Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Балдар адабияты
© Мунара Зарипова, 2013. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 17-декабры

Мунара ЗАРИПОВА

Чоң ата менен көпөлөк

(жомок)

Бул жомокто жашыл курттун жана анын көпөлөк досторунун кызыктуу окуялары жөнүндө сөз болот.

 

Чоң ата таң заарда байбичеси даярдаган куржунду боз кунанга өңөрүп, жолго чыкты. Байбичеси уктап жаткан неберелерин ойготуп албайын дегенсип дарбазаны этият жапты да, кулпуну кайрадан илип салды.

Карыя боз кунанын шаштырбай, бир нерсени ойлонгонсуп, жаныбарды өз эркине кое бере, анын басышына көңүл бурган жок. Жай чайпала жүрүп отуруп күн чыгып, нуру ысый баштаганда айылдан эбак алыстап, адырлардын арасында жайыгыраак түзөң жердеги бахчага жетип калган.

– А, келдик, тпруу, – деп аттан этият түштү, эки жагын каранып бир нерсени унуткандай чамынып алды. Издегени ордунан чыктыбы, айтор, кайрадан шашпай куржунду ийнине сала ары жактагы өзү жасаган алачыкка киргизди. Кунандын ээр токумун чечкен жок, ошол бойдон казыкка байлады да, өзү алачыкка кирип кобуранып, бирдемелерин кылдыратып, бир аздан кийин алачыктын ичиндеги чөп арасына бекиткен чалгысын таап чыкты. Алачыктын жанына буттарын алдыга кенен таштап отура калып, алдына чалгысын кыйшайта жаткыра салды да, чөнтөктөгү бүлөсүн жумшак, чалгынын темиринсылагандай ары-бери жүргүзө курчутту. Андан соң тамекисин эски гезиттин жыртындысына ороп, бир аз рахаттана түтөтүп, чоң иштин алдында демин чогулткандай кыязы. Чоң ата тамекисинин бөчөгүн жакшылап жергеныгара басып өчүрдү, чалгыны алып тээ адырдын аркы жагына бет алды.

Таңкы шүүдүрүм кургап калган экен. Жыш өскөн жашыл, жыттуу чөптөрдүн арасы шытыр-шытыр, күбүр-шыбыр боло түшкөнсүдү. Карыя мага угулдубу же эмне болду? Дегендей эки жагын каранды, бирок андан башка бир да тирүү жан жок эле жакын арада. А чындыгында чөп арасындагы курт-кумурскалар чоң атаны жакшы билишчү. Мына азыр да өздөрүнчө:

– Чоң ата келди! Демек чөп чабык башталган го, – деп сүйлөшүп жатышкан эле.

Чоң ата адатынча чалгыны шилтөөдөн мурун алакандарына түп түкүрүп, ушалап:-Э,берекесин бере көр, быссымылда рахамаанир рахиим! Курт-кумурскалар качкыла, убалыңар бычакка, мага эмес! – деп чалгыны нугуна сала ары-бери жай, жеңил чыбыкты имергенсип, чөп чабыкты баштады.

Кумурскалар жапырылган чөптөрдүн үстүнө оп түшүп калгандарын оюн көрүшүп, каткырып чалгыдан коркор түрү жок. Көпөлөктөргө да чалгынын залакасы тийбечүүдөй. Эки ак көпөлөк айлана учуп, эмне болор экен дегенсишип чоң атанын жанынан чыкпайт. А чалгы болсо карыянын жумшак шилтемине баш ийе: -Ззып, ззып-эте үн чыгарат. Чалгы улам жылган сайын чөптөрдүн арасы шытыр-шыбыр этип үндөргө толгонсуйт. Анан эмне, жашыл чөптүн жашоочуларынын кай бири корккондорунан дырр кое качса, эр жүрөктөрү бул айбан чегирткече чалгынын жыгачына уча качып, калгандарга:-Чррыйт, мына мени көрдүңөрбү, керек болсо мен эч кимден корпойм! – деп мактанып да жатты. Чоң ата тиги чегирткеге:

– А, байкуш, тирүүсүңбү? Жакшы, эми быякка уч, – деди да, чегирткени акырын чабылган тарапка чертип койду. Мындайды күтпөгөн чегиртке:-Ох, ай! – деген бойдон канаттарын тырылдата сулап жаткан чөптөрдүн арасына шытыр конуп калды.

Тигил эки ак көпөлөк дагы деле карыяны тегерене учуп, алыс кете албай жатышты. Карыя аларга көңүл деле бурган жок, алардын өз ара сүйлөшкөнүн да түшүнгөн жок. Биринчи көпөлөк экинчисине карай:

– Кайда жүрөт ал? Көрүнбөйт такыр эле! – деди кабатырлана.

