Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / "Манас" эпосу, кичи эпос
© Тыкандап түзгөн Бексултан Жакиев

Бексултан ЖАКИЕВ

Манас

Кыргыздардын баатырдык эпосу

МАНАС. Баатырдык эпос. Үчилтиктин биринчи бөлүгү. Канондоштурулган вариант.

Тыкандап түзгөн – Бексултан Жакиев, кыргыз эл жазуучусу, Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты, профессор, Кыргыз Республикасынын Баатыры.

Сүрөтчүсү – Т.Т.Герцен

Рецензиялагандар: Р.З.Кыдырбаева, филология илимдеринин доктору, КРнын улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, профессор.
К.Жусупов – кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, профессор.

Кыргыздардын байыртан келаткан, бүткүл дүйнөлүк руханий дөөлөтү бай улуу мурасы «Манас» үчилтигинин биринчи бөлүмүнүн өтө узундугу окурмандарды катуу жалакайлантып атканын эске алып, атүгүл, окуясындагы чачкындыктардан, ыр саптарында көп кездешкен кайталоолордон арылтып, кызыгып окунгандай, композициялык түзүлүшү тыкан, азыркы замандагы окурмандын талабына ылайыкталып, эпостун колуңуздагы кысылган (кыскартылган эмес) ушул ваианты түзүлдү.

 

Көчмөндөр цивилизациясынан келген улуу мурас

Кыргыздар байыркы калк. Ал жөнүндө кытай архивинде сакталып калган жазма маалымат биздин заманга чейинки 201-жылга таандык экени жалпы журтубузга белгилүү. Эгерде илимпоздорубуз жеке эле кытайдын архивин эмес, жапон, а түгүл, тибет архивдерине дейре эринбей аңтарып, терең изилдесе, кыргыздын өмүрү андан да араактагы доорлордон табылып калаар беле деген үмүттөмүн.

Кыргыздар өзүнүн узак тарыхында эмнелерди көрбөдү! Гундар менен ырктуу да, ырксыз да жашады. Түрктөр менен талашты, тартышты, акыры түбү боордошуп табышты. Айрым бир башка урууларды кыргыздар өзүнө сиңирип алды, кайсы бир кыргыз уруулары бөлөк элдерге сиңип кетти. Кара кытайлар, калмактар менен кармашты. Александр Македонскийдин, арабдардын, Чынгысхандын жортуулдарындай дүйнөнү дүңгүрөткөн тарыхый зор окуяларды башынан өткөрдү. Кыргыздар өзүн өзү бышырып, эл катары жетилүү машакатында алыс-жакын сырткы душмандар, баскынчылар менен гана салгылашпастан, уруу-урууга бөлүнүп, жаатташып, өзү менен өзү урушкан учурлары да көп болду. Жат душман кол салса, кыргыз уруулары бириге калып, эл-жерин коргоду. Жоосун жеңсе, кайрадан ич-ара таарынчыларын козгошуп, бир уруу бир урууну озунуп чаап алууга шашты. Кыскасы, эл катары, мамлекет катары жашоону көздөп, нукталуунун азаптуу ары катаал, ары татаал жолунда кыргыздын шайы далай эле ооду. Ошентсе да, жыргалынан азабы көп, жылуусунан суугу ызгаар, таттуусунан ачуусу уу көчмөнчүлүк доордо жоголуп кетпей ушул күнгө кыргыздар кантип жетти экен? Анын себеби көптүр. Менин баамымда, кыргыз калкын жексен кылып жибербей сактап келген эң негизги дөөлөт – бул кыргыздардын узак кылымдар бою жашаган өмүрүндө алтын, күмүш сыяктуу дүнүйө, көроокат байлыгын чогултпай, “Манастай” улуу дастандар жаратып, ыр-күү курап дегендей рухани байлык чогулткандыгында. Бул жалгандан, маселен, ассирийлер өлкөсү, кельттер өлкөсү дегендей далай күчтүү мамлекеттер ың-жыңы жок, из калтырбай жоголду. Себеби, алар рухани байлык топтобой дүнүйө чогултуунун кумарына азгырылып, өз баштарын өздөрү жутту. Анткени, дүнүйөкорлук өзүмчүлдүктү дүркүрөтө өстүрөт. Ал эми өзүмчүлдүк күчөгөн элде биримдик жоголот, улуттук ар-намыс унутулат. Андай эл барып-барып акыры эл болуудан калат. Жалпы журт түгүл жалгыз эле адамдын керт башындагы дүнүйөкорчулук кыргыз калкын кандай оор кайгыга дуушар кылганы “Манас” эпосунда Жакып аркылуу укмуштуудай даана айтылган эмеспи. Жакып акылдуу десе – акылдуу, билерман десе – билерман, көрөгөчтүк да жайы бар кыраакы, бирок дүнүйөкордукка жеңдирип салган өзүмчүл бакыл адам. Дүнүйөкордукту жектөө – кыргыз калкынын кылымдар бою барктаган позициясы болгон. А азырчы?...

Көчмөнчүлүк доордун шартында кыргыздар да бардык эле көчмөн калктардай бир жерге отурукташып калган эмес. Ыраакы Чыгыштын Орхон, Ээнсайы, Миңсуусунан баштап, алыскы Оролго чейинки, Түндүктөгү Муз океандан Гималай тоолоруна чейинки аралыктарда, Саян-Алтай тоолорунун, Теңир-Тоо, Ала-Тоо деп аталган жайлардын ой-кырларында көчүп-конуп, чыгыштан батышка, батыштан чыгышка, түндүктөн түштүккө, түштүктөн түндүккө толкун сымал өөдө-төмөн оошуп жашап келди. Акыры жүрүп, азыркы Кыргызстандын аймагын, Кытай Эл Республикасына караштуу борбору Артыш Кызыл Суу облусун биротоло жердеп калган. Ошондой эле тилин, салтын, ырасми-наркын сактаган насили кыргыз тукуму Тажикстандын Жерге-Талында, Ооганстан Памиринде да бар. Туркияга, дагы башка өкөлөргө чачырап кеткен кыргыздардын да ал-абалы, салт-санаасы, рух наркы бизди кайдыгер калтырбайт. Аяктагы туугандарыбыз “Манас” айтканды унутуп калбады бекен, же... аай, ким билет?!.

Географиялык шартынын ыңгайлуулугуна жараша, тагдыр буйруп, Кыргызстан Байыркы Улуу Жибек Жолунун урунттуу тоомуна жайгашкан экен. Ал эми Улуу Жибек Жолу бир жарым миң жылдан ашуун убакыт бою элдер менен элдерди, тилдер менен тилдерди, диндер менен диндерди, салттар менен салттарды, ырлар менен ырларды, күүлөр менен күүлөрдү жакындаштырып, жаңы өнөрлөргө үйрөттү, рухий дүйнөсүн кеңейтти.

Көк асман ээси Теңирге сыйынган кыргыздар жашаган чөйрөлөрдө да, бүткүл эле Борбор Азия аймагында болуп өткөндөй, далай кылым тынбастан башка диндердин да, айталык, манихей жана зороастра, Будда жана шаман, христиан жана ислам диндеринин ар бири өз таасирин орнотуунун далалатын жасаган. Кыргыздар кылымдардан кылымдарга эркиндигин издеп күрөштү. Ошону менен бирге, тагдырын да, жашоосуна ылайык динди да тандады. Жүрө-жүрө багыбызга ислам дини туура келди. Бул дин элибизге көбүн-эсе коңшулаш элдердин өкүлдөрү аркылуу киргендиктенби, же кыргыздардын кулк-мүнөз, ниетинин өзгөчөлүгүнөн да болуу керек, башка мусулман калктарына салыштырганда, бизде диний фанатизм кыжаалаттыктары жок. Бул биздин бактыбыз, буга тобо дешибиз керек да ушул жолубуздан тайбаган жашоону көздөгөнүбүз оң.

Жогоруда, үстүртөн болсо да, кыргыздар башынан кечирген тарыхий айрым учурларды кыскача эске салып, жороптоп өткөнүмдүн жөнү бар. Анткени, ошонун бардыгы, аздыр-көптүр тигил, же бул деңгээлде поэтикалык элестүү, философиялык көркөм ой жүгүртүүлөр, сүрөттөөлөр аркылуу атадан балага, укумдан тукумга оозеки уланып келген эпикалык мурастарыбыздан орун алган. Айрыкча, улуу “Манас” эпосубуздан өткөндөгү тарыхий учурларды эске салган, эриш-аркак айкашкан кыргыз турмушунун бардык жактарын, айталык, бала төрөлүп, өмүр сүрүп, картайып, о дүйнөгө сапар салганына чейинки бүткүл ырым-жырым, салттарыбызды, күнүмдүк турмуш-тиричилигибизден тарта кырчылдашкан кыргындуу согуштардагы жүрүм-турум, кыял-жорук жосундарыбызга дейре, мал асыроонун сырларынан тарта адам менен мамиле куруу, башка элдер менен алака түзүүгө чейинки жагдайларыбызды кеңири жолуктуруп, кыялыбызда ошол доорлор менен кошо аралашып жашайбыз. Ушундан улам атактуу окумуштуулар “Манас” эпосун “кыргыз турмушунун энциклопедиясы” деп, бекеринен суктанган эмес да.

Дүйнө жүзүндө жашаган далай эл тарыхын, салтын, күнүмдүк турмуш-тиричилигин, рух ойлорун кагаз бетине түшүрүп, нотага чийип, классикалык скульптурага чегип, сүрөтчүлүк өнөрдө чүпөрөккө, же кагазга тартып дегендей сактап келсе, кыргыздар соолбогон фантазияга бай күч-кубат дымагын, үзүлбөгөн үмүтүн, ой-тилегин, ачуу-таттуу санаасын, талыкпай эркиндикке умтулган күрөшүн, кылымдап башынан өткөргөн жылнаамесин (летописин) манасчылар, дастанчылар, төкмө акындар поэтикалык элестүү көркөм Сөзгө батырып келген. Сөз кудуретин манасчыларыбыз келиштире таамай айткан эмеспи мындай деп:

Уламандан уккан Сөз,
Угуту өнүп чыккан Сөз.
Карылардан алган Сөз,
Калк ичинде калган Сөз.
Арбын жомок – толгон Сөз,
Ат көтөргүс болгон Сөз.
Арсыздарга токтолбой,
Азамат эрге конгон Сөз.
Жоого аттанган баатырдын
Жан-жөкөрү болгон Сөз.
Как жүрөккө кадалып,
Кайнап ичке толгон Сөз.

Сөз өнөрү илгертен кыргыздардын бүткүл жашоо-шартын, кыял чабыты, ырасми-салты, максат-тилеги жөнүндөгү, тагдырына таасир эткен окуяларды камтыган маалыматтардын китепканасы, кыргыздардын көргөн-билгенин акыл-эсте туткан жылнаамеси болгон. Кыргыз насили кайдан, кантип жаралганын, багыты кайда болоорун, максаты кандай болоорун, ылхамы эмнеден болоорун бабаларыбыз байыртан издеп келген, издеп жашаган. Издегенин тапканбы, таппаганбы? Кеп анда деле эместир. Жашоо дайым суроо, түбөлүк изденүү. Андай издөөлөрүн кыргыздар ооздон оозго, атадан балага уланган улуу дастанында, күүлөрүндө, ырларында, оймо-чийме жазууларында калтырган. Башка элдерге окшогон да, окшобогон да, бирок өзүнө гана таандык өзгөчөлүктөрүн баатыр Манас баштаган каармандарынын жорук-жосундары, жүрүм-турум, тарыхта баштан кечирген окуялардын элеси аркылуу эпостордо сүрөттөгөн.

