Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Асылбекова Зульфира, 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 30-январы

Зульфира Болотбековна АСЫЛБЕКОВА

Табылды

“Табылды” аңгемесинде кыргыз жигитинин казакстанда ит багып, кул болгондугун жазган.

Зульфира Асылбекова. “Адашкан бакыт” адабий көркөм китеп. – Б.: Кут Бер, 2012. – 224 б. китебинен алынды

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7-4
    А 91
    ISBN 978-9967-25-883-9
    А 4702300100-10

Нускасы 500 даана

 

Жай саратаны. Учу-кыйырына көз жетпеген көк асман. Тээ, тоо этегинде эскилиги жетип, ар жери жамачы, кийиздерин күбө жеп, кырк тешиктүү, көөнөп калган жалгыз боз үй. Анын тушундагы желеде эки кулун байланып турат. Алардан алыстап кете албай ичи салаңдаган, эки бээ чымындан корунуп, жанындагы темир вагондун көлөкөсүнө аптаптан далдалангансыйт. Боз үйдө дудук киши менен жети жашар бала жашайт. Дудук — жашы элүүлөрдөгү иштерман эркек. Жылыга жер тээп, картошка олтургузуп, түркүн жашылчаларды өстүрүп алат. Анын негизги максаты – бул, киши келе албаган алыс, бирок жайы ысык, кышы жылуу тоонун боорундагы бир аз бакчасы, агын суусу, жайыты бар жерге, картошканын арасына көздөн далдаалап кара куурай өстүрөт. Кара малдан бир торпогу, жалгыз ую бар. Бирөө-жарымдар келип калса мал, дыйканчылык менен алпурушкан адамдай көрүнөт. Бирок, ал, бул жерге келгени адам аттууну деле көрө элек. Жыйырмадай кой багат. Боз үйдүн ичиндеги болгон оокат — сыры кеткен чакалар, темир меш, азыраак эски идиштер, эки төшөк жана эски керегеде эки-үч чапан илинген.

Дудуктун мында жашаганынын башкы себеби ал, “шефтин” досу. Түрмөдө төрт жыл олтурган соң шефи аны качырып келип ушул, адам баспаган тоо этегине жайгаштырып койгон. Мында бир жылча жашап, эриккенденби айтор, өз уулун да шефке уурдаттырып алып алган. Аялы аны күтпөй, өз турмушун куруп кеткен соң, жалгыз уулун бирөөгө кор болбой, мында эркин өссүн дегени го. Балким ал түрмөгө олтурганга чейин сүйлөгөндүр. Адам баласынан көңүлү катуу калганбы айтор, ээн жашап, жалгыз коңшусу Багуулга да жакындабайт. Ага ушул жерин иштетип, малын багып тынч жашай бергени жагат. Шефтин жакшылыгына ыраазы. Ага аябай берилип, айтканын так аткарат. Багуулду жетелеп келип кетменин карматып, кулундай жумшап, аялындай кайтарат. Баласы болсо сүйлөйт. Өтө зээндүү, бардык нерсеге кызыккан, дудукка эч окшошпогон сулууча келген казак бала. Дудуктун ичкен-жегени эт, май болсо да, жаактары шимилип, көздөрү чүңкүйүп ичине кирип, мурду коңкоюп, бети жука тартып, эти сөөгүнө жабыша тыртайып, арык. Кем-карчын шефи келгенде кагазга жазып берип алдыртып алат. Шеф эки айда бир, кээде бир айда бир келип, дудуктун даярдап койгон “товарларын” сатат. Ал, шеф дегени да түрмөдөн чыккан, баңги соодагери, казакстандык уйгур. Итке аябай кызыгып, түркүн тукумдагы иттердин эркек-ургаачыларынан мында алып келип бактырат. Иттен эле жыйырма чакты. Чоңойгонун алып кетип, бирөөгө үйрөттүрүп, байге сайып уруштарга салат. Күчүктөрүн болсо сатат.

Боз үйдөн ылдыйраак сайда жертөлө көрүнөт. Анда Багуул деген ит баккан кыргыз киши жашайт. Жалгыздык жанына баткан бала ал жакты жал-жал улам карай берет. Ал жактан иттер чуруу-чуу түшүп арсылдап үрүп, кээде улуп-уңшуп турушат. Дудук дал ушул иттердин үнүнөн жана Багуулдан качып боз үйүн алардан окчунураак тигип алган окшойт. Аны карап дудук акылы кем шордуу. Иттер менен ит болуп итаяктан тамак жегенине деле арданбайт байкуш. Ырысы бар экен, дагы ошондой тепкиден кийин да өлбөй калды деп карап коёт.

Бала атасына көрүнбөстөн Багуулга келип аны алыстан карап олтуруп, кайра кетет. Атасы менен сүйлөшө албагандан кийин бала Багуулга шынарлайт. Боз үйдөн итканага чейин бир таман төтө жол бар. Дөңдөн ылдый чымылдай чуркап келип, чоң кишинин ар бир кыймылын карап олтура берет. Анын бир күндө чийилип калган кассетага окшоп күнүгө эле кайталап ырдай берген “Таласым” деген ырын да жаттап алды. Сүйлөшөөргө киши жок, баланын да төрт жылдан берки укканы, өзү кайталап ырдаганы да ушул “Таласым”. Тиги кишинин болсо эч нерсе менен иши жок. Өзү менен өзү. Караңгы, сыз, муздак жертөлөсүнө кирип-чыгып, жашап келет. Дудук өтө сараң. Болбосо эки бээ, бир уй, жыйырма кой менен үч-төрт үй-бүлөнү бакса болот го. Ал сүттөрүн кишиге бергенче торпок, кулундары ичсин деп кишиге ыраа көрбөйт. Берсе да консерванын идишине ченеп берет. Багуул да төрө пейил, тамак берсе ичип алат, бербесе иттерге жасаган аталадан ичет. Иттерге деп ээси жүгөрү талкан, сынык, майдаланган, кээде көгөрүп калган вермишелдерди кап-кап кылып алып келип коёт. Иттерге сөөктү өстүрүүчү, семиртүүчү дарыларды тамагына кошуп берип турат. Ээн жердеги үч караан ынтымакта, бир үйдө жашаса деле жарашмак. Шеф достору менен келген сайын, дайыма Багуулду катуу тепкилеп кетишет. Эмне күнөөсү үчүн тепкилегендерин өздөрү деле билбейт, шылтоодон шыноо табышат. Багуулга иттери боор ооруй жаратын жалап, айыктырып коюшчу. Иттерденби же кудайым колдойбу, айтор кандай болгондо да жараттарынан айыгып алат. Кышында алар бири-бирине ыкташып, баары жылуулук издеп, корголошо олтуруп калышат. Андайда Багуул иттерине жалооруй карайт. Анын көз карашы ушунчалык аянычтуу, өзү да үшүгөнүнөн калчылдап, тиши-тишине тийбей тим эле шакылыктайт. Мени жалгыз калтырбагыла досторум дегенсип, иттерин караан тутат, бечара. Анын бул аянычтуу оюн иттери сезишет көрүнөт. Баары аны курчай күн кечиришип, Багуул алардын жылуулугу менен эптеп кыштан чыгып алат. Анын болгон үй-бүлөсү да, жан күйөөр күйөрмандары да, жалгыз курдаштары да ушулар болуп, акылына толук келе албай үч жыл жашап койду.

Бир жолу ал, кепесинен ылдыйраак суунун жээгине келип олтуруп, эмнегедир эле көзү караңгылап, башы айланып, суу жээгине эсин жогото чалкасынан кулап калды. Башы сууда, денеси кургакта болчу. Ичкенге, жуунганга сууну башка, чоң арыктан алышчу. Бул жерге биринчи жолу келген. Ачкалыктанбы же каны азайып кеткенби, белгисиз. Жазгы ала шалбырт, жердин көпкөн учурунда эски ооруулар козголот эмеспи. Балким эски ооруусу кармап калды бекен? Же ал иштеп жүргөндө көзүккөндүр? “Көз пилди чөгөлөтүп, күлүктү көмөлөтөт”-деген макал бар эмеспи. А мүмкүн баралында жүз он кил салмактагы неме, иттер менен атала жеп элүү киллге чейин арыктап кеткенде ысыгынан арылып, сууктап кеткендир.

Неси болсо да бала ойноп жүрүп, жээкте эси-учунан айрылып жаткан Багуулду көрүп калып, дудукту колунан сүйрөп ээрчитип келди. Дудук эси ооп жаткан бейтааныш кишини көрүп коркуп кетти. Тиги, өлгөн кишидей көзүн жумуп, сулк жатат. Башында үч кара курт, дагы экөө көзүнө жакын, жаактарында, кулак түптөрүндө, айтор он чакты сүлүк курт жармашып алган. Баары тарсайып, канга нык тойгон. Денелери көөп, чоюлуп, жарылчудай болуп турса да тоголонуп түшүп кетпей ач көздүк менен адамдын канын соруп жатышкан. Дудук тиги кишини эки бутунан сүйрөп, кургак жерге алып чыкты. Бала боору ооруп экөөнү кызыга карап турду. Кишини кургакка сүйрөгөндө башы билинер-билинбес кыймылдагандан улам, тойгондон өзүн көтөрө албай араң турган курттар томолонуп түшүп, кайра жыландай узара соймолоңдоп, сууга качып жөнөштү. Дудук колунун сөөмөйү менен кишинин билегинен тамырынын сокконун кунт коё тыңшады. Тирүү экен дегенсип, баланы карап башын ийкеп койду. Анан жулкулдатып, бетине суу чачып, жаакка чапкылап кирди. Бир саамдан кийин Багуул катуу уйкудан чоочуп ойгонгонсуп, көзүн ачып, кыймылга келе баштады. Аны көрүп санаасы тындыбы, Дудук баланы жетелеп өз жайына кетип калды.

Багуулдун болсо сүлүк курттар чаккан жеринен кечке чейин кан сызыла агып жүдөттү. Ал эртеси да сүлүктөргө дагы барды. Балким ал жеңилдеп калган чыгаар? Шыпаа тапса керек. Же курттарга жем болуп биротоло өлөйүн дегениби? Балким эс-акылына келип, алардын дарылык касиетин билгенби, айтор башын дагы сууга салып жатып алды. Ошентип, жарым сааттай курттарга башынын канын сордуруп келип, үйүндө жаткан. Ошол күнү шефтер дагы келип, бети-башы канжалаган Багуулду көрүп ачуулары келди. Буга чейин тынч эле иттерин багып эч маселе чыгарбай жүргөн эле, эми минтип өзүнө-өзү кол салып, өлгөнү жаткан экен деп түшүнүштү көрүнөт. Ал өлсө мынча көр тириликти ким бекер жасап бермек?

