Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Абдышев К., 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 21-январы

Казакбай АБДЫШЕВ

Аңгемелер

Автордун бул китебине ар кайсы мезгилде жазылган повесттери жана аңгемелери кирди. Кийинки жылдары жазылган аңгемелери да бар. Автор чыгармаларында акыйкат жашоого, адамдар бири-бирине кайрымдуу, боорукер болууга, кубанычтуу жашоого чакырат. Сүйүү маселесине да өтө аяр, терең карайт. Адамдын жашоо максаты деген эмне деген суроого жооп издейт. Жаныбарлар жөнүндөгү кызыктуу кыска-кыска аңгемелери да бар.

Абдышев К. Кум дөбөлөр: Повесттер, аңгемелер. – Б.: Университет, 2012. – 544 б. китебинен алынды

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7 – 4
    А – 13
    ISBN 978-9967-02-817-13
    А 4702300100-12

Нуска 500 даана

Сүрөтчүсү автор

 

 

ТОО ТЕКЕ

«Жаныбарлар жанына күч келгенде адамдарды эш тутушат.

Мергендин сөзү

1947-жыл.

Суусамыр жайлоосунун Балыктысынан конуш алганбыз. Үч боз үйдүн батыш тарабындагысы койчуман Мамбеталыныкы, андан обочороок, койдун кыгынан алысыраак бололу деп, эки жүз кадам алыстыкта биздики менен жылкычы Чекирдики жанаша. Атам колхоздун зоотехниги.

Фашисттик Германия менен согуш башталганы Суусамырга беш жыл катары мал чыкпай, жапайы айбанаттар берки эле апай беттерде, азыраак апыртып айтканда колдогу мал менен «аралашып» жайылып жүрүшчү. Чекир куш салып, тайган агыткан адам.

Бир жолу, мен курактуу сегиз-тогуздардагы үч-төрт бала болуп, биздин үйдүн жанында таш чүкө ойноп жатканбыз. Чоң шашке ченде Чекирдин эки тайганы мүйүздөрү аркайган бир тоо текени тоодон ылдый куюлтуп кууп түшүштү. Теке Мамбеталынын үйүн жандай салып, түптүз эле биздин үйдү көздөй келатты. Артында куйрук улаш бири ак, бири кара тайган. Ойноп жаткан балдар коркуп кетип, четке чыга качтык. Теке бир секирүү менен биздин үйдүн туурдугуна чыгып, экинчи секирип, түндүктүн үстүнө таканчыктап туруп калды. Эки тайган текени карап, жан-алдары калбай үрүп жатат. Теке моюнун бир аз кыйшайта жерди карап турат. Корккондон көздөрү чанагынан чыга жайнайт.

Мен Чекирдикине чуркап бардым. Үч үйдүн аялдары өздөрүнчө чогулушуп, кымыз ичип отурушкан. Түрүлүп турган эшиктен башымды салып эле:

– Тиги, тиги... Биздин үйдүн төбөсүнө тоо теке секирип чыкты, — дедим алактап. Аялдар эчтеме түшүнбөй, алая мени карашты. — Чекир жездемдин эки тайганы кууп келди, тоодон.

Эми аялдар тура жөнөштү. Биздин үйдүн жанына бар-дык. Теке катырылып койгон эстеликтей, баягы калыбында түндүктө турган бойдон экен.

– Э, кагылайын, кудай. Айылда эркектер да жок. Эми муну эмне кылабыз? Чекир өзү кайда жүрөт болду экен? — деди Чекирдин аялы, Саарабү апчем, тоо жакка көз чаптырып.

– Кудая тобо, тау теке дейтин осылай болама? — деди өгөй казак апам кызыга карап?

– Тирүү тоо текени менин да биринчи көрүшүм, — деди чабан Мамбеталынын аялы.– Тимеле бир, сыны келишкен жаныбар болот турбайбы?

Аңгыча жайык беттен атын кыялай бастырып келаткан Чекир да көрүндү. Тургандардын баары кубанып кеттик. Бир маалда Чекир келип, атактуу Сары атынан түшүп, мамыга байлады.

– Ай, Чекир, бу текени сенин тайгандарың кууп келди. Абыкемдердин үйүнө секире качыптыр, — деди Саарабү апчем ансыз деле иштин жайына түшүнгөн күйөөсүнө. – Мылтыгым-дын огу да куюла элек деп жатты элең. Эми эмне кыласың?

Эмне кыларын Чекир өзү да билген жок. Ал ойлонуп, узун жээрде мурутун салаңдата текени маңыроо карап турду. Анан апчеме карап:

– Бар, кыл арканды алып кел. Сыйыртмак салып кармайбыз, — деди.

– Сыйыртмак салып? Өзүңдү кошо сүйрөп кетпейби? — деди Саарабү апчем өңгөчүн тарта.

– Апкеле бер. Аркандын бир учун мамыга байлап койобуз.

– Мамы дегениң тиги биздин үйдүн нары жагында. Ага байласаң аркандын бир учу жетеби?

– Жетпесе аттын басмайылына байлайбыз.

Саарабү апчем түрүлгөн кыл арканды алып келип, күйөөсүнө берди.

– Макул, сыйыртмак салдың эле деп койолу. Анан текени кантип кармап, кантип сойосуң? Аны кармап жыкканга бир кишинин күчү жетеби? — деди Саарабү апчем дагы деле болсо иштин жайына көзү жетпей.

Чекир жездем кайрадан ойлонуп калды. Бир чечимге келе албай, убакыт өтө берди.

– Анда эмесе мындай кылабыз. Саарабү, сен тайгандарды кармап турасың. Мен текени бакан менен коркутуп-үркүтүп жерге түшүрөм. Жерге түшөрү менен тайгандарды койо бересиң. Жетсе жетип, толорсугун кыркып жиберишет. Жетпей калса качып кеткени.

Аңгыча эртең менен башка коктудагы Бекбай деген койчумандыкына кеткен атамдын атчан карааны көрүнүп калды.

– Атам келатат! — деп кубанычтуу кыйкырып жибердим. — Тургандардын баары атам жакты жапырт карап калышты.

– Чекир, койо тур. Абыкем келсин. А киши менен акыл-дашалы, — деди Саарабү апчем күйөөсүнө.

Анча көп өтпөй, атам бастырып келди. Каракоңурунун оозун тартты. Үйдүн түндүгүндөгү турган текени алыстан эле көргөн атамдын жүзүндө эч бир таң калуу байкалбай:

– Мунуңар эмне? — деди ат үстүнөн.

Чекир жездем болгон ишти кыскача баян этти.

– Эми эмне кылган турасыңар? — деди атам суроосун баарыбызга багыштап.

– Коргошун түгөнүп, куюлбай, мылтыгымдын огу жок. Текени жерге түшүрүп, тайгандарды койо берейин деп турам. Жетсе жетип, толорсугун кыркып жиберишет. Анан мүйүздөн алып жыкса болот, — деди жездем оюндагысын айтып.

– Бу жарыктык эмнеге тоого качпай, ойго качты экен. Тоого качканда аска-зоого чыгып кутулуп кетет эле.

– Эки тайган эки жагынан тосуп, өйдөлөтпөй койду. Ошол себептен төмөн көздөй салды көрүнөт.

– Айласы кеткен бечара бизден, адамдардан арга сурап келген жокпу? — деди атам токтоолугунан жазылбай.

Чекир жездем атамды таң кала карады.

– Кайдан жардам сурасын? Айбанаттагы акыл кайда аны ойлогондой, — деди Чекир атамдын айтканына маани бербей.

