Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Абдышев К., 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 21-январы

Казакбай АБДЫШЕВ

Илээнди

“Илээнди” аңгемесинде аңдып барып, ар кимдикинен арак ичкен, илээнди жалкоо адамдын кейпи көрсөтүлөт.

Абдышев К. Кум дөбөлөр: Повесттер, аңгемелер. – Б.: Университет, 2012. – 544 б. китебинен алынды

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7 – 4
    А – 13
    ISBN 978-9967-02-817-13
    А 4702300100-12

Нуска 500 даана

Сүрөтчүсү автор

 

Ал кырктарга барып калган, жүлжүйгөн мышык көздүү, чүрүш беттүү, сууктун эпкини тийип өтсө бетинен түгү чыга түшкөн арык чырай сары киши. Бел баскак келте мурду чүрүшкөн бетине эп келбей, бирөө атайылап жабыштырып койгондой. Ансыз да жүдөмүш көрүнгөн кебетесин кетирип, көпчүлүк убакта алынбаган сакал-муруту андан-мындан тикенектей тикчийет. Бою ортодон кырдуураак, бирок эти качкан денеси аны сөңкөйтүп узун көрсөтөт. Ичинен кийген жүндүү шырыма калың чермейи купайкесин кеңейте түртүп, ансыз да бүкүрүрөөк келген жонун ого бетер дүңкүйтөт.

Мына ушу биз сүрөттөгөн адам кечки саат сегиз ченде аялынын: “Ай, Жетиген, дагы кайда барган турасың, сен-делип” дегенин кымындай да этибарга албай, тактайлары кынабынан кетип, какжыраган эшикти шарак эткире ачып, тышка чыкты.

Кыш күчүндө турган. Тышта суук болучу.

Жетиген кулакчындарын артына кайрый байлаган саксак көрпө тумагын баса кийип, эки колун колго жасалган купайкесинин терең чөнтөгүнө сойлотту да, жонун күүшөп-күүшөп койду. “Бүгүн каякка, кимдикине барсам?” деп ойлоду ал өз ичинен.

Аңгыча эшиги жок, оозу аңырайып көрүнгөн бас-тырмадан Жетигендердин жалгыз ую үй ээсинин эшикке чыкканын билгендей, чөп салганы жатабы дегенчелик мөөрөп койду.

“Чөп да түгөнүп баратат, — деди Жетиген өзүнчө. – Кыш ортосу болбой жатып, биртике чөптүн аягына чыкмак болдук. Түгөнгөндө эмнени салар экенбиз. Бүгүн да уйга жарытып чөп салынган жок. Ачкасынан мөөрөп жатат. Кап, атаң көрү, жайында ушу жалгыз уйга чөп-чарды жакшы эле камдап албай. Ана чабам, мына чабам менен жүрө берип, Сүйүмкандын арык-сарыктын боюнан оруп тырмалап жый-наган чөбүнөн башка чөп да чабылбай калбадыбы”.

Жетигендин көзү түнкү караңгылыкка үйүр алып, айлана бүдөмүктөнө көрүнө баштады. Анын оюна эми кайрадан: “Кайда, кимдикине барсам?” деген ой келип, чөп да, ичи кабышкан уй да эсинен чыгып кетти.

Ал чыйыр карды кычырата тамды айлана, көчөнү көздөй керзи өтүгүн сүйрөй басып барды да, жол жээгине токтоп, өз көчөсүндөгүлөрдү бирден чубатып, эсинен өткөрө баштады.

Көчөнүн эң башында Эшенаалыныкы. Аныкына баргандан пайда жок. Анын Жетиген курбалдуу Үсөнаалы деген баласы азыр колхоздун бир короо коюн багып кыштоодо. Ал болгондо эң куру дегенде чылымга шылтоолоп кирсе болмок.

Андан бери Кадыркул, Ормошаалыныкы. Алар арак-парак ичишпеген, намаз окушкан такыба кишилер. Бериде он бир балалуу Абдыбалыныкы бар. Абдыбалы көзү тирүү кезинде катуу иччү. Былтыр элүүгө жетип-жетпей көз жуумп кетти. “Абдыбалынын түбүнө арак жетти” деген сөз айыл ичинде айтылып калды. Садырбектикине барса болмок, бирок алардыкында мурдагы күнү кечинде болгон.