Не жыйынтыкка келгени белгисиз, шеф баланы чакырып алып мактап, көп оюнчук алып келип берээрин айтып:

— Сен Багуулду жакшылап кайтар. Ага жакын жерде ойно. Үйүңө уктаганда эле бар. Качып кетпесин,— деп, чоң кишиге дайындагансып, кеткенче улам-улам айтып жатты. Бала чоң кызматка тургандай аябай сүйүндү, макулдугун билдире башын ийкегилей берди. Ага ошол сөздөр эң керек эле. Талаанын баарын иштеткен, атала жасаган ушул киши эмеспи. Анан калса бул ээн жерде, жалгыз болбой, акылы кем болсо да караан го. Шефтер жөн кетпей, тиги байкушту дагы катуу сабап кетишти. Ошол күндөн кийин ал үч күн туралбай жатты. Самсаалап тытылган, кан чыланган кийимдери ого бетер аны аянычтуу көргөзүп, боор оорурлук эле.

Анын абалын алыстан туйган Дудук күнүгө келип, эстен танып жаткан неменин бетине суу чачып, иттерге оокат берип, Багуулга бээнин сүтүнөн жанына коюп кетип жүрдү. Бала да чебелектеп, улам келет. Өзүнө тиешелүү оокаттарын бир аз жемиш болуп катып келип, Багуулдун жанына акырын коюп коёт. Аны кайтарууга алган чоң кызматы да бар эмеспи.

Ал күнүгө уккан “Таласымды” сагынды. Багуулду карап, анын кейиштүү абалын көрүп боору ооруп, ага кантип жардам берээрин билбей кыйналып жүрдү. Бир күнү Багуул тепкиден жанчылган денесин көтөрө албай, эптеп баш көтөрүп, сүттөн бир аз ичип, кайра чалкасынан кулап, шыпты тиктеп жаткан. Бала жыла басып кирди да, бир нерселерди жыйнамыш этип жатып, тааныш ырды ырдай баштады. Төрт куплетин тең созолонто толук ырдады. Баланын үнү жакшы чыкты. Багуулдун кулагы ачылып кеткендей, дымып укту. Ал, өзүнүн онунчу классты бүтөөр жылы жаңы акардеондуу болуп, ушул ырды жаттаганын, досторуна, класташтарына, мугалимдерине ырдап бергенин эстеп кетти. Дал ошол, онунчу класстагы күндөр бекен дегенсип, өзүнүн колу-башын, чар тарабын карап алып чоочуп алды. Өзүн-өзү тааныбай турду. Зериккен Бала ырды адатынча кайра башынан ырдай баштады.

Токоюң бойлоп баратсам,
    Суктантып көздү караткан.
    Алыстан келген адамдар,
    Кеткиси да келбейт Таластан. 

Береке нурун сепкен жер,
    Каныкей жашын төккөн жер.
    Кан Бакай, Кошой баш болуп,
    Кабылан Манас өткөн жер,

Ак шумкар сызып учкан жер,
    Атагың дүйнө уккан жер.
    Чокусу бийик Таластан,
    Чолпонбай, Чыңгыз чыккан жер.

Ак чөлмөк ойноп таң аткан,
    Айлуу түн бизге жарашкан,
    Канчалык ойноп күлсөм да,
    Кумарым канбайт Таластан.

Багуулдун көз алдына Суусамыр менен бара жатып, Өтмөктөн оңго кайрылгандагы “Талас”, “Манас ордо комплексине кош келиңиздер”—  деп жазылган дарбаза көзүнө элестеди. Туулган жеринин таза абасы бетин желпип өткөндөй болду. Баланын үнү менен андан нары тоолору, токойлору, Манастын кароол чокусу, эстелик кырк чоросу, Каныкей, Чыңгыз, Чолпонбайы тасмадан тартылып өтүп, апасы, атасы, аял-балдары да чубалып өттү. Уйкудан ойгонгонсуп, дагы эле азыркы абалын түшүнө албайт. Ушул ыр ага чоң дем, күч-кубат берип, ордунан шашыла турду. Аны байкабаган бала ырды кайра башынан ырдап кирди. Багуул эми ыр менен өзүнүн үйү, машинеси, чоң жыйын залы, самолет, шакылдаган поезд, анан шефти көрдү. Жок, бул элестерди анын көргүсү келген жок. Поезддин шакылдаган үндөрү, машинанын карама-каршы тызылдап тез жүрүшү, элдердин бака-шакасы, шефтин кулакты тундура каткырганы кулагын тундуруп, башы айлангөчөк боло түштү.

—  Өчүр, өчүр, баарын токтоткула!— деп, ал эки кулагын бекем басып күтүүсүз кыйкырып жиберди.

Бала коркуп кетип, заматта көздөн кайым болду.

Багуул тула бою эзилип турса да ооруганын сезбей, башка, “эсине келүү” оорусуна чалдыкты. Ага Бээнин сүтү жардам бердиби, сүлүктөрбү , же кудайдын боору оорудубу, баланын ыры, же шефтин мурдун кан жалата тепкениненби айтор Багуул аздан эсине келе баштады. Эртеси бала ага жакындабады, Багуул ордунан туруп, аздан иш кылып калган эле. Ал, булар ким, эмнеге жүрүшөт деп балага, дудукка таң калат. Кийинки күнү ага бала келип, бирок даай албай обочороокто акмалап турду. Аны байкап, сөзгө тарткысы келген Багуул кичинекей ташты сууга ыргытып, калп эле тайып кулаган болуп, акырындап баланы өзүнө тартып жатты. Экөө ошентип бири-бирине жакындап баратышты.

Багуул мында кантип келгенин эстеп кирди. Ооба, эми ал бардык тагдырын эстеп, кайрадан мурунку калыбына келгиси келет. Ал, командировкага, Россияга күйөөлөчүдөй чыштай кийинип алып барган. Жанында катчы жаш кызы да бар болучу. Командировкасы бүтүп, кайра келээрде поезд менен жайыраак эле кетели деп кыз азгырган. Кыйылып жатып, кантип макул болгонун да билбей калган. Ошентип, поезд менен келатып, азыркы шеф менен дааратканадан чатакташа кетишкен. Алар Багуулга Россиянын бир четиндеги талаадан эми эч жакка кете албайсың деп бардык документтерин өрттөп салышкан. Ал, биресе коркуп, ишенип да калган. Тумандап келген бул элестерден наркысын так эстей албай көпкө кыйналды. “Чын эле документтеримди өрттөп салыштыбы? Анда канттим? Тиги, катчы кызым кайда болду экен? Бул жерге кантип келип калдым? Эмне кылып жүрөмүн? Канча убакыттан бери бул жактамын? Үй-жайыма кантип кетем?..” Ушул сыяктуу убайымдуу, жоопсуз суроолор биринин артынан бири келип, кыйнап баштады.

Багуулду катуу токмоктоп, эс-акылына келе электе эле ушул жерге алып келишкен. Ошондон тартып ал ушул жерде, эс-акылынан айрылып, шефтин иттерин багып калган. Шефтин иттерге кызыгып калганын кара, кудай берип. Эгерде бул, менин ырысыма шерик иттер болбогондо мени тоноп алып, сөөгүмдү поездден ыргытып жиберип, ай-талаада ит-куштарга небак жем болмок экемин да деп ойлоду. Бул, эстутумунун акырындап кайрыла баштаганы эле. Иттерди ушинтип, жакын санаганынан улам ал, башка адамдардай "кет!, жогол!, бас нары!" деп жөнсүз эле уруп-какмалай бербейт.

Жатаканасын иретке келтирип, шыбактан бууп алган шыпыргы менен ичин шыпырып жатып, өзүнүн бир кездеги кызмат бөлмөсү эсине келе калды. Төрдө столу, кара курумдан жасалган бийик креслосу, дубалдын сол жак бетинде диван, креслолору, оң жагындагы шкафында ар кимдер тартуу кылган белектер, том-том китептери боло турган. Ал китептеринин көбү окулган эмес эле. Аттиң, ошол китептер эми болсочу деп бир шыпшынып алды. Муздаткычтын ичи ар дайым түрлүү тамак-ашка, кымбат ичимдикке толуп тураар эле. Пол жууган аялга эскирип, мөөнөтү өтүп бараткандарын столдун үстүнө калтырып койчу эмес беле, алып кетсин деп. Алар көз алдына элестеп кеткенден улам кеберсип, жарылып кеткен эринин кыбыратып, шилекейин жутуп койду. Үч телефонунун үнү басылбай, биринен бири жарыша чырылдап, кирүүгө кезек күткөн адамдар эшикте андан көп, өткөн күндөрүн эстеп турду. Кээде бош эле олтуруп, бош эмесмин деп элди кабыл албай койгон күндөрүн, ошол жерде эле олтуруп, чогулушка чыгып кетти деп алдаганын эстеп уялып кетти. Кап, так ушунун эсиме келгенин карасаң? Акылы аздын азабы арбын деген ушул да деп жашып алды.

Бала болсо өз кызматында. Шеф айткандан бери уйкусунан туруп эле мында келет. Азыр да “Таласымды” кыңылдап ырдап жаткан.

— Бул ырды сага ким үйрөттү?— деди Багуул баланы суроолуу карап:

— Сизден үйрөнүп алгам. Көп жолу ырдадыңыз го.

— Анан, сен өзүң эле жаттап алдыңбы?— Бала үн дебей башын ийкегилеп койду. Демек, денем бул жакта болгон менен, жүрөгүм дайыма Таласта болгон экен да.—  Азаматсың. Сен бул ыр менен менин сезимдеримди ойготуп, кайра адам кылып койдуң. Бул ырды мен бала чагымда, отуз жыл мурда ырдагам. Ырдаганда да элдин баары тажап, тили жаңы чыккан бала да жаттаганча ырдаганбыз. Андан кийин шаарга кетип, ошону менен Таласым да, акардеонум да, балалыгым да, ырым да ошол жакта калды. Андан кийинки жылдарым окуу, кызмат, кызматтан жогорку кызмат деп жүрүп мен ал чоң байлыктарымды эстебей деле калгам.— деди армандуу.

— Ырдасаңыз.

