Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Абдышев К., 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 21-январы

Казакбай АБДЫШЕВ

Дейзи

“Дейзи” аңгемесинде үйдүн ээси бир жылда чубалжытып эки жолудан жети-сегиз күчүк тууй берген канчыктан тажап, аны машинасынын багажына салып алып, шаардын четиндеги алыс жаңы конуштардын бирине таштайт. Бир айдан кийин канчык үйүн таап, акыры кайтып келет.

Абдышев К. Кум дөбөлөр: Повесттер, аңгемелер. – Б.: Университет, 2012. – 544 б. китебинен алынды

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7 – 4
    А – 13
    ISBN 978-9967-02-817-13
    А 4702300100-12

Нуска 500 даана

Сүрөтчүсү автор

 

Үйлөнүп-жайланып, бир уул, бир кыздуу болгон улуу балам өзүнчө салынган үй сатып алды. Чалы өлүп, жалгыз калган орус кемпир кабаттуу үйдө жашаган баласыныкына кетип, Дейзи деп аталган жаш канчыгын калтырып кетти. Дейзи келин-балам, неберелерим менен бат эле таанышып-чыгышып алды. Дейзи өзү өтө чоң да, өтө кичинекей да эмес, орточо көгүш түстөгү ак көңүл канчык.

Аялым экөөбүз, болбосо мен өзүм жалгыз алардыкына барганда сөөк-саак, тамактардын калдыктарын ала барып, Дейзиге берчүмүн. Ошентип канчык бизди, өзгөчө мени жакшы таанып алды. Балдардыкынан чыгып, машинамды айдап жөнөгөндө Дейзи да эки-үч квартал өткөнчө машинаны ээрчий чуркап, мени узатып койчу. Ал эми чоң көчө менен келип, балдардын үйү турган чакан көчөгө бурулганда, бизди күтүп жаткан Дейзи ордунан ыргып туруп, тик кулактарынын учун сереңдете, машинанын алдынан чуркап чыкчу. Кыжылдаган көп машинанын арасынан биздин кофе түстүү БМВ машинасын ал жазбай таанычу. Жерге түшөрүм менен куйругун шыйпаңдата эркелеп, менден бирдеме берерди күтчү. Тооктун сөөктөрүнүн бирин алдына таштап, калганын итаякка салчу-мун.

Бир күнү эле Дейзинин ичи салаңдап чыга келди. Анан күчүктөдү. Ар кандай түстөгү алты күчүк жарык дүйнөгө келди. Уулум күчүктөрдү эмне кылсам деп айласы кетти.

– Күчүктөрдү эмне кылам?-деп балам мага кайрылды.-Бирөөдөн сурасам, «Көздөрүн ача электе мойнуна ичке жип менен бекем байлап, муунтуп өлтүрүп сал» деди. Мен анте албайм да.

– Туура айтасың. Биздин чылпак-кушчу уруусунда мы-каачылык жок. Күчүк эмес, жолунда жөрмөлөп бараткан курт-кумурсканы байкап калышса аттап өтүшөт. Күчүктөр азырынча энесинин эмчегин ээмп, чоңойо беришсин. Анан бир айласын табарбыз.

Күчүктөр чоңоюшуп, балталаңдап басып, өз алдыла-рынча итаяктан сүт же башка бир суюк тамактарды ичкенге жарап калышканда, аларды кенен картон кутуга салып, машинам менен албарып, Бакай-Ата жаңы конушундагыларга жөн эле таратып бердим. Күчүктү көрүшкөн кичинекей балдардын кубангандарын айтпа!

Бир жыл өтпөй, Дейзинин ичи дагы салаңдады. Күчүк-төөрүнө аз калганда аялым экөөбүз, анын төркүндөрү жакка — көл тарапка барып, бир жумадай көлгө түшүп, Жети-Өгүздүн Көк-Жайыгында чатырда бир жумадай жашап, кымыз ичип, жаш эт жеп, жыйырма күндөй жүрүп келдик. Ала келген кешигибизден ооз тийгизели деп, баламдыкына бардык. Кадимкисиндей Дейзи астыбыздан тосуп чыккан жок. Машинаны токтотуп, короого кирдик. Балталаңдаган барак күчүк, бизден чочуркап, кичинекей итканасына кире качып корголоду. Чоң ата, чоң апабыз келишти деп, эки неберебиз Азат менен Зубейда аябай кубанышты.

– Дейзи кайда, көрүнбөйт? — деп баламдан сурадым.

– Күчүктөрдү тууп, тажата баштаганынан бир эркек кү-чүк калтырып, калгандарын ит базарындагы ит саткычтарга алып барып бердим. А Дейзини болсо машинам менен Бакай-Ата жаңы конушуна алпарып, бир көчөсүнө таштадым.

Буларды укканда ичимдин бир жери тыз дей түштү.

– Бечара Дейзинин көргөн күнү эми эмне болот?

– Ити жоктордун бири ит кылып багып алар да. Мен ошентип ойлодум.

– Кап, бекер кылган экенсиң. Биздин тукумда андай таш боордук жок эле. Байкуш Дейзи ит кордукту көрөт экен. Аны алпарып таштаганыңа канча болду?

– Үч-төрт күндөй өттү го. Анын үстүнө келиниңиз да Дейзинин көзүн тазала деп болбой туруп албадыбы.

Эртесинде машинам менен барып, Бакай-Ата конушу-нун көчөлөрүн кыдырып, Дейзини издедим. Көзүмө урун-бады.

