Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Балдар адабияты
© Мунара Зарипова, 2013. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 23-декабры

Мунара ЗАРИПОВА

Дан

(Өспүрүмдөр үчүн жомок)

Кичинекей кутучанын ичиндеги жашоочулардын кызыктуу окуялары жөнүндө.

 

Чоң эненин кичинекей кутучасында көп нерселер бар эле. Чоң энебирдеме таба албай калганда жебир нерсе зарыл керек болсо ошол кутучасын ачып:– Өзүмдүн эле жаман кутучамдан чыгат, чыкса, – деп карап калчу. Ал керемет кутучада эмнелер гана жок! Оймок, ийне салынган сүйрү түтүкчө, ар кадай түстөгү жиптер, тоголок, сүйрү, төрт чарчы топчулар, жыпар мончок, анан дагы ашкабак, тобурчактын жана башка ар кандай өсүмдүктөрдүн дандары бар укмуштуудай кызыктуу кутучаэле.

Чоң эне кутучаны ачканда неберелерге майрам болчу, анткени алар өз колдору менен чоң энеге жардам беримиш болуп, кооз топчуларды, ар кандай дандарды көпкө кызыгып караганга мүмкүнчүлүкалышчу. Кутучадагы нерселер (буюмдар) да балдардын бөйтөйгөн жумшак колдорун жактырышып, капкак ачылаар күндү абдан күтүшөт. Чоң эне сыркоолоп же айылдап кетип калган күндөрү кутучанын тургундары караңгыдан жадап өз ара бир сыйра гер-мур айтыша кетишчү. Анан бирөөсү ыйлап, бирөөсү таарынып, дагы бирөөсү:

– Ушуну көрмөксүңөр, – деп акылдуу сынтып калаар эле. Ошондой учурлар бир кичинекей, белгисиз өсүмдүктүн данына такыр жакчу эмес.

Кутунун ичи караңгы болгону аз келгенсип, уруш-талашта тар жана жагымсыз болуп сезилчү. Бүгүн да кутунун ичиде тынчтык жок. Белгисиз өсүмдүктүн даны эч ким менен сүйлөшпөй, өзү менен өзү болуп бир бурчта кыялданат. Эки сөөмөйү менен кулактарын жаап, көзүн кату жумуп ойлоруна чөмүлдү. «Ооба, бир күнү чоң эне кутучанын капкагын ачканда мени чоң эненин небереси сурап алат. Чоң эне абдан берешен, колу ачык. Ал небересине:– Алагой, берекем, алдагы дан – сыйкырдуу дан. Сен аны эрте жазда жерге көмүп койсоң андан укмуштай сонун гүл чыгат дейсиң! – деп айтат. Анан небере бөйтөгөн, жылуу, жумшак алаканына мени салып алыпкөпкө бекитээр жер издейт. Акыры сандыктын артына бекиткен тыйын чогулткан капчыгына салып коет. А эрте жазда топуракка таштайт. Анан мен соо-онун болуп өсүп чыгам. Эх! Ошол күн тезирээк келсе-деп кыялданып жатып уктап калат. Айланасындагылардын эбак эле басылып, уруш– талаштан чарчап кыймылсыз жаткандарын да байкабайт, анткени кыялдары түшүн аралап, ал өзүн абдан бактылуу сезип уктап жаткан эле.

Тырс эткен кулпунун үнү угулду. Жарк этип кутучага жарык кирди, бары жанданып чоң эненин көнүмүш кобураган үнүн күтүштү. Бирок капкакты ачкан адам чоң эне эмес эле. Бейтааныш неменин колу кутучанын ичиндегилерди ары-бери чачып карады да:-Ичин тазалаш керек, кереги жок майда-чүйдөлөр эле экен. –деп, үстөлдүн үстүнө кутучаны көмкөрдү. Кутучанын тургундары: – Эй, этияттабайсыңбы? Бул кандай наадандык. Ой-ой-ой мен экиге бөлүнүп калсам эмне болот? – деп кыйкырып, нааразы болуп жатышты. Бир нече топчу менен буурчак тоголонуп качып жөнөштү эле, бейтааныш кол шап тосту да, алаканы менен үстөлдүн ортосуна сүрүп келди. Алардын кыйкырганын угуп да, сезип да койгон жок. Белгисиз өсүмдүктүн даны тоголок эмес, жалпак сүйрү болчу. Ал үстөлдүн үстүндө чалкасынан түшүп көпкө жаты. Бир маалда баягы эле бейтаанышүстөлдүн үстүндөгүлөрдү чоң жумшак , ным нерсе менен чакага сүртүп түшүрдү.