— Сен аябай жакшы ырдайт экенсиң. Кел, экөөлөп ырдайбыз.—  деп, экөө тең ата журтуна болгон сагынычын билдирип, ырдын ар бир сөзүн элестете, кусалуу ыйлап, ырдап киришти. Кишинин өңү кызарып, моюндагы күрөө тамырлары барсайып чыңала киркиреген үнү менен зоңкулдап обон созду. Анын үнүнө баланыкы кошулуп, жоон ичке эки үн тынч талаага жан киргизгендей болушту.

Касиетиңден кагылайын Таласым! Шекербек атабыз ушул ырын жазганда ушунчалык эргип, мен сыяктуу сагынычтан, кусалыктан кыйналып, туулган жери, абасы, суусу эмес Таласымдын атын укканга зарлаганында жазганбы? Акын болсом мен да Токтогулдай бул жактагы азабымды жамгырдай төкмөк экем. Кап, таланттын жоктугу ай. Бул жерден асман, ай, күн, жылдыздар да бөтөн жердикиндей сезилет.

Багуул көзүн балбылдатып, жалдырай карап турган баланы чачынан сылап:

 — Чоңойгондо ким болгуң келет?— деп ар бир кичине балдарга бере берген чоңдордун көндүм суроосун берди.

— Бүркүт.

— Ал не дегениң? Кой, карагым.

Бала унчукпай жер карады. Киши баланын асманга учкан ой чабытын кирдетип алганына тайсалдап, кайра сөзүн оңдомок болуп:

— Бүркүт. Мен бүркүттөн корком. Ал асман падышасы эмеспи? Сенин кыялың эң жакшы экен. Бүркүт асман падышасы болсо демек сен чоңойгондо элдердин падышасы болот экенсиң да ээ. Азаматсың.  — деди.

— Жок, мен чоңойгонго чейин эле бүркүт болгум келет,— деп, бала баягыдан жандана түштү.— Мына, азыр эле бул таягымды жерге үч жолу урсам бүркүт болуп кетсем. Асманга бийик-бийик учуп, калаадагы элдерди көрмөкмүн. Досум Шерханга, Эржанга жолугуп, аларга сыйкырдуу таягымды көргөзмөкмүн. Дүкөндөн апама самын алып бермекмин. Тиги атам, улам эле самын түгөндү дей бересиң деп апамды урган. Анан... анан...— деп асманды карап өзүнчө бүркүт издегенсип турган жеринде айлана баштады. Сизди үйүңүзгө, Таласыңызга көтөрүп жеткизмекмин. Бүркүттөр өзүнөн үч эсе оорду көтөрө алат да ээ.

— Мына сага, “болор бала бешикте булкунат, болор кулун желеде жулкунат,” деген ушул. Мындан ары мен сени Бүркүт деп жүрөйүн.— Бала анын жумшак жакшы маанайдагы сөзүн угуп эреркеп ыйлагысы келип кетти. Багуул ошо турган калыбында ойлоно катып калды. Эсине эмне түштү? Бир аз аны акмалап турган бала жанынан учуп бараткан көпөлөктү көрө коюп, аны кубалап кетти. Бирин кармайын деп жакындаганда экинчиси жакыныраак жерге конуп калат. Ал көпөлөк биринчисинен да кооз көрүнүп, аны кубалап жөнөйт. Киши менен сүйлөшүп жатканын унутуп калды.

Багуул аны ойлуу карап отура берди. Бала кайра кишиге чуркап келип, күтпөгөн жерден мойнунан кучактап, жыттап-жыттап алды да эки жагын каранып туруп калды. Баёо балалык! Багуул да аны эркелете чачынан сылап, чекесинен өөп койду. Байкуш бала энесинин эркелеткенин, жытын сагынса керек.

Багуул бой-аягына каранып, баладан кайчы алдырып чачын, сакал-мурутун кыркып, жуунуп-тазаланып мурдагыдан адамга кыйла окшошуп калды. Устара, менен жаңы кийимге жетпесе да дудуктан дурусураак көрүндү. Дудук экөө алыстан гана көздөрү менен сүйлөшүшөт. Бирок, бири-биринен сактанып жатышты көрүнөт.

Учурдагы убакытты балага үйрөтүмүш болуп, дудуктан кайсыл жыл экенин билгиси келди. Балага күн, ай, жылдарды, мезгилдерди үйрөттү. Кийинки күнгө бүгүнкү күн, ай, жылды жазып кел деп тапшырма берди. Ал, дудуктун баласына жардам берээрин билчү. Бала эртеси тапшырманы аткарып келди. Ошентип, Багуул бала аркылуу, өзүнүн бул жерде төрт жылдан бери жашап жатканын билди. Ага бул күн да өтө оор өттү. Өмүрүнүн минтип өлөсөлүү өтүп жатканына ичи күйдү. Өмүр деген бир жерде сенек болуп турбайт экен да. Бир күнү бала менен олтуруп боз торгойдун сайроосуна кулак тосуп, кызынын кичинекейиндеги ырдаган ыры эсине келе калды. Кызына мээрим төгүп, теректин бутагында олтуруп алып ырдап жаткансып, жан дүйнөсүнө бүлүк түштү. Күч-кубаты келе баштады. Өз үйүнө болгон көксөөсү күчөп, жерин көздөй алып учат. Ал акыл-эсине биротоло келип, үй-бүлөсүн эли-жерин эстеп, көптөн бери мындай ырахатты сезген эмес эле. Эми бат эле жол таап кетчүдөй эдиреңдеп аябай сүйүнгөн. Жолу шыр, жолдошу кыдыр, төрт тарабы тегиз болгон кезин эстейт. Баланы карап туруп, өз балдарынын ушундай курактагы кездерин элестеп томсорду. “Апам чүкөдөй болуп арыктап, мени жоктоп ыйлай берип көзү соолугандыр. Бала — эненин каны-жаны, боор эти менен тең болуп, өз жанынан баласын артык көрөт эмеспи. Шордуу апам ай, балам деп жүрүп кандай абалга туш келдиң экен? Неберең тилиңди алып жүрөбү? Же аялым мен жоголгондон кийин баланы өзүнө алып келип алдыбы? Андай кылса куурадың го? Деги эсен-соо болдуң бекен?” деп оор үшкүрүнүп алды. Чыда апа, мен барганча өлбөй чыдап тур. Бул жактан аман-эсен барсам баарын башкача кылам. Күйөөсү, үч уулу өлгөндөн кийин апасы ушул Багуул экөө эле калган. Балам бирөөдөн кагуу жеп, жаман сөз угуп калабы деп апасы турмушка чыкпай, жалгызы менен калган болучу. Баласын окутту, чокутту. А баласы ал жакшылыгына эмне кылды? Шаарга келди да өз башынын камын көрүп, айылга кайтып барбай койду. Шаарга биз менен жаша деп апасын улам-улам чакырды. Апасы болбой койду. “Булл, атаң, агаларың салган үйдү кантип ээн таштайм? Арбактарды да бейшемби, жумада Алла Таала үйүнөргө барып келгиле деп жиберет деп уккам. Арбактар келсе кулпуланган үйүн көрүп кантишет? Куран үмүтөтүп кимдин эшигин сагалашат. Кой балам бул жерден эч жакка кетпейм. Бул жер мен үчүн ыйык"— деп, болбой койгондо улуу уулун өзү алып барып берген. Аялы байкуш кеч келдиң, командировкаң эле бүтпөйт, эркелетпейсиң, жаңылыктарды айтпайсың деп уйгактай жабышчу эле. Ага кабакты бүркөп тигил текшерүү, бул текшерүү жүдөттү, жумушум оор, кыйналдым, оорудум, чарчадым десем чебелектеп аяп, көпөлөктөй чарк айланчу. Кээде алда неден шекшингендей карап кайра: мейли аман болчу деги, оорудум десең эле корком дечү. Аялын эркектерчилеп урбады, акча, оокаттан кем кылбады. Балдарына да оокат-кийимин камсыздады. Окууну бүткөн соң элине кызмат кылды. Бардыгы эле мага ыраазы болушса керек деп аларды ойлогондо ушинтип жыйынтыктап коёт. Кайра эле бир аз убакыт өткөн соң үйүнөн тынчы кетип, мени баары эстеринен сызып салышты го деп убай чегет. Бирок үйү кайда? Кай айыл, шаарда болду экен? Эсинде жок
...Мурда иттерге оокат берип коюп тынч жүрө берсе эми анын ой-санаасы тынчыбай калды. Кантип бул жерден качып чыгат? Бул кайсыл жер? Үйү кай тарапта? Документтери жок, кандай болот? Качканда шефи кармап алса өлтүрүп салары турган иш. Демек, жакшылап ойлонуп, чечүү керек. Толук эстей турган дагы көп нерселер бар. Алардын да баш-аягын жыйып, чогултуу керек.

Багуул акылына келгенден баштап дудукка боору ооруп жүрдү. Үй-бүлөсү жок, мал менен мал. Экөө биринен бири өздөрүн өйдө сезет. Багуулдун баянынан улам баланын да көз алдына өз энесинин элеси келе түштү. Сагынып, буулугуп, көзүнө жаш да тегеренип кетет. Үйгө барсам минтем, антем деп кыял термейт. Багуул болсо убагында парасаттуу өмүр сүрдүм эле, эми тескери кетти. Эмнеден? Эмнеге? Жарпын жазчу, көйкөлгөн Ысык-Көлүн, чалкыган Соң-Көлүн сагынды. Мурунку бай, бактылуу жашоом эми минтип ит багаар болуп, тез өзгөрүп, тез алмашты. Эмне үчүн эл катары жыргал жашоо менден жылмая качты деп баланы суроолуу карайт. Бала эки ийинин куушура, күнөөлүүдөй жалтактайт. Анын абалын ити да түшүнгөнсүп аяп тураар эле. Айбан да болсо сезет экен да. Үй-бүлөсүн эстегенде алар жөнүндө балага жомоктотуп айтып берип, аягында оор күрсүнүп алчу. Иттери да чочоюп олтуруп алып, ээсинин өзү менен өзү сүйлөшкөнүн угуп, бирде жатып, кайра туруп, куйруктарын шыйпыңдата эркелей кетип угушаар эле. Күпүлдөп сүйлөп-сүйлөп алып, аягында иттеринче улуп ыйлап калат. Иттери ага боору ооруй, бири жакындап келип колун бетин жаласа, экинчиси жалтактай көзүн ала качат, анан кантишсин. Айбан да болсо аёо сезиминен алыс эмес окшобойбу. Кулагын жапырып, бутунун жанына жатып алгандары да бар. Булар деле адам сыяктуу бири боорукер, экинчиси кыраакы, кээ бири баладай ойноок болсо, дагы бири токтоо болушат экен. Бирок, бала барда Багуул ыйлабайт. Баланы тарбиялайт. Сабак үйрөтөт. Шеф бир ай, эки айда бир келип ороңдоп, коркутуп, жектеп кетет. Ал, акылына келгенин билгизбешке аракет кылып баштагысындай эч сүйлөбөй, үңкүйүп олтура берет.

