Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Мундузбек Кунасов, 2013. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 24-июлу

Мундузбек Болотбекович КУНАСОВ

Сезимде баккан гулбакча

Жыйнактар

Автордун бул жыйнагында эл-жерди, Ата-Журт мурастарын­чагылдырган ырлары жандүйнөсүнөн сызылып­чыгып, ошол менен катар коомдогу аңдоо сезимдин өзгөрүлүшүн көркөм кайрыктар аркылуу көрсөтөт. Тарбиялык маңызы терең үгүттүү ойлор окурманды кайдыгер калтырбайт.

Кунасов Мундузбек. Сезимде баккан гүлбакча: Жыйнак. – Б.: «Бийиктик», 2013. – 364 б. китебинен алынды

УДК 821.51
ББК 84 Ки 7–5
К 91
ISBN 978–9967–13–913–8

Китептин чыгышына көмөк көрсөткөн иним, коомдук ишмер Фархад Бекманбетовго терең ыраазычылык­ билгизем.

Автор

 

БАТА

Мундузбек телефондон:

– Байке, баш сөз жазып бериңиз, китеп чыгарайын­ дедим эле, – деди.

– Апкел, – дедим.

«Баш сөз» деген эмне? Баш сөз деген – бата. Анан бата сураган баладан бата аяган болобу? Деги эле кыргыз качан батасын аячу эле? «Бата менен эр көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт» деп бекер айтыпбы? Жакшы сөз менен жакшы көздүн шыпаасы, касиет-деми болот. Ошон үчүн илгеркилер: «Атаңдан бото калбасын, бата калсын» деген. Акынга, болгондо да көкүрөгүндө эл-жерине жакшылыктын отун жагайын деп, алгачкы ырларын ала чуркап, жетине албай турган балага батанын шыпаасы, деми тийсе жаманбы?

Мундузбектин башкалардан бир артыкчылыгы талант даарыган касиеттүү Таластын кулуну экендиги.­ Ушунун өзү эле бир бата тургай миң батага тете күч го! Буга байланыштуу бир окуяны эстей кетейин. Мен филармонияда иштеп жүргөндө Эстекем (кадимки­ Эстебес Турсуналиев):

– Филармонияга артис болчумун деп өлкөнүн булуң-бурчунан көптөгөн жаштар келип, баары Райкан­ Шүкүрбековдун сыноосунан өтөр эле. Ракең адегенде дайын-дарегин сурап алып анан өнөрүн көрчү.

– Сен кайдансың? – дечү. Бала кокус:

– Таластан болом, – десе:

– Болду, арбак ургур, чертпейле кой, таластык эле болсоң жарайсың, таластыктар жинди чалыш болгон менен жакшы эл болот дечү эле, – деп жыргап күлөр эле.

Ансыңарындай таланттын Меккеси болгон Таластан­ жөн киши чыкчу беле. Ала-Тоонун көк мелжиген чокулары көп. Ошол чокуларды дагы бир асман көккө чоюп, дагы бир асман көкөлөткөн алтын­дан кымбат асылдарды Таластын ар бир айылынан тапса болот, же жалганбы? Мундузбек буюрса сен да ошолордун бирисиң. Илгери сендей кезинде Жеңижок Таластан аттанып Нарынга барып айтылуу Арстанбектен бата алган. Арстакең ошондо:

Оо, балам,
Ырчы болсоң – сынчы бол,
Ыр сабын кыттай куйчу бол.
Зөөкүрдү чабар камчы бол,
Кургак жерге тамчы бол.
Дүлөйлөргө кулак бол,
Чөлдүү жерге булак бол.
Күлүк минген күчтүү бол,
Күйдүргөнгө миздүү бол.
Карөзгөй болбой калыс бол,
Кошоматтан алыс бол.
Таразанын ташы бол,
Ырчылардын башы бол.
Нуска сөзүң кап болсун,
Санат ырың сан болсун.
Санжыра сөзүң саз болсун,
Калың кыргыз элиңе,
Кадырың артып бак консун.
Оомийин! –деп ак батасын берген.

Сенден бабаң Жеңижок менен байкең Байдылданын илеби уруп турганы да бекеринен эместир. Балким комуз кармап Корголдун жолуна түшкөндө төкмө ырчы болуп кетет белең ким билет. Бирок жазма поэзиянын да али адам баласы айта элек, ача элек сыры арбын. Акындык өнөр билгенге аябагандай азаптуу жол, билбегенге эптеп-септеп ыр чүргөмөй бир нерсе болуп көрүнөр.

Ар бир ырыңа токтолгон жокмун. Мен адабиятчы да, адабий сынчы да эмесмин. Анын зарылдыгы да жоктур. Анткени акын деген ырын адабиятчылар менен сынчылар үчүн жазбайт, окурман үчүн жазат. Сенин ырыңдын «сынчылары» эмес, окурмандары көп болсун. Ансыз деле бир ырыңда:

Уруумда болбоптур сыйкырчылык,
Урдура албайм башка ыр сыйкыр кылып.
Уруп-согуп ар ыкты бурганактап,
Уурдабайм да өзгөдөн кымтып туруп.
Болгон жөндөм нукура кыргыз көчү,
Жандүйнөмө жасабайм чыккынчылык, –

деп атпайсыңбы. «Жандүйнөңө чыккынчылык кылба­ганың­дын» өзү эле кандай жакшы! Мунуң ырларыңдын ар бир сабынан да көрүнүп турат.

Комуз күүлөрү жөнүндө жазгандарыңды кийин өзүнчө бөлүп чыгарып, комуз окуткан окуу жайлары үчүн таратып жиберсе да болот го деп ойлойм.

Дагы бир байкаганым жасалмалуулуктан качканың. Кайсы темага кайрылсаң да өзүңдүн үнүң угулуп турат. Таластын керемет жерлерин келиштире­ тарткан саптарың бар.

Уурттаган сенин сууңдан,
Улуулар өткөн туурдан.
Чоронун калган урпагы,
Чолпонбай сага жуунган.
....................................
....................................
Капчыгай кеткен кырды улап,
Кайрылыш жерде Нылды жак.
«Каныкей булак» ичинде,
Кайгылуу агат шылдырап.
...........................................
...........................................
Атайлап жаздым баласын,
Алымча жаздым арасын.

Мундуз иним!

Дагы бир окуя. Айтылуу куудул Асанкул Шаршенов бригадасы менен концерт коюп жүрүп бир үйгө конок болуп калат. Дасторкон жыйнала берерде үй ээси:

– Асаке, балам жаңы эле үйлөндү эле, бата берип коюңуз, – дейт. Ошондо Асакең:

– Өмүрүң узун болсун, өрүшүң кенен болсун, ылайым жалаа менен балаадан сактасын, шаар куруп калаалуу бол, эмдиги жылы ушул маалда шанаңдаган балалуу бол, анан батага эле ишенип жүрө бербей, өзүң да аракет кылсаң, – деген экен.

Чыгармачылык жолуң байсалдуу болсун! Манас атаңдын арбагы колдосун!

Шайлообек Дүйшеев,
Кыргыз Эл акыны, Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлыктын,
Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты

 

СӨЛӨКӨТКӨ АЙЛАНУУ

I
Африкада муздак, сыз үшүк өткөн,
Сырдуу сыйкыр жосуну титиреткен.
Зомбу дуба окуса өлгөн жанга,
«Зомби» болуп тирилип киши кеткен.
Карөзгөйлүк максатын ишке ашырып,
Кара жиндер көрсөтүп сүрүн өктөм.
Сөлөкөттү каалаган жакка буруп,
Өз мүдөөсүн аткартыш үчүн эзген.

Мойнуна эмес башына каргы сыгып,
Азияда ширилеп маңгы кылып.
Акыл-эсин сүргөн соң пайдаланган,
Сөлөкөттү ээчиген азгырылып.
Өлтүр десе өлтүрүп өз энесин,
Өлгүн десе өлсө алар жанды кыйып.
Азыр эми адамзат бул өңүткө,
Кыйноосу жок өзү эле барды сыйып.

Чыңгыз ата агымды көрүп, туюп,
Жазган тура маңкуртту кейип туруп.
Мүдүрүлүп көрпенде баратканын,
Мүлдө башка багытка көнө муюп.
Балким азыр замандын кейпи ушу деп,
Күнүмдүктүн кулуна жеңил сиңип.
Өзүмчүлдүк күч алып кеткендендир,
Өзүн-өзү теңата Теңир кылып.

Жаралгандан жараткан жалгаштырган,
Карыларын кичүүлөр алмаштырган.
Эс-акылды муунга мурасташып,
Эстафета катары талдап сындан.
Азыр эми эмнени өткөрүшөт,
Аңгыраган көңдөй баш мактап турган.
Өскөн сайын чачылып ырааты жок,
Өксүп калды заманаң бал таттырган.

Зордук ээлеп дээрлик жалпы жанды,
Зирек баам бат эле жардыланды.
Электрондук өсүү тез кынык алып,
Эмки урпакты зээнинен айрып алды.
Дайындыктан дөдөйлөп мээ иштебей,
Кайдыгер бир сөлөкөт тарпы калды.
Менменсине дүркүрөп митаамдыгы,
Мээримдүүлүк бөгөлүп тайкыланды.

Он сегиз миң ааламдын куралганын,
Оодара айтпайм Өтөдөй угарманым.
Көзөп өткөн купуя курч деле эмес,
Бирок ырды идирек чыгарганым.
Бүткүл жанды каптаган мүшкүлдөрдөн,
Бүлүнсө эл кеп нугун буралбадым.
Өтүп жаткан жашоодон алып баян,
Өзүм көргөн турмушту мисалдадым.

Билигинде алоолоп табын жаккан,
Бул окуя башталган айыл жактан.
Жазгүл, Рысбек сүйүүсү үлгү эле,
Таңсык кылып жүрөктү жалындаткан.
Чырмап-матап туруучу улуу сезим,
Махабаты мукам күү ыргак каккан.
Жапа чегип жетүүчү таттуу жыргал,
Ширин бакыт өзү ошол ыйлап тапкан.

Эки ашыктын максаты орун алып,
Бириктирип тизгинди колуна алып.
Из салышып турмуштун даңгырына,
Изгиликтин жөнөшөт жолун салып.
Жыл айланбай жаш Жазгүл этегинен,
Жалганат да бешикке уул багып.
Үй-бүлөнүн маңызын ширейт дагы,
Бекем кылып эки эсе ыйык чайып.

Жаңы тарап СССР такырланат,
Кедергиден кейиш эл жакырланат.
Өбөктөбөй ошондо жерди иштетип,
Өжөр мүнөз Рысбек тамын салат.
Майез болбой жашаалмет кезинде тың,
Майтарылбай агымга кабылданат.
Ал учурда жаштардын көпчүлүгү,
Арак үчүн жүрсө да жанын сабап.

Кажыбаган он жылдык кайратына,
Каршы турган турмуштун айбатына.
Чыны топук кылдырган сүйүү эле,
Кубат болуп эмгектин талбасына.
Тар жол, тайгак кечүүлөр багынышып,
Турган кезде жаштардын тайбасына.
Ал аңгыча жан уулун дарт имерип,
Айдап жөнөйт азаптын таймашына.

Алалышпай дубандын догдурлары,
Ал шишикти баланын боорундагы.
Жазгүл, Рысбек шашылыш уюн сатып,
Бар быдырын чогултат колундагы.
Анан алып келишет борбор шаарга,
Аныкталып наркоз жеп союлмагы.
Аман эле кылсын деп асыл жанын,
Алла болуп сөздөрү оозундагы.

