жок. Өзүнө тийген азыкты эри менен балдарынан жашырып, Чөйтакун менен Акунга үлөштүрүп берип жүргөн болчу. Кызым бойго жетип калды, тыңыраак болсун, бардар бирөө-жарымдын көзүнө түшүп, бизге кайрымы тийип калар деген купуя үмүт бакчу. Башынан эне кыялы да, парызы да ошондой эмеспи. Кызы кыбырап, алачык ичин иреттегенге жарап жүрөт. Акун болсо күпчөктөй шишип кетти, баса албай жалдырап олтура берет да, башы ооган жакка жыгылып калат. Башын карманарга алы жок. Көптөн бери туз татпай, шылдыраган суюк катык ичип  калгандан улам шишик алып кетсе керек. Көпчүлүк ошентип айтат. Көрүп-катарга ныпым туз жок калганына көп болгон. Анын айынан тишти кара жама алды. Кары-жашы бүт кемшейип, тиши бүтүндөр чанда гана.

Эркектер да алачыктан сыртка илээлеп араң чыгышат. Чыкканда не, колуна эчтеме урунбаса. Жакын арада жагарга да эчтеме калбады. Баары отолуп, жагылып бүткөн. Нечен кыр ашып, тизеден кар кечип барып талаа-түздү түрө кыдырып бир боо камыш, куурай же чырпыкты араң дегенде таап келишет. Очокту эшиктин оозуна алып келишкен, аз болсо да жылуусу ичкери кирсин деп. Алачык ичи уюлгуган түтүн, саңырсыган ыш. Дорду жан билгис айла таап алган: эртелеп байбачалардын үйүнүн бирин эртеден кечке акмалайт. Анысы арпа, сулу жеген аттардын кыгын издегени. Ыргыштаган ат бийик дубалдуу дарбазадан чыккандабы, жолдо баратканындабы, заңдады дегиче жетип барат да, чапанынын этегине же малакайына чогултуп ала сууну көздөй дыр берет. Аттын ашказанына жаңы түшүп, али эригенге үлгүрө элек дүмбүл дандарды сууга жууп, бир чымчымдан чогултуп, кечке топтогону жарты ууч болсо да үйүнө алып барат. Ошону сууга кайнатып ичишет. Болгон тамак аттуу ушул болуп калган көптөн бери. Аны ата-энеси деле жакшы билишет. Алгач Дорду ошондой аттын ашказанына түшүп жумшарып, көөп калган сулунун дүмбүлдөрүн кубана алып келгенде атасы:

— Я, Алла! Ушуга күнүбүздү түшүрдүңбү?! Эмнеңден жаздык эле?!— деп шуу үшкүрүп, муңканып алган. Анысы балдарга сырдуу. Эмнеге антип кейип жатат? Элдин баары эле жеп жатышпайбы, табылганына сүйүнүп. Энеси дүмбүлдөрдү кайнак сууга салып, жеңи менен мурдун басып, жипкире:

— Ай, чултайларым ай, аман болгой элеңер!— деп койгон, өзүнчө күңкүлдөп. Айласыздан бара-бара экөө тең көнүштү, ал катыкка. Кесеге куюп ысыгында баары ичип алышат. Аз да болсо кара курсакка жук.

Кээде Иманүсөндүн базарда жолу болуп бир сындырым жүгөрү, же күрүч, кай бирде чала мүлжүнгөн сөөк таап келет. Колго урунган ишине акысы ошол. Андайда каниет кылып калышат, тамак ичкендей болуп. Сөөктү кайнатса аз болсо да майы чыгып, сорпо жыттанып калат эмеспи. Туздун жоктугу жанга батты. Сасыкенин чакмк ташы да бүтүп, каткан чоктору өчүп калса, көрүнгөндөн от сурамай. Ал да табылбай тозок...

 

Кыз сатуу

Ушундай амалсыз күндөрдүн биринде Сасыке алачыкка кирип, бут тартып калган Айганыштын жанында үңкүйүп далайга үнсүз олтурду. Кеп айта албай буулугат. Курумшуга оронгон аялынын өлүү-тирүүсү белгисиз, кумсарып, көздөрү чүңүрөйүп, бет териси сөөгүнө жабышып калган. Жабуусунун жай, улам өйдө-ылдый көтөрүлүп, түшкөнүнөн анын дем алып жатканы, али жаны барлыгы билинет. Балдары жок эле. Акун энесинин жанында дармансыз солуп жатат. Шишип кеткен башы чаначтай. Ырыстуу тамак ичпей, шылдыр суудан улам жаш неме шишип кеткен. Чөйтакун эле кыз каадасын кылып, бурчта, энесинин жамаачыларынын бирин жамаган болуп олтурат.

— Кемпир,— деди бир оокамда Сасыке,— ушинтип куруп кетмек белек, арманда?! — күйүттүү оор үшкүрүнүп алды ал, энтигип, сүйлөгөнгө алы келбей, — Эптеп өз жерибизге жетсек кана!  Жаңы заман келиптир дейт аякка. Баарыбыз жетпесек да балдарыбыз жетсе экен деген тилек... Чөйтакунду сүйлөшүп келдим Турдакунга. Берелик... бир аз тыңып алып жерибизге кайталык...

Айганыш алсыз үшкүрүнүп, үндөбөдү. Көздөрү жумулуу, ачканга алы келбегендей. Же жетишсиз, куу турмуштан тажап бүтүп баары бир болуп калганбы, жандан кечип.  Чөйтакун атасын элтең карап алып, бышылдап ыйлап кирди. Атанын айтканы айткан, дегени деген, кыз кишиге. Тил кайруу деген жок. Кыз тагдырын ата чечет. Анан калса баары кырылып калмак беле, бөтөн эл, жат жерде. Өзү барбаса да бүлөсү жетсин атажуртуна. Мунун баары кыздын кыялында уюлгуп, жаңырыктап турду. Бирок бүлөсүн, өз жерин кыюу оңой эмес. Эгер Турдакунга барса бүттү, түбөлүк ушул жерде калат. Сөөгү да...

Турдакун дегени ушул тегеректин байбачасы, алтымышты таяган курсактуу уйгур. Бетинен майы тамган, богоктуу, нооча неме. Атчан кишиден да бийик дубалдын артындагы тамында жашайт. Беш-алты катыны, жыйырмадай уул-кыздары бар дейт. Катын-балдары менен малайларына манту, тандыр нан жасатып, базарда саттырат. Орто бай, жалмаңдаган жагымсыз киши.  Чөйтакун эми ошол, атасынан да кары немеге токол болобу? Ай, куу турмуш ай! Эне сүтү оозунан али кете элек кыздын тагдырын баштала элек жатып сындырып...

Айганыш дагы шуу үшкүрдү. Сасыкенин сөздөрүн угуп-укпаганы белгисиз. Күйөөсүнө алсыз көз агытып койду да, кайра жумду. Ичинен ой кайрып жатканы көрүнүп турат. Ойлонбой, кейибей турган ишпи, кара чечекей кызын жат кишиге, көңүлү түшмөк түгүл, эзели көрбөгөн чоочун кишиге берип жатса. Андан да түбөлүккө, бөтөн жерге калтырып жатышпайбы!..

— Кыздын барар жери эр дейт, башы байлансын, жашы да келди. Жерибизге жетебизби, жетпейбизби, кимге, качан узата алмак элек, өзүбүз мүңкүрөп турганда. Биз...— Сасыке тамагын кырып, сөзүн түздөп койду,— балдарыбыз аман болсо кийин табышып алышар... – үнү кардыга түштү, көрөр көз кызын кыйбай, бирок калган балдары, алардын өмүрү үчүн кызынын тагдырын амалсыз курмандык чалып жатпайбы. Болбосо кантип ага барсын! Бөлөк айла жок! Баары кырылат... Аны аялы менен кызы деле жетик түшүнүп турушту. Кыз бала энесинин канаты алдында болот эмеспи. Сасыкенин аялына ошол ишараны жасап жатканы да. Анүстүнө анын олуялыгын да сыйлайт.

— Ошент, чултай...— жооп күтүп жаткан күйөөсүнө Айганыш бир оокамда алсыз унчукту.

Ошондой болду. Эртеси таң эртеде Турдакундун кишиси келди да ындыны чөгүп олтурган Сасыкеге түйүнчөгүн карматып, Чөйтакунду жетелеп кете берди. Амалы куруган менен аргасы жок кыз байкуш төшөктөгү энесин “Апа-а!” деп бакыра бир кучактап, иниси экөөнү өөп-жыттагылап алды да боюн түзөп, кайрылгыс жолуна чыкты.

— ...Теңирим колдосун,— деп күбүрөндү Айганыш, кызынын башынан аяр сылап. Анан ал эптеп боюн көтөрүп, төшөгүнө олтуруп, кызынын колунан ысык өөп, маңдайына алаканын тийгизе тооп кылды да, көздөрүн бакырайта бир карап алып, төшөгүнө кайра кулады. Көрөр көзүн акыркы ирет көрүп жатканын билип, элесин өмүр бою эсимде сактап калайын дегени болсо керек.

— Кечир кызым...— деген Сасыке да кызынын чекесинен өөп койду. Ичинен кан өтүп турганын билгизбеди. Эркек эмеспи. Агалары кечинде окуяны угуп эч кайда чыгышкан эмес, үңкүйүп былк этишпеди, не кыла алышмак?! Он гүлүнүн бири ачылбай жатып он үчтөгү кыздын тагдыры солуду.

Түйүнчөктө болгону бир кесе арпа талкан бар экен. Кыздын куну. Азыр бу да табылгыс байлык. Канчага жетет?..

Ошол талкан аз да болсо ажат ачты. Күнүгө жарты уучтан сууга кайнатып ичип, үч-төрт күндө бир аз тыңып калышты. Айганыш да турду төшөгүнөн кыбырап. Эми кызы жок, үйдө кыбыраган, кайраттанды көрүнөт. Анан оңдой берди болду: дуңганыбы, таранчысыбы, бирөөнүн кою козу салып, арам өлгөн немени ыргытып жиберишкен экен, Дорду аны таап келип, союп, кайнатып ичишти. Тим эле согум сойгондой каниет алып калышты. Жашык эт болсо да азга тыңый түшүштү. Каны чыкпай, арам экенине да карашпады. Көлдө болгонунда эмне, ушундай мүңкүрөшөт беле?! Жок дегенде бир кашык тоң май жок, талканды кууруп, куурма чай жасап ичкенге. Аяк, кеселерде батпай төгүлүп, чачылып жатчу эле го көлдө, тоң май дегениң, сорпонун майын калпып алгандан эринип, итке беришип... 

 

Кайраттын казынасы

Сасыкелердин тегерегинде он чакты алачык бүлө боло турган. Күндөрдүн биринде бу кырдын нары жагындагы элдүүрөөк коктуга манасчы келет экен деген сөз таркады. Ие кокуй, кайдагы манасчы? Азыр да манас айта турган кез бекен? Курсагы ток, кыларга  иши, ары жок неме го! Элдин азапка батып, кыяматтын жолунда мукурап турганын билбейби, зоок кылып?!— деп таң калгандарды айтпа.  Ошентсе да кыргыз сөз жандуу, акылгөй эл эмеспи. Курсактары арып-ачып, оозуна кара суу келип турганына карабай эл көп чогулду. Араңжан, сенделе баскан жаш-карылар, эркек-ургаачы дебей келип жаткандардын аягы суюлчудай эмес. Көңүл, рух азыкка суусап калышканы жалганбы. Анын үстүнө Манасты билбеген, анын кубат-күч берер касиетин кыргыз баласы жакшы билет да. Баары түгөл ошону эңсеп келишти көрүнөт. Манастан кыргыздар эзелтен бери кайрат алып, нечен кыйын кезеңдерде чыйралып, жеңип келген.

Айрыкча Айганыш кызын жууп-тазалап кийиндирип, өзү да дем байлап айрыкча күтүндү. Бүт бүлөсү менен бозүйдөй жерди ачык калтырып, аны курчай олтурушкан элдин алдынан орун алышты.

Ортодон жогору бойлуу, арык, чобур ат минген киши экен, манасчы дегени. Кызыл чийкил, нурлуу жүзү, агала сакал, мурутчан, калбаат мүнөзү аны элден дароо айырмалайт. Жарык маңдайы, тике караган курч көздөрү анын тегин киши эместигин күбөлөйт. Жанында ошондой эле чобур атчан үч-төрт коштоочулары бар экен. Бул жерлик эмес, алыс жактан ат арытып келишкендери көрүнүп турат. Эл күбүр-шыбыр боло бири-биринен сурашкандары менен манасчынын ким экенин так билгени жок экен. Өздөрүнөн сурашканмда жок. Тигилер да айтышпады, бир сыры болсо керек.