Кыргыз элинин эзелки эпикалык мурасы – улуу “Манас” эпосу жөнүндө сөз көп айтылды. Дагы далай айтылат. Айрыкча, изилдеп, иликтөө жүргүзүүлөрдүн чети оюла элек. Мурда айтыла элек жаңы сөз айтайын деген оюмда жок. Ушул китептин түзүлүш максаты туурасында гана түшүнүк бермекчимин.

Кыргыз арасында “Манас” деген сөздү укпаган, айтпаган кары-жаш, улуу-кичүү адам жок. “Манас” кабары, айрыкча 1000 жылдык мааракеден кийин, дүйнө элдерине да кеңири тарады. Бирок “Манас” эпосунун, Манас баатырдын, анын чоролорунун, касташкан жоосу Коңурбай баштаган кара кытай, манжуу, калмактын, аял заттарынан акыл-эстүү асыл жаралган Чыйырды, Каныкей, Айчүрөктүн, уулу Семетей менен небереси Сейтектин окуяларын, алардын маани-маңызын, деги эле үстүртөн болсо да, эпостун мазмунун билген кыргыз аз. Кыскасы, эпостун тарых менен, ырым-жырым, салт-санаа менен, күнүмдүк көроокаттын таасири жана талабы менен, турмуштун дагы башка толгон-токой ойку-кайкысы менен тыгыз чырмалашкан бийик даражадагы поэтикалык оозеки көркөм чыгарма экенин, жөнөкөйлөп айтканда, эпостун текисин билбеген башка элдерди мындай коелу, кыргыздар да толуп жатат. “Манасты” билгилери келбегенден эмес бул. Билүүнүн оңоюраак жолунун жоктугунан. Айталык, илгери театр, телевидение, радио, китеп жок кезде манасчылар күндүр-түндүр “Манас” айтып, элге жеткирчү. Азыр болсо, манасчыны, ашып эле кетсе, жарым саат айттырабыз да, “аржагын китептен окуп алабыз” деген болуп, окуп кыйратып ийчүдөн бетер, токтотуп коебуз. Ырас, “Манас” китептери бар. Кудайга шүгүр, “Семетей” да, “Сейтек” да, “Көкөтөйдүн ашы” сыяктуу орчундуу окуялар китеп болуп басылган. 1958-жылы чыккан үчүлтиктин кошмо варианты, Сагынбай менен Саякбайдай залкарлардын академиялык жана редакцияланган басылыштары, дагы бир кыйла белгилүү манасчылардын айткандары боюнча эпостун жарык көргөн китептери бар. Бирок ошол варианттардын бардыгын, көлөмү чоң китептерди окушка эмкилердин мойну жар бербейт. Окуп чыгышка чанда бирөөнүн гана чамасы жетпесе, бүгүнкү заманда мектеп окуучуларынан тартып, академиктерге дейре жалпы журттун чолоосу жок. Убакыт кымбат, чама-чаркыбыз аз, түйшүк көп. Андыктан эпоступ маңызына доо кетирбегидей кылып, үчүлтиктин кысылган (кыскартылган эмес) вариантын түзүүнү 1999-жылы “Манас” эпосун пропагандалоо боюнча Мамлекеттик деректирлик ылайык көргөнбүз.

Мунун да бир кичинекей “тарыхы” бар. “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына даярдык кызуу жүрүп жаткан кезде, эпостун кысылган, мындайча айтканда, канондоштурулган вариантын тузүүнү сунуш кылсам, “акча жок” деген шылтоо менен сунушум колдоосуз калган. Кийин “Манас” эпосун пропагандалоо боюнча Мамлекеттик деректирликти жетектеп калдым. Кысылган варианттын зарылчылыгын Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өнүктүрүү Программасынын (ПРООН) жетекчилигине далилдесем, алар каражат жагынан жардам бермек болду. ПРООНдун талабына ылайык тендер жарыяладык. Конкурска үч сунуш түшкөн. Үчөөнүн ичинен Ж. Садыков, Р. Кыдырбаева, К. Садыковдордун долбоорун ПРООН менен бирдикте тандап, “Манас” үчүлтигинин кысылган кошмо вариантын түздүргөнбүз. Тендер жарыялоодон мурда бу иш боюнча жыйын өткөрүп, окумуштуулар, адистер, манасчылар, эпосту жакшы билген жазуучулар менен акылдаштык. Жыйынга катышкандардын анча-мынчасы: “мындай вариант түзүлсө, эпос өспөй-өнүкпөй калат” дегендей чочулоо менен демилгебизге каршы чыккан. Чочулашка ар ким акылуу деңизчи. Бирок кысылган вариант эпостун башка бир дагы вариантын жокко чыгарбастыгын, а түгүл, өз вариантын жаратууга жөндөмү күчтүү жаңы манасчы чыккан күндө да, “Манас” окуясын ал баштан-аяк билүүсү зарыл, ошондуктан жаңы үйрөнчүк манасчыларга мындай варианттан жардам гана болоорун, ошону менен бирге китеп болуп басылган композициясы тыкан кысылган вариант аркылуу окурмандардын кеңири катмары “Манасты” жакшы билип алаарын айтып, жыйынга катышкандардын көпчүлүгү демилгебизди жактырган. Натыйжада тендер жарыяланып, жеңгендердин варианты 1999-жылы китеп болуп чыкканын жогоруда айттык. Тилеке каршы, ПРООН “төрт айдын ичинде вариантыңарды тапшырбасаңар, акча бербейбиз” дегеп катуу талапты койду. Жумушту тездетиш максатында, түзүүчүлөргө редакторлор да жардамдаштык. Чукул аранын ичинде, “шашылыш” иштелип калгандыктан, ошол вариант менен эле жумуш бүтпөсүн, мындан тыканыраак вариантты түзүү далалаты кийин да болушу мүмкүн экендигин эскертүүгө мажбур болгон элек. Муну мен ПРООНго, же түзүүчүлөргө доо катары айткан жерим жок. Болгонду болгондой ортого салганым. ПРООН тартибине жараша талап койгон. Канткен күндө да, ПРООНго ыраазыбыз. Ырас, шашылыш бүткөн иште кемчилик болбой койбойт экен. Мында түзүүчүлөрдүн кенедей да күнөөсү жок. Алар күн-түндөп, жан үрөп иштеди. Эпостун көптөгөн варианттарынан, көлөмүнүн опол тоодой чоңдугунан кабары бар адам кыска мөөнөттүн ичинде бириктирилип иргелген бир вариант түзүү түйшүгү канчалык оор экенин жакшы түшүнөт деп ойлойм.

Кысылган вариант түзүүнүн демилгечиси өзүм болгондуктан андагы кемчиликтерди оңдоону өз мойнум менен тартышым керек болду. Анын үстүнө, түзүүчүлөрдү кайра иштетип, кошумча акы төлөшкө эч мүмкүнчүлүк жок эле. Түзүлгөн вариантта, айрыкча, үчүлтиктин биринчи “Манас” бөлүгүндө кайталанма, анчейин саптардын арбындыгын айтпаганда да, атактуу манасчылардын варианттарындагы далай мааниси терең, күчтүү окуялар китепке кирбей калыптыр. Маселен, кыргыздарды Алтайдан Алатоого көчүрөөрдөн мурда ата-бабанын жерин кас душмандан тазалап туруп, анан көчпөсө, кара кытай, калмактар кыргыздын көчүн жолдо кыйратып салаары шексиз эле. Манас аны бөркүндөй көрүп-билип, жортуулга чыгат. Бул жортуулдан Текес хандын жеңилиши гана китепке кирип, андан аркы баскынчылар Орго Хан, Акунбешим, Панус Хандар менен кыргыздардын урушу, Көкөтөйдүн Манаска болушкан көтөрүлүшү көрсөтүлгөн эмес. Манастын Каныкейге үйлөнгөнү, менимче, эпостун бардык варианттарынын ичинен Сагынбай манасчыда кыргыз элинин салтындагы уул үйлөнтүүнүн жол-жобосу кеңири көрсөтүлүп, наркы терең сакталган. Китепте бул да жок. Ошондой эле композициялык жактан жеткилең эмес, чачкын, карама-каршы учурлар да кездешет. Манас Бээжинди алып, Эсенкандын тагына отурду деген кабарды укканда, Каныкей Манасты аман-соосунда кайра кайтсын деп, күйүп-бышып, тызылдаганына көнбөй Манас баатыр эл-жерге кетебиз деген кыргыздарга уруксаат берет. Таласка баш-көз болсун деген ниет менен Бакайды кошо жөнөтөт. Кыскасы, Таластагы Бакай кийин Манас жарадар болгондо, аякта жүрүп калат. Андай болсо, Аккула өлүп, Манас атсыз жөө калганда, Тайбуурулду (Нарбуурулду) Бакай Таластан кандайча коштоп келип калды Каңгайга? Анын үстүнө, Манас жарадар болгондо, Бакай жанында болсо, аны таштап эч кайда кетмек эмес да! Дагы Манастын чоңатасы ким? Караканбы, Ногойканбы, Ороздубу? Биз 1999 –жылы чыгарган китепте да чоңаталар чаташ. Туура, ар бир манасчыда ар башка. Бирок канондоштурулган вариант түзүлүп аткан соң, ар кимдин айтканын аралаштырбай бирөөнү беттешибиз керек. Ушул сыяктуу жана башка кемчиликтерди жөнгө салбай коюшка акым жок болчу. Ошентип 2000-жылы тобокел деп, бел байладым да эпостун “Манас” бөлүгүн колго алдым.

1999-жылы “Манас, Семетей, Сейтек” деген ат менен биз түздүрүп, китеп кылып чыгарганга чейин үчүлтиктин кошмо варианты 1958-жылы чоң-чоң төрт китеп болуп, жарык көргөн. Учурунда ал чыкпаганда, кыргыздар “Манасты” таптакыр эле билбей калмак окшобойбузбу. 1958-жылдагы “Манастын” кошмо варианты элибизди эпостун окуясы менен тааныштырууда эбегейсиз зор иш аткарганын барктай жүргөнүбүз милдет. Ал жылдары кимдикине кирбе, а түгүл, китеп чогултпаган кыргыздардын үйүндө да, “Манастын” төрт тому катар тизилип туруп калган. Бара-бара элибизден ал дымак өчө баштады. Төрт китеп арзандатылып отуруп, ар биринин баасы он тыйынга түшкөн. Он ширеңкенин баасы! Ошондо менин бир окумуштуу досум: “Кыргыздар “Манаска” кызыкпайт, он тыйын болуп калганда да сатып алып окуган эмес” деген тыянак чыгара салган. Кыргыздар “Манаска” кызыкпагандан ошенткен эмес. Биринчиден, төрт томдук деле көлөмү жагынан өтө чоң болчу. Залкайган-залкайган ошончо китепти окуп чыгыштан көбүбүз сүрдөп батынбадык. Экинчиден, ошол кошмо вариантта чаташ, чаржайыт жерлердин, кайталанма саптардын көптүгү окурмандардын кызыгуусун акырындан суута берди. Үчүнчүдөн, ал учурдагы идеологиялык талаптан түзүүчүлөр чыга алган эмес, чыгышка акысы да жок болчу. Натыйжада эпостун композициялык түзүлүшүн, драматургиялык байланыштарын так аныктап, философиялык маани-багытын, көркөм ой жоруу деңгээлин бийиктетип турган көп окуялар ошондо эле китепке кирбей калган. Маселен, мистикалык багыттагы окуялар кепке илинген эмес. Аларсыз эпостун философиялык мизи мокок, курчу болбойт. Ушул сыяктуу жагдайлардын бардыгы кысылган вариантта эске алынып, оңдолууга, кошулчулары кошулууга, алынчулары алынып салууга тийиш эле.

