Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Зинакан Пасанова, 2013. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 11-марты

Зинакан ПАСАҢОВА

Жаз кайрыктары

(ыр түрмөк)

Жазгы кайрыктар. Жаз жөнүндө ырлардын түрмөгү.

 

«Болжолу жаанчыл болот быйылкы жаз…»

Болжолу жаанчыл болот быйылкы жаз
Боз чаңгыл туман кетпей шаарга чөгүп.
Бетимден аяр сылайт майдалап жаан,
Билгенсип турганымды жакшы көрүп.

Март айы жаан-чачындуу, кыян журот,
Деп тынбай эскертишет синоптиктер.
Оо, быйыл жамгырды мен эңседим көп,
Сырымды бөлүшөр ким андан өтөр?..

Көктөмдун илебине ким жибибейт
Жаралган таштан жүрөк болбосо эле.
Сүйүүсүз суз күндөрдү четке сүрөт,
Сезимди кытыгылап шок делебе…

Жамгырын каалап турам ушул жаздын,
Көнүлдүн толтурчудай бөксө жагын.
Болду эми, кезек берип прозага,
Мен эми жаз жөнүндө ыр жазбаймын.

 

Жазгы маанай

Жаз келгенге жаркып турат маанайым,
Жакшылыкка жүрөктү кең ачайын.
Кутман таңды тосоюнчу сүйүнүп,
Таң шоолага куштарланайын.

Өктөм турмуш тыйбаса да сынагын,
Өмүр баркын билип калган курагым.
Кейигенден толбоду эч кемтигим,
Жашайм эми ар бир күнгө кубанып.

Жаштыгымды жалыны жок өткөргөн,
Жерип турам жашык, уяң өзүмдү.
Күтө албастан чоң сүйүүнү бир келген,
Кызыгы жок сүрүпмүн кыз өмүрдү.

Жебе болуп атылбастан мелженген,
Жай келипмин максатыма көздөгөн.
Аман болсо алтын башым…Мен эми
Жарык жанып жашаганды үйрөнөм.

Аялмын, чын, таппаган өз бакытын,
Арман кылбайм жазмышыма акындык.
Өксүү тагдыр өчүн алып ыр менен,
Айныгым жок ак жолумдан беттеген.

Качкыла эми менден ойлор караңгы,
Күндүн бетин тоскон булут тарагын!
Муңу арылбас пенде болуп бир байкуш,
Бүтүргүм жок өмүрүмдүн аягын!

 

«Февраль узап барат… Келатат март…»

Февраль узап барат… Келатат март.
Чатырдан эриген кар «чылп-чылп» тамат.
Көңүлүм ала-шалбырт, сууган сезим…
Элүү жетинчи кыш,
Элүү жетинчи жаз!..

Күндөр эх! Күкүм болуп ушаланган,
Кыялдар талпынуудан талды канат.
Өмүрдүн көбу кетип, калды азы…
Элүү жетинчи кыш,
Элүү жетинчи жаз!..

Февраль бүтө электе куят жамгыр,
Февраль бүтө электе гүлдөйт бадам.
Жаз жытын жаным эргий кучактадым,
Элүү жетинчи кыш,
Элүү жетинчи жаз!..

Жаз менин куткаруучум, үмүт байлайт,
Тагдырым не белегин турат камдап?
Жазмыштын өкүмүнөн ким кутулар…
Элүү жетинчи кыш,
Элүү жетинчи жаз!..

 

Сулайман-Тоодогу жаз

Гүлүн көрүп өзүңдө өскөн бадамдын,
Күбүлүп түштү көр тиргилик азабым.
Жаш кезимдей өрөпкүттү сезимди,
Жаз жыттанган абаңдагы тазалык.

Байчечекей издеп келди чуркагым,
Кары жаңы кеткен бийик кырды ашып.
Жүрөгүмө чөккөн сырды түшүнүп,
Жүзүмдү өбөт шамалыңдын муздагы.

Кайгы-муңум айтпайм. Айтып не керек.
Капамды жазаар сендеги улуу касиет.
Каат күндөрдө кайрат издеп өзүңдөн,
Каалап бастым жолдоруңду миң ирет.

Сулайман Тоо, ордо шаарга жарашып,
Атың уккан жандын баары сага ашык.
Муундан муунга мурас болуп турарсың,
Миң жылдыктар тең келе албай жанашып.

 

Гүл шаарым

(2011-жылдын жазына)

Гүлдү сүйгөн көңүлүм быйыл шаттуу,
Гүл жайнаган шаарда жашоо ырахаттуу.
Ошту гүлгө бөлөгөн жакшы адамга
Парызым ов! деп билем алкыш айтуу.

Ачылган гүл чакырат булбул кушту,
Эрте өчтү эле өткөн жыл мукам доошу…
Былтыр өспөй калышса өрткө соолуп,
Быйылкы жаз – ажайып гүлдүн доору.

Кызыл-тазыл гүлдөрү чехиянын,
Кулпурушат калаама жыпар чачып.
Атыр аба тазалап күйүк жытын,
Акырындап жүрөктөн кайгы качып…

Гүлгө бөлөйм шаарды деп максат койгон,
Заман жүгүн ноюбай тарткан оен —
Мырзакматов Мелисбек. Биз билбесек,
Башын ийер урпактар качандыр соң.

Өз шаарынын жан күйөр мэри болду,
Касташканды дос кылган элчи болду.
Аталардан мураска алган сымал,
Айрыбасын мэр менен ыйык Ошту.

