Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Бекказы Элебесов, 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 5-декабры

Бекказы Сагалиевич ЭЛЕБЕСОВ

Турмуш дастандары

Автор “Турмуш дастандары” поэмасында ар бир адам баласынын башынан өтүүчү жашоо турмуш туурасындагы ойлорду айтууга аракет кылып, өзүнүн мисалында ар ким ата-бабасынын жолун жолдоп, кийинки муундарга жашоодо жакшы жагынан из калтырып кетүү керектигин айтайын деген. Ал эми ырларында адам баласынын жашоо турмушунда кездешүүчү ар кандай окуяларды жана жаратылыштын кубулуштарын, айлана чөйрөдөгү ар түркүн көрүнүштөрдү даана так, каймана түрүндө чагылдырып, көпчүлүк акындардан айырмаланган философиялык ыкмада чыныгы поэзиялык чыгармачылык менен чагылдырган. Акындын бул ырлар жыйнагынан көөдөндөгү көксөп жүргөн чыныгы поэзияны таба аласыздар. Себеби көкүрөктөгү оргуштап чыккан ойду учкул сөздөр менен таасын берген ыр саптары жүрөгүңүздөрдүн түпкүрүнөн орун аларына ишенебиз.

Бекказы Элебесов. Келсеңчи. Ырлар жана поэма: – К.: “Карга аке” басма үйү, 2010, 224 б. китебинен алынды.

ББК 84 Rb 7-4
УДК 827
Э 13
ISBN 978-9967-435-05-6

 

ТУРМУШ ДАСТАНДАРЫ

Санжырачы Деркенбай уулу Садык атабыздын жаркын элесине арналат

***

Мен бүгүн поэманы жазгым келди,
Жашоонун терең сырын ачсам деймин.
Тагдырга даба жок деп айтылгандай,
Балким мага бул ойду кудай берди.
Адам, жашоо, турмуш деген -
Бул үч сөздү
Чечмелеп жалпысынан айткым келди,
Ушул жазуу тагдырыма туш келгенби.

Жашоо, турмуш адам барда эгиз болуп,
Адамдын өмүрүнө туш келишкен.
Өмүр бүтүп өлүмгө туш келгенде,
Булар да ээси менен кошо кеткен.
Сөзүмдү эми баштап жамактайын,
Адамдан, жашоосунан кеп баштайын.
Андан соң турмуш өзү пайда болор,
Булардан поэмамды жаратайын.

Жараткан Алла таала бир кудайым,
Укканбыз бүт Ааламды жаратканын.
Эң алгач жерди адеп жаратканда,
Билебиз Адамата, Обоэнени жаратканын.
Андан бери эчен кылым, жылдар өттү,
Жер жүзү далай ирет өзгөрүлдү.
Сандаган адам келип жашап өттү,
Эсебине сан жетпестен ашып кетти.

Өткөндү айтып эми не кылайын,
Жашоомдун бир четинен кеп кылайын.
Билбегеним ошол бойдон кала берсин,
Билгенден азын оолак сөз баштайын.
Адегенде укканымдан айтып келип,
Кийинчерээк көргөндөрдөн улантармын.
Адамды адам кылып жазуу үчүн
Эң алгач мен өзүмдү таанытайын.

Тегимден учкай бир аз айтып келип,
Өзүмдүн тарыхымдан кабар берип,
Жашоонүн жолун улап анан кетсем,
Турмуштун чокусуна акыр жетсем.
Түпкү тегим ата-бабам Огузкыргыз
Ушундай улуу элден таралыпбыз
Кудайдын буйруктарын аткаруу үчүн
Ислам динин кабыл тутуптурбуз.

***

Түпкү атабыз Манасымды айтпаганда,
Кечээки Долон бийден баштаганда,
Долондун Ак уулунан болуптурбуз,
Ысык-Көлгө тегерете конуптурбуз.
Ак уулдун бир баласы Тагай деген,
Тарыхта Тагай бий деп калган экен.
Ал атам бир топ жерге ээлик кылып,
Кандык кылып Кашкар шаарын мекендеген.

Тагайдын Сарыбагыш Кылжырынын,
Орозбактан Мырзакул жарык көргөн.
Алардын баскан жолун билбесем да,
Алсейит атабызды ким билбеген.
Алсейит атабызга Бугу энени кудай кошкон.
Башына бакыт кушу даана конгон.
Кудайдын кудурети болсо керек,
Бугудан кызга айланып адам болгон.

Бугу эне кереметтүү болгондуктан,
Чежимжан көңүлүнө толгондуктан,
Түбөлүгүн алдын ала көрсө керек,
Алсейит атабызга баш байлаткан.
Чежимжан энебизден Туума туулган.
Бой жетип өскөн сайын даңкы чыккан.
Атагы эл ичине тарап кетип,
Туума делбей Туума-Кашка деп калышкан.

Туумадан Каракозу туулган экен,
Бул атанын акылы бир топ белеем.
Касиеттүү нандан чыккан чоң чатакты,
Илгиртпей, көп ырбатпай чечкен экен.
Каракозу атадан Желдең берен,
Желдең ата эл оозунан түшпөй келген.
Ал кишинин кылгандарын айта берсең,
Алдыда айтылуучу сөздөр кенен.

Каракозу атабыз бой жетиптир,
Качанайдай сулууга баш кошуптур.
Чогу жашап үч балалуу болушуптур,
Желдең, Жүдөмүш, Базарчы деп коюшуптур.
Маңдайга жазган менен болот деген,
Энебиз бээ тепкенден өлүп кеткен.
Атабыз айла жоктон аял алып,
Балдары өгөй болуп, жетим өскөн.

Өгөй эне өгөйлүгүн көп көрсөткөн,
Өз балдарын балам деп бөпөлөгөн.
Атабызды баш кылып мал кайтартып,
Улуу аялдын балдарын өгөйлөгөн.
Турмуштун ысык-суугу бат торолтуп,
Желдең ата жаштайынан тез жетилген.
Жеке эле өз жанына карабастан,
Инилерин багуунун да камын көргөн.

Жашоодо күндөр өтөт күн артынан,
Өткөн күн келчү күндөн көп айырмаң.
Бир күнү үй-бүлөөдө чоң чыр болуп,
Ал күнү нан чатагы келип чыккан.
Ал чатактын айырмасы көп чатактан,
Атабыздын тагдырын оңго бурган.
Себепсиз эч нерсе болбогондой,
Ошондон атабызга ырыс жуккан.

Ал окуя мындайча болгон экен:
Каракозу атабыз келе жатса аты менен,
Жолунда тегерек нан жаткан экен,
Аны көрүп атабыз аттан түшкөн.
Тапкан нанын караса жумшак белем,
Тапканына кубанып тобо деген.
Табылган кудай берген ырыскыдан,
Сындырып оозго салып чайнап жеген.

Кайрадан сындырсам деп таң калгандан,
Аз жерден эс-учунан танбай калган.
Эми эле сындырылган кемтик жери,
Жиги жок мурдагыдай болуп калган.
Көргөнүнө бир ишенип бир ишенбей,
Жалгыздап жегенине ыраа көрбөй,
Ал нанын балдарыма беремин деп,
Токтоосуз үйүн көздөй кайра кайткан.

Кийинки алган жары Шербет эне,
Нандын жайын атабыздан уккан эле.
Өзүнүн балдарына бермек болуп,
Боз үйдүн жабыгына каткан кезде,
Буту баспай үйдө отурган Жүдөмүштүн,
Катылган сырдуу нанга көзү түшкөн.
Жылкыдан чарчап келген Желдең ата
Ошол маалда капилеттен үйгө келген.

