Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Асылбекова Зульфира, 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 30-январы

Зульфира Болотбековна АСЫЛБЕКОВА

СМС

“СМС”аңгемесинде Сыргак эжесине тамаша СМС жиберсе, аягына чейин окубай эле эжесинин коркуп ыйлагандыгы жөнүндө жазылган.

Зульфира Асылбекова. “Адашкан бакыт” адабий көркөм китеп. – Б.: Кут Бер, 2012. – 224 б. китебинен алынды

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7-4
    А 91
    ISBN 978-9967-25-883-9
    А 4702300100-10

Нускасы 500 даана

 

Түнкү саат бир. Үйдөгүлөр тынч уйкуда. Саат гана чыкылдаганын токтотпойт. Уйкум келбей китеп окуп жаткам. Тынчтыкты сотканын кат келгени тууралуу билдирүүсү бузуп кетти. Балдар чочуп ойгонбосун деп телефон турган текчеге учуп жетип, үнүн өчүргөнгө ашыктым. Негедир жүрөгүм дүкүлдөп, муундарым калчылдап турду.

Ууру кылгансып ой-көзүм кичинекей эки баламда болуп, телефонду койнума ката салып, бутумдун учу менен акырын керебетиме келдим. Кудай жалгап, балдар телефондун дыңылдагын укпай калды. Мемиреп таттуу уйкуда уктап жатышат. Окшошкон кичинекей жөжөлөрүмө ичим эзиле жууркандарын оңдоп жапкан менен оюм алып-учуп, тигинде. Жолдошум менен улуу уулум доктурканада эле. Мынча кеч кат жиберген ким болду экен? Же телефон кызматкерлери бир маалымат жибердиби? Ай, ушулар көп чоочутат да. Балким доктурканадан болсочу? Уулумдун эти ысыганын укол салып түшүрдүк дебеди беле? Кайра көтөрүлүп кеттиби? Алтын балам ай, чымындай жаның жаман кыйналды го! Айыл жактан эмеспи? Деги, баары аман турушса экен. Телефонду ачып караганча оюма нелер кана келип кетпеди. Анын кат жиберген бөлүгүн ачып карадым. Каттын ээси Сыргак иним экен. Жүрөгүм бир аз пастай түштү. Күзгү түшүмүн жыйнап бошобой жүрдү эле... Комбайн бошобой, түндөп, айдын жарыгы менен чаап жатабыз деп атты эле, эми үйүнө келген го деген ой менен катка көз чаптырдым.

"Урматтуу бир туугандар, достор, жалпы эле мени тааныгандар! Мен силерге акыркы салам катымды жазып жатам. Буга чейин катуу сөз айткан болсом, же капа кылган болсом кечиргиле! Мени унутпай кийинки муундарга да айтып койгула. Менин силерге эч таарынычым жок. Бүгүн мен көксөгөн нерсемди издеп, бирок эч таба албадым. Аны берүүгө да март эч ким жолукпады. Акыры аны мындан ары издебей турган болдум. Ушу колумдагы жип мындан ары мени бул проблемадан алыстатат деп чечтим. Мүнкүн менин чечимим туура эместир. Эмнеси болсо да мени кечиргиле!.."Катты андан нары окуй албай колуман телефонум жерге түштү. Бөлмөдөн тумчуга чуркап чыгып, биринчи кабатка түшмөк болдум. Жүрөгүм алаптап, оозума тыгылат. Денем калчылдап, бутум шилтенбей тепкичке олтура калдым. Жер астын-үстүнө оодарылып бараткансып, олтурган жеримде чайпалам. Башымда жаман ойлор кымкуут, чакчелекей. Көз алдымда инимдин ажарлуу күлүп турган элеси келе түштү. Ушул, жаркылдаган ак көңүл, шайыр, күйүмдүү, элпек, кичи пейил, али оюнга тое элек инимди эми көрбөй каламбы деп ичим өрттөнүп кетти. А-а-ай-и!.. Бул эмне кылганың?! Эми апамдын көргөн күнү эмне болот? Балдарың өзүңдөй атасыз өсөбү? Ата-энесиз жашоо сага жактыбы, балдарың да ошону көрсүн дедиңби? Алсыз белең? Адамзаттын эң улуу озуйпасы укумдан тукумга тирүүлүктү улантуу дегенди уккан жок белең? Эмне кыйынчылык болсо да жашашың керек эле да. Өзүң үчүн болбосо да апаң, балдарың үчүн. Көксөгөнүң эмне? Жетпегениң эмне? Эмнеге бизге айтпадың? Атаң кичинеңерде кайтыш болуп, энең эрге тийип, жетим элеңер. Эми жетилгенде кылганың ушулбу? Колуңан келери ушул элеби? Тиригарак инилерим бар деп силерге таянып жүрсөм. Ата ордун жоктотпой, эне ордун ээндетпей апамды экөө ырас жакшы багып келатат деп коем дагы. Атадан үч уул болот: бири тең, бири кем, бири ашык дегендин азырынча атасына тең болду деп сүйлөшкөндө маашырлана айтчу эмес белек. Эми канттик деп буркан— шаркан түшө сүйлөнүп алдым. Иним кимге таарынды экен? Аялы менен урушса мынчага барбайт эле. Ичимдик ичпейт. Бөтөн кишилер менен урушса да өз жанын кыйнабайт эле. Болду-болбоду ушу апасы же Чубак менен урушкан го? Апам "ушу эки небересин элге теңеп, түз жолго салып коюп анан өлсөм арманым жок. Тигил дүйнөдөн аталарына эмне деп жооп берем"— деп ооруу жанын тишине тиштеп олтурат го. Бүт ою экөөнү билимдүү, кызматчы, бай, жакшы адам кылуу. Чубакпы? Бирок алар ынтымактуу эле го. Мүнкүн түшүмдөрүн бөлүшө албай чырдаштыбы?.. Айтор айбан кылчу иш эмес болуптур. Окшошкон акмактар. Дагы аттарын Сыргак, Чубак деп коебуз. Силер эл башкарган, ак сөөктөр тукумунансыңар да. Аталарыңарга сөз келтирбей, ошолордой бийик болбойсуңарбы?

