Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Сарманбетов А.И., 2013. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 23-декабры

Айдарбек Имангазиевич САРМАНБЕТОВ

Тентимиш

(аңгеме)

Татаал тагдырлар, армандуу алгачкы сүйүү, соңку мезгилдеги турмуштук оорчулуктар менен катар аракетчил адамдын сөзсүз ийгилик жылоолору чебер баяндалат. Аңгеме – “өз тагдырыңдын ээси өзүңсүң” деген азыркы турмуштун чындыгы.

 

Алаамат башталар алдында дүйнө саамга мемирей түшөт деген чын. Анынсыңары, дүйнөсү түгөл ишинен чыккан Турат жазгы таза абадан жутуп, бой жаза жөө баскысы келгенинен машинасын бейгам кетирип жиберип, үйгө, Темир жол бекети тарапка бет алды. Жаздын алгачкы айы аяктап калган. Дарактар жабырата бүчүр жарып, айлана жапырт жашылданып, кыш бою катып калган чымчыктардын тили чечилген мезгил. Эркиндик гүлбагы дал ушул кезде көз кубантып жашылдана баштап, жүрөк жылыта жанданып, балдар менен куштардын чуру-чуусуна толуп... өзгөчө ажарлана баштайт. Анын кумарына кана аралай басып, жаз деми менен ырахаттана кетейин деп гүлбакка бурула бергенинде жол бурчундагы таштанды челегин аңтарып жаткан аялды капысынан көзү чалып калды. Жүдөө, шөлбүрөгөн эски кара кийимчен ал, челектен желим бөтөлкөнү алып чыгып, өзүнө окшогон кир баштыгына салып жатыптыр. Ушундай жагымсыз, пенделик пас абалга түшкөн байкуш аялзатын аяп кетти. Ушунчалык мусапырлыкка түшпөс болушсачы! Жүзү да көпшөк тартып, кан-сөлү небак качкан чырайынын жарымын жоолугу алдынан булайган көгала, түйдөктөшкөн чачы жаап турду. Аракеч. Тураттын алгачкы ою ушул болду. Андайларды шаарда көп эле, күнүгө көрүп жүрбөйбүзбү. Дароо эле анын кунарсыз, суз көздөрү көзгө урунат. Капыстан алар тиктеше түштү. Экөө тең дароо көздөрүн ала качты. Бири жаны ачына аяса, экинчиси кемсинди... Теңсиз дүйнө ай! Мындай, үй-жайы жок каңгып, таштанды аңтарып жан баккандарды көпчүлүктө “БОМЖ” деп коюшат. Бул, орусча ылакап сөз аял-эркек, кары-балдарга, улут-пулутуна карабастан баарына текши айтылат. Кыргызча — кайырчы, тентимиш.

Ортодон жогору бойлуу, арыкчырай ал аялдын жанынан өтүп баратып, аны менен күтүүсүздөн дагы тиктеше калып Тураттын денеси дүр-р этти! Тааныш! Токто, токто... бу көздөр кимдики эле? Кайдан көргөн? Качан? Дароо эстей албай катуу кыжалаттанып, андан амалсыз саал узай берди. Аял да бүшүркөй аны жалт карап алып, капыстан эле “ишин” токтото салып, жакынкы үйдүн бурчун айланып кеткиче шашты. Турат эс-учун жыя албай улам ага кылчактап, аял да караан үзүп кетээринде ал тарапты кайрыла бир карап алды.

Тураттын ой-санаасы удургуп, кыжалаты башка тээп чыкты. Айнектей суз, кайдыгер караган менен түпкүрүнөн бүлбүлдөгөн көз оту тааныш. Ал ким?!. Токто, токто... ооба, ал — ОШОЛ болчу! Алгачкы махабаты! Жаңылган жок, Аянанын дал өзү! Артынан жете баргысы келип, буттары буула токтой калып дагы кылчайса, бейтааныш караан эл аралап алыстап кетиптир...

Ошондон тартып Туратты оор санаа, ачуу эскерүү ылаажысыз басты да калды.

Аяна экөө абитуриент кезде БГУнун китепканасынан таанышкан. Алдына жайып алган китебин тиктеген менен андагы жазуулар мээсине эч кирбей, капталындагы татына кызды улам уурдана карай берди. Мурда мындай болгон эмес! Негедир ал дароо эле өзүнө арбап алды. Бакырайган, койгулт кара ботокөздөрү от чачып, өзгөчө кумарлуу эле. Утуру “уурусун” кармай ал да Туратка күлмүңдөй карап коёт.

Кеч кирип, имараттан чыгып келатканда даана күтүүсүз жорук болду! Кыз аны артынан тыкылдата куба келип өзү сөз салды:

— Эй, жигит, таанышып алалы дебейсиңби, же уялып жатасыңбы?— деп, сырдуу да, эки ууртундагы чуңкурчасын көрсөтө ажардуу да шыңкылдай күлдү. Эмне кылмак?!. Мындай батылдыктан эркектик намысы козголуп, кача албай калды. Анүстүнө аны менен таанышкысы келгени да чын болчу. Кыздын ашкере өткүрлүгү биресе таң калтырса, арамдыгы жок айнектей таза ачык мүнөзү, жылдызы дароо арбап алды. Айрыкча айылдык кыздардай ичинен тымыбай, тарткынчыктабаган, шардыгы жакты. Ошондон тартып сабактан кийин экөө күнүгө кездешчү болду. Жөө, ойго келгенди сүйлөшүп бет келди кете берише турган. Алар үчүн кайда барары, эмне кылышары – баары бир болчу. Бирге болушса болду...

