Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Элмира Ажыканова, 2011. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2014-жылдын 29-январы

Элмира АЖЫКАНОВА

Ностальгия

(аңгеме)

Карыянын образы чагылдырылат.

 

Шаар таң менен кошо ойгонот. Үрул-бүрүл жарык түшкөндө эле көчөлөрдө кайдадыр шашып жөнөгөн машинелер пайда болот. Анан бирин-серин адамдар аркы-терки өтө башташат. Ошентип кыймылжанданып, калаанын тиричилигибашталат. Күн сайын ушундай.

Касым карыя ар күнүэрте таңдакөп кабаттуу үйдөгү квартирасынанчыгып, шаар багынабасып келет. Эки колун артына алып бактагы аллеяда кыйлага чейин басып жүрөт. Ал жерде өзүнө окшоп таңэрте таза абада серүүндөгөндөр бар. Көпчүлүгүулгайган адамдар. Айрымдары жөн гана бак аралап басып жүрүшсө, кээлерижелип -жортуп чуркаган болушат. Иттерин сейилдетипжүргөн аялдар да бар. Алар бирин бири сыртынан таанышат. Баш ийкешип учурашып өтүшөт.

Касым карыя жыгач олтургучтардын биринекөчүк басты. Өткөн-кеткендерге көз салып, аркы-беркини ойлоп кыйлага олтурду. Кайда шашат эле. Күнүгө ушинтет. Уул-келини менен тигил кабат үйдө чогуутурат. Байбичесинин көзү өткөнүнөбыйыл алты жыл болду. Жыл айланыпашын бергенден кийинуулу атасынын жер үйүн саттырып, өзүнүнтар квартирасын кеңейтип, шаардын так ортосуна көчүпкелишкен. Андан көрө жер үйгөчогуу жашайлы десе уул-келини ынабай коюшту. Карыган кезиңде шарты бар жылуу үйдө жашашың керек дешти алар. Бул чечим Касымдын көңүлүнө төп келбесе да айла жок жалгыз уулунун айтканыменен болду. Анан жалгыз жашамак беле?! Алардыкы деле туура. Бирок али күнчө тигил кабат үйгө көнө албай жүрөт. Өзү өмүрбою гезиттерде журналист болуп иштеди. Ал кезде гезит-журналдардын баарысы өкмөттүк гана боло турган. Бир калыпка салынган тартип, эреже бар эле. Ийгиликтүү иштерди, эмгекчил адамдарды даңазалап жазышчу. Олуттуу темалар менен алек болушчу. Азыркыдай ээн ооздук, өзүм билемдик жок эле. Эми анын кайсы бирин айтасың. Мына ушуларды ойлоп олтуруп, карыя советтик учурду кадимкидей сагынат. Көңүлү сыздап кетет. Кээде түшүнө да кирет ошол кездер. Кайран доор өткөн экен да. Оюна келгенин жазып, оозуна келгинин оттоп жаткан азыркы гезиттергежүрөгү ыйлап турат. Эмне деген гана заман болду?! Жазып көнгөн жаны бирин-экин макала даярдап ошол ооздугу жок гезиттерге алып барсабаспай коюшту. Азыркы жаштардын тарбиясы, жалкоолугу тууралуу болчу. Жарабайт дешти. Сенсациялуу, кыска, курч материалдарды гана басабыз дешти. Андан алып дагы бир гезитке барды. Алар өтө эле узун экен, кыскартып кел дешти. Касым үчүн өзүнүнар бир сүйлөмү маанилүү эле. Капа болгон карыя колтугуна кысып келген макаласын үйүндөгү эски, калын папкесиндеги кол жазмаларына кошуп койду. Азыркылардын маанилуу нерсени түшүнбөгөн тайкылыгына капа болду. Кийинчерээк дагы бир макала жазып барса акча төлөңүз дешсе болобу?! Касымбуга да капа болду. Ушундан кийин эч нерсе жазгысы келбей калды. Анын жазгандарына азыр эч ким деле муктаж эмес экен көрсө.