— Арбагыла, кандаш элим!— деп жалпы амандашты манасчы, элге учкай карап. Азып-тозгон элинин ахыбалын айттырбай баамдап, жүрөгү канап, жаны ачына аяп, дит багып карай албаган сымал. Үнүнөн муң чачырайт.— Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет деген экен, ата-бабаларыбыз. Бу тозоку күндөр да өтүп, жаркын күндөр да келбей койбойт. Чөкпөйлүк, курсактын ачканы кеп эмес бир күнү тоюнат, эзели көңүлдү чөгөрбөйлүк. Көңүл чөксө көөдөндөгү от өчөт, андан кийин адам бендесинин өзү өчөт! Алдыда келер жакшы күндөрдөн үмүт үзбөйлүк. Кыргыз башына не деген гана мүшкүл, кан кечкен кезеңдер түшпөгөн! Биягы Бу-йу, Котон, Тибетке, тиягы Эдил, Оролго чейин айдалып, теентип, кечээ, жакында эле Гысар, Гөлөпкө чейин азып-тозуп, сүрүлгөн экен. Ажал менен арбашкан ал замандардан кийин силер, биз жаралдык, жерибизди кайрадан жердедик. Эми бу Кытайга тентидик, азып-тоздук деп баш шылкыйтып чөгүп  калбаңыздар. Бу Кулжа, Текес, күн чыгыштагы кадимки Манас бабабыз жердеген Карашаардан тартып түштүгү Котон, Тибет, батышы баатырыбыздын аты менен аталган Кашкар, Көөнө-Чатка чейин өзүбүздүн эле жер! Калмактар басып алып, аларды кытайлар кууганда кыргыз-казак биригип Иледен талкалап кайрып алганбыз, бе жерди. Кийин эле, жарым кылым боло элек, ак бадыша бу кытайларга берип жиберген экен, сыртыбыздан. Бу жерди эзелтеден эле Арык атабыздын балдары, Бугу энебиздин урпактары жердеп келдик. Арийне, киндик кан тамган жер ыйык, баарыбыз – Ысык-Көлүбүзгө, эки Кемин, Чүйүбүзгө  кайтууну эңсеп турабыз. Кайталык! Калыстыкты көздөгөн Кудай бар экен, ажалдуу ак бадыша кулап, урият келди дейт, теңчилик келди дейт. Эңсегендер өз жерибизге баралык. Бу жерди жердегендер калалык. Намысыбызга келелик, башыбызды көтөрөлүк! Кызыр колдогон кыргызбыз, элим!..— деп, манасчы көңүл көтөрө сүйлөп, кыйлага тунжурап, жанындагы аксакал, көксакалдар менен сүйлөшкөн болду да манасын баштады. Үнүнүн кырааты жакшы, бийик, өзү нускалуу киши экен. Ал:

Уламадан уккан Сөз,
    Угуту өнүп чыккан Сөз.
    Карылардан алган Сөз,
    Калк ичинде калган Сөз.
    Арбын жомок – толгон Сөз,
    Ат көтөргүс болгон Сөз.
    Арсыздарга токтолбой,
    Азамат, эрге конгон Сөз.
    Жоого аттанган баатырдын
    Жан-жөкөрү болгон Сөз.
    Как жүрөккө кадалып,
    Кайнап ичке толгон Сөз... — деп, кыйлага маселдеп келип жай, сүрдүү, ошол эле кезде шаңдуу доош менен манасын баштады. Кош бөйрөгүн таянып, көзү тунарып көрбөй, өзү жерде олтурган менен жерде болбой, бара-бара кайсыдыр бир сыйкыр дүйнөгө кирип кеткенсиди. Өзү менен кошо олтурган элди да ээрчите кетти. Манас Манас кан болуп, той өткөрүп, Ала-Тоо атажуртубузга кайталы деген оюн ортого салат. Алтай жай болбосун айтып, Ошпур болсо Терс-Маедогу хан Текес хан Куясты чакыртып кыргыз, кыпчак, казакты түк калтырбай кырабыз деп кеңешкенин жарыя кылат. Күн болжошуп, Манас көп колу менен Ала-Тоого жөнөйт экен. Андан амал таап кутулуш үчүн Куяс тал-теректерди аскерге айландырып, аны кыргыздар өрттөп өтүп, Текести басып, ал Куясты өлтүрүп, өзү да өлүп, кыргыздар Таластын Кең-Колуна бет алышат.

Эл мунун баарын дымып угуп, кай бир жеринен ойго тунуп, амалкөй, душмандарга ызырынса:

Агала желек, кызыл туу
    Ыргап көчүп келатат,
    Башчы болуп, кан Манас
    Баары черип жазылып,
    Жыргап көчүп келатат!.. — деген жерине келгенде:

— Айланайын ай, биз да ошентип өз жерибизге кайтсак кана!

— Аман-эсен жеткей элек!— дешип, көпчүлүк күйүнө ыйлап жиберишти.

— Эй, койгула! Ыйдын арты ый болот!

— Жакшылык тилейлик! Күдөр үзбөйлүк!— деп, жашык, мууну бошторду тыйып, кайрат кылгандар да чыкты. Добулдай дуулап, нөшөрдөй сабап тынбай айтып жаткан манасчы:

Жеткилең Манас кырааны 
    Үч-Каркыра басты дейт.
    Кызыл-Кыя кымбат жол...
    Ысык-Көлгө жолугуп,
    Түшүп Манас жер чукуйт,
    Касиеттүү жер экен,
    Жаныбарым Ысык-Көл,
    Жер соорусу турбайбы!.. — дегенде өз жерлеринин кулакка тааныш аттарын уккан аялдар:

— Баа! — деп бакырып, боздосо, эркектер:

— Я, Алла! Аман-эсен көлүбүзгө жеткей элек!.. — дешип дуу түшө өкүттөп алышты. 

Дорду эс-мас. Манастанбы, анын касиети даарыдыбы же дүүлүккөн элдин деминенби көкүрөк-деми оолугуп, азыр эле көлүнө тура жөнөчүдөй ээлигип чыкты. Жанындагы ата-энеси, ага-карындашы да алданеме демденишип, көздөрү тирилип калышыптыр. Жүздөгөн эл да кыжы-кыжы, дуу-дуу шерденип алышкан. Сөздөрүндө Ысык-Көл, Чүйү, кайтабыз, өлсөк да өз жерибизде өлөлүк дешкен оттуу дем. Сөздүн, Манастын касиети ай!.. Көпчүлүктү дүргүтүп, делебесин козгоп, чоң дем-кубат берип салды... Дорду элдин мындайын мурда эч көргөн эмес. Чын эле канында катылып жаткан зор касиет, кайрат бар окшобойбу!

Манасчы тээ, кеч бешимде барып басылды. Энтиге оор дем алып, чекеси буурчактап тердеп алган. Ааламды чарк айланып, жерге жаңы түшкөндөй көздөрүнө жан кирди, айланасын карап. Кыязы ачкалыктын айынан болсо керек алы кеткени ачык көрүнүп турду. Анан оңойбу, ушунча азып-тозуп, көздөрүнөн эл-жеринин карааны учуп, мукурап турган элге дем-кубат бериш...

 

Кайтуу

Күн жылый баштады, сөөк жумшарып. Бирдин айы соңуна чыгайын деп, жалган куран келип калды. Биринен бири кызык, азгырмалуу кабарлар келе берди көл тараптан. Каратамандар бийликке келишиптир, байларды тизгиндеп, орустар демин басышыптыр дешет. Аскерге албай калышыптыр... Элдер бирин-сериндеп четинен мекенине кайтып  жатышат. Илээлешип, карылары эптеп ата-бабаларымдын жерине жетип өлөйүн дешсе, жашыраактары жакшылыктан үмүтөтүшөт. Баарынын жанына батып кеткен, бу жердеги мукураган турмуш, өлбөстүн күнү! Өлсөк да өз жерибизге жетип өлөлү дешет, баары. Тууган жердин турпагы алтын дегендей кыргыз эли-жери, Ысык-Көлү баарынын көзүнөн учуп, кусалыгы артып кеткен болчу. Тим эле учуп жеткиси келишет. Чоочун жер көкөйлөрүнө көк таштай тийген. Ар адам туулган жери менен киндиги туташ болобу, өз мекенине арбалат да турат...

Акыры Сасыкелер да жолго чыгышты. Кыбырап басышканы менен көңүлдөрү өрөпкүп, демдүү.  Карааныңдан кагылайын атажурт деп, өз мекенине кайтып баратышпайбы! Мындан артык бакыт барбы?! Каниет, беш оозго болгону бөксө чөйчөк талканы, козунун жашык этинин жартысынан азыраагы бар. “Жолоочунуку – жолдо, эл бар эмеспи, өлүп калбаспыз” деген Сасыке, сапар алдындагы кечте. Эл дегени эки күн өтпөй көрүндү: өткөн жылы тогуздун айынын аягындагы аязда агылып келишкен карлуу капчыгайды эми кайра жогору өрдөгөн азган-тозгон, бирден-экиден илээлеп, жетелешип чубаган кары-жаш — арбактай жандар эле. Көбү чарыкчан, тизеден карды кечип, бирине-бири карап койбой өз башын гана ойлоп, андаалашат. Каржайып арыктаган уй-торпогун, же эчкисин байлап, жетелеп алгандары да бар. Адам аттуудан ишеним кетип, жалкотой болуп калышкан көрүнөт, окчундашып. Бирин-бири алдоо, уурдап-карактоо күчөп кеткен. Аёо деген унутулду, алтургай аксакалын урматтап, айбыкмак тургай энесинин кучагындагы периштедей ак ымыркайды ташка чаап, болгон оокатын тоноп кеткен өздөн чыккан жат каракчылар да күч албадыбы ошондо. Анан кантип ишеним артат бирөөгө, кантип жакшылык күтөт өзгөдөн?

Сасыкелер да өз бетинче жүрүштү. Кара-Ойдон чыккандан тартып кайра кайткычакты бир да жакын, тааныштарын жолуктурушкан жок. Баарын жер соруп кеткендей. Же алар кача албай калып аскерлер бүт кырып салышканбы? Балким алдыда же артта жүрүп, көрүшө албай калыштыбы, белгисиз.

Сасыке али тыңый элек аялын колтугунан сүйөп, балдары  түйүнчөктөгү көр-жери менен күпчөктөй шишиген Акунду алмашып көтөрүшүп, сенделип келатышты. Жол улам өр тартып, айлана али аппак кар. Сууктун күчү кайтканы менен кечкисин бети-колду каарыйт. Таң эртедеги суюк жарма менен күн бою жүрүп, кеч бешимде от жаккан болуп, бир үзүм этти кайнатып, сорпосун ичишет. Албетте тузу жок. Ошентсе да өзөк жалгаган болушат. Ишенген элден кайрым кылар эч ким жок. Кимдин эле байманасы артып туруптур, ушундай азапта.

Көч илээлеп, баш-аягы жок карды кечип, чубала тоо өрдөй беришти. Өйүз-бөйүздөн чыгып, кошулгандар көп. Аяк тартылбай, караңгы көз бууганда гана эптеп жакынкы  таштардын түбүндөгү карды шилеп жиберип, жолдугата  чогултуп алган куурайларды, үзүк кийизи барлар анысын төшөп, кекиликтей бири-бирине каптал төшөй олтуруп алып уйкуга кетишет. Үстүнө колдо болгон чүпүрөк-чапырактарын бүт үйүп алышат. Антип, өз демдери менен жылынбаса тоңуп өлүшөрү бышык.

Төртүнчү күн дегенде түшкө жуук Айганыш байкуш такыр баспай калды. Мурдатан чалынып-туруп, араң кыбыраса да бутун эптеп өзү шилтегенге жарап келаткан. Көлү көзүнөн учуп, караанын бир эле көрүп алсам дейт. Жеринин абасынан көкүрөк кере бир жутуп алып, топурагына көмүлсөм арманым жок эле деген гана ой. Тобо, туулган жердин касиети ушунчалык ыйык белем?! Же кыргыз баласы эле ушундайбы? Балким топурактан жаралып, кайра топуракка кеткен адамдын тарткылуу табиятынандыр? Айганыш эми өз боюн карманып, бутунда тура албай, шалактап, такыр эле жыгылып калды. Башын да көтөрө албай шылкыят. Сасыке аны артына баладай көтөрүп, улам тынып басып, бара-бара аялынын элечегин чечип, аркасына таңып алды. Дармансыз дене шыпырылып, эпке келбей калган болчу. Жол арбыбайт. Ошентсе да жандимиленип, алга умтула беришти. Ошентип, атасын же энесин, аял-балдарын көтөрүнгөндөр көп.

Тоону аралай киришкени кар жаабаса да суук тартты, кээде удургуп, муздак шамал уруп калат. Үчөөнүн тең жүктөрү оор болгондон, анүстүнө ачкалыктан денелери нымшып, кол сенейткен аязды анча тоотушпайт. Ара жолдо калган караандар барган сайын көбөйө баштады. Эчки сакал абышка менен уулубу, небересиби, жол четинде сенейип тоңуп жатышса, жалгыз кемпир калчылдаган, сөөктүү колдорун сунуп өткөн-кеткендерге үн ката албай жалдырайт. Оозго салар тамак сураганыбы, же жериме эптеп ала кеткилечи дегениби, түшүнүп болбойт. Сүйлөгөнгө дармансыз. Уулун аркасына көтөргөн эркек менен наристесин бооруна кыскан келин бой түзөп баса албай жолдо тизелеп, кайра туруп сапар улаган болушат. Түйүнчөктөрүн эрбейген эчкисине артып алгандар да бар. Эчки мал эмес деген жалган: айла кеткенде эчки да унаа болот экен. Алардын жаны койго караганда бегирээк болот окшойт. Балким куурай, бадалдарды ылгабай от кылышканынан болсо керек.

Калпак, жоолугу же этеги чыгып кар алдында небак шейит кеткендер андан көп. Томпойгон карды түртсөң эле таштан көбү өлүк. Уй, жылкылардын каржайган кабыргалары ар-кай жерде кар алдынан аркаят. Мындайды эч жанга көргүлүк кылбасын! Он-жыйырмадан үйүрлөшкөн иттер адам этин оозанып калгандан карышкырдан да коркунучтуу, кишиге кол салуудан да кайра тартпай эптеп кыбырап келаткандардан көп алыс кетпей саксакташат. Ой-кырды жортуп, безгендери андан көп. Улам ырылдашып кишисиби, карга басылып калган жандыкпы, тегеректей калып тыткылашат. Кечээки эле адам колунан тамак татып, бири-биринин жан коргоору болуп келгенин караманча унутуп жырткыч болуп калышкан.