Сомдогону ажайып табигаттын,
Сонун болбой ал учур тарыбаттың.
Операция бүткөн соң ийгиликтүү,
Аман болуп баланын жаны жаркын.
Көзөмөлгө ай сайын көрсөтүүнүн,
Түшүндүрөт догдурлар жаңы шартын.
Кете албасын билгенде Рысбек эми,
Баш калкалайт үйүнө кайын жактын.

Маалкып «жексур» эл койгон каймана аты,
Макул болот аталаш кайнагасы.
Кыргыз кыргыз болгону батырмак бар,
Кыйла өзгөрүп кетсе да салт-санаты.
Кыйыр тууган жоктуктан ыйбаа кылчу,
Кысылса да арга жок айла тапчу.
Акча кулу экенин уккан менен,
Ачкөз үйү баары бир калкалатты.

Кымгуут болгон эми көп санаа ойлоп,
Машакат кыр көрсөтө кажап кордоп.
Ык койдурат акыры бир чечимге,
Ыңгайына турмуштун карап болжоп.
Рысбек жөнөп айылга алгач тирлик,
Максат ою карыз сом таап келмек.
Жазгүл болсо өз болуп агасынын,
Ашканасын ижара алат тейлеп.

Жыл да учат арадан билинбеген,
Жакшы жышаан үмүттөн түңүлбөгөн.
Тоскоолдукка мөгдөбөй мээнет жанып,
Жеңип чыгат эрки эч бүгүлбөгөн.
Далалаттын кайтат да акыбети,
Даана таап акчаны күпүлдөгөн.
Марып эле калышат бүлө эми,
Көп бурулуш жасашып күтүлбөгөн.

Акчалууга аталаш арбап күйүп,
Ашканасын соодалайт алдап туруп.
Уйгу-туйгу учурда күбөлүксүз,
Иш план жок курганын жалган чийип.
Туткундалган акчага Жазгүл замат,
Мүлдө акылын азгырган айгак тилип.
Сатып алат ушул деп түбөлүгүм,
Сараңдыкты дүйнөсү аймап сүйүп.

Калети жок эгедер кубулушта,
Тез бурулат аңдоо чорт бурулушка.
Таш боорлуктун ылаңы киргилденип,
Таптап кирет Жазгүлдү бузук ыкма.
Сен да өзүңчө кошумча акча тап деп,
Серпе кубат Рысбекти курулушка.
Ушул күндөн солгундап өчө баштайт,
Учкун чачкан баштагы сүйүү уста.

Рысбек эми кечкисин үйгө келет,
Жазгүл дайым жарымдап түндө келет.
Шылтоо кылып жумуштун кесепетин,
Суроо берсе тикенек тилге кетет.
Сактануунун далалат ыкмасы бейм,
Аз табасың дегенсийт бирдемелеп.
Мартабасын адамзат чексиз сезип,
Маашырканса анда эле кимден эсеп.

Ишеничти ичтеги кубалаган,
Күндө күчөп шектенүү уялаган.
Тайып барат бүдөмүк кирсиз эски,
Татык сезим шерттешкен убададан.
Ылаажы жок Рысбек кутулууга,
Ыксыз ойдон жылчыксыз кубалаган.
Аңдоо салат тилазар Жазгүлүнө,
Аңгек жашоо болгон соң чыдабаган.

Кечки ашкана күүгүмдө жабылганда,
Тор кездеме айнектер жамынганда.
Жарык өчүп эшиктин сырт жагына,
«Жабык» деген тиркегич тагылганда.
Парда артында үрүлдөйт Жазгүлүнүн,
Бирөө менен батканы жалындарга.
Чорт үзүлүп үмүтү Рысбектин,
Чок жуткансыйт мындайга кабылганга.

Жамандыктын илеби эзген эле,
Жаакташпай Рысбек сезген эле.
Болбогонго ыкылас коюп Жазгүл,
Чыр чыгарат деп жүрчү эмнеге эле.
Баары эми ачыкка көлкүп чыгып,
Аял замат айланып кеменгерге.
Кейип айтат жаңылган тагдырлары,
Кептелгенин туңгуюк кемерлерге.

Наалаты бар напсини тыя албады,
Набыт болду сөпөттөп кыялдары.
Наристесин ойлонтпой кут учуруп,
Баш айлантты кусурдун ырайлары.
Ашканам бар, айылда үйдү ал деп,
Уул, күйөөсүн таштайт да субай жаны.
Тийип тынат башкага чартаң Жазгүл,
Өйдө туруп баарынан кумар жайы.

Жүрөк дирт деп бөлчөктөп эзип күйүт,
Жүдөйт Рысбек бир жылча өкүт шимип.
Жумуш жүрбөй башка иш издеп таппайт,
Туз куйгандай өкүнүч өгөп кирип.
Уул абалы куйкалап жүргөн кезде,
Акылдашаар жакын жок чечим куруп.
Эгем өзү бир күнү колдогонсуйт,
Эски досу Жыргалга кезиктирип.

Сыр чечишип эски дос, усул колдош,
Ойрон ишти түшүнгөн улук жолдош.
Эртеси эле өзү ачкан өндүрүшкө,
Эрте чыгып иште дейт жүргүчө бош.
Кыйын кезең учурда дем күч берген,
Шеригине Рысбек анык боордош.
Миң ыраазы тирилткен куруганда,
Мындан ашкан кайратка азык болбос.

Ушул жардам баа жеткис кундуу жардам,
Убайымдуу учурда учкун жанган.
Үмүт отун жандырып келечекке,
Үгүт берген кайрадан курчуп дарман.
Опурталдуу мезгилден Рысбек минтип,
Оңдоп кетет түйшүктү турмуш салган.
Алла дагын аябас жакшылыгын,
Дилгирленип жашоого тырмышкандан.

Алыс калып кара так тынбай узап,
Агым менен арадан жылдар учат.
Уулун көрүп Рысбек эр жетилген,
Жакшы таалим бергенге ыйбаа кылат.
Берч кылбастан жүрөгүн керек кезде,
Берген эле тарбия кыйла чыдап.
Ушул экен чоң милдет жалгандагы,
Жондон кайыш тилүүчү кырма сынак.

Бир күнү эле Жыргал дос сырын айтат,
Казинодон чыгалбас бугун айтат.
Көрүнүшү зымпыйып жүргөн менен,
Көмүскөдө чоң карыз чырын айтат.
Кеп арасы Жазгүл да кумар жайда,
Жүргөндүгүн сөз кылат былыгы айдап.
Ичтен сезет Рысбек ачкөз жанды,
Кеткендигин байыткыч ыдык жайлап.

Адат болуп көп утуп алам деген,
Алдырганды өзүнөн жабам деген.
Арбалуунун жолу чылк арам болуп,
Арты күмөн тушалып жаман белем.
Акырында аркандап мойнун Жыргал,
Асат дарга коштошуп заман менен.
Алмончоктой балдары боздоп калат,
Атакесин жоктошуп ажал жеген.

Калпыс кагып канаты кайрылгандар,
Ал мезгилде таалайы таарылгандар.
Туман болуп булаңгыр келечеги,
Туюмунан аз-аздап айрылгандар.
Сөлөктөттүн акыркы жолу ушу деп,
Айныгандын чийесин жандыргандай.
Аяз кайрып муздаган тулку боюн,
Асып өлдү мүдөөсүн кандыргандай.

Аздектеген Ала-Тоо ыйык мекен,
Аңкоо толуп ичиңде уюйт бекем.
Залакалуу турмушта шыкак шылтоо,
Замана же жобосу сынык бекен.
Эр Манастын арбагы айланган жер,
Эң оор кезден кетти эле чыгып эчен.
Кыргыз деги даанышман эл элең го,
Кыйчалышта жол тапкан улук көсөм.

II
Кымбат өмүр чокусу толукшуган,
Кырчын курак ык жөндөм толук жыйган.
Кырктын кырын Рысбек аттаган кез,
Кыйла азапты майтарып жонуп турган.
Апа болчу уулуна убагында,
Айым чыкпай ылайык колуктудан.
Жеке өзү баарына тете болду,
Жеңе билип тоскоолду жолуктурган.

Себеп анда чоңдордун өйдөлөрү,
Сенек туушуп балдарын чөйрөдөгү.
Жаман катмар жаштарын басынтышса,
Жаан чыкпады жамандын өңгөлөрү.
Бирок эки жаат бирдей сөлөкөттөп,
Маң «наркотик» багытка жөргөлөдү.
«Жетпегендер» ыпластап шексиз чөксө,
Калбай калып «Жетишкен» көрбөгөнү.

Рысбек текке жүрбөстөн тамды салат,
Тегерете алма, өрүк, талды саят.
Татык таалим өткөрүп тыңдап уулун,
Тарых кошот тамырын санжыралап.
Жай-жайына талашсыз жайгашканда,
Жан дүйнөсү бир кылка камчыланат.
Өз турмушун баштоого кайра баштан,
Өгөй үмүт сезгентип жанды чабат.

Саймаласа бир келген өмүр деген,
Салаалатат кулачын сезим кенен.
Көбү окшош күндөрдө Рысбек анан,
Көзү түшкөн, көөнү да көңүлдөгөн.
Ортомчулар атайлап тааныштырган,
Сыр тартышып сүйлөшөт келин менен.
Турмуш сокку жеп көнгөн экөө абай,
Токтоо талдап маектин сөзүн терең.

Кондургансып Рысбек колго кушту,
Бирге эмки жашоону колдонушту.
Таржымалдап айткан соң күтүп калат,
Сунуш кылып шашылбай ойлонушту.
Ич иримин Толкун да айтып кыска,
Кандай шартта серт тагдыр шорго түштү.
Чыпчыргасын коротпой баян кылат,
Чын ыкластан мындайча болгон ишти.

Студент болуп моюбай окучу элем,
Көрөңгөнүн байлыгын токучу элем.
Окуу жайдын төлөмү келген кезде,
Ошондо оор аябай жошучу элем.
Бирге окуган сымбаттуу Кемел анда,
Жетпегеним айттырбай жоюп кенен.
Сүйгөнүмө бүт баары арналат деп,
Ийгиликтүү бүтүрткөн болуп жөлөм.

Чыны алгач кызыктым акчасына,
Акча түрттү сүйүүмдү башташыма.
Бара-бара ирээттеп келечекти,
Жан үрөдүм бар кутту сакташыма.
Эчен түрлүү махабат күндөр өтүп,
Ал да ишенип өмүрдө сатпашыма.
Үңүлсө эле үмүтү бышып турду,
Үй-бүлөнүн очогун акташыма.

Сүйүү дүрт деп баш коштук, ырыс конду,
Кубанычта таптадык ыйык жолду.
Мен дүкөнчү, өз кесип жолдошумда,
Банк ичинде кызматкер жумуш болду.
Аздап анан азыткы арак деген,
Акыр барып Кемелге уюп конду.
Алты жылдай дарылап жеңе албадым,
Ал албарсты мени да туюк сойду.

Эмне гана өтпөдү зарп жылдары,
Бакыр болуп өмүрдүн жан жыргалы.
Бала күтсөк деген бир майнап кыял,
Бойдон түшүп үч жолу ал кыйрады.
Алдап жатып алып бардым мечитке да,
Чымырканаар деп ойлоп калса ыйманы.
Сөлөкөткө айланды, таштабадым,
Кечтире албай сөз берген ант мурдагы.

Тооруп оору токтобой кемиргени,
Толук тарап боорунун эзилгени.
Беш жыл болду туяксыз өткөнүнө,
Ушул менин көргөнүм өмүрдөгү.
Деди дагы Толкун оор үшкүрүнүп,
Жашын аарчып бир азга жеңилдеди.
Сөз бурса да андан соң башка нукка,
Саркынды дат кетпеди көңүлдөгү.

