Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Асылбекова Зульфира, 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 1-февралы

Зульфира Болотбековна АСЫЛБЕКОВА

Жаш жубайлар

Кайнене-келин баяны

Бул аңгеме сүйүү, каада-салт, жаштарга тарбиялык мааниси чоң, ыйманга үндөгөн чыгарма.

 

“Керегем сага айтам келиним сен ук”

 

Кызын күйөөгө узатып жатып Алымкан апа каргылданган үнү менен адаттагыдай акыл-насаатын айтып жатты.

— Кызым, сен бой жетип, чүрөктөй супсулуу кыз болдуң. Колубуздан келишинче өстүрүп, тарбия бердик, эми уядан учкан турасың. Өмүрлүк жарыңды өзүң таап, жактырып, көңүлүң менен баратасың. Сени мажбурлаган эч ким жок. Бейтааныш үйгө барып, тааныбаган, буга чейин көрбөгөн, кулк мүнөзүн билбеген адамдар менен жашайсың. Алардын айткан сөздөрүн ыклас менен тыңшап, так аткарып, өзүңдү, үйүңдү таза тут. Кызым, өзүңө, ден соолугуңа сак бол. Мындан ары бизди кандай көрсөң кайненең менен кайнатаңды ошондой көр. Эми бир сөз менен айтканда өлүгүң ошол жактан чыксын.

Кызы апасынын сөзүн терең түшүнгөн деле жок. Ал, оюнда чачынын жасалгасы оң тарабынан бөлүнбөй сол тарабынан бөлүнүп калганына кыжалат болуп жатты.

— Чачымды бузуп кайра жасатсамбы? Кызыл гүлдү да чачыма жармаштыр десем, эң сонун жарашат деп чач жасаган эжеке ак гүлдөрдү такканын кара. — Эми кеч болуп калды, жакпай калды деп кууп жиберген эле да. Эне кызынын мурдагыдай эле кулагына сөз кирбегенине нааразылана:

— Бак тиле кызым! Бактылуу бол! Турмушта гүл менен чачтын эч деле мааниси болбойт. Тур эми, келген коноктор сени эле күтүп калышты, — деди апасы.

Келген жаштар дүрбөп, келинди алып, кафеге кетишти. Кафеде үч жүздөй тойго келген элдер. Тойго жылкы, эки кой союлуп, келиндин бир күнгө ижарага алган көйнөгү бир торпоктун баасы (300доллар), жалдаган лимузин машинеси, ал да бир торпок. Кафени кооздоп, “Белек Айсулуу” деп жазып, көп шарларды илип койгону, үч кабат торту менен бир торпок. Тамада же той башкарган шайыр бала, музыкасы менен бир торпок, бир кой. Видеого тартканы, сүрөтчү эки жашты ар жерден ар түрлөп тартканы, экөө бакыт үйүнөн эки көгүчкөн учурганы, бакыт үйүнө жууп бергендери, шаар кыдырып сейилдегендери болуп бир торпок. Таластыктардын тою кийит жана призсиз өтпөйт. Ага дагы эки торпок. Кафе — эки тамак, төрт түр салат жасап, тейлегени үчүн үч жылкынын (300миң сом) баасын алды. Ошентип, ал күндүн наркы төрт жылкы, жети торпок, үч койдун акчасы кетип, коноктордон кайра келгени төрт жылкы, үч кой болду. Жети торпокко карыз болуп калышты. Жалгыз уулунан эч нерсени аянышкан жок. Айтор, балдарга батасы тийсе болду деп өздөрүн жооткотушту.

Жаздын атыр жыты каптай келип жердин бети жашыл түстүү килемге оронду. Келгиндер учуп-конуп, чыйпылдашып, кышта тоңгон тирүүлүктү ойготуп жатышкансыйт. Өрүктөр, эрте жаздагы гүлдөр гүлдөп дүйнө көркүнө чыкты. Бирок тээ, алыста көрүнгөн тоолордо дагы эле ак кар, көк муз кетпегендей.

Тойдун эртеси эртең менен Айсулуу ойгонсо үй жымжырт эле. Саатты карады эле сегиз болуп калыптыр. Шашып-бушуп кийимин кийине койду да апасына телефон чалды.

— Ало, апа, мен эмне кылышым керек?

— Апий-бетим, эми турдуңбу? Эртең менен эрте туруп кайнене — кайнатаңа жүгүнүшүң керек да. — Айсулуу телефонду өчүрүп чөнтөгүнө сала коюп, ак жоолугун кашына түшүрө салынып, жүгүнүүгө жүгүрүп кетти. Алар көп кабаттуу жаңы салынган үйдүн, экинчи кабатында турушчу.

Белек жолдошу эч жерде көрүнбөйт. Ал атасы экөө чет өлкөдө иштеп жүргөн карындашын самолеттон тосуп келүүгө кетишкен эле. Ашканада да эч ким жок. Бутунун учу менен бөлмөлөрдү түгөл карап чыкты. Кайненесинин уктоочу бөлмөсүнө баш баккандан уялды. Жуунуп-таранып алып, чай ичти. Терезедеги белекке беришкен кечээги ар түрдүү гүлдөрдү кумарлана жыттап алды. Асманда ала булуттар жай жылып бараткан экен. Күн ачык. Жаңы келин алган үй да ушундай тымтырс болобу? Айылда опур-топур, кирген чыккан киши көп болчу эле го деп ал таң калып жатты. Аңгыча эшикти ачкыч менен акырын ачып, үй жыйнаган аял келди. Айсулуу тиги аял экөө бирде чаң соргуч талашып, бирде чаң сүрткөн чүпүрөк талашып жүрүп, кайненесин ойготуп алышты. Шишип-көөп келаткан кайненесинин алдына тура калып жүгүндү эле ал:

— Ой, кереги жок. Эски салтты койчу, — деп кол шилтеп, жуунганы кирип кетти. Айсулуу кайненесинин үйдө экенин тиги аялдан билгенден кийин, өзүнчө күзгүгө улам-улам жүгүнүп, аябай даярданган. “Жүгүнгөн келинге жакшы баталарды берет. Кайнене — кайнатаң бата берип турса, өзүңдү ал үйдө жакшы сезип, дагы аларга жакканга аракет жасай баштайсың. Кысылып уялбай, менин келгениме булар кубанычта экен деп, аларды жакшы көрүп, аларга жакындай баштайсың. Кайненең жумуш кылса аяйсың” — дебеди беле апам деп томсоруп туруп калды. Эшик ачылып кайынсиңдиси кирди. Айсулуу жылмайып, жылуу тосуп алды.

— Кандайсыңар жеңеша?

— Кыйналбай эле келдиңби? – деп, экөө эски тааныштардай кучакташып көрүшүп, үстүндөгү күрмөсүн алды. Кыз төркү бөлмөгө кирер менен Айсулуу далисте кайнатасын күттү. Кызынын чемоданын көтөрүп кирип жатып, келинге “Саламатсыңар”— деп коюп бутун чечип жатты. Айсулуу даяр туруп эле, жүгүнгөнгө жетишпей калды. Анын жүгүнөөрүн күтпөй, кайынатасы шыр эңкейип бутун чечип жатты. Келин эмне кылаарын билбей тыз-пызы чыгып, тура берээрин же кетип калаарын билбей катуу уялып турганда артынан Белек кирди. Кудай жалгап ал:

— Бол тез, колумдагыны ал, — деп сумканы карматты. Белек сумкаларды берип жатып атасынын көзүнчө эле келинчегинин бетинен өөп койду. Айсулуу күйөөсүн алая карап алып, ашканага кирип кетти. Уят. Бетим ий бетим. Белек жинди экен. Атасынын көзүнчө ушинтеби? Кантип эми тигилер менен олтурам. Эми кеч болуп калды, кайра жүгүнгөнгө болбойт. Каап, босогону аттагандан эле тартипсиздик кылдым. Эми эртең сөзсүз жүгүнөйүн. Уят деп өзүн жемелей берди. Үй кызматчы аялдын жанында жардамдашып, тигилерден качты. Кызынын келгенине сүйүнүшүп, каткырып, өздөрүнчө жыргап жатышты. Ал болсо алып келген кийимдерин ар кимисине кийинтип жатты. Айсулууга да кооз, эң жакшы сапаттагы көйнөк алып келген экен, бирок анысы саал чоңураак болуп калды. Келинибиз кош бойлуу болгондо туура келип калат деп кейип турган кызын жооткотушту. Белектин атасы: — Биз ыймандуу, жакшы келинге туш болупбуз. Келинди келген жери тик көз же ылдый баш деп сынашкандай биздин келин ылдый баш көрүнөт. Тик көз келин ачык, шайыр, бетке айткан, жок дегенин бербеген, кайын журтун, күйөөсүнө баш ийбеген келин болот. Ал эми төмөн баш келин ыймандуу, алды артын байкаган, кайнене, күйөөсүнүн ыгына көнө турган келин болот дешчү эле илгери кемпирлер. Мен эшиктен киргенде келиниң жүгүндү эле уялып кеттим. Өзүмдү жогото түшүп, эмне деп айтышты билбей, бутумду чечип жатып аябай ойлонсом да, жакшы эч сөз айталбадым. Өзүмдү дагы эле жаш сезип жүрсөм керек. “Ата-эненин кадырын балалуу болгондо билерсиң, ага-ининин кадырын жалаалуу болгондо билерсиң” дегендей ата-энемди эстеп кеттим. Атам – апам сен жүгүнгөндө айланып-кагылып бата берсе, алар ошондой сөздөрдү айтууга милдеттүүдөй сезилчү. Көрсө, биз да ошол куракка жакындап бата берип, жылуу, нускалуу сөздөрдү сүйлөп, өзүңдү тарбиялоого туура келип калса керек, байбиче. Бирок ошол бата берип, айланып-кагылган сєздєр эң оор экен. Эмнегедир айткым келбейт. Билип эле көрмөксөн болуп койдум, келинибизди. Эми келин да түшүнүп, жүгүнбөй калаар. Биздин кызыбыз менен эле тең экен, жап-жаш. Өңү да ак саргыл болуп Мыскал сага, көздөрү бакырайып кызыбызга, бою мендей узунун, айтор өзүбүзгө окшоштуруп тандаптыр уулуң. Мына, эркелеп, кызың сагындым деп ыйлап, көзүнүн боёгунун баары шыбалып, ботала. Жалгыз келинибизди деле буга окшотуп, эркелетип, кызыбыздай эле көрөлү, байбиче. Кийин деле карыганда сыйлашып аларбыз.

— Ооба, кайненемден кандай коркчу элем билесиң го. Камырды көп жууруп алып, ашып калганын кайда катаарымды билбей чөнтөгүмө салып, кошунанын огородуна ыргыткан күндөрүм болду го. Мен да келесоо экем да, убалдан коркпой, кайненемден коркчумун. Эми ойлосом ысырапты жаман көрчү экен да. Келиниме андай каардуу кайнене болгум келбейт. Кайненедей тергеп-тескегим келбейт. Өзүнө акыл, ыйман берсин. Кудай сактасын, кийимдерибизди өзүм эле, баса, тиги машине жубат да. Бир-экини төрөгөнчө көтөрмөлөп, оюна коелу,— деп, төркү үйдө акылдашып жатышты. Белек бөлмөсүнөн кийимин алмаштырып, Айсулууну издеп ашканага келди. Дагы эмне кылып жиберет деп келин кызматчы аялдан уялганынан колунан сүйрөп күйөөсүн башка бөлмөгө алып кирди да:

— Эй, сенин уятың барбы? Атама жүгүнгөнгө жетишпей калып, уятыман өлөйүн деп жатсам, сен да бир жагынан өлтүрдүң. Атаң-апаңдын көзүнчө мага жакындабачы,— деп зекий кетти.

Белек келинчегине карап, жылмайып, бактылуу болчу.

— Ачуусу келген кишинин огобетер сулуу болуп кетээрин сенден көрдүм. Сага баары жарашат. Ата-энемдин көзүнчө өбөм эле, эмне алар жаш болушбаптырбы? Мени эч ким тыя албайт.

— Ии-ий, сага корогон кайран сөз. Бар, эми бар. Элдер эмне деп ойлойт,— деп, күч менен аркасынан түртүп бөлмөдөн чыгарып жиберди да өзү ашканага кирип кетти. Белек кайра эле анын артынан ашканага кирип келди.

— Жүрү, жаным, шампан ачалы. Өзүбүзчө тост айтабыз деп, папам чакырып жатат.

— Силер менен стакан кагышканым уят го.

— Колхоздонбочу, эми сен дайыма биздин жаныбызда болушуң керек. Бол, тезирээк.

Айсулуу апасынын барган жериңдин тарбиясына көн. Бизде мындай эле, андай эле деп жүрбө дегендерин эстеп кетти. Анын үстүнө күйөөсүнүн колхоз деген сөзүнө да намыстана түштү. Бирок кайнене, кайнатаңдын, күйөөңдүн алдында алардын күңүндөй сый көргөзсөң, алар да сени убагы келгенде канышасындай көтөрүп алышат дебеди беле .

— Ой, болсоңчу. Колуңду бир саат жуудуң го,— деп шаштырды Белек.

— Кеттик, чын эле көпкө күтүп калышты го,— деп сүлгүгө колун чала аарчый жөнөдү. Бөлмөнүн эшигин ачып Белек келинчегине жол берди. Бет-кат болуп тигилерден өзүнөн-өзү уялып, карай албай турганда мунусу да сыноо болгондой сезилди. Белекти сен өт десе далисте тигилерге көрүнбөй өзүнүн алаканын өөп көргөзүп, ал турат. Баары карап калгандыктан кайра артка качкандан уялып босогону биринчи Айсулуу аттады. Оо кудай сактай көр, эмнегедир алдыда дайыма эркек биринчи жүрсүн деп апам айтып калчу эле, мунусу да мындай болду, жакшылык эле болсунчу деп алды ичинен. Артынан каалганы жаба Белек кирди. Бөтөн үй-бүлөгө жаңыдан аралашып, алардын алдында айбыгып чайын аз-аздан ууртап олтурду. Атасы, апасы кечээги тойдон кийин баш жасабыз деп тост айтып арактан, тиги үчөө шампандан алып олтурушту. Айсулуу жыйырма экиге чыккыча ичимдик татып көргөн эмес эле.

— Алыңыз жеңе, эмне, атамдын каалоолору жакпай калдыбы?— деген кайынсиңдисинин сөзүнөн улам колуна ала койду. Келин “жеңе” деген сөздү биринчи уккандыктан, өзүн каадалуу чоң киши сезип, көңүлү көтөрүлө жылмайды. Бирок ошол эле учурда апасынын ичимдикти такыр оозуңарга албагыла, харам болот деген сөзү эсине келе түшүп, аны айткысы келгендей бир обдулуп оозун жасап, бирок даап айта алган жок. Мындай, жат киши жок тар чөйрөдө колундагы стаканын төгүп, алмаштырып же ичпейм деп да айта албай оңтойсузданды. Эми ичпейм десе колхоз деп баары күлөбү деп колундагысын шашкалактап ичип жиберди. Ууртап-татып олтурган шампандын угуту күчтүү белем, бат эле ичи ысып, денеси жибип, эси кадимкидей эңгиреп, мурдагыдай уялуу, тартынууну унутуп, бети албырып, күлкүсү келип, сүйгөнүнө жеткенине бактылуу болуп турду. Чын эле кайненем айткандай бул майрамдын ээси мен да. Бүгүн ичпегенде качан ичесиңер. Жакшы тамактангыла, жакшы эс алгыла. Мына биздин чогулканыбыз силерге, балдарыңарга жетет. Жаштыкта жаштай ойноп калгыла дебедиби деп эртеден бери баарынын сөзүн, өздөрүн, аңдый караган Айсулуу тамылжып, буларга ыраазы. Корунуп, кысылып олтурган Айсулуу эми өз үйүндө олтургандай өзүн жайлуу сезди. Ошентип алар узун столдо көпкө олтурушту. Эртеси деле баягы көрүнүш. Келин менен эч кимдин иши жок. Жүгүнгөнүнө көңүл деле бурушпайт. Эки-үч күн Айсулуунун апасы Алымкан эртең менен саат жетиде чалат. Үчүнчү жолу: “Тур да кайненелериңе жүгүнүп, чай жаз”— деп чалды эле, Белек ачууланды. Уйкуну бузуп, апаң эмне чалат? Чайды турган киши өзү деле ичет, анан саат ондо, шашпай эже келгенде ичебиз да деп ороңдоп, жуурканга башын катты. Апасын туура түшүнбөй калганына Айсулуу ызалана түштү. Ал апасы жөнүндө эч кимден жаман сөз уккан эмес. Апаң деген сөздө “ң” тамгасы эле иренжитип жиберди. Уйкусу да чайыттай ачылды. Мен деле апаң деп сүйлөйүн анда, менин апам сеникиндей эмес деп, купуя ичтен кайрып алды. Буга чейин апасын эч ким менен салыштырып көргөн эмес. Энелердин баарын бирдей деп ойлочу. Өзгөчө сүйгөнүнүн апасын апам менен тең көрөм деп аракет кылып жүрбөдү беле. Ачуусу менен башка бөлмөгө кирип апасына телефондон кыйкырып алды.

— Чалбаңызчы, булардын тарбиясы сиздикиндей эмес. Жүгүнмөй дегенди кайдан чыгардыңыз. Эски салтыңызды коюңузчу. Колхоз деген сөз угуп жатам. Сарамжалдуулук деген тарбияңыздан баягыда тойдо, “сараң окшойсуң “ деген сөз уктум,— деп, телефонун өчүрүп салды.

Апасы:

— Ал..., ал жөн эле учурашуу да. Ал сый көргөзүү да...— деп шалдайып, туут, туут деп өчүп калган телефонун карап олтуруп калды. Кызына жакшылык кылам деп, алардан сөз уктуруп алганына аябай кейиди. Кызымдын турмушуна киришчээк эне окшойм деп ойлоп алып, өзүн жемелеп да жиберди. Кечээги жааган жамгыр токтобой ак жаанга айланып алды. Асман түнөрүп жакын арада токточу түрү жок. Айнекти карап Айсулуу: төк жамгыр дагы төгө бер ойгоно албай уйкуда жаткан бак-дарактарды, Таласымдын кең токоюн ойгото көр! Кемелдин оюн, таптаза сууларың менен тазалап жууй кет! деп көз жашын аарчып парданы жаап бөлмөсүнө кетти.

