Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Кадырбек Керимбаев (Саяковский), 2014. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2015-жылдын 19-марты

Кадырбек КЕРИМБАЕВ (САЯКОВСКИЙ)

Беш каман

Ырлар

Кадырбек Керимбаевди Саяковский деген псевдонимин кошуп айтпаса эч ким тааныбай калышы мүмкүн. Керимбаевдин бул китебинде азыркы кездеги элге жана мыйзамга каршы иш кылып жаткан бийлик төбөлдөрүнүн бетин ачып, ашкерелеген ырлары кирди. Керимбаевди азыркы кездин Токтогулу десек жаңылышпайбыз.

Кадырбек Керимбаев (Саяковский) Беш каман – Б: Улуу Тоолор, 2014. – 304 б. китебинен алынды

Нускасы 500 даана.

УДК 821.51
ББК 84 Ки 7-5
К 93
ISBN 978-9967-13-840-7

 

Азыркы “камандар”

 

Өмүрбек Текебаев

(Кыргыз демократиясынын “катасы”, Баш мыйзамдардын “апасы”, Мародёрлордун “мозгиси”, Партиялык – басмачылык парламентаризимдин “папасы”.) 

Ачык эле бетиңе айтам айтаарды,
Адам түгүл алдаарың чын шайтанды.
Баш мыйзамга байлап коюп тагдырын,
Байкуш элдин акыл-эси чайкалды.
 
Өз башына көрүнсө дейм шумдугу,
Өз элинин жолун бууган уңгулуу.
Партиялык – басмачылык топ түзгөн,
Батыш жактын сен аткарган буйругу.
 
Так талашкан кыргыздардын бектери,
Тагдырды эмес, ычкыр болду чечкени.
Сел экенин эл деле өзү түшүнбөйт,
Сен акырын буруп салдың тескери.
 
Ажо баштап түшүп кумар... оюнга,
Алмай-жулмай... жалаң байлык оюңда.
Бир жүрөсүң ажалга окшоп билинбей,
Бийлик бүгүн жалгыз сенин колуңда.
 
Алсаң деле “грант”, “транш” алыстан,
Алымсынбай болдуң эле сагызган.
Такталды анык мародёрлук жоругуң,
Табакташтар көчүгүңдү жабышкан.

 

Феликс Кулов

(Бир кезде өзү – “Бир автобуска толбогон оппозиция бар” деген эле. Тандеми мандем болду, эл ага такпаган ат калган жок. Азыркы замандын камандарынын бири.) 

Генерал Феликс “темир” деп,
Кейидик кийин “желим” деп.
“Самопал” наамын дагы алды,
Самолёт, паспорт, темир жеп.
 
“Химсинтез”, “Бишкек курулуш”,
Химиялык беле кубулуш?
Эшекке далай жүк болоор,
Эл билбей калган “сырыңыз”...
 
Кыргызча сөксөң билбеген,
Кыргыздын тилин сүйбөгөн.
Чегишкен “круг” чылымын,
Чечендер менен түрмөдөн ...
 
Ак үйдөн жеген жеми бар,
Азыр да кубат деми бар.
Ар-намысы жоктордон,
Автобуска толчу эли бар.


 
Камчыбек Ташиев
(“Забордон” аша-секирип дүйнөлүк атак, өз башына чатак таап алды. “Партия” деген басмачылык топтун да лидери. Батыштын балээсинен баш тартса чын дилинен секиргенин далилдейт.)
 
Мандаттуу жигит танка экен,
Мандатсыз калса маңка экен.
Камчыбекти эми көрөбүз,
Кармашаар күчү канча экен?
Секирсе мейли “забордон”,
“Серкелерди” айдап салса экен!
 
Билебиз дечи Камчыбек,
Бийликтен калды камчы жеп.
Чыдайт ко эми баарына,
Чын күйсө кыргыз калкы деп.
Эр жигит бийлик талашса,
Элдин да коёр шарты көп.
 
Жем болбош керек чабагы,
Жей бербеш керек жаяны.
Өзгөрмө келет замана,
Өзгөрбөйт анык адамы.
Камчыбек деле бу күндүн,
Жаяны десек жаяны,
Каманы десек каманы!
 
— 2 —
 
Жетесиз билет кайсы кеп, ботом,
Жетиктин бири Камчыбек ботом.
Тирүүлөй кошок кошту деп жүрбө,
Тилдүүлөр тапчу шарты көп, ботом.
Чын күйгөн киши чыңырып туруп,
Чыгарып бугун алчу кеп, ботом.
 
Чыңырган жалгыз мен белем, ботом,
Чыркырап калды эл деген, ботом.
Көйгөйлүү ишти көтөргөндөргө,
Көө сүртүп кеттиң, сен деген, ботом,
Тамтаңдап барып камалып калдың,
Талапты койбой эл менен ботом!
 
Күтпөдүң түбүн сабырдын, ботом,
Күтүүсүз жерден чамындың, ботом.
Торпоктой болуп сайгактан качкан,
Тосмого барып чалындың, ботом.
Келаткан тактап Кум-Төрдүн ишин,
Кендирин кестиң Садырдын, ботом!
 
Көтөрбөй Тууну бирикчү ботом,
Көңтөрүп салдың үмүттү, ботом.
Бел туткан далай жигиттер сени,
Бет алды тарап киришти, ботом.
Кум-Төрдөн жечү тарп аңдып барып,
Кузгундар сага күлүштү, ботом.
 
Көрсөтүп жапкан чындыкты, ботом,
Көтөрүп чыкпай кыргызды, ботом.
Чынгызхан болуш колуңдан келбей,
“Жылдыздан” болдуң ”куйруктуу”, ботом.
“Забордон” ашып түшчү эле мурда,
Сагынган балдар бир кызды, ботом.
 