Эл-журт калыс, бааланат адилет иш,
Элди ойлогон инсанга берет зор күч.
Түшүрбөстөн түндүгүн төшөп ийнин,
Мелисбектей мэр турса Ошум бүтүн.

 

Жаз эстетти жаркын күндөр бардыгын

Кыш этегин жыя баштады,
Каары кайтып, бирок суугураак.
Оорчулугу баарын тажатты,
От, жарыксыз калып мукурап.

Көп катары көрүп азабын,
Суук күндөрдөн мен да тажадым.
Жазды тостум, бирок, көңүл кош,
Жок эле эч мындай адатым.

Чарчадымбы, же үмүт жок,
Келээр жаздан дайым күтүүчү.
Өмүр эми сыйсыз коноктой,
Өзгөрүүсүз өтөр… өтүүчү.

Козгой албайт эми делебе,
Күндөр мага өгөй, мээримсиз.
Бөксөм толбос болсо дегеле,
Жазбы, күзбү… мага бары бир.

Деген оюм капыс бузулду,
Сайрап ийсе сүтак асмандан.
Кең асманды чууга толтурду,
Келгин куштар үнү шаттанган.

Катарларын бузбай жазды кууп,
Келгин куштар шаңшыйт конбостон.
Авазында чексиз кубаныч,
Аман кайтып алыс жолдордон.

Сүтак үнү жазды жар салган,
Келгин куштар курган салтанат.
Көңүлүмдү кетти жаңылап,
Жаркый түштү жашоо кайрадан.

Канаттуучу неге жокпуз биз?
Бул жашоого кумары канбаган.
Убактылуу берген өмүрдүн,
Улуулугун эч бир танбаган.

 

«Турмуш өзү кылат экен даанышман…»

Үйдө жатам тыңшап жааган жамгырды,
Эзип жаады эки-үч күн басылбай.
Иш деп жүрүп калган белем жанчылып,
Үйдө олтуруу бүгүн мага бакыттай.

Бийлеп түшүп тамчылары асмандан,
Ушул жамгыр жаз шаанисин баштады.
Жа-ай көңүлдү жарып өтүп чагылган,
Кусалыкты кайра козгоп таштады.

Быйыл жазды тосом деген жайынча,
Куру эңсөөгө жеңдирбестен сезимди.
Жашайм дегем кайыл болуп тагдырга,
Жалгыздыкка буюрган соң өзүмдү.

Баар демине жагалданар маанай жок,
Бирок, ага капаланбайм, камыкпайм.
Түтүп берсең түйшүгүнө мокобой,
Турмуш өзү кылат экен даанышман.

Жамгыр куят кара жерге чабылып,
Аба таза… жазды ээрчитип ашыккан.
Жаанды тыңшап, жолбун ойду качырып,
Мага бүгүн үйдө олтуруу бакыттай.

 

Сыркеч жамгыр

Жан билбеген жабык сырым ачуудай,
Жаап кирди жамгыр күчөп катуулап.
Жаанды сүйчү сенин айтып кабарың,
«Тырс-тырс» урат тереземди тамчылар.

Сен да тыңшап тургандыр деп шыбырын,
Жаным жыргап уктум жамгырдын ырын.
Көз ачырбай көнөктөгөн нөшөрдөй,
Менин да бар төгүп салаар көп сырым.

Уяң жаштык кимдин баштан өтпөгөн,
Ууз сезимдер ушул күнчө өчпөгөн.
Кыз каадасын улук коюп баарынан,
Күйдүм чокко күнөөсү жок өрттөнгөм.

Түнү бою шоокум салып тынбаган,
Жамгыр, жамгыр! Сүйүү ырын ырдаган…
Сүйүктүүмө жетпей калган мага окшоп,
Сенде дагы бар окшойбу бир арман.

Төкчү, жамгыр! Кумар канбай тыңшайын,
Мага өзүңдөй сыркеч болор ким дагын?
Сан жомогун бир өзүңө айткым бар,
жалгыз өткөн жарыгы жок жылдардын,
Сүйбөй өткөн жылуусу аз жылдардын…

 

Жазгы кайрык

Иштемин.
Бийик кабат.
Буруксуп сирень жыты,
Шыбырап жамгыр доошу,
Адашып сыртта калган
                         эрте менен.
Кабинет тынч,
Ойлордун сүрү баскан.
Телефондор чырылдап
                             кыска-кыска.
Шашылыш кабарларда
                             алган-берген,
Башкачараак сүйлөнөт жаз!
Башкачараак айтылып таржымалы:
— Аман бекен айыл-апа?!
— Райондордон кабар барбы?!
— Сел алыптыр кайсыл жакты?!
— Жардам?
— Жардам!... Жардам!!!
Шашылыш билдирүүлөр,
Шашылыш жоопту күтөт.
Так, бүйрө болсун сөздөр,
Тагдырын элдин чечээр…
А көздөр,
Алаксыба терезеге?!
Сызылып сирень жыты,
Шыбырап жамгыр доошу,
Азгырып алып кетет,
Ээрчитип кабинеттен…

 

***

Сирендер тереземдин түбүндөгү,
Бажырап тегиз гүлүн ачып жатса,
Сен жоксуң сагындырып бейдарегим,
Мен сени күтүп жүрөм ушул жазда.

Булуттар түшүп келип бийиктиктен,
Чаңкаган талааларга кучак жайды.
Сен жоксуң, экөөбүздүн ортодогу,
Жамгырга жуулган жолдор бопбош жаты.
Сен неге келген жоксуң ошол күнү?..

 

© Зинакан Пасанова, 2013

 


Количество просмотров: 5443