– Айтканыңа караганда Макемдин үйү жактан качып келиптир. А эмне үчүн анын үйүнө секирип чыкпайт да, ойноп жаткан балдарга карабастан, алардан чоочуркабай, биздин үйдүн үстүнө секирип чыгат? Ушунун бир сыры болуп жүрбөсүн? Чөп оттогон жан-жаныбарлардын баарынын эң биринчи коркунучтуу душманы бул — жырткыч айбандар. Иттер да ошо жырткычтарга кирет. Макемдин үйүнүн үстүнө секирип чыкпаганы ал жерде да иттин жыты бар. Сен тайган кармайсың. Сеникинде да иттин жыты бар. Ошентип бул тоо теке жардам сурап биздикине кайрылган. Эгерде муну азыр мертинтип, этин жесек, кудай алдында мен чоң күнөөгө калам. Азыр эки тайганыңды үйүңө алпарып байлагын да, кайра кел. — Атам ушуну Чекирге буйрук иретинде айтып, анан Мамбеталынын аялына кайрылды: — Үйдө калган итиңер болсо силер да байлагыла.

– Үйдө ит жок. Эки ит тең Мамбеталы менен кой арты-нан кетишкен.

Атам Чекирдин кайнагасы болот. Саарабү апчем кулакка тартылып кеткен атамдын улуу агасы Үмөталы молдонун кызы. Бул бир жагы. Анан атам колхоздун зоотехниги. Кайсы бир даражада Чекир атама көз каранды. Үчүнчүдөн, атам «Абдыш молдо» деп аталган кушчу эллине кадыр-баркы бар адам.

Чекир жездем тайгандарын үйүнө камап, байлап келди. Анан Сары атына минип, узун бакан менен тоо текени соор талаштыра чапты эле, алды менен туурдукка, андан жерге секирип түшту да, шаа мүйүзүн кайкайтып, тоону көздөй зымырап жөнөп берди.

 

ЭЛИКТЕР

1953-жыл.

Бул кезде менин он үч-он төрттөрдөгү кезим. Апам колхоздо саанчы болуп, уйчулардын айылы май айынын аяк ченинде «Кызыл-Таштын» этегине барып конду.

Уй баккандардын бири Үсөке деген адам. Аны «уйчу Үсөке» дегенден көрө «Үсөке мерген» десең эл жакшы тааныйт. Ошо «Кызыл-Таштын» этегине көчүп баргандан бир жума өтпөй, Үсөке мерген:

– Биз менен мергенчиликке барасыңбы? — деп калды. Мен албетте дароо макул болдум.

Бала кезден ар өнөргө шыктуумун: комуз чертем, сүрөт тартам, сурангандар болсо шырдак оюмдарын оюп берем, балдар менен ойногондо алардын чүкөлөрүн бир паста кагып алам, өзүм теңдүү балдар арасында ордо оюнунун чемпионумун, чакан, чабалекей оюндарында дегеле эч кимге уткузбайм…

Ошентип үч адам болуп, таң эртеңден жөнөдүк. Зоотехник болуп иштеген Николай деген орус жигит атын минди. Үсөке карала өгүз минип, мени учкаштырып алды. Үчөөбүздө үч мылтык. Үсөке мерген эски «чып этмесин» менин ийниме асып койду. Мылтыктын кароолу колдон жасалып, сомдолгон бир бүртүк темирди ширетип коюптур болучу. Мен бул мылтыкты мурда да бир нече жолу кармап көргөм. Ал эмес бута да атканбыз. Кай бирде эки-үч чаптырмайын от албаган жаман «адаты» да бар. Анын мага бир тыйынчылык кереги барбы, өзүмчө бир мылтык асынып, анан мына бу атактуу Үсөке мерген менен кошулуп мергенчиликке чыкканыма канчалык сыймыктандым дейсиңер ошондо.

Узун кокту менен жүрүп отуруп, шашке ченде «Орток» тоосунун кайсы бир кайкысына келдик. Белге чыкпай, ат менен өгүздү арчага байлап, өзүбүз кайкынын белин көздөй жөө бастык. Кайкыга жетип-жетпей, Үсөке мерген жерге боору менен жатып, силер да ушинткиле деген белги берди. Ошентип үчөөбүз тең кайкынын белине чейин боорубуз менен жылып өңүп бардык. Үсөке мерген эски дүрбүсүн алып чыгып, кайкыдан ары алыста, жөнөкөй көзгө бүдөмүктөнүп көрүнгөн арчалуу, майда аскалуу бетти карай баштады. Бир саам убакыттан кийин ал дүрбүсүн Николайга сунуп:

– Ме, Николай, сен да карап көрчү. Тээтигинде, кичинекей борчук таштын желкесинде эликтер жатат. Бири чаарчык экен, — деди. Николай дүрбүнү көзүнө кармап, эликтерди көргөнүн айтты. Үсөке мерген сен да карап көр деп дүрбүнү мага берди. Бирок дүрбүгө көнбөгөндүкүбү, мен эликтерди такыр эле көрө албай койдум.

Үсөке мерген менен Николай акылдашып, экөө ошол биз жаткан кайкынын эки жагы менен кетишти.

Үсөке кетээринде:

– Ат менен өгүзгө көз салып тур. Биз, Николай экөөбүз тетиги жаткан эликтердин эки жагынан чыгабыз. Оңуту келип калса атабыз. Эликтердин кача турган оңуту ушу кайкыны көздөй. Кокус ушул жакка качып келе турган болсо, алдынан тороп аткын, — деди.

Тигилердин кеткенине бир топ болду. Алды менен аларды ээрчий карап турдум эле, кийин көзгө да урунбай калышты. Ошентип боортоктоп жатып алып күтүп жатам. Бу мергенчилик дегениң бир тажатма убаракерчилик ко дедим чыдамым кете баштап.

Бир оокумда «чуу» деп атылган «чып этме» мылтыгынын үнү угулгансыды. Башымды өйдө көтөрө коюп, кайкыдан ары жакты карасам, үч элик туптуура эле мени көздөй салып-уруп келатышат. Тетиги алыста Үсөкеби же Николайбы, айтоор бирөөсү колун шилтеп жатат. «Сени көздөй баратат, ат» дегени го. Үсөке берип кеткен үч октун бири менен мылтыкты октоп койгом. Жүрөгүм түрсүлдөп сого баштады. Эликтер жакындагандан жакындап келатышат. Эгерде ушул бойдон түптүз келишсе мени да тебелеп кетише турган. Кароолго алып шыкаалай баштадым. Мылтык оор болуп, кароолго илиндире албадым. Эликтер чукулдап кирип келишти. Чаарчыгы бир аз артта. Атылган мылтык үнүнөн коркуп калган байкуштар мени капарына алып коюшпай, кичинекей даноолорун дердеңдетишип, менин маңдайыма келип калышты. Курокту басып жиберсем, балким он кадам аралыктан бирөөнө тийгизет белем, жазыксыз байкуштарды айоо сезими пайда болдубу же жапайы айбанат менен биринчи жолу бетме-бет кездешип отургандыкыбы, мылтыкты аткандын ордуна башымдагы шапкемди алып, ордуман тура калдым.

Алдыда келаткан чоң элик мага үч кадам жетпей, оң жакка жалт бурулуп, качып жөнөдү. Анын артынан берки экөө да салды. Мен эликтерди кырды ашып кеткенче кызыга карап турдум.

Бир топтон кийин барып Үсөкелер келишти.

– Ой, алдыңа салып берген эликтерди атпаганың кандай? — деди Үсөке кадыресе кызаңдап.