Кошмо вариант дейбизби, кысылган вариант дейбизби, айтор, эмне деп атасак да, мектеп окуучусунан малчыга чейинки калкыбыз көлөмүнөн жалтанбай окуясын кызыгып окуй турган “Манастын” тыкан вариантын түзүү жөнүндөгү ой-тилек, далалат тиги эле Совет доорунун алгачкы жылдарындагы илим-билимдүү патриот инсандарыбыздан бери келатканын билебиз. Алардын көбү куугунтук жылдарында атылып кетти, түрмөдө өлдү. Ошол инсандарыбыздын максат-тилегинин алгачкы ишке ашкан үзүрү – өмүрүнүн көбү куугунтукта өткөн өжөр, патриот академик Б. Юнусалиев жетектеп, кыргыздын атактуу жазуучулары К. Маликов, А. Токомбаев, Т. Сыдыкбековдор 1958-жылы түзүп чыгарган төрт том үчүлтик болсо, экинчиси – 1999— жылы “Манас, Семетей, Сейтек” деген ат менен жарык көргөн бир томдук. Эмки канондоштурулуп, кысылган вариант ошол мурдагы эки варианттын “Манас” бөлүгүндөгү кемчиликтерди оңдоо далалаты. Балким, ушуну менен да иш бүтпөстүр, мындан да тыкан кысылган вариантты кийин да кимдир-бирөөлөр түзүшү мүмкүн. Кыскасы, “Манасты” калктын калың катмарына жеткирип, кенен жайылтуунун жолдорун издөө токтобошу керек деген пикирдемин. Эпосубуздун дүйнөлүк мааниси ошону талап кылат.

Кысылган вариант чыгаруунун дагы бир абдан зарыл жагы бар. Ал эмне дегенде – эпосту өз тилине которууну көздөп, “Манаска” кызыккандар көбөйдү азыр. Тилекке каршы, андайларды ир алды эле эпостун зор көлөмү коркутуп жатат. Эгер которууга чыгынгандар болсо, же эпостон үзүндү которуп, тим болушат (толук которулбаган соң, “Манасыбыздын” бедели түшсө түшөт, көтөрүлбөй), же ар ким колуна тийген вариантты оюна келгендей өөнөй салып кыскартып, тушкелди которуп жүрүшөт! Кыскасы, башка тилдерге “Манас” эпикалык мыкты чыгарма катары жетпей, эларалык маданий байланыштагы саясаттын чарасы катарындагы гана, кокусунан колдоруна урунганды которгон учур басымдуу. Мында эмгиче канондоштурулган тыкан вариант түзүп бере албаган өзүбүз күнөөлубүз. Ошондой варианттын жоктугунан, маселен, түрктөр, түркмөндөр өз тилине XIX кылымда академик Радлов жазып кеткен деңгээли ортосаардан да төмөнүрөөк “Манасты” которуп жиберишти. Же, айталык, хинди тилине, иврит тилине кенедей-кенедей үзүндүлөр которулганга көбүрүп-жабырганча мактандык. Эпосубуздун канондоштурулган тыкан бир варианты болмоюнча, өөдө-төмөн тушкелди варианттардын негизинде алигидей башаламандыктар улана берээри шексиз!

Грек калкынын “Иллиада”, “Одиссея” аттуу улуу дастандары боюнча дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө пьесалар жазылып, театрларда коюлду, кинофильмдер, сүрөттөр тартылды, айкелдер орнотулду, музыкалык чыгармалар жазылды, китеп болуп басылып, далай тилдерге которулду. Бирок гректин бул дастандары бүгүнкү күндө тирүү эпостор эмес, өлүү эпостор. Себеп дегенде, “Иллиада” менен “Одиссеянын” текси оозеки поэзиянын ырдалуу “эркиндигинен” жазма поэзиянын калыбына отургузулган соң, Гомерден кийин гректерде кыргыздын Саякбайындай, Сагынбайындай жандуу айтуучулары калбай калган. Бул жалпы адамзат маданиятындагы орду толгус оор жоготуу, албетте. Ошондой абалга дуушар болбос үчүн, “Манасыбызды” китеп кылып чыгарып туруу менен бирге, радио, теле, кинолорго түшүрүп, сүрөттөрүн тартып, театрларда оюндарын көрсөтүп, музыка чыгарып туруу менен бирге манасчылардын айтуучулук өнөрүн жерге калтырбай улантып туруунун ар кандай камын көрүүгө тийишпиз. Бул азыркы глобализм учурунда күндөн күнгө күркүрөп аеосуз каптап келаткан катуу селдин капшабында оңой-олтоң ишке ашыра койчу жумуш эмес. Ага карабастан манасчылык өнөрдүн өмүрүн узартып, сактап жашоо элибиздин да, мамлекетибиздин да мойнундагы ыйык парз, түбөлүк милдет.

Маданий ишмерлерибиздин айрым биринин: “Сен жаңыдан түзгөн вариантты жазма поэзияга айлантып чыкпайлыбы. “Иллиада” менен “Одиссеяны” деле ошентишкен” деген оюн ортого сала өтөйүн. Дээринде бул жакшы пикир. Аны четке кага салганыбыз жарабас. Бирок эпостун академиялык басылыштары менен катар анын канондоштурулуп, кысылган, окушка тыкан варианты, тактап айтканда, ырдалып жүргөн оозеки түрү кошо сакталуусу тийиш. Анткени, “Манас” эпосунун оозеки поэзия түрүндөгү ырдалыш үлгүсүнүн негизинде гана манасчылык, айтуучулук өнөр сакталат, а түгүл, жок болуп кетүү коркунучуна кабылбай өнүгүп турушу ыктымал. Бул жерде мен манасчылык салттын чыгармачылык багытта уланыш мүмкүнчүлүгүн гана айттым, ал эми анын толгон-токой колдоого муктаж экендигин санап отуруунун кажети жок деп ойлойм.

Техникалык цивилизация жашоону жеңилдетип, күнүмдүк турмушка ыңгайлуу толгон пайдалуу нерселерди ала келип жатканы айдан ачык. Бирок ошол эле учурда адамзат пендеси кылымдап кураган асыл касиет, улуу дөөлөттөрдү шылый чаап, шыпырып кетип жатпайбы! Грек дастандарынын айтуучулук өнөрү ошондой шыпырындыда жоголгон.

Баса, арабызда: “Манас” фольклор, оозеки жомок, өткөн чак, демек, ага энергия, каражат коротуунун кажети жок” дегендей аргументти бетине кармап, бышыксынгандарыбыз да бар. Туура, оозеки адабият өткөн чак экени ырас, бирок өткөн чаксыз – учур чагыбыз жок, келээр чагыбыз да болбос. Өткөнүбүздү кодуласак, бүгүнкүбүз шордуу, эртеңкибизден урмат болбос. Өткөндү унутпоо – бул жөн гана мурдагы турмушту эскерүү, же ага суктануу эмес, анын сырын түшүнүү далалаты. Ал эми өткөн турмушубузда, — “Манас” эпосубуз баштаган жомокторубузда – көчмөндөр цивилизациясы деп аталган улуу да, татаал жана катаал да, дүйнөдө мурдагыдай текеберчилик менен кемсинтпей жаңыдан изилдене баштаган, бай доор жатат. Бүгүнкү космос кылымынын “жетишкен” цивилизациясын акыл-эстүү, ыймандуу нукка багытташ үчүн да көчмөндөр цивилизациясынын катаалчылыгын эске алуу менен бирге, кийинки өсүп-онгөн, айрыкча, капитализм киргенден берки доордо жок болуп, модадан чыгып калган, айталык, адамдын Адам атын бийиктеткен жигитчилик (рыцарство) асыл салттарын, сөздү барктап, сөзгө жыгыла билүү сыяктуу, патриоттукту, досчулукту жандан артык көрүү сыяктуу сонун мыкты касиеттерин эпикалык мурастардан үйрөнүү, эсте тутуу адам баласы үчүн өтө зарылдыр бүгүн.

Көчмөндөр цивилизациясы озүнөн өзү жаралган эмес. Ошол катаал доордун катаалдыгынан жол издеп, адилеттик, акыйкаттык, калыстыкты туу тутуп, баладан падышага дейре таза жашоого үндөп, ажалга башын сайып койгон кеменгер адамдар жараткан. Андайлар кыргыздарда акылман манасчылардан, дастанчы, төкмө акындардан, ырчылардан, күүчүлөрдөн, зергер, уздардан, көсөм жолбашчылардан жана дагы калкты шамдагайлыкка каныктырган аттуу-жөөлүү дегендей улут оюндарынын мыкчегерлеринен чыккан. Кыскасы, көчмөндөр цивилизациясын өз доорунун алдыңкы азаматтары жараткан. Тилекке каршы, көчмөнчүлүк доорду баштан-аяк артта калгандык, наадандык, жырткычтык деген көзкараш кезинде дүйнөгө көп жылдар бою кеңири таркады. Эми глобалдуу цивилизациянын алдым-жулдуму адамдык сапаттарды тебелеп-тепсеп бараткан чакта, бүгүнкү өсүп-өнгөн өлкөлөрдүн кыраакы адамдары андай сапаттарга, биз “өткөн чак” деп жериген фольклорун бир кезде, техникалык цивилизация жаңыдан кирген учурда эле этибар албай жоготуп ийген руханий кереметтерине азыр кусадар болуп, аларды өткөндөгү көчмөндөр цивилизациясынан издеп жашоо күчөдү. Жоготкон “өткөн чагын” өздөрүнөн таба албаса да, бизге окшогон “өткөн чагы” барлардан жуктуруп калуунун далалатында жүргөнсүйт алар.

Ошолордун далалаты, аларды өкүткө салган жоготуусу бизге сабак болоор бекен, жок бекен? Колдо бар кезде – кийин бармакты тиштеп, өкүнбөгүдөй иш жасап калалы деген таза ниетте гана, көгөрүп-көшөрүп, “Манасыбыздын” кысылган вариантын түздүм. Мындай ишке бизден кийинки курактагылардын көңүлү чаппай коебу деген чочулоодон улам да ушул ишти колго алдым.

