Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Асылбекова Зульфира, 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 30-январы

Зульфира Болотбековна АСЫЛБЕКОВА

Ызакор акын

“Ызакор акын” аңгемесинде акын төрт куплет ыр жазып, аны эжекесине берип, жакшы сөз күтүп, жооп алалбай ызаланганын жазган.

Зульфира Асылбекова. “Адашкан бакыт” адабий көркөм китеп. – Б.: Кут Бер, 2012. – 224 б. китебинен алынды

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7-4
    А 91
    ISBN 978-9967-25-883-9
    А 4702300100-10

Нускасы 500 даана

 

Эмелеки жазып бүткөн ырымды кайрадан бир сыйра окуп, өзүмө аябай ыраазы боло компьютерди өчүрдүм. Саатты карасам түнкү төрт болуп калыптыр. Бирок уйкум келбей дагы көпкө ойлуу жаттым. Төрт куплет ырым тимеле поэзиянын жеткен чокусу, сөз жеткис поэмадай сезилет, мага.

Ырымды кимге окуп берсем? Албетте, эң жакындарыма. Балдарым кичине. Күйөөмө. Ага келиштире, көркөмдөп окуп берсем. Ал эки колун айкалыштырып, кабагын бүркөп, китепканабыздагы жумшак, өзү сүйгөн креслодо, катамды издеп таппай угуп олтурса. Ыр окулган сайын анын көздөрү жайнап, ортосунан кошулуп турган коюу каштары акырындан жазылып, саал күлүмсүрөп, көкүрөгүндө айкалышкан колун жай түшүрүп, креслонун эки капталына бош таштап, мен жакка саал кулагын тосо, жылмайып, ичинен сыймыктана укса. Же ырымды угуп койчу деп эркелей жалынып жалбарып ой-боюна койбой суранганымдан кийин, ал, албетте демейдегисиндей эле убактысы жоктугун айтып, жумуштан чарчаганын, компьютерден көзү оорурун, башы салмактанып турганын, үйгө келгенде тынч, телевизор көрүп эс алгысы келгенин айтып, нааразылана үшкүрүнүп, үңүрөйүп, көңүлдөнбөй жүрөгүңдү оорутуп көңүлкош: “окусаң окучу эми”— дээр. Мейли, кантип укса анын өз эрки, бирок мен жаңы жазган ырымды бирөөгө окуп берип, анын оюн билип алсам болду. Жолдошумдун чыгармачылыкка кызыкпаганына аябай кейип кетем. Бирок, ага таарына албайм, себеби ал мага кеңеш бере албаган менен китебимди чыгарууга акчасын берген жалгыз демөөрчү-спонсорум.

А баса, ырымды эже-жездеме алып барбайымбы. Таппасаң сыйпалап кал. Эң туура акыл таптым. Алар мугалим эмеспи. Адабиятты жанындай жакшы көрүшөт. Бөлөк-бөтөн да эмес, өз сиңдисине жан тартып, жанталашып окуйт, калыс баасын айтышат. Балким жакшы идеяларды да кошуп беришээр деп ойлодум. Ошентип, күн чыкканда гана мен уйкуга кирдим.

