Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Асылбекова Зульфира, 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 30-январы

Зульфира Болотбековна АСЫЛБЕКОВА

Рэкет кыздар

“Рэкет кыздар” аңгемесинде мектептеги кыздардын улуулары кичүүлөрүнө салык салып, коркуткандары тууралуу жазылган.

Зульфира Асылбекова. “Адашкан бакыт” адабий көркөм китеп. – Б.: Кут Бер, 2012. – 224 б. китебинен алынды

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7-4
    А 91
    ISBN 978-9967-25-883-9
    А 4702300100-10

Нускасы 500 даана

 

Жайдын саратаны. Күн чайыттай ачык. Асман үзүп алар ала булутсуз көпкөк. Үлп эткен жел да жок. Кызыган тандырдын ысыгындай аптаптан жандуунун баары көлөкөгө бекингенсип, чырк эткен чымчык жок, айлана жымжырт. Ал эмес демейде асманда ойкуп-кайкыган чабалекейлер да көрүнбөйт.

Ширин тике тийген күндөн какшып, топурагы ката түшкөн гүлдөргө суу куюп жатып, класстын полун жууп жаткан курбусу Наздандан сурай кетти.

— Мына, жаз да бүтөйүн деп калды. Сага жай жагабы?

— Эгерде көлгө барып эс алсам, жайкы эс алууга лагерге барсам, үйдө салкындатуучу кондиционер болуп, муздаткычта балмуздактын түрлөрү турса, зериккенде эртели-кеч телевизор көрүп бутту кере жатсаң, эмне үчүн жакпасын, жагат. Кышында жылуу ак өтүгүң, апаппак шубаң болсо кийип алып тоого чыгып муз тепсең, өкмөт светиңди өчүрбөсө, жакшы көмүрдүн кесегинен улам жагып коюп, жаңы жылды зарыгып, күн санай келерки майрамды кантип жакшы тоссом деп күтүп, анан кыштын акыркы айындагы сүйүшкөндөр күнү, эркектердин майрамы, кыска күнү, узун түнү менен ал мезгил деле жагат.

— Анда сага жаз, күз жакса керек.

— Жок, жакпай калды. Нооруз күнү бизди «сеструхалар» сабап, мектептин кыздар кеңешинин чогулушуна түшкөнүбүздү эч унута албайм. Аны сен уккан эмессиң. Жазында элирип алган биз онунчу класстын балдары менен достошобуз деп алардын кыздарынан катуу таяк жеп, ошондо банда деген топтор түзүлгөн.

Ширин досканы аарчый кетти. Физика бөлмөсү болгондуктан дубалдын оң жак жагында Ньютон, анын физикалык формулалары жазылган тактайчасы, сол тарабында англис, швед, француз, орус физиктеринин сүрөттөрү илинген эле. Кыздар бул сүрөттөрдүн да чаңын аарчып, шок классташтарынын сүрөттөгү улуу адамдардын көзүн боеп, бирине көз айнек тагып, бирине мурут жасап чиймелеген сүрөттөрдү, ар кимисинин аттары жазылган парталарды жууп чыгышты. Кыздар чарчап, ачка болушса да, классты күзгүдөй жалтыратып салышты. Акыры иштин баарын бүткөрүп коюп үйлөрүнө жөнөштү. Көчөдө онунчу класстын банда тобу «чогулуш» өткөзүп жатышкан экен. Аларды көрүп, Шириндин маанайы чөгө түштү. Ындыны өчүп, кабагы бүркөлө жер карап алдыга баскысы келбей Назданга:

— Кол телефонуңду, саатыңды, сөйкө, шакектериңди бекит. Алдын ала сенден кечирим сурайын, мен азыр сага жардам бере албайм. Кеттик, тезирээк баспасак тигилердин каарына калабыз,— деп, анан капысынан эле тобунан бөлүнө күтүп калышкан топ кыздарга экилене утурлай жүгүрдү. Сырткы турпатынан окуучулук касиеттин чети да көрүнбөгөн, топтолуп турган кыздардан Наздан эч кооптонгон жок. Бейкапар баса берди. Тек, курбусунун кылыгын түшүнө албай калды. Ширин топтошкон кыздардын бирин калтырбай жасакерлене мойнуна асыла калып, чопулдата беттеринен өөп, учурашып кирди. Кыздар өз кезегин күтө, бой көтөрүп, колун берээр бермексен керсейишет. Наздан курбусунун кылыгына таң кала: бул кыздардан эмнеге мынчалык коркот, жалтактап, жасакерлене ийилгидей эмне күнөөсү бар деп бушайман жеп, аны күтө четке саал туруп калды. Кыздар сүйлөшүп алгандай дароо Ширин менен Назданды ортого алып, башынан бутунун учуна чейин сынай карап, улам бири Ширинди туш-тушунан нары–бери түрткүлөй, эки жолу чогулушка катышпаганы үчүн кекете башташты.

— Эй, эмне боюңду көтөрөсүң?

— Бизди теңиңе албай калдыңбы?

— А сен, -толук, каратору, көздөрү жүлжүйгөн Калый Назданга опурулду,— Кечээ биздин класстагы Тунбулак менен эмнеге бизден уруксатсыз учурашасың?!

Мындай жөнсүз жемеге ызалана түшкөн Наздан ага теңелбей тезирээк кетейин деп бурула бергенде аны бир кыз артынан бутун тосуп туруп катуу түртүп жиберди. Мындай күтүүсүздүктөн ал тизелеп барып, жыгылып кетти. Ошо замат кыздардын баары аны курчай калышып аесуз тепкилеп киришти. Башка, ичке, туш келген жерге тээп, эч аяшкан жок. Наздан колдору менен бетин жаап, жаны ачына чыңырып, турганга канчалык аракет кылган менен койго асылган карышкырлардай жабалактаган кыздар аны тургузбай, ого бетер албууттанып, кыргызча, орусча сөгүнүп, тепкилей беришти. Чачынан тартып, бетин ачканга, урганга умтулуп жатышты. Байкуш кыз ансайын чыркырап бетин бекитет. Гүлдүү ак, жука көйнөгүн жулкулдатып жатып жака, колтуктарын айрып салышты. Алты, жети кызга, анан калса өзүнөн эки жаш улууларга анын кайдан алы жетмек. Ширин тепки жеп, жерде гүлала болуп жаткан курбусун кыя албай боору ооруп:

— Наздан, эжекелериңден кечирим сура. Тынч жүрөм деп айт. Мындан ары силер айткандай болот де,—  деп кыздарды тегерене чуркап чебелектеди.

Онунчу, он биринчи класстын балдары алардын жанынан өтүп бара жатып токтоп, кино көрүп жаткандай кызыга карап,каткырышып:

— Ой, мына кызык!

— Ичине теп!

— Мурдуна сок!-дешип, кай бири чөнтөк телефондоруна тартып алып жатышты. Бири да тепки жеп жаткан кызга жан тартып, болушуп койбоду. Бир кезде бою пас, жоон-жолпу, жылчык көз Канымгүл:

— Токтоткула!— дээр замат баары токтоп калышты.

