Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Бондаренко О.Я., 2016. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2016-жылдын 12-февралы

Олег Ярославович БОНДАРЕНКО

Туунун алдында

(аңгеме)

 

Үстүмө туу кулап түштү.

Мен дал ошол кезде чөнтөк телефонумду жогору, башымдан өөдө көтөрүп алып аны сүрөткө тартып жаткан элем.

Ал, түстүү, ири кездеме шамалданбы, же дагы эмнеден экенин ким билсин, темир ала баканынан үзүлүп, тээ бийиктиктен желпилдеп, ажыдаардай буралып, калдалактап, каалгый кулап келаткан учурду көрүп турдум да, аны сүрөткө тартып алдым; ошончолук чоң чүпүрөктүн алдында капысынан болуп калган адамдын үстүнө кулап түшүүсү канчалык кайгылуу болорун ошогезде эч аңдабай, дароо түшүнгөн да эмесмин.

Мага бул аябай кызык эле, акыркы көз ирмемге чейин коркуу ойго келбей, атүгүл таң калычтуу болчу... Укмуш эле – үстүңө асманды улам түгөл жаап, килейген, чексиздей нерсенин кулап келе жатышын карап туруу, аны видеотасмага тартып алуу, мындай  энчи эч кимге буюрбаса керек. Туу болсо чынында эле жер үстүндө эч теңдеши жок, Гиннестин укмуштар китебине кирген, аябагандай чоң эле.       

Анан сокку болду...

Жок-жок, мен эле ошентип, сокку болду деп ойлойм – чындыгында эч нерсе эсимде жок, эчтеме. Караңгылык, боштук – кудум эле мен ошол, өмүрүмдөгү эң маанисиз, эч жолу  болбос учурумда жашабай, өмүрүм токтоп калган сымал. Тарс этти да баарын караңгылык ааламы чулгап, анын ичинде, мээмде да жылдыздар, тагыраак айтканда жылтырактар жылтылдай өчүп-күйүп барып, муздай муздак чексиздикке кулап, бардыгы айланкөчөк, аралашып кетти, мен кайдамын? башымчы? эсимчи? сезимдерим кайда?.. Бардыгы чаташып, аралашып кетти, өтмө катар жуурулушуп эле жатып калды, жалгыз гана алыстан чоочун бир үн ичтейимдеги менин “Меним” көп мааниде “Мезгил келе элек... Ага саат жете элек...” дегенсип жатты.         

   

:(

 

Билбейм, калың жана оор жабуунун алдында талпайып канча жаттым. Бир жылбы, мага мүнөттөр сааттай, ал эми сааттар кылымдай эле сезилип жатты... Аздап, акылым ордуна келе баштады, чыкыйым менен кежигем ооруп, кулагым күчтүү мотор иштеп жаткансып гүүлдөп, эчтеме укпай чуулдайт.

Менин эң негизги ачылышым – тирүүлүгүмдү сезип жатканым болчу...

Бар күчүмдү салып жатып араңдан зорго кыймылдадым. Айланамдын баары негедир кандай кызыл, тозоктун күнү батып бараткандай. А, ал белгилүү – чүпүрөктүн түсүнөн улам, жылчык калтырбай мени жаап, жерге жабыштыра басып жаткан ошол эмеспи. А балким чынында эле кандан улам кызыл болуп жатпасын?.. Байкуш башымдын катуу жабыркап, жарылып кеткени чын... Туунун сабы-темир бакандын  маңдайындагы бетон аянтчага жыгылып түшкөнүмдө катуу урунуп...  Онтолоп, кайрылып калган колумду түздөгөн болдум. Үстүмдөгү, тегерегимдеги чүпүрөк катуу, жел кеменин парусундай болчу, жерден араң көтөрүлүп, туш тарапка катуу тартылып коюлгандай. Мен кепинге оролгонсуп жата бердим, айырмасы ал ак эмес, жагымсыз, кызгылт болучу...

Кыязы, калдайган чүпүрөк жерге түшкөндө жайылып, узун-туурасы чыга чоюлуп, бар салмагы менен мени басып калган көрүнөт. Дагы кудай сактаган экен, туурасын айтканда зор деңиздей болгон туунун дал ортосунда калып, антпесе үстүндө калып айыптуу болбой, оп тарта жаап калып, тирүүлөй көөмп... Мени болгону, калыңдыгы канчалык экендиги белгисиз кызыл кездеме гана эркиндиктен тосуп турду...

