Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Сарманбетов А.И., 2015. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2015-жылдын 29-декабры

Айдарбек Имангазиевич САРМАНБЕТОВ

Жаза же Азаптуу ашыглыктын эзелки ыры

(аңгеме)

 

Аңгемеде кыргыз элинин кылымдап жашап келишине негиз болгон байыркы каада-салты, анын көсөмдүгү менен бирге аёосуз, катаалдыгы акын жигит менен ажонун кызынын армандуу махабаты аркылуу көркөм жана чебер баяндалат.

 

Таштак, сейрек бадалдардан башка көк өспөгөн бозоргон кууш, таштак капчыгай. Анын түбүн жыландай соёлоп аккан өзөндүн четиндеги кашка булакты тегеректеп өскөн топ дарактуу мазар. Анын дал ортосунда  чөккөн төөдөй өчөйгөн көк таштын алдынан жан кейите алсыз онтогон бир пенденин үнү улам угулуп жатты. Кечээтен бери онтолойт, бүгүн күн куптан болду. Жума айланса да бул ээн жерден анын кетейин, эл арасына эптеп кошулайын деген ниети билинбеди бу, куу сакал арык чалдын. Жаңы келгенинде кыбырап, очок түтөтүп, булактын карандай суусуна талкан чалып ичимиш этип жүрдү эле, үч күн болду, ордунан турбай, таш көлөкөсүн пааналап, таш жазданып  жатканы жаткан. Эмне, жаназыгы түгөнгөнбү бу шордуунун, же... Ага караан, жөлөк болор кыбыр эткен жан да жок жанында. Бу, жакынкы конуштагы адам аттуулар эки күндүк катуу ат жүрүш менен жол арытып араң келчү мазарды башпаанек кылган ким? Калжайган карт дарактарынын көбү куурап калган бу мазарды пааналап жүрчү көк түрк дербиш чалдын көзү өткөнүнө көп болгон. Андан бери мазар менен андагы кепе аңгырап бош болчу. Таш дубалдап, үстү камыш менен жабылган төрт тарабы эки кезден, киши боюлук кепе да небак урап, чириген устундары, саргайган камыштары чачылып жатат.  Күз болсо келип калды, түнкүсүн суук. Капчыгай эмеспи, күн деле жарытып узак тийбей, күндүзү деле жылытып жарытпайт. Бу чалдын жок дегенде эски кепени оңдоп-түздөп алайын деген дарамет-деми деле байкалган жок. Демек, бу жерди кыштоого анын ойу да жок. Анын жашоодон кечип, ушул жерде өлөйүн дегени го. Андай арман, сырын ким билмек. Атайылап эле суудан башка оозуна наар албай, ажалын шаштырып жаткансыйт. Неге? Башына анчалык кандай каран түн түштү экен? Баарыдан да моюнуна асып алган эски, кырк жамаачылуу куржуну сырдуу. Басса бултактап, эңкейсе кошо жерге салаңдап  жолтоо болуп, канчалык тажатып бүткөн менен томпойгон анысын эч чечпейт. Анткени анда тун баласынын башы бар!..

 О, арман! Жазымышыңа жазып койсо ачуу тагдырыңды армандап моюндагандан бөлөккө чараң жок тура, пендем! Болгондо да өзүңдүн күнөөң үчүн эмес, өз кан-жаныңдан жаралган жанбирге жаш балаңдын билип-билбей жасаган жаңылыштыгынын жазасынан улам шылый чабылган алмадай башын моюнуңа артып жүрүүдөн да ашкан азап, оор жүк барбы, атага?! Элинин ыйгарган катуу жазасы ошо болсо айласы канча?! Калган балдарың, кийинки тукумдарың, алардын амандыгы, эли алдында жүзүнүн жарыктыгы үчүн ал жазага да кайыл болуп, көтөрөт турбайсыңбы амалсыз...