Кейпи үстүнөн үңүлүп сая тийип,
Келген өңдүү түрүлүп кара булут.
Кетпей калкып каргыш сээп турган сымал,
Кертет Толкун жүрөгүн мала кылып.
Экинчи ирет чечимден саал чочулап,
Эми кайра жаткансып жаратылып.
Көз жетсе да кынтыксыз, бирок мыжыйт,
Көөсү өткөндүн канжардай жара тилип.

Оо адамзат өзүңө өзүң жоосуң,
Орой дейсиң андан соң өмүр доосун.
Абдан эле көрдүк го көзкөрүнөө,
Акча, арак, нашаанын өлүк сотун.
Сөлөкөттүн арты ошол тепселеген,
Алган жарды, тууганды жерип жосун.
Баш айланса көрөңгө көңдөй куруп,
Баңги болду тозоктун кечип отун.

III
Азат бойду тик кылган ажыналык,
Азап берген учурлар кажып алып.
Өңгөч кыйган мезгил да эми жоошуп,
Өтөлгөсү баар тапты жаңыланып.
Шагы сынган өткөндөн Рысбек, Толкун,
Шоола чачкан сүйүүнүн балы тамып.
Баш кошушат маш келип мүмкүнчүлүк,
Бакыт издөө үзүрү аныкталып.

Эки айдан соң Толкундун тынчы кетип,
Экикаттан кыймылдын курчу жешип.
Иштеп жаткан дүкөндө жыт кустурса,
Иштен бошойт талгактын уусу эзип.
Анан кечке жамаатка тамак жасап,
Рысбек экөө дасторкон жыйып келип.
«Ажыраштын» ырымын өткөрүшөт,
Ачуу кейип, калганга үйүрлөшүп.

Даакы жүнү түшкөнсүп тараар кезде,
Дардак киши кирип келип салам берсе.
Дүкөн ээсин Рысбек тиктеп калат,
Дал болушуп бир-бирин кадап көзгө.
Онду чогуу бүтүргөн классташтар,
Анан айкаш кучакты кармап көпкө.
Толкундарды узатып такси менен,
Жай кирели дешишет сардал кепке.

Аялы экөө дайыма тамак жеген,
Садыр көнгөн кафеге адат белем.
Мейман кылат Рысбекти дил садага,
Мээ жыргата сүйлөшүү азат менен.
Анан артка сүрүлгөн ширин кездин,
Казынасын экөөсү казат кенен.
Карк болушса каткырып кээ бирине,
Кайгысы бар жерлерин аяп терең.

Төмөн жана жогорку айыл болуп,
Мушташууда жүргөнгө кайыл болуп.
Тайга минип кой жайган, ышкын терген,
Эскерилип балалык далай жорук.
Андан кийин сөз кылып өскөн жерди,
Рысбек талдап кара саз чоң суу толуп.
Буура сымал буркулдап турат десе,
Садыр мындай изилдөө менен жоруйт.

Уйгак тикен, караган анын баарын,
Уккан элем «Хар» делип камтылганын.
Фарсы тилде түрмөктөп жалпы маани,
Камыш, шилби «Бурия» айтылганын.
Дайра нугун бөгөөгө бекем боолап,
Даана эшиткем таш менен бастырганын.
Балким тилге жатыктап бул ыкманы,
Кара-Буура аташкан жар бууганын.

Желип өтүп сүртүмдү сөздөр жиреп,
Жеке турмуш учурку өзгө кирет.
Садыр айтат он жылда от күйүшпөй,
Ажырашкан жубайын саймедиреп.
Башты токмок, карууну казык кылып,
Ишке сабап казанат жанды үрөп.
Көкүрөгүм эс алып, намаз окуп,
Шариятта жүрдүм дейт дават тилеп.

Анан айтат акчага кашыктаган,
Алып дүкөн халалды азыктаган.
Тамыр байлап бир нукка түшөөр менен,
Оомат келип болгондо анык жахан.
Тазга дагы жолугуп калбаш үчүн,
Тандап жүрүп колукту багын арткан.
Суйкайган бир чүрөккө жолуктум дейт,
Супа болуп жарыгын чачыраткан.

Үйлөнгөндө учугу узарганын,
Ийгерүүчү аялы чыгарганын.
Куйма арак кошумча сатып көрсө,
Тунуп эле акчага кызарганын.
Ширик десе айдайы түшүндүрүп,
Алкаштын сооп шек туубас убалдарын.
Жадыбалдай жат болгон таанымы кең,
Жалжал деди жашырбай кубанганын.

Аңгычакты кафеге кирген келин,
Ар кадамы билгизип ийменгенин.
Күлө багып Садырды беттен өбөт,
Күйөөсүнө күбөлөп сүйгөн жөнүн.
Таназарга албастан Рысбекти,
Шалпы болбой чирентип күлгөн өңүн.
Бура карайт жымсалдап кыймылдарын,
Бузук Жазгүл сездирбей билгендерин.

Суру качып өңүнөн сүлү көчүп,
Сурайылдай мистейип түрү өчүп.
Мээр чөбү көрүнбөй илебинен,
Мелүүн басып столдон жылып өтүп.
Жазгүл конот жазганбай тогоолдуктан,
Саламдашып ооз учу түзүк этип.
Калп корсойгон катынды Рысбек жерийт,
Кыртыш сүйбөй калган соң дитин эшип.

Ушул белем тагдырдын тамашасы,
Урду эле го супсактын салакасы.
Көзү чаар мына эми мисирейет,
Көпкөн ооз бир кезде абалачы.
Ортосунда эч нерсе болбогонсуп,
Оозго албай тун уулун кара башы.
Сур жыландай суурулуп кайдан келди...
Сууган кезде карт болуп жаракаты.

Жылдызы өчкөн Жазгүлдүн кургак көзү,
Тили тектеш бурулуу ыргак сөзү.
Чү дегенде пикири акча табуу,
Чалагайым билинип кылтак сеси.
Шиши толуп жүргөнүн айгинелейт,
Ичтен кыжыр келтирип жыртак бети.
Изги мээрим упатын кептен билгин,
Иши өнөкөт болуптур уурдап жечү.

Уккан болуп унчукпай сүкүт тартып,
Тулку бою чыйрыгып үшүк камтып.
Күлү додо болбогон агачанын,
Бүдүрү жок былжырак зити шалпып.
Баш айлантма жүүнү бош кептен тажап,
Башка жактан кечиккен ишин айтып.
Кошкула деп кафеден чыгат Рысбек,
Мостойгондон оолактап күптүсү айнып.

Жолдо ойлонот түшүнбөй Садыр жайын,
Чааргы аялга кандайча багынганын.
Жексур Жазгүл тамакка дуба кошуп,
Катма оорууга бергендей анын жанын.
Болбосо эмне сүйүнүп сезбей келет,
Түрмөсүндө дүнүйө барымтанын.
Адал акча табуучу такыба тез,
Арамдыкка белчеден малынганын.

Дегинкиси айтаарым бул баянда,
Кескин өскөн мерездик куу заманда.
Эс жыйдырбас ыпырлуу акча деген,
Эң ыңгайлуу ээлөөдө кулдаганга.
Сейрек беле улуттук наарың эмне,
Сенек коомду орнотуп жыргаганда.
Сөлөкөттүк үстөмдүк кылса көндү,
Акылыңды туткак доор уурдаганга.

24.11.12

 

КАРЫЯ БОЛБОЙ КЕТКЕНДЕР

(Чыгармачыл инсандарды эскерип)

Ар ким чыгат ар кандай чокуларга,
Алоолонгон жаштыктын оту барда.
Көкө Теңир чийгенин маңдайына,
Көрүп келип адамзат сонун жайда.
Жугун бир аз таткан соң ырахаттын,
Жутат экен кара жер соруп кайра.
Анда эсил элүү беш ашпаган көп,
Ажал айдап түрдүүчө тооруп айла.

Талантка бай кыргыз эл түбү терең,
Тарыхталган таланттын күчү менен.
Жарылгансып аска-зоо көп залкардын,
Жашы мында жардылап сынык экен.
Булак болуп издесе өмүр өзөн,
Бууп туруп чып туктап нугун бекем.
Жактырганын соолутуп соро берген,
Жараткан ай, же мерез сырың бекен.

Сурамжылап жаш-кары аңдабаган,
Сугу суук илеби аймалаган.
Бүтүн койбой жек ажал тап бергенде,
Бүлүндүрүп талкандай майдалаган.
Күүлөнгөндө туруштук бергендерди,
Күкүрт күлдөй күкүмдөп талкалаган.
Упат болду канчалар жер үстүндө,
Иши гана айтылып аркалаган.

Атагы ашкан Арстанбек тынымсейит,
Айткан сөзү алдыда кылым сезип.
Олуялык жай менен маңкурттукту,
Ошондо эле безептир билип кейип,
Элеп черткен беш жүз күү таң кишини,
Ээрден алып оорутуп үшүк келип.
Элүү төрттө сес ажал жыккан тура,
Эңшерүүчү караңгы иңир берип.

Туулган жери Таласта Кызыл-Коргон,
Туташ сөзү таасирдүү ыйык болгон.
Өткүрлөрдүн өткүрү Үмөтаалы,
Өрт кеп менен чоң доону тыйып койгон.
Төкмөлөрдүн курчу деп алып тыныптыр,
Кырк төртүндө шум ажал жулуп колдон.
Эсенаман тукуму үзүлдү да,
Кете берди тете уул күйүт бойдон.

Кулуну экен Канттагы Чоңдалынын,
Жамак кылып Жаманкул ой байымын.
Саймедиреп айтчы дейт санжыраны,
Чыпчыргасын түгөлдөп оң жагынын.
Жыйырма сегиз жашында жылас болуп,
Жыла басып ооруунун от жалынын.
Өзү менен насыят нускаларды,
Өңүп кетти башында оор жарымын.

Ат-Башыда чоң жайлоо Четкелтебек,
Атпай журтка казалчы берген делет.
Ал Казыбек окумал болгон экен,
Арман жазып азаптуу эзген жедеп.
Жаш өмүрү өкүттөп саймаланбай,
Жалган жалаа түрмөгө болгон себеп.
Кырчын курак түпкүрдө сыздоо менен,
Кырк экиде акырет кеткен жөнөп.

Адабиятта кыялкеч алгачкы эле,
Алдыңкынын Кусейин фантасты эле.
Ата-Мекен коргоого эр боз улан,
Аттаныптыр окусак жапжаш неме.
Жыйырма үчтө батышта жанчылыптыр,
Жылас фашист отуна кайран дене.
Таң арноолор ичинде кошо кетти,
Тагдырына ушундай жазган беле.

Бал тамызып үйлөгөн кеп соболун,
Сабалата куп тарткан сөз боёгун.
Эл куудулу Термечик уулу Шаршен,
Эрте барып төшөптүр көргө боорун.
Кырк жетиге келгенде ташып турган,
Тили буулуп токтотуп жорголорун.
Кайран талант чоң Токбай айыл берген,
Кайрылыптыр калтырып жолдогонун.

Ыр кубантса жүрөгү жошо туйлап,
Ыр муңайтса ыр менен кошо ыйлап.
Ордолуу Ош жергеси Кара-Кулжа,
Опол акын жараткан өтө кымбат.
Ошол Эргеш туягы Тургунбайдын,
Оомат келип турганда баары сыйлап.
Отуз үч жаш жадырап гүлдөгөндө,
Омкорулган оорууга жаны кыйрап.

Ата-Журттун жараган керегине,
Поэзиянын жол салган тереңине.
Жазмакерлер ыраазы ыроосуна,
Чүйдө Каптал-Арыктын белегине.
Отуз беш жыл жарыкта желбиреген,
Ошол аскар Алыкул желеги эле.
Жайрап кетти бир топ кенч ачылбаган,
Жете албастан дагы көп берерине.

