Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Иманалиев Замирбек, 2011. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2014-жылдын 7-апрели

Замирбек ИМАНАЛИЕВ

Аян бар керемети туюлбаган...

Акындын бул жыйнагында махабат, мекен темасындагы ырлардан сырткары дүйнөлүк поэзиядан котормолору камтылган.

Иманалиев Замирбек. "Аян бар керемети туюлбаган". – Б.: Турар, 2011. – 204 б. китебинен алынды

ISBN 978-9967-15-043-0

 

МАЗМУНУ

Табиятынан акын А.Сарманбетов

О, КЫЗДАР
ҮМҮТТӨР
СУУСУН БЕРГЕН МҮРӨКТҮН
КАРЫЛЫК
ЖЫЛ ТОГОШКОНДОГУ ОЙ
АЛТАЙЛЫК ДОСКО
ҮМҮТ
НООРУЗГА АРНОО
КОШТОШУУ БАР
КӨЛ ЖЭЭГИНДЕ
ЫР АЛЫП КЕЛДИМ, ОКУЙСУҢБУ?
КАРЕГИМДЕ КОҢУР-ӨЛӨҢ БЕШИГИМ
ЫСЫК-КӨЛГӨ БИР АРЗУУ
ЖЕТИНИН БИРИ (Ч.Айтматовдун “Кыямат” романындагы Гурамдын сөзү)
КҮЗ ЖАМГЫРЫ
КЫЛЫМДЫН ЖҮГҮН АРТЫП
БЕЛГИСИЗ ДҮЙНӨ
ЖАШОО КУМАРЫ
АДАШКАН СЕЗИМ
ЫР ЖЕТКИР ЫРДАГАНГА
ОЙ ТОЛГОО
ТҮПКҮРГӨ ТҮН КУЛАНАТ
ЖАШОО КЫЗЫК СИЛЕР МЕНЕН
КЕЛ ИЧЕЛИ
КҮН СЫЯКТУУ
МЕЗГИЛ ЖАНА БИЗ
ИЧИРҮҮ
КЫТАЙ ЧЕБИ
ТУУЛГАН КҮНҮМДӨ ЖАЗЫЛГАН ЫР
УШУЛ ОКУУ ЖАЙЫНДА
ТАҢ МЕНЕН
КҮТӨ АЛБАДЫ
МЕНДЕГИ КОРКУНУЧ
БИЙЛЕ, КУРБУМ
КАЛСА БОЛДУ
ЭСКЕРГИН
ӨЗҮҢ БОЛ
СҮЙҮҮ ДЕП СЕН БУЛАРДЫ ТҮШҮНБӨГҮН
КӨПТҮР БАЛКИМ БИЗДИН ОКШОШ ЖАГЫБЫЗ
КҮТӨТ БИЗДИ
МУЗДАЙТ КӨҢҮЛ
КЕТКИМ КЕЛЕТ ТАПТЫРБАЙ
КАТТАШЫ ЖОК
АРАЛАШЫП КЕТЕБИЗ
ЫРААЗЫМЫН ЫЙЫК СЕЗИМГЕ ...
ТАГДЫРДЫН ТАБЫШМАГЫ
КАЙЫК АЙДАП
КАЛА КӨРГҮН
МЕЗГИЛГЕ ИШЕН
ТАГДЫР ДЕБЕ
АКЫРЫ СЕНИ СҮЙГҮЗӨМ
СҮРДӨБӨ, ЭРКЕМ
ҮЗБӨЙ ЖҮР
СЕН ЭКӨӨБҮЗ
МЕН БОЛОЮН
ЖАЗЫЛБАЙ КАЛДЫ БИР КУМАР
ПЕРИШТЕМ
КАРАБА КӨЗҮҢ МЕНЕН ТАҢ КАЛЫШТУУ
МЕН САГА КАЧАНДЫР БИР ЖОЛУГАМ ДЕП
БУЛУТТАРДЫН ЫРЫН УГУП КАЛ
УНУТПАГЫН
КӨЛӨКӨҢДӨЙ ЭЭРЧИП ЖҮРҮП ӨЗҮҢДҮ
ЖАМГЫРЫН ЭСТЕГЕНДЕ ЖАШЫЛ ЖАЗДЫН
ТӨРӨЛӨ ГӨР
МЕН БЕЙТААЛАЙ БОЛУП КАЛСАМ...
СЕН МАГА АЯН КЫЛЧЫ...
КИМ ЭКЕНИҢ БИЛБЕЙ ТУРУП
МУНАРЫК
КӨНДҮРӨ АЛБАЙ ЖҮРӨМҮН
СҮЙҮҮ
ШАХРЕЗААДА ЖОМОК АЙТАТ
“КЫЗ ЖИБЕК” ДАСТАНЫ
ТАЗАРУУГА ТААЗИМ
ЭҢ КАЙРЫМДУУ, ЫРАЙЫМДУУ АЛЛАНЫН ЫСЫМЫНА
ӨТКӨН ЧАК
ӨТКҮМ КЕЛЕТ МЕЗГИЛГЕ АЙБАТ КЫЛЫП
ЭМНЕ ҮЧҮН ТАРТЫЛУУ БАР, ТҮРТҮЛҮҮ ЖОК?
АЗГЫРЫК
КӨЗ ИРМЕМ ТИРҮҮЛҮК
ДҮЙНӨТААНЫМ
ЖАШАП БИЛ
АЛДЫГА ЖҮР
ЭЭСИ БАРЫН СЕЗГИНИҢ

ИНДИЯ КҮНДӨЛҮКТӨРҮ
КҮНЧЫГЫШТЫ ДҮЙНӨГӨ ДАҢАЗА КЫЛГАН ЭЛ ТУУРАЛУУ
АЛАЙ МУНАР
КАҢГЫ ДАЙРА
БАЙЫРКЫЛАР БАЙЫР АЛГАН ЖЕРДИ КӨРГӨНДӨ
ШАХТЫН КӨЗ ЖАШЫ

КОТОРМОЛОР
АЛЕКСАНДР БЛОК: Күтүнүп чакырыкка жооп издейм
Клеопатра
С.ЕСЕНИН: Персия кайрыктары
М.Ю.ЛЕРМОНТОВ: Ажалдын периштеси
Р.ГАМЗАТОВДОН

АРНОО ЫРЛАРЫ
ТУРСУНГА, КЫЗЫМ АСЕЛГЕ
ТУРСУНГА
УУЛУМ КАНАТКА
МУРАТКА
САКТАНБЕК ДОСУМА
ДОСУМ МАРАТКА
ЖООМАРТКА
КӨРҮНГҮН ТОКСОН-ЖҮЗДҮН АШУУСУНАН
ДОСУМ МУСАГА
КЕРИМКУЛ БАЙКЕГЕ
МУРАТААЛЫГА
ТҮШҮНДҮРМӨ

 

КЫРГЫЗ ПОЭЗИЯСЫНА ОЛУТТУУ АКЫН КЕЛДИ

ϴткөндүн 60-жылдарында Москвадагы «Литературная газетада» «Физиктер жана лириктер» деген темада көпкө созулган талкуу жүргөн. Анда поэзияга физиктер менен лириктердин мамилеси туурасында сөз жүрдү эле. Дүнүйөгө атагы чыккан орус физиктери алардан да бийик атактагы совет адабиятындагы лириктер өтө терең ойлорду айтып, поэзия планетасын титиреткени эсимден чыкпайт. Ошондон кийин илимде жүргөн ыр чүргөгүчтөрдүн «чыгармаларына» жаш баланын кыял жоруктарына карагандай карачу элем. Эми аларда күнөө деле жок. Күнөө – поэзия деген кудурети күч кубулушта тура.

Замирбек Иманалиев ошондой физик – лириктердин бири эле. Күндөрдүн бир күнүндө «О кыздар» деген ыр менен чыга калган обон бүтүн кыргыз жергесине жаздын жашыл күнүндөй кубулжуп, жайкалып тарап калды. Ал, шумдуктуу күчкө ээ болду. Обону да бир жаркын илеп менен келди. Дегеле оозуна ыр алып көрбөгөндөр да «О кыздар» деп созуп калып жүрүштү. Алтынды дарт баспайт дегендей ал ыр күнү бүгүн да ар кандай муундагы кыргыздын жүрөгүндө жүрөт го!

