Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Даректүү жана өмүр баянды чагылдырган адабият
© Айтматова Р.Т., 2013. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 4-декабры

Роза Торокуловна АЙТМАТОВА

Айткым келген ойлор

Белгилүү залкар жазуучубуз Чингиз Айтматовтун, карындашы Роза Айтматованын үй-бүлөсү жана агасы жөнүндөгү эскерүүлөрү.

 

2012 жылдын 25-августунда Кара-Буура районунун борборунда Чынгыз Төрөкулович Айтматовго эстелик орнотулду. 

Биздин кичи мекенибиз болгон Кара-Буура районунда менин улуу агам Ч.Т.Айтматовдун эстелигин ачуу аземиөтүп жатканда мен Кыргызстанда болбой калып катыша албай калдым.

Бара албасымды билсем дагы райондун акими Осмоналиев Анарбек телефон чалып чакыргандан кийин мен эмне үчүндүр ошол эстелик ачылып жаткан жерде жүргөнсүпабдан толкундадым. Саясый кырдаал ушунчалык курчуп турган мезгилде маданияттын проблемалары, калкты, айрыкча жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо маселелери менен алектенген адамдар бар экен да!..

Бул иш-чаранын демилгечилери – биздин кичи мекенибизден чыккан мекенчил бизнесмендер, активисттер, райондун жетекчилиги,…

Жердештеримдин мындайдемилгеси мени ар бирибиздин жашообузда кичи мекенибиздин орду жөнүндө, эмне үчүн биз киндик кан тамган жерибизди ушунчалык жакшы көргөндугүбуз жөнүндө бир топ ойго салды. Албетте, Чынгыз Төрөкуловичтин тагдырына туулуп өскөн жери кандайча таасир эткендиги жөнүндөда ой жүгүрттүм.

1937-жылы биздин үй-бүлө Москвадан көчүп келгенде бул район Киров району, ал эми азыркы Кызыл-Адырайылы Кировка деп аталчу. Дал ушул айылда жазуучунун келечегинин негизин түзгөн маанилүү окуялар болуп өткөн.

1937-38-жылдар сталиндик репрессиялардын эң коркунчтуу, эң оор жылдары эле, кудайдын куттуу күнү Союздун бардык булуң – бурчтарынан миң-миңдеген адамдар камалып, өмүрлөрү кыйылып жатты. Москванын өзүндөпартиялык жана советтик кызматкерлер, саясатка тиешеси барлар дагы, жоктору дагы массалык түрдө камакка алынып жаткан мезгил эле….

Август айында эле «Правда» (Советтер Союзунун эңбашкы гезити) гезитине биринен сала бири Кыргызстан жөнүндө эки сын макала чыкты. Анда Кыргызстандын жетекчилигинин ишин сындап, алар буржуазиялык улутчулдар экенин, республикадагы эң көп сандагы эл душмандары менен курөшүүгө тоскоолдук кылып, советтик бийликке каршы иш жүргүзүп жаткандыгы жөнүндө айтылат. Макалаларда конкретүү фамилиялар да аталган болчу. Анын ичинде Айтматов Төрөкул да бар эле. Ал кезде Правдага чыккан сын макалалар Коммунисттик партиянын Борбодук Комитеттинин чечими катары каралчу жана сынга алынган адамдар сөзсүз жумуштан түшүрүлүп, камакка алынчу. Заман ошондой эле…

Демек эми Кыргызстандан Москвага Айтматов Төрөкулду камакка алуу жөнүндө запрос келет болуш керек. Төрөкулөзүн камагандан кийин анын аялын Нагиманы камап, ал эми балдарын балдар үйүнө (детдомго) тапшырып коюшарын билип турган. Ошон учун балдарын сактап калуу максатында Нагиманын каршы болгонуна карабастан үй-бүлөсүн Таласка тез арада жөнөтмөк болот. Камакка алганы келгенде – жалгыз кантер экен, – деп Нагима күйүтүнө түтөп, айла жок балдарын алып Киров районунун Шекер айылына жөнөйт.

