Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Асылбекова Зульфира, 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 30-январы

Зульфира Болотбековна АСЫЛБЕКОВА

Акыр заман

“Акыр заман” аңгемеде бир үй бүлөдөгү балдардын жер титиреп, акыр заман болот деп корккондугун, алардын биримдигин чагылдырган.

Зульфира Асылбекова. “Адашкан бакыт” адабий көркөм китеп. – Б.: Кут Бер, 2012. – 224 б. китебинен алынды

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7-4
    А 91
    ISBN 978-9967-25-883-9
    А 4702300100-10

Нускасы 500 даана

 

Күн чайыттай ачык. Жаз келип, чөптөрдүн башы кылайып калган маал. Көпчүлүк элдер сыртта, чарбактарын тазалап, өткөн жылдагы, эски жалбырактардын чириндилерин өрттөп, жаңысына жол бошотуп жатышты. Ал күнү атасы жумушта эле. Апасы дары алганы дарыканага кеткен. Хадича сабактан келип, үй жыйнап жүрдү. Капыстан эле сырттан иттердин уулуганы, ээ-жаа бербей ажылдап үргөн үндөрү угулуп калды. Кумайык да байланган жеринен чынжыры үзүлгөнчө жулкунат. Кызык, деги буларга мынча эмне болуп кетти? Исмаил тамак деле берип келди эле. Анда да тынчыбай, жулуна берди. Ротвейлер тукумундагы бул жүнү, куйругу кыска, башы чоң итти балдар бапестеп аябай жакшы багышты. Көзүн жаңы ачкан күчүк кезинен багышып, аны Абдурахим менен Исмаил досундай көрүшчү. Атасынын: “Үйгө иттин кереги жок, периштелер келбей калат” дегенин укканда Абдурахим атасына таарынып сүйлөбөй калган болчу. Анда апасы “мейли, аны тим эле койчу, үйдөн чыкканда жалгыз эрмеги ушул күчүгү. Аны карап көпкө кыялданат” деп, балдарына болушуп койгон. Ооба, апасы да ал күчүктү жакшы көрчү. Атүгүл күчүк ооруп калганда, ага дары берип, ийне сайып дарылап койчу. Антпегенде кантет эле, баары жакшы көрүп жатса.

Бир күнү күчүгүн Абдурахим карап олтуруп терисинде майда биттер жүргөнүн көрүп, аябай кейиди. Ал күнү тамак да ичпей койду. Апасынын жанына келип:

 — Кичинекей күчүктүн канын биттер аябай соруп жатышат го. Байкуш, тили жок түшүндүрө албай кыйналып жатса керек ээ, апа,— деди аянычтуу. Апасы өз жумуштары менен алек болуп, анын сөздөрүн анча деле оюна алган жок. Күн уясына кирип калганда байкаса Абдурахим ыйлап алгандай көздөрү кыпкызыл. Күчүгүнө улам мештеги күлдөн чачып коюп олтуруптур. Баласына боору ооруп кетти. Кечкиге даярдап жаткан тамагын токтотуп, көчөгө чыкчу кийимдерин кийинип алып, такси чакырып базарга барды. Базардагылар үйлөрүнө кетип жатышкан экен. “Дуст” деген дарыны алды да кайра келген таксиси менен шашыла үйүнө келген. Дарыдан сээп, атасынын күчүктү машинасына салбайм дегенине болбой жабыла жабалактап суранып жатып жаныбарлар доктуруна алып барып эмдетип да турушту. Өзүнүн устуканын жашырып берип, ичи өтүп, кусуп калса оозуна шприц менен суу тамчылатып жүрүп, бир жылда музоодой ит кылып алышты. Мына эми, бүгүн жулунуп, арсылдап үрүп, жаагы басылбай жатат. Эмнеге мынча ачуулуу?

