Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия
© Чынар Калыбекова, 2004. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2014-жылдын 9-январы

Чынар Сеитбековна КАЛЫБЕКОВА

Мен да Розамын

Драма «Таштандыдагы Роза» психологиялык трагидрамасынын негизинде жазылган. Анда бүгүнкү күндө каралбай калган жана сатылып жаткан жаш балдардын оор тагдырларын чагылдыруу менен, эртеңки келечегибиз болгон жаш муундарга арналат.

Эта драма написана на основе психологической трагидрамы «Роза на свалке». Она рассказывает о тяжелой судьбе брошенных и продаваемых ныне маленьких детей. Драма посвящена жизни юного поколения, которому надлежит стать нашим будущим.

 

КАТЫШУУЧУЛАР: 

1. РОЗА
2. АЯЛ
3. КЫЗ
4. МАС АЯЛ 
5. ДУДУК АЯЛ
6. ДУДУК КИШИ
7. 1-ЧЫЧКАН
8. 2-ЧЫЧКАН
9. 3-ЧЫЧКАН
10. 4-ЧЫЧКАН
11. 1-БАЛА
12. 2-БАЛА

Идеяны алып чыккан белгилүү режиссер Камат Касенов.

Драмага автордун «Таштанды баланын ыры» аттуу ыры киргизилди. Сөзү: акын — жазуучу Н. Жүндүбаеваныкы, обону Ч.Калыбекованыкы.

Окуя биздин заманда, биздин күндө шаар ичиндеги таштандылардын биринин арасында өтөт.

 

ПРОЛОГ

Түн. Түш. Таштандылардын арасы. Роза. Аккөйнөкчөн сулуу аял.

РОЗА: Сиз кимсиз? Мени издеп келдиңизби? Мен да сизди абдан издедим. (аялга тигиле) Эмне сүйлөбөйсүз? Сиз абдан сулуу экенсиз. Бешик ырын ырдап бериңизчи.Билбейсизби. Анда мен ырдап берейинби? (Тыным. Кыз муңдуу обон созо ырдап кирет).
Кырк кашык сууга киринтип,
Көлбөтпөдүң балаңды.
Ак сүтүңдөн эмизип, ий,
Тердетпедиң балаңды.
Ай, апаке какшадым,
Кантип чыдап таштадың...

Ак бешикке бөпөлөп,
Терметпедиң уулуңду.
Тирүү жетим болсун деп, ай,
Телмиртүүгө туудуңбу?
Ай, апаке чынарым,
Айтчы кайда турагың?

РОЗА: Апа! Апа – аа?! Кайдасыз? Кетпечи! Мени таштабачы?! Апакебай!

Аял жок болуп кетет. Роза апалап катуу чоочуй ойгонот. Ыр уланат.

Чыгырыкка төтөлөп,
Бастырбадың ботоюң.
Өз колуңдан телчигип, ай,
Кастурбады ботоюң.
Ай, апаке какшадым,
Кантип чыдап таштадың.

Көп апалар келишет,
Балдары тосот кубанып.
Сен келбейсиң мен күтүп…
Буркурап боздоп турамын.
Келчи апаке көрөйүн,
Бек кучактап өбөйүн...

РОЗА: (солуктай) Апа... апаке... апакебайым...

МУЗЫКА. Төрт чычкан базар ичинде.

1 – ЧЫЧКАН: Капырай! Элдер эмне болуп калышкан. Таң атпай баарыачуулу. Жада калса бири – бирин да сыйлашпайт. Карасаң, карасаң, кечирим да сурап койбойт. Уяты жок десе.
2 – ЧЫЧКАН: Ушундай акмактар көп. Базарга келсең жөн кетпейсиң. Далай далай кызыктарды көрөсүң. Оңбогондой орой неме экен. (жактырбай) Кара, кара. Мени акшыя карап коет ой! Эмне акшыясың?!
1 – ЧЫЧКАН: (жеңинен тарта) Тигилерди карабайсыңбы. Ик – ии! Шылдыңдап,ырсая жылмайышып турушканын. Азыр адамдар аябагандай орой, бири бирин аяп, сыйлаганды билишпей калышты. Керек болсо бири бирин жеп салганга да даяр.
3 – ЧЫЧКАН: Эй, экөөң эзилишип тура бересиңерби, же кетесиңерби? Тигиндей барып эзилишкиле, мени тоспой. Көзүң жокпу?! Аз жерден баарын талкалап сала жаздадың. Тү — үү, ата! Төрт чынымды сындырган турбайсыңбы. Төлө! Эй, төлө деп жатам.
4 – ЧЫЧКАН: (ыңгайсыздана) Байкабай калдым. Тигил тачка сүйрөгөн түртүп кетти. Менде эч күнөө жок. Кечириңиз, суранам?
2 – ЧЫЧКАН: (жактыра бербей) Чыныларыңыз канча турат?
3 – ЧЫЧКАН: (орой) Мунуңким? Магаэмне, ким болсо ал болсун. Эй, качпа. Сынган чыныларымдын акчасын төлөгүн.
4 – ЧЫЧКАН: (уяла, тартына) Анча катуу кетпеңиз байкеси. Төлөйбүз, төлөйбүз. Жашоодо баары болот, капа болбоңуз эми. (акча сунат) Мына, алыңыз. Жүрү!
1 – ЧЫЧКАН: (каткыра) Базарда ушундай... Ушундай! Ха – ха — ха!!!
2 – ЧЫЧКАН: Жок дегенде, — Ары туруңуз? – деп, койбойбу. Даагы мени акырая карап койгонун. Ыйман дегенди билбеген неме окшобойбу.
3 – ЧЫЧКАН: Түшкө кирбеген нерселерди айтасың да сен. Базарда кайдагы ыйман? Кайдагы сый? Мында ары тур, бери тур деген жок. Тебелеп деле өтүп кетет. Жан керекпи, өзүң кач! Өтүпкетейинби, өткөрүпкоесузбу? – деген сөздү күтүп жатканын кара, сылыктанып. Өлтүрөтебелеп кетпегенине сүйүнө бер досум.
1 – ЧЫЧКАН: Тигинде бийик кабаттуу үйдүн алдындагы үйүлгөн мусордун арасында бир кыз жүрөт. Кара, мусорлордун ичинен бир нерселерди чукулап терип, сумкасына салып жатат. Карасаңар, карасаңар.
2 – ЧЫЧКАН: Кана? Мен көрбөй жатам.
1 – ЧЫЧКАН: И — ии, каякка карайсың. Тигил жакты кара. Көрдүңбү?
2 – ЧЫЧКАН: Эми көрдүм. Кичинекей кыз турбайбы. (чоочуй секирет) Ой!
1 – ЧЫЧКАН: Ой! Эмне болду?!
2 – ЧЫЧКАН: Сенин кызыңды карайм деп, аз жердентебеленип... Өх! Кудайымөзү бир сактады. Былчыйта басканда эмне болот элем. Ой, бай, бай, бай! Жалпайта басып, жайлап кетмек ээ? Өх!

МУЗЫКА. Таштандылар арасында кичинекей Роза жүрөт. Чоң пакет көтөргөн бейтааныш кыз көрүнөт.