Экинчиси:-Чалгынын мизине туш келбесе экен деги! – деди ыйламсырап.

– Кайдагыны айтып жүрөктү түшүрбөчү, чоң ата жакшы. Эгерде эле аны байкаса, этият алып, коопсуз жерге коюп коет, – деди биринчиси. Бирок алар издегеннеме дагы деле көрүнбөдү. Мына чоң ата чабыгын да бүттү, чабыктын четине отуруп дагы жанагындай рахаттана тамекисин бурулдата түтөтүп, курч, шумкар сымал көз карашын тээ алыскы бийик тоолорго чаптырып, аны курчап турган ай ааламга сиңишип кеткендей дүйнөдөн алыс. Чалгысын жерден алып, ийинине койду, чарчагандан бир аз бүкүрөе алачыгын көздөй жөнөдү.

Эки көпөлөк зуулдаган бойдон издегенин таппай ар бир курт-кумурсканын жанына уча барып:

– Силер биздин курбубузду көргөн жоксуңарбы? – деп сураштырыпжатышты. Негедир аны бүгүн эч ким эч жерден байкабаптыр.

Күн төбөдөн тийип, курт-кумурскалардын баары жабыла чөп бетине чыгышып жыргап жатышты. Арылар жыжылдашып шире чогултуу менен алек, көпөлөктөр кубалашмай ойношот, кумурскалардын баары адатынча үясына тамак ташымайын баштады.Чегирткелер:-Кана, кимибиз алыс секирет? дешип биринен сала бири ашыга секирип жүрүшөт. Бир гана эки ак көпөлөктүн тынчы кетип, кабатырлангандары күчөгөндөн күчөп жатты. Себеби алардын жакын курбусу жакында кооз көпөлөк болууга даярданып жаткан эле. Болушунча чөптөрдөн, гүлдөрдүн жибек жалбырактарынан азыктанып, шүүдүрүмгө чаңкоосун кандырып, күч кубат топтоп жүргөн кези эле. Эми мына минтип жоголду. Жоок, чоң ата аны көрүп калса сөзсүз аны чалгынын мизинен алып калмак, байкуштун шору катып, аны байкабай калдыбы? Деп эки көпөлөк карыянын артынан учуп жөнөштү.

– Чоң ата! Чоң атааа! Биздин жашыл курт курбубузду көрдүңүзбүүү? – деп кыйкырышса аларды чоң ата түшүнүп калчуудай алачыкка киргенче ээрчип келишти. А чоң ата: кызык, бул эки көпөлөк менден калышпай учуп келатышат, мага чөптөрдүн жыпар жыты сиңип калган го, деген ой менен алачыкка кирип, байбичеси даярдап берген жарма, нанын, кара кезек этти, бир, эки сап жашыл пиязды алдына кое салып, шам-шум эткени отурду.

Курсактын камын көрүп бүтүп, карыя кунанды көлөкө жерге көчүрдү да, өзү алачыктын салкынына бир аз үргүлөй кетти. Түшүндө жанакы эки ак көпөлөк:-Жоготтук, жоготтук! – деп кыйкырышат. Чоң ата:

 – Эмнени? – деп сурайт, а тигилер:– Жоготтук! – деп кыйкырышкандан башка эч нерсе дебей эле учуп кетишет. Ойгонуп:-Бул эки көпөлөк чынында эле артыман алачыкка чейин ээрчип келишти эле, бул түштү мага бекеринен жибербеди го. – деген бойдон боз кунанына минди, камчыны капталга тиер-тийбес сыламыш этип койду. Жаныбар бырр эте, ошону эле күтүп тургандай чайпала жай ордунан жылып үйдү көздөй жөнөдү.

Арадан күндөр өттү, баякы чабылган чөп кургап, аны чогултуп, алып кетер күн да жетти. Чоң ата чабык болгон жерге кайрадан келди, бирок жалгыз эмес, жанында ат арабада тестиер небереси кошо келиптир. Чоң атасы экөө күн кызып кете электе иш бүтүрүп алалы дешип, эртеден кечке тынбай иштешти. Иш аяктап, чөптөр арабага жыйылып, катуу таңылды. Ушул тапта кайрадан баякы эки көпөлөк пайда болду.

