Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Сарманбетов А.И., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2008-жылдын 27 ноябры

Айдарбек Имангазиевич САРМАНБЕТОВ

Кыраан

(аңгеме)

Аңгемеде мүнүшкөр менен бүркүттүн алакасы, тагдыры аркылуу айыл турмушу, экология, дүйнө тааным сыяктуу философиялык ой туюмдар баяндалат. Мурда жарыяланган эмес


    Күмүштөй ак мөңгүлөрү күнгө чагылыша жалтырап, ала булутка тумандаган чокулары көк челе шаңкайган касиеттүү Алатоо. Этегинде ыйыктыгы андан кем эмес чалкыган көпкөк Ысыккөл. Бийиктен караганда ал, токойлуу тоолор менен курчалган Көл чөйчөктөгү мелт-калт сымаптай көрүнөт. Ошондой, ыйык өрөөндөгү бийик, жалама аскалуу капчыгайды бүркүттүн кайталай шаңшыганы жаңыртты. “Клак! Клак!” деген шаңдуу да, өкүмзар да дооштон жан-жаныбарлар түгөл селт этип алышты. Жүрөктөрү зааркана дүпүлдөп, кан тамырлары лакылдап асманды текши жалт карашты. Анткени, ал үн асман паашасы – бүркүттүкү болучу! Бүгүнкү шаңшыганы өзгөчө — өкүм, ызалуу да, ачуу да эле. Неге?

Күңгөй кырка тоосунун ириси да, кубаттуусу да болгон Кессеңирдин Бүркүт Уя аталган тик, жалама көк аскасынын бооруна салынган эски уясында карт бүркүт канаттарын калдаңдата кагынып, ошентип шаңшып алды. Төбөсүндө түпсүз көк асман, артында заңкайган кубаттуу тоо, алдында чалкыган көк көл. Бул, кенен, түбөлүктүү, керемет жарык дүйнөнү ал, акыркы ирет көрүп жатканын өзү ишенбесе да, жүрөгү менен түпөйүл туйду. Тирүүлүктөн акыры кол үзүп, кайрылгыс кетээрине кайсыл пенде ишенмек. Андай улуу ырыскыдан ким эле кетейин десин! Үмүт чиркин үзүлбөйт тура! Бирок, ал улуу Акыйкатка моюн сунбаска арга жок! Акыры ал арман ар тирүү жандын башына келбей койбойт. Кимдин улуу, пастыгы ошол, акыркы кетээринде иргелет. Ачуу чындыкты ким кандай кабыл алат? Ажал менен бетме-бет чыкканда ким пастанат да, ким өмүрдөн өтүп баратканда да акыркы, улуу жеңишине жетет. Пенденин кимдиги ошондо!

Калдайган канаттары каруудан тайып, мүрүсү чыгып, артына араң жыйыла сүлдөрү кеткен карт бүркүттүн көздөрү гана демейдегисиндей сүрдүү, өткүр. Бирок, анда да ачуу арман, өкүт катылуу. Атаңгөрү! Түпсүз асманды аралай учуп, толук өкүмдарлыгын жүргүзгөн баягы, жаштыгы, жок дегенде эр ортон курагы болсо кана?! Ал улуу кезеңдин бир ирмеми эле кайрылып келсечи! Канаттарын калдайта жайып, өзүн дүйнө ээси сезе түпсүз асманды бир чарк айлана учуп, өкүмзар шаңшып албайт беле, алдындагы тирүүлөрдүн жүрөгүн үшүтө. Аттиң, ар бир көз ирмеми баа жеткис кымбат өмүр кезеңи колдо турганда бааланбай калат тура.

Ошентсе да улуулук сүрүнөн кайтпайт! Бүркүттүн өкүм үнүнөн суурлар томпоңдой ийнине качып, шалпаң кулак коендун жүрөгү үшүп, көздөрү оготөтөн алаңдап, алтургай Алатоонун ой-кырына өз бийлигин салган көкжал да кооптоно асманга жалт карады. Жок. Көк асманда канаттарын калдайта жайып, каалгый, айлана учкан сүрдүү караан көрүнбөйт. Асман паашасы анда неге шаңшыды? Дагы кандай балээсин баштап туру? Анын ал-күчтөн тайып, армандап турганын ким билмек. Каалаганын илип алар кубаттуу чеңгели уясындагы куураган чегедектерди араң тутамдап турду, кулап кетпей. Атаңгөрү! Ошол, көпкөн кезекте канатташ учуп келаткан жаш жубайына мактана коем деп торго түшкөнүчү! Карт бүркүтчү тону менен баса жыгылганда ал, арзытканынын айлана учкан элесин көк асмандын бетинде акыркы ирет бир көрүп калды! Ошол бойдон жоготту. Ичинен имерилген менен ачуу акыйкаттан аргасы жок сапарын улай учуп кете бербедиби! Ал да туура. Өлгөндүн артынан өлмөк — акылсыздык. Жашоону улагандын өзү эле эрдик. Акыры бир күнү түбөлүк кол үзүп кете берээрин туюп туруп жашоо, ошондо да намысын бийик тутуп, үлгү болорлук өмүр сүрүү эки эсе эрдик эмеспи! Антүү нагыз кыраандардын гана колунан келет. Баса, кыраан демекчи, ошол, торго алгач түшкөндө тону менен баса жыгылган чокчо сакал ээси ачып, карабай жатып эле “кырааным, айланайын кырааным” деп, чечекейи чеч боло сүйүнбөдү беле. Көрсө, сыртынан небак эле багып, көз артып жүргөн окшобойбу!