Бул ыр, байкоо салып жүргөн мага окшогон кишиге поэзия деген кендин үстүнөн чеңгел менен илип алгандай болду. Анан ал ырдын авторуна уурданып көз салып жүрдүм. Суроо салсам Замирбек математик – профессор экен. «Кудай уруп жакшы акынды математика деген желмогуз жутуп койдубу» деген күдүк ойдо кийин көпкө жүрдүм. Кудай жалгап оюм ордунан чыкпай калды. Анда – санда жарыкка чыга калган ырларын окуп, Замирбегим аман экен деп, «Букарда пулу бардын көңүлү ток» болуп жүрчү элем.

Жакында Замирбек Иманалиев «көз жүгүртүп бере аласызбы» деп ушул жыйнагын берди. Окуп бүткөндөн кийин опсуз чоң олжолуу болгондой сүйүндүм, бир чети күдөрүм чын чыкканына сыймыктандым. Чыныгы акындан чыныгы поэзия жараларына айныксыз ишендим. Чыныгы поэзиянын негизи өтө бийик татаалдыкты, андан да эң бийик жөнөкөйлүккө жеткирүү. Саптарга даамдуу сөздөрдү тизүү чоң чеберчилик. Математиканын тактыгы саптарды дааналаганга таасир бергенби деп да ойлойт экенсиң. Анан ошол түзүлүш котормо ырларда да көрүнүп турат. Муну чоң ийгилик деш керек. Узун сөздүн кыскасы, кыргыз поэзиясына бир олуттуу акын келди. Мен өзүм ушуга чексиз кубанычтамын.


Омор СУЛТАНОВ
Кыргыз эл акыны, Россиянын Лермонтов атындагы сыйлыгынын, түрк элдеринин Махмуд Кашгари – Барскоони сыйлыгынын лауреаты

 

Табиятынан акын

Оозунан сөзү, калеминен көөрү төгүлгөн накта акындар болот. Алар табиятынан акын. Сөз жамап, издебейт, жел ой чаргытып чайналбайт. Айткан-жазгандарынын баары эле бир өзөнгө куйган мөл булактардай куюлушуп, накта поэзиянын мухитине түз кошулат. Андайлар өтө сейрек. Мындай табигыйлык туурасында испан акыны Рубен Дарио “Мен эч качан ыр жазууну үйрөнгөн эмесмин. Ыр жазуучулук (стихотворство) мен үчүн эмнегедир өзүм менен кошо бүткөндөй органикалык, табигый нерсе. Менин ырларым ар качан денем менен көңүлүмдөн гана төрөлчү” деп таасын айткан. Алыкул, Мидин, Райкан, Байдылда, Омор (Султанов), Турар (Кожомбердиев), Жолон, Аман (Токтогулов) ошондой, көөдөнүндө поэзия дайыма оргуп турган накта акындардан. Алардын азыркы жаңы сабына Улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү Замирбек Иманалиевди да татыктуу деп билемин. Оттуу акын. Өз кесиби поэзиядан алыс болсо да ар бир сөзү жылдыздай жылтылдап, жүрөк козгоп турат. Анткени, табиятынан акын. Чын жүрөгүнөн сүйлөйт. Узун элдин учуна тарап, алды элүүгө чыгып калса да “О, кыздар” деп созолонгон ырды Замирбек байкем жазган экен. Князь Огинский “Полонез” деген бир ыры менен тарыхта калгандай “О кыздары” менен эле Замирбек байкем да бир канча муундун көкүрөгүнө сиңип, бекем түнөк таба алды. Андан башка да керемет ырлары бар. Дүйнө туюму терең философ-акын. Ага бул жана мурдагы китептерин окуган ыр ышкыбоздору өздөрү күбө боло алышат деп ойлоймун. Кайсыл ырын, анын ар бир сабын алба чыныгы позия сымаптай көлкүлдөп, мелт-калт толуп да, жылтылдап да турат.

Сураба, көзгө түшпөс иреңимди,
Сурагын, мен жашоону сүйөрүмдү.
Сурагын, жашымды эмес, жан дүйнөмдү
Сурагын, тизгин жыйбас жүрөгүмдү!
– деп акындын өзү да айтып жатпайбы.
Ачыла элек сандыктай сыртынан эч сыр бербес Замирбек байкемдин котормочулугун жакында эле билдим. Билдим да таң калдым! Мыкты котормочу экен. А.Блок, М.Лермонтов, Р.Гамзатов сыяктуу поэзиянын дөө-шааларынын көрүнгөндүн эле “тиши өтпөс” ырларын өзүнө гана мүнөздүү жумшак, жеңил тили менен которуп да, коңторуп да салыптыр! Ага орустун улуу акыны С.Есениндин

Жөөлүтпөйт эски санаа, эски кайгы,
Тынч өтөт азыр мында көп күндөрүм.
Көңүлгө эм түшүрөм чайханада –
Көргөндөн Тегерандын көк гүлдөрүн.
– деген ырынын бир шиңгилин мисал тартсак эле жетиштүү болор.
Чыныгы чыгарма жөнөкөй да, жеңил, сиңимдүү да, ошол эле учурда терең, бийик болуусу менен өзүнө арбап алат эмеспи. Замирбек байкенин ар бир ыры, дастаны да ошондой, окусаң жөнөкөй, кадимки эле сөздөр, куюлушуп, биригип жан дүйнөңө сыйда кирип, тереңден да, бийиктен да бирото түнөк таап калат. Баарыга жетик, кайталангыс өзүнчө, үнсүз обон салып турушат. Кыскасы, З.Иманалиевдин келүүсү менен кыргыз поэзиясынын бир өңүрү толуп, куту арта түшкөнү анык. Бул, айтылган кебиме ушул китепти далил тартамын.

Айдарбек Сарманбетов,
КР Улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү, КР Эл аралык коомдук Поэзия Академиясынын башкы директору

 

О, КЫЗДАР

О, кыздар, сумсайыш ордуна,
Ар дайым жайдары болгула.
Алыстап кыр ашкан күндөрдүн
Астынан бир кайрып койгула.

О кыздар, агай деш ордуна,
Атымдан чакырчу болгула.
Бүлбүлдөп бараткан жаштыктын
Билигин чоңойтуп койгула.

О кыздар, кол шилтеш ордуна,
Каш серпип, көз кысчу болгула,
Мага окшош бирөөнүн колунан
Гүл сунса гүл алып койгула!

 

ҮМҮТТӨР

Үмүттөр үмүттү жаратат,
Үмүттүү кеч кирип, таң атат.
Биз жашап өтө элек күндөргө
Үмүттөр жасашат саякат.

Үмүттөр жүрөктө уялап,
Үмүттөр үмүткө уланат.
Биз жетпей келаткан бакытка
Үмүттөр жетишет кубалап.

Үмүттөр — эртеңки кубануу.
Үмүттөр — Теңирден сурануу.
Үмүттөр үзбөсө караанын
Өмүргө өмүр бар улануу!

 

СУУСУН БЕРГЕН МҮРӨКТҮН

Кан майдандан кайтпай калган жоокерге,
Турат мында таштан курган эстелик.
Билесиңби гүл коебуз эмне үчүн
Бардыгыбыз башты ийип эскерип?

Гүлдү коюу — урмат кылуу белгиси,
Гүл сунасың адамыңа барктаган.
Кыйылса да гүлдөй болгон өмүрү
Ал мекендин туусун бекем сактаган.

Башты ийүү — сый көрсөтүү белгиси,
Жүрөгүңдө бийик туткан адамга.
Ушул жоокер айрылса да өмүрдөн,
Душман бутун аттатпаган кадамга.

Урмат кылып тургун дайым алдында,
Түбөлүккө тирүү калган жүрөктүн.
Ойлобогун аны эч качан өлдү деп
Мекен ага суусун берген мүрөктүн!

 

КАРЫЛЫК

Чубатып жыл, айларды күлүктөрдөй,
Ал издейт көз алдында жоготконун:
Ат кылып чыбык минип чымылдаган
Боз чымбыл бала кайда? Бу көрүнбөйт.

Алкынган ай кашкалуу аргымакчан,
Кер мурут жигит кайда? Бу көрүнбөйт.
Топ бузуп тоодой жүктү моюнга илген
Токтолгон курак кайда? Бу көрүнбөйт.