Улам бир жапыз-бийик кырларды ашып, чокулары аркайган, тик аска-зоолуу ашууга жакындай беришти. Өлгөнү өлүп, калганы ара жолдо калып, али тирүү, алдуулары мекенине сапар улай беришти. Адам – ит жандуу деген чын. Баарына чыдайт тура! Чыдабаска аргасы канча?! Сөөккө  жеткен сууктан, алсыраткан ачарчылыктан, кыргындуу душман, опурталдуу, алыс жолдон...  да аман калгандары болот экен! Ажалы жетпесе, ичээр суусу түгөнбөсө Кудай да ала албайт окшойт, аларды. Буйткада койлордой быгып, олтурган жеринде улуу-кичүүсү менен тоңуп калган бүтүндөй уруу, айылдаштарды көргөнүңдө зээниң кейийт, жаның ачышат. Алардын ар кимин четинен карышкыр, ити сүйрөп, карга-кузгуну соксоюп олтуруп алып сөөктөрүн мүлжүп жатканычы?! Адамдын асыл денеси, алтын башы кор болуп, ит-кузгунга жем болуп!.. Ким күнөөлүү буга?! Ким жоопкер баарына?! Адамзатты акка үндөгөн акылмандын башыбы тиги, ит сүйрөп бараткан, же эр жигиттин, сулуу селкинин кумарлуу көзү болбосун кузгун оюп жаткан?!. Жарык дүйнөгө көз жара албай, келечек тукумун жарата албай калган наристени энесинин ичинен чөөлөр сүйрөп кетти, тытмалашып... Төрөлбөй жатып кыйылган өмүрлөр! Эми алар кайрадан эч жаралышпайт!.. Түбүң түшкүр дүнүйө! Адамдын душманы адам, адамдан ашкан айбан жок деген чын белем, падышасынын айдагы менен кыргын салган аскерлер болбогондо бул шейиттер өз жеринде очогун түтөтүп, жай оокатын кылып, тагдырын тынч кечирип дооранын сүрө беришпейт беле? Алардын айыбы неде?! Уланбай калган тукумдарынын куну кимде, ким жооп берет?! Падыша тактан түшпөс, өлбөс болуппу? Түркүк болмокпу бу дүйнөгө? Жазасын албай койбос!..

Акыры Сасыке да баса албай калды. Эки күн көтөрүп, сай ичиндеги чийлердин арасына тузак салып Дорду кармап алган бир кыргоолдун сорпосун ичкендин эртеси Айганыш өзү илең-салаң басып калды эле, баарын кубантып, күн айланып кайра тура албай калды. Басканга аракети — эрин, балдарын кыйнагысы келбегени да, эне эмеспи. Токтогон жерде, артында асылып келатканда онтолоп, Айганыш Сасыкеге бирдеме дейт, тиги укпайт, кесе сүйлөп. Мени калтырып, балдарың менен аман-эсен жерге жеткиле деп жатканын балдары деле билет. Алтындай апасын көзүн жалдыратып кантип таштап кетишет?! Андан көрө өлгөндөрү ак эмеспи! Ошенткен менен амалы куруганда жанына бир кесе суу, азыноолак оокатын калтырып, өлбөсө келер, балким алдуулардын арасынан ким бирөөлөр чыгып жардам берер деп ташка жөлөп калтырып кетишкендер да болду дешет ошондо. Айрым бир айбан сымалдар андайларды адам болбой калыптыр, андан көрө биз аман калалык деп акыркы азыктарынан айырышыптыр...

Атасы баспай калганы эми Иманүсөн менен Дорду кезектешип иниси менен түйүнчөгүн калтырып, алардын карааны көрүнүп тургандай алдыга ата-энесин жонуна көтөрүп барышат да, туш келген ташка, же аскага жөлөй сала кайрылып келип бири түйүнчөктөрүн, экинчиси иниси Акунду көтөрүп барууга өтүштү. Бул жедеп айла кеткендеги аракет эле. Минтип ашуу аша алышмак эмес. Жол такыр арбыбай калды. Айла кетти. Илээлеп арттан келгендер аларды айланып өтө башташты. Ат минген көлүгү, арык болсо да жонуна көр-жерлерин арткан өгүзү барлар ата-энесин албай коюшту. Нечесине жалдырашты! Бири да аяп, ынаган жок. Адам баласынан ыйман качып, жүрөктөрү музга айланып тоңуп калганбы? Бардыгы адам кейпинен кетишкендей. Андай эмес экен... Кечээ шашкеде жолуккан салт атчан, орто жаш эркекке Дорду акидей асылып, жалдырады эле ал:

— Каерликсиңер?— деди дароо жактырбагансып.

— Көлдөн. Каройдонбуз...

— Көлдүк саяксыңарба анда?— тигинин көз оту тутана түштү.

— Ооба. Саяк болобуз, саяктан жайыл, андан бакачы болобуз...— тигинин тилге келип, жандана түшкөнүнө сүйүнүп, жакшылыгынан үмүтөтө чебелектеп кетти Дорду.

— Жайыл баатырдан болсоңор тууган экенсиңер,— деп тиги атынан түшүп, ээрге Сасыкени, артына Айганышты учкаштыра көтөрүп мингизди,— Такыр куруган экенсиңер... Мен болсом суусамырлык саяк болом...

Жолдо атын жетелеп келатып ал былтыркы үркүндө байынын жылкыларын алдыга айдап кетип, арттагы эки жүздөй айылдаштарын Музарт суусуна жете бергенинде аскерлер кууп жетип бүт кырып салганын айтып берди. Аман калыштыбы деген куру үмүт менен Кашкардан Карашаарга чейин кыдырып, туугандарын, алты баласы менен аялынын бирин да таппай ындыны өчүп келаткан экен.

— Уруубуз бүт кырылып, тукумубуз куруп калды. Менин да... ата-бабаларымдын учугу үзүлдү...— деди шаабайы сууп,— Эми канттим, калмактардын чапкынында да мындай болгон эмес экен...

Кечке чейин улам бир башынан кечирген арманын айтып берип, жол арбытышып келди да:

— Арманы жок ким бар азыр? Эми Кудай жолуңарды берсин, жериңерге аман-эсен жетип алгыла, мен да өз арбайымды чабайын. Балким аял-балдарым үйүнө кайтып, жолдо арып-ачып, мени жалдырап күтүп жатышкандыр... Аларды таппасам кудай мени кечирбейт...— деп, коштошуп, жолун улап кете берди.

Кыргыздар башынан тууганчыл келишет эмеспи. Эки кишинин башы кошулган эле жерден урууларын сүрүштүрүп, жакындашып, табышып кетет  ушинтип. Болбосо бу киши өзүнүн кабыргасы сөгүлүп, дүйнөсү соолуп турганда кайдан ниети жибип, акысыз жерден  кайрылышмак эле.

Дагы бир күндөн кийин сүлдөрү кетип калган Иманүсөн жыгылды. Өзү эле арык, жүүнү бош неме, ата-энесин көтөргөнгө огобетер алсырап калды көрүнөт. Төрт аяктап бой көтөрө албайт, калтырап. Атасы алдан кеткени азыкты үлөштүрүп калган анын өз үлүшүн билгибей энесине, Дордуга берип жүргөнүн эч кимиси билчи эмес. Эми Дордунун амалы анык куруду. Баарын бирден жонуна артып, ташып... бир басчы жерин беш басып, тез эле  алы кетти. Айрыкча атасынын сөөгү оор эле, жалгыз ак боз бээси гана көтөрчү. Аны Кытайга келаткандагы ашууда эле союп, жеп алышкан. Арыгынан баса албай да калган болчу. Атасы ыргайдай болуп арып-азып, арыктаганы менен сөөгү оор болчу.

Энесинин элечегин моюнуна арта салып, улам бирин ташый берип Дордунун моюну кызара жооруп, ыйлаактап, эчтеме тийгизбей калды. Ошондонбу, эти да ысып чыкты. Кызайып, териси сыйрылган моюну менен далысына эчтеме тийгизбейт.

Минтип, ашуудан баарын алып өтө албасын, өзүнүн да өлүп каларын даана түшүндү, Дорду. Бирок эч ылаажы жок эле. Кантет?! Өзү жыгылса бүттү, баарынын ажалы жеткени. Анын бетин нары кылсын. Ошентсе да сөзсүз, кандайдыр бир айла табуу керек. Ушундай ойлор менен алпурушуп, ал кечинде бир таштын коңулуна баарын чогултту да, от жагып, талкан катыктап ысык суудан ичирди. Атасы менен энеси кыңкысташып, улам бири мени калтыр, Акунду алып кете бер дешет. Антип жатышканына көп болду. Дорду көгөрүп болбойт. Анткени менен алы да куруп барат...

Таң эртеде караса эле агасы Иманүсөн өлүп калыптыр! Жөлөп койгон таштын түбүндө кыңайып жатат. Кан-сөлү жок, купкуу. Жүрөгү шуу эткен Дорду ага жетип барып моюнундагы тамырын кармап көрсө билинер-билинбес бүлкүлдөп жатыптыр! Тирүү экен. Бирок көпкө чыдабас. Баарыбир мал болбойт го деп ойлогону менен бир тууганын кыйып  кете албай турду Дорду. Эмне кылуу керек?! Колунан эмне келет? Агасын, ата-энеси менен инисин кантүү керек? Аларды канткенде Көлүнө аман жеткирет? Өзүнүн да алы кетип турат. Амал таба албай айласы куруй түштү. Мурдатан эле кыжалат тартып, коркуп, күтүп келаткан кыйчалыш учур эми минтип башына даана түшкөнүн туйду. Азыр агасынын ажалы жетиптир, эмкиси кимдики?! Өзүнүкүчү?..

Дордунун бир гана аргасы бар эле: окчунда кийизге оронуп, сууктанбы же ачкалыгынанбы өлүп жаткан бир абышканын кийизин чечип алып ага агасын ороп, ташка жөлөп олтургузуп койду. Анан эсине келип калса аз да болсо оозанып алсын деген ниетте жанына бир кесе суу, бир ууч талканды чүпүрөккө ороп койду. Көздөрү жумулуу, мурду барбайган, ченде жок момун, баарыга мээримдүү агасынын жүзүнө тик багып карай албай койду. Ичи ачышып, коштошуп турду. Агасынын али жаны чыга элек болсо да эми кайдан, кайрылып келе албасмын деп, элден угуп жүргөнүн эстеди. Чын дүйнөгө мусулман болуп барсын, күнөөлөрү кечирилип, ыйманы жолдош болсун деп Алладан сурап, жаназасын окуду да, кыйыла басып кете берди. Ата-энелери да күтүп калышкан. Эми агасынын чын дүйнөгө, өзүнүн бу жалганга жолу ачык, карызы жок, дили ак...

— Келем... анан келип алып кетем... бир азга жатып тур...— деген болду, агасы угуп жатабы деген ойдо, көңүлүн жубатып. Чынында эле ал ошентип ойлоду...

Ашууга барчу жол жарымдап, ата-энесин, иниси менен түйүнчөгүн улам бирден ташый берип Дорду суй жыгылды. Дарманы түгөндү. Буту тартылбай калды. Бир айла табуу керек эле. Антпесе эртең кечке жетпей биротоло куруйт. Бирок эмне кылуу керек бу, ач-бел, куу жондо жападан жалгыз. Томолонуп жаткан өлүктөр менен чала жан жакындарынан башка жөлөк болор адам жок болсо. Ушинтип, үй-бүлөсүн ара жолдо, жерине жеткирбей, ажалга алдырмак беле?! Жок, жок...

Кечке маал ийнинин териси сыйрылып эти көрүнүп, бирөөнү көтөрмөк түгүл кол тийгизбей калды. Дуулдап ысып, ачышат. Ата-энеси тил-ооздон калып, көздөрү эле жылтырайт. Жөөлүгөнүбү, улам бирдеме деп күңкүлдөп коюшат. Көзү көрүнбөй  көпшөк боло шишиген Акун эми башын эмес, боюн түздөп олтура албай калды. Бир жагынан агасынын жалгыз калган арбактай элеси эсинен чыкпайт...

Алдыга кетишкен малдуулардан баспай, көтөрүм болгон жандык же арткан-үрткөн сөөк, тамак-аштын калдыктары калгандыр деген үмүт менен Дорду алга, илээлеп жалгыз жөнөдү. Жакындарын ураса да калканч болор деген ой менен таш короого далдаалап, жаткырып койду.

Күн жылып калса да кар томуктан. Ызгаар. Ала булут ашууну чулгап, кыштын кээри кете элек. Күн кайсы, мезгил кайсы, Дорду небак адашкан. Жүз кадамдай басып-баспай экилердеги секелек кызы менен төрт-бештердеги уулун чепкенинин эки этеги менен кымтылай жаап, ташка жөлөнүп олтурган келинди жолуктурду. Көзү алайып, кубакай бети шимирилген. Кезинде өңдүү болсо керек, карлыгач канат кашы, узун кирпик, турна мойну ырастап турат. Көздөрүндө толо муң. Баарына кайдыгер. Турарга дарманы жок. Оозун балыктай ачып, бирдеме айткысы келди, үн чыгара албады. Балдары небак жан таслим болгон экен, ит-кушка жем кылбай аларга кошуп мени да көөмп кой дегиси келдиби. Кайдан. Дорду өзү жыгылчудай, тиякта ата-энеси, ага-иниси күтүп жатса. Ал жерден кеткенче шашты. Нары басса бир чуңкурда төрт-беш киши өлүп жатат. Тоңуп калышыптыр... Четтеги эркектин саны, жамбашы кызарат, ит жеген көрүнөт, же карга-кузгуну чокуганбы...

