Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Философия жана илим, Илим
© Салморбекова Р.Б., 2011. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 25-октябры

Рита Бобуевна САЛМОРБЕКОВА

Кыргыз коомундагы антропосоциеталдык ɵзгɵрүүлɵр (1990-2010)

Монография кыргыз коомундагы соңку 20 жыл ичиндеги социалдык-экономикалык, саясий, психологиялык өзгөрүүлөрдөгү кубулуштар социологиялык изилдөөнүн жыйынтыктары менен анализделип жазылган материалдарды камтыйт. Эмгекте антропосоциеталдык өзгөрүүлөрдүн маселелери, жаңы классификациялык топтор, миграциялык процесс, социомаданий интеграция ж.б. камтылган. Социалдык гуманитардык илимдерге кызыккандарга, мамлекеттик жана илимий кызматкерлерге, аспиранттарга, студенттерге сунушталат.

Салморбекова Р.Б. Кыргыз коомундагы антропосоциеталдык ɵзгɵрүүлɵр. – Б., 2011. – 200 б. китебинен алынды

Иш Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтунун Окумуштуулар Кеңеши тарабынан сунушталган

Илимий кеңешчи: философия илимдеринин доктору, социологиянын профессору Исаев К.

Рецензенттер:

социология илимдеринин доктору, профессор С.С. Нурова; 
    социология илимдеринин доктору, профессордун милдетин аткаруучу К. Бектурганов

 

МАЗМУНУ 

КИРИШҮҮ

1 БАП. Коомду антропосоциеталдык бүтүндүк катарында изилдөө методологиясы

1.1. Социология илиминдеги антропологиялык парадигмалардын негиздери
    1.2. Антропосоциеталдык бүтүндүктүн социалдык маселелерин изилдөө
    1.3. Кыргыз коомундагы антропосоциеталдык өзгөрүүнүн маселелерин изилдөөнүн методологиясы

2 БАП. Кыргыз Республикасындагы социалдык көрсөткүчтөр антропосоциеталдык бүтүндүктө

2.1. Социалдык-демографиялык процессте антропосоциеталдык өзгөрүүнүн модификациясы
    2.2. Кыргыз коомундагы социалдык өзгөрүүлөрдүн натыйжасындагы классификациялык топтор
    2.3. Миграциялык процесс, адамдын күч кубаты антропосоциеталдык өзгөрүүлөрдө

3 БАП. Кыргыз коомундагы антпропосоциеталдык өзгөрүүлөргө ааламдаштыруу процессинин тийгизген таасири

3.1. Ааламдаштыруу шартында калктын социалдык чыңалуу жана социалдык адаптация тенденциялары
    3.2. Кыргыз Республикасындагы социомаданий интеграцияга ааламдаштыруунун тийгизген таасири
    3.3. Антропосоциеталдык өзгөрүүлөрдө социоэкологиялык кырдаал

4 БАП. Кыргыз Республикасыныдагы аймактардагы бийлик уюмдарын модернизациялоо процесси

4.1. Кыргызстандагы бийлик органдарына болгон калктын ишеним деңгээли
    4.2. Жергиликтүү башкаруу тарабынан өткөөл мезгилде калкка көрсөтүлгөн кызматтар

ЖЫЙЫНТЫКТОО
    СУНУШТАР
    ПАЙДАЛАНЫЛГАН АДАБИЯТТАР
    ТИРКЕМЕ

 

