Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Бекказы Элебесов, 2013. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 5-декабры

Бекказы Сагалиевич ЭЛЕБЕСОВ

Армандуу махабат

Колуңуздардагы бул китепке ар кыл мезгилдерде жазылган автордун аңгемелери, драмасы киргизилди. Анда балалык байоо сезимдери аркылуу ууз сүйүүгө арналган тагдыры, улуттук каада-салттан улам сүйүүсүнө жетпей калган жаштардын жашоосу камтылган. “Армандуу махабат” китебине кирген чыгармалар сиздин сүйүп окуган чыгармаларыңыздардан болоруна ишенем. Анткени бул китептеги “Тагдыр”, “Намыс”, “Жамалбүбү” деген чыгармаларында адамзатынын чыныгы турмушу тыкаттык менен чагылдырылып, адамзатынын жашоосундагы негизги баа жеткис касиеттери туурасында жогорку чеберчиликте баяндалган. Ал эми “Армандуу махабат” аңгемесинде кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал эки адамдын сүйүүлөрү, жеке тагдырлары чагылдырылган. Таланттарына Кудай берген табигаттын өзгөчөлүктөрү шай келген бул эки инсан бири кайталангыс сулуулуктун символу болсо, экинчиси муңдуу обондордун каролу!

Бекказы Элебесов. Армандуу махабат: Аңгемелер, драма. – К.: “Карга аке” басма үйү, 2013-ж. – 144 б. китебинен алынды

ББК 267890 (Ки2) 083
    УДК11941
    К14
    ISBN 9874-15-495

 

2008-жылдын ноябрь айы. Кеч күз болгондуктан, кар жаабаганы менен суук түшүп, айрыкча эртели кеч аябай эле суук болуп калган. Жылдагыга караганда ден-соолугум ого бетер начарлап, кийинки кезде алым кетип, тердей берчү болгом. Кант диабети оорусуна чалдыкканыма он бир жылдын жүзү болгондуктан, күчөгөндөн күчөп бараткан. Былтыр догдурлар: “Дары, ички органдарыңа зыянын тийгизип, ички органдарыңдын барына тескери таасирин бере баштаптыр. Инсулинге өтүп, диетаны жакшы кармашың керек”,-дешкенинен, инсулинге өтсөм, ого бетер кара тер басып, алым кетип, башым тегеренгенинен бир айча укол сайынгандан кийин, кайра таштап койгон элем.

Дарыларды бирде ичсем, бирде ичпей диетаны да өз убагы менен так кармабай жүрүп, оорумдун күчөшүнө негизинен өзүм да себепкер болдум окшойт. Эки жылдан бери Бишкекке келип, улуттук госпиталдын эндокринология бөлүмүнө дарыланып кетип жүрчүмүн. Быйыл да ушул жерге келип, дарыланып, кайрадан инсулин сайынганга өтөйүн деген ойдо болуп, өткөндө инсулин эмне себептен жакпай калганынын себебин билип, кайра өткүдөй болсом өтүп алсамбы деген ой менен келгем. Инсулин сайынсамбы деген ойго келген себебим, биринчиден догдурлар айткандай дарылар кантты азайтканы менен ички органдарга зыяны тийип, уйку безим, боорум, бөйрөктөрүм ооруй баштаган. Экинчиден дарыларды бирде ичсем, бирде ичпей калып, сахарым көбөйүп кетип жатабы деген ойдо болдум. Ал эми инсулинге өтсөм, милдеттүү түрдө эртең менен кечинде убагында сайынмакмын. Анан диетаны жакшы кармасам, оорум жеңилдейт ко деген ойдо болчумун.

Ошентип улуттук госпиталга кайрадан келип жатканымдын себеби ушул болчу. Республиканын ар кайсы жеринен келген кант диабети менен ооругандардын баары ушул жерде жатчу.

Мен алтынчы палатага туш келдим. Бул палата бөлүмдөгү баардык палаталардан чоң болгондуктан, тогуз киши жатчубуз. Бул жерде жеке эле кант оорусу менен ооругандар эле жатпастан, зов деген оору менен ооругандар да жатышчу. Бул палатада жатканда киши көп болуп, тынчы жогу ыңгайсыз болгону менен, бир жагынан кишинин көптүгүнөн ар кайсыны сүйлөшүп, ар кайсыга алаксып эрикчү эмеспиз.

Бул жерде ар кайсы курактагы, ар түрдүү улуттагы адамдар жаткандыктан, ар ким өзүнүн табитине ылайык жылдызы келишкен адам менен жакшы мамиледе болушчу.

Палатадагылар негизинен ынтымактуу болушуп, тамактарын чогу ичишкени менен өзүнө жакын адамы менен басса, турса бир басып, бири биринен эч нерсе жашырышпай, болгону он күн чогу жүрүшсө да, эзелтеден берки таанышындай болуп, жакшы мамиледе болуп калышаар эле.

Мен дагы бул жерден Бейшен деген жигит менен жакшы мамиледе болуп калдым. Ал менден төрт, беш жашка улуу болуп, алтымыш жашка чукулдап калганы менен, “талаа жери кең жер, баардыгына тең жер”, дегендей аны менен теңтуш сыяктуу болуп, тамашалаша берчүмүн. Атынан толук айтпасам да Беке деп койор элем. Ал дагы “талаа жеринде беш жашка чейинкилер теңтуш сыяктуу жүрө берет. Сен оюңду тартынбай эле айта бер” деп калчу. Анткен менен ал мүнөзү токтоо, көрүнгөнгө эле ачылып сүйлөй бербеген, орто бойлуу, арыкчырай, кара торусунан келген, бир мүнөздүү жигит болчу.

Оорукананын турмушу башынан өткөргөндөргө белгилүү эмеспи. Негизинен дарылоо иштери түшкө чейин бүтүп, түшкү тамакты ичкенден кийин, эки саат тынч убак делип, ары-бери баспай оорулулар орундарында жатышкан соң, оорусу жеңилдеп, буту баскандары ары-бери басышып, баспаганы убакыт өткөрүү үчүн көңүлүнө жаккан кишиси менен ар кайсыларды сүйлөшүп, убактыларын өткөрүшчү. Убакыт кенен болгондуктан, “орозодо көчкөн эрмек” дегендей эмнелерди гана сүйлөшпөйсүң. Жашоо турмушуңдан баштап, өткөн кеткендерди, ал тургай келечектеги максаттарыңа чейин сүйлөшүп, жаныңдагы угуп жаткан киши көңүлүңө туура келсе жашырбайт эмессиңби.

Ошентип Бейшен экөөбүз да убактыбызды өткөрүп, алаксуу үчүн ар кайсы темада сүйлөшө берчүбүз. Ал башынан көптү өткөргөн адам катары өзүнүн оор басырыктуу мүнөзүнө ылайык сөздөрдү орду менен сүйлөп жатканда, анын сөздөрүн бөлбөй кунт коюп угуп, кээде сөздөрүн бөлгүм келбесе да, кээ бир түшүнбөй калган жерлеримди гана айласыздан сурап, жооп алууга аргасыз болор элем.

Экөөбүздүн ооруканада чогу жатканыбызга бир жумача убакыт болуп калган. Адаттагыдай эле экөөбүз кечке жуук сүйлөшүп отурганбыз.

Адамдын жашоосунда махабат темасы негизги темалардан болсо керек. Бул темага кимдер гана кайрылбаган, кимдердин гана башынан махабат өтпөгөн. Анткени жашоо ошондон башталат эмеспи. Биз дагы ушул темага кызуу кирип алып талкуулап жатканбыз.

Бир убакта Бейшен мени ойлуу тиктеп туруп.

-Мен сага өзүм күбө болгон, бир армандуу махабат жөнүндө айтып берейин,-дегенде, мен жабыша калып.