КЫЗ: Ишенбейм! Ишенбейм!
Жашоо таттуу дегенине.
Ишенбейм, ишенбейм,
Заман жыргал дебегиле!!!
РОЗА: Эй! Булжер меники. Мында эмне келдиң. Кет.
КЫЗ: Тигил жактан да кууп жатышат. Кайда барам?
РОЗА: Билбейм. (өзүнчө)
Кимде күнөө? Кимден кетти каталык?
Тагдыр бизди мынча неге жазалайт.
Оо, Теңирим!
Берсеңболо, зор бакыттан бир үзүм,
Адамзат, ансыз да көп жашабайт.
КЫЗ: Сенин атың ким?
РОЗА: Атымды эмне кыласың? Айтпайм.
КЫЗ: Менин атымБактыгүл.
РОЗА: Ал сен бактылуусуңбу? Бактыгүл!..
КЫЗ: Эмне күлөсүң. Ал деген ат да.
РОЗА: Таарынба. Тек ойлонуп кеттим.
КЫЗ: А, сен өзүңчү?
РОЗА: Эмне, өзүм?!
КЫЗ: Бактылуусуңбу?
РОЗА: Абдан бактылуумун! Тирүү жүргөнүмө бактылуумун!
КЫЗ: Кызыктай кыз экен.
РОЗА: Кетпейсиңби эми.
КЫЗ: Анда -санда келсем болобу?
РОЗА: Макул. Бирок көп келбе. Мага жолто болосуң.
КЫЗ: Мейли. Жакшы кал. Тигил жатканды алайынбы?
РОЗА: Ал.
КЫЗ: Рахмат.
РОЗА: Таттуу дешет жашоону,
Ачуусун көрүп,
Кантип айтам, — Таттуу! – деп.
Жыргал дешет заманды.
Түңүлүп туруп,
Кантип айтам, — Жыргал! – деп...
КЫЗ: Ишенбейм, ишенбейм!
Жашоо жыргал дебегиле...
Ишенбейм, ишенбейм!
Заман жыргал дебегиле!!!
ЭКӨӨ: Ишенбейм! Ишенбейм! Заман жыргал дебегиле!!!

МУЗЫКА. Үндөр жаңырыкка айланат. Пакет көтөргөн кыз көрүнбөй калат. Роза бир топ кагаздарды үңүлө карап анан туш келди ыргытып жатты. Чычкандар жерде чачылган кагаздарды чогултуп киришет. Булар ыр жазылган барактар эле.

1 – ЧЫЧКАН: Эмне карап турасыңар, тербейсиңерби. Мунун баары ырлар го? Кана жигиттер окуп жиберели.
2 – ЧЫЧКАН: Ого эле көп ыр экен ээ?
3 – ЧЫЧКАН: Кана окучу, эмне деп жазыптыр.
1 – ЧЫЧКАН: Мен көз айнегимди тапканча сен окуй берчи.
4 — ЧЫЧКАН: Сабатсызмын деп, чыныңды эле айтпайсыңбы. Калп эле гезит кармаган болосуң. Бир да тамга тааныбайсың. Менден башка эч ким билбейт.
2 – ЧЫЧКАН: Эми баштабайсыңбы. Тигил кыз оордунан козголгончо окуп, не жазганын билип алалы. Бол, тез!
1 – ЧЫЧКАН: Мунусу аябай көп го?
2 – ЧЫЧКАН: Бол эми башта.
4 – ЧЫЧКАН: Келе бери, өзүм окуйм!
Суусап жүрүп акыры жеттиң борборго,
Ойлодуң го, жыргалдын баары борбордо.
Шаарга келдиң, эмне таптың?!
Эсиң жоголгончо ичкениң арак!
Орто кызуу болуп келесиң үйгө,
Тамак эмес,
Бир кесим наның жок үйдө.

Элес аралаш окуялар жүрө баштайт. Көк пакет көтөргөн мас аял көрүнөт. Кичинекей эки бала алдынан чуркап чыгышат. Аял пакетти бурчка ыргытып, сүйрөлө басып, жаман кроватка араң жетип кулайт.

1 – БАЛА: Ураа! Ураа! Апам келди. Апам тамак апкелди. Тамак!
2 – БАЛА: Эмне апкелдиң, апа?
МАС АЯЛ: Тигине! Баары көк пакеттин түбүндө.
3 – ЧЫЧКАН: Ачка турган байкуш кыз,
Пакетти аста колго алды.
Эки балаң кудуңдап,
Эжекесин баса калды.
РОЗА: (өзүнчө) Көтөрүп келгенсип базарды... (балдарга) Азыр, азыр. Шашпагыла.
1 – БАЛА: Эмне бар экен?
2 – БАЛА: Ой, салат бар экен. Нан... (томсоро) Аз го, ушул элеби?
РОЗА: (өзүнчө) Кечке базарда жүрүп... (энесине) Эч нерсе апкелген жоксуңбу, апа?
МАС АЯЛ: (кагына) Менден алыс болгулачы, байболгур! Башым ооруп келдим.
РОЗА: Эч нерсе жок го? Балдар ачка, эмнени берем.
МАС АЯЛ: (айкырат) Мени бөлүп – бөлүп, кескилеп туурап бер!
3 – ЧЫЧКАН: Томсоруп турдукызың,
Кеберсиген эриндерин жалап.
Көк пакетте, жарты бөтөлкө, анан...
Бирөөлөр жегенденкалган, ачыган сабиз салат!
РОЗА: (ызалуу) Ушул элеби? Башка жокпу?
МАС АЯЛ: (ажаандана) Балээ болдуңар го. Балээ жегирлер! Мени жегиле. Мени! Аз күндө мени жутуп тынасыңар. (кызга) Эмне акырая тиктейсиң?! Сенин көзүң жаман! Элдин сендей кыздары бир үйдү багып жатат. Чурулдатпай тигилердин жаагын баскын! Белим ий, белим. Чарчадым. Бутумду кармачы. (кыз энесинин бутун ушалап кирет) Ай, акырын! Тим эле чымчылап киресиң да. (кызды ыргыта тебет) Тур ары! Чай кой. Мында бир аз нан бар эле. Балээ жегирлер!
4 – ЧЫЧКАН: Ыргыта түртүп пакетти,
Ач балдарын кекетти.
3 – ЧЫЧКАН: «Шыңгыр!» — дей түштү пакет,
Жаткан эле каарып сайрап.
Сүйүнүп кетип колуна алды,
А, көздөрү кетти жайнап...
2 — ЧЫЧКАН: Оо, жанагы, ичкенден калган,
Жарты бөтөлкө арак!
4 – ЧЫЧКАН: Бул арак билесиңби,
Сени кайда алып барат?!
3 – ЧЫЧКАН: Ач курсактары кулдур – кулдур...
А, маңдайында көздөрү жайнап.
Кесилген эриндерин жалай,
Шордуу балдарың турат карап.
2 – БАЛА: Апа, тамак апкелген жоксуңбу? Биз ачка болдук да. Апа, апа...
1 – БАЛА: Апам неге арак ичет? Бүгүн да тамак ичпей уктайбызбы эжеке?
РОЗА: (жалына) Апа, ичпечи? Ичпеңизчи?!
МАС АЯЛ: (кагына) Ой, өлүгүңдү! Неге ичпейм бекер берип жатышса. Мен эмне, акмак бекем. Акча коротуп алганым жок. Керек болсо базарга барганым жок!
2 – БАЛА: (ыйламсырап) Апа, курсагым ачты. Нан жегим келип жатат.
МАС АЯЛ: (айкырат) Силер менин башымды жутасыңар!
РОЗА: (тартына) Кайда болдуң апа?
МАС АЯЛ: (ачуулу) Ишиң эмне? Мен сага отчет беремби?!
РОЗА: Квартирадан кеткиле деп жатат үйдүн ээси.
МАС АЯЛ: Башымды оорутпасынчы. Качып кетпейт, берет де. Мен өлүп калсам, тигил сандалган алкаш атам келет де!
2 – БАЛА: Апа, сабиз салат сасык экен.
МАС АЯЛ: (айкырат) Сасык болсо жебе! Биз жегенде жакшынакай эле болчу. Ай, башым да ооруп чыкты. Койчу! Мени бүгүн сыйлашты. Келчи бери, кичинекейим менин. Кичине болгонуң менен, алкымың жаман сенин! Атаңды тартып, ашка тойбогон... Ха – ха — ха! Акмагым, акмагым! (жиндене) Өлтүрбөй жетелеп жүргөнүмө неге сүйүнбөйсүңөр?! (тез өзгөрөт) Тойбой калдыңбы? Эртең көп көп тамак апкелем. Азыр мен масмын. Жөнө, жөнө дейм! Төшөгүңө барып жаткын.
РОЗА: (кейий)
Убалыбыз сага жетсин!
Аргабыз түгөнүп айлабыз кетти.
Ким чыгарды сени арак,
Энем жетээр жерине жетти!
1 – БАЛА: Түрү да суук, таш боор, ырайымсыз болуп баратат ээ, апабыз...
РОЗА: (коруна) Акырын укпасын. Күчүгүм десе. Уктайлы ээ?
4 – ЧЫЧКАН: Түн бир оокум, ойгонду аял.
Калдыр – кулдур...
Калдырады табак – аяк.
Башы кетмен, кургап тамак,
Издегенижарты бөтөлкө арак.
МАС АЯЛ: Кайда? Кайда?! Кайда менин пакетим?Түбүндө бар эле, жарты бөтөлкө арак. Башым! Өлүп калам го. Ой! Ой!
2 – ЧЫЧКАН: Келдиң шаарга, эмне таптың?!
4 – ЧЫЧКАН: Аял деген атыңды, алмаштырып аракка,
Үй – жайды таштап, суутуп койгонсуп,
Неге келдиң борбор тарапка?!
3 – ЧЫЧКАН: Чакан да болсо, үй – жай, короо бар эле,
Ошол сен чанган айыл тарапта.
Атыңды таппай калганча ичесиң,
Ары жогум айтчы? Өчүң барбы аракта?!
2 — ЧЫЧКАН: Кебетең бул, жийиркенем,
Энелик касиет каякта?!
4 – ЧЫЧКАН: Аялдык затыңды алмаштырбай аракка,
Жөнөгүн аял, жөнөгүн!
Жөнөгүн айыл тарапка!!!
БААРЫ: Жөнөгүн айыл тарапка!!!