 

Уурулук

Ошентип олжо тапмак түгүл, ойго чөгүп келатса кудай берди, тээ, төмөнүрөөк, өзөн жээгинен чөп башылап оттоп жаткан жалгыз уйдун карааны көрүнө калды! Кайдан жүрөт?! Көргөн көзүнө ишенбей сүйүнүп кетти! Кимдики болду экен? Көзү уйдан өттү. Жакшылап караса жанында караандар эрбеңдегенсийт. Уйдун ээси бар көрүнөт. Андай болсо курулай эле сүйүнгөн экен. Ким эле малын бере койсун. Же барып сурап көрсөбү? Эми эмне кылат?..

Күн кечтеп калган. Капчыгай ичи карайып барат. Дорду бара көрмөк болуп таштан-ташка бүкчүңдөй жашынып, олжосун көргөн бөрүдөй өңүп жөнөдү. Аны байкап, сестенткен эч ким юолюоду. Уй жакка жакындап барса казандай көк ташты пааналаган бир кемпир менен тестиер кыз олтуруптур. Обочодогу каржайган арык уюн аркандап алышкан. Анысы күнөс тараптагы жука кар алдынан карайган куурайларды кашылаган болот. Аркандын учун кемпир белине байлап алыптыр. Бирөөлөр уурдап кетпесин деген сактыгы  го. Көзү көрбөй калганбы, же күүгүмдө тоок көз болуп кеткенби, карыганынан, арканды кез-кез тартып коёт. Уюм аманбы деп текшергени болсо керек. Ондордогу сөлпөйгөн арык кызы жанында түйүнчөктөн бирдеме алып чыгып, өзөк жалгап жаткансыйт.

Дорду ойлоно калды: булардын аз болсо да азыгы бар көрүнөт, оокаттуу немелерден болушса керек. Балким бүлөсүнөн адашып калышканбы, же аман калганы экөөбү, айланасында башка караан жок. Булар эптеп ашуу ашып, жерине жетчүдөй. Биз эч качан...  Демек... күтө-күтө каш карайып, таш түбүнө кыңайган кемпир-кыз уктады деген маалда Дорду жуушап жаткан уйга өңүп барды да, арканын акырын чечип, ала келген билектей казыгын сазга батыра сайып, ага аркандын учун бекем байлап койду. Анысы, кемпир арканын тартканында бош калбай, уюм бар экен деп, шек санабасын деген амалы эле. Иши оңдой берди болгонуна кудуңдаган Дорду белбоосу менен уйдун моюнунан байлап, акырын жетелеп жөнөдү.

Кудай берди! Таш короонун тушундагы далдаага, өзөндүн жээгине оттон жага салып,  Дорду уйду союп кирди. Калжайып арык экен, мүйүздөн алып толгогондо эле күш эте кулап түштү. Мууздап, ичин жарары менен терисин сыйыра элек жатып уйдун өпкө-боорун казанга асып отко коюп жиберди... Ачыгып калышкан эле, ата-энесине сорпо ичирип, үзүм эт оозуна салбаса өлүп калышат. Акундун да шишик басып жатышы ошондон, жалаң шырылдаң ичип жатып эти шылынып кеткен болчу.

Дорду баарын ысык сорпого тойгузуп, өпкө-боордон аздан үзүп берип, өзү да кабыргасы чыга тоюп алды. Даам сызарда Сасыке:

— Бу кайдан?— деп койду алсыз. Арам, бирөөнүн оокатына көз артпа, күнөө болот деп дайыма айтаар эле, анысын жакшы билген Дорду:

— Суунун жээгинде жүрүптүр. Эч ким көрүнбөйт. Ээси жок го...— деп койду мурдун шуу тартып. Антпесе атасы ооз тийбей, өзгөлөргө да жегизбей коймок. Уулунун сөздөрүнө анын көңүлү жайланып калды.

Өзөгүнө түшүп кеттиби, бардыгы шылк этип катуу уйкуга кетишти. Уйду да Дорду таңга жуук союп бүтүрдү. Ич эттерин гана калтырып, калганын терисине ороп, ташка бекем корумдап салды. Не бар, не жок, кемпир-кыздын жакындары болсо эртең из кууп келип калышабы дегени эле. Ит-куш да тие алмак эмес.

Таң ата ишин бүтүрөр замат Дорду муштумдай боор эттен, бир кесе сорпосун көтөрүп артка, Иманүсөн калган жакка ашыга жөнөдү. Эмгичекти өлүп калды бекен, ымтырап араң жаны калды эле. Бир боор деген кыйын эмеспи, аман болгой эле деген санаа кечээ аны калтырып кеткенден бери эч кеткен эмес. Кой оозунан чөп албаган жоош, сыртынан тоңдоос көрүнгөн менен чынында аябай күйүмчүл агасын ал жакшы көрчү. Атасынан кийинки тиреги ушул агасы эмеспи.

Кечээки өз изин кууп келсе Иманүсөн кийизге орогон бойдон ташка сүйөнүп олтурган калыбында экен. Өлүү-тирүүсү билинбейт. Моюнундагы күрөө тамырын дагы басып көрдү эле билинер-билинбес бүлкүлдөп жатыптыр. Кечээгисинен тыңыраактай. Кубанып кетти! Тирүү экен! Жанындагы талканы жок, суусу да кеседе жарымдап калыптыр. Эптеп өзөк жалгаган көрүнөт. Анысынан аз да болсо кубат алып калганбы, көздөрүн кыбырата ачып, инисин алсыз карап да койду. Оозун бүлкүлдөтүп бирдеме деген болду, бирок үнү чыккан жок. Дорду анын башын жөлөп сорподон эс алдыра улам ууртатты, боордон майдалап оозуна салды. Өзүнө күч кирип калган экен, кыймылы тың тартып калыптыр. Жаш эмеспи, жаңы эт менен сорподон тез кубат алса керек. Агасын жаткырып коюп, кечээ кийизин сыйрып алган абышкага келип, өзүн күнөкөр сезип, алаканын жая куран окуп, ташка корумдап койду. Калды, деп ойлоду ал, кандай адам болуп, не тагдыр кечирсе да акырында жат жерде, ач бел, куу жолдо күнү бүттү. Жападан жалгыз, аты-жөнү билинбей ажалын тапты. Не деген адам, каерлик болду экен? Ыйманы жолдош болсун...

Иманүсөндү эптеп сүйрөп, таш короого, ата-энелеринин жанына жеткирди. Эми баары түгөл. Дордунун санаасы тына түштү. Чөйтакун эле болбосо... жок дегенде ал , адамдардын арасында эмеспи, минтип ач-бел, куу-жолдо жалгыз эмес... ошентсе да кантти экен, ал байкуш... эми кайрылып көрүшөөр бекен?..

Ыктоо жерде көңүлү тынчый түшкөн Дорду чарчаганынанбы, курсагы тойгонуна ныксырай түшкөнбү, уктап кетиптир. Ырылдаган, каңкылдаган үндөрдөн чочуп ойгонуп кетти. Түш ооп калыптыр. Ата-энеси көздөрүн ачып, үзүл-кесил сүйлөшүп жатышыптыр. Он чакты ит короо аралай жүгүрүп, кээлери аяк-табактарды шимшилеп жүрүшөт. Тамактын жытын алып калышкан окшобойбу. Дордунун жүрөгү шуу этип тура калды, дароо эле ташка каткан этибиз соо болду бекен деп ойлоп, чочуп кетти. Ал тарапты карай салса дагы он чакты ит таш корумду шимшилеп, айланып жүрүшүптүр. Этке жете алган эмес экен.

— Кет! Ой, кет, жогол! Кет, дейм!..— деп, таягын ала коюп  шүдүңдөгөн иттерди чабууга умтулуп, кубалап кирди. Улам жакынына таягын шилтеп, тап берсе килеңдеп семирген иттер ойт бере качкан болот да кайра токтоло калып, ушул ырбыйган неменин алы бизге жетеби дегенчелик кылып шекшине, сынай тигилип, тоотушпайт. Сүрүнөн чочуп турушат. Бу, каяктан чыга калган неме эле дегенсип таңданып да жатышкандай. Адам аттуунун баарын алсыз, айбат көрсөтө алгыс араң жан көрүп калышкан окшобойбу. Ошого көнө түшүп, өздөрүн өөдө сезип калганы көрүнүп турат. Дорду таш менен уруп, айбаттуу кыйкыра бергенинен аз да болсо сестеништиби, же жадаштыбы, таш корумду айлана чуркап алышты да, силердикинен да жакшы тамактар толтура дегенсип кушубак тарта кубалашып кете беришти.

— Адам баласын тоотпой калышты, бу, айбаның дагы... Астапыралла-а!..— деген атасынын үнүн эшите коюп Дорду кубанып кетти. Бу, жакшылыктын жышааны эле.

— Ие, дагы ичээр суубуз бар көрүнөт, абышка...— энесинин да үнү чыкты. Бу, Дордунун көңүлүн ого бетер көтөрүп жиберди. Бир күндүк эле жакшы тамак адамга ушунча чоң дем-күч берет турбайбы! Дагы...

Кечээ шашканынан уйдун өпкө-боорун эле бышырган болчу. Эми сан эттин жумшагынан кесип алып, тезирээк, жумшак бышсын деп жука тилип-тилип, казанга салды. Эт аз эле батып калды, казан дегени ит аяктай эле калың табак болчу. Чоң казанды кайдан көтөрүп жүрүшмөк, качканда уйдун жонунда кеткен. Отту күчтөй жагып, бир кайнаганда чий көбүгүн алып, отту ичкештирип коюп аталарынын жанына келди. Иманүсөн менен Акун да жылтырап, көздөрүн ачып калышыптыр. Бирок кыймылдай алышпайт. Атасы эттин жөн-жайын дагы сурады. Баласынын калпын туйган көрүнөт. Дорду болгонун болгондой айтып берди эле атасы:

— Күнөө кылган экенсиң, балам, антпесең болот эле... эми айла кеткендеги ишиң да. Ошенткен менен этиңден көтөрүшүңчө арбындап алып барып ал, кемпир менен кызды таап, берип кел. Болгон чындыкты айтсаң, түшүнөр, пенде болгон соң. Өз башыбыз деп, өзгө бирөөнүн канына забын болбойлук, анда кудай кечирбейт,— деди.   

Дорду ошентти, бир түйүнчөк эттен көтөрүп алып келсе, эч ким жок. Байкуш кемпир кызын ээрчитип алып сапарын улаганбы, же жакындары алып кетишкенби небак издери сууган. Балким малыбызды уурдаган немелер бизди аяшмак беле деп коркуп, качышкандыр. Кечээ кемпирди алдап, сайган казыгы турат ордунда, арканын чечип алышкан экен. Дорду өзүн аябай ыңгайсыз сезип кетти. Эки адамдын өмүрүн кыйгансып, катуу кыжалат тартты. Эми алар көксөгөн жерине жетээр бекен, же жалгыз жан аралжысынан айрылып, ашууда ачкадан набыт табышар бекен. Анын бетин нары кылсын! Атасы айткандай өзүлөрү үчүн бейкүнөө эки жандын канына каскак болсо...  Андан нары жагын ойлогусу келбей кетти. Кантсе да кемпирдин аны каргаганы белгилүү. Каргышка калган экен. Жаман болду, жок дегенде алардын алдынан өтүп койбой, эртерээк ойлогондо эмне... азыраак жеңилдеп калмак. Бирок, ал бүтүндөй бүлөсүн сактап калбадыбы, ошону үчүн ушундай уурулукка барбадыбы. Антпесе баарысы набыт болушмак... Ушундай ойлордон анын санаасы аз да болсо бастай түштү.

 

Акыркы дем. Ашууда

Беш-алты күндөй ошол таш короодо өргүп жатышты. Түйшүгү түмөн, опуртмалуу ашууну ашаар алдында баары тең күч-кубат чогултуп албаса болбойт. Ара жолдо өлүп калышары анык. Анүстүнө ашуу да ачылып калар.

Күн кадимкидей жылып, тоо-кырлардын күнөс тарабынын кары эрип, айлана ала тартты. Алашалбырт. Жер эзилип, кара жер баткак. Кишилер өтө берип дааналанып калган үзүл-кесил чыйырлар менен ашууну беттеп илээлеген адамдар тынган жок. Сейрек болсо да тыңдары ашыккан, көбүнесе бирин-бири жөлөп-таяп сенделишкен, өздөрүнүн жонуна,  сөөктөрү гана калып каркайып арыкташкан уй-эчкилерине көр-жерлерин артып алып чубаган элдин аягы күнү-түнү сууган жок. Алсыз булаган түтүндү көрүп, алда неден үмүтөтүп Дордуларга кайрылгандар да болду. Алсыз, денесин араң сүйрөгөн андайларга азыраак болсо да шорпо-шилеңинен кайрылышып, үзүм этин дасторконго жайып берип, жөн-жай сурашып, бир аз тыныккан соң арбактай болгон тигилер баталарын берип сенделе кетип жатышты. Өздөрү мусапыр буларга ашык жүк болбойлу деп абийир сактагандай. Ар кандай кеп угушту алардан. Арттан калмак, таранчылардын куралчан кишилери кубалап келип, качкындардын көзгө басар оокаттарын, колунда жоктордун кыз-келиндерин жулуп кетип жатышыптыр. Кулумсуң, сатып алганмын, карызсың деп куру доомат коюп, кайра айдап кетишкен уул-кыздар канча дешет! Кол арага жарап калган акысыз малайынан айрылып калгысы келбегендери да. Касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы деген ошол. Кыргызга болсо азыр жанынан башка кымбат жок. Экинчи качпассың деп тутулган качкындарынын моюн-бутун зоолулап, эшек тарамышын кесип салышат имиш. Ошондо да аларды кыйбас жакындары артына, моюнуна көтөрө качып келатышкандары бар экен...