Келининин өзүнчө эле кысынып, сумсайып жүргөнүн байкаган кайната кепке-сөзгө кошулбай чек эчки болуп, өзүнчө калбасын деп, сөз арасына кошуп жүрдү. Ал эле эмес, кечки тамактан кийин чүкө атып хан таламай ойнойлу деп калды. Неберелүү болсом ойнойт деп чогултуп жүргөн көп чүкөлөрү бар экен. Оюндун кызыгына кирип алышкандан кийин, биринин колу бирине тийип, тиймек түгүл кызыл боёкко боёлгон бир чүкөнү хан деп, аны талашып, төртөө биринин колунан ханды бири жулуп алып жатышты. Бул оюнду Белек гана билбейт экен. Бирок ал да бат эле өздөштүрүп алды. А Айсулуу кичине чагында төрт бир тууганы менен ойноп жүрүп, чүкөлөрдү таамай атат. Бул оюнда ар кими өзүнө ат тандап алып, аны калчап, биринчи таа турган аттын ээси баштайт. Ал жердеги чүкөнүн баарын кочуштап алып, жерге жая чачат. Баары колдорун жая, ханды таламайга даяр турушат. Хан таа турса чүкөлөрдү таламай. Ханды ким талап алса, ал биринчи оюнду баштайт. Талай албай калганы, чүкөсү жок болсо, кийинки таламайга чейин оюндан чыгат. Бөккө бөктү, чикке чикти, таага таа турган чүкөлөрдү атат. Үч чүкөнү атып алып, анан ханды атып алат. Айсулуунун кайнатасы хан таламайда өзү көбүн талап, калганын келинине шилеп жиберип жатты. Айсулуу да эптүү, баарын астына басып алат. Белек улам эле оюндан чыгып калат. “Жашаганды билбеген жашоонун баркын кетирет” деген чын экен. Көрсө жашоо деген ушундай жыргал тура деп да ойлоду Айсулуу. Кайната-апасын Айсулуу ушул бойдон төрөлгөндөй сезчү. Көрсө булар деле айылда чоңоюп, балалыктары болгон тура деп ойлоп алып, өз оюнан кайра өзү уялып турду. Баары балалыктарына кайра кайрылып кумарлана ойноп, черлерин жазып алышты. Бир гана алакийиздин жоктугуна өкүнүп коюшат.

Ошентип жүрүп, Айсулуу эми өзгөрдү. Мурдагыдай кылган ишинен, сүйлөгөн сөздөрүнөн күдүктөнгөн Айсулуу эми эрте турбай, жүгүнбөй, мурдагыдай тартынбай калды. Телекомдогу жумушуна кайра келди. “Чач кыркуу — ырысын кыркуу” деп апасы кырктыртпаган, узун чачын кырктырып, ушул кезге чейин тырмактарын өстүрүп көргөн эмес. Эми аны жасатты, кийимди тандап кийип, жоолукту таштап, айтор турмушка чыкканы кайра ачылып кетти. Келишкен кара плащ, кара туфлиси да өзүнө куп жарашат. Айлык маянасы чөнтөгүндө. Белектер той бергени менен калың, сеп дегендерди токтотуп коюшкан. Септин кереги жок үйгө батпайт дешкенден кийин Алымкан апа да калыңдын да бизге кереги жок. Өз оокатыбыз өзүбүзгө жетиштүү деп коюшкан. Жеңил жашоону ким жактырбасын, Айсулуу ага көнүп алды. Кайненелери өзүнчө чай ичип жумуштарына кетишет. Экөө өздөрүнүн чакан фирмасында: бири жетекчи болсо, бири бухгалтер болуп иштешет. Кайынсиңдиси бир жума эле жүрүп кайра окуусуна кеткен. Айсулуу, Белектер өзүнчө кийинип үйдөн чыгып кетмей, жумуштан келип укташмай башка жумуш жок да. Белек сыныктардын доктуру. Ошентип алар бактылуу, ынтымактуу жашап жатышты.

Бир жекшембиде үйдө эч ким жок, зериккенден Айсулуу үйлөнүү тойдогу тартылган тасманы көрмөк болду. Аны коюп жатып, мурдагы апам үйрөткөн таалим-тарбиялардын кереги деле тийген жок деп койду. Мурда көрүп жүргөндүктөн, кассетаны улам жылдырып, көрүп жатты. Таякеси каалоо сөздү ыр менен айткан экен.

Кайнатаңды хандай көр 
    Кайненеңди жандай көр
    Айткан акыл-насаатын
    Агарып аткан таңдай көр.
    Берээр ашың, тамагын
    Олтураарда төшөгүн
    Кийерине кийимин
    Айттырбастан камдай көр.
    Кызмат кылып талыкпай
    Урмат кылып жалыкпай
    Купулга куп толо көр.
    Кызынан кымбат боло көр
    Адебине эритип
    Акылына маарытып
    Ак батасын ала көр.
    Ашкан айкөл бала көр
    Кайнагаңды бектей көр
    Кайнилериң чептей көр
    Кайын эже, сиңдиңди.
    Жатындаштан жакшы көр,
— дегенин укту. “Берейин деген кулуна, белен кылат жолуна, бербейин деген кулуна сатса чыкпайт пулуна” деген да бар, таяке деп алып, апасынын тыным алдырбай жумуш берип, төшөк тиктирип, печенье жасатып: “Жыйырма биринчи кылымдын келиндери кайыненелери үчүн өтө оор. Кайын жагын тоотпойт, сыйды билбейт. Кулактары катуу. Турмушту эң жеңил карайт. Ажырашууну намыс көрүшпөйт. Энеси турмушка даярдабаптыр, “заводской брак “деген сөзгө калтырба кызым. Мен колуман келишинче сени турмушка даярдадым. Тажасаң да айта берсем башыңда жок дегенде бир-экиси калаар. Эмки тарбия кайненеңден болот. Келин жаман эмес, келиндин барган жери жаман деген макал бар” деген турмушка даярдаган нуска сөздөрүн эстеп кетти. Келген жерим да, күйөөм да сопсонун. Мен да алардын чөйрөсүнө тең болушум керек. Насаат сөзүңөрдүн кереги жок, тажатышты деги жанды тынч койбой деп көңүлү айнып, телевизорду өчүрүп салды. Апам айткандай, жүдөп жоолук салынып, шөлпүлдөп кийинип алсам, кыздай койкойгон кайненем мени бир жакка ээрчиткенден уялбайбы. Кайненем кандай жүрсө мен да ошондой жүрөйүн деп ойлонду.

Быйылкы жаз, Таластан көчүп келип Ак өргөө конушуна чоң үй салып жашашкан Алымкан эненин үйү үчүн жемиштүү болду. Эки ай мурун кызы Айсулууну сүйгөнүнө кол менен узатса эми уулу Кемел үйлөнөм деп олтурат. Бирок энени түйшөлткөнү Кемелдин жетимдер үйүнөн чыккан бир кыз менен таанышып, ошону алам дегени болду. Уулум кайын журт, кайната, кайнене, балдыз, кайни, бажа дегендерди көрбөйт турбайсыңбы? Тектүү, ата-энеси бар эле жерден алсаң болбойбу? Анын теги кандай, баары бир тегин тартат. Ал кызды алсаң, тууган-катташың аз болот. Тарбиясы кандай? “Эрди эр кыла турган да, эрди кара жер кыла турган да – аял” деген макалдар бекер жерден чыккан эмес да. Аял алыш оюнчук эмес. Ашыкпай, алды артыңды ойлош керек. Сырдакана эле аяш атаңдын кызын көрсөңчү. Капырай, кызын жетимканага таштаган ата-эне жакшы деп ойлойсуңбу?

— Апа, ага ал күнөөлүү эмес да. Жетимканадагы кызды сиз көрбөй эле ушинтип айтсаңыз мейли, ага мен үйлөнбөйүн, дагы башкасынын апасы каршы болуп үйлөнбөсүн, анда аны ким алат. Кайрымдуулук, соопчулук деген сөздөрүңүз кайда? — деп басып кетти. Түнү менен апасы кирпик какпай ойлонуп чыкты.

Дагы сөз козгобой балким айнып калаар деп апасы күтүп жүрдү.

Алымкан апа эшиктин алдына тиккен роза гүлдөрүнө суу куюп, жүзүмдүн эски бутактарынын байланбагандарын байлап, жаңы тиккен алмаларына суу куйду. Быйыл ырас үшүк жүрбөй, ай жаанчыл болуп жаңы көчөттөрү бат эле өндү. Түштөн кийин тапчанда жүн тытып олтурган. Чымчыктар чыркылдап бир тобу келип калса керек. Жууркан-төшөк жеңил, жылуу болот деп жүндү атайын айылдан сатып келген. Кемел келип, магнитофонду иштетип, андан жалаң сүйүүгө жетпеген армандуу, муңдуу ырларды коюп койду. Апасынын жанына олтуруп жүндү чекемиктеп, жардамдаша кетти. Эне анын кыз жөнүндө кеп козгогусу келгенин билип, жылмайып койду. Демейде жүн тазаламак кайда. Ар кайсы ишти баштайт адамдай болуп, бирок аягына чыгарбай басып кетет. Сүйүү деген темирди да ийилтет экен да. Кийинки кездерде ал апасына жакын болуп, жалаң эле кыз жөнүндө сүйлөшкүсү келет.

— Апа, сизге кандай келин жагат?

— Мага сени сыйлаган келин жагат. Сени сыйласа, бизди да сыйлайт. Турмушка даяры керек. Тиги кызың канчада?

— Он сегизде.

— Өтө эле жаш экен. Кээ бир кыздар жаш күйөөгө чыгып, кайра ажырашып кетишет. Экөөнүн тең тагдырына чоң доо кетет. Кайра эртедир-кечтир турмуш курушат. Экинчи никеде турмушу оңолгондор, оңолбогондор да бар. Бирок, эң жаманы ортодо жетим, жарым жетим балдар көбөйүп кетти. Азыр бир жылда эле, эки миңге жакын жетим балдар чыгат экен. Алардын убалы кимге. Кыз кезинде баары жакшы. Келиним ыймандуу, ичинде арамы жок, түз жүрсө, айтканды айткандай илип алган, сак кулак болсо, турмуштун жарык, караңгы жагында бирдей болсо деп тиленем. Азыркы келиндер уул төрөгөндөн кийин жана колуна кенен акча тийгенде эле, ал күйөө, кайын журт жагына текеберленип, тоотпой баштайт. Менменсинип, кербезденип калышат. Күйөөнүн туугандары аркылуу айыпка жыгып, кемчилиги жок акылман аялга куулуп, күйөөсүн башкарганга өтүшөт. Тарбиясыз кыздар келин болгондо бейпилчиликте бактылуу жашоо дегенди акча, өзүнчө бөлүнүп жашоо деп түшүнүшөт. Адамга канчалык көп дүнүйө берсе ошончо анын көзү тойбой, муктаждыктары да эч качан түгөнбөйт. Келиним каниетүү, сарамжалдуу болсо деп тиленем. Ыйман китептен: “Каниетте — эркиндик, ачкөздүктө болсо туткундук бар. Ачкөз адам башкалардын көзүнө бечара жана кедей болуп көрүнөт жана ал бүткүл өмүрүн эч качан орундалбас куру тилек максаттар менен армандуу ниеттерге сарптап жок кылат. Каниет болсо аброй жана ызатка жеткирип, сугалактык болсо жаманатты болууга алып келип, абийирсиздикке карай жетелейт. Адамдын кулк мүнөзү жана адеп-ахлагы каниеттүүлүк менен сулуу. Сарамжалдык — байлыктан да мыктыраак” деп окугам. Эң туура. “Алган жарың жаман болсо үй-бүлөңдөн чыр кетпейт, алган жарың жакшы болсо ак жүзүңдөн нур кетпейт”,— деп баласын карады.

— Шумдук, мунун баарын ыйман китептерден окудуңузбу? Китептегидей жаша дегени турасызбы? Эми азыркы келиндер кыйын деп, үйлөнбө дейсизби? Айсулууну ыймандуу келин болду деп, ойлойсузбу? Мен Маяны алам, апа!. Башканын кереги жок ,— деп берген суроолоруна жооп албай чыгып кетти. Кемел кайда жүрсө да көз алдынан кыз кетпей калды. Анын оюна мен минтип жүрө берсем, бул дүйнөдөгү эң сулуу кызга ашыктар көп чыгаар. Алар озунуп ээлеп алышса эмне болот деп ойлоп алып, кызганычтан жүрөгү түпөйүл болуп, бир жерге тура албай кетет. Сүйүүдөн көзү тумандап, нары жагын ойлогусу да келбейт. Алымкан апа олтурган ордунда купуя сүйлөнүп жатты. Ошол, мен окуган ыйман китептерди сен да окусаң, минтип сүйлөнбөйт элең, сабырсыз балам. Балаң аялынын сөзүн сүйлөп турса, акыл үйрөтүп, тарбияга келиниңди салып көр эр болсоң. Мына ушул учурда ата-энесин гана укпаса. А буга ким айтат. Атасы кандай адам болду экен. Ууру же мүнөзү чалпоо болсочу? Энеси маңыроо же эки эстүү болсочу? Ата-энедеги мүнөз, ооруу, кыял баары балага берилет да. Өзүңдү жакшы таанып билгиң келсе балдарыңды кара дешет го. Байкуш балам. Байкуш неберелерим. Туулгандан жетимдер үйүндө өссө, тамак менен эле окууну билип, башка турмуш жөнүндө, оокат тирилик дегенди билбейт да. Элөөрүп алган экен, бала аял алып тынбаса, тынбайт го деп этек— жеңин кагынып, жүнүн жыйнап, кечки тамак камын көрдү. Кемел ал күнү үйгө келбей койду. Эне уктабай күтүп, улам жол карайт. Ызасы менен мас болуп алып, жер жакшы жылый электе сызга жатып калдыбы? Же мени коркутуп, кызы менен шаарга качып кеттиби? Машине-сашинеге урунбагай эле деп, акылына деги бир жакшы ой келбей койду. Аялы болсо, үйдөн карыш чыгарбай кайтараар эле деп да ойлонду. Аман келсең эле болду. Деги балам, каалаганыңды алчы, мен кийлигишпейин деп, амалы куруй ичинен жалдырап да жатты.

Эртеси Кемел келип, жумушка кеткенге даярданып жаткан. Ал, курулушта бригадир болуп иштейт. Эне аны көрүп, кайда жүргөнүн суроого оозу батынбай, тим болду. Үйлөнтпөсөңөр ушинтип күтө бергиле дегенсип, ал да унчукпай чыгып кетти. Алар ошентип эки күн сүйлөшпөй ар кимисинин өзүнчө ич күптүсү бар жүрдү. Капысынан келин ала качып келип калабы деп, үйдөгү буюм-тайымдарды сыртка чыгарып, күнгө жайып, бир бөлмөнү көшөгө тартканга ылайыктап, чоттоп койду. Ак тилегин кошуп, уул-келинине жаңы төшөк, жууркан арнап тикти. Алымкандардын ою уулун күздө үйлөнтүү эле.

Бирок, баласынын сүйүүсү күчөй баштады. Көпкө коркутканга чыдабайт. Жүрөгү алеп-желеп болуп, бир орунга олтура албай калды. Саатын улам–улам карайт. Кайра эле ал кыз жөнүндө сөз козгойт. Энеси бул жолу да күлүп тим болду. Өзүнчө басса-турса ойлонот. Балам ашык болгон кызды кайдан, кимден иликтеп көрсөм болот. Анын айтканын четке кагып, өзүмө жаккан кызды алып берсем, акырындап көнүшүп кетээр. Же өзүң жаша деп тескери басып кетеби? Азыркы жаштар артын ойлонбой иш кылат эмеспи. Той-топурда кудаларың тойдун көркү болуп келип олтурса жакшы да. Ата көргөн ок жонот, эне көргөн тон бычат дегендей. Бул шордуу эмне көрдү? Үйлөнүү тойдо тууганы жок кантет? Эл оозунда элек жок, калың төлөгөндөн качып, ушундай жетим кызды издеп жүрүп таап алышты дейт го. Же бул да өйдөтөн келген сынообу? Айсулуунун кайындары тоотпой, калың беришкен жок. Бирок, мен кызымды жер каратпайм. Колубуздан келишинче сеп даярдап берип жиберем. Кичүү балдарым Авас менен Нуртай үйлөнүп, аялдарынын себи келгенде бул байкуш жаман болот го. Балам да сарысанаада жүрүп, өңүнөн азып калыптыр. Чын эле катуу ашык болгон го. Үксөйүп чачы да өсүп кетиптир. Мурдагы ачык, шатыра–шатман мүнөзү да өзгөрүлүп, жалгыздыкты жактырып, түнт болуп баратат. Кээде өзү менен өзү сүйлөшүп калат. Үйдөгүлөр эмне иш кылып жатат, эмне жөнүндө сөз болуп жатат, анын иши да жок. Бирде бактылуу, бирде мусапыр көрүнгөн баласынын жагдайын көрүп боору ооруду. Ар кайсыны ойлоно берип, эненин башы катты. Апасынын макул болбоско чарасы калбады окшойт. Балдары чоңойгону эне тойго деп баарын катат. Кээде коноктон устукан алып келишсе, балдары тойго бекитесизби же жей берелиби деп тамашалап калышчу эле. Мына, эми көбү даяр. Кемелди атасына айтты эле ал:” Өзүңөр ойлонгула. Балдарың кой дегенди, оңой эле угуп калбайт. Сендей жок дегенин беришпейт. Тирешип көр, кимиңер жеңээр экенсиңер”,— деп кайра ачуусун келтирди.

Эртеси апасы:

— Мейли балам, сага жакса мага да жагат. Бирок май айында жаштар үйлөнбөйт экен го.— дегенге аргасыз болду.

— Ий-и, аябагандай чоң шылтоо таапсыз. Ал, орустардын салты. Мусулманчылыкта ай, күнгө эмес, Аллага ишен деп ким айтчы эле.

— Болду, болду, койдум. Алып кел, жанагы кызыңды. Тобокел.

Мейли деген сөзгө бала сүйүнгөндөн оор жүктөн куталгандай сүйүнүп кетти. Өңүнө да кызыл жүгүрө түштү.

— Кызык, тобокел дейсиз да кайра. Өзүңүз үйлөнүп жаткансып,— деп, калп эле сыр бербегенге аракет кылды Кемел. Жүрөгү Маяны дегдеп, араң эле чыдап турду.

— Тобокел дебегенде эмне дейин. Ошонун колуна барыбыз түшөбүз да. Жакшы адам болсо жакшы, экөөбүз жашарабыз. Жаман чыкса...

— Койуңузчу апа, бир келинден эле коркуп калаар биз эмеспиз го. Кайра колуңуз узарып, жумуш кылбай жашарасыз. Көрөсүз го, Мая сизге жагат. Ал аябай акылдуу, сулуу, жароокер. Көзү кашы кара. Мм-м..дагы кандай сүрөттөсөм деп Кемел жүзү албыра бактылуу болуп жатты. Баятадан бери баласынын бактылуу болгонуна эне да сүйүнүп турду эле, көзү— кашы кара десе чочуп кетти.

— Ай, ал өзбек эмеспи... Кыргызга окшошпу деги. Кыргызча сүйлөйбү? Ата теги кайсыл улут?.

— Дагы баштадыңызбы? Эч нерсесин билбе-й-т, төрөлгөндө эле энеси таштай качыптыр. Бири-бирибизге жаксак болдубу? Кур намыс жакпайт да деп, кайра сөзүн оңдоп кирди. Сиз да акылдуусуз, өз тарбияңызга салып аласыз.

— Тигини, силерди тарбиялайм деп чачым агарды, эми аялыңарды ... Болуптур. Эртең алып кел. А тойду кандай кылабыз. Кечинде атаң келсин тойду акылдашалы.