Мезгилинде кадыры бийик болгон,
Менменсинбей жүрүптүр сылык бойдон.
Кетмен-Төбө кулуну улуу Жоомарт,
Көл күнгөйдө анда кууш кыйык жолдон.
Отуз төрттө кабылып жол кырсыкка,
Супсак ажал өмүрүн кыйып койгон.
Аз жашады бирок көп куруп кетти,
Адабиятка урагыс бийик коргон.

Агай дешип атаган замандашы,
Артык көргөн талантын каламдашы.
Сыйда тизген жорго тил термесинен,
Сынчылар да чийки сап табалбасы.
Ал алпейим Райкан чыгаан экен,
Окуя айтса куйкумдуу баяндашы.
Кырк тогузда узаптыр дүйнө салып,
Кылчактабай баш ийип жан аргасы.

Таланттарга окшобой ар кимдеги,
Тартып турган күчкө ээ ар бир кеби.
Чаек айыл, торпу тоо арасында,
Жаралыптыр мизи курч акын шери.
Ошол Мидин кербездүү, шайдоот жигит,
Орошондоп турганда акыл кени.
Эшик каккан шум ажал муундурса,
Кырк экиде токтоптур алган деми.

Чебер залкар комузчу кайран Атай,
Чабыттаган ажалды майтаралбай.
Кырк тогузда жабышкан ооруу толгоп,
Алсыз болуп адамзат кайтара алгай.
Таластагы Көк-Кашат айылында,
Өчкөн экен шыңгыр үн кайра жанбай.
Жыйырманчы кылымдан бери карай,
Келе жатат бул талант кайталанбай.

Ооруу аздап мүлжүшү билинбеген,
Опурталга ким калган илинбеген.
Ушундай дарт кырк жети курагында,
Мусаны да оп тартып жүлүндөгөн.
Өлкө эли чыйрыгып ыйлагандыр,
Өчкөн кезде арген үн дирилдеген.
Ак-Талаада Байгөнчөк айыл боздоп,
Калбагандыр жүрөгү тилинбеген.

Аялзатта асылкеч сулуу, жалын,
Аруулуктун чогулткан тунук балын.
Көздүн жоосун арбаган ай келбетти,
Асыл сапат, сымбат көрк ыйыктарын.
Бир шербетке бир кудай жууруп туруп,
Бир денеге берген бейм сыгып баарын.
Ал гүлбурак ажарлуу Таттыбүбү,
Ажал кантип алды экен кыйып жанын.

Майез тура табигат жаратканы,
Матырды да тырмагын карактады.
Жер үстүндө ойнотуп суктанганбы,
Жеке кулптап кабырга абактады.
Отуз алты жашында кыя өтпөй,
Орой ажал араандап аяк жагы.
Өлүмүнө себепкер болгондордун,
Өктөм эмне болду экен талаптары...

Ата-Журттун адебин аңдаганы,
Көпүрөлүк милдеттен талбаганы.
Жаш муунга илимди өткөзөм деп,
Жанын үрөп оор жүктү тандаганы.
Бүйрө усул насаатын бабалардын,
Бүт дөөлөттү мээсинде кармаганы.
Ата-Бейит мүрзөдө жапжаш жатат,
Ач топурак жамынып канчалары.

Томогосуз шаңшыган алар бүркүт,
Тоолуктардын мурасын турса бүркүп.
Наалат айтып тыптыйпыл кырыш үчүн,
НКВД атыптыр катуу үркүп.
Кыйла эле болуптур илим учу,
Кыйындады мына эми кириш сүңгүп.
Аалам сыры, аба ырай кубулуштар,
Ар түйүндү жатабыз жыра тинтип.

Алар билген акыл-эс парасатты,
Анда кесир айбандар каралатты.
Бир улуттун каймагын дити барып,
Бир ок менен дөөлөттү жара атты.
Жутулган ой чаржайыт болду дагы,
Коңшу өлкөлөр илимди талап жатты.
Кыргыздарды үшүтө көңдөйлөтүп,
Түбү жыртык куу дүйнө жаралатты.

Ооз комуз, чоорчу, сөзгө чечен,
Оюлгус мүлк Токтосун төкмө экен.
Туума өнөр жөндөмү бир кылка эмес,
Турчу дешет суурулуп өзгөлөрдөн.
Талантына карабай таш боор ажал,
Карамүртөз дарт менен жөрмөлөгөн.
Элүү беште эчкиртип тындырыптыр,
Элдин баарын ыйлатып өлбөлөгөн.

Калба деген чоң айыл куш багыптыр,
Козубекке Тобо аны ыйгарыптыр.
Кыз Мейилкан таңшытып «Бакыт» черткен,
Кырк экиде оорууга чырмалыптыр.
Комуз менен козуткан ич дүйнөнү,
Коңур добуш коштобой күү талыптыр.
Кошкула деп жалдырай чым астында,
Коңгуроодой мукамдуу үн калыптыр.

Күлүк чыгып төрт аяк тыбыраган,
Кулк турпаты кыргыз өң нукурадан.
Ал Сүймөнкул окубай актёр болгон,
Артык сейрек тубаса учураган.
Элүү үчтө эңшерип сараң ооруу,
Эр ортонун эске албай кычыраган.
Баасы кымбат жашоону шөкөтүнөн,
Баскан тура Азреил сугун арткан.

Бир Кудайдан шыбага бөлүнүптүр,
Энчисине чоң талант берилиптир.
Сейдакматтын Бекинин сыркоо бирок,
Шайырдыгын эске албай кемириптир.
Өмүрүнүн акыркы жылдарында,
Түнт ажалдын белгиси көрүнүптүр.
Талашаарга айла жок, кайран жигит,
Тайыз таалай тагдырга эңилиптир.

Ийкемдүү деп жалпы эл аздектеген,
Иш өмүрү балетти нак беттеген.
Шүүдүрүмдөй дүйнөсү, көзү бал-бал,
Бүбүсара турбайбы айнектеген.
Сугун артып сук ажал кырк жетиде,
Сууруп жанын жутуптур жаш көксөгөн.
Жараткан ай, кыргызга шоола болуп,
Жаралбады мындай кыз калк көксөгөн.

Ал балетте дагы улуу уул бар эле,
Кечээ күнкү мен билген жылдар эле.
Туулган жери Кочкордун Кум-Дөбөсү,
Тубаса шык суусунан жуткан беле.
Аты айкашып жылдызга ал Чолпонбек,
Ардак наамга бүт элден сыйланды эле.
Элүү үчтө элесин эстеликтеп,
Эми турат колодон куйган дене.

Декадалык бүткүл эл жарышына,
Жарап берген кыргыздын намысына.
Атайды улап даңк алган Чабалдайдын,
Жапары экен өнөргө нагыз уста.
Белге жетпей ал дагы бет келиптир,
Өмүр-өлүм элдешкис кагылышка.
Мисирейген ажалдын чеңгелине,
Керек боло калгансып жаны мынча.

Жел кыягы сыздаган, созолонгон,
Чагылгандай Рыспай оболонгон.
Кайып уулу Жолдубай жана Мукан,
Асанкалый, Жолдошбек обон толгон.
Отуз үчтө эң жашы Чубак болуп,
Бир чоң мектеп толкуну конок болгон.
Көтөрдү да кетишти ширин үндөр,
Кыргыз теле кадырын жомок бойдон.

Азык берген котормо көйгөйүнө,
Ак сын жазган акындын көңдөйүнө.
Аман тура туягы Токтогулдун,
Атаганат андай аз сөзгө бүйрө.
Кырк сегизге чыкканда ооруу апчып,
Курчу куруп ажалга бөктөрүлө.
Кеткен экен кейиштеп бу жалганды,
Кайыл болуп оомалы төкмөлүнө.

Көрктүү айыл чоң Сары-Булактагы,
Ширеткенсип жуурутуп Кудай камы.
Кожомберди атага уул берген соң,
Мына ал жерде атыптыр Турар таңы.
Аны дагы кырк сегиз жашка алып барып,
Акын дебей кырды ашкан курактагы.
Ажал чапчаң такымга баса салып,
Акка моюн сундуруп тузактады.

Үлөштүрүп жамактын сыр маржанын,
Үлпөттөгөн өзгөчө ыр каймагын.
Сармерденди жараткан Керим кызы,
Саптары эле артыкча бир Майранын.
Кыргыз-казак элине данек болуп,
Кошуп жүрүп үрп-адат, кут байрагын.
Бергенинен көп кезде берелеги,
Таштап кетти жашоонун бул жалганын.

Бала кыял сөзүнөн, басканынан,
Бапыраңдап кетчи эле айтканынан.
Жөнөкөйлүк генийде ушундайын,
Окуганбыз тарыхтын жазганынан.
Элүү төрткө чыкканда чырак болуп,
Улуу ойлор табылып саптарынан.
Акимаалы туягы Алик кетти,
Алсыз болуп ажалдын капканынан.

Эстелгендер кыргызды байрактаган,
Эне тилди, насилди ардактаган.
Ала-Тоону, Манасты бийик тутуп,
Арбалбаган башкага айдактаган.
Азыр эми өз өлкө болсок дагы,
Калп патриот көбөйдү нарк таптаган.
Чын намыскөй журт сүйгөн киши болсо,
Ушуларды билбейби арбактаган.

Жандүйнөнүн бешигин терметкени,
Жакут болгон маданият берметтери.
Көкүрөктөн сызылган керемет сыр,
Жаратмандык иш менен төлдөткөнү.
Сый-ургаалдан кээлери четтесе да,
Калк ичинде кадыры өрлөп келди.
Өкүнткөнү көп жаштар билбей азыр,
Өнөрпоздор салмагы кертмектеди.

Компьютерди аңтарган арстан жандар,
Дүнүйөлүк жаңылык айткандар бар.
Көбөйгөнү албетте жакшы дечи,
Тетир кеткен бирок көп айбан малдар.
Бөкөнбаев деген бул көчө дешип,
Акын десең талашып таңгалгандар.
Акчадагы Алыкул кызматкер деп,
Аттиң кайда баратат айран балдар

Азыркынын обончу, ырчылары,
Актёр, акын, бийчинин курчу дагы.
Кайталангыс ирмемди улантууда,
Аргамжыдай үзбөстөн турчулары.
Улап кетсе экен дейм бар чыйырды,
Урпактарга тургузган туу сыңары.
Анжы бирок аттиң ай, күмөнү көп,
Андай болбой күдүгү тумчулады.

Нарктуу элде өнөрлүү түмөндөгөн,
Накта иргелсе ой тараар күмөндөгөн.
Өлбөй турган тирүү жан болбойт дечи,
Өксүгөндө ичээр суу үнөмдөгөн.
Бирок Алла сыноосун узун берип,
Алыс кылсын ажалдан жүгөндөгөн.
Түбөлүк иш изгиге чексиз таазим,
Маданиятка кенч берген түгөнбөгөн.

Балким бардыр алардан ашкан талант,
Зоболосу мерчемсиз жайган канат.
Көрөңгөсү жетиштүү, наамы шайкеш,
Жамынбаган жасакер жалганчы атак.
Кандай болгон күндө да азыркылар,
Кайталангыс өткөндөн алган сабак.
Маданиятта зымырап учту кетти,
Атаганат алтын доор, атаганат.

11.10.12

 

ЭНЕ – ТИЛСИЗ ЭЛ БОЛДУК

Сайма болуп салаалап жаракадан,
Сайга түшөт тунук суу тарап анан.
Түтүн көөлөп каңыр жыт чаңды кошо,
Түрө айдайт тоо шамал таза жактан.
Угут урук булгабай бул табигат,
Улут кылды илгертен баба баккан.
Мээрманы кыргыздын сен Ала-Тоо,
Мекенимсиң көп кылым заман арткан.