Чогулуп чыры кендердин, ботом,
Чочутуп сүрү элдердин, ботом.
Калдастап алды калганда чиркин,
Кадактап алтын бөлгөндүн ботом.
Садырга кылтак сала албай турса,
“Забордон” аттап сен бердиң, ботом!


 
Турсунбек Чыныбаев
(СДПКанын лидери, мурда ыр китебин чыгарган.)
 
Иштетип кеткен “Акунду”,
Ишкерден элең акылдуу.
Чыгарган элең ыр жыйнак,
Чыгарбай калды атыңды.
“Акундан” акча сапырып,
Акындык демиң басылды.
 
Бакстын ичип кешигин,
Банктардын ачтың эшигин.
Атамбай, Отунбайлардын,
Аарчыдың окшойт өтүгүн...
Теңелчү сага бүгүн ким?...
Тегирмен тартат көчүгүң.
 
Тегирмен эмес саясат,
Тереңдер сенден адашат.
Партияларды кадимки,
Басмачы десек жарашат.
Арак заводду эле алалы,
Ар кандай пикир жаратат.


 
Өмүрбек Бабанов
(“Республика” партиянын лидери. Дүйнөлүк байлардын тобуна кошулган. Белекке берилди деген жылкыны бечкек кылып, өкмөт башчылыгынан Текебаев “тээп” түшүргөн.)
 
Байлыгын санап башканын,
Балээни келбейт баштагым.
Тактаган далай эсепчи,
Тапканын, элден катканын,
Бабановдун биз билген,
Башкача жазсак жактарын.
 
Жетелеп Максим, Айдарды,
Желкелеп “жаңы байларды”.
Өнөктөштөрү “өлгөндө”,
Өзү чоң байга айланды.
Шайкасы мыйзам чегинде,
Шайланаар жерге шайланды.
 
Байталдан катуу жыгылып,
Балакай жатат дымыгып.
Чыр салбас бекен – дейбиз да,
Чыккандан кийин тыныгып.
Мародёрлордун калбасын...
Маңкасы чыгып... чубуруп?
 
Шерттешип алган ок беле,
Шер Болот берген бок беле?
Өзүнө жүрөт келе албай,
Өзөртө теке сокту эле.
Мырзалыкты мындай кой,
Мышыкча ары жок беле?
 
Текебаев түрдүү амал-айла издеп, Бабановду Өкмөт башы кызматынан алып  түшө албай, акыры белекке келген бир аргымакты бечкек кылып ээрден оодарган. Бабанов өз кезегинде “Ата-Мекен” партиясы 2010-жылы 7-8-апрелдеги ыңкылапта эл кырылып жатса элдин мүлкүн талап-тоноп, мародёрдук иш кылганын жарыя кылган.
 
Бул иш боюнча 6 ай депуттатык комиссия иштеп, “кылмыш болгону анык” деген жыйынтык чыгарган. Азыркы бийликти Текебаев так текедей  бийлетип тургандыктан кылмыш ишин жаптырып койду. Ортодо Болот-Шер Бабановго “чындык далилденбесе атынып өл” деп ок жиберип ийген. Бул иштин аягы эмне менен бүтөөрү белгисиз. Өткөндө мародёрлор акча чачып, эл чогултуп митинг өткөрүштү. “Кара ящиктен” көргөндөр мародерлордун жактоочулары көп экен деп ишенип калышты. Эми Бабанов андан көп акча  таратса, эл андан да көп келери шексиз. Мына биздин эл бийлегендердин анык жүзү.
 
Издерин баскан шыпырып,
Илинбес салса укурук.
Шайтан да өлчү чалынып,
Шарттардан чыкчу кутулуп.
 
Өтө көп жыйнап тыйынды,
Өзүнөн сезбей кыйынды.
Байталды мине коём деп,
Бабанов катуу жыгылды.
 
Эми ээлентип Болот Шериңди,
Экиге бөлөт элиңди.
Текебаев бир жыргайт,
Тескери сыйрып териңди.
 
Саландар чагым калп күлөөр,
Салмагын сөздүн калк билээр.
Шерттешип “...ок” тиштешкен,
Шер-Болот экөөң канттиңер?
 
Чындыктын чыкпай аягы,
Чыркырап турса жабабы?
Мамлекети бар эл-журтту,
“Мародёр” бийлеп калабы?
 
Атаандаштарың эл жыйнап,
Акча чачса, алды эл жыргап.
Эмнең кем эле алардан,
Элди эми жигит сен жыргат!


 
Абдрахман Маматалиев
(Кызмат, партиялардын “долясы”. Кимди дайындайт өздөрү билет. Япондук төрт турист үчүн акча келбегенде душмандын колунан кайтып келет беле же ИДУга кошулуп кетет беле?... Бул жигит мандатка да, кызматка да татыктуубу?)
 
Баткендин бүтпөс чатагы…
Баарысын кайдан жазалы?
«Маанилүүсү» эсте калганы,
Маматалиевдин даңкы, атагы”.
 
Баткенде... чекте жатышкан,
Баатырлары өлдү атышкан.
Генерал менен акимин,
Келиндей ала качышкан.
 
Кыз баасын койгон сатканда,
Кыргызда кайдан... акча анда?
Жаранын жатка кор кылбас,
Жапондор абийир жапкан да.
 
Кымырып теңин алганбы...
Кылышы да мүмкүн андайды.
Сакалын сүйрөп Турсунбай,
Сатып келгени жалганбы?
 
“Параша” төксө “пленде”,
Баш болмок беле бир элге?
“Понятиясы” жок зектерче,
Парт босстор күнөө силерде.
 
Кечээ... Баткенден бирөө жазыптыр,
Барымтада дагы жатыптыр.
Далдалчыларын күтпөстөн,
Дамбалын булгап качыптыр.