Бексултан Жакиев,
Кыргыз эл жазуучусу, профессор, драматург.
2005 жыл

 

 

МАНАС

Баатырдык эпос

 

БАЯН БАШЫ

Э…э…э…эй, байыркынын жомогу
Баштаса келээр оролу.
Атаңардын жомогу
Айтпай кетсек болобу!
Көбү төгүн, көбү чын,
Көпчүлүктүн көөнү үчүн.
Көрүп келген киши жок,
Көбөйткөн менен иши жок.
Жармы төгүн, жармы чын,
Жарандардын көөнү үчүн.
Жанында болгон киши жок,
Жалганы менен иши жок.
Уламадан уккан сөз,
Улам бирге жуккан сөз.
Карылардан алган сөз,
Калк ичинде калган сөз.
Арбын жомок, толгон сөз,
Ат көтөргүс болгон сөз.
Арсыздарга токтолбой,
Азамат эрге конгон сөз.
Эрендерден калган сөз,
Энчи кылып алган сөз.
Как жүрөккө конгон сөз,
Кайнап ичке толгон сөз.
Жоого аттанган баатырдын
Жанжөкөрү болгон сөз.
Белес, белден, бороондон
Беш удургуп өткөн сөз.
Баласына атасы
Мурас кылып кеткен сөз.
Жазып калган немедей
Атпай журтка эп болуп,
Унутулбай жеткен сөз.
Канча кылым бул жомок
Калың элге дем болгон.
Кажыбаган эрлери
Кайрат берээр бел болгон.
Ошол күндөн ушул күн

Төккөн кумдай күн өттү,
Түгөнбөс нечен түн өттү,
Санжыргалуу шер өттү,
Эчен түркүн эл өттү.
Алышкан жоосун жок кылган
Албан түркүн эр өттү.
Элүү жылда эл жаңы,
Жүз жылда барып жер жаңы.
Бабалардан уланган
Биз экенбиз бер жагы.
Канчалык эрлер көз жумуп,
Кандары суудай агылды…
Найзалар төшкө сайылды,
Кылычтар шылый чабылды.
Ошол күндөн ушул күн
Коо бузулуп, сай болду,
Асты үстүнө айланып,
Сай бузулуп, тоо болду,
Тоо бузулуп, коо болду.
Калдайып жаткан бул жердин
Кайсы жери соо болду?!
Аты калып, өзү жок,
Аргандай элдер жоголду,
Деңиз соолуп, чөл болду,
Чөл бузулуп, көл болду,
Түз бузулуп, төр болду.
Байыркынын калпы көп,
Калпынан да алпы көп.
Баш айлаткан салты көп,
Ок тиштешкен анты көп,
Антынан да манты көп.
Айтаар сөздөн шашпайлы,
Айкөл Манас баатырдын
Баянынан баштайлы.

 

АЛООКЕ КАНДЫН КЫРГЫЗДЫ ЧАПКАНЫ

Башкы атасы баары кан,
Башынан Кыдыр даарыган.
Түпкү атасы Кыргыздан
Туулган экен Каракан.
Каракандан Угузкан.
Угузкандан Аланча,
Аланчадан Байгур кан.
Байгур кандан Бабыр кан,
Бабыр кандан Төбөй кан.
Төбөй кандан Көгөй кан,
Көгөйдөн Чыйыр, Шыгайдыр,
Дагы бир уулу Ногой кан.
Орозду, Үсөн, Бай, Жакып
Ногой кандан тараган.

Кайраты мыкты, заары күч,
Катылганды кылган түз
Кабылан экен Ногой кан
Жалтанбас болуп туулган,
Жалпыга даңкы угулган.
Кыжырына тийгенде,
Кытайга салган чуулган.

Ал Ногой кан өлгөндө,
Кайра келбес чын жайды
Кайран киши көргөндө,
Кара кытай, манжуудан
Алооке деген кан чыгып,
Айбатынан жан чыгып,
Талдын баарын кулатып,
Тамдын баарын уратып,
Капарсыз жаткан кыргызды
Такыр чаап алды эми.
Ошондо кытай Алооке
Ордону бузуп, күл кылып,
Катындардын баарысын
Камап, байлап, тул кылып,
Түркүгүн сууруп алды эми,
Дүмөктү башка салды эми.
Каны жок каңгып, карайлап,
Талоон болду курган эл!
Адырда жылкы алты сан
Алооке тийип кетти эми.
Тоодогу жылкы тогуз сан
Токтотпой айдап өттү эми.

Ногой Кандын Жакыбы
Эрешен тартып, эр болуп,
Эр уулу менен тең болуп,
Эрбейип атка мингенде,
Эптеп-септеп жүргөндө,
Акбалта абаң барыптыр,
Жакыпка кеңеш салыптыр:
– Эзелден берки эл элек,
Эне тууган эр элек.
Калдайган калктын башына
Каран түн мынча келе элек.
Минтип тирүү жүргөндө,
Кай муратка жетелик!
Күчөгөн экен бул кытай
Күрпүлдөшө кетелик!

Акбалта жайын сурасаң,
Нойгуттан чыккан жан эле.
Алоокеге алдырып,
Ал дагы азып калган чагы эле:
– Өлсөк бирге өлсөк – деп, –
Тек туруп алым бергенче,
Кырчылдашып көрсөк! – деп,
Караан кылды Жакыпты.

Жарактуулар шайланып,
Жанына кылыч байланып,
Тулпардан тандан ат алып,
Журтунан чогуу бата алып,
Кайран Балта абаңыз
Алтымыш балбан кол баштап,
Алдыга түштү жол баштап.
Аңгыча кудай жалгады,
Каңгайдын сексен балбаны
Токсон беш төөгө жүк тартып,
Алтын, жакут, дилде артып,
Күңдүзү өргүп, түн катып,
Кытайга жөнөп калганы.
Акбалта, Жакып аларды
Талаадан кармап алганы.
Таш-талканын чыгарып,
Такыр кырып салганы.
Алооке кандын алдына
Жөөкүлүк деген балбаны.
Качкан бойдон кутулуп,
Аман жетип барганы.
Кабарчы кабар салган соң,
Сурнай үнү чаңырып,
Добулбас бекем кагылып,
Кытайдын колу жабылып,
Кыжылдап жөнөп калганы.
Калдайган калың кыргызга
Кыйын мүшкүл салганы.
Кыйла жанды кырды эми,
Кыздарды олжо кылды эми.
Сансыз кыргыз эл эле,
Саны калбай тарады.
Кайраттуусун байлады,
Кармап алып жайлады.
Алардан калган балдарды
Дене-кул кылып алганы.
Эркинче жаткан кыргыздын
Ушинтип шору кайнады.
Журттун баары чабылып,
Өлөйүн деп өлө албай,
Өкүмү жок курган журт,
Мүшкүл болду ушундай!
Жай-жайынан кыргыздын
Жалпы баарын көчүрүп,
Арга калбай жашаарга
Алды кетип Бапанга,
Бирөө тентип Алтайга,
Бирөө тентип Каңгайга,
Бирөө тентип Эренге,
Бирөө түшүп кетти тереңге…

Үсөндүн колун байлады,
Орконду көздөй айдады.
Байдын колун байлады,
Желпиниш көздөй айдады.
Тун уулу кайран Орозду
Айдалды ыраак ал дагы.
Акбалта менен Жакыптын
Колдорун артка байлады,
Айлы менен көчүрүп,
Алтымыш жайсаң, сан калдай
Тегеректеп айдады.
Алты өгүз менен төрт качыр
Күчүн берип айдады.
Алты эчки менен үч уйдун
Сүтүн берип айдады.
Жер жүзүнө даңкайтып,
Баткызбай айдап баратты.
Эки күнү бир жерге
Жаткызбай айдап баратты.
Адыр-будур бел ашты,
Мунарык тарткан чөл басты.

Иленин башы Үч-Арал
Алтай деген жер экен.
Ал Алтайды жердеген
Калмак, манжуу эл экен.
Кыргыздан чыккан кырк үйлүү
Кара калмак, манжуудан
Эчкинин тоңгон майып жеп,
Саанчы кирип, сүт ичип,
Эптеп жанын бакты эми
Жылкысын жайып, күч минип.

Алтайда кыргыз ичинен
Акылманы Акбалта.
Ирдүүрөөк деген бир жандык,
Кыргыздан келген көк бука,
Көк буканы союшуп,
Абаң Балта кыргызга
Акыл айтат шаңкылдап:
– Кайгырсак да, бышсак да,
Кайра кыргыз табылбайт.
Оокаттын өтөт азабы,
Кетмендеп жерди казалы.
Жан багуучу карыппыз,
Кара калмак, манжуунун
Ортосунда калыппыз.
Атагы Алтай жер экен,
Кара калмак, манжуу журт
Аштык билбес эл экен.
Оруп-жыйсаң эгиндин
Табагын тайга сатасың.
Акыңды эмгек кайтарат,
Арыганың семирет,
Ачкан курсак тоюнат…
Анда Жакып кеп айтат,
Кеп айтканда деп айтат:
– Азып келген кыргыздар
Акбалта тилин алалы.
Агызып терди маңдайдан
Аштыкты айдап салалы,
Арбытып малды табалы.

Кырк үйлүү кыргыз баарысы
Кызматка кирди жамысы.
Шамыянын шайлатып,
Кош өгүзүн айдатып,
Жердин жүзүн ачтырып,
Уучтап тукум чачтырып,
Жаздан жайга жарышып,
Күздө түшүм алышып,
Айдап алган эгиндин
Кочушун койго сатышып,
Табагын тайга сатышып,
Алтындын кенин казышып,
Казып алган алтынды
Дорбого салып катышып,
Керек десе, калмакка
Төрттүлүк малга сатышып,
«Мээнетибиз кайтты» деп,
Малга тунуп калышты.

Санкара күтүп, Жакыптын
Санаасы кабыл болуптур.
Сандыгынын баарысы
Сары алтын, мүлккө толуптур.
Алтайда манжуу, калмакка
«Бай Жакып» атка конуптур.

Калса да малга бай болуп,
Турганы Алтай жер болуп,
Тутушканы бул жерде
Манжуу, калмак эл болуп,
Өсөөр күнү жок болуп,
Өлөөр күнүн ойлонуп,
Канча жыл жүрдү кайгырып,
Бир балага зар болуп.
Чындап тилеп баланы
Жүрсө да бала көргөн жок,
Арданып Жакып өлгөн жок.
Эгемден бала сурады:
«Ажал анык, чара жок,
Аман жүрөөр санаа жок.
Акыретке бет алсам,
«Атакелеп» артымдан
Наалып калаар бала жок.
Кара жаак айбалта
Кайкалатып ким аштайт?!
Камоодо жүргөн журтумду
Капа кылбай ким баштайт?!».

Жакып байдын агасы,
Атасы менен ага-ини,
Чыйыр деген киши эле.
Ал Чыйырдын аялы
Булгар каны Эштектин
Шакан деген кызы эле.
Чыйырдын көзү өткөндө,
О дүйнө сапар кеткенде,
Калдайына калмактын
Жүгүнүп Жакып барыптыр:
«Чыйырдын жесир катыны
Жеңемди алып, багам» деп,
Көшөрүп атып, алыптыр.
Шаканды калмак ошондон
Чыйырды атап калыптыр.

Байбичеси Чыйырды
Байынан бир күн кеп сурайт:
-Неге мынча капалуу
Күңгүрөндүң? – деп сурайт. –
Малдан келдиң сабылып,
Кабагың карыш салынып.
Көзүңдөн агат кара жаш,
Дагы кандай шумдук кабылып?..
– Куруп калсын дүнүйө,
Куубаш Жакып атандым.
Жашым жетти кырк сегиз,
Күндө-түндө тыным жок,
Дүнүйө күттүм куп тегиз.
Акыретке бет алсам,
Алтын, күмүш, пул калат.
Айдаган малга ээ болуп,
Алтайдагы кул калат.
Оболоп учкан ак шумкар
Таптап салаар кишим жок.
Жаш күнүмдөн мал жыйдым
Бала менен ишим жок.
Мал жыйган ишим чала экен,
Дүнүйө ээси бала экен.
Артыңда бала жок болсо,
Дүнүйөсү курусун,
Бузулуп калган калаа экен.
Калктын баары сени айтат
«Катыны жүрөт туубас!» деп.
Эки катын алганым,
Туяк көрбөй зарладым.

