Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Даректүү жана өмүр баянды чагылдырган адабият
© Айтматова Р.Т., 2013. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 4-декабры

Роза Торокуловна АЙТМАТОВА

Эстен кеткис учурлар

Белгилүү залкар жазуучубуз Чингиз Айтматовтун, карындашы Роза Айтматованын үй-бүлөсү жана агасы жөнүндөгү эскерүүлөрү.

 

Кириш сөз

Эски альбомду барактап отуруп, макалада келтирилген сүрөткө көңүлүм бурулуп, көп нерселер эске түштү.

Бул 1974 жылы биздин үйдө мейман болуп отурган Ч. Айтматов, Э. Турсуналиев жана Москвадан келген профессор М.П. Шаскольская. Ал Москвадагы кристаллография институтунун профессору эле, эң мыкты адис, анан негизгиси эң жакшы адам эле. Кыргызча билбесе дагы Эстекемдин ырдаганын түшүнүп, эл менен бирге күлуп,жайнап отурду.

Фотограф сүрөттүн астына “Хорошему бриллианту – хорошая оправа” деп жазып коюптур. Ылдыйда сөз ошол “оправа” жөнүндө.

Кыргыз эли ыр жандуу келет эмеспи, эсимде согуш жылдары элдин баары: жаш-кары дебей, кыз-келин, өспүрүмдөргө чейин аскерге кеткен аталарына, ага, таякелерине арнап өздөрү ыр чыгарып, элдик обондорго салып ырдашчу. Эгер ыр чыгаруу колунан келбесе, элдик ырларга өздөрүнүн ата-агасынын атын кошуп ырдашар эле.

1949-жылы биздин үй-бүлө Жийде деген айылдан Покровкага көчүп кетти (Покровка азыркы Манас районунун борбору). Биз ал жерде Плодоовощная деген көчөдө Катей деген казак аялдын (эки баласы согуштан кайтпай калып, кайнисинин баласын багып алган) үйүндө жашадык. Эң жакын кошунабыз, согуштан күйөөсү келбей калган, Уулбубу деген аял эле. Ал Адиш (менден 3-4 жаш кичүү) деген жалгыз баласы менен жашачу. Дагы бир кошунабыздын Бубүгүл деген кызы менен (менден 2-3 жаш улуу) экөөбүз абдан ынак курбулардан болдук. Анын элдик ырларды пайдаланып, өзү да жамактап ыр чыгарып жиберчү жайы бар эле. Эсимде бир жолу “бир деке, бир деке москваиский атырдай” деп ырдап жиберди. Мен орус классында окугандыктан “московский” болуш керек деп оңдодум. Анда ал, тимеле койчу, анда уйкашы келбей калат деди.

Мен эч кимге айтпаган сырымды ага айтчу элем. Атам түшүмө киргенин, апамдын ыйлаганын айтып берсем, ал мага:

– Сен атаңа арнап ыр чыгарып ырдасаң жеңилдей түшөсүң. Аны менен сүйлөшкөндөй болуп каласың, – деди. Анан экөөбүз отуруп алып анын ыкмасына салып ыр чыгардык:

Ак көйнөк кийсем этеги
    Элбир-желбир этеби,
    Алыста жүргөн атама мен
    Дилигрем урсам жетеби?

Көк көйнөк кийсем этеги
    Элбир-желбир этеби,
    Камакта жүргөн атама мен
    Кат-кабар жазсам жетеби?
    Билесинби, атаке,
    Ойлонуп дайым сагынам,
    Көрөлбай сени, өңүмдө,
    Түшүмөн көрүп кыйналам.

Билесинби, кыздардын
    Атасы келди согуштан,
    Бактысын көрүп алардын
    Мен ичимен кызганам.

Ак көйнөк кийсем этеги
    Элбир-желбир этпеди,
    Алыста жүргөн атама мен
    Дилигрем урсам жетпеди.

Көк көйнөк кийсем этеги
    Элбир-желбир этпеди,
    Камакта жүргөн атама мен
    Кат-кабар жазсам жетпеди.

Ал мени ырдатып көрдү. Мен аягына чыгалбай ыйлап жибердим. Анан “камактагы атама” деген сөздү айтууга болбосун айттым, анткени апам атам жөнүндө эчкимге эч нерсе айтпа, сөз тиешелүү жерге жетип калса, мени да камап жибериши мүмкүн, анда силер жалгыз каласыңар , деп кайра-кайра эскерткенин айттым.

