Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Сын, адабият таануу, Сын
© Айдарбек Сарманбетов, 2012
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 1-февралы

Айдарбек Имангазиевич САРМАНБЕТОВ

Аракетчил – ашуу ашат

Зульфира Асылбекова. “Адашкан бакыт” адабий көркөм китеп. – Б.: Кут Бер, 2012. – 224 б.

 

Ооба. Бул элдик нуска кеп бекеринен айтылган эмес. Анын терең мааниси, дагы ошончолук терең тажрыйбадан, ал болсо элдик узак тагдыр, турмуштан келип чыккан.
Зульфира мени ушундай талбас аракетчилдиги, тайбас изденгичтиги менен ыраазы сөзүмдү айтууга аргасыз кылды. Улам бир аңгемесин окуп бүткөнүмчө, экинчи, үчүнчүсүн көтөрүп келип... төө бастыга салды.

Мындан эки жылдай илгери мен иштеген “Жаңы Ала-Тоо” журналына аңгемелерин алып келген экен. Мен окуп чыгып кем-карчын айтып, кеңешимди бердим. Айрым алагөөдөк жаштар сымал менин айткан сыныма теригип же сен ким элең, мен өзүм гениймин дегендей моюн толгобостон көп өтпөй эле кеп-кеңешимди эске алып кайрадан иштеп чыгып, өз ой-акылын кошумчалап аңгемелерин алып келип калды. Кадыресе такшала түшкөн. Кеп-кеңештерим эске алынган. Чынында ар бир иште, айрыкча чыгармачылыктын бир түрү болгон кол өнөрчүлүктүн иш башында кайсыл бир буюмду алгач порумун божомолоп сомолойт эмеспи. Чыгармачылыкта деле ошондой, жаштардын алгачкылары көбүнесе али сомолонгон бойдон, чийки болуп, бара-бара порумун таап, ийине келээри турган иш. Демек, ойлогон ишти накта, даана чегине жеткирүүдө сөзсүз устаттын кеп-кеңеши керек. Аларды кулакка бекем түйүп, куру намыска алдырбай туура кабылдап, аракетин арттыргандар гана чыгармачылыкта ийгилик жылоолору турулуу. Ушуну Зульфира өзү деле сезип, чыгармачыл чөйрөдөн алыс, өз казанында өзү кайнап, чайналып жүргөн экен, “агай, чыгармаларымды окуп, кеп-кеңешиңизди берип жүрүңүзчү” деп өтүнүп калды. Мындай идиректүү сөзгө кийинки муундун өсөөрүн каалаган кайсыл калемгер кантип жок десин. Ошондон тарта Зульфиранын ар чыгармасына кєз салып, устаттык кылып келем. Зульфира бир жыл ичинде окуяларды иреттүү баяндоо, чыгарманын терең маани-маңызын таап, өтөсүнө чыгаруу, сөз байлыгы жактан кыйла өстү. Чыгармачылыктын чырпыгы эле, эми шактуу бутагы болуп калды. Аны алгачкы чыгармаларын, биринчи китебин окугандар бул, жаңы китебинен өздөрү эле байкап, ынанышат. Кыргыз кыздарынын проза жанрын аркалаган өзү теңдүүлөрү арасында артта эмес, алдыңкы сабына чыгып алды. Буюрса мындай аракети менен бай түшүмдүү бакчага да айланат. Аз калды...

Айдарбек Сарманбетов
    КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, жазуучу

 


Количество просмотров: 1994