Онтолоп, күшүлдөп, жакын арадагы колум жеткен бетондун бетин карайлап сыйпалап кирдим. Чөнтөк телефонума колум урунду... Меники болучу! Мына ал, жанымда! Кандай жакшы болду! Эми мен бул акмактай, айтсам эч жан ишенбегидей ахыбалымдан тез чыгып кете аламын...

Эптеп, бар күчүмдү чогултуп, жаралуу башымды бурдум да калчылдаган колдорум менен телефонумду көзүмө жакындаттым. О, Кудай! Бу не кылганың?!. Көз алдыма айнеги сынып, тил-ооздон калып, жарабай калган телефон тартылды... Көз жашымдын канга аралашып, жаагым ылдый акканын туйдум, иттики, ушундай да каргаша болорбу. Өкүнүчтүү.

Жаным ачышып кетти...

Айлам куруп, бүт тулкумдун ооруганына карабай жабууну тарткылап көрдүм. Мени былк эттирбей, чылк жаап калган кездеме калың да, катуу да болуп чыкты, демейдеги тууларга пайдалангандай эмес. Анан эмне; бул деген мамлекеттик туу да, атайын, өзгөчө жасалган, чоңдугу... ит билеби, бир жерден окугандай болдум эле, узундугу эле 300бү, 400 бү метрдей... ошого жараша салмагы да бир нече тонна...

Анан, ошончону керип, бийиктикте көтөрүп туруучу темир жабдуулар... жогору көтөрүүчү дөңгөлөк, буроолор... ошондой окугам... дегиңкиси бирдеме болду, мамлекеттин башкы белгиси өз салмагын көтөрө албай калды...

Ошондой...

Укмушуң кур...

Ооба...

Ие. Эптеп кыбырап, туйлап жатып “мүрзөмдө” бир аз боштук жасап алдым. Кайдан да келе калдым эле, бул, карабаскыр жерге?! Эң башкысы шашпоо керек, чүпүрөк деген чүпүрөк, мейли канчалык тыкыс болсун. Темир эмес да. О, кудай, ким ойлоптур, муну ушунчалык чоң деп!..

Эптеп жатып оодарылып алдым. Анан төрт аяктап, тизеледим. Андан нары не? Канттим?.. Бул карабаскыр чүпүрөктүн кайсыл бир четинен чыгуу үчүн туш келди сойлой берүү керек. Кыйшайбай, бир багытты көздөй... Кандай амалсыздык! Келесоолук. Андан башка аргам барбы?..

Ой, жаным ай!  

И, ооба! Телефонумду унутпайын... Балким, аны оңдоп алармын...

Анан мен улам курттай жерге жабыша калып, сойлоп жөнөдүм.

Албетте төрт буттап, аябай жай, улам бир карыштан бул бүтпөс кызыл чүпүрөктүн алдынан жай “жеңип ала” бердим. Жаралуу башым менен түрткүлөп, эпке келбеген чүпүрөктү колдорум менен чоюп, тарткылап жаттым... Каракушумдун оорусу, башымдын тынбай айланып жатышынан улам бул аябай оор иш эле.

Андан да мен өзүмдү жолу болбос бир кеңкелес сезип жаттым...

Бир азга демимди басып алууга, ооруп жаткан бүт денемдин саалга болсо да  басылуусун күтүп, кайта-кайта эле тыныга бердим. Алдымдагы муздак, катуу бетонду амалсыз карап, эгер ал жумшак жер болуп калса башка бир жол табар белем деп да коём.  

Канча экенин ким билсин, бир аз кайдадыр жылгандан кийин, кайда баратканымды да биле албай эсим ооп жатып калдым. Эчтеме кылбай эле тынч жата бербейминби деп да ойлоп кеттим, күчүмдү да үнөмдөп, эртеби-кечпи, куткаруучулар же өзгөчө кырдаал боюнча кызматкерлер келип сууруп чыгышат да, эмне, мамлекеттик туу чаңда, маскара болуп кулап түшкөн сабынын жанында жайылып түбөлүккө жата бермек беле. Алардын мындай өзгөчө жагдайда чара көрүү планы деле болсо керек... Эгерде мени туунун сыртынан жакшылап караса дароо эле түшүнүшмөк, дөмпөйүп, томпоюп жаткан неменин тирүү жан экенин, анын болгону сыртка чыгууга жандалбас уруп жатканын келесоо деле билмек... 