Муса менен Исмаил эшикке чыгып, карточка ойноп жатышкан. Бул оюндун тартиби мындай: эки тарап болгон карточканы тең чыгарып, жерге коюп алып алаканы менен үстүнөн чабат. Эгер карточкалар оодарылып, сүрөтү тарабынан түшсө ал оюнда ачылгандарын чапкан адам жеңип алган болот экен. Ачылбай калган карточкаларды кийинки бала, чогултуп чабат. Экөө кезектешип, жердеги карточкаларын чапкылап ойноп жатышты. Алардын дал жандарында эле эки-үч бактек жерден бирдемкелерди чокуган болуп, үркүп койбостон ары-бери басып жүрүштү. Байкесинин кезеги келгенде алдоо эмне экенин түшүнө элек, төрт жаштагы Муса бактектерди кубалап кетет. Алар да баланы тоотпогонсуп, бир аз өйдө көтөрүлүп бырпырап учкан болот да кайра эле келип, ошол жерди чокулап калышат. Нандын күкүмдөрү түшкөнбү же курт-кумурска табышканбы, айтор койколоктоп кетишпейт. Сегизге чыгып калган Исмаил Мусанын кезеги келгенде карточкалардан көзүн албай кайтарат, инисинин жакшы ойной албасын, акыры утаарын билсе деле сактанып, карточкаларын уттургусу келбейт. Ал, инисин дайыма утат. Утуп алганга моокуму канып, өзүнө ыраазы болгондон кийин эле кайра инисине карточкаларынын баарын кайтарып берет. Ушул көрүнүш күнүгө кайталана бергендиктенби же алдоо деген бар экенин түшүнө электенби, же бир жерге тынч туралбагандыктанбы, айтор, кичинекей Муса оюнга ушинтип кайдыгер ойнойт.

— 18-19-мартта жер титиреп, акыр заман болот экен, интернеттен кыздар окушуптур,— деп, бир жумадан бери үйдөгүлөргө Хадижа күндө айтат.

— Андай, шайтандын сөздөрүнө ишенбегин. Качан болоорун бир Алла өзү билет. Курандагы жазылган акыр заман болоордогу белгилердин жарымы да көбү боло элек. Эгер ар кандай кырсыктар, тү-тү болбосун дечи. А эгер эле болуп кетсе эл көргөндү көрөбүз да,— деп, ишеничтүү жооп берген атасы. Бирок кызы бул коркунучтуу кабарга аябай ишенип алыптыр. Ата-энесинин ишенбегенине өзүнчө нааразы. Кээде чукулдаша кеткен бир туугандарына да 18-19уна чейин урушпай, бири-бириңерден кечирим сурашып тургула деп калат. Бир убакта ити жулунуп жатып, чынжырын үзүп, ойноп жаткан Исмаилге жете келип шымынан тарткылап калды. Ал Исмаилди абдан жакшы көрөт. Жанындагы Мусага тийген жок. Себеби Муса андан коркуп, качаар эле. Аны коркутпайын десе керек. Исмаил:

— Болду, Кумайык, сени менен ойнобойм, бош эмесмин, кетчи нары,— деп, ага каршылык көрсөтсө да ит болбой аны көчөгө сүйрөй берди.

Ал экөө топ талашып футбол ойношчу. Бирок ит бу жолу негедир өтө ачуулу эле. Анын азыр ойногусу келген жок болчу. Кооптуу бир нерсени айта албай жаткансыйт. Андан коркуп кеткен Муса үйгө чуркай качты. Ырылдап, нары-бери чуркап, жин тийгендей арсылдап жүргөн итинен Исмаил да корко баштады. Жерден чыбык ала коюп тап берди эле ит чыбыгын дароо тиштеп алып кайра эле көчө тарапка сүйрөп жатты. Бала коркуп:

— Хадижа апче! Жардамга...— деп кыйкырып жиберди. Хадижа чыга келип итке тап бере урушуп, байлап салмакка кармамакчы болду эле ал дыргаяктап көчөгө качып кетти. Муса менен Исмаил кайрадан карточкаларын тизип алып, жер чапкылап ойноп киришти. Хадижа үйгө кирип кетти. Көчөдө иттердин баары чуулдап жатышат. Тим эле ызы-чуу. Компютер ойноп жаткан Абдурахим гүүлдөп келип күрс эткен үндөн компьютердин бетиндеги көздү калкалоочу айнеги столго калдырай түшүп кеткенде катуу чочуп кетти. Бирок ал айнек сынган жок. Аңгыча эшиктен келе жаткан Хадижа