Жетиген чылым тартмак болуп, чөнтөгүнөн “Па-мирдин” коробкасын алып чыкты эле, бир эле сигарет калыптыр. Анысы да ушаланып күбүлүп түшүп, тамекисинин жарым-жартылайы эле жүргөнсүйт. “Ай, ата-а, чылым да калбай калган тура. Таң аткыча эмне кылам? деди ал өз ичинен жарты сигаретти күйгүзүп жатып. – Балдардын акчасы тийсе болот эле. Чылымга да тыйын жок. Баса, анын тийгенинен эмне пайда? Сүйүмкан кыл жылдырбайт”.

Жетиген чылымдын калдыгын соргоктоно шыпкай-шыпкай тартты. Чылымдын түбү колун күйгүзүп баратканда гана аны ыргытып жиберип, колдорун кайра чөнтөгүнө салды.

Кар жаап келди. “Күндүн түбү түшүп калганбы, үстөккө босток жаап,-деп Жетиген күңкүлдөп койду. – Эртең да жаман тамдын үстүн күрөйт турбайбызбы?”

Аңгыча ал карды кычырата басып, төмөн бараткан бирөөнүн дабышын уга койду. Караан ага жанаша бергенде Жетиген:

– Ой, сен ким? – деп үн катты.

– Мен эле, Калматмын, — деп жооп берди тиги караан.

– Калматмын? И-и, кайда баратасың караңгыда. – Жетиген тигини көздөй жакындады.

– Буудайчыныкына.

– Эмнеге?

– Балдарды чакырыптыр.

– Эмне? Келинчек алыптырбы?

– Жок. Жөн эле онунчуну бүткөн жолдош балдарды чакырса керек. Кыштоого барып кеч келди элем. Үйгө айтып кетиптир, келсе биздикине келсин деп.

– Кыштоого эмнеге бардың эле?

– Үсөнаалы байкемдин койлоруна каралашып жүрдүм.

Калмат ошо бойдон ары басып кетти. Ал узай түш-көндө Жетиген артынан кыйкырды:

– Ой, Калмат токточу. Сен чылым тартчу белең? Бир чылым берип кетчи.

– Жок, Жетиген байке. Мен чылым тартпайм, — деди Калмат арытан.

– Болуптур анда. Бара бер.

Жетиген өзүнчө ой жүгүрттү: “Кечээги эле мурдун тарта албай жүргөн балдар минтип киши катарына кошулуп калышты. Убакыт деген бат эле өтөт тура. Баса, Буудайчы балдарды эмнеге чакырды экен? Жалаң эле балдар болду бекен? Же мага теңтуштары да барбы? Барсамбы? Жалаң балдар болсо уят ко. Барсам, Сүйүмкан угуп калса жесир катындыкына түн ичинде эмнеге барып жүрөсүң деп бетимди жулуп алат ко”.

Бирок кантсе да Жетигенди Буудайчылардын үйү тартып туруп алды. “Балким жаш балдар вино ичип жа-тышкандыр. Ошодон бир стакан ичээрмин. Атайылап чакырса Түңүлдүк эң куру дегенде балдарга бозо болсо да алгандыр. А эмне деп барам? И-и, баса чылым сурамыш этип барайын. Азыр эле Калмат да укпадыбы чылым сураганымды.” Жетиген ызгаардуу кар учурган шамалды бет алып, төмөн көздөй өтүгүн сүйрөй басты.

Ар бир эле айыл жериндеги кыргыз үйүндөй, Тү-ңүлдүктөрдүкү да ичинен илинүү эмес болучу. Жетиген эшикти ачып үйгө кирди. Далиске өтүгүн бири-бирине уруштуруп, карын күүмүш этип, кийинки бөлмөнүн эшигин ачты.

– И-и, Жетигенсиңби? Кел, — деди меш жанында ун элеп жаткан Түңүлдүк элпектик менен. Жетиген босогону аттап кирип, эшик алдына бир аз туруп калды.

– Кел мындай өт. Эмнеге колдойосуң? Же сенин боюңдай кар жаасын деп турасыңбы? – деди аял оюн-чындан.

Аңгыча апасынын үнүн уктубу, төркү бөлмөнүн эшиги ачылып Буудайчы чыгып келди. Ачык калган эшиктен отурган балдардын жарым-жартылайы көрүндү.

– Ким десе, Жетиген байкем тура. Келиңиз. Биякка, төркү тамга өтүңүз, — деди Буудайчы кичи пейил шаш-калактап.

– Жок, жок. Чылымым түгөнүп калып эле кирип калдым. Калматтан уктум биерде балдар бар экенин. Андан көрө араңарда чылым тарткандар барбы?