Мен адегенде эмне деп айтарымды билбей, анан мылтыкка шылтоолоп минттим:

– Бир чаптырсам от албай калды. Затворду кайра тартып октогончо эликтер качып кетишти. — Үсөке мерген мылтыгынын сырын билсе керек, айтканыма ишенип калды. Ошону менен бүгүн олжосуз кайттык. Үйгө жакындаганда Үсөке:

– Келе, жанагы окторду. Башка жолку мергенчиликке чыкканда берем. Ок деген опурталдуу болот, — деди. Мен эчтемеден капарым жок үч окту чөнтөгүмдөн алып бердим. Үсөке мерген окторду алаканына салып санагандай болду. Анан учкашып бараткан мага көздөй бурула берди да, кичинекей кыбыңдаган көздөрүн мага жиберип:

– Ой, сен аттым деп калп айткан турбайсыңбы? Затвор — ду чаптырганың чын болсо жезинде тагы калбайт беле. Сага үч ок берди элем, үчөө тең таза бойдон го? — десе болобу. Уятымдан унчуга албай калдым.

Үсөке мергендин бизге тууганчылык жайы бар. Тескейлүү чылпак уруусунан. Ал бир жагы тамаша, бир жагы чыны менен эле минтти:

– А-а, айланайын, сенден мерген чыкпайт экен.

Үсөке өзү тамашөкөй киши болучу. Мен бар жерде эл арасында мени көрсөтүп:

– Мына мунун жүрөктүүлүгүн ушундан билгиле. Корк-конунан мылтыгын жерге таштай коюп, эликтерди шапкесин булгалап качырбадыбы, — деп көпкө тамашалап жүрдү.

Балким Үсөке мерген ойносо да оюндагысын айтып жаткандыр. Анын түшүнүгү боюнча мен апкаарып калып, мылтыкты ата албай калгандай көрүнгөм го. Ал кандай ойлосо ошондой ойлой берсин, ошондо мылтыктан ок чыгарбаганым жакшы эле болгон экен дейм азыр. Кокус ошондо эликтин бирин атып алганымда, андан ары ышкыбоздугум артып, мергенчи болуп кетет белем. Анткенимде Үсөке мергенге окшоп, жазыгы жок айбанаттардын неченин кырмакмын. Үсөке мерген өзү мага айтып бергендей «оңко» тургузмакмын. («Оңко» тургузуу дегендин мааниси мындай экен: мерген аткан миңинчи кайберен чочоюп отуруп калат имиш).

Кайберендердин каргышы тийиппи, Үсөкенин балдары биринин артынан бири өлүп, алтымыш менен жетимиштин арасында кемпири экөө бир күндө каза табышып, жерге коюлушканын кийин айылдагылардан уктум. Ага кайбе-рендердин каргышы тийген жокпу, ия?

1975-жыл

 

КЕКИЛИК

Бир жолу Үсөкенин эски «чып этмесин» алып, кекилик атып келмек болуп, «Кызыл-Таштын» бетине чыктым.

Үйдөн чыгарда апам:

– Он үчтөгү сен эмес, кекилик дегенди мергендин мергени да оңойлук менен ата албайт. Тимеле бир убаракерчилик да сеники, — десе, ошо биздин уйчулардын биринин келини шаңкылдап күлүп:

– Апа, уулуңуз кекилик атып келсе чийки жеп берем, — деп шылдыңдаса болобу. Апам менен тиги жаш келиндин минтишкени менин намысымды аябай келтирди. «Силерди элеби, шашпагыла!» — деп өзүмчө кекенип калдым.

Мергенчиликтен түш оой кайттым. Үйгө келгенде апам колумдагы өлгөн кекиликти көрүп:

– Оп, балакетиңди алайын. Мергенчи болот экенсиң. Үсөкени тартат экенсиң, — деп алкап кирди. Аңгыча алиги коңшу келин да келип:

– Апе-ей! Ой, чын эле сен атып келдиңби? — деди таңыр-кап.

– Чийки жебейсиңби? — дедим анын кырына чыгып.

– Жейм эле. Жебегенде эмне. Жүнүн жулуп даярдап койчу, — деди шаңкылдаган неме.

Уйлар жайыттан келип, апамдар уй сааганы кетишти. Аңгыча Үсөке мерген биздикине кирип калды.

– Ой, кекилик атып келдиңби? Бая күнү алдыңа салып берген тоодой болгон эликтерди ата алган жок элең. Муну кантип атып алдың?

Үсөке мерген кекиликти бутунан кармап өйдө кылып, айландырып карап көрүп, анан кичинекей куу көздөрүн кыбыңдатып минтип сурады:

– Жемсөөсү жарылып кеткени болбосо ок тийген жери билинбейт ко. Таш менен уруп алгансың го дейм.

Мен эмне дээримди билбей, бир азга мукактанып кал-дым. Анан чынымды айтып бердим.

Кекиликтен жолум болбой, бир жагынан мылтык ийнимден басып, аябай чарчап, айылды көздөй келаткам. Аң-гыча алдымдагы соройгон таштан бир кекиликти көрө койдум. Кудай берди деп ичимден кымылдап, мылтыгымды ийнимден чыгара баштадым. Кекилик мени көрдүбү же көргөн жокпу анысын билбейм. Аралыгыбыз ашып кетсе отуз эле кадамдай. Ушиерден кайра таң калдым. Эртеден бери бардык аракетимди жасап, өңүп жүрсөм да кекиликтер мени ченине жолотушпай койду эле. Мен мылтыкты ийнимден алып, кароолго ала баштадым. Аңгыча кекилик отурган ордунан жалт берип, так эле мени көздөй жанталаша жөрмөлөп жөнөдү. Жөн отуруп бергенде чабал колдорум мылтыкты көтөрө албай кекиликти кароолго илиндире албай жаттым эле, ал жөрмөлөп жөнөгөндө кароолдон такыр эле жоготуп койдум. Кекилик токтобостон канаттарын каккылай, жан далбастап мени көздөй салып-уруп келатат. Аңгыча шуу деген добуш чыгып, асмандан аткан октой ак-боз куш келип бир тийди да, кайрадан асманга атып чыгып кетти. Менден он чакты кадам нарыта жүнү бырпырап, канаттарын солгун серпип, кекилик жатып калды. Мен анын жанына басып бардым. Жемсөөсүн жара тээптир. Асманга көз чаптырдым. Май айынын ачык асманынын алдында, тээ бийиктикте, эки ак-боз куш көзгө бүдөмүк көрүнүп айланып учуп жүрүшүптүр.

Мына ушуларды төкпөй-чачпай Үсөке мергенге айттым эле, ал колундагы кекиликти нары таштап койду да, мына буларды айтып берди:

– Жанагы айтканың ителги деген куш. Бу байкуш ошо ителгиден коркуп, ал качырып сала бергенде жан-соогалап сени көздөй качкан турбайбы. Бирок ителги кекиликти сага жеткизбей тээп кетиптир. Сага буйрук экен.

– А эмне үчүн ителги менден корккон жок?

– Ал бир качырып сала берсе көздөгөн нерсесине барып тиймейин кайтпаган кыраан куш. Ал балким, кекилик сага келип коргологон күндө да, качырып келип бир тийип, сенин бир жериңди айрый тепмек.

– Демек кекилик ителгиден коркконунан мага корголоюн деген экен да?

