Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия
© Чынар Калыбекова, 2003. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2014-жылдын 9-январы

Чынар Сеитбековна КАЛЫБЕКОВА

Актриса

(Психологиялык драма)

Бул драма 2003-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги тарабынан өткөрүлгөн кыргыз драматургдарынын конкурсунда көркөмдүк жактан мыкты деп табылыпжеңип чыккан. 2006-жылы «Аземи-2006» Эл аралык Орто Азия жана Казахстан драматургдарынын 2-фестивалында жана Эл аралык Орто Азия театрларынын биринчи Ысык-Көл фестивалында көркөмдүк жактан мыкты деп табылып, сертификатка ээ болгон.

Драма была признана лучшим художественным произведением в 2003 году на конкурсе драматургов Министерства культуры Кыргызской Республики и получила сертификаты за художественность на Втором международном конкурсе стран Средней Азии и Казахстана «Аземи-2006» и Первом Иссык-Кульском международном конкурсе стран того же региона.

 

КРнын эл артисти, театр жана кино жылдызы Назира Мамбетовага арнаймын

 

КАТЫШУУЧУЛАР: 

1. Саадат — актриса. 50-жашта
2. Саадаттын жаш кези
3. Марсел — сүрөтчү жана кино актер
4. Марат — кинорежиссер
5. Бермет
6. Уулкан
7. Азиз — театрдын артисттери
8. Сейил
9. Касипа
10. Бейтааныш аял
11. Бейтааныш эркек

 

БИРИНЧИ САХНА

Музыка. Сахнада репетиция жүрүп жатат. Азиз менен Бермет тегерене бийлеп келип, каалгый токтошот. Кучакташуу... өбүшүү... назданган кыздын назик күлкүсүн жагымдуу музыка коштойт.

БЕРМЕТ: Бах чиркин! Жашоо кандай керемет!..
Кандай адам бул жашоону кыйып кетет?!
АЗИЗ: Ооба, жашоо сулуу, жашоо кызык,
Кадырлаган жашоону баарына жетет.
БЕРМЕТ: (кыялдана) Баягы ырыңды окуп берчи.
АЗИЗ: Кучагымда сен турсаң,
Таң атканча окугандан танбасмын.
БЕРМЕТ: Ырларың мага болуп канат,
Жүрөгүмдө махабат оту жанат.
«Жашоо сырын» окучу жаным,
Укканча көңүл толкуп барат.
АЗИЗ: (ойлуу, алыска тигиле)
Билген бар, жашоо сырын билбеген бар,
Баркына жете албай тилдеген бар.
«Бакыт!» деп, ыксыз дүйнө жыйнаган бар,
Байкабай чачып алып, ыйлаган бар.
Тартпастан өз азабын өзү гана...
Тарткызып тегерегин кыйнаган бар.
БЕРМЕТ: Дагы, даагы...
АЗИЗ: Махабаттын тозогу да балдай болот.
БЕРМЕТ: (сынай) А, түгөйлөр ажырашса, кандай болот?!
АЗИЗ: (кызга тигилет)
Айдай сулуум, азапка мени салбагын,
Ай талаага тентитип, убалыма калбагын.
Жер ааламды кезсем да, жаным...
Сага деген ак сүйүүмдөн танбаймын!

Жигит кызды чимирилте айлантып келип өзүнө тарта кучактайт.

БЕРМЕТ: (олтура калат) Ай, бутум! Абайлабайсыңбы!
СААДАТ: (түшүнө бербей) Эмне, ошондой сөз барбы?
АЗИЗ: (уяла) Кечирип койчу? (Саадатка) Эже, мен байкабай калдым.
СААДАТ: (ачуулуу) Эмне болду? Бүгүн эмне болуп жатасыңар.
БЕРМЕТ: (бултуңдай) Бутумду басып алды эже. (Азизге) Эми бир жолу бассаң, менден бирди көрөсүң. Канча жолу бастың.
СААДАТ: (күлүп жиберет)Тойго чейин сакайып каласың. А, сен, абайлабайт белең. Кана, токтотпогула. Абды, музыканы токтогон жерден бере бер. Андан ары кеттик.
АЗИЗ: (мойнуна алып) Байкабай калдым Саадат эже. Анын үстүнө сахнанын полу да тегиз эмес. Кээ жерлери чирип сына баштаптыр. Тигил жерди караңызчы, чирип...
СААДАТ: (тыным) Билем. Аз күндө баары түшкөнү турат. Азыр сени да, мени да, сахнаны да ойлогон киши жок! Маданият “бөөрүлөрдүн” май талканына айланганы качан.
АЗИЗ: Саадат эже, деги бизде ремонт деген болобу?
БЕРМЕТ: (кейип)Тигил килейген люстра түшүп кетпесе экен деп, сахнага чыккан сайын ойлойм. Элди басып калса... Мында катуу секирип, кыйкыргандан да коркосуң.
СААДАТ: (күлүп жиберет)А, силер акырын сүйлөп, акырын баскыла.
АЗИЗ: Бизди эч ким ойлобой калды го. Артисттер да чекесинен кете башташты.
БЕРМЕТ: Айла кеткенде торт, жарма, ашлямфу жасап сатып жүрбөйбүзбү.
СААДАТ: (колун шилтей) Болду, болду. Башка сөзгө өтпөйлү. Абды музыка!
БЕРМЕТ: Саадат эже?
СААДАТ: Ии. Даагы эмне болду?
БЕРМЕТ: Эже, ушул жерин башкача кылсак болбойбу. Мисалы...
СААДАТ: Ии, «великий режиссерум» мисалы кандай кылсак дейсиң? Айт.
БЕРМЕТ: (бултуңдай) Болуптур. (Азизге) Азиз, эми жонуңа минип алам.
СААДАТ: (күлүп жиберет) Ай, Бермет, Бермет! Ушу сенин кыялың. Баштагыла.
АЗИЗ: (кызаңдай) Мен... мен...
БЕРМЕТ: (тирмийе) Ооба, сен! Эмне, баштабайсыңбы.
СААДАТ: Кана, өзүңөр билгендей ойноп көргүлөчү.
АЗИЗ: Жок, жок эже. Сиз айткандай эле иштейбиз.
СААДАТ: Абды музыка! Буларга эмне болуп жатат?
БЕРМЕТ: (кыткылыктай) Азыр эже. Өзүмдү токтотуп алайын.
СААДАТ: Азиз эми эмне кылып жибердиң?
АЗИЗ: Кечирип коюңуз эже. Бека...
БЕРМЕТ: Эмне, Бека? Сен баштабадыңбы. Ой, боорум ай!
СААДАТ: Силерге эмне болуп жатат?!
БЕРМЕТ: Мына баштадык Саадат эже. Абды байке музыканы кайра берсеңиз.

Колун шилтей Саадат залды көздөй басат.

СААДАТ: Эс алгыла. Он мүнөттөн кийин кайра башынан баштайбыз.
АЗИЗ: (артынан ээрчий) Эже, токтогон жерден эле ары кетпейлиби.
СААДАТ: Эч кандай. Башынан баштайсыңар. Уля кайда. Бириң кечигесиңер, бириң күлөсүңөр. Күлүп олтура бергиле. Минтсеңер, бүгүн ушул жерге түнөйсүңөр. Эми мага таарынбайсыңар. Баргыла!
АЗИЗ: (сестене) Саадат эже...
СААДАТ: (үнүн өкүм чыгара) Он мүнөт!
АЗИЗ: Жарайт эже.(чыгып кетет).
СААДАТ: А, сен эмне турасың? Бар, эс ал.
БЕРМЕТ: Мүмкүн кучакташпай эле... Же, Уля экөөбүз алмашпайлыбы?
СААДАТ: Эмне мүмкүн? Болбойт! Бека, ушул сенин «мүмкүнүң» бүтпөйт.
БЕРМЕТ: (ызалуу) Азиз эптүү кучактабай жатпайбы.

Залды аралай басып жүргөн Саадат тык токтой туруп калат да бырс күлүп жиберет. Бермет ызалана карап калат.

СААДАТ: (тигиле) Эмне?! Эптүү кучактабай жатат дейсиңби?
БЕРМЕТ: (таарына) Анан ушинтип шылдыңдайсыз да.
СААДАТ: Мен сага күлгөн жокмун Бермет. Кана, мени карачы?
БЕРМЕТ: (бултуңдай) Ал кучактабай эле мен кучактап жатам. Үлбүрөйт эле үлбүрөйт. Мен куурчак эмесмин да эже. Кармаса кармагандай кармабайбы.
СААДАТ: (боору эзиле күлөт) Канчадан бери ушинтип күлө элек элем. Мен сага күлгөн жокмун. Өзүмө. Ооба, өзүмө. Бар, Уулканды таап кел. (өзүнчө) Кучактаганды билбейт...Ой, Бермет ай! Бар, бар. Сага эмес, сага эмес, мен...

Бермет кечке күлгөн Саадатты таңдана карап чыгып кетет. Музыка. Сахна караңгылайт. Саадаттын күлкүсүн жаш кыздын күлкүсү улап кетет. Ары жактан, — Стоп! Стоп! — деп кыйкырган эркектин үнү чыгат. Сахна жарык болгондо Саадаттын оордунда жаш кыз турду. Бул Саадаттын жаш кези эле. Тамекисин оозуна тиштеген режиссеру Марат, өзүнүн образы менен алектенген Марсел көрүнөт. Жарык кайра өчөт.

МАРАТ: (ачуулу) Свет! Свет! Ким өчүрдү?! Ортого, мага бербей Саадатка, кызга
бербейсиңерби. Мен ойноп жатамбы. Оңго десе солго, алдыга десе артка баскан кандай жансыңар. Эч нерсе менен ишиңер жок. Ой, силер эмне жайлоодо жүрөсүңөрбү. Бири сөзүн унутат, бири өзүн унутат. Бүгүн түнү менен иштейсиңер. Марсел, тигини түртүп койчу. Каякта жүрөт. (колдорун чапкылай) Оюңарды бир жерге топтогула.
МАРСЕЛ: (четтей) Балээсине калаар алым жок байке. Өзүңүз түртүңүз.
МАРАТ: Саадат сени ошол жерге цементтеп салдыбы.
СААДАТ: (былк этпей) Ойлонуп жатам. Ии, айтыңыз. Угуп жатам.
МАРАТ: Экөөңөр менин башыма балээ болдуңар го. Кандай түшүндүрсөм ыя? Сага бирдеме деп айтканданда коркуп калдым. Ой, иштейбизби бүгүн. Свет! Свет!
КЫЗ: (шашпай, тегерек көздөрүн ойноктотуп) Иштейбиз агай, иштейбиз. Бүгүн да, кийин да, өмүр бою. (кыткылыктай Маратка жакын келе ыктайт) Агай, тигил...
МАРАТ: Тигинин аты жокпу? Айланайындар бул жерде күлө турган эч нерсе жок. (жаны кашая) А, эгер азыр күлүп бергиле десем, анда күлбөйт элеңер. (Марселге) Сен эмне эми ал жерге жабышып калдың. Ташта тамекиңди! Чычайта кармап, аны да үйрөнүп алган тура. Паровоз болуп кеткенсиңби, ой, эми эле эшиктен тартып кирдиң го. Болуптур, кана мында келгиле, чогу күлөбүз. Кана...
МАРСЕЛ: (өзүнчө кыжалаттана) Билбейм. Саадат эле...
КЫЗ: (териге) Агай! (өзүн токтотуп) Марат байке, сиз өзүңүз айтпадыңызбы. Ромео менен Жулеттадай бири — бириңерди сүйүү көз менен карагыла да, назик кучакташкыла деп. Ии — ии...
МАРАТ: Ии, айттым. Анан кана?! Кана, кана Ромео! Кана Жулетта! Даагы айтам. Канча деген артисттер жетпеген ролду, силер баркын билбей тебелеп жатасыңар.
КЫЗ: (булт эте) Мунуңуз мага Ромеодой сүйүү менен келбей, мени өлтүрчүүдөй Отелло болуп келе жатпайбы. Кантип кучактаганын көрдүңүз го... (чыгып кетет).
МАРСЕЛ: (кызаңдай) Марат байке, мен бул кыз менен ойной албайм.
МАРАТ: (каткыра күлүп) Болду, болду чычалаба. Сенде да бар.
КЫЗ: (кирип келатып) Кыз кучактай билген жигиттердин баары кайда кеткен. Мунуңуз өзү назик экен. Мени кучактабай эле, мен муну кучактап жүрбөймбү. Эмне карайсың. Герой!
МАРАТ: (колун чапкылай)Ик — ии, тигини, тигини! Айт, айтып кал. Иштин көпкө кармалгандыгынын ушунусу жаман. Бири бириңерден тажай баштадыңарбы. Саадат мени карачы. Бүгүнчө ушул болот го. (күлүп жиберет) Балекет бас, Саадаттын «госу» бизге да жукту. Эми «атпайбы, жатпайбысынан» кудай сактасын. Ыя, Марсел?
МАРСЕЛ: (өзүнчө) Ушул кыздын азабы өттү. Башка кыз жокпу, Марат байке. Мунуңуз өтө эле «каприз» экен. Бул түрү менен сьемка бүткүчө эсти оодарат.
КЫЗ: (кирип келип)Герой! Сиз өзүңүздү өтө эле... Менин сумкам кайда?!
МАРАТ: Марселге келген ачууңду эми менден чыгарасыңбы. Олтур!
КЫЗ: (оордунан ызалуу тура калат) Мен ойнобойм! Мен... мен...
МАРАТ: (ачуулу) Токтоткула! Эмне тирешесиңер. Тим койсо... (тамекисин дембе дем соруп) Көбү бүтүп азы калганда бул эмне кылганыңар. Деги силерге бүгүн эмне болду. Ушундай кыйын экенсиңер, кана иш менен көрсөткүлөчү. (Марселге) Ой, ташта! Ташта! Апкел бери тамекиңди. Керек болсо силер али биринчи тепкичтен өтө элексиңер. Баары эле мага «герой»! Ташта сумканы!
КЫЗ: (чоочуп кетет) Марат байке, мен...
МАРАТ: Эмне мен?! Унчукпагыла мага. (көкүрөгүн каккылай) Мен! Мен! Баары эле мен! А, менчи?! Менин убал сообумду ойлогон киши барбы?! Саадат сен... сен деген...

