Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Асылбекова Зульфира, 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 30-январы

Зульфира Болотбековна АСЫЛБЕКОВА

Азыткы

“Азыткы” аңгемесинде жаш жигиттин ичине (жин аял) азыткы кирип алганы, көпкө үйлөнбөй жүрүшү, үйлөнгөндөн кийин азыткы жигитти аялынан кызганганы, молдо кайнатасы билип калып, дуба окуп, азыткыны чыгарышы тууралуу жазылган.

Зульфира Асылбекова. “Адашкан бакыт” адабий көркөм китеп. – Б.: Кут Бер, 2012. – 224 б. китебинен алынды

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7-4
    А 91
    ISBN 978-9967-25-883-9
    А 4702300100-10

Нускасы 500 даана

 

Саясат күүгүм киргенден баштап ашыгы менен жолукканга даярданып жатты. Душка түшүп, сакал мурутун алып, жыттуу атырынан себинди. Ашканага барып, бир чыны чай ичип келип, бөлмөсүнө кирип, кулпуланып алды да көздөрүн жумуп, ашыгын чакырды.

Анын күнүгө кечинде ушунтип жатаарына ата-апасы, карындашы көнүп калышкан. Алгач, кечинде конокко барасыңбы? Жумуштан чарчап келдиңби? Бир жериң ооруп турабы?— деп, сурай беришчү. Эки жылдан бери бул көрүнүшкө көнүп, сурабай деле калышкан. Саясат менен сүйлөшүү үчүн жумуштан келгенден кийин бир саат же эртең мененки тамактанууда жарым саат гана мүмкүн. Демейки убакта ал дайыма ойлуу, эч ким менен сүйлөшкүсү келбейт, эч нерсе кызыктырбайт дагы. Өзү менен өзү жүрө берет. Суроо берген кишиге ооба, жок, же билбейм деп гана кыска жооп берип коет. Апасына шайыр, ачык мүнөз баласынын минтип, жашоонун эч бир кызыкчылыгын билбей, максатсыз жашап жаткандай сезилчү. Уулунун мурунку калыбына келишине көп аракет кылды. Машина алып беришти. Үйүнө психолог чакыртты. Жаңы жумуш таап беришти. Досторуна барып уулунда жаман маселе жокпу деп сурайт. Тааныштарыныкына Саясатты алдап жумшап же үйгө чакырып кыздары менен тааныштырат. Саякаттап келүүгө жиберет. Уулу жакшы көргөн тамактарды жасайт. Айтор, кылбаганы калган жок. Дагы эле баягы коймаарек тарткан көрүнүш. Эч өзгөртө албады. Үйлөнтөйүн десе эле болбойт. Өзүңө жаккан кызды алып кел. Сага жакса бизге да жагат дейт апасы. Ал сөздөр кулагынын сыртынан кетет. Болгону:

— Мм, күздө,— деп коет. Кийинки күздө дагы эле жок. Мына буюрса жакында болот, алып келем келиниңерди деген. Ошентип жүрүп отузга да чыгып калды. Досторунун баары үйлөнүп бүттү. Саясатка жакшы эле өң-түстү берген. Узун бойлуу, кара тору, чап жаак, кашы-көзү кара, кыздар артынан чуркай тургандай эле жигит. Кастюм-шым кийип чыкыя басканында кыздардын көзүнүн жоосун ала шыпшындырчу. Ал турмак бир досу сыртынан жактырып жүргөн кызына, Саясатты кошо ээрчитип барып, экөө бирдей таанышып, досуна ала качтыртып алган. Акылды да ченемсиз берген. Фирмадагы жумуштун баарын өзү жасайт. Далай кыздар тамшанып калат, бирок бирөө да ийите албады.

А Саясат болсо сүйүүгө мас эле. Ал күндүз сүйгөнүн ойлонуп жүрөт. Түнкүсүн ал сулуусуна жолугат. Саясат ал кызды сүйгөндө да акылын жогото сүйдү. Сүйүү башкалардын өмүрүн көркүнө чыгарса, Саясаттын күлкүсүн, шайыр мүнөзүн уурдап кетти. Ар адамга ар башка таасир берет белем. Мурда жаратылышты көп байкабаса эми ага баары кооз. Кулпурган гүлдөн сулуусун көрөт. Чайыттай ачык асманда сулуусу учуп жүрөт. Куштардын сайраган мукам үнү, сулуусунун үнүндөй. Суулардын тунуктугунан сулуусун Саясат качан эстесе ал ошол жерде турат.