КИРИШҮҮ

Кыргыз Республикасы өз алдынча азаттыкка чыкканына жыйырма жылдын жүзү болду. Өткөөл мезгилде ааламдаштыруу процесси социалдык-экономикалык, саясий кубулуштардын, коомдук институттардын өзгөрүүсүнө чоң таасирин тийгизди. Дүйнөлүк, улуттук жана аймактык деңгээлде коомдук өнүгүүнүн маселелерин иш жүзүнө ашыруу, жашоонун агымына жараша жарандардын талаптарын канааттандыруупроцесстериантропосоциеталдык бүтүндүкменен түздөн-түз байланышта.Азаттыктын жыйырма жыл аралыгында Кыргызстанда бир топ саясий, социалдык-экономикалык, маданий өзөрүүлөрдөн коомдогу абалдын туруксуздугу эки жолу чоң саясий-социалдык ыңкылапты алып келди. Саясий-укуктук деңгээлде 6 жолу Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынып, 3 жолу өзгөртүүлөр киргизилди, 5 жолу Жогорку Кеңеш жана үч жолу президент шайланды, акыры парламенттик республикага өттүк. Эки ыңкылапка катышкандардын 96 % жакыны аймактардан келгендер. Өкүнүчтүүсү, 2010-жылдагы элдик ыңкылап оңойго турган жок, 89 жаш жигиттердин өмүрү ок менен учуп, 1000 жакын жарандар майып болуп, анын артынан түштүктөгү кайгылуу июнь окуясы болуп өттү. 2010-жылдын апрель айындагы окуядан кийин элдин бийликке болгон ишениминин төмөндөшү өлкөдөгү абалды курчутту. Ушул аралыктын ичинде базар экономикасынын трансформацияларынын натыйжасында келип чыккан маселелерди Кыргызстанда чечүүгө багытталган программалар дүйнөлүк эксперттердин тажрыйбаларынын негизинде аныкталган боюнча жергиликтүү мүмкүнчүлүктөрдү жана өзгөчөлүктү эске албастан иш жүзүнө ашырылып келиши жергиликтүү элди канааттандыра алган жок. Ошондой эле, антропосоциеталдык бүтүндүктө ааламдаштыруу шарты жаңы милдеттердин көптүгүн, баш аламандыгын, туруксуздугун, талапка жооп бербегендигин, карама-каршылыктарын илимий изилдөөгө алууга мажбурлады.

1991-жылдан тартып Бишкек шаарынын айланасында 47 жаңы конуш пайда болду. Турукташып калган аймактардагы жергиликтүү айыл-кыштактарга караганда жаңы конуштардын 70% бүгүнкү күндүн талабына жооп бере албаган акыбалда. Бирок, ошого карабастан ички жана тышкы миграциянын санынын өсүшүнө ааламдаштыруу процесси таасир калтыруудабы же жергиликтүү бийликтин өз алдынча орчундуу маселелерин чече албай калгандыгынын жыйынтыгындабы. Жергиликтүү башкаруу социалдык институт катарында калктын жашоо-шартын жана сапатын оңдоо маселесин бийик койгондо, мындай тобокелдик кубулуштар коомубузда болбойт эле.

Ааламдаштыруу шартында Кыргызстанды эл аралык стандарттарга салыштырганда эң негизгилерден болуп жакырчылык деңгээли көрсөткүч катарында ченелип келет. Жакырчылыктын деңгээли ар түрдүү бааланып, үй чарбанын бюджетине жана жумушчу күчүнө интеграцияланган тандалма изилдөө жүргүзүүнүн маалыматтары боюнча алып караганда 2005-жылга салыштырмалуу жакырчылыктын деңгээли 2010-жылы 11,4 % кыскарган. Ошону менен бирге жашоо минимуму жыл өткөн сайын дүйнөлүк макроэкономикалык абалдарга байланыштуу өсүүдө, алсак 2005-жылга салыштырганда 2010-жылга чейин 1666,02 сомго жогорулады. Ал эми калктын акчалай кирешеси 2009-жылы 2311,9 сомду түзсө, жашоо минимуму ошол эле жылы 3263,22 сомду түзүүдө. Демек, калктын акчалай кирешеси менен жашоо минимумунун ортосунда 951,32 сомго айырма болсо, жакырчылыктын деңгээлин кандай жол менен кыскарта алабыз.

Мына ушундай өлкө ичиндеги социалдык-экономикалык, саясий өзгөрүүлөрдүн көрсөткүчтөрү адам баласынын жашоосу, күч-кубаты менен тыгыз байланышта болгондуктан, кыргыз коомундагы антропосоциеталдык өзгөрүүлөр ылдамдыкта жүрүүдө. Антропосоциеталдык өзгөрүүнүн модификациясын изилдөөдө ааламдык өзгөрүүлөр социалдык жашоонун маңызы болгон «жашоо», «төрөлүү», «өнүгүү» жана «өлүм» сыяктуу социовиталистик көз караштар адам жашоосунун чордону катарында эң жогорку баалуулук бойдон калууда. Коомдук системанын кайраттуу, тең салмактуу, сызыктуу өзгөрүүсү барган сайын тең салмактуулугун жоготуп, сызыктан тышкары чыгып жана жогорку уюштуруучулук деңгээлде жүрүшү иликтөөчүлөрдү бир топ бушайман кылууда. Ааламдаштыруу шартында жарандардын өсүүсүндө социалдык система тарабынан карама-каршылыктар, порадаксалдуу кубулуштар, басымдар көбөйүүдө. Коом барган сайын кырсык тобокелдерин камтыган экологиялык, техникалык ж.б. дуушар болууда.

