Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Бекказы Элебесов, 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 5-декабры

Бекказы Сагалиевич ЭЛЕБЕСОВ

Келсеңчи

Автор “Турмуш дастандары” поэмасында ар бир адам баласынын башынан өтүүчү жашоо турмуш туурасындагы ойлорду айтууга аракет кылып, өзүнүн мисалында ар ким ата-бабасынын жолун жолдоп, кийинки муундарга жашоодо жакшы жагынан из калтырып кетүү керектигин айтайын деген. Ал эми ырларында адам баласынын жашоо турмушунда кездешүүчү ар кандай окуяларды жана жаратылыштын кубулуштарын, айлана чөйрөдөгү ар түркүн көрүнүштөрдү даана так, каймана түрүндө чагылдырып, көпчүлүк акындардан айырмаланган философиялык ыкмада чыныгы поэзиялык чыгармачылык менен чагылдырган. Акындын бул ырлар жыйнагынан көөдөндөгү көксөп жүргөн чыныгы поэзияны таба аласыздар. Себеби көкүрөктөгү оргуштап чыккан ойду учкул сөздөр менен таасын берген ыр саптары жүрөгүңүздөрдүн түпкүрүнөн орун аларына ишенебиз.

Бекказы Элебесов. Келсеңчи. Ырлар жана поэма: – К.: “Карга аке” басма үйү, 2010, 224 б. китебинен алынды.

ББК 84 Rb 7-4
УДК 827
Э 13
ISBN 978-9967-435-05-6

 

ШУМКАРГА

Асмандан жалгыз шумкар учуп келет,
Аба жарып канат сермеп,
Карегинен жашы тамып,
Тобун издеп багыт алып.

Табигат бир жагынан тартуу кылып,
Булутка шамал кошуп жаан жиберет.
Күн-түндөп жалгыз учуу оңой бекен,
Алдыда уч-кыйыры жок жолдор менен.

Шумкардын адашканын сезип калып,
Туурадан жол талашып үмүт кылып,
Жолун тосуп жолтоо болуп,
Топтошкон карга-кузгун жандап келет.

Аларга болгон күчүн жыйа калып,
Алыстан аз да болсо айбат берет.
Аттиң ай өз табында болгондо эмне,
Илгиртпей жемсөөлөрүн жара тепмек.

Уч шумкар уча бергин канат серме,
Турмуштун тузагына түшүп бербе.
Алга жыл, алга карай жыла көргүн,
Сен ыйыксың, ыйык калбайт ара белде.

 

КУДАЙЫМ БЕРСЕ ДЕЙМИН

Көңүл чөгөт көтөрүлбөй,
Ойдун баары үйүлгөндөй.
Будуңдатып жан дүйнөмдү,
Ойлорум өзүмө да ээ-жаа бербей.

Самандай сапырылып,
Жаткансыйт ирээттелбей.
Чыга албай тырмышамын,
Айлам жок чамам жетпей.

Кутулуп кете албай,
Тушалып чалынамын.
Чаржайыт ойлорумдан,
Чаалыгып камыгамын.

Негедир ачуум келип,
Кимгедир таарынамын.
Өзүмдү алсыз сезип,
Жардамга кол сунамын.

Ан сайын каптап селдей,
Бириндеп тарап кетпей.
Уламдан улам күчөп,
Тумчуктуруп жиберчүүдөй.

Таба албай кайсалаймын,
Жан үрөп далбастаймын.
Туңгуюктан чыгуу үчүн,
Туш келди чамынамын.

Жакшы ой тапсам деймин,
Таба албай темселеймин.
Акыры тилек кылып,
Кудайым берсе деймин.

 

ЫР ЖАЗСАМБЫ

Мен өзүмчө күңгүрөнүп ырдаймын,
Ичте жаткан жүрөгүмдүн сырларын.
Бирөөнө айтып, же кагазга жазсамбы,
Көкүрөктү жарып сыртка чыкканын.

Ыр жазарым жазалбасым билинбей,
Айсыз түндө жалгыз өзүм жүргөндөй.
Же болсочу кеңеш берээр жолдошум,
Андай эмес мындай жазгын дегендей.

Сөз түркүмү жакут, бермет, шурудай.,
Сап-сап болуп көңүлүмө тизилет.
Ой санаамды санга бөлүп дегдетип,
Кана эми жазып көрчү дегендей.

Билем кымбат сөз ширинин издемек,
Акын болуу оңой олтоң иш эмес.
Колдон келип жазаарыма ишенбейм,
Ыр жазамбы жаза албаймбы ким билет.

 

КЫШ КЕЛАТТЫ

Муздак шамаал терезеге уруп жатты,
Тоо башына аппак карды тегиз чачты.
Камын деп дубай салам айттыргандай,
Белги берип кычыраган кыш келатты.

Саргайган бак дарактын жалбырагы,
Үзүлүп бутагынан кулап жатты.
Керексиз жарабаган буюмга окшоп,
Буларда бак түбүндө калып калды.

Курт кумурска майда барат жандыктарды,
Баардыгын жер алдына камап салды.
Тим койбой жандык эмес өсүмдүктү,
Катуу суук бүрүштүрүп тынчын алды.

 

ТООЛОРУМ

Тоолорум көрбөй калсам сагынамын,
Алыста жүргөн сымал жакындарым.
Чер жазам бир өзүңө барган кезде,
Көңүлүм тапкан сымал каалаганым.

Кереметүү кооздуктун кучагында,
Шаркырап туптунук сууң агып турса.
Гүлдүү көйнөк кийинген сулуу кыздай,
Жарашат баары сенин турпатыңа.

Кокту-колот, өзөнүң, токойуң да,
Баардыгы турганындай өз оордунда.
Атайын жараштырып бойогондой,
Ал тургай суу ичинде таштарыңда.

 

КЕЛСЕҢЧИ

Бир гана мен, бүт жандыктан жалгыз болуп,
Айлана тынч, табышы жок жымжырттанып.
Эч ким жоктой тыңшап койчу сөзүбүздү,
Келсеңчи жел айдаган булут окшоп.

Жер бетин күмүш менен каптап салып,
Ай дагы карап турат күлүп коюп.
Асманда жымың этип жылдыздарда,
Көз кысат качан келет деген болуп.

Бак дарак күткөндүгүн билдиргенсип,
Акырын үн чыгарат шырт эттирип.
Ары бери ыргалышат чөптөр дагы,
Булар да бир нерсени күтүшкөнсүп.

Шылдырт деп анда-санда мөлтүр суулар,
Сурашкансып алардын да үнү угулаар.
Тоолор да көп көк болгон асман дагы,
Келсенчи баары сени күткөн сымал.

 

БОЛСОМ ЭКЕН

Бүт дүйнөнүн элдери көп тамгалуу китеп болсо,
Мен болгону китептеги жалгыз тамга.
Бир тамгасыз жазууга боло берээр.,
Эгер ал сөздү баштап жазылбаса.

Болгондо эмне көп тамганын
Жөнөкөй эле бир тамгасы.
Билинбестен кала берээр,
Жазбай аны кетсе дагы.

Жок дегенде болсом экен,
Окуп дайым жоктой берген.
Темасына келбесем да,
Бир сүйлөмдүн баш тамгасы.

 

КАНТКЕНДЕ МЕН СҮЙГӨНҮМӨ ЖЕТЕМИН

Таттуу ойлор кетет экен алыс жака,
Жетпесе да убагында максатына.
Кыялыңда жетсең дагы сүйгөнүңө,
Чынында жок, жаныңда эмес алыс жакта.

Жетсем дагы ойлогондой тез гана,
Жер караармын тиктей албай жалтана.
Сени сүйөм, сенсиз жашоо кыйын деп,
Ишенбеймин айтаарыма мен ага.

Мен өзүмчө жүргөнүмдө чеченмин,
Жолукканда дудук болуп кетемин.
Билген болсо айтаар киши бар бекен,
Канткенде мен сүйгөнүмө жетемин.

 

ТАБЫПТАРГА

Кудайым кубат берген өзүңөргө,
Айыктырчу даарылар бар сөзүңөрдө.
Мүрөктүн суусу болуп жан дүйнөмө,
Жазылат кайгы капа көөдөнүмдө.