 
Асия Сасыкбаева
(Жогорку Кеңештин депутаты. Тили боюнча мыйзам кабыл алынып жатканда кыргыз тилине каршы добуш берген.)
 
Кыргыздан чыккан чыныгы,
Кыздардын десек кыйыны.
Сасытты ичин Кеңештин,
Сасыкбаеванын кылыгы.
 
Кыйын деп жүргөн кыз дагы,
Кылбасты кылды душманы.
Тилине каршы чыккан соң –
Элине каршы чыкканы.
 
Башы да, ичи көңдөйлөр,
Башкарса журтту сендейлер.
Ит эле болгон экен да,
Ишенип добуш бергендер.
 
Кооптуу карап чет элге,
Корксок биз керек бекерге.
Жатыптыр душман көрүнбөй,
Жамынып “Ата Мекенге”.


 
Турсунбай Бакир уулу
(“Ажы”, “Укук коргоочу”, “Акыйкатчы”, “Депутат”, “Катынпоз”— деген чын-ылакап аттары менен белгилүү.)
 
“Быссымылда” деп сөзүн баштаган,
Былгытып ишти таштаган.
Турсунбай Бакир уулу өзү,
Турмуштагыдан башка адам.
 
Жогору туруп Кеңеште,
Жорукту кылды бөлөкчө,
Мурунтук салды билгизбей,
Мусулман мурда эмеске.
 
Аста, аста кылып даватты,
Акылдан көбү адашты.
Ак уруп бүгүн парламент,
Ак үйдөн окуйт намазды.
 
Кеп кылган тозок, бейишти,
Кеңешээр ишпи? – деңизчи.
Турсунбай ажы кымыйып,
Турбайбы иштеп жемиштүү.


 
Камила Талиева
(Маданият министри болду. Элге жаккан жок. Мен да өз пикиримди жазып койдум.)
 
Ар-Намыстын айымын,
Абдан эл билет дайынын.
Айтпайлы да жазбайлы,
Аялдын ушак-айыңын.
 
Эл билген нерсе ачык да,
Эми аны болоор жазышка.
Кыркылган эчки сыяктуу,
Креативнаяэле ашыкча.
 
Ооруса дарты табылып,
Оолукса жини кагылып.
Ажыга барып келди да,
Ак жоолук калды салынып.
 
Моданы кууп кийинип,
Молдодой жүрсө жүгүнүп.
Байкуш эл калаар мостоюп,
Бакирдин уулу сүйүнүп.
 
Кебетесин бузган бул айым,
Кетсин! – деп эле чыгамын.
Башкарбайт маданиятты,
Башка элдин жайган ылаңын!


 
Кумдан көп чатак
(Садыр Жапаров сессияда Кумтөрдүн ишин көтөргөндө жазылган.)
 
Кумдан көп чыккан чатагы,
Кум-Төрдүн ишин жазалы.
Жашырса элден төбөлдөр,
Жапаров мырза ачабы?
 
Алтының экен азгырык,
Андан аз бизге жакшылык.
Кудай ай, кимге ишенип,
Кум-Төрдү койдук каздырып.
 
Өпкөбүз туруп казандай,
Өзүбүз эптеп каза албай.
Карап эле туруп алданып,
Кайнадык белем шакардай.
 
Кайнаса кыргыз шакардай,
Кайсактап “кампан” шакалдай.
Көзү өтүп турат Кум-Төрдөн,
Көтөрүп гана кача албай.
 
Душманың жесе эңшерип,
Тууганың экен тең шерик.
Издерин терең катыптыр,
Издейли эми жер челип.
 
Алтынды жесе нанындай,
Ачып биз оозду аңырдай.
Жылып жыл өтсө арадан,
Жыты да калмак табылбай.
 
Бычактын туруп мизине,
Кылмыштын түшүп изине.
Кадиксиз турган далилдеп,
Кайнаган өңдүү ичине.
 
Эл үчүн күйгөн жалындай,
Эр жигит жүргөн табылбай. 
Уучуң кур эмес Улуу Журт,
Уулуң бар экен Садырдай!
 
Душмандын колу тийбесин,
Туугандын “...өтү” күйбөсүн.
Жаалашып “алтын жегичтер”,
Жапаровдой баатырды,
Жалгыздап кетип жүрбөсүн?


 
Исмаил Исаков
(Генерал. Депутат. КСДПдан чыкты. Өзүнө окшогон “ажырашкандарды” чогултуп “демократтар” деген топ түздү. Кызыгы коалициялык көпчүлүктүн колтугуна кирип кетишти.)
 
КСДПы сени кыстыбы,
Кыстырыштыбы “кысчуну”.
Көшөгөнүн артынан,
Көрүндү кимдин муштуму?
 
Өзгөлөр келип дем алаар,
Өлкөбүз болсо “демарал”.
Демократияны самаган,
Дениң соо беле генерал?
 
“Дем” деген сенин тобуңда,
“Дерьмо” да жок го оюңда.
Калышса ээрчип күчүктөй,
Коалициянын соңунда.
 
Жүрөгүң түшкөн түрмөдөн,
Жүрөсүң бүгүн ким менен?
Калдастап калдың неге эле,
Камгактай шамал үйлөгөн.
 
Партия бөлсө, эл болбойт,
Баласынан сени кем көрбөйт.
Мандатты чыксаң тапшырып,
“Маршал” деп наамды эл бермек!


 
Өмүрбек Абдрахманов
(Акаев Москвага кайтканда Өмүрбек штатка өтүп кеткен. Ынкылаптын шары менен кайтып келген. Ачык эле Американын саясатын колдоп жүрөт.)
 
Бири сен акынчалыштын,
Бийликке барып жабыштың.
Жок экен ырдан көрөңгө,
Жолуна түштүң байыштын.
 
Бар азыр бийлик, байлыгың,
Жок болсун жолоор кайгы-муң.
Атыңды жүргөн чыгарып,
Акынга барбы “чайлыгың?”.
 
