Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Абдышев К., 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 28-январы

Казакбай АБДЫШЕВ

Ыр дүйнө

Ырлар жана поэмалар

Кыргыз республикасынын жазуучулар жана журналист-тер союздарынын мүчөсү, композиторлор жана сүрөтчүлүөр союздарынын Ардактуу мүчөсү, көп кырдуу талант Казакбай Абдышевдин бул китебине ар кайсы жылдары жазылган ырлары жана поэмалары кирди. Ырларынын көркөмдүк деңгээли жогору жана айтайын деген ойлору терең берилген. Махабат ырларында эротикалык чымчыкейлери да кездешет. Философиялык терең ойлору менен катар эле ырлар кыргыз элине мүнөздүү күлкү-тамашалардан да кур эмес. Ырлар жана поэмалар поэзияны сүйүүчүлөр үчүн кызыгуу жаратат. Айрым ырларына жана термелерине автор тарабынан обондор да чыгарылып, автордун жана башка белгилүү артисттардин аткаруусунда ырдалып жүрөт.

Абдышев К. Ыр дүйнө: Ырлар-поэмалар. – Б.:Университет, 2012. – 476 б. китебинен алынды

УДК 821.51
ББК 84 Ки 7-5
А13
ISBN 978-9967-02-815-9
А 4702300200-2012

Нуска 500 даана

 

КЫРГЫЗ ЭЛИ 

Кыргыз эли бүт дүйнөгө тууган эл,
Куйтуларын эл ичинен кууган эл.
Эркиндигин өз колунан чыгарбай,
Эл-журту үчүн белин бекем бууган эл.

Кайрыма:

Эки жакка качырбай,
Элибизди сактайлы.
Жедирбестен башкага,
Жерибизди сактайлы.

Акыйкаттык, адилдикти туткан эл,
Акыл кошкон кеп-сөздөрдү уккан эл.
Жакшылыгын башкалардан аябай,
Жараткандын алкыштары жуккан эл.

Кайрыма:

Эки жакка качырбай,
Элибизди сактайлы.
Жедирбестен башкага,
Жерибизди сактайлы

Ала-Тоонун аппак таңы аткан эл,
Ак эмгектен нанын таап жаткан эл.
Кол ойнотуп, комуз чертип, ыр ырдап,
Көкөлөтө көңүлдөрдү ачкан эл.

Кайрыма:

Эки жакка качырбай,
Элибизди сактайлы
Жедирбестен башкага,
Жерибизди сактайлы.

 

КАЗАКБАЙДА КАНЧА ӨНӨР?

Тоо аралап жүрсөң бир көк дөбөлөр болот. Тыягынан да булак агат, быягынан да булак агат. Ар биринин өз агышы, өз дабышы бар. Казакбай дал ошол көк дөбөдөн чыккан көп булактардын оозун ачып алган. Азамат, Казакбай! Ошол көп өнөрлөрдүн өтөсүнө чыгып келатат.

Казакбай касиеттүү инсандын батасы менен төрөлгөн адам. Анын атасы Абдыш молдону дин туткан адам катары кулакка тартышарда, өткөн кылымдын отузунчу жылдарын-да Кетмен-Төбө жакка ооп барат. Абдыштын аялынын токтолуп жүргөнүн байкаган улуу акын Токтогул Сатылганов: «Кудай буйруса бир балалуу болосуңар. Аныңар чоң өнөрлүү болот. Ошол балаңар чертип жүрсүн» деп акын алакан жайып батасын берип, өзү чаап чертип жүргөн өрүк саяк комузун берген экен. Токомдун батасы тийип, 1939-жылы (Балким 1938-ж.) казак жергесинде ал бир балалуу болуп, атын Казакбай коюптур. Казакбай үч жашка чыкканда кыргыз энеси Субайда каза таап, Абдыш казак кызына үйлөнүп, немистер менен болгон чоң согуш аяктап калган 1944-45-жылдары Талас жергесине кайтып барышат.

Казакбай 1957-жылы Көк-Арык (азыркы Асылкан Бөрүбаев атындагы) орто мектепти мыкты баалар менен аяктап, андан кийин Ивано-Алексеевкадагы (азыркы Көк-Ой) тракторчулардын алты айлык курсун жалаң «беш» деген баалар менен бүтүрүп, өз айылында үч жыл соко сүйрөтүп, каз таман трактор айдайт. Мыкты иштеп Кара-Ой айылдык Советине депутат болуп шайланат. 1960-жылы кирип, 1965-жылы Фрунзедеги политехникалык институттун механикалык факультетин бүтүрүп чыгып, чейрек кылым автотранспорт тармагында үзүрлүү эмгектенет.

Казакбай түркүн өнөрлөргө кичинекей кезинен эле өтө шыктуу болгон. Биринчи класста окуп жүргөнүндө Токомдун комузуна эки-үч кайрыктан турган «Чычканбай» күүсүн атасынан үйрөнгөн. Комуз чертүүнү андан ары өзү эле улантып кеткен. Политехникалык институтта окуп жүргөн беш жыл бою комузчулар ансамблинин такай мүчөсү болгон. Ал залкар күүлөрдү чертүү менен бирге эле, комузга чыгарган «Атамды эскерүү», «Кыргыз энем», «Казак апам», «Казак-байдын карылык» аттуу терс буроо менен чертилген комуз күүлөрү бар. Анча шашылбай, салмактуу чертилген бул күүлөрдү муюп отуруп уга бергенден тажабайсың.

Казакбай ирегелеш жаткан боордош казак калкынын эки кылдуу домбурасын да чертет. Анын өз чеберчилиги менен шашылбай аткарган домбурага чыгарган да күүлөрү бар. Казактардын күү атасы аталган Курмангазынын «Сары-Аркасын» Казакбайдын аткаруусунда угуп көрөлүчү. Чиркин, анын капкактагы оң колу көзгө илешпей дирилдейт! Казакбай кассетага жазып берген анын аткаруусундагы комуз жана домбура күүлөрүн колум бошой калган учурда жыргап отуруп уга берем. Келген конокторума коюп берем.

Обондорду келтирип, орустун мандолинасын черткеничи!

Казакбайдын бала кезден кызыккан өнөрлөрүнүн бири—бул кол менен тарткан сүрөтчүлүгү. Анын тарткан сүрөттөрү жеке көргөзмө катары мектептин дубалында дамамат илинип турчу. Мектепте окуп жүргөн жылдары анын акварель бойогу менен тартылган «Мергендин кесиби» деген сүрөтү «Жаш Ленинчи» аттуу балдар журналына басылган. Казакбай ошо мектепте окуп жүргөн кезинде ар кимдерге шырдак оюмдарын чийип берген. Тогузунчуну бүтүрүп, Фрунзедеги сүрөтчүлөр окуу жайына өтүп, шарты болбой, айылдын баласы окууну таштап, айылына кетип калган. «Ала-Тоо айымдары», «Авто-унаа азаматтары», «Такалуу аттын изи бар, Таластан келген киши бар» жана «Кылым инсандары» аттуу ыр-сүрөт китептеринде 700дөн ашык инсандарга арноо ырларын жаз-ып, ошончо адамдын сүрөттөрүн ичке уч жана кара тушту пайдаланып, графика ыкмасына салып, өз колу менен профессионалдык деңгээлде тартып чыккан. Ал тартып, мага тартуулаган ак кепкачан кыйгач карап түшкөн сүрөтүм азыр үйүмдө илинип турат. Казакбай Кыргыз республикасынын сүрөтчүлөр союзунун Ардактуу мүчөсү.

Казакбайдын ыр жазган акындыгына келели. Жогорто аталган төрт китептеги 700дөн ашык адамга бири-бирине окшобогон он миңден ашык арноо ыр саптары жазылган. Мынчалык көп адамдарга миңдеген сап арноо ырларын ким жаза алат? Башкаларды билбейм, мен жаза албайм. Үч кишиге арнап ыр жаза турган болсом, үчүнчүсү мурдагы экөөнө окшошо баштайт. Ырын да жазып, сүрөтүн да тартып, мен билгенден мындай китептерди дегеле дүйнө элинде эч ким жаза элек. Жаза да албаса керек. Мына, Казакбай жазып салды. Азамат! Ошол бир нече куплеттен турган арноо ырлары менен ар бир инсандын өздөрүнө ылайыктуу мүнөзүн, кылык-жоруктарын, эмгегин, ишмердигин ачып бере алган. Мындай китептер барактап карап коюш үчүн да, ырдап жүрүш үчүн да, бирөөгө эстелик, белек катары бериш үчүн да, инсандар туурасындагы маалыматтарды алыш үчүн да керек. Казакбайдын бул новатордук иши адабиятчылар менен сынчылардын көз жаздымында калбай, өз бааларын берет деген ишеним бар. Арноо ырларынын жазылышынан, саптарынын жөнөкөйлүгүнөн, уйкаштыктарынан, айта турган оюн ачып бергендигинен өөн таппайсың. Казакбайда көшө-көрлөнүү, кошомат кылуу жок. Ал оюндагысын таамай жана шар айтат. 2003-жылы басмадан жарык көргөн «Кылым инсандары» китебиндеги экс-президентибиз Аскар Акаевге жазган жети куплет арноо ырынын акыркы эки куплетин мисалга келтирели:

Вазирлер падышаны карап турар,
Байкатпай оозу-мурдун жалап турар.
Албаса падышасы көзөмөлгө,
Аларың элдин мүлкүн талап турар.