Силер үчүн жакшы тилек тилей берем,
Оору аттуунун тамырларын кессе деген.
Билсеңер мен жөнөкөй бир адаммын,
Эм түшүп, шыпаа болуп айыгып кеткен.

Адам үчүн эң кымбат бата деген,
Ошондуктан чын жүрөктөн каалар элем.
Ылайым алган батаң кабыл болсун,
Табыптыр ак дилинен эмгектенген.

 

ДЕҢИЗ БОЛУП КЕТСЕМ ДАГЫ

Аял затка арналуучу тунук сүйүү,
Бул мен үчүн бир өзүңдү элестетүү.
Жолукканда булут баскан деңизге окшоп
Бүт денем бир заматта толкуп кетчү.

Сени менен махабаттын гүлүн терүү,
Эң эле жыргал учур өмүрдөгү.
Ал убакта кыркка таяп калсам дагы,
Мүнөзүм жаш уланды кууп өтчү.

Койчу эми азгырбачы таарынбачы,
Сен дегенде деңиз болуп кетсем дагы.
Экөөбүздү тосуп калды тоскоолдуктар,
Деңизди да бир орунда кармап калчу.

 

ТИЛЕЙ БЕРЕМ

Кудайым жаркыратып ачып берген,
Жашоонун жолу менен мен да келем.
Бир өзүң буйрук берип жол бүткөнчө,
Мен пенде жол жүрүүдөн талбас элем.

Жол жүрүп далайларды көрүп келем,
Кууралды жыргалды да нечендеген.
Ар дайым бир өзүңдү бар деп билем,
Элесиң сезимимде өзүм менен.

Алдымда уч кыйры жок ак жол кенен,
Кадамды алга шилтейм максат менен.
Узун өмүр чың ден соолук бакыт таалай,
Кудайым бир өзүңдөн тилей берем.

 

ЖАШАЙЛЫ

Кудайым тартуу кылган бир өзүңдү,
Өмүрлүк жарың болот дал ушул деп.
Ошентип байланышкан тагдырыбыз,
Түбөлүк өмүр бою чечилбеске.

Турмуштун таткан кезде даам туздарын,
Кээ күнү таарынамын жалынамын.
Ортодо бала чака тургандыктан,
Жашообуз экөөбүзгө түзөт шартын.

Таттуу кыял жаштыгыбыз өткөн сайын,
Ичтеги сырларыбыз болду дайын.
Көңүлгө көп нерселер толбосо да,
Жашайлы ынтымакта болуп дайым.

 

СҮЙҮҮ КУМАРЫ

Ак сүйүүнүн кумарына кана албай,
Жүрөгүмдү оору чалды басылбай.
Сен бирөөнүн алган жары болсоң да,
Ашыктыктан мен айламды таба албайм.

Ойноктойсуң ойдо кызыл түлкүдөй,
Бүркүт болсом так үстүңөн түшкүдөй.
Боорго басып ак тамактан искесем,
Кубат болмок өмүр бою жеткидей.

Элесиңди көз алдыма келтирсем,
Оозум кургап тил таңдайга жабышат.
Бүткөм боюм мөлт деп эрип кетпеске,
Тырышамын арекетим жеткенче.

Кайра туруп каплеттен чоочуймун,
Капырай мен эмне болуп отурмун.
Үй бүлөөнүн ак никесин бузганда,
Кудайыма күнөө кылып койоормун.

Койчу жаным азгырбачы садага,
Сүйүү гүлүн бере албаймын мен сага.
Эске түшүп кыйнасаң да чыдаармын,
Кээду жашып ыйласам да балача.

 

КӨЛ ЖЭЭГИНДЕ

Жашылдан кымкап кийип залкар тоолор,
Көгөргөн асман менен сырдашкансыйт.
Күн калкыйт көл үстүнө алтын чачып,
Кубанган толкундарды жымыңдатып.

Мурунтан баары чогу кеңешкенсип,
Бүт жандык токой чөпкө жашыныптыр.
Сүйүүнүн кызыгына чулганышып,
Уул ак куу кыз ак кууну өөп атыптыр.

Салкын жел суктангансып тигилерге,
Кез кезде ар кай жерден башын салып.
Мен болсом баш көтөрбөй жаттым жерде,
Дем албай көз ирмебей таштай катып.

Чулп этип көл алдынан чыга калып,
Тынчтыкты тентек балык бузуп салды.
Экөө тең чоочуп кетип уялгандай,
Бат сүзүп эки жака кетип калды.

 

БЕЙ ТААНЫШ КЫЗГА

Кечээ мен ашык болдум бир кызга,
Орто бойлуу кара көздүү сулууга.
Ойлуу карап токтоо мүнөөз сүйлөсө,
Көңүлүңдү тартып кетет бир паста.

Назиктигин гүлгө теңеп таң калдым,
Жолукканда эске сактап калгамын.
Өмүр бою эсте калат көрүнөт,
Колуң сунуп саламга алик алганың.

Кызга жетип жетпесиме да ишенбейм,
Бирок аны түк эсимден кетирбейм.
Кыздар үчүн назик сөздөр айтылса,
Ага арнап бул дүйнөдөн мен өтөм.

 

АЛТЫНЧЫ КҮН

Бир нерсем унут калгансып,
Тынчым кетет ар дайым.
Тезирээк келсе экен деп,
Алтынчы күндү самаймын.

Күндөр өтөт жай жылып,
Болжошкон күнгө жакындап,
Күттүрүп келди көрүнөт,
Алтынчы күнү жаркырап.

Автобус жылат зымырап,
Окуган жерди калтырып.
Азгырып барат сүйгөн кыз,
Алтынчы күнү шаштырып.

 

ЭСКЕРҮҮ

Көрдүң беле эртең менен чыккан күндү,
Сулуу кыздай күлө карап турган өңдүү.
Жаш жигиттей кокту колот өзөндөрү,
Тынчсызданып сөзүн камдап күткөн өңдүү.

Айлана тынч жалгыз өзүм тургандай,
Көкүрөктөн ой санаалар куулгандай.
Тартуу кылып жаштыгымды сунгансыйм,
Агып келет тунук суулар жай жылып.

Жаш издеги сүйгөнүмдү ойлоймун,
Чогу жүргөн бирге болгон күндөрдү.
Адам жеткис бактылуудай сезчүмүн,
Ошол кездин өтпөчүүдөй күндөрү.

Андан бери жылдар өттү бир далай,
Дале жүрөм көңүлүмдөн чыгарбай.
Жашап өткөн күндөрүмдүн кымбатын,
Эстеп жүр деп маңдайыма жазгандай.

 

ЭҢСӨӨ

От болуп жанып көңүлүм,
Жалбырттап күйүп жаткандай.
Бөлүнүп жалгыз тургансыйм,
Адашып жолдо калгандай.

Кезиккен убак алыстап,
Уланып күндөр жаткансыйт.
Жаркырап сенин келбетиң,
Көз алдымда тургандай.

Убайым тартып ойлоном,
Жолукчу күндү болжогон.
Жарк этип чыгып алдыман,
Жарпымды жазаар сен болсоң.

 

ЫСЫК-КӨЛҮМ

Мен билгенден сага эч жер тең эмес,
Баардык жагың эч нерседен кем эмес.
Дүйнөдө ким асыл жер издесе,
Эч бир жерди бир өзүңө теңебес.

Айланаңды күмүш аска курчаган,
Берки тоолор бүт байлыкты камтыган.
Күн нуруна чагылышып түркүн түскө бөлөнүп,
Ортосунда өзүң бермет кымбат баалуу алтындан.

Айтылса да өз мекени кымбат деп,
Эч ким айтпас өз жеримден начар деп.
Жамандоодон уялышаар каразгөйлүк кылбаса,
Жок дегенде айтышаар дейм өз жеримдей экен деп.

 

ЖАЗ КЕЛДИ

Жаз келди бүт ааламга майрам болуп,
Жер бети жашыл тулаң гүлгө толуп.
Жадырап жаш баладай мээрим төгүп,
Күн нуру магдыратып жылуу болуп.