Түбөлүктүү чокусу мөңгү кийип,
Түркүк болуп турат ээ көктү чийип.
Анын берген заттарын жуткан элим,
Аша чабат эмнеге көп түйүлүп.
«Киргиздиктен» кирдеген аң-сезимдер,
Кине болсо пейилге жекти илип.
Эс-туюмдун ээрчиши өстү дагы,
Эне-тилдин жарымын кетти жырып.

Мен макулмун көп тилдин өктөмүнө,
Жеткинчек муун үйрөнүп өскөнүнө.
Эңшерилип жатпайбы бирок баары,
Эне тилди чайнашып өзгөрүлө.
Кокус келсе тирилип көп залкарлар,
Өкүнүшмөк сөз түрмөк, кеп жөнүнө.
Арабаев алиппем аттиң десе,
Тыныстанов сөз тантып кеткенине.

«Тыныстанова токтот» деп күрсүлдөгөн,
Сөз ыргытса маршрут жүргүндөгөн.
«Арабаева өткөндө токтотом» – дейт,
Аттигиниң айдоочу билгир немең.
Сүйлөм жылдап мээсине сиңе берип,
Суроо берсең, — «аталыш бул ким» – деген.
Аял го дейт кызматчы бир кездеги,
Азыркылар эки анжы киргилдеген.

Ал эмне экен кээлер бар килеңдеген,
Акчасына чиренип түгөнбөгөн.
Президенттик шайлоого өзүн тандап,
Тоскоолдуктан өтөм деп түмөндөгөн.
Эне тилин жарытпас ошол билгич,
«Билбейт» деген баа алып күмөндөгөн.
Балык өзү башынан сасып жатат,
Баарын сатып алуучу билем деген.

Мындай мисал толтура жамай берсек,
Сан да жетпейт четинен санап келсек.
Же таптаза чет тилин шатыратпайт,
Жетеси жок ушулар карап көрсөк.
Ортозаары дүбара болдук ал чын,
Айыга албай ырбаган жара көптөп.
Бешиктеги баладан баштайлы эми,
Кетелекте «баю-бай» таза тепсеп.

Аман болсо ал балаң чоңойгондо,
Ойлонуусу кыргызча торолгондо.
Касиети өз тили болгондуктан,
Каршы турар улуту жоголгонго.
Эне-тилсиз эл болдук дил өзгөрүп,
Сырт окшоштук болсо да торпу тоодо.
Ошондуктан оң болсун орун басар,
Ошол эмгек туура нук жогорлоого.

11.11.12

 

ТИЙЕШЕСИЗ МАЙРАМ КӨП

Эптемейден таалимдеп уул-кызыңа,
Элим кутуң четинен учту мына.
Эс алуунун жолдорун түздөй берип,
Эңилдиң го жалкоолук туткунуна.

Дүнүйөлүк өнүгүү ушул заман,
Шыбагабыз бул доорго учурлаган.
Эпчилдиктен башка да эмгек керек,
Эркин өлкө болгонго кысылбаган.

Эң кызыгы жыл эсеп чеккен күнү,
Ээлеп калса майрамдар жекшембини.
Таң калтырат дүйшөмбү, шейшембиге,
Тарс которуп тууралап кеткендиги.

Жалкоолукту биз качан унутабыз,
Жамбаштоого мынча эмне тырышабыз.
Мите болуп күнүмдүк бул агымда,
Минте берсек өлкөнү курутабыз.

Майрамдоодон болсо эгер биринчилик,
Биз алмакбыз дүйнөнү бүтүн жыгып.
Желегибиз желбиреп, гимн заңкылдап,
Түбөлүк наам чемпион такка минип.

Эл мүнөзүн өзгөртүп туюнганда,
Эң бир сонун болмок го муундарга.
Ыңгайлаган өзүнө календарды,
Ырастоочу бир кеп бар «кыйындарга».

Эсеп-кысап тармагын күтүрөткөн,
Өлкөлөр бар дүйнөнү титиреткен.
Бар майрамы жылына эки-үч эле,
Болгон эмес беделин кичирейткен.

Угуп эле калдыкбы арданбайбыз,
Улут салтка келбейт деп карманбайбыз.
Ала коюп тууралап үрп-адатка,
Анын-мунун майрамын майрамдайбыз.

Алгач майрам жарнагын билгизебиз,
Анан жылдап акылга сиңгизебиз.
Кадыры күч болгондо мезгил кечип,
Календарга нык шыкап киргизебиз.

Алтымыш жыл аң-сезим аралаган,
Анык сиңген мээге Аяз-Атаң.
Сагынгансып «Рождество» дагы келди,
Санта-Клаусун жетелеп жабалаган.

Үч жаңы жыл үч башка майрам конуп,
Үч-төрт күнгө узарып калган жорук.
Арт жагында айкашып арак-чатак,
Араң токтоп жатпайбы айбан болуп.

Билбейм кайсы жүрөктүн кабы какты,
Бир добуштан таңуулап жаңы салтты.
Валентинге боору ооруп кыргыз жаштар,
«Сүйүшкөндөр күнү» деп аны тапты.

Кээ бир жаштар эскини кайкы дешет,
«Сүйүү күнсүз» тагдыры тайкы дешет.
Өзү кайдан жаралды ойлонбойбу,
Өзгө болгон сагызчан жаңкы көчөт.

Ар бир сайтты «ноутбуктан» айдагандар,
«Агенттерге» карегин байлагандар.
Арт жагында армандап «сүйүү күндү»,
Арта түшөт бир-бирин каргагандар.

Деги койчу кайсы дин карманбагын,
Дээрлик ыйык тутунган майрамдарын.
Баарысына катышып турат кыргыз,
Байкабастан башынын айланганын.

Эмгек күнү, Жеңиш күн, Аялдар күн,
Ар бир кесип ардактуу жаралган күн.
Дагы быт-чыт эсеби эбегейсиз,
Татыктуусу бир-экөө алардан чын.

Бирок бизде иргелбейт кызыл-көгүш,
Белгиленет белсенип баары тегиз.
Айыбы жок шылтоолор турган кезде,
Арак болсо болгону жанды жегич.

Эски майрам баарысын чукубайын,
Эмкилердин түшүнбөйм ушул жайын.
Эсил кайран СССР өчсө дагы,
Эмнеге «Улуу Октябрь» күчү жалын.

Орус өзү майрам деп атабаган,
Календарга кызартып такабаган.
Эптеп эле эс алып калыш үчүн,
Эрен кыргыз турбайбы аталаган.

Кайсы майрам эмне деп аңыздалат,
Кандай тарых мааниси маңыздалат.
Көп пайызы кыргыздын билбесе да,
Көөдөнүнө кыт уюп кабылданат.

Макул деймин эгемен алган күнгө,
Манас атам келгенсип жанган дүйнө.
Ак калпактуу нагыз бул майрам күндө,
Ала-Тоону ардактап салган күүгө.

Революция экөө тең элдик белем,
Резерв бийлик алдык дейт эрдик менен.
Кара баскыр такталып бүтпөй келет,
Кайсы деги чоң майрам жеңдик деген.

Болбогон соң бир да күн тоңуп калган,
Жай мезгили кыргызда толук майрам.
Жыйнайм деген отун-суу эстен чыгып,
Кыш келбестей кербездеп оюн салган.

Календарсыз чоң майрам күз айлары,
Жаз эртелеп жыйнаган бүт айлаңы.
Чыпчыргасын коротпой төгүп берген,
Чылк шапардын мөөнөтү бир айдагы.

Эки-үч майрам байкасаң ар бир айда,
Эртесинде зыңылдап башың сайда.
Өлүп кетет ошентип он беш күнүң,
Өксүк болуп кылчайбай өмүр кайра.

Майрамдаба дебеймин мен башканы,
Бирок аша чапты го кертартканы.
Шыкак берген аларга теле дагы,
Айтса болмок болгон соң терс жактары.

Эмгек гана адамга бүткүс таям,
Көп эс алсаң аябайт турмуш сараң.
Сен иштесең өлкөнүн өскөнү ошол,
Сезе жүргүн намыскөй кыргыз жаран.

06.11.12

 

ИЛБИРС ДАЛЕ ТАБЫШМАК

Ай апчыган зоолордун чолпусунда,
Асман чийген тоолордун торпусунда.
Алтай, борбор Азия, Пакистанда,
Алпуруша шарты жок оор учурга.
Ак илбирстер жашашат тукум кууп,
Алмустактан моюбай чоң кысымга.
Анын толук турмушун бере албаган,
Азыр дагы өнүккөн доор тушунда.

Чагылдырган дүйнөнүн жаныбарын,
Айтсам канал «ВВС» тагыраагын.
Көрүп жатып таң бердим тартканына,
Кадимки эле илбирстин кабыланын. (дөбөтү)
Пакистандык журналист мыкты экен,
Жаламадан үңкүрүн таап анын.
Он жыл арнап максатка кырк мүнөттүк,
Ойго ашырган ынтаа албай карыганын.

Анан айтат баңги-зат жазмышынан,
Согуш бүтпөй тобонун каргышынан.
Мекенимди уккандар үркүп бүттү,
Дүнүйөлүк каналдын айтышынан.
Какаганга муштаган боло бербей,
Жалкыгандар билүүгө жалпысынан.
Жаналектеп тарттым дейт ажайыпты,
Жаныбардын сейрегин камтып улам.

Каттар түшүп жатканын анан көптөп,
Турист болуу максатта жайга төптөп.
Жер шарында үч миңдей болжол менен,
Ак илбирсти көпчүлүк даана тескеп.
Жылт этсе да сулууну табигаттан,
Бир көрүүнүн күдөрүн аяр чектеп.
Өлкөмө эми жигердүү көз карашта,
Сурамжылап жатат дейт алар беттеп.
Байкап көрсөм бүт эле жырткыч аңын,
Баарысынын билебиз турмуш алын.

Канча жашап, канткенде набыт болот,
Кантип жарат чаап туруп ыргытканын.
Илбирс мында табышмак сырдуу экен,
Изилдеткен аз гана кыртыштарын.
Үч жүздөйүн билсе да биздин жерде,
Билээр бекен башкасын кыргыздарым.

Айылдагы чабандын жалпылары,
Айтканынан эшиткем алгыр аны.
Кыргын болуп бүт эчки, койдун көбү,
Кыркырашып калды деп жарты жаны.
Бирок даана көргөнү жокко эсе,
Бир ирмемин айта алат аңдыганы.
Көк жарака аскадан өткөндүгүн,
Көлөкөдөй кара чаар таргыл агы.

Эмнеге анда илбирсти жалмалаган,
Төрт түлүгүн сойсо да каргабаган.
Курчта жүргөн беренге баа беришип,
Кудайы бар дешчү экен калкалаган.
Себеп кыргыз сыйлаган эрки чулу,
Жандыктарды эркиндик аркалаган.
Баатыр шерлер жараткан эрдиктерди,
Барска теңеп айтышып баптап анан.

Колдо бардын баркын бир тактап койсок,
«Кызыл китеп» чектелбей максат топтоп.
Зоодон учкан сыяктуу сезимибиз,
Зоодо жүргөн асылды тапсак болжоп.
Режиссёрлор түбөлүк дарек үчүн,
Сериалды азайтып аттап жойсок.
Журналисттен эмнең кем Пакистандык,
Тынч өлкөдө жүргөн соң тартсак болмок.

07.12.12

 

БИР КЕТСЕ ДОСТУК КАЙРЫЛБАЙТ

I
Кан бөлөк бирок карк дилге,
Кайрымы шайкеш жан бирге.
Дем болчу карайлаганда,
Дос болот экен ар кимде.

Ырыскы түшсө өбөк чоң,
Ызаны кууп өзөктөн.
Доорону кайсы болбосун,
Дос деген бийик сөз өктөм.