Нагима балдары менен Шекерге келгенден кийн тез арада анын Алымкул деген кайнагасы менен Рыскулбек деген кайнисиТөрокулдун үй-бүлөсун тосуп алып жардам бергендиги үчүн камалат.Туугандарга салакасын тийгизбейин деп, бир жагынан, экинчи жагынан балдарын түзүгүрөөк мектепке окутайын деген ойдо Нагима райондук борбордон жумуш издей баштайт. Күндөрдүн биринде ал ошол кезде Киров району, ал эми азыркы Кара-Буура районунуна жумуш издеп келет. Нагима ал мезгил үчүн сабаттуу, билимдуу аял эле: татар тилиндеги медреседе окуган, Карколдогу кыздар учун орус гимназиясын, Фрунзе шаарындагы стенографисттер курсун окуп буткөн, анан дагы мамлекеттик мекемелерде иштөө тажрыйбасы бай, иш кагаздарды алып баруу боюнча мыкты адис болчу. Ал арабча, латынча жана латинницада жаза алчу.

Бирок ага карабастан, Нагима ошол кездеги райондук жетекчинин бирине жумушка алуу жөнүндө кайрылганда:

– Эл душманынын аялын мен кызматка ала албаймын. Төрт балаң болсо эмне экен? Душмандын балдарын багасыңбы же ачкадан өлтурөсүңбу, мага баары бир. Багалбасаң детдомго өткөрүп кой, же атасынын туугандарына таратып бер. Өзүң болсо өз башыңды билгендей бага бер, – деп ачууланат.

– Мен балдарымды детдомго берейнби!? Көзүмдүн тирүүсүндө, мен андайга эч качан барбайм!.. – ызасына чыдабаган Нагима начальниктин эшигин тарс жаап сыртка атып чыгат. Ичи чок болуп өрттөнүп, тамагы кургап, көмөкөйүн жаш муунтуп, башы тегеренип, жыгылып кетпейин деп даракты кучактап көз жашын төгуп турду. Эмнеге менин башыма ушунчалык кайгы үйүлдү?! Төрт тарабым тең тунгуюкка кептелип калды, балдардын келечеги, Төрөкулдун тагдыры – эмне болот? Канткенде бул туюктан жол табам ?...

Кайгы – касиреттин да өз парзы бар: анын тазартуучу, жаңылантуучу касиеттеринин таасири чоң. Эң негизгиси, адамдын ошол абалдан кемсинбей, сынбай, өз кадыр – баркын жоготпой жол таап чыгуусу.

Нагимага райондун Уполминзагынын (уполномоченный министерства заготовок) ополномочени Отто Зюдерман деген киши жардам берет. Кокусунан начальниктин Нагима менен сүйлөшкөнүнүн күбөсү болуп калган Зюдерман айласын таппай турган Нагимага Уполминзагта эсепчи болуп иштегенди сунуш кылат. Уполминзагтын короосундагы барак турүндөгү үйдөн эки бөлмөлүү батир да берет.

Эми Айтматовдордун үй-бүлөсү Кировкага көчүп келди. Нагима үчүн эң негизгиси – Кировканын мектебинин билим берүү деңгелинин жогогру экендиги, ал мектепте эң мыкты мугалимдердин иштегендиги. Чыңгыз 4-класска окуп калган мезгили эле. Ага чейин ал Москва шаарында, анан Шекерде Дүйшөндун мектебинде окуган болчу.

Чынгыз менен Илгиздин эскергендерине караганда мектеп мугалимдери аларга эң жакшы мамиле жасашкан, балдарга алардын эмне үчүн Москвада окуп журуп эми Кировканын мектебине окуп калгандыктары жөнүндө эч эскертпей, сөз кылбай, тескерисинче жакшы окуганы үчүн көтөрмөлөшкөн.Ошол мугалимдердин көпчүлүгү, өздөрү Россиянын шаарларынан сүрүлүп келгендер эле. Сыягы, алар ошол мезгилдеги саясаттын тура эмес экендигине көзү жетип, буйруса бары бир адилеттик жеңет деп ойлоп, заман кандай өзгөрсө да балдарды кемсинтпей, көңүлүн калтырбай, келечектен үмүтүн үзбөй, ишенимин жоготпой тургандай кылып, тескерисинче кадыр барктуу, беделдүү адам болуп чоноюшуна багыт бериш керек деген ойдо болушса керек. Чыңгыз 4-класста окуп жүргөндөокуучуларга Карацюпа (эрдик көрсөткөн чегарачы) жөнүндө сочинение жазууга тапшырма берилет. Чынгыз Карацюпанын башынан өткөн окуяларды курчутуп, абдан кызыктуу кылып, өзүнүн оюнан ар кандай кошумча көрүнүштөрдү ойлоп чыгарып, сюжетин өзгөртөт. Мугалимдер Чынгызга бир гана «беш» деген баа коюуу менен чектелбестен, анын сочинениесин башка параллель класстарга, ата-энелер жыйналыштарында окуп, бул баладан келечекте бир нерсе чыгат деп абдан макташкан. Менимче ошол кезде мугалимдер Чыңгыздын өз жөндөмүнө болгон ишенүүсүн бекемдешсе керек.