Ал, эми жөнсүз кайгы тартпай, жакшылыктын учугун издей баштады. Алаксымакка үйүн оңдоп, кичинекей айнек чыгарып, ичине меш коюп, жыгачтан эшик салды. Кой короодон көң чаап, жарымын дудукка, жарымын өзүнө жыйнады. Иттерге сарай жасап, чоңдорун өзүнчө бөлүп, айтор баарын ирээтке келтирип койду. Бирок чын пейили менен бардык жумуштарын жакшы жасаса да дудук менен шеф эч ийикпейт. Алар үчүн иши адал, өзү арам көрүнөт окшойт. Кышкысын эски жамачы кийимдерин шеф берген. Анын болгон бир жакшылыгы ошол болду. Мен адаммын, болгондо да бул дудукту, баланы кошо сакташым керек деп өзүнчө милдеттенип алды. Оокат менен кийимден тагдыр чечилбейт. Аларды кесирленип тепкен күндөрүм деле болбоду беле деп ачына, жыртык кийимине деле терикпеди. Багуулга дем берген бала гана болду. Анын сөздөрүнөн кадимкидей кайрат байлады.

— Байке, адам кайдан келген?— деп, көп суроолорунун бирин бере берет.

— Адам баласы мындан 2,5 миллион жыл мурда эле пайда болуп, алар таш доорун, андан кийин коло доорун жашап өтүшкөн. Мына мен сыяктуу аздан акылдарына эмгек аркылуу кире башташкан. Анан мага окшошуп караңгылыкта, оокаты жок колуна тийген чөп-чар, куш, жаныбарларды өлтүрүп, этин отко кактап жешкен. Алар ташты ташка ургулашып от чыгарышкан.

— Анан сиз качан дагы башка адам болуп өзгөрүлөсүз?

— Мен эч өзгөрүлбөй эле кыргыз бойдон калмакмын. Бирок сен айткандай кул ээлөөчүлүк баскычта жашап жатам. Шефтин кулумун.

— Кыргыз деген эмне, ал жакшыбы?

— Бүркүт, кел мында олтур, мен сага шашпай түшүндүрөйүн. Кыргыз деген мына мен, мага, сага окшош, силердин элиңердей эле адамдары бар кичинекей мамлекет. Бирок башка элдерден айрымачылыктары: алар тээ илгери, үчүнчү кылымда эле жашашыптыр. Өзбек, уйгур, казак, түркмөндөр, татар, башкырлар кийин пайда болушкан экен. Кыргыз деген ат кырса түгөнгүс, кырылгыс, жеңилгис деген сөздөн келип чыкса керек,— деп баланы карап, анын ынтаа коюп укканына ичи жылып, сөзүн улады.— Уйгурлар көп, өтө күчтүү болуп, аларга жада калса кытайлар да салык төлөп турган 840-жылдарда Уйгур каганын аз эле кыргыздар чаап алган экен. Ошентип, тогузунчу кылымдын орто ченинде Уйгур кагандыгынын ордуна кыргыздардын Улуу дөөлөтү пайда болгон экен. Уйгурлардын али деле мамлекети жок. Мына, кыргыздар өтө күчтүү, акылман, даңктуу, атактуу, батыр эл болгондуктан башка элдер да кыргызга кошулуп, өздөрүн сыймыктануу менен кыргыз деп аташкан жана көптөгөн майда башка уруу-тайпалар кыргыздардын ичине сиңип кеткен,—  деп, сыймыктана айтып жатты эле бала дагы суроо берип калды.

— Сиз да баатырсызбы?

— Кайдан? Мен ошол кыргыздардын эң начарымын. Ошон үчүн кул болуп жүрөм да,— деп ордунан туруп, басып кетти. Сезимдүү, кыраакы бала улуу кишини таарынтып алганына өкүнгөнсүп, башын жерге салып артынан ээрчип жүрдү.

Ал күнү Багуулдун көңүлү ачылбай, иттеринин кечки тамагын берген соң эрте эле саман төшөлгөн ордуна барып жатып алды. Бала да не кыларын билбей тээ, каш карайганча эле Багуулду акмалап жүрдү.

Дудук, баласын бул жакка алдырып алганына өкүнүп жүрдү. Жалгыз уулунун тил албай өзүнөн оолактап баратканына ичи күйөт. Үйүнөн чыгарбай, Багуулга барышына тыюу салып койду эле, бала чүнчүп кетти. Эч сүйлөбөсө, же ойногонго досу жок болсо кусаланып, ооруп да калды. Минтип, өзүн гана ойлоп, жалгыздыктан коркуп, уулуна зыяны тийип калаарына, аны күч менен кармап жашай албасына көзү жеткенде, дудуктун заманасы куурулду.

Эртеси атасы малын төшкө чыгарып келгенче, бала тызылдап жүгүрүп келип Багуулдун башына бир сындырым нан, эски консерванын идишине сүт алып келип берип кетти. Ал, кечирим сураганы эле. Багуул баланын башынан сылап, чоң эле киши кичинекей баланын сөзүнө теригип, аны коркутканына өзүн жектеп турду.

— Курсагыңды тойгузуп, анан кел, сага жомок айтып берем,— деди.

— Жомок эмес, кыргыздар жөнүндө...— деп башын жерге салып, көзүнүн төбөсү менен кишини карады.

— Болуптур, Бүркүт.

Бала жарк этип күлө, заматта тызылдап көздөн кайым болду. Ага Бүркүт деген наам аябай жагат. Баланын артынан карап Багуул “ушул жашка келгенче өзүмдү биле элек турбайынбы. Ар кызматта жүрүп, жалаң эле мактоолорго марып жүргөн экем да. Сырткы чүмбөтүм чечилгенде, ачуу чындыкты, башыма келген кыйынчылыктарды көтөрө албай, андан чыгыштын жолун издебей, иттерден эмне айрымам бар” деп өзүнө нааразыланып жүрдү. Баланын нан, сүтү да жүрөгүнө баспады. Чаканы алып, чоң сууга барып, казанга суу толтуруп алып, атала жасап кирди.

Жумуштарын бүткөн соң, дудуктун талаасына барып, картошка чапты. Ысыктан чаңкаганда чоң, киргилт сууга барып, суу ичип, чайканат. Жайы-кышы тишти какшаткан, таптаза, туптунук Талас сууларын сагынып, бул жерге алымсынбайт. Бала заматта ал жерге жетип барды. Багуул жуунуп жатып жанына келип калган жылаңач баладан чоочуп кетти.

— Э-эй, мени карагыла! Мен сүзгөндү үйрөндүм.— дейт ал,— Суу түбүнө да кире алам, мына,— деп жээкте суу шапшып жүрөт. Дудук балага ыңгайлаштырып, суу жемирип ойгон жерин, таш менен тосмолоп, агып кетпегендей кылып көлмөчө жасап берген. Бирок бала ал көлмөчөдөн чыгып, Багуул жүргөн жерде жүрөт. Киши да дайыма баланы акмалап, кай жерде ойноп жүргөнүнө дайыма байкоо салат. Бир чети балага болгон сүйүү сезими болсо, бир чети анын артынан ээрчип жүрүп, кырсыктап калышынан коркот. Жакын жерде аларды кара тайган карап турду.

Түштөн кийин кайрадан иттери менен алек.

Андан кийин монголдордун Чыңгыз ханынан да коркушпай, жеңилсе да салгылашкан кыргыздар. Чыңгызханга тун уулу Жуучунун өлүмүн угузгандан эли коркуп, кыргыз комузчусу Букага угуздурушканын, казак ханы Абылай хандын кыргыздарга кол салганын, андан кийин орус падышачылыгы, Кокон хандыгы, үркүн жөнүндө берилип айтып жатып, сөздөрүм буга кандай таасир этип жатат экен деп балага акырын улам-улам карап коет. Бала уккан каармандарын туурап, алардай болгусу келгенин байкаган Багуул баланын көңүлүн улап ага чыбыктан ат, жаа, тапанча жасап берди. Кийинки күнү совет бийлигинин орношу жөнүндө сөз козгомок болду. Ал, түнү бою балага эмне жөнүндө айтып беришти ойлонуп чыкты. Бала чыбыктан атын чаап, камчысын камчыланып, белине канжарын кыстарып, жаасын далысына асынып кийинки күнү жоого аттанчудай келип калды. Балалык сезимтал жүрөгү аркылуу бала өзү да билбей Багуулдун далай оор күндөрүн жеңилдетти. Багуул да мугалимдей даярдап койгон сабагын тез айтып берүүгө ашыкты.

— Ошентип, бай манаптар оңой-олтоң эле байлыгын элге бергиси келбей көп кыйынчылыктарды туудурушту. Анан бара-бара кой терисин жамынган карышкырлар да көбөйдү. Бай-манаптардан кутулаарда сендей Павлик Морозов, Кычан Жакыпов деген балдар да эрдик жасашкан,— деп, алардын эрдигин айтып берди. Павлик, Кычандар өз баштарын эмес, элдин кызыкчылыгын ойлоп, Павлик өз атасын чыккынчысың деп бетине айтып, анан атасы ал кичүү иниси экөөнү бычактап өлтүргөнү балага катуу таасир этти . Кычан болсо Жумаалы деген каракчынын душмандык бетин ачып берип, ал каракчынын колунан канжар менен карды жарылып өлгөнүн укканда бала дабышсыз ыйлап, кишиге жалдырай тигиле тим эле ал сүйлөп жатып башын кашыса кошо башын кашып, колун жаңсаса кошо жаңсап оозу ачыла ал каармандар менен чогуу жүргөндөй берилип укту. Бир убакта таттуу ой анын ичин жарып чыккансып:

— Мен да ошолордой баатыр болом! Азыр ошондой басмачылар, каракчылар барбы?— деп суроолуу карады.