– Ооба. Жырткыч куштар кекиликтин эзелтен берки душманы. Болгондо да эң коркунучтуу душманы. Кайсы айбанатты албагын жанына күч келгенде адамга корголойт, ошону эш тутат. Кар оор түшүп, кыш катуу болгондо кекилик, чилдер топ-тобу менен айыл ичине келип калган учурларды өзүң деле көрүп жүрсөң керек. Жем таппай ачка болгонунан ошентишет да.

Мен оозун бир аз ачып, көзүн жуумп өлүп жаткан кеки-ликти карап туруп ойго кеттим: “Ансыз да душманыңар көп экен. Алар аз келгенсип биз, адамдар да сенин бир үзүм этиңден казы алып кете тургансып, мылтык менен атып, куш менен алдырып, тузакка илиндиребиз. Жок. Мындан кийин силерге тийбейм. Жанагинтип башыңарга мүшкүл түшкөндө гана кайрылбай, бардык убакта келе бергиле. Мындан ары силер менин досумсуңар. Мен силерге тийбейм, түк тийбейм!

1975-жыл

 

ЧӨНДӨЛӨЙ

Уйчулардын айылы июндун аяк ченинде «Жер-Үй» жайлоосунун чоң түзүнө барып конду.

Бир жолу Үсөке мерген суурларга капканды кантип саларын көрсөтөм деп, мени атына учкаштырып алды. Бир жаактуу бир нече капканын жипке тизип, канжыгасына шагыратып байлап койду. Жетер жерибизге жетип, аттан түшүп, Үсөке жүндөрү сары тарткан чоң суурлар кирген ийиндердин кире беришин чуңкурайта казып, жаагы ачылган капканды ошол жерге чөгөрүп, үстүн жукалап жалбырак-жулбурак, кургак топурак себелеп, чынжырынын бир учу бекитилген шиш темир казыкты сыртка кагып койду. Ошентип беш-алты капканын салып, кайра үйгө тарттык. Эртесинде кайра барсак үч суур капканга түшүптүр. Үсөке аларды ошол эле жерден союп, терилерин сыйрып, учталган ичке жыгачтарга төйнөй керип койду.

Үсөке мерген суурду зым тузак менен да кармаса боло турганын айткан. Мен комуз чертип, комузга окшош деп орустун үч зым кылдуу балалайкасын да саттырып алып, кыңгыратып жүрчүмүн. Ошонун бир кылын чыгарып, анын бир жак учун ичкерээк арча казыкчага байлап, Үсөке капкан салган жерге бардым. Мен жакындаганда Үсөкенин капканына түшкөн ийиндин жанында суурдун чөндөлөйү мени көрүп, ийинге кире качты. Ошол ийиндин чыга беришине зым тузагымды салып, казыгын кагып, кетип калдым. Эртесинде чоң шашке ченде баягы ийиндин жанына жакындап келдим. Кечээги чөндөлөй эчтеме болбогонсуп, жалгыз оттоп жүрөт. «Эмне үчүн зым тузакка илинбей калды экен?» деген ойго кетип, өңүп барган жеримден тура калып, чөндөлөйдү коркутуп чуу салдым. Энесиз калган чөндөлөй, бадыраңдай чуркап, ийинине кире берип эле «чарр» дей түштү. Көрсө суурлар ийиндеринен чыкканда, тышта коркунуч жокпу дегенсип, акырын кылдат кадам ташташат ко. Бу чөндөлөй да зым тузакка тийбестен, тышка чыккан көрүнөт. Азыр болсо менден коркуп кире качканда алдыңкы бир жак буту, анан мойнунан илиниптир. Мен адегенде аябай кубанып кеттим. Казыкты акырын суу-руп, чөндөлөйдү бери көздөй тарттым. Ал кыркырай үнүн чыгарып, ийинди көздөй кетенчиктеди. Тырмактай болуп туруп алып, тырышып күчүн кара. Күч менен тартып, аны тышка сүйрөп чыгардым. Чыгарарын чыгарып, бирок эмне кыларымды билбедим. Бир билгеним, чөндөлөйдү өлтүрүп, анан Үсөке мергенче терисин сыйрып алышым керек. «Өлтүрүү» дегенге келгенде ойлоно түштүм. Өмүрүмдө жапайы айбанат дегендин деги бирин өлтүрүп көргөн жан эмесмин. Өлтүргөн күндө да, бычагым жок анын терисин кантип сыйрымакмын? Ошентсе да чөндөлөйдү сүйрөп тышка чыгардым. Бечаранын капкара көздөрү жылтырап тостойот. Зым тузакка бир жак буту кошо илингени жакшы болгон экен, жалаң мойнунан илинсе, муунуп деле өлмөк көрүнөт. Эмне кыларымды билбей, бир азга ойлоно түштүм. Кыркыраган чөндөлөйгө боорум ооруду. Анан эле Үсөкенин «Чөндөлөйлөрдүн терисин өкмөт албайт. Алардын терилери эчтемеге жарабайт» деп айтканы эсиме түшө калып, бул бечараны өлтүрүп эмне кылам деген ой биринчи жолу башыма келди. Эми мен чөндөлөйдү тузактан бошотмок болдум. Бирок кантип бошотушум керек? Зым кылтакты бошотуп, башынан сыйрып алуу керек. Артты көздөй тартылып, чөндөлөйдүн зым тузактан чыга турган дегеле түрү жок. Эмне кыларымды билбей, айлам кете баш-тады. Мен бери тартсам, чөндөлөй нары тартып, акыры муунуп болсо да өлөрүн түшүнүп, аны өзүмө жакындатып тартып, сол бутум менен жонунан жерге жапшыра басып, казыкты зымдан чыгарып, илмектен өткөрүп, зым кылды чөндөлөйдүн астынан сууруп алдым да, баскан бутумду бошоттум. Чөндөлөй артына бурулуп, ийнине кире качты.

Анын эртесинде баягы жерге өңүп келип, чөндөлөйдүн эчтеме менен иши жок, беймарал оттоп жүргөнүн көрүп, өзүмчө ыраазы болуп калдым.

2008-жыл

 

ТОРГОЙ

Бала кезим. Сегизден өтүп, тогузга карагам. Жайлоодобуз. Суусамыр жайлоосу. Бир жолу атам:

– Фрунзеден чоң манасчы келиптир. Жылкы ферма Шабданбектердин айылына эл чогулат экен. Жайсаң жайытында. Ошол жерде манасчы «Манас» айтат экен. Экөөбүз барабыз. Манасчыны көрсөтүп келем,-деп калды.

Атамдын мингени өзүнүн Каракоңуру, мени өзүмчө кунанга мингизди. Жаңы үйрөтүлгөнү менен кунан жоош болучу. Ошентип атам экөөбүз жөнөп калдык.

Атам жарыктык башын салып, дамамат ойлуу жүрөр эле. Бейчеки көп сүйлөбөгөн киши болучу. Мага мындай жүр, тигиндей жүр деп акылын таңуулачы эмес. Көзү өткөнчө атамдын мага карата акарат айтып, бир да жолу урушканы эсимде жок.

Мен атам менен өз апам кыргыз кызы Субайда баш кошкондон жети-сегиз жылдан кийин барып бул дүйнөгө келиптирмин. Мен төрөлгөндө атам кырк сегизде, апам жыйырма жетилерде экен. Мен үч жашка чыкканымда апам экинчи төрөттөн каза таап, атам элүү жашында жыйырма жаштагы меркилик Үкүгүл аттуу казак кызына үйлөнүптүр.

Ошентип атам экөөбүз жанаша бастырып баратабыз. Балыктыдан төмөн түшүп, Суусамыр суусун кечип өтүп, тескей жактагы Жайсаң жайытын көздөй салдык. Шамал жүрбөй, күн мемиреп жылуу. Суусамыр суусунун шарынан алыстап, айланада бейкутчулук.