Сүйүү бардык сезимдердин эң күчтүүсү, анткени ал бир эле убакта, башты да, жүрөктү да, денени да ээлеп алат деп Вольтер айткандай Саясаттын эс-акылын толук бийлеп алды.

Мына, бүгүн да бөлмөсүн ичинен бекитип алып, сулуусун чакыраар менен ал учуп келди. Анын сулуулугун айтып түгөтө албас. Сындуу мүчөсүнө ак жука көйнөк кийип алган экен. Койкойгон мойнунда ак шурусу бар. Капкара узун чачы жерге тиет. Ушунча узун, калың, коюу чачын кичинекей башы кантип көтөрүп жүрөт деп да ойлоп кетти. Назик апаппак, кебезден жаралгандай колдорун Саясатка сунуп:

— Саламатсыңбы сүйүктүүм! Мен сени күтө берип зеригип кеттим,— деди наздана.

— Күткөнүңөн сенин. Кечирип койчу жаным. Дүйнөдө жок сулуум. Сен, бир гана сен менин бактымсың! Сен бар үчүн гана жашап келем. Эч кимге бербейм сени,— деп, колдорун ач көздүк менен ысык өпкүлөп кирди.— Эгер мени таштап кетсең, жашоодон дароо кечем. Ошондо сен “бул шордуу сүйүү үчүн курман болгон” деп бейитиме жазып кой,— деди Саясат.

— Мен эмес, сен мени таштап кетесиң. Эгер мени таштап башкага кетсең, мен анда сенин өмүрүңө кол салам. Андан кийин аялыңдын, карындашыңдын, апаңдын. Макулсуңбу?— деп, шыңгыр үнү менен каткырып күлүп жатты.— Мен сенин жаныңдагы бардык аялдарды жек көрөм,— деп, кошумчалап койду, сулуусу.

— Оо, коркутуп койдуң. Корком, корком. Сен ушул катуу кармап койсом үзүлүп түшө турган назик колдоруң менен кол саласыңбы? Секелегим. Дагы кандай дедиң? А баса, жанымдагы аялдарды жок кыласың. Мунуң өтө эле аша чаап кеткендик эмеспи?

— Жок, жаным. Сүйүү өрт эмес, бирок, бир күйсө өчүрө албайсың дегенди уккан жок белең. Сен бир гана меникисиң.

— Болуптур, жаным,— деп, кыздын жанында бүткөн боюн ышкылуу жылуулук келип, сулуулугуна суктанып, бүт дүйнө-турпаты көлкүлдөп эрип турду. Экөөнүн тең жүрөктөрүндө сүйүү оту ээ-жаа бербей жанып турду. Саясат көөдөнүн тиреп турган не бир жакшы сөздөрдү ашыгына айтайын деген менен сүйүүгө мастыгынан эч нерсе айталбады. Экөөнүн көздөрү, жүрөктөрү гана сүйлөшүп турду. Алар ар бир түндү ушинтип, бири-бирине өзүлөрүн түгөл арнап өткөрүшчү. Кээде бак аралап, сейилдешет. Саясатты сулуусу ал көрбөгөн эң кооз жерлерге алып барат. Бул дүйнөдө көрбөгөн жаныбарларга мингизет. Өмүрү жеп көрбөгөн тамак жегизет. Айга чейин учуруп, алып барып келди. Бах, керемет! Аял болсоң ушундай бол. Саясат эртең мененки сааттын чырылдап ойготконун эң жек көрөт. Эмелеки сулуусу менен жапжашыл жайлоодо олтурган жеринен ойготот да турат. Көзүн ачаар менен сулуусу жок. Аттиң. Ойгонбос болуп калсам эмне. Көзүн жумуп кайрадан жана олтурган жерине кеткиси келет. Бирок уктай да албайт, ал, сырдуу жакка кете да албады. Кечке сулуусунун элеси менен жүрөт. Кыялдануу. Элестөө. Кечте сулуусун кайра көргөнчө ашыгат. Ушинтип жаштыгынын кантип өтүп жатканын билбей калды. Бул чоң сүйүүнү эч ким билбейт. Кыйналган эле ата-энеси. Үйлөн деп кулагына куюп, ыйлап да айтып жүрүштү. Бир күнү апасы сиңдисинин кызы Ыймангүлгө кыйнап үйлөнтүп койду. Ал кыз деле жакшы, татынакай кыз. Кичинесинде чогуу ойноп, балдар бакчасына бирге барышчу. Башында апасынын көңүлү үчүн келинчегине бир аз көңүл бөлүп жүрдү. Бара–бара Ыймангүлдү такыр эле карабай калды. Ал, кыялындагы сулуусунан алган аруу жылуулукту келинчегинен ала албады. Ыймангүл бөлөсү болгондуктан мурда үйгө келип жүргөн конок катары сыйлап калды. Баягы адатына кайра түштү. Кечкисин жатаар менен сулуусун чакырып алат. Ал да дайыма даяр.