Кышында Кулжадагы Орусиянын консулдугуна Алматы, Пишпектен аскерлер келишип шаар-айылдардан далай качкындарды кармап, жүздөгөндөрүн чогултуп алып кайра айдап кетишиптир. Андайды угуп, азып-тозгон элдин төбө чачы тик турат. Соо коюшмак беле аларды! Эми бул жактан барган элди кантишер экен? Төңкөрүш болду дегени чынбы, деги? Угулган имиштер жөн жеринен чыкпаса керек. Аман болгой элек, дешет бүт эле. Эми болору болду, бу, жат жерде жайрап, же кул болгуча өз жерибизге барып жай өлөлү... Ай, кайран эл, кыргыз болуу кыйын бейм, канчалык каржалып турушса да адамдык абийирин сактап, алгы үмүт-пейил күтүп, бирин-бири аяп, дем беришип, бийиктигин жоготпой калуу көрүнгөн эле элдин колунан келе бербес! Кылымдардан аман-соо өтүп келүүсү да ушул касиеттеринде белем.

Баары тыңып, алтургай Акун да башын көтөрүп, тамтаңдай басып калганда Дордулар  кайрадан сапарын улашты.

— Эми, Кудай деп жолго чыгалык. Буюрса тыңып калдык. Элден калбай... көч да сээлдеп бараткансыйт.— деп, Сасыке кабатыр тартып, кемпирин сүйөй алдыга түштү. Акунду кыйла тыңып калган Иманүсөн көтөрүп алды. Жаш эмеспи, ал тез эле ирденип алган. Дорду эттин калганын сөөктөрүнөн шылып алып, желге тоборсуиуп, жыттанып калганына карабастан таштабай, чүпүрөккө ороп туруп куржундай ийнине арта салынып алды. Эми жалгыз азыгы ошол гана. Жыттанмак түгүл, сасыса да бир үзүм этке канчалык зар болушту эле. Бир гана катуу өксүк: туздун жоктугу. Тамак-аштын даамсыздыгын кой, тиштердин түшкөнү, ак шишик, ич өткөк... деген кесепеттер дал ошондон улам күчөйт тура. Бирок айла жок. Жон-кырлардагы агарган шор көрсө эле эптеп кырып алып, ошону тамагына катык кылышат...

Баягы эле көзгө көндүм болгон көрүнүш. Бозоргон ач бел, куу жондор, күңгөй тарабы кара, тескейи ак, муздак кар. Кайрымсыз кабатталган кыр-белдердин акыры-чеги жоктой, улам биринин артынан экинчиси жон көтөрүп, өтүү оор, тажатма узак. Алардын агала бетинде ийри-буйру, билинер-билинбес чыйыр жолдор. Аларда тоңуп, ачынан жалгыздап, же төрт-бештен бүлөлөп, томурайып жаткан адамдардын боо түшкөн өлүктөрү. Ит-кушу сүйрөп, чокулап жаткандары канча?! Андай, армандуулардын айлана-тегереги кызылжаян кан, ичеги-карды чубалып жүрөк оорутат. Алардын баласы да, жаш-карылары, аял-эркектери – баары бар. Дит багып карай алгыс. Алгач Сасыке азга болсо да аларга аярлай калып, бирин-экисин куран окуп, ташка корумдап келатты эле, кийин көбүнөн шаасы жетпей калды. Жолун улап баратып өлүктү же шагыраган сөөктөрдү көргөндө жүзүн, сакалын сылай бата тартып, ичтен күбүрөнүп гана коёт. Жол четинде, жака-белде тартайган колдорун сунуп, алайган муңдуу көздөрүн жайнатып кайыр сураган ач арбактай жандар андан көп. Жолду издеп кереги жок, ар кай жерде суналып жаткан адамдар менен аркайып жаткан малдардын сөөктөрү ашууга кеткен жолду көрсөтүп турат. Аларды улай барсаң адашпайсың. Түбүң түшкүр дүнүйө! Не деген зарзаман, не деген азап-тозок?!

Ашууга жакындап, жалгыз аяк муздуу жол менен аска-зоону тепчий чыга баштаганда ажал тапкандар көбөйдү. Асманда калдайып тегеренип, улам бир жерден салпылдай учкан  жорулар, жерде жабалактай каркылдаган каргалар көп. Анткени тарп көп. Мал менен адамдардын тарпына алар аябай карк болушкан. Ачкалыктан алы калбай калган пенделер жаза басып жар-зоодон учуп, бирин кармай калам деп жакыны кошо кулап, адашып, айрылышып, жок жоготуп ызы-чуу, ый-кошок, тозоктун жолундай, кайгы эми күчөдү. Бийик тоодо ачкалыгынан тез эле түтөгүп, оозу-мурдунан кан агып, бараткан жолунда жан таслим болгондор да көп. Тар жолго топтолушуп, тыгылып, качкындардын көптүгү эми анык билинди.

Айганыш кайра баспай калды. Сасыке менен Иманүсөн аны артына артынып, кезектеше  көтөрүп ашууга келишти. Дордунун жонунда  азайып калган түйүнчөгү менен Акун. Иниси сууктан үшүп, кыңкыстайт. Кардуу борошо бетке уруп, бастырбай буюктурат. Тоңуп калгандар көп. Басканда дене жылып, жибип, жан камалат. Олтура калсаң эле бүттү, тизе-белдериң тоңуп кайра тура албай калдың дей бер. Былтыр бу тарапка качып келатканда оокат— жүк арткан төө-жылкылар ашуудан учуп, эл көп кулаганда аскерлер жете келеби деп колго урунган эле малды союп жиберишип, терисин ысык бойдон музга жаап жиберип өтүшкөн эле. Музга жабыша калган терилер тайгалантпай, амал таап кетишкен. Ал терилер азыр да аман экен. Кишилер көп өткөндөнбү, же кар учурган шамалданбы, көпчүлүк жерде жүн-түктөрү карайып, ачылып калыптыр. Аларга жеткендер сөөктөн өткөн сууктан улам шыдыр өтүп кеткенге шашып, жол арбый түшүп жатты. Болбосо дагы далай адамдар тайгаланып, ашуудагы аска-зоолордон кулашмак. Кыйынчылыкта адамдар жакындашып кетет белем, тааныса, тааныбаса да бирин-бири жөлөп-таяп, бирине-бири кубат берип, алы жеткени көтөрүшүп, ашуунун кырынан эптеп эле өтүп кетүүгө жалпы жандимиленип жатышты. Жанында жалбарып, жыгылып жаткандарга кол сунуп койбогон таш боорлор да болду. Баары эле өз жанын ойлоп, өпкөлөрү өрөпкүп калган, эптеп эле ашуудан аман өтүп кетсем экен деген жан. Кырдан өтсө эле кыргыз жери – өз мекени эмеспи. Аны сезип, сүйүнгөндөр боюн таштап жиберип, ашууда тоңуп же түтөгүп жан таслим болуп кеткендери да болушту. Көргөн азаптары жанга батып кеткен эле, байкуштардын! Жандан кече тажап бүтүшкөн. Алдыда дагы да түмөн-түркүн азаптар күтүп жатканын ал шордуулар кайдан билишмек...

 

Өз жерде!..

Кадимки Көкөтөйдүн ашы өткөн жайык – Каркырадагы калың кар, санжыргалуу Сан-Таш ашуусу менен Кызыл-Кыядан өтүүдө эл-жерин ак эткенден так эте эңсеп келген далайлар  бейажалын табышты. Өз жерибизге келдик, эми азаптан арылдык деп көңүлү жайланып, куунак тарткандар катуу жаңылышыптыр. Өз жерде да далай мүшкүл, кыйноолор күтүп жаткан экен. Аларга боор тартып, аяп, аман келгендерине кубана кучак жайып тосуп алган жан болбоду, бардык жерде ачарчылык, жокчулук, ачуу тагдыр менен арбашуу, азган-тозгон эл... Араң жан, ажал менен арбашып келген эл ата-бабаларынын жеринде жерилип, жат адамдай кордук көрүштү! Бай-бардарлардын үстөмдүгү, өчөшүп калган орус калкынын, алардын төбөлдөрүнүн өч алуулары, куугунтугу жанга батты. Падыша тактан алынган менен элге боор тарткан эч ким жок, эзүү мурдагыдай эле болуп чыкты. Имиштер чын болгону менен алар алыста, кыргыз жерине али келе элек болуп чыкты. Орус-герман согушуна барып, кайтып келишкен переселен-аскерлердин айрымдарынын үй-жайы кыргыздар тарабынан тонолуп, өрттөлүп,  катын-балдары өлтүрүлгөнүн көрүп кыргыздардан кек алууга өтүшкөн. Андайлар бештеп-ондоп топтолуп, ат минип алып Кытайдан бери жер кезип, жан аралжы издеген кыргыздарды кубалап, атып, таяктап өлтүрүп, өч алып жүрүштү. Байлары келгиндерди кармап алышып малай кылып, кулдай кордоп, болбогон эле жерден жалган жалаа тагып, кенедей күнөөсү үчүн өлтүрүп салгандан да кайра тартышпайт. Ошол эле кезде айрым мужуктар кырылып жаткан кыргызга жан тартып, үй-короолоруна катып, иш берип, багып, боор тартып жатышты.  Беш кол тең эмес... зарзаманда айбандык да, адамгерчилик да эгиздей эриш-аркак жүрдү...

Бир кезде мал-жандар күтүрөп, жайыкка батпай жаткан Түптүн кең жайыгы эми жылан сыйпагандай аңгырап, бош калган. Бир да бир түтүн булатып бапыраган айыл жок. Кыйсыпыр тартып кырылган же туш-тушка чачыраган. Чанда гана бир жүдөө, жамачылуу  бозүй караят. Аларда да азапка баткан, армандуу жандар. Үйсүз, турак-жайсыз калышкан уул-кыздар, небере-чөбөрө, урук-туугандары бүтүнүрөөк бир түндүк алдында турмуш кечирип калышкан. Кыргыз – тууганчыл. Эч качан жакынын кыйбайт, жамандыкта таштаган эмес. Бийлик болсо баш аламан, жаңы гана түптөлүп айыл-апага жете элек, теңчилик болот дегени менен аны ашырууга колу жетпейт, ал жакшылыктарды атайылап бузгандар да бар.

Түпкө жакындай бергенде отуз-кырк чамалуу мужуктар алдыдан ат коюп чыгып, жүзгө жакын каржалып келаткан алдыдагы качкындарды алыстан аткылап, кеткиле, жолобогула биз жакка деп артка жапырды. Бул, Түп айылына киришпесин, бизге жүк болуп, жүдөтпөсүн дегени эле, арасында кек кубалагандары да бар. Мылтыктардын тарсылдагы менен орустардын айбатынан жүрөгү өлүп калган эл аз да болсо кайрым болор, жардам кылар деп келаткан орус айылынан жаа бою качып берди. Үмүттөрү таш каап, тоо этектей батышка дүргүдү. Алашалбыртта Түп дайрасынын тегерегиндеги балчыкка батып, өтмө катар суу болуп, ачкалыгынан ара жолдо калгандарды караган жан жок, кара баткакка жуурулушуп кала беришти. Караколго, андан нары тескей тараптагы эл-жерине өтмөк болуп, аны тигилерге айтып, түшүндүрмөккө жакындаган он чакты качкынды түптүк орустар карышкырдай кишиге өч болуп алган дөбөттөрүн айдактап, талатып салышты. Үстүндөгү тон-кийимдери кайсы, алар менен жулунган денеси кайсы, байкуш тескейликтер далбаалап тытылып, ар кай жерде кансырап кала беришти. Аларды коргоп алар, тигилерди кой-айлап акылга чакырар жан чыкпады. Ким ага батынмак! Эрлердин эрк-кайраты, элдин ынтымагы кайтып калган болчу. Анык кайгы ошол болчу! Өз жерде өлүм тапканы жакшыбы, же антип армандагыча жат жерде жайрап калуу жеңилби, акыл жетпейт! Өз жериңде өгөйлөнүүдөн артык азап, арман болбос! Жер ээси болуп туруп, жерилгениң кайсыл Кудайга жаксын!..

— Ээ, балдар ошондой ойдо жок окуялар, азап-кыргындар болгон кезинде. Кыргыз – касиеттүү эл делет. Кыргыздарды кырып, каргышка калган ак падыша да жыл айланбай үй-бүлөсү менен өлүмүн тааптыр деп уктук. Элибиз кайрадан жерине ээлик кылып, уруят анык келип, баарыга тең заманды курганча дагы нечен азап-тозокторду башынан кечирген. Кыргызга болгон кыянаттыктар он сегизинчи жылы экинчи айда Алматыда Кеңеш өкмөтү курулганда бастай баштап, жыйырма биринчи жылдын биринчи айында кыргыз-казактын курултайы болгондо гана биротоло токтогон. Эгерде Кеңеш бийлиги келбегенде түндүгү  гана эмес, жалпы кыргыз тукум курут болуп кетмек... — деп кебин туюк жыйынтыктачы Дорду атабыз. Ошондо ал — чымыр денелүү, кабак-кашы кагелес ак сакал адам кыргыздын кажыбас кайраты, баарыга чыдамдуу талыбас эркинин даана өзүндөй көрүнүп кетээр эле... Тоонун дал өзүндөй !

 

Бүгүнкү жолдордо

Ошондой ойлор менен жолдугата алпурушуп, Текестин мелтиреген кан жолдорун басып өтүп, анын чыгыш тарабындагы тоо этектей жайылган айылдарга жете келдик. Саатына жүз, жүз он чакырымдан кемибей зуулдап, эки-үч саатттай жол жүрдүк. Ата-бабаларыбыздай жөө, ач болгондо бу аралыкта нече күн, балким айлап сабылмакпыз деген ой эсимден эч кетпей, аяган, убайлуу ойлор жан дүйнөмдү толук тепчип турду. Бул жолдордо, туура бир кылым мурда не деген адамдарыбыздын кымбат өмүрлөрү үзүлүп, кандай гана алтын баштары калбаган.  