Бир кырды аша бергенде алдыбыздан итапкан жерди ээлеген түзөң тартыла берди. Мен атамдан бир аз артта калып бастырып бараткам. Аңгыча эле алды жагыбыздан торгойду кууп учкан бир кушту көрө койдум. Торгой канаттарын тыпырата каккылап жанталашат. Кууган куш мына жетип илип кетерде, байкуш торгой келип эле эки өңүрү ачылган атамдын чапанынын арасына кире качты. Куш атамдын тебетейин аз жерден жулуп кетпей, кайкып учуп кетти. Атам койнундагы торгойду алып, мага сунуп:

– Ме, шилекейлешип достошкула, — деп анын тумшугун менин оозума жакындатты. Торгойдун тумшугун эринде-римдин арасына киргизип, шилекейлеп койдум.

– Мына, бул торгой экөөңөр акыреттик дос болдуңар. Бар эми байкуш, жагалмайдын тырмагына илинбей, бир өлүмдөн калдың, — деп атам торгойду учуруп жиберди.

Ошондо жаш баламын да, атамдын ошондогу «акыр-еттик дос болдуңар» дегенине маани берген эмесмин. Кийин билсем, тиги дүйнөгө өтүп, сурак жүргүзүлгөндө торгой келип, мага жакшылык кылды эле деп күбөгө өтөт дейт. Ошондо көп күнөөң болсо жеңилдетип, аз күнөөң болсо Алла Талам баарын кечирет экен…

Биз Шабданбектердин айылына жеткенде эл кадыресе чогулуп калыптыр. Боз үйдөн берирээк бийиктетилген төшөктө кара топу кийген манасчы отурат. Башынан тааныган-тааныбаганын билбейм, атам барып манасчы менен кол берип учурашты. Мага окшогон майда балдар манасчынын так эле маңдайынан орун алдык. Чоңдор артка отурушту. Туруп турганы, атчандары да бар.

Муруту салаңдаган томолок мүчөл адам “Манасын” айта баштады. Колдорун ар кандай кыймылдарга келтирип, улам кызыгандан кызый берди. Эмне жөнүндө айтып жатканы мага түшүнүксүз болучу. Эсимде калганы, мен да манасчыны туурап колдорумду ошого окшотуп кыймылдатып отургам.

Кайра тарткан жолдо:

– Саякбай манасчы деген ушу болот, — деген атам кыскача гана.

Эгерде Саякбай манасчы болбогондо жагалмайдан качкан торгой, атамдын койнуна кире качканын көрөт белем да, аны менен акыреттик дос болот белем-болбойт белем, ким билет?

Мен ушул саптарды жазып жатканда жетимиштин кырына келип калган чагым. Биз, кыргыздар, көбүн эсе жазуучу-акындар, тил жана адабият боюнча окумуштуулар «Манас, Манас» эле деп күпүлдөй беребиз. Бирок эпостон бир сап билбейбиз. Биз Манасты кыргыздын пайгамбары катары кабыл алышыбыз керек. Куран окуган сыяктуу эле, «Манас» эпосунан бир үзүндүнү жаттап алып, ылайыгы келе калган жерлерде айта жүрүшүбүз керек. Мен Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы «Манас» эпосунан «Манас менен Коңурбайдын сайышы» деген жерин жаттап алып, айтып жүрөм. Концертимдин көркүнө көрк кошуп турат.

30.04.2008

 

ТЫЙЫН ЧЫЧКАН

Аялым, беш жаштагы небере кызым Бегимай болуп дачага бардык.

– Ата, үйдүн эшигин ачып берчи. Мен куурчактарым жана оюнчуктарым салынган пакетимди коюп койоюн, — деди Бегимай. Үйдүн эшигин ачып, бакты аралап жүргөн аялымды көздөй бастым.

Аңгыча эле Бегимай:

– Ата, ата, бери келсең, — деп эле чебеленип калды. «Эмне болду?» деп аны карап туруп, анан жанына басып бардым.

– Үйдө тыйын чычкан уктап жатат, — деди Бегимай анын жанына барганымда.

«Уктап жатканы эмнеси?» деп, босогону аттап, далиске кирдим. Чын эле мештин түбүндө сол капталынан түшүп, көздөрү жумулуу, куйругу түйүлүп келишкен тыйын чычкан жатат. Көз салсам, дем алганы билинбей, кабырылган ичи кыймылсыз. Өлүп калганын баамдадым.

– Ата, эмне үчүн бу тыйын чычкан ойгонбойт. А биздин турганыбыз качан. Ал туруп эмнеге тамак ичпейт? — деди Бегимай.

– Ойгонот. Үшүп калган турбайбы. Мен муну сыртка алып чыгып, күн чубакка жаткызып койоюн. Анан күнгө жылынып өзү ойгонот, — дедим тыйын чычкандын өлгөнүн Бегимай билбей эле койсун деп.

Тыйын чычкандын үстүнө чүпүрөк жаап, колума алдым да, Бегимайды ээрчитип алып, бактын күн тийген бурчуна алпарып, жерге жаткызып, башын гана чыгарып, чүпүрөктү жапкан бойдон калтырдым. Бегимай үйгө кирип, куурчактары менен ойноп жатканда, бир жерди чуңкурайта казып, тыйын чычканды көөмп таштадым. Үстүн жапкан чүпүрөктү ошол жерге калтырдым. Түшкү тамакты ичкенден кийин:

– Беги, барып карап келчи. Тыйын чычкан ойгонду бекен? — дедим.

– Чүпүрөк калып, өзү жок. Ойгонуп туруп кетсе керек, — деп келди Бегимай.

Биз аялым экөөбүз бак ичинде бирдемелер менен алектенип жүргөндө:

– Ата, ата! Тыйын чычкан! Жанагы тыйын чычкан даракка чыгып ойноп жүрөт, — деген Бегимайдын кубанган үнүн уктум.

Бегимайдын башка тыйын чычкан көргөнүн ичимден баамдап, өзүм да Бегимайдан бетер ыраазы болуп калдым.

«Тыйын чычкан үйдө кантип камалып калды экен?» деген суроону аялым экөөбүз талкуулап, мындай жыйынтыкка келдик. Терезенин айнектери бүтүн, форточкалары жабык. Мурдагы жуманын ишемби күнү келгенибизде үйдүн эшигин ачып, аялым экөөбүз бакчанын ичинде бирдемелер менен алектенип, үйгө деле кирген эмеспиз. Анан бир оокумда эле катуу шамал жүрүп, арты жамгыр менен коштолду. Үйгө кирбей, ачык турган эшикти жаба салып кулпулап, машинаны айдаган бойдон шаарга жөнөп кеткенбиз. Тыйын чычкан ачык турган эшиктен кирген көрүнөт да, ошо бойдон бекилип калыптыр.

