Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Адабий конкурстар
© Дастан Алымбеков, 2013. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма 2013-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) «Алтын Орундук» адабий клубу жана «Кыргызстандын жаңы адабияты» электрондук китепканасы тарабынан уюштурулган конкурска сунушталган.
Конкурстун шарттарына жараша уюштуруу комитетинин уруксаты менен жарыяланууда.
Соода-сатык максатында чыгарманы же анын үзүндүлөрүн нускалоо жана жарыялоого тыюу салынат.
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2014-жылдын 30-апрели

Дастан АЛЫМБЕКОВ

Жабагыны ат болбойт деп кордобо

Аңгеме 2013-жылы уюштурулган Кыргызстан жаштарынын адабий чыгармачылыгы конкурсуна сунушталган. Калыстар тобу тарабынан белгиленген.

Много языков – один мир: Литературный альманах. – Бишкек: 2014. – 160 с. китеби боюнча жарыяланды

УДК 82/821
    ББК 84(2)
    М 73
    ISBN 978-9967-465-02-2 
    М 4701000000-14

 

Саяпкери жарашса, суутуп жарышка салса, тулпардан албетте, күлүк чыгат.

“Оору кадырын соо билбейт, ач кадырын ток билбейт” дегендей, зеригип олтуруп, интернеттен сиздердин макал туралуу конкурсуңуздарды көрүп калдым. “Үмүтсүздүк – шайтанга гана тиешелүү” деп колума барак, калем алдым. “Бешиктеги баланын – бек болоорун ким билет” дегендей балким акын, жазуучу болуп калармын. “Жаман иттин аты “Бөрүбасар” дегендей атым Дастан. Таластын кулунумун. Ысык Ата районунда жашайм. Жашым он төрттө. Атымды ата-энем азан чакырып, Дастан коеру менен менин да “дастаным” башталган. Төрөлгөндөн он үч күн өтөөр менен, жүлүнүмө оор операция жасалган экен. “Аксак койду – бөрү андыйт” болуп, кийин да улам– улам жүлүндөгү өсмө өсө берип, беш жолу операция болдум.

“Касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы” болуп биринчи классты окуп бүтпөй, досторум менен топ тебишип ойнобой, эки бутумду кучактап, майыптар коляскасына олтуруп калдым. Ошентип орулуунун дастаны дагы эле бүтпөйт.

“Аргымак мойнун ок кесет, азамат мойнун жок кесет” дегендей түзүгүрөөк коляскага да жетпедим.

“Чөп чыкпаган жайдан кач, кайрымы жок байдан кач” деген чын экен. Жардам сурап, байманасы ташыган байларга жазган каттарым жоопсуз калды.

“Жигит болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол” деген макалды туу тутуп, “кантала чакса, бүргөгө ыйлап көрүшөсүң” дегендей өзүм теңдүү майып балдар менен, эми ырдап чыгайын деп жатам.

“Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт, ” “жамандыкты – амандык жеңет “ дегендей Аллахым “оомийин” деп дартыма шыпаа берсе, коляскадан бошонуп, өз бутум менен да басып калаар күн келээр.

“Эки оору бир келсе ажалыңдын жеткени, эки доочу бир келсе амалыңдын кеткени” – болуп, жата берип жамбаш сөөктөрүмдүн эттери качып, оюлуп да кетти.

“Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет” экен. Апам: “китеп оку! ой, оку!” деп кыйнап жатып, минтип эссе жазганга да жарап калдым”. Чабал өрдөк эрте учат” деп сабактарымды үйдөн окуйм. Мугалимдерим колу бошогондо келип турушат. Аларга Алла ыраазы болсун.

“Карчыгага кушуң түшпөсүн да, бакшыга ишиң түшпөсүн” бакшылар айыктырам деп далай акчаңды сорушат экен, бирок пайда жок.

“Арык атка камчы үйүр, жыртык үйгө тамчы үйүр” болуп жабышкан оору жармашып келатат. “Азбаймын деген жигитти, караңгы түн аздырат”– экен.

“Жаш кайың желди сүйөт, жаш жүрөк теңди сүйөт” экен, бирок адамдар коляскачан адамдар менен дос болгулары келбейт. Албетте, пайдасы жокторго убакыт короткулары келбейт да.

“Мүнүшкөрдүн кесиби – ит агытып, куш салмак” болсо меники сыналгы тиктеп, китеп окуп, убакытты өткөзө албай үйдө олтуруу.

“Ак менен кара жарышат, акка кудай болушат”. “ Куштун сүтү жок, кудай өзү асырайт”– го, “айыгар оорунун дарымчысы өзү келет “ деп Аллахымдын мээримин сабыр менен күтөм.

“Карга сүйөт баласын аппагым деп, кирпи сүйөт баласын жумшагым” деп чебелектеп ата-энем жаныман чыкпайт.” Башына тартса аягына жетпейт, аягына тартса башына жетпеген” заманда ата-энем мени жана төрт бир тууганымды багып келатышат. “Атадан алтоо туулсаң да, ар жалгыздык башта бар” болуп кээде жалгызсырайм, буулугам, ыйлайм.

“Балалуунун бели тынат, баласыздын бели сынат”. Мен да эртерээк айыгып, ата-энемдин белин тындырып, оорун колдон, жеңилин жерден алсам дейм. “Азапты тарткан билет, жүктү арткан билет” болуп, ата-энем да мени менен бирге далай азап тартышты. Аларга ыраазымын. Аллахым, ата-энемдин жардамы менен “ай толгонун билбейт, жигит болгонун билбейт” болуп боюм эле зоңкоюп баратат. “Теректей бой бергенче, Аллахым, теменедей акыл бере көр” деп өзүм да чочучу болдум.

“Иттей ала болгуча, бөрүдөй көк болсом”– экен. ” Ый менен күлкү аякташ, куру кайгыдан пайда чыкпас”, жигиттин өзүнө караба, сөзүнө кара”. “Кайгыңды кайгы экен деп эч ким укпас” дегенге ишенгим келбейт. Эч бир көркөм чыгармага туура келбесе да, “жамандын бир өнөрү артык” экен деп эрикпей кеп-кеңешиңерди жазып коюңуздарды суранам. “Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло” дегендей адабиятта алптар ат салышат эмеспи. Албетте ” желдүү боз баланы – жеткире мактаба” дейт, бирок мактоону жакшы көтөргөн өпкөм бар. “Жылуу сүйлөсө жыла-жыла жылан ийинден чыгат” эмеспи. Бирок “казанчынын эрки бар, кайдан кулак чыгарса”, ”казаны башканын кайгысы башка” деген макал да бар эмеспи, неси болсо да ичимдеги ийри ойлорумду “төгүп” алдым. Оо кокуй, ” карды ачкан кара казанды сагалайт” болуп кеттимби? Кечир Аллахым. Эми “ооруну сураса – айыкканчалык”– экен да. ”Өзү боктой, сөзү октой” экен деп ойлобоңуздар.

“Өткөнгө өкүнбөй, кеткенге кейибей”, “кекчил болбой эпчил болуп”, Аллахыма тобо келтирип, өзү берген дартына шыпаа беришин, намаз окуп сурануудамын.

 

© Дастан Алымбеков, 2013

 

Адабий алманахты толугу менен көчүрүү

 


Количество просмотров: 1813