Аялдын бир бактысы өңү менен,
Анан да өзү сүйгөн теңи менен.
Бадырак жеп оокатын өткөзсө да,
Падышанын бактысы эли менен!

Пайгамбарлык менен таамай айтылган. Ооба, Акаев кө-зөмөлгө албай, элдин мүлкүн өзү баш болгон шылуундарга талатты. “Элим-элим деп коюп, элдин мүлкүн жеп коюп”, элине жек көрүнүп, талаалап элинен качып жүрөт.

Ошол эле китепте дүйнөгө атагы кеткен улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовго жазылган алты куплет арноо ырын Казакбай минтип бүтүрөт:

Ай-аалам алтын нурун чачкан киши,
Акындар айтып бүткүс дастан киши.
Элчиликке шылтоолоп карыганда.
Эл-журтунан алыстап «качкан» киши.

Атаң көрү десең, Чыңгыз куру дегенде эң акыркы беш-алты жылдык өмүрүн кыргыз элинин арасында өткөрсө кандай жакшы болмок!
Ал эми сурангандар үчүн Казакбай канча адамга арноо ырларын жазбады дейсиң?! Көрүстөндөрдөгү таштарга жазгандары канча?

Казакбай арноо ырларын жазуу менен эле чектелбейт. Анын «Ыр дүйнө» деген басмага даярдалып жаткан ырлар жыйнагына кире турган ырларын окуп чыгып, өзүмчө ыраазы болуп, жүрөгүмдү кубанычтын жылуу илеби аралады. Кандай татынакай ырлары бар. Анын ырлары сюжеттүү, айтайын деген ойлору так, жөнөкөй окурмандарга түшүнүктүү. Басмадан жарык көргөн «Казакбайдын «гареми» аттуу ырлар жыйнагында эротикалык ээн саптары арбын ырлары басылган. Бул ырларды окуп отуруп эс аласың, өзүңчө күлө-сүң, жаштыгыңа кайтып келесиң!

Анын философиясы терең терме, акыл-насаат ырлары жана поэмалары бар. «Өткөндү эстеп» деген 170 саптан турган ыры баштан-аяк уйкаш жазылган. Мындай баштан-аяк уй-каштыгы узак ырлары бир топ бар. Эгерде жаш кезинен өзүн-өзү тарбияласа андан төкмө да чыкмак беле деген ойго кетесиң.

Казакбай адабий чыгармачылыгын аңгеме жазуу менен баштаган. Аңгемелер жана повесттерден турган төрт жыйнагын басмадан чыгарган. Анын кара сөздөн турган чыгармаларына убагында жазуучулар Түгөлбай Сыдыкбеков, Шатман Садыбакасов, Өскөн Даникеев, адабий сынчылар Салижан Жигитов, Санарбек Карымшаков, Аман Токтогулов-дор өздөрүнүн жакшы бааларын беришкен. Анын чыгарма-ларынын мындай бааланышы Казакбайдын турмушту таа-май–так билгенинде жана аны профессионалдык деңгээлде көркөм тил менен сүрөттөп бергенинде. Анын бир нече аңгемеси жана «Тракторчу» деген повести орус тилине которулуп, «Литературный Киргизстан» журналына басыл-ган. Казакбай кара сөзмөр жазуучу (прозаик) катары 1988-жылы СССР жазуучулар союзуна мүчө болуп кабыл алынган.

Казакбай мектепте окуп жүргөндө эле гезиттерге макала жаза баштаган. Бул ишин ал автошоссежолдор министр-лигинде иштеп жүргөндө күчөткөн. Өзүнүн макалаларында автоунааны өндүрүмдүү пайдалануу жаатындагы көйгөйлүү мамлекеттик маселелерди көтөргөн. Эмгектин алдыңкыларын даңазалап, очерктер жазган. Казакбайдын журналисттик ишмердиги кара сөзмөр жазуучу болушуна түрткү болгон. Ал Кыргыз республикасынын журналисттер союзунун мүчөсү.

Казакбай өзүнүн кырктан ашык ырларына обон жа-раткан. Комуз менен домбуранын коштоосунда өзү аткарат. Айрым ыр-обондору, комуз-домбура күүлөрү кыргыз радиосунун алтын фондуна алынган. Анын обондору кыргыз менен казактын обондору менен үндөшүп турат, салттуу элдик обондорго окшош. Ал ырларын коңур добушка салып, жүрөгү менен берилип ырдайт. Элдикке айланган кыргыз жана казак ырларынан да аткарат. «Манас» эпосунан да үзүндү айтып жиберет. Ал Кыргыз республикасынын композиторлор союзунун Ардактуу мүчөсү.

Казакбайдын юмордук жана сатиралык кыска аңгемелери илгери «Чалкан» журналына үзбөй жарыяланып келген. Эл чогулган жерлерде өзү да тамаша ырлардан ырдап, күлкүлүү кептерден козгоп, тамаша-эротикадан аралаштырып, отурган-дардын жарпын жазат.

Фото-сүрөтчүлүк өнөрдү да өздөштүрүп алган.

Казакбайдын асыл сапаттарынын бири–ал дамамат жаштык, шаттык дем менен көңүлүн ачык жана куунак алып жүрөт. Жетимиш жаштын тамагын ичип жатса да, анын баскан-турганы тың, отуз-кырктардагы жигиттерден айрыма-ланбайт. Эч кимдин көңүлүн калтырбаган бала кыял мүнөзү менен жашап келет. Жашы өйдөлөгөн сайын ден-соолуктун камын көрөт: дене тарбия көнүгүүлөрүн жасайт, капаланып кайгырбайт, таарынбайт, бирөө менен кайым айтышпайт. Жаратылыш кооздугун жанындай көрөт. Ал өзүнүн жан дүйнөсүн төмөнкү ыры менен берген:

Жарыктык атам Абдыш молдо болгон,
Жабылбай куран китеп колдо болгон.
«Жакшы жүр, жамандыкка барбагын» деп,
Жашымдан ыймандуулук жолго койгон.

Көз артып, кол сунбадым башкалардын,
Көзү жырык жараксыз ийнесине.
Сүзүп келем таза ыйман кайыгында,
Сүңгүп кирип, сулуулук дүйнөсүнө.

Жан дүйнөм—жакшы ырлар, жакшы обон,
Жан дүйнөм—Орозовдун «Насыйкаты».
Жан дүйнөм—жаратылыш кооздугу,
Жан дүйнөм жана турмуш акыйкаты.

Түз жүрүп шариаттын жолу менен,
Түк дагы кабылбадым айыптарга.
«Күнөөм» бар атам айтып кетпептир да,
Көз салам чырайы бар зайыптарга.

Казакбайдын дагы бир өзгөчө феномени–анын ченемсиз эске тутуу жөндөмдүүлүгү. Ал көп ырларын жатка айтат жана обондуу ырларын эки-үч саат бир такалбай ырдай берет.

Мен өйдөтө айтып өткөн өнөрлөрдүн өтөсүнө Казакбай өзүнүн өзгөчө бир байкагыч сезимталдуулугу жана өжөр-лөнгөн эмгеги менен жеткен.

2009-жылы Казакбай 70ке чыгат. «Мамлекеттик бирдеме наамың барбы?» деген суроомо: «Эч наамым жок. Өнөр-лөрүмдү баалап, наам беришсе каршы эмесмин. Беришпесе таарынбайм. Эл баасынан өтөр наам жок, Сүкө» деп Казакбай токтоо жооп берди.

Казакбай иниме өмүр тилейм. Ал көп кырдуу өнөрлөрүн мындан ары да өркүндөтүп, угармандар менен көрөр-мандарды дагы кубанычтарга бөлөй берет!

2008-жыл

Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ,
Кыргыз эл акыны, Кыргыз республикасынын Баатыры

 

ӨНӨРГӨ БАЙ КАЗАКБАЙ

Казакбайым, көп өнөргө шыктуусуң,
Кармап калгын даамдуусун чыктуусун.
Адамдарда ар түрдүүчө табит бар,
Алар билет таттуусун да, мурчтуусун.
Эчен түрдүү китеп жаздың эл үчүн,
Элге жаккан чыгармаңды кут кылсын.

Жүзү сүйкүм, жүрөгүндө жалын бар,
Ала-Тоолук азаматтар, айымдар,
Алар сенин ак эмгегиң баалашса,
Анда сенин адамдардан багың бар.
Даңктуу болчу кыз-жигит көп кыргызда,
Дагы болот, жаңы сүрөт, жаңы ырлар.