Бай Жакыптын айтканы
Байбичесин муңайтты:
– Мендей курган кемпирди
Мээнетке кудай жаратты.
Элүүгө жашым жеткени,
Эчактан бери түңүлдүм,
Эсимден бала кеткени.
Эркелектен токолуң
Эмдиге туубай неткени?
Бакдөөлөт аты коюлуп,
Бала тууп бергенсип,
Басып жүрөт чоюлуп.

Ачууланды Бакдөөлөт:
– Мен шордуну «нетти» деп!..
Эжеке, сенин жолуң кууп,
Этегимен кан чыкпай
Жолуңу жолдоп кеттим! – деп,
Бакдөөлөт чыгып кеткени.

Муну укканда байбиче
Көзүнүн жашы төгүлүп,
Жүүнү бошоп жыгылды
Жүк түбүнө бүгүлүп:
«Уга көр, Кудай, зарымды,
Аман коюп чалымды,
Жашарта көр жанымды?!
Алда, берсең тилегим,
Айабайм сенден барымды,
Төрт түлүктүү малымды!»

 

ЖАКЫП, ЧЫЙЫРДЫ, БАКДӨӨЛӨТ ҮЧӨӨНҮН ТҮШҮ

Ыйлап жатып байбиче
Уйкуга көзү батканда,
Ак сакалдуу бир адам
Пайда болду жанында:
Барбардигер Теңирим
«Ыйлаба» деди силерди,
Мени буйруп жиберди.
Аяктай мобу ак алма,
Азалдан ширин бал алма
Алгын колго, карма – дейт, –
Напсиң өлсүң, жалма – дейт. –
Айтканымды бил – деди, –
Алтымыш кулач ажыдаар
Ат ордуна мин — деди.

Түшүндө жеген ак алма
Курсагына толуптур.
Алдындагы мингени
Ажыдаар өзү болуптур.
Ачууланып оп тартса,
Ай-ааламды соруптур.

Ал аңгыча ойготуп,
Бердике кирип барыптыр:
– Байбиче, байга нетти? – деп, –
Аты качып кетти! – деп, –
Акымбек уулу Меңдибай
Артынан кууп кетти – деп, –
Байлаар бала болбосо,
Ал өңдөнгөн доңузду
Байбичеси, токолу
Байлап койбой нетти? – деп.

Белден ашкан Меңдибай
Ат кууган бойдон жок болду.
Көз байланды, түн болду,
Меңдибайга не болду?..

Меңдибайдын энеси, -
Бейжайыраак неме өзү, –
Канымжан келсе кашына,
Жакып уктап калыптар
Жаздык коюп башына.
Ушуну көрүп Канымжан
Уруштун сөзүн салыптыр
Чыйырдыга карата:
– Баштатан башы байлануу
Малайың белек! – деп айтты. –
Он бирде балам жоголду,
Жолукса жолборс албайбы,
Качырса каман чалбайбы!
Баланын баркын билбейсиң,
Мени да окшоткуң бар өзүңө,
Баятадан сөз айтсам,
Куураган куубаш Чыйырды,
Кулагыңа илбейсиң.
Азыр ойгот чалыңды,
Жоголсо балам, ордуна
Албаймын дүйнө, малыңды!

Байбиче буга таарынып,
Жакыпка сүйлөйт чамынып:
– Таап берсеңчи баласын,
Талыкшып уктап каласың!
Кечинде келдиң, жыгылдың,
Керилип уктап не кылдың?
Арам өлгөн Туучунак
Адырды көздөй кеткенби?
Ат качканы жакшы эмес,
Ажалың сенин жеткенби?

Бай Жакып жаткан ордунан
Баш көтөрүп козголду:
– Кайгырбачы, кемпирим,
Кадыр Алда буюрса,
Кайра толоор кемтигиң.
Байбиче, билгин ушуну,
Кондурат экен Кудайым
Башыңа дөөлөт кушуну.
Урматтуу бир түш көрдүм
Уктабай бекер уйкуну!

Бакдөөлөт анда муну айтат:
– Мен да жакшы түш көрдүм,
Башкача сонун иш көрдүм.
Бозала туйгун, боосу жез,
Боору кара, мойну кез.
Оң колуңа алыпсың,
Обону көздөй салыпсың.
Байбичеңдин үйүндө,
Балдагы алтын туурда
Баса конбой талпынат.
Аябай малды соёлук,
Түлөө өткөрүп коёлук.

Анда Жакыптын келди ачуусу:
– Антип малды не кырам?
Мал түгөнүп калган соң,
Көргөн түшүң не кылам?!
Байлык-бакыт мал деген,
Биздин тирлик мал менен.
Жанга жакпас сөз баштап,
Сенин куруп кетсин аңгемең!

Сыртка чыкса таң ата
Бирөө сүйлөп жаткансыйт
Бай Жакыпка карата:
«Атаке, неге кайгырдың,
Акылыңдан айрылдың,
Эңсегениң бала эле,
Не максатың бар эле?»

Кулак муюп сөзүнө,
Жалгыз туруп бай Жакып
Жаш имерди көзүнө.
Жанына келип Бакдөөлөт
Бай Жакыпка салды кеп:
– Не аяйсың, абышка,
Бу ээн калган көп малды?
Дүнүйөң арбын, чалаң жок,
Жүрөсүң ыйлап, балаң жок.
Малың бар да, элиң жок,
Байкап турсам, өзүңдүн
Эл суроого эбиң жок.
– Макулмун – деп, бай Жакып
Байбиче үйүн беттеди.
Ал аңгыча Канымжан
Аркасынан жеткени:
– Балам кеткен кечинде,
Күн бата элек кезинде!
Түнү бою боздосом,
Түк укпадың үнүмдү.
Артынан барып издебей
Куубаштыгың билинди!

Анда Жакып айтты кеп:
– Бу кургурдуку эң эле эп.
Бергиле бир ат, минейин,
Баласын издеп билейин.

Койчунун Коңур күрөңүн
Токунуп минип бай Жакып
Айталаада, жон-жондо
«Меңдибайлап» заңгырап,
Кырдап барат бай Жакып.
Кызылдай жанын курган чал
Кыйнап барат бай Жакып.
«Өлгөн го» деп баланы
Ойлоп барат бай Жакып.
Токой койбой, таш койбой
Жойлоп барат бай Жакып.

Арам өлгөн Туучунак
Астынан чыкты табылып.
Ак жолборстун териси
Атына турат жабылып.
Аны көрүп Жакыптын
Акылы кетти жаңылып:
«Баланы жолборс алганбы,
Балакетти салганбы!
Атым аман табылды,
Табылганы курусун,
Ак жолборстун териси
Кандайлыктан жабылды?!»

Ал аңгыча токойдон
Меңдибай чыгып келгени.
Сабыркап турган Жакыпка
Жадырап салам бергени:
– Минген атың Туучунак
Качкан кезде, тосом деп,
Кунан менен чу койдум.
Жаңы эле атка жеткенде,
Кызыл күүгүм чак эле,
Кырдан чыгып кыйкырып,
Кырк бала тийип кетпеспи:
«Бай Жакып!» деп бакырат,
«Манастап!» ураан чакырат.
Токойго атың жеткени,
Жолборс кучак салаарда,
Жолдош болгон бир бала
Күрсү ураарда, Туучунак
Жолборсту тепти тик туйлап.
Бала да күрсү урганы,
Билбей калдым мен чыны,
Туучунак боорун бөлгөнүн,
Же башка урганда баланын
Күрсүсүнөн өлгөнүн.
Жолборсту балдар сойгону,
Атыңа артып койгону.
Кырк бала болду жолдошум,
Кызыкка батты бу башым.
Салкындап суун бойлодум,
Таң атканча ойнодум.
Бар турбайбы балдарың,
Неге аларды жашырдың?
Кырк балаң мында жүргөн соң,
Кандай кылган арманың?
– Балам, мазак кылбачы!
Энең да кылды мазакты,
Түндөтөн бери уктатпай
Артыкча салды азапты.
Кетели үйгө, жүргүн – деп, –
Баланы алып, атты алып,
Барды Жакып үйүнө.

Байбиче менен Бакдөөлөт
Басып чыкты сүйүнө.
Канымжан келди кашына,
Баласын көрүп, кургуруң
Койну толду жашына.

* * *

Жергесинде Жакыптын 
Жетимиш үйлүү киши экен.
Элүү жашка чыкканча,
Тогуз жылкы, токсон кой,
Уйдан союп жетини,
Төөдөн союп экини.
Ушинтип тамак бербеген:
«Бай Жакып бирди көрдү» деп,
Башканын баары шекинди.
Ак түлөөгө чакырды
Он эки уруу кыргызды.
Тарттырып элге табакты,
Түшүн Жакып бай айтты:
– Түшүмдө бир куш алыпмын,
Түмөндүү жерге салыпмын.
Кукулуктап үн чыкса,
Куштан бөлөк үнү бар.
Куйрук-башы жалтылдап,
Куудан аппак жүнү бар.
Айбат менен караса,
Алпкаракуш сүрү бар.
Саңоорлору сары алтын,
Таканак жүнү баары алтын,
Чырымтал жүнү чылк алтын.
Текөөрү болот темир дейт,
Серпкени өлгөн себил дейт.
Тумшугу болот тунжур дейт,
Туягы темир канжар дейт.
Алтымыш кулач жибек боо
Аягына тагыпмын.
Ай мунарын жем кылып,
Аябай сыйлап багыпмын.
Асмандагы канаттуу
Айбатынан уча албайт.
Жерде жүргөн аяктуу
Желип чыгып кача албайт.
Ага коноорго туур жайлапмын,
Алача моюн ак шумкар
Ага кошо байлапмын.
Билдим бир жакшылык болоорун,
Кана, журтум, жоруңар
Канаты күмүш ак туйгун
Качан келип коноорун!
Байбичем байкуш түш көрүп,
Башкача сонун иш көрүп:
Алма жеп, ичи толуптур,
Алтымыш кулач ажыдаар
Ат ордуна болуптур.
Ал эмине болучу,
Акылмандар отурсуң,
Бу түшүмдү жоручу?
Жана токолум сонун түш көрүп,
Үйүндө эки куш көрүп,
Боору кара, мойну кез,
Болот текөөр, боосу жез,
Капшытка туура жайлаптыр,
Катыным экөөн байлаптыр.
Бул эмине болучу,
Муну, журтум, жоручу?..

Жакып бай айтып токтолду,
Жар-жоронун баарынан
Айтаарга киши жок болду.
Аш кайнамга жеткенде,
Алардын шайы кеткенде,
Акбалта кепти баштады:
– Бай Жакып түшү түш экен,
Оңунан келчү иш экен.
Куш болгондо – баладыр.
Азыр бала жогунан
Бай Жакып көөнү аладыр.
Ай тийген жердин баарысын
Алат экен балаңыз.
Күн тийген жердин баарысын
Күтөт экен балаңыз.
Алтымыш кулач жибек боо
Аягына такканың,
Ай мунарын жем кылып,
Азем менен бакканың.
Алтымыш жашка чыкканча
Аким болуп, журт сурап,
Алат экен дүйнөнү.
Арбак конуп башына
Аны Алда Таала сүйгөнү.
Ажыдаарды ат кылып,
Байбичең минип жүргөнү –
Шол баланып орою
Дүнүйө жүзүн сүргөнү.
Ажыдаардай айбаттуу
Эркек уул эр болуп,
Не кыйындын баарысы
Эсеп берип, эл болуп,
Карайт экен көзүнө.
Кара тоодой касиет
Конот экен өзүңө…

Бай Жакып боздоп ыйлады
Акбалта айткан сөзүнө.
Байлап койгон ак шумкар
Жакыптын келди эсине:
– Ак шумкар кошо байладым,
Муну да жоруп бер – деди. –
Бакдөөлөттүн түшүндө
Байланган эки куш – деди, –
Муну байкачы, кандай иш? – деди.