Мына, дагы сулуусу менен космосто жүргөн жеринен жексур сааты чырылдап ойготуп, жашоого чакырып алды. Жанында уктап жаткан Ыйманкүлдү көргөндө чыйрыга түшкөнсүп денеси жыйрылып кетти. Чала-була кийинип алып, бөлмөсүнөн чыкканча шашты. Жан дүйнөсү алай-дүлөй сапырылат. Мээси чатырап баш сөөгүнө батпай бараткансыйт. Эмне кылат, жооп жок, амалсыз. Сулуусусуз жашай албайт, ал үчүн жанын кыюууга даяр. Ал, жаны менен бирге. Ыймангүл болсо эл үчүн, намыс үчүн, ата-энеси үчүн керек. Демек, ага чыдап, сабыр кылуудан башка эч арга жок. Ушинтип жашай берүү керек. Күндүзү үйдөн эртерээк жумушка качып кетсе болду. Башка жол жок деп ойлочу Саясат. Келинчегинин күн өткөн сайын кызарган жүзү купкуу чүпүрөккө айланып, күндөн-күнгө ден соолугу начарлап, түн уйкусунан, күн күлкүсүнөн калып сарсанаага чөгүп баратканын көрүп-билип эле турат. Бирок, билмексен, томсоруп үнсүз. Эмне кылмак?!

Ыймангүл өзүнчө: “сүйүүнү жок жерден чыгара албайт экенсиң. Сүйүү жана сүйүктүү болуу кандай зор бакыт жана ошол бийик мунарадан кулап баратканыңды сезүү кандай азап. Бир жүрөккө эки сүйүүнү батыра албайсың. Сүйбөгөнгө таңылганың – сүйүүдөн чоң жаңылганың “-деген ойчулдардын айткандарында калет жок экен. Саясаттын башка сүйгөнү бар го, ошол үчүн мага көңүлү жок. Таяжеме бекер макул болгон экенмин” деп бармагын тиштенип, катуу өкүнүп жүрдү. Тууган-туушкандар эмне дейт деп намыстанып жүрүп, арадан алты ай өттү. Ал, ыймандуу эле. Саясат бир күнү токтоноор деген үмүтү да чоң болчу. Ошентип, сарысанаага катуу батып жүрүп келин жүрөк оорулуу болуп калды. Жанында дайыма бир жалган элес ээрчип алды. Уктаса эле муунтат. Ар кандай жаман түштөр кирип, бейтааныш бир келин эле аны муунтуп өлтүргөн болот. Жанында кайненеси жана кайынсиңдиси да өлгөн болот.

Саясат тузакка түшкөн көгүчкөндөй болуп, эки ортодо, эч кимден жардам жок капаста жалгыз калды. Ал үйлөнгөндөн кийин сулуусу эрегиштик кылдыбы, күнүгө кечинде жанына үч сулууну ээрчите келет. Алар Саясатты ар амалга салып кыйнап киришет. Келинчегин кыялындагы сулуусу күнүгө ичке кыл менен муунтуп, жүрөгүн кысып, өзү сөз бергендей өлтүрүүгө даярдап жүрдү. Бул, Саясатты кызгангандан улам кылганы эле. Келиндин атасы молдо. Ал кыз-күйөөсүнүкүнө конокко келип, жүдөп жүргөн балдарын көрүп, иштин чоо-жайын түшүндү. Кызынан ал-акыбалын сурады. Ал:

— Жакшы эле...— деди эриндери дирилдеп сумсайыңкы, анан дароо карегине жаш каканактап толо түштү. Өткөн күндөрүн эстеп ал түнү бою кирпик ирмебей чыккан эле. Көзүнүн чарасында толуп турган жаш кирпигинин ирмеми менен мөлт деп төмөн кулап кетти.

Кызынын кайгылуу тагдырын көрүп молдонун каны дүргүп башына чыга түштү. Күйөө баласы өзүнүн жин оору экенин билбеди, уялып, ал жөнүндө айтпай, жанына сиңип бүткөн жинди кое бергиси келбей кайынатасын кыйнады. Саясат менен түнкүсүн жашап жүргөн сулуу азыткы-жин эле. Ал, күнүгө түшүндө келүчү.

