Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Абдышев К., 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 21-январы

Казакбай АБДЫШЕВ

Убада

“Убада” аңгемесинде мектептин үчүнчү классынын окуучусу атасына убада берип, бирок анысын аткарбай жүрө берет. Атасы баласына “Убадасын” кагазга жаздырып, күн сайын мектепке барганда астыңа коюп койгун дейт. Класстагы балдардан уялып убадасын аткарып, кийин бала отличниктердин катарынга кошулат.

Абдышев К. Кум дөбөлөр: Повесттер, аңгемелер. – Б.: Университет, 2012. – 544 б. китебинен алынды

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7 – 4
    А – 13
    ISBN 978-9967-02-817-13
    А 4702300100-12

Нуска 500 даана

Сүрөтчүсү автор

 

Биз Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында турабыз. Үйү-бүздө төртөөбүз: атам, апам, төрт жарым жашар иним Айдар, анан мен. Мен быйыл үчүнчү класста окуп жатам. Алдыңкы эки жылды ударник болуп бүттүм. Буга атам да, апам да сыймыктанып, кай бирде минтип сүйлөшүп калгандарын кулагым чалып калат:

– Нурланыбыз жакшы окуй турган болду. Үйгө келгенде кишини кыйнабай, сабактарга өзүнчө даярданат. Ойдолоп бир аз чыдамы жогураак. Сабак убагында кантип отурат болду экен?

– Үйгө келгенде өзүм жардам берем деп болбой койдуң эле. Түзүктөп окуса отличник деле боло турган жөнү бар. Бирдеме дейин десем эле, «Ошо кичинекей немеге теңелбечи», деп үстүнө түшө каласың. Аныңдын бейбаштыгы бир кыйла эле бар, — дейт атам апама.

Бирок анткен менен атам жакшы киши. Сыртынан ка-гылып-согулуп турбаганы менен мени жакшы көрөрүн билип эле турам. Мен эмне десем баарына ишенет. Чынында, ал ишенбей тургандай мен эмне чеки иш кылыптырмын? Атам-дын бир гана жери мага жага бербейт. Ал өзү айткан нерсесин түк унутпайт. Айттыбы, аны сөзсүз убагында аткарышым керек. Антпесем көргөн жерден айтып эле уяткара берет. Биринчи класска кирер жылы атам бир жолу менден: «Нурчик, мектепке барганда кандай окуйсуң?» — деп сураганда: «Жалаң бешке», — деп мактана жооп бергем. Эми ошону ушу тапта да унутпай жүрөт.

– А-ай, Нурчик. Сен өзүңдүн убадаңды убагында аткар-бай жүрөсүң. Ошондо бешке окуйм дебеди белең. Кана, ошол убадаң? Анымды биринчи да, экинчи класстан да аткарган жокмун. Эми моминтип үчүнчүгө келдим. А апам болсо менин эптеп төрткө окуганыма ыраазы.

Сентябрь өтүп, октябрь ортолоп калды. Үйгө келген-имде сабактарыма баш-көз болгон баягы эле апам. Атам болсо ишине эрте кетип, кеч келет. Өзү мынабу машиналардын бир топ чоңу. Апама кызылча тартып жатышканын кеп кылып калат.

Бир жолу апамдын иштеген жери алыс бир жакка, Москвадан да ары, он беш күнгө командировкага жиберишти. Үйдө үчөөбүз калдык: атам, Айдар, мен.

Айдарды балдар бакчасына эртең менен атам алпарат, кечкисин мен алам. Түшкө чейин окуп, анан бошмун. Балдар бакчасы үйүбүздөн алыс эмес, көп болсо бир квартал.

Атам мурдагыдай болбой, бизге карап, үйгө убагында келип жүрдү. Келери менен тамак-аш жасаганга киришет. Ошол арада үйгө берген тапшырмаларды аткарганымды сурайт.

Мен күндөлүгүмдү сурабагай эле деп кыйпычыктайм. Анткени, мына бу, акыркы эки күнү тартибимден кабаты менен «жаман» деген баа алдым. Чынында бейбаштык кылайын дебейм, бирок аны жасаганымды өзүм билбей калам.

