Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Осмонкулов Ж., 2013. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 27-майы

Жапарали Адашканович ОСМОНКУЛОВ

Тоолор чакырыгы

“Тоолор чакырыгы” – жазуучу Жапарали Осмонкуловдун биринчи романы. Романда 1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш учуру, оорук, жеңиш жана 60– жылдарга чейинки элдин турмушу чагылдырылган. Жазуучунун калемине таандык өзгөчөлүк – романдагы адам фактору катышкан ар кандай окуялардагы ички жана тышкы кагылыштарды жогорку нравалык жана терең философиялык ойго кандыргандыгында, көркөм деңгээлин кадимки турмушта болуп өткөндөй сүрөттөгөндүгүндө, эстетикалык табитинин бийиктигинде. Китеп окурман журттун кеңири чөйрөсүнө багытталган.

Осмонкулов Жапарали. Тоолор чакырыгы.Роман. – Б.: 2013. – 344 б. китебинен алынды.

УДК 821.51
    ББК 84 Ки7-4
    O-74
    ISBN 978-9967-457-18-8
    О 4702300100-13

 

БИРИНЧИ БӨЛҮК

 

I

Эзелтеден бери адыр-түз, капчыгай-төрдөгү, тоо-талаадагы бак-шактын, чөп-чардын жалбырагын өзөртө сабап көнүп калган дейди шамал негедир бүгүн күчөнө албай кысталып, чүчкүрүп ийсе аркыраган добул башталчудай түрдөнгөн тунжураган жымжырттыкта, теребелди дем кыстыктырган кара көлөкө каптап келатты. Теңиримдин жараткан жарыгы да көктө боюн жашыра албай шолоктоп, тээ кол жеткис мунарыктын кырында асылып тургандай сезилди да, анан анын алоолонгон нуру шаңкайган ак элечек тоолордун чокусуна от жагып, көз тайгылта берди.

Тоонун сыдырым жели беттен аймайт. Теребел салкындап, кулак-мурун кескендей жымжырт. Кылымдар бою доошу өчпөгөн күрпүлдөгөн тоо дайрасынын шоокуму бир шумдуктай күү чалат. Аркайган кыл чокулуу тоолордун өз ээсиндей сес берип, үстүнө чылк аң терисинен кийим кийген бүркүт кабак, өткүр көз, тоонун карандай суугу өңүн кубарта каарыган, бел курчоосунда узун канжары салаңдаган, кең далылуу, узун бойлуу адам бүт турпаты, өңү-түсү, заманына жараша кийинген кийими, жасаган мамилесине чейин өзгөчөлөнүп турган өзүнө түспөлдөш, сөөк-саактуу, чың денелүү иниси Сапарбай менен шыр коштошо албай ичи ойдолоп, кусага батып турду.

Кичинесинен жан бирге иниси Сапарбай жалынгандай телмирет. Тоо арасында канча жылдардан бери эли жеринен безип жапайы өмүр кечип жүргөнүнө карабай, оожалып өз алдынча болуп калган иниси аны туу тутат. Абасынын таасири менен кадрдык аскер кесибин тандаган. Орто Азия аскер округундагы мотоаткычтар полкунун офицери, рота командири. Аскер наамы капитан. Көптөн бери көкүрөгүндө уюп жүргөн сырын тышка чыгарып тууганы менен коштошкону келиптир. Сырдана кептин төркүнү Ооган темасы. Анткени ошо учурда бөтөн эл, бөтөн жер болгон Ооган жергесинде интернационалдык милдет өтөө – өзгөчө сыймык, бөтөнчө эрдик көрүнгөн. Арийне, анысы да ар бир эле эр жигиттин шыбагасына түшө бербеген. Адамдын үшүн алган Ооган согушунан жарадар болуп кайтканы, ажал тооруганы, дайынсыз жоголгону канча?! Ошондо да “Мен барам, мени жөнөткүлө!” деп арыз жазгандар, эл оозуна алынып баатыр болгулары келгендер көп болду. Бирок баарын эле кыдырата ала беришкен эмес. Тандап алышкан, кылдап жөнөтүшкөн. Сыр алышып, сыр чечишкенге не жетсин! Атайын алыстан ат арытып агасы менен сүйлөшкөнү, кеп-кеңишин укканы келгени да чын. Ал агасы деп бул жерге биринчи жолу келген жок. Көп жолу келди. Келгенде да кудум майдан тилкесиндеги чалгынчыдай жашынып, жок издеген болуп же ууга чыккан мергенчинин кейпин кийип, жылда бир жолу эл жүрбөгөн жолдор менен жалгыз келип жүрдү. Артынган куржунунда болгону – адамга керектүү туз-чай, ун-ширенке, дары-дармек, жылуу кийим-кечек, китеп-гезит, ок-дары. Ал агасын эч качан күнөөлөгөн эмес, ал коом алдында абийири таза адам экендигин жан дүйнөсү менен туюп келет. Ошондуктан андан кабар алып туруу анын пенделик парзы бойдон калган, болгону ал агасынын бу турмуш кечирүүсүн өз доорунун катаал сыноосунун курмандыгы катары санайт. Албетте арадан көп жылдар өттү, коом өзгөрдү, өндүрүш алга жылды, бирок адам өткөн өз доорунун катаал элегинин туткунунда калды, коомдон тыш жашады. Коомдун өзгөргөнүн өз көзү менен көрүп, ошо жашоо менен жашап, даамын татып көрбөгөндөн кийин ага бир топ эле кыйын болорун билет. Ошон үчүн агасынын алдында иниси боор толгоп, не десе да ыгына көнгүсү келип турду.

– Абаке, айланайын абаке, уксаңыз мени... Суранам, шагымды сындыра көрбөңүз. Бу көйгөйлүү турмушта дайыма коркуп, жалгыз жашоодон өткөн жаман нерсе жоктур. Азыр мурдагыдай кимдин ким экенин териштирген заман жок. Ар ким өз көйү менен алек, – деди терең ойго баткан иниси колдорун кайчылаштырып. – Кантсе да биз акыры адамбыз го! Көпчүлүк түшүнөр, жанталпаска бир айла табылар... Мени менен жүрүңүз...айылга кеттик! Кана кеттикби, аба?!

Адамдын кулк-мүнөзү курчап турган айлан-чөйрөгө жараша өзгөрүп кетеби же жөнеле пенделик каадасын кылдыбы, айтор, мурда “Ооба, же жок”, – деп шыр жооп берчү абакеси, бүгүн тоодой токтоо. Үн катпады. Не демек?! Мына эмесе деп жөнөп берсе абат болобу? Анда өзүн да, өзгөнү да оңдурбайт. Аны да тескей турган адам чыгат. Мыйзам катуу. Кеминде он жыл берээр. Ошондо күндүн көзү көрүнбөгөн ыраак аймактын аппак кар, көк музунда аюуга чээндеш болуп калабы? Андале өлгөнү. Балким, заман оошуп башкача түр алышы менен адамзаттын тутунган заң-закүнү, көз карашы, коомдук жүзү шартка, чөйрөгө жараша өзгөрүлө түшөр, жолунан адашкан бечараны тобокел деп кечирип жиберишээр. Жок, жоо-ок, кайдаа-ан?! Өлгөндө да кечирбейт. Мезгил катаал, талап күчтүү экенин, айтылган сөз аткан октой тез, өз мөөнөтүндө аткарыларын жүрөк кургур туюп турат. Ошон үчүн соо койбойт, тынч жаткырбайт. Элге бети кара тоо безери, журт качкыны кандай казанда кайнарын көкүрөгү менен сезет. Атаңгөрү эй, өкмөтүң “Мына, мен келдим!”– десе эле башынан сылап, колуна токоч кармата койбостур. Анан калса, эл алдында, журт алдында шерменде өлүмү менен өлүп, жашоо абийирин, эр намысын жеңил баа адамдарга тебелеткиси келбеди. Ошон үчүн өлбөстүн күнүн көрүп, өчпөстүн отун жакты. Жашоо үмүтү чыйралып көр тирлигин жөндөп кетти. Миң чокулуу күмүш тоолор анын башбаанек кылган, өмүр кечирген жайы болуп калды.

Тээ, баягы селт эткенде шекшиме, шырп эткен дабышка өпкө-жүрөгү дүкүлдөп, жалгыздык жанга батып, өлүм менен өмүрдүн челиндеги калкыма жылдары: “Айланайын акебайлар, жаздым-тайдым, жолунан адашкан байкушту кечире көргүлө!”– деп камчысын мойнуна илип келсе бир жөн. Эмдигиче пешенесине жазганын өтөп, эл ичинде жүрөр беле, ким билет? Жок, төбөдө кулагы уганак, көзү көрөнөк жараткандын өзү турганда жалган айткан жарабайт. Жараткан андайларды жактыра бербейт, жалган айтуу жарабаган жорук. Кудай үчүн айтып коюу парз, Мундуз бир сапар ошондой чечкиндүү кадамга барган. Ошондо алтын башы, куу тагдыры тобокел ишке кириптер болгону да чын. Бирок ошол тобокел аракетинен майнап чыкпай, мына-мына айыл көрүнөт деп турган чакта артка кайтууга аргасыз болгон. Ошондогу ишке ашпаган жоругу эске түшсө бети чымырап, тулку бою ысып кетет. Ал жорук ошо кездеги Мундуздун чалагайым иштелип чыккан айылга болгон моюнга алуу, адилеттикти издөө жүрүшү эле. Ошол айыл жүрүшү ишке ашканда бир жөнеле, бирок теңирден тескери кетип, ал жүрүшү максатына жетпей калбадыбы. Ошондон улам эми кеч болуп калды деп ойлойт. Аны кайдан түшүнсүн, чунак бала! Ага ынабай дүрт эткен оттой жалбырттайт, журт безерин бал тилге салып баш ийдиргиси, көндүргүсү келет. А жан бирге абакеси кайра кара түндөй мелтиреп, баланын кызуу сезимине оңдуу жооп кайтарбай чапчаң кыймылдап, күчтүү мал азыгы болгон көдөө бурдап, бир аптача тыныгып калган бедөө аттын туйлаганына карабастан тизгинин кагып жоошутуп, басмайылын бек тартты. Жолго деп камдаган кийиктин этин салыштырып, куржунду жеңил гана ээрге таштап койду.

– Кана, иним, кудайым тилеген тилегиңи берсин! Көптүн бири болуп интернационалдык милдетиңди өтөгөнү Ооган жерине жөнөтүү боюнча рапорт жазыпсың. Эми ошол жерге сенин насибиң буюрабы же жокбу, ал башка иш. Иши кылып, кай жерде жүрбөгүн аман-эсен кызмат өтө. Анан бир кеп болор. Киндик кан тамган үйдүн жарыгы азып-тозуп ыраакта элге-журтка кошулбай жүргөндөр үчүн гана ыйык эмес. Ал баарыбызга тең. Сапарбай иним, асти, сен ушуну эсиңден чыгара көрбө!

– Куп болот, эсимден чыгарбайм, Мекен үчүн баарына даярмын. – Экөө барабар какая калышты. – А бирок абаке, мени Ооган согушуна жөнөтөбү, жөнөтпөйбү азырынча мага белгисиз. Себеби канча ирет суранбадым баары бир “барасың, же барбайсың” деп айтпай, жообун создуктуруп эле келатышат, – деди жигит чын пейилинен. – Ошондуктан жообун чыдамсыздык менен күтүп жатам.

– Күткөнүң жакшы, күтө бер. Мекен кайда жумшаса, ошол жакка барбаска айла жок, иним. Себеби мекен – биздин жан дүйнөбүз менен бирге бүткөн ыйык туубуз.

Жапайы күн кечирген тоо кишисинин муун-жүүнү бошоп, титиреп кетти. Терең ойго чөмүлгөн жаш жигит: “Эмгек өргүүм бүткөндөн кийин эмне болоор экен? Иш ордунан жылар бекен, же дагы жоопсуз калабы?” деген тейде башын шылкыйтып турган кезде, ичинен күңгүрөнгөн кудаанын момун пендеси ак батасын тилеп жая берген шадылуу колдору менен тоодон тоголоно кызарып батып бараткан күндү кармап турду.

– О, кудай, ак пейил жолоочуңа шыдыр жол, жыйнактуу өмүр бер, оомийин! – деп бата бергенде баятан тыбырчылап, жер чапчып турган жаныбар жылкы ачуу кишенеп ийди. Абасы атты жетелеп келип, туура тартты. Камчыны астейдил ээрдин кашына илди.

– Жаныбарым, күндүн батып баратканын... – Тоо киши өз ою менен болуп, кызыкча күңкүлдөп алды. – Күндүн кызарып батышы жолго жакшы. Аттын үстүндө үргүлөп кетпе, башын бош кой. Караңгыда жолду өзү табат. Таң жарганда Апактын белинде болосуң. Ошол жерде өзүңдү да, атты да тыныктырып ал. Жолдон бирөө жарымы учурачу болсо эмне деп айтарыңды билесиң да, – деди көкүрөгүндөгү жат болуп калган сөздөрүн айтып.

– Абаке, бул жагынан кам санабаңыз, билем го, эмне деп айтарымды. Биринчи сапар келип жатыпмынбы? – деген жайдары жоопту укту агасы. – А көрөкчө, өзүңүз ден соолугуңузду жакшы асыраңыз, өзүңүзгө бек болуңуз. Азык-түлүк, отун-суу келерки көктөмгө чейин кеңири жетет. Четинен оюп жей бериңиз. Буюрса, биз эми сизден кийинки жылы күз алды кабар алабыз. Ага чейин сак-саламатта болуңуз, жөнү жок кайгыра бербеңиз. Биз сизди жалгыз калтырбайбыз, эч качан унутпайбыз, ушинтип болсо да кабар алып турабыз. Биздин үй-бүлө ар дайым сиздин өмүрүңүздүн узак, бакубат болушун каалайт, кудаадан да ушуну суранабыз. Абаке, эмесе, көрүшкөнчө жакшы калыңыз... – Иниси кучагын жайды.

Мойнунан кучактап, көзүнө жаш алган инисин абасы сыга кучактады.

– Сапарбай, ата-энеңе, менден ысык дубай салам. Менин силерден бөлөк эч кимим жок. Андыктан силердин өмүрүңөр узак, көңүлүңөр куунак, ар дайым сак-саламат болушуңарды кудаадан тилейм. Ата-энеңе мени кудая шүгүр жүрөт де.

Мундуздун каңырыгы түтөп кетти, бирок анысын тууганына билдирген жок. Кургаган оозун нымдап, көмөкөйүндөгү кургак шилекейди кыйнала жутуп, тамагын жасады. “Мындай учурда агалык милдетимди аткарып, жылуу сөз айтпасам болбостур. Канткен менен ал тойго суранган жок. Ооган жергесинде интернационалдык милдетин өтөп, согушканы баратат. Анын каалоосун Орто Азия аскер округунун башкы командачысы кабыл алабы, албайбы али табышмак. Анткени Ооган жергесине жөнөтүү, жөнөтпөө ошолордун буйругунан” деген кабатыр ойдон улам кебин улады.

– Сапаш иним, Ата журттун алдында аскердик өз милдетиңди ойдогудай өтө. Сен командирсиң. Андыктан сени жүздөгөн көздөр карап турат. Ошон үчүн аларга жакындан кам көрүп, өзүң биринчи үлгү көрсөт, командирлик жоопкерчилигиңди сезе бил, адилет бол! Кайда болбо, ким болбо, абийириңди таза сактоого далалаттан! Дайыма алсызды чүлүктөп алчу шайтан сезимдерге азгырылбай, ар дайым катарда бол, ар дайым адамдык касиетиңди баркта, андан ажыраба, – деди терең ойго чөмүлгөн абасы. – Мындай карасаң баары эле киши кейиптенет. Бирок бу жалган жашоонун оош-кыйыш тагдыры капыстан кежигеңден ныгыра басканда, ар ким эле адам бойдон калуу вазийпасын ойдогудай өтөй бербейт. Адам болуп туулдуңбу, демек акыр аягына чейин адам бойдон калуу парз. Бирөөгө эч качан жамандык ойлобо, жамандыкты алыстан издеп убара чекпе, ал дайыма сенин таман алдыңда. Анткени бир жолу куйтулукка, айбанчылыкка, алсыздыкка алдырган пенденин жүзү кайра оң жолго бурулуусу кыйын. Себеби адам кейпинен жаңылган неме, качан да болсо көнгөн ыплас кылыгын өмүрүнүн акырына чейин кыла берет. Анткени өткөн өмүр качкан куштай, канча үндөбө кайра артына кайрылып келбейт. Андыктан жашоо абийириң дайыма таза болсун, иним, – деди агалык насаат менен. – Анан элибизде ата баласы болбосоң болбо, эл баласы бол деген сөз бар. Ошо сыңарындай, эл уулу болууга тырыш! Мен сенден ушуну суранам!