1.05.2008

 

КАРГА

Жай мезгили. Күн жылуу. Чолок шымчан, жеңил футболка кийип, өзүмчө магдырап, сейил бактын кең аллеясы менен кетип бараткам. Аңгыча эле баш кийимсиз так төбөмө катуу нерсе урулуп, оңбогондой эле ооруп калды. Төбөмө тийген ошол тоголок нерсе асфальт бетине урунуп, тоголонуп жүрүп отуруп, бир жерге барып токтоду. «Муну мени көздөй ким ыргытты?» деп токтоп, айланама көз жибердим. Жакын жерде эч ким көрүнбөйт. Аңгыча менин үстүмдөн учуп өтүп бараткан ала карга калдактап кайрылып, жерге конду да, алиги тоголок нерсени илип алып, кайра учуп жөнөдү. Мен эмне кылар экен деп, кара жыгачтын түбүнө кыймылсыз туруп калдым. Карга көкөлөй учуп, менин жаныма келгенде баягы оозундагысын жерге таштады. Асфальт бетине келип бир тийип, ошол нерсе дагы бир топко чейин тоголонуп барып токтоду. Карга конуп чокуп алып, көкөлөп учуп, тиги нерсени жерге дагы таштады. Карга мунусун дагы эки жолу кайталады. Карганын кайталама бул иши эми мени көп кызыктырбай, дагы бир жолу таштаганда, аны барып колума алып карадым. Кабыгы менен карайып катып калган мен атын билбеген жаңгакка окшогон жапайы жемиштин бир түрү экен. Карганын асмандын жети кабат түбүнөн таштаса да жарылбаган бул нерсени таштын үстүнө коюп, таш менен ургулап жатып, араң зорго дегенде чактым. Ичинде өрүктүкүнө окшогон данеги бар экен. Анысы да катуу. Таш менен аны да бөлүп-бөлүп, бир бүртүгүн оозума салып чайнасам ачуу экен. Данекти кабыгы менен асфальт жолдун чекесине коюп койдум. Кечээги каргабы же башкасы жегенби, эртесинде карасам кабыгы калып, данек жок.

Ушул көрүнүштөн кийин куштар ичинен карганы акылдуу дешкенине кадыресе ишенип калдым.

30.04.2008

 

ТЕНТЕК КОЗУЛАР

«Кудайды сыйла, бирок өз уятыңдан корк!»

1952-жыл.

Май айы ортолоп калганда эки үй Кулаган-Таштын башына барып кондук: сакалды уруусунан Мамбеталы менен биздики. Мамбеталы колхоздун бир короо коюн багат, атам колхоздун кой ферма башчысы.

Ал кезде кой саалчу. Эртең менен козулар бөлүнүп алынып калып, үйдөн обочо жайылып, бешим ченде кой жа-йыттан айдалып келип, короого имерилип, маарап козуларын издеген койлор бирден кармалып саалчу. Койлор саалып бүттү деген кабар келгенде, козулары кое берилет да, жамыраган козулар койлор менен кошулуп, кой-козулардын маарагандары аралашып, өзүнчө эле чуу чыгып калат.

Бир жолу бөлүнгөн козуларды Абдылда экөөбүз кайтарып чыктык. Ал Мамбеталынын алты эркек баласынын бешинчиси: Айталы, Айткул, Мүнүр, Сакимбай, Абдылда, Жуман. Абдылда экөөбүз бир класста окуйбуз. Ал олбурлуу, менден бир топ кырдуу чоң бала.

Козулар түшкө чейин короодо жатып, түш оой аларды Чоң-Чычкан суусун бойлото төмөндөтө айдап келдик. Козулар анчалык оттуга элек. Бирин-серини гана чөп искегени болбосо, алардын көбү жуушап жатышат же секиришип ойногон тентек козулар. Күн түштөн ооп кетти. Абдылда экөөбүз майка-трусыйыбыз жок, жалаң көйнөк, шымдарыбызды чечип таштап, дырдай жылаңач суунун чекесине түшүп, ойной баштадык. Анда он-эки-он үчтөрдөбүз.

Бир оокумда үй тараптан койлордун маараганы угулуп калды. «И-и, койлорду сааганга айдап келишкен экен» дедик. Аңгыча эле козулардын чекесинде турган козу адегенде маарап, анан эле ошо маараган бойдон үй жакты көздөй так секирип эле жөнөсө болобу. Анын артынан башка козулар да салды.

– Абдылда! Жамыраттык! — деп бир кыйкырып алып, козуларды кайрууга энеден туума жыпжылаңач бойдон чуркап жөнөдүм. Караташты кайрый аласыңбы, бир жамырап алган козуларды? Ошо жылаңач бойдон козулар менен аралашып, ийрилген койлордун арасына кирип бардым. Жылаңач экеним да унутулуп, койлордун арасында турган бойдон каңырыгым түтөп, көздөрүмө жаш айланды. Анан отура калып, бетимди эки колум менен жаап, өксүп ыйлап жибердим.

Аңгыча Макем (Мамбеталы) жаныма келип, ийниме кара шири колун коюп:

– Тур, турагой. Эмне ыйлап жатасың? — деди үнүн эркелете чыгарып.

– Козуларды жамыратып? — дедим болуктап.

– Эчтеке эмес. Кичине нараак жайсаңар болмок. Койлордун үнүн уккан ачка козулар турабы? Бир күн сүтсүз калсак эчтеме болбойт. Бар. Баргын да, кийимдериңди кийип кел, — деди.

Мен жылаңач экенимди эми гана билип, жан жеримди колдорум менен калкалаган болуп, кой четин көздөй басып баратып, жан-жагыма көз салдым. Абдылданын апасы менен эки жеңеси, казак апам менен кой саашам деп келген Турсун жеңемди байкадым. Кой четине чыга берип эле, тызылдап чуркаган бойдон жөнөдүм.

Бир топ баргандан кийин алдымдан Абдылда чыкты. Ал кийинип, менин көйнөк-шымымды колтугуна кыстарып алыптыр. Жылаңач турган мени көрүп, Абдылда кыт-кыт күлөт:

– Ой, Казак, уялсаң боло. Ушу бойдон кантип көрүндүң үй жактагыларга?

Мен эчтеме дебей кийинип, анан Абдылда экөөбүз үйдү көздөй жөнөдүк.

– Абдылда, козуларды жамыратып жиберип, экөөбүз ит-тей эле уят болдук, — дедим башымды салып.

– А козуларды кууп, сенин жылаңач барганың эмне, уят эмеспи? — деди Абдылда…

Андан бери нечен жылдар артта калды. Абдылданын көзү эртелеп, элүү менен алтымыштын ортосунда жумулуп кетти. Мен азыр жетимиш эки жаштын тамагын ичип жатам. Эсирип калган чагымда аялзаттарына жылаңач көрүнгөн уятыма караганда, козуларды жамыратып жиберген уятым өйдө турганын азыр да мойнума алам.

Уят туурасында кыргызда көптөгөн макал кептер бар. Маселен: «Уят өлүмдөн катуу», «Уятсыздын бети калың», «Уятсызга кашык салсаң беш ууртайт» ж.б. Ал эми мен уят туурасында төмөнкүлөрдү кошумчалаар элем: «Уяттуу улуу тоого чыгат», «Уяты бар урматка бөлөнөт», «Уяттуу убадасын бузбайт».

Кудай өзү кечирсин, мен: «Кудайды сыйла, бирок өз уятыңдан корк» деген лозунг (чакырык) менен жашап келем.

Улуулуктун улуу касиети-уяттуулук.

2009-жыл

 

КҮЧҮК

«Жаныбарлардын эң жырткычы — адам»

Эл сөзү

Нурлан он бирде, Айдар алтыда. Ал экөө бир тууган агаинилер. Урушуп-талашпай, ынтымактуу. Айдар жомок укканды жакшы көрөт. Нурлан окуган жомокторду ал кызыгуу менен угат. Бир жолу агасы Айдарга ит жөнүндөгү жомокту айтып берди.

