Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Сарманбетов А.И., 2013. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 23-декабры

Айдарбек Имангазиевич САРМАНБЕТОВ

Намыс

Аскердик кызматын өтөөгө барган кыргыз жигитинин өз элине мүнөздүү намыс, мекенчилдик, кайраттуулук сыяктуу баалуу сапаттары спорттук таймашта ачылат. Түбөлүктүү Бир туугандык, Махабат сезимдеринин чечмелениши, кыргыз адабиятында сейрек кездешүүчү спорт темасы автордун өзгөчөлүгү.

 

— Тур, өйдө. Кармашка камынгын.— деген үндөн Аскар көзүн ачса, кечээ кечинде Василий, Вася дей берсең болот деген чекирейген көк көз, кирпик кашына чейин сары орус сержант экен. Ак, калың бинт ала келиптир, аны менен тактадан баш көтөрүп, олтура кеткен Аскардын манжаларын бирден, анан баарын бириктирип эреже менен кылдат ороп жатып тиги:

— Мурда ушинтип ороп, мушташтың беле?— деп сурады.

— Ооба...— Аскар ага калп айтып койду. Анан кантмек, кечээ эле биринчи разрядмын деп жатса. Анысы да калп болчу. Болгону, айылдагы балдар менен машыкканда, анан Бишкектеги “Эмгек резерви” спорт клубунда бир айдай эле машыгып, боксташкан болчу. Рас, эч биринен жеңилген эмес. Табигый мушкер эле. Өзүнөн беш-алты жаш улуулугуна карабай катылгандарды бир уруп эле жыга турган.

— Тигинин боксташканын көрдүңбү, кыйын неме көрүнөт, ошону үчүн үчөөнү жеңип финалга чыгып олтурбайбы, сен абайлагын. Аны жакын жолотпогун, сенин колдоруң узун, аныкы кыска. Айланып, алыстан сого бер. Бийле...

Васянын минтип, жаңы эле келген “сароозго” жан тартып жатышы Аскардын ичин жылытып койду. Анан эмне, эч ким тааныбаган, жат жерде эле, ага жалгыз жан тартып жатса... Чын айтып жатабы, же сырын тартып жатканыбы деген күдүк ой кыялына кылт этти. Атаандашы экөөнүн улуттары бир эмеспи, демек... “Эч кимге, эч качан, алтургай өзүңө да ишенбегин. Энеңе да эзели бокстагы сырыңды айтпа.” деген бишкектик машыктыргычы Анатолий Кузьминдин насаатын эстеди. Ал, Европа чемпиону болгон, баары урматташчу, демек ал билип айтса керек. Ой дүйнөсүн ушундай удургуган ойлор тепчий өтүп жаткан Аскар тигиге унчуккан жок. Не бар, не жок сак болуу керек. Жат жерде, айрыкча кандай болору күдүк кармаш алдында артыкчылыгыңды да, кемчилигиңди да эч жанга билдирбегин деген машыктыргычынын сөзү эсинде уюп, жаңырыктап турду.

— Ал, сага жакындап келип ур-токмокко алууга жандалбас салат. Анда соодаң бүтөт. Сен аны жакындатпа, жеткирбей ур...— Вася насаатын кадыресе машыктыргычтардай саймедиреп жатты. Ал да бир нерсе билет сыяктуу.

Аскар болсо анын сөздөрүн угуп-укпай тунжурап, жеңилип калбагайлем деп катуу санаа тартып гана жатты. Же жана, эртең мененки өзүнө чыкчу корей жигиттей беттешүүдөн баш тартып коер бекен. Ай, кайдан, бу үтүрөйгөн неме баш тартчудай көрүнбөйт. Өлбөгөн жерде калат. Кандай болгондо да эми артка жол жок. Беттедиңби, не болсо да каршы чыгып, сөзсүз жеңүү керек. Антпесе, чоочун жер, жаңы тааныштарынын арасында кемсинип, шылдыңга калып уяттан өлөт. Анда эле мындан наркы аскер кызматын өтөөсү даана тозок болот, көрүнгөнгө маскара, болуп... Чыйралышы керек. Намыс жана намыс!

Кечээ түштө, жаңы келгендердин арасынан бул, окутуу дивизиясында өтүп жаткан мелдешке катышууга жарактуу спортчулар барбы деп мыктыларды тандап жатканда жанындагы курбуларынын шыкагы менен Аскар да алдыга чыккан. Жолдо аларды сестендириш үчүн мактанып койгон эле. Эми мына, алар залды үч көтөрө чуу түшүп жыргап олтурушат. Аскар болсо...