– Мен сизге түшүндүм абаке, адам болуу – азыркы замандын көйгөйү. Сиздин басып өткөн өмүрүңүз бизге үлгү! – деп агасынын сөзүн иниси улай кетти, алыска серепчилей карап. – Караңызчы, тээ тескей беттеги топ карагайлардын алдындагы көк жайыкка, дарыянын аркы-берки өйүзүнө өзүңүз бир убакта отургузган карагай менен талдын, жапайы алма менен жаңгактын, карагат менен чычырканактын, кайың менен жылгындын көчөттөрү көк-жашыл тартып, бой керип калды. Сиздин ал мээнетиңизге таң калбай коюуга мүмкүн эмес. Сиз отургузган дарактар, тамыр алып, жер кыртышын бекемдеп жатканы кандай сонун. Бекер жатканча, бекер иштеп тапкан мээнетиңизди, мен табиятты сактоо, коргоо, байытуу эрдигине тете карайм. Көк жайыктагы көчөттөр адам колу менен жасалса да, сиз аны табияттан өнүп чыккан токой өңдүү каршы-терши жайгаштырган акылыңызга айраңмын. Демек, ар дайым адам бойдон калуу – адамдын коомдон алган ордуна, мансабына, карманган динине, көз карашына жана жашоосуна көз каранды эмес экен. Адам деген атты бийик тутуп, ким болбойлу, кайда жүрбөйлү кыйынчылыкка моюн сунбай өзүбүздүн гана эмес, адамзаттын жыргалчылыгы үчүн керемет жаратууга, жерибизди асыроого, ага ак мээнетибизди жумшоого милдеттүү экенбиз. Эх! Адам деген атты алып жүрүү кандай сыймык! Шамал дүйнөнү кыдырып, күн айланып көргөндөй, адам дүйнөнү акыл-эси менен тааныйт тура! – деди Сапарбай көкүрөгүн керип.

– Кагылайын иним, сен туура баамдагандай, жер да акыл эстүү мамилеге муктаж. Жаралгандан тирүү жанды тоюндуруп, кийиндирип келип, неге сыртта калууга тийиш. Анын да бир күнү саан уйдай сүтү байыйт. Ошондо кантээр экенбиз?!

– Сиз айткандай, – оюн жыйнай албай колдорун жайды иниси, – адам деген пенде чен-өлчөмү жок табияттан ала берип аалам жайдак кала турган өңдөнүп калдык. Аны токтотууга адамзаттын күчү жетеби, абаке?

– Жетет, иним. Адам алкымын, ачкөздүгүн, кыйраткыч күчүн токтотуп, акыл калчап иш кылса, көп нерсеге дабаасы ошо. Пенде туулгандан алпурушуп жер тырмап, тирилик кылам деп жүрүп, бир күнү өзү ошо жерге азык болуп барарын билет бекен? Билбесе билип, көкүрөгүнө түйүп алсын. Алгандын бермеги бар, иним. Айырмасы биз турган турпатыбыз менен кетебиз, жер-эне калат. Анткени табигаттын дени таза, жашоосу бакубат болсо, адамзаттын дени-карды таза, жашоосу бакубат болот. Бу жашоодо экөө эне-баладай. Аны билбей көптөрү кор тутат. Кор тутканың энеңди, жериңди кор тутканың, сыйлаганың энеңди, жериңди сыйлаганың. Кам көрсөң жер-эне ийип берет. Андыктан жер-эненин касиетин сактоо, мээнетин актоо, келечегин тактоо сен экөөбүзгө окшогондордун милдети. Себеби табигат менен эриш-аркак жашоо алмуздактан берки келе жаткан адамзаттын ыйык парзы эмеспи, Сапаш.

– Айтканыңызда калет жок, сиз айткандай жыргал асманда асылып турбайт экен. Ал ыйык жерге байланыштуу тура. Андан тапкан мээнетибизге каныгып, насип буюрганын ичип, жегенибиз жакшы. Жер-эненин жакшылыгын эстен чыгарбай, аны көздүн карегиндей асырап, кудайыбыздай сыйлоо ар бирибиздин парзыбыз. Анткени жер-эне бу дүйнөдө жалгыз. Башкасын тапканча качан?! Мен ушуну түшүндүм, абаке!

– Ырахмат иним! Жакшы түшүнүпсүң. Ким кандай экенин кудай өзү таразалайт. Ал кайсы кудай эле деп издебе! Табат элем деп убара чекпе! Ал сага керек учурда өзү келет. Түндүктөн түшөт. Себеби, ал дайыма сени менен, ал бардык жерде. Болгону бардык учурда жан дүйнөң ага көрүнүп тургандай болсун! Эми аттан. Күн да кечтеп баратат. Күндүн көзү барда ашуудан өтүп ал. Эмесе, жакшы бар, иним!

– Жакшы калыңыз, абаке! Эми сизден иним Урмат кабар алат. Жолун айтып берем, быйыл тогузунчу классты бүтүп жатпайбы, таап келет. Сиз андан камтама болбоңуз.

– Ошент айланайын, кол үзө көрбөгүлө, – карыя кубарган жүзүн жалдыратып, – чү, жаныбарым! – деп атты соруга чапты. – Көрүшкөнчө иним... – Абакеси кол булгалады.Күн нурунан көк тиреген тоо чокуларынын учу алоолонуп, кечки салкында керемет кооздукту жаратты. Көптөн бери тыныгып калган ат тизгинин коё бергенин туйганда ордунан атып кетти. Ага удаа эле үстүндөгү кожоюну демите үзөңгү какканда тоодон түшкөн ойноок жел менен жарышкандай желип жөнөдү. Аттын текирең-таскак жүрүшү ансыз деле аялуу кишинин үшүн алып, көзү жашылдана түштү. Мундуз иниси Сапарбай менен узакка коштошуп, кусага баткысы, адам деген немеге жытыгып, өтө эле көнө түшкүсү, дүйнөдөгү бирден-бир жакын адамы ай талаа, аска зоонун чеңгээлине жалгыз таштап баратканын сезгиси келбеди. Ортодо убакыт закымдап, көздөрүнөн мөлт-мөлт сызылган ысык жаш жаак ылдый тоголонду. Дайыма ушундай. Жанынан жакын адамы кетти дегиче, токтоно албай көзүнө жаш тегерене түшөт.

Ошондо каңырыгы түтөп, өпкө-жүрөгү лакылдаган мусапыр пенде, тээ көлөкөлүү бетте сызып бараткан атчандын соңунан буркурап-боздоп, жер тепкилеп, кууп жеткиси келди. Чунак бала тоо безеринин каада күткөнүн, кичине кыстоо жетишпей жатканын кайдан туйсун?! Бүгүнчө түнөп эртеңден аттанганда, балким, көңүл кургур жибий түшөт беле? Аттиң десең!.. Аны аңдабай албуут толкунду жиреген кеме сымал карагайлуу черде бирде көрүнүп, бирде көрүнбөй сызып бараткан чунагың түк эчтеме болбогондой, бу дүйнө менен иши жоктой шыр аттана жөнөбөдүбү. Мурда мынчалык болчу эмес. Ою алда кайда алып учту.

– Алдан кетип, күчтөн тайып баратамбы? Же ичээр суумдун бүткөнү ушубу? Балким, өз ырыскы насибимди жеп түгөтүп, жарыкчылык менен кош айтышар күнүм жакындап келаткандыр. А кокус, сөөгүм жер астына жашырылбай карга-кузгунга таланып, мага жараткандын жаназасы буюрбай калсачы? Ай, кудайым ай! Камылгамды каран күн түшкүчөктү даярдап койбогон мени шайтандын шапалагы урсун! Баарынан качып кутулууга болот, асти, ажалдан качып кутула албайсың да. Эй, ыйык Теңир, сенден өтүнөрүм жаным жаннатта болуп, ак узасын десең кудайы момунуңду ар кандай кырсыктан сактай көр. Уктуңбу?! Кудай ай, жүрүп-жүрүп үлүшүмө тийген жазыгым ушул беле? Бу куу тагдырда жакшылыкты ойлогондон башка не жазыгым бар? Оо-о, Сапарбай, ток-тоо-о! – деп тоо жаңырта кыйкырганын кайдан уксун.

Ошо тапта эндейип турган Мундузду кандайдыр сыйкырдуу күч алга жетелеп жөнөгөнүн, ал шумпай бала кайдан сезсин да, кайдан билсин?! Же жубарымбек иниси, артына бир кылчайып койсочу?!

– Ой-ой, кайда баратам, эмне деп жибердим!

Кудаанын мусапыр пендеси капысынан чыккан өз үнүнөн, шырп алдырбай басып бараткан өз кадамынан селт чочуду. Бирок тезеле түзөлдү, ой калчады. Кайра жылдыз курттай жыйрылган тулку боюн токтото албай алдыга безип жөнөдү. Буту-бутуна тийбей чимирилди. Жыландай буралып өскөн арчадан өтө бергенде дүмүргө чалынып, оңкосунан сайылды. Күбүнө тура калган тоо берени белиндеги курун, карышкыр ичигин оң келди ыргытты. Бет маңдайдан урган суук шамалдын каарына карабай алка-шалка тер басты. Таманына чейин кызыган карыянын кийик чокою жерге жумшак тийип, ээсин алып учуп баратты. Көп узабай шаңкайган тоолордун кесепет түтөгү көтөрүп урганда таноосунан кан атып кетти. Мындай көрүнүш биринчи жолу болуп жатпагандан кийин анысына деле кайыл. Эптеп боору менен болсо да жылып, бул жерден кеткиси, абийири чыдабаса да тобокел ишке салып, эл алдында ак узагысы келди, тоо кишисинин. Илкип барып, кайра карыгат. Мүдүрүлүп барып, кайра оңолот. Бар кубатын үрөп, карыган төөдөй желип жөнөгөн пендесин кудай аябастан жер сүздүрө берди. Бирок өлөрман адам өжөрдөнө жер тырмалап, алыстап бараткан атчандан кол үзгүсү келбеди. Алгач бети-баштан аймалап, анан өчөшкөндөй аркырап күчөп кеткен күздүн суук шамалы бирде уңулдап, бирде зуңулдап өлгүдөй өжөрдөнгөн ынагын катуу мүңкүрөтүп, карыш жылдырбай матап таштады. Ошого карабай, алсыз көрүнгүсү келбеген тоо кишиси, ашууга жете барган бала кылчайып карай калабы деп, тоолуктарча тиккен суур тебетейин өөдө-ылдый булгалап, курулай аракеттин азабын чекти. Ошого тете чунак иниси кылчайып койсо не? Кылчайбады. Качан жытыга түшкөн адам пендеси ашуудан көчкөн көчкүдөй ылдый шумгуп кеткенде жалгыздыктан буулуккан көр пенде бөлтүрүгү өлгөн бөрүдөй улуп, жер сабаган калыбын жазбай, ушундай заманга туш келтирген күндү кудайдын каарына коюп, ушундай шордуу дүйнөдө жаралып калгандыгы үчүн өзүн-өзү жек көрүп жатты...

...Оо бир оокумда, тиши тишине тийбей чыйрыктырган сууктан колу-бутун ушалады. Жөнеле өлүп калгысы келбеди. Чыйралды, башка келген коркунучтан өөдө турду. Үрөйдү учурган өлүм опсуз коркутканы менен жашоого кумары артылган үмүт оту, анын кайратын курчутту. Бир убакта ордунан турду да, жүрөгүн кыжалат кылган жаман ойлордон арылган пенде “Бул жерде эмне жатам. Үңкүр да болсо үйүм бар эмеспи. Кой, басайын”, – деп, өзү бир убакта “Кан ордо” атаган жатак ордун көздөй илкип жөнөдү. Кечки үрүлдө үйлөгөн чаначтай тултуюп, шамал жалап-жуктаган тоо боорундагы жалама бетте буту араң шилтенет. Аргасы не байкуштун, чымындай жаны чыркырап көккө учуп кеткиче, кыймылдаганы кыймылдаган. Бир келген жашоосуна кантип чыккынчылык кылат. Өмүрдүн акыркы коңгуроосу кагылганча жашаганы жашаган. Ошон үчүн дене бою калчылдап, кыйналганына карабай жолду арбыта берди. Жетсе эле көпкө жатып каларын жүрөк кургур сезип барат...

Чындап эле ошо күндүн эртеси жанында жандуудан жан биргеси жок, жапайы тирилик өткөргөн тоо качкыны, ойго келбеген жерден төшөккө жатып калды. Саресеп салса, бала болуп башына түк чыкканы төшөккө жатып калганы ушу экен. Көкүрөк санаасы Мундузду муунтуп, көз жашы көлдөп, маңдайынан муздак тер чыпылдап ооруп калганын, же жөн эле жатып калганын билбей карарган үңкүрдүн төбөсүн карап жата берди. Бу жазмыштын буйругуна акылы жетпей, ою онго, санаасы санга бөлүндү. Ичи курулдап эртели-кеч өзөгү үзө тартып турса да, оозуна ныпым наар албай жатканына, мына бүгүн эки күн болду.

Кез-кез оодарылган сайын үстүндөгү жамынчу төшөгү жылбышып отуруп жерге түшүп калган. Байкуш киши аны да сезбеди. Аска-тоонун тынчын алып уйгу-туйгу көр жемелеген добул жерди астын-үстүн кылып, сөөк какшатып турганына карабастан, ага үңкүрдүн ичи ашкере ысып чыккандай туюлду. Кудаанын момуну ооруп калдыбы же жөнеле көгөрүп жатабы билип болбойт.

Ар качандан бир качан жүрөк мыжыгып санааркатып келген кусалыгы, адам затына болгон тартылуусу, жанга баткан жалгыздык турмуш акыры адамды басыгынан көтөрүп урганын аңдабаган шекилдүү. Болбосо жеңил ойго жеңилген байкуш мынчалык ооналактап жатпас. Канткен менен ага кыйын болду. Сырттагы чаң сапырган, кум учурган алай-дүлөй бороон менен ичтеги адамдын уйгу-туйгу сезими үн алышып, бири-биринен калышпай атааңдаша жол талашып адыр-тоолорго, талаа-түзгө көчүп-конуп жүрдү. Күүгүмдөгү кусалык жан дүйнөсүн эзгилеп, тагдыр азабы мээнетке чырмаган, кара чүмбөттүү дагы бир жапайы кечти тоо кишиси жүрөгү канап өткөрдү. Бу да анын жадеп көнүп бүткөн адаттагы кусалуу, көп азаптуу көнүмүш кечтеринен эле...

***

Асман тиреген күмүш мөңгүлүү тоолордун улуу деми менен жапайы тирилик өткөргөн, бөтөн көздөн бөдөнөдөй бөк түшүп, жер менен жер, дарак менен дарак болуп жашынган, буту шамал сындуу зуулдап, ою күлүк аттай сызган, учу-кыйыры көз жетпеген аска-зоонун, жылга-жыбыттын жападан жалгыз пири өңдүү сүр күткөн безери качкын кишинин аты – Мундуз болчу. Ооба Мундуз. Керек болсо кайберенди үйүрү менен камап, илбирсти куйруктап, аюуну кулактаган, карагайдын кылда учундагы тыйын чычканды жазбай шилтеген киши кийик, бир учурда бир айылдын түйшүгүн көтөргөн көкжал азамат эле. Азыр минтип адамдын же жапайылардын катарында эмес, эл душманы аталган качкынга айланып, коомдон тыш жерде турмуш кечирүүдө.

Ал айылдагы согуштан алты саны аман кайткан жетөөнүн бири болгон. Кайтканда да көкүрөгү толо орден-медалдар менен кайткан. Гвардиячы, 01158– аткычтар полкунун чалгындоо ротасынын командири, капитан Мундуз Элебесов согуш талаасында ажал менен жекеме-жеке тоорушкан мезгилде да калтаарып, эрки бошоп калбаган. Тескерисинче, согушка баргандан келгенге чейин үлгүлүү жоокер, мыкты командир, жолдуу чалгынчы катары майдандаштарынын арасында чоң кадыр-баркка ээ болуп жүргөн. Анын аткаруучулук сапатын, чалгынчылык алгырлыгын, жоокерлер менен болгон жолдоштук мамилесин, уюштуруучулук чарбачылдыгын, камкордугун полктун, дивизиянын командачылыгы жогору баалаган. Дивизиянын майдан гезити бүркүттөй алгыр, илбирстей шамдагай кыргыз жоокери тууралуу эки-үч курдай “Гвардиячы чалгынчы Мундуз Элебесовго теңелгиле” деген рубриканын алдында сүрөтү менен материал жарыялаган. Анын согуш майданындагы баатырлыгы кеңири баяндалган. Командачылык тараптан эки курдай агасына ыраазычылык кат жөнөтүлгөн.

