Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Турусбек Мадылбай, 2013. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2014-жылдын 20 сентябры

Турусбек МАДЫЛБАЙ

Кузгун

«Кузгун» аттуу Турусбек Мадылбайдын жаңы романында төрөлөрдүн жемкорлугу тууралу баяндалат, сот менен төбөлдөрдүн жугундукорлугу кандай жамандыктарды алып келээри айтылат. Мыйзамды коргоп, адептүү – тартиптүү жарандардын укугу үчүн кылмышкерлерге каршы туруунун ордуна укук коргоо аталган мекемелер кайра өздөрү кылмышкер болуп чыга келет. Эң коркунучтуусу – ошол тарп этке көнгөн кузгундар бийликке жамынып алышкан… Сиздердин көңүлүңүздөргө жаш жигиттин үмүтү үзүлүп, тагдыры кыйрашы жөнүндө баяндалган романдан үзүндүнү сунуштайбыз.

 

Мен шордуумун! Мен бул кузгунга окшоп, өз
бир тууганымдын тарпын ката албайм.
Ал-Фуркан. Наар. 34 (31)

Ghastly grim and ancient Raven...*
(*Сүрдүү, көөнө кузгун…)
E.A.Poe

 

1

Күнгө какталган жер. Алыстагы көгөргөн тоолор күндө түнкүсүн жамгырдын суусунан ичип, күндүз килейген дөөлөрчөсүнөн аппак булуттарга оронуп алып уктаганына таарынган бөксөлөр суусап, саргарып жатат. Алар эмнеге тоо болуп калбады? Эгер тоо болгондо, анда алардын бийик, асман тиреген чокуларын канат сермеп бүркүт айланмак, кылымдарды карыткан аска-зоолорун аралап текелер жүрмөк, денесин токой басып, жапендес кожогат менен тармал бүлдүркөн каптамак.

Ал эми алар азыр минтип саргайып жатат. Жазында бир аз көгөрүмүш болгон чөптөрдү кайнаган жайдын күнү куйкалап таштады. Алардын үстүн айланып болгону кузгун учат... Же алар өрөөн болуп калбаптыр. Анда эң кур дегенде денесин адамдар темир тырмактары менен айдап, бир аз жибитип, анан үрөн сепкенде, күзүндө алар ал үрөндүн ордуна эгин кылып кайтарып бербейт беле. Же бак болуп гүлдөп, айлананы кубандырып турмак. Бирок алар болгону гана саргарган бөксөлөр; алар тээ илгертен бери тапталган бойдон сумсайып, өз тагдырларына нааразы, эч нерседен үмүтү жок, тилеги жок, томсоруп жатат. Мына, эми дагы аларды тынч койбостон, бирде алыстагы даңгыр жол менен дарылдап, ичтеринен кара түтүн бүркүп, жүргөн жолун бүт чаңызкытып, унаалар өтөт, бирде жылгааларын аралап, кээде атчан, кээде жөө, бирин-серин адам басат. Анысы аз келгенсип, алардын айрымдары жин тийгендей кыйкырып да жиберет. Тигине, дагы бирөө кыйкырып жатат:

– Эй, тоолор! Биз силердин уулуңарбыз!..

Айла жок, жооп бериш керек:

– Э-эй, тооло-ор... Биз силердин уулуңарбы-ыз...

Анан бөксөлөр кайрадан үңүрөйүп калды.

Кыйкырган киши дагы жалгыз эмес болчу, анын жанында шериги бар эле; алар экөө жарым айдан бери ушул жол менен өтүп, дайыма ушинтип ызы-чуу салып, бөксөлөрдүн тынчын алат. Кээде алар:

– Тоолор! Бизге сырыңарды ачкыла! – деп да кыйкырат.

Анан алар нары четтеги жапыз бөксөнүн үстүнө чыгып, ал жерди каза баштайт.

Алардын эмне издеп жатканын бөксөлөр билбейт, мүмкүн, илгери ак чулаң, узун бойлуу, көк көз адамдар бекиткен кенчтерди издеп жүргөндүр. Бирок аларды баягыда эле бир топ киши келип, кээ бир жерлерин күрөктөрү менен чукулап, кээ бир жерлерин жөн эле трактор менен сүрүп салып, ала турганын алып кетпеди беле. Балким, дагы бир нерсе калгандыр – аны бөксөлөр унутуп деле койду: кенчтер бекитилгенден бери далай мезгил карып, бул жерди далай элдер тепсеп өткүн...

Бөксөлөр чарчады. Жапыз дөбөлөрдүн ичинен эң эле найүмүт каксоолор ушулар болчу. Кышкысын чала-була карга көмүлүп, ызгаардын суугунан бекинип келгенде, кантар маалынын сонору кызгангансып ал кардын бүт шыпырып кетет; андан кийин бөксөлөр кайрадан бозоргону бозоргон.

Бир жылдан бери аларды айланып кузгун гана учуп жүрөт. Ал азырынча жалгыз, бирок жем табылып, ал аны көздөй атырылганда, каяктан келе калганы белгисиз, кузгундар жайнап, бир паста ошол жерди каптап кетет.

Кузгун көптөн бери ушул бөксөлөрдү айланчыктап учуп калды, балким, ал тигил алачыкты саялап жаткан экөөнүн казган чуңкурунан бир нерсе үмүт этип жатабы. Былтыр бул жерден алыс эмес, тээ көл тарапта алар үчүн чоң бир той болгон; ал той айланадагы курт-кумурсканын баарын козгоп, иттердин бүт чогултуп, арам оокатка көнгөн жан-жаныбар, перенделерди жыргаткан. Эмнегедир ошондо адамдар мурун кылымдар бою жердин астына терең бекиткен өлүктөрүн, кенчтерин кайра сыртка чыгарып, аларды баш аламан таламайга салган. Көптөгөн аралыкта эсепсиз адамдын сүлдөрү, алар менен кошо көмүлгөн малдын сөөктөрү, байыркы шаарлардын уранды-чалдыбарлары чаңызкытып казылган топурактын арасынан оркоюп көрүнүп, байыртан тынбай кайталануучу шаар ордун баскан талаалар сыңары жайылды.

Кечке чейин улам жакындап, бирок чаңызкытып иштеп жаткан элден коркуп жалтанып, кайра-кайра учуп айланган кузгундар ал жерден кетпей койду. Кечкисин адамдар үй-үйлөрүнө кеткенде, алар ээн талааны каптап калат. Бул жерде көбүнесе илгери эле куурап-какчыйып калган сөөктөр болчу, бирок кээде арасында жаңы көмүлгөн өлүктөр да чыгып калса, кузгундар анын үстүн үйүлө каптап, чети ирип бузула баштаган этти биринен бири талаша тыткылап жеди.

Кийинчерээк кишилер көбүрөөк келди: алар мүрзөлөрдү аңтарып, сыртка чыгарылган сүлдөрдүн арасынан чукулап издеп отуруп, бирөөлөрү туугандарынын өлүктөрүн, бирөөлөрү окшоштуруп божомолдогонун, кимиси капка салып, кимиси унаага жүктөп алып кетип жатты. Акырында талаада илгери көмүлүп, бара-бара тукуму түгөнгөндөрдүн гана сөөгү калды. Бирок кузгундар аны да чанган жок.

Бир күнү талаа эч нерсе калбай ээнсирегенде, кузгундар бул жерден жоголду. Ким билет, алар башка жакка жем издеп кеттиби же алардын да ичер суусу түгөнүп жок болдубу, бирок азыр ушул саргарган талааны, какыраган бөксөлөрдү аралап жалгыз гана бир кузгун учат. Ал дале мурунку мүрзөнү түнөк кылат, бирок дембедем тээ Чычкандын көк кашка суусу ийри-буйру агып капчыгайдан чыккан жеринен баштап, бери Көдүл, Ничке дайраларына чейин учуп барат.

Бул жолу кузгун Көдүлдөн нары өткөн жок: ал тигил эки адам казып жаткан чуңкурун айланчыктап учуп жүрдү. Албетте, баягыдай чоң той болбойт, бирок ким билет, балким, оозго илинээрлик да бир нерсе чыгып калаар...

Кузгун көктө калкып калды. Тигил экөө дале эс алып жатат, эмнегедир алар акыркы маалда көп жатчы болуп алды. Биринчи күндөрү алар ишке катуу киришкен, үндөрү дагы шаңдуу чыгып, тамашалап, бир аптадай экөө тең дилгир жүрдү. Бирок убакыт өткөн сайын бара-бара чарчадыбы же жаңы ишке кумары тарадыбы, эми минтип кичине эле шылтоо болсо улам бири жата калып, жарым күндөн эс алат. Ал эми кузгун чыдамсыздык менен аларды айланып учуп, анан алардан үмүт үзүп, түштүктөгү алыста күнгө чалкып-чагылышып жаткан көлдү карай багыт алат. Бүгүн дагы күн өз адатындай башталды: кузгун алачыкты эки-үч айланып учуп, бүгүн деле тигил экөөнөн эч нерсе чыкпай турганына көзү жетип, көлдү карай шашылды.

Көлдөн деле анын үмүтү аз: кээде гана кайыкчан кишилер торлоруна түшүп калган ит балык, майда чабакты жээкке таштап, бир аз жем чыкпаса, көпчүлүк учурда кузгун көк мейкиндикти бир сыйра айланып учуп эле, анан кайра кургакка качат.

Тигил экөө болсо дагы эле көлөкөдө жатат...

 

2

Абыл көктө калкып учуп жүргөн кузгунду серепчилеп карады. Бул минеге ле бизди айланып учуп калды? Каердендир бир өлүктү көрдү бекен? Бирок көрсө, анда ал дароо конмок. Же аны бирөө чочутуп жибердиби? Кузгун өлүк болбосо да, анын жытын сезип турат дешет, ошол чын болду бекен?

Абылдын денеси селт этти. Кузгундун сүрү ле жаман... Жылан менен карышкырдыкындай. Аларды көргөн адам өзүнөн өзү ле коркуп турат. Минеге андай болду кен?

Селесеби басылганча Абыл бир аз унчукпай отурду. Анан жанында жаткан Кайымды түрткүлөдү.

– Кайым! Кайым!..

– Мине? – Кайым тескери оодарылды; көлөкөдө жатса да, ал саратан күндүн табынан нымшып алыптыр.

– Кайым, билесиңби, минеге ле кузгун менен жыландын сүрү дүмөк салат?

– Билбейм, – деп күңгүрөнүп алды тигил, дале уйкусурап жатып, өзүнчө тамшанып. Бир маалда ал чоочуп тура калды. – Сага мине болду, йа, Абыл?

– Эчтеке, – Кайым жанагы коркконунан сыр алдырбай күңк этти.

– Анда минеге жылан менен кузгунду сурадың? – Кайым эки жагын жалтактап карады.

– Жөн эле... Эчтеке деле болгон жок, коркпо, – Абыл жылмайымыш этти. – Мен тиги кузгунду көрүп сурадым.

Кайым дагы асманды карады. Алардын үстүнөн бир кузгун айланып учуп жүрүптүр.

– А-а, мен болсо бирдеме болдубу дептирмин, – ал кайрадан тескери оодарылып жатып алды.

Абыл унчукпай отурду. Эртеден бери алмак-салмак бири чуңкурга түшүп казып, бошоткон топуракты челекке салып, экинчиси үстүндө туруп аны тартып алып, топуракты сыртка төгүп жатып алар катуу чарчашкан экен. Кайым коңурук тартып кирди, Абылдын да тургусу келген жок. Мейли, жата берсин. Мен да бир аз эс алайын. Бизди ким шаштырмак эле? Же биз бир милдеттенме албасак...

Ал кайрадан асманга тигелип кыялданып калды. Алтын! Кандай укмуш угулат! Аны качан табабыз, йа? Алтындын кандай болорун көрөлек да кемин, ал кандай болду кен? Китептен окугам, кинодон көргөм, бирок алтындын өзүн көрбөптүрмүн... Алтын тиш салдыргандарды көргөм, бирок шаңшуур бойдон алтынды көрөлекмин. Ал кандай болот болду кен?.. Анын денеси бүт бир дуудамал титиреп чыкты. Чын эле, ал кандай болду кен? Жөнөкөй ле ташка окшошпу же... Абыл алтынды эмне менен салыштыраарын билбей койду. Же сары, жалтырак элеби? Ошо таш үчүн кишилер жанын да сатып ийет, а? Адам адамды, тууган тууганын деле өлтүрүп коёт дейт. Бир эл да экинчи элди ошо үчүн кырат экен. Ошо алтын үчүн кишилер канча кыянатчылыкка барат дейсиң. Тобо!.. Абыл башын чайкады. Мага мине болду, йа? Алтынды таппай атып ушунча ойлонуп, акылыман айнып баратам, анан аны тапканда мине болом, йа? Абыл башын мыкчып, көмкөрөсүнөн жатып алды. Уктоого аракет кылды, бирок көзү эч илинбей койду. Күн тим эле кайнайт! Ушундай ысыкта Кайым кантип уктап атты кен? Ал мине тердебейби? Мен бир паста ле жүдөп кетем. Кээ бирлери кара терге түшүп, нымшып деле уктай берет, мен болсо анте албайм. Башым дароо ооруп чыгат...

Ал кайрадан тескери оодарылды. Асман көкмөк! Туптунук! Ушундай көктө куш болуп учуп жүрсөң, кандай керемет! Тээ тиги кузгундай. Жок, ал арам оокат жейт, андан көрө... бүркүттөй. Килейген канатты кагып коюп, улам бийиктеп учуп, астыңдагы кибиреген кишилерди үстүнөн тиктеп жүрсөң, а? Алдыңдагы майда, бүжүрөйгөн кишилер бири бирин алдап, бири бириникин уурдап, бири бирине кошомат кылып, бири бирин ушактап атканын көрүп, угуп, анан өзүңчө аларды шылдыңдап, ичиңен сөгүп коюп жүрсөң, кандай жыргал!..

Кузгун дале асманда учуп жүрөт. Ал минеге кетпейт? Кашайгырдыкы, же ал бирдемени сезип турабы? Таш ыргытсаң да жетпейт. Биякка минеге келе койдум экен? Абыл коңурук тартып уктап жаткан Кайымды жалт коюп карап алды. Ушунун эле кылганы. "Алтын бар, мен ишенем" деп коёт. Илгеркилер көрүнгөн эле жерге алтынын беките бергидей айбан беле? Карасаң, өзүнүн тыркыйып жатканын... Археологдор айткан имиш. Жапыз бөксөлөр байыркы байлардын көрү миш. Мен да айбанмын айтса ле макул боло койгон... Же кетип калсамбы? Анда буга айтып коюшум керек да, качып кетти дебесин. Бирок анда ал кайрадан баягы сөзүн баштайт. "Мен алтынды өз көзүм менен көргөм" дейт, "өз көзүм менен көрбөсөм, мен да башка бирөөгө ишенбейт элем" дейт, "сен мага ишенбейсиңби?" дейт. Укпай ле кетип калсамчы? Анда мине ушуга чейинки мээнетим текке кетеби? Менсиз ал алтынды өзү таап алсачы? Ошончо алтындын бүт өзү алабы?..

Саратандын ысык табы бир аз качып калган, бирок ошентсе деле сумбула түшкөнчө күн кайнап, өчөшкөнсүп жерди күйгүзүп жатты. Бозоргон бөксөлөр, саябандуу каксоону айланып учкан кузгун... Көпкө ооналактап жатып, Абыл акыры уктап калды. Түшүнө бир болбогон нерселер кирди: топураган аттардын кишинегени, адамдардын кесилген баштары, боздогон аялдардын кошогу. Абыл чоочуп тура калды. Кара терге түшүп алыптыр. Башы да ооруйт. Ал Кайымды түрткүлөдү.

– Кайым! Кайым, тур, саат беш болуп калыптыр...

– Мине?.. Мине болду?

– Тур, караңгы кирелекте бир аз каза түшөлү...

Кайым ордунан козголуп, сыйпаланып отурду да, анан колуна күрөгүн кармаган бойдон Абылдын артынан ээрчиди. Ысыктын табы алардын шайын кетирип койгондой, экөө тең беш-алты кадам шилтеп эле токтоду.

Абыл күндү заарканып карап алды.

– Кайым, – деди ал артындагы шеригин көздөй бурулуп. – Биерде алтын жок деле болсо керек го...

– Бар, – Кайымдын кыжыры келгенсиди. – Бар. Мен айтпадым беле. Биз аны табабыз. Сөзсүз табышыбыз керек. Эгер мен алтынды өз көзүм менен көрбөсөм, бирөөнүн сөзүнө ишенбейт элем. Биз алтынды табабыз, сөзсүз табабыз.