Социалдык өзгөрүү шартында калкынын катмары, саны жана сапаты өзгөрүүгө жана социалдык кабылдоосунун негизинде антропосоциеталдык жаңы топтордун классификациясы пайда болду: мигранттар (ички жана тышкы); ар кандай социалдык ооруларга чалдыккандар (кургак учук, наркологиялык жактан бузулгандар, алкоголдук ичимдиктен жапа чеккендер, жыныстык жактан жугуучу инфекциялык оорулар, ВИЧ/СПИД ооруларына чалдыккандар, неонталдык ѳлүмдөр); майыптардын топтору; кылмыштуулук топтор (уурулук, наркотикалык заттарга байланышкандар, талап тоноо, мал урдоо); үй жайы жок көчөдө калган бомждор; депрессиялык абалдан өз өмүрүн кыйгандар; психикалык жактан жабыр чеккендер, стресстик синдромдорду алып жүрүүчүлөр; жумушсуздар; качкындар; жакырчылыктын деңгээлинде жашагандар; табигый кырсыктардан жапа чеккендер; жигит-кыздардын ар кандай диндердеги террористик топторго алданышы; адам сатуу топтору ж.б. Демек, ар бир мамлекеттин экономикалык, социопсихологиялык өнүгүп өсүшү – элдин бейпилдиги, коомдун активдүү мүчөлөрүнүн иш-аракетине байланыштуу. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда адам ресурсун өнүктүрүү, натыйжалуу жана рационалдуу колдонуу үчүн системалуу иш-аракет, жаңы кадрларды даярдоо, билим берүү деңгээлин тынымсыз өркүндөтүү зарыл.

Бул китепте алгачкы маалыматтарды чогултуу боюнча документтерди талдоо, социалдык-экономикалык, саясий өзгөрүлөрдү байкоо, формалдуу интервьюлар жүргүзүлдү. Чогултулган алгачкы маалыматтарды жарандардын жашоо-тиричилигиндеги чындыгын аныктоодо Баткен, Джалал-Абад, Ош, Чүй, Ыссык-Көл, Нарын, Талас областарынан 18 айыл округун жана Бишкек шаарынан 18 жаңы конуштарынын тургундарын камтыган социологиялык изилдөө жүргүзүлдү.

2007-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын аймактары боюнча аталган темада 3 630 респондентти камтыган анкеталык, 68 эксперттик сурамжылоо, 32 фокус-топ, PRA – айылдын муктаждыктарын изилдөө жана гендердик анализ методдору кеңири колдонулган социологиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Китепте социологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгын камтыган анализ төрт бапта чагылдырылган.

 

1 БАП. КООМДУ АНТРОПОСОЦИЕТАЛДЫК БҮТҮНДҮК КАТАРЫНДА ИЗИЛДӨӨ МЕТОДОЛОГИЯСЫ 

1.1. Социология илиминдеги антропологиялык парадигмалардын негиздери

Коомду илимий иликтөө үчүн социология тармагында бир катар өз алдынча мектептер теориялык жана ыкмалык жактан изилдеп, тактап келишүүдө. Алардын ыкмалары бири-биринен айырмаланып, парадигмалар менен өзгөчөлөнгөн. Негизги теориялардын жыйындыларынын абалы жана принциптери бирдей түшүнүктөрдү ээлөчү методология, парадигма деп аталат. Социология илиминде парадигмаларды чоң үч топко бөлүүгө болот: 1. Түзүлүш-милдеттик парадигмалар (структурно-функциональный) коомду макро деңгээлде бирдиктүү бүтүм катары кароо менен анын өнүгүүсүн, милдетин жана уюмдашуусун карайт. 2. Интерпретивдик парадигмалар адамдын микро деңгээлдеги жүрүш-турушунун себептерин изилдөөгө басым жасалат. 3. Интегралдык жана бирдиктүү парадигмалар социалдык чындыкты объективдүү жана субъективдүү, түзүлүштөрдү жана адамдарды бирдиктүү карайт.

Социология илиминде ар кандай концепцияларга таянуу менен 5 негизги парадигма азыркы мезгилге ылайык иштеп келет. Булар социологдордун социалдык чындыкты кабыл алуусу менен тыгыз байланышта.