Эми минтип болор ишти болтуруп, боёсун кандырган кудаанын буйругубу, же тагдырдын жазмышыбы, айтор, ат унаа менен бир жарым күндүк жолдо түккө арзыбай, адам буту баспаган тоо-ташты жапайы түнөк кылып, караңгы үңкүрдө денеси от менен жалын болуп чабалактап жатат. Аны менен эч кимдин иши болбой, бирде аркыраган суук шамал боорго тепсе, бирде көкүрөк эзген кусалыгы ордунан тургуза койбой көңүлүн чөктүрүп, биротоло мүңкүрөтүп, жанын көзүнө көргөзүүдө.

***

Ошо Мундуз качкындын бороон-чапкындан, ачуу тийген күндүн ысыгынан калкаланып башпаанек кылган, жапайы тирилигин өткөргөн үч – үңкүр жатагы боло турган. Анын качкын өмүрү ошо үңкүрлөрдө өттү.

Биринчи үңкүрү эртели-кеч кийиктер жайылып оттоочу беттин түндүк капшытындагы шамалдуу бетте. Саратан айында тоо этектеген өрөөндөгү чөптөр небак куурап, жыйылып кеткенде бул жердин ышкын, кымыздыгы жаңы гана боорун жерден алып, боткогун түйгөн маал болот. Үңкүр бадам, чычырканак, шилби, кийик от өсчү беттеги туташкан жалама аскада. Капыстан төккөн нөшөр ысып турган таштарды чарт-чарт жарып, жаратылыштын каардуу өкүмү кылымдар бою жаан менен кошо эзип келген. Ошол себептенби, агарып көрүнгөн таштар алыстан ажайып көрүнөт, үңкүргө өзгөчө түс берип турат. Үңкүрдүн кире бериш жагына жатакчы-мергенчилердин текенин аркайган мүйүзүн илип койгон жоругу жарашып да, жарашпай да тургансыйт. Бул үңкүрлөрдүн эң чоңу болгондуктанбы же таш короосунун кенендигиненби, бул жерде жайында чымындаган кийиктер көп жуушачу. Алар бөтөн жандын жытын сезээр замат үңкүрдүн төрүндөгү коңул аркылуу жалама зоокага жабышып кутулуп кетишчү. Тоо безеринин бир короо кийиктен тартып алган жатак орду коңулдун төбөсүндөгү оңой менен байкалбас секичеде. Ал келип байырлагандан кийин кийиктер жайытын ооштурууга мажбур болушкан. Бирок бул жердин кышы аркырап суук болгондуктан, жаз, жай айларында гана турчу. Айылдан качып келген жылы ушул жерде аюуну олжологон, ушул жерде кыштап чыккан. Үңкүр үргүлжү ак таштардан агарып көрүнгөндүктөнбү, же токой сырттаны аюуну олжолоп, улуу тоолордун ээси болдум деген ниеттен уламбы, иши кылып ак жолтой болду деп “Ак үй” атаган. Кээде өзү менен өзү сүйлөшүп калчуда: “Ак-Таш тоосундагы “Ак үйгө” кеттим”, – деп күңгүрөнүп алганы өзүнө кызык туюлчу. Кээде тоо арасында пайда боло калган жатакчы-мергенчилердин жапайы жортуулу башталган учурда башка тарапка из жашырууга мажбур болчу. Чынын айтканда мергенчилер деле сейрек келчү. Себеби жол азабына карап, бул тарапка көп каттабаган болуу керек. Келип калса бийик тоолордун кичинекей чокусуна окшоп, алыстан көз салып турчу.

Ал эми тээтиги жаанын жебесиндей түз өскөн жапжашыл топ карагайдын таманындагы бодур таштын үстүнө чыгып алып, учу кыйыры жоктой созулган өрөөнгө, чокусу шиш тоолорго, ийри-буйру жылтыраган дарыя өзөнүнө, мунарык каптаган айыл тарапка канча ирет кусалыгы таркаганча көз чаптырып олтурду дейсиң. Ошо күнгөй-тескейди бириктирген жүрөкчөдөгү Кароол чоку – экинчи үңкүрү. Адам баткыдай бир гана тешиги бар, бирок ичи боз үйдүн ордундай кеңири.

Илгери бул жер жуп карышкырдын ийини болгон. Бир жерде эки тоо сырттаны уу кыла албоосу белгилүү нерсе. Ошондуктан бу тоолуу чөлкөмдүн бир гана кожоюну болууга тийиш эле. Ошондонбу тагдыр өктөмү адам пендесине жол берип, абал көк жалын, кийин канчыгын окко тостуруп, терисин тескери сыйрыткан.

Мундуз бул жерде чанда гана конуп калбаса, кеч да болсо ылдый түшүп келчү. Боз мунарык чалган тээ алыстагы жылтыраган дарыянын ийри-буйру жээктерине, төөнүн өркөчүндөй дөбөлөнгөн мойнок-белестерге, андагы тоонун төрүнө алып келчү жалгыз аяк жолдорго кызарып батып бараткан күн нурунан көздөрүн алаканы менен тосо серепчилей карап алчу да: “Кароол чокудан” келдим. Бөтөн жан көрүнбөйт. Беймараал тирилигиңди өткөрө бер, кийик киши. Ушинтип, кудайым дагы бир күндү жайына берди. Үңкүр да болсо үйүм бар, мен “Кан ордого” жөнөдүм”, – деп сүйлөнүп алчу да, негизги түнөк – үңкүрүн көздөй сызып жөнөчү.

Негизги үчүнчү үңкүр – жатагын чар тарабын карагай, арча каптаган салаңдаган асканын боорунан тапкан. Ал дагы кокусунан болбогон чыгар. Кудайым бергенге берет дегени чын шекилдүү. Бир сапар жарадар кийиктин изи менен акмалап олтуруп, аскадан cызылып чыккан дары булакка кез келген. Эмнеге эле аба ырайынын ар кайсы учурунда бул жерге аксак-тексек кайберендер көп түшөт десе, көрсө, сыркоологон байкуштар бодур таштын боорунан агып түшкөн карамтыл түстөгү мумиёдон жалап, дары булактан шимирип, сакайып кетишет тура. Алыстан бар жогу билинбеген үңкүрдүн ичи жылдын төрт мезгилинде кургак, кенен, анан калса шыбы да бийик. Абасы таза, жагымдуу. Үңкүрдүн байкалбаган себеби, жайкы ачуу тийген күндүн көзүн өткөрбөгөн тоо дарактары курчап тургандыктан, көзүңө калдайып, туташ салаңдап турган аскадан башка эчтеме урунбайт.

Бу үңкүр – өзгөчө үңкүр. Ал чоң үч бөлүктөн турат. Үңкүр күнгөй бетте болгондуктан кеч күздөн баштап жааган кардын изин да калтырбай, суук шамал заматта ызгытып, жерге-сууга тийгизбей жалап турат. Жаан тийбейт, ызгаар кирбейт. Ошон үчүн бул жердин жайы салкын, кышы жылуу. Кол менен жасап койгондой, биринен экинчисине өтүп кете турган өтмөгү бар. Үңкүрдүн кире беришинде жайы соолубаган, кышы тоңбогон тиш какшаткан тунук булак агат. Ушундай ыңгайлуулуктарын эске алып, жашоого кумарын арттырган Мундуз, бу жатагын “Кан ордо” атаган. Бул жер ага айрыкча жагат, кудайдын ушу үңкүргө туш келтиргенине миң мертебе шүгүрчүлүк кылат. Анткени үңкүр көп жылдардан бери анын өз үй, өлөң төшөгүнө айланган.

Арийне, ошо “Кан ордо” аталган жерге жетиштин өзү тозок. Кокус кырдагы көз жазгырган топ арчага азгырылып, абайлабай жалама аскадан куюлган эшилме кумду жаза басып алчу болсоң, сөөгүңдү карга-кузгун таппай калат. Кайсы бир жылы карс сүзүшкөн эки текечердин бирөөсү капталы менен сүрүлүп барып, жалама зоокадан аласалып кеткен. Бу үңкүргө алып барчу алдама, сөзсүз кырсык тооручу жол. Ал жолду Мундуз мыкты өздөштүргөн. Андыктан андан он-он беш кадам өөдөрөктө асканы бойлой өскөн көк тиреген арча аркылуу бөкчөңдөп жүрүп олтуруп, аскага такалган шиш урчукка чейин баруу керек. Урчуктан оңго бурулуп арчанын жайылган бутагын көтөрсөң адам баткыдай узун кууш өткөөлгө, өткөөлдөн жогору карай жүрсөң, биринчи чоң үңкүргө туш келесиң. Үңкүрдүн так төбөсүнөн сайылган күндүн нурунан кире бериште шыбына чейин тирелип, кыраатын келтире жыйылган кургак отунду, бурчта тоодой үйүлгөн таш көмүрдүн кесек-кесек бөлүктөрүн, бурч-бурчта бир тутамдан илинген кийик от чөбүн көрүүгө болот. Узун түндүү кыш чыгып, көктөм тартуулаган жаз келгенче алардан эчтеме калбай түгөнөт. Андан экинчи үңкүргө өтөт. Ал жерде да отундар додо жыйылган. Бир тоокко да жем керек, анын сыңарындай эрте күздөн кийинки жазга жете турган тамак-аш кампасы ушул жерде. Азыкты мол камдап аларын, бир учунан экинчи учуна чейин керилген ала баканда капкан-тузак менен кошо алты-жети бүтүн кийик, кулжанын семиз сүр эттери илинип турганынан байкоого болот. Арыраактагы адам боюнан бийик эки арча баканда улар, кыргоол, аркар-кулжанын чүйгүн этинен жасалган чучуктар, бышырылып сүрсүтүлгөн устукан эттер баш-аягына жете жыш, кыдырата тизилген. Андан ары бассаң жыпар жыт чыгарчу арча бутактардын, дары чөптөрдүн кеңири түрүн учуратасың. Сай талдын ийилчээк бутактарынан токулуп жасалган, түркүн өлчөмдөгү чабыралар кургатылган жапайы алма, өрүк, алча, карагат, жаңгакка толгон. Шыптагы өзүнчө бооланып таңылган тоо пиязы жапайы табитиңди козгоп өтөт. Кире бериштеги кийик каптардагы тирелген көмүрдү байкабай коюуга таптакыр мүмкүн эмес. Ырысын бөлүшкөн тоодон айланса болот, себеби анда кандай жей турган нерсе болсо, ошонун баары үңкүрдө бар. Өлкөнүн түштүк аймагындагы тоолордун бир өзгөчөлүгү ушунда. Ошон үчүн камдуу киши кур калбайт. Жашоо тиричилигине керектүү нерсенин баарын өзүнө керегинчелик топтоп алса, сактап койсо эч качан кор болбойт.

Кыскасы, бу үңкүрдө жеп-ичкенге, жашоого, мергенчиликке керектүү отун-азыктын баарын даярдаган чарбачыл адамдын аракети көрүнүп турат. Себеби жапайы өмүр кечирген кишинин темир-тезек, тамак-аш, идиш-аяк сактаган бирден бир ишенген кампасы ушул жер. Кампадан жайлуу түнөккө өтөсүң. Ал үчүн оозго керилген карышкыр жабуунун бучкагын өөдө көтөрүү жетиштүү. Конок түнөктүн чоңдугу он эки канат боз үйдүн ордундай эле бар. Кай жагынан карабагын жашоого ыңгайлуу. Үңкүрдун боору шыпка чейин тегерете жыгач менен жылчыксыз кынапталган, таманына арча, кайың төшөлгөн. Ичкери киргенде эле кургатылган тоо чөптөрүнүн жыпар жыты буруксуп, оропарадагы таш очок көзүңө биринчи урунат. Таш очок кеч күздөн эрте жазга дейре күйгөнү күйгөн, кесек-кесек таш көмүр күнү бою кызарып турганы турган. Ошон үчүн үңкүрдүн ичи кышы бою алоолонуп ысып турат. Түтүн төбөдөгү тешик аркылуу көтөрүлүп, аска таштардын жылчыгына сиңип жоголот. Очоктун боюнда чебердик менен кооздолуп жасалган, өзү “Хан таажы” атаган жыгач отургуч кайкаят. Ага куйругу эки кулач илбирстин кеби кийгизилген. Дайыма оң ийининен көрүнгөн оттой жанган илбирстин эки көзүнүн как ортосуна, үч көз алмаз чөгөрүлүп жасалган, аялдар тагынчу аземдүү алтын төөнөгүч кадалган. Оң ыптасындагы сыйда кереге ташта китеп, саргайган гезит-журналдар биринин үстүнө, бири тыкан жыйылган. Төрдөгү таш секиге кургак арча, куурай төшөлүп, аюу талпак салынган. Анын үстүнөн туюк союлуп желденген кийик жаздыкты, ичи-тышы кызыл суурдун терисинен кураштырылган төшөктү көрүүгө болот. Секинин бооруна көк жал карышкырдын териси керилип, ага текенин мүйүзүнөн сомдолгон жаанын саадагы менен беш атар мылтыктын илинип турушу, азгырык албарсты-шайтандын сүрүн алып, үңкүргө өзгөчө керемет көрүнүштү тартуулап тургансыйт.

Бул жер – Мундуз мергенчинин жан оту, жүлүн чучугу менен бирге бүткөн сүйүктүү жайы. Анткени күз айынын карандай суугунда, узакка созулган кыштын ызгаар бороонунда чартылдап күйгөн тарашаны ичкертип коюп, өткөн-кеткенди эстеп олтурганды жакшы көрчү. Кудайым сактанганды сактайт дегендей, күтүүсүз келген балээден кутулуу үчүн, үңкүрдүн экинчи жашыруун тешигине таш көмкөрүп, үстүнө отун үйүп койгон жоругу, аскерден үйрөнгөн тартибин али унутпагандыгынын далили. Ошон үчүн бул үңкүр артынан сая түшкөндөргө гана эмес, айрым убактарда пайда боло калчу жатак-мергенчилерге да белгисиз эле. Бул үңкүрдү “Кан ордо” атаган кожоюнунан башка жан билбейт. Анын тоо арасындагы оош-кыйыштуу жашоо өмүрү ушул жерде өткөндүктөнбү, же жеген азыгы ушул жерде сакталгандыктанбы, ал бу жайды бөтөн көздөн өзгөчө жашырып, өзгөчө катуу коргоого алган.

Мундуз так ушул үңкүрдө соолуп жатты. Жата берип каны уюдубу, же оюнда жөнеле өлбөгөн жанга жашоо керек дедиби, айтор, жатканына эки күн болду дегенде буюкканга жылдыз от болуп, жылуусу эбак качкан үңкүрдө ичиркене капкачан үстүнөн жылбышып түшүп калган ысык төшөгүнө алсыз эңилди. Үч бүктөлө калтырап титиреген, үшүтүп чыйрыктырган денесин кымтыланган болду. Аска-зоо, капчыгай төргө эрте жайылган көлөкө жандуунун демин думуктура кысканда: “Ушинтип, бу жалган дүйнөдөн бир көргөн түштөй эле өтүп кетемби?!” деген ойдон туталанып кетет. Көңүлү чөгүп, коркунуч бийлейт. Анткени, санаа саргайтарын, убайым картайтарын жадыбалдай жат билет. Ошон үчүнбү батар күндүн – атар таңы бар дегендей, көп ойлонбой Мундуз үйрөнгөн адаты боюнча ыргып турду. Бирок тулку-бою калчылдап жыгылып кетчүдөй калдаңдап, өзүн алсыз сезип турганына карабастан, илкий басып таш чырактын жанына басып келди. Үңкүрдү биротоло караңгылык каптап, көзгө эчтеме урунбай калган. Ошондуктан качан өчүп калганы белгисиз таш чыракка кайрадан чакмак урду. Алы куруп, өзөгү үзө тартканына карабай суу ичкиси келип, оозуна алып барган кара чөгүндүн чоргосунан чорт-чорт жарылган эриндери сыздап ооруду. Ага деле кайыл. Эптеп үмүтүн жандырып, жан-жанынан кол салып кожойтуп бараткан күзгү сууктан арылгысы келип чакмак издеди. Отту алоолонто жагып, боюнда көөшүлүп отургусу келди.