МУЗЫКА. Роза менен чычкандар таштандылар арасында.

РОЗА: (өзүнчө күбүрөнө) Эч нерсе эмес. Менитаң атпай мусорлордун арасында жүргөнүмдү көрүп, байкуш кыз экен деп, ойлодуңар го. Билип турам. Баарыңар ошентип ойлойсуңар. Кандай адамдар өтүп жатышат ишим да жок. Бирин деле карабайм. Алар болсо мени ар кандай көздөрүменен карашат. А, мен аларды көрсөм да көрмөксөн болом.
1 – ЧЫЧКАН: (аяп оор үшкүрөт) Ай, жашооң менен куруп кет. Турмушуң эшек араба, туулдуң калдың балаага!
2 – ЧЫЧКАН: (аяп) Бечара! Тайкы тагдырына нааразы болуп, ушинтип үйү жок тентип жүрөт. Ай, байкуш кыз...
3 – ЧЫЧКАН: (жаңсай) Карасаңар, уялып да койбойт. Алтын издегенсип, берилип иштеп жатат. Эч ким тааныбасын дегени го, бети башынжоолук менен ороп алыптыр.
4 – ЧЫЧКАН: (кагына нааразыланат) Айланаңарды карап көргүлөчү. Бешенеси жаркылдап күлгөн адамдарды көрөсөңөрбү. Баары эле үтүрөйүп, кабактары ачылбайт Жашоого ыраазы болгонун көрө албайсың. Бири бирин сөгүп — сагып нааразы болгон эле элдер.Ач көз, алдым – жуттум! Береги кенедей бечарага боорум ооруп жатат.
1 – ЧЫЧКАН: (жашый аяп) Жыргаганынан мусорлордун арасында жүрөт дейсиңби. Турмуш кыстаганда эмнени гана кылбайсың. Мейли, иши кылса оокатыңды таап өлбөй жашагын. Жашоодо сен көрүп билбеген, даамынтата элек нечен азаптар бар. Менин да боорум ооруп кетти.
4 – ЧЫЧКАН: Бышылдабай жашыңды сүртчү. Бооруң ооруганда сен экөөбүздүн колубуздан эмне келет.
2 – ЧЫЧКАН: (кошулат) Ырас эле. Тигил жогору жактагылар...
3 – ЧЫЧКАН: И — ии, ошолорду айтпайсыңбы. Ошолор ойлонушсун. Өкмөт деген бар. Закон чыгарганды билген өкмөт, куткарганды да ойлонушу керек! Туурабы?
4 – ЧЫЧКАН: Кайдагы өкмөт?! Деги, кайдагы өкмөттү айтып жатасыңар. Кара папке талашып, капчыктарын толтура албай, эки экиден тытышып, итче ырылдашкан өкмөттү айтасыңбы. Ой, боорум ай! Өкмөт деп! Койчу, түшкө кирбеген нерселерди сүйлөбөгүлөчү. Бул кызга окшогондор толуп кетпедиби. Кайсы бирин карашат. Тигил базарга кирип чыкканча канчасын көрөсүң. Айланып чыкчы, андан да шумдуктарды көрөсүң. Кайыр сураганы канча. Ар кайсы жерде эс учун билбей оонап жаткандар! Бели катпай жатып килейген тачкаларды сүйрөгөндөрчү?! Шуу – шуу этип далайлардын убалына калган шүдүңдөгөн чөнтөкчүлөрчү?!
2 – ЧЫЧКАН: (баа берип) Байкагычсың ээ? Менин ойлонгум да келбейт. Бир гана тигил «жети кабаттын» ичиндегилер...
4 – ЧЫЧКАН: (жактыра бербей) Жети кабаттын ичиндегилерди сен эмес, сенин жети атаң дагы көргөн эмес. Эптеп тирлигиң өткөнүнө ыраазы болуп жашай берсең. Деген менен ой деген ой! Ойдон күлүк эмне бар.
3 – ЧЫЧКАН: Чөнтөкчү балдарды айтасың, алардыкы жеңилирээк дечи. Сен айткандай эс учун билбей мас болуп, ар кайсы жерде оонап жаткандардын маселеси башкача. Ар кайсы арыктардын ичинде бизге жол бербей чочкодой оонап жаткан эркек мастарды айтпаганда, карысы жашы дебей биздин эле «кыргыз алкаш» аялдардын оонап жаткандарын айт! Ушулардын бирин көрбөгөн сенин «өкмөтүң» ушул кенедей бир жетим кызды көрөбү?! Ха – ха — ха...
2 – ЧЫЧКАН: (чоочуй) Э — эй! Абайла! Эки жагыңды карасаң.
4 – ЧЫЧКАН: (алаңдай) Акырын! Жогору жак деген, жогору жак!Жон териңди сыйрып салбасын. Эмне кыйкырасың. Өкмөт! Өкмөт! Бирөө укса...
1 – ЧЫЧКАН: Укпайт! Кыйкырмактан өкүргөлө! Эшигинин алдына барып узунуңдан жатып алсаң да, чыйт түкүрүп аттап өтүп кетет. Алар жер карап баспайт да. Боздогула! Боортоктогула!Силер менен эч кимдин иши жок. Байлык менен бийликтин маселесин чечип жатканда «бечараларга» кезек кайда?! Өлбөс үчүн өзүң жан талаш.
4 – ЧЫЧКАН: «Профессор» чын айтат. Канча чычаласак деле ушунун айтканы туура. Көп кыйкыра бербесеңчи, ит аткандай атылып кетесиң байкуш.
3 – ЧЫЧКАН: (койколоңдой ачуулу) Укса уга берсин!
2 – ЧЫЧКАН: (жоошутуп) Болду эми, бир ачууңду мага бер. Ой, мен тигил кызга боорум ооруп.
4 – ЧЫЧКАН: Бир кыз үчүн кайдагынын баарын айтыштык. Же,бир бизди уккан киши болсочу. Тээтигил тогуз кабат үйдө жалаңэле бей — бечаралар жашайт дейсиңби. Тизилип турган машиналарды көрдүңбү? Ошол «импортный» машиналардын ээлерикенедей кызды неге көрүшпөйт? «Ач бала менен ток баланын иши жок!» — деген ушул.
1 – ЧЫЧКАН: Өзүң эле жыргап жаткансып. Эй, кач! Кач бери, өлдүң!
2 – ЧЫЧКАН: (чоочуп кетет) Эмне болуп кетти? Кайда?
1 – ЧЫЧКАН: (каткыра) Эч нерсе эмес. Жөн эле тамашаладым.
2 – ЧЫЧКАН: (мурчуңдай) Ошентип да тамашалайт бекен. Акмак! Быякта менин жүрөгүм түшүп калды. Аластап койчу мени.
1 – ЧЫЧКАН: Ач оозуңду. Ме! Подвалдагы каптан кытып чыккам. Шашпай сорупжакшы нерселерди кыялдансаң, жүрөгүң ылдыйлап кан басымың төмөндөйт. Кой, элди коюп, өз камыбызды ойлойлу. Эшиктер жабылганча оокат – ашты жеткирип алалы.
2 – ЧЫЧКАН: Сен эмне, даагы ошол тоңгон эттер жакка киргени жатасыңбы? Ачкөзүрөөк жаның көбүрөөк алам деп, тытынып жатканыңда, холодильникти жаап салса. Катырылган тоң эттер менен кошо катыгың чыгып, бирөөнүн казанындагы чырылдаган майга куурулуп жатканыңды элестетип жатам.
1 – ЧЫЧКАН: (жактырбай) Оозуңа таш! Өзүм деле жанды уучтап араң жүрөм. Адамдардын тогунан ачы көбөйүп баратат. Бир күнү бирөө жарымы даамыбызды татчу болсо, ишиңдин бүткөнү дей бер. Чекебизден «шашлык» болобуз!
4 – ЧЫЧКАН: Тигини билбейм, сени... Эй, «профессор» неси болсо да абайла.
2 – ЧЫЧКАН: Ошол үчүн сак бол деп жатпаймбы. Кышылдап баспай калдың. Буюрса, бир «шефтин» тарелкасына келиштире кууруп, сый тамак кылып тартаарына шегим жок. Майлуу семиз эттен ким качсын. Жакшы эле шам — шум эткенсийм, мен байкушэч семирбей койдум.
3 – ЧЫЧКАН: Сен коркоксуң! Коркок адамдар эч качан семирбейт. Туурасын айттымбы, «шпилька!».
2 – ЧЫЧКАН: (таарына) Мени «шпилька» деп айтпачы деп суранбадым беле?
3 – ЧЫЧКАН: Эмне, анда «вилка» деп эркелетейинби? Же, сукулдак...
1 – ЧЫЧКАН: Катырдың! Чычалагын көр ой! Мен унчукпай эле жөн калам го. Тим эле тытынып өлүп каласың. Канча айтам, шуулдабай оор басырыктуу бол! Жеген ичкениң жукса семиресиңби? Сенин оюң жаман экен, адамдар чындап бизди жечү болсо...
4 – ЧЫЧКАН: Ачарчылык чындап келсе, бизди деле жесе керек. Чын элесен холодильнике киргени жатасыңбы?
1 – ЧЫЧКАН: Анан эмне, курттаган этти жегиңер келсе, кала бергиле. Мен тазасына кеттим. Фу — уу! Муногу жердин сасыгын айт. Тумчугуп өлгүдөй.
4 – ЧЫЧКАН: Ушул жердегилер этика – эстетика дегенди окуду дейсиңби.
1 – ЧЫЧКАН: Баары ыплас. Олчойуп олтуруп алышып, жеген ичкендеринин калдыктарын «шалп!» дедире туш келди ыргыта беришет. Иши кылса эттери өтсө болду. Андан да, сен айткандайколунан күзгү түшпөйт. Ана, даагы шалп дедире мусорун ыргытты.
2 – ЧЫЧКАН: Биздин шаарда шаардын кооздугун тейлеген мекеме иштейби? Кай жакка барба, ириген – чириген, сасып курттаган мусорлор. Катуу жийиркенгенимден тамагым ооруп, суу да иче албай калчу болдум. Але — але...
3 – ЧЫЧКАН: Алергия!
2 – ЧЫЧКАН: Ооба, ооба. Алергия! Тигил кыз турган жердин сасыгы, өл — аа, өл! Мурундан өтүп, мээден чыгып кетти.
4 – ЧЫЧКАН: Жүрү кетсе кетеличи. Байкуш, даагы эле тырбалаңдап жатат.
Көрүп зээнди кейиткенче, көрбөгөн болуп койгонуң оң. Баскыла, кеттик!