Бу, байкуш мусапырдын улуу баласы Урум башынан эле шок чыккан. Эрте торолуп, башка курбуларынан огеле тың, зирек, ашкере жылдыздуу да эмес беле. Улуулар менен тез эле ымалашып, алар да анын угуттуу акылгөйлүгүнө, шаптай өткүрлүгүнө карап катарына эрте кошуп, онго келгенине карабай ордо аттырып, азоолорго мингизип, өзү жамактап алган ырларын эрмектей ырдатып, он бешке жете элегинде жылкы тиймейге кошо алып... “бала баатырыбыз” дешип мактап-жактап, өз балдарына үлгү кылып... акыры-түбү ушул болду... жыйырмага жетпей башы кыя чабылып, атасынын моюнуна илинди! Элдин ынатып, көкөлөткөнү да, жерге жикире жектегени да бир паста экен го. Айкөлдүгү менен ажалдуу каарын эриш-аркак алып жүрөт тура. Мурдагы мыктылыгыңды бир заматта эсинен чыгарып, билип-билбей адашканыңда а-буга келтирбей туруп бир шилтем менен баарын кыйып салат турбайбы. Кыргыздын кыйындыгыбы, же кыйдылыгыбы, ким билсин, элдин элдигин сактоо үчүн ушундай мерес кырстык керек окшобойбу. Мындай катуу тартип болбосо четинен бытырап, чилдей тарап кетүү бир  заматта экендигин ааламдагы алтымыш элди чапкан Адылхандын хандыгынан, андан нары, эзелтеден бу дүйнөнүн уюткусубуз деп келген күн тукуму менен узун элдин жылан соргондой жер үстүнөн жок болуусу, кечээги эле, учу-кыйырсыз талаага кумурскадай  батпаган кыргыздын бир канаты болгон кыпчактардын таруудай чачырап жок кеткенинен даана көрүнбөдүбү. Элдин каада-салты заң-закүндүн уюткусу болуусу, атургай андан да бийик туруусу керек экен. Антпесе эки эссиздин айынан тууган-урук чабышып, элдин биримдиги четинен кемип отуруп, суу жеген жардай бир мезгилде урап түшөт турбайбы. Андай элдин шору! Ата салтынан айрылдыңбы, жер бетинен жоголдуң! Ал – ар бир пендесине ыйык, улуу-кичүүлөр туусундай тутунуп турбаса адамдыгынан айрылып, акырында улут  жоголуп, жер бетинен ың-жыңсыз куруп кетери карт тарыхта арбын айтылып келет. Бабалар салтын көз карегиндей, өз жүрөгүндөй ыйык сактай алган улут гана заман кууп, тукум улап жашап кете алат тура. Элдин каада-салты – дөөлөт, келечегинин ачкычы  экен го!

...Көпчүлүк көзүнө эрте көрүнүп, оозуна эрте алынган Урум да жаштык кылды, пенделик кылды. Өз кара башынын арбайына алдырып, билип туруп эле салтты бузду. Бу махабат дегениң акылыңдан айнытып, көөдөнүңдү да, көзүңдү да көр кылып коёт турбайбы! Анын улуулугу да ошондо белем, чиркин!

Кичи токолунан уулдуу болгонунун урматына Ажо узун элдин учуна, кыйла элдин кыйырына дегидей чоң той берди. Алыс-жакын хандар, элчилер, даңазалуу баатырлар, атагы алыска таркаган олуялар менен акындар... той кызыгына куштар карапайым эл мол келишти. Кудай бетин көрсөтпөсүн! Жүздөгөн бозүйлөр тигилип, көк жайыкты айланта курчаган бөксөнүн бети кара чымындай каптаган кишилерге толуп чыкты.

Четтеги, токолдун бозүйүндө кадырлуу катын-калачтар чогулуп, ажонун каадалуу байбичеси кыбыраган кызыл эт наристени тырбалаңдата сол колуна алып, оң колуна арча түтөтүп, оңдон солго арчаны бешиктин үстүнөн тегеретти:

– Алас, алас,
    Ар балээден калас!
    Ата-бабаңдын арбактары колдосун.
    Башыңа бак берсин,
    Суудай узун өмүр берсин,
    Ата-бабаларыңдын улуу жолун жолдогон,
    Учукту улаган,
    Кастардан калкалаган –
    Элиңдин эр жигити болгун...

– деп тынбай божурап, баланы ак орончуга аяр жаткырып, жетине албай  арча бешикке бөлөп жатты. Байбиче баарыга – баш: элге да, токолдорго, алардын балдарына да байбиче, камбыл, күйүмдүү. Элдин салты эзелтен ошондой. Катын-калач ак элечек ал байбичеге кошулуп жаңы көз балакайды ак ниеттен жабыла алкап жатышты. Бешик той шааниси ошентип өз салтанаты, өз каадасы менен бапырап өтүп жатты...  