Мугалимибиз Мария Васильевна да тартибимдин бый-ыл начарлап кеткенин кайта-кайта кулагыма куят. Мурда ооз жүзүндө гана айтып тим болсо, кечээ, мурдагы күндөрү күндөлүгүмө кызыл сыя менен бадырайта гана: «Тартиби жаман» деп жазып туруп, колун коюп салды. Бүгүн болсо «Табият таануу сабагынан» тоолор деген эмне экенин билбей, эки алдым. Ойноп жүрүп алып, окуганды унутуп калыптырмын. Өзүбүз тоолор өлкөсүндө туруп, анан тоо дегенди билбегениң уят экен.

– Деги тоого чыгып көрдүң беле? — деп сурап калды Ма-рия Васильевна. Мен башымды чайкадым. Ушу убакка чейин тоого чыкпаганым апамдын эле күнөөсүнөн. Жайкы каникул күндөрүндө атам мени айылдагы чоң апамдардыкына жибе-рели десе эле апам болбойт. «Аяктан аны ким жуундурат?» дейт. Атамдын айтымына караганда алардын айылы так эле тоонун түбүндө, шар аккан суунун боюнда экен. Күрпүлдөп аккан тоо суусун телевизордон гана көргөм. Ушу жашка келгени чоң апамды (атамдын апасын) бир гана жолу, мындан үч-төрт жыл илгери көргөм. Азыр анын өң-түсүн да унутуп калдым. Эмнегедир а кишини апам эле жактырбайт.

Апам командировкага кеткенден бир жума өткөндө, сабак аягында Мария Васильевна баарыбызга:

– Эртең кечки саат алты жарымда ата-энелердин чогу-лушу болот. Ата-энеңердин бири мектепке келсин, — деп калды.

Атама айтсам болуптур деди.

– Жыйналышка барып калсам, кокус кечигип калышым мүмкүн. Айдарды алып, Чолпондукунда күтүп отургула, — деди. (Чолпон деген биздин коңшунун бешинчиде окуган кызы).

Атам чогулуштан саат сегиз ченде келди. Ал биз отур-ган коңшунун коңгуроосун шыңгыратып, бери кирди да, Чолпондун апасынын бери кир дегенине болбой, бутун да чечпей, ошо эшик алдында биз кийингиче унчукпай күтүп, анан үйгө ээрчитип жөнөдү. Ал үйгө киргенче сөз катпай жүрүп отурду. Биз сурабасак деле Айдар балдар бакчасынан жаңы үйрөнгөн ырын жолдо катары быдылдап айтып келди. Эгерде атамдын көңүлү жайында болгондо бизден бирдемелерди сурамак. Сурамак түгүл, өзү жакшы көргөн Айдардын ырына да көңүл бурбай койду. Демек, бүгүнкү чогулушта жагымсыз бирдеңке уккан болуш керек. Мария Васильевна кантип эле айтпай койсун

Унчугушпай үйгө келдик. Атам эмне дээр экен деп мен-де жан жок.

Тыш кийимдерибизди чечинип, үйгө кирдик. Атам ди-ванга отура берип:

– Портфелиңди алып келчи, — деди. Анын үнүнөн ка-таалдыкты деле байкаган жокмун. Окуудан келерим менен туш келди ыргытып жиберген портфелимди издеп таап, атамдын жанына салбырап басып келдим.

– Күндөлүгүңдү көрсөт, — деди. Атамдын дабышы жай чыкканы менен кадимкисинен башкача болучу.

Күндөлүктү алып бердим. Атам аны барактап, алиги жоболоңдуу бетке келип, тиктеп калды.

Анан атам башын көтөрүп, көзүнүн үстү менен мени карады. Мен бул караштан ачуулануунун да, аео сезиминин да белгисин көрө албадым. Атамды тик карай албай, тайсалдап, нары полдо жая салынган шырдактын үстүндө ойноп отурган Айдарга аргасыздан карадым. Атамдын жумшак үнү угулду:

– Нурчик, бул эмнең?

– Мындан кийин антпейм, — дегенге араң жарадым.