-Кана Беке айтып берсең, -деп жантыгымдан жата калдым.

Бейшен кандай баштасам дегендей, бир азга күймөлө түшүп, терең үшкүрүп алды да,

-Мындай армандуу махабат, чанда эле кишинин башынан өтсө керек. Андан бери кырк жылга жакын убакыт өтсө да, азыркыга чейин күнү бүгүнкүдөй эсимде. Көңүлүмдүн түпкүрүнөн орун алып, жедеп эле кан-жаныма сиңип калганбы, дайыма эсимден чыкпай көз алдыма тартылат да турат. Бул окуя бала күнүмдөн чогу ойноп, бирге өскөн жакын досумдун бүтүндөй жашоосундагы тагдырынын өзгөрүүсүнө себепчи болгондуктан, эсимден чыкпай калса керек.

Биз төртөөбүз айылдагы бир курдуу курбалдаш балдардын ичинен эң жакын достордон элек. Бир көчөөдө жашап, үйлөрүбүз да жакын болгондуктан, мектепке окууга чогу барып, кайра келе жатканда чогу келип, бош убактыбызда чогу ойноп, бир сөз менен айтканда, жатаканабыз эле башка болбосо, көпчүлүк убакта бири-бирибизден бөлүнбөй дайыма чогу жүрчүбүз. Кээ бир күндөрү болор болбос нерселерди талашып, уруша кеткенибиз менен эртеси эле кайра жарашып алчубуз. Көпчүлүк учурда баарыбыздын башыбызды Абдыкалый бириктирип турчу. Анткени ага калганыбыз көз каранды болчубуз. “Колунда талканы бар бала сүйгүнчүлүктүү”, дегендей анын атасы колхоздун башкармасы болгондуктан, ал жакшы кийинип, дайыма акчалуу жүрчү. Аны менен жүргөндө чоң балдар тийишип бизди сабай алышчу эмес. Ал өзү да тайманбай жакшы мушташкандыктан, өзүбүз теңдүү, бизден кичүү балдар бизден коркуп турушчу. Анын үстүнө башкарманын баласы менен жүргөндүктөн, көчөдөгүлөрдөн баштап, мугалимдерге чейин сыйлап турушчу. Кыздар менен таанышабызбы, жөн жүрөбүзбү, кайда барбайлы бардык жерде барктуу болчубуз. Абдыкалый узун бойлуу, толмочунан келген, олбурлуу, ачык айрым, беттеген жагынан кайра тартпаган, шар жүргөн бала болчу. Дагы бир досум Көлбай, мүнөзү токтоо, орто бойлуу, арыкчырай, кара торусунан келген, сулуусумак бала эле. Андан кийинки досубуз Жапар, ачык айрым, узун бойлуу, арыкчырай, аккуба, бир нерсенин артынан түшкөн аракетчил, боорукер бала болчу. Өзүм болсо орто бойлуу, арыкчырай, мүнөзүм башынан эле ушундай токтоо болчу.

Балалык кезде башыбыздан эмнелер гана өтпөдү. Жаманы да, жакшысы да өттү го. Бирок чектен чыккан тентек болуп, элге жаманатты деле болгонубуз жок. Төртөөбүз тең окууну жакшы окуп, мектептин коомдук иштерине активдүү катышып, биздин атыбыз мектепте дайыма аталып турчу. “Жаманы болбой жакшысы болбойт”, кээде майда барат тентектик кылып, кармалып калып, линейкада тил уккан күндөрүбүз да болгон. Иши кылып кайсыл жерде болбосун төртөөбүздүн атыбыз чогу аталчу.

Ошентип жүрүп убакыттын кандай өткөнү билинбей, мектепти чогу окуп бүтүп, төртөөбүз тең чоң окууларга тапшырганы Фрунзеге келип, ар кимибиз өз каалаган окууларыбызга тапшырдык.

Мен башынан эсеп-кысапты жакшы көргөндүктөн, Айыл-чарба институтунун бухгалтердик эсеп боюнча бөлүмүнө тапшырдым. Абдыкалый ата-бабаларынан бери эл бийлеп, атасы башкарма болуп жүргөнгө ата-бабаларынын жолун улантып, бийлик кылсамбы дедиби, же айыл чарбасында иштесемби дедиби, ушул эле институттун аграномия бөлүмүнө тапшырды. Жапар болсо башынан догдур болууну көксөп жүргөндүктөн, мед.институтка тапшырды. Көлбай башынан музыкага шыктуу болуп, жакшы ырдап, кийинчерек акардионду черткенди үйрөнүп алгандыктан, ал музыкалык окуу жайына тапшырды.

Төртөөбүз тең мектепти жакшы окуп бүтүп келгендиктен, тапшырган окууларыбызга өтүп кетип, окууларыбыз ар кайсы жерлерде болгону менен чогу бир квартирада жашагандыктан, окуудан сырткаркы убактарда чогу жүрчүбүз. Мурдагыдай эле Абдыкалыйга баш ийип, көбүн эсе анын айткандары менен болчубуз. Ал баштагыдай эле бардар болуп, баарыбыздан жакшы кийинип, акчалуу жүрчү. Окууга өткөндөн кийин атасы москвич сатып берген. Май куйуу менен ишибиз жок каалаган убакта кайсы жерге болбосун айдата берчүбүз. Абдыкалый бой көтөрбөй, оюбуз менен болуп, эч бирибизге жок деп же катуу айтчу эмес.

Көлбай акардиондо ойноп, жакшы ырдагандыктан, бош убактыбыз болгондо улам улам суранып, аны кайра кайра ырдата берчүбүз. Кээде тажап кетип “ырдабайм”, дегенде, ага ичибизден “маалкатып калат”, деп таарынып калчубуз. Абдыкалый болсо,

-Сени бирөө ырчы бол дедиби. Кесибиң ырчы боло тургандан кийин ырдабайсыңбы. Эгер мен сенин ордуңда ырчы болгондо, күнү түнү ырдай берип, баарыңарды тажатмакмын. Келе ырдабасаң мен деле ырдап беремин, -деп акардионду Көлбайдын колунан жулуп алып, билбесе деле кыңкылдатып, корулдаган үнү менен ырдап киргенде, Көлбайдын тигини угуп, ичи бышып кетет окшобойбу.

-Ошондой да ырдамак беле. Келе бир ырдап берейин,— деп акардионун кайра алып, бир ырдап берип, бизден кутулганына сүйүнчү.

Окууларыбыздан келип тамактарыбызды ичип алып, алдыбызда унаабыз болгондон кийин квартирабызда тургубуз келбей көчө кыдырып чыгып кетер элек.

Ал кезде машиналар абдан эле аз болгондуктан, көчөлөр ээн болчу. Барчу жерибизге заматта жетип барчубуз. Шаар да мындай чоң эмес болчу. Кыздардан башка кайда бармак элек. Тааныш кыздар көп болгондуктан, тандап көңүлүбүзгө жаккан гана кыздарга барчубуз. Арабыздан Абдыкалый эле кыздарга жок болчу. Ал көпчүлүк учурда,

-Силер эле баргылачы, мен бул жерде күтүп турайын,— деп машинасынан түшпөй олтуруп алчу. Кыздарга тааныштырсак да алар менен сүйлөшүп кете алчу эмес. Ал абдан уялчаак болгондуктан, кыздар тамашалап сөз айтып койсо, жооп бере албай кызарып кетчү. Алдыбыз үч, төрттөн, аркабыз экиден кыз менен бир маментте сүйлөшүп жүрсөк, ал бир дагы кыз менен сүйлөшчү эмес.

-Эмне сүйлөшпөйсүң?— десек.