Көз алдыма жаркылдап күлүп турган инимдин элеси келе түшкөндө кайра жумшара түшөм. Кат келгенине бир нече гана мүнөт болду. Демек, ал азыр тирүү, телефон чалышым керек деген ой келди. Кайрадан бөлмөмө жүгүрүп кирип телефонду далиске алып чыктым. Сыргактын номерин терип, үнүн чыдамсыздык менен күтүп жаттым. Албайт. Кайра чалам. Албайт. Келиниме чала баштадым. Ал да албайт. Кантип учуп жетип аман сактап калам. Ушундайда канатымдын же учуучу килемимдин жоктугуна ичим күйдү. Иниси Чубакка чалдым. Жооп бербейт. Апама чалдым. Ал телефонун өчүрбөйт. Балдарыма кеп-кеңешим керек болуп калса таппай калышпасын деп ойлойт окшойт.

— Алоо,— деп, үнүн жай чыгарды. Апамдын үнүнөн корккондук да, уйкудан чочуп ойгонгондугу да, кимдир бирөөнү ойготуп албайын деп абайлаганы да билинип турду. Кан басымы көтөрүлбөсө экен.

— Апа, мен эле. Сыргак кайда?— Үнүм дирилдеп, шашкалактаган суроолорум менен апамды да бүдөмүк ойго салдым.

— Ал үйдө. Мен Чубактын үйүнө айылчылап келдим элем.

— Телефонуңузду Чубакка берип коюңузчу.

Апамдын кардыккан үнү менен башка бөлмөнүн эшигин каккылай Чубакты ойготуп, телефонун берди. Апам укканда кантээр экен деп боорум ачып турду.

— Ало, угуп жатам,— деп, кандайдыр бир жаман кабар укчудай иним да калтырагансыйт. Түнкү чакыруудан мен эле эмес баары эле коркот белем. Чубактын үнүн угаар замат, үшкүрүп алдым.

— Ох, Сыргакка жет, муунганы жатат!— Башка сөз айталбадым. Ал, башка айтаар сөзүмдү күткөн да жок. Телефон түүт, түүт...деген бойдон жерде калды окшойт. Колундагы телефонун ыргытып, күздүн түнүндө майкачан астынкы көчөдөгү үч жүз метр аралыктагы агасыныкына чуркап кетти да. Апам ал учурда кандай акыбалда болду экен? Кимибизди боолголоп коркту экен. Мен Чубак менен сыр жашырып сүйлөшүп жатканда демин ичине катып, шекшинип, эмне болуптур деп сурай албай, көзү алайгандыр. Ансыз да алты кызынын арасындагы жалгыз эркек баласы Сыргак, Чубагынын атасы кырк жашка жетпей дал ушул караңгы түндө авариядан каза болбоду беле. Атабыз да пайгамбар жашына чыкпай, кечки тамактан кийин эле, төркү бөлмөгө диванга жатып, жүрөгүнөн ойгонбой калган. Анда да ушул Чубак жанына бир аз сүйлөшүп олтурайын деп атамдын артынан кирип, о дүйнө кетип бараткан атамды көрүп тызылдап, коңшуларга чуркап кетпеди беле. Жерге ыргытылган телефонун карап нес болуп, мына ушуларды көз алдынан кинонун тасмасындай чубап олтуруп калгандыр. Байкуш апам ай! Мен да ага кооганы билгизбей кое албадым. Башкалары телефонун албаса кантем.

Чубак менен сүйлөшкөндөн кийин эжеме чалдым. Ал да угуп алып оозунан сөзү түшө буркурап ыйлап калды. Жездемди ойготуп, инилериме барышмак болду. Кийген өтүгүң тар болсо, дүйнөнүн кеңдигинде не пайда дегендей ушул кең дүйнө эмнеге бир адамды көп көрдү деген ойду ойлогонго да үлгүрдүм. Тобо, көз ирмемде бир тууганымды кайда гана алып барбадым. Атаны арман күн ай, башыма бир жакшы ой келсечи. Кой, жакшылыгын ойлоюнчу. Кайрадан тынбай Сыргакка чала баштадым. Албайт.