– Бирок окумуштуулар алтынды башка жерден тапкан да...

– Баары-бир табабыз, – Кайым чечкиндүү басып дөбөнүн үстүнө чыкты. – Окумуштуулардын бирөө айткан, "жапызыраак бөксөлөрдүн көбү ле байыркы байлардын көрү" деген. Ал эми ошолор өлгөндө, алар менен кошо дайыма байлыктарын да көмчү кен...

Абыл күрөгүн чуңкурдун ичине ыргытты да, анан өзү дагы артынан секирип түштү.

– Мейли, алтынды таптык дейли, – ал челекти жанына койду. – Анан... анан аны кантип акчага айландырабыз? Алтынды көтөрүп алып дүкөнгө барбайбыз да, а?

– Албетте, – деди Кайым; ал Абыл толтуруп койгон челекти чуңкурдан сууруп тартып алды. – Албетте, биз дүкөнгө барбайбыз. Ириде ле биз бир тиш догдурду табабыз, аны менен жакшылап сүйлөшөбүз, анан... анан ага улам четинен сата беребиз. Кайсы ле киши пайда көрбөйүн десин?..

Ал челекти кайра чуңкурга ыргытты. Абыл ороону кеңейтип чукуп, бош топурактан улам челекке салып берип жатты, Кайым үстүнөн челекти тартып алат да, чуңкурдун кырына төгүп коёт.

– Тапсак жакшы болот эле, – Абыл демейдегидей кыялдана баштады. – Тапсак, жыргап жатып калмакбыз... Мен бай болсом... Мен бай болсом, анда мен шаарга барып жашамакмын. Аяктан мен бир келишкен там сатып алат элем. Мен күнүгө ресторандан гана тамактанмакмын...

– Охо-о, сен алтынды таппай туруп эле байыдың го! – Кайым жылмайды. – Ириде алтынды табыш керек, анан гана аны кантип коротушту ойлой бер.

– Чын эле, Кайым, биз чын эле алтынды тапсак, сен аны кантип коротот элең?

– Менби? – Кайым ишин токтотуп, ойлонуп калды. – Мен биринчи ле атамы Маскөөгө алып бармакмын. Аякта чоң профессорлор бар дейт, мен аларга атамы көргөзөт элем. Атамы айыктырат болчум...

– Анан?.. Анан дагы мине кылат элең?..

– Дагыбы? – Кайым өз кыялынан бир аз уялып кеттиби, анын өңү өзгөрүлө түштү. – Дагы... мен... окууга барат элем. Институтту бүтүп, бир чоң кызматка турат элем, – бир аздан кийин ал кайра эсине келгенсиди. – Бирок биз али алтынды табалекбиз. Иштеш керек... Келе челекти, кеч кирип баратат.

Абыл дале кыялынан ойгоно албай оор үшкүрүндү да, анан шеригинин кебине кызыгып, жанына коюп алган челекти кайра толтура баштады.

– Ке, мен түшөйүн, – деди Кайым.

– Азыр... дагы бир аз иштейин, – Абыл күндү дагы бир карап алды: чыйылдаган аптаптын ысыгы дале кактап турду. Эми ал кыялдарынан биротоло кутулуп, челекти кырына чейин толтуруп берди.

Үстүндө турган Кайым челекти тартып алды...

 

3

Курбунун кырында отурган кузгун канатын сермеди. Ал жарым жыл бою учуп жүргөн жолу менен кайрадан айланып жөнөдү: дале көлдү көздөй барып, жээкти бир сыйра карап чыкты да, анан Көдүл тарапка бурулуп, акырында тигил иштеп жаткан экөөнүн үстүндө калкып калды. Кишилер ороону итабар тереңдетип коюптур.

Күн тоолордун чокусуна минип калган: жакында тигилер кетет, ошондо кузгун жерге бир аз конуп, ал чуңкурдан бир нерсе чыга турганбы көрүп келсе болот. Азырынча алар кызуу иштеп жатат. Кузгун дагы бир имериле учту.

Бөксөлөр дале үңүрөйөт, алыстагы көлдүн үстү майда толкундардан жыбырайт.

Кузгун абдан картаң болчу: туулган жылы эсинен чыгып деле калды, өлөр маалы болсо алигиче көрүнбөйт. Ал нечен жылдарды карытып, кылымдарды башынан кечирди; анын өмүрүндө далай тоолор жаралып, көлдөр пайда болду, далай тоолор жоголуп, көлдөр соолуду; миңдеген адамдар ордунан козголуп, бирөөлөрү жоо болуп, экинчилерин чаап алды; бирөөлөрү ачарчылыктан качып, жер үстүндөгү жайнаган жолдордо кырылды; бирөөлөрү токчулуктан көөп, мезгил ченеминде чууруп отуруп, дайынсыз жоголду; ошол аралыкта токойлор өрттөнүп, анын оң канатынын учу күйдү, кыямат күнүндөгүдөй добулдар жаап, анын сол канаты сынды; кузгун ага да карабастан, күндү тосуп күүлөнүп, түнү тыныгып, кайра таң аттырып, жер басып айланып, мезгил басып айланып, элдерден дагы, өлкөлөрдөн дагы, асман тиреген аска-зоолордон дагы, чексиз жайылып, жеткен жеринде кыштактарды, шаарларды жуткан көлдөрдөн дагы узакка жашап, бирде мезгилди капшырып, бирде мезгилдин тынымсыз агымына кошулуп, кээде тоону, кээде түздү тегеренип учуп жүрү берди. Кузгундун өмүрүндө дүркүрөгөн тойлор да болгон, убактылуу жансоо күндөр да болгон: эсинде, илгери ал бул жерден алыс, тээ тоолор кыркасынын кадуусунан башталган талаалардын үстүндө учуп жүргөндө, ал жакка жоо жайнап келип, аттары менен такырды сазга айландырып, жааташкан эл бири бирин кырган – ошол жылдары кузгун, жору, ак кажырлар үйүлүп алып, аябай бир тойгон. Эсинде, дагы бир жолу чоң той кургакчылык заманда болгон: анда адамдар колдоруна курал албай туруп эле, аттарынын тизгинине алы жетпей, жөө темселеп, бел-белде, жон-жондо чачырап, ашуулардан өткөнгө алдары келбей кырылган – анда кузгундар ашты жалгыз аймаган. Бирок эң мыкты майрам аларга жакында эле болду: бул жерден алыс эмес аймакта куралчан адамдар замбиректерин сүйрөп келип, бөтөн элдин жарымысын талкалап, алеңгир салып, аламанды талап, көптөгөн чакырым аралыкта өлүктөрдү жайган. Андан кийинкиси – былтыркы той: бул жерде да кузгундар кунсуз калган жок. Дегеле алар алмустактан бери кундар менен келатат: бирде көп, бирде аз, бирок дайыма ток.

Кузгун кырды айланып учту, тигил экөөнүн казганынан бир нерсе чыгып калса, айланадагы шимшилеген иттерге алдырып жибербейин деп, алыс кеткен жок. Эң негизгиси – жемди убагында ээлеп калуу керек, антпесе кээде төрт аяктуу иттер дагы алардын оокатынан баш тартпайт. Албетте, алардын арасында да каадасыздары бар, алар айрым учурларда кузгундар менен жем талашып калат. Бирок көбүнчө алар бирөө ээлеп койгон жемге тийбейт. Алар чиренип басып, жолунда учураган жемге бирөө тиш салып койгон болсо, аны жыттап көрүп, тийбей өтүп кетет. Эмнесине каадаланат: өнгөндөн өнгөнүн ал да. Баары-бир бардык жандын бараар жери бир, арамбы, адалбы сурак дагы бир.

Акыркы маал дуудамал болуп баратат: кээде жашыган эт дагы табылбай калат. Анын үстүнө эки аяктуу адамдар деле азыр аздыр-көптүр кузгундардын ашына кол сала баштады; алар мурун анча-мынча тандап жеген оокаттарына алымсынбай, барган сайын наарларынын санын көбөйтүп жатат. Илгери бул жерлерде суулары балыкка толгон дарыялар акчу, жээктерин жаңгел-токой каптап, алардын арасында перенделер жайначы. Азыр алардын бири да жок: адамдар шаркырап аккан дарыяларды тороп, ар нерселерди курду, соолуп бараткан суулардан балыктар жоголуп, жеминен айрылган куштар бул жерден биротоло кетти. Эми кээде катар тизилип, тегеректи ызы-чууга толтуруп, кайрак жерлерди сагалаган турналар эле өтпөсө, бул аймактан башка куштар учпай дагы калды. Мурун ылачындар жолунан иле келген перенделердин калдыктары кузгундарга артып калчу, эми алар да жок. Жада калса, ылачын-бүркүттөр өздөрү бул жерден жоголду. Албетте, алар кузгундар үчүн бир топ коркунуч алып келчү, анткени кээ бир учурларда ачарчылык болуп адамдар канаттуулардын, курт-кумурскалардын баарын жей баштаганда, алар өз жеминен айрылып, акыры барып арамдан да баш тартпай калчу. Ошентсе да алардын учкул канаттары, катуу тырмактары кузгундарга абдан жардам берчү: кээде алар жемге жетпей калганда ошол кыраандардын кешиги аларга артып турчу. Кандай гана болбосун, анын тагдырына арманы жок: ушул жердеби, башка тараптабы, акыры келип баары-бир бардыгы анын жеми болот. Адамдар бири бирин кырабы, жан-жаныбарлар жуттан өлөбү, баары бир бардыгы келип кузгундун курсагына түшөт. Дале адамдар согушта таймаша берсин, дале жырткычтар азууларын канга матыра берсин, баары бир айланып отуруп акыры кузгун баарын жейт, бардыгын жеңет.

Ал эми жашоо деген укмуш нерсе, анын баркын тирүү туруп гана билесиң! Көктө тегеренип учуп, астыңдагы улам өзгөрүлүп жаткан дүйнөнү үстүдөн туруп байкап жүргөнүңөн өткөнү барбы? Жерден көтөрүлө албай бүжүрөйүп, бири биринин канын ичип жашоо көргөн эки буттуу, төрт аяктуулардын баары келип акыры сенин жемиң болоорун билгениңен жыргалы барбы? Башкалары кыбырай берсин: жан талашып жер тыткылап, жака жыртып биринен бири ала качып, жем издеп урушуп отуруп аздыр-көптүр өмүр сүргөнүнө сүйүнө берсин – акыры алардын бараар жери белгилүү. Кайда бармак эле? Баары-бир турмуштун агымында жүрүп отуруп, акырында ушул кузгундун курсагына келип түшөт да...

Кузгун кайкып учту, ал саяңды жанып өтүп барып кайра дагы бөксөлөргө багыт алды. Көкөлөп канат жайып калганда, жыландай ийри-буйру созулган жолдогу кичинекей караан анын эртеден бери жалдыраган көзүнө илинди. Ал эки-үч имерилип учуп, анан жерге жакындап барды. Жолдун тең ортосунда бир нерсе жаткансыйт, анысы унаа жаңы эле уруп кеткен ит окшойт. Кузгун ээнсиреген даңгыр жолдун четиндеги коркойгон ташка барып конду. Бирин-серин унаалар өтөт, наркы өйүздөн атчан бирөө бара жатат. Кузгун бир пас күтүп турду да, айланада эч ким калбай жымжырт боло түшкөндө, өлүктүн үстүнө учуп барып конду. Эт көп жанчыла элек экен: ал этияттык менен иттин денесин эки-үч чукуп көрдү, анан даам таткандан кийин чубалжытып ичегисин бери сууруп алды. Алыстан унаанын дабышы угулду, кузгун кайра барып таштан орун алды. Унаа дарылдап, артынын бүт чаңызкытып өтүп кетти. Кузгун тумшугундагы ичегини бир аз эрмектеди да, кайрадан канат сермеп өлүктүн үстүнө конду, акырында жүндүү теринин арасынан улам чукуп этти жей баштады. Бул анын бүгүнкү
күндөгү биринчи наары болчу...

 

4

Күн тоолордун кырында тоголок топ болуп илинип калды. Дагы бир аз шооласын төгүп турат да, анан көздөн кайым болуп жердин нары тарабына томолонуп кетет.

Кайым жармадан ичкиси келип, нары жактагы алачыктын түбүнө басып барды. Ошол маалда чуңкурдан Абылдын кыйкырыгы угулду:

– Алтын!.. Алтын!..

Кайым чуңкурдун жанына чуркап барса, тигил чын эле колунда жалтыраган бир нерсени кармап туруптур.

– Карачы, Кайым, алтын, – деп мактанды Абыл, кубанычын көкүрөгүнө батыра албай так секирип. – Мен алтынды таптым...

Ооба, Абылдын колундагы алтын экен: ал күнгө чагылышып, туш тарабына жаркыраган нур таратып турду. Эми сүйүнгөнүнөн Кайым дагы кыйкырып жиберди:

– Алтын!.. Биз алтынды таптык!..

Анын кубанычын көргөн Абыл ого бетер секирип, айлананы ызы-чууга толтурду. Бакырып-өкүрүп жатып ал үстүндөгү Кайым бир аз секирип эле басылып калганын, анын унчукпай ойлонуп турганын байкаган жок. Ал эми Кайым ойлонду, катуу ойлонду. Байлык деген кыйын турбайбы: бирде ал колго илинбей көпкө качып жүрөт, анан бир күнү эле күтпөгөн жерден колго толо калып, адамды алагды кылат. Мына, эми дагы байлык Кайымды сынап турду. Анан... биринчи таш чуңкурду көздөй учту, анын артынан дагы.

– Мине болду, Кайым? – Абыл жалтанганынан какап калгансыды. – Кайым, бу мине кылганың?

Ал эми Кайым унчукпай таштарды аны карай ыргыта берди. Ошондо гана Кайымдын жалындаган көздөрүн, калчылдаган денесин көрүп туруп Абыл бир нерсени түшүнгөнсүдү – ал чоочуп кетти. Бирок эми кеч болуп калган: килейген бир таш учуп келип так анын көкүрөгүнө тийди.

– Кайым-аке!.. Бу мине кылганыңыз, Кайым-аке? – деп жалынып жиберди Абыл. – Алтынды сиз эле алыңыз... бүт-баарын алыңыз, Кайым-аке!.. А-а!..

Акыркы чыңырык көпкө абада илинип турду. Ал эми Кайым болсо ага да карабай ороонун ичине таштарды ыргыта берди: ал бирде күрөктү ала коюп, бирде колу менен топуракты шилеп чуңкурдун ичин толтуруп жатты. Акырында чарчаганда ал бир үшкүрүнүп алды да, эси ооп ороонун кырына көмкөрөсүнөн кулап түштү.

 

***

...Бөксөлөр сумсайып үргүлөйт. Алар бүгүн дагы тынч жатып эс алган жок. Жанараак бир пас жымжырт боло түштү эле, бирок кийин тигил экөө бакырып-секиргенде аларды кайрадан ойготуп жиберди. Анан тигил датпайрат алардын уйкусун биротоло качырды. Дагы эмне болуп кетти? Кайрадан илгерки замандагыдай адамдар согушта бири бирин кырып жатабы? Бирок андай болгондо бул жерге жайнап эл келип, аттарынын темир такалары менен бөксөлөрдү тепсеп өтмөк, жаанын ууланган октору алардын денесине сайылып, жылгаалардан кан дайра болуп акмак. Ал эми бул чыңырык бир гана жолу чыгып, ошону менен тып токтоду.

Же тигил экөө чын эле бир нерсе таап алдыбы? Адамдар бөксөлөрдү казып, ал жерден бир нерсе тапканда дайыма ушундай датпайраттар угулчу. Анан ушул сайды аралап жалгыз гана бир адам үйүн карай кетчү. Кээде бири дагы кетпей калчу – бөксөлөр андай окуяны да көргөн.

Албетте, бул окуя тигил экөө казган жерде болгон эмес, анда азыркыдай артынан кара түтүн бүрккөн унаалар жолду чаңызкытып жүрчү дагы эмес. Бул окуя тээ илгери болгон. Анткени менен бөксөлөр бүт-баарын угуп дагы, көрүп дагы турат, болбосо алар бекеринен катар тизилип алган дейсиңби, алардын кулагы дагы, көзү дагы бир эмеспи.

