Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Балдар адабияты
© Мунара Зарипова, 2013. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 23-декабры

Мунара ЗАРИПОВА

Кеме Эркин жана дельфин

(чоңдор үчүн жомок)

Бул жомокто балдарыма атам менен апамдын баштарынан өткөргөн турмушу жөнүндө айтып бергим келген.

 

Күндөрдүн бир күндөрүндө жалгыз калган кичинекей бир кеме турмуштун терең, чоң деңизин сүзүп жөнөдү. Далай жолу асман карарып, күн күркүрөп, деңиз толкуп ташыды. Алсыз, жалгыздыгына жүрөгү майтарылган кичинекей кеме деңиздин тажаалдыгына моюн сунбай, жан дили менен берилип, келечекке жол салып келе жатты. Элеңдеп коркуп, жолун эптеп таап келе жаткан, кабыргасы ката элек кемеге тагдыр көп жолу сыноо жиберди. Бирок, сыягы Теңирим аяды көрүнөт жалгыз кемени. Балкылдаган, сүрдүү алп күчкө ээ деңиз буркан-шаркан түшүп, күтүүсүз жерден толкундарын тик көтөрүп, араң көрүнгөн кемени баса калганы шашылганда, Теңирим көрүнбөгөн колу ме¬нен аны токтотуп, ал эми кемени калкалап турду.

Ушундай сапарда жылдар билинбей өтө берди. Кеч күздүн бир күндөрүндө күндүн көзү көрүнбөй, асман менен деңиз киргилт, кара-көк түскө боёлуп, каарын катуу чачып жаткан. Кичинекей кеме жээкке жабышып, сууктан катуу кейип турган эле. А альбатростор эчтеме болбогондой келген кыштын ызгаарын тоготпой жарымы сууну, жарымы жээкти каптай калышты. Алардын шашпай, каадалуу басып жүргөндөрүнө кеме сукгана түштү: – Эй, деңиз куштары! Силерге кайрылсам болобу? – деп кыйкырып жиберди. Деңиз куштары дале шашпай, шамалга төштөрүн тозуп, кемени көздөй басып келишти. Бирин-серини кеменин үстүнө да конуп калышты, алар¬дын ичинен бирөөсү: – Кайрылсаң болот! – деп үн катты. Мындай жоопту күтпөгөн кеме шашкалактап, эмнеден баштаарын билбей калды. Оюнда көптөгөн сөздөр бири биринен кезек талаша ооздон чыгып, айтылууга шашылып жатышты: – М-м-мен, мен силерден кеңеш сурайын дегем. Канткенде силердей болуп кыштын ызгаарын кенебей жүрө алам? – деп айтып жибергенине өзү таңкалды. Деңиз куштары жабыла Га-га-га – деп каткырып жиберишти. –
Сен биз ме¬нен өзүңдү салыштырба, биз деген көктө учабыз, сууда сүзөбүз, жерде басабыз, а сен жен гана суунун үстүндө калкып жүрөсүң. Га-га-га, – деп жооп таштады да, баары бирдей асманга учуп кетишти.

– Мен, мен сууда тим гана калкыбайм, мен сүзө алам, мен толкундарга туруштук бере алам, мен, мен... – деген бойдон ызааланып калып кал¬ды. Бирок, кеме: – Мен сууга чүмкүй албасам да, кеп кемелерден кем эмес, чыйрак жана чыдамкай болушум керек. Мен асманда уча алба¬сам да, ылдам сүзүүшум керек, – деп күчтүү жана шамдагай болуу үчүн күндүзү өтө эле алыска сүзүп кетчү болду.