Отузга чыгайын деп калса да балалыгы али кала элек. Ошондой эле болуп калсынчы. Арадан беш мүнөт убакыт өтүп-өтпөй, жаным жай алалбай өрөөпкүп турганымда телефонум шыңгырап калды. Буга чейин бирөө жарымы менен байланыштыра албаганы үчүн телефонго да ачуум келип: ушунун жакшы жагынан да жаманы көбөйүп баратат, зарыктыра күттүргөн да, калпты айттырган да, капчыгыңдан акчаңды кошо талашкан да, уйкуңду бузган да, адаштырган да ушул деп күнөлүүнү тапкансыгам. Эми минтип, шыңгырагына зар болуп олтурганда, үнүңдөн айланайын деп телефонумду да алкап жибердим. Бул чакырык Сыргактын телефонунан келди. Аны Чубак экен дедим.

— Чубак, Чуб-ак,—  кулагым эч нерсе укпай эле кыйкырам.

— Апче, мен -Сыргакмын.

Кызык, Сыргакмын дейт. Ал кайдан телефон чалат? Балкондо асылып турса. Э-э кудуретиңден кагылайын кудайым, сактапсың ээ, сактапсың. Демек, Чубак ага жетишкен экен да деп түкшүмөлдөдүм.

— Сыргаксыңбы?— Сүйүнгөнүмөн анын үнүн угуп, көзүмдүн чарасына толуп-ташып турган жаш атып кетти. Эх, аман калды деп өзүмдү жооткотоюн десем деле кармана албай бугумду чыгарып жаттым:

Сыргак! А-а-а, бул эмне кылганың? Өзүңө-өзүң кантип душман болдуң? Акча керек болдубу? Же бирөө менен уруштуңбу?

 — Апче?...

Кантип ушундай ойго бардың? Эмне азапка түшүп кеттиң?

— Ап-че...

— Мойнуңдагыны ыргыттыңбы?...Өрттөп сал. Курмандык чал. Экинчи мындай кылбайсыңбы? деп эле балбалактап ыйлай бердим. Кулагыма эч сөз кирбейт.

— А-п-ч-е-е... уксаңыз. Мен үйдө элемин. Ал анекдот,— деп мени токтото албай Сыргактын да заманасы куурулуп жатты.

— Догдур чакырдыңарбы? Сен кыйналбай, сүйлөбөй эле, эс алчы. Телефонду Чубакка берчи. И-и-й мойнуң оңбой эле калды го, ай боорум ай. Мынча эмне жеңил ойлондуң. Дагы жакшы, Чубак убагында жетишип калды. Балдарыңдын багы бар экен...

— Ой, апч-е-е, бул оюн, СМСти аягына чейин окусаңыз. Ал, муунам деген мен эмес, таракан. Менин андай эч оюм жок,—  деп безилдейт. Мени тынчытып жатканы да...

— Мейли, иши кылып аман калдың, таракан-мараканыңды шашпай айтаарсың, эс ал.

— Апче, мени уксаңыз. Эмне болуп жатасыз? Сиз СМСти аягына чейин окуган эмес турбайсызбы? Окусаңыз, шашпай эле. Сизди байкабай аябагандай кейитип алган көрүнөм. Кечирип коюңузчу. Таарынбаңызчы? Мындай болуп кетет деп эч ойлогон эмесмин. Жылаңайлак, жылаңбаш энтигип Чубак келсе коркуп кетпедимби. СМСтеги "Баш жазганга жүз грамм арак таба албай койгон мас таракан" деген жерин окуган жоксузбу?

— Я-а, эмне? Оюн дейсиңби?— деп, бир чети ачуум келе, бир чети сүйүнгөнүмдөн күлкүм кыстап, телефонду өчүрүп олтуруп калдым. СМСин кайра окудум. Уландысынын соңундагы ..."-дептир, баш жазганга жүз грамм арак таба албай койгон мас таракан" деген жерин окубай калыпмын. Анан кантем, аягына чейин окуганча убакыт өтүп кетип, аман алып калууга жетишпей калабыз деп ойлодум да, мен кургур. Ха-ха-ха! Ой, боорум ай! Деги, инилерим аман болушса экен... Ой, боорум!..Урушайын десем толук окубаган өзүм да күнөлүүмүн. Урушпаганда эмне кылдым. Чоң күнөө кылгандай, байкушум өзү да коркуп калды. Ушул мүнөттөрдө эмнегедир өмүрүмдүн бөксө жери толгондой, кайра байып калгансыдым. Тим эле күлкүм келет. Баркыңды билдим, сен мага канчалык керек экениңди мына азыр түшүнүп олтурам. Таарынбаңызчы дейт. "Туугандын өзү таарынса да боору таарынбайт экен" да. Ал да жиберген оюнуна өкүнүп, кейип калды. Менсиз деле баарынан жеме укту. Өткөндөгү орозодогу СМСи жакшы болчу. Жарамазан жазып аягында батага “100 бирдик” деп жазган экен, батасына бирдик салганбыз.

 

© Асылбекова Зульфира, 2012

 


Количество просмотров: 1821