1. Социалдык факторлор парадигмасы – социалдык чындыкты социалдык түзүлүш жана социалдык институттар менен чыныгы нерселерди чагылдырат. Бул парадигманын негизинде эки теориялык багыт камтылган: түзүлүш-милдеттик талдоо жана социалдык конфликтер концепциясы.

2. Түзүлүш милдеттик парадигмасы (Т.Парсонс, Р.Мертон) Г.Спенсердин эмгектеринен башталат. Г.Спенсердин идеясы коом тирүү организм катарында, ар бир орган атайын милдеттерге ээ, ал эми организмдин ичиндеги бири-бири менен болгон байланыш жалпы системаны түзөт. Бул теориянын негизги жоболору: коом – бири-бири менен байланышкан бөлүкчө, ар бир бөлүкчө атайын бир милдетти аткаруугу, коомдун кандайдыр бир талаптарын аткарууга арналган.

Бүт бөлүкчөлөр коомдук түзүлүштүн туруктуулугун колдоого багытталган, бирок коомдо атайын ички көзөмөлдөө механизми болуш керек. Жалпы социалдык көзөмөл коомдо коркунучта турат. Идеологиялык жактан коомдун туруктуулугуна багытталган, ошол эле учурда азыркы коомдо көптөгөн массалык конфликтер болуп жатууда.

3. Социалдык конфликтер теориясы К. Маркстын идеяларында орун алган, коомдун негизги өнүгүүсү – жумушчу класс менен капиталистердин антогонистик конфликтери. Алардын жалпы баалулуктары жок, ошондуктан алар конфликтерге, революцияга дуушар болушат.

Конфликтологдор коомдун өнүгүшүнүн негизинде карама-каршылыктар жатаарын көрүшөт, бирок негизги себебинде экономикалык эмес, саясий – бийлик үчүн күрөш экендигин билдиришти. Жалпы коомдук түзүлүш бир топтун экинчи топко болгон бийлигине негизделген (эне-бала, кожоюн-кул, офицер-аскер). Коомдо ар кандай социалдык топтордун кызыкчылыктары ар башка, качан адамдар жалпы кызыкчылыктарын түшүнгөндө алар бир коомдук уюмдарга биригишет (партияга, профсоюздарга ж.б.).

Коомдо болуп жаткан чыр-чатактар табигый кубулуш, алар коомду өнүктүрүүгө негизделген. Кандай гана конфликт болбосун, аны башкарууга болот, ал гана эмес өнүгүүнүн жана башкаруунун инструменти катарында колдонууга болот.

4. Социалдык дефиниция парадигмасы немец социологу М.Вебердин эмгектерине таандык. Социалдык чындык адамдардын социалдык факторлорду кабылдоосу аркылуу түшүндүрүлөт. Социалдык жүрүм-турум социалдык чындыктын ылайыгына карап түзүлөт. Бул төмөндөгүдөй теориялык багыттарды камтыйт: символдук интеракционализм, феноменология, этнометодология. Т. Парсонс, Г. Мед, Г. Гарфинкель ж.б. эмгектеринде кеңири колдонулган.

5. Социалдык жүрүм-турум парадигмасы психологиялык багытта америкалык социологияда чагылдырылат жана бихевиористтик социологияда, социалдык алмашуу теориясында камтылган. Парадигманын белгилүү өкүлдөрү катарында Б.Скиннер, Д.Хоманс эсептелинип келет. Бул парадигманын мааниси адамдын жүрүш-турушунда камтылган.

Парадигмалардын жоон тобунун ичинен биринчи түзүлүш-милдеттик диссертациялык иштин предметин илимий жактан изилдөөгө ылайык. Түзүлүш-милдеттик (структурный функционализм) – социологиялык ой жүгүртүүнүн багыты, социологиялык парадигма, ал өзүнүн маңызына социалдык карым-катнаштын элементтерин бөлүштүрүүнү, алардын жалпы коомдо же социалдык түзүлүштөгү ээлеген оордун жана социалдык милдеттерин айкындоону камтыйт. Коомду түзүлүш-милдеттик изилдөөдө биринчилерден болуп О. Конт жана Г. Спенсер баштаган. Г. Спенсер: «Ар бир түзүлүш өсүүдө милдеттендирилиш керек. Бир түзүлүштүн өзүнүн милдеттери болушу абзел жана ошол бөлүнүп берилген милдеттердин так аткарылышы – бирдиктүү өнүгүү»…

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

PDF форматында китепти көөчүрүү

 

© Салморбекова Р.Б., 2011

 


Количество просмотров: 3292