Режиссер агайынын мындайачууусун көрбөгөн Саадат алгач чоочуп кетет. Анан катуу ызаланганын жашыра албай, оордунан ыргып тура жыйналып кирет. Аны Марсел токтотконго аракет кылат. Кыз аны түртүп жиберет.

МАРСЕЛ: (тосуп) Мени кечирип койчу? Мен сени катуу кармап албайын деп...
КЫЗ: (ызалуу) Турчу ары! «Каприз» деп коет! Киного түшпөсөм аман каламбы.
Өзүмдүн театрым деле жетет. Кыз кучактай албайсың, тигил сүрөт тарткан кистиңди колуңдан түшүрүп жибербей кантип алып жүрөсүң.
МАРАТ: (токтотуп) Кантет, кантет. Сен кайда. Токточу, ай кыз!
КЫЗ: Киного чакырганыңызга чоң ырахмат Марат байке. Мындай өзүн кыйын сезген «чоң артист» менен мен ойной албайм! Мен өз чамамды билем. Кеттим!

Катуу ызаланган Саадат бултуңдаган бойдон чыгып кетет. Марат артынан кыйкырып кала берет. Марсел шыпты тиктеген калыбында олтурат.

МАРАТ: (шашкалактай) Саадат! Саадат! Кантесиң, токто дейм! Ай чатак кыз. Өрт! Өрт кыз! Мындан бирдеме чыгат. Какшык жылдырып, күлүп жайлайт. Жайлады... жайлады... Олтур эми.
МАРСЕЛ: (кекетип) Бул түрү менен аз күндө жер баспай калат го.
МАРАТ: Да — аа, баарын таштады да кете берди.
МАРСЕЛ: Башка кыз албайсызбы. Театрлардан карап көрөлү.
МАРАТ: (ачуулу) Болбойт, болбойт. Бул кыз кино үчүн жаралган кыз! Силер бир нерсени түшүнбөй жатасыңар. Кино деген өтө татаал, өтө кылдаттыкты талап кылат. Театр менен кинонун айырмасы Асман менен Жердей. Мен мен деген артисттер камеранын алдына келгенде Алласы ооздорунан түшүп, өзүлөрүн жоготуп коюшат.
МАРСЕЛ: Кечиресиз? Сиздин ачууңузга тийип койдум окшойт.
МАРАТ: (кекетип) Кечиресиз, кечиресиз... Бар таап кел.
МАРСЕЛ: Менби?
МАРАТ: Анан менби?! Жөнө! Эмне турасың.
МАРСЕЛ: Кайдан табам?
МАРАТ: (өзүнчө кыжырлана) Кайдан табам деп коет. Тап! Мындай таланттуу адамдар жерде жатпайт. Жоготуп же колдон чыгарып жиберсең, өмүр бою издеп таппайсың. Таланттуу адамды табуу да, кармап калуу да өтө кыйын. (оор тыным) Кайрылбас сапар кеткендер андан да өкүнүчтүү! Жашоодо баардык нерсенин баркын билиш керек балам. Түшүндүңбү? Ошондой. (көпкө созулган тыным, өзүнчө)
... Биз адамдар тирүү кезде бири — бирибиздин кадыр баркыбызды эч билбейбиз. Бул дүйнө түбөлүк эмес. Баарыбыз кезеги келгенде кетебиз. Бул дүйнөгө устун болгон эч ким жок! Биз дагы... (тыным) Ошондо артыбызда ушинтип талашып тартышып жасаган ишибиз, эмгегибиз гана калат Марсел. Адам — деген атты сыйлап, аркада из, из калтыруу керек! Ал — ЭМГЕК! Экрандын бетинде силер каласыңар. Сен менен Саадат. Оо, ал кезде силерди дүйнө элдери көрөт. Баа беришет. Азыркы эмгегиңердин баасын, баркын, ошондо билесиңер. Жанагы кыздын тескериленип турганын карабайсыңбы. 
МАРСЕЛ: Аябагандай көк неме тура.
МАРАТ: Билип кой, ошондой көктөр кыйын чыгат. Өз баасын билбей жатпайбы чунак кыз десе. Эх, Саадат, Саадат. (өзүнчө) Марат байкең, сен:  — Болду!— дегенде эле болуп калбайт. Сениби!.. Шыйракка чаап иштетем.
МАРСЕЛ: (тигиле)Чын эле кайра аласызбы?
МАРАТ: Башка режиссерлорго бере кой дегени турасыңбы? Андай болбойт. Ал менин актрисам! Ал кыз менен ойногонуңа кийин эч өкүнбөйсүң. Мени айтты дээрсиң.
МАРСЕЛ: (ыңгайсыздана) Кетем деп жаткан. Кетип калсачы.
МАРАТ: (селт эте) Кайда?!
МАРСЕЛ: Окуусуна. Москвага. ГИТИСте окуйт да.
МАРАТ: Билем. (шашкалактай) Мен аны окуусунан сурап албадым беле. Каап, чунак кыз десе. Тур, жөнө! Саадатты таппай келбе!
МАРСЕЛ: Кайдан издейм?
МАРАТ: Билбейм! Сүрөтүн тартып жан салып жибересиңби... Тап! Тап!
МАРСЕЛ: Ой, Марат байке. Мен...
МАРАТ: Саадатсыз көзүмө көрүнбө! Билсеңер, мен силердин келечегиңерди ойлоп жатам. Сөз бүттү. Ой, сен эмне турасың? Артисттердин жатаканасынан карап көр. Тапкын! Жаман абысындардай булардын чатактары деле бүтпөйт. Свет! Свет!

Марсел шылкыя чыгып кетет. Ушул учурда жарык жалп этип өчөт. Мараттын кыйкырган үнү. — Кимиси өчүрдү.Свет! Свет!!! Музыка. Сахна жарык болгон кезде ойлуу олтурган Саадат көрүнөт. Сырттан жүгүрүпБермет кирет.

БЕРМЕТ: Саадат эже, сизди үстүнө чакырып жатат. Тез келсин дейт.
СААДАТ: Ай, ушулардын азабы өттү. Уулкан келдиби?
БЕРМЕТ: Жок.
СААДАТ: Жарайт. Мен барып келейин. Бермет Азиз силер кайталай бергиле. Абды музыкасын берип койчу.

Саадат чыгып кетет. Музыкага ыргагында кыялданып жаткан Берметти сырттан кирген Уулкан токтотот.

БЕРМЕТ: Эмне?!
УУЛКАН: (какшыктай) Урматтуу балерина, алдыгы өтүктү чечиңиз. Биздики эле. Кимиси эрте келсе эле ушул өтүккө жабышат.
БЕРМЕТ: (кейип) Кайфты бузасың да. Ушундан башка өтүк жок калдыбы, тобоо! Башкасын кие берсең болбойбу.
УУЛКАН: (бурк эте) Бутума батса киемби. Театр боюнча бутума чак келген ушул бир өтүк. Көрө калгансып жабыштың да калдың. Бол, бол, чеч! Кудая тобоо, жакында бул театрда мен байкушка эч нерсе калбай калат го.
БЕРМЕТ: Тобоо, тобо — оо – оо! Ай ушул сенин тилиң. Шакылдайсыңда.
УУЛКАН: (шаштыра) Бол, бол, чеч! Чеч!
БЕРМЕТ: (күбүрөнүп) Ий, көк бет. Көк бет! Жанымды кой. Мына! Колуна бир тийгенинменчиктеп алат. Уф — ф! Ме — е! Кайда жүрдүң? Издеп жатышат.
УУЛКАН: (наалый) Ойноп жүрдүм. Таң атпай сайрабай болдучу.
БЕРМЕТ: Сени Саадат эже издеди. Кечигип кайда жүрдүң дейм.
УУЛКАН: Ойноп жүрдү дейсиңби. Азыр, кийинип келейин.
БЕРМЕТ: (тигиле) Ботом! Таң атпай даагы ким менен кырылышып кеттиң?
УУЛКАН: Сени какшыктатып эле койсо. Жөн эле «гениальный режиссер» менен иштеп жаткансып, эшигиңерди ичинен илип алып болбойсуңар да деп, жиниме тийди. Көйнөгүм алибүтпөптүр. Урушуп кеттим.
БЕРМЕТ: (какшыктай) Өзү эмне кылып жатыптыр.
УУЛКАН: Ушактан башка эмне кылмак. Баягы эле беш катынды жанына топтоп алып, баласына кандай ботко жасап бергенин айтып түгөтө албай жатыптыр.
БЕРМЕТ: (наалый) Деги анысы чоңойбой койду го.
УУЛКАН: (туурап)Бопуня, холодильникти ачсаң үстүнкү текчесинде чоң кеседе кесме суп, алдында кечекиден калган ашкабак кошулган картошка, жанында сыр турат. Анын артында кошуна берген сүт бар. Оролгон кагазда таенең тойдон апкелген бышкан эт, салафанда салат бар. Ачып калбаптырбы жеп көр. Бопуня, Бопус, байкабай жеп алба «отравление»болосуң. Терезени жаап кой,«сквозит» этип каласың. Бутуңа тапочка кийдиңби? Тишиңди жуудуңбу? Эшикти эч кимге ачпагын! Болотик, Бопуня мектепке кечикпей бар ээ. (тегерегине кагына) Ай, кое тургулачы чурулдабай! Бопуня, бопушка, таенең телефон чалдыбы? Папаң келсе айтып кой, менин жумуштарым аябай көп болуп жатат. Ноорузга даярданып жатабыз. Бопоска, телефонду туура кой. (чирене) Ой, девочки, у меня такой сыночик! Ушундай жакшы көрөм. Золотушка... золотушка...
БЕРМЕТ: (бырышып, тырыша) Бопунянын ичи катып калбаптырбы? Андан калса салафандагы салатты өткөн жумада бир юбилярдын банкетинен салып кеттиңиз эле. Андан бери бир жума өттү. Ачып калса Бопуняга кыйын эле болот го...
УУЛКАН: (кенебей) Эч нерсе эмес, анын «мотору» жакшы иштейт.
БЕРМЕТ: Оп, баракелде! «Моторуң» жакшы экен. Жакшы, жакшы.
УУЛКАН: Ой, ичим, болдучу Бермет. Эми күлдүрбөчү. Ичим ооруп кетти.
БЕРМЕТ: Сага бирөөнү туураган өлө жарашат. Ушуну бирөөлөр жазса ээ. Тигил «эжекеңдин» ролун суранып жатып сага бердирмекмин. Бопуня, бопуска... Ай, Уулкан, ичим түйүлүп калды! (сахнага оонай каткырат) Өлөм... өлтүрдүң...
УУЛКАН: (жанына олтура кетет) Кое тур өлбөй. Сен өзүмө вазир кылып алайын деп жатсам, өлөм дегениң кандай.Айт дегенде кыйт деп, бөрк ал десе, баш алып турмаксың. Эжекеңдин «жандоочусуна»окшоп.
БЕРМЕТ: Жандоочусу менен жабышсын. Ай, ай, ичим түйүлүп калды. Чындап өлүп калам. Аман — эсенимде токтотолу.
УУЛКАН: Бека дейм, маанисин түшүнгөн кишиге «ушак» деле өзүнчө бир чоң жумуш экен ээ? Он жылдан бери олчойуп столду кучактап олтурат. Бу качан козголуп, качан театрга жаңылык киргизет ыя?!
БЕРМЕТ: Өзү уялбаса, ал үчүн сен уялмак белең. Колунан келбесе кантсин бечара. Театрга келип, кетип жүргөнүнө ырахмат айт. Үйүнө жатып алып телефондон:  — Коровалар! Ары баскыла, бери баскыла! Олтургула, тургула! – деп, репетиция кылып олтурса ошондо өлбөдүкпү. Оюнду тапшырганча «көзүм көрбөйт, кулагым укпайт» болуп туралы. Жарыла албай араң, араң турат. Эже менен иштегени бизди да көрөйүн деген көзү жок. Убакыт учкан куш деп эже бекер айтпайт. Иштеп калалы Уулкан.
УУЛКАН: Анын «коровалары» бир укмуш! Өзүн «кукла барби» сезет го ээ? «Убакыт учкан куш» дейт. Кийин эже менен иштегенибизге сыймыктанаарыбызга ишенем, Бермет. Саадат эжеде чоң тажрыйба бар.
БЕРМЕТ: (ишенимдүү)Сенин көзүң ачык.
УУЛКАН: Чоңко десе!
БЕРМЕТ: Чочко?! Ким чочко!
УУЛКАН: Кулагыңды жуудуң беле. Чоңко! Чоңко! Мактасам да жакпайм.
БЕРМЕТ: Мактасаң мейли. Сен мактап мууздачу элең.
УУЛКАН: Илгери Нарын театрынын артистери гостролдоп Токтогул өөрөнүнө барган экен. Ошондо жаш балдар артисттерди какшык менен жайлашкан тура.
БЕРМЕТ: Ии, эмне дешиптир?
УУЛКАН: Автобус токтоп, баары түшө башташыптыр. Алыс эмес жерде үч – төртжаш бала ойноп олтурушуптур. Тигилер балдарын жетелеп улам бири чыгып жатат дейт. Элдин аягында боюнда бар эки келин чыгыптыр. Анда тигил олтурган балдардын бири:  — Оо, жакшы жакшы. Буюрса быйыл төл жакшы болот экен дептир. Антсе экинчиси:  — Кара, бирин жетелеп, бирин көтөрүп... бири жондо, бири белде. Нарындын артисттериндей жок го элде! – деп, бырс күлүп койду дейт. Анда алардын какшык сөзүн кулагы чалып калган бир эже кууп жөнөптүр.
БЕРМЕТ: Ой, иий! Жаш балдардын тапкандарын кара. Уулкан дейм...
УУЛКАН: Эмне?
БЕРМЕТ: Тоо арасында эмгек өтөө үчүн тоодой жүрөк керек ээ?
УУЛКАН: Албетте! Тоо арасында иштөө үчүн тоодой жүрөк керек! Сен экөөбүз тоодой жүрөк эмес, ушул театрдагы майда — чүйдө толкундарга алыбыз келбей, катуу чүчкүргөндөн коркуп, шелпейип жүрөбүз. Тап таза эле оозун ачкан суу жүрөк эмесбиз дечи. Бирок көп нерсе жакпай жүрөт. Тигиниси деле чоң, мунусу деле чоң! Кыйраткан иштери жок, баары эле кыйындар.
БЕРМЕТ: Тиш кайрап калган экенсиң, катылгандын катыгын берем де.
УУЛКАН: Чындап тийишсе жеп коермун! Эжеңди «коровасына» мингизип…
БЕРМЕТ: Ой, ой, коркуп кеттим. Мени сактап калгыла! Апакеба — аа — аай!