Бир айдан кийин: «Дейзи үйгө келип калды» деп балам телефон чалды. Кубанганымды айтпа. Машинам менен жетип бардым. Алдыңкы оң бутунан катуу жарадар болгон байкуш Дейзи бу саам мени тосуп чыккан жок. Дубалдын көлөкөсүндө жаткан канчык мен машинадан түшкөндө баштагыдай тура келип эркелебей, эки бутун алдыга сунуп, жарадар болгон бутунун канын жалап коюп, жата берди. Аябай арыктап, саналып, кабыргасы эле көрүнөт.

– Дейзи, — деп мен үн каттым. Ал мени кайдыгер карап тим болду. Анын жанына барып, эки бутума отура калып, бир кесим колбасаны оозуна кармадым. Адегенде жыттап, анан лып эле тиштеп ала койду. Мен мурдатан берип жүрчү колбасанын даамын сездиби, оозуна бүтүндөй салып, лапылдата чала-була чайнап туруп жутуп жиберди. Чоочун болуп калган көзүн жалжылдата мени карады. Мен анын башынан сылап эркелетип, бир ай бою көргөн кордугун элестетип, боорум ооруп, көзүмө жаш тегеренди. Бирок жолду билбей, машиналар кыжылдаган чоң шаарда бир ай сандалып жүрүп, он беш чакырым жерден бери үйдү таап келгенине катуу таң калдым.

* * *

Ооба. Чоң шаардын шартында, анын үстүнө балам менен келиним иштеп, эки итти бир үйдө кармоо чынында эле оор. Дейзини үйгө алып алайын дейм, беш кабаттуу үйдүн экинчисинде турабыз. Ылайыгы келбейт. Эмне кылсам деп эми менин башым ооруду. Бир күнү Дейзини машинама салып алып, ошол эле Бакай-Ата конушундагы жээнимдикине алып барып бердим. Мойнунан байлап калышты. Мен кетерде аябай кыңшылап, байланган жиптен бошонууга аракет кылып, тыяк-быякка тыпырады. Анысына карабай, машинама миндим да, жөнөп кеттим.

Ал ортодо эмне себептери бар экени аялым экөөбүзгө түшүнүксүз, мурдатан ыйкы-тыйкы болуп жүргөн балам менен келинимдин мамилелери өрт болуп жалындап, күч алды. Келинибиз кыз төрөгөнүнө карабай, алар ажырашып, балам үч балалуу аялын таштап, үйдөн бой чыгып кетти. Тамак жеп, үргөндү билбеген эркек барак күчүк, иттин этин жегичтер уурдап кеттиби, өзүнөн өзү жоголду. Алардын чатагынын себептери биз өңдөнүп келинибиздин көздөрү аялым экөөбүзгө тетири айланды. Неберелерибизди көрүп туралы дегенге болбой, экинчи көзүмө көрүнбөгүлө деп бизди катуу кагып салды. Байкуш аялым өпкөлөп ыйлады. Менин да каңырыгым түтөдү. Мен машинамды айдап калган күндөрү неберелерим көрүнүп калабы деп, алардын көчөсү менен айдап өтүп калчу болдум. Бир жолу ал тамдан мага чоочун улгайып калган аял чыкканын көрүп, машинамды токтотуп, жерге түшүп, келинимди, неберелеримди сурамжыладым.

– Бул тамды биз сатып алдык. Үйдүн ээсинин кайда экенин билбейбиз, — деди аял. Ал аңгыча нары короодон Дейзи көрүндү. Артында ээрчиген майда күчүктөрү бар. Мен таң калганымдан:

– Дейзи! — деп кыйкырып жибериптирмин. Аял мени таң кала карады. Мен сөздүн жайын толук айтып өттүм. Аял болсо буларды кабарлады.

– Тамды сатып алгандан төрт-беш күн өтпөй, дарбаза— нын оозун тырмалап, кыңшылаган иттин үнүн угуп калдык. Ачсак ушул канчык турат. Мойнунда байланган жиби бар. Бир метрдей учу жерде сүйрөлүп жүрөт. Өз үйү өңдөнүп, бизди ээрчип короого кирди. Аябай ачка экен, тамак бердик. Ошо менен бизге ит болуп калды. Ак көңүл, чоочун адамдарды үйгө жолотпогон жакшы канчык. Ансыз да ит сатып алалы деп жүргөнбүз. Анан кудай моминтип өзүнөн өзү эле айдап келди. Демек ит өз үйүн, өз ээсин сагынат деген чын экен да. Жакында күчүктөдү.

Аял «Дейзи, Дейзи» деп итке кайрылды эле, ал куйру-гун шыйпаңдатып, кулагын жапырып эреркеди.

Мен машинамды айдап жөнөдүм. Дейзи жай жүргөн машинаны ээрчий бир аз чуркап келип, лып эле токтоп, артымдан азга карап туруп, кайра бурулуп, жаңы ээси менен күчүктөрүнүн жанына кайтып барды.

Кудая тобо, акыйкаттык ордуна келгенине кубангандан алтымыш бештеги адамдын — менин көзүмдөн жаш балбылдады. Жол тунарып көрүнбөгөндөн ирмеп жиберди элем, эки тоголок жаш көкүрөгүмө кулады.

Балам аялы экөө биздин катуу киришкенибизге карабастан биротоло ажырашып кетишти. Балам башка келинчектүү болду. Мурунку келинибиз үч баласы менен өзүнчө жашап, башка менен турмуш курган жок.

Ушудан төрт жыл өткөндөн кийин гана барып, жаңы келин эки эркек бала төрөгөндөн кийин гана үйгө киргизип, батабызды берип, мурунку келинибизден төрөлгөн үч неберебиз менен да катташып калдык. Алардын энеси да неберелерге чоң ата, чоң апа деген керек экенин түшүнүп, бизге болгон мамилеси жумшарды.

11.04.2011

 

© Абдышев К., 2012

 


Количество просмотров: 900