Жигитине жолугушкан жаш сулуудай,
Өсүмдүктөр гүлүн ачат татынакай.
Кооздукка жүрөк эргип суктангандан,
Кайра-кайра карай берем көзүм талбай.

Өзүм жалгыз жүргөнүмө ыраа көрбөй,
Элестетем сени менен жүргөнүмдөй.
Жанымда жүргөн болсоң сага арнап,
Гүл десте сунсам кана мен гүлүңдөй.

 

КӨЧӨӨ МАЙРАМ

Куттуу болсун элдин көчөө майрамы,
Көңүлдөрү толкуп турсун жайдары.
Кайталанып боло берсин дайыма,
Чын жүрөктөн каалоо айтам баарыңа.

Көчөө майрам бүт айылымды гүлдөтсүн,
Жазгы бактай жашылдантсын бүрдөтсүн.
Оюн күлкү ыр күүлөргө кошулуп,
Таң тамаша оюн зооко бөлөнтсүн.

Күтөм сени көчөөлөрдүн майрамы,
Ар кимибиз белектерди камдайлы.
Ынтымактуу жакшы көчөө атыгып,
Намыс үчүн башкалардан калбайлы.

 

ЖАШТЫГЫМ

Шапмпан коняк ичкенимде олтуруп,
Жүрөк эргип музыкага кошулуп.
Анан да, шайыр күлкү коштоп турса,
Топтошуп теңтуштарым жанда туруп.

Деңиздеги толкун сымал албууттантып,
Жээктеги жар таштарга урунгандай.
Же болбосо жаз дагы жамгыр сымал,
Жаштыгым токтоо билбейт каптап селдей.

Ичтеги бугум чыгат булкан сымал,
Жанар тоо чарт жарылып атылгандай.
Чер жазылып бүт дүнүйөм түгөл болуп,
Айтылганда кымбат сөздөр таза алтындай.

Магдырап бүткөн боюм эрийт балкып,
Бул дүнүйө бейиш болуп калганындай.
Шаңга бөлөп тамашаны кургум келет,
Карыз болсом кутулаармын мейличи ай.

 

СУУЛАР ПАЙДА БОЛУШКАН

Күн батаарга жакындаган кечке маал,
Ызырынып булуттарды айдайт шамаал.
Ийрилишип топтолушат топ булуттар,
Карышкырдан корголошкон койлор сымал.

Күн бүркөлүп булут ыйлайт,
Көз жаштары жерге кулап.
Ызаланып ээ жаа бербей,
Шамаал баарын койгондой сабап.

Көз жаштарын булуттардын,
Жердин бети тосот дайым.
Тосуп алып чайканган соң,
Бир-бирине кошот баарын.

Булуттарды шамаал сабап коюштан,
Мөлтүрөгөн тамчылардан кошулган.
Жан жаныбар өсүмдүктү жашаткан,
Шаркыраган суулар пайда болушкан.

 

КҮТӨ БЕРЕМ

Жалгызсырап отурамын ээн тамда,
Токтолбостон учат ойлор алда кайда.
Жакшы турмуш ой максатка жетиш үчүн,
Күдөр үзбөй күтө берем кайра кайра.

Токой черден жол издеген мергенчидей,
Чыйыр улап келе берем улам алга.
Сабыр түбү сары алтын деп айтылгандай,
Ушул сөздөн каниет таап, көңүл калбай.

Өтүп жатат жашоо турмуш санаа тартып,
Алаксытып өзүмө өзүм кайрат айтып.
Бүгүнкүдөн эртеңкини ыйык тута,
Күтүүлөрдөн азап чегип тажасам да

Жолдош сымал өз оюмду медер тутуп,
Жашай берем жаркыраган үмүт менен.
Жакшы турмуш ой максатка жетиш үчүн,
Дале болсо эч талбастан күтө бетем.

 

СЕН ҮЧҮН

Көңүлүмдү түтүн басып тумчуктурган,
Сен аны күйүп турган отко айланттың.
Жарыгын өмүр бою өчкүс кылып,
Тутантып алоолонтуп жалындаттың.

Сен үчүн жылдыздардан жыйып алып,
Таксам дейм моюнуңа шуру кылып.
Алтын нурдуу күндөн да берсем кана,
Күзгү кылып жүргүн деп белек кылып.

Жер бетинин кооз жеринен чогулттуруп,
Көйнөк кылып тиктирсем ээ карап туруп.
Асмандагы булуттан жоолук сунуп,
Анан берсем океандан сарай куруп.

Бирок мен жылдыз эмес күндү ала албайм,
Булут менен сууларды кайдан кармайм.
Ойлогонум оорундалып калбаса да,
Өз колумдан келгенин түк аянбайм.

Керек болсо кайда десең бара берем,
Эмне айтсаң бир сен үчүн даярмын мен.
Карааныңды күндө көрүп сүйлөшүү үчүн,
Кандай кана болбосун чыдар элем.

 

КӨЗДӨР КАЧАТ

Табалабайм ачуулуусуң билемин,
Ар убакта катуу тийип жүрөсүң.
Көңүл калып жүроктө так калаарын,
Билсең боло жамандыгын мүнөзүң.

Жакшы жагың ак көңүлдүк сапатың,
Жаңы чыккан күндөй күлүп каласың.
Жаман сөзүң так жүрөккө тийгенде,
Кээде сага түшүнбөстөн капамын.

Ачуу кайтпай көңүлдөн муз эрибей,
Жакындыктын ак шооласы сезилбей.
Күлүмсүрөп учурашуу оордуна,
Көздөр качат сен тарапты тиктебей.

 

ЧЫДАЙМЫН

Экөөбүз ээн талаада турган чакта,
Сен эгер ал жайымды сураганда.
Өңгүрөп ыйламакмын кадимкидей,
Ичимдеги бугум калбай калганынча.

Ушул кезде ичкен болсом эл болсо да,
Сен мага аянычтуу караганда.
Өзүмдү токтото албай жашымакмын,
Энесине арызданган жаш балача.

Биз азыр ээн эмеспиз, мас эмесмин,
Сен сурасан жөн кана жооп бермекмин.
Кандай ыза болсом да жашыбаймын,
Баардыгына чыдаймын, мен эркекмин.

 

ЧЫНГЫЗ АГАГА

Элиңиз сизди теңеп жылдыздарга,
Ыр жазышты чын дилинен Чынгыз ага.
Мен дагы сизге арнап ыр жазсам дейм,
Эң жогору көтөрүп жылдыздан да.

Чынгыз хан бүт дүйнөнү бастым деген,
Бирок ал деңиз жээктеп кайра кеткен.
Акыл менен таанылдыңыз бүт дүйнөгө,
Аты уйкаш күчтүү Чынгыз хан жетпеген.

Бир кезде далай жерди дүңгүрөткөн,
Шекспирге окшогон нечен өткөн.
Канчалар мурун өтүп кетсе дагы,
Азыр жоктур жазуучу сизден өткөн.

 

КЫЯЛДАНЫП ЖАШАЙМЫН

Алда кайда ойлор учат көңүлдөн,
Кайык сымал океанда бөлүнгөн.
Уйку качып ар санаага чөмүлөм,
Толкун сымал тоодой болуп көрүнгөн.

Уйгу туйгу удургуган жан дүйнө,
Көңүлүмдү тынч алдырбай мүнөткө.
Таттуу ойдун бүтпөчүдөй аягы,
Алыс узап кеткен сымал муң кайгы.

Келечеке көз жүгүртөм ашыга,
Каалаганым жакшы тилек баарына.
Кыялымда убакытты жылдыра,
Чыга калам 80 жашка тез кана.

Келин алып кыз чыгарып сүйүнүп,
Куда болуп урмат сыйга бөлөнүп.
Жетелеймин уул кыздын балдарын,
Кубанамын көрүп жашоо жайларын.

Андан ары чөбөрөлүү боломун,
Ак дилимден ысымдарын койомун.
Жакшы киши бактылуу экен дедирип,
Мейли анан оо дүйнөгө кетермин.