— Биз баарын чечип койдук. Той өткөрбөйбүз. Анын, менин досторубузду кафеге чакырып эле коебуз. Эч кандай чыгымдын кереги жок. Кафени достор көтөрөт.

— Баарын өзүң чечтиңби же аялыңбы? Акылдашуу болбойбу.

— Какая разница?

— Болуптур. Атаңан тойду кандай кылабыз деп бир ооз сура. Өзүңөр билгиле дээрин билсең да, акыл сура. Телевизордогу батыштын тарбиялары силерди каякка алып барып такар экен. Анда үйгө эле тойчук жасайлы деп атаңа айтайын. Элге төркүнү тээ, Якутияда экен деп коёлу. Дос-душманы болот, бирде болбосо бирде кейитип жүрүшпөсүн.

— Ушундай акылдуу алтын апам бар деп айткам Маяга,— деп сүйүнгөнүнөн дардалактап кетти, уулу.

— Эми балам, экөөбүз ачык болушубуз керек. Бир, эки жыл өз тарбияга салабыз. Сен аялыңа болушпа. Даттанса алдап, көңүлүн көтөрүп кой. Бардык ишти биз менен акылдашып тургула...

Энесинин аяккы сөздөрүн уккусу келбей, кубанганынан башы жерге тийгенче ийкегилеп акырын чыгып кетти. Ал Маясына, досторуна жолукканга ашыгып кетти.

Эртеси эле Кемел достору менен келинчек алып жетип келди. Күн чайыттай ачык. Кемелдин тууган-туушкандары келип, эшик алды опур-топур, бака-шака. Нары-бери жүгүргөн туугандардын кичинекей балдары. Колдорунда эшиктин алдында гүлдөп турган жоогазындардан, нарцисс, сиренден, иристерден үзүп, колдоруна кармап алышкан. Музыка жаңырып, баарынын маанайлары жаркылдайт.

Көшөгөгө келинин киргизип, арнаган кийимин кийгизип, жоолук салайын деп жатып Алымкан эне жапжаш кара тору, кичинекей бойлуу, кырдач мурун, тегерек көз сулуу кыздын калың, капкара чачы белине бош түшүп, ажарына ого бетер ажарлантып турганына тигиле карап: Саамай чачы төрт өрүм, арка чачы алты өрүм деп өзүнүн келин болуп келгенде кайыненесинин чачына суктана айткан сөзүн эстеп кетти. Эненин ичи ого бетер жылып, колдору калтырап, көзүнө жаш алды. Ал, сүйүнүчтүн жашы эле. Мая да көздөрүн бат-бат ирмегилеп толкуп турду.

— Ай келиндер, узун чачы бар экен, ак кебез менен учуктагыла,— деп абысын-ажындарына мактана карады.— Көшөгөң көгөрсүн, тең карыгыла,— деп, келинин эки бетинен өөп көшөгөдөн чыгып бараткан энени Мая колунан аста тартып токтотту.

— Апа, мен сиздин баардык кылганыңызга чыдайм. Кемелсиз жашай албайм. Бул дүйнөдө сиздин балаңыздан башка жакыным жок.— деди, жалооруй.

— Эмне дейт, катыгүн. Кайынене жаман болот деп уккансың го.

— Ооба, кыздар айткан.

Алымкан эне күлүп, басып кеткен менен аябай жүрөгү ооруду. Ушундай татынакай, акыл-эси тунук кызды таштаган ата-энесине наалат айтты. Аны аяп турду. Ичинде арамы жок жакшы бүлө болот экен деп келинине ичи жылып, талдоо жүргүздү. Баласынын жакшы кыз тандаганына ыраазы болуп турду. Өзүнө бул бечараны мыкты адам кылууга, эч кимге кемсинтпеске сөз берди. Кемел менен Мая бир туугандай окшош экендерин олтургандар айтып жатышты. Мая жарашыктуу жакшы кийим кийгизип, чын жүрөгүнөн сүйүнүп, жакшы кабыл алган аялга жетине албай кетти. Ал мындай энелик мээримди биринчи көрүшү да. Бул жерге келгенче жетим кызды кандай кабыл алышат деп санааркап, Кемелдин сөздөрүнө ишенген эмес эле да. Эми минтип ак жоолук. Эки аккуунун сүрөтү саймаланган аппак көшөгө. Үстүндө ак көйнөк. Сүйгөнүнө жетти. Күткөн элдер канча! Түркүн тамакка карк болуп турган ак дасторкон. Каттама курак менен куралган тирелген төшөктөр. Ар түркүн жаныбардын сүрөтү түшүрүлгөн кичинекей жаздыкчалар. Дубалда илинген колго токулган килемче. Полго салынган шырдак.

Музыка жаңырып, тойго келген жаштар. Жаңы жасалган боорсок. Ушунун баары мага арналды да. Элдин баары сүйүнүп, жылмая карашат. Мен бул күндү тилим чыккандан, акылыма келгенден бери күтүп, бул күндүн келерине күмөн санаган элем да. Мындай сыйга мен да бутум үзүлгөнчө жүгүрүп, колум тешилгенче кызматыңарды кылам деп көшөгө ичинде ойлонуп олтурду. Ошентип, той да бүттү. Баардык каада–салттар жасалды. Эртеси кечки тамакка жакын Алымкан апа үй-бүлөсүн чогултуп, тааныштырды. Ал, көп жыл мугалим болуп иштеген, азыр үйүндө эле. Жаш үй-бүлөгө энчи бөлүп берди. Бир бөлмөлүү үйдүн ачкычын беришти. Бирок Кемел: Нуртай үйлөнөөрдө кетебиз. Ага чейин ачкыч сизде болсун деп кайра апасына берип койду.

— Мен да мындан кырк беш жыл мурун атаңа жар болуп мында келгем. Кайыненем үй-бүлөсүн олтургузуп алып мага “кайынатаңа мага эртең менен жүгүнөсүң,. Ал учурашуу, сый көргөзгөнүң. Алладан башкага жүгүнбөйт дейт экен, бирок бул бизде салт. Эркек кишилердин орду өйдө болсун. Тамакта, кирин жууганда биринчи, керек болсо аттарын да атабашка аракет кыл деген”. Ошондон бери атаңдын атын айтпайм. Ата-апамдын төшөгүн тебелебей салчымын. Кайнилеримди, кайынсиңдилеримди тергейм. Сенден да ошону күтөм. Кырк беш жылда кайненемдин айткан акылдарынан эч зыян көргөн жокмун. Балдарыбыз токтобой, карыганда көргөн беш балабыздын амандыгын атаң экөөбүз тиленип олтурабыз. Эртең мененки тамак сегизде. Түшкү тамак саат бирде. Кечки тамак жетиде. Кайда болсоңор да кечикпей ушул саатта ашканада болгула. Эми өз тагдырыңар өз колуңарда. Сыйлашып жашайм десең, өзүң сый көргөз. Бактылуу болгуң келсе бакыт тартуула. Биз силердин жакшылыгыңарга эле сүйүнүп туралы. Бактылуу болуп, Аваз менен Нуртайга үлгү болгула. Эки кызым го күйөөдө. Алар конокко гана келет. Заманыңар тынч болсун. Уруш деген чыкпасын, урушту кулак укпасын. Зор махабат, бакыттарыңар баяндуу, жаңы өмүрдө жолдоруңар байсалдуу болсун. Бири-бириңерге күйүмдүү, эл-журтуңарга сүйүмдүү болгула. Уул-небере, чөбөрөлүү болгула. Мартабаңар зор, адамкерчилигиңер мол болсун. Кармашкан колдоруңар ажырабай, силерди ар дайым Алла колдосун. Оомийин!— деп бата кылышып, тамактанганы ашканага отурушту.

Кемел менен Мая шар аккан таза суунун жээгине чыккан эгиз гүлдөрдөй бири-бирине куп жарашып, булактай таза махабаттары биригип, дагы бир кичи мамлекет пайда болду.

Жай саратаны башталып, чымын-чиркей көп. Былтыркы тигилген розалар гүлдөп, бак шактар жапжашыл болуп, огород тарыгансып калды. Апрелде көз ачылтпаган жаандан тажашса, эми аны самап, күтүп жатышты. Күн тимеле куйкалачудай ысыды.

Кемелдин атасы эч нерсе менен иши жок, көп сүйлөбөгөн, оор мүнөздүү, колунан көөрү төгүлгөн жыгач уста адам. Ал, апаңардан сурагыла деп коюп, жумуштан келгенден кийин гезит окуп олтура берет. Бирок, Алымкан атаңардан оозунбай күткүлө, атаңар кандай айтса ошондой кылгыла деп ата кадырын өйдө тутуп, балдарга атасын сыйлатып, ролун арттырат. Макмал бул үйдүн улуу кызы. Ал жолдошу, балдары менен Анкарада жашашат. Нуртай он тогузда, Авас андан эки жаш кичүү.

Бир күнү келиниңдин өнөрүн көрөлүк дедик эле деп Алымкандын абысындары телефон чалып калышты. Алар келгенге чейин дасторконун жайып, баарын даярдап коюшту. Кайыненеси кабелте тарта “келиним жасады” деп, эл келгенде билмексен болуп олтуруп калды.

Кошуна аял зеригип, Алымканга келсе, Мая жүгүрүп барып нан алып келе калды.

— Нан ооз тийиңиз.

Ал, келинине таарынганда кээде келип, жай олтуруп кетчү. Нан оозтийди да, унчукпастан кайра үйүнө кетип калды. Мая эч нерсеге түшүнбөй калды.

— Ай, келин бери кел.— деп чакырып алды кайыненеси Маяны.— Кошунага жакшылык кылуу – бул исламдык адеп. Үй албай кошуна ал дегенди уктуң белең. Кошуналарга жакшы мамиле жасап, ага чай берип ал-акыбалын сурап, анан ага күтпөй шашып чыгып баратса анда нан ооз тийгиз. Эшиктен кирсе эле нан ала жүгүрсөң ал эрте кет дегендик болуп калат. Эгер эртең үйдө жалгыз калып, тез жардам керек болуп жатса, жакындарың алыста болсо кошунаңа кайрыласың. Ал сенин мамилеңе жараша болот. Сыйлашып жүрсөң, жардам берээр, мамилең начар болсо сага чуркап корккудай ал сенин кулуң эмес.

— Кечирип коюңуз, мен сизди кошунанын алдында уялтканым үчүн. Байкабастык кылып коюпмун,— деп, келин катуу уялып калды.

— Унду ачканда да бырчалап минтип капты кесип салба. Түйүнүн чеч. Баардык байланган нерселерди оңой эле кесип салбай ошону абайлап ачсаң түйдөктөлгөн турмуштагы көп түйүндөрдү да оңой чече аласың.— деген кайыненеси жанындагы каптын оң — сол жагын карап, бир жагынан жибин тартты эле дароо ал сөгүлүп кетти. Аны үкөккө салышты.— Мына балам, эми бул калак менен унду сузуп алып, мына бул элек менен чаранын сыртына чыгарбай жерге ун түшүрбөй элейсиң. Анан үкөкктүн оозун жаап кой.— Маяга ушинтип ар бир жумушту үйрөттү. Кээде баласына да нааразыланып кетет.

Мая Айсулуу кайынежесинин үйгө келээрин уккандан эле тыпырап, жыйналып, салат жасап, конок камын көрүп жүрдү. Ал, жолдош келиндерден “кайнененин эң слабый жери кыздарын жакшы тосуп, сумкасын толтуруп берип койсоң эле болду, кайыненең сенин колуңда” дегенин уккан. Ысыкта боргулданып, боорсок да жасап жиберди.

Күттүргөн Айсулуу да келди.

Мая Айсулууну алдынан тосоттоп чыгып, жүгүнүп, сумкасын колунан алып, сүйүнө жадырап-жайнап колтуктап үйүнө киргизди. Бут кийимин өйдө текчеге койду. Мая баарын жакшы кылдым деп турду. Бирок келин эски төшөк салып, досторкондун туюк жагын улага жакты каратып койгон экен. Алымкан апасы төркү үйдөн, сый төшөк алып келип салды. Айсулуу олтураары менен көзүнө ошол көрүндү. Апасынан далай жолу ошол үчүн тил уккан. Мая кызара уялып, чай куюп олтурду. Алымкан апа бир эки чыны чай ичип, бешбармакка эт чыгарганы ашканага кетти.

— Кандай, бул жерге көнүп калдыңбы?— деди Айсулуу ысыктан бетин желпип.

— Ооба, акырындап көнүп келатам. Бирок эмнени туура эмес жасадым, кайсы жерден ашык сүйлөп койдум деп корко эле берем. Апама кандай кылсам жакшы көргөн келини боло алам. Секреттерин айтып бербейсизби?

Айсулуу күлүп: Апалап турсаң, идишти калдыратпасаң, эшикти бутуң менен катуу жаппасаң, кабагың ачык болсо, балдарын көп жумшабай, сыйласаң, чайды жерге катуу койбой, колдоруна берсең, суу сунсаң да сумсайбай берсең эле калганын өзү үйрөтүп алат. Баса, дасторкондун туюк жагы төрдү каратылат, муну айтелек го. Коркпой эле кой, апама сен аябай жагыпсың,— деп өз оюнан чыгарып койду.— Башкаларга айткан ар бир сөзүң, өз башыңа кайра муш болуп тийиши мүмкүн. Эң жакшы досуңдай сырдашсаң да болот, апам сырга бек,— дегенде апасы кирди. Апасына чайнекти жылдырып, Мая уруксат алып, ашканага кетти.

— Ой апа, келиниңди кандай гана катуу кармайсың. Тимеле армиядагыдай, байкуш үнүн бир катуу чыгарбайт экен. Тобо, ушундай кайыненеге туш болбогонума.— деп тамашага чалды кызы.

— Ийе де, сага канча тарбия айтсам да кулагыңдын сыртынан кетип, укпачы элең. Азыр сени ашыкча талтаңдатып жатышат. Куйма кулак куюп алат. Акма кулактан агып калат дегендей, кийин кум кулактыктын азабын тартып, баарыңар кыйналбасаңар экен. Азыр акчалуу болуп, үй кызматкери тамак-ашыңарды даярдап, кайыненең өз тарбиясына жаштайыңан үйрөтсө болмок. Жалгыз келинсиң, турмуш татаал, бирде асманга чыгарса, бирде жерге чабат, же өзүнүн айлампасына салып айландырып кайра ордуна койгондо, кимдин ким экени билинет. Өгүнү айтсам “биз келиним экөөбүз современный жаштарданбыз, мен аны келин эмес кызымдай көрөм. Жаш эмеспи, ойноп күлсүн, кийин оокат керек болсо өзү эле үйрөнүп кетет,— деп койду. Ай, кызым, келиндин келиндей болгону жакшы да. Кайыненеңди сыйла. Мен балама кантип жамандык каалайын. Эркектин багы атынан, аялынан жана жашаган үйүнөн да болот эмеспи. Баламдын эмки өмүрү ошол аялына жараша болот. Ошон үчүн мен келиниме эң жакшы аял болушуна тарбиямды, көп жылдык тажрыйбамды жумшашым керек. Ага жакшы көрүнүп, бир
— эки жыл эркелетип, анан кайра ал менен беш жыл бою тарбиялай албай урушуп, келечектеги балдарын бир нары, бир бери сүйрөгүм келбейт. Баланы башынан, келинди жашынан тарбиялайм.

— Менин кайыненемдин бизди тарбиялаганга убактысы жок. Кантип, арыктайм жана жашарам менен убара. Кайыненемдин өзүнүн дээринде жок болсо, эмнени берет. Андан көрө келиниңиз чыдаар бекен?

— Мынча эмне жеңил ойлуусуң. Сен тууган жагыңды тарттың. Канча эмгек кылсам да жеңил бойдон калдың. Өзүндө жок эмей эле, сени аяп жатат, ошону түшүн. Карачы эй, “кайнене” деп боор бербей турганыңды, сага мынан артык эмне кылышы керек, өлүп кетсинби? Мен келиниме да, кызыма да бактылуу болууларын каалайм. Чыдайбы, чыдабайбы убакыт көргөзөт.

— Жакпаган жерибизди эле атам экөөңөр бири–бириңердин туугандарыңарга окшото бергиле.— Ошотапта Мая келип, тасмалды ырастап, ортого куурдак коюп кетти. Ал эне-кыздын маегин укпаса да аларга аябай суктанып койду. Ал түгүл балким менин да апам кыздары менен ушинтип бактылуу болуп олтургандыр деген ичитардык ой кетти.

— Ай, кагылайын эттин чий көбүгүн таза алгыла, сорпо иткел болбосун. Этти оодарып, сорпосун сапырып, ак сорпо кылгыла.

— Ийи,— деген Мая кайра бат эле чыгып кетти.

— Баса, септи жөн эле койбойсузбу? Чын эле үйдө баары бар. Акча көп кетет да.

— Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт. Билем го, үйүңөр кыргыз жашаган үйгө окшобой, кыргыздын бир буюму жогун. “Алты жашынан камдансаң арттырасың, жети жашынан даярдасаң жеткизесиң” дегендей чогулткандарыбызды беребиз. Өзүңдүн тиккен белдемчиң, кураган курак төшөктөрүң, чоң апаңдын сага деп арнаган чийге токуган таарчасы, таянеңдин туш кийизин, дагы башка арнагандарымды, шырдактарды берем. Аларга ар бир ийне сайган сайын каалоо-тилектерди айта берип, арналган сепке сиңип калат. Азыркы базардан оңой сатып алып даярды берип койгондой эле, үйлөнүшкөн балдар да кайра оңой эле ажырашып кетишет. Сен да сепке кандай көз майымды коротуп баарын жасаганымы эстеп, апамдын эмгегин, тилегин кабыл кылайын деп жакшы жашоого тырышасың. Сеп — энеңдин эстелиги. Эгер аны жакшы сактасаң сени өмүрүң өткөнчө жакшы тилектери менен коштоп жүрөт. Ал буюмдарды көргөндө мени эстейсиң. Кээде ал буюмдар туңгуюктан чыга албай, жол таба албай кыйналып турганыңда аны карап, энең менен сүйлөшкөндөй сүйлөшөсүң. Энеңдин ошондой учурда
эмне кылганы көзүңө тартылат. Ачууланып, бирөөгө ыза болуп турганыңда ал буюмдарды карасаң энеңдин мээримин элестеп жумшара түшөсүң, элди билбейм, мен ошентем. Мен кырк беш жылдан бери таянеңдин берген шырдагын бекитип жүрөм. Улам күбө жеген жерин кесип олтуруп кичирейип калды. Баары бир энемден эстелик. Тар заманда жашаса да, кызымды абысын— ажынына кепке кемтик, сөзгө сөлтүк калтырбайм деп сеп берген.

— Септи кандай кылсаңыз анда, өзүңүз билиңиз. Тигилер аны түшүнбөйт деле. Бирок алар үчүн эмес, мен үчүн да. Кой кетейин, кеч да кирип калыптыр.— кызы шашкан болду.

