Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Мунара Зарипова, 2013. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 17-декабры

Мунара ЗАРИПОВА

Тумардын түшү

(аңгеме)

Бул аңгеме менин кичинекей кошунам Мунара деген кызга арналат.

 

Тумар беш жашар кыз. Анын эки өрүлгөн кара чачы ага абдан жарашат. Тумар кыялкеч, элпек кыз болгондуктан, аны тааныгандардын баары жакшы көрүшүп,апасына макташат. Ооба, Тумар мактоого татыктуу кыз, анткени ал апасынын сөзүн эки кылбаганга абдан аракет жасачу. Бир гана анын алы жетпеген нерсе: жанагы китептеги тамгалар менен сандар! Канча аракет жасаса деле болбой эсинен чыгып кетишет. А апасы анын унутканын көрүп абдан капаланат, Тумар болсо апасынын капаланганын көргүсү келбейт. Ал апасын аяйт. Өзгөчө апасы Бийлик менен Революция деген кишилерди сөз кылганда көп ыйлайт. Алар, Тумардын билишинче, анын атасынын да жоголуп кеткенине күнөөлүү. Себеби, апасы ар дайым ошол эки жаман кишини күнөөлүү деп айтканын көп жолу уккан. 

Дегеле, Тумардын жашоосу атасы жоголгонго чейин мындан сонун болчу. Эми андай эмес. Апасы такырыйлачу эмес, атасы Тумарды абдан жакшы көрчү. Алар көп кабаттуу үйдүн экинчи кабатында үч бөлмөлүү квартирада бактылуу жашашкан эле. Атасы жоголгондон кийин чоң атасы келип Тумарды апасынан талашкан, бирок Тумардын апасы буркурап ыйлап жатып кызын берген эмес. Ошол окуядан кийин Тумар апасы экөө үйсүз калышты.

Ошондуктан Тумар жанагы тил албаган тамгалар менен сандарды кээде жек көрүп кетет. Эмнеге алар апасы сураган учурда шак этип ээсинен чыгып кетишет? А өзүнчө же кыздар менен мектеп ойногондо баарын сопсонун билет! Мына бүгүн да апасы тапшырган тамгаларды жаттап, сандарды бирин-бирине кошуп-алып аябай даярданган. Айтып берейин десе дагы баары ээсинен чыга качышты. Апасы Тумарды урушпайт. Ал жөн гана: “Кызым, сен менин жалгыз тирегимсиң, сен билимдүү болбосоң турмушубуз оор болуп калат. Канткенде жакшы окуйсуң деги? – деп тим болот. Ушундай учурларда Тумардын капкара көздөрүнөн жаш тегеренип, жанакы тамгалар менен сандарды чогултуп туруп мээсине чыкпас кылып салып койгусу келет. Азыр да уктардын алдында ошол тамгаларга абдан жини келип, ойлонуп жатып көзү илинип кетти.

Тумар эртең менен туруп терезени караса күн жаркырап бир башкача нурданат. “Кыздар эбак көчөгө чогулушуп, оюндан калган турбаймынбы!” Деген ой менен шаша-буша кийинип сыртка чыкса анын “Алиппесин” жана эң жакшы көргөн куурчагын Ф тамгасы көтөрүп кетип баратат.

– Ээй! Токтооо! Ал менин китебим, менин куурчагым, таштааа! –деген бойдон жанакы тамганын артынан чуркап жөнөдү. А тамганын токтойт турган түрү жок. Шыпылдап, колдорун кере-кере шилтеп, чоң-чоң аттап кызга жеткизбейт. Тумар тырышчаактыгын карматып, китеби менен куурчагын уурдаган тамганын артынан калбай келатса бир талдын көлөкөсүндө Тумардын жакшы көргөн Б тамгасы уктап жатыптыр.

– Б – Бакыт, бактек, Балтек, балка жана дагы башка сөздөр келет сага! Сен менин эң сүйүктүү тамгамсың! А билесиңби эмне үчүн? Анткени менин атамдын аты – Бакыт! – деди Тумар сүйүнүп.

– Азамат, сен да менин сүйүктүү кызым болдуң! Мен мени тааныган балдардын баарын жакшы көрөм. Атың ким? –деди Б тамгасы.

– Тумар! Б сен мага жардам берчи! Жалгыз алым жетпейт. – деди кыз кабагын бүркөй.

– Б – баатыр, булчуң, билек! Колуман баары келет, айт!

– Карасаң, тээтигитамга менин “Алиппемди” жана куурчагымды алып кетти, канча чуркасам да жетпей жатам.

– А сен ал тамганы тааныйсыңбы?

– Жок. Мен жаттасам деле болбой эсимден качып кетет.