Инисинен «үйдөгүлөр кайда» деген,
Жүдөмүш нан жөнүндө айтып берген.
Желдең ата нанды алып жарымын жеп,
Калганын инилери бөлүп жеген.
Жүдөмүш үйдө болуп калгандыктан,
Үйдө жок Базарчыдан көбүн жеген.
Көрсө нан, нан эмей эле ырыскы экен,
Үчөөнө кудайымдын буюруп берген.

Ал убакта калгандары тышта жүргөн,
Бата кылып мал союушуп болуп дүрбөн.
Эл тарап түлөөлөрүн өткөргөн соң,
Шербет эне нанды алуу үчүн үйгө кирген.
Түз келип жабык башка колун сунду,
Суурулду каткан жерден колу куру.
Нанынын жоктугуна көзү жетип,
Шербет эне өң-далаттан кетип турду.

Жеп ийчүдөй Жүдөмүштү караганда,
Жүдөмүш тик карабай жер карады.
Өгөй эне жаалданып сабаганда,
Жүдөмүш айласыздан чынын айтты.
Шербет эне жаш неме, абышкага жакчу эле,
Күндө үч маал жасанып,
Өзүн-өзү билчү эле,
Шербет аты жоголуп Кубул аттуу болду эле.

Өз балдары кур калып,
Өгөйлөрү жеп алса,
Кубулду кудай эми урду,
Жаалданып бакырып абышкасын чакырды.
«Желдеңиңди аткын» деп,
Буйрук кылып айкырып,
Мылтыкты берип чамынып,
Чатакты мыктап салганда.

Атабыз айла таба албай
Жаалданган токолдун чатагына чыдабай,
Асынып алып мылтыгын,
Желдеңин издеп чыгыптыр.
Жылкычы уулу Желдеңи
Жылгындуу тоодо жатыптыр.
Жакындап барса уулуна,
Түтүн чыгып атыптыр.

Уктап жаткан Желдеңдин
Оозунан түтүн чыгыптыр.
Баланын касиетине
Атанын көзү жетиптир.
Атынан түшүп чөгөлөп,
Кудайга тобо кылыптыр.
Ойготуп алып баласын,
Чоо-жайын айтып туруптур.

Акыл калчап кеңешип,
Акыры келип чечимге,
Убадасын беришип,
Кулун кармап союшуп,
Этине кактап тоюшуп,
Желдеңинин көйнөгүн,
Канына мыктап боешуп,
Каракозу атабыз кайра жолго салыптыр.

Желдең ата жашынып,
Ошол жерде калыптыр.
«Желдеңди атып келдим» деп,
Көйнөктү барып таштаптыр.
Мына ошентип, аталар
Ушундай ойду табыптыр.
Ачуусу кайтпай Кубулдун,
Дагы эле өчү калыптыр.

Оштон келген кызына
Жүдөмүштү берип салыптыр.
Инисин алып кеткенин
Желдең угуп калыптыр.
Жара тээп сандыкты,
Алтын-күмүш алыптыр.
Күнчүлүк кеткен карындашын,
Артынан кууп барыптыр.

«Кыз мончок-шуру алчу» деп
Алтын-күмүш карматып,
Инисин кайра алыптыр.
Үйүнө барбай берениң,
Из жашырып кетмекке,
Ошту көздөй салыптыр.
Тулпардан тулпар таралат,
Чобурдан чобур жаралат.

Ата теги мыктыдан
Мыкты гана төрөлөт.
Атабыз Ошко барыптыр,
Жер иштетип калыптыр.
Ар жакта дээри болгон соң
Бат эле байып алыптыр.
Жигит жалаң мал күтүп,
Кыздарга көзүн салыптыр.

Желдең арык салдырып,
Түшүмдү арбын алыптыр.
Таң күнү ойноп күлгөндө,
Кыз жактырбай жүргөндө.
Башына күрүч көтөрүп,
Сулуу кыз өтүп калыптыр.
Кайсыл үйгө барат деп
Артынан аңдуу коюптур.

Кыз кирген үйдү жигиттер,
Аныктап билип алыптыр.
Желдең ата баш болуп,
Кыз үйүнө барыптыр.
«Кызыңызга келдик» деп
Жуучу түшүп калыптыр.
Анда ата-эне кеп айтат,
Кеп айтканда деп айтат:

Үч кызыбыз бар эле
Кимиси жагып калды эле.
Желдең ата баш болуп,
Атын билбей нес болуп.
Бири-бирин карашып,
Ар нерсени талашып,
Эже сиңди кыздарды,
Айрый албай адашып.

Билгенибиз ушул деп,
Башына күрүч көтөргөн,
Кара кызга келгенин,
Айтышканда келгендер,
Билишиптир ата-эне,
Тунугуна келгенин.
Ошол бойдон энебиз,
Күрүчбек атка конуптур.

Күнү-түнү той болуп,
Атага жар болуптур.
Той артынан той өтүп,
Жүдөмүштү үйлөнтүп,
Жанында жүргөн жигиттер,
Баары тегиз үйлөнүп.
Желдең ата башына,
Бакыт-таалай кут конуп.

Энебиз жолдуу болуптур,
Атанын иши оңуптур.
Өзү менен жүргөндөр,
Бир айылдай эл болуп,
Өнүп-өсүп алыптыр,
Бөтөн жерге көнө албай,
Эли-жерин сагынып,
Көчүүнү ойлоп калыптыр.

Камы толук жеткенде,
Кар жаңыдан кеткенде.
Туулган жери Ысык-Көл,
Беттеп көчүп калыптыр.
Күндөп-түндөп жол жүрүп,
Айлы менен көчүптүр.
Куса болуп эл-журтка,
Тыным албай жүрүптүр.

Арыбаган мал болбойт,
Чарчабаган жан болбойт.
Жедеп жүрбөй калганда,
Кочкорго келип өргүптүр.
Ошол кезде Кочкорду,
Мамат бий бийлеп турчу экен.
Көпкөнүнөн ал эргул,
Өз билгенин кылчу экен.

Мына ушинтип турганда,
Маматты кудай урганда.
Жайлоосунун четинен,
Жаңы айылды көргөндө.
Мамат чыдап туралбай,
Урушаарга жоо таппай.
Жан жигитин чакырып,
Кой суратат уялбай.

Бийинин сөзүн укканда,
Жигити чыдап турчубу.
Сөздү ташып ал кетти,
Кетери менен бат жетти.
Чапкылап жигит жеткени,
Сөздү айтып өткөнү
Желдең ата жооп айтты,
Жооп айтканда деп айтты.

«Бир түн түнөп кеткенге,
Эмне үчүн бир кой беремин.
Этсиресе ал бийиң
Талкан көөлөп же дегин».
Ал сөздү угуп жигити,
Бийине чаап келгени.
Желдеңдин айткан жообун,
Калтырбай айтып өткөнү.

Араң турган Мамат бий,
Ызасына чыдабай,
Жигиттерин жиберип,
Айылды чапты аябай.
Эркек менен аялдар
Кул, күңдүккө айланды.
Мал-мүлктөрүн бөлүшүп,
Көбүнүн көөнү жайланды.

“Эсебин эми таптым”— деп,
Эрдемсинген Желдеңди
“Баш көтөртпөй чаптым”— деп
Мамат бий тынчып калганы.
Желдең ата берениң,
Эптеп өчүн алалбай,
Элин таштап кете албай,
Эки жылы кармалды.

Эки жыл убак өткөн соң,
Эсеби эми жеткен соң,
Эсирген Мамат бийине,
Эбин таап эми киргени.
Эзелкиден кеп баштап,
Эстүүлүгүн билгизип,
Акырын айтып бек таштап,
Акылын бийге туйгузуп.