Өткөндөн эмне калды, эмне кайгы?...
Жаш калды жаңырыксыз үн сыяктуу.
Өмүр бар батып кетер күн сыяктуу.
Олтурат күн жашынаар тоону тиктеп...

 

ЖЫЛ ТОГОШКОНДОГУ ОЙ

Жарык дүйнө, жашоо күндөр биз үчүн,
Айтып болбос, кыскабы же узакпы?
Эски жылга кош айтышып турабыз
Журт которуп көчүп жаткан сыяктуу.

Көз алдыга келтиребиз кайырып,
Кечээкини келбес болуп узаган.
Кубануу бар, кайгыдан да куру эмес
Кеткен күндөр он эки айды кураган.

Кандай тагдыр күтсө дагы алдыда,
Жакшылыкка багышталган бүгүн түн.
Улап кетсин ушул жаңы башталыш
Учу бүтпөс улуу ойдун дүбүртүн.

Өмүрдү биз бир бүтүнгө кемиттик,
Жылдан алып, жылга таштап аманат.
Жаш калса да калып калбай өзүбүз
Соо чыгалы, келчү жылга саламат.

Учур келсе ичер суубуз түгөнүп,
Жыл жолугар, чекит коер өмүргө.
Мезгил бизди тегеретип өтсө да
Жерге берсин өлбөстүктү түбөлүк!

 

АЛТАЙЛЫК ДОСКО

Ташка түшкөн табышмактуу ай-тамга,
Тарых ошол, табыштырат тансаң да.
Кыргызсыңбы калып калган качандыр
Караан болуп Эне-Сайга, Алтайга.

Ким билиптир, чындыкпы, же төгүнбү?
Кыргыз кыйрап, болгон дешет бөлүндү...
Кылымдардын кышын тизип келсек да
Кебетеңден айрый албайм өзүмдү.

Ишенгенден эски жомок, баянга,-
Имерилип мен өзүңө калам да...
Куюла албай калсак деле бир сууга
Куштар учат Ала-Тоодон Саянга.

 

КЕРЕМЕТИН СЕЗЕБИЗ

Үмүт, үмүт үзүлбөгөн чубалып,
Үмүт келет көзгө сүртүп мунарык.
Үнүң чыкпай үшүп, тоңуп турганда
Үмүт сага болуп берет гүл азык.

Мезгил сени түшүрөрдө уучунан,
Үмүт турар төгүлө албай уучуңан
Арман көчүн үмүт келет узатып
Алаксытып анын ызы-чуусунан.

Кетет күндөр кетер жагы билинбей,
Келет үмүт таңдагы үрүл-бүрүлдөй.
Кең дүйнөнүн кереметин сезебиз
Келечектен жүргөн үчүн түңүлбөй.

 

НООРУЗГА АРНОО ЫР

Нооруз, Нооруз — түмөн журттун тилеги,
Нооруз, Нооруз — жакшы үмүттүн сүйөгү.
Кел жергеме жыл ээрчитип кайрымдуу
Боло көргүн бак-таалайдын тиреги.

Алас, алас арачала кырсыктан,
Ай өтпөсүн жокчулукка тумчуккан.
Жаңы жылым кол серметип бийикке
Жыл боло көр мокоп турсак курчуткан.

Көңүл эргип майрам шаңы таркабай,
Көп бакытты жүрөлү биз аркалай.
Жаркыраган жазга айланып өмүрлөр
Жарык дүйнө жашыл болсун арчадай.

 

КОШТОШУУ БАР

Буюктуруп шок мезгилдин ызгаары,
Күмүш бубак чачтарыңа жабышат.
Күмүш така күлүк минген жылдарың
Күндү айланып кайра кайтпай калышат.

Чаң учуруп кырдан кырга өтөсүң,
Чаалыкпасаң бөөдө кырсык кабылып.
Чабармандай чаап өтөр жаныңдан
Чалма ыргытып кыя жолдон карылык.

Тал чокудан тайып кетсе тай туяк,
Тал чокудан терек болуп куланып...
Терек кылган дүйнө менен түбөлүк
Терек болуп коштошуу бар суналып,
Терек болуп коштошуу бар суналып...

 

КӨЛ ЖЭЭГИНДЕ

Чардак учат көл үстүндө,
Карайм кантип бурулганын.
Ал да сүйөт окшобойбу,
Толкун жээкке урунганын.

Алыстабайт көл жээгинен,
Алыстаса кайтат артка.
Ал да карайт окшобойбу
Урунганын толкун ташка.

Мен да толкуйм көл өңдөнүп,
Бирок андай добуш сала албай.
Чардак сымал жакшы ойлор,
Кайрылгыла алыстабай!
Кайрылгыла алыстабай!

 

ЫР АЛЫП КЕЛДИМ ОКУЙСУҢБУ?

Туталанып турмушуңа зар айтып,
Турасыңбы заманыңдан бир сынып.
Кирдегендир сенин таза көңүлүң
Кийимиң эмес өзүң кошо жыртылып.

Эртеңкиңе ишенериң биле албай,
Эстен танып турасыңбы жалдырап.
Тынч ала албай жүргөндүрсүң чоочулап
Түшүүчүдөй үстүңө бир жар кулап.

Окуйсуңбу ыр алып келдим алдыңа?
Саптары анын аскерлердей тизилген.
Унуткарып көр дүйнөнүн азабын
Улап коер үмүтүңдү үзүлгөн.

Эрикпестен окуп чыкчы бул ырды,
Ээлеп алган бир кагаздын өңүрүн.
Жакшы сөздүн кереметин сезерсиң
Жашы кургап жашылданган көзүңүн.

Колуң шилтеп басып кетпей көңүл кош,
Кадыресе назарыңды салып кой.
Калпыс ойду жазып койсом акырын
Капа болбой отко ыргытып жагып кой!

 

Мекен – от жаккан очогуңдан 
башталат дешет тоолуктар...

 

КАРЕГИМДЕ КОҢУР-ӨЛӨҢ БЕШИГИМ

Тоолор болуп куруп алган сепилиң,
Тоолор болуп сенин ырыс-кешигиң.
Топ айылдын толтосунда турасың
Учкан уям Коңур-Өлөң-бешигим.

Ак куу учуп Айдың-Көлдүн таңында,
Бака чардайт көбүргөндүү сазыңда.
Күр-шар этип, күргүштөгөн чоң дайра
Күн батырат күкүк айтып сайыңда.

Түмөндүтүп төрт түлүгүң батырган,
Төрүң жатат көйнөк кийип жашылдан.
Кара Күңгөй кароол карап отурат,-
Капталына кайберенин жашырган.

Кызыл кумун төшөп алып кыяга,
Кыйбасындай карайт сени Думана.
Кырк шейитти аркасына калкалап
Кызыл аска кабак түйөт муңая.

Жая салып жашыл шибер-төшөгүң,
Жазданасың тоолоруңдун этегин.
Туйгундарың туш тарапка учушат
Туу кылышып кичинекей мекенин.

Арзуу, сүйүүм ашып кээде санааман,
Агызчудай боло түшөм салаадан.
Сезилесиң кереметтүү, асемдүү
Сен мен үчүн даңазалуу калаадан.

 

ЫСЫК-КӨЛГӨ БИР АРЗУУ

Ырдаарга ырым болдуң жүрөгүмдүн,
Ысык-Көл ыйык журту түнөгүмдүн.
Келчүдөй сен тараптан туюлушат,
Күлкүсү, кубанычы бул өмүрдүн.

Келемин жыл айларга түшүп конуп,
Кейибей кеткенине түтүп к
Керемет толкунуңду бир көрүүгө
Келемин жаз сагынган күкүк болуп.

Жаралган жалпы элимдин ырысына,
Жашоомдо жаным бирге турушуңа.
Үзүлбөс нурун катып күн уялайт.
Үстүңдө чөгүп жаткан булутуңа.

Ай калкып түпкүрүңөн келет жылып,
Алганбы алтын балык белек кылып?
Ажайып дүйнө тартам карегиме
Аркама ак толкунду жөлөп туруп.

Чек койбой сулуулуктун ченемине,
Чөгөргөн ай-жылдызды тереңине...
Көркүңдү көргөн менен миң кайталап,
Көз кумар канбай келет, себеби не?!