Анык талант Ата-Журттун ардагы,
Беш манчадай белгилүү го ал жагы.
Сан жагынан кыйла китеп жазсаң да,
Сапатынан ашып турсун салмагы.
Дайым сени колдосун деп тилеймин,
Тапкан энең, баккан энең арбагы.

Жүргөндөр бар бир өнөргө жете албай,
Жүргөндөр бар бүрдөп, гүлдөп өсө албай.
А сен болсо айымдарга сырдашсың,
Акыл-эстүү, бели кымча, бети айдай.
Мени жаз деп, мени тарт деп ар бири,
Дайым турсун жан-жагыңдан кете албай.

Казакбайым, көп өнөрдү биле бер,
Көбү жакшы, сүрөөнчүң бар сүйөнөөр.
Азаматтар арасында олтуруп,
Айдай сулуу айымдарды сүйө бер.
Комуз менен домбураны колго алып,
Эки элге эрмек болуп жүрө бер.

Агаң Байдылда САРНОГОЕВ
Бишкек шаары, 20-22-апрель 1998-жыл

 

ЖҮРӨ БЕР, ИНИМ, ЖАРКЫЛДАП
(Көп кырдуу талант Казакбай Абдышев иниме)

Ар өнөргө жакынсың,
Жазуучу жана акынсың.
Обончу, күүчү, сүрөтчү,
Болуп келе жатырсың.
Канчасын башка батырган,
Кабыландай качырган,
Казакбай, кандай баатырсың!

Тубаса элдик төкмөсүң,
Төмөн жүрбөй көктөсүң.
Удургуган жаш кыял,
Улана берсин, өчпөсүн.
Ден соолук болуп жайында,
Дем-күчүң такыр чөкпөсүн.
Кызыган ысык илебиң,
Кыз-келиндин жүрөгүн,
Кылымга чейин өрттөсүн.

Асылдарды жаздыңыз,
Айымдарды тарттыңыз.
Аруунун баары жайнаган,
Артык экен чактыңыз.
Жүрөктөргө кирүүгө,
Жүйүр жолду таптыңыз.
Сандыктарда сакталган,
Саймалар менен чапталган,
Кулпуларын ачтыңыз.

Кыялга кызык баттыңыз,
Кыярбас эмгек жаздыңыз.
Кыздарын ырдап кыргыздын,
Кылымга чачуу чачтыңыз.
Бийкечке бийик кол берген,
Бийик экен бактыңыз.
Өзүң менен замандаш,
Өзүң менен каламдаш,
Бар экен биздин бактыбыз.

Кытыгылап ыр жазып,
Кыздардын баарын үндөйсүң.
Кол жеткис далай айымга,
Бир жүргөндөй сүйлөйсүң.
Кызыгып жолдо тургандай,
Кыздарды деги ким дейсиң?
Бакытта иним, жүрө бер,
Баардык кызды сүйө бер,
Башка өмүр эми сүрбөйсүң.

Такалуу аттын издерин,
Талыкпай бирден издедиң.
Ушундай китеп жазам деп,
Уйкудан калып иштедиң.
«Такалуу атты…» жаздың да,
Тарыхта калды издериң.
Такалуу туяк талбастан,
Тар жолдо токтоп калбастан,
Ташкындай берсин иштериң!

Тууруң ыйык Таластан,
Туйгунсуң калган Манастан.
Таластык жоокер эл болот,
Таалайын бербей талашкан.
Чаласың домбура күүлөрүн,
Чалышың барбы казактан.
Келгенсиң жарык өмүргө,
Кеңири казак жеринде.
Казактын байы болсун деп,
Казакбай сени аташкан.

Комузуң колдо шартылдап,
Добушуң турат шаңкылдап.
Домбурада күү тартып,
Ырларды жазып алтын сап.
Көп өнөр толгон казаның,
Көбүрө кайнап баркылдап.
Эркеси болгун элиңдин,
Эрмеги болуп келиндин,
Эсен жүр иним жаркылдап.

Эжең Гүлсайра МОМУНОВА
2005-жыл

 

АКЫНДАН АКЫНГА

Досубуз биздин Казакбай,
Домбура чертсе казактай.
Элдин баарын дос кылган,
Эч бирөөгө таш атпай.
Өрттөнүп ичи кетсе да,
Өнөрү жок ашатмай.
Калеми курч, сөзү бал,
Казакбайда насаат бай.

Надырбек АЛЫМБЕКОВ
22.10.2009

К.Абдышев 70 жашка чыкканда Н.Алымбеков өзүнүн “Ала-Тоо биз сүйбөсөк бийик болбойт”деген китебин тартуулап, ошого кол тамга кылып жазылган ыр.

 

КАЗАКБАЙ БАЙКЕМЕ

Жетимиштен ашык өнөр билген эр,
Жетимишке жашы мына, кирген эр.
Жетик айтсак Кыдыр өзү кол берген,
Жергебизде эң алгачкы инженер.

Сүрөт тартат көргөн жанды арбалтчу,
Ырлар жазат акындарды таң калтчу.
Ырасында бир адам бар арада,
Көп өнөрдөн көп адамдан алгачкы.

Айтаар болсок а деп-бу деп талашпай,
Акыйкатты ким койо алат жаратпай.
Ар өнөрдү бир башына батырган,
Ал ким десек–Абдыш уулу Казакбай.

Ал эмесе куттуу болсун жашыңыз,
Ала-Тоого айкын сиздин атыңыз.
Даамын татып, жашоодогу бактынын,
Дагы далай белестерди ашыңыз.

Кушубек КАЧЫБЕКОВ
22-октябрь 2009-жыл

 

АГАМ КАЗАКБАЙ АБДЫШЕВГЕ

Самасаң көңүл жубатар,
Салмактуу талант бизде көп.
Сай-сайлап аккан булактай,
Сан түркүн талант сизде көп.

Ойлосоң көңүл эритээр,
Орошон талант бизде көп.
Оргуштап чыккан булактай,
Он түрлүү талант сизде көп.

«Кум дөбөнү» жаздыңыз,
Куюлтуп сөздүн тизмегин.
Таластын минген жигити,
Такалуу аттын издерин.

Коңгуроодой буралып,
Комузда күүлөр чертилип.
«Сары-Арканы» тартасыз,
Домбурага келтирип.

Акын болуп жаралган,
Арбын экен бактыңыз.
Ай-жылдызга окшотуп,
Айымдарды жаздыңыз.

Келиштирип инсандар,
Сүрөттөрүн тарттыңыз.
Ала-Тоолук кыргызга,
Аябай эле жактыңыз.

Өзүңүз жазган ырларга,
Обондорду чыгарып.
Жай чыккан коңур үнүңүз,
Жан дүйнөнү сугарып.

Кыргыз эл укту бул күндө,
Таластан чыккан таанымал.
Казакбайдай агамды,
Калайык журтум, таанып ал.

Калиман Казакбаева
2010-жыл

 

К. АБДЫШЕВГЕ

Калбагай ооз, кара каш,
Ал,
Какеме гана жарашат.
Кылыктанып кыз-келин,
Кылыйып аны карашат.
Шатыра-шатман шар жүрөт,
Тамашасы саматат.
Абдыштын уулу Казакбай,
Жетимиш ашып баратат.

Комузун колго алганда,
Кер муруту керилет.
Домбура тийсе колуна,
Азоо тайдай элирет.
Калем тийсе колуна,
Ыр саптары терилет.
Бир китеби чыкканда,
Бир элиге семирет.

Казакбай деги жазбаган,
Аялзаты калбады.
Кыз-келиндер ичинен,
Каймактарын тандады.
Азил-чыны аралаш,
Мактоо ырын арнады.
Жараткан берген таланттын,
Боосун бекем кармады.
Демөөрчү табуу жагынан,
Калган жок анын арманы.

Аңгеме айтса ал айтсын.
Сүрөттү тартса ал тартсын.
Комуз, домбура коштотуп,
Кызыл тилин сайратсын.
Аялды кошуп ырдаса,
Айлаң жок туруп бармаксың.
Ырларын угуп Какеңдин,
Ыраазы болуп кайтмаксың.
Көп кырдуу Какем талантын,
Эстесем түшөт оюма.
Ошонун баары оо, Каке,
Батыптыр жалгыз боюңа.
Арнадым ушул ырымды,
Жетимиш жылдык тоюңа...

Аскер Карыбаев
2009-жыл

 

О, КАЗАКЕ!

Бардык сыйлык бир өзүңө жарашат,
Казакбайга жетимиштин таңы атат.
Сыйлыктардын эң мыктысы үй-бүлө,
Ал сыйлыктар сени коштоп баратат.

Колдо болуп турган кезде кызматың,
Жоро-жолдош, теңтуштарың көп болот.
Бир күнү эле кызматыңдан сен кетсең,
Билинбестен көрө албастар топтолот.