Сырттан кирип келе жаткан Саадат чоочуп кетет.

СААДАТ: Ой, эмне болду?
БЕРМЕТ: Мени жегени жатат эжекебай! Байкабай «корова!» деп алыпмын. Мен тиги үйдөгү короваларымды чакырдым эле да. Сактап калыңыз. Ай! Ай!
УУЛКАН: Болду эми, «кукла барби»образдан чык! Болбосо чындап жеп коем.
СААДАТ: (күлүп) Силерди тууратып эле койсо. Окшошуп калат турбайсыңбы.
УУЛКАН: (туурап) Коровалар!!! Все хватит! Бүгүн бошсуңар!
СААДАТ: (боору эзиле) Оңбогон кыздар. Антпегиле, укса уят.
УУЛКАН: Эже, мен бир себептер менен кечиктим. Анан айтып берейинчи.
СААДАТ: Болуптур. Уулкан сенин сахнаңдан баштайлы. Кагазыңды ташта!
УУЛКАН: Эже, кээ жерлерин унутуп коюп жатам.
СААДАТ: Үйгө барганда эмнени ойлойсуңар билбейм. Бүгүн тапканыңарды эртең жеп коесуңар. Изден, изденгиле деп канча айтам! Сөзүн айтып турчу, Бермет. Берметке го айла жок. Күнүгө өзгөрүп турат. Сөз жаттамай жок.
БЕРМЕТ: Бүгүн кагазы жок эле чыкпадымбы эже. Азиз жүдөтүп...
СААДАТ: Бийге сөздүн кереги эмне? Же анын да схемасын кагазга түшүрүп алдың беле. Актанганга дап даяр. Уулкан, кана кеттик. Абды музыка!
УУЛКАН: Эже, баштай берейинби? Бека сен иштегенде мен сүйлөбөйм го.

Музыка. Уулкандын монологу кетет.

СААДАТ: Кана, башта.
УУЛКАН: (жашоого нааразы) Жашооң менен жерге кир! Жабышкырлар даагы келе жатышат. Асылды да калышты. Чындап эле түрттүрүп салышса мындан тентип кайда барабыз. Булар жашаган килейген особняктар биздин түшүбүзгө да кирбейт да. Атасынын жери баштанып алкынып келе жатышкандарын. Оордуңардан жылбагыла. Түртсө бизди кошо түртүп салсын. Ай, келин! Сенин боюңда бар экен, сен алысыраак тур. (бирөөлөргө кыйкыра) Менин да жашагым келет! Күчүңөрдүмага эмес, тигил тойгондоруна тобоо кылбагандарга чыгарбайсыңарбы. Менин балдарымды сен багасыңбы. Мен дагы көр тирлик деп, тытынып жүрөм. Алдыгы килейген тракторуңдун алдында калсам да, жаман кепени сага бербейм! (чаңыра, далбастап) Ай! А – аа – аай!!!Бул не деген шумдук?! Ай! Кудайым ай! Эй, адамдар! Адамдар!!! Айланайындаа – аар!!! Мында! Мында келгиле! (далбастайт) Тентиген шордууларым! Жан сактайбыз! Жер! Жер! — деп, ушинтип үйүлгөн таштандынын алдында калабызбы? (үрөйү уча чаңыра нес боло түшөт) Бул эмнеси, булар эмне кылып салышты? Мында бирөө... тигинде бирөө... Артка айда! Кокуй! Боюнда бар келинди басып калды. Жардамга! Жардам — га — аа — аа!!!
СААДАТ: (колдоп) Даагы күчөт! Даагы!
УУЛКАН: (олтуруп калат) Ушул жерге келгенде жүрөгүм титиреп кетет.
СААДАТ: Карап олтурган элдин жүрөгү андан титиресин! Уулкан, азыр сен бир бечара аялсың. Жыргаганыңдан жер талашып жүрөсүңбү. Жаныңдагы киши менен жер талашканда тим эле албууттанып, керек болсо кекиртектен ал. Азыркы жетпеген жашоонун, замандын ачуу чындыгы, чаңырыгы сенсиң! Элдин кыйналганын, элдин жакшы жашоо издеп өлкөдөн чыгып кетип жатышканын, минтип жаман кепелерге басылып канчасы өлүп жаткандарын өкмөт билсе да билгиси келбейт. Сен ошону элге жеткирүүң керек! Сен тагдырдын таландысында калган аялсың! Тажаалданган жерде тажаалдан, ыйлаган жерде көрүп олтурган элди ыйлат. Ар биринин башында сеникиндей тагдыр бар. Ошону сездир. Алсызсың, ошол эле кезде күчтүүсүң!
УУЛКАН: Азыр, азыр эже. — Адамдар! Адамдар!!! Боюнда бар келин... (бетин баса ыйлап жиберет). Жаман болуп кеттим, Саадат эже.
СААДАТ: Мына! Мына! Дал ушундай сезимталдык керек. Жарайсың!
БЕРМЕТ: (көпкө тигиле) Сага эмне болду, Уулкан?
СААДАТ: Издегенин тапты. Образ жаратуу оңой бекен. Иштегиле. Изденгиле. Мени кара Уулкан. Ошол чоң кырсыктан кийин сен ушул жаштыгыңды, балалыгыңдын баарын элестетип олтурасың да. Бермет менен Азиз сенин жаштыгың, өткөн күнүң. Түшүндүңбү? Ошондой.
БЕРМЕТ: Болду эми. Ушунча да өпкөлөйсүңбү.
УУЛКАН: (көз жашын аарчый) Сени көрөт элем.
БЕРМЕТ: (кучактап) Куттуктайм!
СААДАТ: Азаматсың! Бери келгиле кыздар. Менин айтканымды, кээде ачуум менен катуу какканымды жаман көрбөй, туура түшүнгүлө. Силер өтө түйшүктүү кесипти тандагансыңар. Не деген кыйынчылыктар али алдыда күтүп турат. Мына бул сахна силердин бүт өмүрүңөр. Биз театрга жипсиз байланган кишилербиз. (тыным) Көрүүчүлөрдү алдаганыңар, өзүңөрдү алдаганыңар. Жан дүйнөңөр менен берилип, ишенип, көрүп, сезип ойносоңор ошондо образ чыгат. Ошондо көрүүчүлөрдү өзүңөргө ишендире аласыңар. Эл тараза. Силерге бааны эл берет. (көпкө созулган оор тыным).
... Театр — бул өтө ыйык жер! Адамдардын аң — сезимин, ой — дилин тазалап, жашоого жол көрсөтүп, тескери жолдон оң жолго салат. Ыйман — ызаатты, бири — бирин сыйлоого үйрөтөт. Силер күзгүсүңөр. Силер аркылуу көрүүчүлөр өзүлөрүн көрүшөт.
... Театр — күзгү! — деп, ошол үчүн айткан улуу акылмандар. Маданиятсыз эл болбойт. Кыргыз элинин улуу инсаны Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиев атабыз:  — Кыргыз кампа толгон эгини, жыйган дүйнөсү, үйү толо килемге, минген машинасы менен мактана албайт! Ал баардык элде бар. Улут, өзүнүн рух дөөлөтү, рух касиети, рух дүйнөсү, рух байлыгы менен мактана алат. Бүгүнкү күндө, ушундай оор кезеңде ошол рух дүйнөсүн жок кылып албас үчүн, театр искусство, маданиятты коргоп, сактап калышыбыз керек! — деп, акылмандык улуу сөзүн айткан. Кандай улуу, даана айтылган сөз! Ушул сөздүн маанисин силер терең түшүнүүңөр керек. Театр — сахна дегенде, жан дүйнөңөр таза болуш керек. Эгер театрды чындап сүйүп, чындап барктабасаңар, кийин бошко кеткен өмүрүңөргө абдан өкүнөсүңөр. Көп адамдар ошондой кезде өзүн эмес, театрды күнөөлөп келгенин угуп жүрөм.
БЕРМЕТ: (кейип) Кайда барбайлы, — Силер куурчак театрсыңарбы? — деп сурашат. Бөбөк сенин жомогуң болуп кеттик. Биздин убалды ойлогон деле киши жок.
УУЛКАН: (наалый) Бала бакчадагы балдардын куурчагына айландык. Даагы Клеопатра, Медея, Жулеттаны ойносок деп эңсеп коебуз. Каныкей, Таңга бийке түшкө кирбейт.
СААДАТ: Койсо болот. Ээ, кыздар, кыздар! Кыялданып олтуруп пенсияга кандай чыкканыңарды билбей каласыңар го...Бүрсүгүнү комиссияга көрсөтөбүз.
УУЛКАН: Жаңы көйнөккө акча жок! – деп койду. Качан болсо, — Жок! Жок!
СААДАТ: (жылмая) Көйнөк тигилбесе тигилбей калсын. Сен ролуңду ойло.
УУЛКАН: (өзүнчө) Токолдун балдарындай көрүнгөн театрдын кийимдерин кийип көнүп деле калдык. Качан байып, деги качан оңолобуз.
БЕРМЕТ: Ии — ий, болду эми. Болдучу, бежирей бербей. Саадат эже, эртең эрте менен садикке барат экенбиз.
СААДАТ: (кейий) Убакыт тар болуп жатканда... Болуптур, бүгүнчө ушул жерден токтотуп туралы. Бара бергиле. Үйдөн жакшылап даярдангыла.
БЕРМЕТ: Эртеңге чейин эже.
УУЛКАН: (байкай калып) Эже, сизге эмне болду?
БЕРМЕТ: (чоочуп кетет)Эже, эже? Уулкан, Азизди чакыр!
СААДАТ: Кыздар... кереги жок. Жөн гана башым айланып кетти окшойт.
УУЛКАН: (алаңдай) Эже, врач чакыралыбы? Мүмкүн... же... кан басымды...
СААДАТ: (өзүнө келе) Чарчагандыкы. Силер бара бергиле. Баары жакшы.

Музыка. Кыздар коштошуп чыгып кетишет. Сахнада Саадат жалгыз калат. Анын жан дүйнөсү буулуккан ой чабыттарына жооп таба албай буулуккандан буулугуп, өзүнчө буркан шаркан түшүүдө. Музыка катуулайт. Ойлуу Саадат бир азга сахнаны тегеренип карап чыгат да, эмнегедир эреркеп, жаш баладай бетин басып ыйлап жиберет. Муңдуу сызылган музыка актрисанын жан дүйнөсүн козгоп, ички дүйнөсүн коштойт. Ой учугу он талаа болуп, ээн зал менен сахнанын ортосунда Саадат ой чабыттарына оңдуу жооп таба албай чайналып, жан дүйнөсү бирде от болуп, бирде чок болуп, бирде бар болуп, бирде жок болуп олтурду. Жакшы эле кайраттуу жан мына дал ушул учурда эмнегедир өзүн ары жалгыз, ары алсыз бечарадай сезип кетти. Музыка муңдуу сызылат.

СААДАТ: (каргылдана) Залкарларым! Залкарларым!!! Устаттарым!!! Көр нерсе... көп нерсе жасагым келет. Ал заман... (тыным)Азыр баары өзгөрдү. Баары. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип, таскак жолдо ташыркап келем. Баары токтоп калгандай. Баары боштой... Байкаганга бу театрың деле жоктой. Кээде туруп өзүмдү оозу бүтүп калган булактай сезип, ичимден буркулдап, атырылып асманга чыга албай, алсыздыгым сезилип, жан дүйнөм жабыркап сыздайт денем.

Музыка. Саадаттын үнү каргылдана тээ алыска көз жүгүртө үнсүз мелтирей, заманасы куурула жер тиктей тунжурай ойго термелет. Анын жаштуу көздөрү бир нерсесин жоготкондой сахнанын, залдын ар бир булуң бурчтарын аңтара карап жатты. Өткөн убак менен азыркы убакты бирден учуктап, тизмеге тизип, ак карасын ажыратып таразалап жатты. Мындай учурда ыраазы болгон нерселерден да, нааразычылык басымдуулук кылып кетет эмеспи. Өткөн чак менен учур чактын ой бороонунун ортосунда калган Саадат оор үшкүрө, бир силкинип алды.