Ширин бозала чаңга батып, тура албай жерде жаткан курбусуна жетип барып колтуктап тургузайын деди эле узун бойлуу, сары кыз аны ийинден артка тарта токтотуп, тим кой, киришпегин дегендей мисирейе башын чайкады. Наздан туруп келатып, тытылган көйнөгүн, булайган ак балтырын көрө коюп уялганынан кайрадан жерге олтура калды. Ошотапта жарданып турган балдардын бири:

— Тарагыла! Дера келатат!— дегенде уча качкан топ таранчылардай кыздар да, жарданып турган балдар да туш келди тапырап качып жөнөштү. «Дера» дегени мектептин «директору» дегени эле.

Бет келди катуу чуркап бараткан Канымгүл:

— Кыздар, эртең үчтө дүкөндүн артынан жолугушабыз, калган сөздү ошол жактан сүйлөшөбүз. Уктуңарбы?! Сөзсүз! Мен эки сүйлөбөйм!—  деп колун кезей жакынкы короого чуркап кирип кетти. Ширин да Назданды колтуктай тургузуп, жөлөп-таяп:

-Деранын колуна түшсөк өлдүк, ата-энебизди чакырттырып ит кылат. Бол, качтык!...-деп жулкулдата алып жөнөдү.

Мындай жөнсүз кордукка биринчи жолу кабылган Наздан катуу арданып, ызага буулуга күйүттүү ыйлап келе жатты.

-Ата энеме айтып, буларды соттотом. Кыздар да ушундай болобу? Бул мектепте окубайм, кайра өзүмдүн эле мектебиме кетем. Келгениме эки ай болбой жатып, чүнчүтүп жиберишти. Наздандын ата энеси бул № 230— мектепке жакын жерден жер үй алышып, жаңы көчүп келишкен. Бир үйдүн кичүү, эрке кызы. Ата-энеси, чоң атасы анын көзүнүн кареги менен тең айланып, эл кийбегенди кийинтип, эркелетишет. Кыз да эстүү чыгып, мектепти жалаң бешке окуп, үй тиричиликти да тындырат. Классындагылардан бою кичирээк, акжуумал, көздөрү ойноок, белине жеткен чачын дайыма жарашыктуу алып жүргөн, токтоо, арыкчырай, жылдыздуу кыз. Жаңы классташтары менен да тез эле аралашып кетти. Наздандын көгөрүп, кандай кыйын иш болсо да аягына чыгара турган мүнөзү бар. Аны жакшы билген Ширин күйүгүп, куугундан акыры кутулушкан соң көчөдөгү орундуктардын бирине олтуруп жатып кийими тытылып, бозала чаңга баткан курбусун жалооруй карап:

 — Мындай, «сеструха», «братан» дегендер бардык мектептерде бар. Буга чейин кичине класс деп бизге тийбей жүрүшкөн да. Сегизинчи класс чоң класстарга кирет, бизди эми гана эсепке кошо башташты. Ырас, мага деле бул жакпайт, бирок айла канча. Бизди да сага окшоп сабашкан, алтургай бир кызыбыз өзүнүн кан тамырын кесип, өлүп кала да жаздаган. Булар убактылуу токтогон менен кайра эле баягы көрүнүш. Мен да ата –энеме айтып, ызы-чуу кылбай эле, башка мектепке барып окуп жүргөм. Биздин сеструхалар алардын сеструхаларына мени «стукач» деп айтып коюшуптур, баары мени кодулап күн көрсөтпөй койгондо ал мектептен качып, кайра кайтууга туура келди. Айткан акчасын алпарсам да кайра эле күнүгө таяк жечүмүн. Мен асынып өлмөк болуп апама кат жазып отурганда, сырттан жеңем кирип келип, катым үстөлдүн үстүндө ачык бойдон калыптыр. Жеңемди узатканы кетсем апам окуп алып коркуп, өз өмүрүңдөн кечкидей, эмнеден кыйналып кеттиң деп зекип, катуу суракка алган. Ага эч нерсе айталбадым. Көзүмдү жашка жууп, мелтиреп жер карап олтура бердим. Акыры менден эч сөз чыкпасына көзү жеткенде: «Айланайын, эптеп тогузунчу классты бүтчү. Кичирээк бир окуу жайга тапшырталы»—  деген. Биздин ата-энелер Совет доорунда окушуп, мындайды көрүшпөгөн. Айткан менен ишенишпейт. Түз эле дерага барышат. Эми сеструхалардын айтканын орундатабыз, алардын айтканы биз үчүн закон. Көнөсүң, башка аргаң жок. Дагы бир жолу кайталайм, оң кулагың менен да, сол кулагың менен да ук, курбум. Ата энелерге билдирүүгө болбойт, анда эле мындан жаман түгөнгүс азапка кабыласың. Эми эртең сок, пиво, тамеки алып берип, алардан кечирим сурайбыз, -деп Ширин курбусуна кеп-кеңешин айтып келе жатты. Ал сөздөрдү Наздандын уккусу да келген жок. Дилинде кантип өч алууну ойлоп келе жатып, денесинин ооруган жерлерин, айрылган көйнөгүн да унутуп калды.

Наздан үйүнө келип, болгон окуяны ата-энесине буркурай ыйлап айтып, эртеси мектепке атасы менен кошо аймактык милийсаны ээрчитип келди. Мектептин директору, завучу, мугалимдери менен чогулуш өткөзүлүп, Назданга онунчу класстагы «сеструхалардын» үстүнөн арыз жаздырышты. Директор банда тобун иш бөлмөсүнө бирден чакыртып алып катуу жемелеп, ыйлатып, кечирим суратып, чыгарды. Көңүлү бир аз жайланган Наздан атасы менен бандалардан кутулдук деп, үйүнө кетишти.

Мектептегилердин көкөйүнө көк таштай тийип бүткөн кыздардын банда тобуна бир класстын өтө бышык, алиге токтоло элек, мен эч кимден коркпойм деп өзүн кыйын сезген жети кыз кирет. Жоош, начар окуган, мектепке жөн эле келип-кетип жүргөн калган кыздар менен алардын иши да жок эле. Эсепке деле кошушпайт. Эгерде алар арасынан бир кызды бөлүшсө, жооштордун ага жолобоосун талап кылышат. Ошондой эле майда топтор: тогузунчу класста «Кумир» тобу, сегизинчиде «Малыш» тобу деп аталгандар бар.