Эки ай мурда Аксуу райондук аскер комиссариатына барып, аскерге алуусун суранган. Аны кабыл алган курсагы кош бойлуу аялдыкындай чыңалып, түз олтура албай чалкалап ынтыккан семиз офицердин таң калганын айтпа!

— Ой, бу сен кандай немесиң, ыя, баары аскерден качып жатышса өзүң суранып... Акыл-эсиң жайындабы, деги?..— деп, башынан аягына чейин шекшине карап алды да,— Азаматсың! Чыныгы эркек эл алдындагы милдетин сөзсүз өтөөсү керек. Илгертен ошондой, эркектер эли-жерин коргоп келген...— деп, кууланды. Жөнөтөргө киши жетишпей жатканы эсине түшө калды көрүнөт.

Анан эмне кылмак, паралоого акчасы жок, университетке өтпөй калды, айылда бирөөнүн кык чыгарып, бак-шактын түбүн казып, отун жарып дегендей убактылуу майда-барат жумушунан бөлөк иш табылбайт, ызы-чуулуу шаарда болсо калгысы келбеди. Жакын тууганы жок, көрүнгөнгө күч болуп жүрүп чүнчүп да кетти. Бишкекте көңүлгө төп иш табуу оор экен, жетекчисинен тартып пол жуугучуна чейин ар кими эле өз тааныш-жакындарын алып, арачы түшүп, чоочундарды жуутушпайт. Анүстүнө Аскар бирөөнүн жумушун жасап, кул сыңары өзгөгө көз каранды болгонду эзели жактырбайт. Кара курсак үчүн кемсинип жашоонун кереги не? Андай жашооң курусун. Башыңа канчалык каран түн түшүп турса да өз алдынча, эркин жашоо керек. Ит деле өз жанын бага алат. Алтын башың аман, бийик болсо болду. Калганын таап алууга болот. Атасы ушундай тарбиялаган, балким азаттыкты, намысты туу туткан ак сөөк ата-бабаларынын канынан да болсо керек ал. Аскар эч качан бирөөдөн кемсинип, пастыкка түшүп көргөн эмес. Бир чети, акыры барар, эркектин бир милдети болгон соң аскердик парздан кутулуп, кийинки жашоосунда жүрөксүп, жашырынбай жол ачып алгысы келген. Эгерде завод-фабрика дегендей мамлекеттин иши, жатаканасы болсо бир жөн, алар болсо азыр жок. Бардыгы таланып, токтоп калыптыр. Болсо да жетишсиз.

Ошондон он беш күндөй өтүп медкомиссияга, андан бир ай өтпөй аскерге чакырылды. Алгач бир нече күн жүрөксүп алды да чачын тасырайта алдырып, энеси, ини-карындашы менен коштошуп, кете берди. Атасы тирүү болгондо не насаатын айтар эле, он төрт жыл илгери киши колдуу болуп, кырк жаштан жаңы элеөткөндө кете бербедиби... Орду толгус, бир арман! Эркек бала үчүн ата – аскар тоо экен го! Ансыз арт жайдак...

Баарынан да Гүлсүнү менен коштошуу оор болду. Аскер комиссариатында катарга тизип, тизме менен тактап, автобустарга түшкүлө деп команда берилгенде жанатан сумсайып турган Гүлсүндүн:

— Аскар?!— деген үнү көпчүлүктүн ичинен өзгөчө чыкты. Мынчалык армандуу, өкүт үндү эч уккан эмес. Ошол, бир сөздө ушунчалык терең маани, аялуу сезим камтылат деп ким ойлоптур. Караса, темир тосмонун артындагы ызы-чуу түшкөн көпчүлүктүн арасында эки колун сунуп, Гүлсүнү көз жашын буурчактатып ага умтулуп турган экен! Аскар, сапар башчы офицердин:

— Каякка?! Артка кайт!— дегенине кулак кагып койбой Гүлсүнүнө кандай чуркап жеткенин, темир кашаадан колун сойлотуп аны ысык кучактап:

— Кош, Гүлүм, мен тез эле кайтып келемин!— деп, жаш чайып, албырган эрдинен кантип кайталай өпкүлөп жибергенин аңдабай калды. Алгачкы ирет өбүшү! Ага чейин колун кармоодон да айбыгып, батынчу эмес. Артынан жете келген офицер колтуктан алып итерип кетпегенде качанкыга чейин айрылыша албай тура беришмек, ким билсин. Аскардын ой-дүйнөсүндө “Гүлсүн мени чын сүйөт! Ал, мен үчүн ыйлап жатат!” деген сыймык жаңырыктап турду. Мындан ашкан бакыт жок эле! Сүйгөнүң сени сүйүп турса – бүткүл аалам бир тең го!..