Аянанын Туратка жакпаган бир гана жагы — атак-байлыкка аябагандай таптыгы эле. Жакшы кийинген кишини, дүкөндөрдөн асыл буюмдарды көрө калса ачык эле ага шыпшынып, ала койсом, меники болуп калса дегенсип, кыйылып, көздөрү жалжылдап кетээр эле. Аттиң, алып бере салса дегени билинип эле туруучу. Андайда билмексенге салып кутулчу, ичинен тап болуп, оозу чормоюп таарынгансып калаар эле. Бирок, бат эле жаркылдап, жазылып кетчү. Бети-башын улам ашкере боёнуп, дайыма жалтыр-жултур кийинип, көпчүлүк көзүндө жүргөнгө жаналакет жасачу. Барган сайын анысы күчөп баратканын байкачу. Тураттын айылдагы апасынан башка эч кими, артында атадан калган байлыгынын жоктугун уккандан тартып мамилеси сууй баштаганын байкады. Киного, дискотекага алып бар деди, алпара албады, кафеге да кийирген жок. Эр жигиттин кендирин бир жокчулук кесет деген чын белем!

Акыры ал, мединститутка өтүп, Турат конкурстан кулап, улам сээлдей жолугушуп, алыстап олтуруп, акыры Аяна караан үзүп кете берди. Ачык айтканда, Туратты теңсинбей, чанып кетти. Катуу сынды! Ичинен сызып, туңгуч сүйүүсүнө жетпей, ачуу арманда кала берген эле. Жашоосу максатсыз көрүнүп, кунары кетип, өлгүсү да келген ошондо. Бирок, ушул кезге чейин, жыйырма жылга таяса да аны унутка алган жок. Сезим түпкүрүндө катылуу жылдыздай элеси жаркырап жүрө берди.

Эми Кудайга шүгүр, өз фирмасы, жана жөнөтүп жиберген лексусу да бар. Жубайы ал дегенде жанын берет, балдары да чоңойду. Улуусу университетте, эгиз уул-кызы мектепте окушат. А байкуш Аяна болсо тигинтип, акыр-чикир аңтарып...

Аянын (аны ошентип эркелетчү) бир кылыгын эч унутпады, азыр да кулагында — кечкисин, күндүз деле ээндей жанаша басып баратканда:

...Эта, эта, непонятная
    Первая любовь...
— деп, кыңылдап ырдап калаар эле. Ал, орус айылда өсүп, орусча мектепте окугандан дайыма орусча ырларды ырдачу эле. Балким, ошондо ал да, ичиндеги алгачкы аруу сезимин ошол ыры аркылуу кыйытса керек. Ким билет, ачык айтпады. Турат да сурабады. Кийин, үчүнчү курста Аянанын Бишкектеги чоң фабриканын директорунун уулуна турмушка чыкканын, дүркүрөтө той беришкенин, институтту бүтүрүп, ооруканада башкы врачка чейин жеткенин укту. Андан үмүтү биротоло үзүлсө да тилегине жеткен экен, бактысын тапсын деди. Сүйгөн адамыңдын бакыбат жашоосун тилегениң жакшы эмеспи. Бирок, кийин, он жылдай өтүп кайынатасы банкрот болуп, инсульттан каза болгону, андан көп өтпөй, атасынын канаты алдында өскөн эркеталтаң күйөөсү ичкиликке берилип, өзү да этегинен жалгабай ажырашып кеткени угулду. Анан эле бу... бүгүнкү көрүнүшү...

Тураттын ой-санаасынын баарын Аяна толук ээлеп, жан дүйнөсү ачышып жатты. Үйүнө келгенде да тунжурап, ойго тунду. Аялы ага улам-улам жалт-жалт карап алда неден бүшүркөдү. Аял жүрөгү сезимтал келет эмеспи. Өзгөрүштү байкабай коймок беле. Жыйырма жылдай бирге жашаса. Бирок, такып сураган жок. Эстүү жан эмеспи.

Эртеси ишине келээри менен ой-санаасы удургуган Турат кечээки таштанды челек тарапты улам терезесинен карай берди. Челек даана көрүнбөсө да ал тарапка бара турган жолдор текши көрүнүп турат. Жок, Тааныш караан өчөшкөнсөп келген жок. Санаасы санга бөлүндү. Аны таанып, биротоло качты бекен? Ооба, ал тааныган үчүн качканча шашты да. Намыстанса керек. Балким көрбөй калдым бекен деп, Турат эки-үч курдай калп эле бой жазымыш эткенсип челек тарапка барып да келди. Жок. Аяна уялып, качты көрүнөт. Балким катуу кемсинип калгандыр? Намыскөй эле, маскаралап же келекелейт деди бекен? Кызык, эмнеге аны акмалайт? Көрүп, жолукканда эмне кылмак эле? Аялы, балдары турса... ага жол кесилген, жок. Ошентсе да байкуш жүрөгү өзү билбей элеп-желеп, кусалуу алда нени күтө берди... Эмнени экенин өзү да билбейт.