Жана, Текестин кире беришинен бизди узун бойлуу, кырктар чамасындагы каратору, келишимдүү жигит баштаган кытайлык кыргыздардын тайпак ак калпагын кийишкен топ кишилер тосуп алып, таанышкан  элек. Жетекчилери тапшырган экен. Ошолор эсиме түшүп, убайымдуу ойлордон оолактатты. Башчы жигит куш келиңиз айтып:

— Мен Текес ооданынын партком жетекчисинин орунбасары Токтор Карымшак боломун,— деп жайдарыланды. Мүнөзү ачык-айрым экени көрүнүп турат,-  Бугу уруусунун Карамырза уругунанмын.

Бу сөздөр кулагыма жылуу угулуп, дароо жакын саноо сезими жана түштү. Мен ушундай алыс, ойго келбеген жерден уруулаш ини тапканыма кубанып, бир чети аябай таң калдым. Чынын айтсам эч күткөн эмесмин. Ал дагы мага ылымсанап турду, жал-жал карап. Ысык-Көлдүн күн чыгыш тарабын жердеген бугу уруусу биздин байыркы бабабыз Арыкмырзанын бир тууган иниси Мырзакулдун келини Бугудан таркаарын айттым ага. Ал баладай кубанып, санжырадан чала бучук кабардарлыгын, дагы да сүйлөшүп, табышаарыбызды айтты.

— Оо, абам турбайсызбы!— деп жетине албады. Анын жанындагы, орто бойлуу,  арык, ак жуумал киши оодандык туруктуу комитеттин, бизче райкеңештин  төрага орунбасары Турганжан Бекин, аларды коштой жүрүшкөн ошол сымал, болпогою Токтосун Асанбек деген адабий сынчы,  ширидей арыгы Жаныбек Маданбек аттуу акын, жазуучу экен. Менин жазмакер экенимден улам мамилелешсин деп кошушса керек. Алар да биздин Сарыке тукуму – Сарыке балбан бабаларыбыздын урпактары экен.

— Мен да, ошшол атактуу балбан бабабыздын урпагы Жанайынан, анын Соно тукумунан боломун,— дедим кубана. Жашым боюнча алардын накта агаларынан элем. Кыргыздын кыйындыгы ай, жер чегинде болсо да уруулашып, табышып, жок дегенде эл айткандай жээн-таеке, куда-сөөк болуп, жакындашып ала коёт. Антпесе, аз элге ким боор тартып, жөлөк-таяк болмок эле. Бу да болсо байыркы жоочалыш замандан калган кымбат салт-санаалардын бири эмеспи. Жоо келгенде уруулаша көтөрүлүп, биригип чабышып, намыстанып, жан тартышып... Азыр деле ошондой...

— Бу, Көк-Терек деген айыл аймагы. Жыйырма бир айылы бар. Элинин токсон пайыздан ашыгы кыргыздар. Алардын сексен пайыздайы Сарыке тукумунан,— деди Токтор сыймыктана. Кыязы, менин уруумдан жакшы кабардар болсо керек, булардын КГБсы жакшы иштейт деп уккам,— Бизден нары, Шаты айыл аймагы да кыргыздардыкы. Ал жакта да сарыкелер көп.

Ал чын экен. Бизди күтүп алышкан айыл өкмөтүндөгү жолугушуу жыйынындагы эле мурдагы жетекчилеринин көбү биздин уруудан болуп чыгышты. Мени менен жакындашууга умтулушуп, айланчыкташып, тек-жайын айтып, туугандарын сураштырып жатышты. Айрыкча Асамүдүн Жуман деген менден үч жаш улуу, мурдагы айыл башчысы жанымдан карыш чыкпай, эли-жери, тарыхы жөнүндө айтып берип, катуу ылымсанады. Мурда минтип, тарыхты иликтөөгө, уруулашууга бийлик тарабынан жол берилчи эмес экен. Шатыдан жогору байыркы бабаларыбыз болгон усундардын үч жүздөн ашуун, үч-төрт кабат үйдөй бийик коргондору кыркалекей тизилип жатышы мага кызык болду. Аларда не деген мыкты инсандардын тагдырлары, не деген эл тарыхы жатат болду экен жер алдында... Андан жогору, капчыгай ичинде Маралды жайыгы, азыр корук. Кыргыз эли ыйык тутуп, аздектеп келген ача мүйүздүү бугулар азыр да токой-корукту аралап сөөлөттүү чубашып жүрүшөт. Ал эми андан нары, капчыгайдын өзү Арашан аталары мен үчүн эч күтүүсүз болду! Ысык, дары булактар жер алдынан оргуп турат. Кудум биздин Ак-Суудагы Алтын-Арашандай. Аттарынын уйкаштыгын кара! Аны айтсам шатылык туугандар да таң калышты. Демек, биздин-кыргызын эле жерлери. Төмөнкү, жазгы жайлоодо айтылуу Кара шаардын калдыктары али да бар экен. Нечен чакырымдап кеткен дубалдарынын урандылары  бу, тарыхий калаанын чындыгын ырастап турат. Манастагы, андан кийинки тарыхыбыздагы кадимки Кара шаар! Демек, бул аймакты биздин бабаларыбыздын куруп, жердеп келгендиги чын. Аны азыркы элдери, алардын уруулары да айтып турат. Сураштырсам Үркүнгө чейин эле бабалары бул жерди мекендеп, жашап келишкенин айтышты. Ал эми Үркүн... бул кайгылуу кыргын, улуттук мүшкүл жөнүндө канык билгендер жокко эсе болуп чыкты. Ооба, ошентип укчу элек, опей, чынында эле ушунча көп эл кырылыппы, ошондой оор азап тартыппы... деп таңданышканы да мен үчүн чоң жаңылык эле! Ошондой деп уккан элек, аталарыбыз айтышчы эле... энелерибиз эскеришчи, бирок мынчалык чоң кайгы болгонун аңдабаппыз... дешип таңдангандары да болду. Кирген дайрадай агып, түп көтөрүлө өздөрү жакка жан аралжы издеп кырылып, мүңкүрөп келишкен кандаштарын, ата-бабаларынын кайгысын жетик билишпегени кандай?! Айрымдарынын ата-бабалары ошондой оор азап, кайгыдан улам жер кезип келишпеди беле, бул жакка. Эмнеге, кантип билбей калышкан? Кызык. Караңгылыгыбы, же кайдыгерликтериби?.. деп катуу кыжалат тарттым. Көрсө аны мурдагы кытай бийлиги жаап-жашырып, таркатууга такоол жасап келишкен көрүнөт. Эмнеге?.. Бизде болсо мектептен тартып окутулат, эс тарткан жаштарыбыз жакшы билищет, Үркүн деген улуттук-боштондук көтөрүлүшү экенин, кандай элдик кайгы болгонун... Бирок Совет заманында бизге деле толук чындыгы айтылбай, жашырылып келбеди беле... 

Шатылыктар Кызыл-Суу кыргыз автоном облусу тараптагы кыргыздар бизден жакшы билишер дегенинен ал жакка да жеттим. Кайрадан Текести басып өтүп, Кулжага, андан Үрүмчүгө, ал жерден үч сааттан ашык учак менен учуп Кашкарга жетип, дагы үч-төрт сааттай авто менен Артуш шаарына да келдик. Бул, Жалал-Абад түспөлдүү жаш калаа кыргыз облусунун борбору. Босогосунан бозүйдүн ууктары менен түндүгүнүн, дал борборундагы көчөлөрдүн кесилишиндеги ак калпактын чоң эстеликтерин көрүп жүрөк жылыйт, кыргыз жыттанып. Бөлөк жерлерге караганда ак калпак кийген кишилер көп. Кадимки, көмкөрүлгөн чыныдай тайпак, ак калпак. Кызыгы алар бидикиндей бүктөлбөйт, катырылып, катуу экен. Эли болсо кыргызча таза сүйлөшөт. Кай бир кызмат, илимий сөздөрдү гана бизче кытайлардын, өздөрүнчө ханзу тилинде айтышпаса, калганын кыргызча саймедирешет. Сөз түзүмдөрү, сөз курап айтуулары бир аз башкача, эски кыргыздар ошондой сүйлөшсө керек деп ойлодум, же кытайлардын таасириби. Элдик каада-салттарга: манасчылык, ырчылык, мүнүшкөрлүк, саяпкерлик, кол өнөрчүлүк менен узангандарга мамлекет укмуштуудай колдоо көрсөтөрү көрүндү. Өкмөт кайсыл өнөр басымдуу болсо айылдарына улуттук деген даража берип, манасчылар, ырчылар, бүркүтчүлөр, саймачылар... айылдары өз өзүнчө жайгашып, өнөрлүүлөр өкмөттөн маяна алышат экен!

Үркүн... албетте ага кызыгуум чоң. Барган эле жерден кызыгып жаттым. Бул тарапта да ага кызыгуу пас, үстүрт гана экен. Ооба, угушкан, бирок даректүү, канык кабарлары жок, чала сабат. Расмий окутулбагандан, кылдат иликтөөлөр жүргүзүлбөй, алар бийлик тарабынан колдоого алынбагандан болсо керек. Чынында эле эмнеге ага чоң көңүл бөлүп, колдоого алынышы керек? Андай алааматтар, элдик кырылуу бу, Кытай өлкөсүндө нечен болгон да. Ал, Кытайдагы аз сандуу улуттардын бири — кыргыз калкынын гана кайгысы, жалпы кытайдыкы эмес. Тентип келген бир эле майда калктын тарыхы, мүшкүлү, көйгөйү...

Артуштан тоо ичине, түндүк-чыгышындагы төрт-беш сааттык жолдо жайгашкан Ак-Чийге барганымда гана атактуу манасчыбыз Жусуп Мамай:

— Ие, ошондой алаамат болгон тура, кезинде. Түндүк кыргыздары чымындай эле кырылып кала жаздаптыр. Жунгарлардын чапкынында да ошондой болгон экен. Гиссар, Гөлөпкө чейин тентип... Шорлуу эл экенбиз го!— деди өкүттүү. Бу, токсон бештеги арык, өткөн кылымдын өзүндөй нечен оомал-төкмөлүү заманды баштан кечирген, суюк ак сакал-мурутчан, ойлуу, акылман көздүү карыя көкүрөгүндөгү ачуу муң-зардын узун сабак сөзүн айтаарга сөз таба албай, эптеп үн каткан болду. Эл кайгысы, арман-азабы анын доошунан добулбас кагып тургансыды мага...— Канчасы ара жолдо кырылып келип, канча бири эптеп кайрадан кетишкен, бу тарапта тентип калышкандары канча... кор болуп... Азап!.. Кайрадан жерин ээликтеп калганына тобо дейлик! Ошол огожосуз ырыскы болгон...

Ооба, чынында эле ошол ырыскы. Берекелүү Сарыөзөн Чүйүбүздөн, кереметтүү Көлүбүздөн айрылып калсак мекенибиздин куту качып калбайт беле!..

Жолдо, кайрадан Артушка келе жаткан узак жолдо Үркүн, Дорду атамдар дагы эсиме түштү. Алардын Какшаал деп зар какшаган жери ушул жер. Саал түштүктө биздин баатырыбыздын атындагы айтылуу Кашкар шаары, андан нары бүт дүйнөгө белгилүү Такла-Макан чөлү...

Бозоргон, таштак ой-кырлар, ак чийлүү жайык, тоо өрдөгөн жалгыз аяк жолдор кайталанып,  мени зериктирип жиберди көрүнөт. 

Ошондо, мекени көздөрүнөн учуп, эптеп эле жетсем экен деп, бир ууч топурагына зар болуп келген көлдүн эли, алардан наркы кеминдик, чүйлүк качкындар Түпкө келишкенде эле дал чокуга чокмор жегендей болгон дечү Дорду атам. Түптөн батыштагы Монастырда, Байсорун, Григорьевка, Семёновкада да ошондой болду, орус айылдары самсыган качкындарды кийирбей, четтен тосуп, айдап салышты. Айрыкча Көлгө сүзө жайгашкан Хутордон өтүү тозок болду. Куралчан мужуктар жолду бөгөп, былтыр үй-жайы өрттөлүп, мал-оокаты чачылып запкы көргөн алар эми өчүн чыгарышкандай, жакындай электе эле сес көрсөтө алыстан аткылап, айры, союлдарын булгалап... каржалганына кайыл болгон эл самсып, жолсуз тоо-белдерди ашып жөнөштү. Туулган жердин тарткынчыгы кыйын белем, жолдун жогуна да карашпады, тоо жакалап агыла беришти. Кай бирлери узак жол менен ачкалыктан баса албай куруп, таш жөлөнүп, басып бараткан жеринен томолонуп калып жатышты... Байкуш элге бу жерде да ажал...

Кантсе да каны бир эл кыйбайт экен, өздөрү өлө албай, азап-жокчулуктан жапа тартып жатышса дагы колдо болгон жарты нан, жармасынан бөлүшүп мусапырларга жан тартып, аз да болсо жанга кубат болушту. Колунда жогу айткан арыз-муңун бөлүшүп, шерик болуп угуп, арман-жүгүн жеңилдетип жатышты...