-Мага жакпаган кыз менен өзүмдү алдап сүйлөшүп эмне кылам,— деп койчу. Биз:

-Деги сага кандай кыз жагат,— деп тааныган кыздардын баарын айтып чыксак да.

-Тигинин тиги жери тигиндей экен. Мунун бул жери мындай экен, -деп бирөөнү да жактырчу эмес.

Бирок кыздар менен жакшы сүйлөшүп кете албаганы менен эркек балдар менен бат эле жакшы мамиледе болуп достошуп кетчү. Абдыкалый бизден тышкары көп балдар менен жакшы мамиледе жүрчү. Кийинчерээк квартирага келбей түнөп калып, башка достору менен кетип калган күндөрү көп болду. Айрыкча үчүнчү курсту аяктап калган кезде ГАЗ-24 маркасындагы волгалар жаңы чыга баштаганда, атасы волга сатып бергенден кийин башка жакка түнөп калуулары ого бетер көбөйүп кеткен. Ал тургай эки-үч күндөп квартирага келбей калган күндөрү боло баштаганда үчөөбүз ортого алып,

-Сен бизге айт, кайда кетип атасың? Эмне үчүн бизге сырыңды айтпайсың? Сыр жашыра турган болсоң достугуң кайсы. Мурда түнөп калганда конокко бардым деп кутулчу элең. Эки, үч күндөп түнөп жаткандай ал кайдагы конок? Окууңдан да калып атып, начар окуп калдың. Эми бизди алдай албайсың, ачыгыңды айт, -деп кысмакка алсак, бизден кутула албасына көзү жетти окшойт.

-Балдар чынында эле силерге айтпай, бир сыр жашырып жүрдүм эле. Мен бир кызды көрүп, аябай ашык болуп калып, ошол кыз менен тааныша албай артынан жүрдүм эле. Силерге ал кыз менен таанышкандан кийин айтсамбы десем, эми минтип оюма койбой айттырып жатасыңар,— дегенде, баарыбыз таң калып.

-Ой сен эзели кыз жактырчу эмес элең. Эгер сага жагып калса, ал өзгөчө кыз болсо керек. Деги ким экен ал?— деп жабыла сураганда, Абдыкалый:

-Ооба, ал чынында эле өзгөчө кыз экен. Ал башка кыздарга окшобойт,-деди бизге “чын айтып жатам”, дегендей ишенимдүү карап. Анын жообун укканда биз ого бетер таң калып.

-Анда бизге ошол өзгөчө кызыңды көрсөтпөйсүңбү? “Сулуу сулуу эмес сүйгөн сулуу” дегендейби же чын эле ал ошончолук эле сулуу бекен. Деги анын эмне өзгөчөлүгү бар? Аты ким? Кайда окуйт же иштейт бекен?— деп суроолорду жаадырып кирсек, Адбыкалый:

-Сулуу десе сулуу, акылдуу десе акылдуу, ырдайт десе ырдайт, таланттуу десе таланттуу, бир сөз менен айтканда телегейи тегиз экен. Мен мындай кызды мурда өмүрүмдө көргөн эмесмин. Жеке эле мен эмес, мындай кызды силер да көрө элексиңер,— дегенде.

-Койсоңчу, мактайт десе андан ары көбүртүп жабыртып жибересиң. Кантип эле андай кыз бүт Кыргызстанда болбосун. “Карга баласын аппагым дейт”, дегендей бирөөнү жактырып калсаң эле жер сууга тийгизбей мактай бересиңби, -деп ишенбей койсок, Абдыкалый эч кебелип да койбостон.

-Ишенсеңер ишенбесеңер өз эркиңер. Мен силерди ишенгиле деп мажбурлабайм. Аны өз көзүңөр менен көргөндө ишенесиңер. Азырынча менден аты жөнүн сурап, тааныштыр деп мажбурлабай кое тургула, кийин таанышкандан кийин өзүм алып келип тааныштырам. Азыр ошол жакка барат элем, мен кете берейин,— деп кете берди.

-Балким чын айтып жаткандыр. Абдыкалый эзели калп айтчу эмес эле,— деп бирде ишенип, бирде ишенбей олтуруп калдык. Аты жөнүн толук айтпай бүдөмүктөтүп, андай кызды мен дагы силер дагы көрө элекпиз, -дегени бизди ого бетер кызыктырып, ар кимибиз өз билгенибиздей жоромолдоп, көз алдыбызга элестетип, кандай кыз болду экен, деп кызын көрө электе эле сыртынан ашык болуп жаттык.

Абдыкалый убакыт өткөн сайын өзгөрүп мүнөзү токтоо тартып, салабаттуу кишидей болуп, өз боюна карап, өзүн таза тыкан алып жүрө баштады. Мурдагыдай ачык айрым мүнөзү жоголуп, биз менен дайны жок тамашалашканын койуп, ар бир сөзүн ойлонуп айтып, орундуу сүйлөөчү болду. Мурдагыдай биз менен эки жакка чыкпай, күндөн күнгө бизден алыстай берди. Биз дагы аярлап мамиле кылып, өзүбүздөн улуу кишиге кайрылып жаткандай болуп, анын көзүнчө шамшаркыт сүйлөбөй, өзүбүздү жакшы алып жүрүүгө аракет жасап, кадимкидей ийменип калдык.

Абдыкалый кийинчерээк квартирага келсе келип, келбесе келбей эки үч күн жоголуп кетип жүрдү. Арадан бир айча убакыт өткөндөн кийин Абдыкалый:

-Балдар баякы айткан кызга кечинде тааныштырмай болдум. Мен келгенче даярданып тургула, -деп коюп өзү бир жакка кетти. Биз кечке дейре болгон кийимдерибизди кийинип алып, тынчсызданып күтүп турсак, кечке жуук келип, машинасы менен бизди алып кетти.

Машинасын түз эле Ала-тоо кинотеатрынын маңдайындагы кафенин артына келип токтоткондо, биз машинадан түшө электе эле, жакшы кийинип галстук тагынган кишилер, жакшы кийинип жасанган татынакай кыз келиндер тегеректеп калышты. Биз алардын сүрүнөн машинадан түшө албай, сен түш, мен түш болуп жерге түшкөнчө, Абдыкалый машинадан түшө калып, топтошкон кыз келиндердин арасынан бир сулуу кызды жетелеп келип,

-Мына мен сага айтып жүргөн досторум, таанышып алгыла,— дегенде, кезек менен атыбызды айтып, кол берип, саламдашып таанышып жаттык. Ал кыз, турпатына жараша, татынакай назик үнү менен:

-Айымбүбү, -деп атын айтып колун берип жатты.

“Шумдугуң кургур ушундай да сулуу кыз болот экен ээ” дегендей үн сөз жок оюбузду бири-бирибизге көз караш менен билдиргендей болдук. Аңгыча Абдыкалый калгандары менен тааныштырып кирди.

Бул жерге келгендердин баары бир сөз менен айтканда Кыргызстанга таанымал адамдар экен. Алардын чогулушкандарынын себеби жаңы кино тартылып бүтүп, Ала-тоо кинотеатрында кинонун ачылыш аземи болмок экен. Абдыкалыйдын сүйлөшкөн кызы Айымбүбү ошол кинодо башкы ролду ойноптур. Ал мурда эле бирин экин киного тартылып, Кыргызстанга жаңыдан тааныла баштаган болчу.

Ал күнү кафеде алар менен олтуруп, кечинде кино башталганда, Айымбүбү болуп чогу киного кирдик. Кинодон чыккандан кийин да ачылыш аземи кафеде уланып, Айымбүбүнүн дарегине, келечеги тууралуу жакшы сөздөр айтылып, белек-бечкектер берилип жатты. Биз ушундай кыздын жүрөгүнөн орун алганына Абдыкалыйга баа берип, анын достору болуп калганыбызга сыймыктанып жаттык.