Сааттын жебеси үчкө жакындаган сайын Шириндин жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй коогалуу дүкүлдөп, апасынын сумкасынан уурдап алган эки жүз сомуна бандага керектүүлөрдү алып, магазиндин жанында күтүп турду. Банда тобу, каардуу келишип, Назданга ызырынып жатышты. Тогузунчу класстын кумир тобу, сегиздин малыш тобу чогулуп, өздөрүнчө жаңы «мыйзам» кабыл алышты. Шириндин күнөөлөрү кечирилип, ал жайган дасторкондон даамдашып, кезектеги чоң иш — Наздандын арызын алдыруу болду. Канымгүл малыштарга эртеңкиге чейин Наздандан арызын алдырасыңар, «Кумир» тобуна беш жүз сом акча табасыңар деп тапшырма берди. Малыштар тобу түз эле Наздандын үйүнө келишти. Анын атасы үйдө болгондуктан, классташтарына жолукканга уруксат бербей койду. Малыштар тобу кете албай үйдү айланчыктап көпкө чейин турушту. Баарынын көңүлдөрү суз, эртеңки күндү, Канымгүлдүн каарын ойлоодон коркуп турушту. Окуу жылы эрте аяктап, сегизинчи класска тезирээк эле өтсөк экен деген былтыркы сөздөрүн эстеп, буга чейинки эч нерседен капары жок, мектепке келип-кетип жүргөн бактылуу күндөр өткөн тура деп санаага батышып, акыры Наздан чыкпай койгон соң шылкыя үйлөрүнө таркашты. Эшиктин алдынан Ширинди апасы, таяк менен тосуп, алды:

 — Кызым чоңойсо кол аякка жарап, сүйүнөм го дедим элем, Сен мен ойлогондон эрте чоңойуп жатасың. Сабагың саат бирде бүткөн, үйгө төрттө келдиң. Кечээ атаң сага элүү сом берген, менин чөнтөгүмдөн эки жүз сомумду уурдадың. Мектепке төлөйм деп алган ал акчаларың кайда? Үч айдан бери төлөнбөптүр, бүгүн класс жетекчиң телефон чалып «кызыңар беш деген баадан шыр үчкө түштү. Сабактан көп калып, качып кетип жатат» деди. Келе бери сумкаңды, күндөлүгүңдү көрөйүн,-.деп ачууланган апасы Шириндин колунан сумкасын жулуп алды.— Сиңдиң куурчагын эки күн кечке издеп таппай ыйлады эле, мына, сумкаңда жүрөт. Сен сумкаңды таптакыр ачпай калган турбайсыңбы? Эртең сиңдиң ойноп, сумкаңа дагы кийимдерин салып койсо, бир ай деле таппай жүрөт экенбиз да. Уятсыз! Үйдө да илең-салаң, чын көңүлүң менен жумуш кылбай калдың. Полду бир жумадан бери жууй элексиң. Мелтиреп эле олтурасың, же чоңойуп, жигит жандап калдыңбы? Мен сендей кезимде апамды бир кейиткен жок элем. Биз кызыл жагоо тагынып, ак бантик, форма, ак фартук кийип, «жакшы адам билим дейт, жаман адам кийим» дейт деп, терең билим алалы, жакшы киши бололу деп атаандашып жакшы окучу элек,— мен мындай элем, мен андай элем деп энеси Ширинди тили чарчаганча тилдеди.

 — Кечирип коюңуз, эне экинчи мындай болбойт,— деген кызынын кебине эч кулак какпады. Ого бетер жемеси күчөдү. Ширин болсо өзүнчө ой багат. «Биздин учурда ыймандуу элек, тартиптүү элек дейт. Заманды ушундай кылып, мен өзгөрткөнсүп. Элден калба деп өзү алып берген кийимди эле кийип жүрбөймүнбү. Кийим алып бер деп эч качан суранган эмесмин. Мектептеги кыздардын рекетин мен ойлоп чыгарган жокмун да. Сеструхалардан коркуп жүрүп, ушундай уурулукка бардым. Андан башка эмне аргам бар?. Урушса эле бардык ата-энелер өздөрүнө салыштыра берет. Ар кимде өзүнө гана тийешелүү, чече албай жаткан кыйынчылыктары бар да. Урушпай эле акырын сурап, балдарын туура түшүнүп, жардам кылышпайбы. Курсагың ток, кийимиң толтура, сага дагы башка эмне керек дей беришет. Кийим, курсак менен эле жашоо чектелип калбайт да! Айланайын апа, жок дегенде сиз түшүнсөңүз болбойбу! Менин да айлам кетти. Силерге айтсам сеструхалар «ушакчы» деп кордойт. Айтпасам сиз урушасыз. Эч өзгөргөн жокмун, жигитим деле жок, банда менен кумир топтору чүнчүтүп жатат. Аны сизге кантип айтам. Болбойт, эч айтканга болбойт, апа!» деп ичинен сызат. Жалтактай, жүгүрүп жүрүп үйдү да жыйнап жиберди. Ширин чыйраак, узун бойлуу, бир караганда япон кыздарына окшоп кетет. Ыр-бийге шыктуу, классынын алдыңкы кыздарынын бири. Үйдө балдардын эң улуусу болгондуктан түйшүгү да көп. Терезелерин, короо жайды гүлгө толтуруп, үйдү таза кармайт. Жалаң беш менен окуган кыз быйыл чынында өзгөрдү.

Эртеси саат экиде малыштарды тогуздардын «Кумир» тобу жолдон тосуп алып, Наздан менен сүйлөшө албагандыктары үчүн алты кызды ортого алып, жаакка чаап, чачынан жулуп, шакектеринин изин калтыра уруп, жазалашты. Кошунасы Мөлмөл да Ширинди тээп өттү. Буту сынгыр, акчалары жок, үй-бүлөсү далай ачка калганда Шириндер акча, тамак берип, жардамдашып турду эле го! Апасын аз да болсо нанын таап турсун деп өздөрүнүн нан бышырган цехине иштетип коюшпады беле. Бери жактагы кыз жеңесинин эле бир тууган сиңдиси. Ал, кудачасына тийбейин дейт, бирок топтогулардан коркконунан, айласы жок, акырыныраак тепти. А тигил, кызыл көйнөкчөн, кара тору, толугураак кыздын апасы мектептин тарбия башчысы Сонун эже. Өз кызынын тарбиясын билбей, мектептеги балдарды урушуп коет дагы.— деп Ширин ичинен күйүп жатты.

Малыштар тобу кыңк этпей, түптүз туруп беришти. Бул, алардын милдети. Эгер ыйласа же күлсө, өзүн коргонду дегичекти бүттү, тигилердин каарына анык калат. Мына, эми чоң сеструхалар — ондордун бандалары келишти. Эми алар чогулуш өткөзөт. Бандага баары ийиле калып, учурашып жатышты. Наздандын арызын алдыра албаганы үчүн дагы бир ирет Малыш тобу бандалардан келтек жеди. Бул сеструхалардын урушу башкача: чачынан чапчып, артка тартып туруп, туфлинин такасы менен белге тебет.

Бир сыйра «разборкадан» кийин баары кайрадан Наздандын үйүнө барышты. Кыздар жолдо бекинип, Ширин жалгыз барып көчөгө чакырып чыкты. Алданган Наздан жабалактай чыгышкан кыздарды көрүп, үйүнө качмакчы болду эле, жете келген Канымгүл аны чачынан кармап калды. Банда кызды бак арасына сүйрөп барышты да, тегеректеп алып азыр барып арызыңды албасаң кечинде үйүңөрдү өрттөп, өзүңдү гана эмес, ата-энеңди кошо өлтүрүп кетебиз деп коркутушту. Өзү үчүн ата-энесинин жапа тартып, өмүрү кыйылып калаарын укканда Наздандын дене-бою титиреп, кантип:

-Макул, макул… аларга тие көрбөгүлө.— деп жалдырап жибергенин билбей калды.