Мына, андан бери үч эле күн өттү. Поездден түшүрүп, кой айдагансып туш-туштан тосуп, жолго кубалап, мас-соо илээлеген миңдей баланы кайсыл бир аскер бөлүгүнүн борборундагы жайкы клубдун алдына топтошту да, ортого узун бойлуу бир офицер чыгып кимде-ким мелдеште биринчи орунду жеңип алса дароо үйүнө отпускага жиберилет деп жарыя салып жатпайбы. Биресе чыдай албады. Кайрылып Гүлсүнгө барууга ойдо жок мүмкүндүк чыгып жатса кантип тобокел дебейт?! Ошол, кол жеткистей да, жакын да көрүнгөн мөрөй үчүн аргасыз калп айтып жатпайбы. Тобокел! “Кыргызды дайыма намыс колдойт! Башыңа кандай оор кыйынчылык, мүшкүл, же сыноо түшпөсүн намысыңды эч жоготпо, балам! Аны сактап, коргой бил. Эзелтеден ошондой. Өзү бир ууч эл болсо да бөлөк эч бир элде жок намысы менен кыргыз кырылып кетпей келген. Тамырынан кубат алган дарак сыңары, канында кайнаган катылуу намыстан күч-кубат алып, нечен тозоку кезеңдерде баш көтөрүп, жеңип, ушул заманга аман келип жеткен. Кыргызды намысы колдойт! Намыскөй элбиз! Эч качан аны тепсетпе. Алдуунун алдында да, алтургай ажалдын маңдайында да эч качан башыңды ийбегин! Ошондо ата-бабаларыңдын, Манастын, элиңдин кубаты колдойт. Намысынан айрылган эркектин барынан жогу!” деген атасынын сөздөрү дилинде жаңырыктап, чыйралтып турду. Намысы бел болуп турду.

— Эч коркпо, ал деле сендей пенде. Сен андан акылдуу болгун. Оюн тап. Ачууга алдырба. Анда эле шоруң катты! Башыңды эч качан жоготпо. Кемчилигин издеп, өзүңдүн артыкчылыгыңды пайдалана бил! Финал деген финал, сени жок дегенде кечээ чыгарышса болмок, кичине машыгып алат элең. Корейи да чыкпай койбодубу, сенден коркуп кетти көрүнөт. Дароо эле жолдон түшөр замат мушташка салып жиберишкени жаман болду... Дайыма сак болгун...— Вася дагы эле өзүнчө сүйлөнүпжатты. Ал, бинтти небак ороп бүтүп, колдоруна жапжаңы, көпкөк мээлейди шыкай кийгизип, Аскардын колу-буттарынын булчуңдарын укалап жаткан. Бишкектеги машыктыргычы да ошондой сөздөрдү айтчу. Ал, аскерге кетээрин укканда Алматыдагы спорт ротасына жибертейин, эгерде чындап машыксаң сенден чемпион чыгат, барбайсыңбы дегенде көгөрүп баш тартып койгон эле, өзүм деле машыгып алам, менин чемпион болоюн деген максатым жок деп. “Ай, жаштык кылып, жакшы жашоодон баш тартып жатасың, кийин сөзсүз өкүнөсүң. Мындай мүмкүнчүлүк өмүрдө бир гана жолу болот, өз башымдан өткөн” деген эле туюк. Ким билет. Ал сөздөрдүн канчалык чындыгы бар экенин турмуш көрсөтөр. Азыр болсо болгон ойду беттешүүгө гана топтоо керек. “Бокс — мушташ эмес, мыктылыкты далилдөө. Ойдун чачырандылыгы, жарым жеңилиш” дечү эмес беле Кузьмин. “Жеңип алсам, Гүлсүнгө барсам... Кандай гана керемет болор эле... Энем эмне демек? Сөзсүз айран таң калмак...”

— Кана, тургун, кеттик. Бизди айтып жатат.— деп, ойлорун күтүүсүз бузуп жиберди Вася.