Комуз чертсең кыргыз ыры туюлат,
Домбра алсаң казак өлөң куюлат.
Кош канаттуу Пегасыңды теминсең,
Дүбүртүңөр те алыстан угулат.

Айтып турсаң махабатты, жаштыкты,
Аяштардын көз жаштары кылгырат.
Ак чач, көк чач, араң баскан кемпирдин,
Катып калган карт жүрөгүн ургулап.

Жолдоштукка бекем болуу, түз болуу,
Жигиттердин маңдайынан чачырап.
Бирге басып талантыңды баалаган,
Бизге арналган ырлар качан жазылат?

Оо,Казаке, дуудар чачың кап-кара,
Жолдоштукта оюңда жок көп санаа.
Сексен менен токсондорду багынтып,
Жүздөн аша ден соолукта көп жаша!

Сейил бакта бирге басып, кеп салышкан ага-ини, курбуларың:
Үмөталы, Асанкары, Аманат, Илегул, Турсуналы, Жекшалы, Чоюнбек, Мурат, Асылбек, Кадыркул, Жоробек, Эсен, Надырбек, Кубатбек.

22.10.2010

 

ТЕРМЕ, АКЫЛ-НАСААТ, ҮГҮТ ЫРЛАРЫ

 

НАКЫЛ КЕПТЕР

Өткөндө бейит жанынан,
Күлбөгүн да, сүйлөбө.
Арбактар үчүн бата кыл,
Кетишкен тигил дүйнөгө.

Ичиңден келме келтиргин,
Мүрзөнү өтсөң аралап.
Куран окуу тирүүнүн,
Парызы болуп саналат.

Кыбыла жакты бет алып,
Дааратыңды албагын.
Кыбыла жакты тептирип,
Төшөгүңдү салбагын.

Күл төбөгө заараны,
Ушатпайт, аны билип жүр.
Даараткана салгын да,
Дамамат ага кирип жүр.

Даараткана салганда,
Күн чыгышты каратпа.
Кире турган эшиги,
Түндүк же түштүк тарапта.

Шыпыргыны барктагын,
Көрүнгөн жерге таштаба.
Күнөө болот билип кой—
Жерде жатса аттаба.

Чогулган ыпыр-сыпырды,
Ошол бойдон калтырба.
Ыргытып ташта узатпай,
Күл төккөн жерге баргын да.

Күн батып калган маалда,
Эшик алдын шыпыртпайт.
Чогулган ыпыр-сыпырды,
Караңгыда ыргытпайт.

Теппегин идиш-аякты,
Шарак-шурак ыргытпа.
Алла Таалам андайды,
Кабылдырат кырсыкка.

Суу куюп отту өчүрбө,
Какшыйт кийин казаның.
О дүйнө кетет бир күнү,
Отун алар адамың.

Аялга айтар бир кеп бар,
Аттаба эркек үстүнөн.
Кашыңа осмо койбогун,
Каранып улам күзгүдөн.

Жайды билген аялдар,
Жатаарында таранбайт.
Күлкүсү чыгып жылмаңдап,
Күзгүгө түндө каранбайт.

Караңгыда баланы,
Алып чыкпайт эшикке.
Эпкини тийет кокустан,
Жин-шайтандар кезиксе.

Баланы жалгыз калтырсаң,
Башына нанды жаздап кой.
Болбосо жаздык алдына,
Бычактан бирди таштап кой.

Баш кийимсиз отурба,
Окулуп куран жатканда.
Анты болот билип кой,
Жатпасын бычак тасмалда.

От деген ыйык нерсе бул,
Ардактагын, барктагын.
Мунжу болуп каласың,
Бутуң менен баспагын.

Коломтого түкүрбө,
Бут менен отту теппегин.
Анты болот анын да—
Ырысыңды тепкениң.

Анан да отко салбай жүр,
Аарчылган пияз кабыгын.
Ырымы болот мунун да,
Үйүңдөн өчөт жарыгың.

Кулачтаба эшикти,
Босогону баспай жүр.
Сол бутту артта калтырып,
Оң бутту алга таштай кир.

Чекилик болот билип кой,
Ченебе боюң карыштап.
Башыңа конгон бир жолку,
Бакытың качат алыстап.

Тамак сунсаң бирөөгө,
Оң колуң менен узаткын.
Сол кол менен сунганың,
Кеткени болот ызааттын.

Босогодо боюңду,
Керип-чойчу болбогун.
Үйгө кирер бактыңдын,
Жолун тосуп койгонуң.

Бутуңду өйдө чыгарып,
Ат жалына койбой жүр.
Ырысың баскан болосуң,
Ошол жагын ойлой жүр.

Ыргытып идиш-аякты,
Ыгы жок калдыратканы,
Аялдар муну билип кой,
Ал үйдөн дөөлөт качканы.

Чайдын калган чамесин,
Чалчык жерге төкпөгүн.
Ыймандан качып мындайда,
Ырысың тээп көпкөнүң.

Тырмагың менен черткилеп,
Тырсылдатпа чыныны.
Ашың кемийт билип кой,
Анын ошол ырымы.

Тамак бышып жатканда,
Таштап кетип калбагын.
Алдыңдан чыгып бир кырсык,
Айлыңа жетпей калбагын.

Эртең менен эрди–аял,
Бир бириң карап күлүп кой.
Оңолот ишиң ал күнү,
Ошону ойго түйүп кой.

Ар кыл жаман түштөрдөн,
Өзүңдү өзүң коруп жүр.
Жамандыкка жорубай,
Жакшылыкка жоруп жүр.

Түк ишенбе түшүңө,
Түш–түлкүнүн богу дейт.
Түшкө ишенген адамдар,
Түлкүнүн ошол богун жейт.

Кокус түшүп колуңдан,
Идишиң сынса кайгырба.
Таштандыга таштап кой,
Бүт чогултуп алгын да.

«Жок» деген адам жарыбайт,
Бар болуп туруп колунда.
Ал билбейт күнөө кылганын,
Алла Таала жолунда.

Осолдук болот билип кой,
Оозуңа колуң салбай жүр.
Акылсыз бала өңдөнүп,
Андай ишке барбай жүр.

Теңирим деле жактырбайт,
Тетирленип басканды.
Тетирленет турмушуң–
Тетири салба тасмалды.

Асмандатып илбей жүр,
Камыр жайчу тактаны.
Эгиндин баасы кымбаттап,
Элиңдин карды ачканы.

Караңгыда кызыңды,
Суу апкел деп жибербе.
Этеги кокус ачылып,
Эр табылбайт тийерге.

Эртеңкиге суу калса,
Калбасын анын үстү ачык.
Билгизбей туруп жин-шайтан,
Балким койор уу чачып.

Жалкоолук кылып жатарда,
Жуубасаң идиш-аякты.
Кесири тийип ошонун,
Келтире жейсиң «таякты».

Ун элеген супура,
Улагага илбей жүр.
Кызаңдатып тизеңди,
Кыска көйнөк кийбей жүр.

Кыз балага айтарым,
Кур бешикти терметпе.
Андан көрө алдейлеп,
Куурчагыңды эрмекте.

Баш кийимди ыргытпай,
Көрүнөө төргө илип жүр.
Ботала кылып кирдетпей,
Поруму менен кийип жүр.

Жамынганы желбегей,
Жаш балага жарабайт.
Ажал тооруйт андайды,
Жаштыгына карабайт.

Эки колуң артыңа,
Алып алып баспагын.
Жигит чактан сыныңды,
Өмүр бою сактагын.

Дегеле шым аттууну,
Башыңа жаздап жатпагын.
Антсең акыр бир күнү,
Абийириңди сатканың.

Китеп, кезит окуба,
Тамак ичип жатканда.
Ичкениң толук аш болот,
Даамын гана татканда.

Аттап алып жүрбөгүн,
Жаткан мылтык үстүнөн.
Каршыңа жем болосуң,
Кайтып каруу-күчүңдөн.

Өлтүрөм деп ойлосоң,
Өлтүргөн менен тең болот.
Жан алгыч үңкүр-маңкүргө,
Кан ичкич катар жем болот.

Иш келбесе колуңдан,
Ичиңден жакшы тилек кыл.
Жаныңа тийет пайдасы,
Жакшы ой-максатты тирек кыл.

Ургаачы болуп жаралган,
Олтурбайт мандаш токунуп.
Кол жууп эркек аттуудан,
Калбагын жалгыз отуруп.

Ит аттууну бербей жүр,
Жакын көргөн кишиңе.
Жаакташып каласың,
Өң эмес, кирип түшүңө.

Арамы жок ой-тилек,
Тыякта эске алынат.
Бейишке кирип барасың,
Тозоктон өтүп арылап.

сентябрь 1992-ж.

 

ЭЙ, МУСУЛМАН БАЛАСЫ!

Эй, мусулман баласы,
Бир аз көңүл буруп тур.
Шариаттан кеп салам,
Шашылбастан угуп тур.