Көөдөй караңгылык канчалык коюуланган сайын, төргө өтө качкан ойноок желге ийрелеңдеген таш чырактын бүлбүл оту ошончолук алсызданып, ансыз деле тоо-таштын уңулдаган добулунан көңүлү көк таштай калган мусапыр пенде ачык калган үңкүрдүн оозундагы карышкыр бучкакты силкип ийгенде, жылчыксыз жабылган ажайып үңкүр тунжурай түштү. Чыйрыккан денеси жылуу оттун табын күсөп, очоктун боюна отурду. Тутамдай кармаган куу чырпыктарга тамызгы таштады. Кара чөгүн отко түштү. Куу чырпык-бутактын жалыны корго түшкөн таш көмүрдүн кытыгысын келтирип, каршы-терши ташталган куу отундун жаагын жанып ийди. Үшүгөнгө от жактырба дегендей, өтө эле алоолонуп күйгөн отту ийри бутакты көсөө кылып ичкертти. Көп жылдар бою жасап келген адатын кылып, арча түтөтүп жатак үйүн, азык-түлүк кампасын аластады. Арча жытынан түнөргөн көңүлү ачылып, очоктун жанына кайра келип жалынга алаканын тосту. Эх, кандай сонун! Чыйрыккан денеси жибип, көңүлү ачылды. Соймоңдогон оттун илеби жанды кызыткан сайын, көп жылдар бою эзип келген кусалыгы артып, үшкүрүгү таш жарып, минтип азап чегип турганда жаныңда көңүл улар бирөө болбосо, бу орду түбү өлчөнбөгөн көр дүйнөдө ачуу-таттуусу аралашкан куу тагдырдын кимге кереги бар да, кимге кереги жок. Ойлогон ою ишке ашып, көкүрөк эзген кусалыктын чери жазылар бекен деп жарыкчылыктан үмүтүн үзбөй жылдан жыл тогоштуруп отуруп, жарым кылымдан аша жашап калганын эми гана сезип олтурбайбы, жарыктык киши. Ошондо да багы жокко, дагы жок дегендей, бу түбүң түшкүр пешене тагдыр бир сыр берип койсо не? Бербеди. Үлп эткен желден баш оту жарылчуудай дирилдеген кылчалык көрбөдү го пендесин. Аябады. Көрсө, бу жарыкчылыкта таң кылайгандан, күн отурганча өлбө жаным өлбө деп, көр тирилигин өткөргөн ысык жандын көргөн турмушу, жашаган өмүрү көктөгү туругу жок булуттай үзүлүп, акыры барып боз чалган мунарыкка сиңип кеткендей эле нерсе тура. Анан ким ушундай көр турмушка туталанбай тура алат?

Ушунун баарын көкүрөгү менен туйган Мундуз түк баскан жаагын сылап, таш күзгүгө кадалды. Аз эле күндө бакубат кишинин бет сөөгү оркоюп, байкаган жанга бир кыйла шалдырай түшкөндөй. Ысыган сууга жүзүн чайып, үнсүз сакалын жибитти. Дайыма ушундай, аскерден үйрөнгөн көнүмүш адатынан жазбайт. Качан да болсо сакал мурутун таза кырынып, өзүн тыкан алып жүрүүнү өзгөчө жактыра турган. Сакал мурутун кырып, ич кийимин алмаштырып кийди. Тамак ичкиси келип кампадан чучук, эт, чычырканактын ашын, жарты көмөч алып келди. Дасторкон жайып, чай демдеди. Илбирстин кеби кийгизилген “Хан таажыга” шашпай көчүк басып, кудайга тобо кылды. Немис канжар кындан суурулганда, жыгач кесеге чай куюлду. Чүйгүн эттен астейдил кесип, оозуна салды. Көптөн бери наар албай ичтейи ачылып калыптыр. Ошондонбу, бирин коюп, бирин жеп, чекеси нымшыганча чай ичти. Качан гана курсагы кампайып, көзү тойгондо бата кылды, дасторкон жыйды. Көк түтүнүн сагынып калган белем, көкүрөгүнөн мүштөгүн алып чыкты. Шашпай күлүн какты. Махорканы ныктай күпшөп, чычала күйгүздү. “Хан таажыга” чалкалай отуруп, тамеки мүштөгүн дембе-дем тартып, түтүнүн ырахаттана үйлөдү. Сарсанаа ой куюндан күлүк эмеспи, мүштөгү колуна тийип, көчүк басты дегенче, каңырыгы өткүн жаандай толкуп-түтөй баштайт, бирок анча өтпөй кайра көңүлү бир башкача кубанычка бөлөнөт. Ошондо өткөн өмүрү, куу тагдыры көз алдына тартылып, биринин артынан бири чуурула берет. Ошондогу жыргаганычы, капкачан өткөн окуя ага кечээ эле өткөндөй кубаныч тартуулап, биротоло жайланып отурууга шарт түзүлөт. Дагы ошондой болду.

 

II

1941-жылдын 22-июнь күнү таңкы саат үчтөн өткөндө совет жергесин душмандын бомбалары жүн сабагандай сабай баштады. Тынч жаткан СССРге капылеттен жүзү каралык менен кол салган фашисттик Германия совет элин кара кайгынын сазына батырды. Ач бөрүдөй улугандардын ойго келбеген улутчул саясаты, экинчи дүйнөлүк согуштун күчөшүнө алып келди.Ата Мекен чоң коркунучта калды. “Бардыгы майдан үчүн” деген ураан пайда болду.

Ошол каргашалуу жылдын ноябрь айынын жетисинде, Кызыл аянттагы майданга жөнөтүү салтанатында И. Сталиндин совет жоокерлерине кайрылуусундагы:

– Немецтик баскынчылардын талоончул аскерлерин жок кылууга жарамдуу күч катары бүткүл дүйнө силерди карап турат. Немецтик баскынчылардын эзүүсүнө учураган Европанын кул болгон элдери бизди эркиндикке чыгаруучулар ушулар деген ишеними чоң. Эркиндикке чыгаруучу улуу миссия силердин энчиңерге тийди. Ушул миссияны эң мыкты орундагыла! Силердин жүргүзүп жаткан күрөш – боштондукка чыгаруучу күрөш, адилет күрөш! Ошондуктан силерди ата-бабалардын улуу деми шыктандырсын! Силерге Улуу Лениндин жеңиштүү туусу дем берсин! – деген сөзү үндөө катары кабылданды. Коргоо Эл комиссары Сталиндин бу сөзү мейли майданда, мейли тылда болсун ар бир советтик адамдын жүрөгүнөн терең орун тапты.

Үндөө бир эле убакта Украина менен Беларусиянын кең талааларына, тоолору көк тиреген кыргыз элине, ширелүү жүзүм бактары менен даңкы чыккан Кавказ менен Молдавияга, карагайлуу кең Сибирге тарады. Ата-бабалардын баатырдык салттарын эскеришти, аларды улуу жеңишке, тайманбас эрдикке шыктандырышты. Согуш күн сайын совет элине коркунуч туудуруп, Германия баскынчылары ээлеген ар бир жерде миңдеген советтик адамдардын курмандыгы башталды. Тирүүлөй көмүлгөн, өрттөлгөн адамдар, көкөлөп штыкка сайылган наристелер, дарга асылгандардын муңайым элестери, танктын тепсендисинде калгандар, көз жашын көлдөткөн ак чач энелердин кайгы-муңу фашисттик жырткычтар кылган бетпактыктын белгисине айланды. Улутчул Германия бирөөнүн көз жашы менен эсептешпеди. Ал бүткүл жер жүзүнө өз эркин, өз саясатын таңуулап, алардын үстүнөн кожоюн болгусу, немис калкынын жашоо аймактарын кеңейткиси келгенин жашырбады. Ошондуктан адамзатты коркутуунун, жок кылуунун бардык айла-амалдарын колдонуп, бир өлкөнүн артынан, экинчи өлкөнү кулчулукка айлантып бараткан.

Совет элинин башына зор кыйынчылык түштү, арийне кайгыга алдырып, мүңкүрөп калбады. Ал бир дарактын тамырындай бек турду. Ал – улуу биримдиктин тарыхы, болоттой ширелишкен достуктун, ынтымак-ырашкерликтин, Ата Мекенди сүйүүнүн ыйык дарагы эле. Ушинтип Улуу Ата Мекендик согуш “дүрт” от алып кетти. Ал канча убакытка созуларын эч ким билбеди. Бирок бу дүйнөдөгү жашоонун бар болуу, же жок болуу ташпиши, тараптардын туруктуулугу менен адилеттүүлүгүнө, саясаты менен даярдыгына жараша чечилчү нерсе экендигин баары түшүндү. Ошон үчүн жан аябастан кыл чайнашты. Бири кол салса, экинчиси коргонуп, ажал бүрккөн ак ниет менен кара ниет күчтөрдүн тирешүүсү көп жылдарга созулуп кетти.

Адамзаттын тынч жашоосуна суук тумшугун салган жексурлар менен кара ниет күчтөрдүн ана башы болгон Гитлер тез аранын ичинде совет элинин тиреги – Москва шаарын алууну, аны жер үстүнөн тыптыйпыл кылып талкалоону, өз баш кесерлеринен талап кылды. Ал адаттагысындай, тумшугун көккө көтөрүп, адам канына чыканагына чейин малынган арбайган колдорун силкилдете мындай деп чаңырды:

– Менин жоокерлерим, бет алдыңарда Москва. Эки жылдан бери силер Европанын көптөгөн өлкөлөрүн каратып, ондогон керемет шаарларын басып өттүңөр. Биз басып алган жерлер Германиянын колониясына айланышы зарыл, андыктан немис эли канча кааласа, ошончо өлкөнү кул кылат жана басып алган жерлерин кылымдар бою пайдалана алат. Дүйнө эли биздин бут алдыбызда тепселениши жана өмүр бою бизге кызмат кылышы шарт. Мындай миссияга бир гана улуу немис эли татыктуу жана укуктуу. Эми бир гана советтердин Москва шаары калды. Ошондуктан менин кайраттуу жоокерлерим, СССРдин борборун тизе бүгүүгө мажбур кылгыла! Москва – бу согуштун бүтүшү, Москва – бу эс алуу! Москва – бу дүйнө жүзүнүн кыйрашы! Анын кыйрашы менен улуу немис элинин дүйнөгө болгон үстөмдүгү артат, кожоюндугу башталат! Ошондуктан алга! Силерди кудай колдосун! Жакында Кызыл аянттан параддан өтүүгө камдана бергиле. Анткени дүйнө жүзү бүт бойдон немис жоокерлеринин таман алдында болуусу керек! Жашасын Германия! Алга! ¬¬¬¬¬¬¬¬¬

Мына ушул билдирүүдөн анча өтпөй, Гитлердин тапшырмасы боюнча үйүгүшкөн ач бөрүлөрдүн уюгу болгон Берлин шаарында, Москвада өтө турган парадга алдын ала кызуу даярдык көрүлө баштады. Жер-жерден мыкты делген барабанчы-сурнайчылар тандалды. Ал тургай кадырлуу коноктор менен элчилер үчүн мейманканалар даярдалды, басмаканалардан атайын чакыруу кагаздары күн мурунтан басылып чыкты. Ага ар бир чакырылуучу коноктун аты, фамилиясы, дареги, аскер наамы жана иштеген кызматына чейин такталып жазылды. Азия, Африка, Европа жана батыш өлкөлөрүнөн келе турган бийик даражалуу коноктордун тизмеси такталды, а түгүл конокторго бериле турган тамак-аштын тизмесине чейин так түзүлдү. Жек көрүндү баскынчы Гитлердин айкели чегиле турган болду. Баалуу кызыл гранит таш атайын Африкадан алынып келинди. Москвага германиялык солдаттардын кирүү аземин көркөм тасмага тартуу үчүн, бүткүл жер жүзүнөн атактуу делген оператор-режиссерлорду чакыруу буйругу берилди. Улутчул Германия өткөзө турган дүйнөлүк иш чаранын башында башкы идеолог Гиммлер турду. Албетте бири-биринен эч кандай айырмаланбаган Гитлер андан тынымсыз кабар алып, иштин жүрүшүн сурап-билип турду. Фашисттер Москвага жакындап калганда ийгиликтен башы айланган эки жексурдун тумшуктары көктү карап калган. Убакыт зымырык куш эмеспи, “Ким кимди алып жыгат?!” деген жоромол кокодон алганда, макоо Гитлер Москванын алдына болуп көрбөгөндөй сансыз армиясы менен алдыңкы техникасын топтоду. Самсаалаган кузгундарын тим жаткырбай чабуулдан чабуулга үндөдү, кара ниет баскынчылыгын көрсөтүп, жаралгандан кыла келген айбандык кылыгын арттыра берди.

Кыскасы, Берлинде бардыгына “көрөгөчтүк” кылышты. “Ушундай кылууга биз милдеттүүбүз, дүйнө эли биз менен эсептешүүсү керек! Себеби немис жоокери – адамзаттын куткаруучусу, жер үстүндөгү кызыл коммунисттердин башына тийүүчү көк союлу!”– деген Гитлердин сасык саясаты менен сандырак философиясын фашисттик Германиянын улутчул атуулдары жер шарынын баардык булуң-бурчтарына тарата беришти.

Арийне, бир нерсени гана эстерине алышпаптыр. Алар канчалык совет жергесине сүңгүп кирген сайын, ошончолук каршылыкка туштуга беришти. Совет элинин бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган биримдиги, кандай гана баскынчы желмогуз болбосун каармандык менен акыр аягына чейин кармашууга дилгирлиги, адамзатты таң калтыра баштаган. Согуштун биринчи күндөрүнөн эле жан аябай күрөшүп, мактанчаак баскынчы душмандын көксөөсүн суутушту. Так Москванын алдында жеңилбес немис армиясынын шермендеси чыкты, ойлогон ойлору ойрондолду, тилеген тилектери таш капты.

Ошо кыйын кезеңде Москванын босогосунда душмандын мизин кайтарган кыргызстандык 28 каарман баатырдын эрдиги бүт совет элине даңаза болду. Алар тайманбай согушуп, жеңишке бүт диттери менен ишенишкендиктерин иш жүзүндө көрсөтүштү. “Биз душмандан коркпойбуз, чегинбейбиз да! Анткени артыбызда Москва! Андыктан кашык каныбыз калганча кармашабыз!”– деген 28 баатырдын сүрү душмандын мизин кайтарды, чоң ишеним жаратты. Ошентип СССРдин борбору болгон Москваны коргоодо ишеним болбосо жеңишке жетүүгө такыр мүмкүн эместигин далилдешти. Мекенди сүйүү, коргоо өндүү улуу ишенимдин туу чокусунда журт атасы Сталиндин турушу да, совет элин бардык кыйын кезеңдерде улуу жеңиштерге шыктандырып турду.

Ошол учурда “Мекен үчүн!”, “Бардыгы майдан үчүн!”, “Эл менен Кызыл Армия бир”, “Жеңиш үчүн!” деген ураандар дембе дем жазылып, учу-кыйыры жоктой созулган кең мекенибиздин, эл байма-бай каттаган бардык мерчемдүү жерлерине илине баштады.

***

Жаз айы күрпүлдөп киргенде талааны аң, тоону жар кылып кемирген, башаты Алайкуу жергесинен башталган Тар дарыясын жараткан кудуреттүү кудай, анын жолуна уюган кызыл ташын кошо жаратканына шүгүр. Ошон үчүн ал жер Кызыл-Жар, үстү жагы алыстан чөккөн төөнүн өркөчүндөй көрүнгөн эки дөбөнүн көрүнүшүнөн улам Төө-Моюн аталган. Ошо Кызыл-Жардан ылдый дарыя жээктеп өйүз-бүйүз отурукташкан жепирейген жер тамдардан Сары-Камыш айылы куралат. Эгерде кудурети күчтүү кудай Кызыл-Жарды жаратпаганда жаралгандан азуусун көрсөтүп көнүп калган тилсиз жоо, бир күнү айылды какыраган сайга айлантмак, Кырк-Күнгөйдү этектеп агып калмак. Анда айылдыктардын шору кайнамак. Айдоо жерлерин кум-шагыл басып, Сары-Камыш айылы орду түбү менен жоголмок. Ансыз деле жыл сайын жээкти келемиштей кемире берип, дайра жээктеп жашагандарды үстүнкү Ак-Талаага көчүрүүгө аргасыз кылган.

Тар дарыясынын өйүз-бүйүзүнө отурукташкан сарыкамыштыктар илгертен күрүч айдашкан. Күрүч башка аймактагы жерлерде эгилген күрүчтөргө караганда даны чоң келип, аш болумдуулугу менен даңазасы далайга тараган. Ал күзүндө ак жубазга салынып, таберик менен Өзгөн шаарында пулдангандыгы үчүн гана өзгөн күрүчү аталып калган. Теңизбай журту өстүргөн сарыкамыш күрүчү Төө-Моюндан Учук, андан байыркы шаарга дейре созулган шалы паяларда өстүрүлүп-акталып, Кырк-Күнгөйдү кыялай кеткен Улуу Жибек жолу аркылуу Кытайга, аяктан Чыгыш өлкөлөрүнө даңкы тараган. Ошондуктан далайларды тамшанткан мартабалуу сарыкамыш күрүчүн таткан адам дыйкандын мээнетине сөзсүз тан бербей койбойт. Ошон үчүнбү, дыйканчылыкты туу туткан, аны өтө кастарлаган ата-бабалардын маңдай терлери төгүлгөн касиеттүү жерде өстүрүлгөн күрүчтү жеген сайын, жараткандын өз колунан жеп жаткандай каруу-кубат ала түшкөндөй боло түшөсүң. Ата Журттун деми менен бүткөн сарыкамыш күрүчүнүн касиети ушунда. Арийне, даңазасы таш жарып, даңкы Мисирге дейре жеткен сарыкамыш күрүчү бирде болуп, бирде болбой жатканы, эртең менен аркы, түштөн кийин берки өйүзгө нугун өзгөрткөн Тар дарыясынын тентектигинен.