Анан ээси экөөнүн эрөөлү башталды. Адам пендеси бүркүттү караңгы кампасына камап, тууруна кондуруп коюп, ачкачылык менен кайыктырды. Анысы, арам этинен арылсын дегени эле. Эч кимди эгем деп тааныбай, ээн асманда эркин дооранын сүргөн кыраан бир канча күн биресе ызасынан, биресе куру суудан бөлөк эч тамак жоктугунан оозуна наар албай, качан гана алдан тайып, алсыраган денесин муздак тер басып, калтырап калганда ээси келди. Эшик калдырай шарт ачылып, нечен күн көрбөгөн жарыктын жалтыр нурларынанбы, же өзөк карарткан ачкачылыктанбы көздөрү тумандап, ээсинин сөлөкөтүн араң баамдап, тааныш үнүн эптеп эшитти. Канаты менен кагып, же темирдей курч текөөрүн шилтегенге дарманы жетпей калган. Алаңгыр көздөрүн жалт-жалт алаңдаткандан башкага жараган жок. Ошондо кыраан канчалык өзүн шер сезген менен эмки жашоосу, тагдырынын боосу эми биротоло ушул адамдын колуна өткөнүн анык туюп, армандуу моюндады. Антпеске аргасы канча! Кааласа бу адам минтип ачкалык менен эле мертинтип коет тура. Жоон билегинен калың кайыш боо менен тууруна байланып, асманынан ажыраган бүркүт жер үстүндө адамдын өкүмзарлыгын даана туйду. Эрөөлдө жеңилди, ача буттуу адам асман паашасын утту. Торго чалынганда калдактап, адамдын кучагынан кутулуп чыгууга жандалбас уруп, көзүн да чукуп алуудан кайра тартпаган бүркүт эрегишүүнүн эми майнапсыздыгын даана туйду. Кыраандар Анын дилинде багып турган купуя оюн туюп тургандай ээси:

— Кел, эми, кырааным, тирешпей эриш-аркак бирге бололук! Эрегиштен эр өлөт. Экөөбүздүн бирибиз өлгөндө экинчибизге не пайда? Сен менин намысымды алып бер, мен сени кордобоюн, кырааным! — деп, алайган оттуу көздөрү менен саал тике карап туруп, колундагы жаш этти шамшардай курч ийри тумшугу менен жулуп ала, лак-лак жутуп кирген бүркүттү башынан аяр сылап, — Айла-анайын, ыраазымын сага, кырааным! Антташкан дос бололук! — деп, капыстан эле жашый кетти. Эмнеге, түшүнүксүз. Ээсинин жумшак, аялуу үнүнөн бүркүт жакшылыктын жышаанын сезип, каарынан кайтты. Ошону менен шерт бүттү. Унчукпай түшүнүштү.

Эки-үч күн өтүп ээси бүркүтүнө томого салып, чыканагына чейин келген калың тери мээлейине кондуруп алып сыртка көтөрүп чыкты. Канаттарын калдактата күүлөп, таза абадан көкүрөк кере кенен жуткан кыраан тез эле кубаттанды. Камыга түшкөн экен. Ээси улам мойнунан сылап, канаттарын салаалай тарап, өзүнчө жалынып кыйла басып жүрдү. Анысы үнүн кулагына сиңдирип, өзүнө үйүр алдырып жатканы эле. Айбан менен адамдын айттырбай түшүнүшүүсү ошондон башталат эмеспи. Демейде желке жүнү үрпөйүп, жаалы чыга түшчү бүркүт эми антпей, жоошуп, көндү.

