Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Элмира Ажыканова, 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2014-жылдын 3-марты

Элмира АЖЫКАНОВА

Терезе

(новелла)

Секелек кыздын кусасы.

 

Рита уйкудан көзүн ачса чоочун жерде жатыптыр. Бул кай жер, эмне үчүн мындамын деп көпкө түшүнө албады. Терезени караса таң агарып келаткандай. Же күүгүм маалбы, белгисиз. Акырын башын көтөрсө ары жакта керебетте чачы куудай кемпир дубалга бурулуп уктап жатат. Анын тушунда дагы бир керебет бош турат. Бул жер оорукана экенин түшүндү. Эмне болду, ким алып келди эстей албады. Анан башынын таңылганын сезди. Өйдө болоюн деди эле көзү караңгылап, көңүлү айнып кетти. Кайра жатты. Аркы кемпир керебетин кычыратып оодарылып, үшкүрүнүп анан тынчып калды.

Терезе улам жарык боло баштады. Демек, таң атып келаткан экен. Аңгыча эшик шарт ачылып, пол жуугуч аял чака-чукасын калдыратып кирип келип, палатаны арыдан-бери жууп-тазалап чыгып кетти.

Рита эстей баштады. Кече жумуштан кечирээк чыккан. Цехтин бригадири тигүүчү-лөрдү бир сааттай кармады. Бүгүнкү бычылгандарды бүгүн бүтүп, эртең биротоло жаңы фасондон баштайбыз деген. Ошентип көз байланган маалда иштен чыгып, аркы беттеги дүкөнгө кирип нан алган. Анан төрт айрылыш жолдун бурчунда кайра тиги өйүзгө өтмөк болгон. Ооба, шашып өтүп бараткан.Ошондо машинага урунбадыбы. Эстеди, машинанын түсүн да эстеди. Кыпкызыл болчу. Бир көз ирмемге гана кечиккен. Андан аркысын билбейт. Бул жерге “тез жардам” алып келген окшойт.

Рита ушуларды элдир-селдир эстеди да, кайрадан алсырап көзү илинип кетти.

 

***

Ал өгүнкүгө караганда өзүн кыйла жакшы сезип калды. Уколдор, кан тамырга куйган суюк дарылар баары жардам берип жаткандай. Көңүлү караңгылабай, сергек басып-туруп жүрөт. Дагы бир аптада толук айыгып чыгасың дешти догдурлар. Баягы күнкү кырсыкта мээси чайкалган экен. Кудай сактап жеңилирээк жаракат болуптур.

Рита майыптар жашаган жатакананын бир бөлмөсүндө турат. Былтыр жардамга муктаж үй бүлөлөрдүн балдары окуй турган интернатты бүтүрдү. Мектептин директорунун жардамы менен былтыр ошол жерге жайгашкан. Бүткөндөн кийин да бараар жери жок калгандарга директор эжей өзү эптеп жашай турган баш калка таап, жумуш караштырып жардам берет. Ританы да майыптардын жатаканасына жайгаштырып, ошого жакын жердеги жеке менчик тигүү цехине үйрөнчүк кылып кийирип койду.

— Интернатты бүттүң, кайда барсаң өзүң бил, кийинкиңе мен жооп бербейм, — деп койсо деле болмок чынында. Бирок ага директордун жүрөгү чыдабады. Жаш кыздын талаада калышын каалабады. Эптеп бир жерге жайгаштырып койсо андан аркысын тагдырынан көрөөр деди.

Рита мүнөзү түнт, тартынчаак кыз. Оңой менен чоочун чөйрөнүн адамдарына аралашып кете албайт. Анын кунарсыз өткөн балалыгы, көргөн-өскөнү, тарбиясы ушундай мүнөздү калыптады окшойт.