...Ошентип, кансырап жата бердим, таңдайым ката суусап да жаттым... Суу... Суу...

Кээде жардамга чакырып, алсыз үн чыгарган болом.

Бир канча жолу кездемени тытып же тиштегилеп айрып салууга да аракеттенип көрдүм, бекер, курулай гана убара экенине тез эле көзүм жетти...

Алсырап жатып эмне менен чүпүрөктү кесип жиберсем экен деп да ойлондум... Ага жарай турган эч нерсем жок экен... Тырмагымдан бөлөк...

Антип да көрдүм: чети жок кызыл жабууну тешип же тытып жиберип сыртка чыгып кетүүгө жасаган аракеттеримден эч майнап чыкпады... Алсыздыгымдан, амалымдын жоктугунан карышкырдай улугум келди. Үнүм кардыкканча тилдендим...

Анан жардамга чакыра баштадым... Кыйкырдым... Дагы кыйкырдым...

Караңгы киргичекти...    

 

:(

 

Экинчи күн.

...Жерге жакын учуп өткөн вертолёттун дарылдагынан ойгонуп кеттим. Ооба, ал вертолёт болчу, ал, жайылып жаткан туунун дал үстүнө келип, саалга асылып тургандай болду; анан он мүнөттөй наркы-терки, үнүнө карганда ар кандай бийиктикте учуп жүрдү.

Алтургай мени ныгыра басып жаткан калың, оор кездеме да анын дилдирегинин катуу тегеренишинен кээде титиреп, желпилдеп кетип жатты. Кулак тунат. Балким ал дуулдак менин мээмдин өзүндө, ичинен чыгып жатпасын. Чын эле, ооруганынан улам болуп жүрбөсүн...

Мен албетте, вертолёттун келгенине ичимден кубанып жаттым, бир чети жиним да келди. Эмне, алар мага дароо жардам беришпейт?! Жакын жерге конуп эле... Бир чети аларды түшүнсө да болот... Жерде жайылып жаткан кездемеге кономун деп, кимдир бирөөнү, балким мени, басып калса – кызык ошондо болбойбу! Жок, алар эмне кылып жатышканын жакшы билишет, түшүнүшөт, мага башкача жол менен жардам беришет... 

Алыстап бара жаткан доошту угуп туруп, ошентип ойлодум.

Кийинки сааттарда, кезектеги дарылдактарды уккан сайын ошентип ойлоп жаттым... Бул күнү учуулар көп болду. Алар туунун үстүнөн, капталынан, узун-туурасынан нары-бери айланып учуп, изилдеп жатышкандай. Бирок, андан нары эч кандай аракет болгон жок.

“Туристтер!” – тумандаган мээме ушундай ой келе калып, сенейтти. – Алар сүрөткө тартып алышсын деп туристтерди ташып жүрүшөт. Эмне, мамлекеттик туу күнүгө эле кулап түшүп, жерде жайылып жатыптырбы... Муну тарыхта калтыруу керек... Урпактар үчүн...”

“Менчи, мен кантемин?”

Мен деңдароо болуп, эсимди жыя албай, жаагымдан ылдый аккан көз жашымды аарчып коюп, кыжалатка батып чалкамдан жата бердим. Оорум басылбай, жарылып кетчүдөй болуп башым дүңгүрөп, көздөрүм да карайлап көрбөй баштады. Чынын айтканда көрө турган деле эч нерсе жок болчу. Ошентсе да, айланамдын баары кадыресе, ошол эле кезде кайрымсыз жана тажатма кыпкызыл болчу...

Уламдан улам, эптеп алга жыла бергенимди токтотподум, бир жерден чыгармын дедим, бирок бара-бара бир эле жерди тегеренип жүрөт окшоймун деген көңүл чөктүргөн ойдон арыла албай койдум. Кездеменин кан сымал жексур кызылынан бөлөк эч нерсе көрүнбөйт. Жиниме тийген да ошол. Бир чети мени чыйралткан да ошол болду.