Ал өткөн-кеткенди ойлоп кыйлага олтурду. Анан ордунан туруп, колдорун артына алып, илкий басыпүйүн көздөй жөнөдү. Бул убакта уул-келини кызматтарына кетип калышат. Уулу ички иштер тармагында, келини чет өлкөлүктөргө тиешелүү уюмда иштейт. Командировкаларга көп барат. Иши ошондой экен. Ал эмне болгон уюм – Касым анчейин түшүнө бербейт. Бирок баамында кирешени келини табат. Маянаны доллар менен алат имиш. Ошондонбу, тартынбай так кесе сүйлөп, өз оюн таңуулап, кээде күйөөсүнө үстөмдүккылып жиберет. Анткени менен үй-жайын тыкан кармап, тамаш-ашын даамдуу жасайт. Бош убактысында жалаң үй тиричилиги менен алек болот. Бирокмүнөзүндө жылуулук жок. Качан болсун сустайып турат. Ушунча болуп күйөөсү менен жаркылдап сүйлөшүп жатканын деле көргөн эмес карыя. Уулу деле кырктан өтүп, чачына ак кире баштады. Бирок алар балалуу болушкан жок. Уулу атасы менен чечилип сүйлөшпөгөн бир мүнөз жигит. Өзүда жалгыз бала болсо анан туяксыз болуп калабы деп Касымдын арманы ушунда. Келин эстүү болгондо керт башына эле карабай күйөөсүнүн балалуу болушун да ойлошу керек эле деп толгонот карыя. Азыркылар өзүмчүл эмеспи. Илгери согончогу канабаган ургаачы эринин багын байлабай өзү эле жол бошотчу. Керек болсо төрөй турган аялды эрине өзү таап берчү да. Эчен ирет ушул сөздүкозгоюн деп бирок баласына батына албады. Жараатына тийип аламбы деди. Эч ким менен чечилип сүйлөшпөгөн түнт баласы кандай кабыл алат? Кагуу жеп калабы... Ошол бойдонэч нерсе айта албады. Бирок дайым ушул санаа жүрөгүн курттай оюп жепкелет. Аркы-беркини ойлоп олтуруп үйүнө жетти карыя. Эшигин ачканда эле аны тунжураганжымжырттык тосуп алды. Ичкери кирип телевизорду иштетти. Баардык каналынакоюп көрдү. Көрө турган эч нерсе жок. Биринде атышкан, бычакташкан кино, биринде төө куштардай аркайган жарым жылаңач аялдарды сынактан өткөрүп жатышат. Сулуулар имиш. Аял деген эптүү-сындуу болгондо гана сулуу да. Азыркы– лар чыныгы сулуулукту да билбей калышпадыбы. Дагы бир каналда күрсүйгөн эркек киши камыр ийлеп, тамак жасаганды үйрөтүп жатат. Көрө турган эч нерсе жок. Нааразы болгон карыя телевизорду өчүрүп салды. Анан шашпай чай коюп ичти. Жалгыз олтуруп ичкен чайың курусун. Мындайда дайыма байбичечин эстейт. Ар бир жолу ысык демдеп кадырлуу конокко бергендей абышкасына баптап чай берээр эле. Качан болсун дасторконудаяр болчу. Кечкисин келини деле ынтаасын коюп ысык чайын берет. Бирок баары бир байбичесинин чайына окшобой койду го.