... Жаш болуп көп нерселерди элес албай жүрдүмбү, же мурда деле ушундай беле?.. Адамдардын пейли жаман бузулду. Көрөалбастык! Ыксыз жек көрүү. Бири бирине бут тосуу. Жакшыны көрбөй, жаманды ыксыз мактоо! (оор үшкүрө) Кайран талант! Сен да сатылдың ээ?!.. (жекире) Кошоматчылык, кошоматчылык! Чоңдун чокоюн көтөрүп жүгүргөндү качан коебуз. Өңгө өңгө дечи, бирок талантты сатып ала албайсың да. Бул биздин чөйрөдө оркоюп көрүнүп калып жатпайбы. Кудай берген таланттын да тагдырын тайраңдаган акча чечип калганын көргөндө кантип унчукпай кое алам. Кантип?! (катуу өкүнүү менен) Артымдан өсүп келе жаткан жаштарга боорум ооруйт. Жөн эле өтүп жаткан күндөрүнө, бышкан жемиштей мөлтүрөгөн жаштык кездери үлп эткен желдей билинбей тез эле өтүп кетээрин ойлогондо, кантип ичим ачышпайт. (оор үшкүрө) Убал...
... Залкарларым!!! Бу, театр дүйнөсү, театрдын заманы силер менен келип, силер менен кеткен окшойт. (тыным)Кайран учур, кайран театрдын гүлдөгөн чагы! Рас эле ал кезде билет жок театрга кире алышпай эшикти сагалап, эңсеп келген далай далай көрүүчүлөр сыртта калышчу эле. (бырс күлүп жиберет) А, азырчы? Азыр үйлөрүнөн сүйрөп келтире албайсың. Театрга кел десең, кайра сени карап күлөт. Кайдагы театр, кайдагы көңүл ачуу! — деп, анан заманды каарый башташат. Неси болсо да театрга жаман тили тийбесе экен деп жанынан алыс качканча шашам.
... Мен бүгүн эмне болуп турам. Мунун баарын кимге айтып жатам? Эч кимге сыр алдырбаганым менен кээ бир кездерде алсыздыгымды өзүм сезип жүрөм. Байлык менен бийликтин алдында такшалган талантың деле кези келсе тапталып, тебеленип калат тура. Айлана чөйрө кандай бузулуп кетти. Адамдар... (дубалдарды, көшөгөлөрдү жаай сылай) Көп нерсе жасагым келет. Көп нерсе... (көпкө созулган оор тыным).
... Эх, сахна, сахна! Өмүр өтүп баратат ээ?! Сен эскиргендей мен да эскирип бара жатам. Илгеркидейзал толгон элди сагынам. Жаштыгымды сагынам. Дүркүрөгөн кол чабууларды, касиеттүү көшөгөм, сенин кайра — кайраачылып жабылганыңды сагындым. (көшөгөнү кечке кармап, анан жүзүн сүртөт) Кара, жыртылып баратканыңды... Чыда. Чыдагын. Сен экөөбүз дагы көп көп нерселерге күбө болобуз.

 

ЭКИНЧИ САХНА

Музыка. Театрдын ичи. Грим кабинети. Уулкан менен Бермет.

БЕРМЕТ: Уля, Уля дейм. Мышык — чычкан, козу — коенду ойноп жүрүп өзүмдү деле ошолордой сезип калыпмын. Силерди билбейм, мага өтө эле кыйын болуп жатат.
УУЛКАН: Жан жаныбарларды ойноп көнүп калыпбыз. Мен деле кыйналып жатам. Жулетта, Жулетта деп жүрүп, Жулетта эмес эле анын жетелеген күчүгүн ойноп каламбы деп жүрчүмүн. Буга да шүгүр!
БЕРМЕТ: (кыткылыктай) Баарынан кызыгы...
УУЛКАН: (кулагын төшөй) Эмне? Айт, айтпайсыңбы?
БЕРМЕТ: (шыбырай)Азиз кучактаса эле...
УУЛКАН: (какшыктай) Мен дагы мамлекеттик жашыруун сыр экен десе. Бери карачы, сүйүшүп калгандан соосуңарбы. Дем алышыңар башкача болуп калыптыр.
БЕРМЕТ: (таарына) Сага бирдеме айтып болбойт. Араң эле турасың. Кеттим мен.
УУЛКАН: (каткыра) Ой, боорум ай! Таарынбачы. Ээ — эй, кайда? Каякка?!
БЕРМЕТ: (жактырбай) Каякка болмок эле. Сахнага!
УУЛКАН: (көздөрүн чакчайта) Тигини таштап кетиңиз.
БЕРМЕТ: (эки жагын карана) Эмнени?
УУЛКАН: (сүзүлө) Бутумду... Менин бутумду чече кетиңиз.
БЕРМЕТ: (нааразы боло) Көрө калдыңбы. Ме! Ме!

Бермет бултундай чыгып кетет. Көп өтпөй сырттан Азиз кирет.

УУЛКАН: (артынан кыйкыра) Ыргытпа! Ыргытпа дейм! Жылтыраган бирдеме көрсө эле дароо өзүнө менчиктештирип алат. Ээси барбы, жокпу сурап да койбойт. Ушул өтүккө жабышты да калды.
АЗИЗ: (шашып кирет) Кандайсыңар?
УУЛКАН: (жактырбай) Эшикти кагып койсоң болбойбу. Жылаңач болсок деле...
АЗИЗ: (алаңдай) Бермет кайда?!
УУЛКАН: Сагынып кеттиңби. Сахнада. Аны абайлап кучактабасаң, бечаранын башы айланып...көздөрү коюуланып...(кыткылыктай) Байкуш кыз...
АЗИЗ: (шашкалактай) Тамашанын токтото турчу. Уулкан Беканы чакырсаң.
УУЛКАН: Тынччылыкпы деги?
АЗИЗ: Саадат эже...
УУЛКАН: (чоочуй тура калат) Эмне? Эмне болду?!
АЗИЗ: Эжени алып кетишти.
УУЛКАН: Кайда?
АЗИЗ: Аны «тез жардам» менен ооруканага алып кетишти.

Эч нерседен кабары жок ойноп олтурган Уулкан алаңдай түштү. Сырттан жүгүрүп Бермет кирет. Үчөө тең үнсүз олтуруп калышат. Оор силкинип алып, Бермет ары — бери баса баштайт.

УУЛКАН: Бермет!
БЕРМЕТ: (өзүнчө)Ушундай болмок! Ушундай болмок!
УУЛКАН: Бермет дейм!
БЕРМЕТ: (бурк эте) Эмне?!
УУЛКАН: Баса бербей олтурчу. Баш айланып кетти.
АЗИЗ: Бермет олтурчу.
БЕРМЕТ: Силер олтура бергиле. Олтургула! Мына! Ушундай болоорун билгем. (ачуулуу кыйкыра) Эми жыргагыла! Тойлогула!!!
АЗИЗ: (тура калат) Бека, сага жин тийдиби. Кимге кыйкырып жатасың?
БЕРМЕТ: Баарыңарга! Театрда кыбырап жүргөн жандын баарына. (кыйкыра) Ураа!!! Жыргагыла!!! Өлүп калса, — Биз ушинтип өлтүрүп салабыз! — деп, жар салгыла!
АЗИЗ: (булкуп токтотот) Буга жин тийдиби. Токтот дейм!
БЕРМЕТ: (ыйлап жиберет) Баарына биз күнөөлүүбүз! Сен, сен... мен... Тигилер!
УУЛКАН: Мен эмне кылдым?
АЗИЗ: (тыйып) Сен унчукпай эле койчу. (Берметке) Болду, Бермет. Мен сени түшүнүп жатам. Эми мындай кырсыктар айттырбай келет да. Биз али эч нерсе билбейбиз. Азыр барып баарын билебиз. Эжени көрөбүз. Кел олтурчу.
БЕРМЕТ: (ачуулу) Силер олтура бергиле. Олтур! Биз артисттер, эч качан бири — бирибизди түшүнбөйбүз! Биз бири — бирибизди жок кылганга гана шашабыз. Көрө албастык, бут тосуу, өзүм гана болсом дейбиз. Баары өз көмөчүнө күл тарткандар, эки жүздүүлөр! Береги килейген театрга өзүм гана кирип чыгып турсам дейт. (көкүрөгүн чапкылай) Мен! Мен! Мен!!! Качан «менден» кутулабыз.

Ачуусу менен өзүн токтото албай ары — бери баскан Берметти эми токтото албастарын сезгендей Уулкан менен Азиз бири бирин карашып тим болушат.

БЕРМЕТ: Эмне унчукпайсыңар? Коркосуңар ээ. Чыркыраган чындыкты бетке айткандан коркосуңар. Жакшыны жакшы дегенден коркосуңар. Мен да корком!
АЗИЗ: Сеники туура. Болду эми, олтур.
УУЛКАН: Азиз...
БЕРМЕТ: (ызалуу) Куураган Саадат эже. Чындыктын түбүнө жетем! — деп. Ой, жөн эле олтура бербейби. Кайсы чындыктын түбүнө жетет?! (туурап) Барды бардай айтыш керек. Театрда акыйкатчылык жок! – деп. Мына акыйкатчылык! Аны тез жардам менен алып кеткенине «кээ бирөөлөр» кейип да коюшкан жок. Керек болсо эжеден эртерээк кутулсак экен деп, жан далбас уруп жүргөндөр да арабызда жок эмес. (тыным) Тоону томкоруп салышкансып, Саадат эжени алып кетээри менен, — Чай ичели кыздар! — дешип, жаман көк чайнекти көтөрүп жүгүрүп жүрүшөт. Эмне, эмне, бака жутуп алдыңарбы?! Эмне унчукпайсыңар?!

Музыка. Оор тунжуроо.

УУЛКАН: Азиз...
АЗИЗ: Азыр киргизбейт го...
БЕРМЕТ: (өзүнчө) Кайдан жүрүп ушул «Театр» деген оорууга кабылып калдым. Театрдан эмне таптым? Кара жанды карч урганга жараша жок дегенде алган айлыгың дурус болсочу. Аякка тартсаң аякка жетпейт, быякка тартсаң быякка жетпейт. Мага чала! Ата — энемдин сөзүн укпай. (тигил экөөсүнө) Эмнежалдырайсыңар?!
УУЛКАН: (жалдырай) Сага эмне болду?
АЗИЗ: (тарткынчыктай) Биз эмне...
БЕРМЕТ: (кекетип) Биз эмне? Кептин баары ошо бизде жатпайбы! Саадат эженин түбүнө жеттик окшойт.
АЗИЗ: (сестене) Андай дебе.
БЕРМЕТ: (каткыра) Азиз, чын өлгөн менен чала өлгөндүн эмне айырмасы бар. Биздин театрга келгени эженин ар бир клеткаларын бирден өлтүрүп келебиз. Аяган эч ким жок. Кече чогулуштан чыгып кеткени бир башкача болчу. Сигарет барбы. Берчи?
АЗИЗ: (тиктеп калат) Тартпай эле койбойсуңбу. Фильтри жок, ачуу.
БЕРМЕТ: (силкине) Эмне? Ачуусунан уулугуп өлүп каласың дейсиңби.
АЗИЗ: Өлбөйсүң го, дегинкисин айтам да. Ме.
БЕРМЕТ: (катуу үйлөп) Тигилердин ушагынан уулугуп өлгүчө, тамекинин уусуна уулугуп өлгөн артык. (ыргытып) Түф! Ачуу экен. (тыным) А, ушак дегениң мындан да ачуу да. (кыжырлуу) Эки экиден эбиреп, жебиреп олтуруп, эженин түбүнө жетишти. Эй, жашооң ушул болсо...
УУЛКАН: Фестивалга катышабыз деп, биздин таламыбызды талашып «тигилер» менен жаман жакшы айтышып калды. Ушинтип олтурсак эки экиден бөлүнүп, эмне болоор экенбиз.
АЗИЗ: (көпкө тигиле) Уулкан, сен уктап ойгондуңбу? Сен эми бөлүнөйүн деп жатасыңбы. Бөлүнгөнүбүз качан. Биз бытырап, бытырап кеттик!
УУЛКАН: (мукактана түшөт) Ооба. Мен... мен...
АЗИЗ: (кол шилтей) Колуңдан эч нерсе келбей байкуш болуп турсаң, башыңдан сылайт. Тыңыраак болсоң ушинтип башка чабат.
БЕРМЕТ: (наалып кирет) Алтын медалдан куру калып жаткансып, арзыбаган бир барак кагазга алданып, ич ара бири — бирибизди сатабыз. Эки — экиден бөлүнүп, бири — бирибиздин көзүбүздү чукуп жатабыз. Анда да канбай табабыз, керек болсо көзүн тазалаганга чейин барабыз. Кошоматчылык. Калп сүйлөп жагынуу, калпжасакерленүү... Чындыкты айттыңбы. О – оо, анда эле тирүүлөй өлгөнүң. Өөдөлөсөң бутуңдан тартат. Көзүң көрүп турса баары майдай, көзүң мындай болду дегиче жазаңды ошондо берет. Көтөргөнү көтөрөт, көтөрбөгөнү чындап өлөт!Кыскасы, ишиң бүттү дей бер!
УУЛКАН: Адамдарга түшүнбөйм. Биздин театрда элеби, же... Бирок, таланттуу адамдардын душманы көп болот дешет го.
АЗИЗ: Сырттагылардын кимисине керекбиз, биз өзүбүздү өзүбүз жейбиз. Баса, кыздар. Былтыркы фестиваль эсиңердеби?
УУЛКАН: (ызалуу) Аны кантип унутасың. Эстеген сайын басынып кетем. Эмне үчүн бизде ынтымак жок? Эмне жетпейт?!
БЕРМЕТ: Бир барак кагаз! Болгону ошол. Сыйлык! Сыйлык! — деп жүрүп бири бирибизди жеп, беттен бет калбайт, кептен кеп калбайт! (кол шилтей) Ээ, койчу!
УУЛКАН: (эстей) Уят! Уят! Жөн чыкпай шыңкылдашып... Алигиче көз алдымда. Өзүбүз өзүбүздү сыйлабасак бизди ким сыйлайт.
АЗИЗ: Эми минтип Фестивалдын алдында ушул чогулуштун кереги бар беле?..
БЕРМЕТ: (силкине)Ии, анан, чогулушта былтыйып олтуруп албай, сүйлөбөйт
белеңер. Маселени кабыргасынан койбойт белеңер. Ошол спектаклди да Саадат эже койбоду беле. Жакшыбы, жаманбы элдин катарынан калбай сыйлык алдык. Керек жерде сен да тилиңди жутуп аласың Уля. Жаман көрүнгүң келбейт.
УУЛКАН: (ызалана түшөт)Өзүңчү? Сен деле оңой карышкыр эмессиң!
АЗИЗ: Эй, кыздар койгула. Урушуп кетпегиле. Мен азыр келем. (кетет).
УУЛКАН: (ойлуу) Бека дейм. Ээ, койчу.
БЕРМЕТ: (алыстан тигиле)Ыя? Эмне мага таарынып калдыңбы? (күлүп жиберет) Таарынганда «койчу!» деп калчу элең. (кучактай) Уля, Уляжан.
УУЛКАН: Сага кутурган эле киши таарынбаса, соо киши таарынбайт. Сурайын дегеним...