Мына ал азыр палатанын терезесинен сыртты тиктеп жатты. Керебети терезенин тушунда. Кыркалекей тигилген бака теректердин бариктери дирилдеп, арасы толо чымчыктардын уясы экен. Кужулдашат. Өзгөчө таң атып келатканда анан күн батаарда ушундай бир сайрашат экен, тим эле токойдо жүргөндөй болосуң. Ошентсе да терезени тиктеп жатуу-кыздын көкөйүнө көк таштай тийип бүткөн. Бала күнүнөн бери терезеден сыртка тигилип, күтүп, сагынып, куса болуп жүрүп чоңойду. Ошол үчүн ал терезелерди жаман да көрөт.Түн жарымында кайсы бир жерде жалгыз эле терезе күйүп турса жүрөгү зырп дей түшөт. Ошол үйдө кимдир бирөө уктай албай жакын адамын зарыгып күтүп, жалгыздыктын азабын жеп олтурат деп элестетет. Терезе-ага дайыма күтүү менен өткөн балалыгын эстетет.Ойлоп көрсө ушу кезге чейин, керек болсо азыр да терезени телмирип тиктеп жатат.

Эсинде, апасы экөө бир бөлмөлүү квартирада турушчу. Ошол үйдө кыз жетиге чыккыча жашашкан.

Апасы жумушка барам деп кызын ар күнү сыртынан бекитип кетээр эле. Анда да кыздын кичинекей жыгач керебети терезенин тушунда болчу. Кулап кетесиң деп балкондун эшигин бекитип салчу апасы. Анан ээн үйдө кыз аябай зерикчү. Ашкананын терезесинен сырттагы адамдарды, ойноп жүргөн балдарды карачу. Апасы үстөлдүн үстүнө калтырып кеткен момпосуй, печеньелерди жечү. Курсагы ачканда чайнектин түбүндө калган муздак чайдан куюп иччү. Анан уктап да калчу.

Ританын апасы жапжаш, арыкчырай, чачтары далысына төгүлгөн, көздөрү коймолжуган сулуучумак келин эле. Жаадай керилген сулуу каштары ажарын ого бетер ачып турчу.Тааныбагандар келинби же кызбы дей турган. Үй-жайына анчалык карамдуу болбосо да өзүнүн бою-башын тыкан алып жүрчү. Көчөгө чыгаарда көп убактысын күзгүнүн алдында өткөрчү. Бети-колун майлап-сүттөп, каш-кирпигин дааналап боеп, айтоор ар күнү театрга бараткандай жасанып чыгып кетчү. Себинген атырынын жыты үйдүн ичинде көпкө тарабай калаар эле.

Апасы үйгө ар кандай убакта келчү. Кээде түн жарымында, кээде таңга маал. А кээде күндүз үйдө уктап жатып кечки убак чыгып кетчү. Кай бирде бир-эки күндөп келбей калган чактары да болчу. Андайда Ританын курсагы аччу. Караңгы киргенде керебе-тинин үстүндө олтуруп өңгүрөп ыйлап, чарчаганда уктап кетчү. Ошол сааттар узаргандан узарып, төрт дубалдын ортосуна бүт дүйнөнүн жымжырттыгы орноп калгандай болоор эле. Дубалга илинген сааттын чыкылдагы да жүрөктүн дүкүлдөгүнө окшоп улам күчөй берчү. Кыз ээн үйдө апасына катуу таарынып олтурса да каалгага ачкыч салынып шырт-шырт буралып жатканын укканда кубанып кетээр эле. Анткени ага апасы балмуздак же шоколад ала келет. Кандай болсо да апасынын үйдө болгонун кичинекей кыз аябай жакшы көрчү. Мейли, мага десе кечке ойгонбой уктап жата берсин, үйдө эле болсо мейли эле... бирок тилекке каршы апасы көбүнчө сыртта жүрөт. Ооба, кээде кызымтал болуп да келчү. Андайда каалгасын көпкө чейин ача албай убара болчу. Кол сумкасын түбүнөн бери аңтарып жатып ачкычын араң тапса аны кайра эшиктин тешигине туш келтире абай бир топко буйдалып турчу. Үйгө киргенде кызы менен сүйлөшкөнгө чамасы келбей, ала келген бирдемелерин сумкасынан чыгарып, үстөлдүн үстүнө коюп, өзү шыр эле диванга бой таштап уктап кетчү. А кээ күндөрү апасы жумуштан капа болуп келээр эле. Келгенде үндөбөстөн кызынын чачынан бир жыттап алып, барып ойной бер дегенчелик кылып, өзү диванга көмкөрөсүнөн сулк жатып калчу. Анан көпкө солуктап ыйлап, үшкүрүнүп, кирпигинин боектору бетине агып, чалды-куйду уйпаланган чачтарын жыйнаганга алы келбей, шыпты тиктеп далайга жатаар эле. Энесинин ыйлаганын көрүп кичинекей кыздын кичинекей жүрөгү ооруп чыкчу.