Чайын ичип болгон соңөз бөлмөсүнө кирип калың папкедеги кол жазмаларын алып чыгып үстөлдүн үстүнө жайды. Мындай папкелер толтура. Текчелерде жыйылып турат. Биринде макалалары, биринде ырлары, биринде кара сөздөрү айтоор бүткөнү бар, бүтпөгөнү бар. Кереги жоктору да толтура. Аларды ыргытканга колу барбайт. Касым карыя үчүн баардыгы баалуу. Келини үй жыйнаганда кагаздарын жактырбай ары-бери түртүп тыкыстап жыйнап салат. Менин кагаздарыма тийбей эле койчу деп айта албай койду. Кемпирин үстөлүнүн жанына жолотчу эмес. Ал азыр“поэзия” деген папкедеги кагаздарын жайып олтурду. Саргарган барактар. Ар кайсы жылдарда машинкеге басылып, боектору өчө жаздап калган ырлары, кол менен жазылгандары да жүрөт. Ушунун баарын өмүр бою өзүнө жан жолдош кылып келаткан машинкесине өзү баскан. Эми машинкенин да убагы өттү. Азыр жапырт компьютер менен иштеп калышпадыбы. А Касым компьютерге ишенбейт. Андан өчүп калат дешет. Дагы көп балакеттери бар дешет. Тигинде уул-келини алып берген компьютери деле турат. Түнкүсүн машинкесин тыкылдата бергендетигилер тажашкан окшойт да. Уулу адегенде атасына үйрөтө баштаган, карыя анчейин көңүлсүнбөй койду. Улам үйрөнгөнүн кайра унутуп, жазгандарын кайра таппай калат экен. Кыскасы, машакаты көп экен. Андан көрө тиги темир машинкесинен өтөөрү жок. Ишенимдүү, бузулбайт. Аны келин-уулу жер төлөдөгү кампага киргизип салалы дешкен. Карыя чок баскандай секирип болбой койду. Касымдын жаш чагындагы эңсөөсү – акын болуу эле. Болгондо да атактуу акын болом деген дымакта жүрчү. Көп жылдар ушундай көксөө менен ыр артынан ырларды жазып жүрдү. Жашыраак чагында үч китепчеси жарык көрдү. Гезит-журналдарга да басылып чыгаар эле. Ошонун баары анча-мынча шык-жөндөмдүн анан жаштыктын деми менен жазылса керек. Кийин андай ырлардын жазылышы да кыйын болуп калды. Өзү эңсегендей атактуу акын боло алганы жок. Анын өз пикиринде акын болушуна жолтоо кылгандар, бут тоскондор, түшүнбөгөндөр көп болду. Советтик замандын акыркы жылдарында кезектеги китебин басмакана чыгарбай койду. Чийкилери көп, кайрадан оңдоо керек дешти. Дагы башка көп шылтоолорду айтышты. Гезит-журналдардын басышы да кыйындады. Ошончо көп ырларды жазса да негедир акын катары элге тааныла албады. Ал тургай уул-келини да атабыз акын экен деп ойлоп коюшпайт. Алар үчүн жүргөн бир абышка. Бирок ал баары бир өзүн акынмын деп эсептейт. Ыр бааланбай калган азыркы заманда мен да бааланбай калдым, атагым чыкпай калганына азыркы коом күнөөлүү деп ойлойт. Ким билет, балким карыянын өз ою туурадыр. Ар кимге өз пикири туура эмеспи. Мына азыр да кол жазмаларын аңтарып олтурат. Эски кагаздарын караганды жакшы көрөт. Анткени өткөн жылдарын эстейт. Касым карыя өткөнүн ойлоп жашаганды жакшы көрөт. Ал үчүн бүгүнкү турмушта кызыктуу эч нерсе жок. Дагы бир папкеде бүтпөй калган тарыхый романы бар. Ортолоп калганда негедир таштап койгон. Кийинчерээк улан– таармын деген. Азыр колуна алууга даабайт. Дагы бир желим папкеде учурунда гезиттерге жарыяланган очерктери бар. Көпчүлүгү эмгектин алдынкылары жөнүндө болчу. Булардын азыр эч кимге кереги жок. Ыргытуу керек. Ага болбой эле сактай берет. Анын кагаздарынын ушунчалык көптүгү келинине жакпайт. Баарынан да таңгак-таңгак болгон эски гезиттердин эмне кереги бар? Келиндин оюна койсо мунун баарын бир заматта жок кылмак. – Үйдөгү кереги жок буюмдар тескери энергия чыгарат, бул илимий жактан далилденген, анын үстүнө кагаздар чаң топтойт, – деп келини чай ичип олтурганда айтты эле. Карыя ошол сөздү өзүнө алса да эч качан агамакул эмес. Менин жазган эмгектерим буларга кереги жок буюм тура деп ичинен нааразы болду. Тескери энергия деп кайдагыны чыгарышат. Жарым беттик өмүр баяндарын жаза алышпайт, китеп бетин ачышпайт да анан тескери энергияны кайдан билишет деп наалыды. Кээде түнкүсүн машинке басчу эле. Ага да тыюу салышты. Келини уктай албай жатыптыр. Алардын бөлмөсүнө угулат экен көрсө. – Өзүнчө компьютер алып бердик го, ошого иштебейби, айтпайсыңбы атаңа?! – деди күйөөсүнө. Карыя түнкүсүн машинке баспай калды. Бирок уйкусу келбегендик– тен үстөлдөгү шам чыракты жандырып, көз айнегин тагынып алып эскигезит-журналдарды барактайт. А кээде жөн гана нес болгон немедейтелмирип кыйлага олтура берет.