“Биздин туубуз үч түстүү, – деп ойлонуп жаттым, – Үчилтик. Анда кызылдан башка дагы көк жана ак түстөрү бар. Демек, эгерде мен көккө же ак жерине эптеп жетсем, анда менин түз, туура багытта баратканым болот, бир четин көздөй... Ошентип, эртеби, кечпи бу карабаскыр кездеменин четине чыгамын...”

“Сойлой бергин, балакай, – өзүмдү өзүм келекелеп, кубаттаган болом. – Алга, эркиндикке!..”

Суусаганым, каным ката суусаганым алга шыкактап жатты. Тамагым кургап, ооруп, шилекейимди жута албай калдым. Алга сойлогон сайын мээмде суу! суу! суу! деген гана ойлор турду. Анүстүнө чүпүрөктүн алдына аба кирип-чыкпай, ысык, үп болчу. Алгач көл-шал тердегеним да басылып калды, денемде суу калбай калды көрүнөт. Дагы эле суу! Эсим ооп, бетонго жатып, айлам кеткенде аны бир нече жолу жалап да көрдүм – анын муздагынан суусунум басылып калар дегеним эле. Түшүнүктүү да, ал эч жардам бербеди, тек, оозум чаң менен чалчыкка толуп, тилим ого бетер колжоюп калды... Чарчап, амалсыз кулап жаттым, онтолоп да коём. Сыртта үнүм угулбайт көрүнөт, кечээки, жанараактагы кыйкырып, өкүргөнүмдөн эч майнап чыкпады. Кир, чаңдуу колдорум менен каракушумдагы карттанып калган жаратымды, дегеле башымды бир сыйра сыйпалап, текшерип чыктым. Аман көрүнөт... Анан бар   күчүмдү үрөп төрт аяктап алдым да кайрадан алга сойлоп кирдим, алга, алга...

Туш келди, башым оогон тарапка эле сойлой бердим, төрт чарчы бетондорду санаган болом, алардын деле чеги жоктой... Жүз отуз эки... миң... Бир миң бир жүз отуз төрт... же отуз бешпи?.. Эсебимен жаңылып калып кайра баштан санап кирем, дагы кайра баштан, жаңыдан... Мейли, мунусун нөл деп коёюн,— деп ойлойм,— Же миң десемби, миңдейди өттүм го? Кайра башынан эсептейин... Дагы... Кайра башынан...

Кызыл. Айланамдын баары кызыл.

Деги качан көк болот деги?..

Суусаганым ай!..

 

 :(

 

...Үчүнчү күн...

...Же төртүнчүбү?..

Билбейм... билбейм... ит билеби...

Сойлоп баратам. Дагы эле кандай кызылжаян. Белгисиздикке. Алым калбай калды. Эмне кылып жатканыма акылым жетпейт. Жөн эле сойлоп баратам – анткени ал бу тапта жашоомдун негизги максаты болуп калган.

Көбүнесе тыныгып жаталактай баштадым... Бир кезде биротоло эсим ооп, ырп эте албай бетондо кулап жаттым. Анын ар бир кыры, быдыры денеме кайрымсыз өтүп барат. Жөөлүй баштадым көрүнөт. Тынбай онтолойм. Кыңкыстайм. Муздак көлдү, анан ысык сууга кирингенимди эстейм. Күнгө чагылыша чачыраган тамчылар. Муздак пиво. Анан жамгыр...

Жамгырдын тамчыларына оозумду тосуп жаткансыймын... Экиленем. Шарылдап аккан суунун алдында наркы-терки чуркайм. Жылаңайлак. Көлчүктөрдү кечем. Анан айгайлайм. Үнүм шаңдуу: “Эркиндик! Эркиндик! Ур-р-а!..”

Кыйкырык. Менин үнүм. Амалы куруган кыйкырык... Туунун алдында...

Ие...

...Кызык, сенин жоголушуңду каалаганда – ушундай, азыркы мен жаткандай  жерди айтышса керек?..