Бир жолу кеме кечке чейин жээкке жетип келүүгө үлгүрбөй жырткычтай сүрдүү, жылчыксыз караңгыга курчалган деңиздин ортосунда калып калды. Унутулуп бараткан коркуу сезими кайра жанданып, жаш кеменин жүрөгүн көбүн эсе солгундатып койду. Эми кеме кеч кирбесе деп тилечү болду, себеби, чоң, ансыз деле түшүнүксүз деңиз түнкүсүн ого бетер сырдуу, суук жана коркунучтуу боло түштү. Анан калса өзүнүн жалгыздыгын түн киргенде өзгөчө сезип, жүрөгү эзилип кетчү. Ошондой түндөрдүн биринде, ал асмандагы жымыңдаган жылдыздарга жүзүн буруп, аларга суктана көпкө тиктеп турду. Көпкө караганданбы, же чын элеби, жылдыздар ага бир белги берип жаткансыды. Кеме көзүнө ишенбей толкундана түштү, кайра кубана кетти. Ал көптөн бери издеп жүргөн жакын, ага жөлөк-таяк боло турган жанды күтүлбөгөн жерден таап алгандай сүйүндө. Ошондо жалгыздыктан ушунчалык чарчаган кеме үнүнүн болушунча, дараметинин жетишинче асманга, айга, жылдыздарга жеткендей кыйкырып жиберди: – Э-э-э-эй! Жымыңдаган жылдыздар! Силер асмандын көзүсүңөр, ааламды курчап алып, үстүдөн баарын көрүп турасыңар! Мага жардам бергилечи! Менин атакем, энекем кайда экенин айтып койгулачы, сурана-а-амы-ын! Көрүп калсаңар, менин сагынычымды, издегенимди, мен аларсыз бактысыз экенимди, айтып койгулачы-ы! – Э-э-э-эй, сулуу ай! Ардайым таң аткандан кун батканча жер-суудагыларды суктантып өзүңө бурасың Менин атакем, энекем да сени караган болушу керек. Сен аларды көрдүңбү? Мен алардын мээримине муктажмын. –Э-э-э-эй, жер кыдырган, шуулдаган шумпай шамал, сенден өтүнөм менин үнүмдү ата-энеме жеткире көр, өзүмдү да алар тарапка үйлөй көр! – деп көз жашын жамгырдай төгүп, үнү бүтүп, алы кетип, ээси оогончо, бул түндө кыйкырып чыкты. Ушудай түн болду... Бул окуядан кийин кеме түндү күтүп калды. Көкүрөгүндө өзүн-өзү алдаган, алга сүрөгөн үмүт пайда болду. “Эч болбосо бирөө жарым укту да, эч бол– босо бирөөсү мага жооп берээр” деп түнкүсүн коркконду, үшүгөндү унутуп, кулагын туруп, сергек уйкуга өттү. Арадан билинбей үмүт ме¬нен тилекке, күтүү менен ишеничке чыйралышкан далай күндөр өтүп кеткенин кеме да байкабай калды окшойт. Жооп болбоду. Ошол жалынып-жалбарган түндөн тартып, кеме өзүнүн аң-сезимде бир чоң өзгөрүү болгонун байкады. Ошол түндө ал эбегейсиз чоң мейкиндикте жерге, асманга, сууга жана башка кыбыр эткен нерселерге чейин көз салып, аларды бириктирип, бардыгын тагдырларына жараша нукка салып турган алп күч бар экенин туйган. Ал күч ага тунук назик, жылуу, эне жыттуу жана адилеттүү болуп элестээр эле. Ошол түндөн баштап, ал өзү түйүп тапкан (же аны тапканбы) белгисиз күчкө сырым, мунун, тилектерин, максаттарын ыйгарчу. Кеме өзүнүн жүрөгүн өйүгөн, бирок жооп таба албаган көп суроолорду андан жооп күтпөй эле бере берчү. Көрүнбөгөн, тилсиз, бирок кандайдыр бир сезилчү зат менен маектешкенден кийин кеме өзүн жакшы се– зип, күчтөнүп, узак жолго тике ка¬рап жолун улантчу.