Чын эле, чоң залдагы үн күчөткүчтөн “Экинчи жарым орто салмактагы финалдык беттеш боюнча кызыл бурчка карагандалык спорт чебери Александр Матвеев, көк бурчка кыргызстандык спорт чеберлигине талапкер...” залга жакындап калган Аскар уккан кулагына ишенбей кетти: “Ой, тобо! Бул эмнеси? Мени талапкер деп... атургай разрядым да жок го!.. Беттештин баркын көтөрөлү дешкени го. Демек ал наамга татыктуу мушташуу керек. Неси болсо да бүттү, эми баары бир. Артка жол жок. Намыс!”

Аскар залга кирип келгенде мурда болуп көрбөгөндөй чуру-чуу көтөрүлүп, кыйкырык, ышкырыктан жер силкинип кеткендей болду. Айрымдары тапыратып жерди да тепкилеп жиберишти. Анткени, күйөрмандардын көбү мусулман элдери, кыргызстандыктар эле. Алыста, аскерде жашырганда не мусулман деп да жан тартыша түшөт эмеспи.

— Кыргыз!!!

— Талкала!..

— Давай, покажи нашу!..

— Лактыр, баур...!

— Аскар! Шешесин тааныт!— тааныш үндөн улам жалт карап, Аскар алдыңкы катарда жан-алы калбай кыйкырып жаткан Бектасты көрдү. Эки колун сермеп, олтуруп-тура калып тим эле тамагы айрылганча айгайлап жатыптыр. Ал экөө жолдо бирге келишкен. Монастырдагы техникумда окуйт экен, бапыраңдаган казак жигит. Купеден таанышар замат дароо эле ымалашып кетишти. Ал да грек-рим күрөшү боюнча мелдешке катышам деп чыкты эле, эмне болду экен.

Бекежан анын оюн түшүнө койгонсуп, колун оозуна түтүк кылып:

— Мен жеңилдим! Сен ут!— деп кыйкырды.— ...аузын...!

Зал болсо күрү-гүү.

— Кыргыз!

— Сок!..

— Бей его!

— Талкала!..

Мындай кызуу сүрөөндү күтпөгөн Аскардын каны дүргүп, дени-бою жарылып кетчүдөй чыңалып, өлүп берүүгө да даяр эле. Утулса, уяттан өлгөнү! Ушунча жердештеринин, чоочундардын арасында кантип басып жүрмөк?! Айрыкча бу, каны кайнап тамагы айрылганча кыйкырып жатышкан кыргыздардын бетинкантип карайт? Өзүнөн мурда алардын намысын сактоо милдети артылганын туйду! Аларды жер караткандан көрө...

Аскар чуу түшүп жаткан көпчүлүк тарапка жупуну гана баш ийкеп учурашты да өз бурчуна барды. Чыныгы рингге биринчи жолу чыгышы! Аябай сүрдүү экен. Ушул, алакандын отундай төрт чарчы жерден чыкпай, өзүнүн ким экендигин, эмнеге жөндөмү барлыгын көрсөтүүсү керек. Же жеңиш, урмат-сый, же жеңилип шылдың, маскара... Жок, эч качан утулбаш керек!

Тиги неме жөн көрүнбөйт. Кабак алдынан үтүрөйө карап, булчуңдуу колдорун бооруна түйүп алган. Кыпкызыл мээлейин улам бири-бирине ургулап, соку башын улам чулгуп, байлоодогу азоо аттай тыбырайт.

“Кыргыздын сөздөрү накта жоокердик келет. Ур, сок, чап, ал... деп уруш учурунда кыска, так, анан да буйра айтканга эң ылайыкташкан. Демек, кыргыз эли көбүнчө жоочалыш, уруш-чабуулдуу жоокердик турмушту башынан көп өткөрүп, жоого каршы бирдиктүү, башчыларынын айтканын аткаруучу уруш жүргүзүп, жеңип жүргөн. Ур! Ал! Деген сөздөр биригип, аякы тамгасы угулбай Ура! Болуп, бүтүндөй Азияга тарап кеткен” сыяктуу кебин санжырачы, тарыхчы жездеси көп айтаар эле. Азыр ошол сөздөрү Аскардын эсине кайдан-жайдандыр түшө калды. Чын экен! Аны залдагы кыргыз-казактар айгай салып ырастап жатты.

Акыры келер кез келип, рингдеги кашка баш калыс экөөнү ортого чакырып алып колдорун текшерди да, бирдеме деп сүйлөп жатты. Ызы-чуудан анын эч бир сөзү угулган жок. Анүстүнө атаандаштардын ойлору ордуна келбей уйгу-туйгу түшүп, самандай сапырылып турган эле. Калыс күтүүсүздөн “Бокс!” деп ортого колун шилтеп жиберип четке чыга берди. Башталды!