 ...Бир топ сааттардан кийин жер алдындагы суу түтүгүнө түшө турган  капкакка туш келдим. Бул, мен үчүн, нечен күн катуу бетондун үстүндө каңгып, адашып жүргөн кишиге – чоң окуя болчу! Ал капкакты көрө сала кубанганымдан тим эле жетине албай, эчкире ыйлап жибердим. Эми азаптарымдын баары бүттү, алардан биротоло арылдым деп ойлой койдум. Бирок, ал капкакты эми айласын таап ачуум керек эле. Ошондо гана жер алдындагы зым-түтүктүрдүн жолуна түшүүгө болот.

Манжаларым тытылып, тырмактарым сынып жатты... Оор темир капкакты дениң сак, курсагың ток, анан албетте эки бутуңда турсаң ача салуу оңой эле дечи. Бирок мен канымды көп жоготуп, алым кетип калган эле... Капкакты жаткан жайынан козгоого эле жарым сааттан ашык убактым, тоодой күчүм кетти, анын алдын көрүүгө мүмкүн болгудай нарыраак жылдырып салууга дагы ошончолук машакат тарттым.

Алдын карадым. Эч нерсе көрүнбөйт. Капкараңгы. Бул, туунун алдында ачык күндө деле күүгүмдөнүп, кандай кочкулданып турчу да. Саал демимди басып, күчүмдү жыйып туруп чуңкурга боюмду таштадым. Не болсо ошол болсун...

Темир тепкич менен кулагандай эле болдум, жайбаракат түшүү кайда... Мүшөктөй эле күп эттим. Тиземди, чыканактарымды катуу оорутуп алдым. Эсимди жыйганча кыйлага жатууга туура келлди..

...Мына. Баарынан да бул, бой түздөөгө мүмкүн болгон менен тар, кысылган аң-кепеде бутка туруу кыйын болду. Менимче, түз, бойго тургандан жатыркап калсам керек. Бул, кысылган жер кепеде кыйма-чийме түтүктөр толтура экен, алардын бир буроосунан суу тамчылагансыйт. Мен аны каалашымча жалап-жуктап алдым да, чайпалып, темселеп жертөлөнүн туюк, түбүн карай жөнөдүм.

Басуу оор болду... Бутум тил албай, көздөрүм тумандап, бири – эки-үч болуп көрүнүп жатты... Көзүмдөн чаар чымын учуп, чыбырчыктайт...

Бир канча бурулуштардан соң анча чоң эмес, карайган жайга туш келдим, анда үңкүйүп үч караан олтурушуптур: далылуу эркек, жүдөгөн катын менен мектеп курагындагы балакай. Алар мага кайдыгер карашса да, азаптуу көз караштарынан төбө чачым тик тургудай ичиркенип кеттим.     

– Бул жерде эмнеге олтурасыңар?.. – дедим да, кирилдеген, чоочун үнүмдөн өзүм чочуп еттим; бул менин бир нече күндөн берки биринчи сөздөрүм болчу. 

– Куру бекер...— эркек үн катты, – Бул жерден эч качан чыга албайбыз... Жакшы эле аракет кылдык... Бардык жерде бул туу... Анын чеги жок... Кутала албайбыз...

Аялы аны колдоп, башын ийкегилеп жатты, баласы аңылдап ыйлап жиберди.

– Бирок... Биз бирге бассак, качандыр бир кезде, бир жерден чыгабыз да... Жок дегенде дагы бир капкактан, – мен аларды ишендирүүгө аракеттенип жаттым, кантип экенин да божурап жибердим, бирок аным ишенимсиз болуп калды көрүнөт.

– Өзүңөр бара бергиле... – эркектин кейпи аянычтуу эле. – Балким силер чыгып кетээрсиңер... Биз болсок баарын жасап көрдүк... Канчалаган капкактарды көрбөдүк... Бардык жерде ушул туу. Туу... Туу... Тагдыр буюрса бизди кимдир бирөөлөр ушул жерден таап алышар. Биз жөн гана күтө беребиз. Күнүбүз бүткөнгө чейин...