– Эгерде ушул чөптөрдун арасында болсо азыр томолонуп түшүп калар эле, жок. Биз аны түбөлүккө жоготтук! – деп ыйламсырады алар. Бирок алар жаңылышып жатышкан, анткени тиги жашыл курт ушунчалык семирип кеткендигинен чабылган чөптүн арасында чөптөрдү кертип жата берген. Чоң ата чөптү чогултуп жаткандачөптүн ортосуна томолонуп кетип, түшүүгө мүмкүн болбой калган болчу. Мына азыр да досторунун ыйлап жатышканын укканы менен аларга канча кыйкырса да үнү жетпей койду. Бирок ошого карабастан ал жанталашып күчүнүн болушунча соймоңдоп, жогору карай жылып жөнөдү.Ушул маалда баягы мактаанчак жашыл чегиртке секирип келип, жыйылган чөптүн гана үстүнө конуп калбаспы! Ал төмөн жактан кандайдыр бир добушту кулагын түрүп тыңшады:

– Мен мындамын ак көпөлөктөр! – деген ун чыгып жатат чөп арасынан.

– Мен деген сен кимсиң? – деп чегиртке суроо берер замат, көп күн мурун эки көпөлөк досубузду жоготтук дегендерин эстей калды.

– Жашыл курт! Бул мен чегирткемин, сенин досторуң учуп кетишкен окшойт, алар бул жерде көрүнбөйт. –деп жооп берди.

– Мени куткар, чегиртке! Бул жактан чыгышым керек. –деп суранды курт.

– Түшүнүп жатам, а бирок амалым аз, чөптү таңып таштаптыр чоң ата. –деди кейиген чегиртке.

– Мен да, сен да аракет кылып көрөлү, а балким жолубуз болуп калар. Сен мени карай, мен сени карай чөптү жыра жүрөлү, кеттик анда! – деди чегинбеген курт. Бирок экөөнүн аракетинен эч кандай майнап чыккан жок. Алар анткиче арабанын да сапары алыстап кетти, чегиртке жашыл курт менен коштошууга аргасыз болду.

Чегиртке куртка жардам бере албай койгонуна ушунчалык ызаланды. Куртту эми кандай келечек күтүп турар болду экен деп ойго баткан бойдон ак көпөлөктөргө жөнөдү. “Эч болбосо тирүү экенин билип, ошого курсант болушар”деген ой келди.

Ал эми жашыл курт болгон жоон жашыл денесин солкулдата ыйлап жатты. Тиги чабылган чөптүн арасында, бул куртта “кези келгенде акырын томолонуп түшүп калам” деген үмүт бар эле. Эми ал үмүт өчтү. Кайда баратканын, эмне болорун билбей ого бетер коркуп, заманасы куурулуп жатты...

Ат араба чоң жашыл дарбазанын маңдайына кечке жуук келип токтоду. Чоң атасы менен небере арабадан түшүшөр замат тиги дарбаза ачылып, короодон мадыра баш майда балдар чурулдаша чуркап чыгышты. – Чоң ата! Чоң атам келдиии! Чөп алып келдиңизби? Урра! Мен ташыйм ээ, чоң ата? – дешип чыдамсыздык менен тапчанда күтүп отурушкан неберелери чарчаган ак сакалы, ак муруту чаң баскан чоң атасы менен карара түшкөн агаларын курчап калышты.

– Ой алааанайындарым менин! Жүргүлө алгач үйгө кирели балдарым. –деп кужураган неберелеринин борсойгон колдорун кургак, тынымсыз кара жумуштан калбыырып калган чоң алаканы менен ороп, алаканы тийбей калгандарга чыпалактарын карматып чарчаңкы басып келип тапчанга, өх! эте отура кетти. Байбичеси жанатан ысык тамагын белендеп кожоюнун жол карай күтүп отурган.

Кечки тамактан кийин неберелер шатыра-шатман чөптү тамдын артына ташып жөнөштү. Тапчандагы чоң атасы менен чоң апасынын жандарынан эдиреңдеп, шайдоот сүйрөп өтүп жатышты. Бир маалда неберелердин бирөөсү:– Оммый! Курт! Чоң экен, корком! – деп кыйкырып, колундагы сүйрөп бараткан боосун жерге түшүрдү. –Теспелеп салайымбы, чоң ата? – деди дагы бирөөсү. Курт заматта дөңгөлөктөй тептегерек болуп түйүлө калды да, цементтелген жерге тоголонуп кетти:– Карматпай качып кеткенге үлгүрсөм экен! – деп курт эсин жыйгыча чоң атанын коңур чыккан үнү угулду:-Коркпо, балам, бул курт жагымсыз көрүнгөнү менен абдан кооз жаныбарга айланат кези келгенде, ошондуктан муну тепселебей, өлтүрбөй кайра эле ушул чөптүн арасына кошуп койгула. –деди да, кармагандан тартынып турган неберелеринин жанына басып келип, куртту акырын алаканына салды да, тамдын артындагы чөптөрдүн арасына ыргытып койду.