Ошол күнү адамдар качандыр бир оо дүйнөгө сапар тарткан улуу көсөмдүн мүрзөсүнө чыгып келген. Азыркылардан айырмасы – алар үчөө эле. Дагы бир айырмасы – алар буларга окшоп мурчуйбай, тескерисинче, өтө шайдоот келген, каткырып күлүп, үлпөт курган. Алардын жашы да булардан улуурак болчу. Улам шараптан ичип коюп, бири бирин күүлөп отуруп алар алмак-салмак каза берди. Алар дагы булардай болуп бирине бири достугун көп кеп кылган, эгер тапсак кенчти тең бөлөбүз деген, кеп байлыкта эмес, адамгерчиликте деп анткорлонгон. Кыскасы, алар деле карапайым адамдардай жүргөн.

Анан акыры алар бир кумган толо алтын таап алды. Динар, дирхем, дилделер экен. Ал кездин кумгандары дагы оңбогудай килейген эле, ошондуктан көтөрүүгө бир кишинин алы жетмек эмес. Мүмкүн, дал ошол себептен алар үчөө болуп келгенби. Айтор, алар дагы сүйүндү, алар дагы так текедей секирип, анан акыры тымтырс боло түштү. Анан алар ич ара минтип сүйлөштү:

– Махмуд! – деп кайрылды экөө бирөөнө. – Махмуджан, шаарга барып нан менен шараптан дагы апкелбесең болбой калды го. Алтын колубузда турганда каякка шашмак элек. Андан көрө черибизди жазып, кенчти бир аз жуубайлыбы. Чарчап-чалыгып да калдык.

Акыйкаты, алар бир аптадан бери тынымсыз иштеген.

– Мейли, достор, барса барып келейин, шаарга чейин алыс деле эмес го, – дейт да Махмуд, анан эң жашы болгондуктан жолго түшөт. – Болгону мен келгенче силер алтынды бөлүштүрүп койгула, макулбу? Эми достордой болуп тең бөлөсүңөр го дейм, йа?..

– О, кокуй, Махмуджан, ал мине дегениң? Кантип эле биз сени алдап коймок элек? – берки экөө аны жоошутат. – Кам санаба да, беймарал шаарга барып келе бер... Анан ошону менен жоголуп кетпе, тезирээк кел...

Махмуд кетип, берки экөө байлыкты кайтарып кала берет. Анан Махмуд бир кыйла алыстаганда, биринчиси экинчисине кайрылат:

– Юсуфжан, сен алтынды чын эле үчкө бөлгөнү турасыңбы?

– Жок, – дейт тигил.

– Анда канчага бөлөбүз?

– Биз аны бөлбөйбүз, – деп таңгалдырат тигил.

– Минеге? Бөлбөйбүз дегениң кандай?

– А мына мындай! – деп туруп тигил канжарды шеригинин жүрөгүнө матыра саят.

Беркиси ооз ачканда үлгүрбөй жан таслим болот. Андан кийин тигил жалгыз калган киши өлүктү сууга алып барып таштайт. Өз ишин бүтүргөн соң канкор кенчине кайтып келет да, чапанын көлөкөгө жая салып бир аз эс алып жатат.

Ошол маалда тигил шаарга кеткен жигит жолдо келе жатып минтип ойлойт: "Мен мине ушу акмактар менен алтынды бөлүшүп отурамбы? Андан көрө шарапка уудан кошуп койбоймбу, алар ичип уулана берсин..." Ал жолдон бир жылаанды кармап, анын оозундагы уусун кумгандын ичине сарыктырып алат да, ошол бойдон аны күтүп отурган шериктерине жетип барат. Бирок дөбөгө чыкканда ал шериктеринин бирөө жок экенин көрөт.

– Тиги каякка кетти? – деп сурайт Махмуд.

– Суу апкелем деп кетти го, – деп коёт Юсуф. – Ичип-жегенге бирдеме апкелдиңби?

– Тигини күтө турбайлыбы, – дейт анда Махмуд, шарабынын ууланганын тигил үчүнчүсү билип койбосун деп чоочуркап.

– Ал эмеле кеткен, эми качан келет дейсиң? – Юсуф чыдамсыздык менен оокат-ашты карай колун жаңсайт. – Апкел, өзүбүзчө баштай берели.

Махмуд эңкейип куржунун аңтара баштаганда, Юсуф аны дагы канжары менен бир сайып өлтүрөт.

– Акмак!.. Ылайым эле өлүп кал! – деп каргаганга зорго үлгүрөт Махмуд.

Юсуф анын сөздөрүн этибар албай кумган менен нанды алып чыгат да, шашпай отуруп шарапты ичет. Ошентип бир пастан кийин ал өзү дагы Махмуддун жанына жыгылып мүрт өлөт.

Мына, ошентип кенч издегендердин арасынан артка кайткандары өтө сейрек учурайт. Бирок бөксөлөрдүн аны менен деле иши жок, жөн гана эч ким алардын тынчын албаса болду.

 

***

Кайым ойгонгондо ире-шире болуп калган. Ал онтоп зорго турду, эки колу тең тытылган, далдары сыздап ооруйт. Ал чуңкурдун ичин бир сыйра карап алды: топурак-таш додо болуп үйүлгөн, бүгүн аларды чыгарууга чамасы келбейт.

Кайым шылкыйган бойдон бөксөлөрдү аралап жөнөдү. Асман ачык. Бир маалда Кайым өзүнүн бекингенсип уурданып баратканын сезди, жылгалардын арасында аны бирөө аңдып тургансыйт. Жок-жок, мени ким аңдымак эле? Биздин биерге келгенибизди эч ким деле билбейт... Бирок кабатырлык баары-бир анын тынчын алып турду. Мүмкүн, Абылдын кыйкырганын дагы бирөө-жарым угуп койгондур? Кайымдын денеси бир сыйра титиреп чыкты, ал чыйрыккансып күрмөсүнө оронуп алды. Укса мине кен? Ооба, кыйкырды. Мен кыйкырдым десемчи? Менин эми кыйкырганга да акым жокпу?..

Кайым чоң жолго чыкты. Жанынан шуулдап өтүп жаткан унааларды улам карай берип, акыры андан да тажады. Болду эми, машинеси барларга суктанган күн да бүттү. Эртең, ашып кетсе бүрсүгүнү мен да машинелүү болом. Бир эмес, керек болсо эки машинелүү деле болом. Келишкен там сатып алам, шаардан... Ошондо...

Алдыда Токтогулдун жаркыраган оттору көрүндү, Кайым тезирээк басты. Мине кылам биерден кетип? Пулуң болсо, биерде деле жыргап жашасаң болот. Бейишти алыстан издеп мине кыласың? Жүрбөйбү Токтогулда деле шылуундар. Аларга башка шаардын кереги мине? Машине десе машине, там десе там, ресторан десе ресторан, кыздар десе кыздар... Акча деген ошо кен да! Мине кылам десең – өз эркиң... Анда дагы жапжаш кыздарды салып жүрүшөт. Тээ Чычкандын ичинде чоңдордун тамы бар, алар жумасына бир ошояка барып, чер жазып келет. Райондун артис кыздарын, тогузунчу, онунчу класстын кыздарын апарышат. Ириде өздөрү баштайт, анан кийинчерээк ошо кыздарды шаардан келген чоңдорго салып берет. Эң мыкты ашпоздор тамак-ашын жайнатып салат, артистери ырдап турат, кыздары болсо тигилердин кучагында жатат. Бир жолу бир башкарма досунун кызын апарган экен, аерде өзүнүн кызын башка бирөө алып отуруптур дейт. Атасын көргөндө кызы купкуу, кызын көргөндө атасы кыпкызыл болуп кетиптир. Бирок баары-бир ошолордун жашоосу жыргал экен да! Мен бай болсом, мен да ошондой жашайм... Кайым өзүн эмитен эле шылуундарга кошулуп алгандай сезип, арышы чоң, басканы олуттуу, көкүрөгүн жайып келе жатты. Кыздарды ириде ле милийсалар бузат имиш. Алар кечеден келаткан жаш кыз-балдарды кармап, эркектерин үйүнө кетирип, кыздарын атаңарга, мектепке айтабыз деп опузалайт экен. Анан жүрөгүн түшүргөндөн кийин аларды каалаган жакка салып бара берет да. Өздөрү аларды каалаган маалда алып кетет. Же мен да милийса болуп алсамбы?.. Кой, кокуй! Милийса менен оорукананын бетин нары кылсын... Бир маалда ал тык токтоду. Азыр эле өзү ороого көмүп таштаган Абылды, анын жалдыраган акыркы сөздөрүн, кулагынын тарсылдагын жара тургандай акыркы чыңырыгын, үйүндө ооруп төшөктө жаткан өзүнүн атасын, соо туруп анын жанына байланган өзүнүн апасын эстей коюп, анын кабагы кайра бүркөлө түштү.

Кайым бутунун учу менен басып үйгө кирсе, али эч ким уктай элек экен: атасы бурчта онтоп жатат, апасы ашканада идиш-аякты кылдыратып жууп жүрөт. Кайым унчукпай өз бөлмөсүнө кирип кетти. Жата турган жайына жеткенде гана ал өзүнүн катуу чарчаганын толук сезди: анын тезирээк жаткысы келди.

Ал жаңы эле чечинип даяр салынган төшөккө кыйшая турган болгондо, атасы адаттагы өзүнүн узак жөтөлүнө кирип алды. Анан ал бирөөнү чакыргансыды, Кайым аны бир аз тыңшап отурду. Дабыш башка чыккан жок, Кайым төшөгүнө кирип жатты. Ошол учурда бөлмөгө апасы кирди.

– Сага мине болду? – деп сурады ал. – Бүгүн аябай кечиктиң го...

– Жөн эле, – Кайымдын чарчаган өңүн көрсөткүсү келген жок. – Мен оокат ичпейм, апа...

Апасы кайра чыгып кетти. Ашканада Кайымга деп куюп койгон оокаттын үстүн жаап жатканда анын көздөрү жашка толо түштү. Баласы мына жыйырма жетиге чыгып калды, бирок алигиче үйлөнүү тууралу кеп козгобойт. Аны менен теңдери алды эки-үч балалуу болуп калды, ал эми Кайым болсо дале бойдок жүрөт. Же ал атасынын катуу ооруганын көрүп унчукпай жүрөбү? Антсе балам имандуу кен. Кээ бир балдар атасы оорумак түгүл, өлгөндүн эртеси деле катын апкелип атпайбы... Бирок балам тиги Ташболоттун кызына сүйлөшүп жүрөт дебеди беле, ага мине болду кен? Же кыз аны чанып кеттиби? Ким билет?.. Ким билет?.. Азыркы жаштарды түшүнүп болбойт: бир жолугушуп, бир таарынышат. Болбогон майда-чуйдага деле таарынып, анысы үчүн бактысынан баш тартканы минеси кен?.. Бирок Ташболоттун кызы турмушка чыккандай деле болгон жок эле, анда минеге жолугушпайт? Же Кайым башка жигиттердей болуп көчөгө да чыкпайт: күндө керээли-кечке иштеп жүрүп, караңгы киргенде кайтат да, төшөккө жетээри менен уктап калат. Мына, эми дагы апасы минтип аны ойлоп, көз жашын төгүп атканын билбей уктап атат.

 

5

Кайым эртеси түшкө чейин уктады. Турса, колдору бүт тытылып, ооруп калыптыр. Анысы аз келгенсип, күн да аябай ысып берди. Кайым жуунуп, салкын бөлмөгө кирди да, сыналгыны койду. Начар эле бир нерсе болуп жатыптыр, ал сыналгыны кайра өчүрдү. Тамеки тартып, көпкө жатты, анан үргүлөп отуруп, кайрадан уктап кетти. Ойгонгондо күүгүм кирип калыптыр. Кайым туруп барып ашканадан оокаттанды да, караңгы кирээри менен жолго чыкты.

Сейрек учураган унаалар эле болбосо жолдо эч ким жок. Кайым бөксөлөрдү карай бурулду, эч ким байкаган жокпу дегенсип бир-эки мертебе артын кылчактап карап алды. Эч ким көрүнбөйт.

Ал акырын басып, дабышын бирөө угуп койбойбу дегендей демин чыгарып-чыгарбай жүрүп отурду. Абыл көмүлгөн дөбөгө жакындаганда чыккысы да келбей кетти, жүрөгү түкүлдөп согуп, акырында ал биротоло токтоп калды. Барсамбы же барбай ле койсомбу? Үшүнө келгенде ал секин кадам шилтеди. Бирок эң кыйыны аны алдыда күтүп турган экен: казылган бөксөгө жеткенде эмнегедир анын алтынды да алгысы келбей калды, тезирээк бул жерден качкысы келди. Ушул маалда баягыда Абыл сүйүнүп кыйкырып жатканда ойлогон машинеси, чоң там, үйлөнүү, чоң шаарга барып окуусу, күндөгү ресторан, эң мыкты кийим-кече – бүт-бардыгы азыр анын алдында кызыгын жоготуп койгонсуду. Кайымдын айласы кетип, кыймылдабай нес бойдон катып калды. Ал арт жагын дагы бир карап алды: бир да караан көрүнбөйт. Жок, алтынды алышым керек, антпесем мен минеге анда Абылды өлтүрдүм? Сөзсүз алышым керек... Ал чымырканып, бөксөнүн үстүнө чыкты. Күрөк-кетмен дале чуңкурдун четинде жатат. Кашайгырдыкы, буларды да бекитип койбоптурмун! Бирөө-жарым көрүп калса мине болот?.. Бир аз деми кыстыкканы басылганча туруп, анан ал бош топуракты чуңкурдан алып чыга баштады. Ириде күрөк менен ой келди ыргытып жатты, анан бир маалда додонун астында Абыл жатканын эстей коюп, анын денесине тийгизип албайын деп этияттык менен четтеги шагылдарды колу менен шилеп кирди. Кийимдин чети көрүнгөндө Абыл жерге чөгөлөп отуруп, колдору менен акырын тегерегин тазалады. Өлүктү топурактан тазалап бүтүп, аны бурчка жөлөп койду. Күрөк эч жерине тийбептир. Алтынды издемек болуп колуна кайрадан күрөктү алып жатып бир маалда ал Абылдын кубарган бетин карай койду. Өлүк ага жылмайгансыды, Кайым коркуп кетти. Анан ал бүт күчүн чогултуп чымырканып, артын карабай шашып-бушуп алтынды издей баштады. Шашпа, эч шашпа, кылдаттык менен кара. Алтын кичинекей, аны бу караңгыда ушунча топурактын арасынан көрбөй калышың да мүмкүн. Шашпа... шашпа... Бирок колдору ага баш ийбей калтырап, ал улам күрөктү түшүрүп жиберип жатты. Шашпа... шашпа... Акырында бир нерсе жалт эткенсиди, Кайым ошол замат күрөктү таштап, колдору менен жерди чукуй баштады. Жакшылап кара, биртике алтынды байкабай каласың, шашпа... шашпа... Колу бир катуу ташка илинди, анын денеси чымырап кетти. Шашпа... шашпа... жакшылап кара... Ал титиреп отуруп топурактан кокучтап, аны кылдаттык менен карап жатты. Канчалык аракет кылса да денеси солкулдап, колдору тоготбостон шагыл-таштарды сыйпалай берди. Шашпа дейм... шашпа... Мындайда эмнени гана ойлобойсуң, Кайымдын мээсинде бир нерсе кылт этти: Абыл өлгөн эмес болсочу?.. Азыр ал артыман мени тиктеп, ичинен күлүп коюп байкап отурган болсочу?.. Кайым кыймылдабай ордунда катып калды. Ал бурулгандан коркуп, бурулса эле өлүк азыр аны уруп жиберип же кекиртегине асыла тургандай бардыгына даяр турду. Тымтырс. Саратандардын гана ыңылдаганы угулат.

Кайым секинден артын карады, анан өлүктү тиктеген бойдон нес болуп катып калды. Чын эле өлүк аны тиктеп күлүп жатыптыр. Тобо! Тобо! Кудай, сактай көр, сактай көр... Кайым бурчка жабышып, анын колдору өздөрү эле ороонун кырына илинип калды. Азыр кичине эле жел жүрүп, өлүк кыймылдап кетсе, ал ороодон октой атып чыгып, экинчи бул жерге келбес болуп безип жөнөмөк. Бирок өлүк кыймылдаган жок, ал болгону гана Кайымды тигиле карап, аны шылдыңдап күлүп жаткансыды. Ал эми чуңкурдун түбүндө, Кайымдын дал бет маңдайында айдын жарыгына чагылышып алтындын учу чыгып турду. Алгының алтынды, ал... Же тигил Абыл алып коёт... Алгының алтынды, тезирээк ал... Жүрөгүнүн түкүлдөгөнү бир аз басылганда, өлүктү дагы бир жалт карап Кайым эңкейди да, алтынды чукуп алды.