Жаалданып алышкан банданын айтканын жасаарында шек жок эле. Эмне, дагы бир малышты жумшап койсо эле бүттү…

Катуу коркуп калган кыз, милийсага барып, ыйлап жатып арызын алып чыкты. Чоң курсак, ындыгара, карачайыбы же өзбегиби билинбеген милийсага баары бирби, же мындай “майда” иштен кутула жаздап турганбы:

— Эмне, тил табыштыңарбы? Кайра кайрылып келип башымды оорутпайсыңарбы?— деген болду да арызды кармата берди. Рас, не бар, не жок деп өзүн сактаганыбы, “өз каалоом менен арызымды алдым, милийсага эч кандай доом жок, экинчи кайрылып келбеймин” деген тил кат жаздырып алды.

Канымгүл арызды сыртка чыга келген Наздандын колунан шарт жулуп алды да, өзүн курчай калышкан кыздар менен чала-була окуп туруп, бөлө-бөлө тытып ыргытты.

— Колдорун кесип салса, мындай арызчылардын!

Коркунучтуу арыздан кутулушкан тигилердин көңүлү жайланып, ошол эле жерден Назданга сеструхалардын мыйзамы менен тааныштырып киришти.

— Кана, мобул дурага биздин законду түшүндүрүп койгулачы!

Жолду катар кыздардын улам бири чоекеленип, экинчиси мурду менен мыңкылдап, дагы бири мышыктай мыелой “закон” имишин айтып киришти.

— Ар дайым учурашып жүрмөй.

— Суудан тынч, чөптөн ылдый жүрүү.

— Тогуз, ондун балдары менен сүйлөшпөө. Как манашка жүрөсүңөр.

— Банда менен кумирдин тапшырмасын так, убагында аткаруу. Уктуңбу?!— деп дагы бири арттан капталга катуу нукуп алды.

Наздандын эти ооруп ага бурула бергенде:

— Ата-эне, мугалимдерге эч билдирбөө.— деди дагы бирөө ызырынып,— Анын арты эмне менен бүтөрүн көрдүңбү?! Өлүп каласың, же...

— Мектептер ортосундагы уруштарга дайыма катышып, мектептин намысын коргоо.

— Эгер мугалимге, ата-энеге, милицияга кармалышса башка кыздарды айтпай, өзү гана жооп берип, ишти бүтүрмөй.

— Ар жума күнкү “чогулушка” кечикпей катышуу.

Наздандын башы айланып, булардан эптеп эле кутулуп чыгып, үйүнө тезирээк жетүүнү самап турду. Каршылыктан эч майнап чыкпасын түшүндү. Акыры жалдырай кечирим сурап, үч топтун ар бирине беш жүз сомдон айып төлөй турган болду. Чогулуш аяктап, Ширин менен Наздан үйлөрүнө кетишти. Наздан кечинде ата, апасы жумуштан келгенде арызын милийсага барып, алганын айтты. Атасы ачууланып, кызын көпкө чейин жекирди. Албаганда кантмек эле?! Анын тарткан кордугун кайдан түшүнүшмөк? Апасы экөө жалгыз калганда кызынын ачык айтып бергенине ишенип, жалгыз кызынын кыйналганын көргүсү келбей кыздар салган салыкты атаңа айтпайлы деп апасы акча берди.

Наздан эртеси мектепке келип, банда топко салыкты төлөгөндөн кийин, тынчып, күндөгүдөй сабак окуй берем го деп ойлогон. Бирок тилекке каршы андай болбоду. Наздан класска келээри менен классташ кыздары андан качып, салам берсе карабай, танаписте атаман Кыялдын жанына чогула калып, бир нерселерди шыбырашып, Назданды шылдыңдашкандай. Мектептин далисине чыкса, башка чоң класстын кыздары жөөлөп кетип, мыскылдай күлүп, айтор кызды чүнчүтүп жиберишти. Биринчи кабаттагы тактайчадагы «спидден сактангыла» деген баракчага, башына Наздан Курманованы кошуп жазып коюшту эле ал, «Наздан Курманова деген спидден сактангыла» болуп калды. Баары аны көрсөтүшүп, шылдыңга алып, каткырып жатышты. Алып салайын же өчүрүп коеюн десе ага да кол тийгизбей, наркы-терки түрткүлөп мазесин алышты.

Ошондон тартып Наздан мектепке жалгыз келет, жалгыз кетет. Сабакка, эч нерсеге көңүлү тартпай калды. Бир жагынан “мыйзамдан” чыга албайт. Эмне күнөөсү барын өзү да түшүнө албай койду. Жалпы мектептик чогулушта кечиккендер... Наздан Курманова, эки алгандар... Наздан Курманова, сабактан качкандар... Наздан Курманова деп завуч тизмесин окуп алып, катардан алдыда чыгып турган кызды көрүп өзүнө ишене албай «сага эмне болду, жакшы жүрүш керек, экинчи мындай иштер кайталанбасын” деген болду. Бир ай мурда эле алдыңкы окуучунун минтип, караманча артка кеткенин түшүнө албагандай. Балким билеттир. Айласы жоктур. Ошондо кыздардын баары:

— Жалкоо!

— Уят!

— Уйкучу, биздин мектепти уяткарып жатасың!

— Наздан кетсин!— деп чурулдап калышты.

Кыз намысына чыдабай мектептен чуркай чыгып кетти. Үйүнө келип, кечинде, баары чогулуп олтурганда бул мектепке окубайм деп ыйлады эле чоң атасы урушуп койду.

— Биздин учурда минтип мектеп тандамак түгүл, калем сапка, дептерге жетпей тактайчага жазчу элек, кыштын күнү суу кечип, эки айыл жөө басып, окуганбыз. Ичкенибиз бир күндө бир кесе жарма, бир сындырым жүгөрү нан болчу. Кийгенибиз жамаачы, жатканыбыз сыз, как жер болсо да ыйман бар эле. Оор күндү баштан кечирип силерге ушундай жыргал заманды тартууласак, эми силердин кылган ишиңер бул. Ой, тукумуң өскүр! Бейбаштыкты токтотуп, билим ал. Кызга кырк үйдөн тыйуу болуш керек. Эркелетип, ойу менен болуп жүрүп, силерди кууратат го, бул кыз. Кыз бала оор, басырыктуу болуш керек. Ой, ыйманың өскүр!— деп таягын таяна чоң атасы нааразылана сыртка чыгып кетти. Небересинин ичинде эмне алаамат болуп жатканын жарыктык киши кайдан түшүнсүн. Ошону менен сөз бүтүп, Наздан унчукпай жер карап, эртеңки сабакка даярданып отуруп калды.

Эртеси ал класстан Шириндин колун кармап, койо бербей:

 — Айткылачы, арызымды алдым, кечирим деле сурадым, мени эмнеге өзүңөргө кошпойсуңар?—  деп сурады. Ширин курбусуна боору ооруп,

— Сеструхалар «ушакчынын жанына бир ай жолобойсуңар» деп тапшырма берген. Анан дагы класстын атаманы — Кыялдын жакшы көргөн жигити сага ашыктык ырын чыгарган экен. Аны угуп калып, ичи тарыганынан калп шылтоолор менен сени бөлүп, өчүн алып, чүнчүтүп жатат. Сен капа болбо, бул күндөр да бат эле өтүп кетет.—  деп сооротту.

 — Аа, демек, менин күнөөм ушакчылык экен да ээ,— деп ызаланды Наздан. Катуу намыстана түштү. Ал, кыздардан эми өчүн башкача, өздөрүнүн жолу менен алууну ойлонду.