Качандыр бир кезде ит жапайы болгон экен. Ал бир күнү өзүнө ишенимдүү дос издеп жөнөйт. Адегенде койонду кезиктирет. Ал экөө достошот. Түн киргенде ит адатынча үрө баштайт. Анда койон калтыраган үнү менен: «Сен эмнеге үрүп жатасың. Үрбө. Үргөнүңдү угуп, түлкү келип экөөбүздү тең жеп койот» дейт. Ит ичинен нааразы болуп: «А-а, койон, сен көрсө коркок турбайсыңбы? Сен мага ишенимдүү дос боло албайт экенсиң» дейт да түлкүнү издеп табат. Ал экөө достошот. Түн киргенде ит үрө баштайт. Анда түлкү: «Эмнеге үрүп жатасың? Карышкыр угуп келет да, экөөбүздү тең жейт» дейт. Ит карышкырды издеп табат. Ал экөө достошот. Карышкыр түн ичинде үрүп жаткан итке келип: «Эмнеге үрүп жатасың? Аюу угат да, келип экөөбүздү тең жеп койот» дейт. Ит аюуну издеп табат. Ал экөө достошот. Түн ичинде иттин үрүп жатканын уккан аюу: «Сен эмнеге үрүп жатасың. Киши угат да, келип экөөбүздү тең өлтүрөт» дейт. Ит андан ары жөнөп, кишини табат. Ал экөө достошот. Түн киргенде ит адатынча үрө баштайт. Киши төшөгүнөн туруп келип, итке жайма-жайынан:

«Сен эмнеге жөнү жок үрүп жатасың? Минткениң болбойт. Күчүңдү башка пайдалуу ишке сакта» дейт да, барып уктоого кайра жатып алат. «О! Көрсө, киши эчтемеден коркпойт турбайбы? Ал пайдалуу иш жөнүндө ойлойт тура. Ал мага эң ишенимдүү дос боло алат экен» деп ит аябай кубанат. Ошодон баштап ит киши менен жашап калыптыр.

Бул жомокко Нурлан буларды кошумчалады:

– Мына, көрдүңбү, Айдар, Ит адамдын эң ишенимдүү досу, а сен болсо иттен коркосуң. Ит деген койлорду карышкырдан сактайт. Ууру-кескилерди кармаганга жардам берет. Чек арачылар менен бирдикте биздин чек араны коргойт. А сен болсо каап алат деп иттен коркосуң.

Ушул жомоктон кийин Айдар ит менен достошмок болду. Ал өздөрү жашап жаткан беш кабат тамдын биринчи кабатындагы подвалда жашап жаткан күчүктү эсине түшүрдү.

Кайсы бир күнү Айдар атасы менен балдар бакчасына жөнөп калды. Алар эң ылдыйкы кабатка түшүп, подөездден чыга бергенде папкесин унутуп калган атасы кайрадан төртүнчү кабатка көтөрүлүп кетти. Айдар жалгыз калды. Анан эле подвалдан барак күчүк чыга калды. Муну күтпөгөн Айдар: «Ой, ит!» деп бакырып жиберди. Күчүк да кый-кырыктан коркуп, подвалга кире качты. Атасы келип, көз-дөрү мөлтүлдөгөн жашка толгон Айдарды көрүп:

– Эмне болду? — деди чоочулап.

– Ит, — деди Айдар угулар-угулбас, подвалды көрсөтө берип.

– Эмне болгон ит? — деп атасы адегенде сурап, анан иштин жайын түшүнүп, жылмайды. — Ал ит эмес, ал деген күчүк.

– Ооба сага, ит эмес. Ал азыр мени каап ала таштады.

– Жок, уулум, ал каппайт. Ал балким сенден бирдеме үмүт кылса керек жегенге. А сен болсо жөн эле коркуп кеткенсиң.

Ушундай болгон…

Агасы Нурландын жомогунан кийин Айдар: «Иттен мен эле корксом керек. А эмне үчүн менин досторум Дамир, Света, Андрюшкалар коркушпайт» деп ичинен ойлонуп калды.

Ал:

– Нурлан, а эмне үчүн күчүк Дамирге да, Светага да, Андрюшага да тийбейт, — деп сурады.

– Эх, Айдарчик! Күчүктөн сен деле коркпой эле кой. Ал сени түк да каппайт. Ишенбесең жүрсөң подвалга. Мен аны колума алып көрсөтөм. Аны сен колуң менен сылап эрке-летесиң. Ал сени каппайт.

Айдар өзүнүн агасы Нурландын сөзүнө ишенер-ишен-бесин билбеди. Анткен менен ал Нурланды ээрчип жөнөдү. Подвалга келип Нурлан:

– Шарик, Шарик, — деп күчүктү чакыра баштады.

Күчүктүн башы подвалдан көрүндү. Айдар эрксизден кетенчиктеп, дубалга жөлөндү. Күчүк подвалдан чыгып, Нурландын буттарын жыттап, кичинекей куйругун булгалады. Анын жылтыраган көздөрү бирдеме сурагансыды. Нурлан чөнтөгүнөн бир сындырым нанды алып чыгып, жерге койду. Кичине ыркыраган үн чыгарып, күчүк нанды баса калды. Нанды жеп болгондон кийин Нурлан күчүктү колуна алып:

– Көрдүңбү, ал каппайт. Ме, кармап көр!

Айдар артына жылып, көчөгө чуркап чыкты.

– Жүрөгү жок! Коркок! Бар үйгө. Күчүк менен өзүм эле ойнойм, — деп ачууланып, Нурлан күчүк менен аллеяга чыгып, куушуп ойной баштады. Айдар да күчүк менен ойногусу келди. Бирок ошого эрки жетпей, эски ийри-буйру кара жыгачты сүйөнүп, Нурлан менен күчүктү кызыга карап турду. Алар тыяк-быякка чуркашты, күчүк кыңшылап Нурландын артынан калбады. Айдар менен катарлаша калганда күчүк эмнегедир токтой калды да, эки арткы аягына туруп, алдыңкы эки буту менен Айдардын тизесине сүйөндү. Айдар эмне кыларын билбей, көздөрүн алаңдатып, эки колу менен бетин жапты.

Нурлан жакындап келип:

– Коркок, ал деген тийбейт. Күчүктү сыла, эчтеке бол-бойт, — деди.

Айдар кичине болсо да кайрат алып, колу менен абай-лап, күчүктүн мойнунан сылады. Күчүк кубангансып, куй-ругун булгалап, жылуу тили менен Айдардын колун жалап да жиберди.

– Эми күчүк менен өзүң ойно. Мен үйгө барып сабак-тарга даярданайын, — деп Нурлан подөездке кирип кетти.

Айдар менен күчүктүн достугу мына ушинтип баштал-ды. Айдар күчүккө нан жана эт берип жүрдү. Ал эмес момпосуюнан бөлүштү. Балдар бакчасынан кайтып келатып, энесинин айтканына карабай, ал күчүк менен дароо ойной баштачу. Ал эмес, кай бирде күчүктү төртүнчү кабатка чейин ээрчитип алчу болду. Күчүк Айдарга аябай үйүр алып кетти. Анын подвалда жашагысы келбей, көп убакта төртүнчү кабаттагы үйдүн эшигинин алдында бүрүшүп жатып, түнөп чыкчу болду. Анткени эртең менен көзүн ачар менен Айдар ага тамак берерин күчүк жакшы билчү.

Кыштын ачык күндөрүнүн биринде Айдар үйдүн астындагы аллеяда күчүк менен куушуп ойноп жаткан. Аңгыча подөездден чыккан адам түптүз эле аларды көздөй келатты. Адамдын колунда чака менен шыпыргы бар болучу. Айдар бул адамды тааныды — ал үйдүн подөезддерин шыпырып тазалачу. Ал подөездди эң жогорку кабаттан баштап тазалап кирчү. Бул адам ишин бир да үн чыгарбай аткарчу. Ушунча болуп, Айдар анын үнүн бир да жолу уккан эмес.