 

***

...Бөксөлөр кичине үргүлөп кеткен, бир маалда алар ачуу чыңырыктан ойгонду. Дагы эмне болду? Кечеги үйүнө жалгыз кеткен адам бүгүн кайра келгенин алар көргөн, бирок минтип кыйкырык кайра кайталанаарын күткөн эмес. Болоор иш кечээ эле болбоду беле, чыгаар чыңырык кечээ эле чыкпады беле, анан эми дагы эмне болуп кетти?

Кыйкырыктан кийин ый угулду. Ал секин, жапыз үн менен башталып, бара-бара күчөп отуруп акырында дапдаана чыга баштады. "Абыл, минеге мени алдадың? Бу алтын эмес турбайбы, минеге аны мага айтып койбодуң? Же сен да муну алтын дедиңби?" – ый айлананы жаңыртып жатты.

Мындайды бөксөлөр эч күткөн эмес: чуңкурду казып бүткөндөн кийин үйүнө жалгыз кеткендердин бири дагы шериктерин минтип жоктотуп ыйлабайт эле. Алар ала турганын алып, унчукпастан бөксөлөрдү аралап караан түндө жоголчу да, ошол бойдон артына кайтчу эмес, кайтканы дагы минтип сыздап-боздоп ыйлачу эмес. Ал эми бул адам болсо көпкө жаңгап ыйлап отурду...

Бир пастан кийин чуңкурдун үстүндө караан көрүндү. Ал кыйналып, онтоп отуруп ороодон бир нерсени тартып чыгарды. Ооба, мындайга бөксөлөр көнүп калган, түнкү иштердин көбү дал ушундайча аяктачу. Эми тигил адам өлүктү көтөрүп алып бөксөлөрдү аралап жөнөйт. Ал тээ нарагырактагы дайранын боюна барып өлүктү ошол шаркырап аккан сууга таштайт. Дайра дагы өз милдетин билет: ал тигил байкушту толкундарынын арасына катып алып элдин көзүнө көрүнбөгөн жерге, тээ ак кар баскан тоолордун түбүндөгү көлгө барып бекитет.

Караңгы түндүн иштери дайыма ушундай аяктачу, бул жолу дагы ошондой болду.

 

6

Кайым үйүнө таң атаарда келди. Анын сумсайган бетиндеги тер менен жаштын тактарын, ыйлай берип шишиген көздөрүн, карала-торала, айрым жеринде кан уюган колдорун апасы менен атасы көргөн жок, алар уктап жатыптыр. Уйкусун бузбайын деп Кайым каалганы акырын ачып, бөлмөсүнө жылт коюп кирип кетти. Бөлмөнүн ичин жарык кылбай караңгыда сыйпалап отуруп ал төшөгүн тапты да, кийимчен эле жылуу жууркандын ичине кирип кетти. Бир аз чыйрыгып калыптыр. Ал көпкө уктай албай койду, оюна да эч нерсе келбейт, майда-чуйданын баары башында чаташып, улам бирин экинчиси сүрүп чыгып жатты. Мине балээ болуп кетти? Кандай наалат мени буга түрттү? Тагдырым ушу беле? Бирок тагдырымын милдети мени ушунча жыл бою турмуш айлампасына салып жүрүп, эми акырында минтип четке түртө салууда беле? Пешенеме жанган жылдызымбы? Анда минеге ал мени ушундай абалга жеткирип, анан эми куткараарда өчүп калды? Же бирөөнүн каргышыбы? Анда минеге ал мени ушуга чейин аяп жүрүп, анан эми минтип бир үмүткө илингенде келип асылды? Балким, натообанын иши ушинтип күтпөгөн маалда келишиндедир?..

Кайым атасынын демин тыңшады: атасы бирде оор дем алып, бирде анын деми токтоп да кеткенсийт. Кайым буга көнүп деле калган – атасы ооруп, төшөктөн турбай жатканына бир топ жыл болду. Байкуш апасы анын жанынан чыкпай күндөп-түндөп баш жагында отурчу, кээде гана күзү илинип кетип, анан түшүнөнбү же сезиминенби чоочуп, кайра ойгонуп алчу. Ойгонгондо да чын эле билгендей ойгонот: көп убакыт өтпөй атасы же онтойт, же аны чакырат. Ал эми апасы болсо атасынын оозунан сөз чыга электе ага керектүү нерсесин алып келип берчү. Мунун баарын байкаган Кайым көпкө таңгалып жүрдү. Атама мине керек экенин апам каяктан билет? Же отуз жыл чогуу жашап алар бири биринин оюн айттырбай эле түшүнүп калганбы? Көпкө тыңшап жатып эми гана Кайым апасы менен атасынын деми да бирдей чыкканын байкады. Жүрөктөрү да бирдей какса керек. Отуз жыл чогуу жашап жакшылыкта да, жамандыкта да бирге жүргөн кишилер ушундай болуп калат турбайбы. Кайым өзүн өтө жалгыз сезди. Мен да ушинтип отуз жыл ынтымакта жашай турган, менин мине каалап жатканымы айттырбай билген жарымы табаар бекем?

Ал Дамираны эстей койду. Алардын ортосунда эмне болуп кеткенин Кайым өзү деле түшүнүп-түшүнбөй калды: эч нерсе деле болбогондой, бирок алар бара-бара алыстап отуруп кийинчерээк экөө биротоло жолукпай калды. Минеге? Мине болуп кетти? Же тиги классташынын айынанбы?

Бир күнү Кайым Дамираны бир бала менен көргөн, бирок анда ал буга анчалык деле көңүл бурган эмес: тигил жигитине окшобойт, алар теңтуштарчасынан алыс аралыкта басып, кээде гана бир-эки сөз алмашып коюп келе жатат. Кайымды таарынтканы – Дамира тушма-туш келгенде аны байкамаксан болуп өтүп кетти. Андан кийин ал Дамираны тигил бала менен дагы эки-үч жолу көрдү, бирок ошондо да тигилердин ортосунда кандайдыр бир мамиле бар экени анын оюна келген эмес. Классташтарынын бири го деп койгон. Жарым жылдан кийин гана Кайым тигил бала Дамиранын мектепте жактырып жүргөн жигити экенин укту. Анда да ал буга анчалык маани берген жок. Анын минеси бар экен? Биз деле мектепте окуп жүргөндө "сүйдүм-күйдүм" ойночу мес белек, бирок андан эчтеке деле чыккан эмес: окууну бүтүп бардыгыбыз туш тарапка тарадык. Ошондо мектепте ынаак болгондордун бири да баш кошкон жок...

Бирок Дамиранын тигил классташы менен жолугушканы канчалык көбөйгөн сайын Кайым экөөнүн ортосундагы жарака дагы ошончолук чоңоё берди. Анан акырында ал жолдошторунан тигил баланын атасы башкарма болуп иштей турганын, тигил Дамиранын атасына куда түшүп койгонун укту. Бир жолу Кайым ишине баратып чоң жолдон баягы бала Дамираны "Волга" машинесине салып өткөнүн көрдү. Алар көлдү карай баратса керек. Мурун Кайым аз да болсо кээде Дамирага барып жүрчү, ал эми ошол окуядан кийин биротоло барбай калды.

Минеге мен оңой жеңилдим? Минеге күрөшпөй туруп эле артка чегиндим? Бу менин чыккынчылыгым да... Ал өзүн дайыма ушинтип жемелечи, бирок бир пастан кийин эле кайра актанып кирчү. Күрөшкөнүм менен мине пайда? Менин атам башкарма болбосо же алдымда минген машинем болбосо. Анан ал аял затын бүт бир сыйра жек көрчү. Азыр дагы Кайым көнгөн адатына кирип алды. Бир убакта ал баягыда Абылга айтпай койгон күбүн эстей койду. Анда ал айтмак, эгер мен алтынды тапсам, мен келишкен кара "Волга" сатып алам демек, анан мен ошо машинеге минип, жаныма бир сулуу кызды отургузуп алып Дамиранын тушуна барганда катуу пипилдетип, анан аны байкамаксан болуп өтүп кетем демек. Бирок эми анын ою ишке ашпай калды: Абыл эмне болгонун билбей калганда да ал өзүн өзү кыйнап, өзүн өзү жазалап отуруп, акыры анын жашоосу өз маанисин, өз жыргалын жоготуп коёт. Болду, ойнодуң, жигит... Минеге? Минеге тагдырдын каргышы издеп жүрүп отуруп жайнаган адамдардын арасынан мени гана тандады? Менин күнөөм минеде? Ошо алтынды жалгыз өзүм алгым келгениндеби? Бирок менин ордумда башка бирөө болгондо, ал деле ушуну кылмак да, же андай эмеспи? Анда менин күнөөм минеде? Минеге тагдыр мени гана жазалайт? Ансыз деле мен бу турмуштун жыргалын толук көрүп жарыган жокмун го, ансыз деле менин өмүрүмдө жакшысынан жаманы көп болду го. Анда минеге тагдыр мага улам жалаң азаптарды чогултат, улам кыйнап биринин артынан бирин жамандыктарды жиберет? Кайым бир маалда өзүнүн жашоосун, өз тагдырын каргап жиберди. Ал көзүнө жаш алып өзүнүн туулган күнүнөн баштап азыркы учурга чейинки бүт өмүрүнө наалат айтты.

Бирок анын тагдырынын мындайча чукул бурулушу бул жерде эмес, тээ алыскы борбордо чечилгенин ал түшүнчү эмес, анын ушул кыянатчылыкка баруусунун түйүнү беш жыл мурун эле кимдир бирөөнүн акылына кирген долбоор менен тыгыз байланышта болгонун билчү да эмес. Ал долбоор боюнча байыркы Кетмен-Төбө өрөөнүн үч тараптан тең бөлгөн Нарын, Чычкан жана Узун-Акмат дарыяларынын суусун пайдаланып Токтогул суу сактагычы курулушу керек эле, ошондуктан бул гүлдөп турган өрөөндөгү эл башка жайга көчүрүлмөк болгон. Ириде бул аймакты илгерттен бери абаттап келаткан эл бир сыйра дүрбүп, адамдардын арасында ар кандай имиштер тарап жүрдү. Бирөөлөрү: "Кыстап болсо дагы элдин баарын көчүрөт имиш,"– десе, экинчилери: "Жок, өкмөт күтүп тура бермек беле, беш жылдын ичинде ким көчүп кетпесе, алар суунун астында кала берет экен,"– дешти; дагы бирөөлөрү: "Кокуй, анда мине, бизди, тамдарыбызды суу каптатып жибереби?"– деп чоочушса, экинчилери болсо аларды сооротуп: "Жок, болгону мүрзөлөр, мазарлар гана суунун астында калат экен,"– дешти. Эки-үч жыл эл арасында ушундай дүрбөлөң болуп туруп, анан тынчып калды.

Кайрадан тополоң геодезисттер келгенде башталды. Бирин-экин сарала кийинген, бирээри көз айнекчен эркек-аялдар аймакты изилдеп, чар тарапты эсептеп, жергиликтүү калкты таңырката өздөрүнүн түшүнүксүз, буга чейин беймаалым иштерин аткарып, жер-жерлерде чапкылап Кетмен-Төбөнүн туш тарабынан көрүнүп жүрдү. Жергиликтүү калк аларды бирде таңгалып-суктанып карап, бирде алардан чоочуркап, тигилердин эмне кылып жаткандарын түшүнө албай баштары катып маң болду. Бирок Токтогул шаары жаңы жерге көчөөрүнө алардын көздөрү эми даана жетти, ошондо даарип-ушактар кайрадан күчөдү. Кээ бирлери тагдырды сынап отурбайлы деп баш аламан боло электе бөлөк жерге дароо көчүп кетти, калгандары дуу-дуу кеп салып, мындан нары эмне болоор экен деп күтүп жүрө берди. Бир күнү геодезисттер Токтогулдан кетип калды. Кайрадан жымжырт боло түштү.

Бирок дембедем борбордон Кетмен-Төбөгө ар кандай адам келип-кетип турду, ошондо элдин дуулдаганы кайра башталды. Эң акырында өрөөндүн ичин изилдегени археологдор келди. Алар бул жерди суу басып кала электе изилдөөлөрдү тезирээк бүтүрүп алалы деп жардамга жергиликтүү адамдардан жумушчуларды чакырды. Дал ошол маалда Кайым дагы ишке орношту. Анда ал аскерден жаңы келип, дили зарынчылыкка берилип турган убагы, иш да аны өзүнүн бөтөнчөлүгү менен кызыктырды.

Ошондогу бир окуя алигиче анын эсинен кетпейт: күндөрдүн биринде алар адаттагыдай эле жерди казып жатканда жумушчулардын бирөө ыргыткан топурактын арасынан бир нерсе күнгө чагылышып жалт дей түштү. Муну байкап калган айланадагылардын бардыгы кыйкырып жиберди. Анан ошол замат алар тигил баланы тегеректеп калды. Жайнаган эл үйүлгөн топурактын арасын тыкандык менен карап отуруп акырында ал жерден чын эле алтын тапты. Карк алтындан жасалган жолборстун куймасы экен. Кийинчерээк издеп отуруп алар дагы бир жерден короздун куймасын тапты.

Ошол күндөн баштап Кайым тынчын жоготту: күндөп-түндөп анын ойлогону эле алтын. Жада калса, анын түшүнө тынбай эле короз менен жолборс кирип туруп алса болобу. "Байлыктын баары жерде", "Атанын топурагы алтын" деген макалдарды эми ал түз түшүнүп, эртеден кечке жерди чукуганы чукуган. Кээде Кайым жумушчулардын арасында иштеп жатып, эгер азыр кокусунан алтынды таап калса тигилер аны көрүп койбосун дегенсип топтон бөлүнүп, кишилерден четке барып алысыраакта өзү жалгыз иштечү. Анткени менен анын мээнети акталган жок: канчалык жан талашып иштебесин, канчалык тырышпасын баары-бир ага алтындын өзү эмес, анын сөлөкөтү дагы көрүнбөй койду.

Бир жылдан ашыгыраак өткөндөн кийин изилдөө иштери токтотулду, эл эмгек акысын алып үй-бүлөөсүнө тарап кетти. Кайым аскерден мурун айдоочулукка үйрөнүп машине айдоо укугун алган, ошондуктан ал шаарчадан четте турган ветеринардык станцияга ишке орношту. Бара-бара археологиялык иштин ызы-чуусу токтоп, турмуш мурунку өз калыбына кирди, бирок алтын жөнүндөгү ой Кайымдын жүрөгүн өйүп эсинен эч кетпей туруп алды.

 

7

Эртең менен аны апасы түрткүлөп ойготту.

– Кайым!.. Кайым! Тур, сага киши келди...

– Ким? – Кайымдын тургусу келген жок; ал ойгонгону менен тескери оодарылып алды.

– Тур, балам, Абылдын апасы чакырып атат...

Абылдын уйкусу заматта ачылып кетти.

– Азыр... Азыр чыгам, апа,– ал туруп, шашып-бушуп кийине баштады.

Мине десем? Абылды каякка кетти десем? "Билбейм" десемби? Жок, анткеним болбойт. Ага эч ким ишенбейт, экөөбүз кеткенибизди баары ле көрбөдү беле. Мен да аны эки күндөн бери көрөлекмин десемчи?.. Ойлон, тезирээк ойлон, бирдемени тап... Кайым шымынын багалегин таппай, улам бутунан чалынып, ого бетер айласы кетип жатты. Абыл ошо күнү Торкенге барам дебеди беле! Ооба, ошо күнү ал Торкенге бармак болчу...

Кайым Абылдын апасына дал ушундай жооп берди.

– Анда ал таякесиникине кеткен турбайбы,– деди Абылдын апасы.

Бардыгы туура. Абыл таякесиникине кеткен, ал эми анын жеткенин-жетпегенин мен билбейм.

Кайым кайра келип, төшөгүнө жатты, бирок уктаганы жок. Ал өзүнүн Абыл менен биринчи жолу таанышкан күнүн эстей кетти. Чунак бала, алар биринчи күнү ишке чыкканында эле кыялданып кирген.

– Алтын тапсак, мен анда шаарга барып жашайм,– деген ал.– Аякта мен артисттердей кийинип, күнүгө ресторандан гана тамактанам...

– Чын эле, Абыл, сага анча акчанын мине кереги бар?– деп такып сураган анда Кайым.– Анча акчаны мине кыласың? Татынакай кийинип, ресторанда жүрүшүң үчүн эле мынча убаранын сага кереги мине?