 

ЖЕТИНИН БИРИ

(Ч.Айтматовдун “Кыямат” романындагы Гурамдын сөзү)

Кан төгүлдү... Душман өлдү дос өлдү,
Душманыңдын душмандыгы кошо өлдү.
Өлүм — ыйык, өлүм кылат бейкүнөө,
Өмүр кимден өчүп калса от өңдүү.

Дос болобу, кас болобу андыктан,
Сурайм азыр шейиттерден кечирим.
Буйрук ушул биз согуштан жеңилдик,
Көтөрөлү шум тагдырдын чечимин.

Жетөө калдык... Жексен болдук кыйрадык,
Жетөөбүздү кыла албайсың жети миң.
Жүзүн үйрүп тагдыр кетти бурулуп,
Жүзүн үйрүп элиң кылбайт кечирим.

Аёо болбойт душманыңды согушта,
Согуш деген ошону үчүн согуш да.
Кетүү керек алтын башты калкалап
Кайтуу болбойт эми Ата-Конушка.

Коштошолу ушул тууган жер менен,
Калды бизге наны, тузу буюрбай.
Ата-Журтту кете албайбыз артынып,
Атка салып алып жүрчү буюмдай.

Ата-Журтту кетер болсок артынып,
Анын наркы турмак сокур тыйынга.
Алып кетебиз кусалыкты, арманды,
Жүгүң болор көкүрөктө ыйың да.

Мындан ары жолукпайбыз эми биз,
Айтыш кыйын кимдин эмне болорун...
А мен болсо Туркияга бет алам,
Кемелерге жүк ташыгыч боломун.

Бир аздан соң жети айрылыш жолду улай,
Бөтөн элге, бөтөн жерге баш урмай.
Коштошолу шарап ичип досторум,
Жүрөк муңун айтып, ырдап, жашырбай...

 

КҮЗ ЖАМГЫРЫ

Өттү мезгил, өтпөсүнө барбы айла,
Азыр сары жашыл дарак, жашыл чөп.
Эргүү бардыр эрте жаздан адашкан
Көчкүн булут, акыркы ирет жашың төк.

Жайдак талаа жатат мында томсоруп,
Жаз сагынган, жазылбаган капалуу.
Жардамы жок жазымышка не айла
Мөлтүр тамчың гүл төшөнбөйт жапайы.

Муздак шамал муңу белең көңүлдүн,
Илебиң бар жан дүйнөгө жагымсыз.
Желе үзбөйт тиги төрдө кулун, тай
Ээн жайлоо жетимсирейт айылсыз.

Күз жамгыры күкүк үнүн укпаган,
Шыбыртыңы шыбырт дебейм, — дармансыз.
Эмне ыракат бул бейкүнөө тагдырда,
Өтүү керек колдон келсе армансыз.

...Өттү мезгил, өтпөсүнө барбы айла,
Азыр сары жашыл дарак, жашыл чөп.
Эргүү бардыр эрте жаздан адашкан,
Көчкүн, булут, акыркы ирет жашың төк.

 

***

Кылымдын жүгүн артып,
Күргүштөп күн көчүүдө.
Секунддун кымбаттыгын
Сезүүнү милдетим дейм.

Ай эмес жыл кубалап,
Өзүмө жанаштырам.
Мезгилди өтөм буйтап,
Мезгилди адаштырам.

Утамын кыйындыкты,
Унутуп убарасын.
Алдыга тез кетүүнүн
Аламын убадасын.

 

БЕЛГИСИЗ ДҮЙНӨ

Болот белең мындан дагы бактылуу,
Ай ким билет, аз кечигип калдыңбы?
Жашап өтүү кечээкиде башкача
Өзгөртмөкпү балким ушул тагдырды?
Өмүрүңө өкүнүчтүн жолун бууп
Бошко кеткис кылат беле ай, жылды?

Байкалбаган көп жаңылуу турмушта,
Билген жоксуң болсо болуп өткөнүн,
Алдын ала кабары жок чоң бакыт
Ара жолдо кездеше албай өчкөнүн,
Ой-тилегиң эңсөө бойдон эскирип
Ордун таппай карып бойго жеткенин.

Өтүп жатат өз нугунда бул жашоо,
Сага туура, сага түздөй сезилген.
Бөтөн жолдон жолугарын ким сезди,
Тагдыр көчү көп кырсыкка жеңилген.
Ошентсе да кайыры жок жылга окшош
Бир өксүүнү кууй албайсың сезимден.

Жоготконду жоктогондон не пайда,
Мезгил аны кайрып айдап келеби?
Жашап өтүү кечээкиден башкача
Ал табышмак, эмнелерди берери?
Калып калган дүйнө окшойт белгисиз
Болбогон соң кайрадан бир төрөлүү.

 

ЖАШОО КУМАРЫ

О табият, ач сырыңды жашырбай,
Жыргалыңа, кууралыңа кайылмын.
Жок дүйнөңө түбөлүккө жашынбай
Бар дүйнөгө насип буйруп кабылдым.

Тагдыр айдап, таалай мага кол созуп,
Жаралганмын түшүп мезгил торуна.
Жүргүнчүдөй жүрүп келген жол тозуп
Жүз көрүштүм сан жылдыздар тобуна.

Адам ата, Обо энеден уланган,
Акыл-эсим менин жашоо булагым.
Айырмалап күнүң менен түнүңдү
Адам болгон касиетим туямын.

Алып келем акыл эске сыйганын,
Азбы, көпбү таразалап ченебейм.
Жемиш берген Жер энени тааныдым
Күндү сүйөм күйүп турган төбөдөн.

Түрмөктөлөт түгөнбөгөн табышмак,
Түйүндөрүн түйшүк тартып жандырам.
Кечээкиден кетсем бүгүн алыстап
Бүгүнкүңөн эртең кайра айрылам.

Ай айланып, жылдар жылга тогошсо,
Мезгилиңден артка кайтар жол издейм.
Баш катырам барбы кылар айласы
Бар дүйнөңөн кандай кылсам кол үзбөйм?

О табият, сыйкырыңа таңым бар,
Бар дүйнөнүн башталышы каякта?
Ушул суроо чече албаган түйүнүм
Ушул суроо акыл-эске азаптай...
Ушул суроо келет баарын жадатпай!

 

АДАШКАН СЕЗИМ

Түнөргөн түн жамынып,
Чуркасам табар белем?
Жоготкон жогум болдуң,
Үндөй життиң,-
Аскалар жутуп алган.
Аскалар жутуп арман...
Көз жашым көкүрөк жууйт
Кайдасың алтын булак?
Сездирчү кереметиң
Кайберен — алтын туяк!
Келишет куштар учуп,
Жазды айдап бул аймакка.
Адашып калдыңбы артта?
Көңүлдүн музу эрибейт.
Айсберг сүзүп өтөт.
Көздөрдө мунарык бар,
Көздөрдө муңайыш бар,
Көөдөндө көлдөй толкуп
Көксөгөн сураныч бар.
Үмүтүм үзүк шоола
Үзүлбөй уланып кал,
Үзүлбөй уланып кал!

 

ЫР ЖЕТКИР ЫРДАГАНГА

Калың көч кайда барат,
Кабарын кайдан улайм?
Айрылыш жолдун дайынын
Азыр мен кимден сурайм?

Калтырдым эски журтту,
Карыттым бир заманды.
Калың көч кайда барат?
Карайлайм түн караңгы.

Мен эми кимге ишенем?
Ишенбейм жар айтканга.
Издебейм көзү ачыкты
Ишенем Жаратканга.

Күбүлүп түшөт гүлүм,
Күбүдүм түшкү өмүрдү.
Жараткан жалгыз өзүң
Жалгай гөр күткөнүмдү.


Алдыда дагы кандай,
Ашуу бар сыйгаланма?
Арылбас арман жоктур
Аман бол сыйгаланба!
Ыйык жер ырды сүйөт
Ыр жеткир ырдаганга,
Ыр жеткир ырдаганга!

 

ОЙ ТОЛГОО

Ишенгин, ишенбегин эрк өзүңдө,
Айтканы туура келген төлгөчүгө.
Сезсең да башта барын бир өлүмдүн
Шек кылба убакыттын төлгөсүнө.