— Апа, эмнеге ыйлап жатасың? – дечү жалооруп.

— Жөн эле, башым ооруп жатат, кызым. Сен барып ойной берчи, — деп койчу.

Ооба, эсинде. Баары эсинде. Апасы кээде түн ичинде чоочун эркектерди ээрчите келмейи да бар эле. Андайда апасы жайдарыланып, илбериңки болуп калчу.Үстөлдүн үстүн шыпылдата сүрүп, идиш-аяктарын заматта ирээттей койчу. Анан алар сөзсүз ашканага кирип, өз ара жулуу-жумшак сүйлөшүп, ичкилик ичишип, тамашалашып, күлүп олтурушчу. Кыз эртең менен көзүн ачса алиги киши апасынын коюнунда жаткан болоор эле. Рита бала болсо да чоочун эркекти жаман көрүп, апасын андан кызганчу. Апасына таарынчу. Андай эркектер бул үйгө түн катып келишээр эле. Алар уурулар менен бирдей. Элге көрүнбөшү керек. Кайра таңга маал ууру мышыктай шырп алдырбай жылып чыгып кетишчү.

Ушунун баарысы Ританын балалыгынан калган элестер. Мындан башка эстей турган жарытылуу эч нерсе жок. Айтоор энесин күтүп терезеде телмирген балалык күндөрү жүздөгөн жылдарга созулгандай туюлат.

Ооба, эсинде. Бир күнү апасы сен эми окушуң керек деди да, кыздын кийим-кечелерин бүт чогултуп, баштыкка салып, автобус менен бир топ жол жүрүшүп, жарды-жармач кембагалдардын балдары окуй турган жатак мектепке келишти. Мурда сүйлөшүп койгон окшойт. Кызды дароо эле кабыл алышты. Ошондо эсинде калыптыр. Энеси коштошуп жатып, тарбиячыга айткан эле.

— Чынын айтайын, алыска кетип жатам. Шартым болсо кийинчерээк келээрмин. Болбосо... сиздерге ишенем.

Азыркыга чейин энесинин ушул сөздөрү Ританын кулагында. Андан бери туптуура он жыл өттү. Рита жакында он жетиге чыкты. Энеси ошол бойдон бир кайрылып келген жок. Кызынын саргарып күткөнүн, майда таштарды чогултуп төлгө салып жүргөнүн, түн ичинде интернаттын төшөгүнө чүмкөнүп алып ыйлаганын, он жыл бою жол карап көзү тешилгенин энеси билгени жок. Көрсө ошондо эле кызын биротоло таштаган окшобойбу. Же чын эле өз тагдырын тобокелге салып кайсы бир алыскы өлкөгө кетип, келе албай калдыбы. Кандай тагдырга туш болду экен? Деги тирүү бар бекен? Бар болсо эмне үчүн кызынан бир кабар алып койбойт? Эс тарткан сайын Ританы ушундай суроолор кыйнай берди.

