Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Мунара Зарипова, 2013. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 23-декабры

Мунара ЗАРИПОВА

Айылга жол

Бул аңгемеде азыркы кезде айрым жаштар акчанын жана жан дүйнөнүн жакырданып кеткенинен жашоонун ар кыл сыноолоруна туш болгону туурасында сөз болот. Ата-бабаларыбыздан калган каада-салттарга маани берип, сый мамиле жасоого чакырган идеяга ээ.

 

I

Жакшы болду, өзү каалап, сүйүшүп-күйүшүп тийгени деле жакшы эмей анан. Билбеген, көрбөгөн бирөө деле ала качып кетсе эмне болмок? Сүйлөшүп, бири-бирин жактырышып уйлөнгөнгө не жетсин? Жалгыздыктан, жокчулуктан кабыргам кайышканынан, суйбөй, сүйлөшпөй көзүмдү жумуп тийип алып мен эмне болдум? Акыры Россияга соодага кеткен бойдон келбей, өзү менен кошо соода кылган бир келинге үйлөнүп, эч болбосо жалгыз кызына жардам бергенди ойлонгон жок го. Эрди-катындын ортосунда сезим болбосо, балаң деле эркекке бир тыйын тура. Кудайга шүгүр, маңдайыма кызымды жазып коюптур. Анын жардамысыз деле турмушум элдикинен кем эмес, өйдө эмес, кылоо-кылоо ортодо. Эл катары кызымды чоңойтуп алдым, эми минтип , айланайыным, бойго жетип, балалыктан баш тартып, өзүнчө түтүн улап, үй бүлөнүн жүгүн артынып отурат. Кагылайыным менин, дегикызым менден миң эсе бактылуу, миң эсе ырыстуу, миң эсе акыл-эстүү, жолдуу болсо экен, ээ жараткан, Алла! Ар дайым ыйманынан адашпай, оң жолдо жүрсө экен. Баш кошкон күйөөсүменен ынтымакта, бакыбат турмушта жашап, ар дайым чогуу болушса экен. Эки көзүм, бар тапканым, бакытым булжашоодо ушул жалгыз кызым, эми өзүң буйруп күйөө балалуу болдум, буюруса неберелүү болом жакында. Миң мертебе ыраазымын сага, жараткан!

Жана эле кызымдын күйөөгө кеткенине ыйлап жатпадым беле, эми неберемди элестетип алып күлүп жатканымды карасаң! Кой, ойлоно берсем мээмдин да айланып калышына аз эмес, деп оюн жыйыштырып, Күлкайыр ордунан турду да, көрүп жаткан киносу тургай, көрсөтүүлөрдүн баары бүтүп, жөн эле күйүп турган сыналгыны өчүрдү.

Саат түнкү бир жарым. Короону бир сыйра карап, дарбазанын илгичтерин текшерип, кебелбей жаткан итин сыламыш этип үйгө кирди. Бөлмөсүндөгү диванына чечинип жатты. Алгач оң жамбаштап, келмени күбүрөп-шыбырап үч мертебе кайталады. Көзүн жумуп уйкуну күттү, бирок башында ой көп, уйкуга орун жоктой.

Кызынын турмушка чыкканына эки айдай болду. Ушул күнгө чейин Күлкайыр көр оокат деп жүрүппү, жебашка себептер мененби жаштыгын, Самат экөөнүн жаңы баш кошкон күндөрүн эстебептир. Самат тигинтип чыккынчыдай уурданып үйлөнүпалгандан кийин дегеле аны менен турмуш болбогондой баарын унуткансып жүрдү эле. Эми кызы, Алтынай турмушка чыккандан бери, негедир Күлкайыр да жок-жок өткөн күндөргө назар салчу болду. Өткөн жылдарды эстеп:

— Аттиң! Ушунча жыл кантип өткөнүн байкабай калат турбайсыңбы? Самат менен чогуу беш эле жыл жашадым. Ал күндөр мен үчүн суз, шаңк этип көңүлдү ачпаган окуяларсыз, зеригип өткөн мезгилдей. Үйлөнгөндөн кийинакча алмашты, өлкөдө каатчылык, жокчулук башталды, ажыраштык. Кызым экөөбүз калдык, чогуу иштеп, чогуу эс алып, чогуу кыйналып, чогуу кубанып мен дагы 45-ке келдим, Алтын кызым 22-ге чыгып калыптыр, деп узун түндө ойлорунан, эстегенден тажап, уйку чакырып жатып кантип уктап кеткенин да сезбей калды.

 

II

Жазында Күлкайырдын кызы Алтынай айылдаш балага күйөөгө тийди. Баланын ата-энеси айылдагы көп карапайым адамдардай эле майда-чүйдө соода-сатык менен алектенип, орто-жоон жашачу. Күлкайырдын күйө баласы Аман да ата– энесиндей соодага шыктуу шыпылдаган жигит. Күлкайыр мындай базар турмушуна баш-оту менен берилип, бат эле сооданын көзүн таап алгандарга бир жагысуктана, бир жагы иренжий карар эле. Суктанганы– өзү эч качан соодага шыктуу болгон эмес, иренжигенине акчага азгырылып ыплас иштерге барган адамдардын жоругу, курбу– курдаштарынын Россиянын шаарларында жүргөндө көргөндөрүн айткандары, баштарынан кечиргендери себепчи.

Мектептен кийин медициналык орто окуу жайын бүтүргөндөн тартып, Күлкайырдын райондогу ооруканада медайым болуп талыкпай иштегенине туура 25 жыл болду.

Ооруканага түркүн тагдырдагы адамдар түшөт. Бирин карап сүйүнсө, бирин карап боору ооруйт. Күлкайырдын колунан кандай гана оорулуулар өтпөдү. Кээде балага эч кандай дары-дармек жардам бербей калса да, не бир кудурет күч аны аман алып калат, а кээде тескерисинче… Кээде ата-эненин балага болгон мамилеси баланы оорукчан кылат, а кээде оорукчан бала ата-эненин аракети, тилеги, мээрими менен бактылуу сакайып кетет. Кээде башка түшкөн дарт адамдын кулк мүнөзүн, жашоого болгон көз карашын түп тамырынан бери өзгөртөт. Бирин жакшы жакка, бирин жаман жакка…

Ушундай нерселерди көп көргөндөнбү, же өзү далай, далай кыйынчылыктарга дуушар болгондонбу, жеКүлкайырдын дээринде, изгизинде ошондой уютку бардыгынанбы, айтор, жыл өткөн сайын кудайдын кудуретине таң бергени артып, эми минтип беш маал намаз окучу болду. Жумушуна кирип баратып, иш аяктаганда кетип жатып:

– Ээ, жараткан, ушул оорулуулардын ден соолугун оңой көр, күнөөлөрүн кечирип, көз жаштарынтыя көр, бейтапканага экинчи кайрылып келишпесе экен– деп тилеп жүрөр эле.

Колундагы жалгыз кызын канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, бөпөлөп багып болгон мээримин аябай чоңойтуп, чочойтуп жаңы турмушка аттандырды.

Чоң окуу жайды көздөгөнгө дарамети келген жок, ошондуктан Күлкайыр кызы менен кеңешип, алгачар кандай курстарга окутту. Бирок айылда кесиби боюнча иш таба албай, аргасыздан иренжисе да өзүнүнкурбуларына кошуп кызын соода-сатыкка үйрөтүүгө туура келди.

Күлкайыр жалгыз бойлукту башынан кечирип, кыз-келиндердин ар кандай турмушуна күбө болгондуктан, кызына ар убак жашырбай кыздын тура жүрүм – туруму жөнүндө айтып турар эле. Өзү да кызына терс таасирин тийгизбейин, жаман үлгү болбойун деп өзүнүн жеке купуя турмушунун четин да билгизмек тургай, шек алдырбаганга аркеттенип , кылдат жашап келген.

Абийирдүү жигитке ажалдуу кийик жолугат дегендей, абийирдүү эненин кызы да абийирдүү болот эмеспи. Кызынын зымпыйып, жаман жолго азгырылбай түз өсүп келатканынаКүлкайыр кудайга, өзүнүн тарбиясына ыраазы болчу. Соода менен алектенипталаа-түстө жүргөн кызынан санаасы тынч эле.

Ошентип, Алтын шаардан айылга товар ташыпжүргөн кезде Аман менен таанышып, андан кийин көпкө сүйлөшүпжүрүп Аманга күйөөгө тийди. Аман Алтындан үч жаш улуу, бирүйдүн улуу баласы. Амандын ата– энеси Кыргызстандын чоңокуу жайларын бүтүрүшүп, туулган айылына келишип, кесиптери боюнча жакшынаакай иш башташкан, бирок көп узабай бул кызык заман башталды. Базар экономикасы деген бөтөн идеология өкүм сүрдү. Убагында булар да көп кыйналышкан, мезгил өтүпжаңы турмуштун нугуна сиңишип, орто-жоон жашап, жандык күтүп, бүтө элек тамын тургузуп, короо-жайын оңоп алышты.

Күлкайыр айылдагы көпкишилерди сыртынан тааныйт, иши ошондой эле. Бирөөнүн кызы, бирөөнүн баласы, иниси, ага-эжеси ооруйт дегендей, ошентип жатып айылдын көбү жөнүндө кабары бар. Амандын ата-энесин тургай, ини карындаштарынан бери билчү. Далай жолу Аманга, ал эмес бир туугандарына ийне сайган. Күлкайырдын куда–сөөгү таза, тыканкишилер, эч кимге залакасын тийгизбеген тынч адамдар. Бул жагын ойлоп кызынын барган жерине куштарланат. Алтынды алган күнү эле Күлкаыйрды кошо алдырып, баарын өз ара сүйлөшүп, кеңешип кескен бармак оорубайт дегендей куда, кудагыйыКүлкайыр менен бир чечимге келишкен.

Күлкайыр:

– Куда, кудагый, мен кызыма колумдан келген билимди бердим, элдикиндей чоң окуу жайга чамам жок, ал жайымды өзүңөр билесиңер. 4 жашынан бери өзүм ата, өзүм апа болуп келатам. Колуңардан, көңүлүңөрдөн чыкканына мен ыраазы болоюн, кызымдын болгон тарбия-тасилине, билимине, жөндөмүнө силер ыраазы болгула. Колуңардан келсе өз кызыңардай үй бүлөңөргө сиңирип алгыла. Кудайга шүгүр, жалгыз кызым дечү элем, кудай буюрса күйө балалуу болдум, андан кийин көрүнгөн тоонуныраагы жок дегендей сиздер да, мен да биринчи неберелүү болобуз. Мунун баарын ойлонсомжөн эле төбөм көккө жеткендей кубанып отурам, – деп ыймандай сырынкубанганынан куда, кудагыйына айтып, алардан өз сөзүнө ылайык жооп угуп бир топ жеңилдей түшкөн.

Амандын ата-энеси үйлөрүнө келин киргизгенден кийин эки ай өтпөй эле Күлкайырга Алтынды төркүлөтүп, калыңдан да кутулушканда, Күлкаыйр:-Ээ жараткан, айланайын, менин бактыма өзүмдөй жоопкерчиликтүү адамдарды насиптеш кылганыңа миң мертебе ырахмат– деп, алган калыңына эмес, күйөсү жок бир жалгыз неме деп кудалары тоготпой койбой, көп узатпай бардыгын жол-жобосу менен бүтүрүп жаткандарына ыраазы болду.

Эми Алтын күн алыс апасыныкына келип жанында бир-эки саат отуруп кетчү болду. Аман экөө эртеден кечкесода менен алек. Жаңылыктардын баарын ошол базардан угушат, ошол базардан тааныш, жоро – жолдош күтүшөт, айтор базар ичи бир чоң ишканадагы жамааттай болуп калат экен. Базарга кимдер гана барбайт, базарда кандай гана окуялар болбойт, кандай гана кептер, ушак-айыңдар тарабайт. Башка мекемелерге караганда окуяларга эң бай, ызы-чуусу көп, тынчы жок турмуш базарда гана болот.