Үңүлүп көрсөк тарыхка,
Үлгүсү тирек жарыкта.
Бир-экөө, калган тааныштар,
Аталган өз нук багытта.

Курманбек, Аккан улуктар,
Токтогул, Өтө тунуктар.
Райкан, Мидин дагы көп,
Достошуп өткөн ыйыктар.

Андагы ал сөз салмагы,
Алгачкы баркын жалмады.
Кайрылуу кепке айланып,
Кадырын сактап калбады.

Ырсактоо солуп чөл болот,
Ынактуу толуп көл болот.
Өткөндөн шербет өрнөк сөз,
Эш тутсаң сезим ойгонот.

Эң сейрек эске түйгөндөр,
Эсепсиз дос деп күлгөндөр.
Ишеним деген башатты,
Иргемиш этип күйгөндөр.

Жанаша калып айгакка,
Жапшыра түртүп тайгакка.
Жең ичи «акча дос» болуп,
Жеткедер көп го майнапка.

Беймаза чаңкап көнүшкөн,
Достор бар тилди эмизген.
Эртеси энөө ырылдап,
Элдешкис болуп сөгүшкөн.

Көчөдө «арак жортор» деп,
Көпкөлөң «талак топтор» деп.
Көрүнөө «олжо чоктор» деп,
Көмүскө «карак достор» көп.

Тирүүлүк ушул өмүрдө,
Тилектеш болгон көңүлгө.
Аңгеме куруп берейин,
Анда бир достук жөнүндө.

Катарлаш жүргөн жандары,
Каныбек, Сайран жайдары.
Жоролор эле студент,
Жогорку окуу жайдагы.

Экөө тең калбай уятка,
Экзамен берип сынакта.
Эңсеген диплом алышкан,
Эң алгач жетип муратка.

Коомдо баркы салмактуу,
Мугалим болуп ардактуу.
Андан соң ишке орношот,
Арыштап жаштар кайраттуу.

Ушул кез туюк кептелип,
Улуу СССР тепселип.
Ыдырап анан башталат,
Ысырап жашоо бет келип.

Өлкөдө токтоп өндүрүш,
Өчөйсө кашаң кем жүрүш.
Өкмөттүн келбейт колунан,
Өткөөлдү ыкка келтириш.

Баардык эл анан кам уруп,
Базарды кирет сапырып.
Оймоктой буюм болсо да,
Он сыйра колдон сатылып.

Борборго толуп көчмөндөр,
Бозгондор жана безгендер.
Аралаш болот ал жерде,
Интеллект, шылуун, көпкөндөр.

Каныбек, Сайран айлыгы,
Карманган ошол байлыгы.
Батирге жетпей өксүтүп,
Башталат жашоо тар нугу.

Үйлөнүп үй-жай күтчү ой,
Үлөнүп кумдай түпкү ой.
Досторду сүйрөйт агымга,
Демократия деген үстү жоор.

Маңдайга чийген чийин бейм,
Аргасыз кетип илимден.
Экөө эми чабат соодага,
Эл менен селдей түрүлгөн.

Сооданы Сайран так билет,
Соодага сүңгүп бат кирет.
Каныбек тапет болбостон,
Калыбын таппайт жанды үрөп.

Сайранда кынык амал жык,
Мезгилге шайкеш талант шык.
Каныбек какайт эби жок,
Канында туулбай тапандык.

Калбастан бирок талаада,
Билинет достук балаада.
Жолдошко болот чын жөлөк,
Дос Сайран кыйын абалда.

Каныбек «үстөк» илинип,
Калаарда мөгдөп ийилип.
Камыр кыл сууруйт Сайраны,
Кан достук катуу билинип.

Ал кезге болбос таң калып,
Аңкоолор бурап акча нык.
Бер жагы эле кандидат,
Берендер чыгат баркталып.

Акылы бөксө эрендер,
Акчасын төгүп «кеменгер».
Борборду бөлө менчиктейт,
Боорсоктой көңдөй эчен жел.

Катаалдуу ишке ой солоп,
Каныбек анан ойлонот,
Залалым тийип зак жүрсөм,
Досум да өспөй кор болот.

Андыктан кетип айылга,
Түптөйүн тирлик тайымда.
Мен казган билим заманга,
Дал келбей турган чагында.

Ошондой өкүм чыгарып,
От жүргөн достор кубарып.
Коргошун боло айла жок,
Коштошот шартка ылайык.

Өйдөлөп мезгил тепкичи,
Төмөндөйт бир жыл эскиси.
Чарчатат калкты эки эсе,
Чаалыкпас заман тепкиси.

Илгерки пейил кепкенен,
Бир жылда кулап бет менен.
Тескери коом жетилет,
Тездикте нуска тепсеген.

Табылгы өңдүү буралган,
Табышкер турса сыланган.
Айдакка көнөт калган эл,
Аракка жанын сугарган.

Бул заман битке кан куйган,
Бузулса пейил ант урган.
Эмнелер гана өтпөдү,
Эл кесир болуп тантуудан.

Байлыгын додо үймөлөп,
Бул жылы Сайран үйлөнөт.
Өз журту, тага, кайынга,
Өзгөчө тойдо гүл бөлөп.

Аброю менен акчалуу,
Айкүрү конуп бапталуу.
Тарс анда кайын белектейт,
Тактыны аймак башкаруу.

Кубанып чындап жүрөктөн,
Куттуктоо айтып тилектен.
Каныбек келет досуна,
Калаада беш жыл бир өскөн.

Ак үйдө, аймак борбордо,
Ал-жайды сурап болгондо.
Ыраазы болбойт Сайраны,
Каныбек дыйкан болгонго.

А көрөк кел дейт бул жакка,
Алтындай жашоо курмакка.
Өз кишим болуп жанымда,
Өлкө үчүн кызмат кылмакка.

Бурулуш жасап жаш жигит,
Бук болбой эсеп жакты илип.
Кан досу менен иштешет,
Дөөтүн абдан так билип.

Мезгилди айлар кубалап,
Арадан жылдар уланат.
Жоопкер Каный жооштугун,
Сак Сайран жатка куп алат.

Дүнүйө деген азгырык,
Дагылайт тура аз кылып.
Көрсөтпөй котур көк ташты,
Көөдөнгө шыкап каттырып.

Байкатпай акт иш кагазга,
Койдуруп колун алат да.
Ишке арыз жазып андан соң,
Изи сууйт Сайран заматта.

Туура эмес чыгып бир барак,
Каныбек жалгыз булганат.
Күнүгө сотто кайран баш,
Күйүттө жаны кыйналат.

Болбогон үчүн тили каар,
Көрүнбөй Сайран ичи заар.
Кан досун кантип сатты экен,
Каргыштан коркпос дити чаар.

Морт болуп шыптан чатырап,
Кулаган муздай чачырап.
Жандүйнө өлөт Каныйда,
Жан доско жүргөн асырап.

Долу дос тирүү мууздаган,
Жалаадан бөөдө туздаган.
Каныбек араң суурулат,
Жүрөгүн басып сыздаган.

Арийне пейил бузулса,
Асти эле ажаат утулса.
Наадандык жеңет турбайбы,
Напси ичтен такаат чыңырта.
Дос эле коон үзгөндө,
Кас болду бозо сүзгөндө.
Деген сөз эми илгерки,
Дал келип турат бул жерде.
Көмүскө саткын ыкма бу,
Көптүрүп жуксуз чыкманы.
Курутуп рухту өттү го,
Куулуктун күчөп утканы.
Ичеги менен карындай,
Ит жебес быткыл чарымдай.
Илгери энем айткан сөз,
Илээшкер адат азыр бар.
Заманга көндүк док коюп,
Заңдаган «митаам дос» толуп.
Адамзат жоопкерчилиги,
Бараткан окшойт жок болуп.

II
Канимет билген дос жомок,
Каниет канаат зоо болот.
Ишенич чыйыр төшөйт да,
Ийгилик изги жолдонот.
Ташка мөөр оюк ойгондой,
Так койсо чолуп сойгондой.
Кол жууган достук кайрылбайт,
Мээри дат закка тойгондой.
Мүдөөгө жетсе оолактап,
Жүрөт да чүмкөө оолак жат.
Кокустан кийин жолукса,
Кокуйлар кылат жолдо акмак.

Ушуга мисал туш белем,
Борборго келип иш менен.
Каныбек кийин жолугат,
Сайранга шаарда иштеген.

Заматта Сайран маашырлайт,
Болдуң деп катуу таарынчак.
Сөздөрдү айтып арзыбас,
Дооматка өтөт аңкылдап.

Ылаажы таппай минткенин,
Жогорлоо кызмат түшкөнүн.
Борборго пара берүүчү,
Акчаны айтат тинткенин.

Урдуруп эле күргүштөй,
Уяттын жигин билгизбей.
Намыскөй болуп мыкчылат,
Тим эле шаңшып бүркүттөй.

Белгилейт нукуп ар жагын,
Бир кезде сактап калганын.
Түшүнтөт эгер соттолсо,
Баары бир сууруп алмагын.

Ишенүү сарптап дагы да,
Азыр да кел дейт жаныма.
Мартаба күтүп эгедер,
Нур жаарын чексиз багына.

Дос — деген кудай бир аты,
Жандүйнө учкун кубаты.
Өзүмчүл гана өзгөрөт,
Аңдабай арды уяты.

Каныбек калпты тим бөлдү,
Мындайга чара ким көрдү.
Натыйжа далил эскертип,
Наадандан түшкөн түнт сөлдү.

Ойлонсом мындай «мыктылар»,
Олжо эмес ырыс жуктурар.
Жаралган жаңы ныгыргыч,
Ала-Тоо ыркын бузчулар.

Эл менен алар түк дагы,
Эсептеш болбойт бүт жагы.
Акчаны туюп калса эле,
Адалга жолтоо ыктары.

Ал билбейт сабыр азатты,
Көрсөтөт запкы-азапты.
Бушайман кылчу ушундай,
Бузуктар заман жаратты.

Ачкөз көп нысап тутпаган,
Азыгын сарптап уучтаган.
Колдонуп көнгөн өткөөлдө,
Кой кылып калкты жуушаган.

Текебер болуп телчигип,
Көнүгүп майлуу жерди илип.
Коркунуч болуп мурасы,
Коомду жатат өлтүрүп.

Ырайым кетти, ырк кетти,
Ындыны өчүп тырп этти.
Адамды мындай өлчөмдөө,
Арамза кылып үйрөттү.
Жосунсуз алдоо үйүр алып,
Жоюлбай жүрсө булганып.
Ким билет илдет өтөт го,
Кийинки муунга курч алып.
Кыргызда мындай чуут жорук,
Көбөйсө түркөй туут болуп.
Манастан калган улуу журт,
Жоголот ойлон кунт коюп.

26.12.12

 

АЛА-ТОО КЫРГЫЗ­МЕКЕНИ

Бишкек-2006

 

ИЙГИЛИК КААЛОО

Жашыл арча, жаш кайыңдай, чексиз кыял, тааныш жол менен бараткан иним, – Мундузбек Кунасов жөнүндө өз оюмду баш сөз катары ортого салам, урматтуу окурман.

Чыгармачылыктын жолуна түшкөн ар бир адамга мүнөздүү, татаал дагы, мүшкүл дагы акыл-эсти талап кылган акындык өнөр Мундузбекти өзү жетелеп келе жаткандай сезилет.

Ыр дүйнөнүн кумарына терең батып, толкуп-балкып, сүйүп-кейип, кубанып-ыйлап, буулугуп ар бир жан-сезиминен, жан-сырынан, жан-дүйнөсүнөн сызылып жаткандай элес калтырат.

Ата Журтун ардактап, журт даанышман мезгил карыткан инсанды, байыркы уламаларды, икаяларды, өзгөчө көркөм тил менен абалтадан айтылган элет калкынын казынасынан сузуп алгансыйт.