МУЗЫКА кетет.

РОЗА: (ачуулу кыйкырат)Жоголгула! Жоголгула! Силердиби?! Эми даагы келсеңер, менден бирди көрөсүңөр! Эмне, адам көргөн жоксуңарбы? Жөнө! Өзүңдүн жолуңду бил. Тигини! Тигини! Өлалбай жатып мага муштумдарын түйүп коюшат. Кыйшаңдаган чолок десе. Бир бутуңду бир бутуңа теңеп коем. Эй, чолок! Бул жерге экинчи жолобогула. Башыңарды жарып салам! Кет, кет!
1 – ЧЫЧКАН: (боору эзиле) Ай, байкуштар ай! Кара, жаман сумкасын көтөрүп аркасынан жөнөп берди.
2 – ЧЫЧКАН: Адамдык сапаттарын сактай албаган жанагы базардагыларга караганда, бир жагы ушинтип дудук болуп калган да дурус окшойт. Туура айтамбы? Жаман сөзү жок, башийкегенденден башканы билишпейт. Ох — оо!
1 – ЧЫЧКАН: Чын айтасың. Үн — сөзү жок бир момунсун. Эч кимге жаман сөзүң жок, жаман тилиң тийбейт. Эмне бар экен?
2 – ЧЫЧКАН: Пакетте күрүч жатат. Кыздын наны даамдуу экен. Ме.
1 – ЧЫЧКАН: Шпилка кач! Жалпайта чабат. Кокуй!
2 – ЧЫЧКАН: Бир жагын кармай кал, тигиндей сүйрөп кетели.
РОЗА: (таяк менен чапкылай)Ай! Кыш! Кыш! Карасаң ай, мунусу да тоготуп койбойт. Мына сага! Жан талашып жеп жаткандарын көр. Ушул келемиш чычкандардан да күйдүм. Тоготпойсуңар ээ?! Ме, сага! Ме, ме! Бирден жанчып салбасам элеби силерди! Келемиш чычкандар менен каткан нан талаштырып, таштандыгасалган Тагдыр...

Роза ойлуу алыска тигилет. Музыка муңдуу сызылат.

РОЗА: Түшүмө ак көйнөкчөн сулуу аял кирет. Ал аял ким? Алкаш аялдын колуна менкандай түштүм?.. Мени уурдап кеттиби?

МУЗЫКА. Роза бир топко үнсүз тунжурайт. Чычкандар жакындай башташат.