Дагы бир жумадай өтүп ээси кезектеги кызыгын баштады. Жоон жипке кызыл эт байлатып алып, баласына ат ызгыта артынан сүйрөтүп, өзү айыл четиндеги окчундан бүркүтүнүн томогосун сыйрып, зуулаган этке серпип, аң алганды, аны кайра ээси келгенде гана кое берип ыроологонду үйрөттү. “Пө! Пөлөп” чакырып, ээсине кайтканды, колуна конгонду үйрөттү. Ошентип, ай айланбай, адам баласы акыл-амалы менен асман шаасын биротоло качкыс кылып жипсиз байлап алды. Экөө айрылгыс, кыйбас шерик болгонго жетишти. Эң башкысы, бири-бирине ишеништи, сыйлашты...


    Кийин, бүркүт табына келип, тоо-ташта далай аң уулап, нечен жылдарды карытканда адам аны “досум, жан биргем” дегенге өттү. Анан эмне, томогосун башынан шыпыра берип, сермегенде эле көзү көргөн аңын куткарбай баарын алып берип жатса! Түлкүнүн калтарына, бөрүсүн дөбөтүнө чейин алып берди. Тоо-ташта болсун, же чуулдаган атмайдандагы майрамдардабы ээсин бир да жолу намыска сындырбады. Ошондо да амалданып, ичи тарыган көрө албас курдаштары бир жолкуда “эр болсоң текеге салчы, мактаган бүркүтүңдү көрөлүк” деп жаалашканда да ээси томогосун бир шыпырып, көздөрү чагылыша түшкөндө ээсинин намысы жалындай жанып, өлүп берүүдөн да кайтпай жандүйнөсү оттой күйүп, зор үмүт, ишеним артканын бир ирмемде туйду. Жан бирге болуп калган экөө бири-бирин айттырбай түшүнүштү! Канаттарын калдактата күүлөп, кайый уча бергенде эле кайберендер да бүркүттүн көзү дал өзүлөрүн мээлегенин туюп шагылдарды шалдыратып аска таяна жапырылып кача берди. Ээмдин намысын жана да бир алып берейин деген кыраан, эң эттүү, муундалган мүйүзү аркайган ири текени тандай шукшурула барып моюн-соорудан чапчый чеңгелдеп саал жерден көтөрдү да туягын жерден ажыратып, аскадан ары таштап жиберди. Жандалбастай тыбыраган теке ачуу маарап баш-аягы аласалып кулай берди! Бүркүт анын жерге “дүп” эте түшүшүн күтө саал кайый учту да, ээсинин колуна калдактай кайра конду. Уйдун калың терисинен ийлене тигилген мээлейди тутамдай кармап, ээсинин колун бөтөнчө кыса кармады. Ал, ишенимиңди аткардымбы дегени сымал эле. Ээси түшүндү. “Айланайын кырааным, менин пирим!” деп анын ийри тумшугунан кайталай өөп жиберди. Көздөрүндө ысык жаш каканактап толуп кетиптир!

Ошондон кийин ээси аны кайрылып аңга салган жок. Анты болот деп ырым кылды. Кырааны алып деле бермек, каалаганын, анын ал-кубаты толуп-ташып турган. Бирок, антпеди. Сыйлаганы эле. Кайберенден кийин макирөө түлкү же кайсаңдаган карышкырга салмак беле. Ал, акылсыздык, сыйлабастык болмок. Жок, ошол бойдон эле кыраанын атайын салган тамына камап да койгон жок, жайкысын да, кыштын кыраан чилдесинде да түлкү тебетейин, кара күрпөң ичигин калдайта кийип, кыраанын колуна кондуруп алып, ат темине курдаштары менен аңга алып барып жүрдү. Бирок, башкаларчылап аны айгай салып аңга салбай койду. Баары бир башкы мөрөй экөөнүкү болучу. Кырааны теңдешсиз теке алып бербедиби! Эч кимиси ага теңеле албайт! Баарыдан бийик, артык! Бир жолу...

Кеч күз эле. Бир күнү ээси аңга чыгып калды. Көздөрү шойкомдуу. Ууташ тарапта кыйды калтар пайда болуптур. Эч кимге алдырбай коет. Бостери, биягы Чоңсаройдон бери мыкты делген төрт-беш мүнүшөр макулдашып алып, таң эрте бүркүттөрүн калдайта көтөрүп чыгышкан. Калтарды кимдин бүркүтү качырбай алып, кымбат терини да, атакты да алаар экен деп ичтеринен тынган менен, баары сыртынан сыр бербей бажакташып күүлүү. Дээрлик бардыгынын өз бүркүттөрүнөн ишеними чоң. Ошентсе да бири-бириникин сынай да, кооптуу да карашып ичтен тап. Албетте, Буйлаш кыраанын салаар бекен, салса да качан, акырында салабы, же... деген убай, коога күч.