Ошол эле күнү сабак бүткөндөн кийин кыздарга жини кайнап келе жаткан болчу. Алдында Малыш тобундагы кыз баратыптыр. Ал, жалгыз болчу. Эки жагын каранса эч ким жок. Анан капысынан эле каны кайнап, ага жете барып эле, эки колдоп чачынан кармап артка тартып, жоон санга такалуу туфлиси менен эки-үч ирет тээп, жерге кулатты. Мындайды күтпөгөн кыз аялуу чаңырып, чалкасынан кулады. Эки жумадан берки булардын кордугунан тажап, ызага буулугуп турган Наздандын кызды урган сайын демине дем, күчүнө күч киргендей болду. Туш келди тепки жеген кыз акыры жалдырап жиберди.

-Айланайын токтотчу, айтканың менен болоюн!...

Моокуму кана түшкөндө гана Наздан ал кызды кое берди. Наздан өзүн күч-кайраттуу сезип, дем байлай түштү. Кечинде ал, Малыш тобундагы дагы бир кызды сабап келди. Ага мындай мыкаачылык кайдан келди? Деги ал эмне болуп баратат? Аны өзү да билбейт. Болгону, оюнда өч алуу гана. Жектеген бирөөнү көрдүбү, дароо каны кайнап чыгат. Өзүн башкара албай калчу болду. Өчүн алган соң өзөгүн өрттөгөн өксүктөн кутулгансып, жеңилдеп калгандай сезди.

Ошентип, ал класстагы Кыялдан башка баардык кыздардан коркпой калды. Бир күнү сабакка Кыял келбей калды. Ушул учурду аябай күтүп жүргөн Наздан убакытты пайдалана класстын астына чыгып:

-Эмне үчүн өзүңөр менен тең бир кыздан баарыңар коркосуңар? Азыркы заман тең укуктуулардын заманы эмеспи, бирок бул класста тең укуктуулук жок, силерге келгениме эки ай болбой чүнчүтүп жибердиңер. Бир карын майды бир кумалак чиритет болуп ушунун айынан мектептин эң арткы классыбыз. Бизди коргогондун ордуна сатып бүттү. Баатырлыгыңар канакей? Көрсө силер өзүңөр үчүн эмес, Кыял үчүн, ага жагыныш үчүн эр болуп жүргөн турбайсыңарбы! Келгиле, бүгүн баарыбыз ачык, коркпой сүйлөшөлү. Ар ким өз оюн айтсын. Мисалы мен ага алгебра сабагынан эсеп чыгарып бербесем кыздар мени өздөрүнө кошпой коет деп мен андан эмес, силерден коркконум үчүн анын сабагын чыгарып берип жүргөмүн. Силерчи,— деди.

Баары тымтырс болуп калышты. Көргөн көздөрүнө ишенбегендей. Бу, эрбейген алсыз Наздандан мындайды ким күткөн?! Эми эмне болот? Кыял андан өчүн албай койбойт. Бирок... ага караганда Наздан калыс, күчтүү... Кийинки күндөрү кулатууга катышып, тез эле аны жакшы билип албадыбы...

— Мына сен,— деп, Наздан маңдайындагы толмоч, жоош Байчечекейге кайрылды,— Кыялдын черчениеден чиймесин дайыма чийип бересиң, өзүңкү менен эки кишиникин чийип бүткүчө түн жарымы болот. Эмнеге? Себеби андан, анын кыялынан коркосуң!

— А сенчи,— деди Наздан чегирткедей арык, шүдүңдөгөн Айшоолага бурулуп,— Өзүң үчүн эмес, Кыял үчүн үйүңөн күнүгө печенье уурдап, алып келесиң. Инилериң жебейт беле?! Бул эмнеси я, кыздар?

Эч ким үндөбөй, баары жер тиктешти.

— Качанга чейин коркуп жүрө беребиз? Ага анчалык кулдук уруп ишенгидей, андан корккудай, ал биздин кудай же ата-энебиз эмес да туурабы. Келгиле, чогулуп Кыялдан өч алабыз.

Бул сунуш бардык кыздарга жагып турду. Ар кимиси атаман кыздан далай запкы көрүп келишкен, дагы да... Ошону үчүн эч кимиси каршы сөз айткан жок. Наздан кыздардын унчукпагандарына каниет кылып, ушунусуна да шүгүр деп турду. Кемсинүү, кордук, коркуу баарынын көкөйүнө көк талкандай тийип бүткөн болчу. Бирок, ачык да колдошкон жок. Анткени, Кыялдан коркушчу. Наздан аны жеңе алар бекен, күчү жетеби деген ой көңүлдөрүндө уюп турду. Кокус, Кыял жеңип кетсечи? А эгер Наздан утсачы...Ал кулатууга барып жүрөт... Ар кими өз арманын ойлоп, ичинен Назданга жан тартып турушту. Ал, калыс, жамандыкка эч качан барбайт... жеңсе бүтүндөй класс оор балээден кутулат эле... Канымгүл да даамак эмес. Наздан үчүн бул да чоң жеңиш эле! Аны курбуларынын колдоору анык болду. Каршы чыгып, ит таламай кылышпаса эле болду. А Кыялды...

Мурдатан эле Наздан Ширинден угуп жүрчү, атамандыкты талашканда жекеме жеке уруш болуп, кимиси жеңсе ошол башчы болорун.

Эртеси биринчи сабакта класска алгебричка эже келип, окуучулардын бар-жогун тактап чыккандан кийин адатынча классты кыдырата карап:

— Кана, эсеп чыгарууга ким чыгат?— деп сурап калды.

— Кыял чыгат.— деди Наздан дароо. Анын мындай биринчи жолу сунуш кылып жатышына эжейи таңкала карап алып:

— Кана, эсеп чыгарууга ким чыгат-деп сурап калды.

-Кана эмесе, Кыял кел.— деп койду.

Назданга жаман көзү менен карап алып Кыял илең-салаң доскага чыкты. Биресе ал таң да калды, демейде кой оозунан чөп албаган жоош Наздандан мындайды эч күткөн эмес. Эмнеге антти? Кантип батынды?

Кыял доскага мугалимдин айткан эсебин жазары менен адатынча дароо Назданды суроолуу карады. Анын эң жаман көргөн да, эч түшүнө албаган да сабагы ушул, алгебра болчу. Ал доскага чыкканда Наздан эсептин баарын чыгарып, кагазга жазып мугалимге көргөзбөй ыргытып берер эле. Кыял бүктөлгөн кагазды тосуп ала коюп, андагыны көчүрө салчу. Бул жолу да мугалимдин айткан эсебин жазып, Назданды жообун айт дегендей күтө карады.

Наздан Кыялга:

-Экини сегиз жолу жаз.— деп шыбырады.