2 – ЧЫЧКАН: Бул жерде эмне кылып жатасың.
РОЗА: Эмне көрбөй турасыңбы?
2 – ЧЫЧКАН: Кечиресиз? Эмне издеп жатканыңды билсек деп эле...
РОЗА: Тамак издеп жатам. Көзүң эмнени көрүп жатат.
2 – ЧЫЧКАН: Кайдагы тамакты айтып жатасың. Бул жер мусор го?
РОЗА: Сага таштанды болсо, мага бул жер, тамак таап жеп, жанымды багыш үчүн иштеген жай. Мусор деп коет. Оштонуп орусчалабай эле, таштанды деп кып кыргызча элеайтпайсыңбы. Кана, кана мусор? Ушул сага мусорбу?! Мунун баары тамак! Тамак! Эми түшүндүңбү? Маңыроо баштар! Муну менен бир күн жашоого болот. Ой, муну кара, жап жаңы экен. Акчасы көп, көпкөн бирөө ыргытып жиберген го. Жакшынакай экен ээ?
2 – ЧЫЧКАН: (жактырбай) Моодасы эчак бүткөн туфлини жакшы деп. Аны азыр эч ким кийбейт. Бышык неме окшойт. Сүйлөгөн сөздөрүн кара. Алдыгы туфли жап жаңы экен ээ?
РОЗА: Көрбөй турасыңбы, кайдагы жаңы. Кийилген эле бут кийим. Эски.
2 – ЧЫЧКАН: Неге ыргытты дейм да. Көпкөн неме го ээ?
РОЗА: Мен кайдан билейин. Башымды оорутпай кетчи. Кечке дудуктар менен уруша берип, канча ишим калды. Айткан менен эч нерсе түшүнүшпөйт. Кет! – десең деле, кайра эле сандалып келе беришет. Шаар боюнча мындан башка таштанды аянт калбай калыптырбы?! Толуп жатпайбы. (бырс күлө) Аянт деп койбодумбу.
2 – ЧЫЧКАН: (таңдана карап) Сен эмнеге күлүп жатасың?
РОЗА: (кыткылыктай) А, силер эмнеге күлүп жатасыңар?! Өзүмө! Жыргаган жашоомо... Заманыма! Мени минтип тентитип кароосуз калтырган – адамыма! Ыраазы болдуңбу! Кеткиле! Кет!
1 – ЧЫЧКАН: (кызга болушуп) Сени капа кылайык деген эмеспиз. Ага теңелбе, келесоо неме, ал өйдө – төмөн сүйлөй берет.Тигилер келе жатышат. Дудуктар!
РОЗА: Жакындагандан коркушат. Кеткиле! Каяша кылып жаткандарын көр. Ме, сага! Башыңды жарам. Кет!
2 – ЧЫЧКАН: Ой! Масболуп алышып урушканда бооруң бир эзилет десең. Аялы куучуңдап, жаман куу ээ? Мен сага тигил дудуктарды туурап берейинби?
РОЗА: Күндө эртең менен калчылдашып араң келишет. Эптеп бирдеме таап, бир эки стакан ичкенден кийин шилекейлери чууруп, сүйрөлүшүп кетишет.
2 – ЧЫЧКАН: Бул жер аябай сасык экен. Күн ысыганда ого бетер сасык болот турбайбы. Тумчугуп өлөсүң го...
РОЗА: (каткыра) Жийиркенип койбодубу. Сен эмне «ак сөөктүү» келемишсиңби? Сасык болсо ары бар! Мен сени чакырдымбы. Сасык болмоктон чирип кетсин, мен көнүп калгам. Ушул жерден нанымды таап жеп жүрөм. (ызалуу) Сасык деп... Тигинин дымагын кара. Кеткиле! Кеткиле!
2 – ЧЫЧКАН: Сенин ата – энең кайда?
РОЗА: Эч кимим жок. Жетиммин! Ой, жамгыр жаап кирди. Жамгыр...

Жамгыр жаап кирет. Ыза болгон кыз ыйлап жатты. Таштанды салган желим баштыкчаларды жамына олтура кетет.

1 – ЧЫЧКАН: Ай, байкуш, кыз.Көз жашынын акканын карасаңар, жамгыр менен жарышкандай. Тим эле жаак ылдый куюлуп жатат.
2 – ЧЫЧКАН: Жетиммин! – десе, дене боюм бир жаман дүркүрөп кетти.
1 – ЧЫЧКАН: Жетим болсо, жетиммин дейт да. Менин да ыйлагым келип кетти. Жетимдерге боору ооруп, күн да ыйлап жатат, ээ?
2 – ЧЫЧКАН: Муунжүүндү бошотпочу. Мен араң эле турам.
1 – ЧЫЧКАН: Үстүнө жаап коелу. Калч – калч этип титиреп жатат, ооруп калбаса эле болду.
2 – ЧЫЧКАН: Муну ким таштаса да ырахмат. Кереги кызга тийди. Сүйрө.
1 – ЧЫЧКАН: Тигини уксаңар. Бирөө менен сүйлөшүп жатат. Акырын.
2 – ЧЫЧКАН: Түш көрүп жатат. Акырын, ойготосуң.
РОЗА: Апа, апакебай! Кетпечи?
1— ЧЫЧКАН: Акырын! Апа, апа кетпечи? – деп, жатат. Эч ким жок го? Сага да көрүнгөн жокпу? Түшүнө бирөө кирет окшойт. Апа деп жатат.
2 – ЧЫЧКАН: Ооба. Ким билет. Мүмкүн таштап кеткендир. Андайлар толуп жатпайбы.

Музыка муңдуу сыздайт. Түн. Түш. Ак көйнөкчөн аял.

РОЗА: Мени таштап кеттиңби?
АЯЛ: Мен сени таштаган жокмун.
РОЗА: Анда эмне үчүн алып кетпейсиң?
АЯЛ: Мен сени алып кете албайм.
РОЗА: Сени менен бир болгум келет.
АЯЛ: Болбойт. Көргөн азап – тозокторуңду сезип, кыйналганыңды көрүп эле жүрөм. Колуман эч нерсе келбейт. Өзүңө өзүң сак болгун.
РОЗА: Сени менен кетем. Азыр кийимдеримди алып алайын ээ? Мында бир аз акчам да бар. Алыс жакка кетеличи. Мында калгым келбейт. Алып кетчи.
АЯЛ: Шашпа. Ук! Өзүңө өзүң сак бол. Адамдардын баарына эле ишене бербе. Көздөрү бар туруп эч нерсени көрүшпөйт, кулактары бар туруп эч нерсени угушпайт. Баары дүлөй! Адамдар коркунучтуу болуп бара жатышат. Сак бол!
РОЗА: Мунун баарын кайдан билесиң?
АЯЛ: Билем.Заман кыйын болуп турат. Адамдардын абалы оор. Мындан да оор болот. Ыйман керек. Азыркы заманда адамдардан ыйман кетти. Баары ач көздүккө, алдым – жуттумга берилип бара жатышат. Бирин бири сыйлоо, урматтоо, сый – сыпат, салттын баары такыр болбогондой. Алардын көрүү, сезүү, угуу сезимдери да түп тамыры менен өзгөргөндөй. Минтип олтурушса, ким билет, бара -бара кайсы эл, кайулут экендерин да унутушаары бышык. Кандай өкүнүчтүү! Ким элек, ким болдук?! Сен өзүңдүн кыргыз экениңди унутпа. Чыйрак бол, садагасы.
РОЗА: Сиз мунун баарын кайдан билесиз.
АЯЛ: Билем.
РОЗА: Сиз аябагандай сулуу экенсиз.
АЯЛ: Сенинжүрөгүң таза, мээримиң, көкүрөгүң сулуу! Жан дүйнөң таза. Сен сулуусуң! Сен! Адамзатына тийиштүү баардык асыл заттар сенде бар. Сен жакшы адам болосуң. Менин сөзүмө ишен.
РОЗА: Сиз менин келечегимди айттыңызбы? Же, жетим деп аяп...
АЯЛ: Жок. Сенде баары болот. Сен азыркы абалдан чыгууну ойлон. Эч кимге жамандык кылба, жаман сүйлөбө, уурулук кылба, ушак сүйлөбө. Элдин жаман жагын ээрчибе.Жан дүйнөңдүн байлыгын ээрчи. Сен күчтүүсүң!
РОЗА: Мен кыйналып кеттим.
АЯЛ: Жакшы болгон кезде, баары унутулат. Сен замандын адамысың! Сен акыл эси тайкылар, көзү болуп туруп көрбөгөн, замандын зарын укпагандарга кошулба. Жаш туруп сен ошолордун жүгүн көтөрүп жатасың. Курман болуп, азабын тартып жатасың.
РОЗА: Эмне үчүн?
АЯЛ: Жашоодо, тирүүчүлүктө ошондой болот. Бекем бол, садагасы!
РОЗА: Жок! Жок! Бекем болгум келбейт. Мени таштаба!
АЯЛ: А, мен сени алып кете албайм. Мен сени сыртыңдан карап жүрөм. Мен дайым жаныңдамын. Эч нерседен коркпо. Мен жаныңдамын.
РОЗА: Сен менин энем эмессиңби?! Кимсиң? Кимсиң?! Апа – аа — аа!!! Апа!

