Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Сын, адабият таануу, Сын / Публицистика
© Мелис Абакиров, 2012

Мелис Абакирович АБАКИРОВ

Ак жол сага, “Асман каганаты!”

«Кыргыз туусу», жума 9.11. 2012, №88

 

Китеп басма тармагында эмгектенген адам катары айтарым, китептин ким экенин, ооба, ким экенин сүйлөй алыш үчүн жана ким болуп аталгандыгын билиш үчүн аны аты-жөнү, пасопрту, же анын “болгон маалыматы” (выходные сведения” деп айтылат орусча – китептаануу илиминде – книговедениеде) баарын көрсөтүп турат. Бу жаатынан биз сөз кыла турган – Кунай Медетхан менен Мамасалы Апышевдин “Асман каганаты” – сабаттуу китеп чыгаруунун жобосуна жана дүйнөлүк стандартына жооп берет. Китеп чыгаруунун маданияты так ошондон башталат жана көрүнөт. Ким болбосун, өзгөчө китепке тиешеси бар, сабаттуу библиографтар, китепканачылар үчүн колдоруна кандай китеп тийгенин дароо билишет.

Китептин аннотациясы баарын айтып турат. VI кылымдагы Улуу Түрк Каганаты жөнүндө көркөм баян экени – ал тарыхый маалыматтарга жана уламыштарга таянып жазылгандыгы көрүнүп турат.

Мага окшогон китеп адистери, калемгерлер китептин баш-аягын карап туруп эле угуучуну уктатканга чейин кеп салып берсе болот. Мен деле ошентсем болмок. Бирок тарыхый адабиятка, өзгөчө тарыхый көркөм чыгармаларга өтө кызыгуу менен караган калемгер катары – үтүр, нокотунан баштап, ар бир абзацын сын көз менен карап чыктым деп мактанып койойун.

Дароо айтайын: Бизде эгемендик жылдары (20 жыл ичинде) тарыхый деген повесттер, романдар аябай эле көп чыкты. Уруу манаптары, баатырлары, каракелтек жылкы тийген уурулары тууралуу айтпаганда да, Мухаммед пайгамбар, Атилла, Чыңгызхан, Тамерлан, Бабур, ал тургай Сталин тууралуу – “тарыхый роман” делген, аты ошондой – заты жок, жөн эле белгилүү да, белгисиз да окумуштуулардын эмгектерин кыргызча которуп (көркөм каражат, образ түзүү тууралуу түшүнүгү жок) авторлордун “тарыхый” делген романдарын окуган адам катары адегенде чочулоо менен окуп киргеними жашыргым келбейт. Ырас, мен мурда Мамасалыны калемгер катары, котормочу катары, публицист катары жакшы баалачуумун.

Антсе да, тарыхый көркөм чыгарма деген – тарыхый монография эмес, же историография эмес, ал деген көркөм экспрессивдүү сөздөр, көркөм баяндоо аркылуу, каармандын образын түзүп берүү. Монографияны – окумуштуулар, адистер гана аягына чейин окуй алса, көркөм баянды – көпчүлүк окурман окуй алгандыгында.

Бул жагынан алганда, “Асман каганаты” окуй турган китеп болуптур.

Эки автордун тандеминин чыгармачылыгы ийгиликтүү ишке ашкандыгын ачык белгилеш керек. Көркөм сүрөттөөлөрдөн жана образдардан китеп стили дасыккан калемгерлердин, стилист авторлордун колунан чыкканы көрүнүп турат.

Түмөн кагандын – Улуу Каганаттын – Эл каганынын образы, анын иниси, аскербашчысы Шаадеминин, жужандардын каны Анагуйдун, Шаадеминин уулу — аскербашчы Карачанын, Сюань Цзань кечилдин образдары повесттин жүгүнө жараша көрсөтүлгөн десек болот.

Өңгөнү билбейм, мен Улуу Түрк Каганаты тууралуу бир топ эле билбеген маалымат алгансыдым, ыраазымын китепке, авторлорго.

Эми мен байкаган мүчүлүштөрдү кийинки толукталган басылмада оңдоп, кийирип койууга боло турган сунуштарымды айтайын.

Эң башкысы – алгы сөздө, 1, 2-бөлүмдөрдө жана соңку сөздө эпиграфка алынган Күлтегин эстелигинде ташка чегилген жазуулардын котормосу тууралуу. Мен билгенден жана окугандан кыргызча котормосун Түгөлбай Сыдыкбеков 1968-жылы берген. Кийин аны профессор Качкынбай Артыкбаев жана профессор Абдыкерим Абдыразаков котордук дешип, эмгектерине киргизип жүрүшөт. Профессорлордун котормолоруна анча маани бербейм. Себеби алар окумуштуулар, — байыркы тилдердин грамматикасы, түрк сөздөрүнүн теги – семантикасы боюнча адис эмес. Ал эми академик Түгөлбай Сыдыкбеков кеп башатын, сөздүн айтылышын, жайын, оңун дыкат, терең сезе билген калемгер, экинчиден, ал киши тилчи-илимпоздордон айрымаланып, мурда чыккан адабияттын мурстарга, — Махмуд Кашгаринин “Түрк сөздөрүн”, Жусуп Баласагындын “Куттуу билиминин”, Бабурдун “Бабур-намесинин” байыркы түрк тилиндеги транскрипциясы менен, алардын өзбекче котормолору менен салыштырып, кыргызча котормо вариантын берген, абдан көп эмгек жумшаган жана алардын кыргыз элине түздөн-түз тиешеси бар түрк тилдүүлөр үчүн орток мурас экенин тээ жыйырманчы кылымдын алтымышынчы жылдарынын башында макалаларында жазып чыккан.

Ошондой эле тилден кеткен кемчилдиктер:

32-бетте “Тунма кымыз” кымыздан жасалган арак делет. Кыргызча “кымыздын тунмасы” делинет. Андан тартылган аракты “Чагырмак” дейт. “Чагырмактап калыптыр, “Көзү чагырмактап”, “чамгарактап” калыптыр деген сөз бар.

“Катариптер” – түрк элдеринин алфавити делет. Ал Орхон-енисей жазмалары, тарыхый эстелик.

59-бетте “кытай дервиши” делинет. Монах – кечил.

70-бетте “сан жетпеген китептер сакталган акыл кенчтүү кампаларды да көрүптүр” деп жазылган. Китепкананы илгери “Кутбакана” дешчү.

Окубасам да оюмду айтып коеюн дегендерден болбоюн деп атайылап тырнактай каталарын айтып өттүм көрүнөт. Илимпоздор айтмакчы, макалаларында жазып көнүшкөндөй, бирок, мына ушул бирин-экин мүчүлүштүктөр чоң эмгекке көлөкө түшүрө албайт.

Окурмандарга Ак жол сага, “Асман каганаты!”

Мелис АБАКИРОВ,
    Кыргыз Эл жазуучусу

 


Количество просмотров: 1970