Минтип айтып турганы:
«Бийим ооз айыбым тарттырдың.
Айылым менен чаптырдың,
Бул мен үчүн чоң шылдың.
Эки жылы өткөнчө,
Эки ооз кепке келбедиң.
Эзелки кегиң алгандай,
Эмгекти төлөп бербедиң.

Мен дагы доолап келбедим,
Эмгекти доолап нетейин.
Мал мүлктү деле тим койгун,
Элимди бергин кетейин.
Эл сагынбас эр болбойт,
Үйүр сагынбас мал болбойт.
Эки жылы чыдадым,
Элиме аман жетейин.

Башыма мүшкүл салбасын,
Бирөөлөр кармап албасын.
Туура эмес басып алдың деп,
Дагы эки жыл калып калбайын.
Өз элиме жеткенче,
Чек араңдан өткөнчө,
Cуук көзгө тийгизбей,
Темир, Болот узатсын».

Ушул сөздү укканда,
Мамат бий кетти сүйүнүп.
Эки жыл эмгек мүлкүнөн,
Баш тартканын укканда.
“Айткандары чын болсо,
Айкөлдүктүн так өзү.
Кайра айнып кетпесин
Айтканына көнөйүн”,

Деп ойлонуп Мамат бий,
Түк ойлонбой көнүптүр.
Эли менен көчүүгө
Уруксаатын бериптир.
Темир, Болот эки уулун
Узатууга жиберип,
Кутулганга Желдеңден,
Кудуңдап Мамат калыптыр.

Чек арадан өткөндө,
Желдең ата берениң,
Темир менен Болоттун
Колдорун байлап салыптыр.
Алдынан чыккан адамдан,
Барымтага алдым деп,
Колдорун байлап салдым деп,
Маматка кабар айтыптыр.

Кабар жетип Мамат бий,
Эси кетип куруптур.
Ошондо гана ал эргул,
Алданганын билиптир.
Айылын толук жыйыптыр,
Ач айкырык салыптыр.
Алдына келген элинен,
Алык-салык алыптыр.

Көзгө басар эки уулу,
Барымтада жатканда,
Мамат бий карап турчубу.
Убал-соопко карабай,
Эл экен деп санабай,
Жыйган-терген мүлкүнөн,
Ырыстуусун калтырбай,
Толук жыйнап алыптыр.

Анысы аз келгенсип,
Эркектин колу тийбеген.
Сулуусунан кыздардын,
Тогузун тандап алыптыр.
Өзүнүн кызын баш кылып,
Тогуздаган мал-мүлккө,
Алмашуу үчүн эки уулун,
Элчилерин салыптыр.

Мамат бийдин тартуусун,
Желдең ата көрүптүр.
Алдына келген көп дүйнө,
Көңүлүнө жагыптыр.
Тогуздап келген мал-мүлкүн,
Элине ченеп бөлүптүр.
Тогуз кызга келгенде
Табасы толук каныптыр.

Мамат бийдин сары кыз,
Турган экен сабыры суз.
Сени өзүм алам деп,
Калганын бөлүп бериптир.
Бир айылдуу эл болуп,
Өрүшүнө мал толуп.
Желдең ата берениң,
Элине көчүп келиптир.

Айылына айыл конуптур,
Эл көөнүнө толуптур.
Алтын жерде калчубу,
Элине башчы болуптур.
Эми сөздү улайын,
Сөз түйүнүн чубайын.
Желдең атадан туулган,
Түлөкө атабыздан улайын.

Атанын ар-намысын булгабастан,
Элине кызмат кылып ал өтүптүр.
Желдеңдин Желдең атын унуттурбай,
Атанын бийик туусун көтөрүптүр.
Күрүчбек энебизден төрөлүптүр,
Кадимки ак бешикке бөлөнүптүр.
Атагы алыс узап кетпесе да
Артынан тукум улап ал кетиптир.

***

Түлөкөнүн бир уулу Мендегулдан
Карга аке жарык дүйнө көргөн экен.
Ал киши бул дүйнөгө келеринде
Энеси чыгаандыгын билген экен.
Кээде биз аялдарды барктабайбыз,
Көкөлөтүп эркектерди көп даңктайбыз.
Эмне үчүн Мендегулдун байбичеси,
Касиеттүү энебизден кеп салбайбыз.

Эненин эстүүлүгүн мындан билгин,
Билген соң кийинкиге айта жүргүн.
Ал киши алдын ала көрө билген,
Көзү ачык касиеттүү болгон экен.
Мендегул атабызга баш кошкондон,
Жыл маалында уулду болгон экен.
Сатышы жаштайынан тың чыкканда,
Торолбой көз тийгенден өлгөн экен.

Ата-эне муңга чөгүп самтыраган,
Көздөрү жашка толуп кайгыргандан.
Ыйлап-сыктап кайгырып жүргөнүндө
Жыл өтүп балканактай бала тапкан.
Энекеси перзентин көрүп алып,
Атабызга кайрылып минтип айткан:
«Кайгыдан бүткөн бул бала,
Аты Самтыр болсунчу.

Эч кимге зыян тийгизбей,
Өз жанын эле баксынчы.
Сатышыма окшобойт,
Санааңды тартып жүрө бер».
Дагы эле кутула албай кайгыргандан,
Айыга албай жүрөктөгү жарасынан.
Ата-эне жүрүшкөндө капаланып,
Кайрадан бойго бүтүп бала тапкан.

Атабызга кайрылып минтип айткан:
«Бул бала Сатышыңа жакындады,
Аты болсун Байкиши.
Баатырлыгы шай киши,
Эч кимге жемин жегизбейт,
Элин жоого тийгизбейт.
Сатышыңа аз калды,
Санаа тартып саргайба».

Ай айланып, жыл өтүп
Убакыт өтүп кетиптир,
Бала бойго бүтүптүр,
Энебиз ай-күнүнө жетиптир.
Баланы төрөп энебиз,
Атабызга кайрылып:
«Абышка, эми кайгырба,
Сатышың кайра тирилди.

Суук көзгө көрсөтпөй,
Далдаа жерге багалы.
Көз тийбесин балага.
Атын Карга коюп салалы.
Эл атасы нак болот,
Убадага так болот.
Айткан сөзү эп болот,
Эл-журтуна чеп болот.

Батасын алган карк болот,
Айтканы ката кетпеген,
Акылы күчтүү жан болот,
Телегейи тең болот.»-
Деген экен байбиче.
Жыл айланып өтүптүр,
Бала бойго бүтүптүр,
Баланы төрөп энебиз,

Атабызга кайрылып:
«Карыганда көргөн балабыз,
Атын Акмузоо коюп алабыз.
Эбин таап күн көрөөр
Эл аралап тим жүрөөр»-
деген экен байбиче.
Чоңойгондо балдары
Эне айткандай болуптур.

Атагы чыгып Карганын
Аке атка конуптур.
Эл акеси Карганы
Айтпай кетсем болобу.
Өз бабамды жазбасам,
Анда ишим оңобу.
Ашырып жазып ийбесмин,
Кемитип жазсам кечиргин.

Кечирим сурап жалынам
Арбагыңа сыйынам.
Касиеттүү Карга аке
Телегейи тең экен.
Алгачкы «аке» наам алган,
Эл сыйына татыган.
Көлдөн чыккан жети аке,
Жети акенин улуусу.

Кийинки чыккан жаштарга
Бата берип туруучу.
«Аке»деген наам жокто,
Жогорку наам болбосо,
Эл акеси наам алган,
Оңой адам болобу.
Андан ашчу болорбу,
Кан, болуш, бий деп көп угам.