— Бар эмей анан. Сен экөөбүз кайсы каракчылардын туткунунда олтурабыз.

— Тиги дудук жакшы эле киши. Мени мында уурдап алып келген шеф каракчы. Байке, тигил чын эле менин атамбы? Шеф сенин чын атаң ушул деген. Мен аны мында келгенде эле көрдүм. Кичинекейимден бери башка урушчаак, апам экөөбүздү урган жаман атам бар. Эмне, эки ата боло береби? Мен да Павлик сыяктуу эки атамды, шефти каматайынбы?

Багуул, айткан сөздөрүнө бекер кылыпмын деп өкүнүп калды. Аларды туурап, мерт болуп калбагай эле? Бирок, баланы аяп да, тамашалап да сенин чыныгы атаң менмин деп койду.

— Анда сонун болмок! Мен өз аталарым менен сендей сүйлөшө албайм да,— деди бала да оюн ачык айтып.

Багуулдун ичине бирөө канжар сайып алгандай ачышып кетти. Атаңгөрү! Бактысыз бала, каракчы шеф, шордуу дудук, ит аякташ кыргыз деп капысынан эле ыйлап жиберди. Бала кишинин саксайып өскөн сакал мурутун, чачынан сылап, бир күнү кыргыздарга качалычы деди. Мындай сөздү баладан угам деп ойлогон эмес. Аны дагы эле кичинесинтип жүргөн. Жанында салабаттуу киши менен сүйлөшүп олтургансып, эмелеки өзүнүн ыйлаганына аябай уялып калды.

— Чөп чыкпаган сайдан кач, кайыры жок байдан кач деген бар. Сен туура баамдапсың, бирок кантип?...— Баланын сөзүнө кайраттана түштү, ойлонуп калды.

Баланы тизесине олтургузуп алып, ал жомок, элдик уламыштарды айтып берип жүрдү. Бала анын айткан аңгемелерин чын ниети менен бирде ыйлап, бирде чоң кишиче оор үшкүрүнүп угат. Чоорчу бала жөнүндө айтып берген жомогунан кийин балага камыштан чоор жасап берди. Багуул Улуу Ата Мекендик согуштагы Чолпонбай Түлебердиевдин ДЗОТко төшүн тоскону жөнүндө айтып бергенде, кыргыз элин урматтап, аны өз атасындай көрүп, аларды көргүсү келди. Баатырлардын эрдиктери баланын жүрөгүнүн толтосунда уюй берди. Бала да кыргыз, болгондо да баатыр болгусу келди.

Баланын берилип укканына ыраазы боло Багуул :

— Көрдүңбү уулум, кыргыздар кандай гана оор кезеңдерде жок болуп кеткен эмес. Эгер эрки чабал эл болсо, эчак бир мамлекетке кул болуп, кумга сиңген суудай болуп жоголуп кетмек. Кыргыздардын бешикте баласы калса эле ал эр жетип бизди чабат деп коркушкан, Алманбет менен Семетейге окшоп. Ошон үчүн согушта боюнда бар аялдардын ичин жарып өлтүрүшкөн. Бешиктеги эркек баладан, бөкчөңдөгөн чалга чейин кырып жок кылгылары келген. Үркүндө аксакалдары, калган -каткан оокаттарын жаштарынын баштыгына түйүп берип, кыргыз тукуму жоголбосун, жаныңарды сактап, кыргыз деген улутту жоготпогула деп нуска сөзүн, батасын берип Кытайга качырышкан. Бир бүдүр бадыракты бир күнгө жеткизип, үнөмдөгөндөрү аман калышкан экен,— деди. Баланы бир карап алып, Багуул сөзүн улады.— Өз уруусун жакшы билишип, жети атасын жатка айтышып, өз уруусуна үйлөнбөй, кыргыз канын таза сактап келишкен,— деп ашыкча мактанып кеткен жокмунбу дегендей өзүнчө кооптонуп калат. Бала анын сөздөрүн муюп укту.

Андан кийин ал түз эле Манаска өттү. Манас айтканда кадимки кино көрүп жаткандай аларды көрүп, баатырлардын кай кыймылда эмне кылып жаткандарын үнгө салып айтып берчү. Манас айтканда, баатырдын касиетти таасир бердиби, айтор көңүлү обого көкөлөп, кандайдыр бир делебеси козголо, кээде Манастын шумкарындай асманга атырыла учуп, ободо эркин көкөлөп шаңшып алчу. Аягында кабагы бүркөлө:

— Азыркы кезде да ошондой кыргыздарым чачылып жүрөт. Манас сыяктуу чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган акылман адам керек болууда.

— Анда экөөбүз ошентели...

— Ой, азамат. “Жерде жаткан жумуртка асманда учкан куш болор” дегендей мен сенден көптү көрүп турам,— деди Багуул баланын дымагына элжирей. Бул сөзүң нагыз бүркүткө тиешелүү болду. Ошентип, бала Багуулдун берч болгон сезимдерин ойготту.

Дудук өлгөн койлорун союп жейт, арам деп ылгабайт. Ичегилерин иттерге ыргытат. Багуул эми комуз чапмак болду. Ал, жакынкы бир карагайды жалбырактары саргайып түшүп, бышкан кезде, кыйып келди. Аны дароо сомдоп, атала кайнаткан казанын жууп-тазалап, ошого кайнатты. Анан бычак, балтанын жардамы менен аспаптын башын, моюнун, чарасын, тепкегин, кулактарын чеберчиликте, мудаа, шашпай жасап чыкты. Баш жагынын кырынан үч тешигин шишке окшогон темир таап келип, отко кызартып, ошол менен тешти. Доошту жаратуучу чарасын бычак менен оюп, капкагын жылмакайланган жука карагай тактай менен каптады. Капкак капкакталганда дал ортосуна тешикче тешип, куткунун да байлады.

Комузду безелентип сайраткан анын кылы эмеспи. Кылды жасаш үчүн дудукту акмалайт. Качан кой-козуларынын бири өлүп, ичегисин ыргытаар экен деп. Ой тобо, керек учурда койлор да өлбөй койду. Ошентип ал ичегини эки ай күттү. Чыдамы кеткенде дудукка көргөзбөй эки тиштүү бир койдун эки көзүнө жыгач сайып сокур кылып салды. Акыры күткөн ичегисине да жетти. Аны муздак сууга таза жууп, жипти ийикке ийригендей кылып ийрип, үңкүрчөсүнө кере тартып, эки четине салмоор салып, айтор түйшүктөнүп жатып, үч ай дегенде оюндагыдай комузу даяр болду. Баладан улам анын күндөн-күнгө жашоого кызыгуусу күчөп баратты. Бактым болуп, эми эли-жериме аман барсам, кызматка кызыкпай комуз чаап, күү чертип, кыяк тартып, билген өнөрүмдү балдарыма үйрөтпөсөм деген алдына максат койду. “Адамды балык бышырып берип бакканча, ага балык кармаганды үйрөткөн артык”— дегендей атама мен ыраазымын. Ошол, ата тегимен келаткан устачылык өнөрдү үйрөтүү үчүн аман барышым керек. Ал муундан муунга өтүп келаткан чоң мурасты токтотпошум керек.
Балким мен бул чоң мурасты унутканым үчүн ата-тегим нааразыландыбы? Же Аллахым ушунун баарын ойлоого зарыл убакытты дал ушул жерден бердиби? Мурунку жылдары үй-бүлөмө, апама, элиме жакшы кызмат кылдым деп ойлончу элем. Бүгүн эмнегедир ички дүйнөм мага каршы чыгып жатат. Мен ички дүйнөмөн бул жарык дүйнөгө келип, ушул жашка чыккыча артымдан балдарым эстээр эмне иш кылдым? деп өзүнө өзү суроо да берип жиберди.

— Алгылыктуу эч иш жок. Дүнүйө, кызмат кубаладың.

— А мен жоголгон бул жылдары балдарым, аялым, элим мени эстедиби?

— Аз гана убакыт.

— Аларга жыйнап кеткен дүнүйөм али түгөнбөгөн чыгаар. Азырынча курсактары ток, эстегенге убакыттары жоктур?

— Сенин жыйнап кеткен дүнүйөң түгөнүп, ач калышканда, кантип жашашты үйрөттүң беле? Алар абдан кыйналышса сага наалат айтышат. Эгер эле сеникиндей оор тагдырга туш болушса, жашап кете алышабы? Сага го атаң мурас калтырган экен. Балыкка тойгузбай, балык кармаганды үйрөткөн тура.

— Оозуңа таш. Түү-түү де. Чапкан жерден эле көз чыга бермек беле. Менин ит бакканым деле жетет. Балдарымдын келечегине тийишпе. У-у, өзүм эмес башка бирөө болсоң, канжар менен бышып алсам ээ.

— Чындыкка чычалаба. Балдарың орусча өсүп комуз эмес, күрөк менен кетмендин айрымасын билишпейт.

— Элитный, этаж үйдө жашасак кайсы кетменди көрөт.

— Апаңдыкычы? Ал жакка алып барбасаң, кол кабыш кылбасаң. Тегерек четин жыйнашпасаң, өзүң деле кетмен менен күрөктүн айрымасын унутуп калдың да.

— Бас жаагыңды. Демек, балдарга жаман ата болдуң де.

— Апаңа да. Үйүңө да.

— Калп. Мен апама каралаш деп уулумду бергем. Үйдү оңдогом.

— Туура. Балаңды бердиң. Бирок аларга тамакты ким кылат? Үйүн ким жыйнайт? Кирди ким жууйт? Апаң сенин балаңды багып жатса. Үйдү кокус көзү өтүп кетсе деп намыс үчүн сыртын гана оңдодуң. Эмнеге үй ичинде өзүңдүкүндөй даараткана, ысык-муздак суусу, газы жок.

- Жеңилдим. Өткөн өмүрүм текке кеткен экен. Жок дегенде бүт шарты бар аялым ыраазыдыр?

— Аялыңды бир жолу кино, концертке, кафе, ресторан чет мамлекетке, же тамактан кийин эшиктин алдына эле алып чыгып сейилдеп, аялың менен курортто эс алдыңарбы? Ага бир жолу сүйөм деп айта алдыңбы? Кылган иштерин баалап, оозуңду толтуруп мактадыңбы? Ал сени менен жашаганына бактылуу бекен, сурадыңбы? Ал сени менен ошол жылдары сүйүү үчүн жашадыбы же намыс үчүн жашаптырбы барганда сөзсүз сурап көр.