Биздин үй-бүлөгө карата бир гана мугалимдер тарабынан эмес, биздин айлана чөйрөдө жашаган, иштеген бардык жонөкөй адамдар, үй-бүлөлөр тарабынан да адамгерчиликтүү мамиле болгон. Бир эле Зюдермандын, таптакыр тааныбаган, көрбөгөн, болгону начальниктин Нагима менен суйлөшкөнүнүн күбөсү болгон адамдын кылган жакшылыгы эмнеге татыйт? Баса, кийин Зюдерман өзу тез эле жок болуп кетти, аны Фрунзеге кызматы боюнча чонойткону алып кетиштиби, же… бизге белгисиз бойдон калды.

Дал ушул Киров мектебинде Чынгыздын китеп окуганга болгон ышкысын, адатынапам гана эмес, мугалимдер да кубаттап, колдошот. Албетте, кийин бул көндүм анын келечек тагдырында чечуучу ролду ойнойт. Ал өзү болсо, үйбүлөдө балдардын улуусу катары өзунөн кичүү болгон бизди да мектептин китепканасына жазылганга, коркөм адабиятты окуганга кызыктырган.

1941-жылы, Улуу Ата-мекендик согуш бвшталганда Уполминзагдын короосунда жашаган өспүрүм балдар военкоматка өз ыктыяры менен фронтко барабыз деп арыз жазышат.Бирок военкомат уруксат бербейт. Анда эмесе поездге тушуп фронтко жетебиз деп үйдөн качып Жамбыл (азыр Тараз) шаарына жөө кетишет. Ал жерден да поездден түшүрүп үйүңөргө баргыла деп жиберишет. Алар мекенибизди, анын ичинде кичи мекени Кара-Буураны коргогусу келген. Балдардагы мындай мекенчилдик сезим да мугалимдердин синирген эмгеги деп ойлоймун. Так ушул мекенчилдик сезим кийин жазуучунун чыгармаларында чагылдырылат. Анын каармандары ушул Кара-Буура районунун айылдарында жашашат, Чон-Капка, Кичи-Капка аркылуу жол журушот… Мумкун ошол аймактын жашоочуларынын турмуш-тиричилигин, ички дүйнөсүн терең билгендиктен анын каармандары биз менен бирге жашагандай сезилип, алардын тагдыры учун куйүп – бышабыз.

1942-жылы апам Жийде колхозуна бухгалтер болуп орношуп, биз Кировкадан көчүп кеттик. Бул жерде Чыңгыздын келечек каармандары жашачу эле: Толгонай, Суванбек, Алиман… Ал жерде да биз эң жакшы адамдардын арасында турдук, айрыкча мен Толгонай энени белгилейт элем, ал чынында эле улуу адам болчу.

Бир журналист радиодон айтып жатканын уктум эле:

– Мен бала кезимден Айтматовдун чыгармаларын артынан тушуп окудум. Мектепти бүткөндө университеттин журналистика факультетине окууга кирдим. Биринчи эле практикада Шекерге сурандым. Мен дайыма Айтматов туулуп өскөн, анын үстүнө ал ушунчалык жакшы коргөн Шекер айылын көрсөм экен деп эңсечумун. Ой тообо, Шекер катардагы эле кыргыз айылы турбайбы!?.. Ошондо мен өз айылын, анда жашаган адамдарды ушунчалык кооз, сулуу көрсөтүпжазыш учун, өз жерин адам канчалык жакшы көрүш керек деп ойлоптурмун. Айылды жарып аккан суунун ар бир тамчысын, ар ташын, ар бир терегин, анын жалбырагынжазуучу билет жана өз жеринин жаратылышына суктанат.