– Жок,– деп жооп берген Абыл. Кайым Абылдын китептегидей ойлогонун ошондо эле байкаган.– Жок, жалаң эле ресторан үчүн эмес. Мен атам менен апаман дайыма акча сурап, аларга көз каранды болгум келбейт. Дегеле чалдардан пул алсаң эле, эч качан эркин болбойсуң. Алар сага дайыма насаат айта беришет. "Муну кылба – уят, тигини кылба – жаман болот,"– деп жадатат. Менин эркин болгум келет...

Ооба, Кайым мындай сөздөрдү далай уккан, китептерден дагы окуган. Бирок жашоо китептегиден он эсе татаал да! Кайсы гана китептен окуба, акырында дайыма чындык менен акыйкат жеңип чыгат, ал эми турмушта бардыгы тескерисинче. Мурун байлар дагы ле бай, мурун кедейлер дагы ле кедей. Менимче, муну эч кандай ыңкылап деле жеңалбайт. Анүчүн адамдардын аң-сезими өзгөрүлүшү керек, антпесе эчтеке кылалбайсың. Болбосо, минеге бирөө чоң кызматка жетип алса ле, өзүнүн туугандарын, досторун тааныбай калат. Бу дүйнөдө ачарчылык, оору, өлүм жоголмоюнча, адам эч качан эркин болалбайт.

– Жо-о, мен эркин болом,– деп доолуланган ошондо Абыл.– Акчам көп болсо ле, мен эркин болом.

– Акчаң көп болгон күнү дагы толук эркин болалбайсың,– деп ого бетер кыжырына тийип койгон Кайым.– Акчаң толуп туруп, бирок өзүң ооруп, оокат ичалбай отурганыңын минеси эркиндик? Акчаң жайнап турганда да, сенин артыңан бийликтегилер аңдып турушса, эркиндигиң минеде?

Буга Абыл эмне деп жооп берээрин билбей калды; ал бир маалда шүмүрөйүп, өңү-башы бузулуп, баягы дилгири, зарынчылыгы жок, алдындагы жерди бирөө тээп жибергенсип, айласы кетип, бир байкуш боло түштү. И, кана жанагы тайманбастыгың, кана жанагы эр жүрөктүгүң? Кайым анда ууртунан бир жылмайып койгон. Тим эле экилене берген болобу? Жүрөгүңүн үшүн алдырып бүтүпсүң го, анан кантип эркин болосуң? Сенден өткөн бир шылуун капшырып киргенде ле, ыштаныңа коё бересиң... Анан байкушка Кайымдын кайра боору ачыган.

– Эркин болуш үчүн, эчтемеден коркпош керек,– ал ошондо Абылды үйрөтө баштады.– Сен байлыкка да, бийликке да байланбашың керек. Тууган, дос дегенди унутушуң керек. Кыйынчылык, оору, өлүм дегенден коркпошуң керек, ошондо гана сен чындап эркин болосуң. Бирок сен анда дербиш болуп кетишиң керек. Байлыгың болсо, эл сени бай деп кууп алат. Бийлигиң болсо, алар сени кызматынан пайдаланып атат деп куушат. Мине, байлардын эле түйшүгү жок бекен? Алар ошо байлыгын коруп, эч качан эркин болалбайт. Падыша, дегеле кызматтагылар дагы эркин болалбайт, анткени алар төңкөрүш, ыңкылаптардан коркот. Эгер сен чындап эркин болгуң келсе, анда сага алтындын дагы кереги жок, акчанын дагы кереги жок. Дегеле дүйнөнүн кереги жок. Ал эми алтының болсо, анда сен өмүрү кул болосуң, түшүндүңбү?..

– Жок, мен эркин эле болом, акча менен деле, алтын менен деле эркин болом,– баятан бери Кайымдын кебин денесинин бүт калчылдап угуп отурган Абылдын эми гана сүйлөөгө кудурети жетти.– Мен бай болсом эле, эркин болом...

Кайым тигинин калчылдаган денесин көрүп чочуп кетти да, анан аны соорото баштады:

– Мейли, Абыл, эркин болосуң. Акчаң да болот, эркин да болосуң...

Бирок ал өзүнчө жылмайып, тигини ичинен шылдыңдап койгон. Э-э, достум, аны дагы көрө жатаарбыз: камгактай болуп, тамыры жок, көрүнгөн жерде тентип жүрүп, шамал айдаган жакка улам ооп кете берип, акыры ушу жерге келип, туугандарыңы, ата-энеңи кыялбай, көр оокаттын аркасынан чуркап калаарсың. Анан Кайым кайра атасынын оорусун эстеп, эмнегедир өзүнүн дагы бир жакка кетип калгысы келип, кандайдыр бир дагы башка турмуш болушу керегин түшүнүп, ошол турмушту эңсеп туталанды. Э-э, андай турмуш болсо кана? Эгер адам абийир, жоопкерчилик дегендин баарын унутуп, жалаң гана өзүнүн керт башын ойлоноор күн барбы кен? Бир пастан кийин ал оор үшкүрүндү. Бирок адам антип жашай албайт, андай жашоо болбосо деле керек...

Минеге болбойт? Адамдын өзү жөнүндө ойлоого укугу жокпу? Анын өз ою менен жашоого акысы жокпу? Кылымдар бою адамдар азаттыкты эңсеп, анүчүн баштарын баталгага коюп, көкүрөгүн окко тосуп келишпеди беле? Кылымдар бою адамдар ыңкылыпка көтөрүлүп, жаңы турмуштан үмүт этип, кандуу жолго аттанышпады беле. Мына, эми алар болбогонду болдуруп, акыл сыйбаганды сыйдырып, кулчулуктан кутулганда, аларга ким тоскоолдук кылалат? Өзүбүзбү? Ар бирибизде жашаган, энебиздин сүтү менен муундан-муунга өтүп келген кулчарлыкпы? Демек, адамзат эч качан кулчулуктан кутулбайт экен да? Ана, бир жаш бала эркиндикти эңсеп, өзү каалаганды жасагысы келди ле, мен аны ойроң кылдым. Ал азыр көлдүн каегинде жатты кен? Кайымдын деми кысыла түштү. Адамды өлтүрүү анын оюнда жок эле, тескерисинче, ал мектепте деле, көчөдө деле өзүнөн кичүү балдарга болушуп, көбүнчө ошолор менен дос болчу. Мүмкүн, ал Абыл менен дагы дал ошол себептен алтын издөөгө чогуу чыккандыр, анткени тигил өтө эле жаш болчу, мүнөзү дагы жоош. Кайым орой, тентек балдарды жаман көрчү. Алардан коркчу эмес, тескерисинче, алар Кайымдан сестенип турушчу. Ал эми Кайым беркилердин одонолугун, мактанчактыгын жактырчы эмес. Дегеле ал бир нерсеге манчыркаган кишилерди жаман көрчү.

Анан минеге мен өзүмөн жаш, алсыз Абылга таш ыргыттым? Же алтынды көргөндө, акылыман айныдымбы? Эх, алтын, алтын! Сенин кылаар ишиң ушубу? Адамдардын ортосундагы ыркты бир паста бузуп, биринин канын бирине төктүрүш сенин максатың беле? Мейли, алтын го алтын болсун, бирок мен минеге өзүмү токтото алган жокмун? Минеге мен ошо сары ташты көргөндө ашынып, өзүмү өзүм кармай албай койдум? Ал эми ишти жаңы баштаганыбызда менин оюм дегеле башка эмес беле: анда мен биз алтынды тапсак, экөөбүз тең бөлүшөбүз, экөөбүз тең ойлогон максаттарыбызга жетебиз дегем....

– Анда мен да китептегидей ойлосом керек,– деп онтоду Кайым, кимге кайрылганы белгисиз.

Ал китепти көп окучу. Мектепте эле ал китепке аябай кызыгып, сегизинчи сыныпка чейин жалаң жакшы бааларды алып жүргөн. Анан атасы ооруп калып, эки күндүн биринде төшөктө жатчы, ошондуктан Кайым акча жетишпегендиктен эки жыл мурунку кийимдерин жамачылатып кийип жүрдү. Ал мектепке барганда, сыныпташтарынан, мугалимдеринен уялып, ызаасынан окууну деле таштап койгусу келди. Нечен жолу үйдө ушул тууралу чыр-чатак, жаңжал болду; нечен жолу ал мектепке барбайм деп, үйүнөн качып кетип, түнү менен үшүгөнүнө карабастан, көчөдө отурду? Бирок атасы аны алдап-сооротуп, апасы колуна биртике тыйын-тыпыр берип, кайрадан мектепке жөнөтүшчү. Кайым жолдо баратып: "Баары-бир мен мектепке барбайм, баары-бир мен окубайм,"– деп ыйлап-кобуранып, бирок мектептин короосуна кирээри менен эч кимге көздөрүнүн жашын көргөзбөй, аарчынып алып, анан мектептин босогосун аттачы.

Кайым менен бирге класста Тайлак деген бала окучу. Ал мектепке дайыма түрдүү кийинип келип, теңтуштарынын бардыгын атасы туш тараптан алып келген буюмдары менен кызыктырып, алардын сугун арттырчы. Анан дагы Тайлактын келишкен мопеди бар эле: ал күнүгө анысын минип алып, түштөн кийин мектептин короосуна кирип келгенде, балдар, кыздар дебей аны тегеректеп алышчы. Ошондо тигилердин ар кимиси кызыл түстүү мопедди колдору менен сыйпалап, Тайлактын ар бир сөзүнө жугуйланып жылмайып жаткандарын көрүп туруп, Кайым ичи ачышканынан топтон четке чыгып алчы. Ал ичинен ызааланып, тигил балдардын бардыгын жек көрүп, тилегинде өзү дагы ушундай мопеддердин бирине, жок, андан жакшысына келечекте ээ болгусу келчи.

Тайлакты мектептин мугалимдери да суктанып тиктешчи, анткени анын атасы жака белдеги колхоздордун биринин башкармасы болуп иштечи. Алар аны далистен жолуктурганда, жылмайышып: "Тайлакчик, иштериң кандай? Атаң жакшы жатабы?"– деп сурап өтүшчү. Ал эми математика мугалими Салима-эжеке болсо класстан жалаң гана Тайлакты байкачы: ал кичине эле бир нерсе болсо: "Тайлакчик, сен баштап берчи,"– деп турчу. Кээде ал Тайлактын атасы жөнүндө сурап келип, анан, жада калса, апасын да сурап жиберчи: "Тайлакчик, апаң курорттон келдиби? Тайлакчик, апаңа менден салам айтып кой, а, мейлиби?" Анда Кайымдын ыйлагысы келип: "Минеге? Минеге үйдө ооруп, төшөктө жаткан менин атамы эч ким сурабайт? Минеге бир да мугалим биздин акыбалыбызды сурап койбойт?"– деп ызаланчы.

Ичи ачышканы менен Кайым эч качан өзүн Тайлактын алдында төмөн түшүргүсү келбей, эч кимге сыр алдырчы эмес. Ал канчалык ызаланбасын, канчалык туталанбасын, ал баары-бир өзүн сыныпташынын алдында салабаттуу кармап, ичинен гана аны жек көрүп жүрчү. Менин андан минем кем? Мопедим жокпу – эчтеке мес, буйруса, мен да ошондой мопедге ээ болом. Түзүктөп кийиналбаймбы – шашпа, коё тур, жакшылап тырышсаң, сен да эртең акчалуу болосуң, ошондо каалаганыңы кийип, каалаганыңы ичесиң. Ал өзүн ушинтип соооротчу, өз максатына жетем деп, сабактарын аябай окучу.

Бир күнү математикадан текшерүү иш болуп калды. Мына, эми Кайым өзүн көрсөтмөк болду, эми Тайлак ким, Кайым ким экенин эл билсин деди. Тайлак да математикадан тың болчу, ошондуктан ал андан бир замат, бир көз ирмем болсо дагы мурун бүтүп, анан Салима-эжекесине, сыныпташтарына көргөзө эшикке чыгып кетиши керек. Ошондо Салима-эжеке дагы, Тайлак дагы, башка сыныпташтары дагы кимдин ким экенин түшүнөт. Кайым аябай тырышып отуруп, текшерүү ишин тез аранын ичинде чыгарып бүттү да, дептерин акырын алып барып, эжекесинин үстөлүнө койду.

– Мине? Бүттүңбү?– Салима-эжекеси таңгалды.

Кайым унчукпай башын ийкеди да, жанталашып тапшырмаларын аткара албай, башын мыкчып отурган Тайлак тарапты жалт коюп карап алды.

– Дагы бир текшерип көр, мүмкүн, ката болуп калып жүрбөсүн,– деди эжекеси.

– Текшердим, ката жок,– Кайым эшикти карай басты.

— Каякка?– деди эжекеси.– Отур! Ордуңа отур да, кийинки сабакка даярдана бер. Эшике чыкканга болбойт.

Кайым буга жооп кайтарбай, ордуна барып отурду. Тайлак биринчи бүтүргөндө, аны эшикке коё бермек. Мейли, чычалай беришсин, баары-бир мен алдыңкы болдум го. Кайым улам көзүнүн кыры менен Тайлакты карап коёт, тигил болсо башын дептеринен албайт. Кайым ошондо өзүн эң бактылуу сезген. Көрсүн, бардыгы көрүшсүн кимдин ким экенин...

Эртеси Салима-эжеке топ дептерди алып келгенде, Кайым текшерүү иштин жыйынтыгын чыдамсыздыгы менен күтүп алды. Ал Тайлакты дагы бир сыйра карап койду, тигил үн чыгарбай, кадалып отурат. Салима-эжеке дептерлерди нообатчы кызга берип, аларды окуучуларга тараттырды.

– Балдар,– деди ал бир маалда. – Мен силерге өтө оор тапшырма берип койсом керек, эч кимиңер туура чыгарбаптырсыңар... Анда текшерүү ишти бүгүн кайрадан жазабыз, мен силерге жеңилирээк тапшырмаларды апкелдим...

Айтпадым беле, эч ким чыгаралбайт! А мен чыгардым!.. Кайым ичинен курсант болуп, дептери колуна тийээрин күтүп отурду. Мен туура чыгаргам, муну мен жакшы билем. Мен жоопторун дагы текшерип, анан бергем. Мына, эми бирдеме деп көргүлө. Нообатчы кыз берген дептерин ала коюп, Кайым аны тез барактай баштады. Бирок текшерүү иш жазылган жерге жеткенде, ал анын текшерилбегенин көрдү. Дагы бир бетин ачып көрдү – ал жакта деле эч баа жок.

– Эжеке, меникин текшербептирсиз го,– деди ал, дептерин мугалимине алып барып берип.– Мына, эч жери текшерилбептир...

Салима-эжеке көпкө унчукпай, дептерди тиктеп турду да, анан актангансып акырын үн катты:

– Ооба, мен эч кимдикин текшерген месмин. Эки-үч ишти карасам, туура мес экен, ошондуктан тапшырманы бүгүн кайрадан берүүнү чечтим.

– Бирок меники туура да, мен туура чыгаргам,– Кайымдын үнү диркиреп кетти.

Эжекеси тапшырмасын дагы бир сыйра шашпай карап чыкты. Эч ката таппай койду көрүнөт, ал Кайымды сооротумуш болду:

– Мейли, туура чыгарыптырсың, – деди ал. – Муну чыгаргандан кийин эмки тапшырманы деле оңой чыгарасың...

– Жок, мен башка тапшырманы чыгарбайм!– Кайым кыйкырып жиберди.– Сиз ушул тапшырманы чыгарып, баа коюшуңуз керек болчу. А сиз болсо Тайлактын эле тапшырмасын көрүп, ал чыгаралбаганынан бизге кайрадан жаздырып атасыз. Мен башка тапшырма жазбайм!..

– Сен мине кыйкырасың, эй бала? Токтот кыйкырганыңы!– эми эжекеси дагы доолуланды.– Карасаң мунун чырын! Эркелесең үйүңө барып эркелегин! Бар, отуруп, жаңы тапшырманы жаз. Болбосо мен сага экини коюп салам. Карасаң муну, мага бакырып коёт...

Кайым унчукпай барып, ордуна отурду. Анын муундарынын бүт калчылдап, ал өзүн токтото албай, көздөрүнөн жаш мончоктой акты. Көпкө ыйлап отургандан кийин Кайым колуна калемсапты алды да, дептеринин таза бетине килейтип: "Салима-эжеке, мен сизди жек көрөм!"– деп жазып салды. Анан ал дептерди мугалиминин алдына коюп, өзү шашкан бойдон көчөгө чуркап чыкты.