Айымбүбүнүн сулуулугунда айып жок экен. Анын сулуулугун сөз менен айтып жеткирүү кыйын эле. Сулуулугуна жараша дене боюнун келишимдүүлүгүн, адамкерчилигин, кубулжуган үнүнүн назиктигин айт, жөн эле жүрөгүңдү эзип жиберчүдөй. Биз Абдыкалый айткандай эч жеринен кемтик таба албай, телегейи тегиз экендигине, мындай кызды мурда көрбөгөнүбүзгө ошондо гана өз көзүбүз менен көргөндө ишендик. Биз көрүп жүргөн кыздарды Айымбүбүгө салыштырып болбойт эле. Мен мындай кызды жеке эле ага чейин көрбөстөн, мына бүгүнкү күнгө чейин көрө элекмин. Мындай кыздар бир элде жүз же миң жылдап бир жаралат окшобойбу, -деп Бейшен, берилип айтып жатып тамшанып жибергенин өзү да билбей калды окшойт. Мен тактап алайын деп:

-Беке, Айымбүбү бүт Кыргызстанга аттын кашкасындай таанымал киноактриса Айымбүбүбү же жөн эле аты уйкашпы? Менимче ал силерден улуу болсо керек, -десем, Бейшен токтолбой:

-Ооба, ошол айтылуу Айымбүбүнүн өзү. Ал бизден үч төрт жаш улуу болсо керек. Бирок сүйүү улуу кичүүгө карабайт тура. Көрсө Абдыкалый, Айымбүбүнү жарым жыл мурда эле сүйүп калыптыр. Ошондой сулуу ошончолук атак-даңктуу кызды эчендеген жигиттер ашык болуп, тегеректеп жүрүшсө, кокус мени теңине албай койсо уят болом деп бизге айткандан уялып жүргөн окшобойбу. Абдыкалыйга чейин Айымбүбүнүн артынан кимдер гана чуркабады дейсиң. Ошончолордун арасынан Абдыкалыйды жактырып калганын кара. Абдыкалый да беттегенинен кайтпаган, менменсинген жигит болгондуктан, артынан сая түшүп, киного тартылып жаткан жерине чейин барып жүрүп, Айымбүбүнүн жүрөгүнөн орун алган тура.

Экөө чынында эле бири-бирине пар болчу. Абдыкалый да ак сөөктүн тукумунан болуп, жакшы тарбия алгандыктан, оор басырыктуулугу, жогорку адамкерчиликтүүлүгү, жакшы манералары менен өзүн ошого татыктуу алып жүрчү. Бул экөөнүн сүйүүсү биз көп учурда көрүп жүргөн эки жаштын бири-бирин жакшы көрүп, эңсөөсүнөн жаралып, өтө эле ысып кетип, кайра бат муздап калган сүйүүгө окшобогон, өзгөчө сүйүү болгон десем жаңылышпаган болор элем. Булардын сүйүүсү, мен сенсиз жашай албайм деп айтылып, бирок турмушта кездешүүчү карама-каршылыктардан улам ар кандай себептер менен ажырашып кеткенде, сенсиз жашай албайм деген сөз унутулуп, иш жүзүндө кадимкидей эле бири-бирисиз жашап кеткендей сүйүү эмес болчу. Булар чындыгында эле бирисиз бири эч убакта жашап кете алышмак эмес. Мындай сүйүүгө кабылгандар адамдын жашоо турмушуна чанда эле кездешет эмеспи. Мындай сүйүүгө кабылгандар жөнүндө мисал катары өзүбүздүн эле Кыргыздын тарыхына кайрыла кетсек: “Аксаткын менен Мырза уул”, “Ак мөөр менен Болот”, “Олжобай менен Кишимжан” мындай мисалдарды айта берсек ондоп саналат.

Алар да учурунда бири үчүн бири өз жанын кыйууга чейин барышпады беле. Мына ушундай эле сүйүү азыркы заманда Абдыкалый менен Айымбүбүнүн ортосунда болгон десем жаңылышпайм. Алардын сүйүүсү бир караган кишиге жөнөкөй эле көрүнүшү мүмкүн. Бирок убакыт өткөн сайын, көрүп билип жүрүп, күбө болгон адам катары алардын сүйүүсүнүн өзөгү тереңде жатканын сезип, буларды жогорудагы айтылган чыныгы сүйүүгө кабылгандарга бекеринен кошуп жаткан жерим жок.

Абдыкалый менен Айымбүбүнүн бири-бирине болгон чыныгы сүйүүсү ошондон баштап ачыкка чыгып, экөөнүн тегерегиндегилерге сүйлөшө баштагандары белгилүү болду.

Абдыкалый окуусун улантып окуп жүрдү. Ал мурдагыдай квартирага келбей түнөп калмайын токтотуп, Айымбүбү менен, окуусунан келгенден кийин күнүнө бир маал барып жолугушуп, кечкисин квартирага эрте келип калды. Кээде эле кинотеатрларга барганда, кечигип келбесе, бош убактысынын көбүн квартирада өткөрчү болду. Анда-санда майрамдарда ар кандай кечелерде Айымбүбү болуп, чогу болуп калганыбызда көпчүлүк жаштардай болуп, бири-бири менен жаңы көрүшүп жаткандай эзилишип, кучакташып өбүшүшпөстөн, бири-бирине сылык-сыпаа мамиле жасашып, тегерегиндегилерге бирин-бири сүйөөрүн жөнөкөй эле жакшы мамилелери менен далилдеп коюшчу.

Айымбүбү менен сүйлөшкөндөн баштап, Абдыкалый да жогорку кызматтагы адамдар менен таанышып, алардын арасында да кадыр баркы өсүп, тааныштары көбөйө баштады.

Ал экөөнүн таасиринен уламбы же билим алып, чоңойо түшкөнгөбү, окууну бүтөөрүбүзгө чукулдаган сайын мурунку ойноок мүнөзүбүз жоголуп, турмушту тереңирээк көз караш менен карай баштап, баскан турганыбыз азайып, окууларыбызга карап, пайдалуу иштер менен алек болуп, мурункудай көрүнгөн кызга тийишип тоок сүйүүбүздү арнай бербей, туруктуу бир кызды сүйүп, ошону менен гана сүйлөшүүгө аракет кыла баштадык. Көлбайдын өнөрү өркүндөн өз алдынча обон чыгарып, эл алдына чыгып ырдай баштады. Бара-бара квартирада бир учурда төртөөбүз тең чогу болбой, төртөөбүздүн экөөбүз, үчөөбүз квартирада болсок, бирөө же экөө госпрактикада же башка жумуштар менен болуп, баштагыдай чогу болбой калдык. Бир күнү кезек Абдыкалыйга жетип, ал айылга госпрактикасын өткөргөнү кетти. Ал кеткени биз Айымбүбүдөн кабар ала алган жокбуз. Абдыкалыйдын госпрактикасы төрт айга чейин уланмак.

Арадан бир айча убакыт өткөндөн кийин эч нерседен капарыбыз жок кечинде квартирабызга чогулсак, айылдан Абдыкалый келип алып, мас абалында ыйлап отуруптур. Биз чоо жайын сурасак, Айымбүбүнү бир чоңдун баласы ала качып алганын угуп келиптир. Аны укканда биз бир чети Айымбүбүдөн кабар алып турбаганыбызга өкүнсөк, бир чети Абдыкалыйга боорубуз ооруп, экөөнүн тагдырына аябай капаландык.

