Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Зарина Урманбетова, 2015. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2015-жылдын 27-марты

Зарина УРМАНБЕТОВА

Кудай унуткан дүнүйө...

2012-2015-жылдары чыккан ырлар.

 

***
 
Кечигип кирдим окшойт
Жашооңузга?!
Байкасам,
Эч белги жок колуңузда?!
Жалгыздай сезилесиз...
Бир сызыктуу-
Күндөлүк турмушта,
Рельефтүү ландшафт сызып,
Бар өмүрүм тартууласам...
Көздөр— чынчыл
Көңүл –таза
Төп келесиз
Издеген адамыма!
А бирок,...
Кечигип кирдим окшойт
Жашооңузга?!

 

***
 
Түшүмдө...
Коштоштук
Түбөлүккө...
Озондоп ыйлап аттым,
Бошонуп үстүмө арткан
Жүгүмөн...
Ийиниме колуң коюп
Соороттуң...
Кете бер деп
Коё берип жаткансып...
Дагы бир генийден
Куру калдым
Кубат берген,
А бирок
Тагдырыбыз эки
Бөлөк...

 

***
 
Эч качан мен сеники болалбагам!
Оюңда, жүрөгүңдө
Башка сулуу...
Башка адам
Бактылуу болсоң экен!
Жалгыз тилек.
Чараларым – жарабаган...
Сезимдерден баш тарталбай,
Бар чындыкка
Өзүмдү, сүйүүмдү да көндүрүп
Жакындагам
Алыстагам...
Баары бир мен сеники болалбагам!

 

***                                                                                                                          
 
Оорусамбы,
“Сен” деп?
Же айыгып кетсемби?
Унчукпайсың...
Не дейт элең?!
Айтаар сөзүң
билемин...
Сен да ооруйсуң,
Бирок ооруң
“Мен” эмес...
Оорусамбы?
Же сакайып кетсемби?
Же айыккыс дарт белең шыпаасы жок?  
Унутсамбы?
Же дагы бир мүмкүнчүлүк берсемби?
Унутсамбы?
Унутуу – шыпаа болоорбу балким?

 

Кудай унуткан дүнүйө...
 
Кудайга муктаждык калбагандай адамдар билим, материалдык көз караш менен жашап калышпадыбы. Ошол эле учурда Кудай да адамдарды өз камдарын өздөрү көрсүн деп таштап койгондой. Дин болсо белигилуу бир матрицага, формага айланып, жөн гана адамдарды башкаруу учун колдонулаары белгилүү.  Диндер калып боюнча белгиленип, чүмкөнгөнү мусулман, моюнуна крест такканы христиан… Чыныгы Кудайга ишенүү жана Аны  сүйүү деген нерселер калбай калгансыйт. Жер жүзү Кудайдын лабораториясы. Байкоо жүргүзүп жаткандай.
 
Алпурушуп
меники чын
сеники калп!
түн кирдиби
таң аттыбы
жарыш
согуш
үзүлгөн үймөк үмүттөр
күтөт ишке ашуусун.
баш тарт
баары калат
байлык
бийлик
ый, бакыт
ката
ийгилик
акыркы аялдама -
сөөк, караңгы көр, кепин...
мазмуну, мааниси
барбы тирүүлүктүн?
Кудай унуттубу
же
Адамбы?
же
экөө тең унуттубу
бир-бирин?

 

***
 
Үнсүздүк
Уят качты
Каратып качып баратты
Уялчу бирөө жан калбады
Жеңилип уятсыздыкка
Акылына сүйүү арнады.

 

***
 
Ошол жалгыздык күндөр
Төрт дубалды тиктеп
Ойлор тоңуп калган соң ирмемде
Азыр да уксам
Сен экөөбүздү
Чакырат ошол жалгыздык
Мыкчылып жүрөк

 

***
 
Бүдөмүк келечек
Баш багып көрсөм
Кана
Бош түгөнөт кээ бир
Жөндөм
Жаңылып жаткандырмын
Таң...

 

***
Унутулган окшойм
Адам кантип чыгып кетет жүрөктөн?
Жүрөккө жеттим бекен?

 

***
 
Жасалма күлкү
Сөздөр
Комузум
Үнүң
Сагындым
Өзүм тилеп алгам
Өмүр сызыгын
Эзилип жатсам дагы
Баш көтөрө албайм
Арман төгүү  -
Ый тамчылары
Жүрөгүм ыйлагысы келсе
Көздөрүм ыйлады.

 

***
 
Жоготтум ыр саптарым
Сени издеп жүрүп
Дүйнөнүн кай бурчунан?!
Көөдөнүм букка толуп
Ыр да, ый да чыкпай
Азыр тумчугам.
Адам кейпин кийип алып
Аалам кезген боштуктай.
Жашоо деген
сахнада
Оюнумду  аткарам.
Жаңы койгон сүрөтүңдө
Баягы элес,
бирок башка адам
өзгөрөбүз, өзгөрүшөт
Кубулуп баардык түрлөр
Жыт алмашып, кетет даам.
Ошентип, мезгил-даары
Сен да башка, мен да башка
Ыр да башка карасам.

 

Сынамал (хайку стилин туурап...)
 
каргыш тийгир уйку!
кайда житип кеттиң мени таштап, караңгылык кучагына!?
каргыш сага жана сени качырганга да!
 
таңды күтчү болдум,
башка иш жок
калгандардын баары зээриктирет дүйнөмдү.
 
тунжурап көрүнбөйт,
аракеттенем, кайра-кайра элестетүүгө,
жыттарын, чекесин, бармагы менен тырмагынын калыбын.
 
аңдап-сезүү
кыйын боло түштү, 
акыл жетпей, түшүнүү,
бир заматтагы балкуу
нирванабы
агаруубу?
жөн эле сезилүү?!
 
теректен жааган кебез кардай
женилдесен
жел да сапырылтып сени
абада учуу
 
чубалган ойлор
чылгоолоп башка ойлорумду
чабуулдап бошотпой
дем бербей койбодубу? 
тажатты
кетсемби чөгүп
даттандым  
эркиндик эңсеп
көргөзсө деп
кутулуу жолун
 
сабырым сынай албадым
алсыз эрким
пенделикпи чиркин
азгырыкпы
шайтандын
кучтуумун деп качанка че
алдайм 
алданам дагы
 
жүрөк менен көңүл кандай байланган? 
көңүл калса
ал да кошо таарынат
 
жүрөктү бош койбош керек болду
кеңейгенден кеңейип кете берет
тажатты 
 
сырды жүрөккө айтпаш керек экен
жүрөктө акыл жок тура
сезим толтура
 
мээнеткечтиктен да калдым
жалкоо жанга айлантты
изденүүнүн жолу
кубаттоону билбеген
жандар жалмандайт
жансоогалап качкым бар
 
түштөк түшүнүксүз
түпкүрү түйшүктүү
түссүз
туюлат
түбөлүктүү
түрмөсү тунжураган туюмдардын

 

Ankara, 2012-2015

 

© Зарина Урманбетова, 2015

 


Количество просмотров: 1188