Дордулар көздөн учкан көлүнө, андан Калыгул акенин кабыры жаткан өздөрүнүн Кара-Оюна келгенде күтүлбөс жорук болду! Айылда бир да кыргыз, бозүй жок! Бардыгы тоо таянып кетишиптир. Бардык жерди мужуктар ээлеп алган. Мурда эки Кой-Сууну жээктей чыгыш тарабын  переселендер, батыш – Ортокчул тарабын кыргыздар кыштап, жайлашып, эриш-аркак эле жашап келишпеди беле. Эми кыргыздар тоого сүрүлүп, өз жеринде өзүлөрү бөдөнөдөй корголоп, жашынып калышыптыр. Жайыттардын жакшы жерин, көбүн кыгыздын эле баягы байлары ээлеп алышкан. Деле бардык жерде ошондой. Баскынчыларды кой деген кожо, ай деген ажо жок. Мужуктар чоң, мужуктар кудай. Мындан ашкан кордук болорбу, өз жериңден өзүң кодуланып! Урият болду, ак падыша тактан алынды дешпеди беле. Анысы чын экен, баары эле ошентишет. Андай болсо кана, калыстык, теңдик кана? Баягы эле баксыздык, алдырганды жаздырган турмуш. Бийлигиңдин башы алмашкан менен, кескелдириктей куйругу кала бергенби? Эч өзгөрүү жок го? Кыргыздар жеринен ушинтип эле айрылып кала бермеки?!

Колунда жоктор, болгон оокатынан үркүндө ажырап калгандар, жетим-жесирлер дагы эле тентип, казактарга чейин жер кезип, мужуктарга, колунда бар дуңган, татар, уйгурларга жалданып иштеп, жармач жашоо кечирип жүрүштү. Байлар баягыдай эле, чачылганын жыйнап алып, жайлоосун жайлап, жалчыларын жумшаган жашоосуна өтүштү. Сасыке менен Дорду байлардын малын багып, Иманүсөн капкан салып, тузак тартып, башынан жакын аңчылыгы менен алпурушуп жүрдү.

Анан эле жетинин айынын орто ченинде дагы төңкөрүш болду, бийлик дагы алмашып, башында Иленин деген баатыр турган элдин колуна өтүптүр, ыңкылап эми чындап келип, жарды-жалчылардын таламын талашып, жакшы көз салат экен деген үмүттүү имиштер эл аралады. Ошондон тартып бийлик акырындап эл тарапка өтүп, айылга Мамбет, Молдыйса деген айылдаштар Караколдон кайтып келип, селсебет, комсомол, партячейкелерин түзүп киришти. Элге чындап көңүл бөлүнүп, бара-бара байлар жоголду. Байлыктары тартып алынып, ортокко салынды. Өзүлөрү Украинага, Сибирге сүргүнгө айдалышты. Чарбалар ирилешкенде Сасыке биринчи кооперативге жүздөй атын кошуп, кыргыздардан алгач мүчөлүккө кирди. Оокат колдун кири деген чын экен, бирде ныпым калбай суудай жуулуп, бирде кабаттай келип... Ачкасынан бүлөсү менен кырылып каларда бир аяк талканга кызын саткан Сасыке эми бапырап, акар-чакар ооккаттуу жашап, жүз жылкылуу бай болот деп ким ойлоптур! Ошондон улам Чакар атка конот. Кызы демекчи, Чөйтакунду  ошол, дунганга сатылып кеткени боюнча кайрылып көрүшкөн жок. Кетээрде уурдап болсо да жерибизге ала кетели деп Иманүсөн менен Дорду атасына кошулуп канча күн акмалашканы менен аны эч көрө алышпай койгон. Бийик, таш дубал короосуна бекем бекитишкен көрүнөт, аны. Ичтен сызып, аман болсок дагы келип, алып кетээрбиз, биротоло куруп кеткичекти жерибизге жетели  деген алгы үмүт байлап кете беришкен эле. Энеси гана ушул күнгө чейин жалгыз кызын эстеп, канттиң экен, берекем, шоруң катты бекен, жат жерге таштап кеттик эле, сени деп армандап, ыйлап калат. Дорду болсо уюн уурдап кеткен кемпир менен секелек кыды аяп, унутпайт...

 

Кылым өтүп Кытайда

Артуштун батышындагы Улуу-Чат, Көөнө-Чат аймактарында да жалаң кыргыздар жашашат экен. Дээрлик бардыгы ичкилик урууларынан, Ош тараптан ооп келишкен. Алар Үркүнгө чейин эле ошол жерлерди байыртан жердеп келишиптир. Басмачылыктан, кулакка тартуулардан да көбү качып келишкен экен. Алардан түндүк-чыгыштагы, көл тушунда жайгашкан Ак-Чий, Үчтурпан, Ак-Суу тарапта Үркүндө Бедел, Сөөк ашууларын ашып келген көлдүк кыргыздар басымдуу. Бул тарапта да тоо аралаган жалгыз аяк жолдор көп, алардын байыркы издери али өчө элек. Кандуу жолдор...

Артуштан  түштүк-батыш тараптагы Ак-Тоо ооданындагы, андан нары Тажикстан, Пакистан менен чектеш жердеги Будуң-Көл аймагында да кыргыздар бар экенин угуп, таң калганымды айтпа! Ал, жердин түбүнө, тоо башына кай заманда, кандай кыйчалышта  барып калышкан?! Эмнеге барышты экен? Кызыгуум күчөп, котормочум Айкындан сурасам ал айтылгандардын бардыгы чын экендигин, эртеси ошол тарапка барарыбызды айтты. Жолсапарымда мурдатан эле Пекин тарабынан каралган экен. Бали, кытайлардын билишкерлигине!

Түмөн түйшүктүү суроолор кыйнап, Кыргызстандан кыйла алыс, эл оозунда Такла-Макан, чынында Тарим чөлү деп аталган адам эмес, айбан чыдагыс какыр чөлдүн батыш учундагы тоо башына кыргыздар эмне издеп барышкан, эмнеге эми алар, тынч, бакыбат заманда төмөнгө түшүп, элине аралашпайт? Укканыма караганда табияты катаал, жашоо-турмушу оор экен. Тили, дили кандай болду экен?.. Түн бою уктай албай, жообу жок суроолордон ушаланып чыктым.

Таң эрте сыртка чыксак асман чаңдап, күн көрүнбөйт, алыстан гана мунарыктайт. Мынчалык чаңды козгоочу бороон-добул эмес, желп эткен жел жок. Кызык.

— Түндөгү шамаалдан улам, эми бир-эки жума бою чаң таркабай, күн көрүнбөйт,— деп жооп берди Айкын суроомо, асманда уюлгуган чаңга карап.— Бу, Такла-Макандан келген. Ал жакта шамал болсо эле чаң көтөрүлүп, кумдар учуп бизге келет.

Ооз-мурунга чаң толуп, дем алуу оор. Топурак жегенсип, ооздун ичи чыла даамданып, улам-улам суудан ууртап чайкайсың. Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун социалдык бөлүм башчысы, келгенимден бери калбай бир жума бою коштоп келаткан уйгур жигит Насипжан небак машинаны камдап, кытай шопуру экөө күтүп турушкан экен. Жолго чыктык.

— Жолго чыдайсызбы? Бара турган жерибиз – Будуң-Көл абдан бийик, төрт миңдей метр. Өткөн жылы маданият министриңер Султан Раев келип, орто жолдон кайра кайткан, мурду канап, түтөгүп. Сизди чыдай алаар бекен деп тигилер чочуп жатышат,— деген  Айкын жолго чыгаарда Насипжандарга көз жаңсап.

— Чыдайм. Тоолукмун да,— дедим ишенимдүү. Султандын кан басымы жогору эмес беле, тобокел дедим, бабалар басып өткөн жолду мен да басышым керек. Арып-ачкан алар чыдаган, алтымышка жаңы келген, каруум кайта элек, курсагы ток мен чыдабай эмне болуптурмун...

Чынында эле жол оор экен. Кашкарга кирбей, батышынан айланып өтүп, тоону беттей жүрдүк. Таштак, ошондон улам жайдак бел-кырларды ашып кете бердик. Дагы жакшы, кара жол мелтиреп, кенен салынган. Болбосо... жол жокто бу, какыраган тоо-таштарды аралап эл кантип жүрүштү экен. Далай азап тартышкандыр...

Бара-бара асман чаңдан арылып, көгөрө баштады. Анткени тоого калдык. Эки-үч сааттан кийин ачык көктөн жаркыраган күн көрүндү. Солдогу тоо түбүндөгү айылдын тушунан узун бойлуу, сары чийкил келин, эки-үч коштоочусу менен бизди күтүп алышты. Район башчысынын орунбасары экен. Тааныша кеттик, кыпчак кызы боломун деди сыйда гана, жылуу үнү менен көздөрүнөн боор тартып. Анын бизге ылым санап турганы ачык айтпаса да байкалып турду. Кыргыз-кыпчак илгертен бир эл болгон турбайбызбы, карындашым экенсиң дедим аны ого бетер кубанта. Мени жактыра жалт карап койду. Анын айтуусунда бул жердеги кырк миңден ашуун элдин жарымындайы кыпчактар экен. Не бир качаңкы катаал тарых менен беттешкендей болуп кеттим, кыпчак кызын көрүп. Не деген оомалуу-төкмөлүү, узак замандар өтүп, кыргыз-кыпчак качан биригип, ооматтары артып, көчмөндөрдүн уюткулуу, теңата жоокер эки эли кай заманда айрылып калышкан. Кыргызы Ала-Тоодо калып, кыпчагы Венгрия делген Мажарстанга чейин сүрүлүп...

Узак жолдор ушундай убайлуу ойлорго сала баштады. Кезегинде кыяматтын жолундай кыйсыпырлуу бу жолдо эми жапондордун шамдагай машинеси менен зуулдап өр тарта бердик. Бороон менен учуп келген чөлдүн куму жолдун кай бир жерлерин басып калган. Капчыгайдын буйткаларында да тээ бийигине чейин кум жаап, эшилет. Алардан куюлган кум капчыгайдын түбүндөгү Кез дайрасына толуп, кээ жерлеринде нугун бузуп барат. Жолдо кытай чек арачылары бекетте документтерибизди текшерип, көптөрдөй эле бирден чубатып өткөргөнү болбосо, токтогон жокпуз. Капчыгайдын жогору жагындагы Токтогул суу сактагычындай суу тосмонун жээктерине чейин учуп келген кум тоо бетинен да эшилип түшүп, табият дайранын нугун толтурууга кам ургансыйт. Минте берсе эки-үч жылдан кийин суу сактагыч тургай, дайра кумга толуп, жок калат го деген ой келет. 

Кыбыр эткен жан аттуу, учкан кушу да жок капчыгайдын жарымына жеткенде аба суюлду көрүнөт, чыкыйдагы кан тамырым лукулдап, башым саал ооруй баштады. Байкасам башкалар деле ошондой, кыйналышкансыйт. Жол жээгине токтоп, бир азга бой керип, суу ичтик. Жай башына жакын, май айынын акыркы күндөрү болсо да муздак шамал ызгып, ичиркентет. Шамал менен учуп келген майда кум көзгө кирип, жүдөтүп жиберди.

— Султан ушул туштан артка кайткан. Сиз кандайсыз? Артка кетпейбизби?— деди Айкын мени сынай.

— Жок. Жакшы элемин, киши кийиктен кем калбаган тоолук кыргыз эмесминби, кайтпайбыз, дагы канча жол калды?— дедим чылымымды тутантып. Тамеки тартса түтөгүү жеңилдейт деп укканым бар. Ызгаар. Кумдун майдаларынан айласыз көз жүлжүйтөсүң. Алды жагыбызда, отуз-кырк кадамдай жерде тактайлардан жасалган эки чатыр турганын жана эле байкаган элем,— Тигилер эмне?— дедим Айкынга баш жаңсап.

— Саякатчыларга эстелик буюмдарын сатышат, бул жакта кооз, кымбат баалуу таштар көп болот,— деген Айкындан сатуучулардын кыргыздар экенин угуп, кызыгуум артып, чатырларга басып бардым. Кырктын тегерегиндеги үч жигит сыртта, чатырдын ыктоосунда турушуптур. Бизди көрө сала саламдаша утурлашты. Бардыгы күнгө күйүппү, шамалга тотугуппу жүздөрү индийлердей кызыл. Экөө кыпчакпыз деп, ак калпакчан бири кыргыз болуп чыкты.   Эригип турушкан көрүнөт кыргыз экенибизди билип, кайдан, неге келатканыбызга, каякка барарыбызга кызыгышты. Чатырына кирсек текчелеринде көпкөк, темгил жашыл, суудай тунук сапсары, жара кесилген, муштумдай, ат башындай чулу таштар кырка тизилип туруптур. Анан тамеки, суусундуктар. Бардыгында кытайча жазуулар. Сатуучулардын өздөрүнө кызыгып, кайдан, качан келишкенин сурай кеттим.

— Ким билет, илгертен эле жашап жатабыз,— деди кара мурутчан, улуусу,— аталарыбыз үч жүз жыл мурда келгенбиз дешчү.

— Үч жүз?! Үркүндө эмеспи?— дедим айран таң кала, ишеңкиребей. Жаңылышып жатабы дедим.

— Ооба. Үч жүз жыл мурда, анын чоң тарыхы бар экен. Ал жөнүндө Ыйманбек атабыз жакшы билет. Силер бара жаткан Будуң-Көлдө жашайт. Сурасаңар эле ага алып барышат.   

Айткан кишисине ашыгып, кайрадан жолубузду уладык. Жолдун, дайранын жээгинде, тоо этектеринде аркайган айры мүйүз, боору менен курсак-санындагы жүндөрү салбыраган топоздор жайылып жүрөт. Кээде үч-төрттөн бөлүнгөн төөлөр да көрүнүп калат. Абайлаган адамга тоо боорундагы кычык, жарлардын көлөкөлөрүнө быгып алган короо койлордун карааны көзгө урунат. Тоолору биздин Боомдогудай ак, көк, кызыл, сары – түркүн түстө. Эч айыл, турак жок. Кишилеринин кайда экенине кызыксам, тоо арасында, чөптүү жана шамалдан далдалуу буйтка, капчыгайларда деди Айкын. 

Дагы эки сааттай жол жүрүп, алдыдагы кезекки дагы бир дөбөчөгө чыга келгенибизде:

— Ана, Булуң-Көл!— деп калды жанымдагы Нуркелди. Ал, Айкындын жубайы, жоош, ак жуумал жигит.