Ойлонгон кишиге табигатта ашык баш жаралган эчтеме жоктой. Бири жаратып, экинчисин талкалоочу күчкө эгедир кылган, ашып кетсе өөнөп, жетпей баратса теңдеп, толуктап турган рухтун күчүн, Кызыл-Жардын тилсиз жоого чыдамкайлыгын, киндик кан тамган жердин улуулугун аздектебей кое албайсың. Кызыл-Жар – чыт курсак кезден балык уулап, көгүчкөн кармаган, мал жайып, балалык күндөр өткөн үчүн гана ыйык эмес. Анын касиети тилсиз жоого түктүү төшүн тосуп, сарыкамыштык урпактардын тукумун кырсыктатпай, өмүрүнө өмүр улап келатканында. Ошон үчүн Сары-Камыш айылынын тургундары Төө-Моюндан түшүп, Кызыл-Жардын жанынан өтүп бараткан кезде, ага таазим этип өтүшөт, себеби ал ошого татыктуу. Жараткандын ушунусуна шүгүр!

Илгери өткөн заманда Төө-Моюндан башталган азыркы Сары-Камыш, Калматай, Тоготой Чымбай айылдары жана Өзгөн шаарына чейинки аралыкты баш-аягы көрүнбөгөн калың камыштуу токой каптап турчу экен. Анда кыргоол, коендон баштап элик, жапайы доңуз, жолборс өңдүү жаныбарлар байыр алган дешет. Анжыян, байыркы Ош, Өзгөн тараптан Кытай мамлекетин көздөй жылда кыйма-чийме каттаган кербенчилер мына ошо камыштуу өрөөн аркылуу өткөн. Аны этектей кеткен Кырк-Күнгөй адырынын кооз жаратылышына суктаныша түнөк алган. Алардын төө, атына жолборс тиш салып, олжосунан каалашынча тое жеп, калганын калың камышка сүйрөп кетүүгө далалат кылганы, адамдарга коркунуч туудурганы жөнүндөгү кулактын кычуусун кандырган кызык окуялуу кептердин чындыгы бар. Кийин бул жер, төөчөн араласаң көрүнбөгөн, асман челген шуудураган камышына байланыштуу “Сары-Камыш” деген атка конот.

Ал эми Кырк-Күнгөй адырынын этегиндеги жалпак таштарга чегилген эстеликтерге сан жетпейт. Жөнеле жерден чыгып турган таштарга ай, күн, тегерек, алкак сындуу жана жапайы жаныбарлардын түрдүү сүрөттөрү чегилген. Кайсы бир таш сүрөттө аалам алкагын билдиргендей элес түшүрүлүп, ортосуна чоң чекит коюлган. Жанында тоо текени жаа менен атып жаткан адам кешпиринин элеси. Бул жер жөнеле жер эмес. Байыркы кылымдарда өнүккөн журт ээлери жашагандыгын, там салып жатканда же кош айдоодо табылган түркүн формадагы чоң-кичине карапалардын, кумгандардын, таш чырактар менен темир эритчү, карапа идиштерин бышырчу очоктун ордуларынын чыгышы, Улуу Жибек жолунун бир бүртүмү ушу Чымбай, Тоготой, Сары-Камыш айылдары аркылуу Кырк-Күнгөй бөксө тоолору менен өткөнүн айгинелеп турат. Ушулар тууралуу канча мертебе сөз болсо да, бир жолу да окумуштуу-археологдордун кызыгуусун туудурбаганы өкүнүчтүү. Ал табылгалар күн алмашкан сайын, жыл өткөн сайын өз мааниси менен шаанисин, сапаты менен баалуулугун жоготуп жаткандыгы, белинен сороюп чыгып турган таштагы эстеликтер бара-бара жерге чөгүп жок болуу коркунучунда тургандыгы тууралуу эч бир жандын башын оорутпагандыгы да чындык. Согуш жөнүндөгү алгачкы кабар мына ошо күрүчү, тарыхы менен атагы чыккан “Сары-Камыш” деп аталган айылга жай айынын саратан күндөрүндө чарба жумуштары кызуу жүрүп жаткан учурда жетти. Тоют даярдоодо зор күч болгон жаштар тобу түшкүлүктөн кийин дарыя боюнда чөмүлүп жүргөн жеринен шашылыш чакырылды. Райондон келген өкүл каргылданган үнү менен Германия СССРге жүзү каралык менен кол салганын, жакында айылдын жаштары аскерге чакырыларын, эми “Бардык эмгек – майдан үчүн!” деген ураандын алдында гана иш алып барарын айтып келип, жеңишке үндөдү. Суук кабар көпчүлүктүн үшүн алып, не дээрин билишпей, оор үшкүрүп турушту. Көздөрүнө жаш алгандар болду. Райондун өкүлү колхозчуларды жакшы иштөөгө милдеттендирип, көп өтпөй коңшу чарбаны көздөй аттанып кетти.

Күндөр жылбышып, айлар алмашкан сайын башка айыл-кыштактардан топ-тобу менен фронтко кетип жаткандыгы сарыкамыштыктарды ойлонтпой койгон жок. Эл ичинде айылдан кимди биринчи алып кетет экен деген түпөйүл ой турду. Өткөн жумада Мундузду районго чакырганда айыл бир дүргүп алган. Бирок ал райондон тезеле кайра келип калды. Анткени өткөн аптада Ажике жайлоосунда жайлаган чабан агасына аштык жеткирем деп барып аксап келген. “Айыкканда келесиң!”– деп кайра жөнөтүптүр. Аксап калган себеби жайлоодо чоң улак болуп, намыс талашкан Мундузду чалмалыктар менен каманчылыктар туш-тарабынан ат салып жыгышкан. Жыгылганына карабай улакты айткан жерге таштап мөрөй алган. Ат үстүндөбү же жер үстүндөбү, кайда болбосун мөрөйүн талашканга бербеген Мундузга каманчылыктардын өчүгүшүп калышына көк бөрү оюнундагы мөрөй талашуу эле себеп болбостон, ортого кыздын аралашканы да кошумча болду сыягы. Себеби илгертеден сарыкамыштык кыздар баркталып келген. Ким эле айылдын сулуу, барктуу, ыймандуу кыздарын бөлөк-бөтөн айылдын жигиттерине тарттырып ийгиси келсин. Келбети келишкен, ай чырайлуу Сайкал аттуу сарыкамыштык кыз өзүнүн ыймандуу жүрүм-туруму менен көп жигиттердин жүрөгүнө чок салып, талашка түшкөнү да чын. Сарыкамыштык кыздын аты намыс талашкан жигиттердин оозунан түшпөй, эки тарап болуп топурай башташканы да ошондонбу деген ой кетет.

Арийне, көп жигиттердин көзүн кызарткан, бирок алардын алдында өзүнүн баркын баалаган сулуу Сайкалдын эч кимге бой бербей келаткан жоругу кимди болбосун жинди кылары бышык. Кыз жүрөгү эмдигиче көп жигиттердин ичинен бирөөсүн тандаса, качантан бери келаткан эрегишүү токтоп калат беле. Тилекке каршы, антпей жатат. Анын бирөө жарымын тандабай келатышын эчтеме менен түшүндүрө албайсың. Көңүлү каалабагандын себеби көп дегендей, талашка түшкөн алмончоктой кызы көпчүлүктүн көңүл борборунда турганда каны кызуу жаш жигиттердин эрегишүүсү күчөп кетеби деген сарсанаа ой атасы Ыдырыс менен апасы Шааргүлдүн көкүрөгүн мыжыга эзип келди. Ансыз деле “Салт боюнча сөйкө салып коёлу”, – деп келген жуучуларга, “Кызым билет, кызымдан сурагыла”, – деген жоопту берип узатып жатышкан. “Кызың билгендей, ал кандай салт экен?”– деп таң кала сурашканда, “Ал деген жаңы салт”, – деп жооп беришет. Ошол себептенби, ат тезегин кургатпай үстөкө-босток карыянын үйүнө келе берген жуучулар менен үйүгүшкөн балдардан намыстанган үй ээси, мурдагыдай кенен-кесири айыл аралап баса албай калды.

Ошондой кечтердин биринде Сайкал чырагына май куюп, шишесин тазалап койду. Атасы Ыдырыс менен апасы Шааргүл ширин күрүчтү жакшы көргөндүктөн уй саап, күрүчтүн акшагын тазалады. Иниси Кадыр отун-очогун белендеп, тызылдап чуркап, тамакка урунган эжесине от жагып берди. Казанга түшкөн күрүч тегиз жарылып боркулдап кайнай баштаганда, үстүнө сарала уйдун сүтү куюлду. Кадыр чартылдап күйгөн агынды тарашаны ичкертип, отту жайлатты. Эжесин жанындай көрөт, эркелеп турат. Ошон үчүн эжеси инисинин анча-мынча сөздөрүнө терикпегени ошондон. Анан калса атасынын ат токуур эрке баласы. Ортодон бир сиңдиси менен иниси ооруга чалдыгып оо дүйнө салышкан. Ошондонбу ата туягынын эркелиги, тапандыгы бөтөнгө билинсе да өзгө билинбейт. Көбүнчө көз жаздымда калат.

Кечки салкында Тар дарыясынын шоокуму күч алып, айыл үстүн кара чүмбөт каптаган маалда бүлкүлдөп жай кайнаган ширин күрүч даяр болду. Дасторкон салынып, тамак ортого келгенде сырт жактан балдардын кобур-собуру угулду. Кадырды чакыргандай үн салышты. Бирок үй тараптан эч кандай жооп болбогондон кийин бакылдаша кетишти. Айыл кечтеринин ташпиши ушинтип чымын-чиркейдин ызылдагы, дарыя шоокуму менен тең башталарын, бу үйдөгүлөр жакшы билет.

– Кадыр, сыртка чыкчы балам, сени бирөөлөр чакыргандай болдубу? – деди тынсыздана унчуккан атасы Ыдырыс.

– Ыкы, ата, алар мени эмес, Сайкал эжекеми чакырып жатышат. Чакыргандар кошуна Каманчы айылынан келишкен балдар. Мен аларга эжекеми чакырып бербейм, – деди көкбеттене тултуюп. – Кыйкыра беришсин, бир аздан кийин көргүлүгүн көрүшөт, – деп мыйыгынан кытмыр жылмайып койду.

– Жубарымбек бала, келген балдар каманчылыктар экенин сен каяктан билесиң?

– Билем да апа. Каманчылыктар келгенде ушинтип топтошуп-топурашып келишет. Эгерде үйгө эжекемин курбусу Айжан эже кирип келген болсо, сөзсүз Анарбай аке кошо келген болот. Бирок менин алтын эжекем көңүлү тартпаса тигинисине да, мунусуна да чыкпай кыйнайт. Туурабы, эжеке?! – Иниси сөзүнүн тууралыгын далилдөөчү эжесине ишеним арта карады.

– Кадыр, сен эмне деп жатасың? Оюңа келгенди оттобой шүк отур, – деп тыйган болду, бети-башы кызарып кеткен эжеси Сайкал. – Андан көрө алдыңдагы тамагыңды же, болбосо шайтан жеп кетет, баарынан кур жалак каласың.

– Эже, тамак токойго качып кеткидей карышкыр эмес. Шайтанга да бербейм, аны сөз жок өзүм гана жейм. Ким эле таттуу тамакты шайтанга тарттырып ийгиси келсин. Анан калса, ширин күрүчүңүз адаттагыдай, абдан таттуу болуптур. Таттуу болушуна сарала уйдун майлуу сүтү менен отту дайыма бир калыпта, жай жаккан кара чечекей иниңиздин салымы зор. Эгерде отту улуулатып же быкшытып ийсем тамак түбүнө тартып кетмек да, ыш же күйүндү жыттанып калмак. Ошондо сиз экөөбүз тең апам менен атамдын алдында уят болмокбуз. Ушундайбы, апаке?!

– Ошондой, ошондой кагылайын берекем менин! Албетте сенин жардамың чоң. Эжеңе жардам бербей, анан кимге жардам бермек элең. Көп сүйлөбөй тамагыңды жечи, – деди апасы да тыйган болуп.

Атасы эчтемени билбеген-укпаган немедей мелтиреп тамакка алаксып отура берди. Нан кошуп, ширин күрүчтү аптыга жеди. Ушул учурда алыстан күрпүлдөп аккан Тар дарыясынын күүсүнө сырттагы балдардын ызы-чуусу кошулуп тополоң түшүп калды. Балдар өз ара мушташып жаткандай топурашып, ооруган денелерин аяшкандай кыңкысташты. Тилекке каршы, үйдө отуруп алардын бири-бири менен чындап урушканын же ойноп алышканын билүү кыйын. Бирок ортодон чыккан аялуу үндөр короодон угулуп, бир аздан кийин басаңдай түштү. Топурашкандар тынчып, айлана бир башкача тунжурады. Мындайда атасынын эрке тапаны, апасынын билерман уулу жөн турабы, учурду колдон суурултпай безилдеп ийди.

– Урматтуу ата, кымбаттуу апа, муну Камбар тебиш дейт. Ал – байыртадан бери келаткан, биздин ата-бабаларыбыздан калган эр уруш өнөрү. Үйүгүшүп келген каманчылыктардын тобун кууган ошо Камбар тебиш өнөрүн мыкты билген адам. Ал өнөрдү биздин айылдан бир гана адам билет. Азырынча анын ким экендигин силерге айтпай турайын, себеби бир аз чыдасаңар өзү эле ачыкка чыгат. Кунт коюп угуп тургула! Сиздер таң калбаңыздар, мынакей азыр сырттагы бактан тоо бүркүтүнүн “кылак-кылак” үнү шаңшыйт. Бир эмес үч-төрт жолу шаңшыйт. Менин алтын эжекем, мына ошо шаңшыган үнгө гана жооп берет. Себеби бүркүт болуп шаңшыган жигиттин аты – Мундуз. Ал Камбар тебиш өнөрүнүн чебери. Эгер Мундуз агама мандайы жазы, кең далылуу, алибеттүү узун бою менен сүрдүү жүзү көптөрдү сүрдөткөн кабарчы жана мугалим Адашкан агам кошулса, аларга эч кандай топ каршы чыга албайт. Баарын талкалап чыгып кетишет. Сары-Камыш айылындагы жаштардын алчы конор сакалары ошол жигиттер. Алар барда айылда гана эмес, райондун мурдагы борбору Ылай-Талаада бирөө кыңк дей албайт, алардын сөздөрүн угушат, алардын айтканы менен болушат.

– Кадыр, шүк отурчу. Эмне олуя болуп кеттиңби?! – деди апасы баласын тартипке чакырып. – А көрөкчө атаңа “Манас” эпосунан үзүндү окуп берсең, көптөн бери окуй элексиң го, каралдым, – деп апасы оюна келгенди айта салды.

– Окуп берем. Эми бизге “Манастан” үзүндү окуу гана калды. Тамакты ичип болуп, жайланып отурабыз да, мен силерге түн бир оокумга дейре “Манас” эпосунун айрым-айрым чыккан “Манастын бала чагы”, “Көкөтөйдүн ашы”, “Манас менен Коңурбайдын сайышы”, “Чоң казат” китептеринен окуп берем. А мени менен эч кимиңердин ишиңер жок, – деп күйгөндөй безилдеди.

Аңгыча баланын айтканы төп келип, сырттан бүркүттүн шаңшыганы угулду. Кулак түрүп отургандар селт чочушту. Тапан бала шаңшыган бүркүттүн үнүн санай баштады. Бүркүт “кылак-кылак” үн салган сайын корсойду, эмне кыларын билбей калган Сайкалдын тулку бою бир өзгөчө дуулдады. Уялгандан жоолугун кымтыланган болду.

– Айтпадым беле, апакеси. Биздин бакта бүркүт бар деп. Анын пайда болгонуна көп болду. Ал биздин бүркүт. Апа Сайкал эжем эртеден бери сизге Айжан эжекем менен бирге тиги Турдубай абамын аялы Айсулуу жеңемкине барып сайма сайып келем деп кулак кагыш кылып жатпады беле. Эми камтама болбой бара берсин, бүркүтү келди. Дасторконду өзүм жыйнаштырып коём, – дегенде эжесинин ата-энесинин көзүнчө күйбөгөн жери күл болуп, жети өмүрү жерге кирип кеткенсиди.