Абдыкалыйдын мурда мындай ичип, ушундай катуу кайгырганын эч убакта көргөн эмеспиз. Ал майрамдарда гана кыйнатып жатып, бир эки стакан аракты араң алчу. Анын укканына караганда байлыгына, мансабына таянган бирөө үйүнө алдап ээрчитип барып, ойбойуна койбой зордоп жоолук салып, отургузуп койгонуна он күнчө убакыт өтүп кетиптир. Абдыкалый болуп барып, кайра алып келели десек, отко киргизилип, ата-энелеринин алдына барылып, Айымбүбү барган жеринде Абдыкалыйдан кабар болбогон соң айласыздан отуруп калыптыр. “Алдыраарда жазгыраар” дегендей бул иш атайлап ойлонулуп, Абдыкалыйдын госпрактикага кеткенинен пайдаланышкан окшобойбу. Ошондой атак-даңктуу кызды алакачып алат деген ой, биздин да ойго келбептир.

Абдыкалыйдын кайгысына чыдап тура албай, кайгысын тең бөлүшөлү десек керек, биз да таң атканча кошо ичиптирбиз. Ары кетип, бери кетип отуруп, таң атары менен Абдыкалыйга, биз дагы, өч алуу максатында бир кызды алакачып бермей болдук. Абдыкалый болсо биздин бул чечимибизге макул же жок деп да айтпастан, ыйлагандан башканы билбей, биз менен чогу ичип, сөзгө келбей ыйлап жатты. Жаштык мастыгыбыз менен Абдыкалыйды, аял алып берип, сооротобуз деп ойлосок керек, таң атары менен кайсы кызга барарыбызды кеңешип албай, туруп эле көчөгө чыгыптырбыз.

Көчөгө чыккандан кийин Абдыкалыйга:

-Кимди алакачалы?— десек.

-Кимди алакачсаңар мага бары бир,— дегенде, ошол учурда жолдун четинде эки кыз жөө кетип баратышкан экен. Четкисин сүйрөп машинага салып алып, айылды көздөй сыздык. Мен тигилерге караганда азыраак ичкендиктен, машинаны мага айдатып коюшкан. Абдыкалый менин жанымда болчу. Ал уктап калган. Берки экөө арткы орундукта кызды ортого алып, ар кайсыларды айтып, көндүрүп баратышкан. Кыз эмнегедир өтө эле чыр салып улунуп-жулунуп жулкунбай эле тигилердин оюу менен болуп, шаардан чыккандан кийин тынчтанып олтуруп калганда, беркилер да таң атканча укташпаганга уйкулары келген окшойт, уйкуга кетишкен. Шаардан чыккандан кийин алты, жети саатча жол жүргөндөн кийин айылга жакындаганда Абдыкалый ойгонуп, менден:

-Ой, биз кайда баратабыз?— дегенде мен:

-Сага аял алып баратпайбызбы,— десем, Абдыкалый:

-Силер жинди болгонсуңарбы! Эмне үчүн мени менен кеңешпей туруп алакачасыңар? Мен аял албайм, машинаны кайра артка бур!— дегенде, көзүм жабышып, араң эле чыдап келаткан жаным айыл көрүнүп калганда, кайра артка айдагым келбей,

-Коё тур, токтоп сүйлөшүп алалы, -деп жолдун четине машинаны токтотуп, беркилерди ойготтум. Алар ойгонушуп, иштин чоо жайын түшүнүшкөндөн кийин үчөөлөп жатып, Абдыкалыйды аял алууга көндүрдүк.

Көрсө Абдыкалый абдан кайгырып атып, мастыгы менен биздин өзүнө аял алакачып барганы жатканыбызды түшүнбөптүр. Көчөгө чыкканда “кимди алакачалы” дегенибизде, “кимди алакачсаңар өзүңөр билгиле, мага бары бир” дегени, кызды өзүнө алакачканы жатканыбызды билбей эле, бирөөбүзгө алакачканы жатса керек, деп ойлоптур. Акыры күнөөнүн баары өзүнүн мойнуна түшкөндөн кийин айласыздан айтканыбызга көнүп отурбайбы.

Биз түз эле машина менен үйүнө келип, бирөөбүз үйүнө кирип келин алып келгендигибизди сүйүнчүлөгөндө, үйүндөгүлөрү чоң кубаныч менен тосуп алышты. Атасы колхоздун башкармасы болуп тургандыктан, бийлик десе бийлиги, байлык десе байлыгы болгондуктан, ошол эле күнү той башталып, кечке жуук келин отко киргизилип нике кыйылды.

Абдыкалыйдын оюн сураган киши жок. Бирөөлөр конок узатуунун камында болсо, бирөөлөрү конок болушуп, ырдап-чоордоп жатышты. Той бир жумага созулду. Абдыкалыйдын колуктусу Роза, университеттин төртүнчү курсунда окуп жаткандыктан, той бүтөрү менен бизди кайра Фрунзеге узатышты.

Арадан үч төрт күн өткөндөн кийин эле Абдыкалыйдын ата-энеси шаарга келишип, Абдыкалый менен Розага көп кабаттуу үйлөрдүн биринен үй алып берип, өздөрүнчө бөлүп коюшту. Атасы кадыр-барктуу адам болгондуктан, Абдыкалый шаарда жүрсө да, кагаз жүзүндө практика өттү болуп эсептелди.

Ар кимибиз өз түйшүктөрүбүз менен алек болуп, убакыт өтө берди. Абдыкалый үйлөнүп, өзүнчө үйлүү болуп, колуктусу менен жашап атат болгону менен көпчүлүк учурда квартирага келип, биз менен чогу болуп, кечкисин бир күнү үйүнө кетсе, бир күнү “үйүңө бар, келинчегиң күтүп калды”, дегенибизге болбой, түнөп калчу болду. Айымбүбүдөн кол үзүп, аял алгандан бери, түнөрүп, кабагы ачылбайт. Арак ичип келгенде Айымбүбүнү эстеп алып ыйлап берер эле. Биз анын акыбалын көргөн сайын зээнибиз кейип, кандай жардам берерибизди билбей, капаланып, билген акылыбызды айтып,

-Эми Айымбүбүнү унутуп, колуктуң менен жаңыча жашап баштасаң боло. Арак ичип атып бузулуп кетип же оорукчан болуп калсаң эмне болот. Кайраттанып өзүңдү колго алгын,— дегенибизде, Абдыкалый:

-Мен аны такыр унута алчудай эмесмин. Колуктума канчалык жакшы мамиле кылайын десем деле ага көңүлүм жок болуп, Айымбүбү көз алдымдан кетпей койду. Ичкилик ичпесем аны эстеп атып жинди болуп кетчүдөй болуп жатам. Эми эмне кылаарымды өзүм да билбей калдым,— деп ыйлап кирчү.

Ошентип ушаланып жүрүп, окуубузду бүтүп, Көлбай менен Абдыкалый шаарда калып, Жапар экөөбүз айылга кеттик. “Түтүнү бөлөктүн түйшүгү бөлөк” дегендей тирүүчүлүктө жашоо улана берет эмеспи. Жапар райондук ооруканага хирург врачтын кызматына, мен бир мекеменин бухгалтерлик кызматына орношуп иштей баштадык. Көлбай шаардагы театрдын биринде артис болуп иштеп, радио, телевидениядан өзү чыгарган обондорун созуп, кадимки чоң артистердей ырдай баштады. Анын обондору жакшы болуп, жакшы ырдагандыктан, күндөн күнгө эл арасында кадыр баркы жогорулап, элге тааныла баштаган эле. Абдыкалый окуусун бүтүп диплом алганы менен Айымбүбүнүн айынан күйүткө чөгүп, атасы тапкан жумуштардан да иштебей койуп, үйүндө бош жүргөндүктөн, биз кеткенден кийин Көлбайга келип, акардион чертип ырдаганды үйрөнө баштаганын, дагы эле ичип жүргөнүн кийинчерээк уктук. Окууну бүтүп келип, иштей баштаганыбызга жарым жылдай убакыт болуп калганда, иштеген жериме Жапар келип,

-Шаардан Роза телефон чалып, “Абдыкалыйды келип алып кеткиле. Досуңар ичкилигин токтото албай, жүрөгү да ооруп калды” деп айтты. Жүрү, барып Абдыкалыйды алып келип, даарылайлы, -дегенде, заманам куурулуп, “кечээ көргөн бүгүн жок, атаны кокуй дүйнө шок” дегендей жарым жыл мурда анча мынча кишини теңине албаган, келечегинен көптү үмүттөндүргөн досум Абдыкалыйдын минтип, кара жанын бага албай, сандан чыгып, эч кимге кереги жок болуп каларын ким ойлоптур, деген ойго келип, жумушумдан суранып алып, Жапар менен шаарга жөнөдүм.