— А-а-ай, кокуй, эмне болуп жатабыз, кайда? – дегенче болбой түрс, түрс этип желим чаканын түбүнө түшүп калышты. Эмне болупкеткенин бири да түшүнбөй калды. Бул үйдө кайгылуу окуя болгонун кутучанын тургундары билген эмес. Чоң эне бир ай мурун көз жумган. Эми кызы энесинин үйүн ырастап жаткандагысы эле. Ошондуктан неберелердин да кожураган үндөрү угулбайт. Чоң эненин өлуму менен кичинекей керемет кутучанын тургундарынын турмушу да мына ушундайча өзгөрдү.

Желим чака – таштандылар салынчу чака экен, ошондуктан ага түшкөн дандын бары таштандыга кетти. Таштандыларды каргалар көпкө тарбайган шыйрактары менен ары аңтарып, бери аңтарып жатышып бирөөсү белгисиз данды чокуган бойдон учуп жөнөдү. Шаардын бакчасынын бир багына конду да баягы данды чокугулап көрүп жерге таштап салды.

Корккондон, эки капталыооругандан, анан калса бир күндө ушунча көпокуя болуп өткөндүктөн баягы дандыныйламай тургай, ойлонгонго даакыбалы келбей калды. Муздак, ным барик –жалбырактар төшөлгөнжумшак жерге «шырп» этип көмкөрөсүнөн түшүп калды. Эптеп-септеп жалбырактардын арасына кирип кетти. Көздөн далдоо, жылуу, бирок дагы караңгы. Ээ. мейли, караңгыны көрбөй жүрдүм беле! Эч ким таппаса болду, мен эми эптеп осүп чыгышым керек. Мен абдан сулуу, жыттуу, кооз гул болушум керек? А балким мен кадимки эле көп чөптүн биридирмин? Жок, андай болсом чоң эне мени мынчалык аспиеттеп кутучага катпайт эле? – деп ойлонуп жатып дагы уктап калды биздин дан. Ал көпкө уктады. Өзу да билбей калды канчалык узакка уктаганын. Көзүн ачса жарык көзүн уялтып, күндүн нурлары бүткөн боюн кытыгылап, тээ бийиктиктен жагымдуу үндөр жаңырып жатты. Ал – келгин куштардын жазгы ырлары эле.

– Ой, мен дан эмес эле өсүмдүк болуп калаганмын го! Ах, менин шыңга боюм, желбиреген жалбырактарым, койкойгон моюнум, кооз башым бар экен. Айтпадым беле мен жөн эле чөп эмесмин. –деп,суйунгонүнөн каткырып күлүп, күндү карай созулуп өсө баштады.

Күндүн табы күчөгөндөн күчөп , айланадагы өсүмдүк,чөптөрдүн бары жабыла жайнап гүлдөгөнү гүлдөп, өсконү өсүп жатышты.

Көпөлөк, чымын, аары, чегиртке дегендин бары быжылдашып чөптөн чөпкө конуп жыргап жүрүшөт. Баякы дандан өсүп чыккан өсумдүккө аары, көпөлөктөр өзгөчө көп коно башташты. Бир күнү ал жапан аарыдан :– Кечиресиз, эмне үчүн сиздер мага көп коносуздар? – деп сурады.

– Оо, сиз бул жерде сейрек кездешчү гүл экениңизди билбейт окшойсуз. Сиздин коркүңүз татына жана ширеңиз абдан таттуу. – деп жооп берди жапан аары. – Рахмат, сизге, мен бул сөздөрдү көп күндөр бою күткөм. Мен караңгы кутучада отурганда да ушул күндөн үмүтүмдү үзгөн эмесмин. Мен жөнөкөй дан эмесмин, мен муну билгем! – деди абдан кооз, жыпар жыттуу гүл.

 

© Мунара Зарипова, 2013

 


Количество просмотров: 733