Шадыраңдап Авас сол жактан баштап, колдоруна суу куюп кетти. Тамак желди.

— Тамактарыңар, беш бармагыңар даамдуусунан кардым жарылганча жеп алдым,— деп Маяны карап жылмайды.

Телефонунун музыкасын коюп алган Авас, тамактан кийин оң жактан баштап колго суу куюп кетти.

— Мая, эжеңдин сумкасына бирдеме салдыңбы?— кайыненеси кызыкты.

— Ийи апаке, мына, Кемел койдун төшү, далысы, кабыргасы, куймулчагы деп муногуларды берди го, дагы боорсок, алма, татты-патты салдым.

— Ошент садага болоюн. “Тондуу күйөө, камыштуу кайнатадан үмүтөтөт” деген бар. Төркүлөп, каадасы менен келсең кара мал энчилейт элек, атам уй айтты деп айта бар. Коногуңду атказ эми,— деп, Кемел менен Маяны карады. Алар машина менен үйүнө жеткизип коюшту.

Жолдо кайтып келатып кечки Бишкеке суктанып, машинени токтотуп коюп, бир саамга нары-бери басып сейилдеп алышты. Сүрөткө түшүштү. Электр жарыгы түнкү асманды тиреп тургансып, айланасында чымын-чиркей уюлгуйт. Нары бери чубаган элдер. Көбү жаштар. Жаңы аянтчада түркүн гүлдөр, жаш фонтан. Алардан урган салкын аба. Көктө жымыңдап жайнаган жылдыздар. Толуп турган ай. Бардыгы жаштыгы менен сулуу көрүнүп турду.

Ошентип күндөр өтүп жатты.

Мая келген эле кишиге эпилдеп жүгүнүп калат. Анысы куру калбайт: “Алдыңды бала бассын, артыңды мал бассын”, “Алганың менен тең кары. Кудай жалгасын. Бактылуу бол. Көп жаша” деген баталар. Ансайын жүгүнгөнүнөн жазбайт. Бул, баралына келгенде кайненесинен ашкан тың аял болуп чыгат дешет. Айтор айткысы келбеген кишиден да, душманынан да бата алып алат. Кемелге да кээде мактанып калат. Бир күндө мен он чакты кишиден бата ала алам. Кана, мелдешели, сен эки эле кишиден бата алчы дейт оюн-чындан Мая. Кемел канча жакшылык кылса да рахмат деген гана сөз угат. А Мая көчөдөгү улуурак айылдаштарына чейин жүгүнүп, чын эле аз убакта батасын онго жеткизип койду. Кемел жеңилди.

— Пенденин ар бир сөзү кудайдын кулагында деп апам айткан. Элдин көбү жалынып бата берип турса, демек мен сөзсүз бактылуу, телегейи тегиз адам болом деп турмуштун убактылуу сыноолоруна чыдап койсом баары ойдогудай болот,— деп, анча мынчага маани бербей баары мээсине сиңип калды.— Кээ бир сараңдар бар, эки ооз батасын кызганып жүгүнбөй эле кой дешет,— деп, аларга кайра нааразы болуп калат.

Бир күнү Мая:

— Кемел мен өлдүм! Палоом, капкатуу болуп калды. Эми аны кантип дасторконго коём,— деп көз жашын көлдөтүп, ашканадан келди.

— Ии жинди, бүт ниетиңди тамакка коюп жасабайсыңбы. Билбесең апаман сурабайсыңбы? Мен сени баарын билет деп апама мактагам да,— деп Кемел күпүлдөп коюп эшикке чыгып кетти. Кемел Маяны өтө жакшы көрөт. Үй-бүлөсүнө жагынам деп бүт дитин коюп, тызылдап жүгүргөнүн карап боору ооруйт. Кээде тамактары даамдуу болбой калса ушинтип, уялганынан баладай ыйлайт. Бирок үйрөнсүн деп, анан калса аялымды башкарып турушум керек. Баланы жашынан, аялды башынан деп керсеңдеп коймою бар. Ошондо ичинен өзүнчө акырын алтыным, жаным деп аягында келесоом деген сөздү кошуп койчу. Алымкан апа да Мая ашканадан жүгүрүп чыкканда эле кемчилик кетиргенин дароо сезет. Акырын ашканага кирип, казанды ачып көрөт. Жакшы эле болсо, кайра барып ордуна олтуруп калат. Азыр келини бөлмөсүнөн чыкпай калды. Казанды ачып караса, палоого суусун аз куюп коюптур. Эне эшиктен кызыл, көк калемпирлерден жулуп келип, жууп, алардын ичине палоодон салып, керектүүсүн кошуп, казанга салып бышырып, башка тамак даярдап койду. Алты сотых жерден там салгандан кийин а
зыраак эле жер калса да, бир таман да бош жер жок. Чекесин гүлгө толтуруп, огородго тамак— ашка керектүүнүн баарын өстүрүп алышкан. Өзгөчө Кемел апасы экөө карайт. Таласта жашагандарында тамекиге иштеп көнүп калышкан. Келин ашканага келип, тамакты көрүп кайненесинин бетинен өөп, сүйүнүп жатты. Тамак аябай даамдуу болуп калды. Кемел апасынын жардам бергенин билип, апасына ыраазы болуп турду. Маянын көзү балбылдап, апасына улам нандан жылдырып коет. Эч нерсени түшүнбөгөн эле атасы жана эки бала. Тамактан кийин Кемел аялына: Мындай келесоодой кыялдарыңды коюп, үйрөн деп аялынын келесоо деген сөзүнө кандай реакция берээр экен деп күтүп турду. Мая байкуш чоң күнөөлүү кишидей, Кемелдин акырындап аны басмырлап баштаган сөздөрүнө этибар албай ыржалактап күлөт. Бирок өзүнчө калганда апасынын жоктугуна кейип ыйлап алат. Элдикиндей апам болсо ушунун баарын үйрөтмөк. Макмал менен Айсулуу кайынежелериме ушундай апасы барына суктанам. Мен келини эмес кызы болсом, дагы башка нерселерди үйрөтмөк деп ойлонот. Бирок Макмал, Айсулуулардын апасынын тарбия, насаат сөздөрүнөн тажап жатканын кайдан билсин. Колдо бар алтындын баркы жок да.

Бир күнү Кемел:

— Эй келесоо, бүгүн да тамагың каша го, өзүң же?— деп кабагын түйүп, катуу айтып чыгып кетти. Мая ошондо өзүнүн атынан атабай күйөөсү жаңы жаман ат коюп алганына ыза болду. Булар үйлөнгөнгө чейин деле аттарын аташчы эмес. Жаным, сүйгөнүм, алтыным, мамалагым деп бири-бирин эркелетишчү эмес беле. Эми эмне болду?.Кемел болсо аялын башкара алат экен деп үйдөгүлөр сүйүнүп калсын. Аялды башынан башкарыш керек, эркек болуп сес көргөзүп турайын деп ойлоп жүргөн. Өткөндө отурушта достору да:

— Музоо кезиңде сүздүрүп алба.

— Өтө тың экен. Бул түрү менен байкуш жалаякка жетпей, идиш жууйсуң го.

— Азырынча тез-тез жолугуп туралы. Бир жылдан кийин Армандын аялындай болуп, досторуңа жолукпайсың деп койсо, карааныңа зар болуп жүрбөйлү. Бой жеткенче апаңды, кийин аялыңдын тилин алышың керек, это закон,— деп каткырып күлүшпөдү беле.

Маяга да жолдош келиндери:

— Алам десе эле адыраңдап, жетелешип келе бербей окуп, ойноп күлүп, кем-карчыңды саттырып алып, жаштыкты жаштыктай өткөзүп албайт белең.

— Эр түгөнүп баратса да.

— Бизге го айла жок, алакачып алышкан.

— Оо, алдыда далай уруш-талаш, жогорку сотунан аксакалдар сотуна чейин жеткен аң-дөңдөр көп болот, — деп Маяны таң калтыргандарына маашырлана өздөрүн көптү көргөн акылман сезип биринен бири калбай бежирешкен. Узун халат кийип жүдөбөй, базарда кыпкыска халат, сонун шортиги менен бар. Ошондой кийбейсиңби. Мүчөң киши кызыгаарлык го. Элдин баары сени карап, күйөөң башканы карабай кызганычтан өлүп турсун. Күйөөңдүн айтканы менен болуп, башынан жаман көндүрбө. Кийин кийим, керектүүңдү алып бербей коет,— деп, дагы көп сөздөрдү жебирешкен.

— Ээ ошондойбу, ай-ий мен күйөөгө тийсем эле, көчөдөгү баласын көтөрүп жүргөн бактылуу үй-бүлөлөрдөй болом деп жүрбөйүмбү,— деп таңкалган болуп койду. Бирок чынында Мая аларды уккусу келген эмес эле. Анын өз акылы бар. Бактылуу болуу өз колумда жана бактылуу болом деген ишеничинде бекем турган. Эч жамандык оюнда жок, баарын үйрөнүшүм керек деп жүрүп, жөнсүз жерден кемсинткен сөздөрдү укканына арданып кетти.

Ошол күнү кечки тамакты жыйнап, бөлмөсүндө ойлуу жатты. Кемел жок. Эшикте жамгыр шытырап катуу жаап жатты. Күн күркүрөп ого бетер үй сүрдүү болуп, чагылгандын жарыгынан кээде үй жарк эте калып кайра көзгө сайса көрүнгүс караңгылык басып жатты. Терезени ачып, эшиктен топурак жыттанган нымдуу абадан кере–кере дем алды. Айнекти ачып койгондон, караңгылыктан, күндүн күркүрөшүнөн, жарганаттын кайкып учушунан коркту. Жайкы чилдеде жаан жаап, күндүн күркүрөшүн биринчи көргөндөй таң калды. Мурунку жылдардын кандай болгонун эстей албай койду. Жаан көнөктөп, куюп жатты. Аяштар чын эле айтса керек. Ою менен болуп, күйөөңдү башынан жаман көндүрбө дешпеди беле. Аларга ишенбей душмандык кылышты десем, чын белем деп Кемелге ызаланып, ыйлап жатып апасы эсине түштү. Ага жолугуп, акыл сурагысы келди. Бирок кантип? Мая апасын али да күтө берет. Ал өзү өсүп-чоңойгон жетимдер үйүнө да турмушка чыккан жеринин дарегин таштап кеткен.

— Сени үч ай кезиңде апаң үч күн багып бере аласызбы, жатаканамдан чыгарып жатат. Баш калкалаганга жер тапсам эле кайра келип алып кетем деген. Ошондо сени бооруна бекем кысып, алмак-салмак эки бетиңен өөп, көзүнүн жашын көлдөтүп, бозала болуп колума кармата салып чуркап кеткен эле. Атыңды да айткан эмес. Бул жерде орустар да иштегендиктен ысмыңды Мая деп атап калганбыз. Кийинки келишинде ооруп турам деп сени алыстан карап коюп эле, колуна алган эмес. Ошондон кийин келген жок,— деген тарбиячы эжекеси. Мая андан апамдын көзү кандай, өңү кандай деп он сегиз жыл бою жүз, миң жолу сурагандан тажабай келди. Мая тили жаңы чыккандан бери апасын күтүп келди. Эртең менен туруп эле терезени карачу. Ар бир майрамда да ошенте берчү. Калың кар кетип, жаз келгендеби, жайдын ысык аптабында болсун, күздө, кайра кышта күттү. Кээде түнүндө да күтчү. Балким апам үй бүлөлүү болуп жолдошунан коркуп күндүз чыга албай жаткандыр деп түндө күтчү. Анан ар бир ийгилигинде күтчү. Мейли, үй-жайлуу болсун, мен ага эч тоскоол болбойм. Эч нерсе сурабайм. Үйүнө барбайт элем. Жөн эле бир көрүнүп кетсе. Башка адамдар сыяктуу корккондо, кыйналганда, сүйүнгөндө аны элестеп, ошол элесин көз алдыман чыгарбай туу тутуп, жашай берет элем. Ооруп жүрсө керек, балким бул дүйнөдө жоктур. Ошон үчүн келбей жатат го. Жок, мени үч ай баккан, ал сөзсүз келмек. Ал боорукер. Апам мээримдүү. Ал оорусун жугузбайын деп менден качты. Балким али да ооруп жүргөндүр. Акыркы келгенинде сүрөтүн эле таштап кетсе издеп жүрүп таап алмакмын. Балким жардамга муктаж болуп жаткандырсың. Эч таарынбай жан дилим менен жардам бермекмин. Ай, апам ай! деп сыздап алды. Анын эсине улам эле бир ыр келет.”Кала берди танка алдында тепселип” деген. Аны унутуп башка нерсе ойлоноюн десе деле кайра эле ошол ыр келет. Шаңдуу, түзүгүрөгү келсе да көңүлү ачылат беле. Эми Мая да өз алдынча ойлоно баштады. Акырындап Кемелди уруш чыгарбай өзүн сыйлаткандын жолун ойлой баштады. Кемелди күтүп жаткан.

Бир маалда анын дабышын укканда уктамыш болуп, дубалды тескери карап, козголбой жата берди. Сырткы шамдын жарыгынан бөлмөнүн дубалдарына бактардын көлөкөсү шамалга кыймылдап, арбайган жез кемпир жүргөндөй, мына эми басып кала тургандай кыймылдай берди. Дилинде күйөөсүнөн кечирим сурап, эркелетет деп күтүп жаткан.

Антпеди, түн бир оокумда келген Кемел аялын бир карап алып, төшөккө тескери карап жатып алды. Ал аялынын мурдагыдай жаркылдап, сагынып күтүп турат деп ойлоп келген. Ою ордунан чыкпай өзүн ара жолдо, ач белде жалгыз калгандай сезди. Алтүгүл мойнунан кучактап, сени кайда жүрөт, ким менен жүрөт деп ойлоп алып кызганычтан өлгүм келди деп ыйлашын каалап атайы эле кеч келген. Минтип көрмөксөн болуп коюшу анын ачуусун келтирди. Эмнегедир кимгедир кызгануу сезими көөдөнүн көөзөп кеткендей болду. Экөөнүн тең ичтери жыбырап, жүрөктөрүндө таш тургандай оор кыйналып жатышты. Асман-жерге батпаган кусалыкта калышты. Экөө үйлөнө электе ушинтип сагынып, кусаланышчы эле. Эми бир керебетте жанаша жатып, бири-бирине жете албай ортолорун калың айнек тосуп тургандай болду. Бирөө эле колун сунса, экинчиси аны шап эле кармай калмак. Бирок экөөнү тең куру намыс жеңип турду. Үйдүн ичин оор жымжырттык уялай түштү. Маяга дем жетпей, караңгы, чытырман токойдо адашып, жалгыз калгандай, муун-жүүнү бошоп, өзүн алсыз сезип, бул үй, бул төшөк башкага таандык, эми кайра балдар үйүнө кантип барам деген ой келгенде жаздыкка өзүнөн–өзү ачуу көз жашы тамчылап, жошолоно оозуна да кирип жатты. Башынан баягы ыр дагы эле кетпейт. Күнүгө чоң ишкананын жетекчисиндей өзүн үйдө кенен сезген Кемел эми ушинтип эле ажырашып кетсек эмне болот деп ойлоп алып, өзүн чакадагы сууга түшүп калган чычканга окшоштуруп кетти. Ошентип, ой менен алпурушуп жатып байкаса Кемел коңурук тартып уктап жатат. Жумушу оор, күндүн ысыгы бул болуп жатса чарчайт да. Машине менен келгенби чачтары, кийимдери кургак экен. Маянын уйкусун бирөө уурдап кеткендей, көздөрү чакчаят. Акырын туруп, буттары чалыштап басып келип, терезени карады, жамгыр басаңдап калыптыр. Ага жакшы бир ой келди. Күйөөсүнө болгон таарынычы жазылып кеткенсип, аны суктанып, жылмайып карап койду да кат жазып чөнтөгүнө салып койду. Мая бири-бирисиз жашай албасын билет. Күйөөсүнүн үйүндөгүлөрдүн көзүнчө эле кагынып-силкилдеп калаарын да билет. Бирок ушуга көнүп кетпесе деген эле ойлогону да. Кош бойлуу аял кээде ушинтип туталанып, сөз көтөрбөй ыйлай берет эмеспи.

Эртең менен Кемел жумушка эрте кетип калды. Мая короодогу иттер чуулдашып, кабышып жаткандан улам ойгонуп кетти. Күн эчак чыгып, так төбөгө келип калыптыр. Кеч тургангабы же кейигенгеби айтор башы ооруп, маанайы пас жүрдү. Жамгырдан кийин аба тазарып, бир аз жел жүрүп турган экен. Кечээги катуу шамалдан гүлкайырлар сынып, эшиктин алдына майда барат таштандыларды шамал чогултуп салыптыр. Шыпыргы алып короону шыпырып чыкты. Кемел турганында катты окуп эле эртең менен эркелете күндөгүдөй бетинен өөп ойготуп, кечирим сурайт го деп Мая ойлоп алган эле. Бирок андай болбоду. Шыптын астындагы уяны карады. Ал бош. Быйыл бул чабалекейдин уясына ээси келген жок. Балким өз уясын унутуп калып, башка уя салып алдыбы? Же алар келише элекпи, кайдан, деп эшиктин алдында жөжөлөрүн жана индуктун бир жөжөсүн ээрчитип бараткан тоокту карап Мая, үшкүрүнүп алды. Аларды Алымкан апасына, энеси ээрчитпей койгон индуктун жөжөсүн өзүнө окшоштурду. Ошол ою менен барып, жетим жөжөнү бооруна кыскысы келип ала коеюн деди эле жөжө жанталашып тигилердин артынан чуркады. Тоок да ачуулана Маяга тап берип, тепкени жүрөт. Маянын тооктон таяк жеп кала жаздаганына бир чети коркуп кетсе, бир чети күлкүсү келе, өзүнүн жаман ойлорунан заматта арыла түштү. Асыранды болсо да, жанын тобокелге салып тооктун өз баласын коргогонуна ыраазы болду. Өзүнө да төлгө кылып, Алымкан кайненеси коргооруна ишеним кылып алды. Ушул тоокчо башым иштебейт. Болоор–болбоско таарынбай эч нерсе болбогондой жаркылдап жүрөйүн, жаман ойдон жат болоюн деп ойлонду. Анын кектебеген, тез таарынып кайра чукул жазылган, сөз аңдып, тирелишпеген, болоор ишти сезе билген, анча-мынчаны көрмөксөн, укмаксан болгон жакшы мүнөздөрү бар. Мая ушул күнкү жумушун тоокторго жем бергенден баштады.

— Жеңе, бери келсеңиз, муногу кыз жакпай калды. Өзүңүз бирдеме деп жолго салып коюңузчу,— деген кайниси шыңгырап жаткан чөнтөк телефонду анын колуна кармата койду.

Эч нерсеге түшүнбөй калган Мая телефонду басып:

— Алоо бул ким? А менби...

Мен Авастын сүйгөн кызымын. Бизгеби...м..м... бир жыл болот. Мен да сүйөм... Эч бербейм, ал меники... Мушташка чакырасыңбы... Авас экөөлөп сени тепкилеп салбайлы?...Давай пока... Аваска берейин. Кел жаным...