Жапардын жигули маркасындагы машинасы бар болчу. Алдыбызга унаабыз болгондуктан, Фрунзеге күүгүм ченде жетип, түз эле Абдыкалыйдын үйүнө барбастан, адегенде Көлбайга барып, ага келгенибиздин жайын атсак, ал да капаланып,

-Мага тез-тезден келип жолугуп турчу. Бош убактымда акардион менен ырдаганды үйрөтчүмүн. Өзүнүн шыгы бар экен. Жакшы үйрөнүп калган, бирок Айымбүбү эсине түшкөн күндөрү арак ичип алчу. Кийинчерээк аракты көп ичип, мага анда-санда келип калган. Он күндөн бери эмнегедир келбей калды. Жумуштан колум бошобой, издеп бара албай жаттым эле. Анын үстүнө үйүнө барсам эле Роза кагынып силкинип, ичкиликке мен азгырып жаткандай көргөнүнөн баргым келбей калган,— деди.

Бир сыйра Абдыкалыйдын чоо жайын Көлбайдан угуп алып, үчөөбүз Абдыкалыйдын үйүнө барсак, диванда мас болуп кийимчен оонап жаткан экен. Сакал, муруту өсүп үстүндөгү кийген кийими эскирип, баягы Абдыкалыйдын бири жок. Үйдүн ичи чачылган муздак. Роза да үйдө жок жалгыз экен. Бизди көрүп ордунан тура калып, кучактап, бетибизден өпкүлөп, эч нерсе айтпастан бышактап ыйлап киргенде, биз дагы өзүбүздү токтото албай, кошо ыйладык.

-Абдыке кантип ушундай абалга келип калдың? -десек.

-Өзүм да билбейм, мени эч нерсе кызыктырбай калды. Ичкилик ичким келип эле суусап, Айымбүбүнү эстеп, жүрөгүм ооруй берчү болду. Ичкилик ичкенден кийин суусунум басылып, Айымбүбүнү унутуп, жаным жыргап, жүрөгүмдүн ооруганы басылып калат. Эми менин эч кимге керегим жок. Силерден башка мени эч ким түшүнбөйт. Жада калса Роза да мени түшүнбөй, уруша берчү болду,— деп ыйлап жатты.

Биз кошо ыйлап, ар кайсы келди-кетти сөздөрдү айтып, соороткондон кийин Көлбай жумушунан бошобогондуктан шаарда калып, үчөөбүз түнү менен кайра айылды көздөй жолго чыктык.

Кыш жаңыдан түшүп, күн суук болгону менен жер кургак болчу. Айылга таңга маал келип, мени үйгө жеткирип коюшуп, Жапар менен Абдыкалый чогу кетишти.

Эртеси Жапар, Абдыкалыйды ооруканага жаткырып, дарылата баштады. Ал кезде СССРдин гүлдөп турган учуру эмес беле. Медицина өнүгүп өсүп тургандыктан, каалагандай даарылап, ажалы жок кишинин оорусун бат эле айыктырып жаткандыктан, анын үстүнө Жапар ошол жерде иштеп, тааныштан таанышка салып, бир ай жакшы даарылаткандан кийин Абдыкалый энесинен кайра туулгандай, өз калыбына келгенде, Жапар экөөбүз шаарга жеткирип, Көлбайга табыштап келип, үзбөй кабар алып турдук.

Убакыт болсо өзүнүн тартиби менен өтүп жатты. Абдыкалый уулдуу болуп, үчөөбүз тең үйлөндүк. Ошол учурда Айымбүбү барган күйөөсү менен ажырашып, Абдыкалый экөө табышып алышыптыр. Абдыкалый болсо Көлбайдан кем эмес обончу, ырчы болуп, элге тааныла баштаган. Бирок Абдыкалый, Көлбайдан айырмаланып, жалаң армандуу махабат ырларына обон чыгарып, муңканып ырдап калды. Анын ырлары өзүнүн башынан өткөргөн армандуу махабаты жөнүндө, чын жүрөгүнөн жаралгандыктан, өзү да жан дүйнөсү менен берилип ырдап, акардиону аны коштоп кошо ырдап жаткандай болуп, угуп, көрүп жаткан адамдарды кайдыгер калтырбай, жүрөктөрүн сыздатып, баштарынан өткөн армандарын көз алдыга келтирип, берилип угушар эле.

Абдыкалыйдын ырлары бир сөз менен айтканда чын жүрөгүнөн чыккандыктан, жүрөктөргө жетип, элдин колдоосуна ээ болуп жатты. Убакыт учкан куштай өтө берди. Баарыбыз бала-чакалуу болуп, Көлбай, Абдыкалый, Айымбүбүлөр бүт республикага таанымал атак-даңктуу адамдардан болуп калышты.

Бир күнү жумушта олтурсам, Жапар келип,

-Шаардан Абдыкалый, Көлбай, Айымбүбү жоро-жолдоштору менен эс алып кетишкени келе жатышыптыр. Конок камын жеп тосуп туралы,— деди. Экөөбүз камылгаланып тосуп алдык. Абдыкалый менен Көлбай аялдарын таштап, Айымбүбү эки жолдошу болуп бешөө келишиптир. Жигитчиликте мындайлар кимдин гана башына келбейт. Колуктуларыбызга айтпай конокторду айылдын четиндеги ээн жердеги бир үйдөн тостук. Буларды минтип өздөрүнчө келишкени Абдыкалый, Роза менен ажырашып, Айымбүбү менен баш кошом деп жүргөн учуру болчу. Экөөнүн ортосундагы махабаттын күчтүүлүгүн ушундан бил. Экөө тең турмуштун агымы менен каршы күрөшүп, Айымбүбү барган жерин таштаса, Абдыкалый үй-бүлөсүнөн аша кечип, элдин кеп сөзүнө карабай, иши кылып баарына кайыл болушуп, кайрадан баш кошкону жатышкан. Булар жогоруда айтып кеткендей бирисиз бири жашай алышмак эмес. Экөө бири-бирине гана пар болуп жаралгандай эле.