Эң жогорку наам алган
Эл акеси атанган,
Кыргызымдын ичинен,
Жетөө эле деп угам.
Жазып жатып бабамды,
Сыймыктанып отурам.
Сөзүм куру болбосун,
Карга атадан сөз болсун.

Энеси айтып кеткендей,
Телегейи тең болуп,
Эс тарткандан Карга ата
Элине баш-көз болуптур.
Өмүр бою бий болуп,
Элин жоодон сактаптыр.
Эл таламын талашып,
Жоодон кайра тартпаптыр.

Калмактар кол салганда,
Элин жоого баштаптыр.
Алдын ала айтканы,
Эзели ката кетпептир.
Элчи болуп барганда,
Айткан сөзү эм болуп,
Чыр чатакты чечкенде,
Калыстыктан тайбаптыр.

Эл бийлеген жакшылар,
Кеңешин алып турчу экен.
Кезеги келген учурда,
Чогултуп жыйын курчу экен.
Бата сурап келгенге,
Ак батасын берчү экен.
Батасын алган адамдын
Тилеги кабыл болчу экен.

Айткан сөзүн аздектеп,
Сөздү бага билчү экен.
Айткан сөзүн аткарып,
Убадага турчу экен.
Душманына сыр бербей,
Сырды бекем катчу экен.
Аралап душман кире алгыс,
Эл-журтуна чеп экен.

Эч нерседен кем кылбай
Элин багып байыткан.
Жан дүйнөсү тарлары,
Акылын угуп айыккан.
Көргөндүн көөнүн толтурган,
Көпчүлүк үчүн жаралган.
Кудай берген жан экен,
Эл атасы нак экен.

Телегейи тең болуп,
Сыйлагандан эл журту,
Аке деген наам берип,
Карга аке жашап өтүптүр.
Жүз он жашка жетиптир.,
Он уулдуу болуптур.
Аты калып артына,
Өлбөстүккө кетиптир.

Үч жүз жылча илгери,
Карга ата жарык көрүптүр.
Катардагы пендедей,
Ал дагы жашап өтүптүр.
Жанында жүрүп көрбөдүм,
Алган жокмун өрнөгүн.
Уккандардан кеп кылсам,
Кантип жашап өткөнүн.

Илгери өткөн заманда,
Карга аке жашап жатканда,
Анжиянга мал айдап,
Соода кылып атканда.
Белектин уулу Бирназар,
Элинде бий болуптур.
Анжиянга баратып,
Ара жолго конуптур.

Суусаган жылкылар,
Баш бербей сууга кириптир.
Ортодогу айылды,
Каптап өтүп кетиптир.
Чаңы асманга чыгыптыр,
Туман болуп калыптыр.
Чаңдан айыл көрүнбөй,
Тумчуктуруп салыптыр.

Аны көргөн Бирназар
Уят болуп калыптыр.
Жигиттерин чакырып,
«Кимдин айылы» деп сураптыр.
Жигиттери токтолбой,
Акенин айлы дегенде,
Бирназар башы шылк этип,
Чекесинен тер кетип:

«Атаны кокуй жигиттер,
Эми эмне болуучу,
Карга акеге кабылган,
Эки дүйнө оңчубу.
Ат тарткыла тезирээк,
Карга акеге баралы.
Каарына кала электе,
Батасын сурап калалы».

Деп ошентип Бирназар,
Ашып-шашып ат минип.
Жан аябай тез жүрүп,
Карга атага жетиптир.
Тизелей калып чөк түшүп,
Чекеси менен жер сүзүп.
Камчысын салып мойнуна,
Кечирим сурап туруптур.

“-Касиеттүү Карга аке,
Туш келгеним өзүңө.
Айлыңды чаңга каптатып,
Кетирип койдум чоң күнөө.
Жылкычыга баш бербей,
Суусаган жылкылар.
Айлыңызды көзгө илбей,
Чаңдатып кетти көрүнөө.

Кечирип мени коюңуз,
Кетирген болсом чоң күнөө.
Бир балаңыз болоюн,
Калп айтсам такыр оңбоюн”-
Деп ушинтип турганда,
Карга аке көңүл бурганы.
Алдыда турган жигитке,
Батасын берип турганы.

Батасын алган Бирназар,
Атагы чыккан бир далай.
Элдик болгон балдары,
Тилекмат менен Боронбай.
Карга атанын заманында,
Тарыган экен замана.
Душмандары кол салып,
Далай кылган беймаза.

Эли-жерин сакташка,
Душманга жол ачпаска,
Эл бийлерин чогултуп,
Кат жиберип падышага.
Орустун улуу падыша
Катты окуган кызыга.
Көңүлүн буруп ийиген,
Элинен элчи жиберген.

Карга ата баш болгон,
Бийлер менен коштолгон,
Элчилердин келгени,
Далай элге дүң болгон.
Орус менен мамилени,
Душмандар байкап көргөнү.
Кол салуусун токтотуп,
Элге тынчтык келгени.

Ошол эле заманда,
Салып койгон жайы жок,
Куруп койгон тамы жок,
Элибиз көчүп жүрчү экен.
Көбүнчө мал бакчу экен,
Анжиян жакка барчу экен.
Жер жемишти базардан,
Тандап сатып алчу экен.

Бир жерде туруп жан бакпай,
Жерди айдап там салбай.
Жайыттан жайыт которуп,
Мал багып көчүп жүрчү экен.
Бир күнү Карга атабыз,
Көч баштап бара жаткан суз.
Кең жуукунун талаага,
Жамбаштап жатып алыптыр.

Унчукпастан атабыз,
Көпкө жата бериптир.
Жабыла түшүп балдары,
Жанына жакын келиптир.
Бир топтон кийин атасы,
Бир гана ооз кеп айтып.
“Ушул жер жайлап кыштоочу,
Жер экен го”-деп айтып.

Башка эч нерсе айтпастан
Атына минип Карга ата.
Жообун айтып кылчайбай,
Алдыга жөнөп кетиптир.
Сөз түйүнүн чече албай,
Бул сөзүнүн маанисин,
Түшүнө албай балдары,
Кеткен экен шайлары.

“Жайы кышы бир жерде,
Отурууга болчубу.
Жүз онго чыгып атабыз,
Сөзүнөн алжып калганбы”-
деп ойлонуп балдары,
Таба албай жатканда,
Арасынан Жаныбек,
Акылы артык жан экен.

“Бир жерден орун алганы,
Түбөлүк жайы эмеспи”
Атасынын бул сөзүн,
Ошентип чечип алганы.
Азыр келем деп коюп,
Артына кайра чапканы.
Атасы жаткан оордуна,
Укурук сайып кайтканы.

Ошол жылы жай өтүп,
Кыш мезгили болуптур.
Капысынан бир күнү,
Атага досу келиптир.
Сөз жылдырып кеп таштап,
Мына мынтип кеп баштап,
“Мен сиз менен досмун деп,
Бекер жүргөн экемин.

Карганын досу деп койсо,

Чынында эле досмун деп,
Өзүм деле сезчүмүн,
Төбөөм көккө жеткенин.
Ушунча жылы досмун деп,
Жөн эле жүргөн экемин.
Уят болдум бир жерден,
Жашыңызды билбепмин.

Канчада Карга досуң деп,
Сураганда билбедим.
Досунун жашын билбейт деп,
Шылдыңга калып жүдөдүм.
Жашыңызды билгенге,
Атайын сизге келгемин.
Шылдыңы өттү элдердин,
Билмейинче кетпеймин.