Кыял айтылган эсепти чыгаргандай, экиден сегиз жолу жазып, борду ордуна коюп, өзүнө ишеничтүү туруп алды. Бирок жооп туура эмес эле. Аны Наздан атайы туура эмес айткан. Мугалим ачууланып, отуз мүнөт Кыялды урушуп, күндөлүгүнө жана журналга эки койду. Наздан сабак бүткөндө мугалим менен кошо чыгып кетип, кийинки сабак кыргыз адабиятына кечигип кирди. Агайдын жашы бир топко барып калса да эмгекчил. Өз ишин так, жакшы иштейт. Бирок кулагы жакшы укпайт. Агайдын өз аты башка болсо да окуучулар койгон аты Дыңбай. Айлык аз төлөгөндүктөнбү айтор мугалимдер көп сабактан жетишпейт. Дагы да болсо чыдаган ушул Дыңбай агай сыяктуу пенсиядагы мугалимдер. Агай үйгө берилген тапшырманы сурамак болду эле Наздан:

-Агай журнал боюнча сураңызчы,— деп калды. Мугалим каршы болгон жок. Журналда биринчи, экинчи окуучу сабакка келбей, үчүнчү Акматова Кыялга кезек келди. Ал, ачуусу келе ордунан туруп, үнүнүн баарынча: -Чыңгыз Айтматов Шекер айылында туулган. Ал “Биринчи мугалим”, “Саманчынын жолу”, “Кыямат” деген чыгармаларды жазган,—  деп кыйкырып кирди эле.

Дыңбай агай:

-Жайыраак эле айта бер. Бул жерде керең киши жок. Баарыбыз кунт коюп, угуп жатабыз,—  деп дептерине чекесин тийгизе жаза берди. Ушул сөздү күтүп турган Кыял үнүн жайыраак чыгара токтолбостон:

Чыңгыз деген менин кошунам бар. Ал өтө тентек. Менин жиниме тийген үчүн бүгүн бирөө өтө катуу, бүткүл өмүрүнө жетчүдөй өкүнөт. Сабактан кийин кыздардан эч ким кетпесин...— деп жатып агайдын караганынан улам үнүн катуу чыгара,— “Бетме— бет”, “Эрте жазда келген турналар”— деп калды. Класстагы балдар үнүн чыгарбай бетин жаап күлүп жатышты. Кыздар болсо жакын арада согуштун болоруна көздөрү жетип, кимге жан тартып, кандай айла кыларын билбей санаа тартып, мистеип олтурушту. Аңгычакты:

-Азаматсың отур, беш,— деди мугалим.

Бул сабактан ушинтип кутулуп кетишчү. Агай жакшы укпагандыктан көбүнчө өзү айтып берип же сочинение жаздырганды жакшы көрчү. Бул күнү да «Мугалим -мөмөлүү дарак»— деген темадагы сочинениелерди текшерип бүтүп, эң жакшы жазылган Наздандын сочинениясын окуп берди.

Агай Назданды мактап, күндөлүгүнө беш коюп берди. Коңгуроо шыңгырап, танапистен кийин тарых сабагы болду, андан сабак берген агайга бүркүт деп ат коюп алышкан. Чынында бүркүткө окшоп, канатын жайгансып, калдайып басат. Ал Венгриядагы согуш тууралуу айтып берип жатты. Аны уккан деле эч ким болбоду.

Танаписке чыгышканда Наздан агайга кошулуп ашканага чыгып кетти. Ал кантсе да жүрөксүп, сабактар бүткөнчө ызакор да, кекчил да Кыялдан качып турууну чечкен. Көпчүлүктүн көзүнчө маскара болуп, жеңилип каламынбы деп чочулады. Артынан ашканага Ширин менен Байчечекей да келишип, Наздан менен бирге тамактанышты. Эч кимиси үндөгөн жок. Алдыда улам жакындап келаткан кармаштан кооптонуп жатышкан болучу. Акыры курбуларын алаксытайын дедиби Ширин сөз баштап жиберип, ага алаксып кетишип кийинки орус тили сабагынан кечигип калышты. Шаша-буша класска чуркап келишип каалганын жыртыгынан шыкаалашып:

-Ой, өлдүк, Орункүл эже диктант жаздырып жатат.

-Эми эмне кылыш керек. Диктант жазбасак чейрекке баа койбойт. Жакшы бир шылтоо табуу керек,-деди Наздан көзүн алайтып. Анан.

-Кыздар мага бир ой келди. Байчечекей сен эс учуңду жогот. Бол тезирээк өңүңдү өзгөртүп, ооруп, шайы ооп турган адамдай кубарып кумсарып кал. Чачтарыңды бошотуп, апсыйтып жиберели. Эженин боору ооруй тургандай ролду аткар,-деп Ширин тигинин кофтасынын бүчүсүн чечип, юпкасын тескери айлантып, чачтарын бузуп жиберди.

-Кана, эми курбум бизди ажалдан сактай турган бир өзүңсүң,— деди жалооруй Наздан. Жоош, сөзгө бат көнгөн, ак көңүл, жүдөөрөк Байчечекей эмнеге мен, силердин бирөөңөр эмесмин деп да айталбады. Балким анын кулагына Наздандын баатырдыгыңар кана деген сөзү жаңырып турган чыгаар. Жээ баатырларды кыйын кырдаал чыгарат деген чын беле. Айтор, класстын каалгасын ачып, эки кыз эс учуна жаңы эле келип, оңдонгонго үлгүрбөгөн Байчечекейди сүйөй үрөйлөрү учуп, баарын чоочутуп досканын жанына келип токтоп калышты.

-Э-же, Баку эс учун жоготуп...

-Ооба, эже Баку ооруп калды окшойт. Биз да эмне болуп кеткенин билбей калдык. Коркуп да калдым...-мурдун шыр тартып койду Ширин.

-Биз сабактан да кечигип калдык.— деп кошумчалап койду күнөөлүү тейде.

Орункүл эже кыздарды, Байчечекейдин түрүн көрө коюп боору ооруй:

-Кыздар, кана олтургузгула, суу алып кел. Азыр мен тез жардам чакыра коеюн деп кол телефонун алды эле.

-Жок, жок тез жардамдын кереги жок.— деп жиберди Ширин.

-Жөн эле коюңуз эжей, ушундай бир оорусу бар, кармай калып эле кайра бат тарап кетет. Айтсаңчы Баку...,—  деди Наздан. Ушунча да жоош болобу камырдай балбырайт деп ичинен ачуусу келе түштү.

Ал:

-Ооба, башым айланганы тарап баратат. Тез жардамдын кереги жок,— деп башын мыкчый бечара болуп олтуруп калды.

Күлүп жибербегей эле деп Шириндин эки көзү Байчечекейде.

-Анда, кыздар үйүнө жеткизип келгиле.-деп чебеленди мугалим.

-А диктантчы?-деп Ширин каракүчкө нааразылана сурап койду.

-Кабатырланбай эле койгула, үчөөң эртең жазасыңар. Оорудан кийин адам акылына дароо толук келалбайт эмеспи,— деди эжеке.

Кыздар жетелешип далиске чыгып алып, оңой кутулуп кеткендерине сүйүнүп так секирип жатышса тарбия завучу Сонун эже көрүп калды. Сабактан качып баратасыңар деп, кыздардын актанганына ишенбей аябай уяткарды.

-Азыр териштиргенге убактым жок, бирок эртең женсоветте бул ишти талкуулайбыз деп, ал көз айнегин оңдой шашыла басып кетти.

Кыздар шалдая ар кимиси өз-өзүнчө кандай кылып бул эжеден өч алсак деп ойлонуп баратышты. Кыздар үчүн женсовет деген сөз өтө оор угулду.