 

ЖАШТЫК ДА ӨТӨӨР БИР КЕЗДЕ

Жаштык чиркин карган сайын суктанткан,
Өмүр бою эске түшсө кубанткан.
Ошондуктан өткөрбөйлү бекерге,
Бир өткөн соң кайра келбейт сурансаң.

Карылыктан кабары жок кенебей,
Жүргөн чакта ал да келээр билинбей.
Зымырылып өткөн сайын убакыт,
Жаштык өтөөр өткүн өтүп кеткендей.

Кеткен өмүр кайрылбасын билебиз,
Эч нерседен камаарабай жүрөбүз.
Баркын билбей жаштык өтүп кеткен соң,
Айла жоктон карылыка көнөөрбүз.

 

ДАРДАҢБАЙГА

Жазгым келбейт баш оорутуп дардаңбайды,
Арак ичсе адам эмес айбандайды.
Бир кана ачуум келип кыйналганда,
Жазууга туура келет тартып кайгы.

Алдыман жолум тосуп чыга калды,
Жагымсыз жаман сөзүн мага узатты.
Ачык көңүл жылуу жумшак маанайымды,
Бир паста кычыраган музга айлантты.

Эмне дейм эч нерсе деп айта албадым,
Жөн кана укмаксанга салып калдым.
Кудайга койдум сени дедим дагы,
Намыстандым аны менен мушташпадым.

 

АСЫЛКЕЧИМ

Гүлсүнбү көк шиберде жалгыз өскөн,
Күнсүнбү жан дүйнөмө жарык берген.
Же болбосо асылсынбы кол жетпеген,
Деги кимсиң дайым эстен кетпеген.

Жүрөк согуп жашап турган кезимде,
Сени эстебей жашоо болбойт өзүмдө.
Тагдырыма тартуу кылып бир сени,
Саргайтууга жаралдыңбы периштем.

Өңдүү, түстүү сендей жок деп айта албайм,
Анча деле сулуу эмессиң, келишкен.
Дайым эле эстен чыкпай калгандай,
Канга сиңип калгансыңбы капырай.

Сен турганда эч кимди мен сүйбөсмүн,
Бир сен үчүн көңүл ачып күлөрмүн.
Тартып алган ой дилимди өзүмдөн,
Асыл кечим бир өзүңдөй көрбөдүм.

 

АРАМДАРГА

Тегерегим толсо дагы арамдарга,
Аралашпай бөлүнөмүн дилим башка.
Мейли алар бастырбасын жолду тоссун,
Зили өтөм анткен менен ишим ак да.

Азырынча каралашсын көө жабышсын,
Алар менен күрөшөрмүн тим жатпасмын.
Канчалык кыйналсам да кайра тартпай,
Арамдык ойду ишке ашырбасмын.

Аз да болсо арамдарга койсом бөгөт,
Адамдык сапатымда турам демек.
Чындык менен ар дайым муунтуум керек,
Сезишсин оор экенин элди жемек.

 

ӨЗҮМӨ

Өзүмдө толук бойдон жердин жүзү,
Негедир жан дүйнөмө дүрбөн түштү.
Ой санаа алек саатта желге айланып,
Уламдан улам көчүп бороон күттү.

Ташкындап океандар тоого урунду,
Жер бети козголчудай онтоп турду.
Ааламга тумчуктуруп чаң тарады,
Тикендер гүлзарларды каптап калды.

Көңүлдүн булуттары ыйга батты,
Алардан ыр жамгыры кулап жатты.
Атылып курч сөздөрдүн чагылганы,
Жоголду бороондордун боз чаңдары.

Жер тазарып океандар тынчып калды,
Көңүлдө бороон токтоп жел калбады.
Булуттар коксөсү сууп тараганда,
Асман да көпкөк болуп көккө айланды.

 

КӨЗ ИРМЕМ

Оо замандаш билесиңби,
Сүйгөндөрдүн махабатын.
Эч нерсеге алмашылгыс,
Кереметүү касиетин.

Жүрөгүмдө жылт эткенин,
Мисал кылып келтирейин.
Ашык болгон эки жаштын,
Көз ирмемдей окуясын.

Жалбырттап жалын күйөт,
Тегерекке жарык берет.
Алоолонгон от жанында,
Кызга жигит жакын келет.

Ошондо жигит элжиреген,
Сулуу кыздын келбетинен.
Уялынкы көздөрүнөн,
Назик чыккан үндөрүнөн.

Мына ошону кыз да сезген,
Жигитке ал да жакындаган.
Ток тийгендей денесине,
Эсин билбей эрип кеткен.

Бир бирине берилишкен,
Бакыт гүлүн бир теришкен.
Жалбырттаган жалын сымал,
Алар дагы оттой күйгөн.

Эгер сууну отко сепсе,
Жарык болуп от күйөбү.
От оордунда түтүн калса,
Анда жарык өчпөйбү.

Аларды да турмуш деген,
Суу сепкендей өчүргөн.
Бир биринен алыстатып,
Эки жака бөлүп ийген.

Булардын да жаштыгы өтүп,
Карылыка баш ийген.
Дале болсо унутулбай,
Ошондогу көз ирмем.

Мына ушундай замандашым,
Сүйгөндөрдүн махабаты.
Өмүр бою эсте калды,
Жаштыктын бир окуясы.

 

АК-КУУ ЭЛЕҢ

Түндөсүн түштөн чоочуп ойгонгомун,
Түшүмдү унутсам деп толгонгомун.
Кайра-кайра эске түшүп унута албай,
Таң атканча тынч ала албай кор болгомун.

Түшүмдө көп ичинде жүрүптүрмүн,
Аң уулап атып жатса күлүп жүрдүм.
Бир кезде ок жаңылып ак-куу түштү,
Өзгөрттү этке айланып аппак түрүн.

Эртең менен жүрөгүм алеп-желеп,
Бир орунга тура албай баскым келет.
Көп убакыт өтпөстөн жээним келип,
Жамал эжем катуу ооруп бальницада деп.

Эжекем деп ичимен кыйкырып алдым,
Билбей калдым көзүмөн жаш тамганын.
Үмүт деген жоошутуп алдайт тура,
Балким айыгып кетээр деп алаксыдым.

Ошол замат капаланып жолго чыктым,
Эжекемди аман көрсөм деп ашыктым.
Менден мурдаа баргандардан сураштырсам,
Үстүнө кийирбейт деген жоопту уктум.

Айлабыз жок терезеден шыкааладык,
Жолугуп жүздөшүүгө кире албадык.
Дем алып жаткандыгын көрүп алып,
Тирүү экен айыгат ко деп кайраттандык.

Тагдырдын жазганына кайдан көндүк,
Жамандык ойго келбей үмүттөндүк.
Укол сайып чыккандардын жолун тосуп,
Кандай деп акыбалын сурап турдук.

Эртеси эртең менен күн чыгаарда,
Өлдү деген жаман кабар угулганда,
Билинди түшүмдөгү ак-куу экениң,
Кайра келбес сапарыңа узаганда.

Эжеке салыштырсам ак-куу элең,
Көңүлүң ак, баардыгына пейилиң кенен.
Кезигип кеңеш сурап калганымда,
Айтууга ар убакта акылың белен.

Тунубуз туубуз элең көк асаба,
Туурасын айтуучу элең кайда барба.
Тилдесең кың дебестен көтөрчү элек,
Чындыкты таамайлап бетке айтканда.

Калыс элең кара кылды как жарган,
Жалтайлап көз карабай бетке айткан.
Кантели арабыздан учуп кеттиң,
Учур жок эске түшсөң жашыбаган.

 

КЛАРА ЭЖЕЙГЕ

Мугалимдик кесибиңди аркаладың,
Окуткан балдар үчүн күйүп жандың.
Балдарым билим алып алышса деп,
Эмгектен эч убакта талыкпадың.

Ар бирине кам көрдүң өз балаңдай,
Өздөрүнүн энесинен кем калышпай.
Канчалар билим алып бүтүп жатты,
Уясынан учуп чыккан балапандай.

Ар бири эл жери үчүн кызмат кылып,
Эжейим деп эскеришет ардакташып.
Клара ушунуңдан жазбай жүргүн,
Эмгегиңден баар таап ардакталып.