Сездирип түбөлүктүү кыймыл барын,
Мезгилдин күзү кайтса жазы келет.
Өлүмүң убактылуу бир көрүнүш
Өмүрүң кайра артынан тегеренет.

Кантип биз барды жокко алмашабыз,
Ишенбей бу дүйнөнүн түгөлүнө.
Кайрылып асман жердин арасына
Качандыр кайтуу болот түнөгүңө.

Армандуу мезгил кетет арбак кылган,
Айланып ак бешикке бөлөнөбүз.
Атыңды койсо коер башкача атап
Абалы адам болуп төрөлөбүз.

Анда биз кыйналабыз эстей албай,
Жатканды жер астында жай суналып.
Жолугуп бала чакка калып калган
Жөнөйбүз чыбык минип камчыланып.

Жашайбыз анда дагы көптү эңсеп,
Каниет кылуу болбойт бир өмүргө...
Калк жашайт, калк ичинде биз болобуз
Калабыз ал замандын жүрөгүндө!

 

***

Түпкүргө түн куланат,
Түпкүргө күндөр көчөт.
Жалгыз жол-жалгыз аяк
Адашпай арман өтөт.

Түбү жок туңгуюкка,
Түрүлүп заман көчөт.
Жалгыз жол-жалгыз аяк
Куугунчу мезгил өтөт.

 

ЖАШОО КЫЗЫК СИЛЕР МЕНЕН

Термелеп турасыңар
Бешик сыңар жүрөгүмдө.
Келчү күндүн көшөгөсүн
Ачасыңар эртелетип,
Келечекти колуңарга
Аласыңар эркелетип.
Жокту бар кыласыңар,
Жашоомдо издегенди
Ойнотуп турасыңар
Маңдайымда.
Мүнөз күтөм: жашып алма
Эргүүдөн силер берген
Дүйнөмө силер кербен
Чубалып түмөндөгөн.
Дүйнөмө силер мерген
Дүрмөтү түгөнбөгөн...
Мени дайым
Жүгөнсүз жүгөндөгөн.
Ой-кыял чабыттаган,
Жашоо кызык,
Жашоо ысык
Силер менен.

 

КЕЛ ИЧЕЛИ

Өмүр көчөт жүгүн артып ай, жылга,
Өйдө төмөн өтөөр турмуш-азгырма.
Көкүрөктөн көп санааны кубалап
Көз ирмемге кең дүйнөнү тар кылба
Кел ичели бөксө өмүрдү толтуруп
Кездешүү аз биздин мерез тагдырда.

Өр таянып биз жетебиз кай кырга?...
Өтүп кетер маалы болот жаздын да.
Күлүш үчүн, сүйүш үчүн ичебиз
Күнөө эмес жараткандын алдында.
Келген кумар кетсе кайра табылбайт
Кел ичели, бу жыргалдан айрылба.

Өксүтпөгүн жанды сыйла, кор кылба,
Өз кумарын өзүнө ыйгар, жазгырба.
Түрүн бузса түбү тешик бу дүйнө
Түгөл кылбайт төрт тарабын хандын да.
Куруп кетсин бул жашоонун түйшүгү
Куюлганды көтөр досум, ал, жырга!

 

КҮН СЫЯКТУУ

Жеткириш эки доорго бир өмүрдү,
Акылга сыйбай турат бурадарым.
Керемет, сыйкыр да жок кайрып берер,
Качанкы жылдар дайнын сурабагын.

Ал жылдар алып качкан жаштыгымды,
Ким аны төлөп бермек карызындай?
Алыстап кетет алар караан үзүп,
Көк ирим көлдүн житкен кайыгындай.

Ансайын арман күчөп көкүрөктө.
Ачуу жаш жерге кулайт кирпигимден,
Чыгыштан батышка өткөн күн сыяктуу,
Чыгалбай өмүр барат бир чийинден.

 

МЕЗГИЛ ЖАНА БИЗ

Жан дүйнөңө жамгыр болуп жаагыдай,
Кайда булут көзгө жылуу таанымал?
Күндөр өтөт сыртын салып, өңү суз
Барат улам Мезгил бизди тааныбай.

Кайың кайда катар туруп сүйөнөөр?
Жаның кайда жалын чачып бүлөнөөр?
Чоң көчөлөр чоочун болуп калышты
Чоң көчөнүн ээси бөлөк-бирөөлөр.

Жаш өмүрдүн жаштыгына кеч кирип,
Жай келгенсийт аптабына тептирип.
Баасы түшкөн базардагы буюмдай
Баратабыз байкалбастан эскирип.

Мезгил менен катар келдик теминип,
Мезгил бизден кеткиси бар бөлүнүп...
Мунарыктап көзгө урунбас “чокулар”
Калды азыр дүрбүсү жок көрүнүп.

Сыр алдырбай кетсек дагы өйдөлөп,
Сынып түшөр учур келет өңдөнөт.
Сынбай келет сапар алган Кан Жолдо
Убакытты тегереткен дөңгөлөк.

Сынбайт мезгил, сынбай өтөт кыядан,
Сынбас кылып чебер Уста кураган.
Бүтпөс Сапар, Бүтпөс Дүйнө, Саякат
Мезгил аны биз жокто да улаган.

Антсе дагы жүрөк отун өчүрбө,
Аргасын таап келиш керек чечимге.
Караан үзүп таштап кетер мезгилдин
Калыш үчүн түбөлүккө эсинде!

 

ИЧИРҮҮ

Айтайын дейсиң кайсындай,
Айтылар кебиң айтылбай.
Араң жан алсыз сөз чыгат
Алдуусу бери тартылбай.
Ачылбас дүйнөң курусун
Алып кой, тамчы калтырбай.

Иреңиң болуп жансыздай,
Ичтеги сырың айтылбай.
Илмийген арык сөз чыгат
Ирдүүсү бери тартылбай.
Ийибес дүйнөң курусун
Ичип кой, тамчы калтырбай.

Ким билет, канча жүрөр күн,
Ким билет канча тиер күн?..
Күлала болуп күн батат
Кадырың сенин билер ким?
Каякта калбайт алтын баш
Калтырбай тартып жибергин.

Үзүгү түшсө үйөрдүн,
Үзүлөт буттан үзөңгүң.
Түбүңө жетет шум дүйнө
Түбүнө жеткен түмөндүн.
Түйшүккө батып түйшөлбөй
Түгөтө тартып жибергин.

Ырдагың келсе ырдагын,
Ыйлагың келсе ыйлагын.
Ырайым кылбайт көр дүйнө
Ырысын кескен кыйланын.
Кеткен жан кайра табылбайт
Кейитпе жашоо жыргалын.

Өбүшкүң келсе өбүшкүн,
Өбүшүп жашып, эришкин.
Өткөргүн өмүр — күнүңдү
Өзөгүн үзүп кейиштин.
Төбөңдөн издеп жаңылба
Төрүндө жүрүп бейиштин!

 

КЫТАЙ ЧЕБИ

Тагдыр айдап Кытайдын жерин көрсөң,
Таңдан кечке талыкпас элин көрсөң...
Көрдүм дешке болот дейт бүт Кытайды
Көбүнөн да керемет чебин көрсөң.

Чубалып бөксө тоолор кыры менен,
Көргөнгө керемет ал чыны менен...
Кытай чеби мезгилдин башын жутуп
Курулган замандардын ыйы менен.

Курган дешет сепилди айдалгандар,
Колго түшүп, туткунга кармалгандар.
Кулдар иштеп тынымсыз айлап, жылдап
Курган дешет сандалып жалдангандар.

Таштан кылып дубалын, таш жыйышкан,
Тагдыр, өмүр, таалайды таш кылышкан.
Таштан болуп табыты канчалардын
Таш алдына талыкса бастырышкан.

Узартышкан сепилди алты миңге,
Угулбаган муң, зар бар “алты миңде”.
Келбес жайга кетишкен канча жандар
Кенен ачып эшигин аркы дүйнө.

Калса да мурункудан белек болуп,
Кытай чеби курулган керек болуп.
Курулган дейт түтөгөн көчмөндөрдүн-
Түгөнбөс жортуулу ага себеп болуп.

Качанкы изи өңдөнүп көчкөндөрдүн,
Кытай чеби — тарыхы өткөндөрдүн.
Кылымдар эстеп өтөр даңазалап
Кытай чеби — эрдиги көчмөндөрдүн!