Ордунан тура алыска тигиле туруп калат. Бир топко оор тунжуроо.

БЕРМЕТ: (ойлуу) Бир заматта эмнелер болуп кетти.
УУЛКАН: (ойлуу) Бека, таланттуу адамдар эрте өлүшөт дешет, ошол чынбы? (ойлуу алыска тигилет) Менимче чын.
БЕРМЕТ: (селт эте) Оозуңа таш! Кайдагыны баштабай жөн олтурчу. Мен өзүмдү мисалы, — Аябай таланттуумун! — деп, ойлойм. Бирок азыр өлгүм келбейт. (шашкалактай) Кое турчу шаштырбай. Жок дегенде күйөөгө тийип, турмуштун даамын татып анан жөнөйлү. Бетти жел өппөй, эринди эр өппөй, ушул турушубуз менен кетип калсак убал го. Анан “тигил жактагы жуучуларга” жулмаланып... Кандай дейсиң?
УУЛКАН: Э — ээ, койчу! Сага баары эле тамаша. Жөн сүйлөсөң башың ооруйт.
 АЗИЗ: (шашып кирет) Кеттик кыздар. Болгула!

 

ҮЧҮНЧҮ САХНА

Музыка. Сахнада ар түрдүү кейипкерлер пайда болот. (ушул көрүнүштү экран аркылуу көрсөтсө да болот). Дүйнөдөн өтүп кеткен Муратбек, Бакен, Даркүл эжелер баштаган сахна чеберлери. Арасында Саадат. Тигилер Саадатты өзүлөрүнө кошпой, улам четке чыгарып салышып жатышты. Сахнанын ортосунда ак жоолук жатат. Саадат жоолукту алып, жаңы ийнине салаарда бирөө жоолукту тартып алат. Бул жигит Марсел эле. Экөө тиктеше түшүшөт. Саадат Марселди тегерене карап, анын ийниндеги этюднигин акырын колу менен сылайт. Марсел үнсүз жылмая тескери бурулат. Музыка күчөйт. Саадат Марселдин артынан ээрчийт.

СААДАТ: Марсел сен кайда? Бул менмин. Саадатмын. Бүгүн репетиция болобу? Биз тартылган кинонун жумалыгы жүрүп жатат. Мен силерди күттүм. Марат байке көрүнбөйт да. Эмне унчукпайсың?

Марсел унчукпайт. Ары жактан Марат пайда болот. Саадат сүйүнүп кетет.

СААДАТ: (сүйүнө) Марат байке, мен сизди издеп жүрбөймбү. Театрда иш көп, кармалып калдым. Кызык, Марсел мени тааныбай койду. Сиз эмне унчукпайсыз? Силер кайда? (өзүнчө) Булар эмне менден качат? Жаңы кино жөнүндө сүйлөшөбүз дебедиңиз беле. Же, мени тарткыңыз келбей калдыбы? Менин терс кыялымдан чарчадыңызбы? (жигитке) Марсел сен эмне этюднигиңди асынып алгансың, алма бакка барасыңбы? (таарына) Эмне үчүн мага айтпай жалгыз кетип бара жатасың. Кое тур, чогу барабыз. Үшүп да кеттим. (тигиле) Алдыгы желетиңди жаап койсоң кантет. Съемка учурунда далай үстүңдү жылуулап жаап, ысык — ысык чай кайнатып берчү элем го. Унутуп калдыңбы. (кыткылыктай ырахаттана күлүп) Тэ – ээ, ашуудагы окуя эсиңдеби, Марсел? Аз жерден колу — бутубузду үшүккө алдырып жибере жаздабадык беле. Эсиңдеби? (кыялдана) Мен анда студентка элем. Ошондогу суук ай! Тянь — Шандын тоолорунун суугунун жанында Москванын суугу жөн эле жаз турбайбы деп күлгөнбүз. Ошол күн такыр эсимден кетпейт. Эсиңдеби? Сен экөөбүз бир тондун ичиндебүрүшүп... Баары эсимде.

Сахна караңгылап кайра жарык болот. Музыка. Элестер кетет. Сьемка учуру. Катуу бороондун ыркырап ызылдаган үнү. Чоң кара тондун ичинде Саадат менен Марсел колу — буттарын ушалашып,бүрүшүп олтурушат. Тээ, ары жакта кара тончон Марат бороон качан токтойт дегендей тээ бийик тоо баштарына көз жүгүртүп,ары — бери басып жүрөт.

КЫЗ: (кылыктана) Карасаң Марсел, тоолор кандай бийик. Анан да сүрдүү ээ?
МАРСЕЛ: (ойлуу) Бийик! Бийик!
КЫЗ: Эмне анча ойлонуп калдың?
МАРСЕЛ: (тоолорго тигиле) Тоолор бийик. Бирок да тоодой жүктү көтөргөн адам андан бийик! Тээтиги топозчуну көрдүңбү.(ойлуу) Адам... адам... Баарынан адам бийик!
КЫЗ: Кайгынын муңун коштоп,
Жарыктык жамгыр төктү.
Шарпылып жээкке урунуп,
Шаңы жок — Өмүр өттү...
Мендеги сыр,
Сендеги сыр,
Бүтпөс жомок,
Бүтпөс ыр...
МАРСЕЛ: (таңдана) Эмне? Сен муну...
КЫЗ: ... Билбедим неге мынча самаганым,
Анда не көңүлүмдү аябадың.
Элесиң көз алдымда калтаарытат,
Жылмайып бир сүйкүмдүү караганың.
МАРСЕЛ: (тигиле) Ой, сен буларды кайдан билесиң?
КЫЗ: Сенин роль жазган тетрадыңдан окуп калгам. Кимге жазгансың?
МАРСЕЛ: (уялып кетет) Тим эле. Оюма келгенин жазып койгом.
КЫЗ: (какшыктай) Чын элеби?
МАРСЕЛ: (көзүн ала качып) Эмне шегиң барбы?
КЫЗ: Билбейм. Бирөөгө катуу ашык болгонсуң го...
МАРСЕЛ: (шыбырай) Кыялы чатак. Айткандан корком.
КЫЗ: Анан ошол бойдон билбей калабы?..

Бир тондун ичинде бүрүшкөн Марсел менен Саадатты көрүп Марат каткыра күлүп басып келет.

МАРАТ: (какшыктай) Олтургандарын. Ии, үшүдүңөрбү?
КЫЗ: Ооба, Марат байке. Тим эле тоңуп калдык. Өлүп калбасам болду.
МАРАТ: Экөөнүн олтургандарын. Тээ тигил ак карлуу чокуну көрдүңөрбү? Бул башталышы гана.
КЫЗ: Омий, байке. Ал жактан накта тоңуп өлөбүз го.
МАРАТ: Тоңгонду али көрө элексиңер.
КЫЗ: (чыйпылдай) Марсел, кыймылдабачы, суук кирип жатат.
МАРСЕЛ: Сен жактан кирип жатат. Марат байке, бороон токтобойт го. Кардын да токтоюн деген түрү жок. Метирлеп жаап салса кантебиз.
МАРАТ: Быягы деле жарым кулач болуп калды. Күндүн да ачылайын деген түрү жок. Күтөбүз да. Кар жааса мейли, бороон токтосо болот эле. Саадат кандайсың?
КЫЗ: (чычалай) Ушинтип шылдыңдабаңызчы Марат байке.
МАРАТ: Шылдыңдаганым жок. Мага сенин алдыгы түрүң абдан жагып жатат.
КЫЗ: (уяла, назданып) Ии — ий, байке, ушинтесиз да.
МАРАТ: Тоолордон коркпойм деп коет.
КЫЗ: (тыкылдап) Тоолордон коркпойм! Суук эле жүдөтүп жатпайбы. Бул жердегилер кантип жашап жүрүшөт болду экен. Бийиктиги эле канча. Кар да токтобой жаап жатат. Бүгүн үчүнчү күн болуп кетти го.
МАРСЕЛ: Кар учурган бороон жаман да. (кызга) Эй, кыймылдабачы.
КЫЗ: (чапанды өзүнө тартып) Сен жактан кирип жатат го. Кыймылдабачы. МАРАТ: (каткыра) А, Саадат, сенин «гооң» башталып калыптыр. Сьемканы
токтотуп кетип эле калсак жакшы болот эле го дегени турасың ээ? Тигини, тигини! Ушул отурушуңардын өзү керемет! Ыя, Саадат, жылуу жерде кучакташтыра албай эсим оочу эле. Ха – ха — ха...
КЫЗ: Ии — ий, ачпаңыз байке. Ичикий, Марат байке жабыңызчы.
МАРАТ: Бирдеме ичесиңерби?
КЫЗ: (шыбырай)Ичкенди коюп, буту — колубузга шыбаганга эле берсинчи.
МАРСЕЛ: (күлүп) Тамашаңызбы? Бербейт го.
МАРАТ: Анда олтура бергиле. (кайрыла) Ой, сен эмне олтурасың. Жүгүр, Кадыркүлгө барып кел. Аның да «Чо – оо! Мо – оо!» деп, кыялы жаман неме. Мени жиберди де. Неси болсо да, директорлордон жолдуумун. Кийинки тартылчуу кинонун директору да Кадыркүл болот экен.

Марсел жүгүрүп кетет.

КЫЗ: Жакшы эже.
МАРАТ: Ооба, сага жакшы болсо болоор. Мен тажадым.
КЫЗ: Мага жагат.
МАРАТ: Бир эки жолу спирт бердирбей койсо жакпай калат.
КЫЗ: А, эми түшүндүм.
МАРАТ: (кат кат күлүп) Тигини. Ошентип айттырбай түшүнсөңөр кана!
КЫЗ: Ай! Ачпаңыз, байке. Жаңыдан жылып келе жатканда...
МАРАТ: Мен эмне үшүбөйт бекем. Жыл ары! (тонго кирип жанаша олтурат) Карачы Саадат, жаратылыштын сулуулугун. Суук, суук дейсиңер. Бир кезде ушунун баарын сагынасыңар. Кыргыздын тоосундай тоо кайда бар? Мындай керемет табигат бизде гана бар. Жазы да сулуу, кышы да сулуу. Силердин оордуңарда болсом, кара тонго тыгылбай кар менен ойномокмун. Буюрса жакында чоң кино баштайбыз. Оо, ошондо Муратбек ага, Даркүл, Бакен, Гүлшара эжелер баш болгон кыргыздын «Корифейлери» менен ойнойсуң.
КЫЗ: (сестене) Ошондой чоң артисттер менен ойной аламбы?
МАРАТ: (эркелете) Сен да чоң артист болосуң! Менин чоң актрисам!

Музыка. Жарык өчүп кайра күйөт. Саадат бурчта бүрүшүп олтурат.

СААДАТ: Бул жер абдан суук экен. Кимди күтүп жатабыз? Олтура бербей башташбайбы. (ыргып турат) Оо, мына Даркүл эже, Бакен эже, Муратбек, Абдраш акелер. Тигинде Имаш, Таттыбүбү, Аят, Жумгалбек, Жумабектер жүрөт. Театр калбай келишкен го. Ии, Марат байке чоң кино деп жатпады беле. Марсел кайда жүрөт. Баарына эле салам берип жатам, бири да мени тааныбайт. Же, жактырбай жатышабы. (сүйүнө) Шеке, Шеримбек! Мени тааныдыңбы? Сен экөөбүз Москвада чогу окубадык беле. (өзүнчө) Тааныган жок. Мен өзгөрдүмбү? Көрүшпөгөнүбүзгө канча болду. (кишиге) Жүрү, аксакалдар жакка баралы. Учурашып койбосок уят го. Сен кайда? Токто, Шеримбек?!
... Кызык, эмне үчүн мени эч кимиси тааныбайт. Таня, Татыбүбү, сен да мени тааныган жоксуңбу? Имаш, Марсел, Бакен эже баарыбыз далай съемкаларда чогу жүрчү эмес белек. Мына, Бакен эже да келди. Саламатсызбы эже? Мен Саадатмын. Марат байке чакырган эле. Келиңиз чапаныңызды оңдоп жаап коеюн.

Аял жактырбагандай кыйгачтай басып кетти. Ошол учурда анын ийниндеги желбегей жамынган чапаны жерге түшүп кетет. Саадат эңкейип алаарда ары жактан бир эркек келип чапанды өйдө көтөрүп аялга жабат.

СААДАТ: Советбек байке?! Сиз... сиз... (таң кала) Сиз да бул жердесизби? Качан келип калдыңыз? Булар эмне, баары мени жактырбай карап жатышат. Менин өзүмдүн ролум бар. Марсел менен Марат байкени күтөйүн. Үшүп кеттим. Бул жер неге караңгы?

Музыка. Караандар көбөйө баштайт. Саадат алаңдап корко баштайт.

СААДАТ: Караандар! Булар кимдер? Эмнеге силердин өңүңөр көрүнбөйт. Эч кимиси үн катпайт. Мен кайда жүрөм? (аялга) Жол узак... Жол узак дейсиңби? Жол көрүнбөйт го. (далбастай жүгүрөт) Жарыкты тоспогулачы! Мен кайда бара жатам. Бул жак аябай суук экен. Мен ушунда эле олтура турайынчы. Ооба, Марселди күтөм.

 

ТӨРТҮНЧҮ САХНА

Больницанын коридорунда Бермет менен Азиз олтурат. Уулкан келет.