Аманат делген нерсени,
Аман тапшыр ээсине.
Ээси келсе бээсин бер,
Ээ болсун өз бээсине.

Кыянат кылган адамга,
Кыянаттык кылбай жүр.
Кылычын кындан сууруса,
Кылычыңды сунбай жүр.

Көрсөткөнгө жамандык,
Көрпө төшөк салып бер.
Өлтүргөнгө атаңды,
Өз энеңди алып бер.

Көңүлүң келбес иш болсо,
Көп кыйнабай өзүңдү,
Жасабай туруп басып кет,
Жабыркатпай сезимди.

Жакшы ишиң кубантып,
Жаман ишке кайгырсаң–
Кудай деген пендесиң,
Баамда ишти астыртан.

Өзүңө ишти тандай бил,
Өз алыңа жараша.
Бечел болсоң тың менен,
Басалбайсың жанаша.

Алла Таалам арнаган,
Акылың менен иш кылгын.
Өз акылың жетпесе,
Өзгөлөргө жүз бургун.

Акмактар менен жанашпа,
Азилдешип сүйлөшпө.
Адам батат күнөөгө,
Акмактыгын үйрөнсө.

Оорудан өтөр кордук жок,
Ошодон көрө көр жамын.
Денеге берип тарбия,
Ден соолуктун көр камын.

Шек келтирбе эч качан,
Алла Таала атына.
Анан да күмөн болбогун,
Анын бийик затына.

Жума күнкү намазга,
Убагында келип жүр.
Тиешелүү зекетти,
Кечиктирбей берип жүр.

Алың келсе Мекеге,
Ажылыкка барып кел.
Аман-эсен сен кайтып,
Ажылыкты алып кел.

Ооруң жок тың жүрсөң,
Орозону кармагын.
Оңойсуң денең тазартып,
Ошол жагын аңдагын.

Башкалардан сен көрсөң,
Сыйлуу жакшы мамиле.
Он эсе сыйла андайды,
Олтургузуп төрүңө.

Ыпыластык кезиксе,
Бара жаткан жолуңдан.
Алып таштоо милдетиң,
Күч жетип, келсе колуңдан.

Өлүмүңдү ойлобой,
Өмүрүңдүн камын же.
Ак мээнет менен табылган,
Ак буудайдын нанын же.

Шариат такыр көтөрбөйт,
Бекерпоз басып жүргөндү.
Эртеден иңир киргиче,
Эринбей эмгек кылууну,
Бала чактан үйрөнгүн.

Картаюуну ойлобой,
Кадырына жет жаштыктын.
Каруу-күчүң барында,
Түшүмүн ойло аштыктын,
Толорун ойло баштыктын.

Аң-сезимиң жетишсе,
Кызыгуу керек илимге.
Өмүр бою үйрөнүү,
Өчпөй жүрсүн дилиңде.

Кереги анын эмне деп,
Илимди душман көргөнүң–
Кас душманга сен өзүң,
Колтугуң ачып бергениң.

Бирөөлөрдү каралап,
Өтсөң жалган күбөгө,
Эсиңе бекем түйүп кой,
Батасың чоң күнөөгө.

Күнөөлөрдүн эң чоңу–
Шек келтирүү Кудайга.
Билип койгун бейиште,
Орун болбойт андайга.

Чоң күнөө болот, адамды
Дуушар кылса өлүмгө.
Түбөлүк кайнайт мындайлар,
Тозоктун кан көлүндө.

Мааниси жок пайдасыз,
Маңызданган адамдар–
Андайлардын күнөөсү,
Өлтүрүү менен барабар.

Ортого салсаң бузуку,
Оор күнөө делинет.
Териштирип отурбай,
Тозогуна берилет.

Мусулман пенделеринин,
Тили менен колунан.
Жапа чексе башкалар–
Сүрүлүп чыгат андайлар,
Мусулман адам тобунан.
Ишеничтен кетпегин,
Ишеничтен кеткениң–
Жараткан берген энчилеп,
Ырысыңды тепкениң.

Эң адалы оокаттын,
Өз колуң менен тапканың.
Жерди айдап, дан сээп,
Суу жиберип бакканың,
Өз колуң менен чапканың.

Мал-жаның менен мактанбай,
Маңдайың турсун жаркырап.
Эң чоң күнөө бу дагы,
Эгерде турсаң аркырап.

Пейилиң менен суу бергин,
Берерге ашың болбосо.
Жадырай күлүп узаткын,
Ашыңа мейли тойбосо.

Өйдө-төмөн өткөндү,
Аңырайып караба.
Салам айткын чоң эмес,
Бешиктеги балага.

Жолоочу калса адашып,
Салып кой туура жолуна.
Ак жол каалап тилек кыл,
Азыгын берип колуна.

Жөнү жок күмөн санаба,
Жоктон-жок туруп шектенбе.
Артынан айтпа жаман сөз,
Ал жаныңдан кеткенде.

Алла Таала пендеси,
Бирин бири таарынтпайт.
Жамандык издеп атайы,
Жаман ишке кабылтпайт.
Жасаган иши адамдын,
Ыйманына жараша.
Адал иштеп ак кылсаң,
Абийириң ага тараза.

Кирди-чыкты сөз айтып,
Кирдетпе адам көңүлүн.
Ак тилек менен жакшылык,
Узартат адам өмүрүн.

Адамдарга арнаган,
Ак тилегиң эскирбейт.
Ойлоп кылган күнөөнү,
Алла Таалам кечирбейт.

Бир өлүмдөн башканын,
Эртеси жакшы деп койот.
Өтө берип билинбей,
Өмүрдү мезгил жеп койот.

Бүгүнкү кылар ишиңди,
Эртеңкиге калтырба.
Калган ишке кар жаайт,
Үйүлө берип артыңда.

Ала турган аялдын,
Байлыгына кызыкпа.
Ашып-ташып көп тапкан,
Айлыгына кызыкпа.

Анан дагы алардын,
Кызматына кызыкпа.
Баланча байдын кызы деп,
Урматына кызыкпа.

Дин билбеген адамдан,
Дили бузук көп болот.
Дини таза аялга,
Үйлөнгөнүң эп болот.

Үч дуба бар жалганда,
Мөлтүр суудай таптаза.
Ошол дуба-тилекти,
Ар бир адам барктаса.

Бечара, карып, майыптан,
Кайырыңды аяба.
Ниеттен чыккан таптаза,
Дубасын айтат ал сага.

Беш убак намаз үзбөгөн,
Пенде бар адам тазасы.
Андайларга баш ургун,
Акыры тийет батасы.

Үчүнчү дуба атанын,
Балага болгон тилеги.
Башын кылыч кыйса да,
Бала деп согот жүрөгү.

Эй, мусулман баласы,
Алты акың бар билип кой.
Санап өтөм аларды,
Көңүлүңө түйүп кой.

Салам айтса мусулман,
Сөзсүз алик алып жүр.
Чакырса эгер конокко,
Күттүрбөстөн барып жүр.

Ар бир адам пендесинен,
Акылыңды жашырба.
Ченемдүү болсо акылың,
Чегинен чыгып ашырба.

Эгер кесир сүйлөсө,
Алла Таала атына.
Тыйышың керек андайды,
Катыгын берип катыра.

Бешинчи акың сурамак,
Кесел адам көңүлүн.
Алтынчысын сыйлоо дейт,
Адамдардын өлүмүн.

Жан таслим болгон пендени,
Күм-жам кылбай шашылып.
Каадасын жасап кадимки,
Мүрзөгө койгун жашырып.

Арамдыкка барбастан,
Алып жүр таза оюңду.
Кирдетпей таза кармагын,
Кийим-кечек, боюңду.

Карылыктан башкага,
Шыпаа берген Кудайым.
Дартка даба издегин,
Жүрө бербей убайым.

Көпчүлүк менен кажылдап,
Жаңжалдашчу болбогун.
Антсең Кудай алдында,
Чоң күнөкөр болгонуң.

Уккан сөздү айтам деп,
Ушакчы болуп калбагын.
Айтсаң болот ал сөздүн,
Аныктап чын, жалганын.

Эй, мусулман баласы,
Эсиңди жыйып адам бол.
Ак бата тилек кылайын,
Ыймандуу бол, аман бол!

сентябрь 1992-жыл

 

НЕ ПАЙДА?

Башыңа үйгөн мүшкүлдү,
Балдарыңдан не пайда.
Пайдасы жок аларга,
Барганыңдан не пайда.
Чай ордуна «пай» ичкен,
Чалдарыңдан не пайда.
Ачып кеткен ичилбей,
Айраныңдан не пайда.
Түлкүгө кууп жетпеген,
Тайганыңдан не пайда,
Байкушту карап койбогон,
Байларыңдан не пайда?