Эми эки мушкер бетмаңдай жалгыз калышты. Кимиси утат, жалгыз өзүнө гана байланыштуу. Мүмкүнчүлүктөрү бирдей. Аны ким өзүнө оодарып кетет, кеп ошондо. Тажрыйба, акыл, амалдан башка эч ким жардам бере албайт. Кимдин денеси да, руху да күчтүү болсо утуш ошонуку. Бири эле кем болсо жеңилди дей бер.

Алгач экөө тең бири-бирине байкоос салып, чалгындап, сол колу менен алыстан калп эле урумуш этип, тооруй басышты. Минтип, атактуу атаандашы дароо чабуулга чыкпаганынан Аскар анын сактанып, алтургай чочуркап жатканын түшүнө койду. Жакшы. Бул, аз да болсо анын пайдасында. Чечкинсиздик – коркоктуктун башаты. Ошентсе да сак болуу керек. “Колу кыска, күчтүү...”

Ооба, күткөнүндөй эле болду! Соку баш орус капысынан атырылып, жин ургандай башка-ичке ургулап, бир паста калайман салып жиберди! Аскар бүкчүйө ийин, колдору менен калкаланып калууга үлгүрдү. Ошентсе да чыкыйга, бөйрөгүнө сокку жеп калды. Ырас таамай тийген жок. Бетин, ичин тосо бүкүрөйө калып сол капталга буйт берип кутулуп кетти. Ызасы келе түштү. Денеси баштагысындай жеңил, ийкемдүү болбой оорлошуп калган экен. Жарым жылдан ашык машыкпай калбадыбы. Тиги деле ошондой көрүнөт. Шаштысын кетирип, тез эле жыга согоюн дегенби, токтоосуз удаа мушунан өзү энтиге дем алып, оор күшүлдөй түштү. Ойу ордунан чыкпай калганга сузданып, кыймылы жайлап калды. Аскар аны сезекоюп башка, ичке, капталынан кайра башка удаа муштап жиберди. Кийинкиси чыкыйга дал тийди. Бирок ал бардык дене күчү жумшалган катуу сокку эмес, кадыресе, тобокелчил муш болчу. Жыгылган жок. Демек, анын кубаты көп. Күчтү үнөмдөө керек. Узак кармаш болчудай.

Зал болсо ызы-чуудан жарыла жаздайт. Эки жаатка бөлүнүп алгандай. Албетте...

— Кыргыз! Сок!

— Качпа-а!..

— Ур!

— Бей!

— Давай!..

Уруш улана берди. Азыр кимдир бирөөсүнө ачык артыкчылык берүүгө болбойт. Теңчамал. Рас, орус бир упай алдыда чыгар. Бирөө гана. Демек...

Аскар өзүнүн алгачкы эле катуу чабуулда кулап түшпөй туруштук бергенине эрдемсий түштү. Анан эмне, тиги соку баш болгондо да СССР кезинен эле бокстагы мыкты мектеп саналган карагандалык, спорт чебери(!), өзү айылдык эле бозбаш болуп жатса! Эч нерсе эмес, айылдыктардын тарамышы бышык, чыдамкай болот, алгачкы машыктыргычы Рысбектин кайталап айтып калчу ушул сөзү эсине кылт этти. Демек, тиги шаардык көпшөктөн Аскардын артыкчылыгы бар. Суворов айтмакчы “генерал болушту самабаган солдат солдат эмес.” Татыктуу каршы туруп эле эмес, сөзсүз утуп алыш керек. Анүчүн, ар мүмкүндүктү кетирбей пайдага тартып, эң башкысы дайыма сак болуу керек. Антпесе...

Аскар Васянын айткандарын жадында бекем сактап жакшы эле тигини улам сол колу менен чекеге бир, кээде экиден удаа согуп алыс кармайын деп жатты, бирок тигил, кашкулактай көгөрүп алган неме жандимиленип, ончакты мушту бир уруп, артынан сая кубуп шаштысын ала берди. Кармаш кызыды. Аскардын өпкөсү ачышып чыкты. Көптөн бери чуркабай, тыңдап машыкпай калгандын кээри чыга баштады. Бирок, денесинде кубаты көп эле. Булчуңдары былк этпеди. Тескерисинче, жаңы эле жибий баштагандай. Аскардын жалгыз ишенгени, көзүрү ошол экенин даана туйду. Демек, күчтү текке кетирбей, үнөмдөп, сактоо керек.