Ошол тойдо Ажонун он үчкө келип, суудай суйсала басып, өңү айдай, көздөрү карагаттай, кылыктана караса карегинен жылдыздар чачыраган Урбү аттуу көрөр көз кызы курбулары менен жаштардын сармерден оюнуна  келип, кошулуп калат. Арыкчырай, кымча бел канбикенин оң ууртундагы жылан көзүндөй кара калы Жараткандын ага ыроологон ашкере сулуулугунун мөөрү сымал, ажарын оготөтөн ачып, кумар чача өзүнө арбайт. Ушундай да сулуулук болорбу! Урум үр сымал Үрбүнү көрөр замат акылынан адашкыча арзытып калды. Жандүйнөсүн чагылган чарпып, өзүн да, өлөрүн да унутту. Төтөн, жанындагы курбусуна жүз бурумуш эте саал эңкейип, шумкардай сымбаты да, шартылдаган чечендиги да өзгөчөлөнгөн Урумга бийкеч жалжылдаган көздөрү менен кеп такыясынын четинен ыната көз чаргытып өткөндө боз уландын алдынан жер көчүп, эс-акылынан айрылды! Андайда акын акыл тегеретип турмакпы, ошол эле жерден: кыздын көздөрүн тирүүлүк чачкан ысык күнгө, кубакай муңдуу жүзүн түнкү асманда жаркыган Айга теңеп, Үрбүнү жанда жок периштеби, же үр кызыбы деп таңдайынан тамшанып, бир туруп кулпурган гүлгө, эзели сымбатынан кайтпас ак кайыңга салыштыра шаңкылдап ырдап сала берди. Антпесе эмнеси акын! Мурда анын жазда кирген албуут дайрадай мынчалык алакачма төкмөлүгү, өлүмдү да көзгө илгис курчтугу анчейин байкалган эмес эле. Ашыктык – акынга тоодой жүрөк берип, булбулдай тил бүтүрүп, торгойдой оболотуп коёт окшобойбу.

Көзүңдө Күндүн отубу сулуу?
    Көрүнөт Айдын шоокуму сулуу.
    Суйсала бассаң суу сымал пери,
    Суктанбай кантип турамын пери.
    Үркөрдөн түшкөн үрсүңбү бийкеч
    Үмүтүм актаар сенсиңби бийкеч,

– деп узакка созуп келип: 

Баркыңды атаң билерби селки,
    Бакабаш эрге бербейби селки?
    Атыңа затың жарашып жаным
    Акындын жары болсоңчу жаным...

Урум таңкы булбулдай таңшып, торгойдой безеп ырдап жатты. Дегеле басылчыдай эмес. Жандүйнөсү жалбырттап, аруулукка алдырып, самаган чын ашыгын айныбай тапканына өзүнө өзү батпай эргип турду. Кызыл-тазыл ажайып кийинип, мончок-седептери өздөрүнүн наз үнүндөй жылаажын арбоого алып, шыңгырлаган кыз-келиндер кылыктана улам жалт карап, жоро-жолдоштору жер жара сүрөөнгө алып турганда ырдабас акын, чыдай турган Урум барбы?! Андан да Үрбү кыздын таамай аткан жебедей көз кыйыгынан улам күлө, ыната карашы жүрөгүн биротоло жаралап салды! Бозуландын акындыгы тосмосун бузган тоо суусундай удургуду да, кетти... о, жалындуу жаштык!

Капырай, бу “тең – теңи менен...” деген аталардын накылын такыр эле унутуп калганбы? Бу неси? Чор тамандын уулунун минтип эзели тең келгис Ажонун көрөр көзүнө көпчүлүк алдында сук артып, апсисин агытып, арзуусун ачык айтып туруусу ченде жок осолдук эмеспи! Анысы улук Ажону дос-душмандары менен букаралары алдында көз көрүнөө элес албай, ыйык башынан аттагандай эле жолдо жок жосун болучу. Акындын жалын жүрөк эрдиги да эле! Ашыктыктын айынан көзү байланып, акыл-эсине Үрбүсүнөн, анын арбалуу көзүнөн бөлөк эч нерсе кирбей, өз атын да унуткан жаш акын ал арзытканы Ажонун жалгыз көз кызы экенин кайдан билмек, катыгүн! Анын бу арзуу ырын обочодо олтурушкан Ажо да, айланасындагылары да атайын жасаган аскиясы деп билишти. Эми болору болуп калды, аттиң. Акыл калчаган улуулар түгүл, от тегеректей отуруп, үлпөт кызыгына батышкан  жаштар да эми эмине болучу деп кооптуу элтейишти. Урумдун өлүмдү да элес алып койбой чындап өзүнө ашык болгонун туйган кыздын да жүрөгү болк этип, ичтейинен ынатканы менен эл көзүнө чыдап тура албай уялып, кыз каадасын кыла ордунан кылак эте тура жөнөдү. Оң-солундагы жеңе, курбусу артынан кошо кетти. Сармерден бузулду.

Балакатынан эле кыздын башын байлап койгон болочок күйөө бала мындай маскарага чыдай албай жулуна кылыч суурду. Намысынан өрттөнгөн андан да акыл качкан болчу. Кызыл кымкап кийип, текеберленген анын увазирдин туну экенин баары билчү. Андай мыкчыгердин жары анан ким болмок, Ажонун ай кызынан бөлөк. Аталарынын бел куда болгондугу эл арасында небактан аңыз болуп айтылып келет. Ошондо гана Урум опаасыз жосун жасап алганын туя салды. Туйган менен эми айласы канча, болору болуп, боёосу канган соң. Анан калса Урум балакатынан эле кайра артка кайтчулардан, айткан сөзүн артына алчулардан эмес эле. Антип акыйкатты ачык айта албаса анын акындыгы, адамдыгы кайсы?! Жигиттиги канча! Комузунан башка куралы жок Урум ошенткен менен жеңил баа күйөө баланын күйпөктөгөн акыл тайкылыгын, ашыктыктын ак кадырын билбес алакөөдөктүгүн, андай өзүмчүлдүгү менен арзытканын ак дилинен кадырлай албастыгын саймедиреп, кайран кыздын жалын жүрөгү бу жалганда тирүүлөй өлүп, өксүп өтөөрүн безеп шаңкылдай берди.