Жеңесинин минтип айтаарын күтпөгөн Авас тим эле боорун тырмап каткырып жатты. Мая телефонду ага берип:

— Кудай кааласа кутулдуң! Сникерс шокалад карызсың,— деп, тамашалап коюп үйгө кирип кетти. Кайынатасы келининин шаңкылдап сүйлөгөнүн угуп алып, таң калганынан жүрөгү токтоп калайын деди. Артынан аялы кирип:

— Экөө ошентип кыздарды тамашалашат. Баары жайында. Укмаксан болуп кой. Өзүбүз эле кагуу жеп калбайлы,— деди ага.

Телефонун колуна алган Авас огородго барып алып, “ушундай болуп калды, мени кечир” деп жатты. Авас адамдын көңүлүн оорутпаган, боорукер. Жеңесинин да көңүлүн көтөрүп дайыма чынбы жеңе, распы жеңе, суу алып келейинби жеңе, эмне жардам керек жеңе деп тим эле артынан ырдап жүрөт. Сырларын да жашырбай айтып берип, кыздарынын сүрөтүн көргөзүп турат. Бир убакта беш кыз менен сүйлөшкөнгө үлгүрөт. Бирок бейчеки ээнбаштык кылбайт. Мая да аны “эрке бала”, “шайыр бала” деп тергеп, кээде үйдө эч ким жокто Авас дегенди тескерисинен Сава, Сорока деп эркелетип, экөө анын кыздарына ойноп тийишип, жинди кылышат. Жаштары теңчамал эле. А Нуртай болсо токтоо, кабагы көп ачылбай окуусуна барып келип, апасына жардам берип, ага-жеңеси менен сый мамиледе. Ал али юрфакта окугандыктан Мая аны сот бала деп тергеп коёт. Жеңесинин антип тергегени Нуртайга да, үйдөгүлөрдүн баарына жагат. Азыр студент анан үйрөнчүк деп улам огуштуруп олтурбай эле акыры сот болот, сот деп эле коёюн деген.

Түшкү чайдан кийин Мая алаксымакка Алымкан апасына газета көргөзүп:

— Апа, Гүлназ деген ырчы жөнүндө угасызбы, окуп берейин?— деп калды.

— Мейли, кагылайын. Окусаң оку...

Аты-жөнү: Байзакова Гүлназ. Жашы:20, бою:172, салмагы:53, жаккан тамагы:манты, жактырган майрамы: жаңы жыл, бойдок, жаккан машинеси мерседес экен.

— Ээ садагаң болоюн, мунуңду кадырлап гезитке чыгарган соң, бир элге пайдалуу суроо берсе болбойбу. Анын эмне тамак жакшы көрөөрү ашказаны менен ашпозчусуна эле керек болбосо, элге эмне кереги бар. Мисалы, кантип жакшы ырчы болсо болот. Кантип оңолобуз?.Чет элдин эмнесин үйрөнсө болот. Кайдан арзан оокат, кийим табабыз жана башка суроо толуп жатпайбы?

— Ай, апам ай. Азыркы жаштарга ушул кызык да. Сиздерде кандай суроо берчи эле.

— Садагаң болоюн, эми анын кайсы бирин эстейин.

— Айтсаңыз апа.

— Мм... Биз жаш кезде биринчи мүдөөбүз: ата-энени сүйүнтүп, шаарга чоң окууга өтсөм. Жатакана, стипендияга жетсем. Жигиттер ала качып кетпесе, анан диплом алып, үч айга жетпей алган билимим менен иштесем. Анан эрге тийип, ажырашпай жашоо болчу. Ошого кандай аракет, эмгек менен жетчү элек. Суроолор да ошонун тегерегинде болсо керек, эсимде жок. Анда өзүн эч ким жар салчу эмес. Азыркыдай жарым жылаңач эмес, шым кийгенден тартынчыбыз. Бети-колубузду эле көрүшсө да, кадыр баркыбыз жигиттерге чоң болчу. Азыркы жаштар баары эле ырчы, бийчи болом дейт экен. Анан карыбы-жашпы, мусулманбы, айтор акчалуу эркек болсо эле ылгабай тийип алышат экен. Биз Ак Мөөрдү Жантай чал алды деп ыйлап жүрбөдүкпү. Ээ, акындар жазган аппак сүйүүлөр бар эле. Азыр байкуш сүйүүнүн да баркы кеткендей.

— Жок апа, чыныгы сүйүүлөр көп,— деп айтып алып Кемел катты окуду бекен, мурдагыдай сүйөбү деп санаркап кетти.

— Ошондой эле болсун, кагылайын. Мен жаштарды билбейм да, көчөдөн тартипсиз кыздарды көрсөм, ушинтип ойлоп кетем. Өмүрүңөрдү берсин, ыйман, ырыскы берсин жаштарга,— деп, шырдак шырып жатты. Бирок, келининин негедир көңүлү тынчыбай турганын дароо байкады, анын адамдардын ичиндегисин бешенесинен окуп ала турган шыгы бар эмеспи. Унчукпай дагы кечке байкамак болду.

Кемели менен ичинен мактана: Кудая тобо, бат эле жоргосуна салып алды. Баламдын тимеле кареги менен тең айланат го. Ошентсин, эркек эмеспи. Кожоюн болуп, туура-туура эмес болсо да кээде душман көзүнө коржоңдоп турсун. Чектен эле ашып баратса биз турабыз го. Аны көргөн инилери да ошондой кетет. Келиним да бышык-чыйраак, баралына келгенде жемин жегизбеген, оокат-ашына тың жакшы бүлө болот деп ичинен компоёт. Түү-түү көзүм тийбесин деп өзүнөн да сактанат. Кудайдан эртели кеч тиленгени эле Айсулуу менен Маянын эртерээк төрөшү. А, ал тилекти азырынча экөө тиленеби, ким билет. Баарынын ар бир кылган ишин, кабак-кашын байкайт. Энени жаратыптыр да, тегиз ойлой турган кылып. Улам келип, шырдак кармаша калып, кайра тура калып үйгө кирип, жаңы халат, жоолугун ооштуруп, көчөгө бир чуркап, айтор бир кызыктай эле болуп жатты. Келинин карап:

— Өңүң эмне кубарып калган?— деди кайненеси.

— Кичине желдеп калган окшойм,— деп калп эле күлүмүш болду Мая. Кемелди ал чыдамсыздык менен күтүп жаткан, жазган катынан кандай жооп болот дегенсип. Кемел кечке жумушта бүкү-түкү болуп жүрсө да Маяны көргөндө үйдө эле экен дегенсип төрөпейил болуп, катты окубаган кишидей дагы эле боюн көтөрө, сүйлөбөй огороддогу жашылчаларды чапканы чыгып кетти. Ал кантээр экен деп Маяны текшергени эле. Бир чети уялып бет багып карай албай койгон. Бирок сүйүүсү мурдагыдан да алоолонуп күчөп турган.

Желп эткен жел жок. Асман көпкөк, туптунук.

Эне кантип алдансын. Ал да:

— Ысык чайдан ичип, жылуу жатсаңчы, –деп коюп эшикте жүргөн баласына басты. Кээде үйдөн чыгып баратып, Мая менен Кемелге кулак төшөп калат. Экөө ойноп же махабат тууралуу сүйлөшүп жаткан болсо, күлүп кетип кала турган. Жакындан бери эмнегедир келини ушинтип көңүлү ачылбай калып жүрү. Жанагы Маясыз жашабайм деген бала кайда жүрү?. Колума түштүң, эми кете албайсың деп аялынын көңүлүн чөгөрүп жүрүбү? Келин да кызганчаак көрүнөт. Жумуштан келээри менен соткасын текшерет го, чиркин. Аны билип алган балам ансайын ыржалаңдап ар кимди өзүнө чалдырат. Оюндан от чыгат да. Ой, жаштык–мастык ай.

Өгүнү Айсулуу күйөөсүнүн телефонунан чалган экен Кемелди сурап, келиним ала коюп “сен кимсиң айт, анан чакырам”— дептир. Мунусу да жумушунан келе коюп эле, босогону аттары менен апа Мая кана дейт. Анысын мен бир бекитип койгонсуп. Апа ден соолугуң кандай десе сүйүнбөймбү? Анысы да жумуштан күйөөсү сааты менен келсе деле чыдабай, он жолу утурлай көчөнү карап келет. Кошуналардан да уялат экенсиң. Кичинекей балдардан айырмасы жок. Мен мындай кезимде эримди тик карагандан ыйбаа кылчу элем, ал учурда ыйман бар экен да деп ойлонуп баратты.

— Балам, келинчегиңди тарбиялайбыз деп көңүлүн чөгөрүп алып жүрбөйлү. Анын көңүлүн улап базарга алып барып кийим алып берсеңчи. Сырттан окутуп койсок кандай дейсиң? Ал, бул үйдө сен деп жүрөт. Түшүнгүн. Куранда жазылгандай аял эркектин кабыргасынан жаралган. Эгер аны түздөйм десең байкабай сындырып аласың. Анын анча мынчасын үйрөтсөң, кээ бир кыялдарына көнүшкө да туура келет. Балам, кылдан кыйкым таап, майда барат кемчиликтерге маани берип олтурбастан таттуу өмүр сүргүлө. Ар кимиң өз милдеттериңерди жакшы, так аткарбай бирин бири сыйлабаса, ортодо ынтымак жок болсо мээр, махабат жок болуп, уруш-талаш күчөп, чымындай кемчилиги төөдөй болуп көрүнө берет. Бир күнү урушкан үй-бүлөдө үйүнөн кырк күн береке качат экен. Элдин көзүнчө аялына корсоңдоп, анан кайра аялына эл жокто эки күн кечке жалынып-жалбарып өз кадыр-баркын кетиргендер да бар. Ошолорго таң калам, ошол эмне, зарылбы?

— Апа, бизди көп аңдып, коркпой эле кой. Мен Маяны жакшы көрөм, жөн эле ойноп, коркутуп жатам. Тигине аның уй сааганы кетти. Бар апа, эртерээк барбасаң уйуң тээп салбасын. Анын мага жазган катын анан бошогондо окусаң. Бирок бул жашыруун сыр,— деп апасынын сөздөрү өзү жакка ыргытылып жатканына тынчсызданып, уялганынан апасына катты кантип берип койгонун да билбей калды.

— Билсе билбесе деле, мен кылам апа, олтура бер деп эле жулуна берет, байкушум. Өгүнү эле сол тарабынан саайын деп олтурганда чакасын ыргыта тээптир эле. Жалкыбайт экен,— деп Алымкан келининин артынан сүйлөнө жөнөдү.

Келини болсо желинин жууп, өчөйүп олтуруп алып саап жатат. Желини катуу, каруусу келбей, уй да жакшы ийибей койду. Чымын чиркейден корунуп, куйругу менен чапкылап жатып, байкуштун жоолугун да булгап салыптыр, өлгүр десе. Анда да болбойт. Күнүгө апасына көргөзбөй ушинтип эптеп саайт.

— Ии кагылайын, уйду саап койдуңбу? Тим эле койсоң өзүм саайт элем. Минтип болгон жумушумдун баарын алып койсоң зеригип кетем го,— деп күлүп, келининин көңүлүн жубатып коюп, ал башка жумушка алаксыганда кайра уйуна келип, шыпкай бир саап кетет. Уй да буга чейин бир кол саап жүрүп, башкага ийибей койгон бир шүмшүк. Желини ооруп калат, анүстүнө эрте байып кетпесин дегени да. Маяга уй көнгөнчө ошентип экөө бири-биринен жашырынып саап жүрүштү. Мал ээсин тартпаса арам өлөт дегендей сенин уйуң да өзүңдү тартып киши тандайт деп күйөөсү тамашалагандай эле бар. Ошол уйу үчүн конокко барып да конуп кала алчу эмес.

Колун жууп эле Алымкан төркү бөлмөгө кирип кетти. Күн үрөң-бараң болуп калган. Ууру иш кылгандай эмнегедир колдору калчылдайт. Эшикти да ичинен илип алып, шекшип калышабы деп кайра ачып келди. Светти күйгүзүп, диванга гезит окуп жаткансып, гезиттин ичине катты ачып, муун-муунга бөлүп, колуна түшүнбөй эжелеп окуй баштады.

“Деңиздей сүйүүмдү сезсеңчи жаным. Мен сенин назик караган келбетиңди, эркелеткен сөздөрүңдү жоготуп алдым. Ал күндөрүм кайрадан кайрылып келишин мүнөт, секунд сайын кудайдан сурануудамын. Колуман келсе бүт дүйнөнү сага тартуулаар элем. Сага жолуккан, сен жылмайып мени тигиле карап турган күн менин эң алгачкы кубанычым эле. Бул жашоо мага сенин махабатың үчүн гана кымбат болсо керек. Эгер сүйбөсөң кыйналба жаным. Мен сүйгөн адамымдын эч качан кайгырышын каалабаймын. Сага ыраазымын, кечир, сүйүүгө мас, чоркок, өзүмчүл, сүйүүнүн өртүнө өрттөнүп бараткан бир адамды. Эгер сүйсөң миң тозокко салсаң да чыдайм, жаным. Сүйбөсөң жүрөгүмдү алаканыңа сууруп берип, жер кезип кете берем, кете берем. Бирок, сен мени өлөт экен деп сарсанаа болбо, жаным. Себеби менде сенин белегиң бар.”

Алымкан апа катты коюнуна беките салып, эмелеки келинине боору ооруп, жүрөгү эзиле ыйлап жатканын унуткансып, эшикте жүргөн баласына чала-була кепичти бутуна илип, жүгүрдү.

Кемел апасын көрүп чочулай ага утурлай келатты.

— Эмне болду апа, тынччылыкпы? — деп көзүнүн жашын сүртө сүйлөп да, ыйлап да, келаткан апасынан көзүн албайт.

— Атаңдын башы болду! — деп, ал коюнундагы катты колуна кармата коюп:— Кат! Бекит! Мунуңду,— деп баласын жонго эки муштап алды.— Кош бойлуу келинди ыйлатасың ээ! Мына сага! Дагыбы?! Мына!— деп жонго койгулап, колунун булчуң этинен ачуу чымчып алды.

Кемел апасынын жонго койгулаганын түшүнбөй далдырап турган. Бир убакта эсине келген кишидей:

— Я-а, кош бойлуу... чынбы?... Апа! Мен ата боломбу? — деп апасын кучактап калды. Алымкан да уулумдан биринчи неберелүү болом деп сүйүнгөнүнөн башын ийкегилеп күлүп да, ыйлап да жатты. Анан:

— Мая, М-а-я жаным!— деп, балбалактап үйгө жүгүрүп жөнөдү.

— Ой, коё тур, бакырбай алдагы катыңды бекит. Мен көргөн жокмун, уктуңбу? — деди баласына кайрыла токтой калып.

Ээ, кишини жинди кылган иттер. Сөзүмдү аягына чейин укпай кетти. Сабыры жок. Уялганды билбейт ушулар. Бирок мен деле далбактап балама айтканча шашпадымбы? Бир кепичим да жолдо калыптыр. Бала деген кандай жакшы. Тиги аңкылдап кыйкырып барып келинди чоочутуп салбаса болду эми? Кыргыз күрөш деп көтөрө чабышмайларын токтот деш керек. Мындан кийин уйду өзүм саайын. Кенен кийим алып берейин, балам кысылбай чоңойсун. Ошо, эмнегедир оор тартып, отуруп-тура калып, мүчөлөрү да бузула баштаганын байкап жүргөм. Өгүнү түшүмдө маки алды элем. Буйруса эркек төрөйт го келиним деп божомолдоп алды. Эртең бардык жумушумду токтотуп, доктурга алып барайын деп кубанып жатты. Ал күнү баары кубанычтуу жүрүштү.

Эртеси доктурга барып келе жатышып, баягы катты эстеди. Анча эле ички сезимдерин ичине катып, билдирбей койсо болбойбу. Баламды дырдыңдатып көптүрбөй. Биз деле балдардын атасы экөөбүз кат алышчу элек. Ал айылдын башында жашаса, мен ошол айылдын ортосунда жашачубуз.

Жүрөгүм күйүп чок болот
    Сен келип ойго түшкөндө. 
    Ойлосом ойдон чыкпайсың
    Магинитиң жок беле?
 — деп кат берсе, жообун үч айдан кийин минтип бербедим белем.

Катыңды алганыма көп күн болду
    Жазууга болбоду иштин оңу.
    Жаш жигит жан оорушуп кечирип кой
    Аягында муногундай суроо болду

Кеңколдун тоосу аскадыр
    Калбасын көңүл жашкадыр.
    Астыртан сүйүп жүргөнүң
    Балким менден башкадыр, — деп буйтап турчу элек. Бир жыл бою кеч киргенде эшигибиздин алдында туруп, эки жолу кол алышып учурашканбызды кантелик. Атамдан жашырынып, койлордун акырына жатып, далай жолу анын үстүнө чөп ташталыптыр эмес беле деп жаштыгын жылмая эстеп келатты.

Кемел ал күнү жумушунан эртерээк суранып алып, гүлү көп орус кемпирдин үйүнө барып, андан эки миң сомго, миңден ашуун болгон гүлүн сатып келди. Гүлдөр ар башка түстө жана ар сортто болучу. Эринбей бир тал гүлдү да калтырбай, “мен сени сүйөм” деген кичинекей жазууну бардык гүлдүн сабына ороп чыкты. Анын баарын компьютерден жазып, жабышчаак кагазга чыгарып алган эле. Үйгө көрүнбөй кирип, өздөрүнүн бөлмөсүнө, полго гүлдүн баарын төшөп чыкты. Кызыл гүлдөрүн жүрөкчө кылып ортосуна төшөп, калган өңдөгү гүлдөрдөн килемче жасап койду. Укмуш, керемет эле болуп калды, баарынан да канча эмгек. Бир ооз жакшы сөз айтуу кээ бир жаш жубайларга кыйын болсо, бул жерде миңи бар. Мунун күч-кубаты канчалык. Анан кантип Мая жакшы келин болбосун. Кемелдин белегин көрүп Маянын кубанганын айтпа! Эреркеп, тим эле ыйлап жиберди!

Ошентип, алар эң бактылуу жашап жатышты.

Күн салкындап, жалбырактар аздап күбүлүп түшүп, чөптөр саргайып, жер үстү жүдөңкү тарта баштады. Баягы эле Авас жеңесине кыздарына нааразылыгын айтып жатты. Кыздар менен таанышканда эле алар каяктансың дешет экен. Эли-жериме кызыккан кыйын болсоң таап ал дегенсип мен да: Саруу уруусунанмын. Саруудан Көнөк баатыр. Көнөктөн Кырк уул, Тубай, Төңтөрт, Тогунай, Томолок, Жамаке. Алардан баланча, анан түкүнчө деп токтобой атам айтып берген уруубуздун санжырасын айтып кирсем, байкуштар унчукпай калат деп эрдемсинет. Балээсине түбүн билеби. Азыркы куудулдардан уккан: өпкөсү жок, сарт, тоок соёт, тултуйган тоолук, арак менен ашлямфусун айтып, иргеп сөзгө жыгамын дешкени го. Токтобой кайра өзүнүн мээсин чагып салам дейт Авас кудуңдап..