Акбалта туруп кеп айтат:
– Бакдөөлөт туур эки уул,
Алат экен ал экөө
Агаснын орунун.
Көкүрөк черин жазгандай
Көрүпсүңөр үчөөңөр
Дүйнөдө түштүн сонунун.

Бата берип тарады,
Ачылды Жакып кабагы.

 

БААТЫРДЫН ТӨРӨЛГӨНҮ

Түлөөдөн кийин билинбей
Эки жыл өтүп кетиптир.
Чыйырды кош бой болгону
Тамам үч ай жетиптир.
Байбиченин көңүлү
Жесем деп жолборс жүрөгүн,
Мындан башка самабайт,
Башка тамак жарабайт.
Жетпей жолборс жүрөгү,
Жин тийгенсип байбиче
Жеригинен жүдөдү.

Жылкычы кабар бергени:
«Каңгайдын Кара мергени
Жолборс атты» дегени.
Чыйырды аны укканда,
Кара кулак чоң жамбы
Кармай чуркап колуна:
– Жарып жолборс жүрөгүн
Алып кел, – деди, – өзүмө!
Жылкычы буга таң калды,
Акысына жамбы алды.
Ара конуп ортого,
Барса, жолборс жатыптыр,
Зыңкыйып муздап катыптыр.
Жолборстон жүрөк алганы,
Жолго кайра салганы.
Жол боюнда да бир бээ
Телден өлүп жатыптыр.
Жылкычылар жыйылып,
Аны союп атыптыр.
Анын да алды жүрөгүн
Экөөн бирдей бермекке,
Байбиченин бул ишин
Байкап сонун көрмөккө.
Жылкычы келип калганы
Эртесинде түш ченде.
Жылмая басып байбиче
Жылкычыга кеп айтат:
– Бадалбай балам, – деп айтат, –
Эки жүрөк эмине?
Жолборстор жолдо жатканбы?
Каңгайдын Кара мергени
Катарлап экөөн атканбы?
Же мал жүрөгүн жолборс деп,
Жей электе шорум катканбы?
– Бири малдын жүрөгү,
Бири жолборс жүрөгү.
Кыласызбы дары? – деп,
Бадалбай сурап калганы.

Челкеңдей басып байбиче
Челекке сууну алганы.
Оозу капкак жез казан
Эки жүрөк салганы.
Чала-була бышырып,
Жанга бербей жалмады.
Байбиченин талгагы
Магдырап канып калганы.

* * *

Бала бойго бүткөнү 
Тогуз айга жетиптир.
Тогуз ай, тогуз күн болуп,
Толгоосу эми жеткенин
Байбичеси сезиптир.

Акбоздон бээ союлду,
Алтындан бакан коюлду.
Аны кармап байбиче
Айгайын салып чоюлду.
Коңшу аялдар жыйылды.
Козголгон сайын байбиче
«Кокуйун!» айтып ыйынды.
Бала туйлап кеткенде,
Байбиче көзү сүзүлдү.
Белдемчинин бүчүсү
Беш жеринен үзүлдү.
Айгайын баспай байбиче
Түндүктү карай түйүлдү.
Аны сайын байбиче
Азабын жеп үн салды:
– Менин башымды жутчу балабы,
Же жарып ичтен алабы?!
Бу жанымды жечү балабы,
Жакыбым жесир калабы?!

Жети күн тартты толгоону,
Жергеси чарчап болгону.
– Толгоосу эми толду – деп, –
Туур күнү болду – деп, –
Бердикенин катыны
Беленденип калыптыр.
Акымбектин катыны
Курсагын оңдоп калыптыр.
– Кудай берсе тубар – деп,
Акбалтанын катыны
Куруп калган Жакыптын
Кулагына салыптыр.

«Байбичең тууйт» дегенде,
Бай Жакып ыйлап заңгырап:
– Баласы жоктон жүдөдүм,
Сүйүнчү айткан жандарга
Өңкөй бышты кара боз
Элүү-кыркты байлайын.
Эркек деп бирөө жүгүрсө,
Жарылып кетээр жүрөгүм.
Айылда туруп нетейин,
Жыгылсам да, талсам да,
Кайрат кылып калсам да,
Элге шылдың болбостон
Ээнге чыгып кетейин.

Ушуну айтып бай Жакып
Кыл аркан керме шайлатты,
Кырк карабоз быштыны
Сүйүнчүгө байлатты:
– Кыз тууса, үйдө калыңар,
Кыймылдаба баарыңар.
Эркек болсо чабыңар,
Талаадан мени табыңар,
Сүйүнчүсүн алыңар.

Жакып бай жолго салыптыр,
Жорго боз айгыр үйүрү
Жолунан чыгып калыптыр.
Кара жалдуу кула бээ
Кайкалактап алыптыр.
«Болду акыры-болбоду,
Кула бээм бүгүн тубар – деп, –
Эркек болсо кулуну
Энчилейин балама.
Айманбоз деп ат коём
Жаңы тууган кулунга.
Эгем Таала Кудурет,
Жеткире көр санаама!
Катыным тууса эркекти,
Калың жылкы малымдын
Жоргобоз атын жоёюн,
Мындан кийин айгырын
Камбарбоз деп коёюн».

Жылкынын баары чубуруп,
Жылгага кирип барганы.
Азганактай жабырга,
Аткулактуу шабырга,
Асты барып токтоду,
Аркы-терки оттоду.
Туруп, жатып кула бээ
Тууй турган окшоду.
Артынан барып бай Жакып
Атынан түшө калганы.

Аны таштап салыңар,
Байбичеси Чыйырды
Баянын угуп алыңар.
Толгоосу жети күн болгон,
Толготкон мындай ким болгон?!
Он эки катын бек тартты,
«Оңдойгөр, Кудай!» деп тартты.

Каканак суусу шар этти,
Баланын үнү «бар» этти,
Карынды катуу сүзгөнү,
Эки колун толтура
Кан чеңгелдеп түшкөнү.
Бала жерде туйлады,
Бар-бар этип ыйлады.
«Эркек бекен, кыз бекен,
Мага качан айтат?» – деп,
Байбиче жашын тыйбады.

Көрө салган катынга
Эркектиги билинип,
Чочогу чыкты чороюп,
«Эркек экен» дегенде,
Эстен танып Чыйырды
Жатып калды сороюп.
«Байбичеге нетти? – деп, –
Мартуу басып кетти» деп,
Катындын баары чочуду.

Байбиче башын көтөрүп,
Эсин жыйып жоошуду:
– Антаңдабай, катындар,
Аныктап көрчү, капырлар.
Жерден алгын тез! – деди. –
Дамбылданын зайыбы,
Киндигин өзүң кес, – деди.

Оромолун колго алып,
Ороюн десе баланы,
Ошо кезде бу бала
Оң колун сууруп алганы.
– Ойбой татай, нетти! – деп, –
Отуздагы жигиттей
Колун сууруп кетти! – деп,
Канымжан айта салганы.
– Сөзүң кандай жаман! – деп,
Кармоого алың келбесе,
Сен качып жогол аман! – деп,
Бакырып жаткан баланы
Бакдөөлөт жерден алганы.
Он бештеги баладай
Көтөргөндө салмагы.
«Берген экен кудайым
Берекелүү баланы!» –
Көзү каткан Бакдөөлөт
Көтөрүп өөп алганы.
Үч карын майды удаа-удаа
Оозандыра салганы.

Астына алып Чыйырды
Оң эмчегин салганы.
Абалкысы сүт чыкты,
Экинчиси суу чыкты,
Үчүнчүсү кан чыкты.
Чыдай албай ошондо
Байбичеден жан чыкты.

Эми аны таштап салыңар,
Жакыптан кабар алыңар.
Айылдагы адамдар
Арбып-дардып ат минип,
Адырга чапты анталап,
Бөксөгө чапты бөлүнүп,
Талаага чапты дабырап,
«Бай Жакып кайда кетти?» деп,
Баары жүрөт жабырап.
Кедеңдей басып Сулайка
Үйүнө башын салыптыр
Үтүрөйүп Акбалта
Үйдө отуруп алыптыр.
Көрө сала Сулайка:
– Көтөк! – деп чочуп калыптыр.— 
Абышкам, дүнүйөдөн тойдуңбу?
Сүйүнчүгө бай Жакып
Кырк карабоз байлаган.
Кырк жылкыдан бирди албай
Кандайча шоруң кайнаган!

Акырайып Акбалта
Катынын карап калганы:
– Ай, кара баскан Сулайка,
Карасаңчы кудайды!
Тоюнбаган топор бар,
Куудуңкөй жүргөн куулар бар,
Мал көрбөгөн жакыр бар,
Айылда жүргөн айбан бар,
Короолош жүргөн коңшу бар,
Коёбу мага ушулар?!
Барбадым да албадым,
Азыр атка минерге
Келбейт менин дарманым.
Канча күндөн бержакка
Каралашып жүрөсүң,
Кана сенин алганың?
– Мына менин олжом! – деп,
Эки элечек, бир чепкен
Сулайка таштап салганы.

Бармак болду Акбалта
«Барбаймын» деп айта албай.
Байлануу турган Көкчолок,
Басыгы ылдам шайтандай.
Акбалта чал бокчоюп,
Аттанып чыкты чокчоюп.

Айылга жакын көмүскө
Азганактай жабырда,
Аткулактуу шабырда,
Кара жалдуу кула бээ
Бир аксур кулун туудуруп,
Шыйрагын оңдоп шыпырып,
Тумшугун сыгып, телчитип,
Энесине ээрчитип,
Отурган экен бай Жакып.
Акбалта көрүп акырды,
«Сүйүнчү!» деп бакырды:
– Айтканымды туюнчу,
Арстаным Жакып, сүйүнчү!
Карыганда байбиче
Кабылан тапты, сүйүнчү!

Аны укканда бай Жакып
Акылдан танып оңолду:
– Сүйүнчүңө, Акбалта,
Мына, алтынды алчы бир калта.
Камбарбоздун үйрүнөн
Каалап туруп тогузду ал!
Эми айталаада нетели,
Аттанып үйгө жетели.
Байбичеге жүрөлү,
Баласын барып көрөлү! –
Деп ошондо экөө тең
Айылды көздөй жөнөдү,

Жакут ичик жамынып,
Жаккан оттой камыгып,
Баласын алып болукшуп,
Отурган экен үйүндө
Байбичеси толукшуп.
– Бала деген шубу?! – деп,
Баланы Жакып алганы
Бакырып ыйлап калганы.
Кубанды Жакып ыйлады,
Кучакта бала туйлады.

Байкайын деп баланы
Бай Жакып көзүн салганы:
«Маңдайы жазы, башы кууш,
Бар боюнда турат тууш.
Кочкор тумшук, кош кирпик,
Көркү калча, көзү тик,
Жалаяк ооз, жар кабак
Эр мүнөзү көрүнөт.
Алакан жазык, колу ачык,
Аттанып чыкса, жолу ачык,
Алп мүнөзү көрүнөт.
Кең көкүрөк, жайык төш
Аркасы кең, бели түз,
Айбаты катуу, заары күч
Пил мүчөсү көрүнөт.
Жолборс моюн, жоон билек,
Жооруну калың, таш жүрөк,
Жылма кабак, жылдыз көз,
Бөрү кулак, жолборс төш
Бөлөкчө түрү бар экен. –
Кут кылган болсо Кудайым,
Кудайдан жашын сурайын,
Кеткенден алаар кегимди,
Өткөндөн алаар өчүмдү.
Кудайым өзү берди!» деп,
Баланы өптү бетинен.