— Тү-ү, ат-та! Аялымды көп жалгыз таштап кетчү элем. Жалгыздык кандай болоорун көрүп жатам го. Эми элиме кылган кызматты айтпай эле кой. Чакан мамлекетимди ыраазы кыла албасам кайдагы элимди сурайын. Жебиреп дагы далайларды айтып, мээмди чакпай дооңду токтот.

— Ичиң менен сыртыңда ушунча карама-каршылыктар болсо, дагы шайтандан абайла деп коебуз. Болуптур. Аман-эсен үйгө жетсем баарын оңдойм.— Удургуп турган оюн башка нукка буруп, алаксыбаса шайтан ички ойлору өлүмгө сүйрөчүдөй. Мындайда талант, шык жардамга келбесе оңой кутула албайсың

Даяр болгон комузун колуна алып, күүлөрдү эстеп, чоң сахнага чыкчудай даярданды. Багуулдун ой-тилеги — комузду балага сөз менен эмес, күү менен кызыктырып жеткирүү эле. Бала Багуулга бет алганда эле, комузун күүлөп кирди. Бала да жаңылыкка күбө болууга ашыгып, ашыга чуркап келатты. Киши бала кезинде үйрөнгөн "Токтогулдун кербезин”, “Жаштар маршын”, “Кыз кербез”, “Мөлмөлүмдү”, атын унутуп калган дагы бир-эки күүнү удаа, жаңылып-жаза чертип жатты. Күүлөрү шаңшып чыгып, бирде торгойдун сайраганын, суулардын шылдыр үнүн, кыздын күлкүсүн туюнтуп турса, бирде муңдүү ыйлап турган эне-баланы элестетип жандуу чыгып жатты. Багуулдун колу өзү эле элирип, жарышка түшкөн жоргодой жорголоп баратты. Бала да жөн бала эмес. Жаштайынан турмуштун ачуу-таттуун билип, акылы чоң кишиге тете зирек, баарын тез кабыл алган, акылдуу эмеспи. Ал, кулагы менен эмес, жүрөгү менен берилип укту. Бала кишини кудум сыйкырчыны көргөндөй карап турду. Сыйкырчы эмей ким? Жыгачка да, камышка да тил киргизип, бирде ыйлатып, бирде күлдүрүп турса. Итке ыргытылган өлгөн койдун бок-сак ичегилеринен, как жыгачтан эле ушундай сыйкырдуу үн чыгаарына, ага жан кирип, бүт кыргыздар жөнүндө адамча айтып жатканына акылы айран-таң. Багуул да бул жерде жашаганын унутуп, өзүнүн кең жайлоосунда олтургансып эргип чертип жатты. Жөн эле чертпестен комузга сүйүнүчүн, кусалыгын, сагынычын, бугун чыгара, жүрөгүнөн сыгылып чыккан сезимдери көзүнүн жашы менен дайрадай куюлуп жатты. Бул комуз да башка комуздан айрымаланып, күндүзү күндө кургаса, түнкүсүн Багуулдун койнунда кургады. Таласын көргөнгө ашыккан комуз болду. Кишинин ачуу көз жашына жуулуп, азаттык жана башка көптөгөн тилектерге курчалган жана Багуулдун жалгыз өзүнө тиешелүү, энчилүү, баалуу буюму, куралы да, жакын жолдошу, үмүтү болуп калган. Кээде балага айта албаган сөздөрүн ушул комузуна айтчу. Сырдаш, муңдаш комуз болду. Ал комуз үнү менен бирге өзүнө канат бүтүп, ак мөңгүлүү чокуларында бийик, эркин шаңшып учкан бүркүт сезди. Бала да күүлөрдү эрип укту, жыргап укту, таасирленип, балкып укту. Дайыма артынан калбай ээрчип жүрүүчү тайганы да жамбаштап жатып укту.

Адамдын башына мүшкүл иш түшкөндө мурда байкалбаган ар кандай таланттары ачылып кетеби деп өзүнө-өзү таң калат. Ал түмөн ойлору менен түйшөлүп келет. Далай жолу кыйналды, каржалды бирок ошону менен бирге эле кайра чыйралды. Баланы карап, кайрадан жашоо үчүн күрөштү. Ошентип, бала да кыргыз тарыхын, Манасын кыргыз балдарынан жакшы билип алды.

Үмүтсүз — шайтан деген калетсиз белем. Баланын көксөгөнү эле азаттык болучу. Анын азаттыкты эңсегенин ойлогондо, кишинин жүрөгүнө жетип, көкөйүнө тийип турду. Багуулдун баяндарынан кийин адамзаты жөнүндө бийик, эң жакшы ойлордо калды. Ошентип иттер менен арка бел болуп, жети жыл жашагандан кийин иттер бүгүн башкача, бир нерседен кабарлары бардай ачуулуу. Киши да бирдемени сезгендей жүрөгү опколжуп турган. Чакадагы суудан өзүн карап, жети жылда жетимиштеги чалдай каржала түшкөн экем деп ойлоду. Иттер да Багуулдун дилин туюнушкандай. Жакын досу болгон тайганы жанына келип жатып, боорун жерге төшөгөн калыбында тумшугун көтөрүп бир жыттап алды да кайра жүзүн буруп эки буту менен басып, таарынгандай. Ал ит болсо да тамагы буулуп, көзүнөн жаш кылгырып турду, бирде ээсинин бутуна жөлөнө, бирде аны айлана ар кыялын көргөзүп өзүн коёрго жер таппай жаткансып, куйругун шыйпактатып колун жалап жиберди. Алар кыңшылап, кээде улуп да жатты. Багуул да булардын бул кылыутарына аң-таң болуп олтурган.

Аңгыча эле жип машинеси менен шеф келип калды. Машиненин келгенине иттер ажылдап үрүп жатышты. Ал, биринчи Дудуктукуна барды. Кабагы карыш түйүлгөн, дудукту да урушуп келгени билинип турду. Бирок буттары чалыштап, сүйлөсө кекечтенип, алигисинен чегип алганбы же ичип алганбы эс мастай көрүндү. Балким дудук демейки кара куурайын даярдаганга үлгүрбөй калган го. Бул качан келээрин да айтпайт эмеспи. Шеф Багуулду азиат тукумундагы бир күчүгү өлүп калганы үчүн күнөөлөп, сөгүнүп-сагынып, желкесинен кармап жулкулдатып жатты. Багуул жерге бөк түшүп жатып калды эле аны бетке, башка тепкилей баштады. Адамдык ариетине шек келтирсе да, Багуул ачууга алдырып, ашепке сөз сүйлөбөдү. Мээси алагүү, темтеңдеп турган немеге кол көтөрүп, кошо мушташса жеңип алмак. Бирок антпеди. Боз үйдүн тешигинен дудук да аларды аңдып турду.

Экөөнү жашына карап турган бала өзүнчө убайым тартып жатты. Ал, ичинен багуулга “Тур! Сок! Башыңды эмне катып жатып алдың? Кыргыздар баатыр болот дебедиң беле, тур, бол” деп өзүнчө сүйлөнүп жаткан. Аңгыча Багуул ачуу чыңырып жиберди. Бала ал үндү угуп тура албады. Кычан, Павликтерди эстеп, кайратына келе түштү. Ачуулуу, чоң коркунучтуу деген иттерди көздөй жүгүрдү. Жыгачтан сарай жасап, аларды ошол жакта бакчу. Болбосо алар бири-бири менен кабышып, дудуктун да малдарын жеп койгондон кайра тартпаган иттер эле. Алар бошоп кеткенде ызы-чуу түшүп бош жүргөн бөлөк иттердин жанын сууруп алчудай качырышчы. Багуулду алар жакшы көрүшөт. Кечинде бала менен дудук үйүнө киргенден кийин гана аларды жетелеп, сейилдетчү. Багуул бир жолу буларды карап, күн чубактай олтуруп калгандарында иттер жөнүндө айтып берген. Адамга караганда бул асыл тукум иттер достукка бек болот. Ээсин аябай жакшы көрүп, ага кыйынчылык болсо сөзсүз жардамга келишет. Эс тутуму да өтө жакшы, анан кекчил болушат. Эгер катуу таарынтып койсоң, акыры бир күнү өч алат деген сөздөрүн эстеп эми алардан ээсине жардам болобу деген үмүт менен сарайдын эшигинин эргенчегин чечип жиберди. Торпоктой ротвейлер тукумунун эркек-ургаачы эки ити, балага тийбей түз эле Багуулга чуркашты. Тайганы да боору ооруп, Шефтин бутуна асылган. Ал бутундагы тайгандан качмак түгүл кайра жерде түпкүчтөй түйүлүп жаткан Багуулду күп эттире дагы бир тээп алды. Балким мастык менен иттин тиштегенин деле сезген жокпу, же тайган шымынан эле тиштегенби айтор сезе турган түрү жок. Эки иттин ачуусу келип кеттиби, же тайгандан кызганып кетиштиби ырылдап келип Шефтин бири бутунан, бири моюндан алышты. Тайган силерге эле бердим дегенсип четке басып кетти. Булардын келгенин Багуул байкабай калган. Шеф кыйкырып-өкүрүп жанына аралжы издеп бакырганда Багуул жан далбас уруп эптеп тура качты. Бирок калтаңдап алыс кете албай кайра олтуруп калды. Иттеринин жаны ачыганын көрүп ысык жашы сызылды. Ачууга уукту. Иттер тыткылап, шефтин бир колун тез эле жулуп ташташты. Багуул тура калып арачалайын дейт, бирок коркту, ачуулуу иттер аны да укмак эмес. Ал өйдө туруп, көпкө чейин энтиге дем алып, муундары калчылдап, эки көзү тигилерде. Иттер көкбөрү кылып сай жакка Шефтин денесин жулмалай сүйрөп кетишти. Аңгектен качсаң дөңгөккө дегендей эптеп ит жашоодо жашап жатканда мына эми өлгөнгө көмгөн болду деп Багуул жаны чыга коркуп турду. Эми арты кандай каран күн болор экен?..

Аңгыча бала чуркап келип, Багуулду кучактап калды. Баланын катуу коркконунан колу-буттары калчылдайт. Ал мынчалык болуп кетет деп ойлобосо керек. Дудук аларды боз үйүнөн чыгып бир карап алды да кайра үйүнө кирип кетти. Ал шефтин алып кете турган сумкаларын салыштырып жаткан.