Уяты кеткен заман бу,
Уялып сенден каламбы?
Аскарды мактап сен деле,
Албадың беле далайды?
 
Ачыгын айтчы Өмүкем,
Аябай керек кейисең.
Ордонун ишин жактырбай,
Оппозит болдуң эми сен.
 
Демократия жок кыштакта,
Дем жетпей турат ушу тапта.
Колуңдан келсе Өмүрбек,
Кошуп сал Кошмо Штатка.


 
Равшан Жээнбеков
(Өзү түшүнбөсө, атасы Бабырбек түшүнөт, “Укуктары тең болсо, уулуна айта албашы да мүмкүн”.)
 
Атадан артык деген уул,
Алдастап жүрөт неге бул?
Сактайм деп жанын АКШдан,
Сатылган эмес беле бул?
 
Кулуну болсо Таластын,
Урпагы болсо Манастын.
Азыраак тыйын-пыйынга,
Акылдан кантип адашсын?
 
Жогорку иштейт Кеңеште,
Жоругу элден бөлөкчө.
Балакай көктөн түшкөнсүйт,
Пайгамбар болуп элетке.
 
Кеңешти көзгө илбеген,
Ажону кошо тилдеген.
Кемсинтип турат кыргызды,
Келгенсип башка дүйнөдөн.
 
Сыйлабай колун кезеген,
Сыламак беле чекеден.
Текебаевге тийишип,
Чыгып да калган текеден.
 
Ээрчийт да колу боштору,
“Экс” болгонду бүт топтоду.
Маккейн колдоо көрсөтсө,
Майданга чыгат окшоду.
 
Эр экен бийлик талашкан,
Эл кантет ээрчип адашкан?
Жактырган менен Обама,
Жактыраар бекен Жараткан?


 
Аликбек Жекшенкулов
(Экс-министр. Оппозицияда жүрүп пенсияга чыгат болуш керек. «Коомдук парламент» деген оюнду тапкан.)
 
Кургаган мээни кургатпа,
Кургак сөз менен жыргатпа.
Бапкеге жетпей сен ыйлап,
Башка элди кошо ыйлатпа.
 
Жалының болсо жүрөктө,
Жамбаштап жатпа күнөстө.
Кемпирдей кейип отурбай,
Керекпи, чыккын күрөшкө.
 
Бангизат тартып алгандай,
«Парламент» ойноп балдардай…
Чырагым, сенин жүүнүң бош,
Чын сөзүң мага жалгандай.
 
Ар намыс салат жалынга,
Ачык сөз ушул таарынба.
Туу кармап чыкчы Аликбек,
Турайын сенин жаныңда!


 
Муратбек Иманалиев
(Тилчи, сынчы, Сансызбай агайдын уулу. Министрликтен түшүп, оппозиция боло калды. Партия кулады. Азыр ШОСто чоң кызматта, партиясынан дайын жок.)
 
Сынчынын уулун сынадык,
Сырттандан болсоң чыдап ук.
Оппозит болуп кетти дейт,
Ордодон салса чыгарып.
 
Бир тарттың төрө чылымын,
Бийликтин билдиң былыгын.
Пикириң неден келишпей,
Пикирге кандай уюдуң?
 
Жашоосун көрдүң чет элдин,
Жакырын көрдүң мекендин.
Кыйналып турса эл-журтуң,
Кыйналбайт анан экен ким?
 
Туура сөз ачуу эмеспи,
Туурадың иним бөлөктү,
Кырк партия, сексен коом,
Кыргызга зарыл керекпи?
 
Депутат болоор дымагың,
Дем берчү топту курадың.
«Байдылданын батальонунча»,
Бар бекен түзгөн курамың?!


 
Азимбек Бекназаров
(Бул азил Азимбекти коргогон Аксынын эли атылгандан кийин Акаевди кетирерде «Акаевге отставка» деп кыйкырып турган убактысында жазылган.)
 
Кытайдан бери чек жылса,
Кыйналган эмес көп мырза.
Кыргызым жерим кетти деп,
Кыйкырган Азимбек мырза.
 
Саясат жактан кеп кылса,
Сагызгандан сак көп мырза.
Сактаган элим сактайт деп,
Сапырат Азимбек мырза.
 
Эр жигит жашайт калкым деп,
Эл ичи толо ар кыл кеп…
Арбакка жана тирүүгө,
Азимбек мырза карызың көп…
 
Элиңдин көрүп көйгөйүн,
Сенин да бардыр билгениң.
Урааның эле дүңгүрөп,
Уятка калып жүрбөгүн.


 
Уятка анда калган эмес. Акайич шерменде болуп качып кетти. Бекназаров убактылуу болсо да бүт күч структурасын тескеп турду.
 
Бакиев куулганда да БЭКтин башында туруп кайра эле жарым паша даражасы сот, прократура, МВДны калчап турду. Ошондо Азимбекти арбак урбаса Аксыдагы кандуу окуяны териштирип чекит коюп койсо болот эле го. Ойлоп да койгон жок.
 
«Ыңкалаптын бульдозёру», «мотору» деп койсо эле каалаган күнү революция жасап жиберчүдөй түр көрсөтүп «экстерди» эрчитип чыга калат. Бекназаров «бети жок» деген атка конгонун биле элек окшобойбу? Аксы окуясына он эки жыл болду. Аталары окко учуп, жетим калгандардын эң кенжеси он экиге келип калыптыр. Эл сурап албаса да ошол жетимдер жетилип Азимбекти алкымдан алчу күн алыс эмес.


Өзүңө кылган жакшылык,
Өлдү эле далай аксылык.
Аттыргандар да аткандар,
Ак үйдө жүрөт каткырып.
 
Ээлебесең да тактыны,
Эки ирет болдуң бактылуу.
Эчкидей саадың байларды,
Эстеген жоксуң Аксыны.
 