Сөз айтты Жакып сүйүнө:
– Той берем быйыл жайында
Үчаралдын оюнда.
Кабарымды уккандар
Калбасын – деди, – үйүнө.
Туурасы Эртыш суу болсун,
Аягы Орол тоо болсун.
Бир чети Тибет чөл болсун,
Күн чыгыш жагы Кытайдын
Камбылдын мунар бел болсун.
Чакыраарым тоюма
Ошондон берки эл болсун.

Жакып бай туун аштады,
Жайында тойду баштады.
Жети жүз очок ойдурду,
Жетимиш үйлүү кыргызын
Эт бышыртып койдурду.

Калмактан канча кол келди,
Казак, кыргыз мол келди.
Калмакка казан астырды,
Жер очоктун баарысын
Жергенттикке каздырды.

Көргөн дагы арманда,
Көрбөгөн да арманда.
Топтолду кыргыз бөлүнүп,
Той аяктап калганда,
Баланы Жакып алыптыр,
Этегине салыптыр:
– Ат коюңар, – деп айтып,
Кыргыздарга барыптыр.

Отурган эрлер дегдеди,
Оозуна бир ат келбеди.
Ат коё албай алдырап,
Акылмандын баарысы
Карап турду жалдырап.

Жеке мерсент балага
Ат коё албай көпчүлүк
Камалып турган чагында,
Асасы колдо шалдырап,
Пайда болду думана
Отурган элдин жанына:
– Берсеңер эгер уруксаат,
Мен коёюн атын – деп,
Думана айтты бу кепти.
– Ат коюңуз, макул, – деп,
Адамдын баары чуу эти.
– Пайгамбардын сүрөтү –
Баш жагына «мем» келсин.
Олуянын сүрөтү –
Ортосуна «нун» келсин.
Арыстандын боруму –
Аягына «сен» келсин.
Ал үчөөнү кошкондо,
Аты болсун «Манас»! – деп, –
Алда Таала сактасын,
Алас, алас, алас – деп, –
Ар балаадан калас! – деп,
Бата кылды думана.
Алакан жайып дүркүрөп,
Ат коюлду «Манас» деп.
Көздөн кайым жок болду
Эми эле турган думана.

Жакыптын тою тарады,
Жалпыга кетип кабары.
Токтотуп калып кыргызды
Акбалта мындай кеп айтты:
– Паана берип жараткан,
Элди табат экенбиз!
Киндик кесип, кир жууган
Жерди табат экенбиз!
Билсең кадыр түн келди,
Ойлоп көрсөң, Жакыбым,
Жакшылык тиер күн келди.
Көз көргус жерде душман бар,
Уламадан кеп уктум,
Алыста жаткан Эсенкан,
Бул кыргыздын журтунан
Бала издетет деп уктум.
«Кыргыздан Манас чыгат – деп, –
Ошол Манас туулса,
Бээжинге бүлүк салат» деп,
Канына айтып далайды
Билген экен көзүачык
Казыналык аяры.
Манасты издеп Эсенкан
Калайманды салат дейт.
Тутанып өлгөн кызталак
Туш-тушка кабар кылат дейт.
Асты, кыргыз баласы,
Айта көрбө «Манас» деп.
Кыргыздын баары чогулуп,
Кызыр чалган баланы
«Чоң Жинди» атка койолу.
Жашы он экиге келгенде,
Билбегенин билгизип,
Эл күткөн жолго салалы.
Кайнаган калың душмандан,
Кагышса, кекти алалы.
Он төрткө жашы келгенде,
Кармашта жүрүп катыгат,
Карап тургун ошондо,
«Кабылан Манас» атыгат!

Балтанын сөзү бап болду,
Баарынын оозу жап болду.
Манастын атын бурмалап,
«Чоң Жинди» деген ат койду.

 

МАНАСТЫН БАЛА ЧАГЫ

Айдан айдан ай өтүп,
Ай мезгили болуптур.
Бала Манас ошондо
Жетиге жашы толуптур.
Бала да болсо башынан
Пендеден башка сыягы.
Ар мүчөсүн карасаң,
Адамдан башка турганы.
Кээ бир күнү карасаң,
Кездей белин буунат,
Керээли кечке жуунат.
Адал-арам түк билбей
Ар бир түрлүү иш кылат
Байлатпаган жиндидей,
Кыялына келгенин
Кылбай койбойт билгендей.
Балкайган жапжаш баланын
Шер экенин ким билди!
Эч нерседен жалтанбас
Эр экенин ким билди!
Бешке чыга келгенче,
Берениң Манас баскан жок,
Балача чуркап шашкан жок.
Сегизге жашы келгенде,
Күйүп турган чок болду.
Күлдү кыргыз ичинде
Мындай тентек жок болду.
Кырк баланы кырк үйдөн
Бир күнү жыйнап алыптыр.
ЧоңАлтайдын талаага
Чогулуп оюн салыптыр.

Кара калмак, манжуудан
Сексен бала барыптыр.
«Тентип келген бурут – деп, –
Бул буруттун балдарын
Чуркуратып курут!» деп,
Жаалына алып бирдаары
Жалынса болбой урганы.

Ошондо Манас бакырды:
«Кыргыздап!» ураан чакырды.
Кара чокмор алганы,
Карсылдата салганы.
Сексен бала дыркырап,
Быт-чыт болду быркырап.
Далайдын көзү чыгыптыр,
Далайдын колу сыныптыр.

«Бай Жакыптын бул уулу
Бир балакет кылат» деп,
Калайык ушак кылыптыр.
Бай Жакып байкап күйгөнү,
Баары сөзүн калтырбай
Байбичеге сүйлөдү:
– Аңдасам, балаң акылы аз,
Жөнүн таппайт, дөөлөт мас.
Кордук көрдүм жашыман,
Азап тарттым башынан.
Маңгулда жүрдүм мал багып,
Манжулардын журтунда
Канча жыл жүрдүм жан багып!
Азып келип, мал күттүм –
Алтайым жакшы жер эле.
Нээти таза, ичи кең
Калмагым сонун эл эле.
Бөйөндүн уулу Чаянды,
Калмак деп көөнүм жерибей,
Жашыман жаным таянды.
Кызматын актап кылган соң
Бакдөөлөт кызын маа берип,
Чаяндан таптым аянды.
Кутура берсе Чоң Жинди
Кайнатат экен шорумду!
Чачат экен чунак уул
Санкара жыйган малымды.
Төктүрөт экен чунак уул
Бул калмакка канымды!
Баркын билбейт дүйнөнүн,
Мал азабын балага
Бир тарттырып көрөлү.
Малдын баркын билгизип,
Ошпурга малай берели.

«Макул экен бул сөз» деп,
Байбиче кабыл алганы.
Чакырды Жакып баланы,
Жакыптын айткан балага
Мындай болду талабы:
-Бизде жылкы да жок, төө да жок,
Жүздөн ашпайт коюбуз.
Балам, мал табаар кезиң келди— деп,
Ошпур деген чоң бай бар,
Козусун барып, багып кел,
Акыңа кой берээр – деп,
Ошпурга берди бай Жакып
Чоң Жинди аттуу баланы.
Чыйырды ыйлап чыркырап,
«Ошпурбайлап» жалынды:
– Айланайын Ошпурбай!
Өлгөндө көргөң бул бала,
Тентегин тыйаар чама жок,
Аманат бердим колуңа!

«Кой, ай!» деген киши жок,
Ошпурга Манас барганы,
Кайтарганы көп козу,
Тентеги күчөп ашынды.

Козусун балдар жайыптыр,
Колуна чыбык алыптыр.
Тоону көздөй жобурап,
Баратышса кобурап,
Каршы алдынан карышкыр
Качырып чыга калыптыр.
Кыраан бала эр Манас:
Муну бөрү дейби? – деп, –
Адамды бөрү жейби? – деп, –
Кулагынан алам! – деп, –
Өлтүрө чаап салам! – деп, –
Жанына чуркап барыптыр.

Көтөрүп алып бир козу
Карышкыр качып кеткени.
Козунун канын кубалап,
Артынан Манас жеткени.

Жетип барып караса,
Аттары бар канаттуу,
Аргымак бедөө минишкен,
Аземдүү тонду кийишкен
Бир үңкүрдө кырк киши,
Бир өтөккө жык киши.

Козусу аман маарап тур,
– Көрдүңөрбү бөрүнү,
Бөрү кайда кетти? – деп,
Козуну Манас карап тур.

Адамдар айтат анда кеп:
– Бөрү болгон бизбиз – деп. –
Кызыр Илияс деген бар,
Кырк күнү сени издеди.
Козуңа тишти биз салдык,
Кырк чилтен деген биз – деди.

Анда Манас кеп сурайт:
– Кандайлыктан адамдар
Карышкыр болдуң? – деп сурайт.
Кана, көкбөрү болчу, көрөйүн,
Көргөн соң анан көнөйүн.

Каткырып ийип кырк чилтен
Бир силкинип, бирөөбү
Көкбөрү боло калганы.
Бирде бөрү, бирде адам:
– Мындан ары билип жүр,
Илияс кызыр колдошун,
Кырк чилтен болот жолдошуң! –
Аңгыча арттан Чегебай
Бала келе калганы. –
Баланын аты Чеге – деп,
Кырк чилтен айта салганы. –
Чеге дебе эми сен,
Кутман болоор сага дем,
Кутубий деген ат консун.
Дагы отуз тогуз жолдошуң,
Аларды кудай колдо! – деп, –
Отура бербей бу жерде
Чыгалы эми жолго – деп, –
Кайып болду көзүнөн
Кыпындай неме калбастан
Кырк кишинин өзүнөн.

* * *

Ошпурда жүрүп Манасың
Он эки жашка келиптир.
Урунаарга тоо таппай,
Урушаарга жоо таппай,
Койчулардан кырк бала
Жыйнап алып талаага
Торпок минип топоңдоп,
Толгон бала чогулду.
Чоң Жиндиге көп үйүр
Болгон бала чогулду.
Кырк баланын баарысы
Тегеректеп Манасты
Ойноп оюн, чаң салып,
Козудан кармап союшуп,
Шишке сайып тоюшуп,
Кунан чаап, ойноп бакырат,
Бакырганын байкасаң:
«Манастап!» ураан чакырат.

Аны көрүп Ошпурдун
Жүрөгү түштү болкулдап,
Боконо сөөгү солкулдап:
«Атаа, оңбогурдун баласы
Оолугуп жини кармаса,
Өз билгенин талаага
Кылып салган турбайбы!
Бай Жакыптын козусун
Кырып салган турбайбы!
Балаңды тыйып алгын деп,
Бай Жакыпка барайын.
Куу баладан кутулуп,
Анан тынчтык алайын».
Деп ойлонуп Ошпуру
Барды Жакып байына:
– Өзүңөрдө кой багып,
Жүргөн мен бир жакырман.
Айталаага кырк бала
Алачыктан салыптыр.
Ортосунда жинди уулуң
Султан болуп алыптыр.
Этке тойгон кырк бала
Жөө күлүк чаап бакырат,
«Манастап!» ураан чакырат.
Уулуңдун аты Чоң Жинди,
Анын Манас атын ким билди?!
Жинди уулуңду тыйбасаң,
Кытай, калмак, манжуу журт
Балээни башка салбасын,
Балаңды болбос албасың.