Күндөрдүн биринде Алтын апасына:

– Апа, биздин базарга сырттан келген үч-төрт аял китептерди таратышты. Акысыз, бекер– деп мага да ташташты. Карасаңыз, – деп Күлкайырга бир нече жука, түстүү китепчелерди берди. Күлкайыр мындай китепчелерди мурда көп көргөн:-Тээ мурун борбордо бул диндегилер көчөмө-көчө кыдырышчу, эми базарларды кыдырып калышкан тура, анысы аз келгенсип айыл жерлерге да келишкенин карабайсыңбы. Кимди үгүттөп жүрүшөт деп таң калып жүрсөм, көрсөкыргызмын дегендердин көбү ушул динге эбак эле өтүп алышыптыр– деди кызына карай. Алтындын сөзүнөкараганда базардагы кошуна сатуучулардын көбү ушул динде экен.

Аман менен Алтынайды да үгүттөшүптүр. Булар акчадан кайрылып, тамак-аш, кийим-кечени бекер таратып жардам беришет экен.

– Аман экөөңөр эмне деп жооп бердиңер? – деди кабатырлана түшкөн энеси.

– Мен унчуккан жокмун, Аман күлүп, колубуз бошосо жыйыныңарга барып көрөбүз деп кутулду-деди Алтын.

— А куда, кудагый эмне дешти? Аларга да үгүттөпбарышкандыр? – деп Күлкайыр кайрадан суроо жөнөттү кызына. Кызы энесине:– Ой апа, аларга бары бирдей, бекер оокаттан ким качат? дешип, тамак-аш, кийимден үнөмдөсөк товарга акча үнөмдөйбүз, соодабызды мындан да кеңейтебиз, Аман экөөңөргө там салаганга акча үнөмдөгөнгө жакшы болчудайдешти– дегенде эле Күлкайырнес боло түштү. Төбөгө бирөө байкатпай оор нерсе менен бир ургандай өзүн абдан жаман сезип кетти. Жүрөгү «шуу» деп, бүткөн боюн калтырак басты. Ичинен келме келтирип, кызына сыр алдырбаганы менен кабагы бүркөлө түштү. Алтын апасына тура эмес нерсе айтканын түшүнүп, сөздү башка жакка буруп, ар нерсени сүйлөпжатты.Унчукпай отурган Күлкайыр:– Коетурчу, а сен, сен кандай деп ойлойсуң? – деп өткөн сөзгө кайрылып, кызынын сөзүн бусту.

– Апа, алар үгүттөп койсо эле элдин баары ошолорду ээрчип кетмек беле? Алардын сөзүн тура көргөндөр бар, көрбөгөндөр бар, бул динди кабыл алгандар бар, албагандар бар. Менден сарсанаа болбоңуз, мен сизди көрүп чоңойдум го. Аман деле аларга маани берген жок, – деп сөзүн бүтүрдү Алтын.

Күлкайыр кызын узатып коюп, көпкө ойлуу отурду. Эсине мындан 4-5 жыл мурун айылда болгон окуя түштү.

Айылдын четинде корголонгон коргону жок, чоң эски тамда кары кемпир эки небереси менен турчу. Ал кемпирдин бала-чакасы кайда, эмне болгонун эч ким деле билбесе керек. Келгиндер эле. Кайдан көчүп келишкени белгисиз. Кемпир базарда короз момпо, мисте сатып эки баланы бакчу. Неберелери мектепке барып-барбай, жамачы-жыртык кийимдерди кийип жүрүп чоңоюшту. Улуу небереси мектепти бүтүп, экинчиси8-классты аяктаган кезде кемпир оо дүйнөгө карап кетти. Эки эркек бала ээн калышты. Эркелетип караан болгон жалгыз адамы, атанын да, эненин да мээримин берген опол тоосу кулап, балдар көпкө чейин үйгө кире албай, энеси менен кошо бүт жашоо токтогонсуп нес болуп журүштү. Алгач коңшу-колоңдору бирин-серин кирип балдарга тамак-аш, кийим–кечеден кайрылып жатышкансыды. Бирок ар кимдин турмушу өз башында экен. Аларды балдар үйүнө же башка ушундай мекемелерге жайгаштыруу жөнүндө эч ким деле кам көргөн жок. Балдарөздөрү менен өздөрү кала беришти. Ачка калган күндөрү , кышында бир чырпык отуну жок үшүп, ооруган да күндөрдү баштарынан чегеришти. Кичүүсү энесин эстеп ыйлай бергенин көргөн бир аксакал:-Эстегенде ыйлагандан көрө, мечитке тез-тез барып куран окутуп турсаң энең сага ыраазы болот, кудай аны сенин тилегиң менен бейишке чыгарат, –дегенден кийин, куран окуп турайын деп мечитке барып жүрүп, куранды үйрөнүп, беш маал намаз окуп, колуна теспе кармап, тамакты ылгап жечү болду. Бирок дале өлгөн энесин эстегенде көзүнүн жашы он талаа болуп, энтиккенче ыйлап жүрдү. –Сен антип көп жашыба, өтө көп кейигенди Аллах-таалам да туура көрбөйт. Келегой андан көрө мынабу тамакты жеп курсагынды тойгуз, –деп жылуу сөзүн айткан, кейиген баланын көңүлүн көтөргөн молдонун жанынан чыккысы келбей, баягы жетим бала мечитке таң эрте келип, жатаар маалда үйүнө кайтчу. Улуу агасы ар кимге жалданып куруучу болуп да иштеди, бирөөнүн малын да бакты, акырында базарда жүк ташып жүрүп, ошол жердегиашканада идиш жууган кызга баш кошту. Алган аялы Алтын айтып келген сектада экен. Аялы гана эмес кайын журту бүтүн бойдон тымызын элге билгизбей ушул сектага эбак кирип, алардын китепчелерин таратып, айткандарын жазап, алардан жардам көрүп жүрүшүптүр. Кийин күйөбаласын дакөндүрүштү. Кичүү үкөсү ээн тамда жалгыз калбасын деп, акеси келинчеги менен көчүп келип, чогуу жашап калышты.

Жеңеси түзүгүрөк тамак жасаган күндөрү кайниси:-Энемдин арбагына куран окуп коелучу, – десе тигил экөө баштарын жерге салып унчукпас болду. Өзүнчө куран окуп, бата кылып жеңеси менен агасынын бата кылбагандарына таңкалып кала берчү.

Акесинин жакасы агарып, шылынган жаактарына эт толгонун, үйдө аздыр-көптүр тамак-аш азык пайда болгонун көрүп үкөсү куштарланып жеңесине боор тартып,жеңесин сыйлап жүрдү. Бары эле жакшыдай. Үйдө аял киши болсо үйгө кадимкидей кут-береке кирет экен. Аңгырап бош калган короонун ичи толуп, үйгө киргенден заарканбай калышты. Бирок күн өткөн сайын акеси менен үкөсүнүн ортосунда билинбей чоң ажырымжаралганын бала немее этибарына албай, бир жагы түшүнө албай жүрө берди. Акесинин мектеп достору андан кол үзгөндөрүн, эми агасы жоро-жолдошсуз калганын көрүп үкөсү:-Ортоңордо эмне болду аке? Болот, Мирбек акелер биздикине келип турушчу эле, эми көптөн бери келбей калышты го? – деп бир нече жолу суроо берип, түшүнүктүү жооп ала алган эмес.

Күндөр өтө берди. Акесинин уулу 1ге чыккан жылы иниси агасына:

– Эми кудай буюрса жакында тушоо тоюн өткөрүп, андан 2,3 жылдан кийин сүннөт тоюн өткөрөбүз да ээ аке? – деп күлүп кайрылса, акеси оройо карап: -Эмне дейсиң? Бизде антүүгө болбойт. Алдагы сен окуган кураның да, колуңдагы теспе да, жана башка ырым-жырымыңдын бары болбогон кеп. – деп жооп берди. Үкөсү таңкала түшүп:– Аке, сизге эмне болгон? Биз кыргызбыз да, мусулман экенибизди унуттуңузбу? Деги түшүнбөй жүрөм сизди, –деди. Үкөм, мен мусулман болуп көрдүм, атабыз ким, энебиз кайда экенин билбей, жамачы-жыртык кийип, бирде тоюп, бирде тойбой чоңойдукко.! Эмне жакшылык кылды бизге сенин кудайың? А мына Адашты (аялын айтып) алгандан бери оңуп калдык го, мага ушул Адаштын кудайы жардам берип жатат. Сен деле бизге кошул, мына кийим десең кийим, оокат-аш, кээде анча –мынча акчадан да жардамдашат. Сага окшоп беш маал намаз окуп, даарат алып, эттин адалын тандап, арак ичпей өзүңдү кыйнабайсың. Каалаганыңды жеп-ичип жүрө бересиң. Болгону мына бу китептерди окуп, эл арасына көбүрөөк таратып, биздин арабызга жаңы адамдарды киргизүү. Ондон ашык киши киргизсең, биздин түнкү жыйыныбызга кирүүгө уруксат аласың чоңдорубуздан. Ээ, үкөм, жыргал ошондо. Ырдайбыз, бийлейбиз, тамаша курабыз жана да башкалар болот... – деп ырахаттана жылмайып, өзүнчө таттуу улутунуп сөзүн токтотту. Үкөсү унчукпай көпкө отурду. Бир кезде:

– Аке, биз кыргызбыз го, ал кандай дин ата-бабалардан, кылымдардан бери келе жаткан салт-санаңдан, үрп-адаттардан баш тарттырган? Чөйрөңөн бөлгөн, үй бүлөгө бүлүк салган? Эми эмне энемди жөн эле эскерип, куран да айтпайсызбы? Мейли сиз сиз болдуңуз, а балаңыздын келечеги кандай болот, чоңойгондо мен киммин? – деп суроо берсе эмне деп жооп айтасыз? – деп суроолоруна жооп болборун түшүнсө да сөзүн айтып алып үйүнөн чыгып кетти үкөсү. Байкуш баланын мечиттен башка барар деле жери жок болчу. Мечитке жеткиче бир кызык ойлор бүт турпатын басып алгандай, бири келип, бири кетип, болгон сөзгө өзү да ишенбей, көздөрүнөн жаштар куюла берди, куюла берди. Көптөн бери түшүнбөй жүргөн көп нерселер ачыкка чыкты бүгүн. Молдого болгон окуяны айткандан уялып, куптан намаздан кийин бир шылтоону айтып үйүнө барбай койду. Акеси артынан издеп келген жок. А бала ичинен абдан күттү. Түн ортологончо кулагын түрүп, шырп эткен үндөн башын көтөрүп, үмүт үзбөй, а балким акем:– Үкөм, мен тамаша айтсам сен ошого ишендиңби? Андай кантип болсун, мунун бары тамаша, сени эмне кылар экен десем сен чын көрүп алдыңбы? – деп келип калар деген ой менен үмүт үзбөй, таң аткыча ойго жатты. А бирок ал ойлогондой болгон жок. Чыркыраткан чындык эч кимди аябайт экен, не алсыз кары адам болсун, не жаш, эч кандай күнөөсү жок бала болсун.Жаш баланын башына көп ойлор келди. Ал ойлор жылчыксыз темир тордой аны курчап алып бушайман кылды. Кемпир өлгөндө ушинтип мүңкүрөтө ой басты эле байкуш баланы, азыр агасы кайдагыны сүйлөп, заманасын кууруп ойго салды. Баланын кулагына :-Ушул сенин кудайың эмне жакшылык кылды бизге, айтчы?! – деген сөздөр улам ,улам жаңырып жатты. Ошол сөздөр жаш баланын басса-турса оюн ээлеп, мите курттай четинен кертип жей баштады. Оюн бөлүшөргө же жакын досу жок, же тууган-туушкандары, же аны туура түшүнөр адамы жок бечара бала абдан чайналды. Бирок ошол акеси экөөнүн ортосунда болгон сөздөн кийин көп узабай же каргашалуу кырсык болгонбу, же атайындаппы , айтор, айылдын баш жагында чоң шар аккан суудан баягы жаш баланын сөөгүн табышты.