Талант дарамети, өнөр кудурети Мундузбекти өжөрлөнтүп, басса-турса баш көтөртпөй издеткенсийт. Ырдын көркөм ыргактары, айтылбаган жаңы сөз, айтыла элек ой, образдуу сүйлөмдөр, ийкемдүү илбериңки, музыкага бап келгендей так жана элпек кайрыктар мага ырчы катары айрыкча таасир калтырды.

Ураматтуу окурман, колуңуздагы китеп Мундузбектин биринчи ыр китеби.

Бул китепчеде Мундузбек ой-тилегин, үмүтүн, эсте калган жаштыктын ар бир күнүн гүл аңкытып, жыпар жыттантып, шагын ийген алма бактай гүлдөп турган мезгилин эске салат. Гүлдөгөн алма бак мөмө түйүп, шагын ийип Мундузбекке чыгармачылык ийгилик алып келсин.

Пайгамбарыбыз Мухаммед Алейхи Салам адамдын артыкчылыгын дөөлөттөн эмес мээнеттен көргөн экен.

Мундузбекке чыгармачылык мээнет каалайлы. Жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун иним Мундузбек!

Ырларын окуп жатсам Мундузбектин,
Учугун чубагансыйм укмуш кептин.
Ырдан бүткөн ырыскыны бөпөлөгөн,
Ыр тапкан акыны бол келечектин.

Дарика ЖАЛГАСЫНОВА,
КР Эл артисти

05.07.06

 

Автордон:

Бар экен кыргыз жөлөгөн,
Багымды тайкы дебейин.
Баш сөзүн жазган эжеме,
Башымды ийип өтөмүн.

Ак жолтой жолуң шыр болсун,
Алгачкы жыйнак китебим.
Ак кызмат кылып эриткин,
Адамдын жумшак жүрөгүн.

Суу агат аккан арыктан,
Сүйлөмүн элим байкашар.
Сүйүшсө жүрөр кастарлап,
Сүйбөсө жатып чаң басар.

 

ПОЭМАЛАР, ТЕРМЕ ДАСТАНДАР, АЙТЫШТАР­ТАЛАС

Саймалап көркөм жараткан,
Сөзүмдүн башы Таластан.
Жалпысын жазыш эң кыйын,
Жармысын жаздым аз-аздан.

Барсаң сен жерди көрмөккө,
Башталат ашуу Өтмөктө.
Көңүлүң эргип көз тойбойт,
Көрпөдөй шашыр көк чөпкө.

Какайып турган асканын,
Кар басып жатса баш жагын.
Көгөрүп андан ылдыйда,
Кийикот каптайт капталын.

Таң калып сулуу капталга,
«Тай жорго» белин ашканда.
Байдылда айткан бүркүттүн,
Баласы жүрөт асманда.

Кайымдын уулу Касым да,
Жакыпбек уулу Ашым да
Келтирип жазган бул жерди,
Чыгармалардын башында.

Токою мындан башталат,
Торгою сайрап такшалат.
Кыргый куш жокпу жөжөм – деп,
Кыргоолу аңдып баш багат.

Бутагы чанда бош болот,
Булбулдар сайрап топтолот.
Ичинде издеп жаш тамыр,
Иликтүү каман оркоёт.

Билгизип учтуу курчтугун,
Кабыкка кагып тумшугун.
Тоңкулдак урат барабан,
Уктатпай үкү түн кушун.

Коёну кабык кемирген,
Элиги жүрөт семирген.
Жийде, тыт, өрүк, карагат,
Жемиши жерде төгүлгөн.

Турпагын таптап жакшылап,
Иреге жасайт кашкулак.
Эмгегин текке кетирип,
Борсолдой бузат казгылап.

Токойдон четте чачырап,
Тоо этек жактан кабылат.
Көтөрүп бир топ найзасын,
Кирпилер жүрөт шагырап.

Сагызган белги билдирет,
Сан малы качат дүркүрөп.
Бекинип калды баары – деп,
Бөрүсү кангыйт шимшилеп.

Түндөсү чыгып жумушка,
Тумшугун салып туюкка.
Түбүнөн чыгып калар – деп,
Түлкүсү издейт жумуртка.

Учушуп жаштар уядан,
Жолугуп ээрдей кыяңан.
Райкан жазган кыз-жигит,
Бир бирин сенде сынаган.

Көк токой бутак биринде,
Кайраның Атай күүндө.
Көк тамак менен Ак тамак,
Келишкен достук бүтүмгө.

Ортоңдо катуу кайраты,
Оргуштайт Талас дайрасы.
Жулат – деп коркуп титирейт,
Жээгинде кайың, тал жашы.

Кыргызга тутка болот – деп,
Тууруна акыр конот – деп.
Семетей кечсе уулуңду,
Сагынып жуудуң шолоктоп.

Уурттаган сенин сууңдан,
Улуулар өткөн туурдан.
Чоронун калган урпагы,
Чолпонбай сага жуунган.

Толкундун үнү шырылдап,
Таш-ташка тийип ыр ырдайт.
Шекербек черткен күүгө окшоп,
Ыргагы такыр бузулбайт.

Айлампа жериң чуу түшүп,
Чардактар сууга чүмкүшүп.
Чаңытып кемер жарыңды,
Чабагың жүрөт үркүтүп.

Чардактар учса чаркылдап,
Кебелбейт соно каркылдак.
Сел болсо деле макул – деп,
Санаасыз сүзөт калкылдап.

Чукчулдук тапса үлүлдөн,
Чукулайт чык деп үйүңдөн.
Тойгожо тарткан сурнайдай,
Тумшугу менен ийилген.

Оң жагың белги туу турган,
Ойрону кетип кыргыздан.
Каныкей арнап бир кезде,
Баатырга күмбөз кургузган.

Кароолчу койгон чоку ошол,
Кең-Колго кирчү жол ошол.
Айкөлдөн элес калтырып,
Айкели барсаң тогошор.

Ар жакта жайлоо Кең-Колуң,
Ал жерде «Терек» жер сонун.
Тарыхта мындай айтылат,
Тыңдап жүр кандай болгонун.

Турпакка сүртүп оң колун,
Кырк чоро алып томпоюн.
Калмакты минтип чертет – деп,
Калтырган бизге «ордо» оюн.

Башталып ушул корумдан,
Эчкили Тоосу созулган.
Күмүштү күрөп алчу экен,
«Күмүштак» каптал зооңдан.

Калай-Кен этек кырда көп,
Кана, сал мени ырга – деп.
Чубагың созгон обондой,
Чубаган зерлер мында көп.

Капчыгай кеткен кырды улап,
Кайрылыш жерде Нылды жак.
«Каныкей булак» ичинде,
Кайгылуу агат шылдырап.

Мекендеп Манас жүрдү – деп,
Мазарың тарых билдирет.
Кабылан сөөгүн жашырган,
Кара-Зоо турат күңгүрөп.

Эчкили миздүү кырыңдан,
Эчкилер кумдай куюлган.
Кожожаш кеткен куушуп,
Сурэчки менен ушундан.

Алымкул залкар бир балаң,
Эстебес залкар бир балаң.
Эчкили сенин көркүңдү,
Экөе тең төгүп ырдаган.

Чогулуп ар бир сайлардан,
Дайралар барып байланган.
Эчкили бүткөн Мойнокто.
Көк көлүң көлкүп байыр алган.

Секирип балык ээликсе,
Өрдөгү илет кээ бирде.
Алкымы куржун бирказан,
Акырын басат жээгинде.

Мойноктон Кызыл-Адыр бар,
Этеги кызыл адырлар.
Бөкөндөр өтсө чубаган,
Көрүнбөй жүргөн мадыл бар.

Адырдын угуп кеп-жөнүн,
Атайын казып көп жерин.
Илимпоз жүрөт изилдеп,
Илгерки мамонт сөөктөрүн.

Бул жерде терең сыр жатат,
Айдакең баскан чым жатат.
«Көйрөң күү» чертип көпчүлүк,
Күлкүдөн көзүң ыйлатат.

Эчкили-Тоонун ар жагы,
Айтсам мен Кара-Арчаны.
Ал болот жердин каймагы,
Ал болот кооздук аймагы.

Жок чыгар мындай жалпыдан,
Жем жебей семиз тай, кунан.
Тоодогу жыты гүлүнүн,
Айылга чейин аңкыган.

Кан-Жайлоо жатат жайкалып,
Бейишке бети айланып.
Оттобой малы турганга,
Оролот шибер май басып.

Толтуруп барак беттерин,
Оң жагың чала эптедим.
Кагаздын бети түтпөйт – деп,
Калтырып кеттим көп жерин.

Сол жакта Ала-Тоолоруң,
Белгилеп жердин борборун.
Ак калпак кийип турушат,
Асманга созуп зоолорун.

Башталган төрү Жер-Үйдүн,
Башаты алтын кениңдин.
Береке берген жериме,
Белеги тура Теңирдин.

Катарлаш Беш-Таш бел жатат,
Табигат берген төр жатат.
Чарчанып чыксаң чокуга,
Чайпала толкуп көл жатат.

Мергендер билет жөнүңдү,
Аралап барып төрүңдү.
Кеселге таап келишет,
«Кара өрүм» деген чөбүңдү.

Эстесе жаңгак бел ашууң,
Элестеп отуз беш жашын.
Эргүүгө түшүп сүрөттөп,
Эшмамбет айткан Беш-Ташын.

Аба жол кылган турналар,
Ашуудан Кара-Буура бар.
Агыны күчтүү суусуна,
Аккан дейт атан, бууралар.

Бийигиң аска бой тиреп,
Этекте колот-кокту көп.
Ичиңде Жети-Төрүңдү,
Изилдеп жазса чоң китеп.

Бир жерде токой капталың,
Бекитет тоонун таштарын.
Кармашып өскөн чытырман,
Долоно менен ак кайың.

Жалама болуп бир жериң,
Жалтырап далай күн жедиң.
Быдыры, бирок темгилдүү,
Билгизбейт илбирс жүргөнүн.

«Сүлөөсүн» деген жер бизде,
Сүлөөсүн жүрөт тектирде.
Сүрөтчү калем кулагын,
«Радар» кылып жел тийсе.

Жер экен эстеп билип жүр,
Жетимден муңдуу угуп сыр.
Жеңижок кетсе коштошуп,
Жалгыз тал ыйлап туруптур.

Кекилик жүрсө жөө чубап,
Кайтарып короз олтурат.
Аркайып карап өрөөндү,
Ар жакта Манас-Тоо турат.

Бооруна тарых батырып,
Бул тоонун бизге аты улук.
Чынгыздын чыгармасындай,
Чыңалып бийик жатыры ук.

Күн батыш жагын аралап,
Күркүрөө суусу шар агат.
Ажыдаар жатчы «Үңкүрдөн»,
Адамдар азыр дары алат.

Кулжалар бийик топтошот,
Аркарлар кенен оттошот.
Маралды кармап алам – деп,
Мамалак аңкоо жол тосот.

Бутунда канжар куралы,
Ителги, тунжур, тынары.
Атылып чыкса асманга,
Бекинет байкуш улары.

Жеткирбей кетсе булгуну.
Жебедей сызып туйгуну.
Салпактап бекер учпайм – деп,
Сайратпай илет сууруңу.

Жергебиз Талас алтындай,
Жазалбайм толук калтырбай.
Жайкалып жаткан бир нече,
Жайлоолор калды айтылбай.

Сол жагың созуп бүтүрдүм,
Жардамы менен үтүрдүн.
Айтпаган жерлер айтылар,
Арышы ушул күчүмдүн.

Капталын айтсам Таластын,
Калаасы жатат казактын.
Эзелки жерин кыргыздын,
Эстесем мени басат муң.