Кыраңдан калтар булак этип көрүнө калганда эле Баеттик жаш мүнүшкөр кепке алаксып келаткан аксакалдардан озунуп, бүркүтүн серпип калды! Аны алыстан баамдаган калтар бадалдарды беттей качты. Бүркүт коебу, жебедей шукшурулуп жете бергенде калтар бийик төө куйруктардын түбүнө жата калды. Амалга алдырган бүркүт шыпшыны сууп, калдактай кайып барып алыстагы ташка барып соксойуп олтуруп калды. Калтар кайра чыга калып чымынкуюн түшүп, бадалдарга умтулду. Кезектеги дагы бир бүркүт серпилди. Алалбады. Ой-бо-ой! Демейкисинен өзгөчө, куйругун булактата көтөрүп качып баратып, бүркүт куп куйруктан илип кетээринде кыйды калтар куйругун жерге жаткыра салып таштардын коңулуна кире качты!

Кийинкилери да алалбады. Бир кезде кыраандын томогосу капыс эле тартып алынып серпилип калды. Күтүүсүз жарыктан көзү карыга түшкөн бүркүт асманга каргып, көзү көнгүчө болбой, жан сабап качып бараткан кара калтарды көрдү. Кыраан аны мелжеп, шукшурула таштай урулду. Ай, кеч болуп калган экен! Кыраан аркан бою калганда калтар калың бадалга кирип кетти. Бир көз ирмем гана эртерээк болгондо... Асманга кайый берген бүркүт аңгыча тайыз коктуда өнтөңдөп жүргөн белгисиз жандыкты көрө койду! Ал, кызыл теричен неме бирде томпоңдой жортуп, кайра токтой калып жер челип, бир нерсенин кызыгына катуу баткандай. Болду-болбоду, ээси жанагыл, бадалга жетип калган калтарга эмес, дал ушул сырдуу жандыкка салса керек деген бүркүт ага октой атыла жөнөдү. Не болсо да аны алуу керек. Ээси үчүн! Шамаал кулакта ышкырып жатты...

Ал, томпоңдогон “кызыл жандык” Кыдык чал болчу. Жакадагы дүкөнгө барып, үйүнө чай-чамелек алып келаткан. Көрсө, куржунунун түбү тешик экен. Алган чакмак кант, момпосуйлары жолдугата бирден чууруп түшө берген экен, байкап калып кайра терип жүргөн болучу. Алыстан кыйкырык-чуу чыгып, коогалуу бир нерсенин катуу шуулдап келатканынан улам кезектеги момпосуйга эңкейген денесин түзөй берип артына кылчайды эле, аттарын катуу теминип, камчы булгалай чаап келаткан бүркүтчүлөрдү көрдү. Ага удаа эле жанагыл шуулдак жете келип, ийинден ачуу апчый өтүп кайый берди. Ал, кыраан болчу! Кызарган “жандыктын” адам экенин көрө коюп, катуу күүлөнүп алгандан чукул багытын бура албай, кишинин ийнин такоол кыла асманга кайра кайыган эле. Кыдык чалдын кызыл чепкенинин сол ийни чеңгелине кетти. Бүркүттүн катуу таканчына туруштук бере албай сүрдүгө жыгылып, эки-үч аласалып, бозала чаңга батып калган чүкөдөй абышка эсин жыйып, ордунан тургуча бүркүтчүлөр шатыра-шатман жете келишти.

— Ой, бу Кыдык тура...

— Эмне кылып жүрөсүң, жарыктык, бу ээн тоо-ташта?!

— Киши кийик болоюн деген го, карыганда. Ха-ха-ха!..

— Ой-бо-ой! Кырааның мыкты экен, кишиге кол салып...

— Көргөнүнөн кайтпай, табында экен!..

— Бали!

Бака-шака түшкөн бүркүтчүлөр ал күнү куру кол кайтышкан менен, амалкөй калтарды кыраан бир жума өтүп, ызаланып калган ээси биринчи кое бергенде эле алып берди. Мурдагысында деле саал эрте болгондо аны кутултмак эмес. Ажалынын анык келгенин туйган калтар жан айбатын жасап, бүркүт тырмак саларда артына чапчаң кайрылып эки бутуна тура калып ырылдай тиш салса болобу! Бирок кыраан шамдагайлык кылып андан озуна тумшуктан кабыштыра кармоого үлгүрдү...


    Дагы бир жолу!..

Жан-жаныбарлар түгөл ачыгып калчу эрте жаз эле. Албетте, алгырдардан башкалары. Алар күнгө аңга чыгып, олжосунун ысык этине кана тоюнуп жатса кайдан ачыгышсын.

Буйлаш бүркүтүн кампасындагы тууруна кондуруп коюп, кадимкисиндей багып жаткан. Кышы бою жаңы эттен өксүткөн жок. Түрдөп берди. Антпесе табын бузуп алмак да. Айрыкча кыраандарды бапестеп багып, сыйда мамиле жасабаса алар бат эле эле үрпөйүп, каруусунан да, табынан да кайта түшөт. Оюндагысын орундап туруу керек. Алтургай мыкты мүнүшкөр алгырынын каалаганын алдын алып багат.