Сырымды айткан соң, ал мага:

– Болуптур, бул жөнүндө эч кимге айтпайлы, экөөбүз гана билели. А сен ичиңен атаңа кайрылып ырдай бер. Жеңилдейсин, – деди.

Мунун баарын айтып жаткан себебим, Бүбүгүл экөөбүздүн жакындыгыбызды, сырдаштыгыбызды, бири-бирибизди терең түшүнгөндүгүбүздү көрсөтөйүн дегеним. 1950 же 51-жылдар болушу керек, мен 13-14 жаштамын, ал эми Бүбүгүл 15-16 дагы кези, ага анча-мынча жигиттердин көзү түшүп калагн мезгил. Кошуна көчөдө жашаган согуштан келген киши там салыш үчүн балдарга кыш куйдура баштады. Ал балдар биздин мектепте жогорку класстарда окушчу. Эмнегедир биз Бүбүгүл экөөбуз сууга барсак деле, торпок аркандасак деле, куурай тергени кетсек деле, кечинде уй тоссок деле ошол кыш куйган балдардын жанынан өтөбүз. Өтүп бара жатканда биз алар жакты карабайбыз, алар да биз жакты карабай, жумуштарын тез-тез иштеп калышат. Бир күнү Адиш деген кошуна бала келип менин колума төрт буктөлгөн дептер барагын карматты:

– Роза эжеке, мыногу катты Бүбүгүл апчеге берип коюңузчү, тээтиги балдар берип жиберишти, – деп колун кыш куйган балдар жакка жаңсады.

– Туз эле өзүнө тапшырбайсынбы, – дедим.

– Урушуп коебу деп коркуп жатам, – деди да жүгүргөн бойдон кетти.

Мен ошол замат Бүбүгүлдүкүнө жетип барып, тээтиги кыш куйган эки баланын бирөө сага кат жазыптыр, деп баягыны тапшырдым.

Ал: “кана? – деп шашкалактап колуман катты жулуп алды да окуй баштады:

Бүбүгүл!
    Мен сени түбөлүк сүйөм, – дептир. 
    Анан кошумчалап эки сап ыр жазыптыр:
    “Сен бир бышкан алмасың,
    Кол жетпес бийик жайдасың”, – деп аягына атын жазып коюптур.

Бул “Андалек” деген ырдан алынган саптар эле. Мен аны элдик ыр деп ойлочумун.

– Ий, байкуш! Өзүнүн ыры жок, Эстебестин ырын жазган турбайбы, – деп Бүбүгүл жактырмаксан болуп, оозун түйрүп койду.

– Эстебес деген ким? – деп мен сурап калдым.

– Оногу “Арал” деген кошуна айылдан болот. Жакшы акын. Аябай жакшы акын! – деп Бүбүгүл көздөрү бир жерге кадалып, баарын унутуп, ашык болуп кат жазган баланы да унутуп, таптакыр өзүнчө ойго тунуп отуруп калды.

Ошондо мен биринчи жолу Эстебес деген акын бар экенин уктум.

– Бүбүгүл, сага эмне болду? Телмирип отуруп калдың го...

– Эстебес эсиме түшүп кетти. Баягыда айылына бир келгенде сыртынан көрдүм эле. Анын үнү да, сөзү да, өзү да келишкен жигит! Комуз черткеничи!... А борсулдап күлгөнүчү!.. Аттиң, айылга көп келбейт, – деп терең үшкүрүп алды.

Кайсы жыл экени эсимде жок, артистер келет экен деген сөз айыл-айылга тарап кетти. Ал кезде телевидение таптакыр жок, радио деле контордо эле болбосо, элде жок, афиша деле илинбейт. Бирок залкар акын Алымкул Үсөнбаев баш болгон артистердин тобу концерт коет экен деген маалымат элдин арасына тез эле тарап кетти. Покровканын клубуна да концерт коюлду, мен ага кирүүнүн жолун да билбей, умтулган да жокмун. Бирок артистер кеткенден кийин элдин баары алардын ырларын ырдап ырдап жүрдү, айрыкча “Андалекти” жакшы көрүшөр эле. Азыркы тил менен айтканда “Андалек” ошол жылдардын хити болгон. Бул махабат жөнүндөгү жеңил жана тамашалуу ыр эле. Аталган ыр эмне үчүн минтип калктын калың катмарына жайылып кетти экен деп ой жүгүртүп көрсөм, сталиндик тоталитардык режим (Сталин анда тирүу болчу) элге жада калса музыкасын да, ырын да чектеп, басым жасаган экен. Ошондуктан, ыр, музыка да эң биринчи Сталинди, Партияны даңктоого багытталган эле. Мисалы, “Сталин – биздин жоокер жаштыгыбыз, Сталин – биздин учкан канатыбыз...” деген сыяктуу. Ушундай шартта мукам музыкасы бар, жеңил, тамашалуу, эч кимге эч нерсени таңуулабаган керемет бир ыр пайда болуп калса, эл аны жакшы көрбөгөндө, кайсыны жакшы көрмөк эле. Азыр да бул ырга жарашыктуу оранжировка жасап ырдап чыкса, дагы да хитке айланаарына шек жок.