Багуул баланы кучактап алып ыйлап жатты. Коштошуп жатты. Эми менин күнүм бүттү. Шефтин балдары келип, мени сөз жок өлтүрөт. Сенин дудук атаң эмгиче аларды чакырып койгондур деп ыйлап жаткан. Иттердин арсылдагы дагы эле басыла элек. Шефтин жулунган бир колун бала көрбөсүн деп Багуул үстүнө капты таштап койду. Дудук да жүгүрүп келе калды. Колунда бир баштык. Дудук келатканын көрүп экөө иймене эки жакка бөлүнө калды. Бала атасын ачуулуу, олурая карап турду. Багуул дудуктун бутун кучактай чөгөлөп, жан соголап ыйлап жиберди. Дудук күйүккөн демин баса албай, бутундагы Багуулду тургузуп кийимин күбүп кирди. Баласы атасына ыраазы болгондой жүгүрүп келип экөөнү бирдей кучактап, ал да атасына жалынып ыйлап кирди. Дудук көп нерсени сүйлөгүсү келип, оозун ачып жаап, колдору менен бат-баттан бирдемселерди жаңсап жатты. Эч түшүнө алышпады. Дудуктун баласына ачуусу келе түшүнүдүр деп жаткансыды. Бирок баланын корккондуктанбы, же эмелеки окуядан кийин ал да өзүнө келе албай түшүнө албай жатты. Балким ал бул жети жылда качып кеткиле деген сөздү айтпаган чыгар. Баласына колундагы баштыкты кармата Багуул экөөнү кол кармаштырып, машинени көргөздү. Багуул дудуктан башкасын күтсө да муну күткөн эмес. Машинеге чуркады. Берки экөө да артынан чуркап жете келишти. Дудук машинеге олтур деп Багуулду түрттү. Ачкыч машинеде сайылган бойдон калган экен. Бала Багуул менен кет деп жатканын түшүнсө да ишенип-ишенбей көздөрү алая каякка дегенсип башын көтөрүп, эки алаканын жайды. Багуул машинени ыкчам от алдырып жиберди. Дудук баласына бирдемселерди жаңсап, чекесинен өөп-өөп көзүнүн жашын сүртө кол булгалап, баштыгын берип, коштошуп жатты. Дудук баласын түртө машинеге салып, бол бачым кет дегенсип Багуулду шаштырып, колуна кат берди. Дудук бул оюн буга чейин эле ары ойлонуп, бери ойлонуп, тогуз жолу толгонуп жатып баласын Багуулга берип, экөөнү качырмак болуп жүргөн. Бирок антүүгө жүрөгү чыдабай, оңтою да келбей жүргөн эле. Мына эми капысынан ойдо жок иш болуп кетти. Качыруудан башка арга жок. Дудук сени менен мурда эле достошсом болмок экен. Бирок достошподук, касташпадык. Жакшы адам экениңди этибарга албай жүрүптүрмүн. Сага алкыштан башка айтаарым жок. Уулумду адам кыл. Уулум сага аманат. Мында эми калганга болбойт, шефтин кишилери силерди өлтүрүп коет. Мен жашаарымды жашадым дегенсип турду. Эмне деп жооп берээрин билбей Багуул башын ийкеп тим болду.

Багуул Жип машинасын алкынтып, жулкунтуп жолго айдап чыкты. Жолдун тегиз эместигинен, анын үстүнө жети жылы жана андан мурунку жылдарда шофер менен жүрүп машина айдаганды унута түшүптүр. Дагы багына машине автомат экен. Дудук машиненин артынан ээрчип, жаш баладай ичи ачыша көз жашын сүртө жалгыз, алыстап кала берди. Машиненин үнүн уккан иттери да артынан ээрчип, коштошуп жаткансып, калып калышты. Бала артынан кууп жетип келип, кайра дудук алып кетчүдөй кылчак-кылчак артын карай берди. Арык, таш-тушка келгенде тормоз басып жайлатып, акырын өтөм деп ыраса буту газды басып, машинанын төбөсүн бир сүзүп кайра ордуларына келип баратышты. Ары-бери сүзгүлөнө берип баланын ачуусу келгендей, кээде кишини жаман көрө карап, ыйлап да келатты. Ал, денеси ооруганынан эмес, келечегинен коркуп ыйлап жатты.

— Бүркүттөрдүн ыйлаганын көрдүң беле?— киши ага капысынан суроо берип калды.

— Жок, мен алардын ыйлаганын эмес, өзүн да көргөн эмесмин. Мен бүркүт эмес кыргыз болгум келет,— деп мурдун шор тарта айнекке бурулуп кетти. Кайрадан жымжырт, ар кими өз ойлору менен алек болуп калышты. Бала атасынын Багуулду качырганына, өзүн да азаттыкка чыгарганына ыраазы боло, ал жакта жалгыз калганына ичи ачышса, эми кай жакка бараарын билбей ыйлап баратты. Атайы жасалдыбы? Балким дудук жөн эле оюн кылып жатпасын? Алдыбыздан куугундар күтүп турбасын? Ушунча жыл мага жакшылык кылбаган карт мерес кантип жибиди? Же уулунун келечегин ойлодубу? Багуулдун ойдо жок жерден мындай кырсыктын болуп кеткенине башы маң. Машинаны келген изи менен зуулдатып айдап баратты. Ушунча жылдан бери шеф бүгүн кантип жалгыз келип калды? деп ар кимиси ар ойдо, бирде жүздөрү нурдана, бирде кумсара келе жатышты. Баланы кайсыл дарекке жеткизем, энеси кандай кабыл алат деген ой келгенде Багуул катты эстеп кетти. Машинаны чукул токтотуп, катты окуп кирди.

"Ак көңүл, арамы жок кыргыз. Сен казак талаасындасың. Кыргыз чек арасына машине менен бир күндүк эле жол. Жөө эки, үч күндө жетээрсиң. Кең талаадан өткөндөн кийин, тамеки талаасы бар, ошол жерден сак бол, ал жер да шефтики, анда киши көп . Качкын. Шеф сени аябайт. Ал казак да эмес, түбү чеченби, уйгурбу толук билбейм. Сенин ордуңа киши тапса, көзүңдү тазалайт. Уулумду сага, сени кудайга тапшырдым. Эки жыл өткөзө бул иштер тынчыганда, уулумду алып Жамбыл шаарындагы Абай көчөсүндөгү № 10 үйгө келип кет. Ал жерде менин ата-энем жашайт. Өлбөсөк ошолор аркылуу кабар алышаарбыз. Уулуң урумга, кызың кырымга жетсин. Үй бүлөңө менден салам айт. Ишиңе тыкан бол. Беттеген максатыңдын өтөсүнө чык. Уулума дагы жакшы тарбияңды берип, адам кылаарыңа ишенем. Үшүктөн абайлап, тигил каңгыраган талаадан эптеп өтүп алсаңар түз эле чек арага жетип барасыңар. Кош. Ак жол каалайм"— деп жазылган экен. Капка шибегени ката албагандай эле, баласын өмүр бою тоодо ката албасын түшүнгөн экен. Эрдик кылыптыр. Азыр күз эмеспи?
Демек, бул катты жазганына бир жылга жетейин деп калган экен да. Байкуш дудук. Кантип качыраарын билбей кыйналып жүргөн тура. Же жана шефке уу берип койдубу? Кайдан? Дудук өзү жөнүндө эч нерсе жазбаптыр. "Жаман жарасын көрсөтөт"— деп өз турмуш жолундагы жаңылыштык жакшылыктарын жарыялагысы келбесе керек. Катты тиктеп мына ушуларды ойлонду. Баланы караса ал ыйлап да, коркуп да бүрүшүп турган экен. Жол-белге мени таштап салып качып кетет деп ойлогонбу. Ушунча жылдан бери баланын атын сурабаганына өзүнө таң калды. Атын сурады эле бала да эстей албай койду. Багуул баланы кучактап эми мени ата десең болот дегенде гана бала сүйүнгөнүнөн “ата!” деп ай-ааламды жаңырта бир кыйкырып алды. Ата, атакелеп колун өөп, бетин өөп, ыйлап жатты. Ох, сүйүнүчтөн байкуш баланын жүрөгү жарылып кете жаздады го. Ал ойлоп көрсө эч качан ата деген сөздү айтпаптыр. Дилинде Багуулду атасындай сезсе да оозу батып, ата деп айта алган эмес. Шефтин тепкисинде калып чаң-топурак бети, самтыраган кийими, оозу канап, каны катып калган бети, саксая өскөн чачы, жүдөгөн сакал-муруту — баары бала үчүн эң сонун, эң сулуу көрүнүп турду. Ал, каттагы даректи уккусу да келген жок. Кыргыздардагы өзү уккан каармандардай болуп атасын сүйүнткүсү келет.

— Ата менин атым ким болот? Кычан болоюнбу? Бүркүт болбойм.

— Жок, балам. Сен Кычандан да чоң эрдик жасадың. Кычан деген сөздүн мааниси өтө деле жакшы эмес. Каршы болбосоң, атың Табылды болсунчу.

— Эч кандай эрдик жасаган жокмун, иттердин эле эшигин ачтым,—  деп бала мурчуюп калды.

— А, сарайдын оозун сен ачтыңбы? Кантип коркпой ачтың? Алардын мыкаачылыгын көрдүңбү? Сени чайнабай жутушмак да, экинчи мындай кооптуу иштерди кылбай жүр. Бирок, сен мени аман сактап калдың. Убагында иттерди жардамга чакырдың. Сен да Кычанча өз керт башыңды ойлобой, мени ойлодуң. Эгер сен болбосоң мен мынча көп жыл мында жашабайт элем. Акылыма келтирдиң. Сени кыйбай өз жанымды кыйбай жашап келдим. Атаңа көргөзбөй оокат ташыдың. Тилиң таптак, кыргызча болду.
Бул сөз балага жакпай калды. Кабагы түйүлө калып, таарынгансып кыйтыя түштү. Багуул атаң деп дудукту айтканынан балага жакпай калганын байкай калып сөзүн кайра оңдоп кетти.

- Жылдардын кантип өткөнүн билбей калдым. Эми эчак өлдү деп аш берилген адамды таап, үйүнө алып барасың. Сени үй— бүлөм Табылгалуу бала деп урматтасын. Бир тууган таптык деп балдарым сүйүнүшсүн.— Багуул чын ниетинен айтып жатты. Бала кайрадан жайдарылана:

- Ата, менин канча бир тууганым бар?— деп сурап калды. Мурда далай жолу Багуул балдары жөнүндө айтып берсе деле бала дагы сурап койду. Эми сенин бир туугандарың, менин балдарымсыңар деп өзүн эсепке кошуп айтканын уккусу келди.