— Ушу сен оозуңан кыздар түшпөй, сот баладан биринчи үйлөнбөсөң болду.— дейт Мая тамашага чала.

— Апам мага чоң таянеңдин төркүндөрү тектүү, жакшы адамдар. Ошолор менен кайра сөөк жаңыртып, сага ошолордон кыз алып берсек деген болучу. Таза урууну таза кармаш керек дейт. Аларды анча-мынча билем. Сулуу, акылдуу, жакшы кишилер. Бирок кызын көрө элекмин. Досуң өзүңөн деңгээли төмөн болсо, төмөндөйсүң. Сени менен тең болсо, ортодон жылбайсың. Жогору болсо, жогорулайсың деп айткан, апам. Аял деле ошондой чыгаар. Атамдын үйүндө кала турган болгондон кийин апамдарга жакканын алам. Бирок жеңе сиз дедовшина болбоңуз ээ, ага.— Аваз оозун чормойто суроолуу карады.

— Болом. Сендеги өчүмдүн баарын аялыңдан алам. Жаңы келгенде досторуңа чейин кайынагаң деп мени жүгүнткөнүңдү унута элекмин,— деп күлөбагып, сыдырым соккон желге карай жоолугун оңдоп салынды.

Кайыната өзүнчө мурдагыдай үнүн катуу чыгарып сүйлөбөй, кээде ачуусун чыгара албай, кемпири жокто тамакты тоё иче албай, мурдагыдай достору менен аракты көп ичкенден келининен сактанат. Кайынене болсо баарын аңдый карайт. Бирде келиниңе уят болбо деп абышкасын тыйса, бирде эки баласын жардамдашып турбайсыңар деп урушат, кайра келининен балдарыма да карап, сырдашып, туура эмес иштерде жүрбөсүн сөздөрүнөн байкап жүр дейт. Үй тирилигин Мая толугу менен өз мойнуна алып, түйшүктөн кайненеси арылып калды. Айсулуу төркүнүнө көп келбейт. Ал Маянын чын ыкластан меймандап, ак пейили менен сыйлаганынан, тызылдай чуркап ал кеткенче көзүн карап, жалтактап, жалаң ага көңүл бөлгөнүнөн Айсулуу эмнегедир өзүн ыңгайсыз сезип, эртерээк кеткенче шашат.

Айсулуунун себин үйүнө алып барып беришти. Эки шырдак, эки алакийиз, ичине жүн салып, алты жер төшөк, алты сыйра жууркан төшөк, көшөгөсү, сандыгы, идиши, кийими, килемин бүт үйүнө жеткизишти. Мыскалдар да аларды жакшы сыйлап, атасына ат, апасына уй энчилеп, жакшы кийит менен жөнөтүштү.

Нуртайга жер тамды өз күчтөрү менен салып башташты. Макмал кызы да алортодо Турциядан келип кетти.

Күз келип, той-аштар биринин артынан бири болуп жатты.

Мая кайненесин кээде ал жакка ээрчип калат.

— Мейли, жүрү! Апамдын чачпагын көтөрүшүп келдим деп коесуң да,— деп коёт кайыненеси. Кафедеги той бүткөнчө апасынын жанына улам-улам келип, үшүгөн жоксузбу?Тышка чыгасызбы? Чермейиңизди алып келейинби? Ден-соолугуңуз жакшы элеби? деп чын ыкласынан сурап кетип кайыненесинин кадыр-баркын эл көзүнө көтөрүп турду.

— Кызыңбы? – дешсе тааныбагандар.

— Жок, келиним. Өмүрүн берсин, ушинтип баарына үлгүрөт,— деп, жанында олтургандарга мактанып калат.

Арадан бир жыл өтүп Мая эркек төрөдү. Баары кубанып, эки кой союп той беришти. Карын бузуп, май томуруп, наристени май менен оозантышты. Жентектеп келген байбичелерге чүйлүү тамактарды коюп, көйнөк-жоолук салып батасын алышты. Бактылуу күндөр өтүп жатты.

Кылайган булут чыгып, бара-бара уламдан улам көбөйүп олтуруп таптаза асманды толук чүмкөп алды. Алай-дүлөй уюлгуган шамал жүрүп, шаардын чаңы асманга сапырылып, чырпык-чөп, кагаз, жалбырак сыяктуу женил нерсенин баары учуп жатты. Дагы бир аз убакыт өткөндөн кийин кээбир тамдардын чатырлары ыргып, бактар кулап жатты. Кырсыкты кайдан деп болбойт, ошол учурда Айсулуунун кайынатасы чоң аварияга учурап калды. Эсине келалбай реанимацияда жатты. Берки, кагышкан машинеден эки киши өлүптүр. Күнөө Белектин атасында болуп, көп акча сурашат. Фирмасын, Белектин машинасын беришет. Үч күн акыл-эсине келбей жатып, кызы келгенде акырын көзүн ачат. Айсулуу жүрөгү сезип, доктурлар да болбойт дегенден кийин Белекти молдого жиберет. Молдо көрүп сүрөөлөрдөн окуй баштайт. Кайнатасы көзүн ачып аялын карап, жалдырагандай болуп турду. Аны көргөн кызы:

— Доктурду чакыргыла, молдоңорду жоготкула! Атам өлбөйт, өлбөйт!— деп кыйкырып жиберди.

— Кечирдим, сен да кечир де, -деп, молдо аялга ачууланды.

— Жоок, өлбөйт. Кеткиле. Жоголгула баарыңар!— деп ыйлай берди. Белек менен карындашы апасын жетелеп алып кетишти. Доктур келип, бар аракеттерин кылып бирок натыйжасыз чыгып, байкуш киши үзүлүп кете берди. Айсулуу коридордогу кайыненесине чыгып, эмне дээрин билбей, эрдин кесе тиштеп, башын чайкап, бакырып ыйлап жиберип жерге олтуруп калды. Алардын ар кими биринен сала бири эсинен танып, ишене албай жатышты. Мыскалдын көз алдында келининин баш чайкап, өңгүрөп ыйлап келатканы эле калды.

Антпестен эл чогулуп, көп төркүнүн төгөп келип жаман кабарды айтыш керек экен. Ким угузса кишини ошол өлтүргөндөй кармап калат экен, Мыскалдын да көзүнө келини суук көрүнүп калды. Туугандары келип, Таласка эли-жерине алып барып, таман казы бээ союп көмүштү. Айылы, тууган-туушкандары ражасын чогултуп беришти.

Кайынатасынын жакшы сапаттары эсине түшкөн сайын Айсулуу буркурап боздоп ыйлап алат. Анын чүкө ойногондогу чүкөлөрдү калп эле келини жакка шилтеп коюп, аялы менен баласынан алып койгону, аялы менен баласына көргөзбөй кээде акча бергени, хрусталь вазаны сындырып алганда, Мая эмес мен сындырдым деп кутултканы, айтор баары биринен сала бири көз алдынан чууруп өтүп, ээ-жаа бербей көз жашы төгүлүп жатты. Ал киши аз өмүрүндө эли-журтуна, тууган-туушкандарына кадыр-баркы өйдө, элге үлгү болчудай, үй бүлөсүнө күйүмдүү адам эле. Мындай жакшы адамдар эгерим өлбөйт деп Айсулуу ойлочу. Анын арманы, көп баласынын жоктугу эле. Чиркин ай! Тагдыр деген ушундай татаал тура. Таалайы тайкы экен кантебиз деп кейип алды. Кайра үйлөрүнө келип, көнө албай Мыскал өгөйлөп жүрдү. Үй кызматкерин кетиришти. Мурдагыдай көп акча жок. Атасынын топтогону өзү менен кошо кетти. Үйдө кечке ыйлайт, тажаганда эшикке чыгып, басат. Ал жактан өзүнө окшош жалгыз серүүндөп жүргөндөрдү карап, өзүнө окшоштуруп, аларды аяйт. Олтургучка олтуруп алып ой менен күн кечирет. Көп бала төрөбөгөнүнө өкүнөт. Кайра үйгө келсе тунжураган жымжырттыктан чымындын учкан үнү угулат. Үйдө чоң аквариум бар эле. Ичинде жыйырмадай ар түр балыктар бар болчу. Таласка маркумду койгону кеткенде алар да оокаты жоккобу, айтор баары кырылып калыптыр. Аны гаражга чыгарып салды. Ал жактагы экөөнүн эски буюмдарын көрүп, эми үйдө эскиден өзү эле калганын ойлоп, өзүн да керектен чыгып калган буюмдай сезди. Кайра үйгө келип, чай коюп ичти, бирок тойгон тойбогонун билбей туруп кетти.

Мыскалга бул дүйнөдө ал үчүн кызыктуу эч нерсе калбагандай, өткөн күндөрүн эскерүү менен гана күндөрү өтүп жатты. Аза күтүп олтурган кудагыйына Алымкан маал-маалы менен келип кайрат айтып кеп оролун келтире жакшы сөздөрү менен кайрадан жашоого күч кубат берип кетип турду.

Айсулуу да ай күнүнө жетип, бүгүн эртең деп толгоосун күтүп жатты.

Бара-бара кайгы муң сууп, балдардын ар кими өз жумушу менен алектенип жүрдү. Бир гана Мыскал унутпай, күйөөсү менен өткөргөн ар бир күнүн эскерет. Ал, өлөөр алдындагы бир жумада күнүгө коркуп, элеңдеп алды артын карап бирөө жүргөндөй түкшүмөлдөнө берчү. Кечинде уктасам эле көп кишилер келип карап тургандай болуп жатат. Сен мени кайтарып олтурчу, бир аз чырм этип алайын десе аябай күлбөдүм беле. Ошондон кийин мага эч нерсе айтпай, таарынып төркү үйгө диванга жатып жүргөн. Көрсө ошондо эле менден бөлүнө баштаган экен. Белекке да: Бутуман басып, акырындап мойнума жетип, кыкындыра баштаганда, сен кирип, жүрөгүм кысылып жаным туйлап турду эле, ох рахмат, ойготконуңа, кетпей жанымда олтурчу деген экен. Байкушум ай, жакшы эле качкан экенсиң. Ошол коркуп жүргөн кезде кан чыгарып, мал союп курмандык чалып, садага берип, дуба окутуп койбой, билбестик кылдык да. Же билген бирөө жарымга айтпайынбы десең, ал да менден кетти деп өзүнчө ыйлап олтуруп албадыбы. Бирок садага бердим деген. Машинеси менен кетип баратса жолдо бир аксакал кайыр сурап турган экен. Эмнегедир атамды эстеп ага боорум ооруп кетти деген. Жолдун чет жагында элем, жыйырма сом сунсам аны аксакал жерге түшүрүп алды. Машинемди айдап кетсем кокус акчаны алам деп кийинки машинеге урунуп албасын деп кайра чөнтөгүмдөн жүз сом бердим. Аксакал токто деп колун жайып көп бата бере баштады. Кетип кала албай мен да колумду жайып тургучакты артымдагы мерседес машине шаштырып, акыры менден алдыга чыгып жүрөөрү менен кум ташыган ЗИЛ коюп кетти. Күнөө ЗИЛде болду. Тигил мерстен үч киши мүрт кетти. Эгер аксакалга садага берип, мен токтоп калбаганда ал ЗИЛ мени коймок. Садаганын күчүн көрдүңбү? Ошол жүз жыйырма сом садагам менин өмүрүмдү сактап калды деп келгенде эле түлөө бербей десең. Акчаны аяп, жети токоч бышырып, эшикте ойноп жүргөн балдарга таратып койбодум беле. Түшүчү? Денеси кадимки эле жарганат, башы, чачы узун кыздар. Саны бешөө. Алар мени тиштеп, үйдүн моруна салышат. Мен жанталашып качам. Кайра эле кармап алып, морго салышат. Жаным бир нерсени айт дегенсийт. А мен эмне айтышты билбейм.

— Аялыңа айтпаган сырларыңды айт деп жатышат да. Жарганат кыздар,— деп калп эле түш айтымыш болуп,— кулагымды көндүрүп жүрбө деп дөөрүдүм. Берилип айтып жаткан күйөөм ачууланып, көз айнегин столго коюп сыртка чыгып кетпеди беле. Баягы төлгөчүнүн күйөөң сени таштап кетет дегени дайыма эсимде жүрчү. Кыйытпай тигил дүйнөгө кетет десе, бир мүнөт да жалгыз калтырбай, кайтарат элем го. Ошол төлгөчүнүн сөзүнөн кийин, бүт жан дилим менен аны жакшы көрө албай, баары жасалма деп ичимен арам оюм турар эле. Таштап кетет экен деп аны канча жек көрдүм. Төлгөчүгө эмне барам десең. “Кызыңды чакырып, эрге бер. Кайра жибербе, жаныңда болсун. Ден-соолугуңа кара. Келин балаңа күн салдырык кылганча, көтөрүп көргө салсын” деген байкушум ай. Балким өлөөрүн билдиби? Мени аяган тура. Билбейм, эмнеге мындай болуп кетти деп өзүн көп күнөөлөйт. Төркү үйгө чоң сүрөтүн илип алып, ар убак ал сүрөтү менен сүйлөшөт.

Кээде ачууланып кыйкырсаң, мен да кошо сенден ашып түшүп кыйкырчы элем. Ошондо унчукпай эле калсам эмне. Байкушум ай! Жүрөгүмдө калды, сен кечирсең да, тикиреңдеп айтышкандарым үчүн өзүмдү өзүм кечире албайм. Теңелбей, унчукпай күнөөлүү болуп олтуруп калчу элең. Аттиң! Минтип сыздап, тилимди тиштеп, күнөөлөрүмдү санап, арманым ашып-ташып калаарымды билсең керек го деп солкулдап алды. Анан кантсин ал ошондой асыл адам эмес беле. Канаты сынып, учалбаган өрдөктөй көлмөдө жалгыз калбадымбы. Мыскалга маркум күйөөнүн жакшы сапаттарын балдарына, элге айтып аны эскерип кадырын көтөрүп турган адам эле жакшы көрүнөт. Өзү да анын баардык жакшы сапаттарын эстеп уктабай жатып жүрүп уйкусун да бузуп алды. Кээде бакырып-өкүрүп, бөлмөсүндө ары бери чуркап буулуккан бугун чыгарып, чарчаганча өпкөлөп ыйлайт. Андайда Белек апасынын бөлмөсүнүн босогосун аттабай, баш багып эле, куйкасы куруша – Эмне болду эми? Сабыр кылбайсызбы? Биз күнөөлүүбүзбү, даана кызык экенсиз?Баланын жүрөгүн түшүрөсүз? Үйдө олтуруп, буулугуп, майда да болуп баратасыз. Иштеп кетпейсизби деп өгүздөй өкүрүп салды да тез эле бөлмөсүнө кетип калды. Баласы күйүтүн түшүнөбү? Маркум күйөөсү ”ошолорго күн салдырык кылбасын “деп туура айткан экен. Мыскалды баласы жаакка чуу деп чаап жибергендей эле болду. Үн жок, сөз жок бүрүшүп, төшөгүнө чүмкөнүп, кабыргасы ого бетер кайышып, күйбөгөн жери күл болуп жатты. Белек буга чейин апасынан кемчилик көргөн эмес, минтип кер-мур айткан да эмес. Майда болуп дегени аялынын айтканы да. Эне ороң-бараңдаган баласына нааразы болду. Бала күнүндө ойноп жүрүп ыйлап калса, ичип жаткан ашын таштап, аттап-буттап жетип, баласын тизесине кондуруп алып, өөп— жыттап, айланып кагылып сооротчу эмес беле. Белек деле баласына ошентет, бирок апасына андай боору оорубайт. Эмнеге?.

Бир ойчул айткан экен. “Ата-эне бала үчүн жашайт, а баласы өз баласын багуусу керек” деп. Бул орустар үчүн же батыштыктар үчүн айтылса керек деп ойлочу. Андай кыргыздарда болгон эмес да. А эгер ошол туура десе кийин, азыркы жаштарды карыганда аларды ким багат деп ойлонуп калат. Санаа адамды бат эле мөгдөтүп жиберет экен. Кечке чейин бакта жалгыздап олтура берет. Мыскалга жаккан бирден бир жер ушул парк. Анткени кечки тамактан кийин экөө ушул паркта ары-бери көпкө басышаар эле, өзгөчө жайында. Ушул жерден күйөөсүн күтөт. Анын жыты бул жерге сиңип калгансып, терең-терең дем алып алат. Үйдө болсо тумчугуп кетет. Асманды карап, жолдун эки жак бетине катар тигилген бактардын баштары бири-бирине тийишип, кээси асманды көтөрүп турса, кээси ылдый салаңдап, өзүнүн арманын угуп турушкандай сезет. Анан калса бул бак-дарактар күйөөсүн тааныйт эмеспи. Кудайдын куттуу күнү ал ушул жерден ушинтип күтөт. Мыскал эскерүүлөрүн айтса бактар да анын сөзүнө кошулушкандай маал-маалы менен шуудурашат. Башкалар унутса да асылымды бул парк унутпайт. Мен сыяктуу булар да жүрөгүнүн түпкүрүнө анын элесин сактап алышкан. Ал тыйын чычканга тамак берчү эле деп ошол тыйын чычканды издейт. Үйүндөгүлөргө күйөөсүн айтып баштаса эле: муну билебиз, жарым жылдан бери улам айта берип, жаттап калганбыз деп кагынышат. А бул бак-дарактар күнүгө айтсаң да угат. Анткени алар, аны барктайт деп ойлонот. Нары-бери басып, арманын уга турган жакшы, муңдуу, армандуу адам издейт. Бирок бул жерде жалаң телегейи тегиз адамдар эс алышат окшойт. Мыскалдын болор болбоско эле ыза болуп, күүлөнгөн комузга окшоп, көзүнүн жашы даяр турат. Тобо, чоң шаарда бейгам олтуруп, чер жазыша эскерип сүйлөшөөр адам жок деп да жашыды.

Баарынан маркумумду жерге бергени Таласка баргандагы батага келген туугандарынын тойго барчудай жалтырак, ак көйнөктөрдү кийип жасанып келгендерин көрүп, элдин табасы канып жаткандай сезип, аларга ачууланып, ыраса ыйлаган. Батага бараарда кийимди байкап кийген жакшы экен. Аны башыңа келмейинче түшүнбөйт экенсиң. Жумуштан чыгып, далай жолу эле куран окуткан жерге өзү деле барбады беле.

Кызына атасынын кетпе дегенин айтса да болбой койду. Кырк ашынан кийин кайра кетип калды деп ага да нааразыланат.

Уламдан улам суук күчөп кыш жакындап келатты.