– Капырай, эми жоо кууп келаткандай болбой, отурсаң. Качан эле минтип калгансың? Отуруп чай ичип, оокат жеп кет. Буудайчы курдаштарын чакырыптыр. Мына бу жаман тамын бүткөнү балдардын башын кошуп чай берелек элек. Бүгүн чыгынып чакырдык. Тамды Буудайчы ушу курдаштары менен эле бүтүрбөдүбү. Жаш балдар экен, жүз грамм жок деп турасың го А да табылат сен үчүн. Пейилиң жакшы экен, ак дасторкондун үстүнөн чыктың. Отур эми, отуруп эт жеп кет.

Түңүлдүк минтпеген күндө да отурмак. Анын отурбайм деп жатканы уялымыш эткени. Түңүлдүк уулуна карап:

– Буудайчы, сен кире бер. Жетигенге эмне бар, силердин үстүңөргө кирип. Биерден өзүм эле сыйлайм. Бар, бара кой. Андан көрө жанагы Чубак жолдошуң чылым тартчу беле? Ошондон алып келип бер байкеңе.

Буудайчы Жетигенге бир сигарет алып келип берип, кайра кирип кетти да, эшикти жаап алды.

Түңүлдүк колунан унун күүп, Жетигендин алдына нан, пиалага чай куюп койду. Анан буфетчеден бир бөтөлкө арак сууруп чыкты. Муну көргөн Жетиген ичинен жым дей түштү. Бирок ушу жесир аялдын оокаты кантсе да өзүнүкүнөн тың экенин мойнуна алып, ичинен намыстанымыш болду.

Түңүлдүк арактан кырдуу эки стаканга тең ортолото куюп, бирин Жетигендин алдына койду да, бирин өз колуна алды. “Ия, ата, мына бу Түңүлдүк иччү эмес эле?”–деди Жетиген ичинен таң калып.

– Кана, Жетиген, алып кой. Сен келбегенде балким ичпейт элем. Кубанганымдан ичкени турам. Мына бүгүн Буудайчымдын киши болгонун билип отурам. Жолдошалы өлгөнү меникине каадаланып киши келгени ушу го. Төбөм көккө жетпей турган кеппи. Тигинде өңчөй өзү менен былтыр онду бүткөн беш-алты бала отурушат.

Жетиген да, Түңүлдүк да куюлган аракты ичип жи-беришти. Нандан сындырып ооздоруна салышты. Чайдан уурташты.

– Аялдын иши аял экен да. Жолдошалынын өлгөнүнө мына быйыл туптуура он жыл болду. Сен экөөң тең элең. Ал болгондо тамды эбак салмак. Жыгач-жугачтары деле бар эле. Ордун басат деген ушу экен. Мына, Буудайчым моминтип киши болуп, жоро-жолдоштору менен үч көмүт тамды бүтүп койду, бир эле жайда. Балакетиңди алайынымдын колу да жөндөм. Пол-сол, аны-мунусун өзү эле салды. – Түңүлдүк жетине албай, бир жагы жүз грамм кошулуп, өз уулу Буудайчыны мактай берди. Бирок Түңүлдүктүн ар бир сөзү Жетигенге: “Кырктын кырына чыктың. Ушу бизче, жесир катын, жетим балача боло албадың” деп угулуп жатты. Түңүлдүк сөзүн улады:

– Эми кудай аман коюп, аскерине барып келсе, анан өзүнө тең бирөөнү алса болду. Ошондо арманым болбос эле. – Ал арактан Жетигендин стаканына куйду. – Ке, Жетиген, эми сен ич. Мага болду. Аял кишиге ушул эле жетишет. Мен күлчөгө кам урайын. Ке, алып жибер.

Жетиген аз куюлдубу, көп куюлдубу дегенсип стаканды кылыя карап койду. Анан жарымдата куюлган стакандагы аракты кылкылдата жутту. Бир бүртүк нанды оозуна салып, жээр-жемексен болду. Жүлжүйгөн көзү ого бетер жүлжүйүп, калды. Анын чылым тарткысы келип, ордунан туруп, балдар отурган бөлмөнүн эшигин ачты.

– Салоомалейкум. Кел, Жетиген байке, кел, — дешип балдар салам айтышты. Эки бала шахмат ойноп, калганы аларды карап, Чубак чылымын кадимкидей соруп, Кара-койчу чертмек чертип отурган. Жетиген босогодон ары болбой, балдарды жүлжүйө карап, анан тили анча так келбей:

– Ке, айланайын Чубак. Чы-чылылымыңдан би-бирди берчи, бирди, — деди.