Анан алар машинанын ичин аңтара башташты. Шефтин паспортторун, машинанын документтерин, бир аз теңге, эки жүз доллар табышты. Кайрадан жол жүрүп чоң сууга келгенде Багуулдун ачуусу келе, машинадан жүгүрүп түшүп, шефтин жана машинанын документтерин сууга ыргытып жиберди. Машинага кайра олтурганда ал оор үшкүрүнүп алды. Казак талаасында аларга эч деле тоскоолдук болгон жок.

— Комуз! Комуз калып калыптыр!—  деп бала капыстан эле ордунан секирип турду.

— Узап кеттик. Эми кайра барганга болбойт. Ал комуз дудукка эрмек боло турсун. Сен экөөбүздүн ордубузду ошол комуз жоктотпойт. Балким каттагы даректе жолукканыбызда алып келеттир. Сага андан сонун, өрүктөн комуз чаап берем. Андан көрө дудукка экөөлөп жардам берели, аны ал жактан көчүрүп келип, догдурга көргөзүп, максатына жеткизели. Каршы эмессиңби?

— Жок, ал жакшы киши. Бир жылдан кийин келебиз да.

Мурунку машиненин изи менен келе беришти. Анан эле баягы ички сезиминдеги мен кейий баштады.

— Сен акылсыз экенсиң. Документтерди эмнеге ыргыттың? Мындай, банги зат менен алектенгендерди милицияга салып берип, ташын талкан кылсаң болмок. Анын эмнесин аяйсың, өч алыш керек.

— Кимден?

— Шефтен.

— Кайсыл шеф. Ал азыр иттердин курсагында.

— Ал жок болсо үй бүлөсү, жан-жөкөрлөрү азап тартсын.

— Кереги эмне?

— Анда машинаны бир казакка сат.

— Эмне? Мени ууру деп кайра милийсага кармалсын деп турасыңбы? Мага машиненин кереги жок. Эптеп, кудай колдоп Кыргызстаныма жетип алсам болду. Сен, ички сезимим андан көрө келме келтирип, аман эсен эли журтубузга жетели деп тиленип олтур.

Улам чек арага жакындаган сайын Багуул эли-жерин ашыга эңсеп жатты. Канчалык дегдеп, ушунча жыл бою ушул сааттарды зарыга күтүп жүрсө, эми көңүлү эч нерсеге чаппай, ички сезими менен алек боло башы маң тартты. Баланын суроолору да жоопсуз калып жатты. Жолду ката аман-эсен үйүнө жетип алсак деген ой бир келсе, андан да оору эл журт кандай кабыл алышат деген санаа да катуу уыжалатка салып келет. Энем тирүүбү? Балдарым аманбы? Алар кандай ойлошот? Менин оор тагдырыма ишенишеби? Аялым эрге тийип кеткен жокпу? Айылда мен тууралуу кандай өйдө-төмөн кептер жүрдү экен? Жети жылда кара ашымды да берип койгондур? Эмнеге мындай тагдырга туштуктум... Азаттыктын жолу ушунча азаптуу беле? Эми бул баланы жетелеп, самтыраган мынабул түрүм менен баарын коркутпаймбы? Бир туугандарым кандай жатты экен? Биринчи кимдин үйүнө барам? деген сыяктуу ойлор, жоопсуз суроолор жанын кемирип жатты. Ошентип алар бажыканага жакын калганда айыл ичиндеги эки кабаттуу заңгыраган үйдүн эшигинин алдына машинени токтотуп жерге түшүштү. Ачкыч машинеде сайылган бойдон калды. Үйдөн эч ким чыккан жок. Экөө чек арадан өтмөккө жөө жөнөштү.

— Бул эми эмне кылганың? Кедейдин үйүнө токтотсоң, ал байкуш машинелүү болуп, байып калбайт беле?— деди баягы тынчтык бербеген ички сезими.

— Араң оокат кылып жүргөн бир байкуштун убалына калгым келбейт.

— Тиги бай сүйүнөт го, дүнүйө өзүнөн-өзү асмандан мага түштү деп.

— Арам оокат аш болбойт. Эгер эбин тапса үзүрүн көрө берсин,— деди Багуул сиркеси суу көтөрбөй.

Багуул баласы экөө документи жок бажыканадан өтө албай, ал-жайын айтышып ар кимден жардам сурашты. Болгон тагдырын айтып беришти. Жалдырашты. Бирок, баары эле ий-и деп ээгин шалп эткизип, башын чайкап боор ооруган болушат. Азыр байкайын деген болуп эле жоголушат. Аларды да түшүнсө болот. Буларга окшогон селсаяктар, аракечтер көп эмеспи. Ак жол бажыканасынан өтө албай бир күн жүрүштү. Машинеден таап алган теңгесине шам-шум этип өзөк жалгашты. Акыры таң куланөөк тартып калганда пияз жүктөгөн камазчыга эки жүз долларын берип, эптеп жашынып өтүп кетишти.

Түрмөктөлгөн сансыз күндөр артта калып, мына эми өзүнүн Кыргызстаны! Багуул эли-жерине жеткенине ишене албай, терең дем алып көзүнө жаш алды. Жерге боюн таштап, куурап калган чөптөрдү топурагы менен жулуп алып жыттап , кумарлана кайрадан кулап жатты. Бүт кыргыз жерин, элин кучагына батыра кучактагысы келди! Сууларын тепсебей карап эле тура бергиси келди. Тоолорун асман тиреген аскасынан кичинекей дөңсөсүнө чейин өпкүсү келди. Кыргыздын кичинекей ар бир кулунуна эринбей жомок айтып бергиси келди. Ар бир карысын жөө көтөрүп Меккеге алып баргысы келди. Айтор кыргыздын кими болбосун жардамын тийгизип, кай жери болбосун өлсө арманы жок болуп турду. Шымынын багелектери салаа-салаа болуп айрылып, буттары кан болуп, үстүндөгү көйнөгү кырк тешик жыртык, мусапыр абалында эле. Баланын кийими жыртык-тешиги жок болсо да чарчагандыктан анын деле көрүнүшү жакшы эмес. Алар сырткы көрүнүшүнө кейиген жок, унутуп да коюшту. Эң негизгиси, өз жерине жетип, кулчулуктан кутулганы. Алар КАМАЗ таштаган Дордойдон Аламүдүн базарына чейин жөө келишти. Көптөн бери айыл, үйлөрдү, адамдарды көрбөгөнгө сагынып калышкандыктан кыбыр эткен нерсенин баары көздөрүнө сүйкүм көрүнүп жатты. Берекелүү күздүн бышыкчылыгында алар жолду катар көчөгө самсаалап өскөн жемиштерден терип алышып, алма, алмурут менен азыктанып келишти. Көчөдөгү сумка көтөргөн жалданма балдарды көргөндө бала чарчаганын унутуп, Багуулга жеткизбей алардан качканча шашат. Анан кантсин байкуш. Өз жерине келгенден кийин баягы ички сезими кайрадан мээсин чагып, көңүлүн бузду.

- Ушул кейпиң менен үйүңө кантип барасың? Үйдөн кетип жатканда кандай элең? Эми киши коркоор селсаяк болдуң. Балдарыңдын жүрөгүн түшүрөсүң го. Алардын көз алдында баягы сыймыктанган атасы эле калса болмок. Эми жоро-жолдошторуңа кантип көрүнөсүң? Өзүң жыргагансып бала ээрчитип, айткан шылтоо, сөздөрүңө ким ишенет? Аялың эрге тийгендир, тийбесе бир досуң менен достошкондур. Жети жылы аял көрбөдүм десең тиги аталаган баланы кантесиң? Айтор сенин эми аларга керегиң жок. Жети жыл сага жети күн эмес.

— Эми эмне кыл дейсиң? Өлүшүм керекпи?

— Жакшы ит өлүгүн көргөзбөйт. Акмак болбо. Питакка чык, иште, акча тап, кийимиңди бүтө. Анан үйүңө бар. Өзүң деле ойлоп көрчү. Эгер аялың сенин ордуңда болуп, бала ээрчитип алып жети жылдан кийин мен акмын деп үйүңө кирип келсе босогоңо киргизет белең? Жок. Эч ишенбейт элең? Ошон үчүн ага ойлонууга уруксат бер. Өз бир тууганың жок. Аталаш эжеңе бар. Баягы жылдары үйлүү болуп кафеге той берип, ал эжеңди тойго чакырбай койгонуң эсиңдеби? Кафе киши башына акча алат, ал жармач, кошо турган акчасы жок деп аны, айылдагы туугандарыңды чакырбай, жалаң акчалууларды тойго чакырбадың беле? Эми кайсы бетиң менен барасың?! Ошол, тойго келген жакындарыңа бар. Баса апаңды чакырдың беле?

— Бас үнүңдү! Мээме кан куюла турган кылдың.

— Куш канаты менен учуп, куйругу менен конот. Мына, өлсөң ошол туугандарың көмөт. Азыр селсаяк болуп барсаң да, хан болсоң да алар сени тосуп алышат. Себеби кан, боор, атаңдын арбагын сыйлашат. Намысты акчадан өйдө көрүшөт. Убагында сен алардан өзүңдү беш тепкичке өйдө ойлогонсуң. Эми бар да кечирим сура. Кечиришсе өлсөң сөөгүңө жай беришээр. Болбосо башка эл жай бербейт. Сөөгүң ит-кушка жем болоор.

— Душманды алыстан издебей эле коюшум керек турбайбы!. Өзүм араң турганда мынча мени неге жерге чаптың? Болуптур, бу жолу сени угайын.

— Анткени, мен чындыкмын. Ушинтип баарын алдын ала эскертем, бирок сыртың жасалма. Көрсөң да көрмөксөн, уксаң да укмаксан, билсең да билмексен боло бересиң, пенде…

Ошентип Багуул Кант шаарындагы аталаш эжекесине барды. Темтеңдеп олтуруп дарбазасына жетип, өзүн кармай албай боюн таштап ийди. Эшикти эжекеси өзү ачып, алдында сөз сүйлөй албай ыйлап турган селсаяк кебетелүү бир тууганын араң таанып, буркурай ыйлап кучактап калды...

 

© Асылбекова Зульфира, 2012

 


Количество просмотров: 2969