Бул окуя болгондон кийин айылдын эли көпкө дуу-дуу болуп, сөз кылып, жакаларын карманышып жүргөн. Анткени, айылда ага-ининин ортосунда болгон сөздү угуп алгандар бар экен. Дубалдын да кулагы бар деген сөз бекер чыкпаса керек. Айылдын эли акесин жээрип, алик бербей, анын алигин алышпай койгон эле. Үкөсүнүн өлүмүнөн кийин элден чыгып калган акесиүй бүлөсү мененбелгисиз бир жакка житип кеткен эле. Ошол кезден көп өтпөй тобоо кылып жакасын карманган көп элдин ичинде эң ыйык тутуп, сактап келген ата-бабаларыбыздан калган тилибизди, динибизди, жерибизди, адеп-мурастарыбызды акчага сатып, алтынга алмаштырыш, мансап үчүн алардан баш тартыш намыс, уят, эрөөн деле болбой калганын карачы? Базар идеологиясы, жокчулук адамдын түбүнө жетет окшойт? Жаман курсактын айынан, дүнүйө, мүлк үчүн адам балсы кандай гана жолго барбайт. Адам баласынын жашоосунда анык азгырык, анык адаштыруучу – ушул көр оокат, наркы жок жылтырак-жултурак, келечеги, жугуму жок байлык тура көрсө. Аны ким билет да , ким туят. Ачка турса анын кимге кереги бар да, кимге кереги жок. Өлгөндөн кийин эмне болорун бир да өлүк айткан эмес, ошондуктан бир жашайбыз, бир жыргайбыз, баарын көрүш керек, армансыз жашаш керек, эч нерседен уялбаш керек деген ураан менен жашагандар арабызда арылбай, тескерисинче көбөйгөндөн көбөйөт... – Күлкайыр ушунун баарын ойлонуп,эстеп отуруп мээси чарчаганынан шуу үшкүрүп, ордунан туруп бакчага жөнөдү.

 

IV

Арадан күндөр өтө берди. Эртең менен адатынча жумушка, жумуштан кийин үйгө. Кээде кечкисин кудагыйы жалгызсыз деп кечки тамакка чакырып калат. Алтындын да ай -күнү жетип калган, ошондонбу кызын бир аз ой баскандай. Күлкайырдан бир нерсени жашыргандай.

– Кызым, кантип көз жарам деп күн мурунтан ойлонуп, эмитен жүрөк заада болбо айланайыным, баары бир Алламдын колунда. Андан көрө кудайдан жеңилин бере көр деп тиле, балаңдын, өзүңдүн ден соолугуңду тиле кагылайыным, – деп, чекесинен өөп, торсойгон курсагын сылап, бала кезиндей эркелетип, жүрөгүн жибитип Күлкайыр кызын кучактап көпкө отурду. Алтынай негедир толкундана апасынын көздөрүнө тике карап:-Апа, мен сизди тарткам, менин турмушумда кандай гана кыйынчылыктар болбосун мен өзүмдүн чыдамкайлыгым менен жана өжөрлүгүм менен ал кыйынчылыктарга туруштук бере алам. Бирок, бир эле үй бүлөдө такыр кошулбас көз караштар чогуу жашаганга мүмкүнбү, сиз кандай дейсиз? – деген суроосу менен Күлкайырды айран-таң кылды. Күлкайыр сөздүн төркүнүн түшүнгөнсүп, кызына жооп берердин алдында бир аз унчукпай отурду. Эмне десем, кандай жооп тура болот дегенсип жерди тиктеп турду да, кызынын суроосуна тике суроо жиберди:

– Аман экөөңөрдүнжашоого көз караштарыңар төп келишпей жатабы? Алтынай апасына шашпай,жай олтуруп болгонун болгондой айтып берди. Аман баягы китепчелерди тараткан аялдар менен жакын таанышып, алардын жыйындарына бара баштаптыр. Жыйындарга катышкан сайын анын мүнөзүндө, жашоого болгон көз караштарында чоң өзгөрүүлөр боло баштаган. Китепте жаман деле нерсе жазылган эмес экен, бирок турмушта ошол жазылган туура нерселерди такыр биздин калыптанып калган көз караштарга ылайык эмес колдонушат экен. Жыйын өткөргөн адамдар гипноздоп коюшабы, же кандай, айтор, Аман өзү эле барып тим болбой ата-энесин да азгырып жүрүп, акыры апасы да эми китеп тарата баштаптыр. Эми Алтынды да мага, апамажардамдаш деп кыйнап калган күндөрү болот. Аман менен Күлкайырдынкудагыйы 3,4 айдан бери жарымжума соода кылышса, жарым жума алыскы айылдарга барып жанагы китептерин таратып, үгүттөө иштерин жүргүзүшөт. Кийинки жыйында тараткан китептердин санына ылайык маяна алышат же өздөрүнүн садага салыгынан бошотулушат. Үйдө да тамактан кийин бата кылбай, телевизор көрбөй, ал тургай альбомдорду да бекитип жок кылышты. . Башында тоготпой эле жүргөн Алтын эми бул азгырык канчалык деңгээлде анын жакындарын соруп баратканын көрүп үрөйү учуп, эмне кылар айласын таппай кыжалат болот. Кайын -журту, кайынатасынын тууган-туушкандарынан четтеп, кандайдыр бир өзүнчө бөлүнүп алган мамлекетке окшоп баратканын, төрөлө элек баласынын келечегин ойлоп санаасы санга бөлүнүп жатканын айтып жатып, өз ойлорунан өзү коркконунан ыйлап да жиберди. Бир аз сооронгондон кийин:

– Апа, бул дагы эч нерсе эмес, балээнин баары ииий, башкада болуп жатпайбы. –Дагы эмне дейт, ыя айланайын, эмне шумдукту айтканы турасың? – деп Күлкайырда жан жок. – Апа, ушундай секталарга кирип алгандарды кийин өлгөндө мечиттин молдолору көрүстөнгө койдурбайт экен, кайда алпарсаң өзүң бил дешет экен, ал эми эркек балдарына алар сүннөт жүргүзүшпөйт экен. Мунун баарын билгенден бери менде уйку жок, апа, жегеним желим, ичкеним ириң болду. Курбуларым күйөң айбан болуп калган го, же тиги капыр аялдар башын айлантып алышкан го акчасына кызыгып деп мени жемелешет. А мен эмне кыларымды билбейм, чыдай албай калдым, ошондуктан сизге бүгүн төкпөй –чачпай айтып жатам, – деп көзүнүн жашын он талаа кылып кызы ыйласа, ага кошулуп Күлкайыр кошо ыйлады. Мындай жаңылыкты күтпөгөн Күлкайыр, көзүнөн жаш агып, оозунан сөзү түшүп, шалдайып отуруп калды. Бу кандай? Менин башыма улам эле таш түшө береби, ыя кудай? Мейли мен мен болдум, кызымда не жазык? Эми кантип жашайт? Эми кандай кылам? Кызымдын тагдыры да меникиндей болобу? Адал жашап, эч кимге арам оюубуз жок, тынч жашап жүрсөк деле ушинте беребизби? Акыйкаттык кайда, ыя айланайын кудай? – деп санаасы санга бөлүнүп,башына батпай, эки чыкыйы түрсүлдөп, тамыры эмес башы кошо жарылчудай, башы ооруп чыкты. Кызына үн каткан жок. Бир аздан кийин өзүнө келгенсигенде:

– Алтын, баш оорунун дарысын берип койчу, –деди. Дарыны ичип бүткөнчө кызынын абалын, Аман экөөнүн сүйүүсүн, болочок небересинин келечегин, айтор, көп нерселерди ойлонгонго үлгүрдү:-Алтын, айланайыным, көп кабатырланба, өзүң айткандай үгүттөсө ээрчип кете бергендей элдин деле башы бар. А балким кудагый менен Аман убактылуу кошумча айлык болсун деп, же дагы бир максаттарды көздөп жүрүшкөндүр. Акыл-эстүү, илимдүү-билимдүү эле адамдар го, кудай сактасын чындап адашкандан, – деп кызынын көңүлүн көтөрүмүш этти. Эткени менен өзү жаман абалда калды.

 

V

Алтын менен Аман кышында кыздуу болушту. Кызы көз жарар менен Күлкайыр өз үйүнө чыгарып алды. Кырк күнү өтмөйүнчө, бала торолуп, энеси тыныгыча демиш болду. Бирок, кызын байкап көрүп, эгер энесинен кетчүүдөй ою болбосо, башын биротоло бошотуп алайын деген ой кетти.

Алтынды төрөт үйүнөн алып чыккан күнү Күлкайырдыкына келген куда, кудагыйы:

— Эми, кудагый, биздин деле биринчибиз, сиздин деле биринчиңиз. Атты өзүңүз коем десеңиз аный дебейбиз, бирок биздин да арнаган атыбыз бар, кандай дейсиз? – деп сөз баштап калышты дасторкондун четинде отурганда. Күлкайыр:-Чоң ата, чоң энеси турганда таята, таене биринчи кезекти ошолорго берип келген, эзелтеден кыгыздарда ошондой да. Эсимде , чоң атам ырахматы болсун, менден кийинки сиңди, үкөлөрүмдүн аттарын кулактарына үч мертебе азан чакырып коюп берчү, кайран адам. – деп күлүп калды. – Ооба, илгери ошентишчи экен го, эми азыр заман башка дегендей. Азан-пазаны жок эле Аделя– деп коелу-деди каткыра күлүп кудасы. Күлкайыр сөздү улантып:-Жакшы ат экен. Азыркылар ушинтип жаңы аттарды коюп калбадыкпы. А жакшылап карап көрсөк кыргызча деле укмуштуу мааниге ээ аттар көп, азан чакырып ат койгонго маани бербегенибиз менен, азан айтып койгон аттынкудурети баланын тагдырынаөзгөчө таасирин тийгизип, ата-бабаларынын жолун жолдоп жүрүүгө байкатпай жетелеген күчкө ээ бейм. Азыр аны көбүбүз түшүнбөй келебиз, – деди да, күлүп:
– Көп сүйлөп койдум окшойт, жесеңер,. тамактан алсаңар, чайдан ичсеңер, – деп онтойсуз абалды оңдоого сөздү башкага бурдү.

Небересине атты коюп, жайылган дасторкондогу даамдуу, тыкан жасалган тамактарды жеп, ичип, черлерин жаза сүйлөшүп отурушуп куда, кудагыйы, күйөбаласы жана жакын туугандары кетмей болушту. Күлкайыр:

– Келгиле эми чоң атасы, чоң энеси, ага, эжелери, таяке, таежелери неберебизге бата берип коелу ! – деп алаканын жая назарын сөз баштасын дегендей кудасына бурду. Кудасыаялын жалт карай салды да, анын көз карашын көрбөгөндөй алаканын кандайдыр бир онтойсуз абалда тиктеп, сөзүнөнулам жаңылып жатып эптеп бата бергендей болду, карап турган туугандары сыр бербей жабыла тилектерин айтып байкатпай кетишти. Конокторду узатып, үйүн жыйнап жүргөн Күлкайырдын жанына басып келген Алтын:– Көрдүңүзбү, апа, сиз айтпасаңыз тун небересинебата берейин деген ойлору жок. –деди. –Балам, ичиме баткан сен сыртыма батпай калыптырсыңбы? Жалгызым дечү элем, кудайга шүгүр, Аделяны берди. Ойлон, кеңешим ушу: өзүңдү зордоп жашаба, жок жашайм десең анда жаманын жашырып, жакшысын чыгарып жүргүн. Колуңдан келсе жанагы сектадан чыгарып алгын, – деп Күлкайыр сөздү бүтүрдү.