Ошол эле күнү ал болгондордун бүт атасына айтып берди. Атасы эртеси күнү мектепке барып, анын иш кагаздарын алып келди да, Кайымды башка мектепке которуп алды.

...Алигиче бул окуяны эстеген сайын, анын денеси бүт калчылдап, муундары бошой түшөт. Бала болсо, ал азыр да ыйламак, бирок анткенде болбойт. Кайым тамдын шыбын тиктеп, көпкө делдейип жатты. Ыйлаганга эч болбойт.

 

8

Кузгун эки күндөн бери ачка учуп жүрөт. Баягыда бир өлүк иттин этин тытмалаганы болбосо, андан кийин дагы ар жерде биртике майда-чуйда перенделердин, жорубу, ак кажырбы илгенин илип алып, бирок аларды оокат көрбөй, кайра таштап кеткен калдыктарынан даам таткан. Ошондон бери кузгунга эч нерсе тийбеди.

Азыр ал адаттагы өзүнүн саякатын улантып, көлдүн жээгине учуп барды. Карк алтынга бөлөнгөн көөр сыңары көл керимселдин деминде калкып мемирейт. Кумдак жээкти айланчыктап бирин-серин ак чардак учуп жүрөт. Ушулардыкы эле жыргал экен: суудан алыстабай учуп отурушуп, өздөрүнө тиешелүү жемди табышат; көктөн сызып атырылып келишип, күндүн тегерегине азгырылышкан күмүштөй жалтырак балыктарды тумшугу менен илип алып, кайра асманга мелжип чыгышат. Анан алар жээкке жетип барышып, ал жерден шашпай оокаттанышат. Кузгун ак чардактарга суктана кетти: алардын өңү да ак, жеген оокаты да таза, айланып учуп жүргөн абасы да мелүүн. Кузгун тоолорду кырдап учту.

Кечээ ал тигил эки адам казып жаткан ороонун жанына барган. Кийинки мезгилде алар көрүнбөй калышты, иштерин токтотушту. Бир-эки жолу гана алардын бирөө караңгылап келип, бирок эч нерсе кылбай, курал-жарагын чогултуп кеткен, андан бери эч дайыны жок. Кузгун чуңкурдун жанына жакындап барды, этияттап туш тарабын карап алып, додо болгон топуракты айланып аралап чыкты. Эч нерсе көрүнбөйт, бир жерде гана нандын күкүмдөрү чачылып жатат. Бир убакта четкерээктен катуу дабыш угулду – кузгун чочуп кетип, канат сермеди. Ал чуңкурдан нары учуп барып конду. Шагыл аралаш топурактан учу чыгып турган гезит желпирүүн сыңары тыпырап жатыптыр. Корккон кузгун ал жерден биротоло учуп кетти; ошондон бери ал ороодон үмүтүн үздү.

Ал батыштан келген желдин агымына кошулуп, тоолордун кыры менен учту. Астыда бир да мурдар көрүнбөйт, сүлдөр да көзгө илинбейт. Кузгун кайкып келип, кайра эле көлдүн боюна конду. Кумдак ным тартып, улам биринин артынан бири шарылдап агып жаткан толкундар жээкке өздөрү менен кошо балыр-чырпыктарды чыгарып коюшат.

Акыры кузгун кургактан өлүк балыктарды тапты: суу менен кошо шыпырылып келген балыктар эмес, булар өтө эле көп, бирөөлөр тор салып, чоңураактарын тандап алышып, анан майда чабактарын таштап коюшса керек. Таштаганына да көп болуптур, бири да кыймылдап койбойт. Бирок кузгунга ушул деле жарайт. Ал шашпай, тамшанып тумшугун улам матыра коюп, балыктын бүт жеди. Бүгүнкү күн берекелүү болду! Кардын тойгузуп алып, кузгун турган жеринен канат сермеди. Эми анын канат кагышы жайыраак, салабаттуу болуп калды; көк мелжип учуп, ал астындагы кадууларды, кокту-колотторду бир сыйра өзүнүн менчигиндей айланып карап чыкты да, анан көңүлү да ток, курсагы да ток, түнөгүн карай багыт алды.

Ылдыйда ак көбүк болуп толкуган көлдү, мелүүн желге термелген эгин талааларын артта калтырып коюп, ал бирин-серин сүлдөр чачылып жаткан ээн жерге учуп барды. Сөөктөр мурун көп болчу, азыр алардын бүт жака белдеги кыштактардан жабылып келген иттер, дембедем тоодон түшүп келишкен чөөлөр талап, туш тарапка ташып кетишкен. Анын үстүнө, кээде жакындап келген суу таламайдан калгандын баарын жууп отуруп, жээкти көптөгөн аралыкка сазга айландырып таштаган. Күндүз бул тегерек-айлана сүкүт салып, жер-жерлерде пайда болгон дөмөрлөр ансыз деле буга чейин дүмөктөнүп келген ээн талаанын үрөйүн биротоло учуруп коюшкан, ошондуктан кузгун түнөгүнө күндүз чанда келет; бул жолу да ал келгенин келип алып, кайра кетүүгө шашылды. Ал кайрадан бөксөлөрдү тегеренип учуп, баягы эки адам казып жаткан чуңкурдун жанына барды, дагы бир сыйра додо топуракты айланып өтүп, четте бузулуп, бирин-экин жыгачы коркоюп чыгып турган алачыктын оозуна токтоду, бирок ичине кирген жок.

Күн батышка ооп калган; кузгун кайрадан көлдүн кылаасына жетип барып, ал жерде учуп жүргөн чардактардын тобуна кошулуп жээкти бир айланды да, жанагы өлүк балыктардын калганын издеди. Ак чардактар же башка перенделер жеп кеткенби – эч нерсе калбаптыр. Кузгун кыр менен учуп, бөксөлөрдүн арасынан агып келип, суусун көлгө куйган булуңга барып конду. Кумдун үстүндө караан көрүнөт, адамдыкы болсо керек: кийим-кечеси суу, жыртылган, бети-башы көгала, колдору да көгөрүп, шишип кетиптир. Кузгун жакын барбай, этияттык менен мурдарды бир сыйра айланып өттү. Тигил кыймылдабайт, балким, өлүп калгандыр. Оозунан чыккан көбүк кумдун үстүнө жайылып калыптыр.

Кузгун акырындап өлүктүн жанына барды, бир-эки чокуду. Тигинин деми да чыкпайт. Бул күндү кузгун көптөн бери күткөн, бул той анын көптөн берки ачарчылыктын ордуна эңсеп келген майрамы. Ал мурдардын үстүндөгү ансыз деле эзилип калган кийимин тытмалап жиберди, аппак болуп бышарган эттин жыты анын каңшаарын жарды,– кузгун мас болгонсуп, абдырай түштү. Көптөн бери жашыган эт көрбөгөндүктөнбү, ал делдейип туруп калды. Мына майрам, мына той! Кузгун сезиктенип, туш тарабын карап алды.

Бир маалда алдындагы өлүк кыймылдагансыды, сак перенде учуп барып, жерге конду. Ал дагы бир пас күтүп, карап турду: тигинден дайын жок. Бирок кузгун сестенип, жакындабай койду. Көптөн кийин гана ал караандын кыймылдаганын даана көрдү, ошол жерден ал көккө сызып чыкты.

 

9

Кайым көктө калкып учуп жүрдү. Ал кээде ушинтип кумдун үстүнө жатып алып, өзүн бир куштай, көбүнчө ак чардактай элестетчи. Жатканда да чалкасынан эмес, асманды көрө тургандай эмес, көмкөрөсүнөн жатып, эки колун канаттай жайып койчу. Ошондо ал асманды, бир да булуту жок тунук асманды көз алдына элестетип, өзүн канатын чоң жайып, учуп бараткан куштай сезчи.

Азыр ал түз эле күндү карай багыт алып, муздак абанын агымына кошулуп, улам бийиктеп баратты. Дембедем ылдый караганда, анын астындагы адамдар, кыштактар, эгин талаалар барган сайын кибиреп, көздөн кайым болуп учуп жатышты. Анан ал кайрадан күндү карап, көздөрү уялганына болбостон алдыдагы узун созулган, оттой ысык нурларга колдору жетип-жетпей умтулуп, адамдардан , кибиреген адамдардан алыс кетип баратты. Ал жакындап барганда, күн топтой томолонуп, андан качып кетти. Алардын оюну ушул болчу: Кайымдын күнгө жеткиси келет, күн болсо андан качат. Акыры ал күнгө жетип барды, кулачын жайып, кызыл топту кармай койду. Ошол замат анын алакандары тызылдай түштү. Кайым күндү өзүнөн алыс түртүп жиберди, бирок денесинин бүт баары-бир тызылдайт.

Жүрөгүнүн түкүлдөгөнүн баса албай, Кайым ордунан секирип турду, колдорун жайып, колу-башын карап калды. Көрсө, ал түшүндө ооналактап жатып, жака белиндеги ысык кумга тоголонуп кетиптир. Ал барып, сууга жуунуп келди. Денеси баары-бир ачышат.

Бир пастан кийин, этинин тызылдаганы бир аз басылганда, ал көлдү тиктеп отурду. Кызык, адам дегениң ушу турбайбы! Биякта мундай иш болуп атса, мен минени ойлоп, кыялданып жүрөм? Дале зарынчылыгым калбаптыр...

Кечээ аны тергөөчү чакырган. Абыл жөнүндө сурайт. Экөөңөр бир жакка барып жүргөнүңөр чынбы, анын каякка кеткенин билесиңби дейт. Апасына айтканын айтты, Торкенге кеткен деди. Экөөңөр каякка барып жүрдүңөр эле деп, улам такып сурайт. Үңкүргө барып жүргөнбүз, жөн эле саякат кылып деди. Алар чын эле бир жолу үңкүргө барышкан. "Мергендин ташы" деген бир үңкүр бар. Аякка эл өтө аз барат, ошондуктан силерди кимдир бирөө көрдү беле дегенине ал жок, эч ким көргөн эмес деди. Эски Токтогулда экенде, ал үңкүргө эл көп барчы, азыр болсо ал үңкүрдүн бары-жогун деле эч ким билбейт. Аерден алар дат баскан көп канжар, окторду табышкан.

Акырында тергөөчү бир кагазга кол койдуруп, аны үйүнө коё берди. Керек болгондо дагы чакырабыз деди. Кайым минтип оңой кутулаарын күткөн эмес. Жолдо келе жатып дагы ал буга эч ишене албай койду. Ушу леби? Анда минеге элдин баары тергөөчүдөн коркот? Сурады, бирдемелерди кагазга жазды да, бош коё берди – кызык! Кайым өзүн бакубат, дадил сезди: демек, кылмыштан да жооп бергени оңой турбайбы! Жакшы, жакшы... Мына, мен эми эркинмин, болгону эмкиде да дал ушу жоопторуму айтышым керек, адашып калбасам экен...

Көлдүн бети жыбыр-жыбыр, майда толкундарга толуп турду. Жээкти айланчыктаган ак чардактар бирде суунун үстүнө жабыла калышып, бирде майда-чуйда чабактарды тумшугуна илип, кайра кумдакка умтулушат. Куу камыштар иңирдин мелүүн шамалына шуудурашып, чуу салган бакаларга толуп кеткен. Күн жаайт окшойт. Сумбула түшөөр маалы деле болуп калды, эми суунун башы сууй баштайт. Келгин куштар да четинен түштүккө ооп барат. Кузгун гана биерден кетпейт. Кызык, алар чын эле эч жакка кетпейби? Бардык куштар жылуу жерди издешет, кузгун болсо ток жерди издейт. Буга мине, мурдар болсо болду кен. Бир убакта Кайым сестене түштү. Баягыда да кузгун ушинтип учуп жүргөн. Мүмкүн, ушу болуп жүрбөсүн? Анда да бу азыркыдай дүмөк салып кеткен. Бу минеге ле мени кууп алды? Ак чардактар менен кошулуп кузгун учат дегени минеси, шумдугуң кургур?

Кайым туруп, көйнөгүн кийди. Анын азыр бул жерден алыс кетип калгысы келди. Үйүнө эмес, ал акыркы маалда үйүнө дагы тура албай калган, башка жакка, каякка болсо да баары-бир, болгону бул жерден алыс кеткени жакшы.

Кайым жылаңайлак, шымынын багалегин түрүп алып, сууну кечип келатты.

Алыстан бир караан көрүндү. Бир чал экен, колунда таягы бар. Ал жакын келгенде, Кайым аны тиктеп карап алды. Чал да андан көзүн албай тиктеди. Бу минеге мени минтип карады? Балким, ал баягы эл айтчы Кыдыр болуп жүрбөсүн? Анда ага сөзсүз салам бериш керек. Кайым чалдын артынан кууп жетип, ага салам берди. Чал алик алды, бирок аны аңырайып тиктеди. Колун бекем кысыш керек эле, анан баш бармагын кайрып жибериш керек болчу. Эгер бармагы аңтарылып кетсе, анда ал нак Кыдырдын өзү. Анда жолум оңолот. Бирок мен аны менен жөн эле учурашып койдум. Мейли, эмкиде ошентем.

Кайым кайра келип, ордуна отурду, баягы кыялдарын улантты.

 

10

Бир жумадан кийин Абылдын өлүгү табылды. Ичине суу толуп, аны жээкке чайпып чыгарып коюптур.

Бир күнү апасы Кайымды эрте ойготту.

– Кайым! Тур, Кайым! – деп булкту ал.

Кайым бир нерсени сезгенсип сурады:

– Эмне болду, апа?

– Абыл сууга агып өлүптүр...

Кайым турду. Кийинип алып, пешайванга чыкты. Апасы оокатты даярдап коюптур – отуруп, шашпай ичти.

– Абылга барып келесиңби? – деп сурады апасы.

– Ооба, – деди Кайым.

Анан тамактанып бүтүп, Абылдыкына жөнөдү. Күн чакчайып тийип турган экен, жайдын акыркы ысык күндөрү.

Абылдын үйү анчалык алыс эмес болчу, Кайым тез эле жетти. Көчөнүн башынан эле ал эл топтолуп турганын көрдү. Улам жакындаган сайын ага өкүрүктөр даана угула баштады. Беш-алты үй калганда ал токтоду, кошулуп өкүрүп бара турган киши барбы деп, эки жагын карады: эч ким көрүнбөйт. Кайым бир пас күтүп турду. Акырында көчөнүн учунда келаткан эки кишини көрдү. Ушуларга кошулуп алайын. Тигилер жанынан өтүп баратканда, алар менен тең басып, кошулуп алды. Абылдын үйүнө жакындаган сайын анын жүрөгү түкүлдөй баштады, ал эми берки экөө эч нерседен иштери жок, бакылдап сүйлөшүп баратат.

Ошол учурда Кайым күтпөгөн-ойлобогон нерсе болуп кетти: тигил экөө дале бакылдап, бир гана жолу тигил үйүлгөн элди, тигилген боз үйдү карап алып, өздөрү түз өтүп кетишти, ал эми Кайым болсо көчөнүн ортосунда жалгыз кала берди. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй калган ал, эмне кылаарын билбей, бир убакта чыңырып ыйлап жиберди. Боз үйдүн алдынан аны коштоп калышты. Ошондо Кайым ыйлаппы, өкүрүппү боз үйдүн алдына ылдам басып, жетип барды. Ал жерде өзүн токтото албай: "Кой, айланайын, көп ыйлаба! Сабыр кыл!" – деп элдин сооротконуна карабастан шолоктотуп көз жашын төгө берди. Бир маалда ал өзүнүн: "Минеге мени алдадың? Минеге алтын эмес экенин айтып койбодуң?" – деп, тээ баягыда бөксөлөрдүн арасында жаңгап айткан сөздөрүн кайталап жатканын байкай койду да, коркуп кетип, дароо унчукпай калды. Кишилер угуп койдубу деген ойдо элди бир сыйра карап алды, бирок тигилер бирөөлөрү кобурашып отурат, экинчилери нары-бери чуркап, кызмат кылып жүрүшөт. Кайым билмексен болуп, бир киши аны чайга чакырганына болбой нары басып кетти.
Алмалардын арасынан өтүп барып, малкананын артына жеткенде гана ал азыркы болгон окуяны эстеп алып, жеңил үшкүрүндү. Кокуй, балээ баскыр! Аз жерден бүт өзүм элге айтып бере коё жаздаган турбаймбы... Дагы жакшы... эч ким укпай калды. Укканда, туугандары мени ушерден эле тытып жеп салмак... Кой, тезирээк үйүмө жылайын...