Бир күнү түш оой Буйлаш келип адатынча кыраанынын томогосун алып, али жылуусу кайта элек бир кесим этти карматты. Маалы келип, тамак күтүп жаткан бүркүт өткүр тырмактары тарбайган карылуу колдору менен этти чеңгелдей алып, уучуна ыңтайлап алмак болуп копшолду эле, капыстан жерге түшүп кетти.

— Эк, ата-а, болор-болбос кыштан жүдөп, табыңдан кайтып калган белемсиң, жаман арам! — деп, негедир кыраанын баштагысындай эркелетип, кастарлабай, билегинин сырты менен моюн талаштыра кагып жиберди! Мындайды эч күтпөгөн бүркүт канатын жая калдактап, кыска байланган туурунан аз жерден кулап кете жаздады. Анда эле каруусунун булчуңдары чоюлуп, кыйлага забын тартып калмак. Эзели ээсинен кагуу жеп көрбөгөн бүркүттүн ызасы башына тээп, өзүнө өзү ээ боло албай канаттарын калдаңдата күүлөп-күүлөп алды да ээсин баш талаштыра удаама-удаа чаап жиберди! Буйлаш камгактай ыргып, капталдай жыгылды. Мындай айбатты түк күтпөгөн ал, бүркүттүн канат кагуусунан чаңы сапырыла түшкөн кампанын босого туштагы бурчунан ызылана сөгүнүп, бозала чаң болуп ыргып тура калды да, колуна кокус уруна түшкөн төө тикенден жасалып, короо шыпырчу жаман шыпыргы менен бүркүттү туштап жон талаштыра уруп калды.

— Э-энеңди!... Кантет?! Акмак го! Ээсине кол салып жинди болгонбу? Кутурган экенсиң!..— деп бакылдап, шыпыргысын ыргытып жиберди да калдактай чыгып кетти. Каалга артынан катуу жабылганда ачытылган ашаткыдай жагымсыз, чоочун жыт бур этти. Бу неси? Эми эмне кылар экен?

Ызасы кыйлага тарабаган бүркүт туурунда улам копшолуп, улага тарапты жалт-жалт карап ээсин коога тарта күткөнү менен ал кайрылып келген жок...

Мезгил көчү тынбай уланып, жай да келди. Мүнүшкөр менен бүркүт эзели ортолорунда эч нерсе болбогондой ынтымактуу көрүнүштү. Рас, баягы, бири-бирин таарынткан капсалаңдуу күндүн эртеси таң заарда эле Буйлаш кампага баш багып:

— Кечирип кой, кырааным, мени. Бозого чоң тоюп алган окшобоймунбу... Эрлердин ортосунда мындай майда-барат боло берет. Элдешелик. Кек сактаба. Мен сени кандай сыйлаарымды билесиң... — деп сүйлөнүп, моюнун тарап, томогосун алып көзүнө күнөөлүү тике караган. Ээсинин берген этин суз жеп, бүркүт сыр берген эмес. Бирок ачуу ызасы ичинде калган эле...

Көпкө канат күүлөп учпай, кампада камыгып калган бүркүттөрү бир черден чыгып алсын дегенби, күндөрдүн биринде бостерилик чоң мүнүшкөр, айтылуу комузчу досу Чалагыз менен Буйлаш аттарын жеңил токуп, али кара тоону беттей чыгышты.

Бүркүтчүлөр көп деле жүрүшкөн жок, демейкидей айгайлап сүрөөнгө алып, артынан атын камчылап бүркүттөрүн акмалаган аңына деле салышпады. Тоо этектей келгенде ылдыйда мемиреп, чалкый жаткан ЫсыкөКөлдү беттете бүркүтүн кое берди. Ээсинин мерчеген аңы жок, таза абага өпкөсүн тазалап, канатына кубат алып алсын деген ой менен кое бергенин туйган бүркүт канаттарын калдактата төмөнтөн урган желди беттей күүлөп, тээ бийикке көтөрүлүп, эки ирет айлана учуп алды да денеси жибигенине маашырлана кайрадан мүнүшкөрүнүн колуна келип конду. Анан Буйлаш кыраанынын томогосун алып, абага серпти. Кампада кыйла олтуруп канаты талый баштаган бүркүт көп деле алыс барбай кайрадан ээсин беттей бурулду. Кыраакы мүнүшкөр Чалагыз бир шойкомдун болорун боолголой коюп:

— Ой, Буйлаш, бол, жашын! Мунуңду таарынтып койгонсуң го, ызаланып калган тура! — деп, айгай салып калды. Болбоду, Буйлаш өткөндөгү күчтүү бозонун күүсү менен кыраанын таарынтып койгонун дароо эстеп, аттан шыпырыла түшүп жакынкы казанбак таштардын арасына жашынганга үч-төрт кадам жеткирбей, жедеп саресеп болуп бүткөн бүркүтү артынан шуулдай жете келип, далысынан баса жыгылды! Буйлаш жер сүздү! Кың этпеди. Анысы өз айыбын сезгени эле. Тек, бүркүтү ызасын кантип, канчалык чыгарат деп гана бушайман тартты. Эгерим, чеңгелин катуу кысып эле койсо жонундагы чепкени анын ачуу, кылычтай курч тырмактарына такоол боло алмак эмес, шибегедей көзөмөк. Антпеди, кырааны. Канчалык катуу намыстанып, кектесе да ачуусун өз кезинде баса алды, тек, эми дагы ызама тийе турган болсоң моминтип эле оңой өчүмдү алып коемун дегендей сыр кылып койду. Көмкөрөсүнөн түшүп, деги бети-көзүм аман калгыдай эле деп чепкенинин жакасы менен бетин чулгай калганга үлгүргөн Буйлаш алдында жатканына көзү жеткидей бир шукшурула карап алды да, моокусу кангансып “клак!” этип, жакынкы ташка калдактай барып конду. Чын эле чоң балээден кутулдумбу деп ишеңкиребей, жонунан бүркүттүн оор жүгү кеткенин сезип турса да ал, амалданып, көзүмдү оюп албагай эле дегенсип, тумчуланган чепкенинин жакасынан акырын шыкаалады.

— Ой, жамансары, тур! Аман калдың! Охо-ой! Оңой кутулбадыңбы. — деп бакылдаган Чалагыз курбусу жете келгенде санаасы биротоло тынып, ордунан тура келди. Анын кызылжаян бетин көрө сала:

— Ой, кокуй! Бу жырткыч кылгылыгын кылган тура! Деги, көзүң аманбы?! — деп Чалагыз чырылдап жиберди. Жарыгынын булагы соо экен. Ысык кан жошолп турса да көзү көрүп турганын сезе коюп, Буйлаш шүгүрчүлүк кылып, кубанып алды. Бетинин шылына түшкөнү кеп эмес, жаагы тырыйса да жарык дүйнөнү көрө алат! Ийме канжардай курч текөөрү чалып кетсе керек, жаагы кулагынын учунан чыкыйына дейре шылына түшкөн экен, териси алжайып, кызыл кан шорголоп турса да, калтыраган манжалары менен жаагын сыйпалап көрүп:

— Үх! Кексе кегин алды! — деп,күңкүлдөдү.

Чынында эле ээсинин канына забын кылууну кыраан ойлогон да эмес, тек кыр көрсөтүп коеюн деген. Сол чеңгели менен далысынан чапчып, оңу менен кежигеден чепкенин тутамдайын дегенде ээси күтпөгөн жерден башын чулгуй, көкүрөгүнө жүз катып жибергенде четки салаасы жаза тайып кетпедиби, кашайып. Дагы жакшы, ээсинин көзүн кашайтып алса эмне болмок. Курбусунун тээрдиктен кесип ала коюп ширеңкеге күйгүзүп алып көк түтүнү басыла электе Буйлаштын жаратына басып жатканын көрүп, бүркүт күнөөлүүдөй башын жерге сала обдулуп алды.

Ошо менен кек бүттү. Ызасы таркап, деми басылды. Кайрылып ээсине кыраан айбат кылган жок. Жаагындагы алакан отундай тырыкты көргөн сайын гана ичинен өкүнүп ала турган болду. Буйлашка да чоң сабак болду. Мурдатан канчалык уккан менен, бүркүттүн мындай өч алаарын, кекселигин өз башынан өткөрүп көргөн эмес эле. Биринчи да, акыркысы да ошол болду.


    Ошондон дагы үч жылдай ээсине кол салгандан да кайтпаган эр жүрөктүү накта кыраан делип, аймактагы эң атактуу бүркүтүн бапестей багып, көпчүлүк көзүнө сыймыктанып жүргөн соң, бир жолку жазда негедир аны айыл четине чейин жөө алып чыкты да томогосун шыпырып, жоон билегин кыса байланган кайыш боосун чечип:

— Эми сени затыңа жараша төтөн сыйлап, бага албай калдым, заман аңтарасынан түшүп калбадыбы, жаңы эт бергенге жарабай... өз оозубузга таба албай калбадыкпы, эми мага таарынба, кырааным, сени кордобоюн, түбөлүккө сага ыраазымын, бир жолу да намысымды сындырбадың, бийик башымды жер караткан жоксуң, алтургай кол салганыңан да атагым артты, эми өз жашооңду кыл, артым туман, убалыңа калбайын, кайыр кош!.— деп тумшугунан жана бир өөп алды да каканактап жаш толо түшкөн көздөрү менен адаттан тыш бүркүттүн көздөрүнө сугула карады. Экөөнүн көздөрү чагылыша түштү! Ызаат-сый, ыраазычылык экөөндө тең мелт-калт толуп турду! Санаасы тына түшкөн адам башынан аяр сылап алды да бүркүттү боштукка серпип жиберди. Кетти! Канаттары калдактап, чексиз эркиндиктен башы айлана түштү да адат менен алдыга канат күүлөй берди. Азаттык! Эми акыры-түбү жок асман толук аныкы. Каалаганындай жашайт. Ошол эркиндикти, бакытты акыры берген ээси! Эрки жетти.

Бүркүт тоо беттей канат күүлөп, тээ, чекиттей көрүңгүчө көтөрүлүп, бирок не кылаарын, канатын кай тарапка бурарын билбей калды. Уясы тараптан эч ким учуп чыкпай калганына көп болгон. Аңгырап ээн, кам көрөрү жок каралбай чачылып, кунарсыз калган аны көргүсү келбеди. Анүстүнө, канткен менен ээси экөө эриш-аркак, жашоонун кызыктуу бир мерчемин бирге жашашпадыбы. Эми кантет? Төмөндө, жашыл ыраң бетинде кара чекиттей жападан жалгыз калган ээсичи? Эмине күн көрөр экен? Сумсайып калды... Чын эле экөө эми кайрымсыз кайра көрүшкүс болуп айрылыштыбы? Неге? Кантип? Бүркүт артына кайрылды. Тээ, төмөндө көл жээктей созула карайган бактуу айылга, анын четинде колун серепчилей асманга тигилгин ээсин көрдү да эки ирет айлана учуп, ачуу шаңшып-шаңшып алды да кайраттуу тоо беттеди. Баарыбир эркиндик таттуу! Арбаганы арбаган...

— Айланайын пирим, кырааным, кайрылып коштоштуңбу? Мени кыйып кете алган жоксуңбу? Ыраазымын сага. Эки дүйнөдө сени унутпасмын. Эми жаша, Кудайым амир кылган өз тагдырыңды кеч. Кайыр кош!.. — деп жашый күбүрөңгөн ээси чекиттей карайып барып, көздөн учту. Бүттү. Ошол бойдон экөө кайрылып көрүшкөн жок. Ээсинин бүркүттү эмнеге учуруп жибергенинин сыры жыл айланбай эле белгилүү болду. Кыштын кыраан чилдесинде көзү өтүп кетти. Ал, пенде ичээр суусунун бүтүп калганын алдынала сезсе керек. Ал, жамандыкты бүркүттүн да жүрөгү сезди. Айылы гана эмес, бүтүндөй аймакка атагы чыккан бүркүтчүнү көрүстөнгө көтөрүп келип, көргө берип жатканда гана асманда ачуу шаңшып, айлана учкан кыраанды көпчүлүк көрө койду!

— Ой! Буйлаштын бүркүтү келди!

— Кана?!

— Тигине, асманды кара.

— А-а, ал, баягы теке алган кырааны тура!

— Кыдыкка да кол салган!..

— Алтургай, Буйлаштын өзүнө да...

— Ооба!

— Чын...

— Тобо! Ээсин билген экен...

— Ушундай да жанбиргелик болот тура!

— Астапырылла!.. — дешип, көк тиктей дуулдап алышты. Ал, чынында эле кыраандын ээсине жасаган акыркы шоораты эле.

   
    Мына, эми ошол кыраан минтип, каруусунан кайтып, карылыкка моюн сунуп олтурат. Калдайган канаты асманды албуут жирей, өзүнөн он-жүз эсе оор текени көтөрмөк түгүл, абанын агымына туруштук бере албай кайрылып, ээсин көтөрө алгыс алсыз абалга түшүп калды. Азаттыгын алгандан эки жыл өтүп тапкан экинчи түгөйү да торго түшүп кеткен. Анын көргөн күнү эмне болду экен? Кандай тагдырга тушукту? Ээси кандай чыкты? Белгисиз калды. Кайрылып келген жок. Адам пендеси ар кай амалы менен өзүнө арбап алат тура! Тирүү болсо болгону. Өзгөчө жаркын жан эле...