Ак сарайдай үйүңө,
Бата албасаң не пайда.
Астыңа салып жумшактап,
Жата албасаң не пайда.
Таттуу тамак даамын,
Тата албасаң не пайда.
Ашык-пашык малыңды,
Сата албасаң не пайда.
Жааган октон башыңды,
Ката албасаң не пайда.
Колуңда турган мылтыкты,
Ата албасаң не пайда?

Бүлүк салып аккан суу,
Киргенинен не пайда.
Акыр заман келерин,
Билгениңден не пайда.
Тамтыгы кеткен кийимди,
Бүргөнүңдөн не пайда.
Кандек иттин чаңкылдап,
Үргөнүнөн не пайда.
Жан алгычтын ырсайып,
Күлгөнүнөн не пайда.
Жатып ичер жалкоонун,
Жүргөнүнөн не пайда.

Санаасына албаса,
Сагынуудан не пайда.
Жаткырбаса жанына,
Жагынуудан не пайда.
Башыңды кесер болгон соң,
Багынуудан не пайда.
Чамаң келбес иштерге,
Чамынуудан не пайда.
Аткарылбас иш үчүн,
Айкыруудан не пайда.
Кайрылбай турган болгон соң,
Кайгыруудан не пайда?

Ичиң турса каарылып,
Ичпеген аштан не пайда.
Жигитиң сылап турбаса,
Жибектей чачтан не пайда.
Кабыгы туруп, данек жок,
Калдайган баштан не пайда.
Ыткытып жүрөк айланткан,
Ылжыган мастан не пайда.
Кыз көңүлүн таппаган,
Кырчындай жаштан не пайда.
Жабыркаткан дыйканды,
Жаанчыл жаздан не пайда?

Айта албаса дудуктун,
Билгенинен не пайда.
Найза тешкен чопкутту,
Кийгениңден не пайда.
Үстүңө оор мүшкүлдү,
Үйгөнүңдөн не пайда.
Сүргүндө жүрүп өмүрдү,
Сүргөнүңдөн не пайда.
Колго тийбес сулууну,
Сүйгөнүңдөн не пайда.
Үйүңдү чачкан катынга,
Үйлөнүүдөн не пайда.

Ала качып күч менен,
Алган жардан не пайда.
Айла жок жаткан жаныңда,
Андай жандан не пайда.
От жагылса жылыбай,
Салган тамдан не пайда.
Карай турган киши жок,
Калган тамдан не пайда.
Жармы төгүн, жармы чын,
Жалган сандан не пайда.
Салыгын элге очойтуп,
Салган хандан не пайда.

Кум үстүнө тамыңды,
Курганыңдан не пайда.
Жыргатпаган куу дүйнө,
Жыйганыңдан не пайда.
Сүлдөрү кеткен кийимди,
Жууганыңдан не пайда.
Куюн көтөн Маамытты,
Кууганыңдан не пайда.
Ат жарышка салбаган,
Бууданыңдан не пайда.
Сыйлабаган тирүүңдө,
Тууганыңдан не пайда?

Үйгө тийбей коңшуңдун,
Жарыгынан не пайда.
Суу шылдырап акпаса,
Арыгыңдан не пайда.
Жайылган торго түшпөгөн,
Балыгыңдан не пайда.
Так маалымат бербеген,
Тарыхыңдан не пайда.
Канын соргон элинин,
Хандыгынан не пайда.
Жазылып калган кагазда,
Жардыгынан не пайда?

1998-жыл

 

СЕЗИП ЖҮР
(баштан-аяк уйкаш ыр)

Назарың салып угуп тур,
Накыл кептен баштадым.
Акылың менен сездиңби,
Агарып таңдын атканын.
Кырдын ары жагына,
Кызарып күндүн батканын.
Адыр тоодон кылайып,
Ай чыгып келе жатканын.
Ачык түндө жылдыздуу,
Айылдын таза асманын.
Долуланып жулунган,
Тоо суусунун акканын.
Ак селде кылып чалынган,
Ала-Тоонун ак карын.
Жаңыртып үнүң кайталап,
Жалама аска, таштарын.
Кийик качса эшилген,
Кулаган кумдуу чаптарын.
Отурганын бүркүттүн,
Ок учунда асканын.
Кызыл түлкү кыр менен,
Кылаң-кылаң качканын.
Ашып келген маарага,
Аргымак аттын чапканын.
Оболоп улам асманга,
Торгойдун айткан дастанын.
Канатын кагып күйкө куш,
Насывай ийлеп жатканын.
Жибегин чубап ипичке,
Жөргөмүш желе тартканын.
Магдыраган жайлоонун,
Мал жаткан жашыл капталын.
Чабандын боз үйүндө,
Чартылдап арча жакканын.
Чарт-чурт этип асманда,
Чагылган огун атканын.
Күүгүмдөп кайра ачылып,
Күн желесин тартканын.
Жашынткан көлөкөлөргө,
Жайдын ысык аптабын.
Сайылган ууга чыдабай,
Сайгактап уйдун качканын.
Аралап жүрдү бекенсиң,
Айылдын жемиш бак-шагын.
Көтөрө албай ийилген,
Көрдүңбү мөмө-шактарын.
Пейили кенен эненин,
Берекелүү тасмалын.
Жеңелердин жасаган,
Жедиң беле ак нанын.
Жоодураган селкидей,
Жоогазын гүлүн ачканын.
Сезимиңди дүрбөткөн,
Серпилген селки каштарын.
Маңкая тартып кыз-келин,
Марал сындуу басканын.
Керилткен өрүм чачтарын,
Келиндин шыңгыр чачпагын.
Койкойо баскан жигитти,
Колтуктап алып жаш жарын…

Акылың менен сездиңби?—
Азыркы менин айтканым.
Турмуш, дүйнө сырларын,
Туйгун, сезгин, байкагын.
Ошентсең келген бир жолу
Өмүрдө жыргал тапканың.

25.05.1993

 

ТАЛАС ЖЕРГЕСИ

Башка жерди жактырып,
Барбады неге эр Манас?
Таласты көп жер ичинен,
Тандады неге эр Манас?

Төрлөрү кенен малга жай,
Түзөң жери данга бай.
Тоо эчки, кулжа аралаш,
Тоолору толо аңга бай.

Четинен казса табылган,
Жердин асты кенге бай.
Аруулап көңүл сергиткен,
Атыр жыттуу желге бай.

Жашыл арча, ак кайың,
Жарашыктуу түргө бай.
Аңкыган жыты буруксуп,
Ар түркүн өскөн гүлгө бай.

Даба болгон кеселге,
Дары-дармек чөпкө бай.
Кулактын канган кычуусу,
Куйкум күлкү, сөзгө бай.

Колдорун шилтеп ойнотуп,
Комузда черткен күүгө бай.
Казаны толо кайнаган,
Казы, чучук, сүргө бай.

Белден чыга буралган,
Бетегелүү кырга бай.
Оболоп көңүл көтөргөн,
Обонун созгон ырга бай.

Көөрү колдон төгүлгөн,
Көптөгөн чебер узга бай.
Кылактап баскан буралып,
Кымча бел сулуу кызга бай.

Мөңгүдөн түшкөн агылып,
Мөлтүр таза сууга бай.
Чака-чака сүт берген,
Чапкактай желин уйга бай.

Айлакер душман өтө алгыс,
Аска-чеп бийик тоого бай.
Арбын-арбын жүн берген,
Апапак жүндүү койго бай.

Таластык жоокер эл келет,
Такалатып ат минген.
Көмүлбөй кайгы-капага,
Көңүлү куунак шат жүргөн.

Басып жүрбөй илээнди,
Баштаган ишин бүтүргөн.
Айылдап келген конокту,
Аябай сыйлап күтүнгөн.

Коржогой келген эл болот,
Кошоматты билбеген.
Атыларын билсе да,
Ачыгын айтып сүйлөгөн.

Эр-аялын кошкондо,
Эки жүз миңдей калкы бар.
Апыртпай туура айтканда,
Ат көтөргүс даңкы бар.

Талас жери илгертен,
Таланттардын ордосу.
Бешиктен түшө электе,
Периште болот жолдошу.

Өзгөчө сөзгө татыктуу,
Көкө уулу Өтө–Жеңижок.
Азырга чейин Өтөгө,
Акындан чыккан теңи жок.

Ээлене ырдап турганда,
Эсенаман, Эшмамбет,
Айтыша албай башкалар,
Алардан качып кеткен дейт.

Тойгожо сурнай тартканда,
Ат чабым жерге угулган.
Жантакбай күн-түн черткенде,
Басылбастан шүүшүңдөп,
Бармагы канга жуулган.

Кыздардан чыккан Ырыскүл,
Жеңижок менен айтышкан.
Билермандар токтотуп,
Бир-бирин жеңбей кайтышкан.

Андан бери келгенде,
Атай деген ким эле?
Күү чертип, ырдап үн кошуп,
Жыргатчу жанды тим эле.

Андан бери Чыңгызды айт,
Ааламга кеткен атагы.
Ушунчалык чоң талант,
Бир адамга батабы?