Кыркын чыгарар күнү Алтын Аманды эртерээк келип жардам бер деп чакырды. Аман Алтын экөө ашканада жалгыз калганда:– Силерди бүгүн эле алып кетейин ээ, сагындым сени, – деп колуктусун бооруна кысып, чачтарынан жыттап, жыттап алды. Алтын да күйөөсүнүн төшүнө башын жөлөп көпкө унчукпай кучактап турду. Сөздү баштасамбы, коетурсамбы, сөздү кантип баштасамдеп ойлонуп жатып:-Аман, сен мени кандай көрөсүң? – депсуроо берди. – Сонун көрөм, мурункудан да жакшы көрөм, эмне менин сүйүүмдөн шегиң барбы? – деди жадыраган күлкүсүн жашырбай. – Мен да сени сүйөм, бирок экөөбүздүн ортобузда бир нерсе турганын байкап жүрөсүңбү? Менин жүрөгүмдү өйүп жүргөн нерсе сенин жанакы сектага баш отуң менен кирип баратканың. Эмне үчүн сени сүйгөн, сен сүйгөн адамыңдын сөзүн укпай, капкаяктан келген бир динбезер аялдардын сөзүн туура көрдүң? Сен мунуң менен экөөбүздүн ортобузга өтө албас тосмо коюп жатканыңды түшүнүп жатасыңбы? Сен го жолуңду эч ким менен кеңешпей туруп тандап алдың, а менин же кыргыз эмес, же башка эмес болупжашагым келбесечи! Баламды да андай жашоодон сактагым келет. Мен таятам, таенемден көргөн салт-санаа менен бата алып, кийин балама бата берип, ниет кылып, балдарыбызга тушоо той, эркек балабызга сүннөт той берип, өзүмдүн кыргыздыгымданбаш тартпай жашагым келет. Сени да кайрыл дейм. Али кеч эмес, мүдүрүлбөс туяк, жаңылбас жаак болбойт дечү эле таятам. Эгерде шартыма көнбөсөң мен сени менен турмушумду уланта албайм, – деп айтып жибергенине өзү да таң калды. Аман Алтынды кучагынан чыгарды да, жанындагы орундукка отуруп калды. Экөөнүн ойго чөмүлгөн жымжырттыгын ашканага кирип келген Күлкайыр бузду:– Казандагы эт шылынып кеткен жокпу? – деди тиги экөөнүн кабактарын байкабай. Колуна тузду алды дабир кызын карап, бир күйөбаласын карап:-Силерге эмне болду айланайындарым? – деп суроо жөнөтүп жатып кандай сөз болгонун өзү да туйду. Күлкайыр бош орундукту өзүнө жылдырып, көчүк басты. Күйөбаласын карап сөз күттү. – Апа, Алтын мага шарт коюп жатат. Сени менен кыргыз болбой баратам дейт. Менбашка тилде сүйлөп, же бөлөктөргө окшоп башка жерге, элгекөчүп кеткен жокмун го. Азыр канчалар бөтөн өлкөнүн жарандыгын алып кетип жатышат? Канча кыргыз кыздар кытай, түрк, орус, америкалык, кореялык, ал эмес негрлерге күйөөгө тийип кетишти. А канча балдар Россиянын шаарларында орус кыздарды алып жашап калышты. Алар жакшы, ток, жыргал жашоо үчүн ошентүүгө аргасыз. А мен эч жакка көчкөн жокмун, башка улуттан эмес Алтынды алдым го. Көп болсо биздин анча-мынча ырым-жырымдардан баштартып, майда-чүйдө кереги жок адаттарды карманбай койдум. А китептерди таратып, элди үгүттөгөнүбүз үчүн кадимкидей маяна алабыз. Маянабыз да аз эмес. Бул жакка киргенден бери “эки иштен бир иш” дегендей кичине болсо да тыйыныбыз узарып калды же андай эмеспи Алтын, айтчы. – Аман, Сен кан-жаныбызга сиңип калган адаттарды ырым-жырым, майда-чүйдө деп жатпайсыңбы? Атты азан чакырып коюу, балага тилек айтып бата берген, куран окуп кудайдан суранган сенин оюңча майда-чүйдө болуп жатпайбы. –деди унчукпай отурган Алтын. – Анда жүрөбер эптеп кытайдын арзан кийимин кийип, бирде ачка, бирде ток болуп, мен кыргызмын деп сыймыктанып, салт-санааңды карманып. Апа, мен эмне көпкөндүгүмдөн же мээм айныганынан жүгүрүп жүрөм дейсизби, ушул аялым, кызым деп жылчык чыккан жакка бет алып, иши кылып акча төлөсө болду деп, базарда да сатылчу нерсенин баарын сатам, китеп таратып элди үгүттөйм, шаардан товар алып келип дүңүнөн өткөрөм, колуман келер иш болсо анан ага акча төлөп берсе мен баарын жасай берем. А Алтын болсо мага жөлөк-таяк болгондун ордуна мен антпейм, мен минтпейм деп мага шарт коет. Ушунусу туурабы. апа? – деп Аман бир кайненесин, бир аялын карай жининин келгенин жашырбайкөпкө сүйлөдү. Амандын сөзү түгөнүп:-Иш ушундай, апа, – деди. Бир сөзүн бөлбөй,күйөбаласын кунт коюп угуп отурган Күлкайыр:

– Аман, айланайын, айткандарыңдын баары туура. Сен айткандай жыргал жашоо издеп, узун акчанын артынан түшүп кыргыз байкуш кайда гана барбай, кандай гана жумуш кылбай, эмне деген түйшүк тартып жүргөн жок. Айрыкча жаштарга жаман болбодубу. Жашоо, заман ушуну талап кылып жатат деп көп нерсени аларга шылтапкоюп канча ыплас неслерди жасап жатышат. А бирок туулган жеринен кетпей, эч кандай өлкөгө жаран болбой, ата-бабалырынын каада-салтынан, дининен, тилинен баш тарпай эле, эч кимге сатылбай, эч нерсесин алмаштырбай эле , ушул туулуп өскөн жеринде гүлдөп, өнүп-өскөн, агарып-көгөрөгөндөр деле жок эмес. Сен алдыңдагы маселеге бир кырдуу караба, балам. Албетте, ар кандай чечимдерди кабыл алууга сенин толук укугуң бар. Бирок сен эми жалгыз эмессиң, сен өзүңө гана эмес жарың, балаң үчүн да жооптуу болушуң керек. Ошондуктан кеңешип кескен бармак оорубайт деп бекер айтылган эместир. Балким сен азыркы кирген сектадан өзүңө жакын, туура көргөн нерселерди тапкандырсың? Сен өзүңдүн тандооңо ыраазысыңбы же акчанын айынан эле кирип калдыңбы? – деди үмүтүн үзбөй. –Элден кем эмес бахыват турмуш үчүн болгон аракетимди жасайм. Элиң бөөрү болсо бөөрү бол дегендей , ар нерсени ойлонуп отурганча убакыт өтүп, акча колдонсуудай агып кетет-деди да, Алтынга карап:-Кетесиңби мени менен бүгүн – жүр, кетпесең – кал. Бирок мага шарт койбо. –деп эшикти тарс жаап чыгып кетти.

Алтын сөзушундай аяктайт деп эч күткөн эмес. Ал негедир Амандан башкача сөздөрдү күтүп турган. Иштин аягы оңго оойт деген үмүтүн таш капты. Бутунун алдынан жер кеткенсип, жардан ылдый карай кулаган немедей жүрөгү “шууу” дей оозуна тыгыла түштү. Үн катпай отурган апасын карады. Күлкайырдын бүткөн бою кичирейгенсип, күтүлбөгөнкарылыктын жүгү баскандай бүкүрөйө түшкөнсүп, орундукка бир башкача ныгарыла түшкөнүнкөргөндө Алтындын көздөрүнөнжаш төгүлүп, төгүлүп кетти. Алтын апасын кучактап:-Апа, кечириңиз мени . Сизди ойго салдым, кыйнадым. Кааласаңыз мен Аман менен кетейин, сиздин бир сөзүңүз. Сиз эле ойлонбоңузчу, ыйлабаңызчы – деп сүйлөп да, ыйлап да жатты.

Айтылган маалдачакырылган конокторчогулушту. Күлкайыр сыр бербей, колунан келишинче күлүп-жайнап, аздектеп даярдаган тамактарын, асемдеп жайган дасторконуна кенен коюп, келгендерди көпкө сыйлады. Тамактан кийин баары чогулупар бири бир, эки кашыктан суу куюп, ымыркайга каалоо-тилектерин айтышты. Чоң энеси, таенеси, өз энеси болушуп кырк кашык сууга ымыркайды чайкантып, тырмактарын уз тажеңесине, чачтарын атту-баштуу акелерине кырктырып, уз тажеңеси тигип келген кырк курактан чапанын кийигизип, кыркын чыгарышты. Элди узатмайга келгенде Күлкайыр кудагыйына:-Силер шашпай чыккыла, –депордунан козголтпой койду. Конокторду узаткандан соң Күлкайыр Аман менен Алтынды чакырып, сөздүн ачыгы жакшы деп, болгонун болгондой ортого салды. Тунжураган онтойсуз абалды кудасы оңдоп:– Келинибизге биз өт, өтпө деп айткан жокпуз, ал өз эрки. Мен деле анчейин бул нерсени каалабайм, а бирок Бурулсун менен Аман ошону туура көрүп жатышса мен каршы боло алган жокмун. Чын-чынына келгенде биз мусулман болуп деле кыйраткан жерибиз жок. 70 жыл союзда такыр эле атеист эмес белек. А бул жакка кирип жатканыбыз, кудагый, башында бизге абдан көмөк көрсөттү, эми ошол “кредиттеринен” кутулуп алсак кайра эле баягы турмуш башталат. Ушундай нерсе үчүн ажырашыш болбойт, бизАлтынды өз эркине коюп, эч бир мажбурлабайбыз. Жаңы эле балалуу болуп жатышса, ажырашабыз деген туура эмес, – деп сөзүн токтотту. – Куда, а кичинекейиңер кандай болот? Атасы бир динди тутунса, энеси башканы тутунса, ошол жөнүндө ойлондуңуздарбы? Алтын ошого кабатырланып жатат. – Ой кудагый, бул убактылуу эле иш деп сизге айтып жатпайлыбы. Бала чоңойгуча баары өз жайына келип калат. Жүр Алтын, али келечегиңер алдыда, – деп кудасы каткырып күлүп ордунан козголуп, келинин алып кетмекчи болду. Күлкайыр кызын суроолуу карады. Алтын бир шылтоону айтып эшикке чыгып кетти. Күлкайыр баланы ырастамыш болуп артынан чыкты. Бөлмөдөгү үчөөнүнөн үн чыкпайт. Бурулсун күйөсүн суроолу карады эле анысы жиндене:

– Эмне? Кылар ишти балаң экөөң кылып алып мени эмне карайсың? Силердин айыңардан туугандан да, эми мына келиним неберемен да ажыраган турабыз. Эй балам, бул секта деген балекеттен башыңды сууруп чык, али убакыт бар. – Ата, мен минтип байланып каламын деп ойлобоптурмун, – деп сөз баштаган баласына – Ээ, сенин энеңди урайын, – деп атасы колун шилтеп ары карап отуруп алды. Ушул учурда төркү бөлмөдө Күлкайыр менен Алтындын да баштары катып отурушту. Апасы кызына:– Мени ойлонбо, өзүңдү ойлон. Жүрөгүң эмне десе ошону кыл, балам, – деп кызынын көзүнүн жашын сүртүп:

– Кейибе, кандай чечимге келбе, баары бир сеники туура болот, – деди да чекесинен өөп, чачынан сылап, жүрөк тушуна жылуу алаканын коюп турмуштун эң алгачкы ой-санаасынан, жашоонун башка салган табышмагынан бүрүшө түшкөн жүрөгүн жибитип, көпкө кызын кучактап турду.