Мен мурда Айымбүбүнүн сырткы келбетин, кийиминин сыртынан көрүп, сулуулугуна таң калып жүрсөм. Ушул сапар анын денесин көрүп, аз жерден эсимден танып кала жаздадым. Ал мындай болду. Дүкөнгө тамак-аш алганы барып, кайра келсем, баары сууга түшүп жатышыптыр. Алардын ичинен Айымбүбүнү көрүп, илгертеден бери ата-бабаларыбыз аккууга бекеринен теңебегенине даана көзүм жетти. Айымбүбүнүн денеси аппак болуп, мойну аккуунун мойнундай узун, көмүрдөй кара чачы кундуздун терисиндей жылтылдап, дене түзүлүшү атайлап жасап койгондой, бир сөз менен айтканда жомоктогу перидей болуп, берки жолдошторунан асман менен жердей айырмаланып турду. Анын турган турпаты эле өзгөчө болбостон, күлгөн күлкүсү тоонун тунук булагындай тазалыгындай, назик үнү жүрөктү элжиретип, орду менен сүйлөгөн сөздөрү кулакка жагымдуу угулуп, анын жанында жүргөндө өзүмдү жомокто жүргөндөй сезип жаттым. Айымбүбүгө канчалык ашык болсом да өзүмдүн ага теңеле албасыма көзүм жетип, аны Абдыкалыйдан башкага ыраа көрбөй, экөө бири-бири үчүн жаралса керек, деп аны кароодон өзүмдөн өзүм кызганып, көз тийбесе экен деп жаттым. Экөө сууга түшүп жатышканда аларга жанындагы башка кишилердин жүргөндөрү сезилбей, башка кереметтүү дүйнөдө өзүлөрү гана жүргөндөй сезип жатышса керек. Өзүлөрүнчө ырахатка батышып, күлкүлөрү жаңырып, аябай черлери жазылганча эзилишип, жыргап ойноп жатышты. Аларды карап туруп, “мына чыныгы сүйүү деп ушуну айт”, деп ичимден кандай айтып жибергенимди да билбей калдым.

Абдыкалыйлар эки күн жүрүшүп, үчүнчү күнү кайра шаарга кетишти. Арадан эки айча убакыт өттүбү жокпу Көлбай шаардан телефон чалып.

-Айылдан баргандан көп өтпөй эле Абдыкалый менен Айымбүбү араздашып кетип, бири-бири менен жолугушпай калгандан бери Абдыкалый кайра иче баштаган. Жакындан бери кайра жүрөгү ооруй баштады. Алып барып дарылатпасаңар болбой калды,— дегенде Жапар экөөбүз кайра шаарга жөнөдүк.

Адаттагыдай эле шаарга жетерибиз менен Көлбайга жолугуп, Абдыкалыйдын чоо жайын сурасак, Көлбай:

-Абдыкалыйдын чогу жүргөн досторунун бири, көптөн бери Айымбүбүгө сыртынан ашык болуп жүргөн эле. Мен ал жөнүндө мурда Абдыкалыйга “эй сак болуп, тиги досуңдан Айымбүбүнү алысыраак кармасаңчы. Айымбүбүнүн артынан калбай асылып жүргөнүн көрүп калчу болдум”, деп эскертсем, Абдыкалый, “мейли асыла берсин баары бир Айымбүбү жанына жолотпойт, мен ага ишенем”, деп айкөлдүк кылып, этибарга албай койгон. Эми ошол экөөнүн ортосуна от жагып, Айымбүбүнү азгырып кеткенби же жөн эле “мен Айымбүбү менен чогу болдум”, деп ушак таратып жибергенби, ал ушакты Абдыкалый угуп, Айымбүбү менен урушуп кетиптир. Ошондон бери кайра аракка кирип, күйүтүнө чыдабай иче баштаган болчу. Эми үч күндөн бери жүрөгү ооруп, дары ичип төшөктө жатат,— деди.

Биз Абдыкалыйдын үйүнө барсак, Абдыкалый төшөктө жатыптыр. Уялып кетти көрүнөт, ордунан тура калып,

-Кел өткүлө,— деп төрүнөн орун көрсөтүп, өзүнүн кыйналып турганына карабай, биз менен чогу отурду. Роза болсо биз менен оңураак учурашканга жарабай, балдарын уруп, булкулдап, силкилдеп.

-Мына досуңарды алып кеткиле. Кайра арагын ичип алып, жүрөгүм деп жатат. Мени көргөндө эле жан алгыч көргөнсүп, кабагы ачылбайт. Өзүнө жаккан катынын алып бергиле. Болду, жетишет ушунча жыл чыдадым. Эми чыдай албайм,— дегенде, Абдыкалый:

-Болду эми Роза, досторум алыс жерден жол жүрүп келип отурушат. Арыз муңуңду шашпай деле айтасың. Андан көрө конок камыңды жебейсиңби. Же арак ичип көчөгө басып кетип, бир нерседен кем кылдымбы. Эл катары оокат жайың турат ко,— деди. Ошондо гана Роза ордунан араң козголуп, чай койгону ашканасына кирип кеткенде, бизге кайрылып, -Достор Айымбүбү экөөбүздүн мамилебиз келишпей калды. Ал жөнүндө Көлбайдан баарын уксаңар керек,— деди башын жерге салып күнөөлүү адамдай. Жапар:

-Балким ушак болуп жүрбөсүн. Сен чын бышыгына жеттиңби?— дегенде, Абдыкалый:

-Бул ушак эмес, мен деле бир кишиден уксам ишенбейт элем. Мындай сөздү үч төрт кишиден уктум,— деди. Мен:

-Абдыкалый, эгер Айымбүбү чындап эле ошондой ишке барса, анда сен эмне үчүн ага ошончолук кайгырасың. Ал аялың болсо бир жөн, тим кой жүрө берсин. Үй-бүлөң менен сен өз оокатыңды кыла бербейсиңби. Өлбөгүдөй оокатыңар турат, иш десе ишиң турат. Эл арасында кадыр барктуусуң. Атак-даңкың бар,— десем, Абдыкалый:

-Ээ достор, мен эмне, силер ойлогонду ойлобой жатат дейсиңерби. Мен деле адеп укканда, Айымбүбүгө ачуум келип ушинтип ойлогом. Бирок андай эмес экен. Ал эсиме түшкөндө өз эркиме өзүм ээ боло албай калчу болдум. Канчалык өзүмдү колго алайын десем болбой Айымбүбүнүн элеси көз алдыман кетпейт. Бүт ой санаамды ээлеп алып, жүрөгүмдү мыжып киргенде арак ичип жиберсем, элеси көз алдымдан жоголуп, башым бошой түшкөндөй болуп, өз калыбыма келе түшүп, жаным жыргай түшкөндө айласыздан арак ичип, өзүмдү алаксытып жатпаймынбы. Же болбосо арактын жаман экенин мени билбейт деп турасыңарбы. Арак ичсем алаксыганым менен минтип жүрөгүм ооруп жатпайбы. Эми мындан ары кандай жашарымды билбейм. Айымбүбү менен баш кошуп, бүт өмүрүмдү ошого арнасамбы дедим эле, эми ал үмүтүм минтип жалп өчүп отурбайбы. Баары бир мен ансыз жашай алчудай эмесмин. Жаманатты болгонуна карабай маакул болсо баш кошсомбу дейм. Айылга барып дарыланып келгенден кийин кайра колун сурап көрөм,— деди.

Абдыкалый баарын түшүнүп, өзү биз айтчунун баарын айтып салгандан кийин биз эмне демекчибиз. Ага акыл кошуп сөз айта алган жокбуз. Чай ичкенден кийин Көлбай шаарда калып, үчөөбүз айылды көздөй жолго чыктык.

Жапар өзү иштеген жерден Абдыкалыйды өткөндөгүдөй жакшылап дарылатып, өз калыбындагыдай болгондо кайра шаарга алып жөнөдүк. Үйүнө кайрылбастан Көлбайга жолугуп, Айымбүбү жөнүндө биле кетели деп ойлогон элек. Көлбайга барсак ал бизди абдан кайгырган түрү менен тосуп алды. Биз жаманчылыктын жышаанын сезгендей үчөөбүз тең жарыша:

-Айымбүбүгө жолуктуңбу, ал эмне болду? –деп сураганда, Көлбай мостойуп туруп:

-Ал дүйнөдөн өтүп кетти,— деди. Биз дендароо болуп, уккан кулагыбызга бир ишенип, бир ишенбей туруп калдык. Абдыкалый, Көлбайды жулкулдатып.