Эрбейген бою сары алтын,
Эралынын Сүйүнбай.
Катыра жазат чынында,
Кайчылаш уйкаш ырларды,
Кара күч салып ыйынбай.

Жалпы кыргыз баалаган,
«Жаман сары» Байдылда.
Тулпар акын агабыз,
Туулган менин айлымда.
Анын ырын ырдашат,
Ар бир ташы сайдын да.

Ээлене төгүп турганда,
Эстекем менен Замикем,
Экөөнүн устаты,
Эске түшөт Аликем…

Алымбеков Надырбек
Ал деген деги ким өзү?
Акактай таза ыр жазган
Ал акын жана такыба
Адам болот бир өзү.
Алла-Тала алдында
Анын жок кылдай күнөсү.

Эл акыны Анатай,
Элирип турган убагы.
Кетип барат алгалап,
Кетилип койбой туягы.

Аалы барат өөрчүтүп,
Акындын төкмө өнөрүн.
Жетилгенде жигиттен,
Жеңижокту көрөмүн...

«Такалуу аттын изи бар,
Таластан келген киши бар”.
Нарктуу Талас калкынын,
Нар кескендей мизи бар!

 

САЛАМДАШУУ

Агайын-тууган аманбы,
Айтамын ысык саламды.
Мекендеп келдим отуз жыл,
Бишкектей ордо калааңды.
Кызматта жүрдүм ар кайсы,
Колума албай каламды.
Элүүдөн өткөн чагымда,
Көрсөтөйүн өнөрдү,
Көрүп баала чамамды.
Калайык журтум кабыл ал,
Казакбай аттуу балаңды.

Таластын болом кулуну,
Агабыз болот Байдылда.
Кыргыздын «Жаман сарысы»,
Туулган менин айлымда.
Ал байкебиз турганда,
Чыгалбай элдин алдында.
Алтымышты такымдап,
Байдыкем,
«Ташыркап» калган маалында.
Эптеп ырдап турамын,
Эл-журтум сенин алдыңда.

Күмүш сакал аталар,
Күүңөр кайта элекпи?
Кыбырап жүрсөң болгону,
Кыдыңдатып эшекти.
Намазыңдан танбагын,
Жайнамазың болбосо,
Жайып коюп этекти.

Аман-эсен жүрсүңбү,
Ак элечек апалар.
Акшыя карап келиниң,
Кылдыбы сени кападар.
Куу тумшук андай келинди,
Кудай өзү жазалар.
Ийик ийрип, жүнүң тыт,
Чүрпөлөр жүрсүн жаныңда.
Келиниңди жамандап,
Керексиз ишке малынба.
Майда-барат иш үчүн,
Жаш балача таарынба.
Зыярат кылгын Кудайга,
Намаз келген маалында.

Эр-азамат жигиттер,
Эл ичинде барсыңбы?
Четинен төлөп жүрсүңбү,
Элге болгон карзыңды.
Же болбосо карызга,
Белчеңден батып калдыңбы?

Жаштары биздин кыргыздын,
Жаман ишке малынбайт.
Алдынан аркан тоссоң да,
Аттап өтөт, чалынбайт.
Коңулдагы бөрүдөй,
Кой терисин жамынбайт.
Башыңды кесем десең да,
Башын ийип багынбайт.
Таш байлап сууга салсаң да,
Чөкпөстөн кайра жалындайт.

Ток этер жерин айтайын,
Көп акыл укпайт адамың.
Бактыны көктөн издебей,
Көбүрөөк жерди карагын.
Жетеңе бекем түйүп ал,
Жер гана сени багарын.
Дунганча жерди тырмала,
Жер менен байыйт аларың.

«Кыргыз болуп калдың» деп,
Дунгандар тилдейт баланы.
Куда-сөөк болгонго,
Ошо,
Дунгандарга баралы.
Ар бир кыргыз айылы,
Эң болбоду дегенде,
Эмгекчил дунган кызынан,
Бирден келин алалы!

1990-жыл

 

ӨТКӨНДҮ ЭСТЕП
(баштан аяк уйкаш ыр)

Өзүмчө жалгыз олтуруп,
Өткөндөрдү эстедим.
Толкуган турмуш дайрасын,
Тулпар ат менен кечкемин.
Кээ-кезинде жөө калып,
Шымымды да чечкемин.
Атырылган дайрадан,
Араң зорго өткөмүн.
Ал гана эмес кай бирде,
Агымы менен кеткемин.
Тайсалдап катуу агымдан,
Тайызын издеп кечменин…
Айта берсем түгөнбөйт,
Айтылчу менин кептерим.
Азыраак чыдап угуп кой,
Анча-мынча четтерин.

Киши жок башка кесерге,
Киндигим өзүм кескемин.
Бир туугандан эркек жок,
Бир үйдө жалгыз өскөмүн.
Биринчи эле класстан,
Билимди катуу көздөдүм.
Бир класстан класска,
Жалаң «беш» менен көчкөмүн.
Иштеп бердим колхозго,
Ийинден түшпөй кетменим.
Айдоо айдап жаз-күзү,
Арпа, буудай сепкемин.
Күз келгенде түшүмүн,
Күргүштөтө төккөмүн.
Билим алып келмекке,
Бишкекке анан кеткемин.
Болсоң инженер болгун деп,
Политехке өткөмүн.
Диплом алып жогорку,
Тилегиме жеткемин.
Илең-салаң болбостон,
Ишиме катуу беттедим.
Чекиликти кетирбей,
Чектен чыгып кетпедим.
Аңги кылган башыңды,
Апийим, көк нар чекпедим.
Эби келип турганда,
«Эргулдан» сеп эткемин.
Кошомат кылып чоңдордун,
Колу-бутун өппөдүм.
Кызартып көзүм артпадым,
Байлыгына өзгөнүн.

Жаман адам жанынан,
Жаа бою качып безгемин.
Андайларды көргөндө,
Ашынып кетет «безгегим».
Алым-сабак айтышып,
Алар менен мен бирок,
Ана-пына дешпедим.

Капарыма албадым,
Кай биринин сөккөнүн.
Көптөрүнүн күнөөсүн,
Көңүлгө албай кечкемин.

Жакшы адамдан кете албай,
Жадабай уктум сөздөрүн.
Жутунбай андай адамдар,
Жупуну сезет өздөрүн.
Көрө албадым жакшынын,
Көңүлүнүн чөккөнүн.
Топ-топ арам акчага,
Толтурбайт алар чөнтөгүн.
Кайрадан келет эсиме,
Кайран жаштык кездерим.
Комузду күүгө келтирип,
Кол ойнотуп черткемин.
Жакшы ыр жазып кыздардын,
Жан дүйнөсүн эриткемин.
Мажнун өңдүү мен дагы,
Махабат отун кечкемин.

Уругум бербей башкага,
Уяң болуп өскөмүн.
Суктанып карап койчумун,
Сулуулардын беттерин.
Кучактабай башканы,
Курчу гана канып көздөрүм.
Билбей жүргөн экемин,
Билинбей мезгил өткөнүн.
Андан кийин мен башка,
Аялдарга «өткөмүн».
Көңүлүм түшүп калгандын,
Көпчүлүгүн өпкөмүн.
Жамалдуу аялзатынын,
Жанынан кыя өтпөдүм.
Жактырбай нечен аялды,
Жаштарын тандап көпкөмүн.
Аларды ала салдырып,
Ары-бери өкчөдүм.
Күзгү кылып карандым,
Күлүп турган көздөрүн.
Аркар, албарс эмчектүү,
Аялдын көрдүм төштөрүн.
Эчен-эчен айымдын,
Эмчектерин эзгемин.
Ыргыштаган далайынын,
Ычкырларын чечкемин.
Жылуу-жумшак сылагам,
Жылаңачтап эттерин.
Жанына жан киргизип,
Жан жерин кошо өпкөмүн.
Коңузча түшкөн каймакка,
Койнуна анын чөккөмүн.
Жылыткан жылуу жай таап,
Жыргаган менин «кертмегим».
«Уясына» толтуруп,
Уругумду төккөмүн.
Көргөмүн далай аялдын,
Көшүлүп жаны киргенде,
Көз жаштарын төккөнүн…

Арман, куса аралаш,
Айтылчу эмки кептерим.
Байкабай калган экемин,
Билинбей жылдар өткөнүн.
Өткөрүп берген турбаймбы,
Өмүрүмдүн көктөмүн.
Жакындан бери мен билдим,
Жаштыгымдын кеткенин.
Нан алууга кубат жок,
Жукарган азыр чөнтөгүм.
Чечилип угар киши жок,
Чертилбей турат чертмегим.
Өзгөлөр келбей оюма,
Өз аял болду эрмегим.
Баягыдай күүсү жок,
Басаңдай түшкөн «кертмегим».
Бирок,
Күчүм чыгып башыма,
Көп ырга толду дептерим.
Өткөн өмүр ичинде,
Төөгө миндим көппөдүм.
Жөлөп-таяр кишим жок,
Жөө жүргөндө чөкпөдүм.