 

VI

Ошол эрте жазда баш катырган күндөн бери туура 2 жыл билинбей өтүп кетти. Алтын менен Амандын турмушу өз нугу менен эл катары өтүп жатты. Алар там салышып, өздөрүнчө бөлүнгөндөрүнө бир жылдай болуп калган. Алтындын кайыненеси Бурулсун оң кабыргамдын асты ачышып калат деп көп арыстанганына эч кимиси деле маани берчү эмес. Көрсө боорунда илдет бар экен. Убагында көңүл бурбай жүрө берип, эми өтүшүп кеткендей, бат-батноокастап калчу болду. Аман апасын борборго чейин дарылоого алып барды, бирок канааттанарлык натыйжа болбоду. Дарыгерлерден тыянак чыкпагандан кийин бүү, бакшы, экстрасенздерден эч ким калбады, баарына көрсөтүп, сурашкан акчасын берип, айткандарын жасашты, бирок асылган илдет күчөгөндөн күчөдү. Катташпай калган туугандары Бурулсундун ооруганын билгенде аргасыздан келишти, ал ахывалын сурап жатышып:

– Барбаган доктуруң, бүү, бакшың, ичпеген дарың,кылбаган аракетиң калбаптыр. Биздин айылда чыгаан молдо аке бар, ошого барып дем салдыр, а балким ошондон даба болор. –дешип эптеп көгөрүп болбой жаткан Бурулсунду көндүрүштү. Айткан молдого барып, аныкында 3 күн түнөдү. 3 күн үч маал молдо үзбөй дем салып берди.Төртүнчү күнү Бурулсундун жаны жай алып эс алып уктап кеткен маалда, молдо баласын жанына чакырып алып:

– Адашкандан тапкан го бул ооруну, бир жумалык кубат бердим, андан ары жол үзүк, айтар сөзүм ушул. Сен да адашып жүрөсүң, а бирок жолду оңой эле таап аласың аракет жасасаң. Болду, барагой, –деп Аманды узатып койду. Молдо айткандай эле бир жума Бурулсун көп кыйналбай өзүн жакшы сезгенсиди, бирокжуманын аягында абалы кескин начарлап, чабалактап жатып жан берди. Бурулсун өлөөрүн сезгенсип келип кеткендердин баары менен коштошуп жатканада:

– Менин балдарымды унутпай келип тургула, – деп көбүнөн суранды. Бурулсун жолдошу экөө калган учурда аны жанынан чыгарбай көпкө сүйлөп, кагаз менен калем алдырыпбир нерселерди жазган, анан жазганын төрт бүктөп күйөсүнө берип жатып:

– Мен кеткенде окугула. –деген. Ошентип жаз келип, жер карарганда Бурулсуноорусунан көз жумду.

Анын өлүмү Алтынайдын жүрөгүнө дагы бир чоң бүдөмүкой салды, анткени кайынатасы боз үй тиктирбей, үн чыгартпай, мал сойдуртпай элде болбогон жоорукту баштады. Бирин-серин келген кишилерди унчукпай тосуп, унчукпай узатып жатканына Бурулсундун төркүнү, өзүнүнүн тууган-туушкандары катуу нараазы болушуп, өлгөн жерде чатак чыгарышты. Бурулсундун сиңдилери:-Жезде, бул эмне кылганыңыз? Эжебизден бир бодону аядыңызбы же сизде мал жокпу? Сиз сойбосоңуз биз соебуз, эл катары, салт боюнча кылабыз. Бул кандай шумдук! Атам менен апамдын көзү өтүп кетсе эле болдубу, бизди кайын көрбөй , тоготпой калдыңызбы! Керек болсо эжебизди өзүбүз алып кетип, өз салтыбыз менен көмүп коебуз. –дешип бызылдашса, үкөлөрү Аман менен Кемелди (жездесин) жакадан алышып:-Капырлар, эжебиздин түбүнө жеттиңер, башка динге азгырганыңар аз келгенсип, эми өлгөндө өлүгүн мазактагыңар барбы? – деп мушташканга чейин барышты. Туугандары арачалап, эптеп бас-бас кылып, айылдын аксакалдары Бурулсун тарапты да, Кемел тарапты да чакырып бир сөзгө келели дешти. Кемел ыйламсырап сөздү баштады:

– Туугандар, мына куттуу үйүмдө, жубайымдын сөөгүнүн алдында турам. Бул динге мен эмес, силер мени күнөөлөп жатпайсыңарбы, мына Бурулсун өзү , өз ыктыяры менен кирген. –дегенде эле:– А сен эркек болуп башкарып, аялыңды койдебейт белең, ыя! – деп бирөөсү нары жактан кыйкырып калды. Башы шылк дей түшкөн Кемел:

– Мен анын сөзүнөн чыга алган жокмун. Мына анын өлөрүндө өз колу менен жазган каты. – деп, төш чөнтөгүнөн төрт бүктөлгөн ак баракты Бурулсундан кийинки кайнисине сунду. Бөлмө жымжырт боло түштү. Бышактап ыйлап отурган сиңдилери да ыйын токтотуша, көздөрүн кагазга кадашты. – Үнүмдү чыгарып эле окуй берейин, –деп каргылданган үнүн түзөп, үкөсү каттын аягына чейин окуп чыкты. Катта керездерин жазыптыр жана дагы өзү туткан диндин эрежелери боюнча көмгүлө деген экен. Бөлмөдөгүлөр нес болгондойүн катпай, баштары шылк ылдый түшкөн бойдон Кемелдин үйүнөн чыгып кетишти. Бул үнсүз жымжырттык туугандарынын, куда-сөөгүнүн, тең-туштарынын Кемелдин үй бүлөсү менентолук кол үзгөндүгүн туйундуруп турду.

Апасынын өлүмү Аманды чоң сыноого да, кыйноого да салды. Эптеп энесинин, өздөрүнүн туугандары менен жаңжалды токтотушса, дагы бир балекети башталса болбобу. Айылдын молдолору, мусулмандардын көрүстөнүнөн жер берилбейт мындайларга, дешип орун бермек тургай жакын жолотпой коюшуптур. Эми Кемел чатак чыгарды, кыйкырып, бакырса да тыянак чыкпады. Айласы курганда баякы сектасынын башчысына барды. Ал колун жайып, айтпадым беле биздин душмандарыбыз көп, анткени биз азбыз. Ошондуктан көбүрөөк биздин арабызга адамдарды тарткыла дейм, деп такыр талааны сүйлөп туруп алды.

– Аа-а, сссени! Түкүрдүм сенин сөзүңө! – деп Кемел башын мыкчый эмне кыларын билбей анын бөлмөсүнөн чуркап чыгып алдактап келатты. Үчүнчү күндүн түш маалы жакындап калган эле, а мүрзө али казылмак тургай дайыны жок. Үйүнө жакын калганда алдынан шашып Аман чыкты:-Ата, Светанынкүйөсү Борясоюз мезгилинен каралбай калган орустардын көрүстөнүнө кое бергиле, аны тескеген деле киши жок деди, – деп айтып жатып ызаланганына чыдабай ыйлап жиберди. Света менен Борис орус деген аты эле калбаса жана өңү-түсү мененэле айрымаланбаса, кыргыздардын арасында тырмактайынан бери чоңоюп, Россияга кетекен көп орустарга кошулбай ушул айылда калып калган Кемелдин кошуналарынан. Чала чөп басып, мал тебелеп койгон көрүстөндүн бир четине сөөктү эптептүш ооп барыпжашырышты. Муну көргөн, уккан айылдаштары жерге “түү” түкүрүшүп, жакаларын карманышып, ушуну көрө албай жүрүшкөн, деп бири айтса, бири ээ, өздөрү менен кетсин, дагы бири чала болуптур, акча дегенде энесин сатайын деп калышты эле, деп эл арасында өйдө-төмөн сөздөр тарады. Жолдон— белден Кемелди же анын бала-чакасын көргөн жерден тетири карашып кемпир–кезек:

– Кокуй, баягы шерменделер келатат, – деп сөөмөйлөрү менен беттерин сүртүшөт, чалдар: – Ээ атта, динбезерлердин тукуму... – дешет, жаштар күбүрөнүп-шыбыранып аларды айланып өтүшчү болду. Кемелдин туугандары да анда-санда келимиш этип, мамилелери такыр эле салкындап калды.

 

VII

Күлкайыр кудагыйы көз жумгандан бери небересин бала бакчадан алып калды. Небересинин быйтыйганжылуу колунан жетелеп, бакчадагы окуялардыкожурап айтып бергенин угуу, эркелегенин, күлгөнүн көрүү Күлкайыр үчүн айтып бүткүсырахат эле. Небересинин таттуу ымыркай таза жытына мас болуп, көкүрөгү жайдын аптабына ысыгандай жибип, магдырап, жанытынч алып түнкүсүн кантип уктап калганын билбей калчу болду.

– Иий, шорду Бурулсун, балдарынын сый-урматын көрөрдө, минтип ичер суусу, көрөр күнү түгөнгөнүн карачы. Анысы аз келгенсип тигинтип өлгөндө сөөгүн кордоп, башка жакка койдурганычы. Балдарына жаман эле болду же кыргыз эмес, же башка эмес. Бир элде, бир жерде жашап, канча жылдан бери киришип-чыгышып жүргөн эле туугандары, жоро-жолдоштору сыртын салып, кайдыгер мамиле жасашты. Аманга оор болду баарынан. Эми апасынын ордун ээлебесем да, колумдан келген жакшылыгымды аябай калайын, эстүү күйөбалам бар, болгону жанакы кашайгыр сектасы болуп жатпайбы. Эми кудай түбөлүгүн түз кылсын, кудайдан сурангандан башка арга жок менде-деген ойлор менен Күлкайыр небересинин атасына боору ооруп, Алтын кызына да тиги-бу деп ашыкча сүйлөбөс болду.

 

VIII

Аман өз энеси менен кызча сырдашкан, өзгөчө ынак мамиледе эле. Атасы менен тиргилик боюнча майда-чүдө жөнүндө эле кеп-сөз чыгарбаса, орчундуу маселелер боюнча бир гана апасы менен кеңешчү. Атасы Кемел да баласына үзүлүп түшчү эмес:

– Балама көп акыл үйрөтүүнүн кажети жок, өзүнүн акылы өзүнө жетиштүү, – деп коер эле. Ошондой мамиледен уламбы, же апа ар бир баласынын мүдөөсүн билген, сөзүн тапкан, керектүү кезекте жарпын жаза билген, түшүнүк менен мамиле жасаганга жаралган жан болобу? Айтор, ошол сыр бөлүшкөн, айттырбай түшүнгөн, жашоого көз караштары бир болгон, сөздөрү бир жерден чыккан апасынан айрылгандан бери Аман кеңешер адамы жок, ачууланса ачуусун көтөрөр, чарчаганда жакшы көргөн тамагын кастарлап жасап алдына коюп эс алдырар, сырын бөлүшөр алтындай апасынын күйүтүнө малынды. Кусалыкка катуу чөктү. Алтын күйөөсүнүн кайгысын тең бөлүшүп, тең көтөрүүгө канчалыкаракет жасабасын Аман жубайы менен чечилишип ичиндеги бугун өзүнө катканы каткан. Өзү менен өзү алпурушуп, түнт болуп, киши жактырбай калды.