 

КҮТТҮР ТУРМУШ

Күттүр турмуш күттүрө бер өз эркиң,
Мен адаммын күтүү үчүн жаралган.
Тажасам да саргайсам да чыдаармын,
Эрки бош деп ойлобогун майышкан.

Күттүр турмуш алдын ала айтпагын,
Мен адаммын табышмагың жандырган.
Сурабаймын айтпасаң да билип алам,
Кудай мени аң сезимдүү жараткан.

Күттүр турмуш жеңемин деп ойлобо,
Мен адаммын жеңилбесмин эч качан.
Күтүүлөрдөн кыйноолордон коркпоймун,
Сени менен күрөшүүгө жаралгам.

Күттүр турмуш мейли сырың ачпагын,
Мен адаммын билип алам шашпагын.
Кудай мени чындап сүйүп жаратса,
Акыры бир күн туу чокуңа чыгаармын.

 

КЕЛЧИ ДОСУМ

Келчи досум кучагымды толтурчу,
Көөдөнүмдө гүлзар гүлдөп ачылсын.
Жан дүйнөмдүн кемтик жери бүтөлүп,
Азыктансын арман ичте калбасын.

Келчи досум мага жакын отурчу,
Сырымды айтып баарын төгүп таштайын.
Бук чыгарып эч нерсени жашырбай,
Чер жазылсын көңүл толкуп ачылсын.

Келчи досум кулак салчы шашылбай,
Өмүр чиркин өтө берээр шамаалдай.
Кечээкидей бүгүн да өтүп кетээрин,
Кеч түшүнүп сыр калбасын ачылбай.

Келчи досум сени күткөм кусамын,
Сенин кана жардамыңа муктажмын.
Жаай албаган булутка окшоп, оор жүктөрдү көтөрүп,
Жамгыр болуп төгүлө албай, араң чыдап турамын.

 

ЖАРАТКАНГА КАЙРЫЛУУ

Оо жараткан алла таллаа кудайым,
Бүт ааламды жалгыз өзүң жараттың.
Айтылгандай кырк жыл кыямат болсо да,
Бир өзүңсүз сынбайт буту кумурсканын.

Анда неге элдин пейили бузулат,
Согуш чыгып адамзаты кырылат.
Жер силкинип суу ташкындар көбөйүп,
Бөөдө өлүп көп үй жайлар бузулат.

Бир жагынан таза суулар азайып,
Муздар эрип абаа ысып кургатып.
Кээ жерлерди суулар ташып каптаса,
Кээ жерлерде суулар жатат ташылып.

Адам заттын пейилдери бузулуп,
Байлык жыйнап көр оокатка кызыгып.
Адеп ахлак абийир кетип кутуруп,
Ыйман ызаат калбай барат жоголот.

Бүт дүйнөңдү каразгөйлөр башкарып,
Тескери жака бара жаткан сыяктуу.
Же турмушту түшүнүп көр дедиңби,
Адамзатты каталарын сезсин деп.

 

ОЙЛОГОНУМ КЕЛСЕЧИ

Бүгүн недир кабак ачып жазылбай,
Көңүл чөгөт бүркөк кара тумандай.
Ыйлап туруп жамгыр төккөн сыяктуу,
Ачылсам ээ, көп көк болгон асмандай.

Оор жүгүнөн ажыраган булуттай,
Сар санаамды төгүп салып жамгырдай.
Атып чыгып көп көк болгон асманга,
Жеңил желпи кезсем кенен ааламды.

Аппак болуп түркүн түскө кубулуп,
Бүт жер шаардын кооз жерлерин кыдырып.
Эркелешип эркин желди кучактап,
Эч нерсеге баш ийбестен булактап.

Ооба билем бул колуман келбесин,
Мингенимди кур кыялдын кемесин.
Эзелтеден максат коюп ойлонгон,
Көнүлдү ачып ойлогонум келсечи.

 

ГҮЛ МЕНЕН АДАМ

Жер бетине кооздук төгүп чачырап,
Гүлдөр дайым коп кооз болуп ачылат.
Аз күндөргө сулуулукту тартуулап,
Анан барып өңдөн азып саргарат.

Адам неге түбөлүкө жашабайт,
Жаштык кези гүл сыяктуу жаркырайт.
Убакыттар алга карай шаштырып,
Аларды да өңдөрүнөн аздырат.

Гүл жана адам бири бирине окшошот,
Гүлдөр күндү бирден санап өсүшсө,
Адам деле жылды санап ошондой,
Бул экөө тең бирдей өмүр сүрүшөт.

Гүлдөр назик сулуулугу жарашкан,
Аган тийсең өңү өчүп соолуган.
Адам деле назик сулуу болушат,
Көңүлү калса өңдөн азып оорушат.

Гүл уругун себиш үчүн жаралса,
Адам дагы тукумдарын улашат.
Экөө тең окшош жашап дайыма,
Келечеке өлбөстүктү жаратат.

 

ЖҮРӨ БЕРГИН

Ыр арнап эже сизге жазгым келди,
Сөздөрдүн таттуусунан тапсам деймин.
Тизмектен шекер балын курап туруп,
Гүлдесте жасап сизге сунсам дедим.

Чыныгы кудай берген талант менен,
Талбастан тажабастан түйшүктөнгөн.
Кыргыздын аял заты арасынан,
Алгачкы эл жазуучу наамын алган.

Зуура эже эл көңүлүн байыттыңыз,
Турмуштун сырын ачып тааныттыныз.
Жашоону туура жашап өтүү үчүн,
Далайга сабак болду чыгармаңыз.

Сизди биз дайым сыйлап туу тутабыз,
Акыл насаат кебиңизге чоң кумарбыз.
Картайдым ооруп жатам деп калсаңыз,
Дартыңызга даба таппай биз капабыз.

Эжеке калыс сөздөн түк тайбайсыз,
Болгонун болгондой эле бетке айтасыз.
Ишибиз туура калыс бааланат деп,
Сиз турганда үмүт менен биз жашайбыз.

Кээ бирөө атак даңкка манчырканган,
Бүгүнкү айткан сөзүн эртең танган.
Бийлике кошоматын кылуу үчүн,
Адамдык сапаттардан четте калган.

Андайдын алтоосун да алмашпайбыз,
Айланышсын сиздей болгон карыбыздан.
Биздерге сиздей өңдөнгөн жөлөк керек,
Аман эсен жүрсөңүз болуп тирек.

Кайратыңыз ташкындап аша берсин,
Кошоматчы бузукуну каптап кетсин.
Чыгармачыл жаштарга насаат айтып,
Арабызда биз менен жүрө бергин.

 

ҮЗҮЛБӨСҮН ҮМҮТТӨР

Адамдар жаңы гана төрөлгөндө,
Үн салышып бул дүйнөгө келгенде.
Ата –энелер кыз-эркегин билгенде,
Атын атап ысымдарын бергенде.

Андан кийин бөпөлөшүп багышып,
Келечеке үмүт менен карашат.
Убакыттар өтө берет зымылдай,
Токтоо билбей салкын соккон шамаалдай.

Баласы эгер ыйлап калса капыстан,
Чарчоо билбей ар кайсыга жоруштан.
Ачка болду эмизгин дейт атасы,
Ооруган жокпу эмизгем дейт апасы.

Эгер бала күлүп калса капыстан,
Капа болгон убактарын унуткан.
Эркелетип өөп жыттап атасы,
Берчи мага эмизем деп апасы.

Кадам шилтеп эң алгачкы басканда,
Ата-эне деп адеп сөзүн айтканда.
Эске келбей кыйналган убакыт,
Бачым эле чоңойгондой кубанып.

Тили чыгып буту басып кеткен соң,
Андан бетер оор түйшүк түшкөндө.
Окуганда ойдогудай болот дейт,
Эс кирип эрезеге толот дейт.

Окуганда оозун ачып карашат,
Керектүүсүн таап келүүсүн самашат.
Окуу курал кийим кече тамак аш,
Кайдан кантип табылаарын баалашпайт.

Бирден баштап мектепти окуп бүткөнчө,
Бойго жетип эрезеге толгончо,
Окууларга ийгиликтүү өткөнчө,
Өз алдынча турмуш куруп кеткенче.