– «Жаман» деген баа алганың го-о, ал болсун. А мага айтпай, жашырып жүргөнүңө жол болсун. Күндө эле сураган сайын жакшы дечү элең го. Мен ошого ишенип жүрсө. — Атам мени карап тура берди. Тултуюп унчуккан жокмун. Эмне демекмин? Атам сөзүн андан ары улады:

– Бүгүн мени Мария Васильевна бүткүл ата-энелердин алдында уят кылды. Нурлан жылдагыдай эмес. Бейбаш. Сабак учурунда алды-артындагыларга тийише берет. Оңолотко десем, кайра күчөп кетти. Ошол себептен мына, жакында эле эки күн катары менен тартибинен «жаман» деген баа коюуга туура келди. Сабактардан да бир калыпта окубайт. Алганы көбүнчө үч. Үйдөн өз алдынча китеп окубайт, — дейт.

Атам сүйлөй берди. Мен болсо бир орунда мелтиреп тура бердим. Анын айткандарынын бары чын. Уятыма чы-дабайм. Китеп, дептерлерим шыкалган портфелим да ылдый тартып, колум уюп баратат.

– Э, Нурчик, кана айтчы! Мындан ары оңолосуңбу, же?..

– Ооба, оңолом.

– Бул сенин экинчи жолку убадаң. Билесиңби, баягы мектепке кирер жылы жалаң бешке окуйм деген убада бергенсиң. Аны аткарбай жүрөсүңбү? Жүрөсүң. Жалаң беш эмес, төрт болсо да жакшы го. Алган бааларың жалаң үч экен.

– Мындан ары түк да андай болбойт.

– Тартиптүү болосуңбу?

– Ооба.

– Болуптур. Дагы бир жолу ишенейин.

Эртеси күнү кечинде атам келери менен эле:

– Ии, Нурчик, кандай?-деп сурады.

– Жакшы эле,-дедим оозум бош.

– Жакшы болгондо?

– Математикадан төрт алдым. Орус тилинен төрт ал-дым.

– Сабак убагында тынч отурдуңбу?

– Тынч эле. — Мен атама дагы бир жолу калп айттым.

Бүгүн балаа болуп, математика сабагы башталганда алды жагымда отурган Света деген кыздын чачынан тартып койсом, ал бейжайланып, классты жаңырта кыйкырып жиберсе болобу.Мария Васильевна мени бурчка тургузуп койду. Бирок күндөлүгүмө жазган жок.

– Андай болсо азаматсың. Кана, дептерлериңди, күн-дөлүгүңдү көрсөтчү.

Атам алды менен күндөлүктү ачып көрдү. Анан орус тил дептеримди көрүп чыкты. Акырында математика дептеримди бирден барактады. Математикадан чынында жакшымын. Бештерим да бар. Бирок аз. Мария Васильевна эмнегедир туура чыгарсам деле көбүнчө төрт койот. Менимче мунусу колумдун анчалык сулуу эместигинен болушу керек.

Атам барактап отуруп, дептердин жазылып бүткөн же-рине чейин келди. Ал ушул жерден бирдеңке тапкансып, үңүлүп карады. Анан башын өйдө кылып, мени сырдуу тиктеп калды. Жүрөгүм «шуу» дей түштү. «Билди» дедим ичимден.

– Бүгүнкү чыгарган эсептериң кана? Биерде «Класстык иш» деп жазыпсың. Башка эчтеке жок. Эсеп чыгарган жок-суңарбы?

– Чыгардык.

– Анда эмне үчүн эчтеке жазган эмессиң?

Айла жок, болгон чындыкты салбырап туруп айтып бердим. Атам бул жолу акыл-насаатын айтып отурган жок.

– Бир барак кагаз алып отургун да, мен айткандарды жазгын, — деди.

Отурдум, ууру карашты салып коюп.

Желкемден атамдын:

«Мен мындан ары түк да бейбаштык кылбайм. Сабак-тардан да жакшы окуп, үлгүлүү окучу болом деп окуучулук убадамды берем. 22-октябрь 1976-жыл» дегени угулду.

Дата коюлган жердин алдына атам өз колун коюп кой-ду. Коркконуманбы же уятыманбы, айтор, мына бу текстти сулуу да, таза да жаздым.

Атам мага үн чыгарып оку дегендиктен айыптуу үнүм менен окуп бердим.