Ушул үйгө көчүп келгени капаска түшкөндөй эле болду. Эртең менен бир маал бакка басып келгени болбосо тунжурап олтурганы олтурган. Кээде кагаздарын да карагысы келбейт. Чоң көчө тараптагы балконго коюп алган олтургучу бар. Ал жерге бир олтурса көпкө олтурат. Төртүнчү кабаттан чоң көчөлөрдүн кесилишиндегишаардын кайнаган тирилиги алаканга салгандай көрүнүп турат. Жайнаган машинелер кумурсканын уюгун элестетет. Төрт тарапка өткөн элдин аягы суюлбайт. Ошолорду тиктеп олтура берип карыя ар кандай ойлорго чарпылат. Кайра эле баягы өткөн заманын ойлойт. Атаңдын көрү, баягы совет доору болгондо эмне... эмгиче далай китеби чыгат эле. Балким бүтпөй жаткан романыкитеп болуп элге тарап кетмек. Макалалары гезит бетин бербей байма-бай жарыяланып турмак. Калем акыга маарымак. Айтоор жыргап-куунап жашамак. Кээде чай үстүндө ошол заманды кеп кылса уулу жактырбай жатпайбы. – Ал учурда айта бергенде эмне, азыр такыр башка заман, бүгүнкү турмуш менен жашашкерек, – дейт уулу. Келини унчукпай олтурганы менен күйөөсүнүкүн туура көрөт. Карыя үндөбөй олтуруп калат. Бирок ичинде таптакыр макул эмес. Өзгөчө уул-келининин үй бүлөлүк жашоосуна ичи чыкпайт. Бул дагы жаңы замандын талабыбы же баласы жок үйдө ушундай эреже өкүм сүрөбү? Айтоор аскердик тартип менен саатка карап жашашат. Күн сайын окшош турмуш. Кечки тамакты бири бирине чоо-чун адамдардай унчукпай олтуруп ичишет. Эмне сөз баштаса да тигилерге жакпай калаарын ойлоп карыя да үндөбөй олтура берчү болду.

Азыркылар ушундайбы же уул-келини өтө сакпы ким билет -бир жолу карыя бакка басып келип үйүн ачайын десе ачкычы жок. Түшүп калса керек. Чөнтөктөрүн сыйпалап таппай калды. Артына барып кыйла жерди издеди. Табылган жок. Ошондо да келин-уулу абдан капа болушту. Өзгөчө келини кубарып-кумсарып өзүнчө бирде-мелерди угузуп-угузбай сүйлөнүп жатты. Ошол күнү эле эшиктин кулпулагычын алмаштырышты. Антпесе болбойт дешти. Көрсө ачкычты таап алган неме үйгө ууруга кириши мүмкүн экен. Ал кайдан билет десең ачкыч ушул үйдүкү экенин. Кыскасы ачкыч экинчи жоголбосун деп уул-келини катуу эскертишти. Атасынын көңүлүнөн да ачкыч кымбат болуп кеткенине карыя ичинен таарынды. Ошентсе да ал ачкычына сак болуп калды. Анан да ушунча жылдан бери сырткы эшикти ичинен бекитип алганды үйрөнө албай койду. Көбүнчө унутуп калат. Көнбөгөндүкү да. Анан эле келин-уулу.