Ата-энеси жакшы адам болот деп,
Атты өчүрбөй элдин салтын сыйлаган.
Бакыт-таалай өмүр тилеп кудайдан,
Жакшы үмүтүн балдарына арнашкан.

Жакшынакай ой тилекти актабай,
Кээ бир бала басып кетет карабай.
Эмгек кылып эч бир жерде иштебей,
Капары жок эмчектеги баладай.

Кызды көрсө көзү түшүп буюмдай,
Колуктуну алат ко деп ушундай.
Күчкө салып чыркыратып сүйлөшпөй,
Ала качат алды артына карабай.

Илгертеден тескери салт ушундай,
Кала берет босогону аттабай.
Жамгыр болуп эки көздөн аккан жаш,
Колго түшкөн капастагы барчындай.

Өмүр бою бир зөөкүрдүн айынан,
Сүйгөнүнөн бактысынан айрылган.
Көңүлдөгү тилегине жете албай,
Бул турмушта азап тарткан канча жан.

Төрөлгөндөн бой жеткенче чоңоюп,
Ойлобостур ушундайча болом деп.
Кол жетпеген эң бийик намысы,
Бир акмака тебеленип калат деп.

Жүрсө керек эчендерди тенге албай,
Жалынса да жалбарса да карабай.
Чыгаармын деп жигит болсо оюмдай,
Катаал турмуш кайгыртаарын санабай.

Наристеге каалаган ой тилектер,
Ташка тийип талкаланып кеткендей.
Суу чачкандай алоолонгон жалынга,
Кала берээр түтүн болуп өчкөндөй.

Адамдык сапатардан кеткенибиз,
Ушундайды көрмөксөнгө салганыбыз.
Чоочун деп билмексен болгонубуз,
Балдарыбыз туш келээрин ойлобойбуз.

Кыздардын назиктигин тазалыгын,
Элибиз кызыл гүлгө салыштырган.
Аярлап сый мамиле түзүп дайым,
Бой жеткенче көкөлөтүп көтөргөн.

Кыздар бар намысынан кеткен,
Ата эненин үмүтүн үзгөн.
Улуу кичүүнү көзүнө илбей,
Көчө таптап тажабастан жүргөн.

Сатып бер деп жок барына карабай,
Ата энесин кыйнагандан уялбай.
Жаңы кийим көрүп калса киймей,
Моода деп уят сыйытты билбей.

Адаты күндө бир жигит менен жүрмөй,
Сүйөмүн деп сүйүүнүн да баркын билбей.
Ата баба каада салтын сыйлабай,
Кызда болчу сапаттарды күтө албай.

Эси дарты эптеп күтмөй,
Жоош момун жигитке тиймей.
Албасаң сотко берем деп кыйнап,
Көзүн бойоп кыз болчумун деп алдап.

Ак жерден күйүп жигиттер,
Кыздардын мындайын кайдан билиптир.
Бактыма жазган ушул экен деп,
Айласыздан алышат мурун сүйлөшкөмүн деп.

Наристеден жакшы улан кыз чыгат,
Ата эненин ой тилегин актаган.
Намыс коргоп ата журтун көтөрүп,
Бүт дүйнөгө өз эл жерин тааныткан.

Жакшынакай жигиттер бар элимде,
Жаркыраган эмгегинен көрүнгөн.
Талыкпастан акыйкатты издеген,
Эл алдында урмат сыйга бөлөнгөн.

Элибизде татынакай кыздар бар,
Тазалыгы мөлтүр тунук булактай.
Көрсө жигит көзүн албай суктанаар,
Таанышсам деп күнү түнү тынч албай.

Өз элинин каада салтын аркалаар,
Балдар болсун ишеничти аткараар.
Ата эненин орундатып тилегин,
Балдарынан үзүлбөсүн үмүттөр.

 

АДАМ БОЛУП ЖҮРӨЛҮ

Адамды адам кылган акыл эси,
Ким экенин билдирген айткан сөзү.
Жаңы кийим кийгенде эмес анын баркы,
Жупуну карапайым жүрсө дагы,
Кичи пейил боорукерлик билгени салтты.

Адамдар акмак болоор жүрүшүнөн,
Жан кейитээр оозунан чыккан сөздөн.
Качан деп мойнуңа салып кетип,
Жалаа жаап мындайлар сатып кетет,
Айтканын аткарбастан танып кетип.

Адамдар “адам” деген асыл сөздү,
Жогору баалайлычы ыйык тутуп.
Калп айтып жан кейитпей жүрөлүчү,
Сый урматта жашайлычы гүлдөйлүчү,
Алдап кетип шылдың кылып күлбөйлүчү.

 

АДАМ ЖАНА КАЙЫК

Асман ачык күндүн нуру бүт жер жүзүн жылытат,
Мелмилдеген деңиз менен кайык жылат зымырап.
Бейкут жаткан бул деңизди кара булут каптады,
Албуутанып кара деңиз туш-туш жака чайпалды.

Түз бараткан жел кайыкты максатына жеткирбей,
Жин ургандай киргил толкун ары-бери ыргытты.
Анда-санда бир көрүнүп жолун таппай адашып,
Житип кетип жок болчудай кара деңиз койнуна.

Биз адамдар салыштырса, жел кайыкбыз деңизде,
Турмуш бизди деңиз сымал өз үстүндө жүргүзсө.
Кара булут киргил толкун башка түшкөн кырсыктай,
Ачык асман күндүн нуру жашоодогу бакыттай.

Ылайым күн жылуу болсун деңиз үстү чайпалбай,
Жел кайыктар зымырасын жолдорунан адашпай.
Турмушуңда туш келбесин башка түшкөн кырсыктар,
Бакыт конуп адамдарга бара берсин алгалай.

 

САГА

Сен назиксиң жаздын жаңы гүлүндөй,
Сен тазасың ээн жердеги булактай.
Сен бийиксиң кол жетпеген жылдыздай,
Сен асылсың бакыт үчүн туулгандай.

Мен кыялкеч ойлоо үчүн жаралган,
Мен алсызмын жетпегенге кол сунган.
Мен мококмун сөз учугун таппаган,
Мен бактысыз тең боло албай корсунган.

Терең акыл сулуулугу жарашкан,
Аял заттан аз кезигээр сендей жан.
Сени сүйөм бактым болчу деп ойлоп,
Айта албай сүрдөп кетем кайрадан.

Куса болуп күндө эстеп кыйналам,
Куугунтуктап күндөр өтөт кыйладан.
Кыялымда жашай берем сен менен,
Өмүр өтүп кетмейинче дүйнөдөн.

 

ТУРМУШ

Асман ачык айдын нуру төгүлөт,
Ой санаалар элыс жака бөлүнөт.
Алыстагы жаш кездеги күндөрүм,
Кечээ эле өтүп кеткен өңдөнөт.

Жаш кезекте азоо тайдай ойдолоп,
Жүрөөр элем чарчоо билбей койкоктоп.
Жүрүптүрмүн чагылгандай чартылдап,
Турмушубуз ойлогондой болот деп.

Көрсө турмуш ичке кыя жол экен,
Бийик ашуу эчендеген белди ашкан.
Далайлардын кайрат күчүн жеткирбей,
Улам жолдон артты карай кулаткан.

 

ЖАМАНДЫКТЫН БИР ТҮРҮ

Оо адам билесиңби эмне жаман,
Эти ооруп эт жүрөктү жаралантып,
Балаң ыйлап чыркыраса чыдай албай,
Баштан өтсө билгендерге бул да жаман.

Бир күнү мындай кырсык мага келген,
Жан кейип ошондо мен жашым төккөм.
Кичинемди көтөрөм деп эжекеси,
Чалынып катуу жерге башын урган.

Балам ыйлап ооругандан алдастаган,
Баскан бала баса албастан тамтаңдаган.
Зээним кейип кайгыргандан көз жаш төгүп,
Не кылаарым биле албай болдум айран.

Жаман ойлор биринен бири келген,
Катуу урунуп башына доо кетпесе экен.
Тилек кылып кудайга зар ыйлагам,
Бой жетип аман эсен чоңойсо экен.