Ошо себептенби жанында отурган иниси Кадырдын санын оёо чымчыды. Анысы охолоп-ухулап дасторкондон тура качты. Соңунан апасы, анан эжеси удаа чыкты.

– Апа, бара берейинби? – деп суранды Сайкал короого чыкканда.

– Иниңди кошо ээрчитип албайсыңбы, жаныңа караан болот, – демиш болду апасы.

– Койчу апа, бу тапан уулуңуз ал жерде эмне иш кылат? Жакшысы үйдө калып сиздерге китеп окуп берсин, өзүнө да пайда, силерге да эрмек болот.

– Эже, эмне мага чындап таарынып калдыңызбы? Өткөндө тоого чыкканда да ээрчитпей койгонсуз. Ошондо убада бердим беле, кимдер менен жүргөнүнүздү айтам деп. Мен убадама турдум, а сиз дагы эле сөзүңүздөн тайып жатасыз.

– Мээнетке бүткөн Кадыш иним, барасың дебедимби. Эмки сапар сөзсүз барасың. Макул деп койчу, – эжекеси эркелеткендей көкүлүнөн сылады.

– Эмкиде, эмкиде деп дагы албай кетсеңизчи. Ошондо өлө озондойм. Болбосо кимге кол жоолук менен бет аарчыны саймалап жатканыңызды айтып коём.

– Ой, болду эми, таптакыр эле жаш бала болуп кеттиң. Алып барам дедимби, алып барам. Кичине чыдай тур ээ, иним?! Сенин көчөңдө да майрам болот. Алтыным, бөбөгүм менин...– Эжеси бетинен чоп-чоп өптү.

– Кадыш, эжеңдин айтканын ук. Алып барам деп убада бербедиби. Эми тартышпай үйгө кир балам, атаң жалгыз калды, – деди апасы да беймазаланган баласына.

– Апа, эжем санымды оорута чымчыбадыбы. Чымчыган жери эмдигиче оорутуп жатат. Эжекем мынча оорута чымчыйт, ыя! – деди ыйламсырагандай киңкилдеп.

– Оорутса басылат, чымчыса ошончо себеби бар да. Экинчи атаңдын көзүнчө андай-мындай деп айтпай жүр балам. Уят болот. Ооруса ме, сага ак момпосуй берейин, шимип тур, – деп чыптамасынын чөнтөгүнөн момпосуй алып чыгып, эрке баласын үйдү көздөй жетеледи. Кайра кайрылып келип: – Түндөн кечикпей кел кызым, мени сарсанаа кылбай. Айжан курбуң дагы барабы? – деп билип туруп анткорлоно сурады апасы.

– Барат, ансыз болобу, – деп шашкалактады кызы. – Апа, эми үйгө кирип кетиңиз, болуңуз эми, – деди жүрөгү туйлаган кыз, тосмонун ары жагынан Мундуздун караанын байкай коюп.

Сайкал короодон чыкканда аны Мундуз, Адашкан, Анарбай, Мукан, Айжандар тосуп алды. Жолду ката каманчылык балдарды Адашкан менен Мундуз сабап кетиргенин, уруштун баары сен үчүн болду деп Айжан кулагын кызарта шыбырап келди. Алар ойноочу дөбөгө балдар-кыздар арбын чогулуптур. Адегенде эле жоолук таштамай ойной башташты. Оюндун кызуу жеринде Сайкал чуркап келип Мундуздун алдына тура калды. Арттагы Адашкан качты. Бети албырган кыз күйүккөн демин басты. Ийиндери тийишкен экөө бири-биринен тартынып, сөз баштай албай турушту. Аңгыча Сайкал чап бурулуп, Мундуздун колуна көптөн бери аздектеп сактап жүргөн, түркүн түс жибек жип менен саймалап гүл түшүргөн кештелүү кол жоолугу менен бет аарчысын кармата койду. Бет аарчыда “Сайкалдан Мундуз агама эстелик. Мен сизди жакшы көрөм!” деген жазуу менен эки тоонун чокусу түшүрүлгөн оймо. Кыз белегине алаксып, бети-башы дуулдап чыккан Мундуз оюнду унутуп койгондой. Эндейген немени ким аясын? Өчү бардай өзүнүн эле жандай көргөн теңтушу, маалим Адашкан айда токмоктоп алды. Сайкалдын алдына келип турган Айжандын:

– Ой, Мундуз, сен эмне качпайсың?! – деген кыйкырыгынан кийин ыргытып жиберген кол жоолукту жерден илип алып, Адашканды кууп жөнөдү.

– Курбум, акыры аздектеген белегиңди берип үлгүрүп калдыңбы? – деп сурады Айжан.

– Үлгүрүп калдым, мээнетке айланган белегимди бердим, – деди Сайкал да дуулдаган бетин басып. – Карачы, дуулдап ысып кеттим.

– Ысыганың жакшы көргөнүң. Арзыган белегиңди берип, оюңду билдирип эң жакшы кылдың. Бирок ушу балдар жакында майданга кетээрин ойлосом жүрөгүм зырпылдайт, курбум. Ошондо айылда бала-бакыра, кемпир-чалдарды кошпогондо темселеп үргүлжү аялдар калабызбы деп корком.

– Биз дагы зор күчпүз, ага ыйлактагандын зарылдыгы жок. “Башка келсе байтал байге алат” деген лакапты билесиңби?

– Билем дечи, кантип билбей калайын.

– Билсең ошо, азырынча буюрганын көрүп туралы, кийин бирдеме болор.

– Аның дагы ырас, курбум. Бирок сен бүгүн тоодой иш кылдың. Жүрөгүң ким деп согорун акыры сүйгөнүңө туйгуздуң. Карачы, Мундузуң бүгүн болуп көрбөгөндөй алгыр, келишимдүү, айбаттуу да.

– Туура айтасың курбутайым, ошон үчүн акыры өз оюмду билдирдим да. Мага деле оңой болгон жок. Карачы, ушу азыркыга дейре муундарым титиреп жатат.

– Титирегени кубанычтан, курбутай. Буюрса, эми эки айылдын балдарынын тирешүүсү токтолот. Себеби Айчүрөк сулуу айланып келип түгөйүн тапты. Чынбы?!

Бу кепти Айжан курбусу экөө сөз бекитсе Сайкалдын артынан кара көлөкөдөй ээрчип, шайтан үмүтүн үзбөгөн Анарбайдын көөнү мага бурулуп калабы деген тейде айтты. Анткени Айжан чындап Анарбайды жактыра турган. Ал эмне дебесин анын ыгы менен болуп, чакыр десе чакырып, тияка-бияка баралы десе барып, жигиттин көөнүнөн чыкпай келет. Ушинтип баары ачыкка чыкканда Анарбайдын көңүл кушу мага жана түшөбү деген кыз үмүтү, кайрадан алоолоп жүрөгүн уйгу-туйгу ойго салды.

– Чын! – деди курбусу Сайкал да өз сөзүн ырастагандай жаркылдап. – Эрегиштин токтогону жакшы, андан эмне пайда? Ата-энемден уялып деле бүттүм. Канткен менен Мундуз агам жакшы жигит ээ, курбум!

– Ай, Сайкал курбум, ай! Мундуз ага жакшы гана эмес, мыкты жигит! Элде жок өжөрдүгүн айт! Бир айылды бага турган мыктылыгын сураба! А жигиттигичи! – деп Айжан баш бармагын чычайтты. – Момундай! Сен эми өз теңиңди таптың десем болот.

– Ошондой дечи, курбум. Негизи жаман эмес, – деди жүрөгү элеп-желептенген Сайкал оюнду кызытып, бүркүттөй шаңшыган Мундузунан көзүн албай.

– Адашкан агамдын сүйлөшкөн кызы бар бекен? – деп сурады Айжан күтүүсүздөн.

– Анысын билбейм, бирок кайсы бир күнү Мундуз агам андулуулук кыз менен сүйлөшүп жүрөт деп айтканы бар. Канчасы чын, канчасы калп анысын биле албадым. Ага эмне кызыгып калдың? Эмне билгениң бар, айтчы, – деп кытыгылай кетти.

– Ой, жөнеле сурап койсо болбойбу? Адашкан ага биздейди кайдан жактырсын, сүйлөшкөнү борбордун адамдары, жазгандары республикадагы аттуу-баштуу гезиттерге чыгып жатса бизди теңине алабы?

– Биздин айылдан дагы Адашкан агайдай билимдүү адамдар чыкса жакшы эмеспи. Бирок агай айылда көп болбойт го, болбосо сырын тартып көрөт элек, – деди Сайкал.

– Билесиңби курбум, Адашкан ага мектепте зээндүү окуучулардын катарында окуптур. 1938-жылы “Кара-Кулжа” жети жылдык мектебин бүтүрүп эле Тельман атындагы жатак-мектебине маалим болуп орношот. Ошол эле жылы жаш өспүрүмдөрдүн республикалык өздүк көркөм чыгармачылык олимпиадасына катышат. Анда кыргыз акындары менен кошо өзүнүн “Бүлөлү” деген ырын көркөм окуп берип, сыйлыкка татыктуу болот, – деди Айжан кысыла, бирок көз карашы жайдары. – Анткени, кээде өзүм да бирдемелерди чиймелей коюп жүрөм. Ошолорду бир окутуп көрөйүн дегем.

– Окутуп көр, балким сенден да акын чыгып калгысы бардыр, – деп Сайкал качып жөнөдү, себеби алардын алдына Омор келип тура калган.

Ошо кечтин эртеси “Сайкал сулуу Мундузга кол жоолугу менен бет аарчысын арнаптыр” деген жакшы кабар уккандын кулагын, айткандын оозун кызытты. Андан көп өтпөй “Мундуз Ыдырыстын кызы Сайкалга сөйкө салыптыр” деген каңшаар кеп айылды жөө тумандай каптады. Аны эл арасына жел жеткирип бардыбы же жер тыңшаар Мамыт айттыбы, айтор каңшаар кептин калпы төгүндөлүп, чыны такталбай калды. Бирок натыйжасы эл ойлогондон ашып түштү. Анткени Ыдырыс карыянын короосун күзөтүшкөн топ балдардын карааны солгундап барып, кан буугандай токтоду. Ошондо кадырман айылдаштары бир ооздон:

– Кыз түгөйүн, жигит арзыганын тапты. Экөө бири-бирине ылайык, – дешти.Ошентип ошо кечтен кийин кичинекей Кадырдын багында шаңшыган бир гана бүркүт калды. Азырынча тапан балага ошол эле жетиштүү. Анткени күндө беймаалда карыган ата-энесин беймаза кылышкан топ балдардын доошу өчүп, айлана тынчый баштаган.

***

Кырк биринчи жылдын август айында Мундуздун майданга кетээр күнү такталды. Инисинин жолдугун кылып агасы Турдубай кара улагын союп, айыл-апа, тууган-уругун чакырып кудайы өткөрдү. Түн бир оокумга дейре ыр ырдашып, өткөн-кеткенди айтып чер жазышты. Анан карылар кетип, жаштар түнү бою ойноп чыгышты. Таң жарганда Садык атканачы Турдубайдын короосуна беш-алты токулуу атты байлады. Жаш-кары кайрадан Турдубайдын үйүнүн жанына топтолушуп, Мундузду майданга узатуу аземине чогулушту.

– Бүркүттүн канаты бийикте, темир жалында чыңалат, иним. Аман барып эсен кайт! – деди агасы Турдубай өзүнө имере мойнунан сыга кучактап.

– Уулум Мундуз, теңизбай журтун уят кылбай душманды жеңип кел, – деди айыл кеңештин төрагасы Орозов Акыбай кучагын жайып. – Ак жол сага!

– Ак жолуң ачылсын! Жеңиш менен кел! Сени ар дайым ийгилик коштоп жүрсүн!

– Ата Журттун намысын бербе! Жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун!

– Ата-бабалардын, айкөл атабыз Манастын арбагы колдосун! Мөрөйүңдү талашканга бербе! – дешти көпчүлүк күжүлдөп.

– Биз сени чыдамсыздык менен күтөбүз. Жексур душмандын тумшугун буза ур, ага сенин күчүң да, акылың да жетишет. Бүгүнчө күтө туралы, эртеңден биз дагы согушка аттанабыз! Балким, майдан тилкесинен жолугушуп каларбыз, ага чейин аман бол! Ак жолуң ачылсын, – деди Адашкан досу балдардын атынан.

– Болду эми, баланы көп кармабагыла. Районго Турдубай, теңтуш-жоролору: Адашкан, Сайкал, Анарбай, Мукан, Айжандар узатып барышсын. Атканачы Садыкка дагы ырахмат. Таң заардан туруп, аттарды жолго ырастап үлгүрүп келгенине, – деп бакылдады Акыбай төрага кайрадан. – Кана, бисмиллда, – деп Мундузду өзү аткарды, тору кашка күлүккө. Үйдөн “кичине бала” деп тергөөчү жеңеси Айсулуу чебелектеп чуркап келди.

– Кичине бала жакшы бар. Унутпай маал-маалы менен кат жазып тур. Эми биздин көргөн күнүбүз не болот. Бардык тирилик сенин колуңда эмес беле, – деп ыйламсырап, жоолугу менен жашын аарчыды.

– Ыя, Айсулуу, болду эми жашыңды тый. Жол баратканда көздөн жаш чыгарган болбойт, – деди ары жактан күйөөсү Турдубай дарылдап.

– Ай, кудайым, ай! Ыйлабай кантип тура аласың! Же кичине бала жөнеле жайлоого кетип баратабы?! Ал атасы көрбөгөн, укпаган жерге баратат, майданга душман менен алышканы, жерибизди талашканы баратат. Ошондуктан жеңиш менен кайт. Иэ, кокуй, таптакыр унуткан турбаймбы. Ээ, кичине бала, мобу айыл жыттанган, Ата Журт өстүргөн буудай нанды чоң тиште. Сен келгенче үйдүн төрүнө илип коёбуз. Аман-эсен келсең өзүң жейсиң! – деп ат үстүндөгү кайнисине сунду, колундагы бөртө кызартып, майлап бышырган ай тегерек нанын. Мундуз каадасын кылып нандан чоң тиштеп, кайра жеңесине узатты.

– Аттиң ай, уулу кан-жаны менен бүткөн Ала Тоосун таштап, кан майданга аттанганын, желмогуз германдарды жерибизден сүрүп чыкканы баратканын же энем, же атам көрсөчү. Алар болгондо, балким башкача узатмак. Башка түшкөнү ушу болсо, айлабыз не! Мезгилсиз кеткен ата-энеңдин, ата-бабалардын арбактары сени дайым жөлөп-таяп жүрсүн, кичине бала!... Ак жолуң ачылсын! Оомийин! – деп бата тилегенде Мундуздун каңырыгы түтөп кетти.

Ата-энесин ойлоп көзүнөн сызылган мөлтүр жашты көргөндөр аргасыз көздөрүн жашылдантып, оор үшкүрүштү.

– Өткөн жылы жер көчкүнүн алдында калбады беле.

– Жакшы кишилер болчу, баласы да атасын тартып элге жакын өстү, – дешти көпчүлүк.

– Кана, баарыңар аттандыңарбы?! – деп кайрылды төрага тегерегиндегилерге.

– Аттандык! – дешти жаштар бир ооздон.

– Анда жөнөй бергиле. Эртерээк жетип баргыла! – деди Акыбай камкор унчуга. – Мага карабагыла, бир аздан соң артыңардан жете барам.

Атчандар текирең-таскак атып узун кыядан чыгып кеткенче, эл ордунан козголгон жок. Ак-Талаанын түзөңүнө чыкканда аттардын оозун бош коё беришти. Жылкы жаныбарлар атыраңдап чуркап кетпей, бир калыпта желип жөнөштү. Мундуз Сайкалды шынаарлап, жанаша бастырып келатты. Жигит ойноктогон көздөрүн эки бети эндиктей кызарган, ууртуна күлкү жайыла берсе шурудай тизилген аппак тиштери көрүнгөн, басса ак маралдай керилген, атка отурса ак куудай күүлөнгөн кыздан албайт. Үзөңгүлөр кагыша түшөт.

– Сайкал кат жазасыңбы? – деп сурады Мундуз бир маалда.

– Сиз жазсаңыз жооп берип турам, – деди кыз наздана.

– Мен желмогуз фашисттердин бир-экөөсүнүн тумшугун кандатмайын эч кимге кат жазбай турууну чечтим. Бу сага кызыктай угулар.

– Неге кызыктай, жакшы эле угулат. Анда сизди качан эрдик жасайт экен деп күтөт турбайбызбы, – деди кыз да сырдуу жылмайып.

– Сайкал, мен бат эле... сен үчүн аракет кылам, – деди жигит өзүн олдоксон сезип.