Биринчи раунд аяктайын деп калганда Аскарды тиги адатынча дагы катуу кысып кирди. Бурчка камоого, Вася айткандай бетмаңдай жакын урушка умтулуп, капталдан жолун тосо согуп жаткан, Аскар да оңго-солго ойт берип, мушка жооп берип... бир маалда ээлигип алган атаандашынын ачыла түшкөн ээгине муш жиберген Аскардын бет алды капыстан жарк этип, каалгый учкан жалтырак чаар чымындар каптап кетти! Дүйнө дымып, өзү түпсүз кудукка кулап бараткандай... эч нерсе угулбай калды. Дың-ң... убакыт токтоп, акыл-эси кайдадыр жоголуп кетти... баары бош... Эмне болду, мындай эч болгон эмес эле... денеси, өзү кайда?.. Ал, өзүнөн озунуп урулган катуу тосмо сокку жегенин туйган жок.

Канча убакыт өткөнүн ким билет, бир оокамда алыстан угулган чуу, улам жакындап келди да:

— Үч!.. Төрт!..— деп санап жаткан жанагыл, рингдеги калыстын үнү кулакка шак этти.— Беш!..

Аскар эсине келе калды. Оң колу менен жерди таянып, тизелеп калган экен. Башы айланат... Баарын суу каптап, туман басып калгандай... Ногдаун алганын түшүнө койду. Уят! Намыс!!!

— Ой, кыргыз, тур!

— Аска-а-ар!

— Уят кылба!

— Алты!

— Тур!

Эсине келе түшкөн Аскар бар күчүн топтоп ыргып турду. Жаны ачынып кетти. Уят!

— Азыр сага көргөзөм...— деп кыжынып алды.

Калыс кайрадан ортого түшүп “Бокс!” дегенге удаа темир табак кагылып кетти.

— Стоп!

Биринчи раунд бүттү. Аскар залды дит багып карай албай башы жерге кире уялып, бурчтагы ордуна келгенде Вася орундук бере койду. Бирок ал Аскар күткөндөй жемелеген жок. Сууланган сүлгүр менен анын моюн-башынын терин аарчып, катуу-катуу желпип кирди.

— Баары жайында.— деди жай гана.— Ушундай уланта бер...

Көңүлүмдү оорутпайын деп, жубатып жатат го деп ойлоду Аскар. Ногдаун алып жатса жайында дегени кандай? Же ичинен кымыңдап, сыртынан билгизбей жайкап тигил соку баш кандашына жан тартып жатабы? Андай болуусу да мүмкүн. Адам баласы баары бир кандашына тартпай койбойт да.

— Сен баарын туура кылып жатасың. Акылыңды, башыңды жоготкон жоксуң. Азамат! Ойлонуп жатасың, демек утасың.

Өз атасындай көргөн Анатолийи да ушинтип айтчу эле. Демек, Василий чынын айтып жатат көрүнөт.

— Бир мушту эле капыс өткөрүп жибердиң, ал эч нерсе чечпейт. Сен акылыңды да, кубатыңды да сактап калдың. Тигинин шайы кетип калды. Эми бир аз эле чарчатсаң, ал сеники. Улам согуп коюп, чегинип, толук коргонууга өтө бер. Эки мүнөт ошентсең болду, утасың. Давай! Жөнө...

Муздак суу менен оозун чайкап, желдеп, кадыресе сергий түшкөн Аскар атаандашынын кыжырына тие төрт-беш муштап алды, удаасы менен. Анысы тигинин канын козгоп, ойлонбой чабуулун күчөтсүн деген амалы болчу. Ошондо ал элирип, ойлонуусун жоготуп, жан дүйнөсү бүлүккө түшүп, акыл-эси чаташмак. Кан басымы жогорулоодон дем алуусу тездеп, өпкөсү да көөп, денеге кислород жетишпей чарчамак. Ошондо...