 

АКЫЙКАТТЫ ЖОКТОТПОСМУН

Эси жок колдорунда мансабы бар,
Далайлар эл ичинен четтен чыгаар.
Аппакты оңой эле кара кылып,
Адамды убактылуу майыштырар.

Кызматың алга жылып бардар болсоң,
Алыстан салам айтып тосот жолдон.
Колундан мансап кетип тайсаң эгер,
Койчу деп колун шилтеп кетет сенден.

Уят болуп калышаарын сезишпейби,
Адамдык сапатка баа беришпейби.
Же дайым ушул бойдон калабыз деп,
Акыйкат жеңээрлигин билишпейби.

Төш тосуп турмуштагы тоскоолдука,
Жалтанбай бара берем улам алга.
Эш тутуп кайратымды жолдош кылып,
Капыстан таштап мени кетпечи деп.

Бирок мен башымды ийип кемсинбеймин,
Мейли алар убактылуу теңсинбесин.
Эл айткандай ак ийилип сынбаса эгер,
Көздөгөн максатыма мен жетээрмин.

Эч качан мүнөзүмдү окшотпосмун,
Жагынып арамдарга кор болбосмун.
Күнүмдүк башыма күн түшсө дагы,
Түз жүрүп акыйкатты жоктотпосмун.

 

ЫСЫК-КӨЛДҮ САКТАЙЛЫ

Ысык-Көлдү булгап жатат деп угам,
Уккан сайын ачууланып буулугам.
Кыргызымдын кымбат баалуу сыймыгын,
Булгап жатса кантип кана тим турам.

Мен айтаарым көлдү булгап жатканга,
Айбанды да теңебесмин мындайга.
Башка айла жок, туура келээр бир жаза,
Убал болбос колун кесип салса да.


Сактайлы кийинкиге калтыргандай,
Ата баба өзүбүзгө тапшыргандай.
Алдында балабыздын баласынын,
Жер карап уят болуп калбагандай.

 

УКСАҢ МЕНИ

Билем сени өз оюңа өзүң ээ эмессиң,
Сен көлөкө кайда ээрчитсе айласыздан көнөсүң.
Эң жөнөкөй адам сымал өз алдыңча жүрө албай,
Эмнеликтен күчтүүлөрдүн жетегинде жүрөсүң.

Айтчы деги акылыңдын жеткен чеги ушулбу,
Балким сени мансапкорлук тузагына туттубу.
Мурдагы жакшы сапат кайда кеткен сендеги,
Же болбосо көңүлүңдү ирээнжиткен жокчулукпу мендеги.

Ашыкпастан тура турчу карап кетпей тескери,
Канат куйрук керек болоор учкан кушка көктөгү.
Жардам үчүн алып келип барбасаң да бир нерсе,
Жок дегенде учурашып келсең боло көргөнү.

Дайым эле мен ушундай кемчил болуп калбасмын,
Кийинчерээк сен кыйналсаң такыр чыдап турбасмын.
Аянбасмын жардам үчүн мен колумдан келгенин,
Жок дегенде жакшы сөздөн таап айтып бермекмин.

 

СИЗГЕ АЙТААР КЕҢЕШИМ

Сизди айтса акылсыз деп бирөөлөр,
Көп болсо да каралаган күбөөлөр.
Туура эмес акылдуу деп ал киши.
Мен болоормун сиз тараптан күбө өтөөр,

Эч айталбайм акылсыз деп мен сизди,
Жатсаңыз да тапкансып эрегишээр теңсизди.
Кайын ата кайын эне бир тууган,
Өзүңүздүн төркүндөрдөн кембизби.

Келин болуп босогого келдиңиз,
Үй бүлөөнүн сүйүнгөнүн көрдүңүз.
Андан бери төрт жыл өтүп кетсе да,
Босогого төрт кана жолу келдиңиз.

Бөпөлөйсүз уулуңузду чоңойтуп,
Ал да кийин колукту алат койкойтуп.
Келиниңиз келбей койсо сизге окшоп,
Калбайсызбы башты муштап окшуйуп.

Балдарыңыз бир туугандар болушат,
Алар кийин өз тууруна коюшат.
Балким кийин жолдоштору сизге окшоп,
Бири бирине каратышпай коюшат.

Такыр эле кете электе ишеним,
Эстүү киши угат деген бул кебим.
Терс мүнөздү кайра баштан ондонуз,
Акылдуу деп сизге айтаар кеңешим.

 

ТУРМУШ ДЕГЕН ЭМНЕ

Турмуш сен тоодон аккан дайра белең,
Бирде жай бирде ташка урат белең.
Же адамга күн мурунтан сыр айтпаган,
Табигаттын ачылбаган сыры белең.

Адамдар жалпы тегиз жашабастан,
Бири жыргап бирөөлөрү азап чеккен.
Эгер сен жашоо менен бирге болсоң,
Бу сенин калыстыгың кайда кеткен.

Өзүңдү эстегенде ойлономун,
Жөн эле угулуучу үн болбогун.
Түшунбөстөн өзүмө өзүм суроо берем,
Чынында эле турмуш өзү эмне деген.

 

ТАБИГИТТЫН АЙТКАНЫ

Эң сезимдүү дүйнөдө адам экен,
Бирок алар бир нерсеге түшүнбөгөн.
Табышмакты таап көрчү деп шылдың кылып,
Табигат, каалагандай эрмектеген.

Таппасаң мени уккун деп буйрук берип.,
Адамды өз колуна кармайт экен.
Сыр тарттырбай кичинеден үйүр кылып,
Тааныштырган жашоо турмуш кудай менен.

Табигаттын айткандарын үйрөнгөнбүз,
Колубуздан келбесе анан не кылмакбыз.
Өзүбүз табышмагын таппаган соң,
Айтканын эсибизге бек тутканбыз.

Дүйнө бул жаралгандан экөө экен,
Аларды бул же тигил дүйнө деген.
Буларды бириктирип кармап турган,
Баарыбызга белгилүү кудай деген.

Бул дүйнө жылдыз, күн, ай, жери менен,
Бул жакта өкүм сүрөт жашоо деген.
Кең дүйнөнүн кенендигин сездирбеген,
Жашоонун каршылашы турмуш экен.

Тигиниси караңгы дейт күн көрбөгөн,
Ал дүйнөдө өлүмгө баш ийет экен.
Баргандар сурагынан өтүшкөн соң,
Бейишке же тозоко барат деген.

Сыры ачылбай табигиттын табышмагы,
Эчен кылым эчен жылдар табылбады.
Эч ким билбейт чын айтабы калп айтабы,
Мына ушундай табигаттын айтканы.

 

КААЛОО АЙТАМ

Азбы көппү алтымыш жыл өмүр сүргөн,
Ушул күнү болду той көптөн күткөн.
Той берген кубанган күн атабыздын,
Алтымыш жашка толгон күнү элең.

Менин атам баатыр эмес даңкы чыккан,
Болбосо да ордени иштен алган.
Бирок мен теңеп келем өз атамды,
Ашпаса кем эмес деп баатырлардан.

Эң жөнөкөй карапайым калп айтпаган,
Көп жылдап коро-коро малды баккан.
Мен кантип баатырлардан кем деп айтам,
Аткарса пландарын эч талбастан.

Өмүрүндө жаман атка эч конбоптур,
Тартип бузуп бир да жолу соттолбоптур.
Алып алып бербей койду мунумду деп,
Доо доолап бир да киши жоктобоптур.

Кем кылбастан балдарын эч нерседен,
Тарбиялап тогузун тең өстүргөн.
Ушундай атам үчүн сыймыктанам,
Ошондуктан атама чын жүрөктөн каалоо айтам.

Тоюнун бүтпөй аягы, тойу-тойго улансын,
Балдарынан сый көрүп дагы көп-көп кубансын.
Ден-соолугу чың болуп кемпири жандап тың болуп,
Токсонго эле чыктым деп, токтоо бербей дууласын.

 

МЕН АЯНМАК ЭМЕСМИН

Сен мага кабагынды бүркөбөчү,
Жан кейитет кабагыңдын бүркөлгөнү.
Ансыз да өз айламды таппай турам,
Биле албастан колумдан не келээри.