Айсулуу эркек төрөп, төбөлөрү көккө жете сүйүнүштү. Бирок төрөтү оор болуп, догдурлар экинчи бала төрөгөнгө болбойт дешти. Булардын уруусу да ушундай экен. Атасы жалгыз, чоң атасы, баба, буба, кубасына чейин жалгыздан. Алар небереге бир аз алаксып калышты. Атын Салмоор коюшту. Бирок атаңарды сыйлап, бир жыл той тамашаны токтотолу, азалуубуз деп той беришкен жок.

Айсулуунун бели катканча деп кайнене жалаякты жууп, үй жыйнап, тамак жасап бүт жумушту мойнуна алып алды. Келини бөлмөсүнөн чыкпайт же баланы кайненесине бербейт. Доктурлар Мыскал апасын чоң сезгенүү болуп, (депрессия) нервтери бузулган, жакшы карагыла, тынч койгула деп дары берген. Аны ичип жүрөт. Айсулуу ошону көңүлүнө алып калган. Кокус баланы олдоксон кармап алабы деп коркот. Бирок кызыл эт кичинекей баланы киринткенден коркуп, кайненесине берип:

Өзү: акырыныңыз, үшүп кетти, ыткытып жатат, абайлаңыз, тумчугуп калат. Кулагына суу кирген жокпу деп энесине ишенбей, карап турат. Мыскалдын ачуусу келе: — Ой кандайсың деги. Сенин күйөөңдү деле киринткем, неберем баламан да ысык. Эми чачын кыркып, кырк кашык сууга чайкап ырымдап, кыркын чыгаралы деди.

— Азыр токтосоңуз, апаман сурап көрөйүн?— деп апасына телефон чалды.

Бул учурда Мыскалдын: келин баары бир кайненени өз энесиндей көрбөгөнүнө, кырк күн колун сууга салдырбай, ысыктап кетпесин деп кайнатма тамак жасап бергенин баалаган жок. Бирдеме айтсаң эле энемен сурайын деп кишини келесоо тутат окшойт деп ачуусу келип турду. Мыскал бүгүн таң эрте туруп, камыр ачытып, тогуз токоч бышырып, кошуналарына таратып чыккан.

— Апа, туура эле экен. Сиз айткандай эле кыркын чыгарат экен. Алар кой союшуптур деди.

— Эртең менен эмне үйдү түтүн кылып жибердиңиз дегениңде айткан жок белем. Сен турганча тогуз токоч жасап, куран окуп, таратып койдум. Болот ошол, мал сойбойт деле,— деп жактырбагандыгы үнүнөн байкалып турган.

Кечинде Белек жумуштан келип, чай ичип алып, бөлмөсүнөн чыкпай кечке баласын эрмектеп, акыры уктап калат. Апасы жалгыз бир бөлмөдө, кечке телевизор тиктеген болот. Эшке чыгып, сөөк саактары какшаганча басып келет. Атасына эстелик катары мүрзөсүнө барып, кыш катуулап киргиче, арча тигип келсең боло деп айтайын деп айталбай жүрөт. Ал акыбалын сурап, атасына куран окуп, жаныма олтурса анан айтайын деп жүргөн. Бирок Белек баласына шашып келет, ал менен көп нерсени кыялданышат. Сүрөткө түшүрөт. Өздөрү да башынан ушинтип жумуштан келгени ар кими өз бөлмөсүндө болуп, көнүп калышкан да. Апасынын жалгызсыраганын, баласы менен сүйлөшкөнгө аны күтүп жүргөнүн сезбейт. Айсулуу да кечке зеригип, Белекти чап кенедей жабышып, апасына жибербейт. Мыскалдын сиңдилери баланы көргөнгө келишти. Эшикте кыламыктап кар жаап турду. Аларга кайненесинин төшөгүнөн алып келип салып койду. Септеги төшөктөрүн зымырата катып салган. Мыскалга анысы да жакпай турду. Айсулуу аларга тамак жасап бермек түгүл баласынан чыга албай жатты. Менменсинген аялды бешик берет сазайын дегендей, баягы тырмагын өстүрүп, үлпүлдөп өзүнө каранган Айсулуунун жүдөгөнүн айтпа. Баласы менен алек болуп, күндүн чыкканы да батканы менен да иши жок. Эптеп эле баласын чоңойтсо болду. Баласын конокторго кармата коюп, жүгүргөн келин жок.

— Тим эле келиниң Манас туугандай го деп кетишти. Кайнененин ичине келининин жагымсыз кылыктары топтоло берди. Эшикке таза абага чыкты. Кыш келип, бат эле караңгы кирген менен ай жарык экен. Жердеги аппак карлардан улам ого бетер жарык болуп туруптур. Аппак карларды карап Мыскалдын көзү карыга түшүп, бир аз көнө түшкөндөн кийин тарап кетти. Ал студент кезинде шаардан Таласка үйүнө түнкү автобус менен баратып, автобус бузулуп, Жамбылда үшүп турганда күйөөсү экөө таанышканын эстеп кетти. Ооба, ошондо кыш мезгили болчу. Бирок анда ай караңгы эле. “Жүрү, үшүп кеттик, ашканадан тамактаналы”— деп колтуктап алса тааныш бирөө-жарым көрүп калабы деп элеңдеп эки жагымды каранам. Ой — боюма койбой жетелеп келатты. Аярлай бир аз баскандан кийин көздөрүм караңгыга көнүп, ылдамдай басканбыз. Ээ, андан бери канча кыш өттү, бирок ошол кыш, кечээ эле болгондой эсимен кетпейт деп үшүгөнүн сезбей көпкө турду.

Айсулуунун кайнатасы өлгөндөн кийин кайненеси өзгөрдү, мурда мындай иштерине көңүл бурчу эмес. Белек айлыгын Айсулууга берет. Апасы иштебей акчасы жок. Дарысы түгөнгөнүн айтса унутуп коюшат. Алымкан кудагыйына келип, ал-абалын көрүп, кызына акылын айтып кетти.

— Кызым,-деди ал,— сеники да жалгыз бала болуп, кайненеңе кылган мамилеңди кийин өзүң келиниңден аласың. Чын пейилиң менен жакшы кызмат кыл. Өзүңдүн карылыгыңды ойло, балам. Бул жашоодо кимге эмне кызмат кылсаң, ошону кайра ушул эле жашоодон ыраатын көрөсүң. Жакшылыгыңдын да жамандыгыңдын да. Адамдар жакындарын апасына, балдарына туугандарына кошунасына жакшы сөздөрдү айтып көңүлүн көтөргөнгө караганда нааразычылыгын, таарынычын, капачылыгын айтканды жакшы көрөбүз. Эми сен апаңа эрегишпей анын сөздөрүн көтөрүп, оор күндөрүнөн чыгар. Кайненең жаштайынан жесир калып убал болду. Ал да жаш балаңдай сенден мээримдүүлүктү, сыйды, жакшы сөздү күтөт. Сен аны балаңдай эркелетип, маал-маалы менен дары дармегин берип, жаңылыктардан айтып берип, көңүлүн көтөр. Белек-бечкек алып берип, концертке алып барып анын жанында көбүрөөк болгула деп кетти.

Кайнене менен келиндин ортосунда кыргый кабак башталат. Айсулуунун ар бир кылган иши көзүнө одоно көрүнө берет. Анан эле чыртылдап жактырбайт. Жай кыймылдап жүргөнчө чайы муздап калат. Ал болсо ысык чайды жакшы көрөт. Айсулуу кээде байкабай кайненесине чети кетик чыныга чай куюп жиберет.

Белек келгенче кечки тамакты алып келсе, ага да ачуусу келе: Үй ээси бизден калган кешигибизди ичмек беле деп капаттап, тамак ичпей диванга олтуруп алды. Айсулуу жини келе атайын ага далысын сала олтуруп, шуркуратып сорпосун иче берди. Кийинки күнү тамактын астын өзүнчө куйуп койдум дегенден кийин ичет. Мыскал уулуна айтып он ай көтөрүп, омурткамды сыздатсам, сени кандай түйшүк менен баккам, тишибиздин кирин соруп, Москвага окуттук деп кадимкидей опурулуп кирчү. Белекке апасы аялың минтти антти деп айта берип, уруштары улам күн, ай өткөн сайын көбөйүп баратты. Аялы да апаң ар бир кадамымды тескейт. Кече минтти, бүгүн антти деген сайын аялына нааразы. Жумуштан чыгып үйүнө келгиси келбейт. Заарканып, кимиси кимисинин бетин тытып салды деп араң келет. Мурдагы көзү менен тең айланган аялынан жылуулук жок болуп баратты. Балага болушуп кайненеси чыкты.

— Муну урганың мени урганың, ушинтип тарбиялайм деп жатасыңбы?

— Баланы мен төрөгөм. Кандай тарбия берсем өзүм билем.

Аларды көрүп Белек ачууланып ортого түшсө Айсулуу да ачуусуна жеңдирип, кыйкырып чыкты. Итти деле ура берсе чая болот да. Айсулуу да кайненесинин жемесинен улам бети ачылып бейжай болуп алды.

— Тилиңди кыскарт,— деп аны бөлмөсүнө түртүп киргизип койсо Айсулуу кийинип алып төркүнүнө кетип калды. Экөөнү уруштуруп алып, Мыскал да кайра үйүнө батпай калды. Үн сөзсүз экөө эки бөлмөдө телевизор тиктеп олтурушат. Белек бөлмөсүндө коңулдап, баласынын ар бир оюнчугун кармалап, кийимдерин жыттап, аялы менен таанышканын эстеп жатты. Анда кыш мезгили эле. Сотка алганы Мегаком кампаниясына келип, Айсулууну көргөн. Ал ошол жерде иштечү. Кыз сотканы түшүндүрүп жатты. Эмнегедир алардын көздөрү тиктеше калып, кыз уялгандан көзүн ала качып, башка жакты карап калып жатты. Белгисиз күч алардын көздөрүн көздөрүнө аргасыз кайра— кайра кадалта берди. Кемел ансайын от чачкан каректерин теше тиктейт. Айсулуу албыра толкундап, бети кулагына чейин ысып чыкты. Кемелдин жүрөгү туйлап, оозунан сөзү түшө, жалдырап эле карайт. Бирок бардык күчүн жыйнап кечинде сизди узатып койсом болобу деп сурап алган. Кыз күтпөй кетип калбасын деп алган соткасын кайра кызга таштап кеткен. Кечке чейин Айсулуунун сөздөрүн кайталап, элесин элестеп жүрдү.

Жумуш убактысы бүткөндө Кемел келип, экөө аялдамага баратышты. Тили буулуп калгансып, сөз таппай Кемел кыйналып келатты. Алардын аңгемеси да кадамдарына шайкеш келип, жай эле. Кар калың жаап, суук болуп тургандыктан бассаң таманыңдагы карлар качыр-кучур этип дабышың угулуп жатты. Болгон эркин жыйнап, тамагын жасап алып, өзү жөнүндө айтып кирди. Кайра ичинен мактанып салдымбы деп бүдөмүктөнөт. Айсулуу да өзү жөнүндө айтып берип, бири-биринин телефондорун, даректерин алышкан.

Кийинки күнү жигит кызды кафеге чакырды. Тамактангандан кийин бийге чыгышты. Күн мурун камдап алган сөздөрүн айта албай мукактанып, унутуп да койгон. Ал чөнтөгүнөн жүз аарчысын алып көл-шал болгон чекесиндеги терин аарчыды. Алар анчейин сүйлөшө албаган менен жүрөктөрү сүйүүлөрүн билдирип жатышты. Музыка да жалгыз алар үчүн коюлгансып, денени жибитип, жүрөктөрүн эзип турду. Вальс бийлешсе экөөнүн тең колдору, денелери калчылдап, жүрөктөрүнүн катуу соккону бири-бирине билинип турган эле. Чекесинен тер чылпылдап чыккан. Бул дүйнөдө экөө гана жүргөндөй бактылуу болушкан. Ал күн эмеле болуп өткөндөй эстеген сайын толкунданып, өзүн коёрго жер таппай калган. Ошентип кыз кылтакка илип алып, анан ушинтип азапка салды.

Ойгонсом көз алдымдан, уктасам түшүмдөн кетпедиң го. Кийин үйүнө барып, суукта тоңуп, ары–бери басып, колумду үйлөп жылытып, кеңгуруча секирип далай үшүктөн калдым. Ал назик колу менен колумду аяр кармаганда, ток ургандай кайра ысып чыкчу. Бир аз үйүнүн тегерегинде серүүндөп кайра кайтчымын. Сүйүүмдү кышта тапкан үчүнбү айтор кышты жакшы көрөм. Ал деле мага кайдыгер эмес эле. Кечиксем кабагы түйүлө, коркутуп, сүйөөрүн даана билгизип койчу. Эми эмне болду билбейм. Бешенеси тырышып, сустаят да турат. Эч ким жакпайт. Апам да таза аңдып алды аны. Эмне кылсам, артынан барып алып келсем аялсаак деп апам жаман көрөт го. Барбасам аларды бир күндө эле сагынып кеттим. Бир жума эптеп чыдайын, апам өзү айтсын деп ойлонот.

Мыскал баласына кичинесиндегидей кылып жакшы тамак бышырып берчү болду. Анысы болсо тултуюп ичпейт. Жакшы жемпир да алып келип берди, көңүлүн улагысы келип. Аны да кийбей койду. Баласынын кабагы ачылбай, ачка-ток жүргөнүнө жүрөгү ооруйт. Бирдемсе сураса, көңүлсүз күңкүлдөйт. Өзүн жемелейт. Небересин сагынат. Баласын ичинен тилдейин десем жалгызсың, тилдебейин десем байкушсуң деп армандап алат. Кыйын болгондо да Мыскалга кыйын болду. Эринен ажыраганы бир тең болсо, келин баласы да минтип күнөөлөп кошул-ташыл кайгысы артты. Деги иши оңолбос болду, кургурдун. Ансыз да ичмекейи ичинен болуп кусадан куурап жүргөндө. Эринен да булардыкы жаман экен. Жетимсиреп түндөй түнөрүп унчукпаган баласына боору ооруйт. Ойлуу жүрүп кырсыкка кабылбаса болду деп коркот. Бирөө-жарым келиниң кайда деп сурап ийбесин деп тышка да чыкпай калды. “Чыныгы байлык байлыктын көп болушунда эмес, көңүлдүн ток болушунда”— деп куранда айтылганы чын экен. Белек да түн бир оокумда келет. Таң эрте кетет. Аны арак ичип жүрөбү деп энеси шектүү карайт. Ал: балам үчүн намысты коюп, эртең барып келинди алып келейин. Балам атасы өлгөндө да мынча жаман болгон эмес. “Бокту чукуган сайын сасыйт” дегендей, жаман жагын эле көрө бербей, эми жалаң сеники туура деп, бийликти буларга берип, башымды чүмкөп жата берейин, мага десе өтүгүн башына кийип алышсын деп ойлоп жүрдү.

Айсулуу болсо төркүнүнө батпай, бир бөлмөдөн чыкпай калды. Үйгө бирөө-жарым келсе эле баласын көтөрө качып бекинип калат. Алардын эмне айтаары белгилүү да. Белекти тескеген эч ким жок, кыздар менен сейилдеп жүрөбү деген оңтойсуз ойлор ага тынчтык бербечүдөй. Ичи тарып, ошол кыздардын бетин тытып алгысы келип кетет. Анан эмне мында келгенине өзү да түшүнбөйт. Самын түгөнүптүр. Кечкиге эмне жейбиз. Үй жыйнайын. Оюнчукту эмне сындырдың деген Алымкандардын үйүндөгү күнүмдүк ар бир сөздөрүн өзүнө алып чүнчүй түштү. А турмак эркелеп эркин өсүп жаткан баласын да: Ага тийбе, буга тийбе. Үнүңдү чыгарба, акырын деп какмалап жатып, жүдөтүп ийди. Атасынан уялат. Ушунча адам менен жумуш түгөнбөгөн жер тамда Маянын жаркылдап жүргөнүн көрүп, андан уялат. Өзүн салыштырат. Булардын баласын көтөрүп, барктаган деле эч ким жок. Белек, үйү, көзүнөн учуп жатты. Бирок намысты кантет. Урушкандарын эки күндөн кийин эле унутуп калган. “Төркүнгө да төрөдөй кыз батат“— дегени чын экен. Эми кудай буйруп сүйгөнүм келип алып кетсе экинчи келбейм. Чачыман сүйрөп алып келсе да кайра андан мурун жетип барам. Ошол үй менин кенен, эркин жүргөн өз үйүм экен. Куда-а-й алтынымды жибитип, жибере көр. Ой буларда деле казан-аяк кагышат тура. Маянын кулагы анча мынчаны укпай, көзү да көрбөй коёт турбайбы. Кайыненесин аяйт экен, жемелесе кайра ошондой жиндимин апа деп кайра ырсалактайт. Кемел да жумуштан келатып үч шокалад алат экен. Апасына, аялына, баласына. Биз кайненеме шоколад, балмуздак, сок, пирожный дегендерди эч бербейбиз. Картаңдар андайларды жебейт деп ойлопбуз го. Уят. Меники тим эле, мунун жанында бейиш тура. Кой, ырбап кете электе, куру намысты коюп, кечинде Белек келгенде бир шылтоо таап үйгө барайын. “Туугандын таарынычы Торконун жыртыш таратканынча” деп апам көп айтчу эле. Тууганы эмес алардын бүлөсүмүн да. Барсам, калгыла деп бир ооз айтышаар. Ээк, айтпаса да калам! деп чечип койду. Ойлонсун деп Алымкан апасы да эч алардын турмушу тууралуу кеп козгобой койгон. Кечинде Айсулуу баласын көтөрүп, эч кийимин албай Белектикине барды. Эшикти кайыненеси ачып:

— Келгиле. Кандай куда, кудагый жакшы жатышабы? Эмне мынча бир жума жатып алдыңар? Ырас болбодубу, жалгыз тамак иче албай олтурат элем. Ой, сен мени эмне таштап кеттиң го? Мен коркподумбу? Экинчи таштабайм дечи? Менин башым ооруп, ыйладым. Соороткон эч ким жок. Дарымды шкафтан алалбай, жаман куурадым. Эртең догдурга жатам. Мага мамаң экөөң оокат алып баргыла ээ,— деп сүйлөй элек небересине “керегем сага айтам, келиним сен ук” дегенсип даттанып жатты. Кайыненесинин мамилеси түп көтөрө өзгөрүлүптүр. Небереси да тимеле камактан бошонуп келгендей сүйүнүп жатты. Айсулуу да өз чекилигин билди. Белек жумуштан маанайы пас келип, каалганы Айсулуу ачканда оозуна сөз кирбей какап калгансып, сестейе түштү. Күткөн эмес. Белек кайда бармак эле. Ал да бүлөсүнүн келгенине сүйүндү, бирок аялын башынан ылдый бутуна чейин сыдыра бир карап алды. Ал көз караш кек сактагандык эмес, кызганычтын көз ирмемдери эле. Айсулуу жашка толгон көзүн ирмегилеп, жашын артка тарталбай жатты. Аялынын минтип ыйлагысы келгенин анын ачуусунун тарап, кайрат-күчүнөн тайый баштаганы деп кымыңдап Кемел уулуна кетти. Караңгы киргенде Алымкан апасы кызына телефон чалып, кайда экенин билгенден кийин:

— “Адам баласы азапты сөзсүз өткөрүү ылаазым, азап-тозок аркылуу гана адам өркүндөп, пейил-кую оңолот” деп ким айткан.— деп кыйытты.