— Жер титиреп жатат! Оо кудай өлдүк! Акыр заман башталды!— деп, карбаластай кыйкырып келип диванда уктап жаткан Аминаны көтөрүп ала койду. Ал, апчесинин ачуу кыйкырып, улкуп-жулкуп сыртка көтөрүп жөнөгөнүнөн коркуп кетип чыңырып жиберди. Үй телефону тыным албай чырылдап жатты. Аны алган эч ким жок. Кичинекей сиңдисин сыртка чыгарып баратса алдынан Исмаилдин Мусаны колунан жетелеп алып ыйлаган боюнча үйгө келатканын көрдү. Алар ойноп жатышканда балкондун айнектери катуу шаңгырап, үйдүн, кошунанын сарайынын шыйпырлары кулап түшчүдөй калдырагандан улам коркуп үйгө качышкан эле.

Ооба, бул жер титирөө. Күчү төрт баллга жеткен зилзаланын борбору коңшу эле кыштакта болчу.

— Эшке чык! Чарбакка баргыла!— деп Хадижанын кыска буйра кыйкырганын укпай элеңдеген экөө үйгө кирип кетишти. Аминаны алма бактын түбүнө олтургузду да Хадижа жылаңайлак үйгө чуркады, артынан чыңырып Амина баратат. Терезенин текчесинде турган Абдурахим менен Исмаилдын чөнтөк телефондору да чырылдап жатты.

Жер бир көз ирмемдин ичинде толгонуп-токтогон менен бул үйдөгү балдардын коркуп, титирегендери токтободу. Хадижанын ою эле акыр заман. Эмне кылыш керек.? Кайда качуу керек? Ка-ап атам өткөндө эмне кылуу керек экенин айтса болмок. Үйдөн тез чыгып кетүү керек. Азыр үй кулайт. Бизди басып калат. Деп ойлоп жүрөгү опколжуй шуу этти. “Абдурахимди чыгаруу керек. Тезинен бир туугандарымды аман сактап калышым керек... Оо, Аллахым сактай көр!”

Ал үйгө кирип эле кичи бөлмөдөгү Абдурахимди карады. Ал да коркконунан компьютердин креслосунан сыйгаланып түшүп, эки колу менен боортоктоп, буту сүйрөлүп, сырткы бөлмөгө жетейин деп калыптыр. Катуу шашкандыктан боортоктоп жылып келатып, шымы жоон санына чейин шыпырылып калыптыр. Буттарын сүйрөгөндө эки бутунда эки пуддан цемент байланып тургансып эки метр жылып эле бутун тарта албай чарчап калды. Өңү кубарып, каны качкан. Оор энтигип, дем алышы оор, алсырап жатып калды.

Ал эми эшикке чыгуу үчүн, жети метр кире беришти, дагы ошончолук далисти өтүү керек. Бул учурда Хадижа Абдурахимди чыгарууга бүктөлүп турган майыптык колясканы башка бөлмөдөн сүйрөп чыгып, эшикке олтурганга ыкчам ылайыктай койду. Бою, салмагы өзү менен тең, жашы үч жашка кичүү — он экидеги майып бир тууганын эшикке алып чыгуу керек болчу. Чуркап келип караса көмкөрөсүнөн жаткан Абдурахим шымына колу жетпей, өйдө тарталбай кыйналып жатат. Үй телефону жаны калбай безилдеп чырылдайт. Аны алуу эч кимдин оюна да келген жок. Мындай алааматта кайдан?!

— Мени карабагыла, бул жерден тез кеткиле, же босоголордун түбүнө олтургула,—  деп кыйкырды Абдурахим, аларды көрө салып. Исмаил да кире бериште дапдаарып олтурат. Аны көрүп Хадижа :

— Исмаил, бери кел, байкеңе жардам бер, сыртка көтөрүп чыгалы, деп, Абдурахимдин шымын оңдоп кирди. Анын болсо угаар түрү жок. Ар кимдин жаны өзүнө кымбат болуп, ал тизелеп олтуруп алып, эки колун көккө созуп,

— Ээ, Аллахым араң эле сегизге чыктым, өлтүрбөчү мени. Дагы бир жыл жашайынчы,— деп суранып жатат. Анын жанында Муса:

— Хадижа апче, кудай асмандан түшүп келатабы, анын жиптен шатысы байбы? Мени да өлтүйөбү? Мен жейди жай эле чапкам. Муногул Исмаил байкем да кайточканы коюп, жейди катуу уйду эле, жей титийеп кетти. Кудайдын ачуусун келтийип салды. Мына сен үчүн! Сиз үчүн!—  деп, кичинекей муштуму менен тиленип жаткан агасын жонго койгулап, калчылдап ыйлап турду. Эшиктен апалап чыңырган Амина үйгө кирип келди.