– Жо-ок, Жеке, биз менен отуруп, чай ичмейин чылым бербейм, -деди Чубак болбой тамашага салып.

– Туура. Жетиген байкем биз менен бир аз отурсун. Менин чермегимди уксун, — деп Каракойчу деген капкара көздөрү тегерек бала Чубакты жактап.

Жетиген киргенде эле ордунан тура калган Буудайчы:

– Мейли энди, Жетиген байке. Балдардын тилин алып, отуруп бир чыны чай ичиңиз, — деди каадалуу үй ээсинче. Буга макул болбоско болбоду. Бирок ал төргө өт дегенге болбой, балдардын аягынан көчүк басып орун алды.

Боз уландардын кай бири бозо ичишип, кай бири эчетеке ичпей эле жөн отурушкан. Буудайчы бозодон чоң чыныга куюп, Жетигендин алдына койду. Чубак сигареттен бирди алып, Жетигенге сунду. Ал аны ошол замат күйгүзүп, күргүштөтө сорду. Анан чоң чыныдагы бозону шыңгыта жутту. Бошогон чыныны жерге коюп, чылымды дагы бир-эки жолу соруп-соруп алды.

– И-и, Будайчы, чо-чогулуп ка-калыпсыңар? – бал-дардын бул жерге келгени түшүнүктүү болсо да, Жетиген ушинтип булдурап койду.

– Жөн эле жолдош балдар чогулуп калдык, — деди Буудайчы.

– Жакшы, жакшы, — деп койду Жетиген кобурап.

Чубак Буудайчынын сөзүн коштоп, бир жагы Жетигенге тийишип мындай деди:

– Биерге келгенибиз, Буудайчы тамын жууп жатат... А баса, өзүң тамыңды качан бүтөсүң?

Жетигенге Чубактын суроосу оор тийди. Ал ук-максандыкка салып, жооп берген жок. Укпай калдыбы деп Чубак суроосун кайталады:

– Э, Жеке, тамды качан сала баштады элең? Мен үчүнчүдө окуп жүргөндө фундаментин куйганың эсимде турат. Өткөн жайда жарым-жартылай көтөрүлгөн тамдын дубалы жаанга эзилип кетти, ээ?

Жетиген таш тиштегендей болуп, унчукпай сүзүлүп отуруп калды. Мас деп айтсын деди. “Кап ата, чылым тартам деп эмнеге кирдим булардын үстүнө. Мына бу Бекбердинин жубарымбегинин айтып отурганын карачы. Ай оңбогон эле бала да такылдап. Сүйлөгөнүн көрбөйсүңбү, чоң атадай болуп.

Жетиген ичинен ушинтип урушуп алды. Бирок Чу-бактын айтканынын чындыгы бар эле. “Антпесе жалганбы, — деп ойлоду Жетиген унчукпай отурган калыбында. – Там салам дегениме туптуура он жыл болду. Ошондон бери күнүнө бир кыштан койгон күндө да бүтүп коймок элем”.

Унчукпай басына түшкөн Жетигендин кырына чыга Чубак дагы минтти:

– Жеке, балдарыңыз алтоо ээ? Эң улууңуз Жаныбек он экилерге чыгып калды го. Эми тамды ошол бүтүрөт.

Өзү теңдүүлөрдөн мындай какшыктардын далайын уккан. Бирок мына бу Чубактын азыркы айткандары алардыкынан өтүп кетти. Ал соолуга түшкөнсүдү.

– Ай, Чубак. Эмне, сени бирөө там салып бер деп жатырбы? Болбодубу эми. Улуунун улуу экенин билсең боло. – Жетиген жактырбаган түр менен Чубакты үтүрөйө карап койду.

Чубак дагы эле болбой сөзүн улады.

– Бир көмүт тамда тогуз киши кантип тыгылышып жатасыңар? Сүйүмкан жеңем экөөңөргө убал эле го... Тиги кантип неметесиңер?– Чубак кылыя күлдү. Эмне айтмак болгонун балдардын баары эле түшүндү. Бирок ылайыксыз сөз таштап жибергенин сезип калган Чубак сөзүнүн аягын оңдоп кетти:

– Жетиген байке, кааласаң тамды биз салып берели. Мына бу алтообуз жаштар бригадасын түздүк. Бригадирибиз Буудайчы болду. Жаз чыгары менен колхоздун сарай-сурай курулуштарында иштегени жатабыз. Базар-сазар күндөрү жардамдашалы. Сенин келгениңди жана эле билгенбиз. Биерде отургандар ошентип сүйлөштүк.