МУЗЫКА. Аял жок болуп кетет. Роза катуу чоочуп тура калат.

1 – ЧЫЧКАН: Сага эмне болду?
РОЗА: (эки жагына алаңдай) Силер мында эмне турасыңар?!
1 – ЧЫЧКАН: Биз сени кайтарып турдук.
РОЗА: Мен силерден сурандымбы. Кеткиле! Менин жалгыз калгым келет.
2 – ЧЫЧКАН: Тигил үстүңдөгү төшөктү сага биз жаптык. Сен катуу үшүгөнүңдөн калч – калч этип титиреп жаттың.
РОЗА: (ыраазы боло) Ырахмат силерге. Мени кечирип койгула.
2 – ЧЫЧКАН: Сен абдан катуу ыйладың, биз да сени менен...
РОЗА: Койгула ыйлабагыла. Силер неге ыйлайсыңар? Баары жакшы болот.
2 – ЧЫЧКАН: Береги бөтөлкөлөрдү эмне кыласың?
РОЗА: Базарга өткөрөм. Билинбегени менен бир топ акча.
1 – ЧЫЧКАН: Муну эмне кылышат. Кимдер алат? Эмнеге керек кылат дейсиң? Дудуктар келе жатышат.
РОЗА: Кереги бар үчүн алышат да. Даагы келе жатасыңарбы?! Жоголгула! Кеткиле дейм! Шылдыңдаганды көрсөтөм силерге. Окшошкон маймылдар!
1 – ЧЫЧКАН: Жөн эле койбойсуңбу. Жүрө беришсин. Дудуктар да.
РОЗА: (ачуулу) Жүрбөйт! Бул жер меники!
2 – ЧЫЧКАН: Тигил киши сени жаман көзү менен карап баратат.
РОЗА: Сага эмне жок. Дудук болсо эмне кылайын. Бооруң ооруса үйүңө киргизип ал! Деле боору ооругучун. Мен эмне жыргаганымдан ушул жерди чукулаполтурамбы?!
1 – ЧЫЧКАН: Мунуку да туура. Туурасын айтты. Буга кимдин бору ооруйт.
РОЗА: Карагылачы? Асмандагы жылдыздарды карагылачы! Айткылачы, асманда жылдыз көппү, же жерде адам көппү?
2 – ЧЫЧКАН: Асмандагы жылдыздар көп.
РОЗА: Асманда чынында эле жылдыз көп, бирок адам баласы андан да көп да. Ошондой эмеспи. Тигилер кимдер?
1 – ЧЫЧКАН: Биздикилер.
4 – ЧЫЧКАН: Жылдыздар ар түнү чыккан жеринен чыгып жана беришет. Адам болсо бир орунда турбайт.
3 – ЧЫЧКАН: Андай эмес. Айтпайсыңбы, жылдыз өлбөйт, а, адамдар болсо күндө өлөт деп.
4 – ЧЫЧКАН: Силер адамдар эмне үчүн бирөөнү жакшы, бирөөнү жаман дейсиңер?
РОЗА: Адамгерчилиги болсо, улуу кишини сыйлап, кичүүгө ызаат көрсөтүп, тегерегин барктаса, жакшы сөз айтып турса кантип жаман дейсиң. Ал эми кеп – сөзгө түшүнбөсө, колунан жакшы иш келбесе, кара мүртөз, кара ниет болсо, аны кантип жакшы адам дейбиз? Ошол үчүн «жакшы – жаман» болуп экиге бөлүнөт да. Туурабы?
3 – ЧЫЧКАН: Бизде деле ошондой. Кантип унчукпагандын баарысы жаман болсун. Бизде да бар, жакшысы, жаманы...
2 – ЧЫЧКАН: А, сен кайсынысына киресиң? Жакшысынабы же жаманынабы? Хи – хи -хи...
1 – ЧЫЧКАН: Хи -хи!.. А, сен кайсынысына кирет деп ойлойсуң?!
2 – ЧЫЧКАН: Жаманга!
1 – ЧЫЧКАН: Өзүң жаманга киресиң! Мен болсом жакшыга кирем. Сен байкабай өзүңдү айтып алдың окшойт. Ха – ха – ха...
РОЗА: Эмне үчүн силер мага көрүнбөйсүңөр? Мен бүгүн кечке силер менен сүйлөшүп, бирок бириңди да көрбөдүм.
3 – ЧЫЧКАН: Күнөөсү жок дудуктарды кууп жатасың, тигил иттин жамбашын сындыра чаптың! Мышык жаныңа жолобойт. Баарынын сазайын бересиң. Анан бизди эркелетмек белең. Ушундай эле сүйлөшөбүз. Сактыкка кордук жок!
2 – ЧЫЧКАН: Жанагы масаял жөнүндөгү ырдыөзүң жаздың беле?
РОЗА: Ооба.
4 – ЧЫЧКАН: Ал сага ким болот?
РОЗА: Ал менин өгөй энем. Арак үчүн мага көрсөтпөгөндү көрсөттү. Үйдөн кошуна орус кемпирдин жардамы менен качып кеткем. Тигил базардын четиндеги көк дүкөндү көрдүңөрбү? Күндө таң атпай келип ошол жерден баш жазат. Балдарын ичкен арагынын карызына иштетет. Аларды уурулукка үйрөттү. Окушпайт. Аларга менөгөй болчумун. Мени кайыр суратып кыйнады. Апам арак ичет, акча апарбасам мени үйгө киргизбейт десем, мага боорлору ооруп өзүлөрү берип жатты. Уят экен. Анан...

МУЗЫКА. Роза унчукпай калат. Чычкандар аны тегеректей, үнсүз тигилишет. Элестер кетет. Кичинекей үйдүн ичи.Албууттанган мас аял үйдү башына көтөрүп, жаш балдарын кууруп жатты.