— Чык эшикке! Чарбакка чыккыла! Аминаны ала кеткиле! Үйдөн алыс тургула! Азыр дагы кайталанышы мүмкүн!—  деп, Абдурахим аларга кыйкырды эле Исмаил эсине келе тура калып, үңүлдөгөн бойдон эшикке чуркады. Артынан Муса кетти. Аминаны да Исмаил көтөрө кетти. Ал убакта Хадижа үстүнкү кабаттан, алыс жолго көтөрүүчү апасынын дөңгөлөгү бар чоң чемоданын шифоньердин үстүнөн үстөл коюп, араң түшүрүп алды. Ошол учурда ал шифоньердин ичинен өзүнүн чөнтөк телефонун көрө салып сүйүнүп кетти. Колуна ала койду.

Чемоданды ачып, ичиндеги кийимдерди туш-тушка ыргытып, ичин бошотуп жатып, кайра ойлонду. Апам мени тарбиялайын деп, жазалап бекитип койсо, аны менин алып алганымды көрсө урушат ко. Эмне кылсам? Телефонсуз жашоонун кызыгы жоктой болуп жатпайбы? Агенттеги досторумдун баары мени издешип жаткандыр? Алар кайсы темада кат жазып жатышты болду экен? Телефон жок эки колум, кулагымды бирөө байлап салгандай, жаман болдум деген ал апасын кыйбай алганын кайра ордуна коюп койду. Бош чемоданды сүйрөп алып, ылдыйкы кабатка эки тепкичтен бир аттап кире беришке чыга келди.

Аны көрө салган Абдурахим бол түш, буга деп, оозу ачылган чемоданга тоголотуп инисин салмак болду. Тиги да бар күчү менен чемоданга түшүүгө эки көзү төрт болуп тырмышып жатты. Тырышкан буттары калтырап чыгыптыр. Түшүүгө жакшы эле аракет кылды. Бирок, акырында, алсыз неменин жүрөгү лакылдап кабынан чыгып кетчүдөй оор дем алып, көзүн жумуп жерге жатып калды. Анын кыйналганын байкабай кыз дагы эле чемоданга салам менен убара.

– И-ий! Болду! Тийбеңизчи, баары бир эшиктин алдагы жеринен сүйрөй албайсыз. Бар кетиңизчи! Жанымды тынч койгулачы.— деп, иниси кыйкырып жиберди. Кире бериш менен далистин ортосунда үй жылыткычтын түтүгү өткөн буйдоо жер бар эле. Ал түтүктүн үстүн полдоп койгон, бирок баары бир бийигирээк эле. Башкалар ал жерден аттап эле өтүп кетет. Абдурахим да демейде ал жерге келип бир эс алып алып, өзү эле сыртка акырын жөрмөлөп чыгып кетчү. А бүгүн шашкандыктанбы, корккондуктанбы анте албады. Чемоданга салып чыгарыш үчүн аны көтөрүү да керек. Түз жер эмес. Ошого көзү жетип, кыйнабайын дедиби Абдурахим кайра оодарылып жатып алды. Эмелеки, жанымды чемодан сактап калат деген үмүтү үзүлүп, көзүнөн жаш атып, бетин басып калды.

Хадижа чемоданды ыргытып жиберип, кайра үстүнкү кабатка чуркап чыкты. Күйүгө дем алып, шкафтан кичинекей сумкада салынган документтерди алды. Кайра эле көзү кол телефону турган жерге тигилет. Апасынын сөйкө, шакектери салынган кутуну да алды, үйдө эч акча жок тура деп, өкүнүп алды . Кыйналганда буларды сатып нан алабыз деп ойлоп койду.

