Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Зинакан Пасаңова, 2013. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 23-декабры

Зинакан ПАСАҢОВА

Сентябрь

(ыр түрмөк)

2013-жылдын сентябрь-ноябрында жазылган жаны ырлар.

 

***

Сентябрь, сүйүп калдым быйыл сени,
Көөдөндү тазарткансыйт серүүн демиң.
Козголбой койгон жайкы аптапта да,
Жүрөгүм толо музду сен эриттиң.

Сентябрь. Сары кийип өзгөрүлгөн,
Сүрөтүң сыйдыра албай көздөрүмө.
Окшоштук таап турам пейили түз,
Берешен коңур күздөн мен өзүмө.

Сентябрь. Назик мүнөз, оор басык,
Ой-санаам көшүлтөсүң тунжуратып.
Өмүрдүн күзү колун берип турат,
Жашоонун мыйзамы бар эч ким тангыс.

Сентябрь. Барик күүгөн күз башталып,
Бороондуу кышкы күндөр, бирок, алыс.
Жылыткан ишенчимди бүрүн төккөн,
Мен быйыл сага өзгөчө турам арзып.

25.09.2013

 

Күзгү гүлдөр

Күзгү гүлдөр бакчамда, кызыл, сары,
Таңда турсам тостуңар чоктой жанып.
Албаса экен үшүк деп аяп кетем
Аяктаарда ноябрь — күздүн айы.

Кушбак кылып көңүлдү, күзгү гүлдөр ,
Кыш алдында кулпуруп гүлдөдүңөр.
Мээрим түшүп, аео мдун себеби бар.
Мен да өтө кечикен тагдыр күткөм.

Кечигүүнү буйруптур жазмыш бизге ,
Күзгө таяп калганда жарык дүйнө.
Төкпөй туруп гүлүңдү алаар үшүк,
Кар алдында же калат бүгүн түндө...

Ойлобостон эртеңим не күтөт деп,
Болжобостон өмүрүн күн эсептеп.
Гүлүн ачкан кулпуруп күзүндө кеч,
Тагдырлашты өзүмө таптым сенден.

28.11.2013ж.

 

***

Темир жолдун четинде мейманкана,
Турна моюн көркөмдүү, чакан гана.
Титиретип дубалын өтүп турат,
Тиркеп алып көп вагон поезд бат-бат.

Күпүлдөйт – ов, сүр кылып поезд үнү
Бөлсө бөлсүн уйкумду ушул түнү.
Алып учуп ынтылган дөңгөлөктөр,
Алып кетсин алыска бир үмүтүм.

Поезд өтөт күргүштөп кайра-кайра,
Бала чактын эңсөөсүн эске сала:
Бачым эле бой жетип учсак деген,
Бакыт бизди күтчүдөй башка жайда.

Бой да жеттик, узадык туулган үйдөн,
Жолго түштүк турмуштун бирден-бирден.
Жылдар менен жарышып акты өмүр,
Тирүүлүктүн жеңдирдик түйшүгүнө.

Талпынуудан талбады, бирок, жүрөк,
Закым болуп бак-таалай биз издеген.
Кетким келет поездде дагы эле не,
Кең дүйнөнүн кыйырына мен билбеген?..

О качантан алыска жол чакырбай,
Жашап жүрөм азыр мен жөн гана жай.
Келет мезгил: бакыт — бул өзүмдө дээр,
Кез да келет арылган кур кыялдан.

Жол боюна салынган үйдүн көркөм,
Титиретип дубалын поезд өтөт.
Ушул түнгө туш кылган табышмактуу,
Тагдырыма ыраазымын... Эртең кетем.

29.10.2013

 

***

Тазалап кетти дилим таңдын нуру,
Түйүлүп турганымда ызага уугуп,
Маанайым чөгөрүүгө жоктур себеп,
Сулуу таң көөдөнүмө толуп туруп.

Аруулап кетти дүйнөм күндүн нуру,
Арсыз ой мокотоордо турмушумду.
Күнүмдүк көп көйгөйдү унуттурар,
Кызарып чыккан күндү көрүп туруу.

Кубантты серүүн аба эрте күздүн.
Кол байлап турганында түмөн түйшүк.
Берешен тартуусу көп табигаттын,
Бааланбайт, бирок чиркин, бекер үчүн!..

25.09.2013

 

Аманат

Издептир ал туура бир ай, он бир күн,
Аманатты өз колума берүү үчүн.
Берип ийген белеги экен бул китеп ,
Унутулуп бара жаткан кишимдин.

Билбеске окшоп үйүм, көчөм каерин,
Не берди экен туюк айтып дарегим?
Тандалмасын мага жакчу акындын,
Таппай турам тартуулаткан себебин.

Барактаарда алдым бир аз өрөпкүп,
Бизди бөлгөн арадан көп жыл өтүп.
Жүз көрүшпөй өтөөрбүз деп ойлогом,
Жүрсө дагы ээлеп төрүн жүрөктүн.