Тиги “кайырмакка илинди”, капыс жеген муштан кызыраңдап, ызадан туттугуп, мелжеген жерине тийген-тийбегенин элес албай башаламан тапыратып муштоого өттү. Аскар капталга улам ойт берип, эңкейе калып, артка кетип муштан кутулуп кетип жатты. Бүкчүйүп, бети менен ичин тосуп алып, кез-кез атайын эле сокку алдына өзү туруп берип да жатты. Экинчи раунддун аягында Матвеев көл-шал терге батып, катуу энтигип, шалдырап калды. Аскар ага бир-эки ирет удаа муш жиберип, “тамырын тартып” көрдү. “Жооп” алсыз, кеч чыгып калганынан анын “жылып” калганын туйду. Эми чабуул! Аскар жаңы эле тигини ур-токмокко алып киргенде гонг болуп калды. Бирок, эки мушу мелжеген жерине дал тийди. Айрыкча, эки өпкөнүн ортосуна таамай тийген соккудан тиги өзөрүп, ичин басып олтуруп калды. Бирок гонг болуп, аны куткарып кетти. Калыс аны колтугунан сүйөп, бурчуна жеткизип койду. Мунун баарын көрүп турган Аскар шердене түштү. Демек, жеңиш жакындай...

— Эрте сүйүнбөгүн! Баары алдыда. Тиги, упайдан артта калганын билди, демек катуу чабуулга өтөт.— Вася чыйпылыктап Аскардын кулагына кыйкырып жатты,— Сага кыйын болот. Бир эле кокус, таамай муш жесең бүттү, утуласың! Жакын барба, аны да жолотпо. Жанагыдай алыстан согуп, жинине тие бер. Жарым раунд ошентсең, анан ал сеники! Көп бийле!..

Бокста “бийле” деген сөз бутуңду туура алып жүргүн, көп кыймылда, ордуңда турба деген мааниде айтылат. Ал туура. Көпчүлүк бокста кол биринчи маанилүү деп ойлойт, туура эмес, эң алгач бут. Денени дайыма тең салмактап, мушка бекем таянч болуп күч-кубат берген да, соккудан куткарып, чабуулга жол ачкан да бут. Бутуң чарчап, же чалынып, адашсаң бүттү, утуласың. Бир орунда турбастан (анда тынбас сокку жей бересиң) буттун учунда, дайыма атылып кетүүгө даяр пружинадай секирип, чабуулга чыгууга да, соккудан кутулуп кетүүгө да даяр туруу буттан, ал — жеңиштин көбү. Кузьмин Аскардын бутун жактырчу, “жакшы бийлейсиң” деп, Вася да аны байкаган экен...

“Тарс!!!” Аскар кайрадан эсинен айрылды. “Дың-ң-ң...” Баары кайдадыр жок болуп кетти... Аңгыраган боштук... Көз ирмемге гана ойго алаксып, кыраакылыгын жоготуп койгон Аскар чекеге катуу муш жеп калган болчу.

— Эки!.. Үч!..

Аскар эсине келгенде рингди тоскон арканга колун артып, эңгиреп турган экен. Калыс маңдайында улам бир манжасын ачып санап жатыптыр.— Төрт!..— Ал Аскардын эсине келгенин байкай койду.— Даярсыңбы?

Аскар оозундагы тиш сактаган ыразиңкеден сүйлөй албай, башын ийкеди. “Намыс! Кыргыз!..”

— Бокс!

Катуу согуп, атаандашын акылдан ажыратканына шерденип кеткен соку баш жеңиштин жытын сезип, тапырата удаа муштап, Аскарды кысмакка алып кирди. Анын ойунда бир гана көмөлөтө коюу турду. Мына, мына, эми... атаандашы кулайт... Аскар анын оюн окуп турду. Ал, дал ушул жерден утушту өзүнө оодарып кетти. Атаандашынын оюн даана туюп, чарчап, эсине келе албай жаткансып ыкшоо кыймылдап, не кылаар айласын билбей алдастап калган түр көрсөтүп толук коргонууга өтүп алды. Чүлүктөй ийилип, ийин-колдоруна жашынып, эки-жакка шалактап, урулган мушту таамай тийгизбей, тийгенинин күчүн кетире кайытып ордунан жылбай туруп алды. Анысы, атаандашы ур-токмокко алып, жыга согуунун кызуусуна алдырып биротоло чарчасын дегени эле. Ошондой болду. Соку баш “кайырмакка түштү”. Чалды-буйду, тынымсыз ургулап жаткан ал, раунддун жарымына жетип-жетпей катуу чарчап калды. Өгүздөй күшүлдөгөн деми аны ырас¬тап турду. Муштары улам жайлап, алсызданып барып бир кезде биротоло токтоп калды. Аскар дароо чабуулга өттү! Ал, тиги сымал туш келди муштаган жок, саал аңдый күтө калып, ачык жерин таап, улам таамайлап бар күчү менен тынымсыз согуп кирди. Тери мээлей денеге улам күрс-күрс тийип, барскан сымал залды жаңыртып жатты.