Атыңды эле укса Азимбек,
Ашата сөкчү азыр көп.
Колуңда бийлик турганда,
Короздун жүрдүң башын жеп.
 
Эмне үчүн болду ыңкылап,
Эл ичи дале тынчыбайт.
Жетимдер калып багуусуз,
Жесирлер ыйлайт буркурап.
 
Чатак иш турат оюңда,
Чакырба элди «оюнга»
Сариев досто «Лимон» бар,
Саай бер жатып коңулда.


 
Мелис Мырзакматов
(Кезинде катуу сын айткам. Ойлонгон жок. Оозунан чыккан олдоксон сөзү үчүн кызматтан кетти. Эми, оңду-солду оппоздорду ээрчип дагы атын булгап албаса дейм.)
 
Ок тоскон төшкө эр элең,
Ордолуу Ошко мэр элең.
Соо башыңды эми Мелисбек,
Соодагерге өзүң теңеген.
 
Кызмат го колдун кириндей,
Кыйын кез да өтөт билинбей.
Тарыхта калат атың да,
Таанымал эрдин бириндей.
 
Кылчудай сага жакшылык,
Кыйдылар турат азгырып.
Бастырып кетип жүрбөсүн,
Башыңды кыя чаптырып.
 
Түшпө эми бийлик талашка,
Түз кара эл-журт тарапка.
Уулу эмес, улут кыйналат,
Уңгулуу жолдон адашса.
 
Батышты туурап жыргабас,
Орус кол сунаар. Сыйлабас...
Уңгулуу жолун издеген,
Улутуң менен бирге бас.


 
Байма Сутенова
(Акаевдин саясатын, өзүн, аялын, бала-чакасына чейин мактаганда оозунан көбүк чыкчу. Бакиевдин убагында “көшөгөнүн” артында иштеди. Азыр КТРде “Демократия” сабактарын өтөт.)
 
Сайраса эле Байма сайрасын,
Саясатчылар анан талдасын.
Таскагын Байма салганда,
Талаада калат Майра акын!
 
- деп, тамашаласам Байманы,
Байма, таңазарына да албады.
Тагдырга айла жок экен,
Таба албай калдык Майраны.
 
Баягы Байма сайраган,
Сайрап эле жатат кайрадан.
Саясатчылар бүгүнкү,
“Садага кетсин” Баймадан!
 
Талканды толо чайганы,
Талкуулай кана алганы?
Сайрай албаса өздөрү,
Сайратышат да Байманы.
 
“Бай” билет акча санашты,
Байма өтө берет “сабакты”.
Демократиясы не, “дерьмо” не?
Депутаты да билбейт сабаттуу.


 
Кубат Оторбаев
(Коомдук — деген телерадио корпорациясынын чоңу. Бийликке ыңгайлуу, элге ыңгайсыз. Оторбаевди ордунан копшоп кѳрүштү. Томдогон кагаздарды жазып канча адам канча убакыт коротту.)
 
Суроо берсек да ыңгайсыз,
Сумсайтып кѳңүл бурбайсыз.
Жазалык анда кагазга,
Жай отуруп ылгайсыз.
 
Ылайык келбейт дебеңиз,
Ыктытма суроо беребиз.
...ордуңуздан бирѳѳ козголоп...
Опулдап калган элеңиз!
 
Ичинен бирѳѳ кас беле,
Ишенбегендер жаш беле?
“Байкоочу Кеңеш” дегенди,
Бактыңыз беле жакшы эле?
 
Гезит жок эле жазбаган,
Генпрокурор баштаган.
Ишти ким эле козгогон?
Ишти ким жаап таштаган?!
 
Ак кишини да булгайбы,
Абайлап чотун урбайбы!
Эсептѳѳ палатасында,
Эшектер иштейт турбайбы!


 
Жыпар Жекшеев
(“Ашарда” жүрүп аты чыккан, ошондон бери күн тийген жактын күкүгү болуп эле жүрѳт. Азыр официалдуу “ак шакал”.)
 
Саясаттагы серепчи,
Салмактайт доорду эмеспи.
Биздегилер болсо түш жооруйт,
Бийликтегилерге керектүү.
 
Аябай кооз кеп сѳзү,
Андайлар бизде кѳп дечи.
Жел сѳздү чындай тараткан,
Жекшеев деген “кепшѳѳчү”.
 
Алысты таамай кѳрбѳгѳн,
Акырды мактайт жем жеген.
“Ишмер” аттулар сүйлѳсѳ,
Ишенет тура эл деген.
 
Сакалын ѳзү сыйлайбы,
Сыйлабаса анда сындайлы.
Жыпардын ар бир сѳзүнѳн,
Жыт чыгып сасып турбайбы?


 
Азиза Абдрасулова
(Укук коргоочу. Ушуга окшош ООНдун атын жамынган уюм (НПО) тез аранын ичинде жабылыш керек.)
 
Кыргызды жолдон адашкан,
Кыйнаса оңдоор ЖАРАТКАН.
АКШынындемонархиясын”,
Акча алып сенсиң тараткан.
 
Тыйынын алып чет элдин,
Тынчтыгын буздуң МЕКЕНДИН.
Жаңжалдан жалын чыгарып,
Жалганды чындай кѳтѳрдүң.
 
Жөөттүн ишин кылдың да,
Жүлүнгѳ бычак урдуң да.
Байкатпай бѳлдүң эл ичин,
Партия, коом, кыймылга.
 
Бирѳѳнүн коргоп укугун,
Бирѳѳнүн кѳтүн чукудуң.
Сынды эми сага мен айтам,
Сыздасын кѳтѳн чучугуң.
 
Укукту салыштырдыңар,
Улутту кагыштырдыңар.
Оштогу кызыл кыргынды,
Ошурахунова экѳѳң кылдыңар.