– Ой, көңүлдөнсөң жакшы эле жазат турбайсыңбы. Ка-рачы дептерлериңдегиден төөлүк өйдө жазыпсың. Мындан ары ушундай жазасыңбы?

– Ооба, — деп күңк этим.

Атам бир барак кагаздын сөздөр жазылган жерин кай-чы менен чеберлеп кесип алды да мага сунду. Ме, сабакта отурганыңда муну алдыңа коюп кой. Тытып же жоготуп койбо. Макулбу?

Атам ашкана бөлмөгө кирип, кечки тамакка кам урга-ны кетти. Ошентип, мен атама бир тилим кагазга жыйырма чакты сөздөн турган убада жазып берип, оңой гана кутул-ганыма өз ичимден сүйүндүм. Көп болсо беш мүнөт жаз-гандырмын.

Жок! Оңой кутулбаганымды кийин билдим. Ошол бир тилим кагазга жазылган убаданы аткаруу оңойго турган жок. Көрсө, ошол кыска текст, менин окуучулук турмушумдун программасы экен.

Анын эртесинде биринчи сабак башталганда алиги убада жазылган кагазды партанын үстүнө коюп койсомбу же койбосомбу деп, ортосаар болуп турганымда Мария Ва-сильевна доскага чакырып калды. Мен шашып, доскага чыктым. Окуудан берилген ырды кечээ атам кайта-кайта айттырып жатып, жакшы жаттап келгем. Ошону сурады. Бир да жерине такалбай, атам үйрөткөндөй шашпай, үнүмдүн кыраатын келтирип айтып бердим эле, Мария Васильевна «беш» койду.

Партага келип отурдум. Убада жазылган кагаз көрүн-бөйт. Аңгыча эле алдыңкы партада отурган кадимки Света деген кыз:

– Мария Васильевна, мына муну карасаңыз.

Кыз алиги кагазды мугалимге суна берди. Колунан жу-луп алууга үлгүрбөй калдым. Мария Васильевна кагазга бат эле көз жүгүртүп чыкты. Анан менин жаныма басып келип:

– Бул убадаңды кимге бердиң эле? — деп сурады.

– Атама.

– Убадаң жакшы экен. Аткарасыңбы?

– Аткарам.

Ал мени доскага чыгып, убадамды жалпы класска окуп беришимди өтүндү. Мен ошенттим. Бүтөрүм менен Мария Васильевна:

– Балдар, Нурландын атасына берген убадасы жакшы экен ээ? — деп калды.

– Ооба, Мария Васильевна. Эми ошонусун аткарса бол-ду, — деди Света мени астыртан мыскылдагансып.

– Эмне үчүн аткарбайт? Аткарат. Өзүңөр деле көрбө-дүңөрбү. Бүгүн ырдан бешке жооп берди.

Ушу күнү кечинде атам:

– Ии, Нурчик, кандай? Сабакта жакшы отурдуңбу? — деп жумуштан келери менен сурады.

– Жакшы эле, — дедим көңүлсүз.

– Эмнеге оозуң бош? Эмне, дагы бурчка туруп калдың-бы?

– Жок! — мен чоочуп кеттим.

– Ошентсең. Убада жазылган кагазды партанын үстүнө коюп койдуңбу?

– Жок. — Анан мен бүгүнкү болгон иштин баарын атама айтып бердим. — Демек, убаданы мага эле эмес, бүт классыңа берген экенсиң да. Азаматсың!

Атам эңкейе берип, мени чекемден өөп койду. Мен ичимден аябай кубандым. Атамдан көптөн бери жылуу сөз уга элек болчумун.

Ошол бир тилим кагаз күндөлүк дептеримдин ичинде көпкө жүрдү.

Мына, биринчи чейрек аяктады. Отличник болдум. Светаны бекер эле жаман көрчү экем. Ал да мени чын жүрөктөн куттуктады. Көрсө, ага өзүм эле тийише берчү турбаймбы. Атам бул эмгегим үчүн жайында чоң апамдыкына алпармай болду. Тез эле жай келсе экен. Мен көксөгөн тоолорду тез эле көрсөм экен!

1976-жыл

 

© Абдышев К., 2012

 


Количество просмотров: 1093