Жатак мектептин бөлмөсүндө далай түндөр уктабай, кичинекей жүрөгү куушурулуп энесин зарыга күттү го. Түн жарымында мектептин жанына машина келип токтоп, эшиги тарс деп жабылса жүрөгү зырп дей түшчү. Тура калып терезеге чуркап барчу. Күнбү түнбү апасы келип калышы мүмкүн эле да. Ооба, түшүндө энеси келип калчу. Экөө жетелешип кайдадыр бараткан болушат. Же чоочун бир шаарда кыжы-кыйма элди аралап жүрүп апасын алысыраактан көрүп калган болот. Аны көздөй чуркайын десе буттары тушалып калгансып жете албай кыйналат. Апасы көпчүлүктүн арасынан бирде көрүнүп, бирде көрүнбөй, кинодогу жайлатылган кадр сыяктуу каалгый чуркап, кызынан оолактап качып бараткан болот. Кыз апа-а деп кыйкырайын десе үнү чыкпай, деми кыстыгып, жан алакетке түшүп жатып ойгонуп кетчү. Мындай түштөрдү көп көрдү. Көп жолу супсуну сууп, ансайын апасына болгон таарынычы балалык жүрөгүнө кабатталып чогула берди.

— Эмне үчүн сага эч ким келбейт? – деп сурашаар эле классташтары кичирээк кездеринде. Андайда Рита

— Апам алыска кеткен. Шарты болгондо келет, — деп энесинен уккан акыркы сөздөрүн кайталачу.

— А атаңчы? – дешчү балдар.

— Атам мен жаңы төрөлгөндө эле өлүп калган, — Рита андан ары унчукпай калчу. Атасы тууралуу бир гана билгени — өлүп калганы. Апасы башка эч нерсе айткан эмес. Балким калп айткандыр, ким билет?

Рита оорукананын керебетинде ушулардын баарысын эстеп, кайрадан оюнан сыдырып өткөрүп жатты. Врачтар аны эч нерсени ойлонбой, тынч жат дешкен. Ойлонбой коюуга болбойт экен. Ойсуз кантип жашайсың. Керек болсо бир мүнөт да ойдон алыс боло албайсың да.
Ошол күнү кечте кошуна палатада жаткан келин баш багып.

— Рита деген ким?  — деди.

— Мен.

— Сыртта сени бирөөлөр чакырып жатышат, — деди да эшикти жаап койду. Кызык, аны ким чакырмак эле? Башка бирөө менен алмаштырды го деп ойлоду кыз. Ошентсе да сыртка чыгып карагысы келди. Коридордун баш-аягында эч ким жок экен. Оорукананын короосуна чыкты. Киши көрүнбөйт, машина токтоп туруптур. Кыз кайра тартмакчы болгондо күзгүдөй жаркыраган кооз машинадан улгайып калган эркек киши чыга калып, колун булгап чакыргандай болду. Рита бир ордунда тура берди. Таптакыр чоо— чун киши. Балким кимдир бирөөнү сурайын деп жаткандыр. Аңгыча машинанын арткы эшигинен аял чыкты. Этек-жеңи узун кең көйнөк кийип, башына чоң жибек жоолукту чүмкөй салынган аял колун имерип Ританы чакырды. Мына кызык! Булар ким? Кыз тааный албай бирок аларды көздөй кадам таштап баратты. Аял көздөрүн кубанычтуу жайнатып Ританы утурлай басты. Ал апасы болчу. Ооба, апасынын көзүн көрүп тааныды. Чүмкөнө салынган жоолугунан көздөрү гана көрүнөт. Ошентсе да тааныды. Баягы коймолжуган сулуу көздөрү токтоо тарта түшкөндөй. Жаадай керилген сулуу каштары жоолуктун астында калыптыр. Ошондогу жаш апасы эми орто жашка келип калгандай. Арадан он жыл өтсө да, Рита анда эсине кире элек бала болсо да апасынын көздөрүн эсинен чыгарбаптыр. Бирок ошол замат көкүрөгүндөгү чер болуп каткан таарынычы козголуп, апасынын үзүлүп-түшүп жалынып-жалбарганын жоопсуз калтырып, каканактаган көздөрү менен жер карап тура берди. Ал ортодо алиги чоочун киши аларга жакындабай машинасынын жанында тигилердин мамилесин сынай карап турду. Ал апасынын тийген күйөөсү эле. Бетинин баары калың сакал-мурут, мурду коңкогой, бука көздөнгөн, олбурлуу, башына кара баркыт малакай кийген жашы бир топко барып калган күржүйгөн кишинин улуту башка болчу. Апасынан көп улуу экени көрүнүп турат. Акырын басып келип кызга баш ийкеп, бирдеме деп сүйлөп учураш— кандай болду. Тили да такыр башка экен. Арабдардан окшойт же ирандыкпы ким билет? Апасы ортодо чебелектеп тиги киши менен кызын аркы-терки карап сүйлөп жатты:

— Бул сенин атаң болот, таанып ал, — деди күйөөсүнүн көзүн карап жалтактап кыска-кыска сүйлөп.

— Кандайча?

Кыз өгөй атасын таанымак тургай өз энесин да жерип, көргүсү келбей турду. Бир кездеги наристе жүрөгүнө сыйбаган сагынычы, күтүүсү, зар какшаган тилеги дайынсыз жоголуптур.

— Ээ, кызым, тагдыр ушундай экен. Сени интернатка бергенден кийин акча табайын деп Дубайга иштеп кеткем. Ошол жактан бу кишиге жолугуп, турмушка чыккам. Анан алардын шарты боюнча эч кайда чыга албай калдым. Бул жакка жумуштап келгенбиз. Анан сени издеп олтуруп араң таптык. Алып кетели деп...

Энеси мукактанып, сөзүнүн аягы мокоп, көздөрү жашылданып күйөөсүн кылчактап карай берди. Ританын көңүлү муздай түштү. Көрсө өздүрүнчө эле жумуштап келишкен тура. Анан ушунча келгенден кийин кызын бир көрө кетейин деген экен да?!

Рита энесине тике карады:

— Мен эч жакка барбайм, кете бергиле. Мага келбегиле?!

Анан шарт бурулуп ооруканага чуркап кирип кетти. Аттап-буттап экинчи кабатка чыгып палатасына кирип барып, керебетине шалдайып олтуруп калды. Эси эңгиреп, башы ооруп чыкты. Күткөн эмес мындайды. Ойлогон эмес. Өзүнчө эле ичи ачышып, туталанды. Апасы таптакыр башка аял болуп калыптыр. Буркурап, боздоп, жаздыкка башын койгулап ыйлагысы келди. Тегерегиндеги эл-журттан гана жазганып өзүн араң кармады.

Көрсө шордуу энесин бөтөн жердин тузу тарткан тура. Шору кайнап алиги байлыгы башынан ашкан картаң арабдын торуна түшүп берген тура. Балким анын үчүнчү же төртүнчү аялыдыр, ким билет? А балким ал бактылуу болуп жүрбөсүн? Кайдан билесиң?! Жо-ок, өз баласын талаага таштап коюп, эрге тийген аял бактылуу болчу беле?!

Рита керебетинен тура калып терезеге барды. Алиги машина оорукананын короосунда имерилип кайрылып, кууш жол менен зыпылдап барып, чоң жолго жетип оңго бурулуп, жайнаган машинелердин агымына кошулуп, караанын үзүп кетти. Ал терезеден сыртты тиктеп дал болуп тура берди. Каканактап жашка толгон көз алдында көчөдөгү кыймыл туманда калгандай мунарыктап,чайпалып турду. Дал ушинтип терезеде телмирген балалыктагы кусалуу күндөрү көз алдына тартыла берди.

 

Бишкек шаары

2010-жыл. Август

 

© Элмира Ажыканова, 2010

 


Количество просмотров: 1531