Жашыл курт дагы көпкө түйүлүп жатты. Байкаса аны өз жайына коюшкандай. Балдардын ага көңүл бурбай өз иштери менен алек болуп жатканы ага жакты. Жай түзөлдү да, кургак чөптөрдүн арасына сойлоп кетти. Сырттан ага такыр белгисиз үн, дабыштар угулат:ав-ав, тарс, карс, пап-пап, ха-ха-ха, дүп-дүп... Бирде коркунучтуу, бирде жагымдуу угулган үндөрдү көпкө тыңшап жатып өзүнүн тынч, шуудурай ыргалган жашыл шибердин гана добушу угулган жерин эстеди, улутунду. Жашыл курттун тынч жашоосу бир заматта ушунчалык өзгөрүп кетет деп ким ойлоптур?

Эртеси ал жаратылыш алдына койгон жооптуу милдетти аткарууга киришти: курсак көңдөйдө чогулган атайы, сыртка чыгар замат жибекке айлана турган суюктукту аздан чоюп отуруп, жибек жипке айлантып, ага өзүн тегиз, жылмакай орой баштады. Бул иш дарманын алды. Ал-күчү түгөнөюн деп калганда анын бир да жери көрүнбөй, ал сүйрү, ак, кымындай коонго окшоп калган. –Өхииий, эми эч ким козгобосо эле, мал-жанга жем болбосом болду, калганы убакыттын иши. –деди да томпойгон ичи кадимкидей кичирейип калганын көрүп:-Арыктаганымды карасаң! – деп өзү менен сүйлөшүп койду. Жашыл курт жасаган жибек кутунун ичине күндүн нуру өтүп, дабыштар угулуп, баары кадимкидейэле, болгону кыймыл аракет кылууга мүмкүн эмес эле. Курт баарына ыраазы, болгону ак көпөлөк курбуларымдай учар канатым болсо, курсагым менен жерде сойлобой, аларга кошулуп көктө көкөлөп жүрсөм дегенде эки көзү төрт. Ал өзүн ак жибектей канаттары керилген көпөлөк элестетет, гүлдөн-гүлгө, чөптөн-чөпкө учуп-конуп курбулары менен кубалашып жүргөнүн ойлойт, өзүнчө ырахаттанат.
– Чыдаш керек, чыдаш керек, аз калды, мына эми жакында. – деп күн санап жүрүп кереметтүү кубулуштар да болуп бүткөндөй.

Күндүн нуру күрөң болуп катып калган жибек кутучаны издеп тапты:-Эй, уйкучу! Тур! Мезгил жетти. Сен эми дагы бир милдетиңди аткарышың керек! – деди да, көпөлөк болуп калганын али биле элек куртту капталынан кытыгылай баштады.

– Ой-ой-ооой, ха-ха-ха-хихи! Болду, нур, ичим эзилип калмай болду. Мына ойгондум, эми эмне кылайын, айтчы?

– Эми буттарың менен кутучанын түбүн тээп, канаттарың менен кутучанын үстүн өйдө түрт, ошондо кутуча ачылат, сен эми көпөлөксүң!

– Макул, – деди көпөлөк нурдун буйруктарын так аткара. Нур айткандай эле бутун сезди, андан кийин жонундагы канаттарын туйуп жатты, курсагын караса, баякы торсойгон курсактан эч нерсе жок! Көргөн көзүнө өзү ишенбей, жүрөгү зор кубанычтан түрсүлдөп кабынан чыкчудай: түрс-түрс.

Көзүнө күндүн жарыгы ушунчалык ачык тийгенинен алы аз, жаш көпөлөк теңселе түштү. Нур дагеле жанында:-Эми канаттарыңды шашпай, ар бир бырышын бирден жазышың керек. Ашыкпа, бир эле туура эмес кыймыл аракетиң канаттарыңды айрып, сени майып кылып коюшу мүмкүн, анда сен эч качан уча албай каласың. Ошондуктан күн көтөрүлгөнчө, канаттарың катып кала электе жумушуңду бүтүр. А калганын өзүң билесиң. –деген бойдон өз нугун бийик өскөн алчаларды көздөй бурду.