23.05.1993

 

ӨКҮНҮЧТӨР, ӨКСҮКТӨР
(совет заманы)

Чын сүйлөөгө оозубуз жабык болду,
Чын сүйлөсөң жалган деп айып койду.
Билимдүү сергек акыл азаматтар,
Билинбей бели сынып, майып болду.

Акыл берген адамды жаман дедик,
Айтабыз деп кеп чынын таяк жедик.
Улугуна жүгүнүп жагалданган,
Ушакчы, куйтуларды адам дедик.

Акыйкат, адилдикти арам дедик,
Арамза былыктыкты адал дедик.
«Бас оозуң!» деп муштумун кезеп турса,
Баш бармакты чайнадык амал кетип.

Акыл менен талантты четке кактык,
Айтыша кеткендерди бетке чаптык.
Өздөрүнүн жөндөмүн көрсөтө албай,
Өлкөбүздөн далайы четке качты.

Баарыбыздын оюбуз мансап болду,
Бак-бак этип башкардык жаңсап колду.
Баш оорутуп иш үчүн эмне азап,
Паралап кызыл акча алсак болду.

Элдеги жазылбаган мыйзам кетти,
Жазылган мыйзам келип, ыйман кетти.
Калдайып төр башынан акыл берген,
Кадырман карыялар сыйдан кетти.

Энеси өз баласын таштай качты,
«Эне» деген наамын аттай качты.
Эрди тийсе баланын ийип турчу,
Эмчегинен сүт чыкпай таштай катты.

Эркек-аял жарышып арак ичти,
Эчтемесин калтырбай жалап ичти.
Эси жарым туулган балдарыбыз,
Эс тартканда талашып а да ичти.

Эркектер чечиндирип кыз баланы,
Этине, жыпжылаңач, карта чабат.
Саамай чачы үлпүлдөк жапжаш кыздар,
Сатуу менен денесин акча табат.

Том-том кылып толтура токтом жаздык,
Токтомдон ун-талканга толбой баштык.
Кыдырып Фрунзенин кепелерин,
Кыйналып өтүп кетти кайран жаштык.

Жалындуу ураан айтып, ташты жарган,
Жалпы элди албан ишке үгүттөдүк.
«Жашасын жол башчылар!» деп кыйкырып,
Жарытылуу иш деле бүтүрбөдүк.

Жамындык партиянын билетине,
Жалындык жол башчынын сүрөтүнө.
Ийгилигин жараткан жалпы элдин,
Ыйгардык партиянын бир өзүнө.

Пайгамбардын Кураны унутулуп,
Партиянын айтканы мыйзам болду.
Баркы бар бир папкенин ээси болуп,
Бапырата көр дүйнө жыйсам болду.

Сөгүп туруп жууркандын жүнүн бердик,
Сыңар эмчек эчкинин сүтүн бердик.
Өзүбүз тишибиздин кирин соруп,
Өлкөбүздүн планы үчүн бердик.

Ажайып кооз кийим кийе албадык,
Анткени андай кийим тиге албадык.
Ашык баш бала төрөп коюшат деп,
Аялга да түзүктөп «тийе» албадык.

Акча апкелсең аялың күлүп турат,
Апкелбесең ажылдап үрүп турат.
Айлыктан башка акча табуу ою,
Айла жок, акыл-эсти бүлүк кылат.

Оозун ачып, бир ооз дем салбаган,
«Олуялар» көбөйдү жер жайнаган.
Ойлогону опоңой олжо табуу,
Оорудан сакайтам деп элди алдаган.

Чет өлкөгө агыздык дайра кылып,
Чектелүү запасы бар жердин майын.
Бир литр бензин үчүн тилемчибиз,
Билгиң келип сурасаң элдин жайын.

Кор болдук бирөөлөрдүн көзүн карап,
Колдо болгон түшүмдү жыйнай албай.
Өзгө элден алтынга дан алабыз,
Өз дыйкандын эмгегин сыйлай албай.

Динамитти жардырып суу астына,
Көл, дайрада балыктар түгөт болду.
Мылтыктын тарс-турсунан жүрөгү үшүп,
Бирин-серин кийиктер жүдөп болду.

Куйруктуу кыргыз койдун баарын жойдук,
Көбөйттүк уяң жүндүү малыш койду.
Өкмөттүн душманы деп айып койду,
Көрүп калса бир-жарым чалыш койду.

Жер жайнаган ак койго жайлоо толду,
Тоого чыкпай малыш кой жалкоо болду.
Туягы жер кыртышын каза берип,
Тулаң беттүү жайыттар айдоо болду.

Жер бетин бетон басты, асфальт басты,
Машиналар бүркүшөт уулуу газды.
Бетон менен асфальттан жер муунду,
Уулуу газга какалып, эл муунду.

1989-жыл

 

ИШТЕШ КЕРЕК

Жашоодон такыр үмүт үзбөш керек,
Жашоонун түркүн жолун издеш керек.
Жагжайып көчө таптап басып жүрбөй,
Жакшыбы, жаманбы бир иш иштеш керек.

Жаман ойду көңүлдөн айдаш керек,
Жамандыкты көңүлгө албаш керек.
Жасаган кыянатка жооп кылып,
Жамандыкка өмүрү барбаш керек.

Жарабаган үрөндү экпеш керек,
Жаңы көчөт даракты кеспеш керек.
Жаш чыбыктар качандыр бир кезекте,
Жайкалган бак болорун эстеш керек.

Жакшы менен жаманды аңдаш керек,
Жамандардын жанына барбаш керек.
Жашоодо жардам кылат акыл кошуп,
Жакындап жакшыларды жандаш керек.

Жаманды жамансың деп айтпаш керек,
Жакшыны жакшысың деп макташ керек.
Жакшы экем деп дердейип көөп кетпей,
Жакшы деген атакты акташ керек.

Жаалданбай жөнөкөй болуш керек,
Жагымдуу да, мээримдүү добуш керек.
Жалаң эле мал сойгон байдыкы эмес,
Жармачтын да үйүнө конуш керек.

Жапайы жандыктарды атпаш керек,
Жайытынан алыстап качпаш керек.
Жайылып малың менен аралашып,
Жаныңа үйүр кылып сакташ керек.

Алгачы ден соолукту түздөш керек,
Абдан бекем пайдубал түптөш керек.
Ар-намыс, ал-күчүңдү тирек кылып,
Асмандан жакшылыкты күтпөш керек.

Аракты өчүң бардай ичпеш керек,
Аңгегине байкабай түшпөш керек.
«Алма быш-оозума түш» болуп жүрбөй,
Алыңдын жетишинче иштеш керек.

Ар кимди алдабаган бизнес керек,
Ар кимдин ашын тартып ичпеш керек.
Ар кимден кайыр сурап жалдырабай,
Алтынды бут алдыңдан издеш керек.

Адам деген чечкиндүү болуш керек,
Арсарлыкты көңүлдөн жоюш керек.
Ар чөптүн башын бирден сыдырбастан,
Алдыга айкын максат коюш керек.

Акчаны сапырылтып чачпаш керек,
Акчаны бекем катып сакташ керек.
Алып калып өзүңө жетерлигин,
Ашыгын элиң үчүн сарпташ керек.

Ар кандай кыйындыктан качпаш керек,
Алаңдап айлаң кетип шашпаш керек.
Акыл-ой, аң-сезимди бергенден соң,
Адам деген атакты акташ керек.

Ак жерден адамдарды сатпаш керек,
Ак жүргөн адамдарды сакташ керек.
Андайда алтын башты сайып коюп,
Анын асыл иштерин жакташ керек.

Ата-эне балдар камын көрүш керек,
Аларга жакшы билим бериш керек.
Ал балдар өз бутуна тургандан соң,
Ажал келип суранса өлүш керек.

Адыраңдап байлыкка көппөш керек,
Ары-бери чайпалтып төкпөш керек.
Алга кетпей, турмушуң эңиштесе,
Алдан тайып, эңгиреп чөкпөш керек.

Ар бир адам өз баасын билиш керек,
Алыстап пенделиктен жүрүш керек.
Арсалактап шилекей чачыратпай,
Ажарлана жагымдуу күлүш керек.

Аял-эркек бир-бирин сыйлаш керек,
Ар кандай жамандыкта кыйбаш керек.
Аянбай күндүзгүсүн эмгектенип,
Алтүндө айкалышып жыргаш керек.

Акылдууга баш ийип туруш керек,
Анын айткан акылын угуш керек.
Ары-бери чампалап сала койбой,
Абдан бекем үйлөрдү куруш керек.

…Жашоодон такыр үмүт үзбөш керек,
Жашоонун түркүн жолун издеш керек.
Жалкоолук–чоң душманы адамзаттын,
Жатып албай, күч үрөп иштеш керек!

ноябрь 1999-жыл

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Абдышев К., 2012

 


Количество просмотров: 23290