-Эмне деп жатасың! Ошентип да тамашалачу беле! Калп дечи! Андай болушу мүмкүн эмес,— дегенде, Көлбай:

-Кайрат кыл, чынында эле ошондой болуп калды,— деди калыбынан жазбай. Абдыкалый ошондо гана чөк түшүп отура калып боздоп киргенде, биз дагы өзүбүздү кармай албай, буркурап ыйлап кирдик. Абдыкалый эки көзүнөн жашын шорголотуп бир топко ыйлады. Биз үчөөбүз үч жагынан чыгып жатып араң соороттук. Көлбайдан Айымбүбүнүн эмне болуп каза болуп калганы жөнүндө тактап айтып берүүсүн суранганыбызда, Көлбай мындай деди:

-Силерди айылга узатып жибергенден кийин Айымбүбүгө барсам, аны иштеген жериндегилери бир айдан бери жумушка келе элек дешти. Санаам тынбай үйүнө издеп бардым. Айымбүбү аябай жүдөй түшүптүр. Анын үстүнө ичип алган өңдүү. Мени көрөөрү менен буркан-шаркан түшүп ыйлап кирди. Эптеп аржак-бержагынан чыгып жатып сооротуп, окуялардын чоо жайын сураштырсам, тигил жигит экөөнүн ортосунда эч нерсе болбогонун, анын экөөбүз баш кошуп алалы, Абдыкалыйды ташта деп жүргөнүн, ал жигиттен так кесе баш тартканын, тиги жигит ич күйдүлүгү менен жок жеринен ар кандай ушактарды таратып жибергенин, Абдыкалый ушакка ишенип келип, жаман сөз айтканынан уруша кетишкенин, андан кийин Абдыкалыйды ишендире албасына көзү жеткендиктен, Абдыкалыйсыз мен үчүн жашоо кызыксыз, мындан ары эч нерсенин кереги жок деп иче баштаганын айтып берди, -дегенде, мен чыдай албай кетип:

-Көлбай, ошондо сен эмне үчүн Абдыкалый дарыланып келгенден кийин, баарын кечирип, баарын таштап, сени менен баш кошом деп айтып жаткан деп айткан жоксуң?— десем, Көлбай:

-Эмне мени айтпай угуп тура берди деп ойлойсуңбу. Мен баарын айтсам, Айымбүбү бул ушак шаарга эле эмес, бүт Кыргызстанга тарап кетиптир. Абдыкалый мага кантип ишенет. Ишенип экөөбүз баш кошкон күндө да, көрүнгөндөн угуп алып, жүрөгү ооруй берет. Мен анын жүрөгүн оорутуп жашагандан көрө өлгөнүм артык деген эле,— дегенде, Жапар:

-Ал эмне болуп, качан каза болуптур,— деди. Көлбай:

-Каза болгонуна ончакты күн болуп калды. “Эл оозунда элек жок” дегендей бирөөлөр ичкиликтен каза болуптур десе, бирөөлөр уу ичиптир деп, бирөөсү ооруп каза болуптур деп айтып жатышат,— деди.

Ошентип кыргыздын телегейи тең, чыгаан кызы көрө албаган бузукунун айынан бейкүнөө курман болуптур. Биз Абдыкалыйды жубатып, кайрат айтып, жанында эки, үч күн болуп, айылга кеттик. Абдыкалый жөнүндө Көлбайдан телефон аркылуу сүйлөшүп билип турдук.

“Өлүүнүн жүзү ары, тирүүнүкү бери”, топурак суутат дегендей Абдыкалыйдын сүйүүсүнүн жалынын өлүм суутуп, Айымбүбүдөн биротоло түңүлсө да, экөөнүн ортосундагы армандуу махабаттары Абдыкалыйдын жүрөгүнөн терең орун алып калгандыктан, өмүрү өткөнчө армандуу махабат жөнүндөгү ырларын ырдап жүрүп, армандуу махабаттын айынан кабылган жүрөк оорусунан элүү жаштан өтө бергенде эле, бул дүйнө менен кош айтышып, Айымбүбүнүн аркасынан кете берди.

Мына ошентип таза сүйүүнүн күчү адамдын тагдырын түп тамырынан бери өзгөртөт тура. Абдыкалый досумдун тагдыры да түп тамырынан бери өзгөрүп, Айымбүбү экөөнүн армандуу махабаты түбөлүккө эсимде калды,— деп Бейшен сөзүн бүтүрдү.

Мен Бейшен айтып жатканда бул эки таланттуу, кыргыз элине белгилүү, улуу инсандардын таза ыйык сүйүүлөрүнөн чындап жаралган махабаттарынын армандуу болуп, алар эңсеп көздөгөн түбөлүктүү махабаттарына жетпей калышканына кирептер кылган турмуштагы карама-каршылыктар менен коштолгон, адамдардын өзүлөрү жараткан тескери үрп адаттары, көрө албастык, ичи тардыгына сүйүүнүн куйкалаган ысык жалыны кошулганда экөө тең туруштук бере алышпай калышканын ойлоп, ушул жогоруда айтылгандардын баары сүйүшкөндөргө сабак болсун үчүн “армандуу махабат” деген чыгармамды жазууну туура таптым.

Жана ушул чыгармамды жазып жатканда, Абдыкалый менен Айымбүбүнүн алым сабак айтышып, бири-бирине жетпей калган армандуу сүйүүлөрү туурасында “сүйүү арман” деп ырдап жатышканы кулагыма угулуп жаткандай болду.

А б д ы к а л ы й:
    Эстетип элесиңди эске салган, 
    Алыста жыл артынан жылдар калган. 
    Оо сүйүү ушунчалык күчтүү белең,
    Алоолонтуп көөдөнүмө отту жаккан.
    Көргөндө көп кыздардын арасынан,
    Алгачкы тунук сүйүүм сага арналган.
    Калтырып элесиңди өзүң кеттиң,
    Жетпедим сүйгөнүмө сүйүү арман.

А й ы м б ү бү:
    Көңүлдө түбөлүккө орноп калган,
    Ууз сүйүүм жан дүйнөмө бүлүк салган.
    Өзүңө качандыр бир жолугам деп,
    Көңүлдө шоолаланып үмүт жанган.
    Сөз айткан жигиттердин арасынан,
    Өзүмдү бир өзүңө арнагамын,
    Айыкпас оору болуп кала бердиң,
    Жетпедим ашыгыма сүйүү арман.

А б д ы к а л ы й:
    Кол жеткис бийик бойдон эсте калдың,
    Эстесем улам күчөп оттой жандың.
    Элесиң түбөлүккө бирге болуп,
    Ар дайым эске түшсөң кайгырармын.

А й ы м б ү бү:
    Бийикте жылдыз сымал жанып калдың,
    Түбөлүк жүрөгүмдөн орун алдың.
    Элесиң өзүм менен чогу жашап,
    Өзүңдү өмүр бою сагынармын.

А б д ы к а л ы й, А й ы м б ү бү:
    Адамдын жашоосунда жашап келген,
    Эстешсе бири-бирин азап чеккен.
    Сүйүшүп сүйгөнүнө жетпей калган,
    Жашоодо сүйүү арман! сүйүү арман!

Эскертүү: Бул чыгарма турмушта болгон окуя. Бирок каармандардын аттары өзгөртүлүп жазылды. “Миң уккандан, бир көргөн” дегендей көзүм менен көрбөгөндөн кийин кээ бир жерлеринен калпыстык кетип калса, Кыргызстанга белгилүү улуу инсандардын абройлоруна шек келтирип аламбы дедим.

 

© Бекказы Элебесов, 2013

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 


Количество просмотров: 8207