– Эмнени, мен эмнени билем? Кетпечи! Мен коркуп жатам, ый-ый-ый, – деп жаш көпөлөк ыйлап, титирей, калтырай нурдун ар бир сөзүн эсинен чыгарбай кылдат аткарып жатты. Алы кетип, шайы ооп калды, а бирок дагы иш бүтө элек, анан калса күн да бийиктегенден бийиктеп бараткансыды.

– Шашпа, качан болсо эч шашпа! Деги качан шашса болот?! Ый-ый-ый, –деп ыйлады айласы куруган көпөлөк...

Күн көтөрүлүп, жер жүзү жарыкка бөлөндү. Көпөлөк эң акыркы бырышын түзөгөнгө үлгүрдү. Анан аларды өйдө-ылдый кагып көрдү. Канаттарын элестете далысын бурулуп караса эле канаттары ак эмес!

Канаттары сары, чоң күрөң тегерек сүрөт тартылган өзгөчө түстө боелгон экен! Андан да канаттарынын учтары оюуга окшоп көрктүү имерилип турат экен. Мына кызык! А эмне үчүн мен курбуларыма окшобой калдым? Деп таңкалды көпөлөк. Балким бөтөн жердин таасири тийдиби же кандай? Деген ар кандай ойлор башын катырды. Бирок көпөлөк көпкө ойлонуп отургусу келбеди, канаттарын күүлөп учуп жөнөдү. Канаттарын бир-эки шилтеген соң башы айланып, алы кетип кайда конорун билбей, тапчандын устундарынын бирине коно калды. Ошол тапта тапчандын үстүндө чоң ата менен чоң апа неберелери менен чогуу тамактанышып отурушкан. Тапан небереси кооз көпөлөктү биринчи байкай салды:– Карагылачы! Чооң көпөлөк! –деди аптыга. Мадыра баштардын баары жабыла ичип жаткан тамактарын унуткан бойдон, бири:-Кана? Кана? – десе, экинчиси: – Мен көрдүм! Оммый, сонун экен! Каап, кармап алат элем, алыс да, – дешип бир заматта ызы-чуу болушту. Көпөлөк алардын кыйкырыгынан чоочуганы менен учканга дарманы жок эле. Буткөн боюн калтырак басып, буттары менен устундун кыртышына жабышкан бойдон катып калды. Чоң ата неберелерине кайрылып:

– Көрдүңөрбү? Эми отургула,тамагыңарды жеп түгөткүлө, – деп, сөзүн улантмакчы кыязда: – Эсиңердеби жайдын биринчи чабыгын алып келгенде чөптүн арасынан жашыл, курсагында тоголок сүрөттөрү бар, жоонунда майда кызыл тикенекчелери тирсийген курт түшүп калганы? Мен ошондо силерге эмне дедим эле?

– Өлтүрбөгүлө, ал кийин кооз жаныбарга айланат дегенсиз, чоң ата, – деди тетик небереси, көздөрүн алайта.

– Туптуура, айланайыным, мына ошол курт эми мындай сулуу көпөлккө айланды, карагылачы, – деди карыя өзү да суктана карай. Балдарым, эч убакта курт-кумурскаларды, майда жан-жаныбардарды кордобогула, өлтүрбөгүлө, тескерисинче сактагыла, аягыла, колуңардан келсежардам бергиле.

– А кантип жардам беребиз, алар адамча сүйлөп бизди жардамга чакыра албайт да?

– Ооба, берекем, а сага кудай көздү, кулакты, жүрөктү неге берген деп ойлойсуң?

– Уксун, көрсүн, сезсин деп,чон ата, – деди тестиер небереси.

– Демек алардын жардамга муктаж экенин силер өзүңөр эле байкасаңар болот экен да, ээ?

– Ооба! – дешти жабыла бөбөктөр. Алар антип ангемелешкенче көпөлөк өзүнө келди, чоң атанын сөздөрүнө ыраазы болду. Өзүнүн ыраазычылыгын билдиргендей алар отурган дасторконду үч мертебе айланды, канаттарын каккан сайын отургандардын эч бирине байкалбаган кут себилип жатты.

– Учтууу! Карагыла, учуп кеттиии! – дешип неберелер алыстап бараткан кооз көпөлөктүн артынан таң бере карап, кала беришти. А көпөлөк кайда учарын билгендей тээ айылдын ары жагындагы адырларга бет алды, мекенин көпөлөк да болсо сезет тура!

– Жоголгонуңар табылды, – деди чоң ата күлүмсүрөй. – Эми баары жакшы болот! – деген бойдон неберелерине назарын салды...

2013-ж. февраль
    Зарип уулу Эркин атамдын жаркын элесине арналат

 

© Мунара Зарипова, 2013

 


Количество просмотров: 891