УУЛКАН: Киргизбей койду.
АЗИЗ: Киргизбесе абалы оор го.
БЕРМЕТ: Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт.
АЗИЗ: Кимди айтып жатасың?
УУЛКАН: Билип эле сурай бересиңби. Башым да ооруп чыкты.
БЕРМЕТ: (ачуулу) Ай, чоң кыз? Чоң кыз? Бул да өзүнчө чоң! Баары чоң!
АЗИЗ: Убара болбо, укпайт. (оор дем ала) Адамгерчиликке жатпаган иш болду.
УУЛКАН: Чынымды айтсам, мээм жетпей турат. Түшүнбөйм.
БЕРМЕТ: Мышык — чычкан ойнун түшүнүү үчүн анча деле мээнин кереги жок.
УУЛКАН: (шыбырай) Башка театрлар деле...
БЕРМЕТ: Бирок алар жылма, маданияттуулук менен жасашат да. Ий, тигини карагылачы. Жап жаш экен. Эми өмүрүнүн баарын ушул коляскада өткөрөбү.
УУЛКАН: Байкуш десе. Өлүп калбагандан кийин жашайт да. Тигине, сестра кыз келе жатат. Азиз сен сурачы.
АЗИЗ: Карындаш... карындаш...
БЕРМЕТ: (туурап) Тим эле кайкалаңдайт да! Укчудай эмес.
АЗИЗ: Мүмкүн оор операция болуп жаткандыр.
УУЛКАН: (аяп) Аялы бар болду бекен. Коляскадагы жигиттиайтам.
БЕРМЕТ: Мен кайдан билейин. Сен да тажаттың. Тим болчу!
УУЛКАН: А, тигил аялы го. Бечарага боорум ооруп жатат. Тигил белден ылдый эч нерсеси жок жигитти көрдүңбү. Ошол да жашоодон үмүт үзбөй жашагысы келет.
АЗИЗ: Кемпирлердей болбой тынч олтургулачы.
УУЛКАН: Ушинтип олтура беребизби. (чоочуп кетет) Ии, келин чаңырып жатат. Өлүптүрбү?
АЗИЗ: Акырын! Өлгөн үчүн чуру — чуу түшүп жатышат да. Врачтар да жүгүрүп калышты. Акырын болгула. Сыртка чыгып турбайлыбы.
БЕРМЕТ: Эже, эже... Тим эле кайкалаңдайт! Бул жердин сестралары өзүнчө эле министр го! Жооп берип эле койбойбу.
АЗИЗ: Кыздар бизди чакырып жатат.
УУЛКАН: Коркуп жатам.
БЕРМЕТ: Бас! Бас!

 

БЕШИНЧИ САХНА

Саадат кыйналып жатат. Аркы терки баскан бир топ караандар. Караандар бир туруп бийик дөбөлөргө, бир туруп бириндеп ар кайсы жерде дөмпөйгөн бейиттерге айланып жатат. (Бул көрүнүштү бий менен көрсөтүү керек). Элестер. Кайрадан съемка учуру. Марат, Марсел, Саадат.

МАРАТ: Чарчадыңбы?
КЫЗ: Жок, Марат байке. Чачымды жыйнап алайын.
МАРАТ: Кое турчу. Мага ошол жайып койгонуң жагып жатат. Тийбе. Кана, токтогон жерден алгыла. Көздөр жанып, күйүп турушу керек. Силерден жаштыктын отун көргүм келет. Сүйүү! Мага жанып турган сүйүү керек. Темп! Темп! Эми Марселге эмне болуп калды. Марсел!
МАРСЕЛ: Азыр, Марат байке. Саадатты жакшылап көтөрүп алайын.
МАРАТ: Көтөргөнгө шашпа. Саадат эч жакка качпайт. Сөзүң кайда калды? Сөзүңдү айт. Автордун сөзүн айткыла. Кыйраткансып кайдагы бир сөздөрдү кошуп салат экенсиңер. Эй, автор тирүү. Өпкөңөрдү жулат. Кана кеттик.
МАРСЕЛ: Аалам кезип издесем да,
Сендей сулуу таппадым.
Көзүңдү ала качпачы,
Менин сүйгөн аппагым.
КЫЗ: Уялтпаңызчы, жаш мырза,
Чын эле мен болдумбу,
Издеп жүрүп тапканың?
Жүгүрүп жүрөт канчасы,
Кантип кызга жакпадың?
МАРСЕЛ: Айласын айтчы, катылган сырдын,
Айдай кыз, сымап болуп ээрип барам.
Капырай калтырак басып денемди,
Кеп таба албай, кетти бейм менин айлам.
Чачтарыңдан сенин... чачылып кетпеймби?..
КЫЗ: (кыткылыктай) Кокуй! Кокуй! Эми эмне кылам?
Чачылып кетсең кантип жыйнап алам?!
МАРАТ: (кыйкырат) Эмне?! Бул сөздү кайдан коштуң? Саадат автор боло баштадыңбы. Кокуйлабай, сөздү туура айт. Автор силерге кошуп мени жейт!
КЫЗ: (токтоно албай) Ой, боорум ай! Капырай, сөздөрү бир укмуш экен. Чын эле чачылып кетсе, кантип жыйнамак. Сүйүүнүн күчү керемет!
МАРАТ: Ай, али кереметке келе элекбиз. Эмне күлөсүңөр? Күлбө дейм!
МАРСЕЛ: Биз башка нерсеге күлдүк.
МАРАТ: Бүткөндө чогу күлөбүз. Убакыт аз калды. Буларга баары бир.
КЫЗ: Кечириңиз. Азыр. Токтогон жерден ары кетелиби?
МАРАТ: Албетте токтогон жерден. Балдар, менин ачуума тийбегиле.
МАРСЕЛ: Периште дейм! Периштеден эмнең кем... Кул болгонго даярмын мен!
КЫЗ: (тийише) Ии, ошону айтпайсыңбы. Мен үчүн жер кезип...
МАРСЕЛ: Күлдүрбөчү. Жөн турчу эми.
КЫЗ: А, сен мага карап айт. Марат байке көзүңө кыз көрүнүп жатабы.
МАРАТ: Саадат кутурба. Жөн тургун!
КЫЗ: Ой, байке. Мунуң жердегини асмандан издеп жүрбөйбү. Мына мен!
МАРАТ: Кана, кана. Токтотпогула! Темп! Темп!
МАРСЕЛ: Бар болсо эгер чын сүйүү,
Пери кызы, тандаганым сен болдуң.
СААДАТ: Оо, махаббат!
МАРСЕЛ: Уйку качып көргөнчө шаштым,
Дайра кечип, улуу тоону аштым.
КЫЗ: (тамашалай) Бакыттан башым айланып кетти. Автордун сөзүбү, же өзүң жаздыңбы?! (жигитке) Мырза жигит... мен да сизди...
Айтчы жаным, чын сөзүңдү,
Мурда кийин кайда жүрдүң.
Батпай күнүм, атпай таңым,
Мен да сизди издеп жүрдүм.
Бул чын бакытпы?!
МАРСЕЛ: (тиктешүү) Жаш сулуум, сенин дайның укканда...
МАРАТ: Кыймылдабагыла! Мага ушул тиктешүү керек. Азаматтар. Свет! Камера! Матор! Мына ушул көз караш керек болчу. Мына сүйүү. Сүйүү! Марсел Саадаттын бетин жаппа. Көз менен ойногула. Аста тегеренгиле! Кана, кана, эми көтөр! Азамат! Ии, ии, кеттик. Марсел тегерен. Даагы, даагы. Эң сонун! Эми ыргыт! Ыргыт!
КЫЗ: (жигитти кучактай калат) Аа — аа — ай!
МАРАТ: Стоп! Стоп! Азаматтар!!!

Музыка. Кыз менен жигит кучакташкан бойдон катып калышат. Марат сүйүнгөнүнөн кол чаап жиберет.

МАРАТ: Силер мени жинди кыласыңар. Менден кутулдуңар. Эй, Саадат барсыңбы? Марат байкеңди шылдыңдаган кандай болот экен.
МАРСЕЛ: (кубана) Чын эле бүттүкпү Марат байке.
МАРАТ: Ай, Марсел, Марсел. Ыргыт десе кучактап туруп аласың да. Тигинден ары ыргытыш керек эле. Сенин ит кыялыңа чыдаганыма кантип ырахмат айтасың аа?
КЫЗ: Ушинтип шылдың кыласыз да. Мен сизди жакшы көрөм Марат байке.
МАРАТ: Анан эмне дейм. Кел өөп коеюн. Капризка! Сен эмне турасың. Ыргыт дегенде неге ыргытпай койдуң.
МАРСЕЛ: (күлүп жиберет) Ансыз да аз жерден ыргытып жибере жаздадым.
КЫЗ: Жүрөгүм түшкөнүнөн кандай кучактаганымды билбейм.
МАРАТ: Мага сенин ошентип кучактаганың керек болчу да. Жарайсыңар.
КЫЗ: Кийинки киноңузду качан баштайсыз?
МАРАТ: (каткыра) Марсел дейм, мунун менден көңүлү калбаптыр да. Колго түштүң Саадат. Эми Марат байкеңден кутула албай калдың го. Тажайсыңар али.
КЫЗ: (кучактап) Тажабайм, сагынам.
МАРАТ: Менин кичинекей актрисам! Кийин чоң артист болгондо Марат байкеңди теңиңе албай чанып кетпесең болду. Саадат сен буюрса жалпы кыргыз элинин сыймыгы болгон чоң артист болосуң. Муну мен, Марат байкең айтып жатам. Уктуңбу? Бул сөзүмдү унутпа. Кыргыз элинин эл артисти, театр менен кинонун жылдызы – актриса Саадат!!! Эмне мени карайсың, сен да оңой киши эмессиң Марсел. Сени кыргыз эли, — Чыныгы кыргыздын жүзү! — деп тааныйт. Силердин атыңар — Алтын тамга менен жазылып тарыхта калат! Ооба, баары мен айткандай болот балдар. Иштеш керек. Чыгармачылык талбай изденүүнү талап кылат. Мен силер менен сыймыктанам! Ой, силер эмне турасыңар? Эмне мени куттуктабайсыңар? Съемка бүттү.
ЭКӨӨ: Ура! Ура – аа — аа!!! Куттуктайбыз байке!

 

АЛТЫНЧЫ САХНА

Музыка. Саадат баягы калыбында бүрүшүп бурчта олтурат. Караандар көбөйөт. Саадат аларга кошула албай далбастайт.

СААДАТ: Баары эле аркаларын салышат. Кое тургулачы, силер каякка бара жатасыңар? Мени ала кеткилечи. Бул жакка кайдан келдим билбейм. Адашып кеттим. Суук! Суук! Бул жер эмне мынча суук? Ай, ай бала, чапаныңды берчи? Мен сени бир жерден көргөндөй болуп турам да. Жүзүңдү жакшылап карап алайынчы. Жок, ал эмес. Кечирип кой, мен сени бирөөгө окшоштуруп алган экем. Бара бер, жолуңдан калба. Жолдор... Баса, жолдор кайда? Эч нерсе көрүнбөйт да. Мен каякка барам? Каякка бараттым эле? Эй, бала! Мени бирөө сураса ушул жерде олтурат дегин. Унутпай айт.

Жерде жаткан күзгүнүн сыныгын көрө калат. Кечке каранат.

... Күзгү? Бул күзгү мында эмне жатат? Кимдин күзгүсү? Меникиби? Кара, сахнаны чаң басып кетиптир. Суу сээп коюш керек экен. Суу... суу... Көшөгөнүн бул жери да жыртылып калган тура. Чаңын сүрткөн киши жокпу? Айрык, тытык... Булганып кетиптир ээ? Баары кайда кетишкен. Суу берип койгулачы, сээп коеюн. Суу... суу... суу...

Музыка. Караандар алыстайт. Саадат баягы калыбында бурчка бүрүшүп олтура кетет. Грим кабинети. Күзгүнүн алдында кыз олтурат.

МАРСЕЛ: Тук! Тук! Уруксат бекен сулуу?
КЫЗ: Кирип деле калдыңыз жигит. Кириңиз.
МАРСЕЛ: Куттуктайм. Эң сонун болду. Элдин кол чапканын көрдүңбү?
КЫЗ: Рахмат. Сага жактыбы?
МАРСЕЛ: Жакшы ойнодуң Саадат. Уруксат болсо...
КЫЗ: Карасаң ой! Кирип алып эшикти кагып, өөп алып уруксат сураганын. Куудулум. Сүрөтчүлүктү таштап, театрга эле кирип албайсыңбы.
МАРСЕЛ: Жакын жүрсөк сүзүшүп кетебизби деп корком. Бул сага. Кичинекей болсо да чоңдой көрүп, эстеликке сактай жүр.
КЫЗ: Бул кинекей белек эмес. Биздин биринчи кино. Кайран гана кара тон! Канча сууктан бизди сактап калды. Эсиңдеби Марсел, үшүккө алдырып албагыла деп, колу — бутубузга сүрткөнгө берген спиртти сууга кошуп ичип алганыбыз.
МАРСЕЛ: (каткыра) Андай күндөр кантип унутулсун. Баары эсимде. Герой! — деп койчу, каприз кыз.
КЫЗ: (эркелей) Акырын гримди өчүрө элекмин. Бул эмне?
МАРСЕЛ: Премьераңды жууганым. Кантип шампанский ачпайбыз.
КЫЗ: Ушул жерденби?
МАРСЕЛ: Анда менин мастерскоюма кеттик.

Музыка.Кайрадан баягы көрүнүш. Сахнада Саадат менен жалгыз караан.

СААДАТ: Булут да эмес, туман да эмес... Мен адаштым окшойт. (тегерене) Сен кимсиң? Жүзүңдү неге тетири бурасың? (кубана) Марсел! Мен мында сени издеп келгем. Жетелеп алчы Марсел. Неге сүйлөбөйсүң? Мен сага ишенип...
Баягы караан Саадатты көздөй бурулганда чириген баш сөөк гана көрүнөт. Коркуп кеткен Саадат ачуу чаңырат. Музыка. Сахна караңгылайт.