 

ТУУЛГАН КҮНҮМДӨ ЖАЗЫЛГАН ЫР

Ушул күн улам өйдө уланарым,
Угузсаң каалоо, тилек кубанамын.
Жазгырып жан сырымды айттырсаң да
Жаш курак канчада деп сурабагын.

Сурагын, алыс-жакын күндөрүмдү,
Сурагын, кандай басып жүргөнүмдү.
Сураба жылдар санын жылып өткөн
Сурагын, көңүл куунак күлгөнүмдү.

Сураба кабак, кашты чачтарымды,
Сураба кайсы “ашууну” ашканымды.
Сурагын бөксөрбөгөн сезим барын
Сурагын, булуту жок асманымды.

Сураба көзгө түшпөс иреңимди,
Сурагын мен жашоону сүйөрүмдү.
Сурагын жашымды эмес, жан дүйнөмдү
Сурагын, тизгин жыйбас жүрөгүмдү!

22.09.08, Бишкек
И.Раззаков атындагы КМТУнун 55 жылдык салтанаттуу мааракесине арнайм

 

УШУЛ ОКУУ ЖАЙЫНДА

Кимдер окуп, билим алып кайтпаган,
Кимдер келип, кимдер багын ачпаган.
Ушул жайдан уул, кызы кыргыздын
Улуу көчкө аралашып баштаган.

Жаш муунду илимине сугарган,
Жамаат өткөн көп улуттан куралган.
Өзгөчө эле даңазалуу “политех”
Өлкө ичинде далай жолу туу алган.

Ушул жайда кимдер иштеп өтпөгөн,
Ушул жайда кимдер терин төкпөгөн.
“Уюткулуу элден” болчу канчасы
Ушул жайда дарс окушуп көптөгөн...

Ушул жайда ак, карасы окуган,
Ушул жайдын тутанышкан отунан.
Урмат, сыйга татыгандан канчасы,
Ушул жайда болчу сенин “кошунаң”.

“Ушунда деп келечегиң, бүт бактың»,
Жыйып мында аалымдарын тыш жактын...
Ачып кеткен урпактарга эшигин,
Айкелине гүл кое жүр Исхактын!

Анда ФПИ, азыр болгон КМТУ,
Окуу жайдын улуусу да, сулуусу.
Келсең мында, ушул жайдан башталат
Келечектин кылымдардын куруусу.

Өнөр кылып өздөштүрүп илимди,
Өзгөртөсү ушул жайда дилиңди.
Үйрөтүшөт даярдашты, жасашты
Ичээр ашты, кие турган кийимди.

Ушул жайда, үйрөткөндөй жазышты,-
Үйрөтүшөт суудан отун алышты.
Үйрөтүшөт жаратышты каяктан
Жылуулукту, жылтылдаган жарыкты.

Дүйнө өзгөрөт. Дүйнө жылып баратат...
Ушул жайда кереметтин таңы атат.
Жаралуунун доору келет качандыр-
Аалам кезип кылалгыдай саякат.

 

ТАҢ МЕНЕН

Таң менен алынат күлүктүн -
Күлүктүн каңтарган суулугу.
Таң менен жанданат үйлөрдө
Тартылган көшөгө шуудуру.

Таң менен кошулуп келишет
Кыймылга тынч жаткан көчөлөр.
Таң менен кошулуп кетишет
Кызматка шашылып көчөдө эл.

Таң менен узатып келебиз,
Өткөргөн жашоонун бир түнүн.
Таң менен турабыз тосууга,
Ашыккан өмүрдүн бир күнүн.

 

КҮТӨ АЛБАДЫ

Алдын ала сезилбеген учурдун,
Ким билиптир жазгырып да коерун.
Сени күтүү кереметтүү ал түндө
Ким билиптир ойдон алыс болорун.

Турган менен көңүл бир да кирдебей,
Турду жүрөк так учунда санаанын.
Кош карекке күндөгүдөй бул ирет
Көрүнбөдү түндү жарып карааның.

Шуулдагын уккум келди толкундун,
Бирок андан боло албады көп айла.
Бейпилдикти тартуу кылып алдыңа
Келишиңди күткөн болчу көл анда.

Асман дагы турган эле булутсуз,
Так төбөдө толо элек Ай ийип каш.
Келишиңди ошол түнү мен эмес,
Алыстагы тоолор күттү — күмүш баш.

Күттү, күттү жаратылыш мага окшоп,
Кыска түндөн сени самап сурашып.
Кездешүүнү өзүң менен ошондо
Күтө албады жалгыз гана убакыт.

 

МЕНДЕГИ КОРКУНУЧ

Сен дагы издеп мени жүргөндүрсүң,
Мен сени издегендей тажабастан.
Мен өңдүү кыйгач басып өтсөң керек
Жолуңдан жолукканга карабастан.

Мен жашап жүрсөм керек жүрөгүңдө,
Сен менин жашагандай жүрөгүмдө.
Сезилип жүрөбүз го ачыла элек
Бирөөбүз дүйнө болуп бирөөбүзгө.

Эмне үчүн биз кезикпей кечигебиз?
Чуркаса күлүк мезгил чымын-куюн...
Негедир коркуп жүрөм мен өзүмчө
Мага окшош жолугат деп менден мурун!

 

БИЙЛЕ, КУРБУМ

Бийле курбум, бийге чакыр бирөөнү,
Үйрөнөсүң, бий билбеген күнөөбү?
Ойлошпосун ичтеринен селкилер:
Ушул жигит ушунча эле жүдөөбү?

Бийле, курбум, чакыр берки сулууну,
Чимирилгин эч билбестен тынууну.
Бөлүп кетет тиги турган мурутчан
Бул жердеги жигиттердин шылууну.

Кана, курбум, бек кармагын, сүйөгүн,
Кан жүгүртүп жайнатып ий иреңин!
Бол, батыраак, бийиң менен бир ирет
Дирилдеткин, көйнөгү эмес, жүрөгүн!

 

КАЛСА БОЛДУ

Жалыны чоңойгонсуйт улам жанып,
Жүрөккө кымбат болуп сезилүүнүн.
Жыргалым, так эсебин биле алдыңбы.
Жашоодо канчасы бар кезигүүнүн?

Кездешүү, коштошуубуз кезек күтүп,
Жүрүшөр бул күндөрдүн саясында.
А бирок калса болду өзгөрүүсүз
Сүйүүбүз сүйүү бойдон арасында!

 

ЭСКЕРГИН

Мен эскерем, сен да эскергин ал күндү,
Бизден башка аны кимдер эскермек?
Ошол күнү биз жолукпай калганда,
Балким сүйүү экөөбүзгө кеч келмек?

Алды жакта айтып болбос кезигүү,
Болот беле, болбойт беле ким билет?
Көңүлдөргө кымбат, назик ички сыр
Андан дагы табышмактуу сезилет.

Биздин сүйүү ошол күндөн жаралган,
Акылуусуң ал төрөлгөн күн дешке.
Бул эскерүү экөөбүздөн арналган
Болор балким, сүйүүбүзгө гүлдесте.

Мен эскерем, сен да эскергин ал күндү,
Бизден башка аны кимдер эскермек.
Ошол күнү биз жолукпай калганда
Балким сүйүү экөөбүзгө кеч келмек?!

 

ӨЗҮҢ БОЛ

Күндөрдөн алдыңбы көрк бөлүп,
Келбетиң келетат көрктөнүп.
Көздөрүң — жүрөккө көк жалын,
Кетчүдөй көрүнөм өрттөнүп.

Өрттөсөң өрт койгун койгондой,
Жалынын башкалар өчүргүс.
Өзгө эмес, жардамга шашылган
Өзүң бол өрттү да өчүргүч!

 

СҮЙҮҮ ДЕП СЕН БУЛАРДЫ ТҮШҮНБӨГҮН

Бир жүрүп жаз күнүндө талаа кезип,
Эңкейип гүл чогултуп, гүл эңбедик.
Түндөсү жылдыз санап, айды карап
Биригип ак кайыңга сүйөнбөдүк.
Сүйүү деп сен буларды түшүнбөгүн...

