Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Иманалиев Замирбек, 2014. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2014-жылдын 7-апрели

Замирбек ИМАНАЛИЕВ

Жаңы ырлар

Белгилүү акындын бул ырлары "Жаңы Ала-Тоо" журналында (№1, 2014) жарык көргөн.

 

Жаӊы жыл алдындагы ой толгоо

Кайтарда эски жылдан топтошобуз,
Кош айтып аны менен коштошобуз.
Калтырып эски журтун көчүп аткан
Качанкы көчмөндөргө окшошобуз.

Жыл келбейт алды жакка биз барабыз,
Жаӊы деп ошол жылга байралабыз.
Жараткан жанды койсо ɵз жайына
Жаз, күзүн ай жаӊыртып айланабыз.

Артыӊда калат жылдар, жаӊырабыз,
Алдыга улуу кɵчтү дагы улайбыз.
Биз барбыз түбɵлүктүү айлампада
Мезгилден, мейкиндиктен табылабыз.

 

Сезип өт

Арман ээрчип жакындап жанашканча,
Асыл жанды шум ажал талашканча…
Алып калгын жыргалын бу жашоонун
Артка кайтпас тарапка адашканча.

Көрөр күнүң алдыда калат канча? -
Көпбү, азбы өйдөдөн санашканча…
Көңүл куунак жүрүп өт бу жалгандан
Кетсе келбес дүйнөгө адашканча.

Өз заманың «сууга агып, сел жүргөнчө»,
Өгөйлүгүн башкасы сездиргенче…
Өксүтпөгүн өмүрдүн көз ирмемин
Өргө чыгып өлүмгө жеңдиргенче.

Тагдыр сага кабагын бүркөгүчө,
Тагын салып боёгун сүйкөгүчө…
Тирүүлүктүн сезип өт ырахатын
Таш, топурак үстүңдөн чүмкөгүчө.

 

Кубангын

Кубангын адам болуп туулганга,
Кубангын Көктөн Жерге куулганга…
Кудайдын жарлыгыдыр жаралууга
Кубангын жашоо сага буюрганга.

Кубангын тирүүлүктүн жыргалына,
Кубангын сени тоскон жылдарыңа.
Качандыр кайтарыңа кайыл болуп
Кубангын Күндү айланып, жылганыңа.

Кубангын булут калкып учканыңа,
Кубангын сайрап аткан куш барына…
Кечээки күнүң болбой акыркысы
Кубангын түндөн аман чыкканыңа.

Кубангын карегиңе урунганга,
Кубангын кээде ысып, суунганга.
Кубангын бу дүйнөнүн бар экенин
Көз көрүп, көкүрөгүң туюнганга!

 

Сен барда

Арбалгандан ажарыңа жан ашык,
Ар түркүн ой уйку бербей таң ашып…
Агып күндөр өтсө мага байкалбай
Ай, аптадан кетем кээде адашып.

Кезиккен күн кереметтей сезилип,
Кезиккенсиң жүзүңдөн нур төгүлүп…
Карааныңды сыйкыр коштоп жүргөндөй
Калды мага дүйнө сулуу көрүнүп.

Кездешем деп сарсанаага байланып,
Кездешерде жүрөк сүрдөйт жазганып…
Күн ордунан жылбачудай сезилет
Күтсөм сени Жер акырын айланып.

Аз да болсо асыл жанга бул артык, -
Аян кылып түшкө киргин кубантып.
Аруу сүйүү тартуулаган сен барда
Алчудаймын кыска өмүрдү узартып.

 

Өтсөң жаман

Төрөлгөндөн өмүр жазың башталып,
Таалай, бактың мезгил менен бир жүрөт.
Таанысаң да бул дүйнөнү баш багып
Тагдыр сенде кандай болот ким билет?

Жашоо, өмүр жакшылыкка тунса да,
Жан кейитер жамандыктан куру эмес.
Акыл, эсиң туура жолго бурса да
Алдап коёт кээде сени куру элес.

Адаштырар дагы далай келет күн,
Арман артып кетчүсү бар жолуксаң…
Айыптуу да өзүң болгон эмессиң
Аны “өйдөдөн” эбак чечип коюшкан.

Көп арманды айталбайсың айтчуга,
Күлүп кээде, күңгүрөнүп өтмөй бар.
Кейиштүүсү келе турган бактыңа
Кездеше албай четке чыгып кетмей бар.

Көңүл чөгөт көкүрөккө доо коюп,
Курган жанды тынч жайына коюшпай…
Өзүңө өзүң айыгышкан жоо болуп
Өмүр бою өзүң менен согушмай.

Өтөр айлар, өтөр жылдар дүрбөгөн,
Өткөндөрү кайра кайтып келе албай…
Өкүнтөрү өтсөң жаман дүйнөдөн
Өлгүчөктө өзүңдү өзүң жеңе албай!

 

Карагым келет

Сезимге салып дүрбөлөң,
Сен келдиң кайсы «дүйнөдөн»?...
Сепилин буздуң жашоонун
Сезбестир менче күйбөгөн.

Сүрдүгө түшүп күймөлөм,
Сүйүүдө сыйкыр сүр белем…
Сүйлөмөк тургай өзүңө
Сүрөтүң көрсөм ийменем.

Аптабы урат санаанын,
Айласын кантип табамын?...
Адаша түшөм акылдан
Алыстан көрсөм карааның.

Ашыктык дарты эзди бейм,
Азаптуу күндөр келди дейм.
Айламды мени куруткан
Арманым кантип сездирем?