СААДАТ: Аа – аа — ай! Мар — се — ее — еел!!!

 

ЖЕТИНЧИ САХНА

Грим кабинети. Саадат колундагы кучак толгон гүлдөрүн ырахаттана жыттап, столдун үстүнө коюп, креслого олтура кетет. Кол чабуулар, кыйкырган үндөр угулуп турду. — Азаматтар! Саадат! Саадат! Саадат! Эшик кагылып, бейтааныш аял баш багат.

БЕЙТААНЫШ АЯЛ: Кирүүгө уруксат бекен?
СААДАТ: Кириңиз.Жогору өтүңүз.
БЕЙТААНЫШ АЯЛ: Кандай бактылуусуз. Мен ушундай эле... Караңызчы, элдердин кол чапканын. Мен да сиздей актриса болсом деп самаган элем. Бирок, талант дегенди Кудай таала баарына бере бербейт экен да. Абдан арман кылам. Артисттер кандай бактылуу жансыздар!
СААДАТ: Келиңиз, олтуруңуз.
БЕЙТААНЫШ АЯЛ: Жок, белектеримди берип тез кетейин. Жүзгө чыккан чоң энемдин күмүш билээриги. Мына. Кийип күрүңүз. Көз тийгенден сактайт.
СААДАТ: Ай, иий, мыкты колдон чыккан экен. Катуу мактап жибердиңиз го.Сиз мага өтө кымбат белек апкелген экенсиз. Мен өзүмдү ыңгайсыз сезип турам. Бул билээрик чоң энеден калган экен. Ырахмат.
БЕЙТААНЫШ АЯЛ: Арбак колдоп, сиз да жүзгө чыгыңыз. Бүтүн кыргыз эли тааныйт, кандай бактылуу адамсыз. Сиз мактоого татыктуусуз. Сиз бактылуу аялсыз! Кыргыз тарыхындагы бизуккан Жаңыл Мырзаны эми сиз деп элестетип жүрөбүз да.
Жок, жок! Антпеңиз. Мен сизди өтө урматтагандан чын жүрөгүм менен апкелип олтурам. Менде даагы бар. Бири сизде жүрсүн, бири менде. Муну кучактап тура берген турбаймбы.
СААДАТ: Ырахмат. Сиздин жүрөгүңүз кенен экен. Менден бул гүлдү белекке алыңыз. Театрга бат бат келип туруңуз. Баса, атыңызды сурабаптырмын да.
БЕЙТААНЫШ АЯЛ: Апкаарып да турам. Атым Жаңыл Мырза.
СААДАТ: Бул укмуш го! Сиз турмуштагы Жаңыл Мырза, мен сахнада... Оо, сиз экөөбүз эми накта достоштук окшойт. Мына дарегим. Келип тургун Жаңыл Мырза.
БЕЙТААНЫШ АЯЛ: Таанышканыма абдан кубанычтамын. Мен барайын. Жакшы калыңыз. Кол чаап жатышат. Сахнага чыгасызбы?
СААДАТ: Чыкпасам көрүүчүлөр таарынып калышат го. Жүрүңүз.

Саадат сахнага чыгып бир кучак гүл менен кайра келет. Аны менен ээрчип Марат кирет. Креслого кыйшая олтурган Саадат аны байкабайт.

СААДАТ: (өзүнчө) Кандай жакшы адамдар бар. Жаңыл Мырза. Өзү да уяң жан экен. Кара, чоң энесинин билээригин мага бергенин. Мен да сага жакшылык каалайм.
МАРАТ: Браво! Браво! Жарайсың Саадат! Буюрса сенден мыкты актриса чыгат дебедим беле. Мен билгем. Мына... мына... Сен Жаңыл Мырза! Сен Айганыш, Кадича! Анан дагы Курманжан Датка, Софья, Жайдар, Маргарита, Карачач, Сейде, Сур эчки, Тамара, Жамал, Комиссар... Бул чоң жеңиш! Менин актрисам! Сен накта жылдызсың!!!

Эшик кагылат. Марат көрүнбөй калат.

СААДАТ: Ким? Кире бергиле.
БЕЙТААНЫШ ЭРКЕК: Киргенге уруксат бекен?
СААДАТ: Мен сизди тааныбайт экем. Мүмкүн башка бирөөгө...
БЕЙТААНЫШ ЭРКЕК: Жок, жок. Сизге келдим. Таң калбаңыз. Мен сизди студент кезден жакшы билем. Ошондон бери сизди сүйүп, ар бир ойнуңузду үзбөй көрүп келем. Мен сизден аптыгып турам.
СААДАТ: Сиз мени уялтып жатасыз.
БЕЙТААНЫШ ЭРКЕК: Жакындан көрүш үчүн сиз тартылган кинодо элдин арасында кошо жүрдүм. Ал учур мен үчүн эң бактылуу күндөрдөн болгон. (өзүнчө) Аман жүр менин сүйүүм, менин кол жетпеген арманым! (Саадатка) Бул гүл сизге.
СААДАТ: Ырахмат. Эмне дээримди билбей турам.
БЕЙТААНЫШ ЭРКЕК: Өз колум менен гүл берип, колуңузду кармаганыма бактылуумун! Мен бактылуумун! Кошуңуз. Аман жүр. (чыгып кетет).
СААДАТ: Каап, атын да сурабай калган турбаймбы. Ырахмат, бейтааныш адам.

Музыка. Саадат гүлдү жыттап, ойлуу күзгүгө тигилет.

СААДАТ: Силер да бактылуу болгула менин күйөрмандарым. Көрүүчүлөрүм. Театрды сүйгөн жандар. Баарыбыз бактылуу бололу. Ооба, ооба, мен бактылуумун! Бактылуумун! (тыным) Жашоо күрөш деген ушул турбайбы. Касиеттүү театр, куттуу сахнам сага ырахмат! Улуу Теңир... Жаратканым сага ырахмат! Ырахмат!

Музыка кетет. Саадат креслого чалкалай көздөрүн жумат. Ошол учурда сырттан жалаңдаган эки аял кирет. Булар театрдын катардагы артисттери Сейил менен Касипа эле. Экөө албастыдай Саадатты тегерене айланышып, гүлдөрдү туш келди ыргытып, ач тырмактарын Саадатка кезеп жинденишет.

СЕЙИЛ: Өлүп кетээр бекенсиң! Бул өлмөйүн бизге роль тийбей калды го. Көзүн кантип тазалайм!
КАСИПА: Театрда ушул эле барбы?Героина! — деп. Сулуу деп... Бүтпөдү го, муну мактаган кеп! Көзүн чукуп салсамбы, же бетин тытып алсамбы? Көргүм келбейт, көргүм келбейт. Эмнеси сулуу? Эмнеси улуу?! Колдогон кожосу ким?! Баары табышмак. (тигиле) Сыр алдырбайсың ээ, сыр алдырбайсың. Мында бир мандем бар.
СЕЙИЛ: (жакасын кармана) Режиссердун тилин кантип табат? Не иш кылбасын,
жакпаганга жагат. Кудайдын өзү туугансып, тарыхка боло турган болду го санат! Адамдан бир башкача, бүткөнбү буга майтарылбас канат.
КАСИПА: Ээ, дос, досум! Мындайдын жылдызы жерде гана эмес, көктө да жанат!
Көкөлөп эле барат, көкөлөп эле барат. Деги качан сынат да, качан жаны тынат?!
СЕЙИЛ: (безилдеп) Капырай, Жаңыл Мырза эмес, жабышкыр кемпирдин ролуна жетпей жок боломбу...
КАСИПА: Жүрөгү ооруйт дешип. Жанагындай ролдорду ойногондо мунун
жүрөгү бирөө эмес, экөө болуп кетеби дейм. Сүзүлүп олтурганын карабайсыңбы. Кандай айла кылсам?
СЕЙИЛ: (мурдун чүйрүй) Бактылуу менен баалашпа, таалайлуу менен талашпа.
КАСИПА: (ызырына) Бактылуу имиш... Башын жутуп тынсам! Элден эмнем кем менин? О, ошондо сайран курсам. Сахна гана эмес, экрандан жанып турсам! Так ушундай тагдырды Жараткан неге мага берген жок?! Буга келген чоң бакыттын бир үзүмү да мен шордууга келген жок. Билгизбей сызам, ичимде күйөт чок! Дүнүйө жалган, дүнүйө бок!!! Ап… ап... ап… Апчи — хий!!! Туура дейт.
СЕЙИЛ: Мына! Жаңыл Мырза делип, атагы кетти алыска. Бул турганда театрда, биз байкушка роль кайда?!
КАСИПА: Кайда, кайда?! Ай, Сейил, өң бар, түс бар сенде да. Келишкен мүчөң турат кайкайып. Качанга жүрөсүң. Бул бейбактын эбин таппайсыңбы, мындагы талант сенде да бар, «балч» дегизе баспайсыңбы!
СЕЙИЛ: (чоочуй) Ай, кокуй! Бирөө жарым жүрөбү?
КАСИПА: Кийим ташыган кыз го. Акырын. Кетип калды.

Саадат бир калыпта олтура берет. Сырттан Марсел кирет. Сейил менен Касипа капталга жашынышат.

МАРСЕЛ: Премьераң менен Саадат! Эч нерсеге моюн бербе. Иште. Даагы иште. Көк беттигиң, тырышчаагың, тынбай изденүүң сенин куралың.
СААДАТ: (өзүнчө) Жылдызымды өчүрбөгүн Теңирим?! Ушул сахнадан кеткен улуу таланттар, силердин арбагыңарга сыйынам. Бакен эже… Даркүл эже… Муке…
КАСИПА: Ким менен сүйлөшүп жатат?
СЕЙИЛ: Билбейм. Акырын болчу. Мында дубалдардын да кулагы бар.
КАСИПА: Даркүл дегени эмнеси. Анын өлгөнү качан. Муке дейби?
СЕЙИЛ: Оо, дүйнөдөгүлөр чакырып жатат го. Ошондо кетсең кана...
КАСИПА: Бул сен экөөбүздү кетирип, аркабыздан аттанат. Акырын! Бирөөлөр менен сүйлөшүп жатат. Көзүнө көрүнүп жатабы?
СЕЙИЛ: Кайдан билейин. Муну өткөн ооруганда эле өлөт дебедиңер беле.
КАСИПА: Ит жандуу неме турбайбы.
СЕЙИЛ: Биз да театр деп жүрөбүз да! (өзүнчө) Бул качан кетет да, мен байкушка чоң роль качан жетет?!
КАСИПА: Кезеги келсе кетет. Мындан мыктымын дегендер кеткен.
СЕЙИЛ: Алардын да түбүнө сен экөөбүздөйлөр жеткен! Кудай өзүң кечир?! Тобоо! Туурабы, Касипа? Жамандык тилеп бирөөгө, калбайын кокуй күнөөгө.
КАСИПА: Акырын, лакылдабай! Сейилжан дейм, сенин кулагың Жер тыңшаар Мамыттан кем калчу эмес эле. Кулакты түрүп туралы, кандай сыры бар калтырбай угалы. Катыгүн, капталдай турчу. Эч нерсе угулбайт да.
СЕЙИЛ: Созолонбой өзүң турчу! Мен жылып аркасына барайын, ошол жактан сөзүнө кулак салайын.
КАСИПА: Жок, жок. Мында эле тур.
СЕЙИЛ: Неге мынча ичиң тар?
КАСИПА: Билбейм. (чоочуй) Кокуй! Сен эч нерсе сезген жоксуңбу?
СЕЙИЛ: Эмне болду?
КАСИПА: (алаңдай) Билбейм. Муздак бир нерсе серпип өткөндөй болду. Тигиге арбактар келбейби? Астаапыралла!
СЕЙИЛ: (алаңдай) Эмне дейт?! Бирөөгө жамандык издеп жетээр жериме жеттимби? Жансоога! Жансоога! Мага тие көрбө, мен кеттим.
КАСИПА: Жин тийдиби сага. Мына, мен! Мен тирүүмүн, мага тике кара!
СЕЙИЛ: Билбейм, сен айттың го, арбак өттү жанымдан деп жана.

Ушул учурда Марсел Саадатка жакын келип саамайынан сылайт.