Айылдын эли Бурулсундун тирүүсүндө билгизбей жүргөнүнөлгөнүндө билгизип койду. Ошол мамиле Аманды сестейтти. Ысык чокту баскандайкөздөрү ачыла түштү:-Көрсө адам баласы куу зат болот турбайбы? Көзү барда, колунан келип, карызга акча сураганда берип турганда, ити чөп жеп телегейи тегизде адамга бир мамиле, көзү өтүп, колдон дөөлөт кетекенде башкача мамиле жасайт турбайбы. Кечээ эле апам экөөбүздү бузгандар жымыйып, эч нерсе билбеген, көрбөгөн болуп коюшканы кандай? Бири келип таламыбызды талашмак тургай, акыбалыбызды сураганга жараган жок. Демек, биз бир үй бүлөбүз, бири бирибизди колдоп, жамандык жакшылыкта жүгүбүздү, сүйүнүчүбүздү чогуу көтөрөбүз деген сөздөр куру, көңдөй сөздөр турбайбы? Кана, кана берген жардамдары, жадагалса көмөрдө жардам эмей өздөрү жок. Апам экоөөбүздүн кошкон садагаларыбызды алып кайда качыпжоголушту. Алтын бекер башында кабатырланып, бызылдабаптыр. Мына аягы эмне болду. Аааай, шайтанга жетеленген мен кургур! Кайсы балээ басып, кайсы кудай урган күнү ошолорго туш болдум экен! Мага чалааааа! – деген ойлор келген сайын, өткөн күндөрдү кинотасмадай кайра–кайра кайталап, айкын көрүнүп турган калпка оңой эле ишенип калганына ичи өрттөнүп, өкүнүчү күчөгөндө апасынын арбагынан кечирим сурап, өзүн чексиз күнөөлөп жүрдү. Көп ойдун ичинде атасын да күнөөлөп жүрдү:-Эркектей болуп, апам экөөбүздүн тизгинибизди тартып, эй көзүңөрдү ачкыла, акча дегенде эмне болуп кетесиңер, мен айткандай болосуңар деп, ордубузга коюп койбойт беле. Болбой баратсак туугандарга барбайт беле, агайын-туугандарга жар-жар кылып баштаган жерден бүтүрүп койбойт беле. Антмек кайдан, бүт тиргиликти апама өткөрүп берип коюп, эмне кылсаң өзүң бил, бизди багып жаткан сен менен Аман, экөөңөрдүн айтканыңар туура деди да. Аааай кудай ай, кандай кылам, мындан ары кантип жашайм. Элди кайсы бетим менен карайм. Ушул ойлор не күн, не түн башынан чыкпай койду, жумушуна баргысы келбей, көчөдөгү элди көргүсү келбей, эртеден кечке диванда чалкасынан түшүп жатмай болду.

Алтынай күйөсүнө үн дебей ишке барып, элдин күбүр-шыбырын, какшыгын, ар кандай терс мамилелерин унчукпай көтөрүп жүрдү. Антпеске айла барбы? Ал да үңүрөйүп тагдырына таарынып үйдөн чыкпай отуруп алса оокат токтоп калбайбы. Айласы кетекенде курбуларына бир-эки саатка жоголуп, көкүрөгүн бошото сүйлөшүп алып, үйгө кадимкидей, эч нерсе болбогондой жайдары келип, кайни, кайынсиңдилерин багып, алардын көңүлдөрүн көтөрүүгө аракет жасачу.

Үңүрөйүп, кабагын ачпай калган Аман адатынча диванда жаткан кезде эң кичүү 12 жашар карындашы чуркап келип:– Аман аке, мен бүгүн беш сабактан тең беш алдым –деп сүйүнө күндөлүгүн адатынча көрсөтө салды. Аман сумсая карап:

– Турчу ары, –деп карындашын өзүнөн түртүп жибергенин өзү да өзүнөн күткөн эмес. Карындашы түшүнбөй, мостое акесин карап турду да, Аман өзүнө келигче чуркаган бойдон бөлмөдөн чыгып кетти. Аманмен эмне болуп баратам, деп өзүн урушуп, карындашынын артынан басып барды. Алтын ыйлап жаткан кайынсиңдисин кучактап, куду эле Бурулсун апасындай эркелетип, сооротуп жатканын көргөндө, Амандын жүрөгү бир башкача туйлап, эңшерилип, айласы куруп кетти. Эшикке атып чыгып, кой сарайга кире качты, жүрөгүн мыкчып, колкосуна тыгылган ыйын тыя албай өңгүрөп, бир башкача энесин жоктоп, ушунча күндөн бери чыкпай жүргөн арманы, өзөгүн өрттөп жүргөн өкүнүчү ээ-жаа бербей, шолоктото ыйлатып жатты. Ошол Алтындын отурушу, айтып жаткан сөздөрү, карындашын сылап жаткан колдору Амандын көз алдына улам, улам келип, ал Алтынайды көптөн бери көрө элек, анан калса аны унутуп койгон сыяктанды. Көпкө өпкөсүн баса албай, шалдайып алы кеткенче ыйлады, жашы кургап, көздөрүнүн кызаргандары бир аз тарагыча ошол отурган жеринде нес болгондой, бир козголбой оор ой-санаа басып отура берди. Ошол ой-санааларынын ичинде караңгы тунгуюкта бүбүлдөгөн шам сыяктуу үмүт берген ой – Алтын жөнүндө ой болуп чыкты. Мына кызык, кечээ эле таптакыр жылчык жоктой туш тарабычеп сыяктанган ой-санаалардын жынч туманы бүгүн күтүлбөгөн жерден, боз мунарык баскан асманда күн нурунун кичинекей көзөнөкчөдөн көзөп өткөн сымал, Алтындын элеси Аманга дал ушундай нур болуп сезилди. Ойлоп отурса, ушунча убакыттан бери бир гана Алтынай чырылдап, ыйлап-сыктап Аманды ушул болгон жамандыктан сактаганга болгон аракетин жумшаган экен. Ошончо жакын, тууган сынткан адамдардын ичинен жалгыз гана Алтынай! А башкаларга не болду эле ошондо, кайда эле алар, неге кой дешпеди? А көрсө ар кимдин турмушу өзүндө турбайбы. Бирөөгө сереп салып, акыл айтмак тургай өз балдарына ээ боло албай калган убак келгенби?

Алтын чынында жаштыкка алдырбай, өзүн токтоо кармап,Амандын эле эмес, көчөдөгү таанып-тааныбагандардын да көп жаман-жакшысына чыдады, көтөрдү. Күйөсүнө орой айтпай, акыл үйрөтпөй, сеники туура-деп жүрүп канча боло турган чыр-чатакты бас-бас кылды, Аманды сылап-сыйпап, колунан келишинче колдоп жүрдү.

Кайынатасы кайыненесинин кыркынан кийин үйлөнөрүнбилгенде да Алтын өзүнчө бушайман түштү. Эми Аман бул кабарды укса таза атасы менен бирдин ичинен чыкмай эле. Ортодо кичинекейлер эле кыйналмай болду, деп кандай айла табарын билбей айласы кетти. Кайынатасынын оозунан чыккан сөз бир күнү Аманга да келип жетти. Аман жумуштан келген Алтынга атырылды:

– Сен билдиң беле? Билсең эмне унчукпайсың, атам ушинтип жатыптыр деп бир ооз айтып койсоң эмне болмок? Өз үй бүлөм жөнүндө жаңылыктарды көчөдөн угат турган болуп калдымбы, ыя? – деген сөзүнө Алтын:

– Бир аз ачууңду бас, мен ачка болдум, тамакты тынч ичип алайынчы, анан сүйлөшөрбүз. – деген бойдон ашканага кирип кетти. Тамак тамагынан өтмөк беле, Алтындын көңүлүн мына бүгүн дагы калтырды, ай кудай ай, мага чыдамкайлык бере көр, бул күндөр да өтүп кетер деп ойлоп, көзүнүн жашын тыя албай ыйлапжаткан Алтынайды Аделя келип кучактап калды. Бир аздан кийин апасын кое берип берки бөлмөгө бөйтөңдөп чуркап кетти, атасынын жанына жай басып барды да:-Ата жаман, кака, кака, – деп бала тили менен Аманды урушту да, боорсоктой алаканы менен колу жеткен жерин чаап-чаап ийиди. Аман түшүнбөй кызын элейе карады да, көпкө термеле ойлонуп отуруп калды. Бир нече убакыттан кийин бир нерсени эстей калгансып, ордунан туруп, түз эле атасыныкына жөнөдү.Өзү туулуп -өскөн үйүнө жакындаганда жүрөгү жагымсыз сыдырыла түштү. Терезелерден жарык түшүп турган, демек атам үйдө деген ойдон башка эч нерсени ойлонбой туруп Аман эшикти өзүнө тартты. Үйдо аны күтүп турушкансышып эшик жеңил ачылды. Босогодон бутун чечпей, түз эле атасы отурган
төркү бөлмөгө кирип барды. Энеси тирүүдө үйдүн жадагалса жыты да башкача жагымдуу эле, азыр Амандын көзүнө баягы сонун көрүнгөн чоң тамы, балачактан бери энчиленген бала бөлмөсү аңгырап бош, жалгыздыктын суз абасына курчалгандай көрүндү. Баласын келет деп күтпөгөн Кемел ордунан туруп сүйүнгөндөй учурашайын деди эле, Аман анын алигин албай:

– Эмне? Апамдан тажап калдыңыз беле?Же апам сизди тоготпой көңүлүңүздү калтырды беле? Апам ооруп жатканда доктурларга мен көрсөтүп жүрдүм го, жадагалса өлгөндө да адамча көмө алган жоксуз! Эмне үчүн биз менен бир ооз кеңешип койбойсуз? Мен элден ушак-айың угуп келип жатам. Же апам өлгөндөн кийин өз балдарыңыз да сизге бөтөн болуп калдыкпы, ыя? Бир жумадан кийин үйлөнөм дегениңиз чынбы? – деп сөзүн токтотуп, атасын тикирейе карап калды Аман. Мындай болорун күтпөгөн Кемел адегенде озүн жоготуп койгон, бирок баласынын сөздөрү ачуусун келтирип,намысына тийгенде, ал баласына атырылды:

– Акмак, атаңдын оозун урайын! Жап жаагыңды, иттин гана баласы! Сен мага ушинтип сүйлөйсүңбү, ыя? Эй акмак, энең экөөң акча дегенде башыңар айланып ушул сектага кирерде, мен эмне дедим эле же эсиңден чыгып кеттиби? Энең экөөң ошондо мага:

– Бакбагандан кийин бизге чоң болуп акыл үйрөтпө, жыргаганыбыздан ушул жакка киргени жатыптырбызбы”-деп оозумду жаппадыңар беле. Эми мен күнөөлүү болуп калдымбы, ыя? Мени жалгыз таштап коюп, акыбалымды бир сураганга жарабай жаткан балдарымдан мен эмнеге кеңешсурайт экенмин. Силер менин балдарымсыңар мага жолтоо боло албайсыңар. Үйлөнөмбү, үйлөнбөймүнбү өз эрким, уктуңбу? –Ошондойбу! Анда аталыгыңдан кечтим сени. Бүгүнтөн башап мендей балаң жок сенин! Ушул үйгө экинчи кирсем эмне болоюн! –деди да чоң-чоң аттап эшикти карай басып кетти. Атасы төрку бөлмөдө ары-бери басып, ызырынып, кетип калган баласынын артынан:

– Карасаң муну дегеле, энесин мен өлтүргөнсүп сүйлөп жатканын, атаңдын оозун урайын, акмак! – деп дагы көпкө тынчыйалбай, чачы өскөн башын улам кармап, көптөн бери кырылбаган ийнедей сакал-мурутун сыйпалап, бир диванга отура калып, кайра тынчый албай тура басып, бир ачууланып, бир баласы менен ушундай иш болуп кеткенине өкүнүп, бир ызааланып, көзүнүн кычыктарына чогулган жашты кимдир бирөөдөн жашыргансып улам сүртүп жатты. Алтын ойлогондой эле атасы менен бет карашпас болуп, ушул үйгө экинчи кирбейм деп сөз берип, туулган үйүнүн эшигин тарс жаап чыгып кеткен бойдон шаша –буша өз үйүнө кирип келип эле Алтынды кучактап калды. Мындайды күтпөгөн Алтын коркуп кетти, ага Аман аны урчудай сезилип кеткенденби же күтүүсүздөнбү –Ааай, –деп кыйкырып жиберди. Өзүн өзү кармай албай Аман солкулдап ыйлап да, сүйлөп да жатты:– Алтын, апам эмне кылды эле атама, көңүлүн калтырып көзүнө чөп салды беле, же киши катары көрбөй кордоду беле, айтчы? Ушунчалык тез эле унутуп коет деген не шумдук! Ай, алтыным апакебайым ай! Баркыңдыатам билбей койду! Алтын, мына мен баарына күнөөлүүмүн, мен кылдым балээнин баарын! Жанакы сектага жетсин ыйым да, убалыбыз да! Мени азыткыдай азгырып, айла амал менен тарткандарга жетсин убалыбыз! Каргыш тийсин аларга,каргыш! Апамдан да, сенден да кечирим сураймын кудай алдында, Алтын. Сенин сөзүңдү укпай койдум эле арты ушу болду, –дедида, Алтынды кучагынан чыгарып, жанында турганмуздаткычтын капталын муштап, муштап алды да, жанындагы отургучка оор отурду. Экөөнүн ортосу жымжырт боло түштү. Амандын анда-санда үшкүргөнү ал онтойсуз жымжырттыкты бузуп турду.Алтынай сөздү эмнеден баштаарын билбей, кандай сөз айтса да орунсуз болчудай айласы кетти. Күйөөсүнүн жүрөгүн өйүгөн сөздөрдү токтотуунун амалын издей:– Болору болду, мынчалык эле өзүңдү эзе бербечи. Эми мындан ары жолубуз буйдалбаса экен, –деп, базарда болгондорду айтымыш болуп, анан жайкы каникулдар да келип калгандыгын сүйлөмүш этип, күйөөсүнүн ойун башка жакка бурууга далалат жасап жатты.