МАС АЯЛ: Кайыр сурагандан уялам де! Жаман десе! Кайсы арыңа уяласың?! Атаң мага үй толтура дүнүйөнү жыйып койсо, ушинтип патирден патирге үчөөңдү жетелеп тентип жүрөт белем. Сенин акылың жок! Ой, канча айтам, Адам бол! – деп. Антип мени акырая караба! Көзүңдү чукуп алам.Менин балдарымды да бузуп бүттүң. Силерди мен кантип багам ыя?!
1 – БАЛА: Апа?
МАС АЯЛ: Эмне?!
1 – БАЛА: Мен окууга барбаймбы. Мугалим урушуп жатат.
МАС АЯЛ: Мугалимиң былжырай берет. Сенден бир академик чыкмак беле. Академигиң деле азыр иши жок базарда жүрөт, килейген каптарды көтөрүп.
РОЗА: (чоочулай) Анан окубай калабызбы?
МАС АЯЛ: Эми сен калдыңбы, Сенин жөнүң башка. Өз баламды окута албай жатам. Сага эмне жок. Сен бизди бак! Окуйт имиш!
РОЗА: (жер тиктей) Окуумду бүтсөм...
МАС АЯЛ: Эмне?! Сен окуну бүтүп, мени бакканча, менин башым көргө кирет.
РОЗА: Мектепке барбасам чыгарып жиберет да.
МАС АЯЛ: Тигини! Тигини! Окубай калдым деп, оозуңду чойбо, экинчи бул сөздү айтчу болбо! Базарга иштейсиң. Сен кайыр сурап тапканды, мен мен деген академигиң да таба албайт. Уктуңбу!
2 – БАЛА: Апа, тамак?
МАС АЯЛ: (заардуу) Балээ же! Эмне таптың бүгүн? Кана, апкел бери.
РОЗА: Бир аз эле. Күндө эле бере беребизби дешип, бербей коюшту. Мына.
2 – БАЛА: Апа, курсагым ачты.
МАС АЯЛ: (айкыра ыргыта чабат) Мени же! Мени же!!!
РОЗА: (кучактай калат) Ме, муну жеп тур. Азыр тамак жасайм.
МАС АЯЛ: Менин бир санымды кесип тамак жасап бересиңби. Үйдө эч нерсе жок. Силерди тойгузам деп, өзүм суу ичип күн көрөт окшойм. Таңдан бери нар ала элекмин. Ушинтип калам деп кайдан ойлопмун.
1 – БАЛА: (бышактай) Картошканы жанагы арак ичкен кишилер жеп кетишти.
РОЗА: Эт саткандарга барсам, эт саткан аял бул карынды, сөөктөрдү беришти. Бөбөктөрүңө кайнатып бер деди. Өткөндө да берген.
МАС АЯЛ: (жекирип) Ии! Сураганды билет экенсиң го. Арамза! Иште, ошентип ошентип көнөсүң. Базар деген чоң. Шаар андан да чоң. Окуп чилистен болбойсуңар.Азыр заман ууру — бөөрүнүкү! Алдым – жуттумдуку!Жеп тоногонду үйрөнгүлө.Болбосо талаада каласыңар шордууларым. Мен мендигимден силерди өлтүрбөй келе жатам. Бул заман карышкырдын заманы! Карышкыр бол! Сураганда бербесе, колунан эмес, оозунан жулуп алгыла.
РОЗА: (ызалуу) Мен кетем. Силер кандай кааласаңар ошондой жашай бергиле.
МАС АЯЛ: (акшыя) Кайда?! Мына сага! Ушул үйдөн кетип көр, жиликтеп турупөз колум менен тигил орустун дөбөт итине салып берем. (тээп жиберет) Тур, тамак жаса!
1 – БАЛА: Апа, эжекемди урба! Урбаңызчы?!
МАС АЯЛ: Бул сенин эжең эмес! Сага кайнаса каны кошулбайт. Бул жетимди өлүп калбасын деп, багып алгам. Силерди багат. Бул силердин кулуңар болот!

МУЗЫКА. Баары жым жырт боло бир топко жер тиктеп тунжурашат.