– Тигилериң деле оозун ачып карап турбастыр.

– Алар баскынчылар, биз өз үйүбүздөбүз. Өз үй, өлөң төшөктүн, мекендин сүрү оңой эмес, кудай бизди колдойт, жардам берет.

– Ылайым тилеген тилегиңизди берсин! Кудайым деле иши актарды колдойт тура.

– Кудай деген кур калбайт, кудайлап бара берсек, сөз жок, оң жыйынтык чыгат. Сайкал, кел андан көрө жарышалы. Кандай дейсиң?

– Мен сиз тараптамын. Тигилерге айтып көрүңүз.

– Тигилерге сенин мен тараптуу болгонуң эле жетиштүү. Адашкан, Анарбай, Айжан, Мукан силер колдойсуңарбы жарышалы, – деди көздөрү жайнаган Мундуз.

– Эмнеге колдобойт экенбиз, колдойбуз! – деди Адашкан тигилердин атынан, жарышты эле күтүп тургандай атын алкынтып.

– Анда кеттик, чү дегиле! – Сайкалды сүрөй атына камчы салды Мундуз.

Агасы Турдубай колун сереңдетип токтотмокчу болгондо, артынан куйрук улаш жете келген Акыбай төрага камчысын бүктөй кармап:

– Турдубай, жаштарды тим кой. Жарышып кумарларын жазып алышсын. Мындай сонун учур дагы качан келээрин бир гана кудай билбесе, башка эч ким билбейт, – деди оор улутуна. – Андыктан аларга тоскоол болгон жарабайт, – деп атына камчы урду.

Атчандар кыядан топурашып Кара-Кулжа районунун борбору Бешкепе айылына кирип келгенде ийри-буйру көчө жээктерине байланган аттар үзөңгү кагышып калган экен. Мундузду узатабыз деп келген сарыкамыштыктар да аттарын кийинки чолок көчөгө жайгаштырышып, эл агылган тарапка бет алышты. Райкомдун имаратынын алдына топтолгон эл сүрүнөнбү, же секидеги кол ойноткон комузчу-чоорчулар менен добулбас үнүнөн уламбы айланага топтолгон узатуучулардын муңайым жүздөрү билинбей, жаңы келип кошулгандардын маанайы майрамдагыдай шаңдуу туюлду.

Башталганы калган аскерге узатуу салтанат-митингдин шаңы жүрөк толкутту. Жаңы форма кийген кер мурут офицер айылдан чакырылган жаштарды тизмеден жоктоп, келген-келбегенин каттап жүрөт. Аңгыча сакал-муруту таза кырылган, көк көз, сары чийкил, эткээл келген райондун аскер комиссары, майор К. Тарантов таянган таягын тыкылдата секиге көтөрүлдү. Уюштуруу иш-чаралары өз нугунда жана өз мөөнөтүндө баратканына көзү жеткендей жылмайып койду. Көп күттүрбөй бир топ жооптуу кызматкерлерин баштап, узун бойлуу, бет сөөктөрү аркайган, ак кителчен кадамжайлык орус, кыргыз тилин суудай билген райкомдун биринчи катчысы Б. Фришин секиге чыкканда жоктолгондорду чакырып катарга тизишти. Эл кымгуут түшүп калды. Аскер комиссары райкомдун катчысына сөз берди. Катчы Фришин кыргызча так, кыска сүйлөдү.

– Кымбаттуу калайык калк! Мына бүгүн биздин жигиттер, Ала Тоонун бүркүттөрү совет өлкөсүн тургус кылып талкалайбыз деген германдык фашисттердин өзүн тыптыйпыл талкалап келүүгө аттанып жатышат. Биз аларды ыйык майданга узатып жатып, алардын душманга багышталган ар бир огу жеңиш күнүн, намыс күчүн, эл биримдигин сездиргендей таамай тийишин каалайбыз! Ошондуктан урматтуу алатоолуктар, өзү катылган адам жексурларын жергебизден ары сүрүп чыккыла! Силерди кан майданда курама жыйнап журт кылган, кулаалы таптап куш кылган айкөл Манас атабыздын арбагы колдосун! Силерге чачылганды бириктирген, үзүлгөндү улаган Бакай менен Кошой карыя аксакалдардын батасы тийсин! Биздин ишибиз ак, биз сөзсүз жеңишке жетишебиз! Жигиттер эсен барып, аман кайткыла! Биз силердин жеңиш менен кайтышыңарды каалайбыз! Ак жол силерге! – дегенде добулбас карса-күрс кагылды.

Сыбызгып чыккан чопо чоордун мукам үнү ободо жаңырды. Комузчулар тыпырата кол ойнотушту. Музыка күүлөнүп барып, кайра жайлай баштаганда секиде малдаш токунуп олтурган, шуңшугуй ак калпак, жээктери кештеленген кара манат чапан кийген, олбурлуу тоголок киши күпүлдөп Манас айтып кирди. Зым карагайга илинген калпактай кара радио манасчынын үнүн алда-кайда жаңыртты. Кара тоголок манасчы күүлөнүп отуруп Манас айта баштаганда колдору сербеңдеп, бирде жайлап, бирде катуулап, буркан-шаркан түштү. Айкөл Манас баатырга Аккула атын миндирип, Аколпогун кийдирди, Аккелте мылтыгын асынтып, Ачалбарс кылычын белине тактырды, Сырнайзасын колго карматты. Кырк чоросун, кыркалекей тизилген калың колун ээрчитти, добулбасын кактырды. Жер дүңгүрөтүп келаткан шер Манасты ойдон жерге, жерден элге аралатып жибергенде, эми эле ылдый көч, өөдө көч болуп ызы-чуу түшкөн кымгуут элдин кыймылы басаңдап, дымый түштү. Бардык көңүл манасчыга бурулду.

Буркан-шаркан түшкөн манасчынын же ата-бабалардын касиети арбадыбы Манасты өңүндө көрүп жатышкандай бериле уккан кемпир-чал, ак калпакчан бала-бакыра, эр азаматтар бир заматта айкөл Манас, Бакай, Алмамбет баатырлар, кырк чоролор менен аралашып, үзөңгү кагыштырып, төбөдөн зуу-зуу кайыган жоонун жебелеринен коргонуп, жата калып, тура калып, найза ыргытып, жебе тартчуудай бирде оңго, бирде солго толкуп турду.

Аны көрүп эр Манас
    Аккула камчы салганы,
    Айкырып жетип барганы,
    Ат үстүнөн Нуукерди
    Ай далыдан алганы,
    Астында Көкчө алганы,
    Алган бойдон арбайып,
    Эр Манастын колуна
    Экөө бирдей барганы.
    Берки турган сексен төрт,
    Бет алган жагы болсун өрт.
    Найза, кылыч алганы,
    Баабедин деп бакырып,
    Желектүү найза жапырып,
    “Манастап” ураан чакырып,
    Аралашып калганы.
    Айбалта башка шака-шак,
    Найза төшкө така-так,
    Башка кылыч жарка-жарк.
    Карсылдашты кошулуп,
    Кара кан баштан жошулуп.
    Тон тозулуп электей,
    Тебетейдин астында.
    Томуктай болгон курган баш
    Жошологон челектей.
    Кабылан Манас айкырып,
    Каарданып бакырып.
    Айдаркан уулу эр Көкчө,
    Алактатып кытайды,
    Бир четинен жапырды,
    Асманга канын сапырды.
    Алыскы, жуук айныбас,
    Ыраакы, жакын ылгабас
    Аккелте үнү жанырды.
    “Манас”, “Манас”, “Манас” деп,
    Арстан эрди карасаң
    Ач кыйкырык чаңырды.

“Манас” эпосунун ушул жерине келгенде ыйлагандар басылды. Олку-солку тургандар, кайгыга ыза болгондор чыйралды. Чоң казатка аттанып жаткандар бойлорун түзөштү. Каны кызыган манасчы ансайын күпүлдөп, оозу жалын чачып, өткөн тарыхтын, ата-бабалардын, айкөл Манастын касиет-күчүн уккандардын көкүрөгүнө кыттай куя берди, добулбасчы жер жаңырта добулбасын ура берди. Мындай шумдук бул өрөөндө көптөн бери боло элек болчу. Эл кадимкидей толкунданып, кирген суудай толкуду.

– Майданда кан кечип жүргөндөрдү атабыз Манас колдой көр!

– Чоң казатка аттангандарды айкөл Манас сактай көр!

– Оорукта калган кемпир-чал, бала-бакыраны колдо!

– Айкөл Манас өзүң сакта!

– Атабыз Манас өзүң колдо! – деп ата-бабалардын шердиги менен эрдигине шыктаныша кыйкырышкан күжүрмөн элдин уу-чуусунан Кара-Кулжа өрөөнү шаңга бөлөнүп турду.

Кымгуут түшкөн эл көзүн секиден алган жок. А секиде касиет жараткан манасчы аларды арбап алгандай, буркан-шаркан түшө кайнады. Обо жарган кыл кыяк менен комуз кылы, чоор менен добулбас үнү жүрөк титиретип, уккандын жан дүйнөсүн аңтар-теңтер кылды. Манасчынын коңур доошу элди ары толкутту, бери толкутту.

– Турдубай, тигинтип Манас баатырыбыз өзү душман менен алышып жатканда, мен куруюн! Азыр эле арыз жазам, майданга кетем. Мен да эр азаматтардын катарында жоо сүрүшөйүн, жеңишти жакындатайын! – деди өзүнчө толкунданган Акыбай.

– Акыбай аке, бу не дегениңиз?! Ушинтип эле кетип каласызбы? Айыл-апа, тууган-урук эмне деп ойлойт? Жок дегенде бала-чакаңызга кабар айттырайын, ошондо бир айласын кылыңыз, – деп шашып калды Турдубай.

– Айтканда, айтпаганда не! Баары бир кетем! – деди кайрадан күчөнүп.

– Акыбай курдаш, мен да сени менен кетем, сени колдойм! Эр Манастын алдында уят болбойлу, сени менен жоо сүрүшкөнү аттанам! Учуру келип турат, сураналыбы?! – деди арык чырай, узун бойлуу биймырзалык Рыскул.

Аңгыча аскер комиссары Тарантов катарда тургандарга:

– Эр азаматтар, Ала тоонун берендери, силерге он мүнөт убакыт. Коштошуп алгыла, убакыт тар! – деп толкундана жар салды.

Катардагыларды эл каптап кетти. Карыган ата-эне, бала-чака, ага-тууган, ак калпакчан эр азаматтар шыр коштошо албай бири-бирин кучакташты, ыйлап-сыктап кымгуут түшүп калды. Бири-бирин издешкендер, атынан чакыргандар канча? Ошончо элдин кымгуутунан карбаластап калган Мундуз көздөрү менен Сайкалды издеди. Ал элден обочо мойнуна арта салынган шайы жоолугунун учун тиштегилеп топ теректин жанында туруптур. Көрүп ордунан атып жөнөдү. Чуркап келген Мундуз тамагына бирдеме тыгылып калгансып кызга эчтеме дей албады. Кыз да жашын кылгыртып оозун ачпады. Телмире тиктешип тура беришти. Кечээ-бүгүн эле жай турмушта көрүшкөн кыз менен жигит минтип капылеттен ажыраша турганын туюшса да, иш жүзүндө оор болорун билишкен эмес. Тагдырдын жазмышы же кудаанын буйругу мененби маңдай-тескей телмиришкен экөөнүн бири майданга аттанып, бири оорукта калып жаткан көрүнүш кимди болбосун жанын кейитпей койбойт эле. Комиссар Тарантов жарыялаган он мүнөт бир көз ирмемдей өтүп кетти. Кычашкансып бийик трибунадан кайрадан күчөнө кыйкырды:

– Жигиттер катарга! Тез-тез катарга тургула! Жөнөдүк!

– Балдар абал кайда барат? – деп сурады эл ичинен тынчсызданган бирөө.

– Эч кабатыр болбогула! Оболу Кара-Суу темир жол станциясына барышат. Ал жерден поезд менен батышка жол тартышат, – деген жооп угулду.

– Сайкал, мени күт! Күтөсүңбү? Мен сөзсүз аман-эсен жоону жеңип келем, – деди Мундуз кызды акыркы жолу үзүлө карап.

Коштошконум ушу болсун деп кызды кучактап ууртунан өптү. Кыз да ага жооп кылып колун жигиттин мойнуна артты. Канча болсо да ушу абалда күн бою тура бергиси келди, бирок утуру эле аскер комиссар Тарантовдун шаштырган кыйкырыгы жанын жай алдыра койбоду. “Эх, арзыганың менен кучакташып туруу кандай сонун! Мурда неге мындай жыргалды башыман өткөрбөдүм экен. Мындай бактылуу күн эми дагы качан болот?!” деп ойлоп, кучагын ачты. Бирок кыз Сайкал жигитти коё бербей бек кучактап тургандыктан кайра боюн урду.

– Алтыным, күт мени! Мен сөзсүз кайтып келем, эми мен барайын, – деп кызды сыга кучактады, ууртунан назик өптү.

– Мундуз ага, тез барыңыз. Чакырып жатышат. Мен сизди күтөм, мен сизге өзүм биринчи кат жазам, – деди Сайкал, каңырыгы түтөй колун сунуп жатып.

Жигит кыздын колун кычырата кысты да, кылчак-кылчак мойнун созо чуркап кетти. Каракулжалык жигиттер тизилген катар ордунан козголгондо, арасына барып кошулду. Ойноктогон кара көздөрү котолошкон калың элдин ичинен жакындарын издегендей бал-бал жанды.

– Турдубай аке, Акыбай аба, Сайкал, Адашкан, жигиттер кошкула! Биз жеңиш менен кайтабыз! Анткени бизди ата-бабалардын арбагы, атабыз айкөл Манас өзү колдойт! – деп көпчүлүккө кыйкырган Мундуз кол булгалап баратты...

Карбаластап калган эл күн чыгыштан, күн батышты көздөй биринин артынан, бири сап-сап тизилип, кадам шилтеп бараткан балдардын артынан сүрүлүп бара беришти...

 

III

Мундуз аздектеген тамеки мүштөктүн тарыхы да кызык. Кичинесинен райондун борборундагы жатак-мектептен окуду. Жайкы каникулда жайлоого барганда атасы үйрөткөн. Атасынан калган эстелик ушу болуптур. Ата-энесин ойлогон сайын каңырыгы түтөп кетет. Жанын коёрго жер таппай калганда өзүн алаксытыш үчүн колуна тийгенин кичинекей бычагы менен жонуп жүрүп жасаган мүштөгү ушул. Бу дагы согуш башталган жылы аскерге чакырылып, резервдеги полкто кызмат өтөп жүргөндө башталган. Жасалган мүштөгү тез эле бир кесим майга же бир чакмак кантка айырбашталып кетчү. Андай кылайын деген деле ой болбоду. Бир сапар жоокердин үлүшүнө тийген махоркасын четке жылдырып койсо, сибирдик Бурков деген неме: “Бу мүштөк, бу махорка үчүн”, – деп асынма мүшөгүнөн кант алып чыгып жатпайбы. Мундуз анда чекчү эмес. Кийин мүштөгү менен махоркасын майга алмашты, аныгы ”сен мага, мен сага” алакасын кылды. Ушинтип уланып кетти. Анан калса ошончо орустун ичинде жалгыз кыргыз болсо өзүнчө да куса болуп жүргөн чыгар.

Алгачкы айларда кызмат оор өтүп жатты. Эртеден кечке чуркамай, жер казмай, мылтык атмай, аскер оюнуна машыкмай. Кечинде “тырп” этпей жатып калышат. Кайра эле көздөрүн ачса таң аткан болуп калат. Бара-бара буга деле көнүп бүтүштү, сыягы. Айрыкча кат алган күн майрам. Мундуз үч адамдан кат күтөт. Бири агасынан, экинчиси сүйлөшүп жүргөн кызынан, үчүнчүсү досу Адашкандан. Айылдык кыздын аты Сайкал. Аскер тартибине көнө түшкөндө майданга качан жөнөйбүз дегендер чыга баштады. Ошентип жүрүп полктун командири эки орун басары менен суранып жүрүп көздөгөн жагына кетишти. Полкко финдер менен болгон согушта өзүн көрсөткөн, ок-дарынын жытына небак каныгып бүткөн, орден, медалын такай тагынып жүрчү Березовский деген подполковник келгенде жондон асынма мүшөк, колдон курал түшпөй калды. Чечинип уктамай жок. Аз күндө майданга жөнөтүшөт экен деген каңшаар ансайын курстагылардын кулагын кызытты. Бу каңшаар баарына майдай жакты шекилдүү, майданга жөнөсө эле душманды чекеден кыйратчудай адыраңдап жогортон буйрук күтүп калышты. Ушундай апаат күндөрдүн биринде шатыдай коркоюп узун, айбаттуу көрүнгөн Березовский үчүнчү взводдун саясий окуусуна катышып калды. Кезегинде Мундузга да айрым суроолорго жооп берүүгө туура келди. Айрыкча карта менен иштөөдө башкалардан айырмалана алды. Сабак аяктап калганда Мундуз чечкиндүү кол көтөрдү.