Бирок жамандык бир келсе, артынан улам ээрчий берет эмеспи: Кайым боз үйдүн түбүнө келип турганда, аялдар эс алдырганы ээрчитип чыккан Абылдын апасы аны көрө коюп, өңү-башы кубара түштү. Анан жеп жибере тургансып карап, ал бир убакта чуркап келип, Кайымдын мойнуна асылды.

– Канакей менин Абылым? Таап бер мага Абылды! – деп жулмалай баштады ал Кайымды. – Сен минеге өлтүрдүң аны, жубарымбек?

Кайым булкунуп, бошонууга аракет кылды, бирок доолуланган аял аны коё бербей:

– Таап бер менин Абылымды! – деп кыйкыра берди.

Эл дүбүрөй түштү. Туугандарынын бирөө аларды арачалоого умтулду эле, бирок күйүтүн токтото албаган аял ага болбостон, дале Кайымдын мойнун кучактап, шолоктоп ыйлай берди.

Баягыда Абылды саңсар салып өлтүргөндө да, кийинчерээк аны тергөөчү чакырганда да ал мынчалык корккон эмес: азыр ушул күйүтүнөн чыңырып ыйлап жаткан аялдын сөздөрүнөн Кайымдын жүрөгү чыгып кете тургансыды – анын эси ооп калды. Нары жакта жүзүмдүн көлөкөсүндө отурган чалдар үйдөгү аялдарга карап кыйкырышты:

– О кокуй! Баланы муунтуп коймок болду го, ажыратпайсыңарбы! Мине тиктеп карап турасыңар?..

Боз үйдүн ичиндеги аялдар да чуркап чыга калышты. Алар көпчүлүккө салып, Абылдын апасын зордон-зорго Кайымдан ажыратышты да, тигини кайра боз үйдүн ичине алып кирип кетишти. Кайым көпкө эсине келе албай турду. Карыялардын бири аны аяп калды.

– Байкуш бала, – деди ал. – Мунда мине күнөө?

Бир аз эсине келген Кайым аны жалооруп караган чалдардын арасынан өтүп, короодон чыкты да, шылкыйган бойдон үйүн карай жөнөдү.

 

11

Кайым акыркы күндөрү абдан өзгөрүлүп кетти, муну апасы баягыда Абыл өлгөндөн кийинки күнү эле байкаган, бирок анда ал баласынын кайгылуу жүргөнүн досунан айрылгандык күйүтүнө шылтап койгон. Акыйкаты, Кайым кичинекейинен эле сезимтал бала болчу: ал бардык нерсени көңүлүнө тез алып, майда-чуйдаларга деле кейий берчи, жада калса, ар бир сөз, ар бир ага жакпаган кыймыл аны өз калыбынан чыгарып, бушайман кылчы. Анын үстүнө Кайымдын тубаса кежирлиги ошол сезимталдыгынын отуна дагы май тамызып, аны ого бетер алоолонтуп күйүүгө дуушарлантчы.

Оорукчан атасынын алсыздыгын, анын ыракана доолап келген туугандарынын орой сөздөрүнө жооп кайтара албастыгын Кайым өзгөчө кыйналуу менен кабыл алчы. Бир нече жолу ал ошол туугандары менен корс айтып чатакташкан. Анда атасы кайра туугандарына болушуп, Кайымдын өзүн тилдеп койчу.

– Адам адам менен адам болот, – дечи дайыма атасы. – Эртең мен өлүп калсам, мени ким көмөт? Сен көмөсүңбү? Мына бу туугандарың көмөт. Мына ошондуктан биздин уруубузда өз ара ыраканабыз бар. Бул деген кыргыздын салты... Ал эми бериш дайыма кыйын, алыш оңой. Көрөсүң, мен өлгөндө дал ушу туугандарың союшун да апкелет, ашымы да берет, күмбөзүмү да ушулар тургузат. Ал эми сен болсо... сен болгону гана өкүргөнгө жарайсың...

Ошондо атасынын сөздөрү бир жагынан туура экендигин билип, өзүнүн колунан эч нерсе келбестигине ызаланып, Кайым өжөрлөнүп кыйкырчы:

– Түкүрдүм ошо салтыңарга! Өмүр бою коркуп: "Кокуй, өлгөнүмдө түзүктөп көмүшсүн", -деп, өз туугандарыңан сөгүү угуп жүргөн салтыңарга түкүрдүм!.. Кызды сатып алган салтыңарга түкүрдүм! "Тууганбыз, биз сени үйлөнтөбүз", – деп, түшүнбөгөн жаш баланы жакшы кишилерчесинен үйлөндүрүп алып, анан: "Баягыда биз сенин калыңыңы төлөгөнбүз, тоюңу бергенбиз, эми сен колуңан келсе да, келбесе да ыракананы төлөгүн", – деп доолашкан туугандарыңа түкүрдүм!..

Мурун эптеп басып жүргөндө атасы аны жаактан нары тартып жиберип, оозун жаап койчу, ал эми азыр болсо минтип төшөктөн тура албай жатат, уулуна да алы жетпейт. Эми атасы көбүнчө кызарып-татарып, денеси бүт калчылдап кетет.

– Бу мине дегениң, уулум? – дегенге гана жарайт ал. – Эгер эл болбогондо, биз мине кылмакпыз? Кыргыздын салты ушундай экен, эми мине кылабыз?

Кайым дагы өзүнүн өтө катуу кеткенин сезип, жалымсырап, көздөрүнө жашы толо калат.

– Ата! – дейт ал, кечирим сурагансып. – Салт деп эле акчаны чача бергендин мине кереги бар? Калым берип, сеп алгандан, дүркүрөгөн тойлордон жигит тарабы да, кыз тарабы да байып кетишпейт. Бирок эки тараптан тең акчалар орто жолдо чачыла берет. Кийин жаштар эч нерсеси жок турмуш куруп калат. Андай болсо бу салттын кереги мине? Киши өлгөндө жайнатып мал союлуп, аш берилип, анан ансыз деле күйүт жеп аткан үй-бүлөөсүн дагы ашыкча чыгымга алып келген салттын кереги мине? Же жарышып мал сойгон өлүктөргө керекпи?..

Атасы буга жооп таппай, алсыз кобурачы:

– Билбейм, уулум, билбейм... Кыргыздын салты ушундай болуп калыптыр, мине кылалы?..

Бирок бул жолу апасы Кайымдын муңу майда-чуйда үчүн эместигин кандайдыр бир энелик сезим менен билип турду. Жок, бу жалаң эле Абыл тууралу күйүт эмес, Кайымдын мынчалык өзгөрүлгөнүнө дагы бир себеп бар. Бирок ал кандай себеп? Же тиги Ташболоттун кызы турмушка чыгып кеттиби?

Бир күнү Кайым мас болуп келди. Анын ичкенин атасы да, апасы да эч качан көргөн эмес, ошондуктан алар ичтеринен сыздап, терең ойлонуп калышты. Атасы болсо, Кайым күткөндөй, тилдеп, наалат айтпастан, болгону гана төшөгүндө оодарылып, онтоп үшкүрүндү.

 

12

Мына бүгүн анын өргүүсү да бүттү. Эми кайра иш башталып (Кайым буга кубанды), элдин арасында кыжы-кужу менен секинден бардыгы унутулат.

Ал эртең менен эрте туруп, кадимкидей жуунуп, таранып, шашпай отуруп оокаттанып, анан ишке жөнөдү. Кудайга шүгүр, иштеген жерине чейин бир топ аралык бар, ал өзүн колуна алып, бардыгын унутууга бел байлашка чолосу жетишет. Ветстанция шаарчадан алыс тургандыгына Кайым бүгүн биринчи жолу сүйүндү. Жолдон бирин-серин адамдар жолукканы болбосо, көчөлөр ээн, машинелер да анча көрүнбөйт.

Чоң жолго чыкканда Кайым терең дем алды. Таң заардын салкындыгы аны бир аз сергитип, кечеги ичкиликтен кийин ооруган башынын дартын баскандай болду. Атасынын үшкүргөнүн эстеп алып, анын көөнү бир топ бузулду, бирок ал аны унутууга аракет кылып, ар кандай ойлор менен өзүн алаксытты. Унутуш керек, бардыгын унутуш керек, антпесе ал кантип жаңы турмуш баштайт? Анын төрт тарабында ушундай бийик тоолор турса, жолдун эки жагында гүлдөгөн өрөөн жатса, буга окшогон майда-чуйда үчүн өзүнүн жүрөгүн өйүтүп-кыйнап болобу?.. Ал эми абийирчи? Кайымдын жүрөгү кылт этти, ал токтой калды. Бирок бир аздан кийин ал кайрадан кадамдарын чоң шилтеп жөнөдү. Абийирби?.. Абийир... Аны да адамдар ойлоп чыгарышкан. Жанагы беймаани салттар, кереги жок үрп-адаттарды чыгаргандай эле, абийирди да адамдар өздөрү ойлоп табышкан. Бири бирин алдаш үчүн... Өзү алдаса, адам аны тез эле унутуп коёт, ал эми бирөө алдаса, анда ал абийири жок адам. Өзү уурдаса, эчтеке мес, ал эми бөлөк бирөө уурдаса, кайра ле абийири жок киши. Өзү өлтүрсө, анда ал ко
кустук, башка бирөө өлтүрсө анда анын дагы абийири жок. Мына ушундай... Кызык!.. минеге мен мурун минтип ойлонгон эмесмин? Чын эле ушундай да!.. Анда мен минеге мынча күйүп-бышып атам? Эгер мен Абылды өлтүрбөсөм, алтынды алып чыккандан кийин, балким, Абыл мени өлтүрмөк. Ким билет, мүмкүн, анын да алтындын бүт өзү алгысы келмек... Андай болсо, анда мен жөн эле коргонуптурмун да! Ооба, мен коргонгом, анын минеси бар экен? Эгер коргонбосом, азыр мен да көлдүн бир бурчунда жатмакмын...

Ушинтип ойлонуп, Кайым күлүү басып, ишине жетип барды. Жетээри менен ал гараждын көлөкөсүндө турган, көптөн бери көрө элек машинесин көздөй жөнөдү. "Ай, эркем ай!" – деген ырдын обонун ышкырып, капотту ачты. ичин бир сыйра чукулап карап көрдү. анан машинесинин капотун кайра жаап, кабинага отурду да, машинени от алдырды.

Ошол учурда гаражка бирөө кирди. Ал Арман, ветстанциянын механиги. Арман дөңгөлөктөрдү тээп көрүп, жели чыгып калбадыбы – текшерди.

– И-и, Кайым, өргүү бүттүбү? – деп сурады ал, кабинаны ачып, Кайымга колун сунуп.

– Бүттү... Мына, ишке чыктым, – Кайым армандын Абыл жөнүндө суроолоруна даярданып калды.

Бирок Арман эч нерсени сураган жок, болгону гана: "Жакшы, жакшы," – деп башын ийкеди. Анан бир убакта жылмайды.

– Мени куттуктабайсыңбы? – деди ал.

– И, мине болду? Жакшылыкпы?

– Мен окууму бүтүп, эмки айдан совхозго башкы механик болуп кетип жатам...

– О, куттуктайм, куттуктайм! – Кайым анын колун катуу кысты.

– Рахмат! Рахмат! – Арман сыртты көздөй жөнөдү. Анан эшиктин алдына барганда токтоп, Кайымга кайрылды. – Машинеңе эч ким деле тийген жок... Керим эле Жалал-Абадга барып келди.

Арман чыгып кетти. Кайым машинесин өчүрүп, бир аз шалдайып отуруп калды. Ал эмнегедир дайыма Арманга суктанчы. Алты жашында жетим калып, курсагы кара жармага тойбой жүрүп, мына, эми эптеп бир окууну бүтүп алды. Кээде ал окуп жүргөндөгүлөрүн айтып берсе, тим эле бир жыргал турмуш: кааласаң киного, театрга, кааласаң пединститутка кыздарга бар. Арман ошол институттан бир кызга үйлөнгөн, ошондо акчадан бир аз кыйналгандыктан биринчи күндөрү Пишпекке барып, көмүр түшүрүп иштеп жүрүп, анан экөө тең сырттан окууга которулуп алышкан. Мына, эми Арман башкы механик болуп дайындалды, ал эми аялы болсо мектептин мугалими. Алардын татынакай эки кызы бар: бирөө төрт жаштарда, экинчиси жаңы басты.

Бир жолу Кайым Арманды жеткирип, анын үйүнө барган. Кайнатасынын жардамы менен сатып алган өтө чоң эмес, бирок тыкан орношкон үйдүн короосун Арман бакка айландырыптыр: эл сыңары короонун жарымын ээлеген килейген там жок, көпчүлүк жерге алма, шабдаалы, жүзүмдөр тигилген; короонун четинде мал кармай турган кепеси дагы бар. Кайым короого киргенден баштап, кайра чыгып кеткенче тынбай суктанып жүрдү. Арман деле ага каршы эмес, болгону ал сыймыктанып, өзүнүн үй-орозгерин көрсөтүп жатты. Дарбазанын түбүнө барып, чыгып кете турган болгондо гана Кайым Армандан сурап калды:

– Сен ушу бир мекеменин механиги болуп туруп, чоңураак эле там салбайсыңбы? Же башка жакта дагы үйүң барбы?

Мындай суроолорго Арман дагы даяр болсо керек, ал дароо жооп кайтарды:

– Жок, менин башка жерде салган тамым жок. Мине, сага бу там жакпайбы?

– Жагат, бирок... чоңдордун баары заңгыраган там салып атышпайбы...

– Кереги мине? Бизге ушу там деле болот. Мага тышы жалтырак, ичи калтырактын кереги жок, мен эч ким менен жарышып отурбайм.

Ошондо үйүнө кайтып келатып, Кайым ичинен ойлогон: "Ал эми менин ушундай да тамым жок, кала берсе, аялым да жок..." Мына, азыр дагы ал гараждан алыстап бараткан Арманды карап туруп, эски ойлорун козгоп алды. Ооба, Кайымдын азыр эч нерсеси жок. Чоң нерселерди эңсеп жүрүп, эми ал адамдардын карапайым жыргалдарынан да кем калды. Азыр эстесе, ал мектепте окуп жүргөнүндө эле эч ким жетпеген буюмдарды алсам, эч ким кийбегенди кийсем, эч ким ичпегенди ичсем", – деп ойлочу. Ага сөзсүз эле эң сулуу кыздын көңүлүн буруу керек эле, ал сөзсүз эң укмуштай кесипке ээ болушу керек эле. Ошентип жүрүп, ал эми, мына, жөнөкөй эле айдоочу, бойдок... Ошол эле убакта анын теңтуштары эптеп тырмышып отуруп, институтту бүтүрүштү, эми алды бир мекеменин жетекчиси. Өздөрү там салып, бала-чакалуу болушту. Минеге? Минеге мен алардай боло албайм? Бул ой аны кыйнап, түнкүсүн уктатпай, күндүзү иштен алагды кылып, тынчын алат. Ошондон улам ал адамдарды жакшы же жаман, мээнеткер жана жалкоо деп бөлбөстөн, алардын эки тобун гана айырмалатчы: Кайымдын ою боюнча, адамдар жолдуу же жолбун деп эки топту түзөт. Антпесе минеге кээ бир жакшы адамдар акыйкат үчүн күрөшүп, анын артынан көп азап-кордукту көрүп, өмүр бою күнүмдүк тиричиликтен оңоло албай жүрүшөт да, ошол эле маалда кээ бир жаман кишилер чоң кызматтарды ээлеп, жегенин жеп, ичкенин ичип жашайт?

...Мына ушуларды ойлоп отуруп, Кайым машинеси өчүп калганын да байкабай калыптыр. Ал стартерди күч менен басты. Мотор өкүрүп жиберип, анан бара-бара кыңылдап барып, от алды.

 

13

Кечинде Кайым ресторанга барды. Чынын айтканда, бул жайды "ресторан" деп атоо дагы кыйын, себеби анын ичи кенен болгону менен ээн, кызмат кылган кыздары дагы копол, начар кийинишкен, өздөрү айылдан келип алып, шаардык кыздардай каадаланышат. Музыка дагы түзүктөп ойнолбойт.

Бул жерге күндүзү эч ким кирбейт, кечкисин гана жумушчулар же жака белдеги айылдардан келген жаштар күрүлдөгөн топ болуп, эки-үч үстөлдү бириктирип алышат да, кыргызча, орусча сөздөрдү аралаштырып сүйлөп, шаң-шөкөтүн башташат. Алар биринен бири өтө тамактарды алып, кыздардын алдында мактанышат.