Анда ата кеп айтат,
Кеп айтканда деп айтат:
“Кап ай, досум болбостур,
Ажат жанды койбостур.
Уккандан кийин атайын,
Бул өзүнчө сыр эле.
Өз жашымды айтканда,
Ажал жанды алчу эле.

Жан аябас дос элек,
Сурооңо жообун айтайын.
Жоопсуз сен да кайтпагын,
Быйыл жүз он жаштамын”-
деп айтканда Карга ата,
Досу батып кайгыга.
Ошондо араң билиптир,
Салып бергенин ажалга.

Ата досун узатып,
Эли журтун чогултуп,
Эли менен коштошуп,
Керээзин айтат баарына.
Карга аке сөзүн укканда,
Эли ыйлап буркурап.
Айлаларын таба албай,
Турган чакта чыркырап.

Балдарынын ичинен,
Жаныбек жолун жолдогон,
Акылга дыйкан жан эле.
Атасынын оордун,
Өзү басчу чагы эле.
Жаныбек туруп сөз айтып:
“Атаке не деп турасыз,
Өлүмдөн кабар урасыз.

Төө боюна тең келген,
Ат, бура тартып кетпеген,
Карды көрүп турасыз.
Кандай айла кылабыз,
Кыдырма жарда турабыз.
Чакталуу биздин чамабыз.
Түбөлүк жатчу жайыңа,
Кантип алып барабыз.

Карга аке өлдү деп,
Чын жайын эми көрдү деп,
Казак, Өзбек, Кыргызга,
Кантип кабар кылабыз”.
Деп суроо бергенде,
Кебелбей туруп Карга ата:
“Ишенген уулум сен болсоң,
Ушуну кантип билбейсиң.

Жазга чейин жатсын деп,
Арчадан төшөк салдырып,
Кардан жабуу жаптырып,
Неге ошентип койбойсуң”,
Деген экен Карга ата.
Ошол күнү кечинде,
Эл уктаган кезинде,
Кеткен экен чын жайга.

Эртеси күнү болгондо,
Атайын боз үй тиктирип.
Ата айтканын кылышып,
Сөөгүн сактап коюптур.
Кыш өтүп жаз келгенде,
Кыргыз, Казак, Өзбекке,
Карга аке өлдү деп,
Элге кабар бериптир.

Мындай кабар уккандын,
Баары тегиз келиптир.
Өзү айткан жерине,

Акесин кастарлашып коюптур.
Атайын кабар айттырса,
Бирназар уулу келиптир.
Атабыздын сыйнатка,
Бир уулундай туруптур.

Келгендер бүтүн келиптир,
Тегиз жашын төгүптүр.
Көптүгүнөн элдердин,
Ат менен табак тартыптыр.
Кайран ата Карга аке,
Мына ушинтип ал дагы,
Түбөлүк өз жайында,
Жер алдында калыптыр.

Атадан калган он уулу,
Ага тууган эл журту.
Куран окуп турууга,
Тегеректеп конуптур.
Тукуму өсүп жылыга,
Килейген айыл болуптур.
Ким койгону белгисиз,
Дархан атка конуптур.

Касиеттүү Карга ата,
Өзү өлүп калса да,
Эли журтум турсун деп,
Жерди ээлеп коюптур.

Айтылуу Карга атадан,
Асыл аттуу энеден,
Чоң мурун ата төрөлгөн.
Ак бешикке бөлөнгөн.
Элин жоодон коргогон.
Кытай менен Калмакка,
Кыргын салып туруптур.

Болот найза колго алып,
Жалаң кылыч байланып,
Колуна чокмор алчу экен.
Жоо жарагы шай экен.
Каптап келген душманга,
Бет келишип калганда,
Жалтанбай кирип барчу экен.
Аянбай колун салчу экен.

Ак жалдан башка аргымак,
Көтөрө албай койчу экен.
Ак жал атын мингенде,
Алышканын алчу экен.
Адамдан чыккан көй кашка,
Баатырлыгы бир башка,
Эбин таап кармашкан,
Эрендиги башкача.

Караңгыда жол тапкан,
Капилеттен сөз тапкан.
Согуштун жайын түшүнгөн,
Эпчилдиги бар экен.
Кармашкан жоодон кайтпаган,
Кекчилдиги бар экен.
Беттегенин бербеген,
Көкчүлдүгү бар экен.

Майда ишти кылбаган,
Айкөлдүгү бар экен.
Бой көтөрүп тыңсынбай,
Жөп жөнөкөй жан экен.
Адал иштен качпаган,
Ак ниеттүү башынан,
Алсыз менен жардыга,
Боору ооруп турчу экен.

Зөөкүрлөрдү көрүп калса,
Кармап алып урчу экен.
Ууруга малды алдырбай,
Бек кайтарып турчу экен.
Чоңмурун ата заманы,
Уруштун болуп очогу.
Кытай Калмак жонгору,
Тынбай каттап турганы.

Эми кепти баштайын.
Чоңмурундай бабамдан.
Жонгорлор менен кармашкан.
Баатырлыгын айтайын.
Ал атанын тушунда.
Жонгорлор колун салганда.
Эр бүлөөнүн баарысы.
Жалпы аттанып жатканда.

Эл чогулуп келиптир,
Эр Чоңмурун баатырга
Эми кандай кылдык деп,
Эси кетип турганда.
Чоңмурун ата кеп айтат,
Кеп айтканда деп айтат:
“Каптап келген душмандар,
Каары катуу эл болот.

Капыстан кирип келишсе,
Калың элди тим койбойт.
Ээн талаа Шалбага,
Душманды беттеп баралы.
Жерибизге киргизбей,
Андан ары сүрөлү.
Тууманын туусун алалы,
Жапа тырмак туралы.

Кумурскадай жонгорго,
Аянбай кыргын салалы.
Ажал жетип күн бүтсө,
Ошол жерде калалы.
Колду өзүм баштайын,
Тууну колго алайын.
Туу түшкөнчө колуман,
Тартынбай уруш салайын.

Туу көргөндө туугандар,
Турбай уруш кылгыла.
Түшүп кетсе колумдан,
Артты карай кайрылып,
Тарап кетпей бир бирден,
Тартынбай уруш салгыла.
Элибизге тийгизбей,
Бекем сактап калгыла.

Туу турганда колумда,
Менин аман жүргөнүм.
Туу түшкөндө колумдан,
Чын жайымды көргөнүм.
Кайтпай калсам артыма,
Ардактап көөмп койгула.
Эл жери үчүн өлгөн деп,
Аңыз кеп болсун артымда”.

Деп ошонтип Чоңмурун,
Колду жоого баштаптыр.
Кызыл Суунун боюна,
Колун өргүү кылып таштаптыр.
Өзү баштап чалгынга,
Он киши менен барыптыр.
Шанияз менен Олжобай,
Жүргөн экен жанында.

Агасы Шанияз эр экен,
Беттегенин бербеген.
Олжобай деген баласы,
Андан өткөн шер экен.
Ээн талаа Шалбага,
Эми гана жеткенде.
Бугуп жаткан жонгорлор,
Буктурмадан чыкканда.

Көптүгүнөн душмандар,
Каптап селдей кириптир.
Айласын таппай он киши,
Артты карай жүрүптүр.
Аты баспай Шанияз,
Арт жагында калыптыр.
Арттан кууган душмандар,
Тегеректеп калыптыр.

Душманга таштап кете албай,
Чоңмурун менен Олжобай.
Артка кайра кайрылып,
Душманга уруш салыптыр.
Атсыз калган Шанияз,
Айласы кетип турганда,
Аралап барып Чоңмурун,
Агасын учкаштырып качыптыр.