-Ой ушу женсоветти ким чыгарды экен. Кылдан кыйкым таап, уруша беришип жүрөгүмдүн үшүн алып бүтүштү. Эртең болот дегенде санааркап, түнү бою уктабай чыгам,-деди Ширин.

-Ким болмок эле, серезный Соня эже да. Мугалимдерге ойлоп тапкан канча деген шылтоо, айла –амалдардын баарын билип алат деп Наздан да булкулдап калды.

Бир оокумда Ширин алаканын чапкылап,

-Кыздар, кеттик эженин үйүнө.

-Эмнеге.

-Эжеден өч алабыз. Азыр анын үйүндө эч ким жок. Уулу институтунда, кобра кызы сабакта. Сонун эже төмөн кетти, көрбөдүкпү. Үйү болсо мектептен кийинкиси. Дүкөндөн бачым бир килл дрожж сатып келе калабыз да, аны эженин туалетине салып таштайбыз. Ал кечке ачып, көөбүрүп ташып, аны тазалайм деген эжей эртең мектепке келбей калат. Ошентип женсовет өткөзө албай калат.

-Эң сонун акыл, муну бачым иш жүзүнө ашыра коелу.

Байчечекей кабагын чытып:

-Кыздар андай ишке барбай эле коелучу. Мугалимдер биздин кат сабатыбызды жоелу, жакшы тарбия берели дегендерине биз мындай тескери иш кылсак болбойт ко. Башканы айтпаганда, биздин класстын бир күндүк тартиби эле эже-агайларыбыздын бир айлык нервин чарчатканга жетишебиз го деп кыйылды.

-Баку, азыр сенин үгүт –насаатыңды угууга да, ойлонууга да убакыт жок. Сабак бүтүп калса баары таркап муну жасай албай калабыз. Эртең женсовет... Кечирип кой, бирок эмки жолу сөзссүз Наздан экөөбүз сен айткандай кылабыз. Алардан кечирим суроого да сараң эмеспиз, бирок бүгүнкү күнгө эженин тагдырында ушундай деп жазылса биз кантип каршы болобуз. Кеттик.— деп Ширин алдыга басты.

-Чын эле. Кеттик.

Кыздардын бири эженин үйүн кайтарып, бири дааратканага дрожж салып, бири үйдүн дарбазасына бор менен Дыңбай+Сонун=сүйүү деп жазып кетишти. Дыңбай агай үй бүлөлүү, небере-чөбөрөлүү пайгамбар жашына келип калган адам. Ал эми тарбия завучу Сонун эженин күйөөсү жок. Тартипти, тазалыкты сүйгөн, жумушка так, кабагы ачылбаган, сүрдүү орто жаштагы эже. Бул эки адамдын ортосунда эч кандай сүйүү жок. Тек гана кыздардын чолок ой менен шоктонуп жазып койгону да.

Жаштык, шоктук эмнени гана кылдырбайт. Кандай гана курчтук жана чолок ойлор.

Эгер эженин туугандары кокус үйүнө келип бул сөздөрдү окуса эмне болот? А өзү окуганда кандай акыбалда болоор экен? Дааратканасы ташыгандачы?...

Ал күнү разборка болгон жок.

Ошентип бардык сабактар бүтүп, кезек Малыштар тобунун күтүлгөн чогулушуна келди. Кыял жактырып ашык болуп, бирок ал арзуусун жигитине билдире албай кыйналып жүргөнүн классташ кыздарынын баары билчү. Наздан доскага чыгып, атайы анткорлоно кетти:

-Кыздар, мен бир жигиттен кат алдым. Угасыңарбы?

-Оо, кана, кана, окуп берчи. Кат кимден келиптир?— деп баары дуулдай. Наздандын кечээки сөздөрү кыздардын эсинде болучу.-Демек ал атайын Кыялга тийишип, урушка чакырып жатат.

-“Наздан сулуу, жүрөгүмө от койдуң. Кечинде үйүңө барам, ырдын калганын өзүм окуп берем. Бир курбуң менен кечинде концертке барып келбейлиби. Үч билет алып койгом... деп жазыптыр. Кыял, кечке чейин бир аз арыктап, келбетиңди оңдой коюп, балким сен мага курбу болуп барып келээрсиң, бир кезде ал сенин ашыгың беле?— деп шакылыктады Наздан.

Эми кандай болоор экен дегендей кыздар тунжурап, экөөнө алмак-салмак тигилип калышты.

-Итирейген байкуш, ичи карыныңдын баарын мите курт басып кеткен го. Ажатканадан аз нан жесеңчи. Жигиттин балекетин алат бекенсиң, аны сага ким коюптур, андан көрө мурдуңду жакшылап тартып ал, кеңкелес. Кыздар оолагыраак турбасаңар митеси жугуп, силер да мобул ийнеликке окшошуп калбагыла. Өлөр эчки койчунун таягына сүйөнөт болуп, кечээтен бери дагы колунан кандай айла-амал келет экен деп унчукпай койсом, кылыгың кыжырыма жаман тийип, чектен аша чаап баратасың — деди Кыял Наздандын дал маңдайына сүзүп ийчүдөй чекесин жакындатып.

Ал Назданды сестенет деп ойлогон окшойт. Жок. Ал эч корккон да, тайсалдаган да жок. Курбусу Шириндин жардамга келээрине ишенип турду.

Мурдагыдай кыздар каткырып күлүп Назданды шылдыңдап, өзүн кубатташат деген ойдо эле. Бирок андай болбоду. Тескерисинче кыздардын баары көздөрүнөн заарын чача, тикирейе Кыялды карап турушту.

-Төөнүн жарым этиндей салмагыңды, жек көрүнчү сымбатыңа байкабай караган киши коркконунан эстен танып калаарын айттыра албай турдуң беле, маймыл,— деди Наздан тилин тартпай. Кыздар аны коштоп кол чаап жиберишти. Кыял эми күч менен эле жеңбесе кыздар тигил тарапка ооп кеткенин ошондо түшүндү. Экөө бири –биринен калбай жаман сөздөр менен тилдешип, ооздорунан ак ит кирип, көк ит чыгып жатты. Акыры кыздардын урушу мушташка айланып, чачтарынан жулушуп, партадан партага секирип кубалашып жүрүштү. Кыял класстагы кыздардан бойлуу, эркектей карылуу, орой, көйнөк кийбесе, тааныбагандар эркек бала деп ойлой турган неме болчу. Кокустан кыздар Назданга жардам берип Кыялды жабылып жыгып беришпегенде, назик кыз классташынан келтек жеп калмак беле. Кыздар Кыялды колуна урунган китеп, сумка, тряпка менен уруп, тээп, моокумдары канганча сабашты. Наздан анын чачынан алып жерден тургузбай басып берди. Тиги каршылык көргөзүп да, ызасынан соолуктап ыйлап да жатты. Аны жеңиш оңойго турган жок. Акыры чарчап, айласы кеткенде сеструхалардын закону боюнча кечирим сурап, ар биринин бутун кучактап өөп чыкканда, гана кыздар таламайын токтотушту. Шириндин сунушу менен башчылыкка дароо Назданды коюп алышты. Кыялдан бөлөк кыздардын баары көңүлдөрү ачылып, үстүлөрүнөн оор жүктү алып салгандай жеңилдеп калышты. Демейде эдиреңдеп, баарынан бышык көрүнүп башкарып жүрчү Кыял жели чыккан шардай шөмүрөйүп, башын жерге салып, класстан чыгып кетти. Кыжалатка салган ою орундалганына, кыздардын аны колдоп бергенине ыраазычылык билдиргендей Наздан баарын ашканага алып барып, тамак алып берди. Түштөн кийин жума күнкү сеструхалардын чогулушуна барышты. Наздандын иши каралды. Ширин алдыга чыгып, курбусунун мектептин намысын коргоп, райондук сынактан биринчи орун алганын айтты. Канымгүл жанына келип, Назданды куттуктап, эми оңолгонун айтып, малыштар тобуна кирүүсүн сунуштады. Ага макул болгон Наздан айтылган сынакка барганда №235— мектептин кыздары тийишип, шылдыңдаганын айтып калды. Ал, азыноолак жеңишине төбөсү көккө жете шерденип, өзүнүн

кантип, тез эле таш боор сеструхаларга кошулуп, алардын бирине айланып кеткенин байкабай да калды. Аны ойлоого чамасы да жок эле.

