Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Балдар адабияты
© Мунара Зарипова, 2013. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 23-декабры

Мунара ЗАРИПОВА

Булут

(жомок)

Бул жомок башталгыч класстын окуучуларына ылайыкталган. Жаратылыш жөнүндө сөз өстүрүү сабагына керектесе болот.

 

Жайдын ысык күнүндө деңиз, көлдөрдөн чогулган буудан кичинекей булут жаралды. Көзүн ачып, эки жагын каранса, айлана көгүлтүр, туптунук, жанында бир жан жок. Колу менен өзүн кармалап көрсө, аппак жана жумшак экен. Кайдан, эмне болуп пайда болгонун түшүнбөй турган булутту шамал айдап жөнөдү. – Ой, ой, ооой! Мен эмне болуп жатам? Мени оюма койбой ары-бери сүйрөгөн бул эмне? – деп чоочуду булут. – Ха, ха, ха, коркпо! Мени тапчы, мен мындамын. Шуууу, шуууу-деди да, оюнун токтотпой булутту ары уйлөп, бери үйлөп айласын кетирди тентек шамал. Булут эки жакты карап, шамалды колу менен кармаймын дейт, бирок эч нерсе колуна урунбады, көзүнө көрүнбөдү. 

– Багындым, таппадым. Сен өзүң кимсиң? Көрүнүп койчу? – деди булут жалбарып.

– Мен шамалмын. Мени канча аракет кылсаңда көрө да, кармай да албайсың. Мен ардайым кыймылдамын. Жер үстүндөгү көп нерселерди кыймылга келитрүүгөалым жетет. Мына сени үйлөп койдум эле, мага туруштук бере албай айлаң кетти ээ? – депжооп кайтарды шамал.

– Мен али кичинемин, а сен чоң болсоң керек? – дейт булут.

– Жок, мен анчейин деле чоң эмесмин, менден да чоң шамалдар бар. Ооо, алар кээде гана ойгонушат. Алардын ойгонушу өтө коопту, себеби чоң шамалдар абдан күчтүү жана өжөр болушат. Баштаган иштерин бүтүрмөйүнчө тынч алышпайт. Ошондуктан алардын уктап турганы оң. Андан көрө жүрү жарышабыз, шууу-шууу – деп шамал булутту дагы айдап жөнөдү.

Кубалашып жүрүп, канатын калдайта жайып, көк асмандажай кааалгыган бүркүткө кезигишти.

– Чоң шамал сиз эмессизби? – деди булут буркүткө кайрылып. – Мен шамал эмесмин, Мен –бүркүтмүн. Менин үйум аска-зоолордо. Өмүрүм тоо менен асманда өтөт. А бирок жер үстүндөгү нерселердин кыбыр эткенин байкайм. Менин көзүм өтө курч. Бийиктиктен жер алаканга салып койгондой көрүнөт – деп жооп берди алп бүркүт. Анын сүрдүү, өткүр көздөрү булутту теше тиктеди эле, булут мукактанып коркуп кетти.

– Менден коркпо экөөбүздүн тең мекенибиз асман, –деди бүркүт булуттун коркконун көрүп.

– А мен киммин сиз билесизби? – деп кайрадан суроо жонөттү булут. –Алдагы тентек досуң айткан жокпу сага ким экениңди?Сен – булутсуң, – деген бойдон булуттун -Рахмат, – деген сөзүн байкабай каалгып жөнөдү.

Бүркүттүн сөздөрүнөн кийин булут да жерди тиктеди. Жер ага да даана көрүндү. Жердин үстү ар кандай түстөргөбоелгон кооз экен. Булуттун улам кызыгы артып жерге жакындап түшүп келе жаты. Булуттун койнуна чабалекейлер бекинчек ойношту, ак кептер чимирилип, тегеренип бий бийлеп беришти, алдынан боз торгой чыгып безеленип ырдап берди. Бирок булут андантомон түшө албады. Анткени ал жеңил эле, аны жерден көтөрүлгөн ысык аба улам жерден алыстатып турду. Жердин усту булутка сырдуу корунуп, абдан азгырчу болду. Билинбей күндөр өттү, жай да өттү. Аба салкын тартып, көк асманбозоруп, чоң шамал ойгонуп,тундүктөн суук тартып, келбеттүү кара булуттарды айдап келди. Булуттар бир бирине жакындашкан сайын карарып, жердин үстүнө капкактай түшчүдөйсалаңдап калышты. Арасынан өңү бозоргон, кара чоң булут

– Мен кеттим, көрүшкөнчө, – деген бойдон миңдеген майда тамчыга бөлүнүп жамгырга айланды да шатырап жерге жаай баштады.

– Мен көрсө суудан жаралганэкенмин да. Демек, менин эки өмүрүм бар экен. Биринде жерде –суу болсом, экинчисинде асманда– булут өмүрүн сүрөт экенмин да, – деп суроосуна жооп тапканына жана акыры жерди корооруно сүйүнгөн булут эрте күздө кызыл-сары, күрөң-жашыл түскө оронгон кооз капчыгайдынүстүнөн жай себелеп өттү.

 

© Мунара Зарипова, 2013

 


Количество просмотров: 836