Бүркүттүн ойлору удургуй учуп, тоо жаңырта армандуу дагы бир шаңшып алды. Экөөнүн табышканычы! Кантип унутсун. Экөөнүн асман чеги канатташ болчу. Алыстан кыйла байкоос салып жүрүштү. Билишпесе да бири-бирин сыйлады. Акыры, буйрук экен, өп-чаптуу жаздын бир күнүндө экөөнүн көзү бир суурга түшүп, удаа шукшурулуп калышты. Ал, семиз суур чегара ортосунда эле. Кыраан алгач жеткен менен тигинин ургаачы экенин байкай коюп, урмат көрсөтө жол бошотуп асманга кайый берди. Тигил да билди, эркектин урматын. Ичинен ыраазы боло аңды илип кетти. Анан, кийинки күндөрү экөө улам барган сайын асманды айлана учуп, жакындай беришти. Бири-бирине тартылышты. Акыры, бир уяга кошулушту. Жылыга экиден балапан табышып, бирден учуруп турушту. Табигаттын улуу мыйзамы экен, алсызын күчтүү балапаны уясынан кулатып салмагы. Күчтүүлөрдүн тукум улантмагы акыйкат тура. Чабалдан чабал тукум калып, аталардын атын булгагыча жогу жакшы экен го!

Эми ошол, бир да балапаны атасын эстебеди. Келишкен жок. Канчалык оор болгон менен ал да мыйзамченем тура. Ар кимдин тагдыры ар башка, ачакей... Өз күнүн көрүп, торго чалынышпаса, кырсыктап, эрте өлүмгө кабылышпаса болгону. Аман болушсун! Ата-энеге ошол бакыт. Ата уясын басаар бирөө чыгар...

Асман ачык, көпкөк, көз мелжийт. Жайдын саратаны. Жогорудагы мөңгүдөн салкын илеп келип, жакадагы ысыктын аптабы жетпейт. Бүркүттүн өзөгү карарды. Учайын, аңга чыгайын дейт, канатынын каруусуна ишенбейт. Кайрылып келе албачудай. Ит-кушка жем болгуча... Анүстүнө, коңшу жаш бүркүт эртелеп эле анын асманын ээлей учуп калды. Маскаралап, майып кылып коюусу мүмкүн. Жок! Намысты таза, бийик тутуу керек... Өткөндө, кубат кеткен чеңгелинен али жаны чыга элек, чабалактап туйлаган карт коенун чеңгелинде көтөрүп, уясына араң жеткен ошол күнү жолдо кара терге түшүп, нечен ирет “урдум, ушундай кара курсак көр оокатка!” деп, келе жатып нечен жолу коенду таштай салып кете бергиси да келген. Бирок, кара курсагын да кыя албады. Ансыз ачкадан өлмөк. Эми ошол, бир жума узарган жашоого да кайыл болуп турду. Качанкыга чейин ушинтип, көр оокат көрмөк. Же түбөлүктүү, өлбөс болсо бир жөн. Акыры ажалга баш ийбей койбойт. Анда неге азаптанып, жашоонун болор болбос учугуна жандими тырмышат? Уясынан учуп чыга албай, мусапырга айланып, жаткан жеринде заңдап, бок-жинге аралашып калгандан көрө татыктуу өлүү керек. Намысын алдырбай, өлгөндө да башты бийик тутуп өлүү эрдик. Накта кыраандар гана ошентет. Тирүүлүк канчалык кымбат болбосун, ажал улук, акыры албай койбойт. Эскилер кетип, жаштарга өз маалында орун бошотуу, жаңылардын жашоону улап туруусу акыйкат. Ошондо гана жашоо алгалайт. Бирок, тирүүлөр татыктуу өлүмү менен ажалды жеңе алат! Демек...

Бүркүт ой-санаадан эсин жыйганда каш карайып калган. Асман тиреп заңкайган тоолор ого бетер сүрдүү калдайып, арттан күп эттире ылаажысыз басып калчудай демитет. Кечки муздак сыдырым жел чыйрыктыра баштады. Кыраан төшүн кере комдонуп, төмөндө күңүрт айнектей жылтырап жаткан көлдү, анын артындагы тескейдин ак мөңгүлүү көзгө сүйкүм мунарыктаган тоолорун, төбөсүндөгү уч-кыйырсыз коюу асманды куштарлана не бир кусалуу чарпый карап алды да, канаттарын калдаңдата күүлөп-күүлөп, капчыгайды жаңырта ачуу шаңшып, жерге боюн таштап жиберди! “Кош, кымбат тирүүлүк! Жарык жашоо түбөлүккө кайыр кош!!!”

Кезинде кыйырсыз асмандын падышасы болгон бүркүттүн үмүттүү жайылган канаттары күүгө келе албай артка кайрылып, урган таштай төмөн кулай берди. Кыраан, тик аска ылдый ажалына бет алып баратып, алдыдагы урчук ташты мелжей бой түздөдү... Кыраан – дайыма кыраан!


© Сарманбетов А.И., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 3150