Карала Ак жал аргымак,
Кайыптан бүткөн бул чунак.
Опол тоодой эки алпты,
Көтөрүп чуркап алыптыр.
Аларды көрүп Олжобай,
Артынан түшүп калыптыр.
Алдыдагы Ак жалга,
Бута атым жетпей калыптыр.

Ак жал аргымактыгын билгизип,
Арышын кенен таштаптыр.
Айгайлаган душманга,
Караандатпай кетиптир.
Душман артта калыптыр.
Ата бала экөөнү,
Колду көздөй жөнөтүп,
Атабыз Оргочор тоого чыгыптыр.

Айгай салып кыйкырып,
Колуна буйрук бериптир.
Ошончо жерден колу угуп,
Жоону беттеп келиптир.
Ээн талаа Шалбада,
Жонгорлор менен кармашка,
Чоңмурун баатыр атабыз,
Колду баштап кириптир.

Кумурскадай жыбырап,
Жонгорлор каптап келиптир.
Куралы начар аз гана эл,
Душманын беттеп кириптир.
Чоңмурун ата баатырың,
Кайра тартпас кырааның.
Булгаалап Туума туусун,
Бурулбай жоого кириптир.

Алдынан чыккан душманга,
Артылтып найза сунуптур.
Капталынан чыкканын,
Кылыч менен уруптур.
Чукул келип калганын,
Чокмор менен согуптур.
Аралап өткөн жерлери,
Аркы терки кулаптыр.

Акжал менен чуратып,
Бет келгенин сулатып,
Кызыл кыргын салыптыр.
Кырчылдашып алыптыр.
Аны көргөн эл журту,
Тим эле карап турчубу,
Тууну көрүп демденип,
Жөнөкөй киши эрденип,

Кумурскадай жонгорду,
Кыргын кылып салыптыр.
Басып келген жанына,
Калганын сүрүп таштаптыр.
Катылган жоону ушинтип,
Катыгын кайра бериптир.
Атабыздын эрдиги,
Канча экенин ким билди.

Чоңмурун баатыр атадан,
Ботокан ата жаралган.
Өзгөлөрдөн башка адам,
Сөз түгөнбөйт кеп салсам.
Айтканын кудай берчү экен,
Туубаса өзү элчи экен.
Достукту бекем тутчу экен,
Бул адамга кут түшкөн.

Акыл ойлоп калчаган,
Айлакер адам атыккан.
Алдын ала көп билген,
Көзү ачык атка конуптур.
Жайлоосу толуп жайлаган,
Малдуу экен Ботокан.
Тулпар туулуп бээсинен,
Даңктуу экен Ботокан.

Сөзүм куру болбосун,
Бир башынан айтайын.
Чоң атабыз Ботокан,
Курут көлүн жайлаган.
Жайлоосуна мал толуп,
Жылкысы миңге жетиптир.
Ырыскыдан кем калбай,
Кудай берип кетиптир.

Бир күнү минип,
Чаар бээсин.
Малына өзү барыптыр.
Чидерип минген бээси,
Жол жүрө албай калыптыр.
Жайытка таштап салыптыр.
Көтөрүп алып ээрин,
Айлына жөө кайтыптыр.

Эртеси таңдан туруптур,
Шашып жолго чыгыптыр.
Эмне болду бээм деп,
Сана тартып куруптур.
Алыстан караан көрүптүр,
Бирөө эмес экөө экен.
Тууса керек бээм деп,
Жанына жакын келиптир.

Бир укмушту көрүптүр,
Кулун десе окшобойт.
Шыйрагы узун түгү жок,
Чаарала неме туруптур.
Энесин ээмп эркелеп,
Ал шумдугуң кургуруң,
Оттоп турган бээсинен,
Ары бери секирет.

Көрүп абдан таң калган,
Жанына жакын барбастан.
Алласы түшүп оозунан,
Кайра айлына жол тарткан.
Ата айлына келгенде,
Көргөнүн айтып бермекке,
Ак сары башыл мал союп,
Түлөө өткөрүп сыйынып,

Элге келип кеп айтат,
Кеп айтканда деп айтат.
“Айланайын туугандар,
Айтылган кепти угуңар.
Ушул жашка келгеним,
Мындай укмуш неме экен,
Денеси темгил ала экен.

Бээни ээмп турбаса,
Кулуну бээнин дейт белем.
Кулунга бирок окшобойт,
Билбедим муну эмне экен.
Укканың барбы арааңда,
Бул тир укмуш эмне экен?
Көп эле нерсе көргөмүн,
Мындайды мурда көрбөдүм”.

Деп айтканда атабыз,
Уккандар, жака карманып,
Тобо кылып кудайга,
Таңданып туруп калыптыр.
Арасынан аксакал,
Эл алдына чыгыптыр.
Таңданып турган эл журтка,
Мынтип айтып туруптур.

“Кичине бала кезимде,
Чоң атамдан кеп уккам.
Эң кыйыны жылкынын,
Тулпар болот деп уккам.
Аны этият бакпаса,
Кенедей эле үн укса,
Жарылып кетип кулагы,
Өлүп калат деп уккам.

Тулпар жаңы туулганда,
Жылаңач болот дечү эле.
Денесинде түк болбой,
Калы болот дечү эле.
Ботокан айтканыңа карасам,
Анык тулпар туулган дейм.
Кудай сүйгөн пендеге,
Тулпар берет дечү эле.

Ошол сага туш болду,
Эми сага кут конду.
Бул ишиңдин оңгону,
Бакыт сага конгону.”
Деп айтканда аксакал,
Ботокан ата сүйүнүп,
Душмандары күйүнүп,
Түлөө тойго айланып,

Атанын көөнү жайланып,
Акыл калчап ойлонуп,
Эми кантип багам деп,
Эчен ирээт толгонуп,
Чоң Жууку суунун шарына,
Тегирмендин жанына.
Бир дагы үн угузбай,
Баккан экен тулпарды.

Күн артынан күн өтүп,
Айдын жүзү болуптур.
Кызыл эт кулун торолуп,
Өлбөгүдөй болуптур.
Кайра айланып үйүнө,
Тулпары менен барганча,
Бүт элге дүң болуптур.
Алармандар толуптур.

Тулпарыңды саткын деп,
Ордуна муну алгын деп.
Короо короо мал айдап,
Атанын жанын койбоптур.
Аларга ата айтыптыр.
“Бул асыл жаныбар,
Малдан эмес сатылаар,
Сатсам малдын кулу учаар.

Элдин уулу Баатыркан,
Дос болсом деймин абыдан.
Эч нерсе андан албастан,
Белек кылып беремин”.
Деп ошентип айтканда,
Алганы келген адамдар,
“Сатылбайт экен тулпар”— деп,
Жай жайына тараптыр.

Ошол кезде Баатыркан,
Көлдү бийлеп турчу экен.
Тирүүсүндө коргон салдырып,
Айалдарына кошок айттырып.
Кытай менен Ташкентке,
Өзү соода кылчу экен.
Алам десе алчу дейт,
Барам десе барчу дейт.

Оңтойуна келгенде,
Ойлогонун кылчу экен.
Кыябына келгенде,
Кыргыйдай илип алчу экен.
Сыйлашам деген кишиге,
Сый көрсөтө билчү экен.
Кыйындардын ичинен,
Эң кыйыны бул экен.

Жакшылардын ичинен,
Эң бакшысы Баатыркан.
Ботокан ата көөнүнө,
Ушул гана толчу экен.
Бул кабарды укканда,
Баатыркан чыдап турчубу.
Атабыз менен достошуп,
Тулпарды алып кетиптир.