Жумуш издеп бир күнү мен табаармын,
Ушул күндү унутуп сен калбагын.
Колубуздан баардыгы келген кезде,
Эске алалы унутпай мунун баарын.

Жашообузга бул дагы сабак болоор,
Жаман жака баргызбоого талап койоор.
Жаза басып албас үчүн турмушуңда,
Баардыгы баштан өтсө жакшы болоор.

Жылмайчы мени карап мурункундай,
Жер карап үмүт үзүп улутунбай.
Колумдан келип турса баягыдай,
Баардыгын берээр элем түк аянбай.

 

АЙТАЙЫН ДЕЙМ МЕН АГАН

Аны да эне төрөп ата көргөн,
Чоңоюп багат ко деп бөпөлөгөн.
Чоңойгондо ичкилике кирип кетээрин,
А кезде ал шордуулар кайдан билген.

Аял алса болоор эле абдан жакшы,
Балалуу болсо кана андан дагы.
Айбандан артык сапат адамдагы,
Үй жай күтүп үй бүлөө кургандыгы.

Мейли ал алкаш болуп кетсе дагы,
Мен кантип жамандыка кыйам аны.
Ооздугун жулуп алган азоо аттай,
Ал өзүнө ээ боло албай калган чагы.

Болбосом да мен анын бир тууганы,
Макул болсо берет элем жардамымды.
Мындай кыл деп айталбастан тартынамын,
Туура эмес көрөбү деп айтканымды.

 

СЕН УНУТПА

Сен билесиң кыжаалат кылганыңды,
Өз кылыгың өзүңдү уят кылды.
Мойнуңа албай өзүңдү өзүң алаксытып,
Кара күчкө семирип турганыңды.

Мен да билем өзүмдүн ал жайымды,
Ары бери чуркоодон чарчаарымды.
Менин ишим сүттөн ак болсо дагы,
Жалган жерден каралаттың сен адамды.

Сен унутпа акыйкатка мен жетпесем,
Баары бир кутулбайсың жооп берүүдөн.
Ак жеринен сен элди кыйнап келсең,
Кеч болсо да жаза алаарсың ошол элден.

 

БАЛАЛЫК КЕЗ ӨТКӨН ЖЕР

Мага кымбат балалык кез өткөн жерим.,
Кызыл мияз карагаттар өскөн жерим.
Жайкалган тукабадай көк шибериң,
Согонун, ышкындарын терип жедим.

Кыдырып токойлорун бадал черин,
Кыялап далай аштым адыр белин.
Жол карап шиш чокусун карол кылып,
Тоолордун кучанында эркеледим.

Андып барып кармаймын деп калдырканын,
Капыстан кармай албай учургамын.
Алаксып ар кайсыга ойноп кетип,
Ата-энемден далай жолу тил уккамын.

Жарышып ойночу элек аттар менен,
Азыр да ошол кезди эстеп келем.
Ушинтип бала кезим өтүп кеткен,
Жайлоонун эң эле кооз жери менен.

 

ӨТӨТ КҮНДӨР

Күндөр өтөт өтүп жатат токтолбой,
Өткөн күндөр кайра өтсө жок болбой.
Бирин-бири сени элеби дегенсип,
Арткысы кууп алдынкыга өч болбой.

Жакшысы да жаманы да баары өтөт,
Жакшы күндөр өткөн сайын өкүнтөт.
Жаман күндөр эсте калып калса да,
Ошондой күн болбосо экен дедиртет.

Өткөн күндөр бири бирине окшобой,
Уламкысы кызыктуурак болгондой.
Кызыктырып келчү күндү күттүрөт,
Миң бир түндө айтылуучу жомоктой.

 

ЭСИҢИЗГЕ КЕЛИҢИЗ

Оо кокуйкүн өз баласын каргаган,
Кандай эне болуп калгансыз алжыган.
Бул дүйнөдө жаманы жок билсеңиз,
Эне деген ыйык наамды бузгандан.

Баласына жамандыкты самаган,
Жек көрөбүз чыгып калса айбандан.
Кулак укса курсак кайнайт дегендей.
Оозуңузга таш деп кана айта алам,

Күндө ушинтип каргай эле берсеңиз,
Балаңызга жек көрүнүп кетесиз.
Сизди кийин кандайынан эскерет,
Ичээр сууңуз түгөнгөндө өлсөңүз.

 

БУЛ ДҮЙНӨДӨН ӨТКӨН МЕНЕН

Оо адамзат бул дүйнөдөн кетээрсиңер,
Ата-бабаң өткөндөй эле өтөөрсүңөр.
Жашоо үчүн алп урушуп жаткан кезде,
Силээр сындан өмүр бою өтөөрсүңөр.

Бул дүйнөдөн адамдардын баары өткөн,
Жакшысы да жаманы да дагы өткөн.
Бирок баары бул дүйнөдөн өтсө дагы,
Кээ бирөөнүн аты калган өткөн менен.

Жакшыларын эли мактап эскеришкен,
Азамат деп өмүрүн текке кетирбеген.
Жамандардын атын эске алышканда,
Зааркангандан кара жерге түкүрүшкөн.

Адам болуп бул дүйнөдөн өткөн менен,
Эгер жакшы из калтырып сен кетпесең.
Айбандан айрый албас болоор элең,
Атың эле болбогондо адам деген.

 

КЕЗИГЭЭРМИН

Күчтүү менен алсыздын ортосуна,
Туура айтып так чечээр болгонуна.
Калыстарды эл сыйлап келген экен,
Акыйкаттын ачкычы катарында.

Илгери көп болуптур калыстар дейт,
Четтен эле табышчу экен, бул калыс деп.
Ошондогу көп калыстар кайда кеткен,
Таба албадым тажасам да издегенден.

О калыстар жок болуп кеткенсиңби,
Эгер болсоң мен сени көрөмүнбү.
Калыска түшсөң эле чечесиң деп,
Анда санда айтып калат кээбирөөсү.

Бирок билбейм ошол калыс бар экенин,
Издеп жүрүп такыр эле кезикпедим.
Балким ага кезиге албай жүргөндүрмүн,
Болгон болсон бир күндөрү кезигээрмин.

 

СЕН ТААРЫНЫП КАРАБАЙ КОЙБОГОНДО

Сен таарынып карабай койбогондо,
Мен деле барбайт белем так ошондо.
Аркан жипсиз эки бутту карыштырган,
Эр жигиттин намысы болбогондо.

Кантип өтөт убактың жалгыз менсиз,
Араң эле жүрөмүн мен да сенсиз.
Эгиздердей көнүшүп калыптырбыз,
Жүргөндүктөн бөлүшпөй бирибизден бирибиз.

Адегенде сүйлөсүн деп мен сени,
Ал биринчи баштасын деп сен мени.
Ар кимибиз кезек күтүп жүргөнчө,
Билинбестир өмүр өтүп кеткени.

 

КҮЗ

Күз келгенин билгизип,
Берекесин кең берип.
Эмгегиңе жараша ал,
Жыл азыгың ушул деп.

Өсүп жаткан өсүмдүк,
Мөмөсү башат жетилип.
Алтын түскө бөлөнөт,
Уругу жерге себилип.

Мал жайлоодон семирип,
Манкая басат керилип.
Керектейсиң четинен,
Баардыгы тегиз семирип.

Эмгеке турсаң берилип,
Алдыга чыксаң көрүнүп.
Арбынынан тамак аш,
Идишке батпайт төгүлүп.

 

АК ТИЛЕК

Ушул жылы кубансам,
Уулду болдуң деп уксам.
Ушул турган баарыңды,
Урматтап тосуп сыйласам.

Кийинки жылга калбастан,
Колуктум төрөп берсе экен.
Терезеден эркек деп,
Кубанып карап турса дейм.

Буюрса быйыл той берсем,
Баарынды чогуу кел десем.
Батаңды берип кеткин деп,
Баламды колго көтөрсөм.

Батыраак эле ошол күн,
Кечикпей келип калса экен.
Оордумду басаар туулду деп,
Ошондо жыргап турсам дейм.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Бекказы Элебесов, 2010

 


Количество просмотров: 3280