— Толстой, Достоевскийлер.

— Туура. Чыдаш керек. Жылаан чакпай, жылкы теппесе жылуу ордуңду козгобо, каралдым. Мейли, кош,— деп анын да жүрөгү тынчып калды.

Эртеси Мыскал догдурга жатты. Келин баласы табышып, үйдө тынчтык орногондо барайын деп ойлоду эле. Өзүнүн баркын да билгиси келди.

Мыскал догдурга он күн жатты. Айсулуу, Белектер күнүгө барып турушту. Алымкан кудагыйы доктурга барды.

— Кандай, жакшы болуп калдыңбы, кудагый? — деди жантарта.

— Ийи, кудайга шүгүр. Оорунун келмеги бат, кетмеги кеч экен. Дарыланып жатам.

— Ишин билген, күчтүү доктур бекен деги? Илгери биз доктур десе эле көрүнө берчү элек. Анда алар күчтүү эмес беле. Азыр тандап көрүнбөсө, билгенинен билбегени көбөйүп кетиптир.

— Дурус эле. Белектин курсташы экен. Чалым барда ооруу эмне экенин деле билбепмин, — деп көзүндөгү кылгырган жашын кайра тартып алды.— Бутумдун ооруганы басылбай жатат. Балдар да ооруңа оору кошуп берет экен да.

— Кудагый ыйлай берип, нервиңдин баарын бузуп алдың көрүнөт. Болду, эми жетишет. Ыйың асманга жетти. Ыйлап эле чакырып алсаң, эмгиче келет эле го. Эми өзүңө кара. Бутуңдагы оорунун сазайын берип, көп бассаң. Кудагый, мен деле балдарыңа айтчумду айтып жатам. Азыркылар укпайт. Ээнбаштар экен, эмне кылайын эми. Урушасыңбы, алдайсыңбы келин сеники, мага десең бышырып же. Мага эч нерсе айтпай өзүң тарбияла.

— Коюңузчу, урушуп эмне. Антип айтпаңыз. Ээнбаштар дегениңиз мага катуу тийди. Жапжакшынакай жалгыз эле келин-балам бар,— деп Мыскал кайра чычалап кетти.

— Болуптур. Сөзүмдү артка алдым кудагый, кечирип кой. Мейли, балдар бактылуу болуп, жаман балдарын багып жүрө берели. Кудагый бир балам эле бар деп кайгырба. ”Атасы он баласын бапестеп баккандай, он баласы жалгыз атасын багалбайт— деп бир акылман айткан экен. Азыркы балдар аман эле болушсун. Башка эмне дейли. Кой, эми мен кетейин,— деп дагы бир аз көңүл улаган сөздөрдү айтышкан соң коштошуп бөлүнүштү.

А байкуш энесинин сөз тийгизбей секиргенин ошолор түшүнсө кана деп ичинен ойлоп турду Алымкан.

Мыскал күйөөсүнүн акыбалын билгиси келип догдурда жатып “Жан азыгы” деген ыйман китепти окуп чыкты. Андан Жан алуучу периште жанды алгандан кийин азап периштеси алып, оттон болгон матага ороп жетинчи кат көккө алып чыгып, кайта көргө алып келип денеге киргизилет. Мүңкүр-наңкир келип сурак алат. Эй ыплас пенде, рабың ким, пайгамбарың ким, диниң кайсы?”— дегенде, ал пенде ушундай коркунучтуу добуш менен ой-бойлоп чыңырат. Билбеймин деп кыйкырат. Андан кийин Алладан амир келет. Эй, тозок периштелери, көрүн тар жана караңгы кылып, өзүн тозокко салгыла. Кыямат күнүнө чейин уруп, от чокмор менен азап берип, жанына жылан-чаянды кошкула дегенден кийин, ошол айтканындай иштешет. Тозоктун сыпатын, анын кыйын азабын тил менен айтып жеткизүү мүмкүн эмес. Бирок Срат көпүрөсүн –тозоктун үстүнө тартат. Чыгуу 1000 жылдык, үстү тегиздиги 1000 жылдык, түшүү1000 жылдык – баары 3000 жылдык дегендерди окугандан кийин ал мурдагыдай болбой ыйманга келип, жалаң Аллага ибадат кылып калды .

Кудуретиңден кагылайын кудайым, чым жамынып жатып калган алтынымдын күнөөсүн кечип, бейишке чыгара көр. Өзүң колдо. Күнөөлөрүбүздү кечир жаннаттан жай бер деп тиленип, келин баласына мурдагысындай тыкыр көңүл бөлбөй калды.

Догдурдан чыкканда кудагыйынын башын куттуктап жакшы япон жоолук, кыргыз оюм басылган чермей белдемчеси менен алып келип кудагыйына кийгизип кетти. Анан эмне кылат, эптеп кызы батып кетсе деп эне байкуш чуркайт экен да.

Алымкан келинине:

— Жумуштарыңды бүттүңбү, эми эки саатыңды балаңа бөл. Таалим тарбия сабак өт. Тарбия биринчи үй-бүлөдөн башталат. Азыркы техниканын жетишкен учурундагы балдарды тарбиялоо бул бир чети оор, бир чети жеңил. Текчени карасаң “Мусулман адеби” деген китеп бар. Балаңа биринчи Алланы тааныт. Кудайдан корксо ата-энеси көрбөгөн жерден туура эмес иш кылбайт. Анан келме, куран, ыйман, өзүн алып жүрүү, улууларды сыйлоо, тамак ичүү адеби, уктоо адеби, кийим кийүү адептерин, эрктүүлүктү үйрөнсө келечек жолдору даңгыр болоорунда шек жок деди. Бул дүйнөгө эмнеге келгенин түшүндүр, эли бирөөнүн алдында чөгөлөбөгөн, намыстуу калк экенин айткын,— деди.

Балдарын бир кылка очор-бачар кылам деген Алымкандын эмгеги текке кеткен жок, талыкпай дагы болочокто эки уулун үйлөнткөнгө кудай күч-кубат бере көр деп тиленип жүрдү. А Мая болсо кайненесинин үндөгүнө кирип, алардын шартына көнүп, күйөөсүнө, үйүнө, баласына кир кийим кийгизбей, жаман тилин тийгизбей, жакшы келин болуп чыкты. Кырк беш жаштагы жаш кайынене менен албетте алтымыш бештеги кайнененин тарбиясы башка эмеспи.

Ошентип, арадан көз ачып жумганча үч жыл өтүп кетти.

Белек жаңы алган машинеси менен Ак-Өргөөгө келип токтоду. Авас эшиктин алдында турган. Жүгүрүп келип, жездесине кош колдоп учурашты. Ал мурдагыдай эмес, салкын учурашты. Көңүлү чөгүңкү. Ачкычты Аваска берип, көрө бер деп кетип калды. Машине түсү билинбей кир. Авас карап турабы, дароо сууга жакын айдап барып, жууп койду.

Белек үйгө кирип, учурашкандан кийин кайыненесине: Айсулуу Мегакомдон утуп алган эки кишилик жолдомо менен он күнгө эртең Анталияга эс алууга учканы жатат. Апам жалгыз калат, барбайбыз десем мени же энеңди танда деди,— дейт.

— Ок, танда дегени эмнеси. Жин тийген, кейбир кыз го. А сен эмне дедиң.

— Эч нерсе. Апамдын менден башка жакыны жок, карындашым да алыста. А Айсулууну сүйөм, ансыз бир саат да жашай албайм. Экөөнү тең кыялбай, жаман чайналдым.

— Балам, энеңди эч кимге алмаштырба. Ал сага эч убакта мени же аялыңды танда деп айтпайт. Эне өзү жалгыз бир үйдө калса да баласынын үй-бүлөсү жок жүрүшүн каалабайт. Биринчи энем, анан сен деп катуу эле айт. Кошунаңдын аялын чакырып алып балаңа бир момпосуй карматып энеңе же эжекеге бер деп көрчү. Күн мурунтан, балаң менен сүйлөшүп ал. Баласынын башканы тандап алганын көрүп кантээр экен. Акылы болсо ойлонот, – деп айткан менен уялгандан башын жерден алалбады.

— Макул апа, кеп-кеңешиңизге рахмат,— деп, санаадан өңү саргайып, шуңшуюп арыктап, жүдөгөн Кемел чыгып кетти. Ой басып машинесин жууп, ичине килем салып коюшканын да байкабай кетти.

Ал кетээр менен күйөө балам кадыр тутуп келген экен, эми кызыма кадырым өтөөр бекен деп телефон чалса анын телефону өчүк. Алымкан эне ал күнү өзүн коёрго жер таппай, аябай жаман болду. Айсулуунун кылган кылыктарынан уялганынан, келининин бетин карай албай бөлмөсүнөн чыкпай калды. Кызынын мугалими да, дарыгери да энеси да. “Эмнени эксең ошону аласың”, “Энесин көрүп кызын ал” деген макалдарда айтылгандай, демек мен жаманмын деген тыянак чыгарып алган. Кызына төрөлгөндөн бери аны кантип чоңойтконун эстеп жатты. Аны төрөгөндө өзүнүн каны азайып, көзү көрбөй калып, күйөөсү беш киши таап келип кан куйдурганын, алы-күчү жок жамбаш сөөгү чыгып, аябай кыйналганын, кийин желкабыс болуп ооруп, шишип кеткени көз алдына келе түштү. Тамактын таттуусун, кийимдин тазасын кийгизип, ырдайм десе ырга берип, бийлейм десе бийге берип, гимнастика десе спорттук гимнастикага берип, комуз десе аны үйрөттүрүп, мектептен кийин кошумча эки, үч тил үйрөттүрүп, мектебиндеги таймаштарына бүт классын даярдап, кийим тиктиртип чуркап, кинолорго тартылса деп кастингдерге, теле радиолорго балдарга арналган көрсөтүүлөргө алып баруучу кылып иштетип жүргөн күндөрүн эстеди. Эс алууга жайлоого, лагерлерге жиберди. Классынын эң алды болуп кымбат телефондуу болуп, кымбат кийимди кийди. Анан он төрткө келгенде баарын таштады. Эч нерсеге кызыкпай: уйку, кийим, акча, жигит, дос кыздар, башка эч нерсенин кереги жок болуп калды. Турмушка даярдайм деп үч жыл алдап да, урушуп да акырында “химичка эжебиз сизге окшоп келесоо болуп калыптыр” деген сөз уккан эле. Өз кызыман ушуну угам деп ойлогон эмес. Укту. Сөөгүнөн өтүп, чучугуна ийне болуп сайылып калды. Таарынды. Бирок кечирим сурап, актанууну угалган жок. Ошондо эле дээринде жок болсо, болбойт экен дебей артынан кууп көргөн-билгенимди айта берди. Үй тириликти таза, убагында жана так жаса дейт. Бирок жалкоо, эптпеп-септеп күм-жам кылат. Сабактан келип эмне жумушуңду кылып берейин деген болот. Ал мындай кезинде апама жумуш жасатпай, ал келгенче баарына үлгүрчү эле. Убара болбой тим кой, өзүм эле кылам десе сүйүнүп, олтуруп алат го чиркин. Эми ошонун баарын кайын-журтуна көргөзүп жаткандыр. Энесин аябаган, кайыненесин аяп калыптырбы? Кызына далай артист болду го, баары бир түшүнбөптүр. Тажатты көрүнөт. Кызга кырк үйдөн тыюу деген чын экен. Кырк эмес, ата-энесинин айткандары кулагына кирбесе кантесиң. Айла кеткенде эне азыр кереги жок болсо, кийин турмушка чыкканыңда эң керек деп да айтты. Энесинен акыл сурап, даттангысы келчү. Бирок уят экен, оозу барбайт. Көп эле иш колунан келет, баарынан бала тарбиялоо өтө оор экен. Беш балаң болсо бешөө беш башка. Өзүн энеси менен салыштырат. Бирок ал энесиндей боло албады. Ал баардык жагынан мыкты адам. Анын ар бир сөзү баалуу. Энесинин ыкмаларын да колдонуп, акырындан кыйытып айтып көрдү. Эч нерсе чыккан жок. Баарынан кызыгы “менин подростковый учурума силер түшүнбөйсүңөр, бир аз чыдап койгула” — дегенде күйбөгөн жери күл болбодубу. Кудая тобо, андайы жок эле чоңойду эле. Орустарды туурагандары го, айылда орус көрбөй эле чоңоюшпады беле. Айласы барбы?. Чыдайт экен эне. Тил албаса, жумуш жасабаса, сабак окубаса, көчөдө сандалып жүрсө түшүнүп, күтө бериш керек экен да! Нерв кетет экен. Андайды кыргызча эле ата-эненин мээсин мите курттай жеген учур деп эле коюш керек. Алтындай убактыларын текке кетирбей, өнөр же билим үйрөнүшү болмок да. “Кыздын сыры төркүнгө маалым” дегендей күйөө баласы менен кайыненесинен айланса болот, дагы муну батырып жүргөн. Балекетине каршы сүйлөйбү аларга? Эки адамды алдап-солдоп алып кете албаган. Кайынене деген буга чейин баарын белендеп баласын да, үй-жайын да бекер берген, бекер балаңды баккан, үйүңдү кайтарган, бекер бата берген, агын актай, көгүн көктөй жыйнап берген жардамчы го келинге. Же балдарына дүнүйөсүн тараткандай, беш-алты баласы болсочу. Кайыненелер баары жакшы болсо деп, өзүнүн жаш кезде кетирген кемчиликтерин кайталашпаса деп көп жылдык тажрыйбасын жумшайт. Бир айтат укпайт, эки айтат укпайт, анан эле кайынене деген атка конот. Келинге деле өз кызындай мамиле кылат. Бирок ошону келин түз кабыл албай кайыненелик кылды деп, өзү кайнене кылат. А аңкоо кызы өз энесине ишенип, кайыненесине ишенбейт. Кээде жакшы келинди да өз энеси эле турмушун бузуп койгон учурлар болот. Анан бара-бара кайынененин да ичи муздап, келинине боор бербей, аябай калат. Кийин келиндин балдары чоңоюп ал да кайынене болгондо ошондо кайыненесинин баркын билип кырк кырдуу акылман аял экенине көзү жетип аны сыйлай баштайт. Ал убакыт келгенде кайыненесинин көзү бар болсо жакшы экен. Бири-бирин кечиришип, батасын алып калат. Ой, билбейт эмнеден жазды. Кичинесинде ою менен болуп койдубу? Бир элге таанымал кыз болсо деп кыялданчы эле. Же беш ай эле эмчек эмди эле, ошондон мээрими жок, мэрес болуп калдыбы? Ооруп доктурга жатып калганда таенеси сүт менен он күн багып берген. Кийинкисине оңой болсун деп, орус класска окутту эле. Ошондон ушундай бетке чабар, эркеталтаң болуп калдыбы? Кызымды жакшы батырып алышсын деп, кошомат кыла бөйпөңдөйт. Кайсы күнөөсү үчүн кызы минтип, күйөөсүнө шарт коюп олтурат? Күйөөнүн да ичи эмгиче муздай түшкөндүр. Кызынын тилин кесип салса сооп болмок экен. Телефонун өчүрүп салыптыр же токмоктошуп жатышабы? Кантип билсе болот. Кайыненеси кызыңды тый деп чакырбаганына караганда ал укпаса керек. Ылайым укпай эле калса экен. Ал байкуш деле намазын окуп, буларга зыяны жок, өз санаасы менен өзү. Балдары тынып кетпесе да эненин шору экен. Үйдөгү балдары тил алчаак. Айттырбай жумуш кылышат. Кандай болсо да эркектики билинбейт эмеспи. Ай, Айсулуу, сулуу болбой эле акылдуу жана бактылуу болсоң болоор эле. Макмал кызы улуу болуп, кошо талашып жумуш кылып жүрүп түйшүктүн көбүн көрдү. Дегеле баланы эркелетип бош койбоо керек экен деп калды. Кыздын төркүнүндө эле көргөнү көргөн деп жүрбөйүмбү. Илгеркилердин кызды бешикке салаарда биринчи бешикке кайчы салганы туура экен. Бешиктеги кезинен башташ керек экен. Маям да акылы тетик, зирек, куйма кулак, ыймандуу, сабырдуу келин. Айсулууга жакшы жүр, сенден эле чыкпаса булардан эч нерсе чыкпайт, кудайдын момундары экен деп айткан ага. Босогосун аттаганда эле, алар да саал тизгиндебей, жайдак койбодубу. Атаны иттин кызы эми эмне болот деп кирпик какпай чыкты. Эртеси эртең менен күйөө баласы телефон чалып:

— Апа, жакшы турасызбы? Бизден кам-санабай эле коюңуз. Мен аэропорттон чалып жатам. Бир сааттан кийин учабыз. Айсулуу менен Салмоор сизге салам айтышууда. Жакшы туруңуздар, — деди.

— И-ийи айланайын, аман-эсен барып келгиле, апаңар эмне деди? — деп кабырлана кетти.

— Өзү барып келгиле деп болбой койду. Баары жакшы, — деди жайдары.

Санаасы аз да болсо тына түшкөн кемпир чөнтөк телефонун өчүрүп, турган ордунан жер көчүп келаткандай башы айланып олтура кетти. Соодасы түгөнгөн сарттай болуп, шалдайып же сүйүнөөрүн билбей же күйүнөөрүн билбей босогону карап бир саамга катып калды. Кудагый байкушу өзү сымал баласы үчүн өзүн курмандыкка чалган экен, каңкайып үйүндө жалгыз калып.

Анан кайра эптеп өзүнө келип, окшошкон кана ээнбаштар ушуну кылмак. “Өз акыл өзөк менен тең, өзгөнүн акылы кишен менен тушоо”, “Бирөөнүн акылы бирөөнө сыйбайт”— деген чын экен. Бала төрөлгөндө кылык-жоругун кошо төрөбөйсүң. Мейли эми, ушундай кызды бергенине да тобо дейин. Үй-бүлө, бала-чакасы менен аман болсун. Мунун да өз орду бар. “Апа иштебе, жаныңды кара!”— деп калат эмеспи. Аман эле болушсун, бирөөнүн баласы ошону айтабы? Шүгүр ушуга да. Кечээ ачуум менен көп тилдеп койдумбу, кечир, Аллам. Түбү түз болсунчу. Жаш да, толук акылдарына кире элек. Кой анда, чалымды үйгө калтырып, булардын таштай качкан апасын курортко алып кетейин. Чалынан ажырап байкуш мурдагыдай болбой ментинен тайып калыптыр. Антпесем жалгыз үйдө куурайт го, байкуш. Баары жакшы эс алып, келгенде бири-бирин сагынышып ынтымактуу, бактылуу жашап кетишээр деп ойлогонундай эле эки кудагый эртеси он күнгө көлгө, курортко жөнөп кетишти.

 

© Асылбекова Зульфира, 2012

 


Количество просмотров: 28422