Кээде бул жайга "сырттыктар" дагы келип калат. Алар өздөрүн салабаттуу кармап, өңдөрү сүрдүү, бир жерине чаң тийгиздирбей, ресторандагы жаштарды бийиктен карап, маданияттуу түрдө, кандайдыр бир өздөрүнүн башка шарттары бардай отурушат. Бирок бир-экини ичкенден кийин эле алардын жергиликтүү балдардан эч айырмасы калбайт.

Бул жолу "сырттыктардын" ордун ээлешкен жаштардын арасында кызып калган бирөө эч кимди сүйлөтпөй, жанындагылар ооз ачканда эле: "Не, подожди!" – деп коёт. Анан ал солкулдап, ордунан зорго туруп, колундагы идишин коё бербей, сөз сүйлөдү.

– Конечно, биз, фрунзенскийлер, бу жакка иш менен келип калдык, – деп ал бир орусча, бир кыргызча тантырай баштады. – Иш болбосо, конечно, чё бы нам делать в этой дыре, нам, избранным? Давайте биз азыр өзүбүздүн фрунзенскийлер үчүн... в общем, "за тех, кто в море" дегендей... Биз дайыма бухать эткенде,за своих фрунзенских тост поднимаем... Ладно, давай, пацаны...

Кайым анын сөздөрүнө жылмайды. Чын эле шаардык балдар экени кийингенинен, өңүнөн көрүнүп турат. Кайымдын деле ошондой кийингиси келет, бирок тигилердин тантыраганы ага жаккан жок. Кайым ушул ойлору менен тигилердин бакылдап сүйлөшкөндөрүн чала-була угуп, ууртунан жылмайып коюп отуруп, үргүлөп кетти. Ал мурун эч качан ичпегендиктен тез эле мас болуп калды. Канча убакыт уктаганы белгисиз, бирок ал бир нерседен чоочуп, ойгонуп кеткенде, залда кишилер аз калыптыр. Нары бурчта бир мастын жанында милиционер туруптур, кызмат кылган кыз үстөлдүн үстүндөгү аракты көрсөтүп, кыйкырып жатты:

– Мен буга арак саткан месмин... Бул уурдап алды!..

Милиционер масты ордунан тургузду.

– Тур, бас, – деди ал.

Мас тамтаңдап тескери тарапты көздөй жөнөдү. Кызмат кылган кыз аны эшикти карай буруп, түртүп жибергенде, тигил каалганын түбүнө барып, кулап түштү. Милиционер аны зорго тургузуп, эшикке сүйрөп, алып чыгып кетти. "Бир күнү мен дагы эшиктин түбүндө жатып калбагай элем", – деген ой кетти. Кайым ордунан туруп, түз басууга аракет кылып, эшикке чыкты.

Караңгы кирип калыптыр, күн кайрадан кыскара баштаса керек. Кайым ээн жолду бойлоп басты. Ал канчалык түз басууга аракеттенсе да, буттары баары-бир жолдун четине алып чыгып кетип жатышты. "Милийсалар көрүп калбаса экен, – деп коркту ал, анан бир нерсе эсине түшө калды. – Тергөөчү да милийсада иштейт да! Ал минеге мени кайрадан чакырбайт? Же менин жалган айтканыма ишенип калдыбы? Анда минеге ал мен чыгып баратканда жылмайып койду? Жок, ал баары-бир чакырат, эртедир-кечтир чакырат."

Тентип баратып, Кайым Дамиранын көчөсүнө барып калды. "Мен бул жерге минеге келдим? – ал эстөөгө аракет кылды. – Дамира экөөбүздүн ортобузда мамиле бүткөн. Анда мен минеге бул жакка келдим?" Ал эки көчөнүн кайчылашында көпкө турду. "Мейли, келгениме жараша, үйүнүн жанынан өтүп көрөйүн, ал мине кылып отурду кен? Бирок ал эшигинин алдында тигил классташы менен турган болсочу? Ушул кейпими көрсө, алар мени шылдыңдап күлүшөт. Жок, андан көрө үйүмө ле кетейин..." Бирок Кайым кете албай, көпкө жолдун ортосунда турду. Бир маалда ал Дамиранын үйүнөн чыккан музыканы укту. Буттары эми аны ошол жакты карай алып жөнөштү. Улам жакындаган сайын музыка дайын угулуп, үйдүн короосундагы жаштардын тобу анын көңүлүн бурду. Ошондо Кайым таңыркап дарбазанын түбүнө барды. Дамиранын үйүндө той болуп жатыптыр, Кайым тез эле соолугуп кетти. короодо узун коюлган үстөлдөр, жайылган дасторкондун айланасында жалаң жаштар отуруптур. Эң төрдө аппак кийинген Дамира бактылуу кубанып, улам эңкейип, жанында отурган кара костюмчан баягы классташына бир нерсени шыбырап коёт. Алардын жанында колуна жам кармаган бир жигит маңызын эзип, куттуктоо сөздөрүн тынбай сүйлөп, тикесинен турду. Ал сөзүн бүткөндө, демейдегидей коноктор ордунан тура калып: "Горько!" – деп кыйкырышты.

Андан наркысын Кайым көргөн жок: ал жүрөгү жарылып кете тургандай, муундары калчылдап, көздөрүн жума койду. Ошол бойдон көздөрүн ачкандан коркуп, көпкө турду, анан короо жакты карабай, башын жерге салып, өз жолуна түштү. Ал эми артынан атайлагансып:"Горько! Горько!" – деген кыйкырыктар тынымсыз угулуп жатты.

Мындай жапа аны кайрадан мас кылып койгонсуду: ал буттарында тура албай, улам барып бир даракка таяна калып, тамтаңдап жөнөдү. Мурун, ал Дамира турмушка чыга электе, аны оңой эле унутуп коё тургандай сезчи, бирок эми гана, бүгүн, азыр ал турмушундагы акыркы таянычынан айрылгансыды. Буга чейин анда дале үмүт жашаса керек, бирок эми ал ошол үмүтүнөн айрылганын, аны бул жарык дүйнөгө байлап турган жалгыз тилегинен ажыраганын түшүндү. Ошондо ал өзүн канчалык кармоого аракет кылганы менен токтой албай, ыйлап жиберди. Анысы аз келгенсип, ал жолун байкабай калып, ташка чалынып, арыкка көмкөрөсүнөн кулады. Эми Кайым өзүн токтоткон да жок: ал уят, шерменде дегендин баарын унутуп, арыктан тура албай жатып, жаңгап ыйлады. Улам какап-чакап калганында, ал бир аз ыйлабай калып, муштумун Дамиранын үйүн көздөй жаңсап:

– Катындар бүт канчыксыңар!.. Алтын тагынганыңар менен баары-бир канчыксыңар! – деп кыйкырат.

Көп убакыттан кийин ал тырмышып, жерди тытмалап отуруп, акыры арыктан чыгып, бүт бугун чыгарып кыйкырып алган өңдүү бир аз жеңилдей түштү көрүнөт, нес болуп, шалдырап, жолуна түштү.

Анын алдында уйкудагы шаар жатты. Ар бир үй тиричиликтин түйшүгүнөн кийин эртеңки күндөн дагы бир нерсени күтүп, дагы бир нерседен үмүт этип, дагы бир нерсени тилегенсип, азырынча бейкут уйкуда. Ал эми Кайым болсо эч нерседен үмүтү жок, каякка бараарын да билбей, эртеңки күн ага эмне алып келээрин да ойлобой, жай басып, шаарды кыдырып жүрдү. Автовокзалдын жанынан өтүп баратканда, ал нары жакта, автобустар токтоочу жайдагы орундуктардын биринде жаткан бир кишини көрдү. Жанына барса, ал жанагы ресторанда бакылдап жаткан фрунзелик жигит экен. Кийимдери баткак, жалаң көйнөкчөн, байкуш үшүп, орундуктун үстүндө бүрүшүп алып жатыптыр.

– А, бечара! – деди Кайым, өзүнүн күрмөсүн чечип, жигиттин үстүнө жаап. – Бу сенин Фрунзең эмес, буерди элет деп коёт. Сен кимге окшоп калгансың? Мейманканага киргизбей коюштубу? Ушундай болот... Адам жалтырак буюмсуз ушинтип эле эчтекеге жарабай, шүмүрөйүп калат...

Тигил үшүгөнүнөн буттарын күрмөнүн алдына жыйыштырып алды. Кайым анын жанына бир аз отуруп, эмнегедир өзүнчө жылмайды.

 

14

Кайым жээкти бойлоп келатты. Көлдүн шарпылдаган толкундары курчаган кургакты карай улам умтулуп келип, анын жылаңайлак буттарын серпип кетет. Тегерегин бүт сүкүт каптап, көк мээлжиген асман чексиз жайылып жатты. Алыстагы ак чардактар дале жем талашып урушуп жүрүшөт.

Кайым өзүнүн бала кезин эстей кетти. Анда ал бир чырпыкты ат кылып минип алып, булуттардын үстүн карай учуп кете тургансып, жээкти бойлой чапкылачы. Жанындагы күчүгү куйругун шыйпаңдатып, тегерегиндеги ааламдын бүт таңыркап карап турчу...

Кайымдын астынан бир балык куйругун серпип сүзүп өттү. Ойго батып калган Кайым чоочуп кетти. Бир аз эсине келгенден кийин ал кайрадан ойго батты. Адам дагы ушу балыкка окшош. Ал дагы кең көлдүн суусунан качып, тоодон шаркырап агып түшкөн булактын суусуна умтулат. Анан ал таштарга кыпчылып өлүп, кишилердин кайырмак-торлоруна түшүп, жырткычтарга жем болуп отуруп, акырында артка кайтат. Бирок эң кыйындары ал кыйынчылыктарга карабастан баары-бир агымга каршы сүзүп жүрүп отуруп, акырында кашкайган таза сууга жетип, ошоерге тукум чачат.

 

15

Эртеси Кайым ишине таң азандан жөнөдү. Бул жолу ал эмнегедир эч нерсе менен ою жок, кандайдыр бир чечкиндүүлүк менен, чоң аттап басып баратты. Эмнеден ой болмок эле? Көптөн бери аны кыйнаган суроолор эми чечилип бүттү. Бирок анын чечкиндүүлүгү турмушка ыраазычылыктан эмес, тескерисинче, ал эми келечектен эч нерсе күтпөгөндүктөн болчу. Эми келечекте аны тергөөчү гана күтүп турган. Жок, Кайым андан корккон жок, болгону гана кетип баратканда айткан сөздөрү бир аз кыйнады.

– Билесиңби, Кайым? – деген тергөөчү, ага жылмайып. – Биз сени жөн эле кагазга кол койдуруш үчүн гана чакырдык... Экспертизанын билдиргени боюнча, Абыл сууга тумчугуп өлүптүр. Эгер ал мурун өлгөн болсо, анда анын өпкөсүнө суу толбойт эле... Өлүктөрдүн өпкөсү дароо жабылат...

Кайым билбейт, тергөөчү муну атайын, анын жүрөгүн өйүтүш үчүн айттыбы же жөн эле маалымат катары билдирип койдубу, бирок бул кабар аны катуу ойлондурду. Демек, эгер мен Абылды сууга алып барып таштабаганымда, ал тирүү калмак экен да! Кайым катуу туталанды. Демек, менин баягыда чуңкурда шектенгенимдей эле бар экен да! Анда ал чын эле чала жансар жатып, менин жалган алтынды издегеними көрүп, шылдыңдап күлгөн турбайбы! Демек, мен аны эки жолу өлтүрүптүрмүн да! Бирок эми болгону болду, мен эми эчтекени өзгөртө албайм...

Азыр ал чечкиндүү, жайдары басып баратып, болгондордун баарын коркунучтуу бир түштөй элестетти. Айткандай, түндө ал үйүнө жетип, жаткандан кийин бир түш көрдү. Эмнегедир анын түшүнө беш жыл мурун сууга агып өлгөн классташы Асел кириптир. Ал Кайымды бекем кучактап:

– Сен менсиз жашай албайсың! – деп, аны өпкүлөп жатыптыр.

Асел беш жыл мурун көлгө кирингени барып, сууга агып өлгөн. Азыр эстесе, ошол күнү Кайым дагы бир-эки бала менен көлгө барып, көпкө чейин киринип, анан катуу шамал башталганда, үшүгөнүнөн кетип калышкан. Кийин укканына караганда, Асел ата-энесинин алдында ыйлактап, классташтары менен көлгө бараарын айтып кеткен имиш. Ал эми көлдө классташтарынан жалгыз эле Кайым бар болчу.

Ооба, Кайым муну билет, Асел аны мектепте окуп жүргөндөн бери эле жактырып жүрчү. Бирок Кайым аны карап да койчу эмес.

Кайым ишине жетти. Ал жерде жалгыз эле кароолчу короону бир сыйра айланып, кыдырып жүрүптүр. Таң азандан бирөө келээрин күтпөгөн ал таң калды.

– Ассалам-аллейкум, Керим-аке! – деп учурашты Кайым, анан анын жообун күтпөй эле өзүнүн машинесине жөнөдү.

– Аллейкум-ассалам! Мине болду мынчалык эрте? – кароолчу артынан кыйкырып сурады.

– Иш, Керим-аке, чарбага жөнөтүп атышат...

– А-а, чарбагабы? Жолуң шыдыр болсун, балам!..

Кайым сайдан суу алып келип, машинесине куйду, дөңгөлөктөрүн тепкилеп, текшерип көрдү. Бардыгы жайында.

Ал шаардан чыкканда, күн бет маңдайга келип калган. Жолдун эки тарабында кең жайылган талаалар, бөксөлөр, тоолор... Мына, эми кыштактар да башталды, эл ишке чыгып калыптыр. Дал ушул мезгилде табият эмнегедир көзүнө кооз көрүнүп, талдар демейдегиден көк, алыстагы тоолор сулуу, асман бийик болгонсуп кетти. Бирок Кайым буга кубанган жок. Бул көктөмдөр мен үчүн эмес, бул сулуулук, бул бийиктик мен үчүн эмес... Мен алтынды тапканда деле бактылуу болмок эмес экемин. Кара жерди көрүп туруп, андан кенди таппагандан кийин кантип бактылуу болмок элем? Бир жалбырактын талдан үзүлүп, шамал менен кошо учуп, өлөөр алдында ыйлаганын угалбасам, бир дарактын куурап, анан кулаар алдында кыйчылдап айткан арманын түшүналбасам, соолуган кудуктун кайгысын билбесем, анан мен кантип бактылуу болом? Мен өмүрүмдө бир да жыргалчылыкты көрбөптүрмүн, көрсөм дагы анын баркын билбептирмин, анан мен кантип өмүрдүн жыргалын билейин? Өмүрдүн жыргалын билбесем, мен өлүмдөн жакшылык тапмак белем? Алтынды тапканда деле мен бактылуу болмок эмесмин. Жайнаган байлыкты кучактап жатып деле, андан ырахат таппай калышың ыктымал. Курсагың ток, дениң сак туруп деле, жашоо кумарын сезбей калышың ыктымал. Андан көрө жакыр болсоң дагы турмуштун маңызына жеткениң жакшы. Бирок эми кеч болуп калды, өтө кеч болуп калды. Мен өз жанымды өзүм кыйып алдым, эми бардыгы кеч болуп калды...

Бул дүйнөдө күнөөсүз адам барбы? Ушул гана менин жалгыз күнөөм деп айта ала турган бул дүйнөдө ким бар? Мен бул күнөөгө ыйык максат үчүн баргам деп актанууга болобу? Ошол күнөөбүздү актай турган бул дүйнөдө ыйык максат барбы? Үч кылмыш бир адам үчүн өтө көп эмеспи? Ушундан кийин абийирдүү адамга бул дүйнөдө жашоо барбы?

Абийирдүү кишиге соттун кереги барбы? Абийирдүү адам сотсуз эле өзүн өзү айыптап, өзүн өзү миң эсе жазага тартпайбы?

Ал алдынан тороп аккан Нарындын боюна барды. Машинесин көпүрөдөн өтүп барып токтотту. Жээкти көздөй жөө басты. Суу тынч жана жайбаракат агып жатыптыр...

– Эй, сен минеге машинеңи жолго коюп койдуң?

Кайым кайра машинесине барды. Чын эле машинесин жолдун тең ортосуна коюптур. Ал машинесин айдап, аны жолдон чыгарып койду. Кайра жээкке барды. Суу тынч, жайбаракат агып жатты. Кайым үстү жагын карады. Үстүндө кузгун айланып учуп жүрүптүр...

 

© Турусбек Мадылбай, 2013

 


Количество просмотров: 2513