 
Салянова козгой албаган ишти Саяковский козгойт
 
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков күпүлдөсө жер солкулдайт. Жалган ушак таратканды жазалоо жөнүндө мыйзам токушуп президентке кол койгонго жөнөтүштү. Баш мыйзамга каршы мыйзам жазышты, тагдыры чечиле элек. Бирде оолуккан, бирде соолуккан ажо колун коюп салышы деле мүнкүн. Ошого чейин оштуктар, каракулжалыктар козгогон ушактын чын төгүнүн Асылбек Шариповичтен угуп алсак жакшы болот эле. «Азат» гезити (7-сентябрь, 2012ж.) аркылуу спикерден сураганбыз. Жооп болгон эмес. Асыке мусулманчылыкты тутунган адам эмеспи. Шариятта «унчукпаганы макул болгону» деп нике кыя берет. Ошентсе да акыры тактык керек да. Ак болсо бир ооз сөз экен, эринбей айтып койсо болду. Ушак жабылат. Бирок, «эскирди» деп кыскартылбайт. Анткени, элдин оозун ким тыят. Илгери Баяман, Айдар деген түштүктүн крим чөйрөсүн кармап турган азаматтар менен Асылбек үзөңгүлөш болгонун алардын тобунда жүргөндөр азыр да мойнуна коюп беребиз деп жүрүшөт. Баяман менен Айдар тирүүсүндө өздөрүнчө «раздел» болгондо, Оштогу №3-мончо Асыкенин «долясына» тийгенин далилдөөчүлөр бар экен. Мындай сөздү эл айта берет. Салянова да иш козгой албайт. Бирок, элдин сөзүнө таянып Саяковский акын козгогон, унутуп калса эсине салып койсом дейт.
 
(Газетадан.)
 
Агайын тууган Оштогу,
Айрыкча колу боштору.
Асылбек Шариповичке,
«Уголовный» иш эмес,
«Ужасный» ушак козгоду.
 
Кыймылдайт камыш жел менен,
Кызык сөз айтат эл деген.
Молодой жигит кезинде,
Момпосуй эмес Асылбек,
Мончо имиш Оштон сен жеген.
 
Асылбек деген азамат,
Алы жеткенди жакалап.
Акырын жанын бакчу экен,
Баяман менен Айдардын,
«Патинкелерин» тазалап.
 
Тынч жатат экен өлгөндөр,
Тыбырайт экен көргөндөр.
Бирок, тергешет экен башкача,
Белгилүү иш да жазбаса,
«Братан» деп оозу көнгөндөр.
 
Апыртып ийип жүрбөйүн,
Ак жерден сен да күйбөгүн.
Айтып бер өзүң эл журтка,
Үчүнчү мончо Оштогу,
Үлүшкө кантип тийгенин?


 
Мелис Турганбаевге
 
Беш киши чыкса пикетке,
Беш жүз мент турат күзѳттѳ.
Аарчып да балким жиберет,
Ак үйдѳгүлѳрдүн ичи ѳтсѳ.
 
Ок ѳтпѳс чопкут кийгендер,
Оолугуп элге тийгендер.
Аракка абдан тойгузуп,
Айдактап силер ийгендер.
 
Менттердин генералдары,
Мээсинде барбы залдары?
Бечара элди коргобой,
Бейпайга неге салганы?


 
“Эл сөзү” гезитинин (26 сентябрь 2012-жыл) бетине менин “Оо...даа”! деген макалам жарык көргөн. Каада сөзүн калтырып жалаң ырынан үзүндү келтирейин:
 
 “Жантөрөгө жаңы Оо...даа...!”
 
Таштаган шашпай жай кадам,
Ташты да майдай чайнаган.
Бетине шыбап мазутту,
Бетонду нандай аймаган.
 
Көлөкө кууп жашаган,
Көмүскөдө ишин жасаган.
Колуна тийген каржынын,
Онунан бирин атаган.
 
Чайнабай темир лом жуткан,
Чакырымдаган жол жуткан.
Олчойгон сомду жалмаган,
Ош эли көргөн кордуктан.
 
Чыкпаган ачык оюнга,
Чыгарбай сыртка оюн да.
Устукан деле талашпай,
Ыраазы болгон “моюнга”.
 
Акаев менен ток жеген,
Бакиев менен “пок” жеген.
Кызматкерлерин кыйнаган,
Кызматы чоңго “хоп” деген.
 
Жылкыча кетпей даң салып,
Адамча көппөй чаң салып.
Жантөрө билет жегенди,
Жегенде дагы тамшанып.
 
Жеткени менен жогору,
Жеп көнгөн адам болобу?
Ажоого турса чиренип,
Ачылат эми обору.
 
Темир жол салса темир жейт,
“Датка-Кеминдин” теңин жейт.
Ызы-чуу кылбай башкадай,
Радиоактивдүү көмүр жейт.
 
Орустар берсе эгин жейт,
Кытайдан келсе желим жейт.
Кудайым анык берди деп,
Кумтордун алтын кенин жейт.
 
Өлүмүш болгон калп эле,
Өнөрү күчтүү Жантөрө.
Кыйратканын да көрөбүз,
Кыйналаар кыргыз калкы эле.