Мен алардын жанында бир азга аярлап туруп калдым, бирок алардын көңүлүн жубатар бир да сөз таба албадым. Бул жерде тура берүүнүн кажетсиздигин түшүнүп, мен теңселе басып туш келди алдыга, же арткабы кете бердим. Мен ошол кезде роботко да, арбакка да окшош элем. Эч нерсени ойлобостон кете бердим, анткени мээм ой токтоодон калган эле, ал – тыным албай ооруу үчүн эле керектүүдөй.

Кете бердим, каяккадыр кете бердим... Ал канчага созулду – белгисиз. Бул, жер алдында убакыт деген жок, ал – өлгөн, бардыгы өткөн чакта – кызыл туулуу байгерлик доордо кала берген. Кээде мен дубалга такалып, кай бирде Түштүк уюлдагы алгачкы саякатчылар сыңары кат-кат сууктан коргоочу кийимге оронуп, чулгангандай жоон темир түтүктөр кабаттала жолумду тосуп жатышты.

Бети сыйрылган дубалга жабыштырылган электр зымдарын, алардын кез-кез учкун чачкан такталарын да көрдүм, алардан түркүн түстүү ничке зымдардын түйүндөрү туш-тушка таркап кетип жатты. Анан дагы амалдын куруганын көрдүм, албетте өзүмдөн, каякка алып барары белгисиз, баш адаштырган жертөлөлөрдө жексур өлүм жакындап келгендей, кызылжаяндан кутула тургандай эмесмин...

...Акырында ырп этерге алым калбай, баса албай калдым... Бурчтардын бирине барып тыгылып алдым да, тынчтыкты тыңшап олтура кеттим, мээмдеги түмөн-түркүн элестерден башка эч нерсе аны бөлгөн жок. Суусаганым да, ачкалыгым да билинбей калды, сезим жоголду – ичимде башымдан башталып, жанга баткан оорудан жана каяккадыр жашынып алган жүрөгүмдөн башка эч нерсе калбай калгандай. 

Соңкусубу, же анын алдындагыбы, көз караш менен жертөлөнүн шыбындагы торду байкай койдум, анын артында сыртка чыкчу тешик бар сымал. Эчтемеге ишенбей калган жаным, эптеп ордумдан турдум, кантип турдум экен?! Анан бүгүлбөй, сундуюп калган буттарымды шилтеген болуп, көз көнүп калган караңгылыкта карайган торду, тешикти көздөй бастым.

Өмүргө тете убакытта эптеп көтөрүлдүм... Алсыз колдорум менен шыптагы темир капканы түрттүм, ал ачылып, сыртка моюн создум... Бет алдымда кызыл эмес, көк түс баарын чулгап туруптур. Демек, мен туунун алдында, андан биротоло чыга албасам да бир кыйла аралыкты өткөн экемин. Үмүтүм суу сепкендей өчө түштү...

Мен белиме чейин тешиктен суурулуп чыктым да, анын кырына артыла жатып алып ыйлап жаттым. Алым ошого гана жетти. Баарын, баарын – тууну үзгөн шамалды, чоңдугунан ал катталган Гиннестин китебин, дегеле бүтүндөй дүйнөнү, анын башкача эмес, дал ушундай түзүлүшүн, балалык баёолук менен боорукердикке орун калбаган кургуюн жектеп жаттым.

Тешиктен сойлоп чыгып, бетондо кулап жаттым, эми көк түскө боёлуп калган айлананы бүтүндөй көз жашыма чылап салгансыдым... Артымда калтырган жакшылыктарым менен коштошуп, алдыдагы көк түскө боёлгон кездешүүлөргө даярдана баштадым, кандайлыгына карабастан дегеле туу аттуудан коркуум жоголду. Ааламды аралай учуп, дилимдеги “Эмки аялдама – жүрөгүңдүн токтоосу...” деген салтанаттуу жарыяны кайрадан угуп жаттым.    

 

:( :( :(

 

Ал, жерде, колу-буттарын жая таштап, ачык жер өтмөктүн оозунун жанында жатты, анын жансыз көздөрү бийиктикке, түпсүз асманга тигилген. Көкмөк асман болсо тиктешмей ойноп жаткансып ага жооп кыла тигиле карайт, бул акыры жок оюнда кимиси жеңгенин бир кудай билет...

 

Которгон Айдарбек Сарманбетов

 


Количество просмотров: 1583