1959-жылы мен турмушка чыктым. Менин күйөөм – Эсенбек Алымкулов – Эстекемдин жердеши (коңшу айылдан) экен, анан эн негизгиси ал Эстекемдин талантына таазим кылгандардан экен.

Бир күнү (куздүн күнү эле), биз жаш балабызды көтөрүп алып жайкы кинотеатрга, Эстебес байке катышкандыгы үчүн, филармониянын артистеринин концертине бардык. Совет доорунда акындарды негизинен салтанаттуу жыйындарды ачканда гана катыштырчу, болгондо да 3-5 мүнөт убактысы менен чектеп коюшчу. Ошол убакыттын ичинде Совет бийлиги менен Коммунистик партияны мактап үлгүрүш керек эле. Айта турган сөздөрүн дагы саясатка тууралап текшергенден кийин гана сахнага уруксат берилчү. Албетте, ал кездеги акындар ачылып, оюндагысын айта алган эмес, алардын супсак, дежур сөздөр менен айтылган мактоосу элге көп деле жакчу эмес. Ошондуктан, акындардын накта айтышын угалы деп концертке атайын бардык. Биз алдыңкы катарда отуруп калдык. Эстекем биринчи болуп чыкты, бизди көрүп күлмүңдөп жиберди. Учурашып бүткөндөн кийин дагы чыкты. Ой, ошондо, биздин атыбызды гана атаган жок (уруксатсыз бирөөнүн атын атоого болчу эмес), кесибибизди айтып, жаш адис экенибизди айтып, ошол концертке келген жаш үй-бүлөлөргө ак тилегин айтып төгүп кирди. Бир кезде жамгыр жаай баштады. Жаңы эле Эстебес менен Токтосун айтышып башташты эле. Отура берели десек колубузда жаш бала. Эсенбек үстүндөгү костюмун чечип балага жаап, акыры аягына чейин отурдук. Ошондо деги эле залдан эч ким чыгып кетпептир.

Кийинчерээк Эстекемдер менен үй-бүлөлөрүбүз катышып калдык. Анын үстүнө Чыңгыз байкем да Эстекемди абдан жакшы көрчү, үйгө чайга чакырсак эле, же өздөрү чакырып калса, Эстебес шаарда бекен, аны да чакырып койгула дечү.

Чыкең менен Эстекең отурган жерин гүлдөтчү эле, бирөө кара сөз менен, бирөө ыр-күү менен, кандай гана сонун темаларга кайрылышчу эле. Курган аңгемелери, эскерүүлөрү ушунчалык кызыктуу – кайсы бир чыгармаларынын жаралыш тарыхы, кыргыздын улуу музыканттарынын күулөрү тууралуу кеп курушаар эле, азыр эстесем ошондо эч жерден таап окуй да албаган, уга да албаган керемет кептерди тыңшап жүргөн экенмин. Бул эки сөз чеберин баары ырахаттана, кунт коюп угушчу. Алар бири бирин ушунчалык толуктап, коштоп тураар эле.

Эстекемдин келинчеги – Рая жеңе ал кезде жапжаш, сулуу, өзүнө гана мүнөздүү болгон манерада кыргыздын элдик ырларын сонун аткарчу эле, азыр да аткарып келет. Алар бирине бири жарашкан жубайлар болду. Рая жеңе азыр Эстекемдин мурастарын жоготпой, дайыма ал жөнүндө эскерип, ага арналган кошогун, ырын сахнадан аткарганда көрөрмандардын баары көзүнө жаш алып, терең үшкүрүп калышат.Эстекем каза болгондо кыргыздын салтын сактап, кырк күнгө чейин боз үйүн чечпей, күнүгө кошогун кошуп, аза күтүп, жыл сайын туулган күнүн, каза болгон күнүн белгилеп, куран окутуп, улуу кишиге татыктуу сый көрсөтүп келет.