Ошол окуя болгон түндө Аман өз ойлоруна чөмүлүп, уктай албай, төшөктө ары-бери оодарылып башына батпай жаткан ойлордон эч жакка кача албай, ар санаанын башын баштап, а бирок аягына чыга албай абдан кыйналып жатып апасынан кийин түнкүсүн уйкусунан безип, күндүзү жүрөгүнүн согушун сезип, жакшылыгын тилеп жүргөн бул дүйнөдө Алтынай гана экенин мойнуна алды. Ал эмес, анын бир туугандарын да бооруна тартканынан эки карындашы,инисиэкинчи апасындай жеңелеп Алтынайды этектеп калгандарын эми гана байкады. Өз аталарын ээн үйгө таштап коюшуп, Аман менен Алтынайдыкынан чыкпай, жеңесин бир тууганы Аман акесинен да артык көрүп калгандарын эми гана билди. Жакынкы арада болуп өткөн окуялардан, өз жакындарынан күтпөгөн мамилелерден, ар тараптан торогон тагдырдынкатаал башкатырмаларынан чыдатпай ооруган башын мыкчып, күйүттөн, армандан кызыл чоктой күйгөн көкүрөгүнө аба жетпей, жүрөгү куйкаланып жатты. Өкүнүч, өксүк, таарыныч сезимдердин тегерегинде курчоодо калды. Бирок алыста жол көрсөткөн жарыкка окшоп, ишенер кишиси, таянар жөлөгү– жубайы Алтынайдын жылуу колу анын жанында бейкапар жаткандыгы Аманды бир аз болсо да жакшы ойлорго азгырып турду. Жанында жаткан, чарчаңкы жүзү уйкуга бөлөнгөн, мурдакыдан бир аз улгайгансыган, чекесине турмуштун эң алгач чоң түйшүгүнүн тагы – бир сызыкча бырыш түшкөн аялын аяп, негедир ичи ачыша кетти. Көптөн бери аялынын маңдайынан сылап, мамыктай жумшак эриндеринен өбө элек экен. Алтындын чекесиндеги бырыштын пайда болуусуна мен да көп салым коштум дегендей бырышын сылап, маңдайынан этият өөп, үстүн кымтылап жаап, жанына жанашачалкалап жатып, таңга маал уйкуга кетти.

 

IX

Амандын атасы айткандай эле, кыркынан бир аз өтпөйүйлөндү. Кемел үйүнө жаңы жубай алып киргенде Кемелдин бир туугандары, анча-мынча айыл -ападагы катышкан теңтуш, аяштары жана Кемелдин майда балдары болду. Аман атасынынүйүнө өзү да барбай, келинчегин да жибербей, бир туугандарына өзүңөр билгиле деп өз ойлоруна койду. Үч бир тууганы атасы үйлөнгөндөн кийин Амандыкына көп келбей,өгөй энесине жакындагандай. Үйдө карындаш, инисинин кирип –чыгып тургандарына көнүп калган Аман, өзүнчө аялына сыр бербей кыжалат болуп жүрдү. Кээде күнүнө төрт маал көчөгө чыгып бир туугандары келип калар бекен деп көп жол карачу болду. Баякылардан дагы деле дайын жок. Анда айласы кеткен Аман мектепке барып бир туугандарына жолукканды туура көрдү. Шаршемби күнү түшкө маал Аман үйүнөн чыгып, айылдын мектеби көздөй бет алды. Жолдо башын ылдый салып, дале баягы ойлоруна азгырылып, бирок кандай максат менен баратканын эстен чыгарбай кадамдарын басаңдатпай шамдагай басып баратты. Мектептин короосуна да жетти, бир аз күткөндөн кийин эле коңгуроо жаңырып, эшикке жабыла чурулдап бири чуркап, бири шашпай окуучулар чыга башташты. Аман атайы көрүнөжерге турду. Топ балдардын арасынан суурулуп, Эсен үкөсү акесине жакындай келди, күлө чачынан сылап, Аман үкөсүнөн жаңылыктарды сурап жатты.

– Биздикине эмне келбей калдыңар? Атаңар үйлөнгөндөн бери эле дайыныңар чыкпай калды да? – деди Аман. – Атам, атамдын бир туугандары сизге таарынып жатышат, бир нече жолу чакыртсак да келбей койду деп. Апаңардан кийин атаңарды үйгө ээн таштапакеңердикине кете бердиңер, атаңар жалгыздыктан тажап деле үйлөндү да деп биздиКабыл акем урушту. Тиги, атамдын аялын жеңе дегиле, эми үйүңөрдөн кеткениңерди угайын таарынбагыла деди. А мен баары бир бир күнү сиздикине кетип калам деп ойлоп жүргөм, – деди да ары карап көздөрүн ирмеп-ирмеп жаштарын жутуп жиберди. Аман ызырына:-Ии, Кабыл акем эми атаңарга күйүп калыптырбы, урдум ошонун айтканын. Эмне силерге атаңардын же тиги жаңы аялынын колу тийдиби? Же кордук көрсөтүп жатышабы, эмне болду? – деди. – Жок, андай деле эч нерсе болгон жок, ал баары бир апама окшошпойт экен, мен апамды сагындым, Алтын жеңемди сагындым...ыыый, – деп Эсен өзүн токтото албай энтиге ыйлады. Аман үкөсүн бооруна кысып: – Ыйлаба, жүрү үйгө, Сейилди, Саадатты да ала кетели ээ, – деди да үкөсүн жетелеген бойдон мектептин короосунун босогосунан карындаштарын күтүп, үйүнө алып жөнөдү. Бир туугандар кудуңдашып, мурдакыдай өздөрүнчө божурашып, үйгө чейин сөздөрү бүтпөй сүйлөшүп барышты. Жеңеси жумуштан келгенче Сейил менен Саадат билген тамактарын жасап, үйдүн ичин ырасташып, Күлкайыр кудагыйыныкына чуркап барышып:– Аделяны бүгүн бакчадан биз алып кетеличи, сиз да кечке маал келип кетиңиз, – дешип, кичинекей Аделяны бакчадан алып үйгө куунак келишти. Кайрадан үй толуп, кайрадан баякы апасы тирүү кездегидей бир укмуш бейпил сезим ар биринин жүрөгүн жылытты. Кечинде Аман бир туугандарын атасынын үйүнө жеткирип, атасына:

– Буларды урушпа, мен мектептен ары алып кеткем, сагындым, –деген бойдон атасынын жообун укпай, эшикке чыгып кетти. Өз үйүнө кайтып келатканда Амандын ойюна бир нерсе түштү. Ал бир катаал суроого жооп тапкансып сүйүндү, көңүлү көтөрүлүп, үйүнө шашты, анткени анын оюн Алтынайдын колдоору айдан ачык эле.

 

X

Ошол бир туугандарын мектептен алып кеткен күндөн бери Аманда тынчтык жок. Ал жанданып, бир максатка бет алган кишидей эртең мененэрте туруп, көптөн бери ордунан жыла элек “Жигулисин” жууп, тазалап бир жакка айдап кетет, кайра келипкандайдыр бир иш кагаздарды көтөрүп алып кайра кетет.

Эми анын жашоосу тең экиге бөлүндү: бири – адашкан .өкүнүчтүү өткөн жашоосу, экинчиси – жаңы, мазмундуу, чыныгы байлыкка умтулган таза жашоо.

Арадан эки ай өтпөй Аман бир туугандарын бир шылтоо менен атасынын үйүнөн алып чыгып, күн мурунтан көржөрлөрү, эмеректери жүктөлгөн жүк машинени айдатып, Алтынай менен бир туугандарын“Жигулисине” отургузуп, түн ичинде бир жанга билинбей белгисиз жаккакөчүп кетти.

 

XI

Күлкайыр небересин алып калайын деп деле ойлогон жок эле. Бирок күтүлбөгөн жерден күйөөбаласы Аделя кызын кайыненсине өзү калтырды:

– Апа, биз да, Аделя да кетип калса сиз жалгызсырап, куса болосуз го. Сиз менен жүрө берсин макул болсоңуз, кыйналбайм десеңиз. А биз болсо жакын арада келе албасак да, тез-тез кабарлашып турабыз. Кийинчерээк, жаңы жерге отурукташып алгандан кийин келербиз. Эгерде кудаңыз келсе кайда кеткенин, качан кеткенин, эч нерсесин билбейм деңиз. Мен сизден суранам. Эгерде антпесеңиз мен сизге катуу таарынам. Өзүңүз көрүп турасыз, апа, мен адашып калдым, мен эми туура жолду табуу үчүн башка жерге, бөтөн элгекетип баратам. Мага батаңызды берип коюңузчу, бата берер сизден башка жакыным калбады окшойт, – деп Аман кетээринде кайрылып, колкосундагы муунткан ызаасын жутуп жатып, чөгөлөп Күлкайырдан бата сураган. Күлкайырдын мууну бошоп, кызы менен күйөөбаласына кошулуп ыйлашса ыйлап, титиреген үнүн түзөп:

– Алда, айланайыным, ай, мүдүрүлбөс туяк, жаңылбас жаак болбойт тура бул жалган жашоодо! Али жашсыңар, бир кудайымдын колунда баары. Кечирим сурагандан, жакшылыкты тилегенден жазбагыла, өз күнөөңөрдү моюнга алганды, алып эле тим койбой, кетирген кемчиликтериңерди оңдогонго үйрөнгүлө. Эми этият жүргүлө, эми адаша көрбөгүлө, Ата-бабанын нарк-насилин, каада-салтын сактоого аракет жасагыла. Кудай өзү силерге жар болсун, кагылайындарым. Бири бириңерге жардам бергиле, Аман, сен акылдуу, көтөрүмдүүсүң, бирок мындан ары үлгүлүү да болушуң керек. Многу бир туугандарыңдын тагдырын өз мойнуңа алып жатасың, бул абдан жоопкерчиликтүү жүк, ошондуктан бир иш баштардан мурун жети өлчөп бир кес, каралдым. Алтыке, сен Аманга жөлөк бол, буга чейин деле колдоп келгенсиң, эми эки эсе колдошуң керек, балам. Ылайым кудайым колдосун силерди! Жолуңар шыдыр болуп, жолдошуңар кыдыр болсун! Эмне максат менен жолго чыгып жатсаңар, ошол максатыңарга жеткиле! Ишиңер оңолсун, оомийин! – деп күйөөбаласын маңдайынан өөп, өйдө тургузуп, бооруна кыза кучактап, батасын берген. Кызына кайрылып:

– Алтыке, менден кабатырланба, садагаң кетейиним, Аделя экөөбүз тез-тез телефон чалып турабыз силерге. Өзүңөрдү сактагыла, многу кичинекейлерге жоопкерчиликтүүсүңөр, ушуларды кейитпегиле, – деп кызынын жылуу беттеринен өөп, жытынан искеп-искеп алды. Кичинекейлердин колдоруна момпо, акча, жолдо жегенге камдап койгон нан, бышырылган эт, жашылчаларды баштыкка салып берди. –Эми жолуңардан калбай жөнөгүлө, – деп, баарын “Жигулиге” отургузуп, тышка чыгарып узатты. Аделя, помпойгон, ак ундан жуурулган камырга окшогон колдору менената-энесине адатынча эле кайыр-кош булгалап турду. Бала неме анын ата-энесинин турмушунда кандай гана чукул өзгөрүш болуп жатканын кайдан туйду дейсиң. Унаанын жарыктары алыстап, көрүнбөй калганча Күлкайыр ордунан бир жылбай, катып калгансып, жүрөгү эзилип, небересин бек кучактаган бойдон көпкө турду.