Жамгырга маңдай тосуп көнөктөгөн,
Биз бирге өткөрбөдүк жайды — жашык.
Тиктешип каректерди мокотподук
Жаштыктын илебинде жалдырашып.
Сүйүү деп сен буларды түшүнбөгүн...

Биз бирге учурбадык күз күнүндө,
Саргайган жалбыракты бириндеген.
Бир дагы бий аянтын көргөн жокпуз
Көйнөктүн этектери дирилдеген.
Сүйүү деп сен буларды түшүнбөгүн...

Ортого сырды салып бир да жолу,
Бир нерсе талашпадык, тартышпадык.
Ак кардуу кыш күнүндө көчөдө биз
Кочуштап кар ыргытып урушпадык
Сүйүү деп сен буларды түшүнбөгүн...

 

КӨПТҮР БАЛКИМ БИЗДИН ОКШОШ ЖАГЫБЫЗ

Мага окшош үмүтү бар сынбаган,
Келечекке өтө ишенчээк жансыңбы?
Артын ойлоп бирөөлөргө шек кылбай
Ак дилиңден айтасыңбы бар сырды?

Аткан таңга келесиңби тазарып,
Мен өңдөнүп түнгө таштап ызаңды?
Эңсегениң меникиндей көп болуп,
Эрмек кылып жүрөсүңбү кыялды?

Көптүр балким, биздин окшош жагыбыз,
Көп болгондой окшош жагы дүйнөнүн.
Мен өзүңдү ойлогондой дайыма
Мен жөнүндө сен да ойлоп жүрбөгүн?

Уяңдыкпы же башкабы? Ким билет?
Жүрөктөргө орноп алды көшөрө.
Сезилбеген эмнелер бар артында
Түшүп турат эки ортого көшөгө!

 

КҮТӨТ БИЗДИ

Жүрөктөгү бүгүн болгон эңсөөбүз
Эртеңкинин бешигинде таңылуу.
Көз жарышат биз жараткан ойлордон
Мезгил менен катар жүргөн жаңыруу.

Алдын ала айтуу кыйын белгилеп,
Сырын катат эртеңки күн ичине.
Жакын кылат күтүлбөгөн кездешүү
Кээде бизди бир бейтааныш кишиге.

Өзгөрбөскө канча аракет кылбайлы,
(Мейли ага баш катырып күн-түнү)
Дагы жаңы бүгүнкүдөн башкача
Күтөт бизди келечектин түйшүгү.

 

МУЗДАЙТ КӨҢҮЛ

Муздайт көңүл, муздайт көңүл, кайгырат,
Мен тагдырдын бороонуна жеңилип,
Арман көчү караан үзсө арылап
Сен каларсың бейтааныштай сезилип.

Мезгил ийген мен эле эмес, көптөрдү,
Эңсөө бүттү, кыял менен коштоштум.
Эркиң жетсе эстеп бир аз өткөндү,
Эзелкини мени менен жоктошкун!

 

КЕТКИМ КЕЛЕТ ТАПТЫРБАЙ

Калды сүйүү. Калды жаштык түгөнүп...
Калды артта караан үзүп бүдөмүк.
Караан калгыр кан жолунда дүйнөнүн
Каракчысы мезгил окшойт түбөлүк.

Ай айланып жылдар кетсе тоголуп,
Ал ансайын өмүр барат тонолуп...
Алдыруу бар, бөксөрүү бар, кемүү бар
Айбатың жол, кала бермей бозоруп.

Күндөр келет күлүк минип дүрбөгөн,
Күндөр кетет ойго салып дүрбөлөң.
Коштоп келсе бирөө сени дүйнөгө
Коштоп кетер бирөө сени дүйнөдөн.

Кабарчысы качан келет ким билет?
Каргашасын качандыр бир тийгизет.
Караңгынын тээп кирип эшигин
Кайып болуп учуп кетпей түн жиреп...

Аяр мезгил кайра артка бастырбай,
Азабыңдан аргасыздан тарттымбы ай?!
Алаксысаң көз ирмемге кылчайып
Адаштырып кетким келет таптырбай!

 

КАТТАШЫ ЖОК

Өчүрбөй бул сүйүүнү жүрөгүмдөн,
Өзүңдү эстеп дайым тутандыргам.
Мен эми сездим окшойт чарчоо барын
Өткөндөй миң чакырым бут алдыман.

Алыска жолго чыгаруу токтогондой,
Менде эми сага жетүү максаты жок.
Жашагым келет азыр окшобогон -
Жашоону — мурункуга катташы жок.
Жашоону — мурункуга катташы жок.

 

АРАЛАШЫП КЕТЕБИЗ

Биз бир кезде жалгыз эмес экөө элек,
Буйрук окшойт тагдыр жүгүн көтөрмөк.
Баратабыз эки айрылыш жолду улап
Бир бакытты издеш үчүн экөөлөп.

Калбайт көңүл, сокпойт жүрөк солгундап,
Каалашынча сүйүү бизди арбаган.
Кеткен жазды чакырабыз кол булгап
Кездешүү бар качандыр бир кайрадан.

Эки айрылыш жолдор кайра биригип,
Мезгил бизге болуп берет көпүрө.
Азып келип аралашып кетебиз
Акыр түбү армансыздар көчүнө.

 

ЫРААЗЫМЫН ЫЙЫК СЕЗИМГЕ...

Алыс жактар мени чакырат,
Алыс жакты эңсейт жүрөгүм.
Арман күүгө улап кусалык
Алыс кеттиң асыл түгөйүм.

Жазым келди жайып канатын,
Жайдак талаа шибер жамынып.
Жабыркаттың күткөн жүрөктү
Жазда келбей жашыл салынып.

Көчүп келсе түрмөк булуттар,
Көөдөнүмө жамгыр төгүлөт.
Көз мончоктой тамчы куласа
Көз жашыңдай мага сезилет.

Күзгү болуп күнгө чагылып,
Күмүш суулар күнгө кубулат.
Күмүш булак шылдыр добушу
Күлкүң болуп мага угулат.

Оюм жетип өзүм жетпеген,
Ошол сүйүү — өңү өчпөгөн.
Ыраазымын ыйык сезимге
Сени унутпай дайым эстеген.

 

ТАГДЫРДЫН ТАБЫШМАГЫ

Бир өмүр экөөбүзгө жетпей калды,
Билбейбиз издешүүнүн чеги кайда?
Кайрылып улантабыз бул оюнду
Качандыр кайтуу болсо бери кайра.

Анда да Күкүк менен Зейнеп болуп,
Жүрөрбүз жүрөк канап табыша албай.
Аргасыз бир армандан жеңилебиз
Алсырап кулап түшмөй, алыша албай.

Ал арман, арман эмес окшобойбу,
Ал бакыт — биз жазгырып кете албаган.
Тагдырдын табышмагы ошондодур
Экөөбүз эч бир ойлоп чече албаган.

 

КАЙЫК АЙДАП

Арбалып куру үмүткө канча жолу,
Мен сени эстегенден чарчабадым.
Мезгилге айбат алып нечет ирет
Мезгилден өзүмдү-өзүм калкаладым.

Сыясын кургатпадым калем саптын
Мен сени жазып такыр бүтө албадым.
Эскерүүм куш айланбас чоку болуп,
Ылдыйлап этегине түшө албадым.

Мен эми ал чокуда калат окшойм,
Тагдырым Сур Эчкидей кетти каргап.
Сен болсо табышпастын аралына
Кетесиң калагы жок кайык айдап.

 

КАЛА КӨРГҮН

Өзүңдү эстей берип бу дүйнөдө,
Өчүрбөй өтөм шамын жаштыгымын.
Мен сага жетпесем да перизатым
Мертинбес сүйүү бардан бактылуумун.

Көгөртүп көзүн ачып кең ааламдын,
Күн турса айдын эмне кареги бар?
Жүрөктү суутпаган бир өксүүнүн
Жүз жылга жете турган демөөрү бар.

Кол созуп жетем дебейм эми сага,
Кыялда кымбат болуп кала бердиң.
Танбайын, таап алган махабатты
Таптырбас тагдыр болуп кала көргүн!

 

МЕЗГИЛГЕ ИШЕН

Түнөрүп дүйнөң караңгы,
Түмөндөн жылдыз чачылбай.
Ак жааны төгөт армандын
Асманың сенин ачылбай.