– Анда иш чатак. Тааныбасаң кармай албайсың. Жүрү Билимбекке, ал бизге жардам берет. –деген бойдон кыздын колун шап кармады да, Билимбекти көздөй чуркады. Жолдон аларды эки ит кууп алды. Бтамгасы Тумарга: – Сен бирөөсүн карма, мен экинчисин кармайын, анан тиги бакка байлап салалы! – деп буйрук берди. Бирок Тумар санаганды билбегендиктен кайсы бирин кармаарын билбей турду. – Тезинен санакты эсте! Антпесең иттер көбөе баштайт! Бол сана! –деп кыйкырып жатты Б тамгасы. Тумар башын мыкчып, көзүн катуу жумуп сандарды көз алдына элестетти. Абдан катуу ойлонгонунан анын кичинекей көз айнеги кычырап сынганы калды, бирок ошол учурда кыздын ээсине санак келди да, ал үнүнүн болушунча: – Бир, эки! Деп кыйкырды. Ошол замат көбөюп бараткан иттер экөө болуп, анан калса куйруктарын шыйпаңдатып аларга баш ийишти. – Бирин Балтек, экинчисин Борсулдак дейбиз! Деди кыз сүйүнүп. Б тамгасы: “ Болбойт” – деп кызга таарынгансыды. Сен эмне менден башка тамга тааныбайсыңбы?

– Тааныйм.

– Анда башка ат койбойсуңбу иттерге?

– Макул. А – Акжолтой, Ак мойнок, Т – Тайбас, К – Киреше! Кайсынысы жакты?

– Мага баары бир. Өзүңө жаккан атты кое бер. Мына, Билимбектикине да жеттик. Салам Билимбек! Бул менин жаңы досум. Аты Тумар. Тумарга жардам керек болуп жатат.

– Дайым даярмын.

– Мен эки колун бөйрөгүнө таянган мактаанчак тамганы тааный албай жатам, ал менин “Алиппемди” жана куурчагымды алып кетти.

Билимбек тамганы тарттып: – Ушундайбы? – деп сурады.

– Ооба, ушундай!

– Бул Ф деген тамга.

– Рахмат сага, Билимбек, сенден дагы сурасам болобу?

– Сурай бер.

– Столго окшош тамга кайсы? – Ал П тамгасы. – А таракка окшошчу? – Ал Ш тамгасы.

– Биз кетели, Ф бизден адыстап кетпесин? – деди Б тамгасы кабатырлана.

– Ооба, шашылгыла! – деп Билимбек аларга кол булгалап жатып бир нерсени байкап кабатырлана түштү.

Тумар менен Б тамгасы чуркаган бойдон Ф тамгасын издеп жөнөштү. Заматта алардын астында чытырман токой пайдаболо калды да, анын ичинен Санакчы чал чыгып: – Мага санап бербесеңер токойго киргизбейм. –деди.

– Тумар, тезинен санай кал! – деген бойдон Б тамгасы токойду бойлой, анын канчалык узун экенин байкоого чуркады.

– Мен, мен дагы унутуп жатам, – деп башын мыкчый отуруп калды Тумар. Ал өзүнүн жакшы көргөн алиппеси менен куурчагын таптакыр жоготкондугуна ызаланып, жашын сүртүп жатты. Муну көргөн Б тамгасы ачууланып: – Сен эмне? Ушинтип эле багынып каласыңбы? Аракет жасаш керек, качандыр бир жаттаган нерселерди эстегенге тырышпасаң, алар өздөрү эле оюңа түшө калбайт! Тур! Чымыркан! Эсте! – деп кыйкырды. Мындайды күтпөгөн Тумар ордунан тез тура калды да, кайрадан көзайнеги кычыраганга чейин эсин жыйды: – Урраааа! Мен эстедим 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 20, 30, 40, 50, 60, 70, 80, 90, жүүүүз! – деп санап жиберди, ошол замат токой жоголуп, алиппе менен куурчакты кармаган Ф тамгасы алардан алыс эмес жерде көрүндү. –Ф тамгасыыыы! Мага алиппемди, курчагымды берип койчууу! Суранам! – деп кыйкырды Тумар. Ф тамгасы артын карап кызга көптөн бери тааныш сыяктуу күлүмсүрөп кол булгалады да, Тумарды көздөй чуркап жөнөдү. Тумар аны көздөй чуркады. Экөө тең бири-бирине абдан кубанышты. Ф тамгасы Тумар аны эстегенине, а Тумар алиппеси менен куурчагын кайтарганына. Үчөө тең жыргап күлүп жатышты. Алыстан: – Тумар! – деген апасынын үнү угулду. – Оу, апоу! – деп көзүн ачса эле Тумар түш көргөн экен. Апасы аны ойготуп жаткан экен.

– Апоу! Мен эми тамга менен сандарды таптакыр унутпайм. Ал эми бул тамга – Ф! – деди бактылуу Тумар.

 

© Мунара Зарипова, 2013

 


Количество просмотров: 856