 
Узун сөздүн кыскасы, Жантөрө жаңы келгенде жазган “Оо..даам” үчүн таз катындардан таяк жеп, таза катындардан тил уккам. Өзүмдүн эле токтогулдук жердештерим “заказ менен эле падышага ылайык кишини булгай бересиңби?” – дешип мага туш-тушумдан асылышкан. Жантөрө эмне кылып берди кыргызга? – деп, мен эми сурасам окшойт. Эмне кылып бергенин көрдүк го. Жантөрө президенттин аппарат жетекчиси болуп турганда эле анын ким экенин жазчулар жазып чыккан. Президентке да Жокеге да ушул киши өтө ылайык болгон. Билип туруп шайлашты. Аргасы жоктон жайлашты. Азыр болсо: “Анжыянда бир эжем бар, ал менден өткөн Шуркуя” – деп мактанган сарттын кызы жөнүндөгү анекдоттой болуп турат. Акаевдин Академиясын бүтүргөн. Лондондон барып массондук клубдан таалим алган Оторбаев кыянатчылыкты кыргызга Жантөрөдөн беш эсе ашык кылбаса мага кел. Ошондуктан Оторбаев дагы “Оо..даага” татыктуу. Кийин айтасыңар “ушу байкуш Саяковскиймин деп жүргөн сандалган чалдын айтканы туура келди” деп.


 
Жантөрө мырза жактырган,
Жан билбес сырды тапшырган.
Орунбасары болгон соң,
Оңой иш ордун бастырган.
 
“Опуту” ашат он жылдан,
Ишин ким көргөн оң кылган.
Акыры “жыты” чыгат ко,
“Окорочкадай” тоңдурган.
 
Эрте азыр чыгыш кубанып,
Эскертип элге туралык.
Кеңештин “генийлерине”,
Келди окшойт бирок ылайык.
 
Тагышып “ярлык” седети,
Салчулар салар серепти.
Оторбай Кайып баласы,
Ойнотор ошол Кеңешти.
 
Ажоону пешка көрөт да,
Айтканын кылат Кеңеш да.
Текебаев тандаган,
Тегин жигит эмес да.
Бийлердин качты кунары,
Бийликтин кандай кумары...
 
Бейпешене мансапкор,
Беш партлидердин куралы.
Айрыкча Текебаевге,
Сүзүшкөндө мүйүзү,
Тебишкенде туягы!


 
Коррупция... Ууру ...Ураа!
 
Кадырбек акын ой айтсын,
Калыстыгын Камчы “вор” айтсын.
Карышкырды ууру сенсиң деп,
Кантип эле байкуш кой айтсын.
 
Уурунун бийлик колунда,
Уурулук мыйзам жолунда.
Мындайды айтчу кыргыздар,
“Мышыкка чычкан оюн да”.
 
Коррупция ... деп эле наалыйбыз,
Кор башыларын деле тааныйбыз.
Түшүнүп көрүп турабыз,
Түбүнөн качан таарыйбыз?!
 
Шайы ооган кезде карысы,
Шайланат эртең жаңысы.
 
Ууруларга алы жетпеген,
Улуттун барбы намысы?!
 
Уурудан коркпой коёндой,
Учурса болот бороондой.
Дегеле кыргыз оңолбойт,
Тескери мыйзам, Парламент,
Текеси менен жоголбой.


 
Басмачы бийлик турганда
(Декларация – дегени жарыялангандан кийин “жашылбайлары” миллиондон ашкандар үчүн.)
 
Батынбай келдик жазгандан,
Байлык жок түшкөн асмандан.
“Бай” дегендердин баары – ууру,
Башында,
азыр да, элди башкарган.
 
Мингендери Джип — танкадай,
Салгандары бүт – Хансарай.
Алгандары бир Чойоке,
Дээри, деми Ханшадай.
 
Эсепте жалаң айлыгы,
Эсепсиз каткан байлыгы.
Ачкадан өлчү немелер,
Акча деп тарткан кайгыны.
 
Ээн эркин баспайт алчактап,
Эл-журтту карайт жалтактап.
Жашоосу бир иттин жашоосу,
Жан сакчы күтүп, жан сактап.
 
Бастырып ишке келгени,
Байлардын кылган эрмеги.
Кызматты сатып алгандар,
Кыйратат эле эмнени?
 
Кыргыз эл жетпейт жыргалга,
Кыйындайт жашоо мындан да.
“Партия” деген ат менен,
Басмачы бийлик турганда.


 
Малдай көрүп калганбы?
 
Душман чыкты өз элине бийлигиң,
Туйбасаң туй, билбегениң билгиниң.
Тез козголуп, текши журтум чыкпасаң,
Тегеренип түшөт эртең түндүгүң.
 
Көрүнө алып, көмүскө алып акчаны,
Ажо өзү элдин башын аттады.
Темир жолун кытайлардын киргизип,
Теңир тоскон чепти турат ачканы.
 
Алыс карап, терең ойлоп үйрөнбөй,
Атамбаев “запойдо” эле жүргөндөй.
Темир жолдун кереги не кыргызга,
Тепсеп кытай Ала-Тоосун киргендей.
 
Карыз алса тең көрүшөт жыргалга,
Капкан ошол, бекер берчү пул кайда?
Өлүп талып эртең кирип келишет,
Өз жерине калкы батпай турганда.
 
Элди ажообуз малдай көрүп калганбы,
Эч болбосо макулдугун албайбы?
Же Пекинде “пахмель” бербей коюшуп,
Аргасыздан колун коё салганбы?


 
Өкүрүк
 
Ак калпак элди теңсинбей,
Ак үйгө жакын келтирбей.
Басмачы болгон парламент,
Башкарып калды эркиндей.
 
Топтошо калса жактырбай,
Тойго да эркин бастырбай.
Оротуп элди менттерге,
Оозду да калды ачтырбай.
 
Кыйналып келсе элибиз,
“Кыйындар” болуп өлүмүш.
Керсейип көңүл бурбаган,
Келатат болуп көнүмүш.
 
Тил бүткөн кезде тешилип,
Дил бүткөн кезде эзилип.
Атасы журттун өлгөнсүп,
Ак үйгө келдик өкүрүп.
 
Түркөйлөр мүмкүн күлүшү,
Түшүнөр экен кимиси?
Өлгөндөрү ошол эмеспи,
Өчкөндө элдин үмүтү.
 