Чоң деңиздин үстүндө кандай гана кемелер кездешпейт. Бири заңкайган чоң, абдан жасалгаланган, кооз, бай келбеттери тээ алыстан көрүнөт, үндөрү бийик чыгат. Сапаттуу курулган, бир караганда башка кемелерден айырмаланбагандай, бирок деңиз менен тең тайлашкан, "сөөгү" каттуу, зымпыйган, сапарлары байсалга шериккемелер да жок эмес эле. Чоң болсо да, кайраты кеткендей, чарчагандай эски кемелер жээкке көпкө байланышчу. Деңиздин оор кысымына туруштук бере албас, деңиздин ортосуна да жете албас, өмүрлөрүу кыска майда кемелер да кездешчү. Ошончонун арасында жүргөн жаш, жүдөгөн кемеге эч ким деле көңүл бура койчу эмес. Ал өзү менен өзү, кемелерди аралап, бирөөсүнө түрткүнчөк болуп, экинчисинен «бир жолку» боорукердикти көрүп, үчүнчүсүнө суктанса, а төртүнчүсүнөн качып, кийинкисинен үлгү алып, жакканын үйрөнүп, “турмуш деген ушул турбайбы” деп, келечектен көптү үмүттөнгөндөн айбыгып, эч кимге жамандыгы жок, тынч жашап, күндөрдү өткөрө берди биздин кеме. Кыштын аягында асмандын кабагы ачылбай, бир нече кун бороон-чапкын болуп, кар бурганактап туруп алды. Кеме сууктан бурушуп, кар аралашкан шамалдан айласы кетип турду. Кар тиер замат муз болуп тоңуп, болгон жерине жабышып алсыратыл жатты. Жулунган шамал жини келген немедей сууну ары-бери чайкап, тик көтөрүп, ылдый чаап, кар менен сабап жатты. Сууну эле эмес көзүнө көрүнгөндүн баарын, кемелерди да тынч койбой көрүнбөгөн деми менен жулмалап, күчтөрүн, дараметтерин сынап жаткандай. Жаш кемени шылдыңдагандай улам бир үйлөм менен жээктен ары деңиздин аңтарыла кайнап жаткан ортосуна тар– тып кетип жатты. Кеме алынын болушунча жанталашып, алааматка туруштук бергенге аракеттенип чымыркана түбү тийген таш, кумга жабышып жатты. Бирок алп шамал анын аракеттерин чымынды үйлөгөндөй эле бир үйлөп четке какты да, ары-бери чайкап туруп, сууга капталынан жыга салды. Андан кийин чоң толкунду үстүнө журкандай таштап койду. Эсине келген кеме канча убакыт өткөнүн билбей калды. Капталдары эзилип, бүт турган турушу бошогонсуп, ар бир кыймыл-аракеттен сынып кетчүдөй жаман болуп калыптыр. Өзүнө окшогон кыйраган кемелер көп болду. Сууга такыр эле чөгүп кеткендер да бар болчу. Жардамга мукгаж кемелерди адамдар жээкке тартып чыгарып, жамап-жаскап мурдакы калыптарына келтирип жаткан экен. Жаш кеме да ошолордун арасында эле. Бардык оңдоо иштери бүткөндөн кийин кемени сары түскө боёп, эки капталына канат тартып коюшту. Канаттар ээсин тапкандай, абдан орундуу болуп көрүндү. Анткени, кеменин жүрөгү, кулк мүнөзү жек көрүүнүн, наадандыктын, ичи таардыктын жана башка жат көрүнүштөрдүн туткунуна кармалбай, эркин, канаты бардай "тазалыкка", жеңил "учуп" кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар эле. Кемени оңдогончо көп айлар өтүп кетти. Биздин жаш кеме чоңойду. Деңизден биринчи жолу ушунчалык катуузапкы жегенден кийин, кеме андан анча деле коркпой калды. Бирок жүрөгүндөгү баягы караңгы түндөрдүн биринде пайда болгон туйуусу жоголгон жок, ал тургай күчөгөндөй. Деңиз тыптынч мемиреп турган күндөрдө кеме жай каалгып, кыялында алыскы жылдыздарга учуп барчу. Жылдыздардын арасынан ата-энесин, баш¬ка да өзүнө жакын жандарды таап алып, ааламдын эң сулуу жерлерине саякатка барганын элестетээр эле. Жаратылыштын жайдары жылуу күндөрүнүн биринде биздин кеме дагы ушундай кыялдардын канатына минип алып, көк асманда учуп жүргөндө абдан сырдуу, буга чейин уга элек үндөрдү укту. Ал үндөр суудан чыгып жатты. Сууну шылдыратып, күлүп, каткырып, кобурашып жаткандай үндөр кеменин назарын асмандан сууга бурду. Таң берип, сууну тиктеп турган кеменин жанында кайдан-жайдан сулуу, шайыр дельфиндер пайда болушту. Көрсө жанакы