Канымгүл дароо кыздарды ээрчитип алып, коңшу мектептин кыздарына келишти. Мектептен өздөрү курактуу кыздарды таппай, мектептин жанындагы музыкалык бий тобунда машыгып жаткан тогузунчу классынын беш кызын сабап, кол телефондорун тартып алып кетишти.

Эки мектеп ортосунда чоң эрегиш башталып, чатак күчөй баштады. Мектептер аралык “Жаш талант” сынагы № 233 мектепте болуп, ага барган Канымгүлдү үч топтун башчылары коштоп барышты. Урушту үйрөнөсүңөр деп Малыштар тобунан Наздан менен Ширинди кошуп алышты. Сынак бүтүп, үйгө кайтуучу мезгил келгенде №235— мектептен келген Нурсулуунун биринчиликти алганына ичи тардык кылып, аны Канымгүл коштогон тобу менен жалгыздата кармашты.

-Нурсулуу, токтой турчу, -Канымгүл өктөм сүйлөдү.

Аны таанып, “өнөрүн”укса керек, Нурсулуу:

-Силерде жумушум жок. Өз аймагыңарды, мектебиңерди билип алгыла, мага тийишпегиле.— деп сапарына ашыкты.

-Жөн саламдашканга да болбойбу? Эми өз убалың өзүңө!— деген сөздү угаар замат Канымгүлдүн оң колу болуп жүргөн Гүлзар кыздын узун чачынан алып, артка булка тартты.

-Ай!— деп жаны ачып айласыз башы чалкалай токтогон Нурсулуу өзүн тегеректеп калган кыздардан аман-эсен чыкпасын түшүндү.

Капыстан мойнуна бычак такап калган Гүлзарга көз кыса Канымгүл:

-Нурсулуу, сулуу деген атың болсо эле, көкөлөй бересиңби. Же биринчилик алганда жер менен баса албай калдыңбы? Салам берген кишиге түзүгүрөөк алик алып койбойсуңбу, же андан кемип каласыңбы? Сага көптөн бери жинденип жүргөм, бүгүн тийишпейин десем кейрелектеп калыпсың го, анча-мынча туз жалатып коюш керек болуп калыптыр –деп зекий айлана басты.

Нурсулуу Гүлзардын Канымгүлдү жалдырап тиктеп калганынан пайдалана аны күч менен катуу түртүп жиберип, тегеректеп турган Ширин, Наздандарды жөөлөй кача берди. Мындай чечкиндүүлүктү күтпөй саамга дабдаарып калышкан Канымгүл, Гүлзар, Мөлмөл үчөө эстерине келе калып ач карышкыр коенду куугандай артынан кууп жөнөштү.

Аларга удаа Наздан менен Ширин да жүгүрүп баратышты. Кошулбай калды дегиче дагы кыйноо башталары турган иш. Кай тарапка качаарын деле билбей, Нурсулуу бет келди чуркап баратты. Ал, чоң жолго кантип чыгып калганын да байкабай калды. Каршы-терши зуулдап, катуу сигнал берип, көчөнүн ортосунда жүгүрүп бараткан “эси-жок” кызды көздөрүнөн чаарын чыгара карап, кыйкырып сөгүп өтүп жатышты. Машиналардын арасында бараткан Нурсулууга алардан да кыздар коркунучтуу сезилди. Ошентсе да жан таттуу эмеспи, минте берсе бирди-жарым машине сүзүп кетеби деп жолдун четине чыга берди. Ал өзүнүн Чоң-Чүй каналына чыга түшкөнүн, артындагы куугун кыздардын чукулдап калганын көрө салып амалы куруп көпүрөдөн сууга секирип кетти. Тобокел, ошентсем ким бирөөлөр көрө салып жардамга келер, куткарып алар деп ойлоду.

-А-а!..-лап чаңырып, көк көйнөгүнүн этек-жеңин желбиреткен кыз сууга кулаган таштай чулп кирип көрүнбөй калды. О-о бир кезде гана анын башы чыга калып, чабалактап аба чапчыган колдору көрүндү. Ага жардамга умтулган эч ким болгон жок. Кыз бир көрүнүп, көрүнбөй сууда агып баратты. Канымгүл көргөн көзүнө ишене албай, колундагы бычагын таштап жиберип, шашыла оолактай берди. Берки эки кыз да апасынын артынан ээрчиген козулардай Канымгүлдүн артынан жок болушту.

Алардын артынан энтеңдей жете келишкен Наздан менен Ширин сууда агып бараткан кызды көрө коюшуп:

— Жардамга! Жардам бергиле!— деп чыркырашып, кызды кууп жээкте чуркап бара жатышты. Алар качуу жөнүндө ойлогон да жок. Экөөндө тең кызды кантип куткаруу керек деген бир гана ой турду. Чогулган эл деле тез жардам чакырган менен бири да сууга секирип, агып бараткан кызды алып чыккан эч кими болбоду. Бир саамда суу кызды кайдадыр оп тартып алгансып, кыз суу үстүнөн көрүнбөй калды. Кудум эч нерсе болбогондой, көлбөрүгөн суу өз нугунда шашпай агып кете берди...

Ошол каргашалуу күндөн кийин Наздан менен Ширин жаш өспүрүм балдардын абагына түштү. Алардын башка аргасы жок эле. Сеструхалардын законунда көрсөтүлгөндөй эгер мугалимге, ата-энеге же милицияга кармалышса башка кыздарды айтпай, өзү гана жооп берип, ишти бүтүрүүгө тийиш эмеспи. Антпесе үй бүлөсүнө, ата-эне, ини –сиңдилерине чейин куугунтук жасашат... Алар бир топ абакта тарбияланышып, акыры ата –энелеринин кийлигишүүлөрү, тергөөнүн жыйынтыгы менен тике күнөөлөрү жок болгондуктан үйлөрүнө чыгарылды. Кийинки окуу жылын кыздар медрессесинен улантмакчы болушту. Биз өткөндү оңдой албайт экенбиз. Бирок андан сабак алып, каталарыбызды кайра кайталабоого тырышалы деп чечишти кыздар. Он гүлүнүн бири да ачыла элек Нурсулуу гана жок...

02.04. 2010

 

© Асылбекова Зульфира, 2012

 


Количество просмотров: 3535