– Маңдайга жазылгандан эч бир жан, эч жакка качып кутула албайт окшойт. Же болбосо ким ойлоптур ушул Кемел менен Бурулсундун , алардын жашоого ынтаасы күчтүү баласы, менин күйөөбалам менен кызымдын баштарына ушундай жүрөктүн үшүн алган күн түшөрүн. Жакшынакай турмуштары бирпаста сапырылып, баякы бейкут жашоодон бир да белги калбады. Ой тобоо, тобоо кылдым, тобоо кылдым. Барып, барып анан менин кызым Аманга туш болгонун карабайсыңбы? Бул да болсо тагдырдын жазганы, а балким жараткандын сыноосудур, эми жараткан өзү эле колдосун балдарымды , эми иштерин оңой көр. – Күлкайыр уктап калган небересинин жанында, балдарынын келечектерин ойлоп алып жүрөгү эзилип, тилинип, чубалжыган санаасынын аягына чыга албай отурду.

 

XII

Тымызын балдарын уурдап, билинбейкөчүп кеткен баласынаКемел башында болгон каары, ачуусу менен катуу издөө салды. Күлкайырдын босогосун өзү эле эмес, анын бир туугандары, жаңы алган аялы да, милициясы да миң атташты. Бирок, Күлкайыр Аманга берген сөзүнө бек туруп, эч нерсе айтпай койду. Аларга эмес, өзүнүн бир туугандарына, аяштарына да болгон иш тууралуу сөз чыгарган жок. Айласы кеткенде Кемел кудасы Аделяны алам деп чыкты, Күлкайыр анда да кебелбей койду:

– Бала сеники куда, мен талаша албайм силерден, алсаң алып кет азыр. Андан көрө Аделя силерге макул болор, көнөр бекен? – деди. Кемел Күлкайыр кудагыйынан жер жарылып кетсе да сөз чыкпарын билгенден кийин анын тынчын да, небересин да албас болду.

 

XIII

Жашоо-турмуш зуулдап күн өткөн сайын ылдамдык алып, өзүнүн айлампасынан чыгарбай, чимирилтешуулдап өтө берген кубулуш экен. Баягы күйөөбаласы чөгөлөп бата сураган, аңгыратып чоң үйүн бош таштап, маңдайына жазган тагдырдын жазмышын аткарууга аргасыз кылган түндөн бери бир нече жыл көз ачып-жумганча өтүп кетти.

Жаңы жерге, бөтөн элге сиңишип, ал жерден да соода-сатык иштерин улантышып, Аман менен Алтынай өз турмуштарын акырындап отуруп жолго салып алышты. Баякы кичинекей Эсен, Саадат, Сейилдер зымпыйып, бой жетип калышты. Эсен борбордогу жогорку окуу жайлардын биринде студент, Сеийил 11-класста, Саадат 9-класста окуп калышкан.

Аман жаңы жерге келгенден кийин абдан өзгөрдү. Айылдагы теңтуштар менен ынак мамиледе болуп, алардын арасынан жоро-жолдошкүтүп, киришип-чыгышып, жамандык жакшылыктарда тикесинен туруп, колунан келгенин жасап, билгенин айтып жүрүп бат эле айылдын алдыңкы жаштарына кошулуп кетти. Бир гана жери, Аман эч бир жанга кайдан келгенин, ата-теги ким экенин, анын өткөн өмүрү, туулуп өскөн жери тууралуу айтчу эмес, Алтынайга, бир туугандарына да айтууга тыюу салган.Ушул жагдай гана айылдын тургундарын бир аз ойго салып койчу.

Атасы Кемел Кыргызстандын төрт бурчунан келген адамдардын баарынан сураштырып жүрүп, кээде балдары тууралуу божомол сөздөрдү угуп, бирок чын-төөгүнүн биле албай жүрүп ушунча убакыт өтүп кеткенин өзү да байкабай калды. Эми баягы ачуусу тарап, балдарын бир көгөнгө зар болуп, арманы тоодой Кемел Күлкайыр менен:-Аа, кудагый, баштан эмнелер гана өткөн жок, өзүң күбөсүң, бул кургур адам баласы жараткан өзү алып кетмейинче кандай кыйынчылык болбосун көтөрүп жашай берет турбайбы. Мен канча ирет ушул жашоодон иренжип кетким келди, эртең менен ойгонгондо күндү көргөнүмө сүйүнбөй да жүргөн кездер болду. Айла жок, азыр баарына баш ийип калдым, жарткандан тилегеним балдарымды кайрып берсе дегеним эле, –деп арыз-муңу менен бөлүшүп калмай болду. Бир жагы Күлкайырдан балдарынын жаңы дарегин биле аламбы деген ой менен, бир жагы Аделя небересин жыттап, балдарын өпкөндөй эс алыш үчүнбү, айтор, негедир кудагыйыныкына өзү жалгыз сырдашууга көп келчү болду.

Алтынай апасына улам-улам телефон чалып, болуп жаткан жакшы кабарлардан айтып, кызы менен сүйлөшүп жүрдү.

– Апа, баягы Аман жок, кудайга шүгүр, эми өзүм таңкалып калам кээде. Кайра кыргыз болуп калбадыкпы. Кайнатам кандай? Баякы сектадан баш тарттыбы же дагы деле ошол жактабы? Аа, экинчи энебиз чыгарып алса жакшы болгон турбайбы, балдары деле сагынып айлалары эле жок, Амандан корккондон эле унчугалбай жүрүшөт. Сиз бир Аман менен сүйлөшкөндө сөз баштап көрбөйсүзбү ыя , апа. Сиздин сөзүңүздү угат эле Аман, –деп Алтынай күйөөсү менен кайынатасынын элдешүүсүн самайт. Кайынатасынын сектадан чыгып, жөн жашап калганын уккандан бери Алтынайдын көңүлү төтө, жоонунан оор жүктү алып койгонсуп жеңилдеп, күйөсү бул кабарды укса иш оңунан чечилерине ишене баштады.

 

XIV

Мектепте окуу жыл аяктап, жайдын маалы келип калды. Жыл сайын жайында Аман бир туугандарын чогултуп жакынкы жайлоого кымызга алып кетчү. Быйыл да балдар каникулга тарашып, Эсен экзамендеринтапшырып, үйгө кайткандан кийин үй бүлөлүк жыйын өткөрүштү. Адатынча Аман :-Ии, жолдоштор, чогулушубуздун күн тартибин окуп кетейин ээ, – деп тамаша сөз менен баштады. – Биз бүгүн жайкы каникулду кандайча өткөрөбүз деген суроону талкулоодон баштайбыз. Кимде кандай сунуштар бар? – Мен контрактын акчасын чогултууга Ысык-Көлдөн 3 айга официанттын ордун таап койдум, ошондуктан бир жумадан кийин ошол жакка кетем го, – деди Эсен. – Түшүнүктүү. –А биз Эсен акем менен чогуу барып эс алып келсек болобу? – деп Сейил улуу акесине дароо суроо жөнөттү. – Сиздечи эч кандай сунуштар жокпу? – деп Аман Алтынга күлүмсүрөй карады. Алтын:-Мен Аделяга, апама баргым келип жатат, – деп койду. Аман баарын сырдуу карап турду да:-Эсен, быйылкы контрагыңды биз жеңең экөөбүз төлөп коелу, Ысык-Көлгө эмки жылы чогуу баралы, ошондо эмне калып жатат быйылкы каникулдарга? – деп суроосун берип бүтө электе эле –Урррраааааа, биз атама, Аделягабарабызбы! – дешип балдар бирин бири кучакташып, акесин, жеңесин баса калып өпкүлөп, секирип күлүп жаткандарын көрүп Аман менен Алтын да каткырып күлүшүп, жаш балача сүйүнүшүп, алар менен кошо –ура, ура, – деп кыйкырып жатышты.

Сүйүнүчтөрү койундарына батпай, чогулуш болгон күндүн эртеси кыздар кыткылыкташып кийимдерин жол баштыкка чогултуп, Аделяга, атасына алып кетет турган белектерин камдапжатышты. Алтын да улам кызы менен апасын эстеген сайын сагынычтуу улутунуп коюп жол камын көрүп жүрдү. Аман Эсен экөө эртеден кечке “Жигулини” ары –бери чапкылап, белек-бечкекке каражатты карызга товар алган эл-журттан чогултуп жүрүштү. Ошол иш менен алектенип жүргөндө Аман Эсен экөө айылга барганда атасына кантип жолугарын, эмне деп айтышарын, аларга кандай мамиле кылышар экендиги тууралуу сөз кылып жатышты. Ошентип шашкалактап, камынып жатып эки күн эки сааттай өтүп кетти.

Жолго чыгар түнү Аманда да, Алтында да, ал эмес бир туугандарында да уйку болгон жок. Ар бири өз ою менен алек. Кыздар албетте үйлөрүн элестетип, кыялданып жатышты, Эсен атасы менен өгөй энесинин турмушу жөнүндө ойлонду, Алтындын оюнун баары Аман менен атасы эми урушпай-талашпай бир сөзгө келип, тил табышып алышса деген ой, анан Аделя кызынын, апасынын элестерин, жыттарын эңседи, Аман эртеңки жолду эстеген сайын жүрөгү жагымсыз сыдырылып жатты. Ошол туулуп-өскөн жеринен ушунчалык көңүлү калыптыр, өткөн окуялар куу жыгачтай тып-тыйпыл бир да жылуу сезим калтырбай баарын өрттөп кетиптир. Ошентсе да барбаска айла жок эле. Өткөнгө өкүнүп, кеткенге кектенип жүрө берсе, өмүрүң эмне болуп өтөт?

Ооба, алар үй бүлөсү менен чоң жаңылыштык кетиришти. Ошол катаны эми Амандан башка оңдоп-түзөп кетээр киши жок экенин Аман бөтөн жерге кетип баратып эле түшүнгөн. Эртеси “Жигулисине” үй бүлөсүн отургузуп, жолго чыкаандан тартып, айылына барганда кандай сөз айтам, кантип учурашам атам менен, көз көрүшкөндөн кийин атамдан, айыл-ападагы элдин баарын чакырып, алардан да кечирим сурайын. Өз диниме, өз элиме кошкула деп суранам. Болору болду, эми мындан ары многу чоңоюп келе жаткан кичүүлөрүбүзгө чоң сабак болсун, ушулар биздин каталарыбызды кайталабай, кылымдардан бери келе жаткан ата-баба салтыбызды эч бир акчага, байлыкка алмаштырбоо керек экенин жакшылап айта жүрөлү, кийинки муунга өзүбүздүн жүрүм турумубуз менен үлгү бололу, деп эл алдында чөгөлөп кечирим сураймын деп Аман узак жолдо узун оюн бүтүрө албай, улам жаңы ою келип анандагы муну жасаш керек, анан... – деп отуруп туулган айылына кантип кирип келгенин байкабай калды.

Аягы

 

2008-2010-ж. декабрь

© Мунара Зарипова, 2013

 


Количество просмотров: 1694