Эртеси, жекшемби күнү түштө күйөөмдү ыр угууга эч көндүрө албай койдум. Үй жумуштарымды шашыла бүтүрө салып, эже-жездемдердикине жетип бардым. Ал-акыбалды сурашып, чай ичилип, түн бою жаңы ыр жазганымды, окуп көрүүлөрүн айтсам анан окуйбуз, калтырып кой дешти. Ошентип, аларга ырымды таштап кайра үйгө келдим. Ырымдын ар бир сабын улам эстеп, ичимден кайрып ырахаттанып, өзүмдү бактылуу сезип, жумушумду көңүлдүү жасап жүрдүм. Кулагым, көзүм телефондон өтөт. Телефон чырылдаса эле, эжем го деп жүгүрөм. Башкалар. Алар менен кыска сүйлөшүп, тез эле телефонду ордуна коё салам. Кызык, бүгүн алардан башка эч ким менен сүйлөшкүм келбейт. Алар мен кетээр менен эле бири-бирин чакырышып, диванга олтуруп алып, сиңдиси менен сыймыктана эжем ырымды бир колуна кармап, экинчиси менен колдорун кызуу жаңсап жездеме мактана ырды үн жасай уккулуктуу, шаңкылдай окуп жатканын элестей бердим. Окуп бүткөн соң эжем жездемди сырдуу тиктеп, кандай сын айтаарын күтүп калат. А жездем эмне дээр болду экен? Кызык. Адаттагысындай демин ичине катып, барктана бир саамга унчукпай калат. Ананчы? Жакшы, мага аябай жакты дээр бекен. Же ийине жетпей калыптыр, дагы иштесин дейби. Баса, алардын кабак-каштары кандай болду экен? Экөө таарынышып калышкан жок бекен. Мага сыр билгизишкен жок эле. Каап, жана ырымды таштаардан мурда эжемден акырын сыр тартып көрсөм болмок экен. Эжем го эч убакта өз оюн биринчи айтпайт. Жездем жакшы десе ал да жакшы деп коё берет. Жаман десе жаман дейт. О, андан кудай сактасын. Ылайым эле жездемдин кабак-кашы жакшы болсо экен.

Кечигишти. Эмнеге али телефон чалышпайт? Үйгө келгениме үч саат болуп калды. Балким ырымды алиге чейин талкуулап жатышкандыр. Кой, эрте эле тоскоол болбой, күтө турайын деп ойлондум.

Канчалык үй жумушуна алаксыйын деп алектенген менен оюм ырымда. Кай жерде жакшы сынактар өтүп жатты экен? Бирине катышсам сөзсүз жеңет элем. Ырымды кайсы газетага алып барсам? Кайсыл чоң акындарга алып барып сынатсам? Кайсыл обончуга алып барып обон чыгартсам , кантип элге жеткизем деп, ойлорум алып-учат. Тим эле кайдадыр учкум келет, канатым гана жок. Чыдабай кетип али секелек кызыма да окуп бере салдым. Ал эмне, “да мам, хорошо” деп койду. Кызымдын эч нерсени түшүнбөсө деле жакшы деп койгону да чоң дем болуп, сүйүнүп калдым. Күйөөмө караганда анын угуп, “хорошо” деп койгонуна жетине албай, сүйүнө, анын жанынан чыккым келбей, мышыктар жылуу мешке ыктагандай анын жанында айланчыктап бир далай жүрдүм. Жакшы сөз жан эргитет деген чын экен. Ал эми байкуш кызымдын ырымды укпай коюшка аргасы жок да. Укпайм десе кара күчкө салып болсо да урушам, жалкоосуң дейм. Ага алым жетет. Түшүнгөн жокмун десе да бир саат урушмакмын. Кыргыз, болгондо да акындын кызы болуп туруп кыргызча билбесе уяттын жеткен чеги демекмин. Аны орус классска окуткан ким? Албетте өзүм. Эми азыр кеп башкада. Айтор кызым акылдуулук кылды. Өзү да кутулду, менин да көңүлүмдү көтөрүп койду. А мен түндөтөн бери ушул сөздү эч кимден уга албай кыйналып жатпадымбы?

Кеч да кирди. Дагы эле телефондун чырылдагын күтөм. Унчукпайт, анысы да дулдуюп. Эже-жездем жомоктогудай үйүн шарга байлап алып, менден качып кеткендей, жок. Телефондун жанына барып башкы эки номурун тердим да, шашылып кайра коё койдум. Балким ушул убакытта эжем да мага чалып жаткандыр, укпай калбайын деп ордуна коё койдум. Кайра эле айламды таппай кызымдын жанына барам. Демейде ал идиш-аяк жууп жатса кетип калчу элем. Бу жолу ага жардамдашкым келип кетти. Ал таң кала сырдуу тиктеп алды. Эч түшүнбөй жатат. Эртең базарга барып ага кийим-кече да алып бермек болдум. Ошентип түн жарымга жакындап, уктаар маал да болду. Баары укташты. Менин дагы эле көзүм, кулагым телефондо. Балким эжем күндүз колу бошобой, мына эми бардык жумушун бүтүп, чалаар. Ушунча зарыгып күткөнүм эки гана сөз. Аны уга албадым. Кандай өкүнүчтүү. Болуптур, бул күндү өзүмө эс алуу күнү деп эсептейин деп шылтоо таптым. Бирок эч эс алуу эмес: зарыгып, сүрсүп, чарчап эжемди күттүм. Дасторкон жайып, орозо кармаган алтымыш адамга тамак берсем, мынча чарчабайт элем. Балким эжем кеч болуп калды, эми эртең чалаармын деген окшойт, кой, эми эс алып, эртең эрте турайын деп уйкуга кеттим. Эртеси дагы эле эжемден телефон күттүм. Түш да болду, акыры чыдамым кетип эжеме өзүм телефон чалдым. Сыр билгизбей ал-акыбалын сурап, кандай жаңылыктар бар деп кыйытсам:

— Жаңылык деле жок,—  деп, балдарынын кылык-жоруктарын жыргап айтып кирсе болобу. Албетте, аларды менин уккум жок. Телефонду кулагыма тосуп угумуш болгон менен эч бир сөзү акылыма кирбей, көңүлүм чөгүп көзүмөн ызалуу жаш тамчылап жатты. Аябай капа болдум. Самолётто учуп баратып, эшигин эжем ачып, мени түртүп жибергендей эле болду. Былч этип жерге тиерге асмандан жерге кулап келаттым...

— Баса, ырыңды окуй элекмин, — дегенде үмүт оту жарк этип:

— И, эжекебай, — деп жиберипмин. Аз эле жерден ырым сизге жактыбы деп сурап сала жаздадым. Эжем болсо баягы эле кайдыгер үнү менен:

— Аныңды шашпай окуйм го, колум бир бошоп калганда... — дегенде мээме кан куюлуп кете жаздады го чиркин!

— Ии, окуганда айтып койгула, мейли анда, жакшы тургула, — деп телефонду коё салдым да башымды чеңгелдей мыкчып олтуруп калдым. Ызам башыма тээп, солуктап ыйлап кирдим. Кыйлага ыйладым.

Эжем беш минута убактысын мага бөлүп койгонго жарабаптыр. Баркым жок тура. Жан дилимди жарып чыккан эң кымбат дүйнөмдү жалгыз ага ишенип, эң жакын адамым катары ыраа көрүп жатсам... Алардан чоң нерсе сураган жокмун го. Болгону беш мүнөт убактысын мага бөлүп, ырыма жакшы же жаман деген эле сөздү суранган элем го. Аларды түшүнүктүү деп катуу жаңылган экемин. Эми эч качан ырымды алып барбайм, көрсөтмөк түгүл эч качан, эч нерсе суранбайм деп ызага буугуп ыйлай бердим. Кан басымым көтөрүлүп, башымдын ооруганы күчөп, тез жардам чакыртып, алардын дарылоосу менен араң эс алдым. Бирок убактылуу басылган менен эртеси кайра эле башым ооруп, денем оорлоп жатты. Көңүлүм ачылбай, төшөккө жатып калдым. Догдурга көрүнүп, он күн дарыландым. Догдурга барууга убактым жок, убакыт болсо, шарт жок болуп, айтор баралбай жүрдүм эле. Ошондо жакшы жана жаман деген сөздүн күчүнө таң калдым. Үч күн өткөндөн кийин эжем мен зарыгып күткөн сөздөрдү акыры айтты: “ырларың жездеңе жакпай калыптыр” деп телефон чалды. Рахмат дедим, бирок ошол учурда алардын пикири мени таптакыр кызыктырбай калган эле. Жөн гана “жаман” деген сөз кулагымдын жанынан өтүп кетти. Ага терикпедим, “жакшы экен” десе деле сүйүнө албайт болчум. Кеч болуп калган. Алар жакшы десе да, жаман десе да ыр жазганымды эч токтото албайм. Ырларым менин жашоом, көңүл чабытым, жан азыгым, өмүрүмдүн дарысы, каниет табуу... Буюрса ошол ырым менен акыры атакка жетип, “эл акыны” деген наамга жетемин.

 

© Асылбекова Зульфира, 2012

 


Количество просмотров: 910