Баатыркан менен Ботокан,
Жан кыйышпас дос экен.
Манаптын аюу талпака,
Отуруп кеңеш курчу экен.
Көрүшпөсө бири-бирин,
Сагынышып турчу экен.
Чыныгы достор ушул деп,
Элдер кеп кылчу экен.

Жогоруда уккандай,
Короо короо мал албай.
Бекер белек беришип,
Дос болсо болсун ушундай.
Бул тулпардын баянын,
Билгенимче улайын.
Тулпардын өзүн укпадым,
Кулунунан кепти чубайын.

Ботокан улуу уулу,
Токтомамбет болуш болуптур.
Жыйынга барып сөз сүйлөп,
Жатканын көрүптүр.
Телегейи тең экен,
Айткан сөзү эп экен.
Көрктү кудай бериптир,
Көргөндүн көзү кубанган.

Тилекмат кызын алыптыр,
Кел кели келип калыптыр.
Сөзүн айтып жатканда,
Бали!— деп эл баалаптыр.
Ошол жерден көз тийип,
Жаман ооздон тил тийип,
Жаш тайында эрениң
Жайран болуп калыптыр.

Беренинен ажырап,
Бек кайгырып көп ыйлап.
Желдең эли үч күнү,
Кара кийип калыптыр.
Байгазыны жаштыгына карабай,
Болуштука шайлаптыр.
Бала болуш атагып,
Ишин жөндөп алыптыр.

Бала болуш Байгазы,
Деп аталып турганда.
Атасы анын Ысааке,
Оо дүйнө жолун салыптыр.
Атамдын ашын берем деп,
Ат чапкандар келсин деп,
Келип байге алсын деп,
Байгазы кабар айтыптыр.

Аталаш тууган агасы,
Үкүнүн буурул аты бар экен.
Күлүктүгү бир башка,
Жылкыдан чыккан жан экен.
Ат чабышта эзели,
Алдына күлүк өтпөгөн.
Кайран буудан буурул ат,
Мактагандай бар экен.

Ат чабышка кошом деп,
Үкү да атын таптаптыр.
Анысын угуп Байгазы,
Агасына барыптыр.
Ат чабышка атыңды,
Үкү аба кошпогун.
Байгесин өзү алды деп,
Эл журтка кеп болбогун.

Деген сөзгө көнбөптүр,
Укү оюн бербептир.
Буурул атын кошом деп,
Инисине болбоптур .
Менин сөзүм укпайт деп,
Буурул аты чыкпайт деп,
Чабышка түшкөн аттарды,
Байгазы өзү айдамай болуптур.

Ат чабыш болчу күнүндө,
Ат айдалчу чегине,
Барган экен Байгазы.
Буурул атты сооруга,
Чапкан экен Байгазы.
Чапкан жери сыныптыр,
Ошентсе да буурул ат,
Экинчи болуп келиптир.

Маарага жетип жаныбар,
Бычака жетип өлүптүр.
Эки тууган ортосун,
Ажыратып кетиптир.
Күндөн күндөн күн өтүп,
Күндө чатак арбыптыр.
Эки тууган ортосун,
Нак балакет чырмаптыр.

Буурул аттан канткенде,
Кутулам деп айттырып,
Ортого киши салыптыр.
Байгазы жарашууга барыптыр.
Анда Үкү айтыптыр:
“Кутулам десе буурулдан,
Тукумун алып келип бер,
Ботокан берген тулпардын”.

Ошол кезде Байгазы,
Баатыркан кызын алыптыр.
Баатыркандай баатырга,
Күйөө бала болуп калыптыр.
Аны угуп Байгазы,
Аялына мынтип айтканы:
“Сеп берем десе албагын,
Кара кашка тайдан башканы.”

Деп ошентип Байгазы,
Амал ойлоп тапканы.
Аялын төркүлөтүп жиберип,
Өзү калып калганы.
Белек камдап мал алып,
Адаттагыдай көп алып,
Баатыркандын ал кызы,
Төркүнүнө барганы.

Көргөндө эле Баатыркан,
Соода кылып дасыккан,
Көсөмдүгү бар эле.
Чакырып алып кызынан:
“Күйөө бала не келбейт,
Мынча мүлктү жөн бербейт.
Билип турам жан балам,
Бир нерсе менден сураган.”

Деп ошентип айтканда,
Кызы айтып бериптир.
Ага тууган кабарын,
Буурул аттын чатагын.
Күйөөсүнүн айтканын,
Албай кайра кайтпасын.
Сеп оордуна бергин деп,
Тулпардын кашка кулунун.

Кызынын кебин угуптур,
Эми айласы куруптур.
Эмне дээрин биле албай,
Тунжурап бир топ туруптур.
Акыры кебин айтыптыр:
“Тулпардан туулган мал эле,
Бирөөгө кыйбас жан эле,
Эми балам кантейин.

Кара кашка кулунду,
Бир өзүңө берейин.
Мал аяды атам деп,
Сен таарынып калбагын.”
Деген экен Баатыркан,
Бала көөнүн кыялбай.
Өзөгү жаман өрттөнүп,
Өз айласын таба албай.

Баатыркан берген кулунду,
Байгазы көрүп турганы.
Көрүп алып кулунду,
“Ушулбу тулпар тукуму,
Дагысы түшпөй тыртайган,
Ушул кулун күлүкпү.
Көрсө айнып кетпесин,
Үкү эмнесине кызыкты.”

Деген экен Байгазы,
Көрсө айнып кетет деп,
Кулунга кошуп алтынды,
Берген экен Байгазы.
Үкү көрүп кулунду,
Кучактап өөп жыттады.
Кайтып колго тийдиң деп,
Сүйүнгөндөн ыйлады.

Байгазы берген алтынды,
Кулунга кошуп алгын деп,
Жигит берип турганы.
Анда үкү муну айтты:
“Албаймын алгын алтынды,
Буурулум кайра тирилди.
Кечтим эми кегимди,
Кудайга мен ыраазы.”

Алтынды албай койгонун,
Жигит көрүп таң калды.
Буурул аттын оордуна,
Даакы баскан тай калды.
Көрө билбес кишиге,
Кара кашка кулунуң,
Жөп жөнөкөй мал экен,
Өлүп калчудай жан экен.

Көрө билген кишиге,
Кара кашка кулунуң,
Ай туяктуу мал экен,
Нак тулпардын өзү экен.
Муну Үкү байкаптыр,
Сылап сыйпап багыптыр.
Даакысы түшүп кулундун,
Кулпунуп жүнү чыгыптыр.

Кара кашка кулундун,
Тулпардык сыны билинип,
Аз кана убакыт ичинде,
Көзгө урунуп калыптыр.
Убакыт туруп турчубу,
Учкан куштай өтүптүр.
Кара кашка тулпарың,
Табына эми келиптир.

Ошол кезде Чоко бий,
Чүйдө бийлик кылчу экен.
Чүй боорунда элдерге,
Чогултуп жыйын курчу экен.
Өлбөй турган жан барбы,
Атасы өтүп дүйнөдөн,
Чоко бий аш берет деп,
Чоң ат чабыш болот деп,

Баш байгеси күлүктүн,
Миң кара кой экен деп.
Ашка үч ай калганда,
Кабар журтка тараптыр.
Үкү да угуп кабарды,
Кара кашка күлүгүн,
Күнү түнү таптаптыр,
Чырым этип уйку салбаптыр.

Он эки жашаар Саадашты,
Чабандестике камдантып.
Ал дагы тынч албаптыр,
Жанынан такыр чыкпаптыр.
Үч ай убакыт өтүптүр,
Аш берчү мезгил болуптур.
Кара кашка күлүктү,
Ат чабышка салыптыр.