Өткөн кылымдын 60-жылдары Эстебес ырдаган “Жер жөнүндө терме”, “Жинди суу”, “Жаныбек менен Гүлбайра” жана башка ырлар эл ичинде эң кеңири тараган эле. Буларды да ошол жылдардын хити десек да болот. Эстебес мыкты ырчы гана эмес, бир нерсени кызыктуу кылып айтып берген, үнү да, дикциясы да келишкен өзгөчө таланттуу сөзмөр эле. Ал кайда болбосун ырдап же сүйлөп жатканда өзүнө тартып алчу. Ырдап жатканда, элдин баарынын көзү ага кадалган учурда, жүзү ушунчалык жайнап, сулуу болуп кетчү. Чыгармачылыгынын айрым учурлары тууралуу эскерүүлөрүн өз кулагым менен көп укчумун, ошолордун бири:

“1958-жылы Москвада Кыргыз маданияты жана искусствосуна арналган декада бийик денгээлде өтүп, кайра поезд менен келе жатабыз. Акын, сатирик, драматург Райкан Шүкүрбеков менен бир вагондо, бир купеде жайгаштык. Күүлөрдөн чертчи деди, мен билген күулөрду черттим. Анан “Гүлкаакынын ырын” ырдадым.

Абдан жакшы экен, мен муну укпаптырмын деп кайра дагы аткартты. Бул илгерки күүлөргө салып жазылган ыр турбайбы. Фрунзеге (азыр Бишкек) келгенде мага жолукчу, экөөбүз ушул ыкманы колдонуп, илгерки күүлөргө салып ыр жазып көрөлү, – деди.

Фрунзеге келгенден кийин Ыраакем өзү чакыртып алды мени. Ал кезде тасмасы бар магнитофон үн жазуучу аппараттын эң мыктысы деп эсептелчү. Ошону даярдап коюптур:

– Сен күунү магнитофонго чертип берчи, мен ага карата сөзүн жазайын деди.

Сөзү даяр болгондон кийин мен баягы күүгө салып, ырдап, магнитофонго жаздырабыз. Магнитофонду кайра коюп, жазылган чыгарманы кайра угабыз... Улам жакпаган жерин оңдоп, кайра ырдап, кайра жазабыз. Ошентип отуруп биринчи жолу биз күүлөргө ыр жазганбыз. Элге аябай жакты, Ыраакем да экөөбүздүн чыгармачылыгыбызды абдан жогору баалады. Мен деги ошондой улуу чыгармачыл адамдарга туш келгениме ыраазымын...” ушинтип айткан анын жүзүн кубаныч менен чыныгы канааттануу сезими нурдап жиберчү. Аны угуп отуруп улуу таланттын чыгармачылыгынын катышуучусу болуп калчубуз. Бир күнү Эстекемдер менен Таласка тойго бардык. Ошол жерден ал кишинин талантына өз көзүм менен дагы бир ирет күбө болдум. Албетте, ал той темасында ырдады, бирок ушунчалык көңүлдүү, тамашалуу ыргактарын айтып, элдин маанайын көтөрдү. Кыраң-каткы, күлкү... Анан ал ар кандай кызыктуу темадагы аңгемелерин куруп, бүтүндөй элди өзүнө тартып алды. Кыргыздын мыкты тарыхый инсандары тууралуу дастандарды да айтып берген.

Биринчи жолу Жеңижок тууралуу маалыматты Чыңгыздан жана Эстебестен укканбыз. Кайсы бир иш-чарада бул улуу акын тууралуу адегенде Чыңгыз Төрөкулович айтып берип, андан соң Эстебес Жеңижок менен Эсенамандын айтышын аткарып берген. Ошондо биз кыргыздарда ушундай ойчул акындардын бар экени жөнүндө ачылыш жасап (Жеңижоктун ырларын аткарууга ал кезде тыйуу салынган болчу), ага абдан сыймыктанганбыз. “Зууракандын кошогу” деген чыгарманы дагы биринчи жолу Эстекемден укканбыз. Бийлик талашуунун ыплас саясатынын аркасында атасынан айрылып калган Зууракан кошок аркылуу өзүнүн нааразычылыгын укмуштай курч, таамай сөздөр менен айткан экен. Ал кыргыз кыздарынын акылмандуулугун, чечкиндүүлүгүн, намыскөйлүгүн көрсөткөн чыгарма. Эстебестин ар бир чыгармасы биз үчүн дайыма ачылыш болчу. Мен өз өмүрүмдө ушундай залкар инсандар менен замандаш болгонума, алар менен катышып калганыма кудайга ыраазымын. Ал учурлар эстен кетпейт.

 

© Айтматова Р.Т., 2013

 


Количество просмотров: 1930