– Жолдош подполковник, суроо берүүгө уруксатбы? – деди бою-башын түзөп.

Суроо берет деп күтпөгөн подполковник курсантка таң кала кашын серпти. Жүзү кубарып аскер тартибине көнүшө албай жүргөн кыргыз баласы эмне дээр экен деген кыязда ичинен жакшы көрүп да, жаман көрүп да турду, майор. Бет алдындагы ууга чыкчу тайгандай суутулган, тоголок бет, кең далылуу, кара көз, узун бойлуу, тили жатык жоокердин төрт тарабы келишип тургандыктанбы подполковник Березевский жоошуй түшүп, кайрадан чечкиндүү, чыйрак неме экен деген тейде сурданып:

– Уруксат, суроо бере бериңиз, – деди.

– Жолдош подполковник, жакында майданга жөнөтөт деген сөз чынбы? Эгерде чын болбосо майданга кетүү арызы менен сизге кайрылса болобу? – деди тике карап.

– Биринчиден, майданга жөнөтүү жөнүндө азырынча буйрук келе элек. Экинчиден, баарыбыздын барар жерибиз ошол жер болгондон кийин ашыкпай туруңуз. Ашыккан жигит жоого жетпейт дегенди билесизби, – деди подполковник, анча коркоктордон эмес экен деген кыязда бети башы дуулдап ысып чыккан Мундузду сынай карап. – Жоого аттанардан абал өзүбүз катуу даярдыктан өтүүбүз керек. Антпесек душман бизди аяп коймок беле. Аябайт. Жолдош жоокер, фамилияңыз Элебесов беле? Отура бериңиз, – деди колу менен ишарат кылып. – Ошондуктан кандай гана шартта болбосун душманды жеңе билүү, бутага таамай тийгизүү, негизи аман калуу биздин бирден бир негизги милдетибиз. Кээ бир стратегдердин турмуш үйрөтөт, согуш көндүрөт дегени болбогон нерсе. Убакыт деген карап турбайт. Туурабы?! Туура. Анан ошо турмушка, ошо согуш тилкесине жеткенге чейин да жашоо керек эмеспи. Сенин жашооң машыгуу талаасында кандай болсо, согуш майданында так ошондой болорун өмүр бою эсиңерден чыгарбагыла. Анткени, силер майданда жөн эле катардагы жоокер боюнча жүрө бербестен, командир да болосуңар. Балким, силердин карамагыңарда ондогон, жүздөгөн адамдардын тагдыры болот. Командирлердин бирөөнүн тагдыры менен ойноого эч кандай акысы жок. Мекенди көздүн карегиндей гана сактоо керек. Себеби тагдыр деген бул – сен, сенин урук тууганың, дос жарың, ата конушуң, калайык калк, күжүрмөн эл. Андыктан өзү катылган жексур фашистти жергебизден тезинен кууп салуу баарыбыздын милдетибиз. Түшүнүктүүбү?!

Чоюндай чоң муштум аба жирегенде төшүндөгү орден, медалдар шагырай түштү.

– Түшүнүктүү жолдош подполковник!

Бөлмө дуу жарылганда коңгуроо кагылды.

– Жолдош капитан, жоокерлерди танаписке чыгарыңыз. Экөө калсын, – деди курс начальниги саясий жетекчиге кайрылып.

– Куп болот, жолдош подполковник. Катардагы Элебесов менен Бурков калгыла. Башкаңарга уруксат, – деп капитан чаңкылдаганда, Мундуз майданга бүгүн эле жөнөтөт сыягы деп жүрөгү элеп-желеп болуп Бурковго тигилди.

“Бурковго эмне бар? Ал суранган жок го. Бул жерде бир мандем бар. Сибирдин аюусундай зоңкойгон кызталак, дагы эмненин үстүнөн чыкты экен” деп ой жүгүрткөн Мундуз терезеден шаракташкан жоокерлерге көз артты. Калдайган Бурков майор Березовский маңдайына келгенде да эчтемени сездирбей тултуюп турду. Березовский экөөнү алмак-салмак карап, Мундузга кайрылды.

– Жолдош жоокер, ата-энеңизден кат алып турасызбы,

– Алып турам, жолдош подполковник, бирок ата-энемден эмес... – мукактанды.

– Анан кимден?!

– Агамдан, жолдош балдардан, анан...

– Кызыман дечи...

– Ошондой сыягы, бирок кызымдан али кат келе элек, – тартынгандай жер карады.

– Эмне үчүн, билсе болобу?

– Себеби өзүм кат жаза элекмин.

– Эмнеге жазбайсыз, жазыңыз.

– Буюрса, эми жазам.

– Ошентиңиз, а ата-энеңиз эмне үчүн кат жазышпайт?

– Ата-энем жок, жолдош подполковник. Өткөн жылы тоодон жер көчкү жүрүп набыт болушкан, – деди Мундуз бутунун учун тиктеп.

– Кечиресиз, билбепмин. Эмне, алар малчы беле?

– Ооба, биздин уругубуз башынан малчы болуп келишкен, – деди оор улутуна.

Жоокер Элебесовду мүштөк, махоркасы үчүн акесин таанытып коеюн деген тейде жини мурдунан көрүнүп, алапайын таппай турган Березовскийдин чекеси тырышып барып жазылды. Балким, Элебесовдун бүгүнкү чыйрак жоопторуна көңүлү жибидиби, же өзү айткан тагдырдын назик кылына кара так түшүргүсү келбедиби, сөздү узактан баштап, жумшак бүтүргүсү келгени да ошондон. Көрсө окуя мындай болот.

Березовский эрте менен бешинчи ротага кирсе күзөтчү жоокер ордунда жок экен. Бетинин түгү чыкканча айкырып издеп жүрсө, күзөтчү жоокер мүштөгүн түтөтүп дааратканада отурат дейт. Ох, ошондо подполковниктин жини кайнаганын айтпа! Жоокерге кошуп, командирин ата-жотосуна чейин боктоп сөгөт. Шымын көтөрө албай, же актанарга айла таппай куйкасы курушкан жоокерди турган эле жеринде беш сутка камакка буюрат. Тезинен ротаны тизип, узун-туурасы бир метр кылып аң каздырат.

– Жоокерди мүштөк-пүштөгү менен көөмп салгыла! – деп буюрат.

Кызуу кандуулукка алдырып, эмне деп жибергенин аңдабаган подполковник тунжураган жымжырттыкта жоокерлер алайган көз караштары менен шашылыш күзөтчү жоокерди носилкага отургузуп, колуна мүштөгүн карматып аңды көздөй жөнөшкөндө түшүнөт, эмне деп тантыганын. Кайрадан:

– Күзөттөгү жоокерди камакка, мүштөктү аңга! – деп чаңырат.

Рота будуң-чаң түшүп, жоокерлер топурай түшкөндө, кара басып, колунан жылбышкан күрөгүн ала коём деп эңкейген Бурковдун көкүрөк чөнтөгүнөн кара мүштөк “топ” этип жерге түшөт.

– Жолдош жоокер, бул эмне?! – дейт көзүнөн каар учкан подполковник Березовский.

Дүйнөнү топон суу каптаса да кенебегендей түр көрсөткөн сибирдик жоокер мүштөктү биринчи жолу көрүп тургандай:

– Мүштөк, – дейт камырабай.

– Мүштөк экенин көрүп турам. Кайдан алдың деп жатам?!

– Кайдан болсун, ушул жерден эле.

– Ушул жерден дегени эмнеси. Тегеректе дүкөн жок болсо, атаңдын башынан аласыңбы?!

– Элебесовдон айырбаштап алгам.

– Эмне?! – Подполковниктин жаны чыгып кете жаздады.

Энөө Бурков эмнеге, кимден айырбаштап алганын сурап жаткандай ойлонбостон:

– Бир чакмак кантка, – деди суз гана.

– Кимден?!.

– Элебесовдон, жолдош подполковник.

– Шайтан алгырдыкы, бул жер аскер бөлүгүбү, же атаңардын базарыбы? Соодегердигин кара булардын, мүштөктүн баарын чогулткула! – деп жер жаңырта кыйкырат.

Ошондо бири-бирине коёндой окшош үч-төрт тамеки мүштөк ортого ыргытылат. Подполковниктин ротага келген себеби да ушул болчу.

– А сиз айтыңызчы, жолдош Элебесов, сиздин курсагыңыз тойбой жүрөбү? Эмне аскерде начар багышат бекен?

Аягы эмне менен бүтөр экен деп күдүктөнгөн Мундуз кандай жооп кайтарарын билбей кызара күңкүлдөдү.

– Жакшы эле, жолдош подполковник.

– Жакшы болсо жолдошторуңдан кант, май, сураганың жаман жорук. Бул жерди аскер бөлүгү дейт, жолдош курсант. Сен ойлогондой чыгыштын базары эмес, түшүнүктүүбү?

Мынчалыкка барат деп түк ойлобогон Мундуздун жаагынан мончок-мончок тер кулады.

– Эгер курсагыңыз тойбой жатса туура эле мага кайрылыңыз, – деди подполковник сөзүн улай. – Эгер бу жоругуңузду койбосоңуз, эртең күжүрмөн майдандаштарыңызга ок-дары сатуудан дагы кайра тартпайсыз.

“Мен эч кимге мүштөк саткан, же бирөөдөн бирдеме сураган эмесмин. Болгону өз ара алака болгон” деп айтайын деп барып кайра айныды. Баары бир далилдей алмак эмес.

– Кантип эле, жолдош подполковник. Антпей калайын, кечириңиз, – деди жети өмүрү жерге кирген жоокер.

– Макул, экинчи кайталанбасын, – деди майор сөөмөй кезеп.

– Кайталанбайт! – деди жоокер жерден башын албай.

Мундуз ошо күнү түшкүлүктү чарба взводунан ичти. Подполковниктин жазасы ушу болду. Кылган жумушу кечке чочкокананы тазаламай, эки маал жууп шыпырмай. Көнбөгөн жытка окшуган сайын кандай да болсо үңкүйгөн сибирдик жолдошунан өч алууну ойлоду. “Күрөк менен бет талаштыра соксом оңбой калса. Алыстан таш менен уруп жыксам эркекчиликке жатпай калат. Андан көрө, өлсөм да кармашып өлөйүн!” деп ойлоп башын көтөрсө короонун так ортосунда бүлдүркөндөн бети-башы көк ала болуп, оозун жалжайткан Бурков турат.

– Салам, күжүрмөн жоокерге. Ме, бүлдүркөн жейсиңби? – Бурков талтая бут керди.Анан бүлдүркөнгө толгон пилоткасын көрсөтүп “Досум, бери кел” дегендей көз ымдады. Көктөн издегени жерден табылып, Мундуздун Бурковду көрүп турган көзүнөн каар учту. Гимнастёркасынын бүчүлүгүн чечти. Кулагын ушалап, алаканына түкүрдү.

– Күрсүйгөн акмак, сени элеби?! Эмне ырсаясың? Келдиңби?! Келсең мына! – Көкүрөгүн жалжайтты. – Коргон аюубаш, азыр менден бирди көрөсүң! Адамга ишарат жетиштүү болсо, айбанга келтек аздык кылат!

Мундуз күүлөнүп келип ичке сүзгөндө Бурков аласалып барып чалкасынан түштү. Күтүүсүз урулган соккудан эсин жыйганча, бир-эки тээп жиберди.

– Ой, сага эмне жин тийдиби?! Кой дейм. Эй, эй токтот акмакчылыгыңды!

– Аа, мен акмак, сен акылдуу дечи! Ме, тоюп жат!

Күрс! Күүлөнгөн муштумдан көзүнөн от чагылышып кетти. Тамашасы десе өнөктүгүнүн аракети чынга окшошо баштаганда чекеси томуйган Бурковдун жини чындап кайнады белем, оозунан көк түтүн буркурады. Билегин түрүндү, муштумун түйдү.

– Аа...аа, ушундайбы?!... Азыр акеңди таанытпасам элеби, көркоо басмачы?! Ме! Кайда барба Мамайдын көрү! Мени сүйлөштүрө койбогон күнөө өзүңдө.

Бурков аюудай качырып муштумун ишке киргизди.

– Ошондой де... Сенден токмок жечү мен эмес, сибирдин күлтүйгөн аюусу! Өлбөгөн жерден калам!

Экөө карса-күрс, дүпа-дүп эте беттеше түшөт. Олбурлуусу кичинесин алып ыргытат. Анысы тигинин бойлуу экендигине карабастан буйдалтпай каруудан алып жер сүздүрөт. Бири урса, экинчиси коргонгон болот. Ит жыгылыш болсо, беттен алышат. Бири чапчаңдыгы, экинчиси күчү менен үстөмдүк кылгысы келет. Көп мушташтыбы, аз мушташтыбы, анча өтпөй уруштан майнап чыкпасын сезишкен экөө суй жыгылышты. Кышылдап-бышылдап келип экөө эки жерде отуруп калды. Чылада оонаган чочкодон бетер ботала болушкан курбулар салаңдаган кирпиктерин тарталбай жатышып, бири— бирине тиштерин ырсайтышты.

– Сибирдин аюусу, баары бир сеники туура эмес. Сен мени жок жерден жаманатты кылдың! Сен ушуну түшүнөсүңбү?!

– Мундуз, мага жакшы эле түшүндүрүштү, өзүм да түшүндүм. Ошол туура эмес кылгандыгым үчүн бул жакка жөнөтүшпөдүбү. Подполковник Березовский келесоо эмес экен, мени да жазалады. Сени жок жерден каралаганым үчүн чочко кайтарганга жөнөттү. Мени кечирип койчу, Мундуз досум! Иттик менден кетти, майпаң аюуңду кечирип кой, эми. Сен түшүндүргөнчө эле сүзгүлөп кирбедиңби! Кечиресиңби?!

– Кечирбей турган иш жок, кечирдим. Бирок кийин бирдеме дештен абал ойлонуп сүйлөп жүр, макулбу? Мага деле жеңил болгон жок, – деди Мундуз шыр эле, сөөмөй кезей. – Эгер “Камбар тебиштин” ыкмаларын көрсөтсөм, небак энеңди Үчкоргондон көрмөксүң. Дагы аядым байкуш!

– Ээ кокуй, “Камбар тебиш” дегени эмнеси? Дагы кандай балээнин башын кылтайтып жатасың? Түшүндүрчү, бай болгур!

– Ал деген кыргыздардын байыркы улуттук эр таймаш өнөрү. Аны мага жатак-мектепте дене тарбия сабагынан берчү Эсентай деген карыя үйрөткөн. Ал мындай...

Мундуз “Камбар тебиш” деп аталган эр таймаш өнөрүнөн бир-эки кыймыл көрсөттү. Секирип тепти, айлантып урду. Муштуму, колунун кыры, чыканагы менен душманын сокту. Албетте Мундуз жасаган ыкмалар Бурков үчүн таптакыр тааныш эмес болчу.

– Ии, эми кичине түшүнгөнсүп баратам. Бу чыгыш өнөрү турбайбы. Мундуз, адамдын үрөйүн учурчу сонун өнөрүң бар экен.

– Так үстүнөн чыктың. Саша, бу кыргыздын эр таймаш өнөрү тууралуу азырынча эч кимге оозуңду ачпа! Энөөлүгүңдү токтот. Бизде ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө деген накыл кеп бар. Анын сыңарындай, бирдеме айтардан же жасардан абал акыл калча, анан айт, же ишке кириш. Андыктан оозуңа келгенди эле оттой бербе! Түшүндүңбү?!

– Түшүндүм, түшүндүм, экинчи кайталанбайт. Күнөө менде досум, кечир. Кээде ушинтип, кучунашым кармай калат. Эми тим турбай, элдешели, келе колуңду! Тынчтыкбы?! – Ушундай чечимге келген Бурков Мундузга карылуу колун сунду.

– Тынчтык... – деди Мундуз да колун сунуп.

– Кел кучакташып коёлу...

– Кел...

Бек кучакташкан эки дос капыстан тайгаланып кара көлчүккө жыгылганда кашкайып көрүнгөн тиштери кошо баткак болду. Төбөсүнөн ылдый кара баткак сарыгып, кирпиктерине чейин булганган экөө аргасыз бири-бирине бет бага карашты. Бири бозорсо, экинчиси ырсайып, бири-бирин шылдыңдашкан эки жоокер, акыры күчөнүп отуруп короо жаңырта каткырышты…

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Осмонкулов Ж., 2013

 

 


Количество просмотров: 4315