Таарынып кетип капырдан,
Калкалаар жер жок жашынган.
Алманбет тууган издесе,
Таласым болду батырган.

Таарынган дөөлөр көп барган,
Ушундан лакап көз жарган.
Таарынсаң кет – деп Таласка,
Тамаша-чындан сөз калган.

Ажыбек уулу Нурагың,
Бүргөдөн Калча туягың.
Кулаткан дешет бул жерден,
Кокондун коргон дубалын.

Таразга барчу чек ошол,
Канатташ казак эл ошол.
Эрениң Теке кыл чайнап,
Эр сайыш курчу жер ошол.

Желесин бирге байлаган,
Жер эле тууган жайнаган.
Чогулуп өтүп аш-тойлор,
Чоюлган Чоңду сайраган.

Ар сөзү салмак сары алтын,
Ардагы болгон алардын.
Анаштын элин толкуткан,
Айтышы Эсенамандын.

Элеси калып тартылган,
Эчендер өттү кайгырган.
Раймалы менен Бегимай,
Сүйүүдөн мында айрылган.

Аталаш элек тең өскөн,
Азыркы турган Кеңештен.
Чет жагың Маймак, Кайнарга
Чек ара чийген «чеп» өткөн.

Чоңойгон сенин төрүңдөн,
Сөз кылсам эгер элиңден.
Көкбөрү тартса жигити,
Кыздары уздар керилген.

Дымакты алып Кудайдан,
Аттокур, Сартбай, Сулайман.
Үмөтаалы дагы көп,
Санасам түтпөйт чыгармам.

Карааны тоодой өңүндө,
Карысы балдар төрүндө.
Неберем билип жүргүн – деп,
Санжыра айтат көбүнчө.

Жетеңди дайым бил деген,
Жетиптир бизге тил менен.
Учугу узун, түрү көп,
Уят го бирин билбесең.

Түбүбүз өнүп көбөйгөн,
Түбүнөн баатыр жөрөлгөң.
Таалайым ушул жерден – деп,
Таласта жашап көгөргөн.

Узартпай айтсам санап ал,
Ушунда сырттан Каратал.
Тегинбек менен Тентекбек,
Балдарга чейин барат ал.

Саруусу, кутай, кушчусу,
Жетиген, басыз, мундузу.
Урпагы болуп алардын,
Уланып келет турмушу.

Таалайын элдин сүйөп жүр,
Таласым көктү тиреп тур.
Кубанып сени жасаган,
Кудайдан бизге белек бул.

Атайлап жаздым баласын,
Алымча жаздым арасын.
Тууган эл менен аман бол,
Тууган жер асыл Таласым.

13-май, 2006

 

БОРБОР ЖАНА БОРБОРДОГУЛАР

Кечээги тарых изиңде,
Кеңири Чүйдүн ичинде.
Кыштакча Пишпек өзгөрүп,
Кыргызга борбор түзүлсө.
Курулуп кабат үйлөрүң,
Куушуп илим-билимде.
Кулпунуп чыктың акыры,
Кут даарып сулуу Фрунзе.

Жашыл бак каптап маалында,
Жашардың гүлдөп ар жылда.
Программа күндө акталып,
Прогресстин өстүң алдында.
Пландуу завод, фабрика,
Проспектти кенен салдырса.
Пегасы туйлап сага арнап,
Поэма жазган Байдылда.

Он чакты окуу жай эле,
Тажрыйба анда бай эле.
Калькулятор жок кезек,
Калемиң, бирок так эле.
Көчөлөр күндө жуулуп,
Көз көргөн баары жаңы эле.
Сезимде сүйүү селт этип,
Сен элең бизге шаар эне.

Ал кезде бийик маданият,
Адамдын баарын аралап.
Автобустардын ичинде,
Аксакал орун ала алат.
Ай кыздар чылым чекпестен,
Аракты ичпей чакалап.
Айгайды салбай жаш жигит,
Астейил жүрчү азамат.

Он беш өлкө биринде,
Керемет эле Фрунзе.
Жашыл шаар деген атагы,
Жалпыны ичтен сүйүнтсө.
Жабалактап туристтер,
Күндүздөй дешип түнүндө.
Гүлбакта китеп окучу,
Жарыктан тамга билинсе.

Кемтиктүү, бирок ар заман,
Кемиңди болбойт айтпасам.
Жорубай түштү орусча,
Жогору эч ким барбаган.
Таланты ташып турса да,
Таптакыр ишке албаган.
Серептеп койсо Москва,
Сен же мен эмне айта алам.

Эгемен болуп акыры,
Бишкек деп атап атыңы.
Кулдуктан эми чыктык – деп,
Кубанып баары жашыды.
Демократия деген бат сиңип,
Карабай кары-жашыңы.
Апыртма айткан көп болду,
Ашынып кетип акылы.

Байыса кээ бир ишкерлер,
Башканын иши бүтөлдү.
Бирөөдө бекем «басмайыл»,
Биринде бошоп «үзөңгү».
Тушооңду чечип жетелеп,
Турмушуң салды жүгөндү.
Алдастап турган кайран эл,
Араңдап барып түзөлдү.

Бишкекти менчиктештирип,
Бир топтор, бир топ жерди илип.
Бат эле ыпыр көбөйүп,
Базарды салды келтирип.
Заманың ошол болгон соң,
Замандаш сени эл сүйүп.
Көөдөндө уюп баары бир,
Көркөмүң турду көрк түйүп.
Жалтырак кылып өгөйбү,
Жакуттай үйлөр көбөйдү.
Бишкекте бийик имарат,
Кубантты чыны көп элди.
Түрктөр менен кытайлар,
Көрсөтүп кургуч өнөрдү.
Кооздошуп «соода түйүн» – деп,
Кооздукту кыйла көтөрдү.

Башка улут ишкер көп келип,
Бийик үй курса көрктөтүп.
Бааларды, бирок өстүрдү,
Батирге «баксы» көп берип.
Баккандар араң бүлөсүн,
Байкуш эл кетти теңселип.
Башында неге келдим – деп,
Башы маң ойго кептелип.

Башка айла калбай олуттуу,
Басышып четтен конушту.
Баштады анан айла жок,
«Баскынчы» деген согушту.
Бишкекте минтип айылдар,
Билинбей бир топ болушту.
Бозоргон бакса дубалдар
Борборду кенен созушту.

Кайран эл алга алгалай,
Каттатып маршрут байма-бай.
Казышып кудук, суу тартып,
Көчөгө таш сээп талкалай.
Карагай куруп, зым тартып,
Кылса да эмгек жайлата ай.
Электр өчүп, суу тоңуп,
Кышкысын болбойт шайма-шай.

Жана да айтсам түз сөзүм,
Жалпайып өстүң Бишкегим.
Бир жагың Кантка чоюлса,
Сокулук жакта бир жериң.
Түбүндө кыргыз жери – деп,
Кордойго эми кирбегин.
Казактар чыгаар кубалап,
Кырк байтал кеткен билчи элим.

Өзүмдө деле конуш жок,
Өзөрүп мен да ачкамын.
Борбор деп какшап жатсам да,
Пенделик жайым айтайын.
Өз жерим деп эл менен,
Өлөрман болуп баскамын.
Жетелеп койгон бирок да,
Жегендер дайым «калк камын».

Төп келбей башчы көңүлгө,
Төңкөрүш болду өзүңдө.
Зыркырап турдуң Бишкегим,
Зырт этип жалын өңүңдө.
Ала-Тоо аянт бүлүндү,
Айнектер сынып көбүнчө.
Арманың борбор ал түнү,
Асманга айттың менимче.

Асманда жылдыз кыймылдап,
А жерде кыргыз кыймылдап.
Алаамат анан башталды,
Саясат деген ырды ырдап.
Кыйналган эл-журт ансыз да,
Кыл чайнап турса кырчылдап.
Ким билет жатты сайгылап,
Килейген кээ бир «шиш тырмак».

Эки дөө тишин кайрашса,
«Эл үчүн дешип кармашса.
Сериал болду пикеттер,
Сегиз күн сайын ар башка.
Балекет эми басты – деп,
Башында дайым таң калса.
Көнүп да калкым бүтүштү,
Көпкөлөң тентек балдарча.

Көчөңдү айтсам борборум,
Көп эмгек менен оңдодуң.
Убагындагы ылайык,
Унаага баткан чоң жолуң.
Көп келип четтен машина,
Көрдүң го өзүң толгонун.
Кеменгер болуп эми сен,
Кеңейтүү жагын ойлогун.

Көп кабат үйүң асты бүт,
Көбүнчө кафе-бар турат.
Кээ дубалын алышкан,
Кең болуп ичи жаркырап.
Акылга салып чечкендир,
Акчасы арбын ал чунак.
Биле албай түркөй мен корком,
Басат деп бир күн там кулап.

Көрүнүп кыргыз жарк этсе,
Көп жерде түнкү банкетте.
Көңүлүн элдин алат – деп,
Көбүнчө обон тарс этме.
Экинчи кабат элдери,
Эстери обот албетте.
Айла жок качан бүтөт – деп,
Кадалып турат айнекке.

Кеп курсам эски фонтандан,
Кез-кезде эле атпаса.
Көпчүлүк маалы дем алыш,
Кечкурун бир аз баштаса.
Бир сааттан кийин чорголоп,
Билинбей токтойт таптаза.
Аттиң ай кайран мезгилди,
Айланса дейсиң аркага.

Чуурутуп жатсам билем – деп,
Мисалдар бир топ түгөнбөйт.
Ала-Тоо өңдүү шаарымды,
Анда да айтам сүйөм – деп.
Эл деле ойлоп жаткандыр,
Экономиканы үнөмдөп.
Өнүгүп кетсек болгону,
Өлкө өзү коёр түгөлдөп.

Жетишкендик, кемчилдик,
Айтсам, балким, ойлошор.
Акылдуу болгон бул ким – деп,
Ачуусун мага орнотор.
Жөнөкөй жаран катары,
Көргөндү жаздым ойдо ошол.
Жетишкендик белгилүү,
Кем жерди бир аз оңдошор.

Кошулуп жашоо агымга,
Жүрөбүз дүйнө шарында.
Баатырдык деги калкымдын,
Бар эле түбү канында.
Жоголсо бүгүн бир нерсе,
Эртеси болор табылга.
Туттугуп калар биз эмес,
Тукумуң кыргыз барында.

Жыйырма биринчи кылымдын,
Куралы шаарга келген кез.
Жогорку окуу жай түгүл,
Мектепте сабак берген кез.
Үйүндө дагы окуучу,
Үйрүлүп ойноп көнгөн кез.
Компьютер билбейт деген аз,
Ишенбесең кел мелдеш.

Биз үчүн шаар эне – деп,
Билимдүү чыгат келечек.
Жалпайган борбор өзүңдү,
Жаңы муун дагы көтөрөт.
Билгич көсөм болушса,
Биз үчүн олжо өтө көп.
Көз көрбөгөн кооздукту,
Көрсөтөр далай жетелеп.

Жуткан сен аба тазасын,
Жуткан сен суунун тунугун.
Бакай, Кошой, Манастын,
Баккан сен баптап кулунун.
Жердеги улуу шаарларга,
Жетпесе дагы бийигиң,
Ак калпак элге ааламда.
Асыл шаар өзүң биз үчүн.

Өсө бер, Бишкек шаарыбыз,
Өсөлү сенде баарыбыз.
Буйруса дагы жазармын,
Болгондо адам тааныгыс.
Түндүгү бийик өзүңдө,
Түк болбой адам бактысыз.
Асманы ачык тынчтыкта,
Араңда жүрсүн калкыбыз.

13-сентябрь, 2006-жыл.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

PDF форматында китепти көөчүрүү

 

© Мундузбек Кунасов, 2013

 


Количество просмотров: 6937