бейтааныш сырдуу үндөр дельфиндерге таандык экен. Алар жылтылдаган күзгүдөй сыйдам капталдары менен кемени сылап өтүп жатышты. Кеме алгач же чоочурун билбей, же күлөрун билбей турду. Би¬рок алардын келбети жана кылык-жоруктары сүйкүмдүү жана жагымдуу эле. Ал дельфиндердин оюнкараак экендигин дароо түшүнүп, алар менен жакшыраак таанышкандан кийин алардын деңиздин акылман, эр жүрөк, ак пейил жашоочулары экенин байкады. Анын ойу боюнча жашоодо эч бир түйшүк жоктой ачык көңүл, тоскоолдуктарга амалкөй, кыйынчылыкта чыдамкай, чечкиндүү жана ошончо балык-балырлардын ара¬сынан деңизде өзүн ыракаттануу менен эркин сезгендер дельфиндер эле. Теңирим бул түйшүктүү турмушта жетим кал¬ган, келечекке дилгири күчтүү, ниети таза, өзү билип-билбей калган ата-энесин ушунчалык сүйгөн, баалаган сары, эр¬кин кемеге ар дайым көз салып турчу көрүнөт. Же болбосо ошончо жандын ичинен ага өзүнө окшош дельфиндер жанжолдош болуп калганы кимдин кылганы дейсиң? “ Эх, дельфиндер! Билесиңерби, канча балыктар силерге көз артып, силердей болгулары келет? Шайдоот, жарык маанай, кыйынчылыктарды капарыңарга албай коркпос жүрөгүңөр менен келечекке жол салган жаныбарлар силерсиңер го! Деңиздин караңгы түбүнөн жарыкка бет алып, оор туздуу сууга моюнсунбай, тескерисинче, аны абадай бөлүп, куштардай учуп кетчүдөй бийиктикке умтулган азаматтар! Силердин сырткы келбетиңерге ички жан дүйнөңөр төп келишип, бири-бирин толуктап, ар жан¬дын сугун арттырат. Мен-менсинген калдайган кара киттер деле силердин деңиз талааларында жеңил жортуп жүргөнүңөргө суктанат го?” деп кеме дельфиндер жөнүндө болгон чындыкты өздөрүнө чалыкпай айтып отурду. А алар дагы эге баягысындай жөнөкөй, бир аз көйрөң мүнөз: “ Ооба, биз ошондойбуз”, дегенсип, кемени айланып, су¬удан октой суурулуп, кайра сууга чүмкүп ойноп жатышты. Жаш кеменин жашоосунда жакшы окуя болду – ал дельфиндер менен достошту. Жылдыздардын арасынан издегени деңизден табылды көрүнөт. Эми таң аткандан, күн батканга чейин иште болобу, эс алабы дель¬финдер менен анчалык деле көңүлсүз турмушу жанданып, кызыктуу жана кооз боло баштады. Дельфиндер менен бирге жаздын жумшак соккон жылуу желине баш ийип, мурун барып көрбөгөн жер– лерге саякатка кетип калышчу. Жа¬ратылыштын ар бир мезгилине өзүнчө кубанып, турмушту өзүнө багынтканды сары кеме дельфиндерден үйрөндү. Бирок ошончо көп дельфиндердин ичинен бирөөсү гана кемебизге жакын болуп кетти. Ал дельфин кемени абдан аячу, ага боору ооруп, жардам бергиси келчү. Ке¬менин жароокерлиги, келечекке ынтаасы жана башка көптөрдө жок жакшы касиеттери аны өзүнө тартчу. Экөө ынак болуп кетишти. Деңиздин сырын билип, тилин тапкан, сууну жыра сүзгөн акылман балык кеме¬ге кеңеш айтып, күчүнө күч кошуп, тирүүчүлүктөгү көп түйшүктү жеңүүгө жардам берип жүрдү. Билинбей күндөр айга, айлар жылга тогошуп, биздин элеңдеген жаш кеме турмушка байралып, деңиздин толкундарын кенебеген, сала– баттуу чоң кеме болду. Бири кыйналганда, бири жөлөп-таяп, жакшылыкты бирге тосуп, бири-бирине эң жакшы тилектерин арнап, өмүрлөрүнүн эң ачуу, эң таттуу, эң кызыктуу күндөрүн баштарынан чогу кечирип келе жатышты чоң деңиздин ортосунда салабаттуу эркин кеме жана шуулдаган акылман дельфин.

ЭРКИН кызы Даанагул (Зарипова Мунара)

 


Количество просмотров: 1556