Жанатан эки жолу эсинен ажыраган Аскардын “шайы ооп калганына” катуу кыжалат болуп, үмүтү үзүлө жаздап коогалуу дымый түшкөн көпчүлүк кайрадан жанданып, чуу түшүп кетти. Мындай ойдо жок өзгөрүштү алар эч күтүшкөн эмес эле. Айрымдары “ай, бул кыргыз болбой калды” деп да жиберишкен болучу. — Ой-да, кыргыз, сок!

— Бали!

— Талкала!

— Азамат!

— Кыргы-ы-ыз... жыга сок!

Кызуу сүрөөнгө шерденип алган Аскар соку баштын айласын кетирди белем. Анүстүнө ал көп урбай, күчүн сактап калганданбы, же чын эле айылдыктар тарамыштуу, бышык болобу алы кетмек түгүл, жаңы эле рингге чыккандай чапчаң кыймылдап, катуу муштап жатты. Өпкөсү да ачышпай, экинчи деми ачылган сымал. Эң башкысы, абалды анык байкап, тез, сергек ойлонуп, “мээси ордунда” эле.

“Тарс!!!” Сол кол менен чекеге урулган Аскардын соккусунан башы чалкалай түшкөн соку баштын ээгине төмөнтөн өйдө катуу муш тийди. Бир нерсеси кырс эте түштү. Буттары бүгүлүп, артка чабылган денеси ок тийгендей жерге чалкасынан шалак жыгылды. Мойну кармай албай шалак эткен башынын жерге “дүңк!” эте катуу тийгени баарыга ачык угулду. Жанатан берки чуулдак тып басылып, зал дымый түштү. Мындай чукул өзгөрүштү эч ким күткөн эмес. Бирок, макталган чебердин чалкасынан кыймылсыз жатышы, Аскардын эреже сактап каршы бурчка бурула басышы чындык болучу! Көргөн көзгө ишениш керек!

Зал эми анык катуу “жарылып”, алгач Бектастын ый аралаш кубанычтуу үнү угулду:

— Аскар!!! Азама-ат!

— Ура-а-а!

— Кыргыз!.

— Жеңиш!!!

— ...утту-у!

— А-а –а!..

Рингге жулунуп келаткан Бектасты, дагы бир-экөөнү атайын тартип сактоого коюлган күрсүйгөн спортчулар орто жолдон токтотуп, тигилер моюн бербей кармаша кетишти. Бектастын жалжылдаган эки көзү Аскарда. Ал болсо жыгылган атаандашы туруп, кайрадан урушууга туура келип калабы деген кыязда көкүрөгүнө араң сыйып турган демин басып, шек бербей аярлап турду.

Жерде сулап жаткан соку башка нашатырь жыттатып, көзүн ачып, жаак-моюнга чапкылап текшерип жаткан ак халатчан аял калыстарга бир нерсе деп ринг¬ден чыга берди. Анын “жаагы сынган...” дегени гана угулуп калды. Боксчу турмак түгүл эсине да келе алган жок. Муш катуу, таамай тийген экен. Аскар ден-соолугуна доо кетпесе экен деп кабатыр да тартып алды. Башын да кармай албай шалактаган денени солдаттар замбилге салып көтөрүп кетишти.

Үн күчөткүчтөн бул таймашта Аскардын терең нокаут менен жеңишке жетишкенин, дивизиянын чемпиону аталып, он күнгө мекенине барууга кезексиз отпуска менен сыйланганын айтып жатканда калыс келип Аскардын колун билектен кармап жогору көтөрүп жиберди. Ошондо зал жаңырды белем!

— Ура-а!

— Кыргы-ыз!

— Ура-а-а!..

Бейтааныш, алтургай караманча чоочун эле адамдардын аны менен бирге жарыла кубанып залды башына үч көтөрө кыйкырып жатышканына жетине албай турду. Сыймыктанды! Баарынан да чала тааныш мекендештерин, Бектасты, мен кыргыз, мен мусулман дегендерди уятка калтырбаганына чечекейи чеч болуп турду. Намысын сактап калды! Намысы күч берди. Эми кимдин алдында болсо да жүзү таза...

Аскардын чанактарына каканактап жаш толуп, бет алдына энесинин, Гүлсүнүнүн сүйүктүү элеси тартыла берди. Эми аларга жол ачык! Эртең эле кучактап көрүшөрүнө ишене албай кетти. Бирок ал чындык болчу... “Намыс!!!”

 

© Сарманбетов А.И., 2013

 


Количество просмотров: 1259