Желдеңдин туусун көтөрүп,
Байгазы Үкү барыптыр.
Бизди тосуп алсын деп,
Чокого кабар айтыптыр.
Чокчоңдогон чоң Чоко,
Байгазы берген кабарга,
Берилип кулак салбаптыр,
Аны тосуп албаптыр.

Таарынып калып Чокого,
Байгазы басып барбаптыр.
Өзүнчө боз үй тиктирип,
Өргүү кылып калыптыр.
Кыргыз Казак чогултуп,
Чоко чон аш баштаптыр.
Ат чабыш күнү болуптур,
Күлүктөр батпай толуптур.

Айтылган миң кой коюптур,
Чабыла турган аттарга,
Кара кашка күлүгүн,
Үкү дагы кошуп коюптур.
Бала Саадаш чабандес,
Ат мингенге болгон маш.
Кара кашка күлүктүн,
Оозун койо бериптир.

Топураган күлүктөр,
Тең тайлаша жүрүптүр.
Тамандан чыккан даңкандан,
Чоң тополоң түшүптүр.
Арасынан кээ бирөө,
Жыгылып аттан кулаптыр.
Топурак кирип көзүнө,
Саадаш жашын төгүптүр.

Кара кашка жаныбар,
Тулпар аттын каны бар.
Алдындагы күлүктөн,
Улам бирден таштаптыр.
Атаандашкан күлүктөн,
Алдыга оозуп чыгыптыр.
Аңды дөңдү карабай,
Жаш балага ооз бербей.

Арышын кенен таштаптыр.
Топ күлүктү калтырып,
Тогуз аттын артынан,
Тооруп чуркап алыптыр.
Араандай оозун ачыптыр,
Үч күлүктү таштаптыр.
Алты күлүк артынан,
Калбай чуркап алыптыр.

Башын жерге салыптыр,
Эми кызып алыптыр.
Эки күлүк артынан,
Ээрчип кана алыптыр.
Маарага жакын барыптыр,
Айгайлаган чууну угуп,
Оозунан көп көк буу чыгып,
Алдыга чыгып алыптыр.

Кара кашка аргымак,
Тулпардан туулган бул чунак.
Караандатпай кетиптир,
Маарага биринчи болуп жетиптир.
Чокчоңдогон Чокодон,
Миң кара кой алыптыр.
Аты чыгып Желдеңдин,
Намысы колго тийиптир.

Туумду жыгып берсин деп,
Чоко кабар айттырса,
Тарынып калган Байгазы,
Туусун жыкпай кетиптир.
Тулпардан туулган тукуму,
Ошентип мөөрөй алыптыр.
Кайра айланып жерине,
Тулпар кайра келиптир.

Сатпагандан тулпарды,
Куту учуп кетпептир.
Уругу желдең атанын,
Намысын алып бериптир.
Ушундай тулпар баяны,
Эми артка кайрылып,
Сөздү атадан баштайлы,
“Туубаса өзү элчи экен.”

Деген элем башында,
Эми ошондон баштасам.
Эки элдин ортого,
Эпчил адам жүрчү экен.
Айткан сөзү эм болгон,
Телегейи тең болгон.
Айтканы ката кетпеген,
Адам элчи болчу экен.

Ботокан ата ошондой,
Касиетке ээ экен.
Эпке келбес душманды,
Элдештирип кайтчу экен.
Илгери өткөн заманда,
Атабыз жашап турган учурда.
Сарыбагыш Бугулар,
Кырылышып турганда.

Бугунун Балбай баатыры,
Колго түшүп калыптыр.
Элчилике барууга,
Каары күчтүү Ормонго,
Бир дагы адам даабаптыр.
Чыгарганы Балбайды,
Эч ким барбай койгондо,
Ботокан ата барыптыр.

Ал мындайча болуптур,
Бугулардын батыры,
Балбай колго түшкөндө,
Кимиси келээр экен деп,
Каарын чачып хан Ормон.
Келгенин тындым кылам деп,
Кекээринип күтүптүр,
Боронбай аны угуптур.

Ормонхан сырын билиптир,
Барганды соо кылбайт деп.
Жибере албай элчисин,
Айласын таппай туруптур.
Ормонхон сөзүн уккандай,
Элинен киши издептир.
Ар ким менен сүйлөшсө,
Барам деп киши чыкпаптыр.

Издеп жүрүп акыры,
Ботоканды табыптыр.
Элчилике барууга,
Сөзүн алып калыптыр.
Убадага турууга,
Элчилике барууга,
Жылкысынан жүздү алып,
Атабыз камынып калыптыр.

Ормон ханга барыптыр,
Өңчөй чаар жүз жылкы.
Ханга белек кылыптыр,
Анан сөзүн баштаптыр.
Атанын айткан сөзүнө,
Ормонхан көңүл буруптур.
Жүйөөсүн угуп кебинин,
Сөзүнө таң бериптир.

Сөз менен ата жыгыптыр,
Кыйкым таппай хан Ормон,
Айтканына көнүптүр,
Балбайын бошотуп бериптир.
Акыл менен ал атам,
Барган ишин аткарган.
Каарданган Ормондун,
Ченгелинен кутулган.

Жеке эле элчи болбостон,
Көзү ачык экен Ботокан.
Кыштын күнү бир түнү,
Карышкырлар келиптир.
Карышкыр үнүн угуптур,
Үйдө отурган малчылар,
Арачалап калмака,
Жапа тырмак туруптур.

Ошо үйдө сөз кылган,
Ботокан ата бар экен.
Ошондо ата кеп айтат,
Кеп айтканда деп айтат.
“Карышкырдын келгенин,
Мен жана эле билгемин.
Төө комдоп келбептир,
Бирөөнү жеп кетээрин.

Бириң тышка чыкпагын,
Бул силерге айтканым.”
Деген сөзүн укканда,
Бирөө да тышка чыкпаптыр.
Эртеси туруп карашса,
Койлорун бирден санашса,
Ботокан ата айткандай,
Бирөөнү жеп кетиптир.

Башкасына тийбептир,
Сөз кылышып калыптыр.
Көзү ачык экенин,
Үйдө отуруп билгенин.
Козү ачык эле болбостон,
Ботокан ата март экен.
Жыйнап койгон мал мүлкүн,
Аянбай чачып салчу экен.

Жалгап деген тууганы.,
Үйөөзгө кызмат кылыптыр.
Ката кетип ишинен,
Миң теңге карыз болуптур.
Өлөмүн деп коркутуп,
Төшөкө жатып алыптыр.
Ага тууган чогулуп,
Сарсанаага батыптыр.

Бир теңгеге ал кезде,
Бир кой сатып алчу экен.
Жарымын өзүм төлөйм деп,
Беш жүз коюн бериптир.
Жарды менен жалчыга,
Айт айбашы жыл сайын,
Жүз койдон байлап,
Берчү экен.

Башында өзүм айткандай,
Айта берсе түгөнбөйт.
Бул кишинин кылганын,
Калганын өзүң ылгагын.
Бул киши дагы өтүптүр,
Аталары өткөндөй.
Оо дүйнө жайын көрүптүр,
Эл үрккөн жылдары.

Эми ошондон айтайын,
Кантип өлүп калганын.
Манжылы ата мазарга,
Коргонун кандай салганын.
Он алтынчы жылында,
Эл текеске үрккөндө.
Эли менен чогу үркүп,
Текеске кошо барыптыр...

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Бекказы Элебесов, 2010

 


Количество просмотров: 1763