Чыдайсың эми баарына,
Чырмады сени бир санаа.
Чырагын жагып үмүттүн
Чындыкты айтат ким сага?

Өткөндөн улап бир кабар,
Өксүйсүң далай жан күйүп.
Өзгөрүш кимге кылбаган
Өмүргө шерик жазды күт.

Мезгилге ишен жан курбум,
Мезгилиң эч бир карыбайт.
Мээримин төгүп акыры
Мезгилиң өзү дарылайт.

 

ТАГДЫР ДЕБЕ

Кайрылып өткөн турмуш алысына,
Келемин сен жөнүндө обон созуп,
Кечирсем канча жазды алды жакта
Эскерүү болот окшойт ошончолук.

Төбөдөн канат какса каркыралар,
Жаз менен биз тарапка кайтып келген.
Сезилет ал күндөрдүн кербениндей
Сагыныч оор жүгүн артып келген.

Бүгүнкү айырмалуу эртеңкиден,
Эмне бар мен билбеген өзгөрүүңдө?
Мен сени элестетем көзгө тааныш
Андагы кийип жүрчү көйнөгүңдө.

Жылдардан тосмо куруп ортобузга,
Ал учур өтсө өттү куюндаган.
А бирок кыска өмүрдүн саясында
Биригүү тагдыр дебе буюрбаган!

 

АКЫРЫ СЕНИ СҮЙГҮЗӨМ

Канча жыл күттүм өзүңдү,
Каякта жүрдүң кез келбей.
Канча жыл түштүм артыңан
Кайберен кууган мергендей.

Жаңылбай сага кабылдым,
Жаза атпай огум тийгизем.
Азапка түртүп ийсең да,
Акыры өзүм сүйгүзөм.

Аскасы бийик тоо болсоң
Ак карың болом кетпеген.
Жалбырттап күйгөн от болсоң
Жалының болом өчпөгөн.

Агыны катуу суу болсоң,
Алдыңа түшкөн таш болом.
Сездирбей өткөн куракты
Сен үчүн кайра жаш болом.

Чалкыган деңиз сен болсоң,
Чайпалып сүзөм кемедей.
Шерт кылгам сага жетүүгө,
Шек кылба ага кенедей.

 

СҮРДӨБӨ, ЭРКЕМ

Сүзүлүп сүйкүм көздөрүң,
Сүйүүсүн небак айтышкан.
Сүрдөбө, эркем сүрдөбө
Сүйөм деп мени айтыштан.

Саамайың желге таратып,
Салкындуу кечте жолуккун.
Боюңду таштап эркелеп
Болоюн дечи, колуктуң.

Улама ушак-айыңдын,
Унуткун тиги-мунусун.
Айтылбай калса ички сыр
Акыйкат дүйнөң курусун.

Айткының арзуу сүйүүңдү,
Асылып менин мойнума.
Адептүү болгон ким экен?
Арбалбай жаштык ойнуна.

Сүзүлүп сүйкүм көздөрүң,
Сүйүүдөн кабар айтышкан.
Сүрдөбө, эркем сүрдөбө,
Сүйөм деп мага айтыштан!

 

ҮЗБӨЙ ЖҮР

Ырдагын арман ырыңды,
Ызалуу сенин жүрөгүң.
Өзүңдү-өзүң сооротуп
Үзбөй жүр, эркем, күдөрүң.

Түнөрсө асман — түпсүз жай,
Түмөндөп жылдыз чачылбайт.
Түгөнбөс санааң түш болсо
Түн сага сырын жашырбайт.

Ымыркай жаздын жыты урат,
Ызгардуу кыштын артынан.
Көл бүтөт чөлгө куураган,
Көкүрөк жууган тамчыдан.

Ырдагын арман ырыңды,
Ызалуу сенин жүрөгүң.
Өзүңдү өзүң сооротуп
Үзбөй жүр эркем күдөрүң!

 

СЕН ЭКӨӨБҮЗ

Сен экөөбүз эки айрылыш жолду улап,
Жөнөп кеттик эки башка багытка.
Эми эзели айрылыштар бирикпейт
Кетээр улам карааныбыз алыстап...

Мерез болдук сыртыбыздан сыр бербей,
Ыйласак да ичибизден ыйладык.
Арман күүдөй ачыштырган жүрөктү
Эки ортодо бир күч барын туйбадык.

 

МЕН БОЛОЮН...

Жашылдан көйнөк кийсең.
Жакаңа гүл болоюн.
Жалгыздык жанга батса,
Жаныңда бир болоюн.

Жамгырдан тажап кетсең,
Жаркырап күн болоюн.
Жыйылбай жүгүң калса
Жылдыздуу түн болоюн.

Күкүктүн үнү бүтсө,
Күздү мен качырайын.
Көркүңө көз артышса,
Көргөзбөй жашырайын.

Өйдөлөп өргө чыксаң,
Өзүңө тең болоюн.
Өмүрдө издегениң
Өзгө эмес мен болоюн.

 

ЖАЗЫЛБАЙ КАЛДЫ БИР КУМАР

Көзүңөн сенин кагылам,
Көзүңдү көрүп талыгам.
Дарексиз кеттиң каякка
Дайныңды билбей сабылам.

Жазыксыз элем арман жок,
Жаштыгым узайт дарман жок.
Табам деп жүрүп өзүңдү
Тартпаган азап калган жок.

Издедим келчү күндөрдөн,
Издедим талаа, түздөрдөн.
Түшүмө аян бербеген
Түңүлүп бүттүм түндөрдөн.

Жүрөктүн демин суутпай,
Жүрсөм да сени унутпай...
Жазылбай калды бир кумар
Жаай албай калган булуттай!

 

ПЕРИШТЕМ

Көңүлүм сүйүп самаган,
Көз кырым салып карагам...
Көрүнбөй жүрүп көрүндүң
Көп жылдар узап арадан.

Карааның издеп зарылгам,
Кайышып далай кабыргам.
Кайберен болуп жүрдүңбү?
Кар түшкөн тоону жамынган.

Түндөсү санаа жүгөндөп,
Түндөсү түшкө кирээр деп...
Түйшүгүм болуп түгөнбөс
Түндөрдү жүрдүм түгөлдөп.

Кайыптан бүткөн бактымбы,
Капырай сени таптымбы?
Канатың күүлөп кайрадан
Каркыра болуп кайттыңбы?

Ыраактап кеттиң неликтен,
Ыргайдай болдум кейиштен.
Ызасын чыгар жүрөктүн
Ыр жандуу менин периштем!

 

КАРАБА КӨЗҮҢ МЕНЕН ТАҢ КАЛЫШТУУ

Иничек, кичинекей иничегим,
Караба көзүң менен таң калыштуу.
Сүйүүсү сен кызыккан кыз-жигиттин
Соолбос тирүүлүккө байланыштуу.

Чубалып жылдар жылса кербенделген,
Турбайсың бала бойдон эрбеңдеген.
Алдыда күтүп турат садагасы
Күндөрүң гүл көтөрүп дегдеңдеген.

Сен дагы байкелериң сүйүп өткөн -
Кечтерге жолугасың кызылы көп.
Жер-Энең көтөрүүдөн талыбаса
Уйкусуз түндөр өтөт кызыгы көп.

Иничек, кичинекей иничегим,
Караба көзүң менен таң калыштуу.
Сүйүүсү сен кызыккан кыз-жигиттин
Соолбос тирүүлүккө байланыштуу.

 

***

Мен сага качандыр бир жолугам деп,
Күтүп эңсеп келгемин.
Чеги жок үмүттөргө моюн сунуп
Чарчоо барын сезбедим.
Жамгырым деңиз болду төгө берип...
Жазыксыз айлар келет тегеренип.

Сезбепмин татаалдыгын турмушумдун,
Кыял коштоп бүтүп күн.
Жазга түгөй жан элең, калдың кайда?
Үнүн укпайм күкүктүн...
Өмүрдүн кайталанар жазы барбы,
Жылдарды шамал айдап кайырабы?

Куралат түрмөк булут көз жашымдан,
Ичке катам кайгымды.
Кайчылаш жолдор күтөт, кездешүү жок
Кимден сурайм дайыныңды?
Сен тагдыр, касиеттүү күнгө табын,
Сездирген кереметтүү дүйнө барын!

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Иманалиев Замирбек, 2011

 


Количество просмотров: 4197