Ашыктык баркын сүйгөндөр билер,
    Жүрөксүз пенде каяктан билер.
    Акылдын баркын акылман билер.
    Акмактар аны каяктан билер.
    Ак таңдын баркын булбулдар билер,
    Каргалар аны каяктан билер.
    Асмандан баркын учкандар билер,
    Көрсокур аны каяктан билер...

Көпчүлүктүн көөнү акындын акылгөй сөздөрүн жандилинен ынатып турду. Анын ак таңдай акындыгын, курч жүрөгү менен андан өткүр сөздөрүн, үч кылдуу комуздун албарс кылычтан кыйла зор күчүн дагы бир мертебе суктана баалап олтурушту. Бу, эзелтен келаткан элдик жосун. Күйөө баланы туш-тушунан жаалап, тез эле ийине келтиришти,  акынды тыюуга эч кимисинин оозу барып, батынган жок.  Сөздүн касиети, кубат-күчү ченде жок белем! Ага каршы, тете келер курал жок окшобойбу.

Бир гана Ажо кечире албады. Каяктагы бир томаяктын алыс-жакын дос-душмандардын, миң сан бурадарларынын көзүнчө башынан аттап, болочок куда-сөөктөрүнүн алдында намысын сындырганын кантип кечирмек! Оозунан эне сүтү кете элек обужок бир бала ай чапчыган ажосун көзгө илбей, небактан сөйкө салынып, мына-мына кайын-журтуна узайт деп турган кызына кадырың атаң билерби, же бакабаш бирөөгө береби, биле албаса колума кончу шумкар болуп, аздектеп-сыйлап алайын,  деп эл көзүнчө канкакшап жатса ажолугу кайсы?! Шерменде болбодубу! Эми укум-тукумуна чейин кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болду! Өлбөгөн төрт шыйрагы калбадыбы!

Ажонун намысы шакардай кайнап, каны башына тепти. Чаначтай чыңалып, жарыла жаздап туттукту. Ошентсе да көпчүлүк алдында акындын оозун басып, чымындай жанын чыгарып коюуга батынбады. Атпай элдин ал тарапта экени ачык көрүнүп турбайбы. Эзелтеден ошондой. Акынына жан тартканы тарткан. Акындар элинин чындыгы, улуу сөзү, керек болсо жаны дагы делет.

Ажо тойдун соңуна дейре үн катпай, үңкүйө жер тиктеп, түндөй түнөрүп амалсыз олтуруп берди.

Эртеси таң эртеде Ажонун алгыр жигиттери ат ойнотуп келишти да, аларды күтүп кам турган Урумду ата-энесинин көзүнчө көк бөрүгө алып, жер четине алпарып таштап кетишти. Кайрылып келбегин, непада келе турган болсоң ажалың ажодон деп катуу эскертишти. Урум арзытканынан түбөлүк айрылганын туйду. Эми эл-жериңе бардың дегиче салт бузар аталып, өзү менен ата-энеси, эки иниси тең кулдукка кетет. Агаин-туугандарына бузукунун журту деген сөлтүк сөз тийип, эл катарынан чыгарылат, укум-тукуму эзели жууй алгыс кинеге калып алыскы чекке кайрылгыс болуп айдалат. Ата-бабалардан келаткан салт ошондой.

Кургур Урум ачуу армандап, жашоодогу жакшылыктан үмүтүн үздү. Калпыс тагдырына амалсыз моюн сунду. Ошентсе да үмүт чиркин үзүк жип сыңары биротоло үзүлүп калбайт тура, узун сабак ырларында армандуу арзуусун саймедиреп ырдап, жалгыз гана ошондон каниет алды. Кыялында, ырларында махабаты менен бирге жашады. Коңшу шибелердин жерин кезип, той-топурларында ачуу арманын какшана ырдап, эч бир жерге байырлабай акын-дербиш аталды. Көп өтпөй ал коңшу элдин атактуу да, эң сыйлуу да акынына айланды. Анын ашыглык ырларын жалындуу жаштар жалпы ырдашса, акыл-насааттарын карыялар нускалуу кеп, угуттуу сабак кылып топ-жыйында айтып калышты. Атургай эл башкарган төбөлдөр да бири-бирине өрнөк сөз кылып маселдетип айта турган болушту. Арманы күчтөн, айтканы  күчтүү акын жаралат белем! Уңгулуу сөз, угуттуу ырларынан улам Урум өз элинен куулган менен өзгө элдин өз акынына айланды. Атагы алыска кетти. Бара-бара кылымдарды карыткан кыргызына да жетти. Ырлары элдик аталып ырдала берди.