– Эшик дагы ачык калыптыр, – деп башташат. – Ой, андан эмне болуп кетмек эле. Үйдө мен олтурамын го, – деди карыя бир жолу. Келини мыскылдуу жылмайып күйөөсүн карады. Уулу башын чайкап алды да, түшүндүрө баштады.

– Ата, квартираларгаууруга кирип жан баккандар бар. Ошону кесип кылып алышат. Эшик ачык болсо аларга кудай берет. Сиздин олтурганыңыз бир тыйын. Сизден да бирөө коркобу?

Карыяга уулунун акыркы сөзү катуу тийди. Ооба, менден эч ким коркпойт. Мен азыр эч ким эмесмин деген ызалуу ойго чөктү. Бирок капасын билгизбей өз бөлмөсүнө акырын басып кирип кетти. Текчеде турган байбичесинин сүрөтү “капа болбо абышка, алар айта берет, баары бир сеники туура” деген таризде карап туруптур.

Ошондон көп өтпөй эле бир күнү кечинде уулу айтып калды:

– Ата, сиз эртең ооруканага жатышыңыз керек. Келиниңиз баарын сүйлөшүп койду. Мен өзүм жайгаштырып келем.

– Эмнеге кокуй? Мен сопсоо эле турам го, – карыя уулун таңыркай карады.

– Биз эс алууга чыгып, алыска кеткени жатабыз бир айга. Сиз жалгыз жашай албайсыз. Келиниңиз да сизге ишенбей жатат.

– Кудай урган тура, эч жерим оорубаса эмне деп жатам доктурга?

– Ушул жашыңызда кантип эч жериңиз оорубасын? Алдын ала текшерүүдөн өтөсүз, дарылашат. Анын үстүнө ал карыялардын ооруканасы. Сизге окшогон абышкалардын баарысы ошол жерде , – деди уулу өктөм сүйлөп. Карыянын шагы сына түштү. Бирок бул жолу да уул-келинине катуу айта алганы жок.

Эртеси уулу атасын машинесине салып ооруканага алып жөнөдү. Касым карыя ушул азыр чындап эле карып, жүдөп, ооруп калгандай көрүндү. Арткы орундукта үңкүйүп чөгүп олтурду. Аңгыча уулунун чөнтөк телефону шыңгырап калды.

– Ооба, макул, макул. Унутпайм, – деп кыска жооп берди. Анан атасына бурулуп

– Үйдүн ачкычын мага берип коюңуз, жоготуп аласыз, – деди. Атасы чөнтөгүнөн ачкычты алып, үндөбөстөн уулуна карматты. Оорукананын керебетинде жатып карыянын ойлору он талаа болду. Жалгыз бала деп көзүн карап, эркелетип, энеси экөө алаканга салып, мээрим менен чоңой-тушкан эле. Эмнеге мындай кайрымсыз болуп калды деген ойлор карыянын көкүрөгүн эзип жатты. Төрөбөгөн аялынын сөзүнөн чыкпай, ошонун гана көзүн карап жашап калганына бир чети уулунабоору ооруду. Таш боор уул-келинине анан бүгүнкү кайрымсыз жексур заманга таарынган карыя эртеси чындап эле ооруп калды. Көтөрүлүп кеткен кан басымын түшүрүш үчүн доктурлар баардык аракеттерин көрүп жатышты. А ушу маалда Кара-Деңизде эс алууну көксөгөн уул-келини көк мейкиндин бийигинде самолетто учуп баратышты.

Тараза
    Бишкек шаары. 
    2011-ж. Июнь. 

 

© Элмира Ажыканова, 2011

 


Количество просмотров: 1623