Жакшылыктын жөрөлгөсү бул белек
Жадысынан чыкпай жүрөм ээ, демек?
Аманатты өз колума жеткирген,
Рахмат сага, асыл адам, миң ирет!

Ортобузду бөлсө дагы арсыз кеп,
Ойлобогом куру намысын жеңет деп.
Ысмым атап, ыроологон белектен,
Ысый түштү үшүп жүргөн эт-жүрөк.

2.11.2013

 

Уул урматы

Чалып калсаң, уулум, сурап абалым,
“Чарчабаң, — деп, — Өзүңүздү караңыз?”
Жылуу үнүң май сүрткөндөй дарылайт,
Жүрөгүмдүн сыздап жүргөн жарасын.

“Апакелеп” төгүп турсаң мээримиң,
Күздөй жоомарт бактылуу го өмүрүм.
Кадыр-сыйы балдарымдын жашартаар,
Калган кезде жашоодон сууп көңүлүм.

Кирпигимден аккан жашты тамызбай,
Соороторду эми издебейм алыстан.
Силерсинер бийиктетер баркымды,
Көр пенделер басынтуудан айбыккан.

Өзүңөрдү жетелеп көп жөө өткөм,
Көчөлөрдөн жөлөй басып экөөңөр,
Колдон түшсө сынчу назик буюмдай
“Абайлаңыз?” — дешип көңүл көтөрөт.

Уулдарымдын көрүп кызмат-урматын ,
Убакытка баш ийгим жок улгайып.
“Эне” деген ыйык наамга арзыткан,
Бул бактымды кут кыла гөр, Кудайым!

14.10.2013

 

Бишкек

Жол түшүп, айлап-жылдап бир келсем мен,
Жат эмес, койнуң жылуу, шаарым Бишкек.
Жаш элем он жетиде... баары эсте,
Келген күн, алп тоолордон билим эңсеп.

Таза дил, баео мүнөз жана эмгекчил,
Элеттин тарбиясын алсак да биз.
Бапестеп жаш көчөттөй боорго тартып,
Эшигин ачтың дүйнө  — акыл жеткис.

Отторуң жымыңдашкан жылдыздан көп
Ойлоймун жаштыгымдан эскерме деп,
Сары ооз балапандан куш таптаган,
Улуттук билим жыттуу университет .

Ар жолу жаштыгымдын изин издеп,
Басамын жолдорунда жүрөк түтөп.
Тар бөлмө, беш керебет, бирге жаткан,
Курбулар, көрүшсөм деп жүрөм күсөп.

Өзүңдө өттү гүлгүн жаштык жылдар,
Жетэрлик бир өмүргө эскерме бар.
Жаңырып, таанылгыстай өзгөрсөң да,
Кымбатсың жүрөгүмө, сүйүктүү шаар!

29.10.2013 

 

Акын кыздар

Аеолуу сезим күтүп акын кыздар,
Аралаш ачуу-таттуу тагдырыңар.
Аялдык бакыт табуу оор өңдөнөт,
Атак-даңк тапсаңар да жакшы ырдан.

Үлбүрчөк сезим ээси акын кыздар,
Сүйгөн көп өзүңөрдү, түшүнгөн аз.
Ырысын ыр дүйнөңдүн ылдый тебет,
Жекирүү: ”Эх, баары бир аялсыңар!..”

Жүгү оор аял үчүн акындыктын,
Жүрөгүн арамдыктан алыс тутуп.
Өмүрүн ырга байлап өтөм деген,
Өнөрүн өз башынан коет улук.

Жашонун оомал-төкмөл көп го күнү,
Ойт берер ойго салып эчен түркүн.
Сезимди серпип кеткен бир көз ирмем,
Сел болуп ырга айланар акын үчүн.

Кыздардын ыры сыркеч, купуялуу,
Көңүлдү кытыгылап жумшак назы.
Ким сүйсө баалап кыздар поэзиясын,
Бөпөлөп сүйөрү анык аялзатын .

14.12.2013

 

Кышты күтүү

Коңшу үйдөн отун жарган доош чыгат,
Келаткан бейм ызгаар күндөр камчылап?
Кыш күтө элек көңүлүмдү кантейин,
Кетсем окшойт жаз айына айылчылап.

Жыйыштырып күүлүп түшкөн барикти,
Узап кеткен күзгө жаным кайышты.
Розалардын бутап бүтүп түбүнөн.
Топурактан мүрзө кылып жаап чыктым.

Камылгабыз кыш утурлап эч бүтпөй,
Кар кабарын берип жатат көп күндөр.
Кулагыма жылуу угулганын не дейин,
Каркылдагы сагызгандын кеч күздө.

Этек-жеңин жыйып-жыйбай күз шашат,
Изин жабаар бүгүн-эртең кар да жаап.
Дүйнө-оюн түрүп жаңы көшөгө,
Жашоо ачып жазыла элек ак барак,
Быйылкы кыш босогомдон баш багат...

24.11.2013

 

© Зинакан Пасаңова, 2013

 


Количество просмотров: 1387