Ошенткен менен боор эти бир эли-жерине, Теңиринен кийинки ыйык санаган ата-энесине кайрылып бара албады, кусаланып камыкты, сары санаага батты. Тагдырың тайкы болсо чоочун элден көргөн сый-урматыңдын кадыры түккө турбайт тура! Өзгө элдин султаны болгуча, өз элиңдин ултаны бол деген ошол да. Шондо да элдик эзелки салт-санааны буздум, чекилик жосун кылдым деп бир кейип, убайым тартып койгон жок. Чын ашыгын тапканына, көкүрөгүн жанар тоодой тээп чыккан арзуусун ачык айтканына неге өкүнмөк.  От сезимдин куюну баарынан күчтүү белем, бет келгенин өрттөгөн! Тек, арзытканын кайрылып бир көрүп алсам деген гана арман-тилеги аны өлүмдөн арачалап келди. Акыры ал күн да келди...

Жер жарылып, үч ирет көктөп, дагы ошончо мезгил саргарып, куураганы бир көз ирмемдей көрүнбөдү. Шибелердин каганы бийликти атасынан алгандыгынын бир мүчөлдүгүн белгилеп чоң той берип калды. Коңшуларынын бирин койбой, алыс-жакын ымалаш журт башыларын тоюна түгөл чакырды. Акын Урум ак кементайын желбегей жамынып, комузун колуна ала сайратып, атактуу меймандарды утурлай чыгып, сөз удургутуп мактоо-жактоого алып, кези келсе той шартын бузбай сыйда чымчылай кетип, жаш болсо да маштыгына карата тойдун башкы акыны болуп жүрдү. Аны мурдатан угуп-билгендери ак таңдай акындыгына дагы бир мерте тамшанышса, алгач көргөндөрү ат үстүндөгү ак шумкардай алгыр келбет-сымбатына, ага тете сөз берметин шурудай тизген ченде жок чебер-талантына шыпшына таң берип жатышты. Ал каякка ат башын бурса атпай журттун башы да ошол тарапка түгөл бурулуп, баарын өзүнө арбап алган сымал. Акындардын акынын өзүнө байырлатып алганына маашырланган хан сөөлөт күтө куштарланып төрдө чалкаят. Антпегенде не, бар байлыгы көзгө илинбей, торгойдой  акын баарын басып турса...

Бир маалда той башы:

– Кыргыздар келатат! Кана, кандаштарыңды таң калтырып каршы алчы,– деп калды капыстан.

Акындын жүрөгү болк этти. Ушул ургаалдан жүрөксүп жүргөнүнө көп болгон. Калган меймандар сыңары кыргыз ажосу да тойго бүтүндөй бүлөсү, жек-жааттары менен келмеги турулуу болчу. Же алда неден сактанып кыз-кыркынын ээрчитпей келээр бекен деп узун  убайга батып жүргөн. Анын бул жакта баш калкалап жүргөнүнөн небак кабары бар да. Непаада, эссиз акын дагы бир ойдо жок жорукту баштап жиберип, дагы бир шермендем чыгып калбагай эле деп жүрөксүп, көрөр көз кызын калтырып келсечи? Балким, болору болуп, боёсу канып бүттү, арадан нечен жыл өттү деген ажо кызымды деги күйөөгө узаттым, жат жерде тентип жүрүп жүрөгү өлгөн неме эми канчалык кара тилдүү ырчы болсо да мага каяктан батына коймок эле деп таназар албай кызын күйөөсү менен ээрчите келер деген ой да баккан. Кыязы, ошондой опаасыз ойго алдырган көрүнөт ажо. Алыстан эле ат үстүндө ак куудай созулган арзытканын көрө салды Урум. Өңүндө да, түшүндө да дилине жат болуп калган караан ат үстүндө улам жакындап келет! Жүрөгү катуу булкуп, сезимине дүрт эте от кетти! Арзуусу да, арманы да бир заматта кайнап чыкты. Үрбү да албуут акынын эстеп, журт ичинен сыйда издеп келаткандай көрүндү. Анын аруу жүзү көп арасынан айра көрүнө баштаганда акындын каны арзытканын алгач көргөн күндөй  дүргүп, акылынан адашты. Арзуусу артып, ага армандуу сагынычы, кусалыгы кошулуп баштагысынан алда канча эселей артып калган экен, сезимдери ээ-жаа бербей, тосмосун бузган тоо дайрасы сымал удургуп акты да кетти. Алгач сыпаалыктан кетпей алдынан тосо чыгып, Ажосуна учкай салам айткан болуп, кызына өттү да токтоно албай калды. Ташкындаган таланты, оргуп-кайнаган махабаты, көргөн запкысы менен кусалык, сагынычына жуурулушкан сезимдери ага баш ийбей азоодой алакачып  кетти. Жыйырманы таяп жалындап, албарс кылычтай шилтенген жагын шылый чаап турган курактагы жаш акын:

Кыргыйдай кыраан кыргыздын,
    Ажосу аман келдиңби?
    Кеменгер кыргыз элимди
    Кемтесиз баштап келдиңби?..