4 – ЧЫЧКАН: Таш боор! Акмак десе. Ошондон кеттиңби?
РОЗА: Кайыр да сурадым, уурулук да кылдым... Бир аялдын сумкасынан акчасын уурдап алып, кайра аркасынан алып барып бердим. Ал мага батасын берип, — Жакшы адам бол! – деп, бир аз акча берди. Тегерегимден карап тургандардан уялып кеттим. Ошол аял берген акча менен эки күн тамактандык. Тигил өгөй энем, — Сен азаматсың! Ой, сен мыкты «чөнтөкчү» болосуң! – деп, сүйүндү. Андан бизге кантип уурдашты, кармалып калганда кантип кутулуп кетүүнүн амалдарын үйрөттү. Балдар кичине. Бирок абдан машыккан уурулар. Бөбөктөрүмө боорум ооруйт.
1 – ЧЫЧКАН: Алар сага бөлөк да!
РОЗА: (аяп) Алар да адам да. Мен аларды аяп кетем.
2 – ЧЫЧКАН: Сен аябагандай боорукерсиң.
РОЗА: Уурулук жаман иш. Мында эч кимге да жамандыгың тийбейт.
4 – ЧЫЧКАН: Бирок кыйналып жатпайсыңбы.
РОЗА: Кыйналбасай оокат болбойт да. Эмдиги жылы буюрса окууга барам. Тээтигил мектепти көрдүңөрбү?Көрдүңөрбү?
2 – ЧЫЧКАН: Көрбөй анан. Биз билбеген шаарда бир дагы мекеме жай жок. Ал жерде өңчөй чоңдордун балдары окуйт. Аталарымашина менен жеткиришет. Бүт баары кыйындар! Ар биринин колдорунда кымбат баалуу соткалар.Окуучуларынын кымбат кийинишкендеринен, алган айлыктары кымбатын мындай кой,орто байпакка жетпеген мугалимдер уялгандарынан качып, качып кетишти.
РОЗА: Ошондой да болмок беле?
4 – ЧЫЧКАН: Ошондой, ошондой! Акчалары аз болсо кетишет да. Мектептеиштеген мугалималардын кымбат кийим кийип, койколоңдой баскандарын ким көрдү?
2 – ЧЫЧКАН: Кайсы жыргаган акчасына кийим киет. Жада калса, тагынган көз айнектерин да, бери эле дегенде кырк жылда бир алмаштырышат.
4 – ЧЫЧКАН: Көрбөй калганда десең.
РОЗА: (жактырбай) Силердин сөздөрүңөр мага жакпай жатат.
3 – ЧЫЧКАН: Жашоонун чындыгы эч кимге жакпайт. Бул чындык!
РОЗА: Мектептин директору болуп иштеген эжени жакшы билем. Мени бул жерден биринчи көргөндө эле:  — Кайсы мектепте окуйсуң? – деп сурады. Анан, ата – энемди, үй – бүлөмдү сурап, кечке боору ооруганын билдирип карап турду. Өмүрүмдө чындапмага боору ооруган бир гана ошол эжейди көрдүм. Жакшы аял экенин жүрөгүм сезди. Мен, менин апам ушундай болсо деп суктанып карадым.
3 – ЧЫЧКАН: Биз сени капа кылдыкпы?
РОЗА: Мен капа болуу эмне экенин билбейм. Жетимчиликбаарына бышырып коет турбайбы. Бышып бүткөм.
2 – ЧЫЧКАН: Директор эжеге эмне деп жооп бердиң?
РОЗА: Бир суроосуна да жооп бере алганым жок. – Эгер окугуң келсе, биздин мектепке кел. Өзүм жардам берем, — деди. Мени кечке тиктеп туруп:  — Апаң менен келсең сүйлөшөбүз,– деп коет. Жөн кетпей бир аз тыйын берип, анан үстүндөгү жамынып жүргөн жүн жоолугун мага жаап кетти. Апаң менен деп айтканын карабайсыңбы. Кайсыапамды ээрчитип барам? Менибир бөтөлкө аракка саткан алкаш апамдыбы? Ошол мени мектепке жетелеп барабы?
3 – ЧЫЧКАН: Ой, сага эмне болду? Ыйлабачы?
РОЗА: (ызалуу) Ал деген... Мени... мени...
2 – ЧЫЧКАН: Кой ыйлаба. Сен ыйласаң мен да ыйлагым келип кетти.
4 – ЧЫЧКАН: Эмне болду эле? Жашыруун болбосо бизге айт.
2 – ЧЫЧКАН: Сени капа кылдык. Айтпасаң жөн кой. Ыйлаба.
4 – ЧЫЧКАН: Жүрөгүңө катуу тийген нерсени козгоп койдук окшойт. Кечир? Кечир бизди?
3 – ЧЫЧКАН: Ыйлагандан жардам болбойт. Жакшы нерселерден эстейличи.
РОЗА: Ал мени өзү менен ээрчишип жүргөн түрү суук, алкаш кишиге сатты. Болгондо да бир бөтөлкө аракка! Түн ортосунда коңшу орус кемпирдикине качып кирдим. Ал мени картошка сактаган жертөлөсүнө катып койду. Тигилер кемпирди өлтүрөбүз деп сабаганда да айткан жок. Ошентип ал мени эч кимге көрсөтпөй бакты. Мен ага үй тирлигине жардам бердим. Гүл өстүрүп сатчу. Ар кандай гүлдөрдү кантип өстүрүүнү үйрөттү. (томсоро) Кемпир да өлүп калбадыбы...
1 – ЧЫЧКАН: Жаман болгон экен.
3 – ЧЫЧКАН: Өгөй аял жаман турбайбы.
4 – ЧЫЧКАН: Качып кеткениң да жакшы болгон экен. Сени ууру кылмак!
2 – ЧЫЧКАН: Даагы сатмак!
РОЗА: Эми колуна түшсөм, чындап сатат. Өтө заардуу! Бул жерде экенимди билбейт.Түрүн көрсөңөр адам жийиркенет. Кир. Сасык. Күндө мас....
4 – ЧЫЧКАН: Кышында, катуу суукта кантесиң?
РОЗА: Орус кемпирдин жертөлөсүндө жашайм. Эч ким билбейт. Ити болсо мени тааныйт. Акырын кирип кетем.
2 – ЧЫЧКАН: Сага боорум ооруп кетти.
РОЗА: Сенин колуңдан эмне келет. Кудайымдын боору оорусун!
3 – ЧЫЧКАН: Сен деле бизге окшоп, үй – жай дегенди билбейт турбайсыңбы. Биз да үй — бүлө дегенди билбейбиз. Көзүбүз ачыла электе эле белгисиз тараптарга чачылып кетебиз. Үйүбүз жок болсо да,досторубуз көп.
РОЗА: (шашып кетет) Жок! Жок! Андай дебегиле! Менде үй болгон. Биздин үй айылдын эң жогору жагында болчу. Чооң — чооң алмалар, өөрүктөр, карагаттар бар эле. Кошуна кыз менен ойночумун. Ал менин досум болчу. Менинатам болгон. Менинапам болгон.Апам... (бир топко туруп калат) Мүмкүн мунун баары түш! Түш...
КЫЗ: Ишенбейм! Ишенбейм!
Жашоо жыргал дегенине.
Ишенбейм! Ишенбейм!
Заман жыргал дебегиле!!!
Төк жамгыр,
Ыйым кетсин сени менен.
Төк жамгыр,
Муңумкетсин сени менен...
2 – ЧЫЧКАН: Келатат! Келатат! Дудуктар келатат!
1 – ЧЫЧКАН: Анча эмне айкырасың!Алар да бир бечаралар...
РОЗА: Чын эле силер айткандай бир бечаралар! Жүрө беришсин.
2 – ЧЫЧКАН: Мен сен кууган дудуктарды айтып жатам. Тигине! Тигине!
РОЗА: Мен да ошолорду айтып жатам. Карасаңар, араң эле жандары бар. Даагы итирейген бир чалы бар эле. Кышында тигил чоң ящикке түшүп, тоңуп өлүп калыптыр. Бүрүшкөн бойдон.
2 – ЧЫЧКАН: Ээ, кокуй! Эмне болуп?!
РОЗА: Тоңуп өлүп калыптыр. Эртеси таштанды төккөндөрдүн бирөөсү көрүпкалып алып чыгышкан.
2 – ЧЫЧКАН: Ящиктин ичинен? Анда эмне кылып жүрөт? Эмне болуп?!
РОЗА: Сууктан коргондубу, же ичинен бир нерселерди алам дедиби, ким билет. Ошентип өлдү бечара. Мүмкүн нан – пан көрүп калды. Ким билет.
1 – ЧЫЧКАН: Жаман болгон экен. Кудай ошондойдон сактасын.
РОЗА: Араң эле жаны бар болчу. Согушка катышканбы, үч – төрт медалын төшүнөн түшүрбөй тагынып жүрчү. Медалдарын мага көрсөтүп, маңдайыма олтуруп алып ар нерселерди айтып түгөтө албай мактана берчү. Өлгөндө карасам, ошол медалдары жок! Бирөөлөр чыгарып кеткенби, же, өзү аракка сатып жибердиби билбейм. Адамдар кызык эле жанбыз. Өлгөн чалга карабай, баягыкөкүрөгүндөгү медалдарыниздепжүрбөймбү.
1 – ЧЫЧКАН: Адамдар ошондой акмактар! Ой, кечирип койчу? Кечирчи?
РОЗА: Эмнеге кечирим сурайсың. Адамдардын акмагы көп. Мени минтип ара жолго таштап кеткендер кечирим сурасын! Аракка саткан тигил алкаш аял кечирим сурасын!
2 – ЧЫЧКАН: Ал байкабай...
РОЗА: Байкабай. Мени да ошентип байкабай жаратып салышып, тагдырдын тепкисине салып беришпедиби.Кептин баары ошол байкалбай туулганымда болуп жатпайбы. Деги мени ушул жарыкка байкабай апкелгендер бул Ааламда, бул жарык дүйнөдө бар болушту бекен. Неге минтишти?! Неге?!
1 – ЧЫЧКАН: Мына, байкабай ой – тоону сүйлөп...
РОЗА: Адреси жок жарыкка келгенден көрө, келбей калган зор бакыт! Бирок, билген адамга жашоо ушунчалык сулуу, ушунчалык кенен, ушунчалык кызык! А, кереметин ким айтат?! Ооба, жашоо, сен кереметсиң! Бирок...
1 – ЧЫЧКАН: Карасаңар! Тигил кыз көп гүлдөрдү ыргытып кетти. Сыягы бир чоң той болгон го ээ? Жакшынакай бойдон экен.
РОЗА: Соолуй электери да бар экен. Эгерде өзүн өзү карабаса адам баласы да ушинтип керектен чыгып калат дечү орус кемпир. Байкабай ыргытып алды.
1 – ЧЫЧКАН: Тигил кыз тим эле койколоңдойт да, ыя?
2 – ЧЫЧКАН: Акырын!
РОЗА: Жыты буркурайт. Карачы жакшынакай. Эй дудук, кел. Гүл берем.
1 – ЧЫЧКАН: Жүгүрүп келе жаткандарын. Бул жерде жаңысы көп экен. Ой, муну неге ыргытты. Ушундай гүлдү таштандыга кантип таштады? Адамдар кызык.
2 – ЧЫЧКАН: Жок дегенде соолуганга чейин күтпөйбү десең. Муну да бирөө көп акчага сатып келди да.
РОЗА: Орус кемпир мага гүлдөрдүн баардык түрүн үйрөткөн. Билесиңерби, эң сулуусу, эң коозу, эң жыттуусу... Келгиле бийлейбиз. Дудук, муну чачыңа чагып берейинби. Мындай тур. Мына! Эми тегерен. Тегерен! Бийле! Бийле!
2 – ЧЫЧКАН: Мына гүлдүн ханшасы!Муну, Роза! -дейт. Жытын карачы!Тим эле буркурайт. Роза! Роза!
РОЗА: (сүйүнө) Ким айтты? Ким айтты, Роза – деп?! Менин да атым Роза!
2 – ЧЫЧКАН: Мен айттым. Гүлдүн аты Роза да! Сен дагыбы?
РОЗА: Ооба! Ооба! Атым Роза! Карагыла, муну «СофиЛорен» дешет. Буларды карагыла. Бул бакыттын гүлү! Бул сүйүүнүн гүлү! Бул сулуулуктун гүлү! Силер билесиңерби? Роза гүлү сулуулуктун символу! – деген кемпир. Көрдүңбү кандай сулуу. Мен да гүлдөй сулуумунбу?..
БААРЫ: Сулуусуң! Сулуусуң! Гүлдөй сулуусуң!
РОЗА: Сулуумун! Гүлдөй сулуумун! Мен дагы Розамын! Роз – аа – мын!!!

Чычкандардын ар бири кызга гүл берип, кээси үстүнө чачып жатышты. Кубанычы койнуна батпаган кыз көз жашын улам улам аарчып, тегерене бийлеп жатты. Баардык кыйынчылыкты унуткандай Роза заматта түркүн түстүү гүлдөргө оролуп, периштенин кызындай болуп чыга келди.

АЯГЫ

 

2004-жыл. Август. 
Бишкек шаары.

 

© Чынар Калыбекова, 2004

 


Количество просмотров: 2319