Мен өзум деле агамдын чыгармаларында жаратылышты сүрөттөп жазгандарын окуганда ошол жерлерди – чөп, суу, булак, сай, Таластын жээгин тааныйм. Мен деле бул жерлерди көрбөдүм беле, бирок мен аларды эчак унутуп калгам. Сыягы, мекенин, туулуп өскөн жерин чын дили менен сүйүү сезими, аны сүрөттөп айтып беруу чыныгы жазуучулук талант окшобойбу.

Чыңгыз Төрөкулович дүйнө салып кеткенине бешинчи жылга кетти. Албетте, бул убакыт биздин үйбүлөүчун абдан оор мезгил болду. Адегенде ишеналбай журдук, чет өлкөдө жүрөт, жакында келип калат деген көнүмүш болуп калган сезим менен жүрдүк. Бирок убакыт баарын өз-өз ордуна коет экен, көнбөскө айла жок. Биз гана эмес, бүтүн кыргыз эли, айрыкча биздин жердештерибиз кайгырды. Учур менен пайдаланып, Филармониянын астына Чыңгыз Төрөкуловичтин тажиясына келгендерге ( абдан коп адам келди эле), биздин үйбүлөгө көңүл айткандарга, айтабыз деп айталбай калгандардын баарына терең ыраазычылыгымды билдирем. Эсиңрден чыгарбай жүргөнүңөр үчүнчын дилимден чыккан алкышымды арнайм. Мына бугунку иш чара-кичи мекенине эстелик орнотуу дагы ал кишини унутпай,эскерип жүрүш үчүн жасалып жатат.Жазуучунун элесине арналган көп эле иш-чара өткөрүп жүрөбүз, бул бизге, тирүүлөрго, айрыкча жаштарга керек.

Бугун жазуучуга ал кичинекей кезинде мектепке барып, жүгүрүпжүргөн, достору менен ойноп, мектептин китепканасына барып, ар туркун кыялдарга чумуп, китеп окуп жургөн айылына эстелик орнотулду… Бугун бул айылда ошондой эле балдардын башка мууну өсүп келе жатат, алар Айтматовдун урпактары. Ушул балдар, Чынгыз атабызга окшош болсок экен деген тилек менен эстеликке биринчилерден болуп келишет болуш керек. Алар бийик ой чабыттары менен,ак ниеттери менен, балалык таза сезимдери менен келишет.Бул жерге жазуучунун чыгармачылыгын жогору баалап, жакшы көргөндөр келет, бирине бири ашык болгон жаштар, жаны үйлөнүп келечекте бактылуу үйбүлө куралы дегендер, жазуучулар, акындар, саясатчылар , мамлекет жетекчилери… келишер. Бул жерде адабий окуулар, поэзия күндөрү, китеп сатуу жана башка иш-чаралар өткөрүлөр.

Чынгыз Төрөкуловичтин жазуучу катары калыптанышынын, анын турмушта карманган позициясынын, билиминин негиздери дал ушул биздин мекенибиз болгон Кара-Буура аймагында калыптанган. Айтматов адам катары, инсан катары ошол кездеги Кара-Буура чолкомунун коомчулугунун таасири астында өсуп жетилди. Айтматов эли менен Айтматов болду. Азыр биздин коом өтө оор абалда: саясий туруксуздук, экономиканын кескин томондошу, адеп-ыймандын кризиси… Албетте бул убактылуу көрүнүш болуш керек деп ишенгим келет.

Бирок турмуш кандай өзгөрсө да, ага карабастан улуулар баарыбыз биригип жаш муунга туура багыт берүуго, ыйманга таянган тарбия берүүго аракет кылалы. Азыркы жаш муундардын арасынан дагы Чыңгыз Айтматовко окшогон инсандар чыксын. Бул маселеде эң чоң ролду мектеп, мугалимдер, жергиликтуу коомчулук ойнойт, анан албетте ата-энелер ойнойт.

Сөзүмдүн аягында мен скульпторлорго, ушул иш-чараны уюштургандарга, менин жердештеримдин арасынан чыккан бизнесмен-спонсорлого ыраазычылыгымды билдиргим келет.

 

© Айтматова Р.Т., 2013

 


Количество просмотров: 2528