– деп келди да, көп өтпөй эле эзелки өчүн алып, өз өкчөсүнө өтүп кетти:

Парманы менен Теңирдин
    Пашаасы болдуң сездиңби?
    Паралап берип баарысын
    Парчалап саттың жериңди.
    Парванасы акындын
    Мени кошо жедиңби?
    Азабын тартпай элиңдин
    Атагын алып семирдиң.
    Алмустактан келаткан
    Абийирин саттың элиңдин.
    Алганды алдың, бердиңби?
    Акыры дүйнө жеттиңби?
    Адамдын баркын билдиңби?
    Арзуунун күчүн билдиңби?
    Алмалуу бакта сайраган
    Ашыгым алакелдиңби?
    Алтынга саткан кызыңдын
    Арманын артып келдиңби?..

– деп, ырларын шатырата жамгырдай сабап, торгойдой тилин безеп кирди. Өзүн – Теңирдин парманы менен ажо болуп жаралып калган жырткычка жедирген таңкы торгойго, арзытканын – алтын капаска камалган армандуу булбулга теңеп, андан ашкан арман-азаптын болбостугун, акылы бөксө, көзү туюк билгинин айынан жаштайынан бейкүнөө тагдырларынын талкаланганын, ата-бабалары мурастаган ыйык атажуртунан кубаланып мусапыр кейпин кийип каржалганын, жалган жашоодо алтының да, ажолугуң да калып, дүйнөгө ак махабат гана жалгыз түркүк болуп жашап каларын... көкүрөгүндө нечен убак катмарланып калган арманынын баарын  айтты. Өз да, өзгө да элдерге аңыз болуп небак жайылып кеткен ажонун ачкөздүгү менен таш боорлугун ырды  уккан жандын баары түшүндү, муюп угушту. Тойдун шааниси бузулду. Ажонун өлбөгөн төрт шыйрагы калды. Өзүн катарга жай таппады. Таманы алдындагы жеринин как жарылып, жетинчи катмарына түшүп кеткиси келди. Өз кызынын бактысына балта чаап, арзышкан эки жашка каскак болуп актай алгыс чекилик кетиргенин, өмүр-жашоосу камгактай текке учканына жаны ачынып,  ичинен кан өттү.  Уккандардын баары анын карөзгөйлүгүн жектеп, армандуу акын менен аруу кызга жан тартып турушту. Шаан-шөкөтү бузулган хандын көзүнө кан толуп, жигиттерине жиндене кол жаңсады. Анысы баарыга түшүнүктүү эле. Салт бузган, коногун маскарага салган адамдын башы алынат. Илгертен ошондой, баарыга маалым. Жалаңдаган жигиттер жеткичекти озунуп жете келген Ажонун күйөө баласы акынга кылыч шилтеди. Сезимтал аты ойт берген Урум кылычты комузу менен кагып жиберип четке чыга берди. Комузунун кылдары аялуу  кыңгырлап, тең ортосунан чарт экиге бөлүнүп кетти. Урумга көпчүлүк арасынан бирөө кылычын кармата салды. Ал, атынын башын чукул кайырып арзытканына кара каскак болгон атаандашына атырылды. Экөө чабыша кетти. Жаштайынан маш болгон кылычкер Урум бекерпоздуктан болпок өскөн күйөө баланы тез эле көкүрөгүнөн экиге бөлө шылып жиберди.

– Уу, – деп армандуу дүргүй түштү эл. 

– Ай! – деп ачуу чаңырган келиндин үнү чыкты. Ал, эсинен танган Ажонун кызы болчу. Тек, анын кимге жаны ачынганын көпчүлүк биле бербеди. Ал, алгач ырынан эле ашык болгон Урумунан эми чындап айрылганын туйган Үрбүнүн өкүтү эле. Ак таңдай акынынан биротоло  айрылганын эл да ачык туйду. Эр өлтүргөн адамга эки элдин, деги эле түрк тукумунун салтында жашоо жок.  