Бүлүнүп келем байкалбай
Бүшүркөп бир сөз айталбай.
Сыр бербей сага жүрсөм да
Сыртыңдан сени кайтармай.

Жабыркап жүрөм байкалбай,
Жалдырап бир сөз айталбай.
Кыйгачтап бассаң кай бирде
Кызганып сени кайтармай.

Каламбы сага байкалбай,
Каңгыган тагдыр жарты айдай…
Каректен сезип жүрбөгүн
Карагым келет жалтанбай!

 

Көнгөн жайда

Учар жанды убакыттын жеми дейт,
Учур келет, улам жылса берилеп…
Убай менен узап кетип жүрбөйлү
Ушул жайда кездешели тезирээк.

Керең дүйнө кеткениңден кемибейт,
Кечке калбай бар жыргалын көрүп өт.
Кейиш коштоп келе электе «келчүсү»
Кездешели бу жалганда көбүрөөк.

Жашоо бүтсө уясына күн кирет,
Жан кургуруң учуп чыгар түн жиреп…
Жолугушсак тааныш эмес тараптан
Жапан дүйнө жактырарын ким билет?

Өлүм келет каргашасын тийгизет,
Чыккан жанды кайсы жайга киргизет?
Өзгөргүчө өйдө, төмөн жүргүзбөй
Өгөй дүйнө өксүтөрүн ким билет?

Бөлөк дүйнө бөлөктүгүн кылбайбы?-
Бөлүнмөй бар, калар мында ый, кайгы.
Кайтпас жакка караан үзүп кеткиче
Көнгөн жайда көрүшөлү, жыргайлы!

 

Кыргыз эл акыны Омор Султановго

Ойлор чубайт бир ордунда тура албас,
Ойлор узун барактарга сыя албас.
Обдулсам да оңду, солду каранып
Оор экен улуу акынга ыр арнаш.

Сейрек келет зор таланттар жаралып,
Сереп салсак манжа менен саналып.
«Улуулардан» экөө болсо бири Сиз
Ушул доорго келгендерден жаралып.

Ыр тазартуу ыңкылабын кылдыңыз,
Ыр сепилин түбөлүктүү курдуңуз.
Ылай баскан сормо саздан чыгарып
Ыр дүйнөсүн башка жакка бурдуңуз.

Ырыңыздын ысыгына жылынмай,
Ызат кылып саптарына сыйынмай…
Ыйык жерде Сиз жараткан ыр калат
Ырдайт аны дагы далай кылымдар!

 

Ооматың келди

Азыркы күндүн чыгаан жазуучусу Айдарбек Сарманбетовдун 60 жылдыгына арноо

Айбалта кылып аштаган,
Акылга байсың — батпаган.
Кан жуткан каар замандан
«Каргышты» жаздың кайтпаган.

Ойлоруң күлүк – таптаган,
Озунуп эч ким айтпаган.
Мейкинге кетер жол ачты
«Мекенин издеп таппаган».

Жазгансың жарым жандарды,
Жаздың сен “жансыз” балдарды.
Маңкурту окшоп бул күндүн
«Мал киши» болуп калганды.

Аргыл ой кирет санаага,
Азабың келсе балаа да.
Аман, соо келди алтымыш
Адашпай «Айбан талаага».

Жакшы ойлор жүрсүн санаада,
Жамандык келсе балаа да.
Жолукту сага алтымыш
Жоголбой «Айбан талаада».

Талыксаң болот тартыныш,
Табы жок күндүн арты кыш…
Куу алчу куштай сезилет
Кумардуу жанга алтымыш.

Алдыңкы көчкө кошулбас,
Алтымыш артка кошуундаш.
Айланып тапты казыгын
Алыстап кеткен отуз жаш.

Ээликсе асты тосулбас,
Эс алып, тынчып отурбас…
Элиртчү демден куру эмес
«Эс тартып» келген отуз жаш.

Кайыгып жүдөп отурбас,
Кабелтең калың жошулбас…
Калкытар демден куру эмес
Кайрылып келген отуз жаш.

Оор жүк эмес алтымыш,
Отузду кайра артыныш.
Ооматың келди Айдаке
Ойлоруң менен алпуруш!

 

Күнөөлүү болуп каласың

Күттүрүп жүрүп кезиккен, -
Күйүткө салдың периштем.
Көздөрүң турса суз тартып
Көкүрөк ооруйт кейиштен.

Кейитип далай бул арман,
Кебетем менин кубарган.
Кордугун көрдүм сүйүүнүн
Коркпойсуң неге убалдан?

Кылгыра карап күлбөдүң,
Кыналып басып жүрбөдүм.
Кыйчудай болом жанымды
Кырсыкка түртүп ийбегин…

Уктабай түндөн чыгамын,
Уугуп бүттү чыдамым.
Уланта берсең кыйноону
Уктатпайт менин убалым.

Балээни салдың тооруткан,
Башымды менин ооруткан.
Бой таштап сүйбөй сен кетсең
Болом го өтө оорукчан.

Көп ичип калам оолуксам,
Көңүлүм чөгөт соолуксам.
Кылчайбай кетсең акыры
Кыласың мени оорукчан.

Күлбөйсүң күңүрт карашың,
Күйгүзүп чокко саласың.
Күйгөндөн көзүм жумулса
Күнөөлүү болуп каласың!

 

© Иманалиев Замирбек, 2014

 


Количество просмотров: 1540