Ана, кечинде, иштен чыгаар мезгилде гана тааныш караан көрүндү. Үстүндө кечээги, шалбыраган эски балон плащ. Киринен көк-карасы билинбей калган. Алтымышынчы жылдарда япондуку делип, таңсык эмес беле. Атамзамандагы немени кайдан таап алган? Түйдөк жоолугу башында. Баягы сымбаттуу мүчөсү бүкүрөйүп, бирок сыры кетсе да, сыны кетпей качанкы сымбаты байкалып турат. Же мага ошондой көрүндүбү?..

Аянаны тереземден бир топко карап турдум. Барсам кечээгисиндей качып кетеби деп чочуладым. Кудум баягы, он жети жашымдагыдай... Сезимдер картайбайт деген акын эң туура айткан экен. Жүрөгүм дагы эле элеп-желеп. Санаам буюгуп, удургуйт. Байкуш Аянам... эмне азапка кабылдың эле! Эми сага кандай жардам бере алам? Экөөбүз баш кошсок төбөмө көтөрүп жүрбөйт белем...

Тааныш караан таштанды челекти түбүнө чейин аңтарып, таап алган олжосун баштыгына салды да нары, Эркиндик багы жакка илээлей бет алды. Эч ким менен иши жок. Бу жашоодо жалгыз эле өзү калган сымал. Мен офисимден атып чыктым. Аяны айланып өтүп так эле алдынан, бет маңдай чыга калдым. Ал мени көрө коюп эле жалт артына бурулду. Тааныды. Кунарсыз көздөрү жылт этип учкун чачып жиберди.

— Ая?.. Токтой турчу?..— дедим чыканагынан сыйда тарта.

Тиги кадамын тездетти. Мен калбадым. Эми качырмак эмесмин.

— Ая, качпачы? Коё турчу? Сага эмне болду? Эмне жардам кылайын?..— Аяна кулак кагып, бурулуп да койбостон үнсүз шашылып кете берди. Анын менин ишим тарапка бурула бергенинен улам кызматкерлерим көрүп калбасын деп чочулап, Аяны билегинен булка тартып токтоттум.–Токто! Эмне менден качасың? Мен сага эмне кылдым?— Ая мени жалт бир карап алып, ыйлап жиберчүдөй жер тиктеп калды. Өңү көпшөк, шишиген, бети көгала...— Менден качып, тапканың ушулбу?..

Намысы козголуп кеттиби, же эмне болду, Аяна колун жулка тартып алып шашыла кадам таштады. Артынан дагы жете бардым:

— Эмне, бир ооз сөзгө жарабай калдың беле? Эмне айыбым бар менин? Күнөөм эмне?— артынан ээрчий басып үтөккө-босток суроо узаттым. Жооп болбоду. Анын көкбеттиги кармап калгандыр деп ойлодум. Кээде таарынганда ошентип кепке келбей тултуюп калмайы бар эле. Ойлонуп, ачуусу тараганда ийге келер, азырынча кийинип-ичинип турсун деген ниетте колуна чөнтөгүмдөгү акчаны бүт карматтым эле албай, колумду кагып жиберди. Көк, кызыл акчалар жалбырактай чачылып кетти. Куйкам курушуп чыкты, анда да кол шилтеп басып кете албадым, колунан сыга кармап визиткамды кармата салдым да,— Мен керек болсом телефон чалгын же ушул дарекке келгин. Сени дагы эле жакшы көрөмүн...— дедим. Ушул сөздөн Аяна мага бурулуп жалт карап алды. Көздөрү кусалуу, өтө жапакеч эле. Жарылып ыйлап жиберчүдөй көрүндү. Далай ачуу азап-тозокту тартканы көрүнүп турат. Бирок, эч сөзгө келип койбостон, жолун улап кете берди... Карааны үзүлгөнчө артынан карап турдум.

— Эмне, аны тааныйсыңбы?— деген колдур үндөн улам эсиме келе түштүм. Жанымда чачылган акчаларды уучтай мага сунуп, дагы бир БОМЖ – орус кемпир туруптур.

— Ооба...

— Андан сөз сурап кыйнабай эле кой, сүйлөй албайт.— деди кемпир, мурдун шуу тарта кетмек болуп.

— Ыя?! Эмне дедиң?! Эмнеге сүйлөй албайт?

— Алкаш күйөөсү тилин кесип салган...

Мага аяк алдымдагы жер астын-үстүн болгондой көзүм караңгылап, башым айланып кетти. Уккан кулагыма ишенбедим. Байкуш Аянам, туңгуч махабатым! Кандай азаптуу тагдырга кабылдың эле?! Аны айтып да бере албайт турбайсыңбы, эми... Арман!

 

© Сарманбетов А.И., 2013

 


Количество просмотров: 2131