Хандын жигиттери жалаңдап жете келишти. Көксөөсү суугансыган Урум каршылык көрсөтпөдү, боюн түзөп, сөөлөтүнөн жазбады. Аны жигиттер атынан оодара тартып хандын алдына дегдеңдете сүйрөп келишти. Хан болсо кандай айла кылаарын билбей не артына кетээрин, не атынан түшөөрүн аңдай албай эсеңгиреп турган Ажого карап, анын чечимин күткөндөй, жооп күтө жүз бакты. Анысы мейманын сыйлоо, урматын көрсөтүү  каадасы болучу. Абийири айрандай төгүлгөн Ажо ата салты  ишке ашырылсын дегендей көздөрүнөн заар чача аны жалт эте бир карап алып, атынын моюнуна ачуу камчы урду да, келген тарабына атын чуратып кете берди. Артынан коштогондору котолошуп топурай ээрчип жөнөштү.

Ажонун оюн айттырбай боолгологон хан:

– Салт боюнча жазалансын! – деп бурк этти да чепкенинин этегин жиндене кагынып, алтын  чатырына кирип кеткенче шашты. Анысы: акыркы бүтүм ошондой, башка сөз жок деген соңку чечими болчу.

Ичээр суусунун түгөнгөнүн алда боолгоп турган Урумду жалаңдаган жигиттер турган жеринде эле эки ийинден ныгыра чөгөлөтүп, ой-буйга келичекти башы кылычтын бир шилтеми менен моюндан шылый денеден ажыратылды да, каны сарыкканын күтпөстөн көздөрү жумулганга үлгүрбөй жайнап, ачылган бойдон баштыкка салынып, атасына жиберилди...  салт ошондой эле.

 

***

 

Ажонун айынан элге, ага-туугандарына батпай калган Ата амалы куруганда эки баласын түпкү мекени – Энесайга жан аралжы кылып качырып келе жатты. Балдарынын энеси армандуу уулунун жазымышын укканда эле жүрөгү жарылып, бу жалганда энчиленген азабынан эртелеп кутулуп кеткен. Баардык азап Атанын жалгыз башына түштү. Акыры ата-эненин бири өздөрү жарык жашоого жараткан балдарынын, кийинки укум-тукумунун өмүр-жашоосу үчүн оор айыпты акташы керек. Анетпесе айыпкердин бир туугандарына, алары болбосо жакын агаин-туугандарынын бирине жаза-баштык ыйгарылат. Байыркы элдик катуу салт ошондой.

Нечен талаа-тоолуу, суу-саздак, ысык-сууктуу жол азабын тартып торгойдой тозуп, арып-ачып, жоосу күч узак жолдо жандарын күнүгө он ирет оозуна тиштеп жүрүп мерчеп келген эл четине жеткенде Ата:

– Эми силер өз алдыңарча сапар улагыла, балдарым. Бул кырдан өтүп, дагы эки күндүк жолдон кийин түпкү бабаңардын жери – Энесайга, түпкү атажуртун байырлап калган кыргыз элиңерге жете барасыңар.– деди ыйын жута буулугуп.

– Сизчи, ата? Биз менен бирге барыңызчы? Сизди бул жерде ким таанып, бейкүнөө тарткан жазаңызды кимиси билмек эле,– дегенге жарады он бешти таяп калган экинчи уулу үмүттүү.  Тирикарак. Эми атасынын ишенгени да жалгыз ошонусу. Андан үч жаш кичүүсү мөлтүлдөгөн көз жашын кирпигине илип, атасын жалт-жалт карап, баа деп бакырып жибере албай бышактап турду. Анысы али жаш, башынан мокок. Кантээр экен, байкушу. Анын мококтугу акыл калчаганынан уламбы деп да үмүт багат байкуш ата.

Алардын амалы куруган абалын көрүп, жаштайынан өксүк тагдырларына жаны ачып,  ичтейинен кан өтүп турган менен боюн түзөгөн атасы:

– Жок, балдарым, эми мен үчүн алдыга да, артка да жол жабык. Өзүмдү алдаган менен элимди кантип алдайм.  Ата салтын бузуп мен дагы күнөөгө калбайын. Теңирим көктөн карап турбайбы, элимди алдаган менен өз абийиримди кантем? Андан кайда качып кутулам? Тек, башыма салган жазамды актап гана өз абийиримди, силердин бет чиркөөңөрдү тазалай аламын. Кыргыз эли Теңирим жалгаган ыйык эл. Элдин салтын, ажонун ыйык башын аттайм деп уулум Урум не болду? Жазасы мага, силерге да эселеп чабыла тийди. Эсибиз барда этегибизди жапканыбыз оң, дагы оңбос каргышка калбайлы. Анетсек ата-бабалардын арбагына дагы сөз тийип, укум-тукумубузга чейин каргышка калып, зак тереңдеп, зилдеп кетет. Биздин тарткан азабыбыз эле жетишет. Силер  эми ак кийгиле, куржунуңарга белендеп койгомун, таягыңарга да ак жоолук байлагыла, ал – азанын белгиси. Атабыз силерге жетпей жолдо каза таап калды дегиле. Ошентсеңер элге сиңип, аман каларсыңар. Бирак, чындыкты жашырсаң өлүм ашкере кылат дейт, элден жашырган чындык элин сатканга барабар чоң күнөө. Кыргыз – айкөл эл, кийинчерээк, аларга аралашып, жыт сиңишип  калганыңарда  болгонун болгондой, өз урууңарды, агаңардын айыбын ак айтсаңар кечирет, силерди кыйышпайт. Азырынча урууңарды гана айтып, кайгыбызды жашыра турганыңар жөн. Керээзим шол: эми силер ата салтын бузбай жашагыла. Элиңер менен гана адамсыңар. Элден чыккан эссиз, жолбун иттей көрүнгөндүн эшигин сагалап, ара жолдо амалсыз өлөт. Мен болсо агаңардын азасын тартып бөрүдөй улуюн, жанын жаннаттан берүүсүн Жараткандан жалбарайын, силердин күнөөдөн алыс болууңарды Теңирден какшана тилеп,  Асан кайгы тартып, дербиш болуп мазар түрө кезейин. Бу жалганда эми кайрадан кездешпеспиз, балдарым, түбөлүк кошкула! Аман болуп, ата-апаңар менен агаңарды эстеп, ак жашасаңар болду, өз озуйпаңарды актаганыңар ошол. Бизди зор күнөөдөн арылтканыңар да ошол болот.– деди да ата балдарынын башынан аялуу сылап, ата каадасын кыла маңдайларынан ысык өптү. Анан көкүрөк күчүгү – эң соңку тукуму болгон кичүү уулунун төбөсүнөн шуулдата кусалуу жыттап алды да, армандуу үшкүрүнө артына бурулду. Сарыга чыккан ысык да, ачуу да көз жашын балдарынын көрүүсүн каалабай, жүз үйрүп кете берди.

– Ата?! – деп армандуу унчуккан уулдары өзүнүн эмес, аруу тилек багып өзү жанотунан жашоого жаралткан улуу уулунун уулуу энчисин мойнуна тумардай илип алып, сүймөнчүк баласынын чын дүйнөгө ак баруусуна жандалбас ура, аны айыбынан арылтып, бейишке жол ачып бермекке белин бекем бууп, белгисиздикти беттеп бараткан атасын аяган менен өз тагдырларын андан артык коюп, арманы аттын башынан чоң атасынын ичтейинен ириңдей соргон сарысанаа-зилден улам илмийген караанын  жаман иттин күчүгүнчө ээрчип кете албай ордунда моло таштай селейип кала беришти...

Ал, аман калган уулдары деле атасынын ажатын ачып, жарытып нетишкен жок. Эптеп жүрүп элине батышкан соң өз балдарынын арбайын чаап, көр оокат менен алпурушуп, ата-энесин эстен чыгарып салышты... балдары үчүн өз өмүрүн курмандыкка чалган атасынын аман-соолугун бир билмекке издеп чыгууга да жарашпады. Ар кимдин өз түйшүгү, кара башынын камы деген ак тура! Теңирдин – улуу табигаттын катаал, улам кийинкисине кам урган ачуу мыйзамы шол белем... о, ал дагы бир армандыр...

 

– Ак-кта-адым... уулум-м... ж-жолуң ачык...

Мазар четиндеги көк ташты пааналап жаткан куубаш чалдын акыркы сөздөрү ушул болду. Аларды Теңирине же жазданып жаткан куржунундагы баласынын башына айтканы белгисиз. Балким экөөнө теңдир... Кыязы, уулум, сенин ак жерден алган жазаңды мен аягына чыгара өтөп, аталык милдетимди толук аткардым, сенин бейишке чыгууңа жол ачтым дегиси, анысын Теңирине кулак кагыш кылайын деген соңку ниетидир.  Же жөөлүгөнүбү? Ошол соңку сөздөрүнө удаа эти сөөгүнө жабышкан арык, сөөктүү чалдын буттары суналып, бүт тулку менен катуу чирене түшүп, муздак үшкүрүнүп алгандай доош чыкты. Жаны учту жеңил көпөлөк сыңар. Жанатан көк асманды жалдырай тиктеген көздөрүнүн оту эми өчүп, жабууга дарманы жетпей калды. Таш жазданган башы шылк эте, жерге шыпырылып түштү. Бир адамдын алтын башы куу жолдо жалгыз калды. Жазданып жаткан кара куржуну томолонду...  Ата – милдетинен кутулду...

 

Андан бери нечен кылым өттү. Арманы күч ата да, уулу экөөнүн тагдырларын талкалаган салт да небак унутулган. Болгону Урум менен Үрбү кыздын арманы делген ушул уламыш-ыр гана эл ичинде айтылып калды...

 

© Сарманбетов А.И., 2015

 


Количество просмотров: 1029