 Колу өзүнөн өзү эле сунулуп, телефонун да ала койду. Апасынын “өз напсиңди башкара билгин. Сени эч нерсе кызыктырбай, телефонуңдун кулу болуп калдың. Башыңды айланткан ушул телефон эле болсо аны бекитип салайын. Ал сага качан жөн эле жардамчы катары керек болгондо берем” дегени эсине түшүп кетти. Жок, алганым ээнбаштык болот. А бирок жакшы телефон, кыйналганда сатсак оокат келет. Жок, аны сатпайм деп эки анжы тартып колундагы телефонду кайра ордуна кое койду да жер дагы титиреп, эшке качуу керектигин эстеп кетти. Колундагы документтер, апасынын кутучасы салынган сумканы көтөрүп барып терезени ачып, чарбакка ыргытып жиберди. Хадичага бул окуялар караңгыда болуп жаткандай сезилген. Ал, терезеден жарыкты, көпкөк туптунук асманды көрдү. Айлана дегеле эч нерсе болбогондой тыптынч. Өзүнчө улутунуп алды. Жанагысынан жүрөгү бир аз тынчый түштү. Көздөрү алайып, алма бактын түбүндө турган үчөөнү көрүп кайра боору ооруп:

— Байкуштарым, жөжүрөгөн,— деп көзүнөн жашы атып кетти. Исмаил катуу коркуп алган, дагы эле оозунан келмеси түшпөйт. Мусанын колунан адаттагысындай чыбыгы түшпөйт. Дагы көтөрүп алыптыр. Ал бирөө-жарымга ачууланса эле чабам деп чыбык көтөрүп алчу. Азыр ал кимге ачууланды болду экен? Байкесинеби же... Алардын жанына жыла басып барып, суудан чыккан чычкандай болуп Кумайык келип кошулду. Кулагын жапырып, кимгедир ызалангандай акырын кыңшылап, буту менен көзүн жаап, Исмаилдин жанына келип, ага даттангандай жатып калды. Терезени жаппастан ылдыйкы кабатка келип Абдурахимди караса ал каалганын капталына жашынып олтуруптур. Үй телефону да, айнектеги чөнтөк телефондор да безилдеп жатты. Хадижа бир тууганынын эшикке чыгуу ниети жогун көргөндөн кийин ал да эсине келе түштү. Сыртка чыкпай эле башка түшкөндү бирге көрүп, анын жанында отурууну туура көрдү. Эжесинин өзүн кыйып, таштап кетпегенине Абдурахим аябай сүйүнүп:

– Телефондорду алып койбойсузбу?-деди. Хадижа эсин жыйып, терезедеги Абдурахимдин кол телефонун ага берип, өзү үй телефондун трубкасын алды. Андан атасынын, апасынын ал-жай сурап, чыйпылдашкан үнүн угуп, акыр заманды ошолор токтотуп койчудай коркпой калышты. Экөө бири-бирин карап каткырып жиберишти.

— Абдурахим жер титирегенде сага биринчи кайсыл ой келди?

– Чыпчын айсам, бир аз кое турганда оюнумдун акырына келип калдым эле, ошону жеңип алсам болмок деп өкүнүп кеттим. А сизчи?

— А мен апам телефонумду каякка бекиткенин көрүп алдым. Аябай алгым келди. Бирок алган жокмун.

– Сиз, менин телефонумду ала бериңиз. Белекке берди деп коюңуз.

– Рахмат. Апам өзүмдүкүн эле берет. Бүт жашоом телефонго байланып калгансып, окуу, алдыга максат, деги баарына кайдыгер болуп кетиптирим. Сабагыман да начарлап кеттим. Баарын мойнума алам. Бүгүн мен дагы бир нерсени байкадым.

– Эмнени?

– Экөөбүзгө караганда, Исмаил менен Муса ыйманга жакыныраак экен. Мен коркунучка алдырып, нары-бери чуркап жүрдүм. Алар болсо кудайга жалынып, келме келтирип, кечирим суранып жатышты. Сегизге эле чыктым, дагы бир жыл жашайын деп коет. Эмдиги жылы дагы бир жыл кошуп бер деп суранат го дейм,— деп экөө каткыра күлгөн болуп көз жаштарын чыгарып алышты.

Экөөнүн тең ой түпкүрүндө кырсык деген ушинтип эле апыл-тапыл, айттырбай келет турбайбы. Биз, ынтымактуу, бири-бирибизге күйүмдүү болушубуз керек экен деген ой орноп турду.

 

© Асылбекова Зульфира, 2012

 


Количество просмотров: 1368