Ал көрсөткөн алды жагымды карасам ак карлуу аркайган чокулары асман челген тоолордун этегинде жайкалып жаткан көл көрүндү. Мелтиреп, эзели адам колу, заман таасири тийбегендей. Жайдак, бозала тоолору да ошондой. Этегинен чокусуна чейин ак кар баскан залкар тоо Муз-Тоо аталат экен. Калдайып, баарынан залкар, кары да көрүнөт. Убакыт токтоп калган сымал. Не деген бузулбаган, көөнө табигат! Аска-зоолордун арасынан мына азыр килейген динозаврлар айкыра чыга калып, кол салып жиберчүдөй жүрөксүтөт, тим эле! Асманда айланып учкан канаттуулар, жада калса төмөндө байкалган жору, бүркүттөр да көрүнбөйт. Мындай, төрт жарым миң метр бийиктикти алар да аз мекендейт окшобойбу. Мен да ошондо гана аба жетишпей, демигип турганымды байкадым. Абасы чыйрыктырма, салкын.

Көл жээгинде эки кабат мейманканасы, үч-төрт чакан тамдан турган  бекет бар экен. Атайын саякатчыларга арналган. Таза, баары орундуу.  Аларга ыктай чатырчалар, ак бозүйлөр, чатырчалар кырка тизилген. Баарында тең кымбат, кооз таштардан, сөөк-мүйүздөрдөн жасалган зер, белек буюмдар, кыргыздардын  ак калпак, элечек, чепкен, кемсел сыяктуу кийимдери, элик шыйрак, табылгы сап камчы, ээр токум, жасалгалуу кайыш жүгөндөр, ат жабдыктар. Кашкарлык атактуу бычак, макилер, шуру, сөйкө, билериктер да жайната коюлган.

Көл жээктей салынган тактай жол менен ашыга басып, көл суусуна жүзүбүздү чайып, колубузду жууп тооп кылдык. Кытай эли бул көлдү бекеринен “Тоо арасындагы Ыйык-Көл” деп атабаса керек. Бизге да ыйыктай, керемет көрүндү. Ысык-Көлүбүздү да илгери ыйык аташкан экен, үндөш. Нуркелди айтып олтурса не деген элдер, чыгаан адамдар келип-кетишпеген бу көлдүн кашына. Суусу таптаза экен. Тырмактай таштар түбүнөн даана көрүнөт. Тузсуз, ичүүгө да жарактуу. Туурасы эки-үч, узундугу жети-сегиз чакырымдай көрүндү. Балким андан да чоңдур. Тереңдигин эч ким айта албады. Албетте, көл — тоо чокуларын алмустактан бери басып жаткан карт мөңгүлөрдөн эрип түшкөн суулардан чогулган.  Сыдырым соккон желдин салкындыгын, абанын тазалыгын айтпа! Жымжырт. Кулак, мээң заматта эс алат. Айланасында адам турактары, эл көрүнбөйт. Ысык-Көлдө, капчыгайлардын биринде жүргөндөй сезип турдум өзүмдү.

Бекетке жүз метрдей жетпей, тоо боорунда, жол жээгинде чатырсыз жалпак, ылай менен шыбалган жапыз тамдын обочолонуп турганын баамдап калдым эле. Жетекчи-кыпчак кызы ошол тарапка жол баштап, бизди кошо чакырды. Барсак босого алдынан беш-алты орто жаштагы эркектер бизди күтүп турушкан экен, салам айтып, кош колдой учурашып каршы алышты. Баштарындагы ак калпагын көргөнүмдө эле улутташтарыбыз экенин дароо боолгогом. Жаңылбапмын.

Там бооруна кыргыздардын саймалуу туш кийизи тагылып, шырдак, алтыгат, эчки көлдөлөңдөрү салынган иреттүү үйгө дасторкон салынып, боорсок, нандар жайылып, каймак, сары май, жашылчалар тууралып коюлуптур. Кудум биздеги эле айылдардын бириндей.

Үйдүн кожойкеси, кырк жаштардагы аял жаңы союлган койдун жаш сорпосунан куюп, бакылдаган, толмоч үй ээси бир койдун эти толо табагын тартып, салт боюнча мен мейман жолуна ылайык, улуулаша, устукан алып, буудай унунан жуурулуп, колго кесилген кесме кошулган бешбармактан кол сала жеп олтуруп, суроо салып, кебибизди улап жаттык. Санжыраны жакшы билген, сөзмөр, мен курактуу, мурутчан, ачык-айрым Ташбай  бул үйдүн ээси Айнидиндин аталаш агасы экен.

— Атабыз биздин түбүбүз кыпчак, мырзанаймандан, анын ичинде жоонбут найман уругунан болобуз деп айтчу эле,— деп, билген санжыраларынан айтып олтурду. Бабалары  бешинчи атасынан бери, жүз элүү жылдай илгери, ушул жерди жердеп келишиптир. Ал кездеги калмактар бул жерден журт которушуп, каяккадыр көчүп кетишип, аймак он жети  жыл ээн, бош калган экен. Бекмурат атасы токсон жыл илгери, Кыргызстандан бул тараптагы түпкү туугандарына беш баласы менен көчүп келип, биротоло байырлап калыптыр. Азыркы убакта анын беш баласынан эки жүздөй түтүн бар экен.

— Түпкү атабыз хан Толубай, андан Кылыч баатыр, андан Куба бий, анын уулу Карабийден таркайбыз,— деп санжыралады Ташбай. Ал менден эки жаш кичүү болуп чыкты, алда канча кары көрүнгөнү менен. Жашоо-турмуштун оордугунан болсо керек. Андан жети атасын билер-билбесин сураганымда баарын так, ирети менен түгөл санап берди.  Түбүн жоготпогон кыргызга бали! “Жети атасын билбеген – жетесиз кул” деген ошол эмеспи. Жети атаңды жетик билсең акыры тууганыңды таап, жерде калбайсың деген осуят.

Ушул, кук этер кузгундар да сейрек жерди мекендеген абасы суюк, жери таштак, жайынан кышы-суугу көп катаал Ак-Тоо жеринин бийигин  кыргыздар кантип, качан мекендеп калышкан? Кайсыл катаал себеп аларды бул эл четине, ак кар, көк муздуу тоо башына жер кездирип айдап келген? Өз эрки менен минтип эли-жерин кыргыз эч таштамак эмес эле го? Кыя алгыс бир себеби сөзсүз болуусу керек... деген суроолорума ал:

— Аны, Ыйманбек атабыз жакшы билет, жүзгө келип калса да акылы али тунук, ал киши бул жерде эле, кааласаңар алып барайын,— деп калды. Айтып жаткан кишиси жана, биз жолдо уккан аксакал экенин боолголой коюп, дароо макул болдум. Үч жүз жыл мурда кыргыздар кайсыл тарыхтын сапырыгы менен бу, жердин түбүнө, тоонун башына келип калышкан? Муз-Тоо, Будуң-Көл...  деген жер аттары да жөн жеринен кыргызча аталган эмес...

Жалгыз аяк жол менен төмөн, дайра жээгине түшүп, ыктоодогу жалгыз бозүйгө келдик. Суюк, чокчо сакал, кызыл чийкил, орто бойлуу аксакал кемпири менен чай ичип олтурушкан экен. Салам айтып кирип барганыбызда ал:

— Аа, келгиле, меймандар,— деп ордунан обдулган болду. Биз аны тургузбай кол алышып, ал-жай сураша кеттик. Тың экен, тирикарак сүйлөп, айткан жашынан кыйла жаш көрүнөт. Көздөрүнөн али нуру кайта элек, ойноктоп. Анын сөзүнөн токсонтогуз жашта экенин, жаштыгында көрүнгөнгө жалданып иштеп, кой бакканын, анан техникумду бүтүп, мектепте тарыхтан мугалим болуп иштегенин билдик. Акыры, менин жөн-жайымды билип, суроомду уккан соң, абышка кебин тереңден баштады:

— Үч жүз, төрт жүз илгерки заманда бул тараптын Цин империясы өзү менен чектешкен Индия, ал баш ийген аңылчындар менен мамилеси ысык болгон эмес экен. Алардын кишилери бу чектеги Кашкар бектигинин элинин малын улам-улам айдап, тополоң салып кетип турган. Бир жагынан Индияны башкарган аңылчындар Шиңжандын бу, чектеш райондору бай келген кашташ, өзүлөрү жади атаган кымбат таштардын кенин тартып алууга көз артып келишкен. Ал таштарды аңылчын кишилери ат-төөлөргө жүктөп, ташып кетип турушуптур. Ошондон улам Кытай императору Индия менен чектешкен чек араларын бекемдөөнү Кашкар бектигине тапшырат. Ал, башчы-кишилерин чогултуп, масилет куруп, талаа-түздө жашаган ханзу, уйгур, дуңгандар, алтургай малга жакын, көчмөн деген казактарың да тоо башындагы жапайы жашоого чыдай албайт, ага бир жараса кыргыздар гана жарайт деген чечимге келишет. Көп элдин арасынан тоо жандуу, жоокер, чыдамкай эл, анүстүнө намыскөй, мамлекет көргөн эл деп, жалгыз кыргыздарга ишенишкен экен. Ошентип бу Муз-Тоо менен Будуң-Көлдөгү чекти кыргыздар кайтарып калышат. Анан Кашкардын тегерегинен, Ак-Тоонун айылдарынан жаш бүлөлөрдү, уруулаштарып  чогултуп, тиягы Тибеттин чети болгон Хотанга чейинки чектерге, Каргалыкта, Ак-Тоонун ушундай алыскы чет жерлеринде, кербен жолдору өткөн капчыгайларда кыргыздын кыпчак, найман, тейит, кыдырша урууларынан отуздан жүз кишиге чейин топтоп, куралдандырып, бүлөсү менен туруктарга коюшат. Курама журт аталгандар ошолор, ошолордун тукуму. Алар жаңы жайларына бара-бара өз туугандарын, жакындарын  көчүрүп барышкан. Элде кыргыз чегарачылар, алардын укум-тукумун байыркы чегарачылардын уулдары деп аташканы ошондон улам. Кыргыздар жөн гана катаал чекти баскынчылардан кайтарышпастан бул жакка чыдамкай топоз, эчки окшогон малдарды багып, мергенчилик кылып жан багып, жапайы жерлерди өздөштүрүшүп, биротоло мекендеп калышкан экен. Мына, кыргыздын кыйындыгы, биздин тарыхыбыз.— деп бүтүмдөдү кебин карыя.

Ал санжыралаган кызык тарыхка муюп олтурдум да кызыгуум артып капысынан:

— Өзүңүз да чегарачылардын уулдарынан болосузбу? Кайсыл уруудансыз?— деп сурап калдым андан.

— Менби?— деп ал, айтсамбы, айтпасамбы дегендей саалга эки анжы боло ой бага түштү да,— Жок, мен Текестен келгем. “Маданий төңкөрүш” кезинде тарых сабагымдан кыйкым табышып, камап жиберишеринде бул жакка из жашырып келгем, бу кемпирим менен,— деди өкүттүү,— Чоң, апааттуу кезең болгон кезинде. Атам Үркүндө келген көлдүк киши болгон экен...

— Көлдүк?! Кайсыл жеринен? Ким деген?!.— мен айран таң кала, чыдамым кете сурадым.

- Эмне, сен көлдөн болосуңбу, уулум?— абышка мага тигиле карап, суроомо суроо узатты.

— Ооба!

— Атам көлдүн Карой деген жеринен, Ыйманүсөн деген киши болуптур...

- Иманүсөн?! Иманүсөн дейсизби?! Кара-Ойдонбу?!.— мен секирип тура калып, абышкага умтулдум.

— Ие, эмне, сен аны тааныйсыңбы?— деди Ыйманбек аксакал үмүттүү, эч нерсеге түшүнбөй, сунган колумду кош колдой кармап.

- Ал киши менин тай атам болот!..

— Ыя?!.

— Сиз таекем болот турбайсызбы!— ордунан тура калган аксакалды ысык кучактай кеттим...— Иманүсөндүн улуу кызы Шайымдын баласымын. Анда сиз... сиз апамдын бир тууган агасы болот турбайсызбы!..— деп, жандүйнөм жарыла кубанып, жөн-жайымды шашыла божурап кирдим. Ал да энесинин таятам менен ошол опаасыз күндөрдө жолугушуп жүргөнүн, боюнда калганын, кийин таятамдын беш-он жыл сайын келип, Кыргызстанга алып кетейин десе энесинин эч көнбөй койгонун аптыга айтып жатты... Ооба, таятам чек аранын бектигине карабай Кытайга, таенеңерге барып-келейин деп дайыма каттап турарын айтып калчу. Мен билген бөрү жолдорду чегарачыңар түк билбейт деп тамашалап калаар эле... Таятамдын чын аты Ыйманакун болчу, баласынын аты да аныкына үндөшүп турат. Таятамдын отуз жылдай илгери дүйнөдөн өткөнүн баласына угуздум...

Тобо! Кайран таятам, ошондой казалуу, ажалы күн-түндөп көлөкөдөй жанында ээрчип жүргөн кезеңде да арзуу сезимин өчүрбөй жүргөн тура! Адамдын айкөл жүрөгүнө таң бересиң! Жашоо деген – жан кечти белем! Кандай гана кыл чайнаган кайгылуу заман  болсо да, үзүлүп кетпей учугун улап турган!

Ошондо:

...Кайың барбы, кыргыз балта чаппаган?

Кырлар барбы, кыргыз сөөгү жатпаган?.. — деген Манастагы сөздөр дилимде чагылгандай жаркылдап, жаңырыктап турду...

 

© Айдарбек Сарманбетов, 2016

 


Количество просмотров: 2187