“Бу шумпай эмнени айтып отурат?” деп Жетиген кылыйып астыртан Чубакты карады.

– Чын эле, Жетиген байке. Биз сизден эч акы албайбыз. Бир саларыңыз бар, полдук тактайыңыз бар. Дубалын көтөрүп эле, үстүн жапмай, — деди Буудайчы Чубактын сөзүн коштоп.

“Чубакка ишенбейин десем, Буудайчы минтип отурат. Булардыкы чын болуп жүрбөсүн? Атаганат, ошентип беришсе кана?” Жетиген бул оюн тышка чыгарган жок. Баары бир балдардын мунусу тамаша го деп ойлоду. Тамаша болбосо да балалык менен айтылып жаткан бирдеңке деди.

– Э, аны убагында көрөбүз, балдар. Аманчылык болсо болду. Эптеп бир көмүт тамга батышып турарбыз, — деп койду Жетиген, кайдыгер гана балдардын чын айтылган сөзүнө анча маани бербей.

– Э, Жеке, өзүңөр го батасыңар. А мейман-ысман келип калса кайда жатат? – Баягы эле Чубак Жетигенге тийиштик кылды.

– Ай, сен койчу. Андан көрө ке, та-тамекиңден бирди, — деди Жетигендин айласы кетип. Анан ал бир сигарет алып, балдардын сөзүн укпай, тышкы үйгө чыкты да, балдар отурган үйдүн эшигин жаап койду.

– И, кайда жөнөдүң? – деди Түңүлдүк чоочуй.

– Кетем.

– Эт жебей кетесиңби?

– Этиңе ыраазымын. Андан көрө бөтөлкөңдүн түбүндө калдыбы бирдеме? Куйчу болсо.

– Кой отуруп эт жеп кет. Мына, күлчөнү жайып койдум. Сүйүмканың жаткандыр балдары менен. Сагынып калдыңбы? Кичине бир эркек болсоң боло?

– Жо-жок. Ке-кетем.

Түңүлдүк арактан кырдуу стаканга белинен өйдөлөтө куйду да, Жетигенге сунду. Тиги туруп турган бойдон тартып жиберди. Анан бети-башын тырыштыра, бир саамга туруп:

– Кой анда, мен кеттим, — деп айтып, эшикке чыкты.

Тышта жанагыдай болбой, ызгаар шамал басылып, бирок кар лапылдатып жаап турган экен. Жанатан бери жааган кар да шыйбылчакты жаап калыптыр.

Жетигенге Түңүлдүк берген кийинки арак кана же-тишпей турса керек. Ошону ичкенден кийин ал башкача сезимде калды. Салынбай жаткан там да, он сегиз жашар Чубактын какшыгы да, Түңүлдүктүн “Эркек болсоң боло” деп кыйытып айткан сөзү да, дегеле баардыгы унутулуп, ал азыр такыр эле бир бөлөк дүйнөдө жүргөнсүдү...

Анын эртесинде эртең менен мүлдө айылда жападан жалгыз Жетигендин бир буту оорулуу, алтымыштардан ашып калган энеси солкулдак эски шаты менен тамдын үстүнө эптеп чыгып, кар күрөп жүрдү. Мындан бир ай мурда төрөгөн Сүйүмкандын бели катпай, төшөктө.

Жетигендин энеси тамдын үстүн күрөп бүтө жаздап калганда бригадир бастырып келип:

– Э, Рысбүбү апа, тамдын үстүн өзүң күрөп, а Жетиген кайда? – деп сурады.

– А, кудай алсын. Түндө бир жагынан ичип келиптир. Башын көтөрө албай жатыр үйдө.

– Кап ишке чыкса болот эле.

– Караташтыбы, кагылайын, Байдылда. Алакандай тамдын башын өзүм күрөп жүрсө, ишти айтасың да.

– Ишке бир жарытып чыкпайт. Ысык эле жаны бар, — деп атын моюнга чаап, бригадир андан ары бастырып кетти.

Жетиген болсо бу күнү кечке чейин оозуна наар албай, ыткытып коюп жата берди. Кечки саат сегиз ченде эптеп сүйрөлүп ордунан туруп, аялынын: “Ай, Жетиген, дагы кайда барган турасың, сенделип?” дегенин кымындай да этибарына алып койбой, тактайлары кынабынан кетип какжыраган эшикти шарак эткире ачып, тышка чыкты.”Кайда? Кимдикине барсам?

Кыш күчүндө турган. Тышта суук болучу.

1978-жыл

 

© Абдышев К., 2012

 


Количество просмотров: 898