Подөездди тазалоочу күчүккө жакындап келип, ага суук көздөрүн тигип:

– У-у, подөездди дагы булгадыңбы? — деп киркиреди.

Айдар тигинин эмне деп жатканына түшүнбөй:

– Күчүктү колуңузга кармап көрүңүз. Коркпоңуз. Ал каппайт. Ал абдан жакшы күчүк.

Подөездди тазалоочу башка эчтеме дебей, артына бурулду да, кийинки подөездке кирип кетти.

Ал эми бала менен күчүктүн достугу күн санап күч ала берди.

Бир жолу кышында, жерге жаңы кар түшкөндө Айдар апасына үйдү жыйнашууга жардам берип жатып, тыштан күчүктүн кыңшылаганын угуп калды. Төртүнчү кабаттан дикилдеп чуркап түшүп, сыртка атып эле чыкты.

Башын салаңдатып, күчүктүн эки арткы бутунан кармаган подөездди тазалоочу ийри кара жыгачты көздөй басып баратты. Айдар тигинин эмне кылып жатканын түшүнгөн жок. Делдейип туруп калды. Тигил адам кара жыгачтын жанына барды да, күчүнүн болушунча күчүктүн башы менен кара жыгачты бир чапты. Күчүк кыңк деген үн чыгарды. Экинчи жолу чапты. Бу саам күчүктөн үн чыккан жок. Адам күчүктү кара жыгачтын түбүнө таштай берип:

– Болду. Мындан ары подөезди булгабайсың, — деп, киркиреген үн чыгарып, дегеле эчтеме болбогонсуп, бейкапар күчүктөн оолактай берди.

Күчүктүн оозунан кан чубуруп, аппак карды кызартып агып жатты. Эчтемени түшүнбөгөн Айдар, кыймылсыз жаткан күчүктү жаш толгон көздөрү менен бир азга карап турду да, анан тез бурулуп, эсин жоготкондой чуркап эле жөнөдү. Күшүлдөп-бышылдап төртүнчү кабатка жүгүрүп чыкты. Үйгө кире берип, колуна китеп кармаган Нурланды телмирей карады. Нурлан эчтемени элес албай:

– Айдар, кел, сага мен жаңы жомок окуп берем, — деди.

Айдар үн катпай Нурланды, колундагы китепти карады, бирок анын көз алдына кара жыгач, кыймылсыз жаткан күчүк, аппак кар жана кызыл кан тартылды.

 

АЮУ

Бул окуяны мен бирөөдөн уккам.

Бир мергенчи бар экен. Орто бойлуу. Эти жука, чапчаң.

Ал, анан дагы бир мергенчиликке ышкыбоз жигит болушуп, ууга чыгышат. Жетер жерине жетишип, аттарын төмөн бир жерге байлашып, өздөрү бөлүнүшүп, зоокалуу тоонун эки жагы менен жөнөшөт. Ал жактан жолугушар жерди болжошот.

Мергенчи кокту менен жүрүп отуруп, кайкынын белине чыгып барып, дүрбүсүн салып отурат. Көздөрүнө эчтеме чалдыкпайт. Андан ары жөнөйт. Бир дөңдү аша берип эле, он-он беш кадамчалык аралыкта суурдун ийинин казып, белине чейин кирип калган аюуну көрө койот. Эмне кыларын билбей, мергенчи алактай түшөт. Мергенчинин келгенин билдиби же жытынан сездиби, айтор аюунун күрүлдөгөн үнү чалабула угулуп, ийинден суурулуп артына жыла баштайт. Мергенчи шашып кетип, көчүк талаштыра аюуну атып калат. Аюу ого бетер чаңыра күрүлдөп, бери суурулуп чыга баштайт. Мергенчи октоого үлгүрбөй, мылтыгын жерге таштай салып, чуркаган бойдон барып, аюуну тулкусу менен жаап, бери чыгарбай түртүп калат. Аюунун башы ийинден чыкпай күркүрөп, артын көздөй чыгууга аракет кылат. Мергенчи болсо аны бери чыгарбай, күчүнүн болушунча ары түртөт. Атаң көрү, берки шериги келип калса деп үмүттөнөт. Алардын жолугушар жери биер эмес болгондуктан шериги келбей кечигет. Чоң шашкеден түшкө чейин аюуну түртүп турган жука эттүү мергенчинин алы кетип, шайы оой баштайт. Эмне кыларын билбей айласы кетет. Бери чыкса эле, мергенди басып, майып кылып, балким өлтүрүп коюшун билген мергенчи ийиндин башындагы чоң түп бадал өсүмдүгүн бекем кармап аюуну түртүп тура берет. Бир оокумда алиги шакирти кырдан көрүнүп, мергенчинин эмне кылып жатканына түшүнбөй, маңыроо карап турат. Мергенчи жигитке:

– Бери жакындап кел! — деп кыйкырат. Жигит чоочуркап, бир эки кадам таштап бери баскан болот. — Ой, жакын кел деп жатам. Такыр колтукка ат, такыр колтукка.

Өңүндө өлө коркунуч бар жигит жакындап келип:

– Такыр колтугу көрүнбөй жатпайбы? Дагы бошотуңуз, артка жылсын, — дейт.

Жигит мылтыгын камдап, аюу берилегенде такыр кол-тукка туш келтирип, курокту басып калат. Мылтык тоону жаңырта даң деп атылып, ошого удаа аюу да серпилип ийинден чыгып, чаңыра катуу айкырып, жерде жаткан мергенчини баса каларда, чапчаң мергенчи тура калып качып жөнөйт. Аюу анын артынан салат. Жигит эмне кыларын билбей, жалдырама тийип, тигилердин артынан карайт.

Мергенчи жанагы өзү чыгып келген жонго жүгүрүп жетип, анын артынан кууган аюу экөө ары куюлуп түшүп, көрүнбөй калышат. Жигит эми гана эсине келип, мылтыгын октой салып, дөңгө ал да жүгүрүп чыгат. Ылдый куюлуп, мергенчини кууп, мына-мына жеткени калган аюуну көрүп жигиттин ого бетер үрөйү учат. Аюуну артынан атсамбы дейт. Бирок мергенчини атып аламбы деп коркот. Коктунун таманындагы агып жаткан суунун жээгине жеткенде мергенчи артына бурула калып, кучагын жайып, аюуну тосот. Аюу эки арткы бутуна тура калып, мергенчини басып жыгылат. Ошо бойдон бир аз алышкан болуп, анан экөө тең кыймылсыз жатып калышат. Мергенчинин соодасы бүттү, эми аюу туруп өзүн качырат деп ойлогон жигит, мылтыгын оңтойлотуп туруп калат. Бирок аюу турбайт. Беш мүнөтчө өткөндөн кийин жигит тигилердин жанына басып барат. Көрсө, аюу өлүп, аюуну алкымдан алган мергендин колу карышып, өзү салмактуу аюуну оодара албай, алдында жаткан экен.

– Аюуну оодарып таштачы. Демим кыстыгып баратат, — дегенин угуп, өлүп сулк жаткан аюуну жигит араң зорго оодарат. Шайы ооп, алы кеткен мергенчи чалкасынан жата берет.

– Ой, байке, эмне болду? Турбайсызбы? — дейт жигит.

– Ке, колуңду, тартчы мени…

 

© Абдышев К., 2012

 


Количество просмотров: 2740