Көк жөтөл мыйзам чыгарган,
Көздөрү майдан тунарган.
Беттерин кылып табактай,
“Беш каман” жоктур уялган.


 
Каргышка калгандардын тизмеси
 
Эркиндик деп, эл деп башын сайгандар,
Эч жалтанбай ажалга түз баргандар.
Өлбөс кылды келечегин кыргыздын,
Өлкө үчүн өмүр берген кайрандар.
(Эстелик бетиндеги жазуу)
 
Ыйлап жазган, сыйлап жазган саптарга,
Ыйламсырайт ыр чегилген таштар да.
Арбактарын салды бийлик соодага,
Азаматтар көр түбүндө жатканда.
 
Эркиндик деп, эл деп эрлер өлүштү,
Эл кучактап кала берди бейитти.
Тебелешип өлүүсүн да, тирүүсүн,
Текебайлар ээлеп алды жеңишти.
 
Арыла элек башка түшкөн азабыз,
Жазыла элек жанды жеген капабыз.
Каргышка анык калгандардын аттарын,
Кара таштын бетин оюп жазабыз.
 
Соо бүткөн жок соттор чечкен иш деле,
Сооп үчүн иш кылалы биз деле.
“Кандидаттар” толо Ак үй, Көк үйдө,
Кара ташка жазылуучу тизмеге.
 


Эл түшүнө албады
 
Жүздөй эле деп коёлу санабай,
Жүздөрүн да тек коёлу карабай.
Жан кыйнаган оору сымал жармашып,
Алдашты алар элди-журтту аябай.
 
Жүздөй шылуун талап алды байлыкты,
Жүздөй зулум басып алды бийликти.
Кылбаганын душмандардын кылышты,
Кыргызча айтсак “кыргызды итке мингизди”.
 
Жолубуз жок карыш деле узаган,
Жолтоо кылган баягы эле жүз адам.
Жөргөмүштөй кыргыздарга тор жайып,
Жөөттөрдүн мыйзамына тушаган.
 
Заман куруп кулу болгон акчанын,
“Адам” дешип, арам акча чачканын.
Бөлүп элди, ээрчитишип жүз бөлөк,
Бириктиргис кылып салды баштарын.
 
“Жыргатат” деп кытай келсе иш берип,
Жылмыңдашат сөздү туюк бүткөрүп.
Энөө кыргыз эмнегедир байкабайт,
Элди, журтту салышканын жүз бөлүп.
 
Малай кылып, малдай айдап алганын,
Маң болгон эл эч түшүнө албадың.
Кутулбасаң жүз шүмшүктөн эртерээк,
Кул болушат балдарына балдарың.
 
Ак калпактуу кыргыз туруп улутуң,
Акчалуунун неге малай, кулусуң?
Өлгөнү ошол Ардын дагы Намыстын,
Өчкөнү ошо Рухтагы угутуң.


 
Алтымыштан ашкандарга
 
“Кыргызмын” деп бүгүн тирүү баскандар,
Турмуштун бул балын, уусун таткандар.
Адам атын, ар намысын булгабай,
Арууланып алтымыштан ашкандар.
 
Өлкө болуп көтөрүлсө түндүгүң,
Өз колуңа тийип турса бийлигиң.
Көз арткандар уусун чачат тымызын,
Көпкөн балдар тебелешет бир-бирин.
 
Жыйырма жылдай жылбай турат көчүбүз,
Жыккан, чалган, бастырбаган өзүбүз.
Улут, Өлкө чачылабы чаңга окшоп,
Ушу биздин тирүү туруп көзүбүз?!
 
Курактабыз ажалга тик караган,
Уятты биз өлүмгө тең санаган.
Эгер мезгил талап кылса берели,
Эл, жер үчүн жаныбыз жок аяган!
 
Эки жолу жасагандан төңкөрүш,
Элиң жыргап, оңолгон жок өлкөбүз.
Алып-сатар, басмачылар башкарып,
Анык шорго түшүптүрбүз көрсө биз.
 
Кыргыз жатса самсып, тентип чачылып,
Кытайларды улам жатат чакырып.
Жоголбосо басмачылар бийликтен,
Жок болобуз Үркөргө окшош аз улут.
 
 
Кыйналгандын болот чеги, ченеми,
Кайнап турат жанар тоодой эл эми.
Адашпастан кылым, доордо кыргыздар,
Агып келген нукка салып көрөлү.
 
Ар намысты туудай келген көтөрүп,
Ата салтын өрнөк кылып өтөлүк.
Кыл үстүндө турган Мекен тагдырын,
Кыргыз эли, акыл менен чечелик.
 
Элдин, журттун бар чыгар деп убалы,
Эстүүлөрү бул бийликтен чыгабы?
Автоматты дүрмөттөшүп турушса,
Аксакалдар, окту тосуп чыгалы!


 
 “Сонун да”
 
“Сонун да” деген ыр ырдап,
Соңунда койдун кыңылдап.
Солдойгон кыргызбайларды,
Бүгүн, сооротсо жашы тыйылбайт.
 
Сонун күн калды жыргаган,
“Сонун да” калды ырдаган.
Сомкесин сүйрөп кытайдын,
Сооданы кылды кылбаган.
 
Бапырап акча колунда,
Бай болуп жүрдү оюнда.
Базардын билбей оюнун,
Банкрот болду соңунда.
 
Аязда туруп какшады,
Кактады күндүн аптабы.
Соодасы бүтүп өзүнүн,
Соодадан пайда таппады.
 
Сооротот үмүт адамды,
“Сонун да” кайра жаралды.
Жазайын, эгер жактырсаң,
Жаттап ал дегин балаңды.
 
Милдет жок жоопту моюнда,
Миллион деген колуңда.
“Деп” коюп анан жеп койгон,
Депутат болсоң сонун да.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Кадырбек Керимбаев (Саяковский), 2014

 


Количество просмотров: 1028