Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Балдар адабияты
© Мунара Зарипова, 2013. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 23-декабры

Мунара ЗАРИПОВА

Жыл атанын балдары

(жомок)

Бул жомок башталгыч класстын окуучуларына ылайыкталган. Жыл мезгилдерин сүрөттөө сабагына керектесе болот.

 

Күндөрдүн бир күндөрүндө адамдын баласы – Жыл мезгилдеринин эң мыктысы кайсы болду экен? – деп Жыл атага кайрылат. Жыл ата өзүнүн төрт уулун: биринчиси-кычыраган Кышты, экинчиси-жадыраган Жазды, үчүнчүсү– күркүрөгөн Күздү, төртүнчүсү-жалындаган Жайды чакырат.

– Кана, балдарым, бул Адам баласына айткылачы, араңарда киминер эң мыкты? – деп уулдарына суроо жөнөттү. Алгач чачтары, мурут, сакалдары кар менен муз болгон, айланасын аяз курчаган, деминен суук урган кычыраган Кыш алдыга чыгып:– Жыл атабыздын эң каардуусу мен болом. Бир түндүн ичинде жер жүзүн аппак карга ороп, Көл,деңиздерди бир үйлөп музга камайм. Жер үстүндөгү бүт тирүү жандар жана сен дагы, Адам баласы, менден коркосуңар. Мен жаратылыштын баарын тынчтыкка жана уйкуга бөлөйм, – деди.

Кийинки сөздү жадыраган Жаз алды:

– А мен Кыш жайнатып сепкен карды,көгүлтүр күзгүдөй музду шашпай, күндүн жылуу нуру менен эритем. Сууктан туш-тушка бекинген жан-жаныбарларды жылытып, аларга кайрадан жан киргизем. Кышында айлана аппак болсо, жазында жашыл чөп кылтаят, Кызыл-тазыл гүлдөр ачат, айлана шаңга бөлөнөт, курт-кумурскалар ызылдап, келгин куштар сайран курушат. Жаздын бир күнү бир жылды багат деген сөз бар. Мен кайратман дыйкандардын досумун, –деди жүзүнөн жылуу нур тамган, деми гүл аңкыган жадыраган Жаз. Сөз кезеги Жайга келди:

– Кыш агам – үшүтсө, Жаз агам-жылытса, мен– ысытам. Жер жүзүндөгү кыбырагандын баарысы жайында жыргал жашоо сурүшөт. Анык бейиш жайында. Суусасаң суусун бар, ачка болсоң азык бар, ысысаң көлөкөдө салкын бар. Айтор, жыргал жайында. Жадагалса адамбаласы да ысыктын күнү магдырап аз иштеп, көп эсалат, – деп сөзүн токтотту Жаймезгили. Күзгө да кезек жетти: -Адамдар мени Жаз мезгилинен кем эмес сулуу жана көрктүү дешет. Береке, токчулук, молчулук күзүндө. Бирок мен мээнет менен эмгекти талап кылган мезгилмин. Бышып– жетилген эгин– жемишти жыйнап-терип, кышка камдоонун бары менин мойнумда. Антпесек, Кыш агам эч кимди аябайт, – деди Күз.

Анын чачтары бышкан буудай, көкүрөгү жалын түстүү жалбырактардан, жеңи ар түрдүү гүлдөрдөн эле.

Жыл ата балдары менен сыймыктана, биринен-бирин кем көрбөй, Адам баласына кайрылды: – Мына, Адам баласы, менин төрт уулумду көрдүң, уктуң эми кандай ойго келдиң, кимисин эң мыкты деп таптың? Адам баласыЖыл атаны карап: – Кыш кычыраган аязга, жылтылдаган кар, музга бай. Биз адамдар кыштын күнү көк жылгаяк тебебиз. Кышты көңүлдүү өткөрөбүз. Жаз жан киргизген жыбыраган жамгырга бай. Кышын алтай топтогон ал күчүбүздү тала айдап, бахча тигип жылдын камын көрүүгө жумшайбыз. Жалындаган Жай айы жарыкка, аңкыган гүлзарларга бай. Жайдын күнү көл, деңиздер жылып, адамдар суудан чыкпай ырахаттанабыз. Күзүндө«күз– күрөш, жаз– жарыш» – деп болгон убактыбызды эгин жыйноого, кышка даярдык көрүүгө коротобуз. Ар бир мезгилдин өзүнө Гана тиешелүү кайталангыс касиеттери бар экенине күбө болдум. Ошол төрт мезгил биригип кереметтүү Жыл атанын көркүн чыгарат турбайбы. Ырахмат,Жыл ата, сага таазим. – деп Адам баласы үйүнө кайткан экен.

 

© Мунара Зарипова, 2013

 


Количество просмотров: 1045