Бай Жакыптын байбиче
Акырын сүйлөп муну айтты:
– Малың арбын, балаң жок,
Зарлап көрдүк Манасты.
Аман жүрсө жалгызың,
Үзүлгөнүң уланат,
Чачылганың жыйылат.
Уулум тентек чыкты деп,
Кайгырбагын малыңа,
Адалга бур пейлиңди,
Атаганат дүнүйө,
Алтайды айттың жерим деп,
Калмакты жүрсүң элим деп!
Бул Алтай бизге жер эмес,
Бул калмак бизге эл эмес.
Уу чылайт идиш күбүңө,
Бу калмак жетет түбүңө!
Буза бербей санаамды
Алып келгин баламды.

Байкап туруп бу кепти
Бай Жакып алды оюна:
«Баламды алып келейин,
Байбиченин колуна
Соо-саламат берейин».
– Ошпур байым, жүргүн – деп,
Ошол күнү кечинде
Бай Жакып жете барганы
Койчу Ошпурдун үйүнө:
– Айланайын каралдым,
«Баласын малай берди» деп,
Эл кайтарды десимди.
Эми кайра кур барсам,
Энең алаар эсимди.

Бармак болду баласы,
Жакыптын тынды санаасы.
Кере күндүк жол эле
Бара турган арасы.
Айылынан түшчүлүк
Жылкы жатаар талаасы.
Ал талаадан көрүштү
Асман баскан туманды.
«Бул эмине тозоң?» деп,
Айраң болуп турганы.
Аңдап турса, артынан
Кулун, тайлар куюгуп,
Кунан, бээлер буюгуп,
Токтоттурбай жылкыны,
Ортого салып токмоктоп,
Жылкычы башы Ыйманды
Он чакты калмак кууганы,
Таңыркап Манас турганы:
– Эмне үчүн калмактар
Бул байкушту урганы?
Кимдин малы бул мал? – деп,
Атасынан сурады.

Чынын айтты бай Жакып:
– Биздин жылкы бу мал – деп, –
Алты зубун калмака
Жайыт акы, суу акы
Отуз байтал, беш аттан
От майына беремин.
Ошону да азсынтып,
Коруган тура бу жерин!

«-Мал биздики» дегенге,
«— Малсызбыз – деп өткөндө,-
Калп айтканбы атам?» деп,
Таңыркап Манас калганы.

– Жылкыны кызыл май кылып,
Эмне болуп кетти? – деп,
Жер коруган калмакка
Желдирип Жакып барганы

Бай Жакыпты калмактар
Тегеректеп калганы.
Озунуп барып бир калмак
Жакыпка камчы салганы.
Аны көрүп жаш Манас
Укурук колго алганы.
Манжуулук Кортук башчысын
Качырып келип жаш Манас
Как төбөгө салганы.
Башка бекем чабылды,
Мээси ташка жабылды.

«Кармап алып баланы,
Башына шири салсак!» деп,
Карап турган Манаска
Калмактын баары чамынды.

Туруп бербей Манастын
Чапканы түштү чалкадан,
Урганы түштү узундан.
Беш жылкычы, бир Манас
Мен-менсиген калмакты
Бел ашырды качырып.

– Айланайын, койгун! — дейт
Атасы Жакып бакырып. –
Бери токто, балам! – деп, –
Артынан барат чакырып. –
Айланайын каралдым,
Алды-артыңды карагын.
Кызырлуу кыргыз элиң жок,
Кыйындык кылаар эбиң жок.
Балтыр этиң толо элек,
Басташаар чагың боло элек.
Каңгайдан калың кол келет,
Карып калган атаңды
Каапырлар кармап соёт бейм!
Мени кытай кайдан соо койсун,
Кара көзүм оёт бейм!
Жүргүн кайра жөнөйлү,
Калмакты байкап көрөлү,
Кантээр экен каапырлар,
Кааласа, кунун берели.
Кунуна санап, мал алат.
Ал малына көнбөсөк,
Курган кыргыз таланат.
Акырында, кулунум,
Өлтүрбөй тынбайт өзүңдү,
Аңдап бил айткан сөзүмдү.

Анда Манас кеп айтат:
– Ай, атаке, – деп айтат, –
Жалгыз чака пул берсем,
Мени кудай урбайбы!
Коркуп жүрүп бирөөдөн
Короого малды жыйбадым!
Жалынып жашап бирөөгө
Жайытка малды жайбадым!

* * *

Алтай жерин жердеген
Алты зубун калмагы
Бир айылга чогулду
Акыл-кеңеш салганы:
– Жер талашып, эр өлдү,
Кунду кандай салабыз?
Айыпты кандай алабыз?
Айып алып тим болбой
Бай Жакып менен Манастын
Бирөөн жутуп албасак,
Адам болбой калалы!
Бай Жакыптын жылкысын
Баарын тийип алалы.
Жаманатты жазыгын,
Өлгөн Кортук манжулук,
Манжуга коюп салалы –
Деп ошентип таң эртең
Жебелерин асынып,
Элүүдөн, жүздөн топтошуп,
Калмактар жолго салганы.
Аралдагы Жакыптын
Айлын талап алмакка
Чобуул коюп калганы.
Манжулардын жылкысын
Эңшерип тийип айдады.

Өлгөн Кортук баласы,
Аты Шакум бу бала,
Акылы даана куу бала:
«Өздөн кордук көргөнчө,
Жат кордугун көрөйүн.
Жетип барып бу көрө
Жакыпка кабар берейин.
Жанында болсо баласы,
Жаңы өспүрүм Манасы
Жайы–жөнүн көрөйүн» –
Шакум бала муну ойлоп,
Чабуулдан чыкты бөлүнүп,
Астындагы куу чабдар
Учкан куштай көрүнүп.
Бай Жакыпка барганда,
Аттан түштү баш уруп,
Көздөн жашы төгүлүп:
– Калмактар түпкө жетти! – деп, –
Айлымды талап кетти! – деп, –
Эңшерип жылкың айдады,
Манжуга жалаа артканы.
Манаска нөкөр жүрөйүн,
Кут болсун Манас төрөм! – деп, –
Атаке, Жакып, саа келдим,
Айлыңа көчүп коноюн,
Аралаш тууган болоюн.
Силерден өлгөн атамдын
Кунунан кечип коёюн!

Кыргыз, казак турбады,
Тезинен колду курады.
Ошо колдун ичинде
Ортоктош жүргөн нойгут бар.
Кысыр чалган Жакыптын
Кызматын көргөн найман бар.
Коңшулаш жүргөн коңурат,
Үйүрдөш жүргөн үйшүн бар,
Аралашкан алчын бар,
Аргындан Каракожо бар,
Атауулдан кошо бар.
Оңдошуп атын минишип,
Жарашып жарак кийишип,
Урушмак болуп калмакка:
– Ураанды ким деп салабыз? –
Көпчүлүк сурап калганы.

Мына ошондо жаш Манас
Көк найза колго алганы,
Айманбозду чуратып,
«Манастап!» ураан салганы.
«Манас, Манас, Манас!» деп,
Алдыга жөнөп калганы.

Баары кирди бакырып,
Кылкандай найза жапырып,
Башка сөз кирбей оозуна
«Манастап!» ураан чакырып.

Айбатына тура албай
Калмактан келген калың жоо
Ат соорусун салганы,
Артына качып калганы.

Манас, Жакып кеңешип,
Атасы өлгөн баланы
Кыргызга келип кошулган
Манжулуктун калкына
Бий көтөрүп алганы.
Каратоко Мажик деп,
Кырк чоронун бири ошол,
Кийинке калды кабары.

* * *

Манжунун ары бетинде,
Каңгайдын бери четинде
Эсенкандын элчиси,
Кара калмак, манжуунун
Жер кайтарган ченчиси –
Корук башы Кочку экен,
Кочкуга зайсан барыптыр:
– Буруттун пейли тарыптыр,
Жылкычы башы Кортуктун
Мээсин жарып салыптыр.
Кордукту Кортук көрүптүр,
Коктуда жатып өлүптүр.

Дегенде, Кочку карарып,
Жети асаба туу алып,
Жети жүздөй кол алып,
Жети жүздүн башчысы –
Жеткилеңи чоң Кочку,
Кочку келип калганы.
Добулбас үнү кагылып,
Сырбараң үнү жаңырып,
Бузукту Кочку баштады.
Жергедеки кыргыздар
Жандан кечип таштады.
Кереге-уугун кыйратып,
Келин-кызын ыйлатып,
Керүүдөгү жылкыны
Баарын тийди чуулатып,
Жакыпты турду кууратып:
– Кызы талак, куу бурут,
Жүргөнүң бузук бу, бурут!
Дегениме көн, бурут!
Балаң тентек Чоңжинди
Азыр бизге бер, бурут!
Сурагыма көңөсүң,
Айтканымды бересиң!
«Баламдын аты Жинди» деп,
Падышабыз Эсенкан
Алдап жүргөн экенсиң.
Манасыңды бербесең,
Айтканыма көнбөсөң,
Азыр табам жайыңды,
Чыгарамын сызгырбай
Сөөгүңдөгү майыңды!

Ал аңгыча болгон жок,
Он экиде жаш Манас,
Минген аты Айманбоз,
Жоо-жарагын шайланып,
Кынсыз кылыч байланып,
Сырнайзаны колго алып,
Качырып кирди бакырып.
Арт жагында кырк бала
«Манастап!» ураан чакырып,
Ат мингени дагы бар,
Өгүз минген дагы бар,
Кыжылдаган кармашта
Кырк баланын баары бар.

Ошол келген Кочкунун
Мурунунун таноосу
Бурулуш жылга буткулдай,
Кезиккенди ал Кочку
Жөн эле аты менен жуткандай:
– Сексен Манас болсоң да
Түбүңө чогуу жетемин!
Атаң Жакып чалды баш кылып,
Баарыңды байлап кетемин!

Каарланып күпүлдөп,
Дабыштанып дүпүлдөп,
Жекеге чыкты эр Кочку
Төбө чачы сүксүңдөп.

Бала Манас көкжалың
Жебеден мурун жетти эми,
Жеткен жерден Кочкуну
Көмө коюп өттү эми.
Адырайган чоң Кочку
Аттан кулап кетти эми.

Манаска Жакып муну айтат:
– Карангүн, мүшкүл чыр салып,
Кочкуну союп таштадың!
Калың каздың орумду,
Кайнатмак болдуң шорумду!
Ордолуу журтка катылып,
Чечтирмек болдуң тонумду!

Кейип Жакып турганда,
Акбалта кирди күүлөнүп,
Ачуусу келип сүйлөнүп:
– Эселек Жакып, не дейсиң?!
Эркек бала шок болсун,
Шок болбосо ал бала
Туула электе жок болсун!
Аман болсо Манасың
Өчкөн отуң тамызат,
Өлгөн жаның тиргизет.
Кулжуңдаба, Жакыбым,
Малдын баарын чачалык.
Медер кылып Манасты
Кыргызды көздөй качалык.
Бул Алтайга турганда
Не муратка жетелик!
Курган жан аман барында,
Кыргызга кирип кетелик.

Акбалтанын айтканын
Көңүлүндө эп кылып,
Азганакай кыргыздар
Кетүү жагын кеп кылып,
Кочкорун биттеп, ирк кылып,
Коюнун баарын түрк кылып,
Букасын бычып, уй кылып,
Айгырын бычып, ат кылып,
Буурасын бычып, бой кылып,
Кайран кыргыз камынды
Кача турган ой кылып…

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 


Количество просмотров: 9757