МАРСЕЛ: Улуу таланттардын арбагына сыйынганың, аларды урматтаганың. Бул сенин өзүңдүн бийиктигиң Саадат. Арсыздардарга өзүңдү кордотпо.
СААДАТ: (күзгүгө тигиле) Залкарларым! Мен силердин жолуңардын изин кууп, соңуңардан калбай келе жатам. Бирок, силер жеткенге жетемби? Деле, ошол бийиктикке жете аламбы? Көксөгөн улуу максат ушул. Сахнанын касиети колдосун! Оомийин!
МАРСЕЛ: Саадат, сен бийик максатыңдын соңунан кууп келе жатасың. Ошол бийик максатыңдын ары жагында андан бийик максаттар сени күтүп турат. Сен көп нерсеге жеттиң. Сен азыр бийиктесиң.
СААДАТ: (муңдуу) Марат байке, Марсел... Силер бүгүнкү премъераны көрбөй калдыңар. Арабыз суюлуп, канча теңтуштарым кетти. Ар бир сахнага чыкканда көз алдыман элестериңерди өткөрүп, баа жеткис эмгектериңерге таазим кылам.
МАРСЕЛ: Эч нерсеге моюн бербе Саадат. Мен сага ишенем. (көрүнбөй калат).
СААДАТ: (ойлуу) Жашооң өзү кадам сайын мезгил, турмуш элегинен өтүп турат турбайбы.Ооба, билем. Али алдыда көкүрөк сезип, көз жеткен көп эмгектер күтүп турат. Устаттарым! Залкарларым!!! Арбагыңарда колдогула. Колдогула!
КАСИПА: (шектүү)Залкарларым деп жатабы?
СЕЙИЛ: Бул улуу артисттерге сыйынат турбайбы. Залкарларым! – деп. Ымм де... Мындай эл артисттердин канчасы өлүп жатат. Менден кетпесин, калп да болсо куттуктамыш этип коеюн.
КАСИПА: Ай, сен кайда?!
СЕЙИЛ: (жерден гүл алып)Куттуктайм Саадат. Абдан жакшы болду. Ботом, жакшыны жакшы деш керек да. Залдагы элдердин олтургандары, эми аны түшүнсө болот. Айылдан келген немелер... Ой, эч нерсе угузушпай кол чаба берип жүдөтүштү. Тажаганда тээ аркасына барып олтурдум.
СААДАТ: (тура калат) Ырахмат, Сейил. Мен киргениңди байкабай калыпмын. Бүгүн кечке көрбөдүм. Келген жоксуң го деп ойлогом.
СЕЙИЛ: Ботом, сен ойноп жатсаң кантип келбей коем. Мени таарынтпачы Саадатжан. Ансыз да бук болуп жүрөм.
КАСИПА: (калп жылмая) Оп — ээй! Издеп жүрсөм, быякта белеңер. Куттуктайм, Саадат. Келчи өөп коеюн. Жанатан куттуктап коеюн деп мында жүз келип, жүз кеттим.
СААДАТ: Силер кайда жүрдүңөр? Оюндун алдында мен да силерди издеп...
КАСИПА: Неге издедиң эле?
СААДАТ: Фрунзеден борбордун телевидениеси келишкен экен. Силерди сүйлөп берсеңер дегем.
КАСИПА: (ойкуштап) Опей, өзүң эле сүйлөп салбайт белең.
СААДАТ: Канча жылдан бери бир театрда иштеп, ысык — суукка бир күйүп келе жатабыз. Театрды, мени, силерден ашык ким билет.
СЕЙИЛ: (калп өкүнө) Каап, жана мында эле келбей.
КАСИПА: (чымчый) Эмне, муну мактайт белең?! Кошоматчы десе.
СЕЙИЛ: Кокуй, ошондой беле. Баары бир экранга чыгып калмак экем.
КАСИПА: (оштоно чоектой) Каап, Саадат. Сен да кызыксың. Эрте айтып койбойт белең. Театрды айтмакбыз, сени айтмакбыз. Бизге спектакль койбойт деп… Ой!..
СААДАТ: Мени айтып кереги жок болчу. Театр, иштеген коллектив тууралуу сүйлөп берсеңер деп суранган эле. Режиссер сүйлөдү окшойт.
СЕЙИЛ: (кагына) Мына айтпадым беле. Баарынан куру калган турбаймбы.
КАСИПА: (калп экилене) Жетекчилер сүйлөсө болду да. Биз сени көргөнчө шаштык. Ай, кудайым ай! Ушул биздин театр качан оңолот. Чоңураак бир корзина гүл алып коюшса кудай алабы. Күнүгө премъера болуп жатты беле.
СААДАТ: Беришпедиби.
КАСИПА: Качан?
СААДАТ: Килейген корзина ошол театрдыкы. Кыпкызыл гвоздикалар!
КАСИПА: Койчу? Мен байкабай калгам го. Сырттан көп келишиптир.
СЕЙИЛ: Деги абайлап эле ойносоң Саадат. Жүрөгүм ооруйт дейсиң, өзүңдү аяшың керек! Сен ойноп жатканда толкунданганымды айтпа. Биздин куракта... Мен эмне деп жатам. Кечирип койчу?
КАСИПА: Кудай сактасын! Эмне деп тантырап жатасың. Даагы күчөтүш керек. Канткен менен кыйынсың ай! Баягы эле Саадат. Элүүдө деп сени ким айтат. Бакен эже элүүсүндө Айганышты ойногон. Сенин андан эмнең кем? Эртең алдына олтурбасам, элдин чуру чуусунан кээ сөздөрүңдү укпай калып жаттым. Жарайсың! Бас ай, Сейил, машина күтүп калды. Баса, бул гүл сага. Келчи, даагы өөп коеюн.

Калп экилене коштошуп чыгып кетет. Саадаттын билегиндеги билерикти көрө калган Сейил көздөрү чакчая тык токтойт.

СЕЙИЛ: Ии, баса, сага жүзгө чыккан кемпирдин күмүш билээригин белекке берди деп жатышты эле. Ушулбу? Шумдук го. Кымбат болсо керек ээ?
СААДАТ: (жылмая) Ошондой го. Мыкты зергер жасаганы көрүнүп турат.
СЕЙИЛ: Кут болсун. Көп эле жакшылыктарың болуп жатат, эч нерсе белекке бере албай жүрөм. Жетпеген көр оокат.
КАСИПА: Ай, Сейил!
СЕЙИЛ: Ой, баратам! Мени машина күтүп калды. Эртең көрүшөбүз да. Келчи даагы бир куттуктап чын жүрөгүмдөн өөп коеюнчу.
СААДАТ: Ырахмат, Сейилжан. Жакшы бар. Баса, бул гүлдөрдү ала кетчи.
СЕЙИЛ: Уят эмеспи. Өзүм апкелип, кайра көтөрүп кеткеним.
СААДАТ: Жок, алгын. Тигини да ал. Кыздарыңа апарып бер.
СЕЙИЛ: Кыйнасаң алайын. Жөн гүлдөр эмес, биз да роль ойноп калаарбыз. Бизди унутту го. Ойлогон киши жок. Эмне деп жатам. Өзүңө алба. Чогу иштегенден кийин бири бирибизге колдоо көрсөтүп жүрөлү Саадат. Эстүү жансың, мени унутпай жүрсөң. Жанагы теле — пелеси келсе айтып кой. Сүйлөбөй анан, сүйлөйм эле.
КАСИПА: Ай, болбойсуңбу! Күтүп калышты.
СЕЙИЛ: Ой, баратам! Жанды сууруйт го. Мына баратам!

Сейил калп күлө, кайра кайра өөп коштошуп чыгып кетет. Саадат аркасынан ойлуу тиктеп калат.

КАСИПА: (жактыра бербей) Анча эмне жытташып! Мага жамандаганыңды койбойсуң, анан эле жалмалаңдап жойпуланып... Кененчилик кылганыңбы?
СЕЙИЛ: Көзүн тазалаганга күчүбүз жетпесе, калп болсо да көргөн көзгө каадалуу көрүнүп коелу да. Ушу менин ушак — мушак менен деле ишим жок эле. Кээде байкабай сенин «куюн бороонуңдун» ичинде калып калам.
КАСИПА: (акшыя) Деле кой. Ак көңүл, көкүрөгү таза киши!
СЕЙИЛ: Болду, болду. Жүрү кетели, кеч болуп калды. Автобус — тролейбус дегендин баары токтоду го бул убакта. Кол чаап олтуруп баарынан кечиктик.
КАСИПА: Бая эле кете бермекмин. Чай — пайы болуп калабы деп...
СЕЙИЛ: Мен да ошонун жыт жыбырын байкайын десем, мелтирейт эле мелтирейт. Тез, тез басчы ай! Тойдон жок, же үйдөн жок болуп талаада калбайлы.

Экөө ээрчишип жолго түшүшөт. Саадат оордунан тура ойлуу алыска тигилет.

СААДАТ: (өзүнчө) Пендечилик! Пендечилик! Баарына чыдаш керек. Ичээр суу түгөнмөйүн алга умтулуу керек. Али козголбогон канча эмгектер жатат. Касиеттүү сахнам, сага миң мертебе таазим кылам. Пейли жаман бузукулардан, жаман сөз жаман көздөн сакта!

 

СЕГИЗИНЧИ САХНА

Театрдын ичи. Сахнада Уулкан менен Бермет.

БЕРМЕТ: Мынча эмне ойго батып калгансың? Сүйүү күчөгөндө ой басат дечү эле. УУЛКАН: Сага бирөөнү шылдыңдатып эле койсо.
БЕРМЕТ: Өтүгүңдү кычыр кучур кылыпсың. Абайла, пилдин таманындай бутуң менен менин Азизимдин бутун басып алба. Кыз деген мага окшоп «изящный» эле болбойбу. Алла! Алла!
УУЛКАН: Кимди туурап калгансың. Мени арыктатам деп милдеттенме алдың беле. Тийишпечи.
БЕРМЕТ: Оо, алла! Досум мен кайда болсо сенин камыңды ойлоп жүрөм да. Кокус эл барган Кытай — мытайга, Мозомбикке, же тигил эле турган Француздарга барып калсак… Бака — сака, курт — кумурска жеген немелер тазараак эмеспи, эттүүрөөк экен деп, сени да жеп коюшса...
УУЛКАН: Мен сага жегенди көрсөтөм! Эми өлдүң Бермет!
БЕРМЕТ: Дос! Дос! Койдум, койдум дейм! Эл – журт, жардамга – аа — аа! Эми айтчы, таң атпай эмнеге капасың? Жинденип калыпсың.
УУЛКАН: Неге жинденбейм. Ары бассаң деле, бери бассаң деле «гениальный режиссеруңар» качан чыгат экен деп чукулап жатышса. Өзүң кечигип келгениң аз келгенсип, кайдагы мозомбиктерге май талкан кылып салып берем дейсиң.
БЕРМЕТ: Бербей калайын. Андан көрө мени жесин. Бирок кургаган балыктай кылып, жебейт го. Тамаша, тамаша. Саадат эжеге барып келдим.
УУЛКАН: Чын элеби? Жакшы кабарың бар экен. Кандай болуп калыптыр?
БЕРМЕТ: Буюрса жакшы. Эртең чыгат.
УУЛКАН: Ураа!
БЕРМЕТ: Көлөмүң жакшы досум. Көтөрүмүң жок. Нервти сактоо керек!
УУЛКАН: Бүгүн бир иштин майын чыгара иштейли Бека. Эже сүйүнсүн.
БЕРМЕТ: Анда ишке киришели балерина!
УУЛКАН: Какшыгыңды качан коесуң. Сөөгүмдү жондуруп салбасам эле, эми болгону ушул экен да. Ушу мени сага көтөрткөн роль болсо, жонундан түшпөй азабыңды бир берет элем.
БЕРМЕТ: Кудай тааланын кенендигин айтпайсыңбы. Сага келгенде сөөк — саакты аябаптыр. Алдыгы кабыргаларың эле бир боз үйдүн уугуна жетет. Ай, тамаша!
УУЛКАН: (баса жыгылат) Эми чындап көргүлүктү көрөсүң.
БЕРМЕТ: Жан соога! Жан соога!

Кыздар алышып чарчагандан жатып калышат. Азиз келет.

АЗИЗ: Ой, силерди ким жыга чапты?
УУЛКАН: (каткыра) Сүйүүгө батып жатабыз.
БЕРМЕТ: Ооба, жигит, сүйүүгө...
УУЛКАН: Ромео! Асмандагы жылдыздарды карачы. Биздин жылдыздар.
БЕРМЕТ: Жаным Жулетта, Саманчынын жолу деп сенин атаң ат койду беле?
УУЛКАН: Жок, жок, Субанкул деген кыргыз койгон дейт.
АЗИЗ: Кыздар... кыздар...

Кирип келген Саадатты байкашпайт. Азиз туруп калат. Саадат тийбе дегендей Азизге белги берет.

БЕРМЕТ: Да — аа! Жаным Жулетта. Каалайсыңбы асмандагы Айды колуңа алып берейин. Же, Саманчынын жолун алдыңа төшөп салсамбы.Же жүрөгүмдү сууруп...
УУЛКАН: Жүрөк өзүңө керек Ромео. Саманчынын жолун Толгонай менен Субанкул ээлеп алган. Беришпейт го. Оо, сүйүү болсо ошолордукундай сүйүү болсун! Биздин сүйүү ошолордукуна жетээр бекен?
БЕРМЕТ: Сура, сурагын жаным! Же, ууну сенден мурун ичип жиберейинби?
УУЛКАН: Менин ак көңүл берешеним. Сени ач түлкүдөй арык деп чанганы жүрөт. Алгач мага Азизди тартуу кылып, анан ичээр ууңду ичип өлө бер! Кош берешендосум! Кайдасың Азиз? Кайдасың менин Ромеом?!
БЕРМЕТ: (баса калат) Эмне? Эмне дедиң?! Эми сазайыңды берем.
УУЛКАН: Саадат эже... Ой, эже келген тура. Ураа!
БЕРМЕТ: Саадат эже?!
УУЛКАН: Баары Берметтин кылганы.
БЕРМЕТ: Ооба, сага. Көлөмдүү кишиге айла жок экен да. Мага оодарып койбодубу. Кандайсыз эже? Чыктыңызбы?
УУЛКАН: Эми оорубай калдыңызбы эже. Оорубаңызчы.
СААДАТ: Ырахмат кыздар. Мен бая эле киргем. Экөөңдүн тамашаңар мага жакты. Олтургучтар көбөйүп калганбы? Көрдүңөрбү, азыр жөн эле ойноп жатасыңар. Сахнада так ушундай эркин болуу керек. Сахнада жашаш керек кыздар. (аста көшөгөнүн сылайт) Кайран көшөгөлөр... Кара, тытылып кетиптир. Эчак түшүп калат элең, сен да чыдап турасың ээ? Чыда, чыда. Сен экөөбүздүн жайыбызды түшүнгөн жетекчи келгенче чыда! Баары өзгөрүлөөр, баары жайына келээр...
АЗИЗ: Саадат эже, качан премьера болот? Биз сизди уят кылбайбыз.
БЕРМЕТ: Даяр болуп калдык Саадат эже. Баарын сиз айткандай жасадык.
СААДАТ: Анда премьерага даяр экенсиңер да. Жакында!
ҮЧӨӨ: Жакында премьера! Премьера!
СААДАТ: (көздөрү жайнай) Премьера! Премьера...

Музыка. Сахнанын үстүнөн гүлдөр жаайт. Кыйкырган үндөр жаңырат.
 — Браво! Браво! Браво Саадат!!! Азаматсыңар!!!

АЯГЫ

 

2000-жыл. 27-ноябрь. 
Бишкек шаары.

 

© Чынар Калыбекова, 2003

 


Количество просмотров: 2425