Кайынатасы дем салып, жин чыгарганга дуба окуп жатты. Эмелеки тынч олтурган Саясат кымбат олжосун оозунан алдырган макулуктай буулугуп, эчкирип ыйлагысы келип, акылынан айрылган экен деп ойлоп калбасын дегенинен улам өзүн араң карманып олтурду. Бирок, көп өтпөй Саясат капысынан эле үнүнүн болгонунча үйдү жаңырта “кетпе, эч кайда кетпегин!” деп кыйкырып кирди. Балким анын кулагына азыткы сулуусу дубага баш ийип, коштошуп шыбыраганбы, ким билет. Эч ким аны түшүнбөй калды. Жиндидей элирип, жулунуп, айгайлап бакырып жаткан күйөөсүн көрүп, Ыймангүл кагаздай бозала болуп артка үнсүз кетенчиктей берди. Үйдөгү ата-энеси, карындашы калчылдап, ачууга буулугуп, өң— алаттан кетип, тишин кычыратып, көзү бир чекитти тиктеп, жер муштап жаткан Саясаттан коркуп, төбө чачтары тик туруп, элейип турушту. Анын көздөрү чоктой кызарып, кектүү болучу. Адамга ойлонбостон кол салчудай. Ыймангүлдүн атасы кызына көзүн ымдап, колу менен жаңсап, аркан алып келүүсүн буюрду. Дуба окуу улам күчөгөн сайын Саясаттын жинденүүсү да күч алгансып акылынан биротоло айный баштады. Ал, үй ичиндеги колуна тийген буюмдарды туш келди ыргытып, тээп, “баарыңарды өлтүрөм, кырам, ашыгыма тийбегиле!” деп нары-бери жүгүрүп кирди. “Сүйгөнүм! Сенсиз жашай албайм! Таштаба мени, кетпечи. А-а-а! Жалгыз таштаба!” деп, чамынып, көкүрөгүн, кийимдерин тытып бакырат. Тамды, бош абаны муштагылап, өкүрөт. Байыр алып бир жерге токтоно албай тытынат. Аны көргөн энесинин эч нерсе түшүнө албай баласынын кыйналганына жүрөгү сыздап, амалы жок, көз жашын көл кыла ыйлап жатты. Тек, мурдатан ар кимден угуп жүргөндөй уулунун азыткыга алдырганын боолголоп жатты.

Саясат бир маалда “Эмне, менден кетип, башка бирөө менен жыргайын дедиңби?! Я?! Жо-о, андай болбойт! Ага жол бербейм!.. Ха-ха-ха-ха!”. Оозун аңырайта, тиштерин арсайтып күтүүсүз жапайы каткырды. Үй үч көтөрүлдү. Корккондорунан баары бүжүрөп, көздөрүн алайта андан четтей, бурчка корголошту. Саясаттын күлкүсү кандай капыс башталса, кайра ошондой күтүүсүз тып басылып, чачын жулуп, көйнөгүн тыткылап кирди. Топчулары туш-тушка ыргыды. Карындашы коркконунан чаңырып сыртка чыга качты. Молдо атасы экөөлөп Саясаттын канчалык жулунуп, каршылык көрсөткөнүнө карабай колу-бутун байлап жиберишти. Ал “Тийбегиле, ал меники, сулуумду эч кимге эч качан, бербеймин. Өлтүрүп саламын!..” деп” кимге айтып жатканы белгисиз, дагы эле боздоп жатты. Молдо дубасын күчтөп окуй берди.

Улам бир демге дымый түшүп Саясат кайрадан эле кыйкырынып, жулунат. Бирок, канчалык чиренип, бошонуп чыгууга жандалбас жасаганы менен аны бекем аркан кое бербеди.

Ыймангүл башын мыкчый чеңгелдеп бурчта олтурду. Өңү санаадан самандай саргайып, көздөрү ачуу жашка толуп турду. Тагдырынын биротоло сынганын түшүндү. Эми эмне кылат? Кандай айла жасайт? Башы маң, акылы адашат. Көңүлү чөгүп, күйөөсүн жек көрүп, тытынып, жулунган турпаты дене боюн ичиркентти. Мындай жиндиге жармашып эмне кылам. Бирото кетип калбай мында эмнеге жүрөм? Ыймандуу кыз деп койсо, алданып жүргөнүмдү кара. Акмакмын. Жинди менен жашап, ага үмүт байлап жүрсөм, көрсө жинди болуп кеткен тура. Жан дүйнөсү кымкуут, чак-челекей.

Саясат болсо бир каткырып, сүлкүлдөй күлүп, кайра туруп буулуга ыйлап жатты. “Кетпегин, кетпечи сулуум?!.” деп, жер чапчып, тытынат. Башын дубалга уруп, ким бирөөнү кармап калчудай жер тытат. Бир саамга ал элтейип, тып басылды. Анын көзүнө түн ичинде гана келчү азыткы сулуу көрүнө калып:

— Кош, мен кеттим. Эгерде жыл айлантып чакырсаң кайра келээрмин, эми сага окшогон башкага барам. Азыр калууга амалым жок. Дуба, ак периштелер жеңди. Башканын сүйүүсүнө от жагам кош...— деп, сулуу доңузга айланды да терезеден учуп кетти.

Баарын көрүп-билип жаткансып кайынатасы ошол маалда:

— Өх-х, балам, буйруса кутулдуң эми, азыткыны экинчи чакырба -деди кайнатасы оор үшкүрүнүп. Ал, сыгып алма терге чыланып, өңү аза түшкөн эле. Ар кай бурчта элейип олтурушкан үйдөгүлөргө,— Туура түшүнгүлө айланайындар, азыткыны уулуңар өзү атайын бул чакырган жок. Бул оору. Шайтан. Жин ооруу. Дагы жакшы, убагында билип калдык. Оорусун ачык айтпай, уят көрүп канчалаган адамдар жинге алдырып жашап жүрүшөт. Алар өтө өзүмчүл, кызганчак келишет. Жабышып алган адамдарын акырындап биринин артынан бирин жок кыла беришет. Бул көбүнчө аялдарга келчү эле. Өткөндө он үч жашар бир кызды дал ушундай кесел менен алып келишкен эле. Ал кыз бир ырчы жигитти сүйүп калдым деп сүрөтүн керебетинин башына илип алып, ага кудайындай сыйынчу экен. Ырчынын элесин туу тутуп, жалгыздап алып күнүгө сүрөтү менен сүйлөшөт. Күнү-түнү аны менен жолугушууну күсөп, жете албай сүрөтүн пааналай. Аны уккан жин сүрөттөгү баланын кейпин кийип түшүндө келип жүрөт. Күнүгө келип жүрүп акыры ал кыздын денесине кирип алып биротоло менчиктеп алышат.
Кыз катуу ооруп, төшөктө жатып калганда доктурга алып барышат. Эч айыкпайт. Анан мени үйүнө алып барышты. Кыздын эрки күчтүү экен, баарын сыртка чыгарып жиберип, болгон ишти жашырып-жаппай толук айтып берди. Ошентип кыздын өзүнүн жардамы менен ичиндеги жинди чыгарганбыз. Азыр кудайга шүгүр. Куран китепте да жин деген аят бар. Ал жиндер адам катуу кайгыга батканда, же аябай сүйүнүп кыйкырынганда, оозун ачып эстегенде, арам тамактар аркылуу, же жин даарыган адамдын кийимин кийгенден келет. Ошон үчүн кайгыга да кубанычка да сабыр кылышыбыз керек. Жиндердин жакшы көргөн жери мончо, даараткана, оттон чыккан күл, ар кандай арам нерселер. Андан кутулуу үчүн илимдүү, күчтүү молдолорго кайрылуу керек.— Кайынатасы Аллага шүгүрчүлүк келтирип,— Балам эми жинди кайра чакырба,— деп Саясатты карады.— Эгерим оозуңа алсаң эле ал кайрадан келип, сени кыйнап, ак жолдон адаштыра баштайт.

Али эсине биротоло келе албай шалдайып олтурган Саясат аз да болсо турмуш чындыгына кайтып, өз абалына уялганынан үй-бүлөсүнөн биротоло качып, кайдадыр кулак уккус, көз көргүс жакка житип кеткиси келип тургандай. Же ой-санаасын сулуунун күйүтү думуктуруп турдубу, ким билет. Эч үндөбөдү. Ары-бери урунуп жатып алы кетип калганбы, башын жерден көтөрө албай олтурду.

— Эми Кудайым берген жубайың менен бактылуу жашагыла,— деп, атасы да жанатан берки сөздү колдой батасын берип сыртка чыга жөнөдү. Энеси келип кыйналган уулунун жанына олтуруп анын башын көкүрөгүнө имере тартып кучактап, ысык жыттап-жыттап алды. Эне үчүн бала дайыма кичине, чабал тура.

Ыймангүл да Саясаттын акыл-эси кайтып келгенин көрүп, чоң балээден арылганына көзү жетип, жакшылыктан үмүт байлай түштү. Анткени ал жүрөгүнүн түпкүрүндө аны бекем сүйүүчү...

 

© Асылбекова Зульфира, 2012

 


Количество просмотров: 4403